Latin

Кара шумкар - 11

Total number of words is 3983
Total number of unique words is 2089
30.6 of words are in the 2000 most common words
42.0 of words are in the 5000 most common words
48.7 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
анчалык алыс эмес, Көптөн бери ошол желээ дөбөлөрдү байыр алып, жалгыздап оттоп жүргөн
көрүнөт. Беркилерден шектенип анчалык качыңкырабады. Аны көргөн куш колдогу жеминдей
ого бетер ыкшып, улам-улам ылдый куланып Кадыркулдун колуна токтобой жулунгандын
үстүнө жулуна берди. Бир кезде Самсаалы куштун ышкысын көрүп чыдабай кетти көрүнөт:
— Кое берсеңчи, тимеле колуна өлүп бергени турат, — деди.
— Кой, кудай урган, балдыраба. Кукем быйыл салбагыла дебедиби.
— Ээ... Кукең айта бербейби. Алдагы куш тим эле тигини чымчыктай көрбөй турат го?
— Э, кой, салбайм!
— Салбасаң мага берчи, мен салайын? Аны жөн эле бөдөнөдөй илип алган турат.
— Кой-кой-кой!..
— Э, берчи?!
— Кой дейм! Жинди болуп турасыңбы? Ушу экөөбүз Кудайбергенден кыйын билебизби?!
— Ой, куш өзү жалынып-жалбарып жатпайбы. «Кое бергиле колумду» деп.
— Быйыл салсаңар эмдиги жылы албайт дебедиби.
— «Быйыл да алам, эмдиги жылы да алам» деп жулунуп жатат. Сен куштун оюн билбей
жатасың.
Кадыркул менен Самсаалы далайга чейин тартышты. Акыры Кадыркул тажап кетти окшойт.
«Э, мечи! Мен салбайм, салсаң сен сал» деп кушту Самсаалыга кармата берди. Самсаалы:
«Алдагы карагер жоргоңду кошо бер, менин атым ыкшоорок, карагер жорго өкүм. Тоодакка
куш менен кошо барып бир тием» деди. Кадыркул карагер жоргосунан да түшүп берди.
Самсаалы кушту кондуруп тоодакты имере тартып алдын тороп жөнөдү. Кушту тоодакка
көрсөтпөй аттын оң капталына далдалап, өзү оодарыла ошо жагына кыйшая тартып баратты.
Кадыркул тоодакты алаксытып колуна жем салган куш баштыгын колуна кушча кондурган
болуп анын ылдый жагы менен кыйгач бастырды.
Тоодак ары-бери жорголоп канат күүлөп тигилерден шек ала баштады. Бир кезде көтөрүлүп
уча турган болду. Дал ошол учурда туура тушуна жакындай түшкөн Самсаалы эки согончогу
менен карагер жоргонун такыр колтуктарын ыкып койду эле жорго атып кетти, Тоодак да
жерден далбалактап көтөрүлө баштады. Антип-минтип тоодак күүлөнгөнчө шамдагай куш
тоодакты далдайган төштөн кучактап келип чалкасынан салып жерге көтөрүп урду. Тоодак бош
калган кош канаттары менен кушту эки-үч жолу чапкылагандай болду. Куш башын калкалап
тоодактын бир жаккы колтугуна катты. Көкүрөккө жабышкан эки колунун бирин бошотуп
тоодакты таштайын дегенчелик кылды эле, ага куштун ою келген менен чамасы келбеди.
Тоодак чалгын канаттарынын күчүнө салып, куштун эки жаккы капталын чапкылап мөңкүгөндөн
мөңкүй берди.
Самсаалы карагер жоргону учурган бойдон келип, тоодак менен куштун жанына кулап
түштү. Жоргонун тизгинин кое берип, тоодактын тиги далбактап жаткан эки канатынын биринин
мүрүнө колунун учу жуп жетерде, тоодак «барр-р» деп учуп алып кете берди. Куш бүткөн боюн
силкинген болуп, ордунда окуюп олтурган бойдон калды. Ар жактан бакырып-өкүрүп, кокуйалатын кошо айтып Кадыркул чаап келип түштү.
— Деги куш аманбы?
— Аман.
— Кокуй-кокуй, катыгүн, салбай эле коелу десе. Мына сен ушуну кылмаксың! Эми элдин
бетин кантип карайбыз. Эми журттун бетин кантип карайбыз?! Эми Кукеме эмне жооп
айтабыз?!..
Самсаалыда кулда кулак, кыңк эткен үн жок. Бир кушту карайт, бир жерди карайт.
Асанкайгы, көр жемечи Кадыркул Самсаалы байкушту кокуй алатын айтып олтуруп жеп салды.
Көрсө куш деле өлбөптүр. Тоодак деле аны канаттары менен чаап кыйратпаптыр. Чоңунан
келген балбан куш ага тоотобу? Кадыркул кушту тоодак өлтүрө чаап кеткен экен деп бакырган
экен. Андай эмес. Кышты кыштай коен, башка илбесиндерге көп салынып жүрүп куштун курч
тырмактары мултуюп түгөнүп калган. Качан гана куш тоодактын төшүнө жабыша жерге көтөрүп
келип урганда жедеп курчу түгөнүп калган тырмактарынын мултуйган учтары, анын кабатталган
опойгон калың коюу жүндөрүнүн арасынан тереңдеп өтпөй, тоодактын эти менен терисине
матыра кирип, батыра салынбай калган тура. Эти оорубаган соң тоодак жулунган топ жүнүнө
карайбы? Алкынып-жулкунуп, мөнкүчүктөп-тоңкочуктап Самсаалы жеткенче куштун колунан
бошонуп кете бериптир. Куш тигинин жүндөрүн топондой уучтаган бойдон ордунда жалдырап
олтуруп калган тура.
Кадыркул менен Самсаалы кушун кондуруп жолго чыкканда өзүлөрүнчө чолок акылга
келишти:
— Эми муну Кудайбергенге билгизбейли. Тоодакка салдык деген сөз ким-кимибиздин
болсун оозубуздан чыкпасын. Кудайберген эмес, жан кишиге угузбайлык. Экөөбүздөн башка
алдыбызда бараткан эки ат менен ак куш гана билсин. Келерки жылы түлөгөндөн кийин кушту
эч бир илбесинге көрсөтпөй туруп Кудайбергенге алып баралы. Сен кандай дейсиң? Ушул эле
туура го? — дешип экөө макулдашты. Убаданы бек кылышты.
***
Ак кушту Кадыркул муздай тунук түлөттү. Бир күнү Кадыркулдукуна Самсаалы комузчу да
келди. Экөө кушту кондурушуп Кудайбергендин айылын бет алып жөнөштү. Кудайберген
үйүндө экен. Кушу үйдүн оң капшытындагы өз туурунда олтурат. Бир аз учурашып
жайланышкандан кийин Кадыркул сөз баштады:
— Мына, Куке, баягы боз куш. Түлөткөнүмдө өөн жок го. Жапанындай эле болду го деп
ойлойм. Кайрып тапка келтире элекмин. Бүгүн гана колго алып Самсаалы экөөбүз сизге
көрсөтөлүчү деп үйдөн бастырдык. Былтыркы сиз айткан боюнча тоодакка салган жокпуз.
Ошондон кийин бир аз күнү коен-поенго салып, анан түлөккө олтургузгам. Быйыл тоодакты
кекилик, чилдей алат го деген үмүтүм бар. Эми сиз кандай дейсиз, байкап көрүңүз?
Кудайберген муруттары бириндеп, өңү бузула баштады. Бакырайган көздөрүн чанагынан
чыгарып Кадыркул менен Самсаалынын чекесине кадады эле, алардын шилисине чыга
түшкөндөй болду, Булардын алдында дагы бирөөлөр менен урушуп, ызырынган ачуусу
жазылбай турган кишиден бетер бууракандап кирди:
— Калпты кимге айтып жатасыңар?! Былжыраган эки акмак! Тур, бастыргыла! Жолуңарга
түшүп жөнөгүлө! «Тоодакка көрсөткөн жокпуз» деп... Мен ошого ишенемби? Алдагы куш өзү
айтып жатпайбы! «Тоодакка салышкан, мен токтото албай калгам» деп. Балким ошол күнү
биздин үйдөн кетип баратып салсаңар керек. Былтыр тиги туурда олтурган менин кушумду
колундагы белен жемдей көрүп, улам ыкыс берип турган. Азыр кушуңар кайра тигинден
коркуп, момурап олтурат. Чоңдон көңүлү калып калган да. Былтыр тоодакка салбагыла дегеним
— буттарындагы курч тырмактардын учтары түгөнүп, кишинин колундай болуп турган. Ошол
тырмактар кантип тоодактын калың жүнүнөн өтүп, терисин тепчип этине батсын. Опойгон
жүндү уучтап олтуруп калды да кайран неме. Мына быйыл салсаңар алмак. Жакшы түлөптүр.
Тырмактары жапан куштукундай ийнече сайылып турат. Болду эми мындан ары чоңго барбайт.
Баягы көнүп калган коен, кекилик, чилиңерге сала бергиле. «Арманда калган ак куш» деген
ушул.
Кадыркул менен Самсаалы калпын карматып кайра жолуна түшүштү. Кудайбергендин
үйүнөн кеткенче шашышты. Ал экөө Кудайбергендин жемесине теригишпеди. Анткени, экөө
тең Кудайбергенден бала кезинен баштап тарбия көрүп калган немелер. Бирөө комуз боюнча
(Самсаалы) бирөө мүнүшкөрлүк боюнча (Кадыркул) шакирттери.
«ТОПОЛОҢ»
Каракол жайлоосун өрдөп, андан ары Суусамыр ашып кеткен даңгыраган кара жолдун аякбашы түгөнбөй, узун тасмадай чубала берет. Ачуусу келсе айгыр агызган Караколдун албуут
суусун ошол жол бир гана көпүрө аркылуу аттап өтөт. Ал көпүрө Каракол капчыгайынын күн
чыгыш тарабына салынган. Мурунку жылдарда жаз чыгаары менен көпүрөнүн кулагына биринэкин майда чатырлар пайда боло калчу. Кийин тааныша келгенде алар тээ-тиги ичкериден
келген ар түрдүү кесиптеги адамдар болуп чыкты. Бирөө суу ченесе, бирөө тоо аралап, кум
шилейт, таш талкалап, зоолордун түбүн чукулайт. Бирөө көпөлөк, чычкан кармаса, экинчиси
кашкулак менен суур аңдыйт. Аларды жергиликтүү калк кесибине жараша аташат. «Чычканчы
төрө», «Көпөлөкчү төрө», «Суучу төрө», «Ташчы төрө».
Бир күнү Кудайберген ошол чатырлардын жанынан өтүп баратып, орус кыяктын (гармон)
зыңылдаган унун укту да, ат тизгинин тартып, бир азга кулак түрө калды. Аңгыча келтек куйрук,
барак жүн, эки уурту эки жагына салаңдаган үксөйгөн сары машке тигил топ чатырдын
бирөөнөн жүгүрүп чыгып, Кудайбергенди көздөй барсылдап үрүп жөнөбөспү. Артынан өзүнө
окшош томураңдаган эки сары күчүгү биринен-бири өтүп жарыша чуркап келатышат. Сары
машке жаман иттерче атчан кишиге анчалык айыгышып асылган жок. Кудайберген бастыра
бергенде кайра артына бурулду. Эки күчүк бирин-бири жыгыша албаган майда балдардан
бетер, узун чыккан шиберди уйпалашып, ошол жерде ооналактап ойноп калышты.
Кудайбергендин айылы көпүрөдөн анчалык алыс эмес болучу, ашып кетсе тай чабымдай,
«Бурчуктун оозундагы» секи конушунда. Эртеси күнү Кудайберген ошол чатырдагы бейтааныш
адамдарды бүт конокко чакырды. Кабарчы болуп бараткан балага «кыягын ала келишсин» деп
эскертип койду. Коноктор аттуу-жөөлүү болуп, бат эле жетип келишти. Козу союлган. Казанда
табактай куйругу үстүндө көмкөрүлүп, баглан козунун семиз эти боркулдап кайнап жатат.
Коноктордун алдындагы кооз сыр чөйчөктөр бөксөргөн сайын бал татыган жазгы ууз кымыз
үстү-үстүнө куюлуп, улам толукталып турду. Булар менен кантип тил табышып сүйлөшөөр
экемин деп кечетен бери бушайман болуп олтурган Кудайберген, алардын аз болсо да ногойчо
(татарча) сүйлөшкөнүнө кубанып калды. Анан ал конокторуна суроо таштады:
— Кыякты кимиңер тартасыңар?
— Мен, — деди төргө жакын олтурган, отуздун аркы-беркисиндеги, коңкойгон мурун,
сулууча жигит.
— Билсең тартчы? — Кудайберген аны тиктеп калды. Жигит керегенин түбүнө жөлөп койгон
кыягын кабынан сууруп чыкты да, сызма боосун оң каруусуна илип алып, созолонто баштады.
Ал күүсүнүн аягына чыгып, токтолуп калганда, баятан бери эки көзүнүн карегин анын
манжаларына кадап олтурган Кудайберген кыякты шып колуна алды. Ары-бери кармалап,
аржак-бержагына көз жүгүртүп турду да, анан тиги ак саргыл жигиттин азыркы эле тартып
бүткөн күүсүн таптак, дал өзүндөй келтирип тартты. Отургандар бири-бирин тиктеше түштү.
Өмүрүндө орус кыякты көрбөгөн адамдын зээндүүлүгүнө алар тан калышты окшойт.
Үй ичи бир аз тынч ала түшүп, казанда кайнаган жаш шорпонун боркулдаган гана дабышы
угулуп турду. Чыгдандан жогорку жабыкта катары менен тизилген комуздардан, анын ылдый
жагындагы курсагы чедирейген жыңалач баладай эки кулагын эки жакка делдейткен кылкыяктан бейтааныш коноктордун көздөрү өтүп турганын баятан бери байкап олтурган
Кудайберген алардын моокуму канганча түркүн-түркүн күүлөргө салып кыягын да тартып,
комузун да чертип берди. Ошол күндөн баштап ортодо достук байланыш чырмалышып, өз ара
карым-катыш, жакшы мамилелер боло баштады.
— Мындан ары тааныш болуп жүрөлү, — деди жанагы кыяк тарткан жигит, — менин атыжөнүм, — Воробьев Иван Михайлович.
Кудайберген ичи жылып, ыраазы болгондой башын ийкеди. А тиги жигит да карыя жөнүндө
билгиси келди окшойт, Кудайбергенди суроолуу көз менен ийиле карады.
— Менин атамдын аты Үркүнчү, өзүмдүн атым Кудайберген.
— Эң жакшы, — Воробьев башын ылаалаган жылкыдай өйдө-ылдый ийкегилеп койду. Анан
экөө орундарынан обдулушуп, кол алыша кетишти: «Дос», «дос».
Алар көчөөргө жакындаганда экинчи жолу да коноктоп, Воробьевге бир жакшы комузун
тартуулады Кудайберген. Воробьев ага кыягын эстеликке калтырды. Анан Кудайбергендин тиги
сары машкенин күчүктөрүнө көзү түшүп турганын байкашты окшойт, эки күчүктүн бирөөнү
берип кетишти.
Бир жерге токтобой ары-бери тополондоп жүгүрүп жүргөнүн байкаган Кудайберген
күчүктүн атын Тополоң коюп алды. Тополоң жытчыл болду. Эмнени аткар, десе, баарына
аракеттенип, элпек болуп көрүндү.
Кудайберген ителги, куш салып, чоочун айылдардын жанынан өтүп баратканда, айылдын
иттери мурунтан бери өчү бардай жабалакташып, көптөп талап кетээрде Тополоң эркелеткен
жаш баласынан бетер шак секирип, Кудайбергендин артына учкаша калат да, алдыңкы эки
колун анын эки ийнине арта салып, тиги каңкылдап үргөн иттерди шылдыңдагандай алдыкийнин, ары жак-бери жагына каранып коюп кете берет. Жабалактаган акылсыз жаман иттер
оозунан алдыргандай ыза болушат да, кайра үйлөрүн көздөй куңкулдап үрүшүп, бирин-бири
ээрчишкен бойдон желип-жортуп кете беришет. Анан айылдан алыс узаганда Тополоң топ деп
жерге секирип түшүп, мурунку калыбында шапылдап жөнөйт.
Кудайбергендин баласы Күмөн эртели-кеч кудуктан ат сугарганда же чаканын кулагынан
тиштетип, же аттын чылбырын Тополоңго берип коет. Кокус Кудайбергендин үй-бүлөсүнөн
кудукка барчуларынын ыгы жок болуп калса, атты Тополоңдон жетелетип жиберишет. Качан
гапа кудукка келгендердин бирөө сугарып бермейин ошол жерде кезек кутуп, аттын чылбырын
тиштеген бойдон кыңшылап тура берет. Буга ат да, Тополоң да кенгөн, Ал түгүл Кудайберген
бир жакка аттанаарда «Ээр токумду алып чык» деп үй жагына кол шилтеп койсо, мамыдагы
байлануу турган аттын жанына ичмектерин, тердигин, желдигин, ээрин, басмайыл-көрпөсүнө
чейин улам бирин тиштеп сүйрөгөн бойдон ташый берчү. Кудайберген атка минип бастырганда
арткы эки буту менен чокчоюп тике олтура калып андан көзүн албай карап турат. «Жүр» деп
белги берип койсо, ээрчип жөнөйт. «Үйдө кал» деп колун артына жаңсаса үйдө калат.
Тополоңдун тушунда кой-козу уурдаган айылдын шүмшүк уурулары оокат кыла албай
калышты. Койгон жеринен да, сойгон жеринен да жазбай сууруп чыгат. Ителги, куш салып
жүрүп, макиси же курун Тополоңго көргөзбөй далай жолу кокту-колотко калтырып келчү
Кудайберген. Үйгө келгенде колун жаңдап, талаада унут калганын түшүндүргөндө, Тополоң аны
кайра издеп-таап, келип берчү. Баарынан да эл быкбырдай кайнаган аш-тойлордогусу кызык.
Кудайберген атынан түшүп, чылбырын ыргытып койсо, шак илип алып, ошончо элди аралап,
адашпастан артынан калбай атты жетелеп жүрө берчү. Кокус «ушундай кармап тур» деп бир
жерди көрсөтүп койсо, качан гана Кудайберген өзү келмейинче, каккан казыктай бир ордунан
козголбой тура берчү.
***
Кийинки жылдардын биринде Воробьевдердин кошуну баягы көпүрөнүн кулагындагы
журтуна келип, чатырларын тигишти. Андан он чакты күн мурунураак Кудайбергендики көчүп
келип, «Бучуктун оозундагы» секи конушуна конгон. Бир күнү Кудайберген Воробьевдерди
конокко чакырды. Жай мезгили. Күн улуу шашке. Эл үйдөн обочороок, жайкалган көк шибери
бар, түзөңүрөөк келген дөбөчөнүн үстүндө улам түгөнгөн сайын үйдөн кызыл чанач менен
кымыз ташышып ичип олтурушкан. Сөз арасында Воробьев Кудайбергенден баягы өзү берип
кеткен машкенин күчүгү жөнүндө сурап калды. Кудайберген анын акылдуу, эмнеге болсо
жөндөмдүү, адамча эле сүйлөбөгөнү болбосо, андан башканын баарын түшүнгөн эстүү машке
болгонун айтып олтурду. Ошол учурда Тополоң үйдүн далдасындагы көлөкөдө уктап жаткан.
Баятан бери бул жерге ар кайсы айылдан бириндеп келген элдин саны бир топ болуп калды.
Кудайберген ошол топ элге бир кызык иш баштачудай болуп, алардын баш кийимдерин
чогултуп алды да, чок ортого чөмөлөдөй үйдүрүп койду. Уй мүйүз тартып катарлаш
олтургандардын баары чачтарын алдырган баштанып, кулактарын делдейткен бойдон
жыңалбаш соксоюп калышты. Анан Кудайберген үй жакты карап үн чыгарды: «Тополоң,
Тополоң». Тополоң жүгүргөн бойдон келип, Кудайбергендин жанына куйругун шыйпактатып
тура калды. Кудайберген «ээси-ээсине таратып бер» дегенчелик кылып, ортодо үйүлүп жаткан
баш кийимдерди көргөздү. Тополоң Кудайбергендин оң колтугунда олтурган кишини жыттады
да, анын калпагын тиги үймөктүн арасынан сууруп чыгып, алдына алып келип таштап койду.
Анан андан аркысын жыттап аныкын анан андан кийинкисин, ошентип олтуруп бириникин да
жаңылыштырбай баарыныкын текши таратып бүттү. Анан Кудайбергендин жанына келип,
тиктеп тура калды. Кудайберген үйдү көрсөтүп кол шилтеп койду. Тополоң үй жакка басып
кетти.
Кудайберген ошол жерде олтургандарга Тополоңдун мындан башка жоруктарын төкпөйчачпай айтып берди. Воробьев Кудайбергендин Тополоңду ушундай акылдуу кылып үйрөткөн
чеберчилигине суктанып олтурду.
АК ИТЕЛГИ
Бул окуя согуш жылдарында болду. 1943-жыл. Тамак-аш тартыш. Тоо койнунда жашаган
калктын көбү бирин-экин майда жандыктарынын токту, чебичине чейин саашып, ак менен
оокат кылышат, дан аттуу чанда биринде болбосо, көпчүлүгүндө жок. Боорун жерден жаңы
көтөрүп баскан беш-алты жаштагы балдардан тартып, өбөктөп жылган жөтөлчөөк кары-картаң
абышка-кемпирлерге чейин талаадагы эгин айдалган аңыздардын бетинен чымчыктарча
бирден дан теришет. Керээли-кечке араңдан зорго дегенде бир чөйчөк арпанын данын
чогултса жакшы, чогулта алышпаса жок. Дал ушундай эл башына кыйынчылык түшүп турган
күндөрдүн биринде Кочкордун «Туз» шахтасында жашоочу Мамбетбай карыя бир чоң ак
ителги кармады. Өзү мүнүшкөр болбогондон кийин эмне кылаар айласын таппай турганда
Кочкордун көкүрөк жагы Каракол, Сөөктөн келгендер айтат: «Биздин элде Кадыркул деген
ителгичи бар, муну көрсө минген атын да берет».
Аны уккан Мамбетбай үйүнө тынч жата албай, баш билги кара уюн токунуп алып, ителгисин
кондурган бойдон Каракол, Сөөктү көздөй сызды. Кадыркулдун үйүн иликтеп келсе, ал киши
үйүндө жок экен. Байбичеси Эзилкан Мамбетбай эшигин ачып баш багаары менен арылдап
беттен алды: «Катыгүн, каяктан жетип келдиң, көзгө көрүнбөй жогол, кет!.. Алдыгыңды
абышкам көрсө балдарым мурдуна жыт кылып турган талканынан ажыратып коет!..»
Мамбетбайдын издегени да ошол — талкан. Анын да ачарчылыкта кайышып, тишинин
кирин соруп турган төрт-беш жаш баласы бар болчу. Байбиченин жаалына чыдабаган
Мамбетбай эшикке жылып чыкты да, Кадыркулдун кайда кеткенин кошуналарынан
сураштырды. Коңшулары ал кишинин чукул арада келерин айтып беришти. Аңгыча Мамбетбай
айыл аралап Кадыркулдун караанын аңдып тура берди. Арадан бир аз убакыт өтөөрү менен
Кадыркул үйүнө келип түштү. «Тигине Кадыркул келди» дейт көрүп турган айылдаштарынын
бири. Мамбетбай ошол замат ителгисин кондуруп алып, Кадыркулдун үйүнө шып кирип келди.
Эзилкан байбиче Мамбетбайды дагы беттен алды: «Ой, кандай шумдук киши элең, баятан бери
кайда жүрдүң кетпей?»
Кадыркул ителгини көргөндө эт-бетинен кетип, байбичесинин ачуусун басты. Акыры
Эзилкан байбичесин ары каратып ыйлатып, бери каратып күлдүрүп олтуруп, Мамбетбайга эки
чоң чака арпа талкан салдырып берип, ак ителгини алып калды Кадыркул. Мамбетбай сүйүнгөн
бойдон үйүн көздөй жол тартты. Анан эки чака талкан оңойбу ачарчылыкта, атка алмашкыс
оокат эмеспи.
Ошол куну Кадыркулдун да Буудайык кармагандай кубанычы койнуна батпай жатты. Ак
ителгиден эки көзүн албай, кайра-кайра сылап-сыйпайт. Чындыгында ак ителги ителгинин зору
болчу. Анын шумкарлык белгиси деле жок, жөнөкөй, карапайым эле. Кадыркул бардык алгыр
канаттуулардан ителгини жакшы көрчү. Ителгини табынан да кылт кетирчү эмес. Болоттун
мизиндей улам чыңдап, улам миздеп турчу. Чындыгында ителги салыш өтө кызыктуу да,
тамашалуу да болот эмеспи. Ителги куш, чүйлүлөрдөй болуп бат чарчабайт. Алдынан качкан
коендордун чанда бирөө эле кутулбаса, көпчүлүгүн куткарбайт.
Аткан октой асманга атып чыгып, кайра кырдана түшүп, эки канатын бооруна бүктөп алып
типтик сайылган бойдон жердеги жан талашып качып бараткан коенду жерге жабыштыра
тепсе, же болбосо көкөлөп учкан өрдөк, каз, тоодактардын тобун зуу этип жарып өтүп, түпөктүү
найзанын түбү менен койгон баатырларга окшоп, улам бирден далдайта уруп, топулдатып
жерге түшүрүп турса, ким кайдыгер карасын.
1943-жылдын ачарчылыгында бир айылдын элин ошол ак ителги бакты. Ал кезде коен көп.
Кадыркул бир күндө жетишерлик коен алдырып келет. Аны бүлөсүнө жараша айыл-апага тегиз
бөлөт. Ак ителгинин бир жакшы жери, бөтөн кишиден чоочуркап койчу эмес. Ким кондуруп
чыкса ал кондурсун. Капарына албай, качканды да билбейт, өтө жоош.
Бир күнү атасы жокто баласы Искендер ак ителгини алып чыкты. Ошол жылы Искендер
араң эле он экиден он үчкө караган. Төртүнчү класста окуйт. Айылдын түштүк жагындагы калың
чийдин арасында коен деген жаныбар көп. Искендер эки коен алдырып, эки жаккы
канжыгасына узун кулактарын салпактатып байланып алды. Аңгыча ары жактан бастырып
келаткан топ атчандар көрүндү. Коенго алагды болуп жүргөн Искендер аларды капарына да
алган эмес. Чукул кирип келишкенден кийин тааныды. Алдыңкы кер атчан Түкөш агай экен. Ал
киши ошол алаамат жылдарда айыл кеңешинин төрагасы болуп иштечү. Аларга Искендер
озунуп салам айтты. Анан Түкөш агай кичинекей баланын жоругуна кызыкты окшойт,
жылмайып карап туруп сурап калды:
— Эмне кылып жүрөсүң?
— Ителги салып.
— Атаң кайда?
— Атам бүгүн жок.
— Алдагы ителгиң качып кетпейби?
— Качпайт, жоош.
— А, кокуй! Кечинде атаң үйгө келгенде айтып кой, мен куш таап берейин, ителги адамды
убара кылат. Буга аттын аты керек. Артынан кыйкырып чаап жүргөнгө. Куш болсо алса алат,
албаса олтуруп калат.
— Бул убара кылбайт.
— Анда биз коен качыралы, алдырчы?
— Макул,— деди Искендер. Аңгыча тигил атчандардын дүбүртүнөн чочуган бир коен ары
жактагы топ чийдин арасынан булт берип жөнөп калды. Атчандар кыйкырып жиберишти: «Ана
качты». Искендер ителгинин томогосун мыртыйган кичинекей колу менен шыпырып алды.
Ителги коенду көрөрү менен адатынча колдон атып кетти. Ал коенго ар дайым жер менен жер
болуп барып, качан гана мерчемдүү оңутун өлчөп, дал туура тушуна келгенде кулак түпкө же
такыр колтукка кагып өтчү. Коендун төрт буту асмандап, боору агарган боюнча чалкасынан
түшүп тыбырап жатып калчу. Ак ителги коенду кайрылып эки тепчү эмес, бир гана сокчу. Анан
обочо барып конуп олтуруп алчу. Качан гана коенду мууздап коюп, мындай чыга бергенде,
анан шашпай каалгып келип үстүнө конор эле. Бул жолу да ошентти. Түкөш агай жолдоштору
менен ителгинин өнөрүнө кызыгып калышты.
— Баракелде, баракелде! Эми бир ушундай кылчы?
Аңгыча аркы калың чийден дагы бир коен качты. Ак ителги аны да мурункусундай сокту.
— Баракелде, баракелде! Капырай, шумдук го бул! Дагы бир ушундай кылчы,— деди Түкөш
агай.
Андан кийин ошондой үч-төрт жолу кайталанды. Жүз коен качса да чарчай турган түрү жок
ак ителгинин. Бирок да куткарчудай эмес. Түкөш агай баш болгон топ атчандар Искендердин
атасы экөөнө чоң ыраазычылыгын билдиришип, жакшы каалоолорун айтып кетишти.
Ошол 1943-жылкы үзүмчүлүктө бир айыл кишини ак ителги сорподон өксүткөн жок.
ЖАМАНГУЛ МҮНҮШКӨР
Эртең менен эрте Токмоктон чыккан эки атчан күүгүм талаш Ысык-Ата бекетине араң
келишти. Бекеттин Чүй суусу жак жээгинде калың айыл бар. Ал айыл — Жамангул мүнүшкөрдүн
айылы. Тиги эки атчандын көздөп келе жатканы да ошол мүнүшкөрдүкү.
Эки жолоочунун биринин аты Кадыркул, экинчисиники Курманкул. Аттары уйкаш болгону
менен, экөөнүн кесиби эки башка. Кадыркул мүнүшкөр, Курманкул кыякчы — кыл кыяк тартат.
Булар жээктеги айылга эрте бешимде эле келишмек. Эмне, ушу турган Токмок менен Ысык-Ата
бекетинин аралыгы ат арыттар жол бекен? Күн чыга бастырса түштө, түштө бастырса бешимде
(оргосунда агыны катуу суу, ашуусу бийик тоо болбогондон кийин) кирип келет эмеспи. Бирок,
алардын күүгумгө чейин калчу себеби бар болучу. Курманкулдун белинде кыстарган кыягы
болсо, Кадыркулдун колунда кондурган кушу бар эле. Токтой калып, ат чалдырган жерде
Курманкул кыяк тартат эрмек үчүн. Бастырган жолдо алдынан «барп» этип илбээсин учса,
Кадыркул кушун салат. Ал экөө жолду карай ошентип олтуруп кечигишти. Жолдун аркы өйүз,
берки өйүзүндө күрүчтүн балына (анызына) жайылып оттогон өрдөк, кыргоолдор таранчыдай
чокмороктошуп, биринин үстүнө бири конот. Шатыр-шатыр этип, дүрүлдөп учканда, күндүн
бетин булуттай калкалайт. Жерди караңгылатып, көлөкө түшүрүп жиберишет.
Шилтеген сайын кара куш бирди илип түшөт: же өрдөк, же кыргоол. Өрдөк, кыргоолдор
куштан анчалык чочушпайт. Көптүгүнөн байкабай калышабы же күрүчтүн аңызында калган
дандын таттылыгы ошончолукпу, баары баёо, баары жоош. Кайра эле көтөрүлө түшүп, кайра
эле күрүчтүн балына жабалакташат. Кадыркул менен Курманкул акыры кеч кирип
бараткандыктан, кушту нык тойгузуп коюшту. Эми алар мындан ары шар бастырышат.
Эки жолоочу жээктей конгон топ-топ айылдын улам биринен экинчисине токтоп, издеген
үйүн иликтеп келатышат, ошентип олтурушуп, Жаманкулдукун каш карайып, көз байланганда
табышты. Үрүп чыккан иттин, түрс-түрс эткен аттардын туяктарынын добушунан улам, үйдөгү
бала-бакыралардан бир-экөө сыртка жүгүрүп чыгышты. Жолоочулар ат үстүнөн шак түшө
калышпады. Бир азга тизгин жыйып турушуп, анан үйдөн чыккандарга суроолуу карашты.
— Жамангулдуку ушубу?
— Ушу.
— Үйдөбү өзү?
— Үйдө.
— Анда, түштүк.
Балдар меймандардын аттарын алышты. Камыш менен чатырланган ысык үйдүн түштүк
жаккы дубалына жабыштыра тигилген тутуулары аппак боз үй да турат. Коноктор же боз үйгө,
же ысык үйгө кирээрин биле алышпай, бир азга буйдала калганда, тиги ат байлаштырган
балдардын бирөө «быякка кириңиздер» деп ысык үйдүн эшигин ачты. Үйдүн чырагы жаныдан
бүлбүл күйүп, жарыгы булун-бурчтарына толук тарай элекпи, кирип келгендерге үйдүн ичи саал
күңүртүрөөк көрүндү. Темир мештеги жыгач отундар чарт-чурт эте, жаңыдан кызып күйө
баштаптыр. Удаа-удаа салам айтып кирип келген тиги эки жолоочунун жүздөрү бөлмөнүн
ичинде олтургандарга күүгүмдөп начар көрүндү. Анан алар берилеп, чырактын жанына
жакындаганда жүздөрү даана таанылды. Мештин оң капшытында кырынан жаткан Жамангул
колунда кушу бар Кадыркулду көргөндө ордунан ыргып туруп, кучакташып көрүштү. Жамангул
менен Кадыркул бир тууган бажа. Баятан бери от менен алек болуп жаткан Алмакан Кадыркул
жездеси келгенде, таманы жерге тийбей үй ичин иретке келтирип, жүктө жыйылуу турган
көлдөлөңдөрдү каттай-каттай төргө жая салды. Жамангул Кадыркулдун колунан кушту шып ала
койду да, мешке жакын кондуруп койду. Эки жак тең эл-журт, бала-бакыранын эсенчилигин
сурашып, жайланышып калышты. Узакка созулган бажы-бужудан кийин чай ичилди, дасторкон
жыйылды. Анан Курманкул кыякчы асылган тамак алдыга келгенче улам бир күүнү которуп
тартып, олтургандарга эрмек болуп берди.
Жамангул Кадыркулдун кара кушун колуна кондуруп, тамак бышканча сылап-сыйпап
олтурду. Жана үйгө киргенде калтырап-титиреп турган куштун жемсөөсү эми араң бөксөрүп,
мойну-башын ары-бери чулгуп, колго токтобой тегерене берди. Жамангул ансайын куштун
ээгинен ылдый салаалап, сүйлөшүп жаткандай бетме-бет тиктеше калып, анын көз карашын
байкайт. Жемсөөдөгү эттин улам ылдыйлап сиңип, бөксөрүп баратканын көрөт. Куш ансайын
жылмыңдап, жеңилденип баратат. Аны байкаган мүнүшкөр ичинен сүйлөйт. «А байкуш, эми
араң жаныңа кирдиң ээ?»
Төрдө олтурган Кадыркул менен Курманкул бири-бирин алдыртан тиктешип жатты. Ички
ойлорун ооз ачып сыртка чыгара алышпай, буулугуп олтурушту. Экөөнүн тең курсагында
жашырынган бир гана ой бар: «Жамангулдун кушту келер менен колуна алганы — жактырганы,
кызыкканы. Эртең ат салсаңар да муну мага бергиле деп асылат».
Жуп дасторкон жайыларда Жамангул кушту эшикке алып чыгып кетти. Кайра кирип, катарга
олтуруп жатып муну айтты: «Кушуңарды туурга кондуруп келдим. Боз үйдө жалгызсырабайт,
аны менен эрмектеше тургандар бар, кам санабагыла».
Өткөн күздө Жамангул Кочкорго барган. Кадыркул бажасы анын эңсеп жүргөн кишиси
Кудайбергенге жолуктурган. Бир жума ичинде Кудайбергендин ителги, куш, чүйлү салганын
маашырлана көрүп, алгыр канаттуулар жөнүндө сүйлөп бергенин кызыгуу менен уккан. Анан:
«Кандай канаттуу болсо да жумурткасынан кошо жарылып чыккандай билет экен, бул кишиге
айла жок» деп баа берген. Быйыл күздө биздикине кел, менде ителги да, куш да, чүйлү да,
бүркүт да бар деп бажасын чакырып кеткен. Кадыркул бир аз кечигип, күз өтүп, кыш
башталганда келип олтурат. А тиги Курманкул Кадыркулдун курбусу. Алыска жолоочу жүргөндө
экөө ажырашпайт, бири куш салса, бири кыяк тартып...
Эртең мененки чайдан кийин конокторун ээрчитип, Жамангул куш салганы чыкты. Баса,
дагы бир сөз калыптыр... Аттанарда Кадыркул менен Курманкул боз үйгө кирип чыгышкан.
Анда туур баш сайын (чанда бирөө кур болбосо) бирден ителги бирден куш, бирден чүйлү,
бирден бүркүт, кыргый, турумтайга чейин конуп олтурганын көрүшкөн. Бири талпынса, бирине
жетпейт. Буларды кыдырата карап жүрүп, Кадыркул менен Курманкул куш базарын
аралагандай моокуму канып, таң калышкан.
Жамангул куш салаарында Көк кашка жоргосун минчү. Бул жолу да ошону токутту. Анан боз
үйдөн быйыл күздө жаңы кармалган кызыл куш кондуруп чыкты. Өзүнүн айтымына караганда
буга чейин бул кушту көп салыптыр. Бирок кызыл куш тапка келип салынган куштай эмес. Кечээ
жаңы эле кармалып, бүгүн биринчи жолу алып чыккандай чыркырайт. Жапан куштан айырмасы
жок. Семиз. Төшүнө кол батпайт. Талпынып, кайра олтура калганда эки канатын шалак таштап,
солуктап-солуктап калат. Курманкул менен Кадыркул куш жулунган сайын бири-бирин карап,
ичинен күбүрөшөт: «Бул куш бүгүн качпаса, анда деле куш качпайт. Семиздиги тигил, азоолугу
ал. Тапка келип, салынып жүргөн куш кантип ушундай болсун. Тап эмес, үндөккө да толук
келген куш эмес».
Булар айылдан обочолоп, бир топ жерге чейин келгенде бет алдында жайылып жаткан көк
моюн таандарды көрүштү. Кадыркул менен Курманкул «Кушуң таан алабы?» деп сурап
калышты Жамангулдан.
— Алчу эле.
— Алса тиги таандарды көрсөтүп көрүңүзчү?
— Көрсөтөйүн.
Жамангул дүрбөп учуп калган көк моюн таандарды аралата кушун шилтеп калды. Куш тике
качырып, бир таанды жаза серпип, ал тырмагына толук илинбей калгандан кийин башкаларына
тийбей, асманга атып чыгып кетти. Асманда бүлбүлдөп араң көрүнөт. Кадыркул менен
Курманкул мыйыгынан жылмайышып, ичтеринде табасы канып турат. «Эр болсоң кушуңду таап
ал?.. Кудайды бир карасачы?! Кушту кантип ушундай салсын. Жарылып кетчүдөй семиртип...
Этин бир аз баспайбы, жапан куштай чарылдатпай. Мунун мүнүшкөрүнө не бересиң?
«Боёкчу, боёкчу десе, атасынын сакалын боёйт дегендей».
Жамангул тиги экөөнөн бөлүнүп, көк кашка жоргосун безилдете салдырган боюнча обочо
турган түктүү көк дөбөнүн үстүнө чыга калып, колун өйдө көтөрдү. «По» дээри менен асманда
карааны алыстап үзүлүп бараткан куш торгойдой типтик сайылып келип, Жамангулдун колуна
конду. Курманкул менен Кадыркул бири-бирин тиктеген боюнча делдейип калышты. Жамангул
үндөөчтөн бирдеме чокуттубу, чокуткан жокпу, көк кашка жоргосун зырылдаткан боюнча кушун
калдаңдата кондуруп, булардын жанына жетип келди. Куш баягыдан беш-бетер акактаган.
Атып чыгып, көккө барып келгенге ого бетер күйүгүп калган экен, эки канатын шалак түшүрүп,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кара шумкар - 12
  • Parts
  • Кара шумкар - 01
    Total number of words is 4039
    Total number of unique words is 2081
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 02
    Total number of words is 4038
    Total number of unique words is 2083
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 03
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2127
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    49.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 04
    Total number of words is 3915
    Total number of unique words is 2227
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 05
    Total number of words is 3950
    Total number of unique words is 2070
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 06
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 2073
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 07
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1971
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 08
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2065
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 09
    Total number of words is 4041
    Total number of unique words is 2087
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 10
    Total number of words is 3972
    Total number of unique words is 2052
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 11
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 2089
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 12
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 2108
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 13
    Total number of words is 3941
    Total number of unique words is 2071
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 14
    Total number of words is 4070
    Total number of unique words is 2237
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 15
    Total number of words is 4157
    Total number of unique words is 2228
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 16
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 2128
    31.7 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 17
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 2139
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 18
    Total number of words is 4036
    Total number of unique words is 2374
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 19
    Total number of words is 4168
    Total number of unique words is 2153
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 20
    Total number of words is 4197
    Total number of unique words is 2021
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    45.1 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 21
    Total number of words is 4081
    Total number of unique words is 2171
    30.8 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 22
    Total number of words is 1524
    Total number of unique words is 1009
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.