Latin

Кара шумкар - 05

Total number of words is 3950
Total number of unique words is 2070
31.4 of words are in the 2000 most common words
43.3 of words are in the 5000 most common words
49.3 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
зордукчулар кыр ашып кеткенден кийин өксүп-өксүп кала берди. Элдин чурулдап-чуркурап
озондогонун көрсөң ошондо көр. Асман сынып, жер жарылып кете жаздады. Акырында
Көкүмбай оң колун өйдө серпип:
— Токтогула! Биздин эл-журтка кетип баратканыбызды билип калсын деп шумкардын
томогосун шыпырып алып калдым. Кара шумкар аман болсо элге бир кайрылаар. Касиеттүү
Жумгалын бир көрөөр. Өнүп өскөн жерин адам эмес ат, канаттуу куш да сагынат, сагынбай
койбойт. Кайрат кылгыла! Кара шумкардан үмүтүбүздү үзбөйлү. Кокус колдон бошонсо ушу
турган Жумгал канаттуу кушка жарым күндүк жол эмеспи — деп атып, чуру-чуу түшкөн элдин
ыйын араң басты.
ҮЗҮЛБӨГӨН ҮМҮТ
Кытайдан келгенден кийинки жылы жазда үркүндө жоголгон Сарала деген инисин издеп
Бозаланын Үч-Турфанга кеткенине үч айдын жүзү болгон. Эл жайлоодон жакага түшөрдүн
алдында: «Бозала Сараласын Кытайдан — болгондо да баягы өзү барып жүрчү Үч-Турфандан
таап алып келиптир» деген кабар айыл-айылга угулуп калды. Ошол Үч-Турфанда Ашыракун
деген бай уйгурдун колунда жүргөнүн улам кийинки келгендерден түкшүмөлдөп олтуруп анан
издеп жөнөгөн. Болбосо Бозала инисинен үмүтүн үзүп калган. Сараланы бошотуп алам менен
жүрүп көп кечигип калды Бозала байкуш. Акыры бир күнү «Ала турган акысын кечтик» дегенде,
ичине ыйман толду окшойт, инисин Бозаланын колуна карматты Ашыракун. Ошого чейин ҮчТурфанда бекер карап жүргөн жок Бозала. Кытайга аттанарда: «Кара шумкардан кабар ала кел»
деген Көкүмбайдын сөзүн жүрөгүнө түйүп жүрдү.
Көкүмбай Бозала келиптир деген кабарды угаары менен, аны үйүнө чакыртып алды. Кара
шумкар жөнүндө көргөнүн көргөндөй, билгенин билгендей айтып берди Бозала. Көкүмбай
чыдай албай кетти окшойт акырында:
— Бозала, деги кара шумкар бизди эстей турганбы?
— Ай Көкө, ким билет эстей тургандай көрүнбөйт.
— Деги кандай түлөтүп жатыптыр?
— Мүнүшкөрү менен үйүр алышкандан кийин ооз-мооз сүйлөшүп, күн алыс жашырынып
барып шумкарды көрүп жүрдүм. Жакшы мүнүшкөр экен. Текестен атайылап көчүрүп келиптир
Ибрайым-Ло. Анысы ителги, куш менен көзүн ачкандардын бири көрүнөт. Шумкарды жыл
сайын түлөтүш үчүн узуну жүз чат, туурасы он чат сарай салдырыптыр. Туш-тушундагы
терезелери калбырдай тордолгон. Капталдарында туура-туура казык кагылган экен, кара
шумкар каалаганына барып, каалаганына конуп түнөйт окшойт. Сарайдын башынан аягына
чейин жүлүндөй суу чуркатып коюптур. Эки-үч жеринде кичике-кичине көлчүктөп, ага шумкар
шапшынып бүткөн боюна кир жугузбай таранып турат. Дамамат күнүн кур койбой бирден
кептерди сарайдын түбүндөгү кичинекей коңулдан киргизип жиберсе, аны кара шумкар шып
илип алып күнүгө жегени жаш эт, чокуганы жылуу кан экен. Сарайдын ичинде эркинче учуп,
эркинче конуп жүрүп жапан ителгидей болуп муздай түлөптүр, анан кантип бизди эстейт,
Көкө?!
— Деги эки канаттын мүрүндөгү майда тыбыт жүндөрдүн эскилеринен калыптырбы?
— Жок, жок Көкө! Калчу беле. Калып жарыбайт. Ошолордон да бир тал эски жүн көрө
албадым.
Көкүмбай кара шумкардан эми даана түңүлүп, үшкүргөн бойдон кырданып жатып калды.
***
Эки жыл өткөндөн кийин жайлоодогу Көкүмбайдын айлына жакага эгин сугарганы
баргандардан жаңы кабар келип жетти. «Ителги же ылаачын экени белгисиз, бир жапан
канаттуу Көкүмбайдын тамына кечкисин келип түнөп жүрөт» деген. Муну уккан Көкүмбай
жайлоодон заардан аттанып, жакадагы тамына чаап жетти. Келсе ителги түгүл, чымчык жок.
Тамы ээн турат. Атын короонун тегерегиндеги жашаңга коё берип, ары-бери басып турса ар
жактан кетмендерин ийнине салган эки жигит келди. Алар ителги отуруп жүргөн короонун
кырын көрсөтүштү. Көкүмбай ал жерди байкап караса канаттуунун тырмагы чиймеленген жаңы
тактар турат. Ар жак, бер жак түбүндө куштун агарган жаңы боктору.
Аңгыча болбой дигер шамдын ортосунда көнөктөй болгон бир чоң ителги төмөнтөн сабап
чыгып келип, карап тургандардан жазганып-айбыкпастан баягы отуруп жүргөн ордуна барып
шып конуп калды. Көкүмбай ысык үй тамына чуркап кирип барып көптөн бери тамдын
боорунда илинип турган кара шумкардын чыргаасын алып чыгып короонун эшик төрүнө арыбери сүйрөп кыйкырып үн чыгарды. Ителги бир аз ормоңдоп мойну башын соксоктотуп
канатын жазып, учуп кетчүдөй чочуп туруп анан ордунан козголуп чырганы лып басты.
Ителгинин билектеринде кыска боонун дүмүрлөрү гана калган экен. Сыягы талаада эркинче
болгонуна бир жылдан ашып калса керек. Байкоодо жаан-чачын, сууга, күнгө тийип жүрүп
боолору чирип түбүнөн үзүлүп түшүп калган көрүнөт. Көкүмбай чырганын танап жибинин учу
менен шапа-шуп ичке билектеринен байлай салып, анан колуна кондурду. Мүнөзү жапан
ителгидей эмес, көп анчалык чочуган жок. Кебетесине караганда кара шумкардын өзү. Бирок
өңү окшобойт. Сырты көгүш тартып, жүндөрү да өзгөрүп калыптыр. Баягы кузгундукундай кара
жүндөрдүн көпчүлүгү бозоруңку. «Кара ителги картая баштаганда көгүш тартып кетет» деген
Кудайбергендин сөзү оюна кылт дей түштү да, анан өзүнүн белгисин эстеди. Ителгинин оң
бутунун ортонун өйдө кайрып, ортондун астындагы тоголок чорду карады. Баягы ийнедей ичке
күмүш төңөлүгү жүрөт. Муну көргөндө Көкүмбайдын ичи ысып, бүткөн бою чымырай түштү.
Аны үркүндөн алда качан эки үч жыл мурун жасатып тактырып койгон. Төңөлүктү чордун калың
терисинен өткөрүп туруп, чебер устага эки башын бириктирткен да, анан данакерлетип
таштаган. Төңөлөктүн иймекей айланасы чымчыктын көзүнүн тегерегине окшоп кип-кичинекей
болчу. Муну атайы бирөөлөр назар салып карабаса Көкүмбайдын өзүнөн башкалар байкашчу
эмес.
Туурун алып келип мурунку өзү олтуруп жүргөн бурчка коёру менен колдон секирип барып
шып конду. Томогосун катса силкинип да койгон жок.
Көкүмбай кара шумкарды эртеси жайлоого кондуруп барып, тай союп айылына түлөө
өткөрдү.
САРЫ-БАРЧЫН
(повесть)
Суранчы менен Кудайберген ага-ининин балдары. Суранчы да мүнүшкөр, Кудайберген да
мүнүшкөр. Кочкор ичиндеги атактуу мүнүшкөрлөрдүн ичинен Суранчыны Кудайберген жогору
баалаган: Суранчынын башка мүнүшкөрлөргө караганда өзгөчөлүгү, — дечи Кудайберген, — ал
куштун канат-куйругун кыйганда өзүнөн башка эч бир мүнүшкөр тиктеп олтуруп, ажыратып таба
албайт. Анын ошондой кылдат чеберчилиги бар».
Биз бала кезибизде мындай сөздү көп жакшы түшүнө алчу эмеспис. «Куштун канат-куйругун
кыят деген эмнеси? Сопсоо, бүп-бүтүн турган канат-куйруктарды жарашыктуу көркөмдөш үчүн
атайылап тегиздеп коёт го? Болбосо кандай?» деп таң калар элек. Көрсө, ал мындай болот
экен. Кийин чоңоюп, эс тартканда кээ бир мүнүшкөрлөрдүн колунан ошондой куштардын
кыйылган канат-куйруктарын өз көзүбүз менен көрдүк.
Көп салынган куштар өзүнөн чоң, кичине илбесиндер менен кармашып жүрүп, канаткуйруктун арасынан бирден жарымы тең ортолоп же түбүнө жакын жеринен сынып түшөт экен.
Анан анын учуу аракети мурункудай болбой, качкан жаныбарга тез жетишин же өзүнүн
душмандан шарт качып кетишин кемитип салат тура. Кадимки майып кишилердей болуп
канаттын чалгындарынын же он эки кашка куйруктун (канаттуулардын куйруктары ои эки
талдан болот) экөө же бирөө кемип калса, анын ордун мурунку калыбындай толукташ үчүн
башка (өлгөн) куштардын куйрук-канаттарынын бүтүнүнөн тандап алып келип, түтүкчөлөрүн да
бир-бирине өзүнүкүндөй кылып кийгизип, эч бир жеринен өөн таппагандай жасап коюшат.
Мына буга калганда Суранчынын башка мүнүшкөрлөрдөн өзгөчөлүгү болсо керек.
Суранчы бүркүттү да көп салган. Бүркүт учурган жаатынан Кудайбергенден ашсам ашам,
кемибеймин деп ишенчү. Ышкысы кайнап турган учурда Жумгал тараптан ага бир бүркүт
тартууга келип калат. Эртели-кеч ал бүркүттү көргөндөр Кудайбергенге кээси ашыра мактаса,
кай бирлери болгонун болгондой айтып келе беришет. Чындыгында бүркүт өтө зор да, салмагы
балдак майышкандай оор да болгон экен. Ал бүркүт туурда олтурганда азаматтын азаматы эки
далынын ортосун кош колдоп басып, болгон күчү менен салмагын салганда да, жалпайып
жатып калбастан, бир аз өбөктөй түшүп, анан туурду чирене тээп, үстүндөгү ыгырып турган
кишини кайра так көтөрүп кетчү эле дешет көргөндөр.
Бүркүттүн даңкын күндөн-күнгө күчөтүп айткандардын кабарынан улам аны өз көзү менен
көрүш үчүн Кудайберген бир күнү атайлап ат токунуп, Суранчыныкына келди. Келсе Суранчы
үйдө жок. Бүркүт боз үйдүн ичинде, туурунда олтурган экен. Суранчынын үй-бүлөсүнөн
тышкары Жакып деген анын түлкү каккыч шакирти олтуруптур. Аны Кудайберген «Жайдары»
деп чакырчу. Анткени Жакып дал ошол Кудайберген атаган атка арзып жайдары, шайыр
жүргөн, кандай адамга болсо да жугуму күч, жүзүнөн күлкү кетпеген жигит болгон.
Кудайберген бүркүттүн жанына келип, керегенин башында илинип турган Суранчынын
бүркүт кондурчу мээлейин кийип, анан бүркүттүн узун боосун чечип, аны туурдан өйдө көтөрүп,
колуна кондурду. Башынан томогосун шыпырып, анын көкүрөгүн, жемсөөсүн, моюн-башын
сылап, эки буттун ортосуна кол салып, куйругун ары-бери чайкап, эки канаттын мүрүлөрүнөн
тартып чалгындын учтарына чейин сыдырып сылап, буттун арыштарын ченегендей карыштап,
тырмактарын былкылдатып кармалап, шадыларын ары-бери чоймолоп, улам бирин мээлейден
бошотуп, кычыратып кайрып көрдү. Оттой жанган эки кара көзүн тиктеп, иймекей орок
тумшуктун учунан тарткылап, анын курчун, өткүрлүгүн текшергендей сол колунун сөөмөйү
менен чертип-чертип койду. Анан балдаксыз кондурган колу тарылдыбы, бүркүттун томогосун
кайра катты да, тууруна алып барып, мурунку калыбындай кондуруп, ордуна байлап таштады.
Мээлейди керегенин башына кыстарып коюп, төр жактагы өз ордуна келип отурду. Буга чейин
«Жайдары» Жакыптын ичи көөп, бук болуп кеткендей болду. Суроонун үстүнө суроо берип,
бүркүт жөнүндө Кудайбергендин сынын уккусу келет: Бүркүт кандай, Куке? Сизге жактыбы?
Мунун колунан эмне да болсо келет го? Табына келсе кара кулак шерди да алалат деп
олтурабыз. Деги сиз кандай дейсиз?» деген сыяктуу суроолорду удаама-удаа жөнөтө баштады.
Кудайберген ордунан козголуп күйшөлбөй, төрдө олтурган калыбында бүркүттү дагы бир
топко чейин тиктеп туруп анан: «Кечинде Суранчы келсе айтып кой! Бул бүркүттү мага берсин.
Ал мындай токтолуп калган бүркүттү сала элек. Көбүнчө уя-бала бүркүттөрдү салып жүрөт. Бул
он бир, он эки барчын болуп калган бүркүт экен. Суранчы экөөңөргө чечилип боюн салбайт.
Бекер кыйналасыңар. Эмгегиңер талаага кетет» деди. Андан башка үн-сөз болгон жок. Жакып
да жооп кайтара албай, калтаарып туруп калды. Чайлангандан кийин Кудайберген айылын
көздөй аттанып кетти.
Кечке маал Суранчы келди. Жакып алдынан тосо чыгып, айтаарга сөз таба албай
шашкалактап: «Суке, бүгүн Кукем келип кетти. Атайылап бүркүттү көргөнү келиптир. Башка
деле жумушу жок көрүнөт» деди.
— И... Эмне деди?
— Жактырды окшойт. Көпкө чейин сылап-сыйпап колунан түшүрбөй кондуруп олтурду.
— Анан эмне деди?
— Анан, кетээрде «Суранчыга айтып кой. Бүркүтүн мага берсин. Бул токтолуп калган бүркүт
экен. Муну таптап салыш Суранчы экөөңөрдүн колуңардан келбейт» деп кетти.
Суранчы бир аз кабагын салып, чыртыя түштү. Бирок ички оюн Жакыпка ачык айтпады.
Айтпаса да Жакып Суранчынын тиги бүркөлгөн кебетесинен Кудайбергенди ичинде
«келжирептир» деп, жактырбай сөгүп жатканын билип турду.
***
Суранчы бүркүтүн туурга кырк күн олтургузгандан кийин учурууга даярдады. Ага чейин
үндөккө, чыргаага келтирип, этинен ылдыйлатып, эки-үч жолу тирүү түлкүгө тирилеп,
«силердин колуңардан келбейт» деген Кудайбергендин сөзү күн-түнү эсинен кетпей, өз оюнча
эч бир жеринде кынтык жок го дегендей тапка келтирди. Анан бир күнү кечинде Жакыпка
айтты: «Эми мунун болоору болду, эртең Ортоктун тоосунан бирдемени көрсөтүп көрөлү.
Карышкыр болбосо да түлкү табылаар. Сен үйүңдөн атыңды токунуп минип, таңкы үрүлбүрүлдө кел».
Эртеси Жакып Суранчы айткан үрүл-бүрүлдө даяр болду. Анан Ортоктун Каратоосун бет
алып жөнөп калышты. Аларды ээрчиген экөөнөн башка бир да жан жок. Бүркүттү кондурган
Суранчы алдыда, чыргаа бөктөрүнгөн Жакып артында баратты.
Орто жолдо Кудайбергендин айылы бар. Суранчы, Жакып айылдын үстү жагы менен
бастырып баратышкан, Ошол тушка жакындаганда Жакып: «Суке, Кукемки сүзмө-максым салчу
эле, кайрыла кетсек кантет!» деди. Суранчы укмаксанга салып, көңүлсүз бастырды. Кайрылгысы
келбеди окшойт. Ал эми Жакыптын ою максым ичиште эмес: Кудайберген тиги алгачкы
учурганы бараткан бүркүттү көрүп калса, туура табындабы, же жокпу, аныгын айтат болчу.
Ортодо сөз сүйлөнбөй бир аз тыным болду. Анда-санда гана жүрүштүү аттардын жайланган
табышы менен күзгү боз кыроонун эртең мененки сыдырым майда желинин бет сылаган илеби
билинип турду.
— Кайрылалыбы,— деди Суранчы артында келаткан Жакыпка мойнун буруп.
— Кайрылалы Суке. Бир-эки чыны максым жута кетели.
— Болуптур анда.
Экөө бура тартып, Кудайбергендикине түшүп калышты. Эки атты Жакып кыска
байлаштырып салып, шапа-шупа Суранчыга эшик ачты. Суранчы бүркүтүн кондурган бойдон
үйгө кирип, чыгдан тараптагы капшыттан орун алды. Андан ылдый Жакып олтурду. Ошол
учурда Кудайберген жаңыдан багымдат намазын окуп бүтүп, жайнамазын жайып, бери жакка
жүзүн буруп калган экен. Тулгага асылган чакан казанда сүзүлгөн максым (ал кезде бозону
атынан айтпай «максым» деп ичишчү) ак көбүктөнүп, жылып турат. Жаңы жагылган куурайдын
чогу өчө элек экен. Шааркан байбиче маңдайы кетилген кара сузгу менен максымды ары-бери
чулгуп, аралаштырып олтуруптур. Саламдашкандан кийин Суранчыдан ылдый олтурган
Жакыпты карап Кудайберген: «И, Жайдары, бүркүтүңөрдү бүгүн «учуралы» дедиңерби?» деди.
Жакып шыпылдап, бөгөнөктөн тажаган аттай башын бат-бат ийкеп:
— Ооба, Куке, бүгүн алып чыктык. Бирдеме жолукса көрсөтөлү деп. Бүркүт кандай көрүнөт,
Куке.
— Жакшы, жакшы. Байбиче, максымдан куй. Булар эрте бастырышкан экен. Азыр түлкүнү
тапсаңар, жатагынан табасыңар. Шашпай бастырсаңар деле болмок. Ал каапырлар таң атканча
жойлоп, тумшуктарына бирдеме илинсе илинип, кекилик менен чилдердин түнөгүн тапса
барпырата учуруп тынчын алып, таппаса бирин-экин чычкан терип жеп, жерге жарык түшкөндө
араң жатактан орун алышкандыр. Силер антип-минтип тоо таянганча күн да чыгып калат. Күн
чыкканга чейин түлкү жойлобойт, — деп койду.
Суранчы ичинде: «Сен билгенди мен деле билем? дегенчелик кылып, сол колуна тийген
чыныдагы максымды шылк-шылк эттирип жутуп калды. Оң колуна нык олтурган лакыйган сары
бүркүт топ куйруктарын былкылдатып бачайыдай шуулдаган канаттарын шалдыр-шалдыр
эттирип, силкинип койду. Майда тыбыт жүндөрүнүн арасынан чыккан бирин-экин какач
тырптар коломтодо түтөгөн куурайдын созолонуп, өйдө көтөрүлгөн түтүнүнө кошулуп
чамгаракты көздөй жеңил кыбырап, сызып бара жатты. Бүркүт караңгыга туюкталган эки көзүн
бошотуп, айлана-чөйрөнү көргүсү келди окшойт, томогону оң мүрүгө бир, сол мүрүгө бир
сөйкөп, жанган болду. Калып алып калган томого чаптап салгандай козголуп койбоду.
Суранчы менен Кудайберген бири-биринин жүзүн тике карап сүйлөшчү эмес. Кудайберген
Суранчыдан бир-эки жаш улуу боло турган. Ошонусуна караппы же өзүнүн кичи пейилдигиби,
Суранчы агасын (Кудайбергенди) көзү барда да, көзү жокто да катуу сыйлоочу. Кудайбергендин
канчалык жетишпеген сапаттарын билип, кемтиктерине көзү жетип турса да, бөтөн бирөөгө
оосарланып четин кылтыйтып чыгарбай, ичинде сактоочу. Мактаса да ичинде мактап, сөксө да
ичинде сөкчү. Суранчыга карата Кудайбергендин мамилеси да ошондой эле. Бул жолу да
Кудайберген Суранчыдан айбыккандай жүзүн жашырып, Жакыпты карап сүйлөдү:
«Бүркүтүңөрдүн томогосун тартып көргүлөчү, Жайдары».
Жакып Суранчыны караганча, Суранчы сол колундагы бошогон кесени жерге коё коюп,
бүркүттүн томогосун тартып, шыпырып алды. Бүркүттүн оттой жанган балбылдаган эки көзү
тунук каухардай жарк дей түштү. Учу иймекей орок тумшугу менен Суранчынын кокосун жулуп
алчудай болуп ормоңдоп, кундуздун жүнүндөй жалтылдаган жүнү бар койкойгон мойнун
алдына бир, артына бир буруп, үйдүн ичин тегерете эки-үч. жолу карап, анан башын
кыйшайтып чамгарактан көгөргөн көктү, ачык асманды көрдү. Учуп кетчүдөй кас тамандай
калып, алакандары менен мээлейдин ичиндеги Суранчынын оң колун ыктап-ыктап, көкүрөгүн
салаңдата ылдый эңкейе түшүп, кайра өйдө көтөрүп обдулуп койду. Сыягы жылт этип асман
көрүнгөндө учуу эркиндиги эсине түштү окшойт.
Бүркүт тынчый түшкөндө: «Эми томогосун катып койгула» деди Кудайберген. Жакып чыдай
албай кетти.
— Куке, бүркүт кандай?! Табына келген бекен?!
— Жакшы-жакшы.... Аракетиңер мыкты болгон экен. Бүгүн бирдеме таап, учуруп калсаңар,
алса — жакшы кокус жазып калса — үч кыр ашырып кармайсыңар го,— деп койду.
Суранчы бул сөздү уккандан кийин экинчи куйган кеседеги максымды ичкен жок. Ордунан
обдулуп, жаман көзү менен Жакыпты акшырая карады да: «Түз кетет элек, капкаяктагы ойдо
жок максымды ойго салып» дегенчелик кылып бурк этти: «Ач эшикти?! Тарт аттарды! Кеттик».
Суранчынын бузула түшкөн түрүн байкаган Кудайберген «Олжолуу кайткыла» деген болуп,
үйүндө кала берди.
Айылдан бир аз узап, алды-артын тороп, аттардын куйругуна асылган ажаан иттердин
ажылдаганы басылгандан кийин:
— Жакып, — деди Суранчы мойнун артка буруп. Жакып атын ыкып койду эле, Суранчыга
жанаша түштү. — Муну улуусунтуп сыйлап, дамамат өйдө карап сүйлөчү эмес элем. Эми сага
оозуман чыгып кете турган болду. Бул сөз ичиңде болсун, Жакып. Бул ушундай кудайдын
каарына калган киши!.. Муну эл Кудайберген дейт. Кудайберген дебей эле кудай урган десе
эмне болмокчу? Же кудай мындан башкага бербей эле, жалгыз ушуга берипби?! Өзүнөн бөлөк
жан кишинин кылган ишин жактырбайт. Оң ишти тетир алат. «Мүнүшкөр Кочкор өрөөнү
боюнча жалгыз өзүм» деп ойлойт окшойт. «Канаттууну менден мыкты билген мүнүшкөр жок»
десе керек. Былжырайт! Бүркүттүн табын мындан ашык билсем билем, акыры кем билбейм.
Өзүң билесиң, менин илгерки Кара-Барчынымды. Карышкырга сала алган жокмун, анан түлкүнү
узатчу эмес. (Мунусу ырас, Суранчынын бир жылдарда уя-баласынан тартып он-он беш барчын
болгончо салган атактуу Кара-Барчын деген бүркүтү болгон. Анысы акыры түлкүгө баратып, күч
менен зоого тийип өлгөн).
— Билем, билем, Суке, — деди Жакып. Анан Суранчы сөзүн кайра улады:
— Мына, муну карачы. Эч бир жеринде кылт эткен өөнү жок бүркүт. Кыл табына келип,
жеткен жери ушул. Мындан артык таптоого мүмкүн эмес. Болбойт. Эми ушундан өөн таап,
кетик издеп турганын кара. «Үч кыр ашырып кармайсыңар...» Ушундай ичи тар акмак киши да.
«Куке-Куке» деп сөзүн кайтарбай, шагын сындырбай жаман үйрөткөнбүз да муну! Мындан ары
Кукелебей эле «Кудайберген» же «Кудайурган» десем эмне кылып алмак?.. Колунан «бок» да
келбейт.
Суранчы бир топко чейин бууракандап, ачуусун токтото албай жүрүп олтурду. Жакып анын
сөзүн чукул коштоп, ого бетер шыпшынып, Суранчы бирди айтканча ал экини айтып баратты...
Көк-Сайдын оозуна жеткенде Жакыптан бөлүнүп, кырдап бастырды Суранчы. Бийик чокуну
карай бет алып, улам өр тарта жүрүп олтурду. Жакып болсо кокту өрдөдү. Ал этек-жеңин
чапкылап, эки үзөңгүсүн бир-бирине кагыштырып, үн чыгарат. «Айт-айтка» салып, кыйкырат.
Жакыптын добушун тоонун аскалары коштойт. Алар да жаңырып, үнгө үн кошот. Ошентип
баратканда бир коюу түп алтыгганынын арасынан барак көгүш түлкүнүн куйругу булак этип,
Жакыптын көзүнө чалдыга түшкөнсүдү.
— О... кетти, Суке, кетти! Ылдый жагыңа көз сал!
Заңкылдап ачуу кыйкырган Жакыптын үнү тиги чокуга жакындап калган Суранчынын
кулагына шак дей түштү. Бүркүтүн калдаңдаткан Суранчы атын аңыраңдата чаап, туу чокунун
үстүнө чыкты. Томогону тартаары менен колунан Сары-Барчын атып кетти. Суранчы бүркүтүн
коё бергенден кийин төмөнтөн өйдө кокту өрдөп келаткан көк барак түлкүнү көрдү. Бүркүт
алыскы бийиктен кош канатты куушуруп, эки бутун салаңдатып сунуп, чеңгелдерин арбайтып,
бороондой күрүлдөп, көптөн бери бийиктен учпай асманын сагынган берен күр-күр, күр-күр
этип, жерге жакындагандан жакындап келе жатат.
Асмандагы күркүрөгөн кош канаттуу жалаңкычтын добушун сезе калган куу түлкү алда
кандай жорук болор экен дегенсип, кулактарын тикчийтип, колдорун бооруна алып, арткы эки
буту менен кишиче типтик соксоюп тура калды. Балаа жакындагандан жакындады. Добушу эң
эле сүрдүү. Түлкүнүн коркунуч тегеректеп кыбыңдаган көздөрү бүркүттүн ажал алып келаткан
тырмактарынын учтарынан өтүп кетти. Арбайган ач тырмактар эки көздүн карегине сайылчудай
көрүндү. Алыстан келаткан коркунучтуу жоонун айбат-сүрүнө чыдабай качууга аракеттенсе,
кокус тик турган калыбынан тайып, акылын жоготсо, булак этип бурула качса, анда бүттү... Өмүр
оту жалп этип, ажалынын жеткени — ошол. Сары-Барчындын чеңгелине кирип, уу
тырмактарынын учуна сайылып, уучуна кетти дей бер.
Жок. Андай болбоду. Амалдуу түлкү амал тапты. Ал мындан кыйын жоруктарды далай жолу
башынан өткөргөн, нечен тузакты үзүп, нечен капканды кур чаптырган. Азыр да СарыБарчындын каардуу зордугунан мунуку ашып түштү. Бүркүт күрүлдөп жап-жакын кирип
келгенче тике турган калыбынан жазган жок. Арбашчу жыландан бетер эки көзүн жумбастан,
каккан казыктай какайды да, калды. Качан бүркүт келип, көр тырмактарын эки өпкөгө матыра
турган болгондо, ага өлчөөлөп турган көк барак лып этип жерге жата калды. Анан бүркүттүн
башынан алыс типтик түйүлүп, түндүк бою секирди. Бийиктин бийигинен күү менен катуу
келаткан бүркүт челек чапкандай күп этип жерге чабылды. Жыгылган балбандан бетер бозала
чан болуп, топуракка оонап, кур жерди кучактап, жалпайып жатып калды Сары-Барчын.
Көк барак түлкүнүн кубанычы койнуна батпай, куйругун ары бир, бери бир булгалап, тиги
жайылган үзүктөй жалпайып жаткан Сары-Барчынга: «Чала болот сага, дал ушуну көрмөксүң
акылсыз дардак» дегенсип, табасы кангандай желе-жорто басып, кырдан кыр ашып кете берди.
Сары-Барчын нары салмактуу, нары олбурлуу экенине карабай, ошончо бийик чоку, ал аз
келгенсип, андан да өйдө көкөлөп, деле кой, асманга тийчүдөй көтөрүлүп, анан эки канатын
бооруна кыса өз боюн типтик ылдый таштап жиберип, бирок алам дегенин ала албай, көкүрөгү
менен жерге тийген неме о... далайга чейин боюн жыя албай жер кучактап жатты. Бир оокумда
араңдан зорго баш көтөрдү. Ошондо да топурак-чаңга аралашкан тула боюн кагыныпсилкинүүгө чамасы келбеди. Баштагысындай далбаң-балбаң баса албай калды. Жап-жакын
турган сокудай соксойгон кара ташка тула боюндагы болгон күчүн чогулткандан кийин араң
сүйрөлүп барып, чыгып олтурду.
Сары-Барчындын мөңкүп чыгып кетчүдөй түрсүлдөп соккон жүрөгүнүн добушу көптөн
кийин жайлады. Кысталган деми сууп, көкүрөгүнүн ачышканы басылды. Акыл-эси анан ордуна
келди. Башынан буга чейин көргөн-билгени, өткөн-кеткени оюна түштү окшойт, өзүнчө
бушайман болуп жаткансыды: «Атаңдын көрү, тагдыр деген ушул экен го! Бир кезде көк
тиреген жалама бийик зоолорду айланып учуп, терең капчыгайдын аркар, кулжа, эчки,
текелерин дыргыта кууп барып, анан бирин чабуудан серпип, көк желкесинен мыкчый кармап,
эңип алып, тиги тоо менен бул тоонун аркы өйүзүнөн берки өйүзүнө бөктөрө чаап, уядагы
балдарыма бир кийиктин тулкусун жүк катары көрбөй ташып келип жүргөн жаным, ушул
саксайган жаман көкбарак түлкүнүн мант берип кетерин билбей, ошого алдатып, койдой
кордук көрүп, минтип мыш болуп отурганымды карачы?»
Аңгыча жогортон аңды-дөңдү карабай чаап келаткан Суранчынын үнү чыкты. «Оо Жакып,
чыргаа тарт, чыргаа тарт!»
Жакып тээ ылдыйтан кара ташты кучактап олтурган Сары-Барчындын караанын көргөндө
«куу-куулап» чыргаа сүйрөттү. Чыргаа эмес өз бою өзүнө жүк болуп талмоорсуп, өзүнөн
ылдыйкы жаман кишиден кагуу жеген адамдан бетер салаңдап олтурган Сары-Барчын
калыбынан козголуп да койгон жок. Кара таштын үстүнө кадалган немедей көпкө чейин
олтуруп алды. Аңгыча өйдөкү бийик беттен таш калдыратып, кум эшилтип, типтик ылдый чаап
келаткан Суранчы көрүндү. «О... Жакып, тарт чыргааны, тарт!» Жакып кайта-кайта «куу-куулап»
чыргаа сүйрөп жатты. Сары-Барчын кебелбеди. Качан гана жогору жагынан Суранчы
жакындаганда бирөө сүйөп-таягандай ордунан козголуп маңдайындагы жапыз кырга
далбактап барып конду. Суранчы дагы артынан ээрчий чаап, Жакыпты карап кыйкырды: «Оо,
Жакып, чыргаа тарт, чыргаа тарт!» Жакып дагы чыргаасын сүйрөтө чаап «куу-куулады». СарыБарчын карап да койгон жок. Жемге келбеген аттай болуп, жер карап олтуруп алды. Суранчы
дагы жакындап кирип келгенде Сары-Барчын мурдагысынан тыңыраак көтөрүлүп учуп, экинчи
кырга барып конду. «О, Жакып, чыргаа тарт, чыргаа тарт!» Атын кара терге түшүргөн Суранчы
бүркүттүн артынан калбай дагы эле кубалап жүрөт. Жакып бүркүт конгон тумшуктун учун
айланып «куу-куулап» дагы чыргаа тартты. Бүркүт карабай койду. Качан гана Суранчы чукул
кирип келгенде мурункусунан да тыңыраак, андан да бийигирээк көтөрүлүп учуп, үчүнчү кырга
барып конду.
Суранчы атынын тизгинин жыйып, ылдый карай жайлап бастырды. Жакып дагы чыргаа
тарта турган болуп, тиги бүркүт олтурган кырдын коктусун көздөй айлана чаап баратканда
Суранчы алыстан үн салып кол жайкады? «Токто-от, чыргааңды!»
Жакып токтоп калды. Суранчы бастырган бойдон Жакыптын жанына келди: «Күн ысып, эти
көөп калды. Эми учурсак алыстап кетет».
Өзүлөрү да, аттары да кара терге чөмүлгөн экөө ээрден көрпөчөлөрүн шыпырып алышып,
жерге жая салышты да, жамбаштап жатып, эс алууга киришти. Куюшкандарга кыска
байланыштырылган аттардын кош таноолорунан энтиккен сайын ак буу атылып күш-быш, күшбыш болуп жатты. Сом туяктары менен майда таштарды кычырата басып, көпкө чейин бир
орунга токтолбой, ооздуктарын кемире чайнап, тегеренип турушту. Аңгыча күн көтөрүлүп, улуу
шашке болду.
Сары-Барчындын жоругунан кийин катуу ыза болгон Суранчы, Жакыпка карап бир ооз да
сөз катыштырган жок. Жазылыгы кере карыш, таз баркыт менен этек-жеңинин учтарын тегерете
көбөлөткөн кара саксак ак тонун айкарасынан жамынып, козунун карынындай болтойгон
казысын сол колу менен сүйөгөн болуп, далысын Жакыпка салып, жатып алды. Жакып да күр
териден ышкын түп менен өңдөлүп жасалган сары тонун жамынып, жакасынын астынан эки
көзүн жылтыратып, култуюп жатат. Анын курсагы күлкүгө чымчып буума. Тарс этип жарыла
албай араң турат: «Кокус жазып калса, үч кыр ашырып араң кармаарсыңар» деген
Кудайбергендин сөзүн эстебейин десе да, эстеп туруп алды.
Бул учурда Суранчы кандай ойдо болуп жатты экен? Балким, Кудайбергендин эртең
мененки сөзү анын жүрөгүн да түрсүлдөтө тепкилеп жаткандыр. Жакып менен Суранчы КөкСайдын тар коктусунда жамбаштарына таш өтүп, кечки сыдырым жел жүргөнчө жатышты. Бир
кезде чукуранып, Суранчы баш көтөрдү:
— Жакып?
— Ов...
— Тур, чыргаа тарт.
Ушуну күтүп тургандай, Жакып ордунан ыргып турду. Узун танап жиптин бир учунан кармап,
чыргааны ары бир, бери бир сүйрөп, булактатып «куу-куулады». Кырда олтурган бүркүт
ордунан жай көтөрүлүп, калдактап келип, чыргааны басты.
Суранчы шашкеден бери уйку-соонун ортосунда кырынан жатканы менен бүркүткө көз
кырын чаптырып турган. Анын таранып-силкинип, мойну-башын койкоңдотуп, учуп кетчүдөй
канат күүлөп, ормоңдой баштаганын Суранчы байкаган. Кандай гана болбосун кечки
чабыттууда чыргаага түшөт, эгер түшпөөчү болсо пейили бузулганы ошол. Улам бийиктеп учуп,
кырдан кыр ашат да, асманды сагынган карт каапыр: «Кызыл сөөк кайдасың?! Кош бол, КочкорАта! Кош бол, Суранчы, Жакып» деп кете берет, Канча кылган менен Кудайбергендей болбосо
да, алынча мүнүшкөр эмеспи. Ошону билип күн көтөрүлгөндө Жакыптын чыргаасын токтотуп
койгон.
Суранчы аттанып баратып, мээлей менен балдакты Жакыпты көздөй ыргытты: «Ме, сен
кондур?»
Алар Көк-Сайдын коктусунан үйдү карай шыр жөнөштү. Суранчы алдында, Жакып артында,
жолду-жолдото дабыш чыгарбай жүрүп олтурушту. Мына, Кудайбергендин айылынын тушуна
да келип калышты. Баягы айылдын жабалактаган топ иттери булардын алдын тороп, дагы тосуп
чыгышты. Суранчы ат үстүнөн артына бурулуп: — Жакып, — деп бурк этти. Жакып жооп
кайтарганча, — алпарып бер тигиге, — деп кол шилтеп коюп, алды-артын карабастан үйүн бет
алып, катуулагандан катуулап кете берди.
Бул учурда Кудайберген тиги келаткан экөөнүн карааны алыстан көрүнгөндөн тартып,
үйүнүн тегерегинде ары-бери басып турган. Ал бүркүттү Суранчынын колунан эмес, Жакыптын
колунан көргөндө булардын бүгүн эмне болгонун билип койгон.
— Мм... Жайдары, бүркүтүңөрдү учурган жоксуңарбы? — деди Кудайберген Жакып жакын
келгенде.
— Учурдук, Куке!
— Алдырдыңарбы?
— Ээ... Куке, алдырмак түгүл, араң кармадык.
Андан кийин сөздүн аржагы жок болду. Жакыпты «кудай урду», баягы курсагын чытырайта
тээп, чыңалып турган күлкүнүн капкагы атылып кетсе болобу... Колунан бүркүттүн түшүп
кеткенине карабай, эки көзүнөн жаш чыкканча каткырып олтуруп, боору эзилип, өлүп кала
таштады. Болгон сөз:
«Баягы сиз айткан!.. Баягы сиз айткан...»
***
Кудайберген Сары-Барчындын ойдогудай тапка келгенин эртең менен томогосун
тарттырганда эле билген. Ал түгүл токтолгон бүркүттүн азаптуу түйшүгүнөн тажабай, көгөрүп
олтуруп, бала бүркүттөй ийкемге келтирген Суранчынын мүнүшкөрлүгүнө бир чети таң калып,
бир чети ичи жылып, кубанган. Суранчынын бир гана жаңылыштыгы качырганын серпе албай
калса, кексе арамдын көңүлү бузулуп, айныкейи кармап кетерин билген эмес. Ал ойлогон:
«Мурунку салып жүргөн бүркүттөрүмдөй жазып калган күндө да, чыргаага кайрылып келбей
койбойт» дел. Ал эми Кудайберген болсо мындай картаң бүркүттөрдүн неченин салган.
Андайлар качырганын алып калса аны менен алек болуп, кармаша берет. Жанына ким
келгенин билбей да калат. Качуу-бозуу деген анын оюна да келбейт. Анан мүнүшкөр алганын
ажыратып, бүркүтүн томоголоп албай, жаны жокпу? Кокус жазып калса, уя-бала болбогондон
кийин анын чыргаага келмеги азап. Бул жагын Суранчы Кудайбергенден кем билбейт. Ошон
үчүн ал аттарды байлаштырып коюп, кечки жем жээр чабытуусун күтүп олтурган да.
Сары-Барчындан кийин Суранчы колуна бүркүт кондурган жок. Ителги-кушун үзбөй салып
жүрдү. Ал өзүн бүркүт боюнча Кудайбергенден жеңилдим деп эсептеди. Кудайберген СарыБарчын колго тийген күндөн баштап ага көзүнө көрүнгөндөрдүн баарын алдырды.
Карышкырды түлкүдөй, түлкүнү коёндой эңчү болду.
КӨК ЖАЛ
Ортоктун тоосунун жонундагы жылкычылардын тынчы кетти. Кайдан ооп келгени белгисиз,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кара шумкар - 06
  • Parts
  • Кара шумкар - 01
    Total number of words is 4039
    Total number of unique words is 2081
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 02
    Total number of words is 4038
    Total number of unique words is 2083
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 03
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2127
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    49.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 04
    Total number of words is 3915
    Total number of unique words is 2227
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 05
    Total number of words is 3950
    Total number of unique words is 2070
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 06
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 2073
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 07
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1971
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 08
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2065
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 09
    Total number of words is 4041
    Total number of unique words is 2087
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 10
    Total number of words is 3972
    Total number of unique words is 2052
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 11
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 2089
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 12
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 2108
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 13
    Total number of words is 3941
    Total number of unique words is 2071
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 14
    Total number of words is 4070
    Total number of unique words is 2237
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 15
    Total number of words is 4157
    Total number of unique words is 2228
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 16
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 2128
    31.7 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 17
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 2139
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 18
    Total number of words is 4036
    Total number of unique words is 2374
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 19
    Total number of words is 4168
    Total number of unique words is 2153
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 20
    Total number of words is 4197
    Total number of unique words is 2021
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    45.1 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 21
    Total number of words is 4081
    Total number of unique words is 2171
    30.8 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 22
    Total number of words is 1524
    Total number of unique words is 1009
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.