Latin

Кара шумкар - 13

Total number of words is 3941
Total number of unique words is 2071
30.9 of words are in the 2000 most common words
43.4 of words are in the 5000 most common words
50.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
чыргаага үч жолу жакындап келип, үч жолу кайра атып чыгып кетти. Акыркысында өтө жакын
келди да, анан эки канатын далбактатып учуп, ошо бойдон кайрылган жок. Дөңдө олтургандар
бири-бирин жалдырап карашып, өзүлөрүнчө күбүрөштү: «Бул кишиги айла жок экен го».
Моют аттан түшүп, кайра өз ордуна олтуруп жатып:
— «Төө комдот» быйыл Текеске барып тууган тура. Уясынан эки балапан учуруп чыгыптыр.
Аларды Кеминдин «Көк-Ойрок» жайлоосуна ээрчитип бараткан экен. «Көк-Ойрокто» эликтер
көп болот. Ушул азыр да эликтин чаарчыктары чоңоюп калган мезгили. Эки балапанын
чаарчыкка машыктырып, тоютун кандырат. Ошентип жүрүп балапандары эчки, теке, аркар,
кулжа алганга үйрөнөт. «Төө комдот» менин үнүмдү тааныды. Кантип тааныбайт, ал мени
менен кырк жыл чогуу жүрсө. Анын канат сермеп учканын, сызганын мен кандай билсем, «Төө
комдот» да менин кыйкырык-сүрөөнүмдү ошондой билет. Жедеп кулагына жат болгон эмеспи.
Акыркы жолу мурункуларына караганда чыргаага жакындап, анан далбактан учуп кеткени —
мени менен коштошуп, «мээлей какты» кылып, кол булгаганы: «Кош бол Моют, мени келет деп
үмүт кылба» дегени.
Олтургандар: «Баракелде, Моют ава! Баракелде! Өнөрүңүз өнөр экен» дешип бака-шака
түшүп калышты.
** *
Арадан дагы эки жыл өттү. «Казак туугандар быйыл да бир чоң бүркүт кармашыптыр» деген
кабар Каркыра жайлоосундагы Моюттун айылына шак дей түштү. Жоон топ жолдош ээрчитип,
Моют казактардын айылына келди. Айылдан обочороок байлануу турган туткундагы бүркүттү
көрүп, «Төө комдот» экенин аттан түшпөй туруп тааныды. Моют тегеректеп, чогула калган
казактарга: «Казак агайындар, бул менин «Төө комдотум» экен, коё бергиле? Картайып бүткөн,
силерге убай бербейт» деди. Казактар Моютту кууланып жаткандай көрүштү. Калп эле менин
«Төө комдотум» деп алдап алат дешти окшойт.
— М... ау Моют аке! Сиздин «түйө комдот» экенин калай билемиз, — дешти.
— Ишенбесеңиздер алкым жүндөрүнүн арасын ачып көргүлө, жутканда жеми кысылбай,
кенен өткөндөй болсун деп бир талы сары, бир талы көк, бир талы кызыл жибекти чыйратыпэшип шакекче (каргы) кылып мойнуна тагып койгом, караңыздар, — деди Моют.
Казактар караса, дал ошондой болуп чыкты. Анан Моют «Төө комдотту» агыттырып
жиберди. «Төө комдот» «Рахмат Моют курдаш, сага» дегенчелик кылып, Моютту карап
шаңшып-шаңшып туруп, көктү карай учуп кете берди.
КУУ КУМПАЙ
Кеч күз. Куш салуучу мезгил кирип келди. Көл башындагы алдаяр элинин алгыр канаттууга
ышкыбоз, чала-моңол мүнүшкөр болуп калышкан жигиттери бирден куштарын кондурушуп,
бир күнү эртең менен Моюттукуна келишти. Алардын максаты атактуу мүнүшкөргө куштарын
сынатмакчы. Бул кезде Моют сексенден ашып, үйүнөн алыс аттана албай, чөгүп калган учуру
болчу. Жигиттер Моюттун үйүнүн босогосунан төрүнө чейин кыркаар тартып олтурушту. Моют
алардын куштарына бир сыйра көз жүгүрттү. Ар биринин куштарынын колдорунан эмне
келээрин өз-өзүнчө тактап айтып берди. Анан ошолордун аяк жагында олтурган тоголок мурун
мотуракай кара жигиттин кичирээк кызыл кушун тиктеп туруп: «Сеники куш аягы «жон жору»
экен. («Жон жору» чүйлүдөн чоңураак, куштан кичирээк болот). Бүгүн табында көрүнөт.
Төмөнкү-Саздын четиндеги ураган эски ноолунун кырында күйкөдөн чоңураак, ителгиден
кичирээк турумтай сыяктуу бир бозомук жүндүү канаттуу олтурат. Ошол жерге көптөн бери
байыр алып калды көрүнөт. Кушуңду алыстан көргөзбөй он капталына далдалап, чукул
барганда шилтесең алдагың эң эле учкул, өтө эле шамдагай көрүнөт, ал антип-минтип ордунан
көтөрүлгөнчө чыркыратып илип түшөр, ошону барып алдырып келчи» деди. Отурган жигиттер
ордунан козголуп, дүрбөй түштү эле, Моют аларды тыйып койду: «Силер дарбыбагыла,
баарыңар алдагы куштарыңарды калдактатып, абылган-жабылган боюнча барчу болсоңор, ал
алда кайдан силерди көрөт да, шектенип учуп кетет. Тиги баланын жалгыз барганы жакшы».
Жигит «жон жорусун» кондуруп, Моюттун көрсөткөн багытын карай аттанып кетти. Дабыраган
мүнүшкөрлөр куштарын кучактаган бойдон тынч алып отуруп калышты. Арадан чай кайнам
убакыт өттүбү, өткөн жокпу, жанагы «жон жорунун» ээси — мүнүшкөр жигит Моют айткан куу
ителгини алдырып жетип келди. Кушчу жигиттер тегеректеп калышты. Моют ителгиге жумшак
кайыштан боо тагып, керегенин ылдыйкы тор көздөрүнүн бирине илип байлады да, сыртка
чыгып, тоо текенин мүйүзүнөн жасалган кичирээк туур алып келип, ителгини ага кондура албай
алек болуп жатты. Колго биринчи түшкөн жапайы куш адамга моюн сунбай, улам талпынып,
туурга конмок мындай турсун, жулунгандын үстүнө жулунуп, үнүнүн жетишинче чаркырагандан
чаркырап, өжөрлөнө берди. Анан канаттарын катуу чапкылап, эки бутунун курч тырмактары
менен жер тытып кирди. Долу. Моют ага карабай тиги бурчта олтурган байбичесине кол жаңсай
унчукту: «Жагданда кызыл булгаарынын өөндөрү боло турган эле, карап көрчү байбиче?»
Байбичеси «лам» дебестен жүктүн астында жыйылуу турган эски жагданын ачып, жыты
буркураган кыпкызыл булгаарынын өөнүнүн бир келкисин алып Моюттун алдына таштады.
Моют тиги турумтайдай болгон куу ителгинин башына ченеп, томого оюп бычты.
— Кимиңердин колуңар жөндөмдүү, бул томогону тиге салгыла, — деп кушчу балдарды
кыдырата карады. Кушчу балдардын ичинен бирөө суурулуп чыкты.
— Мен тигейин.
— Ме, тиксең. Байбиче, бул балага чыйраткан тарамыш жибиңден бир эки учук берчи, ийне
шибегеси менен.
Байбичеси ошол замат аларды даяр кылды. Тикмечи жигит кичинекей томогону шапа-шуп
тигип, Моюттун колуна карматты. Чаркырап жаткан өлөрман азоонун башына томого катылды.
Томого эң эле эптүү бычылып, кооз тигилген экен. Ителгинин башына баш болуп, куюп
койгондой жарашты. Эки көзү туюкталып, караңгылай түшкөндө «эмне болуп калдым» деп
апкаарып калды көрүнөт, туткунга түшкөн байкуш, ары-бери мойнун кыйшалактатты да, анан
туурга кондурса тынч алып олтуруп калды. Моют кушчу жигиттерге акырында муну айтты:
«Бүгүндөн баштап санап жүргүлө да, жыйырма күн өтүп, жыйырма биринчи күн дегенде
келгиле. Мунун өнөрүн ошондо көрөсүңөр».
Болжошкон күнү баягы кушчу жигиттер келишти. Моют үйүндө болчу. Ителгиси капшыттагы
туурда анда-санда кагынып-силкинип, тумшугу менен канат-куйругун таранып, баягы жулунган
бейжай долу кыялдын бири жок, момоюп тынч олтурат. Башында томого. Моют мүнүшкөр
жигиттерди карап алып, мындай деди: «Балдар, жаман тамдын алдындагы чоң сазга көз
чаптыргылачы, андан өрдөк-каз үзүлчү эмес эле, бирин-серин жүргөнү бар бекен?»
— Ошол жактан келатабыз, — деди жигиттердин бирөө, — төрт кара каз жүрөт.
— Андай болсо, менин көзүмдүн кубаты алыскы караандарга жетпейт. Ителгини эшикке
алып чыгып, ошол сазды көздөй томогосун шыпырып агытып жибирейин, жакшылап
көзөмөлдөп тургула, карегиңер курч эмеспи?
Моют өзү айткандай, турумтайдай болгон кичинекей куу ителгисин үйдөн чыгаары менен
коё берди. Ителги жер менен жер болуп сызган бойдон барды да, каздардан берирээк четтеги
дөмбүл баштардын бирине жетип, күйкөдөн бетер сороюп олтуруп алды. Анысы аз келгенсип,
канат-куйругун шалдыратып кагынып-силкинип, анда-санда моюнун соксоңдотуп, эки жагын
каранып коёт. Дегеле, казды качырайын деген көңүлү жок. Адамдын кыжырын кайнатат.
Жигиттердин бирөө кыйкырып чаба турган болгондо Моют тыйып койду. «Жөн жайына
койгула, саз жакын, ушул жерден көрүп турасыңар». Жигиттер тынчып калышты. Аңгыча
ителгиге «жан» кирди көрүнөт, дөмбүл баштан секирип жерге түштү да, каздарды туурап
тайтаңдап басып жөнөдү. Адегенде чочулашып, үрпөңдөп уча турган болуп турган төрт каз
жайлана түшүштү көрүнөт, кайра баштан саздын балыр чөбүнүн арасын тыткылап оттоп
киришти. Ителги улам жакындап, бирде токтоп, бирде тайтаңдап басып бараткан. Ошол учурда
төрт каздын тобунан бирөө бөлүнүп, укуруктай мойнун жерге сала сунуп, каркылдап, ителгини
качырып сала берди. Ителги кайра артын карай качты. Аңгыча каз жете келди да, ителгини
чокумак болуп айбат кылды. Ал оюнда аны кулаалы же күйкөнүн бири десе керек. Ителги кайра
бурулуп, каз менен беттеше түштү. Каз ошол замат эки канаты менен жер чапкылап, тырпырап
жатып калды. Аларды көрүп турган ары жактагы үч каз биринин артынан бири жабалакташып
жетип келишти. Улам бирөө ителгини чокуйм ден бой тиреше калат да, ошол замат кылтакка
муунгандай тырпырап жыгылат. Акыры төртөө тең жаткан жеринен өйдө болушкан жок. Ителги
тайтактап басып келип дагы бир дөмбүл баштын үстүнө секирип конду да, канат-куйругун
таранып, улам-улам силкинип коюп олтуруп алды. Көрүп турган жигиттер чаап жөнөштү.
Алкымы кыйылган төрт каз менен ителгини Моюттун алдына алып келишти.
— Куу кумпай деген ушул болот, балдар, — деди Моют. Бул ителгинин уруусунан чанда
чыгат. Төрт каз эмес, кырк каз болсо да бирде качып, бирде куумуш болуп олтуруп баарын
кырмак. Мындан тоодактар да, куулар да, аңырлар да кутула алышпайт, учуп баратканын
жандап баратып, мойнун кыйып түшүрөт. Ал түгүл бүркүт да мындан коркот. Бүркүттү да учуп
баратканда мойнун кыйып өтөт. Бул бар жерди билсе, ал тегерекке бүркүт уя салбайт. Куу
кумпай ителгиден башка канаттууларды аябайт...
Моют кыраакылык кылып муну күн мурун байкаптыр. Анын саздын четиндеги жаман
ноолунун кырына конуп алып, бирин-экин каз-өрдөктөрдөн басып жеп, тоютун кандырып
жүргөнүн билип, колуна тийгизе албай жаткан тура. Картайганда алыска аттанып куш, бүркүт
сала албагандан кийин, үйдөн туруп Куу кумпайын агытып, тиги сазга келген өрдөк, каздарды
убараланбай четинен тердирип, канаттуунун даамдуу, таттуу этинен жеп турайын деген экен
көрсө, Моют карыя.
Акыры, көзү өткөнчө ошол Куу кумпайын колунан чыгарбай эрмектеп жүрүп дүйнөдөн
кайтты кайран киши.
КУТУНБЕТТИН КУУ ЧОКУ
Тоңдун Коңур-Өлөң, Ала-Башы тарабында Кутунбеттин «Куу чоку» деген бийик чоку бар.
Анын жогорку башынан этек-түзүнө чейинки аралыкта тилинген боордой кокту-колот, жылгажыбыттар сансыз. Капталдаган адам бир кырына чыкса, улам бир кыры бет маңдайынан
көрүнөт. Куу чокунун тегерегиндеги бир-бирине окшош узун-узун өндүрлөрдүн беттерин
эжигейдей эзилип, сары каймак тартып ыргалган бетеге-шыбактар, алтыгана, терискендер, ит
мурундар менен ак шилбилер, тебетейдей тегерек төө тапандар менен жел соксо суудагы
балырдай теңселген бир кылка көк чекенделер жыш каптап турат. Куу чокунун дал төбөсүнө
чыккан адамга төмөн карай созулуп жаткан коктулардын таманындагы томпойдой таштан бери
бадырайып, даана көрүнөт.
Кутунбет Коңур-Өлөң, Ала-Башта төрөлүп, өмүрү өткөнчө ошол жерде жашаган адам. Ал
бала күнүнөн бери канаттууга, айрыкча бүркүт таптаганга шыктуу болгон. Ата-бабасынан бери
карай жакырчылыктын алаканынан чыкпаган шордуулар эле. Кутунбеттин да минип чыгар аты,
үрүп чыгар ити болгон эмес.
Кутунбет бир жылы Тоңдун Ала-Баш жагындагы адам даап бара алгыс жалама асканын
бооруна уя салган зор бүркүттөрдү байкап калат. Бүркүттөр балапандарын учураарына
жакындап калганда Кутунбет бар тобокелге салып, бир чети эрдик, бир чети жандан кечкен
өжөрлүк менен кабат-кабат эшилген кыл арканды белине чырманып, зооканын кыл учунан
төмөн карай салаңдап тырмышып олтуруп, зындандагы бүркүт-уяга түшөт. Уяда канаткуйругунун чалгындары тегизделип, коюу тыбыт жүндөрү текши жетилип, асманды эңсеп
турган жалгыз балапан бар экен. Кутунбет өлдүм-талдым дегенде жанын оозуна тиштеп жатып,
балапанды зоокадан араң алып чыгат. Кокус аркан үзүлүп, ошол бийик зоокадан учуп кетсе
эмне болмок?! Анда сөөгү сөпөт, эти эпет болбойт беле. Кутунбеттин ышкысына баракелде!..
Ошол учурда балапандын эне-атасынын жоктугун кара?"Жакын арада айланып жүрүшкөн
болсо, Кутунбетти жарып салышпайт беле. Адатта бүркүттөр балапандарынын учаарына
чукулдап калганда алыска чабат эмеспи, Бул жолу да Кутунбет — кедейдин бактысына жараша
дал ошондой болуп калган көрүнөт.
Балапаны чоңоюп, зор бүркүт болду. Эртели-кеч Кутунбеттин колунан тамактанып, аны энеатасындай көрүп калды. Учканды үйрөнсүн деп, күндүз агытып, бош кое берчү болду Кутунбет.
Кечкисин болсо жок издетпей өзү келет. Үйдөн тоюту канат. Азырынча талаадан жем таап
жегенди биле элек.
Жай мезгили өтүп, күз келди. Кутунбет балапанын чыргаага көндүрүп, тапка келтире
баштады. Ою менен бербей, тамагын тартып, этин бастатты. Чыргааны барган сайын төш
таянып сүйрөтүп, бүркүттү улам бийиктен кое берип жүрдү. Чыргаачыл болду. Чыргаага алда
кайдан жазбай келет. Келген сайын чыргаанын үстүнөн жем берип, тоютун кандырып коёт.
Ошентип олтуруп, бүркүттү куу чокунун төбөсүнө чейин көтөрүп барып таштап, анан өзү ылдый
жагындагы этекке түшүп келип, чыргаасын тартканда, бүркүт ошончо алыстыктагы бийиктен
күркүрөгөн бойдон типтик сайылып түшүп, чыргааны басып жүрдү. А кийин эртең менен эрте
агытып койсо, айланып олтуруп куу чокунун төбөсүнө өзү барып конуп, бүткөн боюн таранып,
эки жагын сококтоп каранып олтуруп калчу болду. Ошол чокуга чыкмайын тамак бербесин
бүркүт да билсе керек. Бүркүтү кеткенден кийин үйүнөн жарма-журмасын ичип алып, шашпай
жайбаракат майпаңдап басып, Кутунбет тоону карай бет алып жөнөйт. Анан чокуда олтурган
буркутүнө алыстан көз чаптырат да, тоо этегин капталдай салып, туура карай чыргаа тартат.
Кутунбет бүркүтүнө ошол тоолордун боорунан башка жерден тамак таттырбайт. Кийинчерээк
түлкүгө тирилгенде да ошол майда капталдарда тирилеп, көндүрүп жүрдү.
Бүркүтү табына келип, түлкү ала баштады. Кутунбетте ат жок да, «итке минген томаяк»
дегендин бири ушул байкуш! Ал эми бүркүтчү деген аттын атын тандап минет эмеспи. Кутунбет
болсо жөө жүрүп салат. Бүркүтү Куу чокунун башына жеткенде, тоо этегиндеги каптал кырларга
барып, этек-жеңин каккылап, бир таш менен бир ташты шакылдатып койгулап олтуруп,
алтыгана, чекенделердин арасынан бүркүтүнө түлкү качырып турат. Куу чокунун
өндүрлөрүндөгү түлкүнүн жатагы Кутунбетке беш колдой белгилүү. Түлкү булт берип качаары
менен, алыскы бийиктен ылдый жакка көз жиберип олтурган бүркүт куушурулган бойдон
сызып келип, шыпырат да коет. Кутунбет колунан түлкүсүн ажыратып алары менен бүркүт
айланып учуп олтуруп, баягы туурундай көрүп калган куу чокусуна кайра барып конот. Ошентип
Кутунбет улам бир капталдан бир капталды ашып, түлкү качыра берет, тиги шымаланып даяр
турган кыраан бирин куткарбай ала берет.
Кутунбеттн жоро-жолдоштору тамашалап жүрүп, «жөө салар» атка кондуруп жиберишти.
Бүт көл айланасына «жөө салар» деген наам бат эле тарап кетти. Мейли, айтса айта беришсин,
эрөөнү жок. Ошенткен менен Кутунбетти бүркүтү байытты. Кырк-отуздай майда жандык күтүп,
чарбалуу болуп калды Кутунбет байкуш. Эгерим ат минбеген томаяк ат мнип, эл катарына
кошулуп кетти. Байыган сайын жолдош-жоросу, карым-катышы көбөйдү. Ал эми тиги бийик
чоку ушул күнгө чейин «Кутунбеттин куу чокусу» аталган бойдон калды.
Бир күнү короосунун түбүндөгү күнөскө чыгып, бүркүтүн жоон санынын жылаңач этине
кондуруп, сылап-сыйпап эркелетип олтурса, келишимдүү ат минген жаш жигит маңдайына
чукул келип, ат үстүнөн салам айтты. Кутунбет бүркүтүнө алагды болуп эки жагын байкабай
олтурган. Абайлап караса, көп жылдан бери катыша элек өзүнүн бир тууган жээни экен чоңкеминдик. Жээни салам айтарын айтып коюп, аттан түшпөй сороюп туруп алды.
— Түшпөйсүңбү, — деди Кутунбет.
— Жок түшпөйм, таяке.
— Эмне үчүн түшпөйсүң?! Айтчы, себебин?
— Себеби ушул, алдагы бүркүтүңүздүн боосун чечип, томогосун шыпырып агытып
жибериңиз, анан түшөм, болбосо аттан түшпөстөн, бура тарткан бойдон үйүмө кайтам.
— Ай, чунак жээн, сен билгенди мен деле билем, мунун кызыгына кызыгып жүрөм,
кызыгына кызыгып жүрөм,— деп сөзүн эки-үч жолу кайталап, шашкалактай түштү. Көрсө,
Кутунбектин бүркүтү «куу чегир» турбайбы, Жээни да ашкан мүнүшкөр тура түгөнгүр, көзүнө
чалдыгаары менен тааныптыр. Айла канча, бир тууган жээнин кыя албай, бүркүттү ошол замат
агытып жиберди Кутунбет.
Бүркүттүн «куу чегири» кара жолтой болот. Аны салган мүнүшкөр тукумсуз өтөт. Жанындагы
коңшу-колоңдоруна да кесири тиет. «Куу чегири» бар үйгө конбой-түшпөй, жакындабай жүрүш
керек» деген чындыкка сыйбаган ырым-жырымдар ошол доордо күч алып турган. Ал түгүл «куу
чегир» салган бүркүтчүнүн бүркүтүн өлтүрүп, үйүн өрттөп, өзүн уруп-согуп кордоп, башка жакка
кууп жиберген күндөр да болгон. Кутунбет байкуш бүркүтүнүн «куу чегир» экенин билсе да, элжуртка шек алдырбай, жашырып жүргөн тура.
***
Арадан үч жылга жакын убакыт тез эле өтүп кетет. Күндөрдүн биринде Кутунбет баш болгон
топ атчан көл башына жолоочулап баратса, Жети-Өгүздүн суусунун көлгө куя берген жээгинде
тутуусу эскирген жалгыз үй тигилип турат. Үй кара жолдон бир аз обочороок эле. Үйдүн ичинен
анда-санда гана шаңшыган бүркүттүн муңдуу үнү чыгат. Кутунбет ак тизгинин жыя тартып, тык
токтой калды да, шаңшыган бүркүттүн үнүн тыңшады. Анан жолдошторуна жете келип:
— Тетиги жалгыз үйдүн ичинде шаңшып жаткан менин «куу чегирим» экен, — деди.
— Койчу калпыңды? — жолдоштору дүрбөй калышты.
— Койбой эле, чын. — Мелдеше да кетишти.
Кутунбет айтты: «Ушул бойдон чогуу барып, тигил үйгө түшөлү. Үйгө киргенде силер
сүйлөбөгүлө, мен бакылдап үн чыгара баштайын, эгер бүркүттүн башында томогосу жок болсо,
кирип барганда эле мени көздөй жулунат. Эгер томогочон болсо, үйдүн ээси бардыр, боосун
чечип кой дейли. Мен силердин жогору жагынарга олтурайын. Менден ылдый карай
катарыңар менен силер олтургула. Анан бириңерден сала бириңерди аттап жүрүп олтуруп
балпаңдап баскан бойдон, үн чыгарып сүйлөп жаткан мага келип токтосо, токтомок түгүл,
секирип чыгып, жоон саныма келип консо — менин «куу чегерим» болсунбу?»
— Болсун, болсун! Андай болсо эле сенин «куу чегириң».
— Анда сага жыгылдык, уттуң!
— Ошондой болбой калса, атыңан ажырайсың!
— Ажырайын.
Топ жолоочу дабырата бастырган бойдон жалгыз үйдү тегеректей тартып, аттан ооп түшүп
калышты. Эшик ачып, чубап кирип келишсе, бүркүт томогочон капшыттагы туурда олтурган
экен. Бүркүттөн жогору — үйдүн оң капшытында орто жашап калган көк ала сакал карыя куш
жаздыкты чыканактап, кырынан жатыптыр. Буларды көргөндө: «Ии, келгиле, балдар, төргө
өткүлө» деп, ордунан баш көтөрүп, козголо берди. Жолоочулар саламдашып, үй ээси менен
бир сыйра кол алышкандан кийин карыянын жөн-жайын сурап, Кутунбет бакылдап сөзгө
кирди. Жолдоштору менен мелдешип калганын айтты. Ошол учурда бүркүт туурдан жерге
түшүп, төрдөгү олтурган элди бет алып, талпына баштады. «Андай болсо» деп үй ээси бүркүттүн
боосун бошотуп койду. Баятан бери талпынып жаткан бүркүт отургандардын улам биринен
өтүп олтуруп, Кутунбетке жетип токтоду. Токтомок түгүл, анын оң жаккы санына секирип конду.
Анан каңшаарлуу тумшугун Кутунбеттин көкүрөгүнө, ийиндерине кайра-кайра жана баштады.
Кутунбет: «Дидаарлашып, жүз көрүшкөнү жаткан тура» деп бүркүттүн томогосун шыпырып
алды. Анан бүркүт көпкө чейин ормоңдоп, Кутунбетти тиктеп турду.
Жолдоштору Кутунбеттин мүнүшкөрлүгүнө, бүркүтү жедеп эле аны менен ата-бала болуп
калганына бир чети таң калышты, бир чети ыраазы болушту.
Үйдүн ээси Кутунбетти тааныйт экен. Көрсө, ал киши алгыр канаттууларга тор жайган атактуу
саятчы тура. Мындан он чакты күн мурун торуна түшкөнүн, ошондо эле «бул бүркүт
Кутунбеттики болуп жүрбөсүн» деп шек алганын отургандарга айтып берди. Ал түгүл:
«Бүркүтүңдүн үнүн таанып келген экенсиң ээ» деп Кутунбетти жылмайып карап койду.
ТАКАНАК
Бул окуя Ысык-Көлдүн тескей Ала-Тоосунда мындан 80—90 жыл мурда өткөн экен. Ошол
жерде жашаган элден Жоробек аттуу бир жигит өзүнүн бөтөнчүлүгү менен көл бооруна
даңазасы тарап, атагы алыска кетет. Жоробек барып турган көзгө атар мерген, ашынган
мүнүшкөр, чебер капканчы, теңдеши жок баамчыл, акылман болот. Аны жайдыр-кыштыр кыркэлүү түтүн жардылар ээрчип, көчсө көчүп, консо конуп, тегеректеп жүрүшөт. Анткени, Жоробек
өз өнөрү менен тиги топорлорду тоюндуруп, багып жүргөн азаматтын азаматы экен.
Бир жылдарда Жоробектин айылы Тескей Ала-Тоосундагы «Алтын-Арашан» капчыгайын
кыштап калды. Чыкылдаган кышкы суук күчүнө алып, түкүргөн түкүрүк жерге муз болуп түшүп
турган кез. Кошуналарынын баары кечкисин Жоробектикине чогулушуп, жок-жардысын
билгизбей күлүп-каткырып, бака-шака түшүп, өткөн-кеткендер тууралу кеп салышып, көңүлдүү
олтурушат. Береке Жоробектин кара алачыгында. Казан додо кайнаган кайберендин эти. Асман
чайыттай ачык. Үркөр жамбашка келип, ай төбөдөн оогон. Бир кезде отургандар тамагын
ичишип, эшикке жабыла чыгышты. Эл менен Жоробек да чыкты. Жоробек «Алтын-Арашан»
капчыгайы тараптагы апай бетти бир карап алды да, көпкө чейин тиктеп калды. Анан таң
калгандай: «Оо, шумдук! Асмандан тилегенди жерден берет деген ушу. Текестин кызыл
калтары биздин жерге ооп келген экен го» деп койду. Жоробектин жанындагылар бирпастын
ортосунда дүрбөлөңдөшүп, анын жанына чогула калышты:
— Эмне деп жатасын, Жоке?
Биринен сала бири шашып, Жоробектин жанын койбой жабалакташты. Жоробек:
— Баары бир мен көрсөткөн менен силер көрө албайсыңар, Эртеңден баштап бул тарапка
ууга чыкпайбыз. Кызыл калтар жерибизге байырласын. Муну шашпай колго түшүрүш керек.
«Кимде ким кызыл калтарды кармап, мага терисин алып келсе, тулубун толтура дилде берем»
деген Текестин бегинин жардыгы бар. Ошого тартуулап барып, айыл боюнча туйтунабыз,—
деди.
— Муну кантип кармайбыз, Жоке?!
— Муну алса эле Жокемдин өзүнүн Ак куйругу алат.
Жоробек жабалактагандарга шашпай туруп, салмак менен жооп кайтарды:
— Жок. Муну менин Ак куйругум алалбайт. Ал карышкыр, каман, эчки, теке алганы менен,
калтардан сүрдөйт. Калтардын сүрү башка айбанаттарга караганда бөтөнчө болот. — Анда
кандай кылабыз?!
— Муну алгандай, мен билгенден, көл өрөөнү боюнча бир да кыраан бүркүт, бир да алгыр
тайган жок. Биз көргөн сонун тайган, бүркүттөрдүн баары купулума толбойт. Тайгандар тиш
сала турган болуп, жуп жакындаганда калтардын жылтылдаган бермет жүндөрү көзүн
чагылыштырып, уялтып жиберет, анан тайган адашат да калат.
— А бүркүтчү?
— А... Ал эми бүркүт болсо калтарды куушурулуп келип жуп шыпырып аларда, калтар кереп
туруп мант берип кетет. Күү менен келген бүркүт же ташка тийип өлөт, же жер кучактап олтуруп
калат.
— Жатагына капкан таштасак кантет?!
— Жок. Бизден да калтар акылдуу. Капканды алда кайдан билет. Баспайт. Чакытып кетет.
Ошентип аны айтып, муну айтып Жоробектн тегеректеген элдин айласы кетти. Бир кезде
Жоробек: «Муну бир тиштесе «Таканак» деген тайган тиштейт» деди.
— Таканак кайда?
Таканак кайда экенин ким билсин!! Аны эл-журтту кыдырын жүрүп табыш керек.
Мына ошентип ошол түнү таң атканча кызыл калтар, аны тиштей турган «Таканак» деген
тайган жөнүндө сөз болуп чыкты. Эртеси күнү эртең менен айылдагы адамдарды чогултуп,
Жоробек экинчи жолу акыл бөлүштүрүп олтурду.
— Кызыл калтарды, — деп сөз баштады Жоробек, — тагдыр бизге буюрган. Муну быякка
ажал айдап келген. Биз сөзсүз кармайбыз. Аны үчүн үчөө-төртөөңөр мени ээрчигиле. Эл-журтту
арытып, Таканакты изденбиз. Мында калганыңар түн уйкуну, күн тынымды коюп, биз келгенче
ит-куш, мал-салды «Алтын-Арашан» тарапка бет алдырбай, кезектешип карап тургула.
Алар бир жума бою көл айланасын түтүнмө-түтүн кыдырып чыгышты. Издегендери —
Таканак. Акыры айласы кетип жадаганда, Кочкор багытын карай бурулушту. Топурак-Белди
ашып, Орто-Токой тарапка бет алышты. Токойго кире бериш жердеги калын чийдин арасынан
тайган чалыш жылаңач ак төш сары ит жок издегендерге жолукту. Ит тиги дабыратып жарыша
чаап келаткан топ кишилерден чочулап, куйругун кыпчып алып, анда-санда артын карап «каңк»
деп үрүп-каңшылаган болуп, токойдун калың жерин көздөй созолонду. Жоробек: «Болдуболбоду Таканак ушул» деди. Алар ошол алдынан качкан ак төш сары итти зымырата кууп
келатышты. Ит качкандан качты. Закымдагандан закымдады. Акыры жүрүп отуруп токойдун
арасындагы түтүнү көккө оргуштаган жалгыз кара алачыкка барып бир тийди. Анан аркасын
үйдүн кырчоосуна жөлөп сороюп олтуруп алып, тиги артынан жете келген куугунчуларга айбат
кылып, арсылдап үрүп турду. Үстүндө үйрүп салар кийимдери жок куур курмушуга оронгон
чөбүрөгөн үч-төрт бала биринин артынан бири чубап, ошол кара алачыктан эшикке чыгышты.
Ал-аңгыча үйдүн оң тушундагы камыш аралашкан чычырканактуу түнт токойдун жээгиндеги
жекендерди шуудуратып, бети-башын карала-торала кылып көө баскан тегерек кара сакалы
бар, орто бойлуу киши чыга келди. Белиндеги көтөрмө куруна кыстарып койгон узун саптуу
чоту, түлөгөн атандын чуудасындай жүнү самсаалаган мата чапаны, бутундагы тамандалган
кийиз чокою менен башындагы баса кийген тери малакайы бул адамдын кесиби көмүрчү
экенин даана эле айгинелеп турат.
Ат тизгинин жыйып, эшик алдында тура калган Жоробектер тиги карыяга ызаат кылып,
салам айтышты. Баятан бери үнүн баспай каңкылдап үрүп жаткан ак төш сары ит карыянын
«чык» деген үнүн уккандан кийин, мындан аркысын өзүң көздөп ал дегенсип жаагын басып,
акыркы жолу «күңк» этип койду да, тумшугун колтугуна катып, үйдүн оң капшытына
тоголоктонуп жатып калды. Карыя тиги жигиттер менен учурашкандан кийин ачуусу келгендей
бир аз сурданды:
— Балдар?! Кебетеңерге караганда токтолуп калган азаматтардан көрүнөсүңөр. Орду жок
көпкөн жигиттерге окшоп ит кууп жүргөнүңөргө жол болсун?
Жоробек жолдоштору менен ала-сала уяла түштү. Анан кечирим сурап, жумшак жооп
кайтарды:
— Аксакал, кечирип коюңуз. Ээси жок жолбун ит го деп кубаладык. Бул ит сиздин ит экенин
үйгө келгенде билдик. Жолбун болсо ит кылып алсакпы деп ойлодук эле. Эми аксакал мынча
болду ушул итиңизди бизге бериңиз.
— Эмне үчүн?.. Бул иттин силерге эмне кереги бар?
— Керек аксакал! Колкосун беребиз. Сизди кур таштабайбыз.
Карыя таң калгандай бул жигиттерди көпкө тиктеп калды. Тиги үйдүн кырчоосуна
жөлөнүшкөн кайсынысы улуу, кайсынысы кичүү экени билинбеген, бакыракай көздүү,
чодурайган балдары да бул жигиттерден чочулагансып, бирде атасын, бирде тигилерди тиктеп,
үн чыгарышпай бири-бирине жөлөнүшуп турушту. Карыя ары-бери күйшөлгөн болуп, анан
тамагын жасап сөзгө келди.
— Алгыла! «Итти сураганда бербеген жаманатты болот» деген кеп бар. Эки жагыбыз тең
сөзгө калбайлы. Мен ушул токойдон көмүр өчүрүп сатып оокат кылам. Өткөн жылы мынабу
балдардын энеси каза болгон. Ушул үрүп чыккан сары итимен бөлөк бир жандыгым жок. Эптеп
жетимдерди тал, чычырканактын көмүрүнүн аркасы менен багып турам. Иттин колкосуна эмне
берип, эмне койсоңор, өзүңөр билгиле, мырзалар?
Карыянын колдору дилдиреп, бүткөн бою калтырап, жаман чапанынын этек-жеңи
делбектей түштү. Ал аялынан ажырап, тиги кызыл чиедей жаш балдары жетим калганына,
өзүнүн итке минер томаяк экендигине, эптеп эле өлбөстүн күнүн көрүп турганына ичиркенип
кетти белем. Анан дагы Жоробектерден айбыккандай, итин карап туруп, каргылданып сүйлөдү:
— Түнкүсүн үрүп, күндүз үйгө жолобой курт-кумурска терип, жойлоп кетет. Кайда болсо
жалгыз үй кишиге кара-жоро болот экен. Эми силерге окшогон азаматтар анчалык кадырлап
сурап келгенден кийин ит курусун!
Жоробек карыянын шар кеткен ачык-айрым сөзүнө кубанып, азырынча итиңиздин колкосу
ушу болсун деп жанындагы жолдошторунун атынын бирин көмүрчүгө алып берди. Атынан
ажыраган жолдошун учкаштырышып, тиги ак төш сары итти мойнунан байлап алып
Жоробектер жолго түштү. Көмүрчү карыя аттын жалынан кармаган боюнча, азыр эле көз
алдынан өткөн окуянын түш экенин же өңү экенин ажырата албай, алардын артынан карааны
үзүлгөнчө тиктеп калды.
Жоробектер күндөп-түндөп жол жүрүп, көл башындагы айылына жете келишти. Келээр
менен айыл-апасы бүт чогулуп, тигил жылаңач ак төш сары итти тегеректеп калышты. Бул кабар
көл айланасына тез эле тарады. Кулагы угуп, көзү көргөндөр, аттуу-жөөлүү болуп
Жоробектердин айылына келе баштады: «Тескей Ала-Тоосуна Текестин кызыл калтары ооп
келиптир дейт, муну тиштей турган тайганды Жоробек тааптыр дейт. Аны палан күнү калтарга
агытат экен дейт» деген сөздөр узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына кетти.
— Кана Жоке, Таканакты качан агытабыз?
— Эртеңби, бүгүнбү?
— Калтарды качан тиштетебиз? — ушундай сөздөр Жоробектин кулагынын кужурун алды.
Тынчын кетирди.
Бир күнү дүрбөгөн элге Жоробек: «Мен Таканакты кишиге көргөзбөй бир ай байлап,
таптаймын. Антпесе Таканак кызыл калтарга жетпейт. Аны тиштей албайт. Бир айдын ичинде үч
жолу кар жаайт, үч жолу асман ачылат. Кызыл калтар ошол үч жолку карга тең оонап
жүндөрүнүн учундагы өңүн кулпунткан ак бермет, кызыл бермет, кара бермет деген үч
берметин жетилтет. Анан ошондон кийин тиштетем» деп, күн сайын ат тезегин кургатпай
тынымсыз келип жаткан элдин демин басты. Топтошкон көпчүлүк үн-үйлөрүнө тарап, өзүнүн
үркөрдөй болгон кошуналары менен Жоробек айылында калды. Эл арасында эки кишинин
башы кошулган жерде: Жоробек, Таканак, кызыл калтардын кеби.
— Таканак табына келди. Эртең жок, бүрсүгүнү таңга маал кызыл калтарга аттанабыз, — деп
Жоробек айлындагы азаматтарына кабар кылды. Жоробектин жолдоштору суутулган
аттарынын куйруктарын чарт түйүп, айткан күнү таң атпай келишти. Жоробек баш болгон топ
атчан Таканакты жалаңдатып ээрчитип, Алтын-Арашан өрөөнүндөгү бөксөгө чыгышты. Артуудан
артуу, белден белди арытып, көп жол жүрүштү. Күндүн нуру тоо-тоонун чокуларын аймалап
калган кезде акыркы бир белестин кайкысына Жоробек мурун чаап чыгып, ат тизгинин жыйды.
Эртең мененки суукка карабай, катуу жүргөндүктөн Жоробектин алдындагы атынын үстү ак
бубактанып тер басып, үстөкө-босток булоолонуп жатты. Эки таноодон чыккан ысык буу кош
ооздун түтүнүндөй бурт-бурт атылып, улам бир орунда тыным алалбай, ары бери тыбырчылап,
курч туяктары менен кайкыдагы каткан карды кычырата басып, жер чапчып, секирип турду.
Аңгыча артынан жолдоштору жете келди. Жоробек ат үстүндө туруп, оң колун чекесине
кабактантып, аркы өйүздөгү караган-черди тиктеди да: «Калтар жатагында жаткан экен» деп
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кара шумкар - 14
  • Parts
  • Кара шумкар - 01
    Total number of words is 4039
    Total number of unique words is 2081
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 02
    Total number of words is 4038
    Total number of unique words is 2083
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 03
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2127
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    49.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 04
    Total number of words is 3915
    Total number of unique words is 2227
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 05
    Total number of words is 3950
    Total number of unique words is 2070
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 06
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 2073
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 07
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1971
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 08
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2065
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 09
    Total number of words is 4041
    Total number of unique words is 2087
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 10
    Total number of words is 3972
    Total number of unique words is 2052
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 11
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 2089
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 12
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 2108
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 13
    Total number of words is 3941
    Total number of unique words is 2071
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 14
    Total number of words is 4070
    Total number of unique words is 2237
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 15
    Total number of words is 4157
    Total number of unique words is 2228
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 16
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 2128
    31.7 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 17
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 2139
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 18
    Total number of words is 4036
    Total number of unique words is 2374
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 19
    Total number of words is 4168
    Total number of unique words is 2153
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 20
    Total number of words is 4197
    Total number of unique words is 2021
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    45.1 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 21
    Total number of words is 4081
    Total number of unique words is 2171
    30.8 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 22
    Total number of words is 1524
    Total number of unique words is 1009
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.