Latin

Кара шумкар - 06

Total number of words is 4065
Total number of unique words is 2073
30.2 of words are in the 2000 most common words
42.0 of words are in the 5000 most common words
48.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
бир көк жал дөбөт карышкыр күн алыстап бирден жабагы, болбосо колтойгон эле кунан
чыкмадан жеп отурчу болду. Кыштын кычыраган чилдесинде күн баткандан таң атканча көз
ирмебей жылкыны имерип туруш деген оңойбу. Узун түндүн аязы канчалык жылуу кийинсең да
эки беттин отун, мурундун учун жалап-жуктап турат го чиркин. Күндүн кыры чыгыштан көрүнүп,
тоо-тоонун чокуларын жалап-жуктап келатканда оту күйүп жаткан жолбун үйүнө калдырапшалдырап кирип келген жылкычыны үйдө калган жолдоштору аласала көргөндө тааныбай да
калышат эмеспи. Кайдан тааныйт, кийим кечеси, бүткөн бою, өңү-башы көрүнбөй аккүп
балапандардай сакал-мурут, кирпик кашына чейин бубактап муз болуп турса. Анын үстүнө буту,
колу какшап отко жылыганча оозу-мурду камтууга келбей сүйлөй албай жатса. Ортоктун
жонунда кыш чилденин каардуу аязы ушундай болот. Түнкүсүн бетегелүү жыбыттарга имерип
таштап, күндүзүндө барып түгөлдөп туралы дегенге ит-куш жанды коюп жатабы. Карышкыр күч
эмеспи.
Жылкычылардын айласы кетти. Тайдын жаш эти менен жылуу канга ыксыраган көк жал
карышкырды таңга маал көрүнө калганда укуруктарын таптап, күлүк айгырлардын күчүнө
салып айкырып-кыйкырып артынан сая түшүп кууп да көрүштү жылкычылар. Болбоду. Улам
артын карап коюп куугунчуларга өлчөп чуркайт. Алар жакындаса катуулайт, алыстап калса
акырындайт. Анысы аз келгенсип арылап качып кетпестен итче чочоюп жылкычыларды
шылдың кылган немедей артын карап туруп калат. Күндүз кайда барып бекинээри белгисиз,
түнкүсүн даяр. Мынтык атсан тоотуп да койбойт. Кечкисин чогулган жылкынын туш тарабына
тезек түтөтүп от чыгарып да жүрүштү. Буга да болбоду. Айласы кетишкенде арык-торук кулун
тайларын жакага жеткиришип, залкар бээлерин гана алып калышты жылкычылар. Арадан үчтөрт күн өткөндөн кийин Көк жал бээлердин да четинен жарып кирди.
Күндөрдүн биринде тоо катмарларында бүркүт салып жүргөн Кудайберген жондогу
жылкычылардын жолбун үйүнө туш келип калды. Үйдө олтуруп жайланышкандан кийин кызуу
сөздөр башталды. Сөз жалгыз Көк жал карышкыр жөнүндө болду. Жылкычылардын айласы
кетип жатканын толук түшүнгөндөн кийин Кудайберген сөз баштады:
— Ал карышкыр силердин ыгыңарды алган экен. Тоюту канган жерден карт бөрүлөр
кетпейт. Түнкүсүн жылкыга чабаарда кай жерден, кайсы колот, кайсы жыбыттан, же кандай
борчуктун түбү менен жашырынып келип качыраарын билет, анан кол салат. Кол салганда да
дардайып качырып келип кол салбайт. Коктуча-жыбытчалардан эки кулагын жапырып боору
менен жылып, жылаанча сойлоп келип кол салат. Төрт таманы менен жер тырмактап олтуруп
качан гана мерчемдүү жерине жеткенде, ошондо да жылкылардын ичинен жуушап жатканы
барбы же жылкыдан обочо четтеп оттоп турганы болобу, ириде ошону басат. А дегенде
чабуусун жарып, анан бычак менен мууздагандай кокосун жулуп алат. Бул учурда жылкылар
кошкурук атышып үрккөн бойдон алда кайда кетет. Аттын үстүндө ээрдин кашына бооруна
жөлөп уйку-соонун ортосунда үргүлөп турган жылкычынын ээ-жаа бербей жылкы шатырап
үрккөндө эки көзү умачтай ачылып, өзүн тебелеп кетчүдөй атырылган жылкылардын алдын
токтото албан «ак-ак», «так-так» деп жүргөндө тиги «баатыр» жарган бээсинин этине тоюп алып
эчак жолуна түшкөнүн көрөсүң. Ошол түнү жылкычы сайда саны, кумда изи жок капкайда
бириндеп кеткен жылкыларын чогултуп караңгыда түгөлдөмөк кайда. Эртеси тиги карышкыр
жарган бээсин улуу шашкеде анын тарпына түшүп жаткан жору-кузгундарды көрүп, ошондо
оозун ачып калат эмеспи.
Карышкыр кол салаарда ириде жылкыны имерип турган адамды байкайт. Ал ат үстүндөбү
же атып тушап коюп коңурукту кош тартып жылкынын четинде дардайып уктап жатабы, ошону
көрүп калса аны шылдың кылгандай үстүнөн аттап секирген бойдон тайманбастан барып
жылкыга тиет. Бул учурда тушоолуу аты тушоосу менен үркүп жылкылар менен кошо кетет. Ага
да жан керек да. А жылкычы болсо уйкулуу көзүн ача албай, бир чака муздак сууну башынан
ылдый жаба куюп жибергендей апкаарып «а-а-аалап» энтиккен бойдон ордунан мүдүрүлүп
жыгылып, ар кай жерде жаза басып темтеңдеп-тамтаңдап турганда жылкы алда кайда
кетпейби. Кашабаң ашпай-шашпай бирди жарып жеп, жылуу канга малган тумшугу менен эки
ууртун жаланып-жуктанып куйругун сыртына салган бойдон адам жетпей турган төрдүн башына
барып, бекинчү жерине бекинет да калат.
Кудайбергендин сөзүн угуп олтурган жылкычылардын кай бирлери тигиндей окуяны өз
баштарынан да өткөрүшкөн эмеспи. Алар баягы менин окуямды тапты дегенчелик кылышып
оозунан жел чыгарбай тымпыйып отурушту.
— Эми муну кантебиз, Куке? Айла кетти. Биздин колдон келчүдөн эмес — деди
жылкычынын бирөө. — Түндө эле бир бээни жардырып жибердик.
— Ал бүгүн бери болгондо Бузулган суунун башына барып жатты. Бээнин ич этин бүт
жегендир.
— Жептир, жегенде да казы-картасын бүт жептир. Шылып алгандай, кабыргалары соройгон
бойдон турат.
— Дөбөт карышкыр бир катуу тоюп алса он күнгө чейин тамак оюна келбейт. Ушул бүгүн
уктап жаткан жеринен таап үстүнөн чыкчу болсоң кулагынан тартсаң да ойгонбойт. Айрыкча
жылкынын казы-картасына жык тойгон неме өлүп калган немедей төрт бутун төрт жакка керип,
курсагын күнгө кактап дардайып уктап жаткандыр. Атаганат, ошерге бүгүн мергенчилер жетсе
мынтыгынын учун чекесине такап туруп атып алар эле.
Кудайберген жылкычыларга акыл кеңешин айтты:
— Силер карышкыр күч болуп турганда түнкүсүн жылкыны жалгыз кайтарбагыла. Эки-үчтөн
болбосоңор алдырганыңар алдырган. Мен үйгө барып бүркүттү дагы чыңап курчутуп турайын.
Жылкыңарга сак болгула. Тиги Көк жал көпкө чейин келбейт. Кокус Көк жалдын шеги билинип
жылкылар доңшуп калса, ошол күнү бириңер чаап жеткиле.
***
Кудайберген Сары-Барчынды жума бою ууга алып чыккан жок. Сары-Барчын көгөргөн көк
асманды эңсеп, эртели кеч чабытуусу келгенде тууруна токтобой кайта-кайта шаңшып талпына
берди. Мүнүшкөр анын эригип турганына карабады. Көптөн бери тынч бир орунда байланып
жатып эттене түшкөнүн байкады. Күн алыстап ак жем берип турду. («Ак жем» деп жылкынын
жаш этин сууга эки-үч жолу чайкап туруп даамын кетирип бергенди айтат). Томогосун тартканда
көзүнө көрүнгөнгө ыкыс берип, делбетап болуп күүлөнө берчү болду. Болоттун мизиндей илеп
тартып курчуп турганын Кудайберген байкады. Дамамат Сары-Барчынды чоңго көрсөтөрдө
ушундай абалга келтирип коёр эле Кудайберген. Бүркүтүнүн чоң аларына көзү жетип, этине
келип калганын билгенде ээк астынан качкан түлкүгө да томогосун тартчу эмес. Мына бүгүн
Сары-Барчын ошол калыбына келди. Бүркүтүнө ишенген Кудайберген алдынан карышкыр эмес
жолборс чыкса да шилтей турган.
Эртең менен эрте жылкычылардын бирөө Кудайбергендикине чаап келип, баягы Көк жал
эки күндөн бери мал-жандын тынчын алып жаткандыгын кабарлап кетти. Кудайберген угаары
менен жондогу жылкычыларга Сары-Барчынын кондуруп жетип барды. Жылкычылар көптөн
бери түн баласында ат үстүнөн түшүшпөй, кирпик ирмеп көз жумбастан таң атырышып, Көк
жалга бир баш да жылкы алдырбай сак-сактап турганын айтышты. Кудайберген:
— Ал бүгүн түнү да келет. Тоюту канбагандан кийин алыстаган жок. Ушул тегеректеги
борчук таштардын биринде бекинип жатат. Таң атканча алдырбай сак болгула. Аттарыңарды
тандап айгырлардан кармап мингиле. Колдоруңарда бирден союл же укурук болсун. Таң сүрүп
жерге жарык киргенде жылкыны өз жайына таштагыла да туш-тушка барып жашынгыла. Силер
узагандан кийин жылкыга кол салат ага да карабагыла. Ошондон кийин бирөөңөр мага чаап
жеткиле.
Кудайберген айткандай жылкычылар таң атканча көз ирмебеди. Көк жал карышкыр улам
бир капталдан качырып жатты. Алдырышкан жок. Төрт жылкычы төрт жагынан имерип, улам
жылкы кошкурган жакка чаап жетип, укурук таптап турса кантип кол салат. Көк жалдын айласы
кетип, амалы түгөндү. Таң аппак атканда жылкынын жанынан жылкычылар обочолонуп
жайыла-жайыла бастырып кетишти. Дал ушуну гана күтүп турган Көк жал борчук арасындагы
бугуп жаткан коңулдан козголуп, жылкыдан четтеп оттоп турган сур бээни чабуудан тартып тарс
көтөрүп чапты. Сур бээ чыңырганда жылкынын бири да калган жок. Бээнин ичи эшилип ичеги
карды жерге түштү. Жан курусун, өйдө көтөрүлөйүн дегенде тиги көк жал баш көтөртпөй шак
алкымдан аткый тиштеп кокосун жулуп алды. Бул Көк жалдын көнүмүш ыкмасы эле.
Мууздоодон шаркырап кан кеткенден кийин сур бээнин козголоорго чамасы калган жок. Аяк
серперге алы келбей жан берди. Көк жал сур бээнин көөдөнүнө тумшугун житирип, жүрөктү
колко-солкосу менен сууруп алды да, анан бээнин үстүндө төрт тамандап туруп-туруп, жылуу
кан-саны менен казы-карта ич эттерин үстөккө-босток акылдатып, көптөн бери ачыгып калган
түгөнгүр шаша-буша чоң-чоң аткып сугунуп, келки-келкиси менен чайнабай жутуп жатты. Бул
учурда жылкы үрккөн бойдон жолбун үйдү тепсеп кете жаздап бир орунда токтой алышпай
улам-улам кошкуруп-бышкырып, артын тиктешип элеңдеп турушту. Кантишмек анан
жарыктыктар бүгүн да бирөөнөн ажыраганын билишти да.
Жылкычылардын бири адыраңдата чаап келип Кудайбергенге бир тийди. Ошол учурда
Кудайберген да үрккөн жылкылардан шек алып, бүркүтүн кондуруп желе жорто бастырып
утурлап калган. Кыр-кырларга далдаланып жашынып турган жылкычылар Кудайберген
келгенче тиги көк жалдан көзүн айрыбай орду-ордунда таштай катып турушту. Кудайберген
баш көтөрбөй бээнин этин үзүп жулкуп жаткан карышкырды өйдөкү кырга чыкканда көрдү.
Карышкыр ойдо, Кудайберген жондо болуп калды. Бул сары барчын үчүн оңдой берди болду.
Бүркүттүн томогосун да тарткан жок. Качан гана карышкыр этке тоюп, оозу-башын жаланып
чыга бергенде Кудайберген жылкычыларга үн салып кол шилтеди. Жылкычылар айгырлардын
күчүнө салып жердин тоңголок аң-дөңүнө карабай кыйкырык сүрөөнгө алган бойдон
карышкырды кууп жөнөштү. Кудайберген карышкыр коктудан өйдөлөп, капталга жабыша
бергенде Сары-Барчындын томогосун тартты. Бүркүттүн көзү кандай гана өткүр, кандай гана
курч аа. Томогосун шыпырар менен Сары-Барчын колдон атып кетти.
Карышкыр узагандан узап, жылкычылардын илик салынбаган улоотап айгырлары
бардыгып, алда кайда алыс калды. Карышкыр улам жогорулап өйүзгү кырды ашып кете турган
болду. Сары-Барчын жер менен жер болуп, капталдын бооруна көкүрөгү тиер тийбес-тиер
тийбестей сүрдүү жоонун чукул кирип келгенин байкаган да жок. Ал жылкычылардан
алыстаганына кубанып жонго жакындай бергенде бүркүттүн бороондой күркүрөгөн добушун
ошондо араң туйду.
Карышкыр кайрылып мойнун бурганча бүркүттүн ачуу тырмактары аны таңынан серпкен
бойдон өйдө көтөрүп, түндүк бою бийик алып чыгып кайра жерге таштап жиберди. СарыБарчын мурунку карышкырды түлкүлөрдөй эле шыпырып алып жүрчү. Мунун чоңдугун, көк
жалдыгын чукул барганда байкап, анан анын каруусун кетирип туруп жайлагысы келди окшойт,
сур бээнии казы-картасына ынтыга тойгон арам таштуу жерге зор денеси менен тийгенде челек
чапкандай былч дей түштү. Сары-Барчын асманга атып чыгып кетти. Ошонун ортосунда тиги Көк
жал даңгыл жерге жыгылган балбандай сендиректей түшүп, анан тура калды да кыйралактаган
бойдон өйдөлөй албай каптал ылдый салды. Сары-Барчын жогорку бийиктен типтик ылдый
карай эки канатын куушура бүктөп, балтырларын салаңдата сунуп жиберип арбайган
алакандарын ачып, аткурдай тырмактарын оркойтуп келип карышкырды мурунку жолу серпкен
жеринен адашпай аткый кармады да, дагы түндүк бою көтөрө түшүп жерге таштады. Карышкыр
ордунан очорулуп далайга чейин козголо албай жатты. Сары-Барчын акыркысында асмандап
бийик көтөрүлбөй, үзүктөй эки чоң канатын эки жакка жазып шашпай имерилип келип, тиги
ордунан козголо албай тамтаңдап калган карышкырды он колу менен баштан, сол колу менен
таңдан мыкчый кармап белин түпкүчтөй ийип турганда, карышкырдын төрт буту төрт жакка
тыбырап, жан талашып жер чапчый берди. Карышкырдын оозун кабыштыра кармаган оң
колунун жем басары көк жалдын сол көзүнүн түбүнө чейин кирип кеткен экен, көз тостоё
чанагынан чыга түшүптүр. Карышкыр менен Сары-Барчын булгалакташып жатканда
Кудайберген менен жылкычылар аттарын койгулакка алып күшүлдөп-бышылдап жетип
келишти.
Карышкырдын жүрөгүнө бычак уруп сулк таштап коюп, Кудайберген кайта-кайта энтигип
жаткан Сары-Барчынын колуна алды. Сары-Барчын эки канатын жая албай көпкө чейин
акактап, эки өпкөсүн уруп жатып анан барып жазылган канаттарын жыйып алды. Сыягы
күйүккөн жүрөктүн түрсүлдөп урганы жайлагандан соң калыбына келип, эс-учун жыйды
окшойт. Кудайберген бүркүтүн эркелеткендей канат-куйрук, мойну-башын сылап, аягынан
башына чейин бир сыйра карап чыкты. Эки канаттын чалгындары бүт аман, кашка куйруктун
бир талы гана сыныптыр. Буту-колдун тырмактарына чейин кадимкидей экен. Мүнүшкөрлөр
алганынан да кыраанынын аман калганына кубанат эмеспи. Кудайберген менен жылкычылар
Сары-Барчындын эрдигина кубанышты.
Жылкычылар суналып жаткан карышкырдын өлүгүн аяк-башына чыгып кайта-кайта тиктеп
жатышты. Карышкырдын чоңдугу кунан оопастан чоң десе чоң, андан кем калбайт. Мойну
буканыкындай жоон. Желкеден тартып эки далынын кошконуна чейин камандыкындай көк
буурул жалы бар. Жаагынын азуулары буураныкындай оркоёт. Аны менен далайды жарган да.
Тай-кунандар мындай турсун чалкайган бээлерди козудай көрбөй, кармаган жеринен кан
чыгарып, тиш салаары менен көтөрүп чаап жатканы ошол болоттой курч жоон азуулар эмей
эмне дейсиң?!
Көк жалдын өлүгүн көргөндө жылкычылардын айгырлары алда кайдан жер чапчып
кошкурушат. Араңдан зорго үч-төрт жылкычы ордунан козголтушуп, бир жоошураак чоң
айгырдын ээрине арта салып өңөртүштү. Жылкычылардын жолбун үйүнө жеткенче Көк жалдын
башы менен арткы эки буту жер чийип сүйрөлүп олтурду.
Ушуну коркпой барып алган бүркүттүн эрдиги менен күчүнө кандай деп баа берсе болот?
КҮРӨҢ КАЛТАР
Каракол жайлоосуна бараткан жолдун оң тарабындагы алты-жети теше келе турган
түндүктү калың ак чий баскан. Чийдин арасы чычкан жөргөлөгүс түнт да, бийик да. Ошол чийди
аягынан башына чейин тепетең жарып кашкайган кан жол өтөт. Жолдун аяк-башы түгөнбөйт.
Өрөөндүн күпүлдөп аккан чоң суусун ары бир кечип, бери бир кечип олтуруп, Суусамырдын
белин ашат, Кара-Балта, Ак-Сууну аралап андан ары Таласка өтүп кетет. Ал ошон үчүн кан жол
аталган. Эл жайлоодон ылдый тарткан кеч күздө ошол калың чий карабашыл тартып тегиз
бышып эртели кеч сыдырым соккон жумшак желге ары бери ыргалып деңиздин бетиндей
чайпалып турганын көрөсүң. Чийдин коюу жеринен ботолуу төө ботосу менен аралап кетсе
ботосу көрүнбөйт. Анда-санда гана кыбыраган чийдин башынан малакай кийген кишинин
чокусундай болгон тайлактардын өркөчтөрүнүн учтарын байкайсың. Эл көчкөндө балпайганбалпайган курсактуу бээлерди кулун-тайын ээрчитишип жүктүү төө жетелеген байбичелер
минишет эмеспи. Ошол калың чийди көч аралаганда кулунтайлары адашып ар кайсы жерден
үн салып чыңырышат. Энелери андан беш бетер ооздугун тарттырбай жер чапчышып, үстөккөбосток кишинешип жулунуп-жулкунганда үстүндөгү байбичелердин башындагы элечектери
тоголонуп түшүп кала жаздап барып оңолот. Кой-козу, торпок-тананы айтпа, кай бирлери
таптакыр чий арасына кирип кеткен боюнча табылбайт. Качан гана алардын таңдайы так катып
чийдин арасынан темселеп жүрүп чыгышып өзөн бойлоп суу издешет, ошондо гана таап
алышат. Болбосо түпсүз жоголот.
Бир жылы кышында ошол ак чийде өтө кызык окуя болуп өттү. Эртели-кеч мал көздөгөндөр
калың чийдин арасынан дөбөттөн чоң күрөң түлкү анда-санда булактап качып калганын
көрүшөт. Көрүп калган эстүү-баштуулар күрөң түлкүнүн жалтылдаган кооз жүндөрүн байкашып
калтар экен го деп баамдашат. Күрөң калтардын кабарын уккандан баштап Канат болуштун
тынчы кетти. Айлындагы бүркүтчү, капканчы, тайганчы, мергенчилердин күндүз тынчын,
түнкүсүн уйкусун алды. Ошентсе да алардын колунан келбеди. Калың чийдин коюу жерлерине
чейин ала калтырбай аралап жүрүшүп, жатып жүргөн жатагын да табышпады. Чий арасындагы
жүлүндөй ичке жолдорго капканчылар капкан жаткырып да көрүштү, андан да майнап
чыкпады. Кай бир күнү капканга түлкүнүн ордуна коён түшүп калат. Ал коёндор күрөң түлкүгө
даярдаган жем сыяктуу, капканы калып, коёнун түлкү жеп кетет. Кай бирде тайганчылардын
тайгандары да ошол түлкүгө салган капканга түшүп буту-колу сынып, улуп-уңшуп каңкылдап
жаткан күндөрү болду. Ошондон кийин тайгандар да чийди аралай албай, капканчылар да
капкан салганын токтотушту. Илгери үмүт да күрөң түлкү бир жерден булт берип качып
калбасын дешет окшойт, бүркүтчүлөр бүркүттөрүн калдаңдатышып кондуруп барып, кондуруп
келишет ак чийге. Кара таштын качканыбы. Чий арасы коён, кекилик, чил, бөдөнөгө жыкжыйма
болсо. Күрөң түлкү ачык жерден эмнени издемек эле. Түнкүсүн жээктеги күркүрөп аккан
өрөөндөн каалашынча суу ичип, кайра кылт этип чийдин түнт жерине житип кетет эмеспи ал
түгөңгүр. Өлүк этке уу сээп ар кай жерге таштап да көрүштү. Андай шектүү этти түлкү искеп да,
жыттап да койгон жок. Чийдин арасында тирүү жандыктар өзүнүн менчигиндей багылып турса,
андай сасык этти амалдуу түлкү карайбы, карабайт да. Ошол уу сепкен эттерди билбей жеп
алышып аңчылардын далай сонун тайгандары да өлдү. Андан ары ал акыл да катардан чыкты.
Айылдагы аңчыларынан үмүтү үзүлгөн Канат бир күнү Кудайбергенге киши чаптырды,
Кудайберген: «Кар эки жолу жаагандан кийин барам, ага чейин шашпасын, кыштоосу жарашкан
түлкү тоюту канган жерден кетпейт» деп Канаттын чабарманын кайтарып жиберди. Ак чийге
мал-жан жолотпой калтарды сыртынн корутуп, Канаттын да тынчы кетти. Чилде түшкөнчө кар
бир эки жолу жааса экен, ошондон кийин калтардын берметтери жетилет эле деп Кудайберген
да тилек кыла берди. Анткени кышкы карларга моокусу канганча оонамайын түлкүнүн бермет
жүндөрү тегиз жетилип кулпунбайт тура.
***
Кудайберген кыш айынын күндөрүнүн биринде Байгубат, Чомор, Жээнчоро,
Кондубайларды чакырды. Алар улуу шашкеде Кудайбергендикине биринен сала бири удааудаа кирип келишти. «Келгениңер жакшы. Эртең ушул олтурган төртөөң тең ат токунуп, кыраан
тайгандарыңарды ээрчитип мында келе калгыла. Канат болуштун чакырганына көп болду.
Караколдун калын чийин баар алган бир күрөң калтар бар дейт. Ошого барып аракет кылып
көрөлү, буйрук болсо колго түшүп калаар». Келгендердин баары бир ооздон «макул», деп
сүйүнүп кетишти. Кудайберген инилеринин кичипейил элпектиктерине кубанып «жакшы
жышаан» деп, ичинде ырым тутуп койду.
Эртеси эртең менен күндүн нуру тоо-тоонун башына чачыраары менен Кудайберген
баштаган беш атчан Караколду бет алып жогору карай жүрүп калышты. Тиги төртөөнү ээрчиген
төрт тайган. Кудайбергендин колунда кондурганы Сары-Барчын, артында ат соорусуна секирип
чыга калчу «Тополоң» деген эки уурту эки жакка салаңдаган сары машкеси. Алдындагы аттары
жүрмөл, эттери семиз. Жер жакын, жол тегиз. Канат болуштун айлына бат эле жетип келишти.
Болуштун айлы жолдон тай чабым буруу «Тала-Булактагы» кыштоосунда болчу. Кудайберген
Канаттын айлы жакты карап да койгон жок. Инилерин ээрчиткен бойдон Караколду бет алып ак
чийди көздөй түз жүрүп кетти. Күн көтөрүлүп улуу шашке болгондо ак чийдин берки четиндеги
кашаттын кырына келип токтошту. Ошол жерден ээк алдындагы ак чий баш аягына чейин
дапдаана көрүнөт. Токтой калган жерде ат үстүнөн түшпөй туруп Кудайберген сөз баштады:
«Бул ак чий баарыңарга белгилүү, ары-бери өткөндө аралап жүрөсүңөр. Түнт, коюу дагы, узун
дагы. Түлкү өтө амалдуу болуу керек, анын үстүнө Канаттын аңчылары жедеп заки кылып
тажаткандыр. Калтар дайыма бир жерде жатпайт. Жатак которуп турат. Антпеске аргасы жок.
Кокус бир жатакта дамамат жата берсе бат эле колго түшүп калбайбы. Түлкү болгон жеринде
калтарлар өзгөчө амалдуу болот. Ачыкка да чыкпайт. Ачыкка чыкса бүркүт менен тайгандан
коркот. Аны да билет. Күндүз бекинип, түнкүсүн жортот. Эми төртөөң төрт тайган менен ак
чийдин төрт тарабынан киргиле. Тополоңду чийди аралатып коё берели, ал жойлоп жүрүп
түлкүнү жаткан жеринен таап чочутат. Табаары менен кабар берет. Үрөт. Түлкү чочуп тура качат.
Жетсе да, жетпесе да артынан сая түшөт. Үрө берет, үрө берет. Ал Тополоңдун «таптым, быякта
жүрөт дегени. Анан түлкү туш-туш жакка качып бириңерден-бириңерге барып уруна баштайт.
Качан гана Тополоң кабар кылганда тайгандарыңарды агыткыла. Өзүңөр да кыйкырып-өкүрүп
ызы-чуу түшүргүлө. Түлкүнү тындырбай шаштыра бергиле. Көрүнө калса артынан түшкүлө.
Токтобогула. Баары бир чий арасынан алдырбайт. Бир быякка, бир тыякка качып олтуруп,
кайта-кайта чийге уруна берет. Анан чарчайт. Каруусу кетет. Жедеп куугунтук көрбөй, кыштыкыштата кекилик, чил, коёндун этине семирген арам тилин салып акактап калат. Күйүгөт. Анан
жанталашып ачык жерди карай жөнөйт. Сууну кечип аркы өйүздү көздөй чыга качпас, качса
бүркүт бар эмеспи. Анан айласы кеткенде мен тарапты көздөй салат, аттарыңар тың, аяк-башын
тосуп мен жакка бет алдыргыла. Мен тететиги капталга жашынып, бүркүттү көргөзбөй
көмүскөдө турайын. Баары бир силерге да, тайгандарыңарга да жеткирбейт. Ошентсе да
кыйкырык-сүрөөнгө алып шаштысын кетирип артынан самсый бергиле. Кокус менден шексип
калса кайра чийди көздөй салат. Ошондо силер чий жаккы бетин тосуп калгандай болгула. Кана
эмесе, жөнөгүлө».
Төртөө төрт тайган менен ак чийдин төрт тарабында турушту. Кудайберген Тополоңду чий
аралатып коё берди. Тополоң чий ортолоп барганда добуш салып үрүп калды. Ошол учурда ар
кай жерден чийлердин башы былкылдап арасында бир нерсе кетип бараткансыды. Ал
кыбыраган элес күрөң түлкү болчу. Түлкү оң капталга барганда оң жактан, сол капталга
барганда сол жактан тайгандар үрүп, чий аралай чуркашты. Анан ошол элестин артынан калбай
жөнөштү. Аларга тиги түлкү караанын да көргөзбөй, карааны түгүл жакындаткан да жок. Туштушунан атчандар да кыйкырык сүрөөнгө алышты. Ак чийдин арасы тополоңду тос болуп
уюлгуган чаң асманга көтөрүлүп, акырында куугунтук ызы-чуудан тынчы кеткен түлкү ачыкка
чыга качып төштү көздөй созолонду. Тайгандар артынан түштү. Бирөө да жакындабады. Куйрук
улаш чукул келип калган тайганды түлкү бурула калып карап койсо тайган ошол ордунда
соксоюп туруп калат. Калтардын сүрү ошондойбу, же тайгандардын көздөрү уялып чагылыша
түшөбү кандай шумдук экени белгисиз. Болбосо ушул төртөө тең түлкү эмес карышкырга тиш
салып жүргөн атактуу тайгандар болчу.
Төмөнтөн келаткан түлкү жогору жагында бугуп жаткан Кудайберген менен СарыБарчындан шек санаган жок. Тайгандардын артынан атчандар да ач кыйкырык, куу сүрөөнгө
салып катуу келатышат. Бирок аралыгы капкайда. Кудайберген бүркүтүн калдаңдаткан бойдон
кашаттын кырына сабап чыкты. Келаткан түлкүгө Сары-Барчындын томогосун тартты. Бүркүт
тарткан жерден колдон атып учуп асманга көтөрүлдү. Бүркүттү көргөн түлкү кайра артын карай
салды. Тайгандарды жоо экен деп сезип да койгон жок. Ошол учурда Сары-Барчын эки бутун
салаңдатып күркүрөгөн добуш чыгарып түлкүгө чукул кирип келди. Түлкү Сары-Барчынды
күйкөдөй да көргөн жок окшойт. Токтой калды да кайра жогору баштанып, куйругун түптүз
сунуп тиштерин ырсыйтып үрпөйүп тура берди. Сары-Барчын качан чукулдап тырмак саларга
кулач бою калганда лып жата калды да бүркүттүн үстүнөн түндүк бою аша секирип мант берди.
Сары-Барчындын төшү жерге тиер тийбес, тиер тийбес болуп барып кайра көтөрүлүп кетти.
Сары-Барчын куушурган канаттарын жайып асманга оболоп далбак-далбак этип бийиктей
баштады. Ошол учурда тайгандар түлкүгө жетип калышты. Жеткени менен курусун. Насили
иттин иши ит да. Түлкү токтой калып кылчайып койсо орду-ордунда соксоюп-соксоюп туруп
алышат. Эң кур дегенде бирөө тиш салып койсо эмне? Калтардын сүрү карышкырдын сүрүнөн
артыкпы? Сулуу кыздан сүрдөгөн уяң жигиттерден бетер жүрөктөрү түрсүлдөйт окшойт.
Сары-Барчын асмандан аңтарылып дагы жибере берди шукшурулуп. Түлкү баш калкалар
караган чери жок жылаңач адырлардын бетинен кутула албасына көзү жеткен соң кайта типтик
ылдый калың чийдин четин көздөй салды. Ал кетип баратып ойлонду окшойт. «Мындай
болоорун билгенде чийдин арасынан чыкпайт элем» деп. Ырас эле ошентсе болмок. Ар кай
жерден бир көрүнүп, коюу чийдин дүңгөсүнө ургулап олтуруп тайгандарды чарчатып таштамак.
Чий арасынан бүркүт да ала алмак эмес. Ошентип олтурса кеч да кирбейт беле. Түн түшкөндөн
кийин капкайда жоголмок. Ал ойлогон: «Чийге урунуп олтурбай талаага чыксам тайгандарга
алдырбайм» деп. Асманда бүркүт бар экенин кайдан билсин шордуу.
Сары-Барчын дагы күркүрөп жетип келди. Түлкү дагы мант береби деди көрүнөт, кол сала
турган болуп барып түлкүнү жазгап өтүп кетти. Ошол учурда Байгубаттын ак төш кара тайганы
чийге жеткирбей түлкүнүн алдын тосту. Анын артынан удаа келаткан үч тайган үчөө тең
түлкүнүн туш-туш жагынан чыгып ортого алышты. Ортого алышканы курусун, бирөө да кол сала
албады. Жараганда баягы Тополоң байкуш ишке жарабадыбы. Машке тайгандардай чуркай
албайт эмеспи. Ал түлкү чийден ачыкка чыгып төш таяна бергенде алда кайда алыс калган. Эми
кара, кайдан-жайдан жетип келгени белгисиз, тиги тайгандар тиш сала албай тиктешип турган
түлкүгө барып бир тийип куйруктан чала була бурдап өтсө болобу. Бурдаганынан мурда да аны
асманды каратпай алаксытып үрүп жибербедиби. Ошону гана күтүп, үстүндө айланып турган
Сары-Барчын тике сайылып кырданып келип тайгандардын ортосунда акылынан адашып
алактап турган түлкүнү шып илип алып бийик көтөрүлүп кетти. Көкөлөгөн бүркүттүн боорунда
байкуш күрөң калтар буту-колун тыбыратып, куйругун булгалактаткан бойдон салаңдап кетип
баратат. Тополоң баш болгон төрт тайган ооздорунан жулдуруп жибергендей асмандагы СарыБарчын менен анын колунда жыландай чубалжып бараткан күрөң калтардан көздөрүн албай
моюндарын созуп, тумшуктарын өйдө көтөрүп орду-ордунда соройгон-соройгон бойдон
соксоюп туруп калышты.
Сары-Барчын түлкүнү салаңдатып бөктөргөн бойдон асманды үч айланып келип жерге
конду. Кудайберген баш болгон төрт жигит дабырата чабышып Сары-Барчын түшкөн жерге
жетип келишти. Аттарынын күшүлдөп-бышылдаганынан да алардын өзүлөрүнүн кара терге
чөмүлүп акактагандарын айтпа. Айрыкча эти оор курсактуу киши эмеспи, өң-алеттен кетип
каракөк болгон Кудайберген көптө барып араң эсин жыйды. Атчандар келгенден кийин
колундагы түлкүнү жерге таштап коюп Сары-Барчын балпаң-балпаң басып обочолоп секирип
чыга берди. Түлкүнүн оозунан аккан тоголок-тоголок тамчы кандар жиби үзүлгөн кызыл
шурудай чууруп биринен сала бири жерге тыпылдап тама баштады. Асманда жүргөндө эле
күрөң түлкүнүн тилин сууруп, эки көзүн чукуп жеп койгон экен Сары-Барчын. Анан кантип жаны
калсын байкуштун.
Байкубат сулк жаткан түлкүнү тумшугунан кармап өйдө созуп типтик көтөрсө баш аягы анын
бою менен тең болду. Чоңдугу канчык карышкырга жакын экен. Жетилген берметтери бирде
өйдө, бирде ылдый карай ыгыйт.
Дааналап тиктеген адамдын көздөрүнө бирде күрөң, бирде көгүш, бирде кызыл түр берип
түркүн-түркүн түстө кубулат. Сыртынан да боору сонун — капкара. Атаганат, кокус жез оймок
уздардын колуна даана тийсе кенен-чонон үч тебетей чыкчудан.
Кудайбергендин күрөң калтарды алдырганы ошол эле замат Канаттын кулагына шак дей
түштү. «Кайрылып чай иче кетишсин» деп кырк чоронун күмбөздөрүнүн жогору жагындагы
туура жолго бир кишисин тостуруп койгон экен, Канат болуш. «Күн кечтеп кетти чарчап
баратабыз айыл жакын эмеспи дагы катташарбыз» деп Кудайбергендер тобунан бөлүнүшпөй
жүрүп кетишти.
Арадан бир жума өтпөй Канат Кудайбергенге киши жиберди .«Калтарын башкага бербесин,
мага берсин тебетей тиктирип кием» деп. Муну укканда Кудайбергендин кучунашы кармады.
«Калтар тебетей жалгыз Канаттын башына жарашат бекен, биздин башка да жарашат» деп
койду. Эртеси күнү Канаттын дагы бир жигити чаап жетип келди: «Кудайберген Темир
молдонун ак боз атын жакшы көрчү эле таякем макул болду (Темир молдо Канаттын бир тууган
таякеси. Эл-журтка кадырлуу киши) ак боз атты алып калтарын берсин» деп. Кудайберген ого
бетер жинденди: «Жөө жүргөн жерим жок, атым бар» деп койду.
Ушул сөздөн кийин Канаттын намысы курчуп ызалана баштады. Ары ойлонуп, бери ойлонуп
туруп бир күнү айлындагы аттуу-баштуу сөз билги аксакалдардан беш кишини Кудайбергенге
жөнөттү. Алар бастырарда муну айтты: «Жакшы айткыла, болбосо Кудайберген айтпай-дебей
туруп мага караштуу ак чийдин арасында жүргөн күрөң калтарды бүркүтүнө алдырып кетиптир
калтарды кайтарып берсин бербесе эрдин кунунан артык доого жыгылат» дегиле.
Бул сөздү уккандан кийин Кудайберген баштагысы аз келгенсип, анын үстүнө ого бетер
күчөп жооп кылды. «Ак чийди Канат жасаган эмес кудай жасаган, ак чий элдики. Калтар жалгыз
болбойт. Биздин каратоодо да бир кара калтар жүрөт. Тайганчы, буркүтчүлөрүн жиберип
алдырып кетсин, мен ич тардык кылбайм». Келгендердин арасынан бирөө чечеркеп сүйлөп
калды: «Канат менен эрегишпе. Ал болуш. Колунда бийлик бар. Ыбыке баатырдын уулу.
Минтип өчөшүп туруп алсаң, айлыңды кызыл уук кылып чаап, мал-мүлкүңдү талатып жиберет,
анда кантесиң?» Кудайбергендин өңү бузулуп, сакал муруту бириндеп, түгү сыртына чыга
түштү:
— Чыккыла үйдөн! Кордук көрүп каласыңар! Эр болсо Канат келип кол салып көрсүн! Ал
чоң өтүк кул Ыбыкенин баласы болсо, мен Төрөгелди баатырдын баласымын (Төрөкелди да,
Ыбыке да Абайылда баатырдын балдары улуу аял, кичи аялдан) отургандар орду ордунан
жылып-жылып чыга башташты. Ошондон кийин Канаттан киши келген жок. Кудайберген күрөң
калтарды берген жок.
АМАЛДУУ ТҮЛКҮЛӨР
Сыдыкбек бой тарткандан баштап капканчы, мергенчи болуп келген. Ал бүркүт салганды
кийинчерээк, отуздан ашканда үйрөндү. Дээриңде аңчылыкка шыгы бар адамга айла жок тура.
Ал мүнүшкөрдүк кесипти да бат эле өздөштүрдү. Баштаганда да уя-бала бүркүттөн баштабай,
тор бүркүттөн баштады. Уядан алган балапанды кандай көндүрсөң өз эркиң эмеспи. Качуубозуу деген анда болбойт. Канча кылган менен бала да тил алчаак алдатканы менен анын иши
жок. Жумшасаң көнөт, урсаң өлөт. Ал эми тор бүркүттүн жумушу башка. Бир күнү ээсинен
адашып талаа-түздүн бирине түнөп, өзүнчө ээн жерде жем таап жеди дегенче андан ажырадым
дей бер. Чанда бирөө болбосо, көпчүлүгү кайрылбай кетет.
Торго түшө электен мурун төрт-беш түлөп калган бир Кара-Барчынды Сыдыкбек көп жылы
салып жүрдү. Күндөрдүн биринде «Ортоктун» тоосун жондото кыдырып, түлкү кагып келаткан.
Жолколоттун чыгыш жагындагы бийик чокуга чыгып, аркы бузулган суунун берки өйүзүндөгү
тоо этектерине көз жиберсе, эч нерсе билинбейт. Анан ойлонуп туруп, бүркүтүнүн томогосун
шыпырды. Бүркүт адегенде уча тургандай канаттарын жайып, ормоңдой түштү да, анан кайра
кагынып-силкинип коюп, колдо тынч алып отуруп калды. Бирок мойнун созуп, жүнүн салып,
дагы эле бирдемени көргөндөй обдулуп коёт. Учпайт. Бир эле жерди тиктегенсийт. Жойлоп
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кара шумкар - 07
  • Parts
  • Кара шумкар - 01
    Total number of words is 4039
    Total number of unique words is 2081
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 02
    Total number of words is 4038
    Total number of unique words is 2083
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 03
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2127
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    49.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 04
    Total number of words is 3915
    Total number of unique words is 2227
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 05
    Total number of words is 3950
    Total number of unique words is 2070
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 06
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 2073
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 07
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1971
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 08
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2065
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 09
    Total number of words is 4041
    Total number of unique words is 2087
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 10
    Total number of words is 3972
    Total number of unique words is 2052
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 11
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 2089
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 12
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 2108
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 13
    Total number of words is 3941
    Total number of unique words is 2071
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 14
    Total number of words is 4070
    Total number of unique words is 2237
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 15
    Total number of words is 4157
    Total number of unique words is 2228
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 16
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 2128
    31.7 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 17
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 2139
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 18
    Total number of words is 4036
    Total number of unique words is 2374
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 19
    Total number of words is 4168
    Total number of unique words is 2153
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 20
    Total number of words is 4197
    Total number of unique words is 2021
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    45.1 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 21
    Total number of words is 4081
    Total number of unique words is 2171
    30.8 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 22
    Total number of words is 1524
    Total number of unique words is 1009
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.