Latin

Кара шумкар - 19

Total number of words is 4168
Total number of unique words is 2153
31.8 of words are in the 2000 most common words
44.2 of words are in the 5000 most common words
50.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
турду. Эл кыйналды. Калк казына эмеспи?!. Акыры Турдукенин оюндагысындай болуп
аттардын байгеси толукталды.
Туш-туштан убап-чубап көпчүлүк агылып келе баштады, Чоң байге башталганча кемегесине
атап, ат сыноо жарыштары боло берди. Бул мурдагыдан берки ата салт болуп калган нарк.
Мында да дал ошо салт колдонулду. Кемеге байгесине арнап отуз чобур сайылып, ат чабылды.
Бул ашка кең Чүйдөн Баеттин Кер кашка аты да келди. Кер кашка ат менен Баеттин уулу Байзак
баш болуп ондон ашык солто келген. Ичинде Айманбай акын, Кочкордон кошулган Шапак
манасчы бар. Кемеге жарышына Кер кашка атты да кошуп жиберишти. Ат алда кайда чыгып
келди. Солтолор отуз чобурду үркөрдөй топтоп астына салып айдап алышты.
Чатак кемеге байгеден башталды. Чырды Турдуке өзү чыгарды:
— Солтону конок албайм. Анткени солтого кабар берген эмесмин. Солто тек гана саламчы,
кудайы конок. Келди койду деп капарыбызга да келбейт. Боло турган чоң чабышка атын
кошобуз деп ойлобосун солтолор! Бүгүнкү отуз чобурду олжо кылып, жөн гана жолуна түшсүн.
Солтолор айласы кетти. Турдуке конок албаган соң илик кууп, сөөк-тамыр уулап баш
калкалар жай издеп калышты. Канча кылса да Апардын төркүнү эмеспи? Чериктер кубалаган
менен Болот бийдин тукуму кубалайт беле, солтолор Кабаныкына келип түштү.
Каба да ошол жылы Ак-Сайды жайлаган. Сексенден ашып, күүдөн-күчтөн тайып, бийлик
баласы Тарачка өтүп, эки жакка чыгып эл аралап бастыра албай чөгүп калган Каба.
Кабанын балдары солтолорду урмат менен тосуп алып, аземдеп конок кылды. Бул түнү
кайсы гана үйдө болбосун Кер кашка аттын бүгүнкү чуркаганы жөнүндө дуу-дуу болуп жатты. Ар
жерден күлүк таптап келген саяпкерлердин тынчы кетти. Жин тийип илээшкени бардан бетер,
отурса да, тээ алда кайда, аттарынын жанында жалгыз жүргөн жеринде деле күңгүрөнүп
өзүлөрүнчө кобурап жүргөн саяпкерлер: «Кер кашка ат», «Шергазы», «бул ат жан койбойт»,
«Менин атым кантээр экен?», «Чыкканына ыраазы элем, байгеге илинээр бекен?».
Конокторунун алдында Каба күрпүлдөп олтурду:
— Атты чаптырбайт деген эмне? Ал ким экен күлүктүн таалайын кесе турган. Тээ нарытан
бери ата-бабабыздан калган салт бар, күлүктүн таалайын кескен адам оңолбойт! Түбүнө, укумтукумуна зак кетет! Чаптырбай жаткан Турдукеби?
— Ооба, ооба...
— Атаа, жаман Турдуке! Кудай гана бардыр, а! Кечээ мен атка минип турганда ошо Турдуке
качан киши эле!.. Ал түгүл бүткүл Черик сөзүмдү эки дечү эмес. Баары сыйлачу. Эми жаман
Турдуке мал-жанга ээ болуп, ат чаап, аш бийлегенге жарап калган экен го!.. Ал Ажыкенин ашын
биздин балдардын бирөө бийлейт. Атыңарды чаба бергиле!
Кабанын бул сөзү солтолордун сересин көтөрүп таштады. Кубандырды. Солтолордун
көңүлү жайланды. Солтолор шагдан боло түштү. Бир ооздон Кабага ыраазычылыгын билдирип
жиберишти.
— Ат чаппасак да бул сөзүңүзгө ыраазыбыз «баатыр!», — Каба ансайын бакырып чамынды:
— Чаптырам. Чаптырбай турган Турдукенин шайы жок, — Кабанын сөзү ошол түнү
Турдукеге октой тийди. Турдуке башынан жыккан суудай шалк дей түштү. Канча кылган менен
Сегизбектин тукуму биригип кетсе жоондук кылат. Анын үстүнө черик ынтымагы жок, аз эл.
Күш-күшкө келгенде көбү Ниязбектин тукумуна кирип кетет. Жалаң ушул ашта элинин бирдиги
жогунан Турдуке өзүнүн керт башынын өлөрмандыгына салып, көбүн зордукка айландырып
жатып аштын аяк-башын бүтөдү. Жалпы элдин бийлиги Болоттун тукумунда экенине
Турдукенин көзү жетип турат. Алардын кыжыры келсе ашты таратып, малды талатып жиберүүгө
да күчү жетет. Кабанын колунан эмне келбейт? Ал күүдөн-күчтөн калып калды деген менен
бала-бакырасы, ага-иниси күчтүү. Каба бакырып жатып алса анын сөзүн кыйчусу ким? Баары
кыйбайт, баары Кабаны сыйлайт.
Турдуке көпкө ойлонуп жатып акыл тапты. Акылын эстүү-баштуу ага-тууган, дос-тамырына
сындатып көрдү. Алар жактырышты. Турдукенин акылы боюнча эртеси күнү мына бул иштер
иштелди:
Чоро Ниязбектин Сегизбегинин бир беги — Рыскулбектин уулу Кайдуудан. Чоронун даңкы
жалаң Ат-Башы эмес, жалпы сарбагыштын жонуна белгилүү. Мартабасы ашып. зоболосу
көтөрүлгөн адам. Бул ашта Чоро менен Кабанын ортосуң ажыратып таштаса Турдуке адам. Бул
ашта Чоро менен Кабанын ортосун ажыратып таштаса Турдуке өз ою менен болот. Ашты өзү
башкарат. Анда Турдукенин айтканы айткан, дегени деген. Кер кашка ат чабышка кошулбайт.
Эгер Чоро Кабадан чыга албаса, анда Кер кашка ат чабылды дей бер. Башта баарын өзүм билем
деп көгөрүп жаткан Турдуке айласы кеткенде Чорону атайылап чакыртып, акылга алды.
Турдуке Чорону элден ээн, окчун бөлүп барып, эки колун бооруна алып, Чоронун
маңдайына малдаш токунуп бөк түшүп отурду. Чоро эки бутун сунуп чыканактап, жаагын
таянып оң жамбашы менен шиберге кырданып жатып алды. Сөздү адегенде Турдуке баштады.
— Чоро баатыр, айла кетти. Солтодон Баеттин Кер кашка аты келиптир. Кемегесинде бир
атка да сыйпатпай алда кайда чыкты. Кер кашка аттын чуркаганы шумдук. Ат-Башы, Нарындын
атактуу күлүктөрү Кер кашка аттын дүбүртүнөн сүрдөдүбү, бирөө да ага жакындап секире
албады. Эртеңки баш байгени да солто алчудай: «Атыңарды чаптырбайм, солтого кабар берген
эмеспиз» деп шылтоо кылсам, тиги алжыган агаң (Каба Чоро менен ага ининин баласы) күчкө
салып чаптыра турган болду. Мунун жайын кандай кылабыз?!. Алакандай Черик уучуңузда,
эмне кылам десеңиз кыласыз. Эрк сизде. Байгени элдин жонунан күч менен чогултканды көрүп
турасыз. Ашка союлган согумунан берки сарпталчу чыгым да элден түшкөн. Бул эмгегим
талаалап, солтонун олжосуна түшүп кетмек болду. Солтого болгончо сизге кетсин. Акылын
өзүңүз табыңыз. Менин башыман акыл качып, апкаарып калдым.
Чоро Кокондуктарды туурап сөзүнүн аягын чалып кетчү. Ал ошол кырданган калыбынан
козголбой саал чукуранган болду да, Турдукени тиктеп-тиктеп туруп, көптөн кийин жооп берди:
— Каба чаптырам десе иш чатак күү?!. — Турдуке Чоронун кейпин биле коюп бешмантынын
чөнтөгүнө кол салды. Ак бетаарчыга оролгон 500 сом акчаны сууруп алып, Чоронун алдына
ошол түрмөгү менен оролгон бойдон таштады.
— Мына баатыр, ушуга чай ичип коюңуз. Мейлиниз Кабага бересизби, мейлиңиз өзүңүз
аласызбы, иши кылып Кер кашка атты чоң чабышка коштурбаңыз. Беш жүз сом.
Чоро беш жүз сомду жымырды. Чоронун «бок тамак» экенин Турдуке жеринен билчү.
Жанбашы ысып бараткан Чоро оолжуп сүйлөдү:
— Чаптырмаймыз күү! Кабанын колунан Солтонун атын чаптырыш келмейди күү!.. Андай
иш Чоронун колунан келеди күү!
Турдуке Чоронун оозунан бул сөз чыгаары менен мойнун артына буруп, аркы топто отурган
чериктердин мыктыларынын атын атап кол булгап койду. Алар улам бирден эл арасынан
бириндеп суурулуп чубаша басып Чоро, Турдукелердин катарына кошулуп тегеректей келип
олтурушту. Чоро кырданган жагынан козголбой башын буруп, Турдуке баш болгон чериктердин
мыктыларын көз жүгүртүп сыдыра карап койду. Турдуке Чоронун убадасын аларга түшүндүрдү,
даңазалуу бектердин өңдөрүнө кызыл кирди. Турдуке белден туз алгандай дандая түштү. Чоро
жөнүндө көз көрүнөө мактоо сөздөр айтылып, кошоматчылардын күнү тууду. «Чоң ишке
жарадымбы?» дегенсип тиги келген туугандарына Турдуке куу алган куштай жонун көрсөтүп
жылмайып койду.
Бул сөз да солтолор жаткан Кабанын үйүнө шак дей түштү. Каба угаары менен бакырды. Ал
Турдукени таштап жиберип отурган ордунан обдула Чорого жулунду.
— Атаңдын гана көрү маңчынын уулу десе!! Чоронун атасы Кайдуу насвай тартчу экен. Эр
болсо Кер кашка атты чаптырбай көрсүн! Эртең же ал өлөт, же мен өлөм. Солто чаппайт атты,
мен чабам. Маңчынын уулунун кандай акысы бар экен!!! Ал жеген парасын билсин?!. Бок тамак
ит!!.
Каба көбүрүп-жабырганда солтолор кубанып калды.
Кабанын уулу Тарач, Чоронун бетине жазганбай чыгып жүргөн Сегизбек тукумунун бирден
бир мыктысы. Колу жетиштүү, жигит жалаңдуу. Тарач атасынын сөзүн кубаттап билеги жоон,
камчысы өрүмдүү, аты-тону шайма-шайынан иргеп ошол түнү жүз жигит камдады. Жигиттерге
буйрук катуу болду:
— Эгерде Чоро эртеңки чоң чабышта Кер кашка атты күлүктөргө коштурбаса, дал ошол аш
үстүндө чыр чыгарып, Чоро менен бир жаңсыл болобуз. Анын атасы Кайдуу болсо, менин атам
Каба. Атасынан атам, энесинен энем кем эмес. Качаңкыга чейин Чорого бийлетебиз. Биринчи
мен кол салам. Анан силер Чорону да, Турдукени да керип кеткиле?!. Ал Маңгинин уулун
түмөндөгөн элдин чок ортосунда башын түбүнөн такай кесип, ашын Ажыкеники менен кошо
берем. Мени бул сегиздин ичинен кой дей турган ким экен?!. Ай дей турган ким экен?!
Тарач катуу ызырынып калды. Анын мындан мурда Чорого «Сени сага» деп жүргөн,
киндикке түйүлүү «ики» си бар болчу. Кыязын келтире албай ыңгайлуу учурду орустама
күткөндөй эңсеп күтүп жүргөн. Мына бүгүн кыязы келди. «Ажыкенин ашы — Кер кашка аттын
чыры».
Тең тууган жаман эмеспи. Ортого бузук араласа бирин-бири өлтүрүүдөн кайра тартпайт.
Анын үстүнө жалпы Сегизбектин жонунан Чоро билген менен, ичинде Каба тукуму үстөмдүк
кылат. Чоро булардан катуу сезденчү.
Бул кабар да Турдуке менен Чорого жаакка чапкандай шак дей түштү. Суук кабардын илеби
мүргүтүп таштады. Кирген суудай ташкындап турган Турдуке, Чоро башынан аңдаган өстөндөй
тартыла түштү. Чоро Турдуке баш болгон чериктин мыктыларын элден оолак бөлүп алып, мына
бул акылды айтты:
— Каба тукумуна жин тийип калган көрүнөдү күү! Ажыке баатырдын ашын чыр-чатагы жок
тынч өткөрөлү. Кер кашка атты кошсо кошсун. Мыкты курч аттарды тандап мингизип он
азаматка жолдон тостурабыз. Колдорунда каскак, коюндарында солонгон таштан болсун. Кер
кашка ат биринчи болуп чыгып келатса капталынан качырып атты да, аттын үстүндөгү баланы
да сайып өлтүрүшсүн, Солтого бир аттын пулун, бир баланын кунун төлөп кутуламыс күү!!!
Чоронун бул акылын чериктин мыктылары кабыл алды. Он ат, он жигит керектүү курал
жабдыгы менен ошол түнү даяр болду.
***
Күн көтөрүлө бергенде аттар чубатуудан өтө баштады. Кер кашка ат менен күлүктүн саны
тупа-туура жүз болчу. Кечээки Чоронун акылы солтолорго аткан октон тез жеткен. Солтолор
мергендин жытын алган топ кийиктей үрпөң-үрпөң болушуп, бир орунда тура алышпады. Алар
өзүнчө көпчүлүктөн окчун бөлүнүп чыгышты. Анан арасынан бирөө чаап чыгып, чубатууда бара
жаткан Кер кашка атты алып келди. Рысалыга алдыда боло турган коркунучтун илебин толук
түшүндүрүштү. Рысалы ээрдин үстүндө өбөктөп бир аз ойлоно түштү да, анан башын өйдө
көтөрүп жолдошторуна чечкиндүү сүйлөдү:
— Силер мага уруксат бергиле?!.
— Кой айланайын бөөдө өлүм болосуң?
— Атың да өлөт, өзүң да өлөсүң! — Рысалы көшөрүп жатып алды:
— Өлсөм убалым өзүмө, Алдымда мингеним Кер кашка ат болсо, көп жыл бою мен мунун
үстүндө чоңойсом. Ок менен атса айла жок. Болбосо оңой менен мен алардын найзасынын
учун жакындатпайм.
Солтолор дүүдүрөңдөп жандана түштү. Баланын демөөрү алардын көңүлүн асмандатып,
күчөп күйгөн өрттөй алоолонтуп жиберди:
— Бар тобокел!
— Бар тобокел!
— Азирети кызыр колдосун!..
— Солтонун — Богорстондун арбагы колдосун!..
Рысалы бура тартып чөлө койду. Канатын куушурган ителгидей сызып, алда кайда узап
кеткен күлүктөрдү көз ирмемде кууп жетип, арасына сиңип кетти.
***
Масеилдин бели. Бул канчалык алыс жер дейсиң? Чатыр күндүн батышын бет алып жүрүп
олтуруп, Ак-Сай түгөнүп, Арпа түгөнүп, анан Масеилдин тоосу башталат.
Эртең менен айдалган аттар түш оой араң Масеилдин белине жетти. Аттарды белдин берки
торпусунун түбүнө такап барып кое берүүгө бүтүм болгон. Ал түгүл бир күн мурун бул жерге
калыс кишилер да жиберилген. Алар дал ошол жерге жеткен күлүктөрдүн бирин калтырбай
каттап, чоттоп чыгышты. Ал чапкан балдардын колуна болуштун мөөрү басылган келди-кетти
белгиси бар, кагаз берилүүгө чейин сүйлөшүлгөн. Бул иш башынан бышкан иш. Муну жалаң
күлүк ээлери эмес, ашка келген элдин баары билет.
Күлүктөр Масеилдин белине келгенде алардын алдынан топтошуп он чакты адам чыкты,
жанагы күтүп жаткан калыстар ушулар. Алар аттарды жайдактатып бетеге чалдырышты. Ээр
токумдарын оңдоп токушту. Келген күлүктөрдүн бири калбай тизмеге алынды. Балдардын
колуна куш тилиндей белгилүү кагаздар да берилди. Анан күлүктөрдү жыйырмадан беш топко
бөлүп катар койду. Бир аздан соң «оомийин» айтылды. Күлүктөр үрккөн кийиктей дабырады.
Бир да ат көрүнбөдү. Артынан тумандаган гана чаң көрүндү.
***
Тигине. Тээ-тетиги созолонгон чаңды карачы? Дал ушул арпанын түштүк жаккы кылаасы
менен кел айланган сыяктуу тоо этектеп жээктей салып, биринен-бири өтүп калың күлүк
келатат. Жедеп күлүк чаап маш болгон балдар ат үстүнө камчы урат, капырай шумдук?!! Куш
үстүндө бараткандай шуулдайт. Ат үстүнөн учуп кетпегенин кара? Буларды ээрге жабыштырып
чыраштап таштаганбы?..
«Кер кашка ат тарткан жерден чыгат. Арпаны ортолоп келгенче алдына жылкы салбайт.
Бирок артынан Ысмайылдын кызыл аты жете келет. Кызыл ат Турдукенин аты. Аны Чериктин
саяпкери Ысмайыл таптаган. Арпа менен Аксайдын кошулган өндүрүндөгү өргө жармашканда
кызыл ат байкуш Кер кашка аттан өксүп-өксүп кала берет. Чалыш эмеспи. Анткени чалыштын
алдынкы буттары узун болот. Чалыш ургундай ылдыйда катуу чуркап, өрүдө өксүйт. Белине күч
келет. Себеби: алдыңкы эки бут бийиктеп, салмак артка тартылат. А Кер кашка ат болсо
телегейи тегиз келген жылкы, өйдө-ылдыйы бир, ылгабайт. Күлүктүгү төрт аягында тең бар.
Кызыл аттан узагандан кийин сени какшаалдын Кара Бозу шаштырат. Кара Боз Ак-Сайдын
өрүндө сени басып өтөт. Өтсө өтө берсин. Сен тизгиниңди жыя тартып, Кара Боздун оюна кой.
Эшик-төрдөн алыс узабай куйрук улаш жүрүп отур. Кер кашка аттан узайм менен койгулакка
алып, камчы үстүнө камчы урат. Кара Боздун күчү кетет. Аны сенден мурун Кер кашка ат да
билет. Бир калыпта жүгүрүп олтурат. Үч аркардын тумшугундагы имерилиштен өткөндө Кара
Бозду тер басат. Төрт буту төрт жакка тайрактап, куйругун булгалаган бойдон дал ошол жерде
калат. Бир келсе артыңан удаа Бугунун тору айгыры келет».
Ат чубатуудан мурун эле Шергазы бул сөздөрдүн баарын Рысалынын кулагына куюп койгон.
Рысалы Шергазынын баштагы билгичтигинен да дал ушунусуна ыраазы болду. Ал ат үстүндө
келатып ичинен сүйлөндү:
— Капырай!.. Шекен эмне деген адам?!. Айтып берчүсү бар, олуя!..
***
Үч аркардын тумшугунан өтө бергенде эки жагынан кууш жар кыскан тар кысык бар. Андан
айланып өтүүгө болбойт. Жол жок. Дал ошол кысыктын ортосун тилип өткөн жалгыз аяк жол.
Бул жерден аттар бирден чубайт. Эки ат катар өтө албайт. Ошол тар жолго жакындаганда
Рысалынын жүрөгү опкоолжуй түштү. Аркы өйүз, берки өйүз болуп колдоруна найза алып
шымдактай тизилип турган бештен он кишини көрдү. Алардан айлана чаап өтүп кетүүгө
ошолордун ортосундагы жалгыз аяк бир тилим көктөй болгон тасма жолдон башка ачык жер
жок.
Тар, өтө кууш. Эки жагы капчыгай. Кысылыш. Жан алгычтай он киши шымаланып
билектерин чыканагынан өткөзө карысына чейин түрүнгөн, найзаларынын сабына түкүрүнүп
маңдай тескей бири-бирин тиктешет. Ыкыс коюп калчудай кирпик ирмешпейт. Алдындагы курч
аттар согончок кысып койсо маңдайындагы жарга барып бир тийчүдөй. Атылып кетчү
мылтыктай октос берип, араң турушат үстүндөгүлөр... Баары жылаң баш, найзага түшчүдөй
баштарын жоолук менен бууп алышкан. Адам тааныбагандай түрлөрүн өзгөрткөн. Жекемежекеге чыкчуудай каны ичине тартып, найзаларынын учтарынан ажалдын илеби согот.
Кадимки жомоктогу айтылган түнкү каракчылардын турпаты, сөлөкөтү жүздөрүндө турат.
Чукул кирип келген Рысалы аттын оозун жыя кармап тура калды да, камчы кармаган оң
колун алдына сунуп тамагы айрылганча күч менен чаңырып жиберди:
— Байкелее-еер?!. Тээтиги аюуну карагылачы, бир баланы тиштеп алыптыр!!!
Тосмочулар селдейе түштү. Рысалы учурдан пайдаланды. Тизгинин жыя тартып келаткан
аттын оозун кое берип, колтукка эки согончогу менен кысып койгондо, Кер кашка ат бир
секирүү менен жолдун аркы учуна чыга түштү. Экинчи секиргенде тигил найзачан жан алгычтар
ат менен баланы саябыз деп бири-бирине кабыша түштү. Ортодон Кер кашка аттын кандай өтүп
кеткенин билбей калышты. Кууган менен жетмек кайда. Алдыдагы атырылган аттары эмес,
ыргыткан таштары жакындаган жок. Рысалы узагандан узап, артындагы чаңын түтүндөй
созолонтуп караанын көргөзбөй кете берди.
Ат жөнөөрдүн алдында суук кабарды угуп калган солтолордун жүрөгү чыдаган жок. Чыйпыйы чыгып турду. Алар элден бөлүнүп, узак жерге чейин утурлап жол тосуп келишти. Көрүнөө
дардайып ачык бастыра алышпай, жолдун жээгиндеги дөбөлөрдүн биринин далдоосун
калкалай жамынышып, тебетейлерин колтугуна кысып дөбөнүн кырынан баштарын
кылтыйтып, моюндарын созот. Ат келаткан жактан көздөрүн албай тиктешет:
— Алда кандай иш болуп кетээр экен?!.
Жүрөктөрү чапкан аттын дүбүртүндөй. Дик-дик, дик-дик! Түрс-түрс, түрс-түрс!
Алыстан-алыстан созолонуп чаң көтөрүлдү. Ошол түтүндөй созулган чаңдын алдында
жалгыз караан булбүлдөйт.
— Чыккан ат көрүнөт?!
— А кудай Кер кашка ат болсо экен?
— Солтонун арбагы колдой көр? — Чериктер жанында тургансып солтолор шыбырашып
сүйлөшөт.
Булбул караан жакындаган сайын ат экени билинди. Артында өзүнөн башка жан көрүнбөйт.
Учуп-куйүп бөтөнчө алыс келатат. Бул Кер кашка ат болучу.
Баятан бери ачыкка чыга албай кирпиктешип дөбөнүн далдаасында бугуп жаткан үркөрдөй
топ солто, Кер кашка ат, менен Рысалынын караанын тааныганда «ак сарыбашылын» айтышып,
шапа-шупа аттарына жабыла минишип, мараны көздөй чөлө коюшту. Артынан дүрбөп чаап,
кыйкырык-сүрөөн түшкөндөргө сыйпатпай Рысалы калың элдин тобун үч айлана тегеренип
келип анан токтоду. Ошондон кийин араң экинчи ат келди. Чоро Кер кашка атты карап да
койгон жок. Ал даекчиге «чыккан ат» деп, экинчи атты карматты.
Чоро чоңдугун көрсөтө баштады. Көпчүлүккө жар салдырды:
— Чериктер Ажыке баатырдын ашына Солтону чакырбаптыр. Аты чыкса да солтого байге
жок. Жеткен жеринде алсын!..
Каба дагы бакыра баштады:
— Атаңдын кана көрү Маңчынын уулу!.. Ай ушул итти!.. Ботом күлүк аттын эмгегин жейт
деген эмне жакшылык?!.
Чериктер менен Каба тукуму чабышып кала жаздап, ортого эстүү баштуулар түшүп жатып
араңдан зорго бас-бас болду. Каба ат үстүнөн туруп Байзакка калыстык сөзүн айтты:
— Байзак балам, «Солтонун атынын байгесин талашып Сегизбектин балдары
кырылышыптыр» деген журтка жаман наам кала турган, атыңдын чыкканын биз көрдүк.
Менден баштап ушу турган элдин ичиндеги аттуу-баштуулардан күбө салып улукка арыз бер.
Бийлик азыр улуктун колуна өтпөдүбү. Орус калкы эмеспи, силер оруска жакынсыңар. Байгеңди
кестирип ал?!.
Арга канча. «Алы жетпеген акыретчил» дегендей Байзак буга да макул болду. Анан Каба
Кер кашка атты тиктеп туруп, камчы кармаган колун көтөрө жаңсап, ээрдин үстүнөн өйдө
обдула калды да Рысалыны карады:
— Кер кашка аттын даңазасын көп укчу элек. Тээ тетиги жерден тетиги жерге чейин менин
ээк алдымдан жүгүртүп өтчү, аяк таштап чуркаганын өз көзүм менен бир көрөйүн, балам?!.
Солтолор жапырт дуу дей түштү:
— Чап, Рысалы!.. Чап, Каба баатыр өз көзү менен көрсүн!..
Рысалы Кер кашка ат менен тай чабым жерге чейин барып, кайра тартты. Кер кашка ат ар
кай жерден бир тийип, Кабанын алдынан өттү. Туяктан серпилген топурактар уучтап
ыргыткандай асманды карай бүркүлдү. Каба сакалын экчеп, башын силкилдетти:
— Болду, болду, балам?! Баракелде! Күлүк болбосоң кое кал! Дал ушундай чуркайт деп
укчу элек!
IV
Байзак боз үйдүн оң капшытынын туурдугун керегенин беш көгүнө чейин кайра түрдүрүп
таштап, чыканагына катар-катар куш жаздыктардан коюп, аюу талпактын үстүндө уйку-соонун
ортосунда жаткан. Дал ошол учурда Шергазы эшиктен шып кирип келди. Бүктөлгөн камчысын
кош кабаты менен ортосунан бириктире кармап, эки колун бооруна кысып, Байзакка баш уруп,
жүгүнгөн келиндей ийилип салам берди. Капшытта желденип жаткан Байзак тигил добуштан
улам, илең-салаң козголду. Анан жүзүн оңго буруп, үзүлүп бараткан оорулуу адамдан бетер
ыңгыранды. Калбайган эриндерин бүлкүлдөтүп, кабагын бүктөп-бүктөп, көзүн жүлжүйтүп туруп
ылаалаган аттай башын ийкеп, ооз учу менен алик алган болду. Анын мүнөзүн байкап, «бир
балакет болуп кетеби» дегендей Шергазынын жүрөгү опкоолжуй түштү. Көптөн кийин же отура
албай, же тура албай коомайланып турган Шергазыны тумшугу менен жаңсап «отур» дегендей
бутунун аяк жагын көрсөтүп, ишаарат кылды Байзак. Шергазы бүктөлгөн камчысын бүктөөсү
боюнча оң тизесинин алдына басып, коломтого жакын, Байзактан обочороок отурду.
— И... — деди Байзак ыңгыранып, — таптыңбы?
— Жок. Таба албадым... Шергазы кылмыштуу адамдай башын шылкыйтып, жер тиктеди.
— Анда эмне кылыш керек? — Байзак мурункудан да кабаарып, катуу бүркөлдү.
— Башы, жогорку Кегетинин сайы, аягы — Кара-Балта, Сокулукка чейин атагы угулган жаңы
күлүктөрдүн бирин калтырбай көрүп чыктым. Бир да бирөөнүн жарачуусу жок экен.
— Анда эмне кылыш керек? — Байзак куйрукка тепкендей башын көтөрүп, оңурайып тура
калды...
Шергазы оор улутунду да, оң колунун алакан манжалары менен чекесин сыйпалап туруп:
— Али да болсо Кер кашка аттан үмүтүм бар, дагы бир чуркамы калгандай болду эле, —
деди.
Байзак баягыдан бетер буркуйду:
— Баатырдын ашына атап койбодук беле, жал куйругун отоп. Жазгы ыраңда кеткен. Чөйчөк
алды. Быйыл жалаң асыйы жыйырма беш. Картаң ат. Ичин майга жык толтурду. Карын-картасы
аңтарылбай, казысы сөөм болгондур. Анын этинен этти шылып эле таштабаса, кантип тапка
келет. Аш берерибизге кырк беш күн калса, аягы — Талас, башы — Көл, өйүзү — казак
Көкөтөйдүн ашындай ааламга бүт кабарлап койсок... Сага ишенип олтуруп, сени күлүк табат
деп, солтонун кыл куйругун бүт сайсам, аты чыккан эл казыгын сууруп, желесин кыркып, жер
майыштырып дүбүрөтүп айдап кетсе, ит улуп, эл кур жалак калса, анын айласы не болот?
Кабаарыган Байзакка Шергазы чечкиндүү сүйлөдү:
— Кер кашка атты колума тийгиз? Аракет кылып көрөйүн... Көңүл калтырбас, намыс алып
берер, чуу көтөргөн ак жолтой мал — Кер кашка ат.
Байзак дагы түнөрдү:
— Сөзсүз чыгарам, — деп айт! Кер кашка атты Суусамырдан эртең алдырып келип берем.
Кокус чыкпай калса башың менен жооп бересиң, чочком?!! Аракет кылып көрөйүнүңө макул
болгондой акмакты тапкан экенсиң? — Муруттары камандын жалындай тик сайылып, эки көзү
кутурган карышкырдыкындай кыпкызыл болуп канталап, заары бетине чыга түштү Байзактын.
Сөз бул күнү ушуну менен бүттү.
***
Эки күнгө жетпей Суусамырдан Кер кашка ат келди. Ошол саат Шергазынын колуна тийди.
Шергазы аттын ар жак, бер жагына чыгып, тегерене чуркап карады. Бүтүп калган экен жаныбар.
Борго байлаган өгүздүкүндөй бурталары эшилип, киндик майы калпактай буртуят, Куюшкандын
кошулган жериндеги үч кошкон кадимки чөйчөктөй чуңкур. Жылкы өтө семиргенде үч
кошкондун кошулган жери үңүрөйүп калат деген чын тура. Эки жамбаштын урчуктарындагы
балык эттер шишигендей өйдө көтөрүлүп олтуруп томпоюп көөп чыгыптыр. Мына ушундай
семиз, карт атты кырк күндүн ичинде Шергазы эмес, Толубай сынчы болсоң да оңуна салып
көр.
Байзактын жүрөгүндө дал ушул ой калды.
Кер кашка ат менен Шергазыга Аламүдүн капчыгайынын оозуна чыга бериштеги чоң сазга
атайын өзүнчө бөтөн, жалгыз үй тиктирип берди. Чечек чыккан эмедей айылдан окчун
кондурду. Кер кашка ат колуна тийген күндөн тартып саяпкердин күндүз тынчы, түнкүсүн уйкусу
жоголду. Атты да аяган жок. Кээ бир күндөрдө керээли кечке улакка салат. Ким сураса аябайт,
кармата берет. Карылуу аттарга урунуп, күлүктүн буту-колу сынып калбасын деп саяпкер ойлоп
да койбойт. Кечинде тери төгүлүп турганына карабай ээр токумун шыпырып, сазга жайдактап
агытып жиберет. Күндүн кайнап турган ысыгында да алыс-алыс катуу барып, катуу келет. Көлшал түшүрөт. Ошол саат көкүрөгүн бастырбастай отко кое берет. Көрсө казы-картанын майын
саздын балыр аралашкан суу чөбү кара курумга айландырат экен да, куркуратып ичин алып,
эриген майды шатырактатып айдап түшөт тура. Далай жолу ошентип ич майларын агызгандан
кийин саяпкер аттын табын дагы башка ыкмага салды.
Атайылап тигилген боз үйдүн сыртын кош кабат тутуулатты. Ортосуна ат баткандай кылып,
арчанын дүмүрүнөн калатып эки бөлөк коломто жасап, от жактырды. Ал кыпкызыл өрө
кийиздер менен чүмбөттөп, оорулуу адамды бууга алган табыптан бетер тер алып кирди. Адам,
ат да чыдады ошого. Бүткөн боюнан чоло жер калбай кара тер шорголоп, мончок-мончоктонуп
төрт туяктын тегерегиндеги кундуз жүндөрүнүн арасынан сызылган көз-көз чыбырчык эриген
майлар биринин артынан бири удаа-удаа тыпылдап таамп турду. Көрсө, Шекеңдин Кер кашка
аттын сырткы этиндеги кыртыш майын жойдуруп жаткандагы амалы тура. Бул жумуштарын да
көпкө созгон жок. Бат бүтүрдү. Андан кийин кай бир күндөрдө айыл-апада майда ат чабыштар
боло калса кошо берчү болду. Адегенде аттардын эң артында калып жүрдү. Анан аттын оор
этинен ажыраганын билип, дагы кай жеринде кандай кемчили калганына байкоо жүргүзчү
болду саяпкер.
Бир күнү Чүйдүн суусунун кууш жерине төрт арканды кабаттап толгой чыйраттырды да,
аркы өйүзү менен берки өйүзүнө керме тартты. Анан атты жайдактап туруп суунун чок ортосуна
аса байлап салды. Кызыл күүгүмдө чечип келип отко коюп тойгузуп туруп, кайра алып барып
байлап койчу болду. Качан гана ат муздак суудан ичиркенип чыйрыга баштап, керменин ар
жагына бир, бер жагына бир түйүлүп секиргенден кийин үчүнчү күн дегенде атты суудан
чыгарды. Көрсө, Шекеңдин Кер кашка ат чуркаганда баштагысындай болбой төрт бутун жай
таштап, буйдалып жүргөнүн байкаган тура. Шыйрак жиликтериндеги чучуктун тунук майынын
өтө жооноюп кеткенин билип жүргөн тура. Ал эми муздак сууга жилиги какшаса, картаң аттын
аягы жеңилдеп чучук майы ичкерет экен да. Муну билбесе саяпкер болобу?..
Отуз тогуз күн дегенде эртең менен Байзакка келип «атты колдон чыгарып бүттүм» деп
кабарлады Шергазы.
***
Туш-тараптан топ-топ эл келе берди, Аштын шаан-шөкөтү башталды. Жер-жерлерден
келген күлүктөрдүн бирин калтырбай кыдырып, Шергазы көрүп чыкты. Кечке маал ат суутууга
жөнөөрдүн алдында атайылап тигилген үйүндө чай ичип олтурган болчу Шергазы. Аңгыча
болбой үйдүн өпкө тушунан бир аттын дүбүртү өттү. Аны уккан Шергазынын колунан чынысы
ыргып кетти. Саяпкердин жүрөгү «болк» дей түштү. Эшикке кепичин кийбестен маасычан
чуркап чыкты. Жанагы ат көп жерге узап кетиптир. Ошол атты, ошонун саяпкерин көргүсү келди
Шергазы. Чыдай албады. Өзү минип турган карагерине шапа-шуп аттанып, камчы үстүнө камчы
уруп, артынан жөнөдү. Барса, Теңгечинин тору аты деген таластыктардын аты экен. Атты бир
бала жайдактап, ары-бери жетелеп, терин кургатып туруптур. Тору ат Талас өрөөнүн бүт баскан
атактуу ат. Саяпкери Нанай деген киши өмүрү күлүк чаап, күлүк таптагандан башка кесип
кылбаган адам. Аттын күлүктүгүндө өөн жок. Телегейи тегиз келген. А дагы бир Кер кашка
аттын өзү көрүнөт. Ат табына канган. Жалгыз чыгаары гана калган. Бул ашка келген күлүк
аттардан бирден-бир чочулаганы ушул ат болду Шергазынын. Бул ат каргыш жегендей
Шергазынын жүрөгүн өйүдү. Саяпкери да мыкты. Ат да күлүк. Анын үстүнө эч жеринде өөн жок.
Кыл табында. Кер кашка атты бир мерт кылса ушул мерт кылат. Эмне кылуу керек?
Шергазынын айласы кетип калды. Өзүнүн саяпкер экенин билгизбей атты көрмөксөн киши
болуп, шылкыйып, илең-салаң бастырып, кайра өзүнүн үйүнө келип түштү. Келээри менен Кер
кашка аттын ар жак, бер жагына чыкты. Бир жеринде кырты бардай жүрөгүнө жипкирип туруп
алды, көп ойлонду. Бирок өзүнүн акылы жетпеди.
Бул учурда Кер кашка атты көрөбүз деген саяпкерлердин да тынчы кетип жатты. Биринен
сала бири келип, астыртан уурданып көрүп кеткендери да болду. Шергазы анчалык тартынган
жок, келген элге ачык эле көрсөтүп турду. Анын эси-дарты тиги таластык саяпкерде. «Ошол
келип көрсө, ошол эмне дейт? Ошол билет Кер кашка аттын кай жеринде эмне жетпегенин!
Андан башка саяпкерлерден көргөнү эмне, көрбөгөнү эмне?» Шергазыда ушул гана ой калды.
Акыры Таластын саяпкери, Нанай да келди. Кер кашка атты көрдү. Шергазынын санаасы
тынды. Бирок саяпкер сырды тышына чыгарбай, ичине катып туруп алды. Жөн гана көңүл улап:
«Жакшы экен. Табында экен. Эч кирти калбаптыр. Баракелде! Жакшы таптаган экенсиң» - ушуну
айтты: «Жалгыз гана кирти, бел сөөгүнүн кыр аркаларында май калган. Ошондон ажыратсаң,
атың чыгат, болбосо калат». Шергазы Нанайдын оң айтпай тетири айтып турганын байкап,
кыжыры келе түштү: «Сиз билгенди биз да билебиз. Картаң ат белине күч жыйнабаса чуркай
алабы. Ал майдан ажыратканда атта эмне ал калат».
Нанайдын оозу ошону менен казан көмкөргөндөй жап болду. Бирок Шергазы билбей
турган Кер кашка аттын дагы кемчиликтери бар болучу. Ага Нанайдын көрөөрү менен көзү
жеткен. Айткан жок.
Мунун сыр жашырганын Шергазы да билди. Бирок айла канча?
Таластан келген коноктордун үйүнө кызмат кылып туруу үчүн алдыртан тыңчы катары
Рысалыны жиберишти. Рысалыга Нанайдын гана тили керек эле. Рысалы Кер кашка атты чаап
жүргөн бала экенин таластыктар кайдан билишсин? Анын кулагы укпаган «дүлөй» тили
сүйлөбөгөн «дудук». Бул атайын жасалган иш болчу. Коноктордун үйүнө от жагат, чай сунат,
кызмат кылат. Сөз сурашса жооп бербейт. Кыйкырса укпайт. Меймандарды жаткырып коюп
кетип калат. Нанай Кер кашка атты көрүп келгенден кийин таластыктар аны тегеректешип,
аттын жайын сурашты. Нанай кыйыктангансыды. Тиги үйдө кызмат кылып жүргөн баладан
чочулагандай шектенди. Эл жаалап кетишти: «кулагы «дүлөй», тилсиз «дудук», анын
эмнесинен шек аласың?»
Нанай көпкө чейин тарткынчыктап туруп, анан муну айтты: «Кер кашка атта эки айып бар.
Саяпкери мыкты экен, семиз атты кыска убакыттын ичинде чукул кайрып тапка келтириш деген
оңой иш эмес.
Биринчи айыбы, жайлаган жайлоосу таштуу төр болсо керек. Туягы кичирейип, тукулжурап
калыптыр. Анын үстүнө колго алгандан бери этинен аздырам деп олтуруп, атты катуу кыйнап
таштаган. Таптагандан бери така көрбөптүр. Ар бир секирген сайын бир элиден кемип түшөт,
анткени төрт туягы тең тайпаң болуп калган.
Экинчи айыбы, ичке жиликтеги чучук майды алам деп жатып сууга көп байлап таштаган.
Чыйрыгып олтуруп картасына катуу тезек пайда болгон. Ат кабагын салып турбайбы, эки көздүн
чанагы тойбой. Аны оңой мечен түшүрө албайт. Ат күч менен аттаганда ичи ооруйт, катуу
секирип, кериле түшкөндө ичке картаны ошол каткан бир тоголок тезек өйкөйт. Анан ат
ойдогудай чуркабай, аярлап чуркайт. Бул экөөнү Шергазы тапса Кер кашка ат чыгат. Таба албаса
биздин ат чыгат».
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кара шумкар - 20
  • Parts
  • Кара шумкар - 01
    Total number of words is 4039
    Total number of unique words is 2081
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 02
    Total number of words is 4038
    Total number of unique words is 2083
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 03
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2127
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    49.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 04
    Total number of words is 3915
    Total number of unique words is 2227
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 05
    Total number of words is 3950
    Total number of unique words is 2070
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 06
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 2073
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 07
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1971
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 08
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2065
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 09
    Total number of words is 4041
    Total number of unique words is 2087
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 10
    Total number of words is 3972
    Total number of unique words is 2052
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 11
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 2089
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 12
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 2108
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 13
    Total number of words is 3941
    Total number of unique words is 2071
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 14
    Total number of words is 4070
    Total number of unique words is 2237
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 15
    Total number of words is 4157
    Total number of unique words is 2228
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 16
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 2128
    31.7 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 17
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 2139
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 18
    Total number of words is 4036
    Total number of unique words is 2374
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 19
    Total number of words is 4168
    Total number of unique words is 2153
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 20
    Total number of words is 4197
    Total number of unique words is 2021
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    45.1 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 21
    Total number of words is 4081
    Total number of unique words is 2171
    30.8 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 22
    Total number of words is 1524
    Total number of unique words is 1009
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.