Latin

Кара шумкар - 09

Total number of words is 4041
Total number of unique words is 2087
31.5 of words are in the 2000 most common words
43.2 of words are in the 5000 most common words
50.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
тетири жоруктарын көңүлүнө албайт. Баарына чыдайт.
Чыныбай Кудайбергендин чебер комузчу, ашынган мүнүшкөр экенин күн мурун угуп
жүргөн. Бирок бул эки өнөрдү Чыныбай баалаган эмес. Ал күйөө баланын өзү сыяктуу эл
башкарып жүрүшүн каалаган. Кайнатасы жактырган бул даражаны Кудайберген жактырчу эмес.
Ошондуктан Чыныбай күн сайын жок шылтоолорду таап, Кудайбергенди кырсыктап жатты.
Бир күнү эрте бешимде Кудайбергендин колуна ошол күнү жаңы кармалган жапан кушту
жеткиртип берди кайнатасы. Алып келген адам бир ооз төмөнкүдөй дубай салам сөз айтты да,
кете берди: «Бул кушту эртең ушу маалга чейин тапка келтирип кой... Көп киши менен барам».
Кудайберген буйруктун катуу экенине түшүндү. Эгерде бул жаңы кармалган жапан куш
эртеңки бешимге чейин тапка келбесе, тапка келген күндө да, шилтеген жерде илбесинди
шыпырып түшпөсө, ага кыз түгүл кызыл туз жок, жолдош-жоросу менен сандалган бойдон
жолго түшөт.
Жапан куш өтө семиз. Чаркырайт. Колго конбойт. Чалкасынан кетет. Кышылдайт. Төшүнө
кол батпайт. Бир аз тынч ала калганда акактап, эки канатын шалак таштап жиберет. Чаап келип
токтогон семиз аттан бетер солуктап турат. Мындай куш мүнүшкөрдүн мүнүшкөрүнүн колуна
тийсе да, бир күн эмес, бир жуманын ичинде тапка келбейт эмеспи. Арга канча, колдон келбейт
дегенден көрө аракет кыла турган болду.
Кудайберген ошол кезде жыйырма жаштын ар жак — бер жагында, мүнүшкөрлүгү да,
комузчулук шыгы да кылдат жетилип, ташкындап турган. Ал кушту ошол замат колуна алды да,
бир чоң чака муздак суу алдырып келди. Куштун буту-колун, канат-куйругун куушура кармап,
улам муздак сууга шөмтүрөтө малып, тумчугуп баратканда кайра тартып алып турду. Колуна
жай олтургузбай, тынчын улам кетирип, кылт-кылт эттирип, канат-куйругун жыйдырбай,
калдактата берди. Кайра-кайра муздак суудан чоң-чоң ууртап алып, эки канаттын алдындагы
такыр колтукка катуу-катуу бүркүп жатты. Куштун калтыраганы басыла түшүп, жоошуй калганда
чакадагы сууга тумчуктура малып, кайра тартып алат. Түнү менен кыз-күйөөгө арналып обочо
тигилген ак өргөөдө «кыз оюн» жүрүп жатты. Боз улан жигит-кыздардын, керилген кең
соорулуу, чачпак байланган келиндердин шарактаган күлкү, шаңшыган обондору...
Кудайберген кушту дал ошол көпчүлүктүн ызы-чуусуна үйүр алдырып, үргүлөтпөй, уйкусун алып
жатты. Бул түнү үч макулукта тырп эткен тыным, чырм эткен көз ирмем болбоду. Алардын
бирөө жанына жапа чегип: «түндөн түгөл чыгамбы, жокпу, менин өлүмүмбү же өмүрүмбү» деп
жаны кулагынын учунда турган туткундагы жапан боз чаар куш болчу. Экинчиси, анын тынчын
кетирип айласын түгөтүп жаткан Кудайберген мүнүшкөр. Үчүнчүсү, Кудайбергендин жанынан
чыкпай, «ушунун тилеги ордунан чыгып, эртең кушу ууга жарап бергей эле» деп, улам чакадагы
суудан «келе» деген сайын чөмүчтөп сузуп берип жаткан Шааркан. Бул үчөөнөн башкалары
оюн, күлкү, тамаша менен алек. Таң аппак атканда «кыз оюн» тарап, өргөөдө Кудайберген,
Шааркан, жапан боз куш үчөө калды. Үчөөнүн тең көзү чайыттай ачык, кирпик ирмөө жок.
Ээн калган өргөөнүн ичинде Кудайберген кушка узун танап боо такты да, учун Шаарканга
карматып коюп, керегенин аркы капшыты менен берки капшытынан кушту чакырып, үндөй
баштады. Куш моюнун созуп, тумшугун ормоңдоткон болду да, Кудайбергендин колундагы
кызарган этке көңүлдөнбөй, чамгарактан ачык асманды, жылып бараткан булутту тиктеп, уча
тургандай канатын жайып барып, кайра жыйып алды. Кудайберген кушту чакадагы муздак
сууга дагы чөмүлтүп, эки такыр колтукка кайра-кайра муздак суу бүрктү. Анан колуна кондуруп,
эшикке алып чыкты. Ал куштун асманды эңсеп, көктөн көзү өтүп, учкусу келип турганын, колдон
чыкса жылт коёрун байкады. Күнгө чыкканда куш ого бетер калтырап, ого бетер титиреди. Анан
бир аз жоошуду. Кечээкидей чалкасынан кетип чарылдабай, колдо тынч алып олтуруп калды.
Ошол замат Кудайберген мээлейдин салаасынан кызартып эт көрсөттү. Куш көңүлдөнүп, бирэки чокуду эле. Кудайберген жемин кайра тартып алды. Куш эми ормоңдоп, жүнүн жайып,
Кудайбергенди жапан куштай эмес, таптагы куштай болуп тиктеди. Анын адамга үйүр алып
келатканын куштун көзүнөн биле койду Кудайберген. Боорун сылап, төшүн кармады, куш
чочуган жок. Бир түндүн ичинде этинен оой түшкөнүн байкады. Анан үстөккө-борток
шыпылдатып, канат-куйругун сылап-сыйпады. Көзүн көзүнө жакындатты, тиктешти. Куш башын
тартып албады. Танаптын учун Шаарканга карматты да, кушту жерге таштап койду. Эшиктөрдөй барып, колун көтөрдү. Мээлейден жем көрсөттү. Куш учуп келип, Кудайбергендин
колуна конду. Бир чокугандан кийин жемин кайра тартып алды. Кушту кайра жерге таштады.
Куш Кудайбергенден көзүн албай, колу кыбыраган сайын аны тегеренип, ээрчип уча баштады.
Кудайберген Шааркандын колунан куштун кыска боосуна уланган узун танап жипти алды
да, бетаарчыга салмоор таш ороп, жиптин бир учун ага байлап койду. Анан кушка жемди
чокутса чокутуп, чокутпаса чокутпай улам бат-бат «бопулап» чакырып отурду. Үндөгөн сайын
куш шак-шак келип, Кудайбергендин колуна конуп жатты. Конгон сайын Кудайберген куштун
эки көзүн тиктейт. Анын ички сырын, арам оюн байкайт. Эгер куш кача турган болсо, анын көзү
тетирлеп, тескери карайт. Мүнүшкөр менен тиктешип, мени коё берсең кантет дегенсип, ага көз
каранды болбойт. Качпай турган куш гана ээсин ээрчип имерилет. Эки жакты карабай жем
үмүтөтөт. Ушундай мүнөз бул куштун кебетесинен байкалып турду. Бирок толук ишенүүгө
болбойт. Куштун тил алчаак, ак эдил экенин Кудайберген билди. Ошондой болсо да, дагы
жетпеген өксүктөрү бар өңдөнүп туруп алды.
Кушту күнгө алып чыкканда, калтырагы басылып, жүнү кургагандан кийин бүткөн бою
жылый түшкөн. Асманды улам-улам бат-бат тиктеп, оболоп учкусу келип турганын биле койгон
мүнүшкөр, ошол замат кайра үйгө алып кирип, чакадагы муздак сууга дагы чөмүлтүп,
шөмтүрөттү. Кушту кайра калтырак басты. Ошонусуна карабай, колдон түшүрбөй канатын
жыйдырып, тынч алдырган жок. Куштун бир аз жаны жай алып, бүткөн бою жылып, көз ирмем
көшүй түшсө, кечетен берки мүнүшкөрдүн ага кылган аракети талаага кетмек. Куштун эти көбө
түшүп, ыксырай калмак. Анда куштун көңүлү бузулуп, чабыттусу жанып кетпейби. Андай
болгондо кайра оңдоп-түздөп калыбына келтириш үчүн дагы бир күн, бир түн керек. Анда
мүнүшкөрдүн убакытты уттурганы, каардуу кайнатанын каарына калганы... Анда Шааркандан
ажырады, колуктусу колгон тийбей калды дей бер.
Кудайберген ушундай жан-алакетке түшүп жатканда, эшиктен дүбүрттөгөн аттын добушу
угулду. Шааркан өргөөдөн жүгүрүп чыкты. Атасынын жиберген кабарчысы — чабарман жигит
экен. Кудайберген кабарчы жигитке өргөөдөн чыкпай туруп, катуу ун чыгарып, жооп кайтарды.
— Даярмын. Жолдоштору менен аттанып чыга берсин.
Чабарман ат мойнун шак буруп, сызган бойдон кетти.
Кудайберген куш менен алек болуп жатып, убакыттын чукулдап калганын билбей калган
экен. Күн эрте бешим болуп калыптыр. Шаарканды жолдошторуна чуркатты. Ага чейин кушту
жерге таштай коюп, эки жолу үндөдү эле кол көтөртпөй шак-шак келип конду. Мүнүшкөрдүн
ичи жылый түштү.
Чыныбай тараптан жыйырмага жакын топ, Кудайбергендин жолдоштору кошулганда кырк
чамалуу караан көлдүн кылаасын көздөй бастырышты. Буга чейин куш жүнүн кургатып, көңүлүн
сергитип алды. Көзүнөн канаттуу илбээсиндин карааны учуп, күнү-түнү өпкөсүнө муздак суу
өтүп, өзөгү карарган ачка куш эмнеге болсо да тап берген турат. Алыстан ала карга, ак сары,
кулаалы, күйкөлөрдүн карааны көрүнгөн сайын колдогу жеминдей көрүп талпынып, темине
берди. Бирок аларга Кудайберген коё бербей калсын. Бир аз бастыра түшкөн жерде, көлмөлүү
чалчыктан топ өрдөк учту эле, куш ага да жулунду. Кудайберген куштун ышкысын күчөтүп,
шилтей турган болуп кызыктырып, талпынтып-талпынтып койду да, кайра тартып алды. Көл
жээгиндеги топ-топ чычырканак, камыш, талдарга жеткиче мындай окуялар нечен жолу
кайталанды. Үйүр-үйүр менен чилдер, жапан каздар учту, кушту коё берген жок. Улам
кызыктырат, улам тап бердирип коёт. Коё бербейт. Эки тараптан тең шаштысы кетип,
мүнүшкөргө таң калып келатышат: «Эми качан? Качан салат кушун?»
Бир кезде каардуу кайнатасынын сакал-мурутунун талтал кылдары кара камандын
жалындай тик сайылып, чамбыл суудай өңү бузулуп, ачуусу келип баратканын Кудайберген
байкады. Ошого чейин ал, кушту ого бетер делбетап болуп, ого бетер ышкысы күчөгөндөн
күчөй берсин деп, көзүнө көрүнгөнгө жулунтуп, коё бербей келаткан. Аңгыча токойдун чет
жагындагы топ чычырканактын арасынан кыргоолдун бир кызыл корозу эл караанын көрө
коюп, оттоп жаткан жайытынан жүгүргөн бойдон жорголоп кирип кетти. Кудайберген ошол топ
чычырканакты беттеп бастырганда, катарда келаткандар ат тизгинин тартып, тура калышты.
Чычырканактын түбүнүн арасы ачык эле.
Кудайберген менен кушту көргөн кызыл короз бир орунда тура албады, топ чычырканактын
башынан тип-тик бийик көтөрүлүп, «бар» деп учуп чыкты. Ошол учурда Кудайберген кушту
кыргоолду көздөй таш ыргыткандай уруп калды. Куш кызыл корозду тарс илип алып, бакыртып
эңип түштү. «Ажыратып алыңыздар» деп Кудайберген ат тизгинин артка буруп, бастыра
берди...
Бир күн, бир түн ичинде жапан кушту тапка келтирген мүнүшкөрдүн өнөрү баа жеткис
экенин каардуу кайната ошондо араң баалады.
Эртеси кызын кошуп, күйөөсүн узатты.
САТЫЛГАН МҮНҮШКӨР
Кудайберген Сатылган мүнүшкөр менен катыш болчу. Анын өтө чебер, кыл тапкөй
экендигине кызыгып жүргөн. Сатылган Аламүдүндүн капчыгайында төрөлүп, ошол жерлерди
мекендеп, ошол жерде өскөн адам. Ал жалаң гана мүнүшкөр эмес, куш күйгөн саятчы да
болгон. Бир жыл Кудайберген Сатылгандыкына күзүндө келип, жазында араң кетти. Аны
жипсиз байлаган — Сатылгандын мүнүшкөрлүгү, куш салгандын кызыгы. Кетеринде Сатылган
менен убадалашты: «Келерки жылы Кочкорго көчүп кел. Кышта. Эрмектешип куш салалы. Атытонуң, согумуң менин мойнумда болсун. Көңүлүңө биздин эл-журт жагып калса туруп
калаарсың. Бул жерде деле жакын ага-иниң жок экен. Жалгыз түтүн турбайсыңбы. Кокус,
Аламүдүндүн капчыгайын сагынсаң кайра көчүрүп, жеткирип коём».
Сатылган макул болду. Убадасы боюнча ошол жайда унаа жиберип аны Кудайберген
көчүрүп алды. Сатылган Кочкорго кур кол келген жок. Өзү менен кошо үч куш ала келди. Бирөө
жаңы түлөк көк куш. Тоодакчыл. Муну тоодактан башка илбесинге көргөзбөйт. Экинчиси, дагы
бир боз куш. Аны эмнеге болсо сала берет. Үчүнчүсү, уядан жаңы учкан татынакай кыпкызыл
чүйлү. Бул кекилик, чил, өрдөк, кыргоолдун токмогу. Атайын ошол үчүн кол менен жасап
койгондой.
Кыш бою Кудайберген менен Сатылган ителги, куш салып жүрүштү. Кудайбергенде бүркүт
да бар эмеспи.
Анда-санда Кара-Тоого, Туздун ак чаптарына барышып, бүркүт агытышат.
— Сатыке, — деди Кудайберген бир күнү аны менен өз үйүндө чай ичип жай олтурганда. —
Мен сизден уялып, бир жашыруун сырымды айта албай жүрөм.
— Айта бер. Эмнеге уялат элең?
— Менин тигил кызыл кушум деле тоодакчыл. Шамдагай. Тоодакты ордунан учурбай жетет.
Бирок ошондой болсо да экөөбүздү бир тоодак ыза кылып жүрөт. Анын кордугу кушумдун да,
менин да жаныма батты.
— Э, ботом, ал кандай тоодак, ошончо тоодактын ичинен бөлүнүп, силерге эрегишип
калган.
— Жо-ок. Ал жалгыз жүрөт. Жалгыз оттойт.
— Кайда?
— Босто. Кочкор-Атанын сайында. Өгүнчөрөөк сиз үйдө жокто кушумду эки-үч жолу салып,
алдыра албай койдум. Дегеле жакындатпайт, караанды көргөндө шекшинет да, капкайданалыстан учат. Шилтесең куш өксүп, жетпейт. Өтө чоң тоодак. Балким, тоодактын эркеги болсо
керек.
— Андай болсо ага аракет кылып көрөлү. Бир жакка жер которуп кетип калды го.
— Жок... Кетпейт, кеткендей, куш менен кармашып, запкы көрө элек. Кечээ эле көрдүм,
жүрөт.
Эртеси күн аркан бою көтөрүлүп, чоң шашке болуп калганда Кудайберген менен Сатылган
Кочкор-Атаны бет алып бастырышты. Сатылган колуна алиги көк кушун кондуруп, Кудайберген
салт чыкты. Ал ойлоду: «Баары бир менин кушум ала албаган тоодакты мунун кушу алмак
беле».
Булар Кочкор-Атанын санына жакын келгенде баягы жалгыз тоодак мойнун койкойтуп, алда
кайдан көрүндү: — Тигине, — деди Кудайберген, — бизди көрдү.
Сатылган кушун оң капталына далдалаган болду эле куш жерди көздөй жулунду. Анткени,
куш тиги жалгыз тоодакты булардан мурда көрүптүр. Кушту жерге таштап жиберди Сатылган.
Анан Кудайбергенге карап: «Биз көрмөксөн болуп, кыбыратып бастыра берели. Колубузда куш
жок болгондон кийин ал бизден шектенбейт. Куш кандай аракет кылар экен, ошого алыстан көз
чаптыралы» деди.
Сатылган айткандай, баягы койкоюп турган жалгыз тоодак мойнун жерге салып оттой
баштады. Буларды өзүнчө кетип бараткан көп караандын бири деди көрүнөт, жайланып калды.
Атчандар алыстаганда, көк куш ордунан көтөрүлүп учту. Аны көрүп, тоодак да койкоңдоп,
шектенгендей эки жагын каранды. Куш кулаалыча салпактап, бир түп алтыгананын үстүнө, же
жерге конбой, же сызып учпай, калкактап туруп алды. Анда-санда эки канатын эпеңдетип,
назвайчы күйкөчө бийлеген болот. Тоодак кушту кулаалы экен деди окшойт, капарына албай,
кайра оттогонго кирди. Ошол учурдан пайдаланып, көк куш тоодакты көздөй жакындап сызды.
Кара тоодак дагы баш көтөрүп, ары-бери койкоктоп уча турган болгондо, куш мурунку
калыбындай кулаалы кейпине келе калды да, тоодакка жакын жердеги топ куурайдын арасына
талп этип түшүп калды. Тоодак анын чычканчы шалпылдак «көк кулаалы» экендигине эми
даана көзү жетти окшойт, мурункусундай тынч алып, жайбаракат оттой баштады. Куш менен
тоодактын аралыгы өтө чукул, аркан боюндай эле калган.
Куш өлчөөсүнө жете түштү көрүнөт, тоодак башын жерден көтөрө электе куурайдын
арасынан типтик жогору атып чыкты да, жаанын огундай зуулдап, тоодакты түптүз качырып
сала берди. Чукул кирип келген куштун сүрүнөн апкаарый түшкөн тоодак, же уча албай, же
чуркап кача албай акылынан адашып, карбаластап калды. Баятан бери шектенип олтурган «көк
кулаалы» эмес, көк куш экенин билгенден кийин тоодактын жүрөгү кабынан чыгып, оозуна
каптала түштү. Оңуттуу жерден кол салган жоо аячубу, көк куш тоодактын далдайган төшүнө
чап жабышаары менен баштан алды. Куштун ороктой иймейген учтуу текөөр тырмагы
тоодактын он көзүнүн алдыңкы кычыгына бата түшкөндө, көздүн кареги үзүлгөн мончоктой
мөлт этип, сыртка чыга түштү. Оозун кошо капшыра кармагандыктан, тоодактын бакырарга
чамасы келбеди. Тоодак башын куштун курч тырмактарынан бошото албай жанталашып,
булгалактай берди. Кармаш көпкө созулду.
Тоодак кушту шыпыргыдай далдайган канаттары менен чапкылай баштаганда мындайдын
неченин башынан өткөрүп, жедеп машы чыккан көк куш эки канатын мүрүсүнө чейин бек
кысты да, тоодактын бир колтугуна башын катып, бооруна кирип кетти. Тоодактын кушка
каршы аракети эч нерсеге арзыбай калды. Анын далдайган канаттарынын сабоодой
чалгындары куштун денесинин бир жерине тийбей, куру жерди чаңдатып, сабай берди.
Ансайын көк куш тоодактын башын катуу кысып, алкымын кыйкылдатып, муунтуп олтурду.
Буларга алыстан көз чаптырып турган Кудайберген менен Сатылган аттарын сабаган бойдон
жетип келишип, ат үстүнөн экөө тең учуп түшүштү. Биринен бири кутула албай топурак-чаңдын
арасында кызык-ала болуп тытышып жаткан тоодак менен көк кушту экөөлөп жатып араңдан
зорго дегенде ажыратышты. Тоодак куштун колунан бошонору менен мүрдөмгө келбей жан
берди. Куштун курч тырмактары анын бакалоорун эзип коюптур. Куш да эки канатын шалк
жерге таштап жиберип, далайга чейин акактап, көптөн кийин эс-учун жыйды. Тоодак болжолсуз
чоң экен. Бери болгондо төрт-беш кар баскан көрүнөт. Текөөрлөрүнүн жоондугу адамдын
бармактарындай. Буттарынын арыштары карыш-карыш. «Тоодактын эти — токтунун эти,
улардын эти — улактын эти» дегендей, Кудайберген байланып бастырганда тоодак жагы
кадимкидей салмактанып турду.
***
Түн ортосунан ооп, үркөр жамбашка кыңкайып калган. Асмандагы жыбыраган эсеп жеткис
жылдыздар кек темирдин бетине чебер уста чегелеп каккан күмүш мыктардын бөркүндөй
жаркырайт. Үлп эткен жел жок. Түн караңгы. Тынч. Кудайберген чапанын желбегей жамынып,
кепичин бутуна коңултак илип алып, эшикке чыкты. «Сан жылдыздын жарыгы жалгыз айча
болбойт» деген чын эмеспи. Кудайберген жылдыздуу асманды тегерете имерип көз жүгүрттү
да, анан тамынын артындагы жапыс ноолусун бир айланып барып келди. Ноолунун ичинде түптүп чыккан жапан талдар бар. Ошол талдардын бирөөнүн түбүнө жыгачтан жамай салып, акыр
жасап, ага согум бээсин байлап койгон. Ар түн сайын таңга жакын же андан мурунураак туруп
алып, ноолуну бир сыйра айланат да «караан-параан көрүнөбү» деп жат көздөн алакчылап,
ошол бээсине көңүл бурган болот. Бир себептен анысы да туура. Күзгө жакын ууру-кески болуп
калышы да мүмкүн. Айрыкча согум учурунда. Көбүн эсе уурусун күчөтүп турган өз туугандары.
«Билинсе ордуна тай-тулаң кылып, ит жеминдей бирдеме берип тынаарбыз. Бизди
Кудайберген эмне кылмак эле. Уй мурдун сасык деп кесип салбайт. Жамандыкка кете алабы.
Билинбесе жегенибиз жеген» деп тобокелге салып, эрдемсип кетмейлери да бир эмеспи,
алардын.
Кудайберген кадамын жай таштап, үйүнө жакындап калганда кошунасы Сатылгандын үзүктуурдугунун тамтыгы чыгып бараткан кара алачыгынын жыртыгынан жылтылдап от чыгып
жатканын даана көрдү. Көпкө чейин ойлонуп, токтоп калды:
«Чунак киши. Түн ортосунда от жагып жатканы эмнеси. Ууру кылабы? Койчу, кантип ошого
барсын. Ууру кылыш колунан да келбейт эле. Болду-болбоду бул кишинин бир жашыруун сыры
бар».
Кудайберген жакындап барып, Сатылгандын үйүнүн жыртыгынан шыкаалап, үй ичине көз
жиберди да, үйдүн булуң-бурчун тегерете карады. Абайласа, үйдүн оң капшытында көйнөкдамбалчан, жыңайлак, жылаңбаш, көк кушун оң колуна кондуруп, сол колуна топтолтура суусу
бар аякты куштун ээк астына кармап турган Сатылганды көрдү. Куш аяктагы суудан ууртап алып,
тамагын былкылдатып, асманды карап мойнун созуп, кадимкидей ичип жатат. Кудайберген таң
калды. Сатылгандын бул жоругу кандай, түн ортосунда туруп алып кушка суу бергени?
Эртең менен чайда олтурганда Сатылгандын түндөгү жоругуна кызыгып калган Кудайберген
сурады:
— Ээ, Сатыке, түн ортосунда туруп алып кушуңузду сугарып жатыпсыз, бул өнөрүңүзгө жол
болсун? — деди.
— М... анан сугарбаганда, анын эмнесине таңыркай турган иш. Куш кечээ тоодак менен
катуу кармашты. Чарчап-чаалыгып, жүрөгү катуулап согуп, көкүрөгү какшып ачышты. Анын
үстүнө семиз тоодактын ич эттеринен лакыя тойгузуп койдук. Анан түнкүсүн акактап ал
суусабаганда ким суусайт. Анан ошо маалда туруп суу бербесе куш кызыл май болуп семизинен
бузулган жылкыдай канат-куйругунан ажырап, тоголонуп калбайбы?
Кудайберген Сатылгандын тапкөйлүгүнө ыраазы болуп, ага баш ийип, моюн сунду.
— Баракелде, Сатыке! Баракелде! Мына ушул өнөрүң меникинен ашыгыраак экен.
Күз кирип келди. «Анжиянда куш базары да бар, анда куш аттан кымбат» деген имишимишти Сатылгандын кулагы көптөн бери чалып жүргөн. Соодагерлерге кошулуп, Сатылган да
Анжиянга жөнөп кетти. Бетине кармаганы жалгыз көк куш. Көк куштун тоодак алышы кийинки
жылдарда улам кемчил чаап бараткан, картайгандыкы го.
Анжияндын базары чындыгында чоң базар экен. Алуучусу да көп, сатуучусу да көп. Кой
базары бир бөлөк, уй базары бир бөлөк. Жылкы сата турган базар өзүнчө бир башка. Сатылган
куш базарына кирди. Куш деген неме батпайт. Бери болгондо жүздөн ашык. Кушка кардарлар
капкайдан келет экен. Бул жолку базарга түшкөн куштардын көпчүлүгү жаңы кармаган жаш
куштар. Алар бат эле өтүп кетти. Сатылгандын көк кушун сураган бир да жан жок. Көрүп алып
тескери басышат: «А... Көк мыкый. Картаң. Мунун колунан эч нерсе келбейт». Сатылган эмне
кылаарын биле албай, кайсалап калды. Анан ошердеги жергиликтүү анжияндыктардан сурады:
— Бул силердин жерде тоодак болобу?
— Болот.
— Кайда болот?
— Мына ушундан ары барсаңыз күрүчтүн аңызы бар. Ошол аңызда оттоп жүргөн тоодактар
чымчыктан көп, — орто жашап калган быжыгыр кара сакал карыя кол жаңсап, күн батыш
тарапты көрсөтүп койду. — Бул кушуңуз тоодак алабы?
— Алат.
Эртеси Сатылган кечеки карыя айткан жакка чапкан бойдон барып, көк кушка эки тоодак
алдырып жетип келди. Анжияндын тоодактары баёо куш көрбөгөн тоодактар болот экен.
Жанына жакын бармайынча учушпайт. Сатылган кыйналган жок. Кушун кыргыйча шилтеп
салып, эки тоодакты бөдөнөдөй илдирип алды. Экөөнү эки жагына салаңдата байланып, көк
кушун кондуруп Анжияндын бир чоң көчөсү менен келатканда көчөнүн аркы өйүз, берки
өйүзүндөгү элдин бири калбай Сатылгандын артынан түшүп, чууруп жүрүп олтурушту.
— Ушул куш алдыбы?
— Мага сатыңыз.
— Жок, мага сатыңыз.
— Жыйырма сом берем.
— Отуз сом.
— А... анын үстүнө мен он сом коштум.
Ошентип, биринен бири ашып олтуруп, кечээ базарда он сомго чыкпаган көк куш, кырк
сомго барып токтосо болобу. Аңгыча ар жактан эки этеги учунан тилик, көк бейкасам
чапанынын сыртынан үч-төрт чаар жоолукту кабат-кабат курчанган, узун бойлуу, карасур жигит
басып келди да, жабалактаган элди токтотуп Сатылганды үйүнө ээрчитип кетти. Ошол түнү
сырттан барган он жолдошу менен Сатылганды коноктоду. Эртеси онуна он чапан жаап, он топу
кийгизип, Сатылгандын алдына кырк сом коюп, көк кушту алып калды.
«БИР ОЛОҢ»
Карымшак Боомдун капчыгайын өрдөп жалгыз келатат. Ал мындан бир жума мурун бүркүт
издеп Чоң-Кеминге барган. Кеминде бүркүт, куш күйгөн саятчылар көп деп уккан.
Саятчылардын көбү көп экен, бирок, куш-чүйлүдөн башка ителги, бүркүт кармай алышпаптыр.
Карымшактын аяктан жолу болбой кайтты. Өзүндө бүркүт болсо, Чоң-Кеминге ага суутуп
коюптурбу. Өзүндө жок. Көп жылдан бери салып жүргөн түлкүлүк бүркүтү бар болучу. Мындан
төрт-беш ай мурун анысы кагынып өлгөн. Ошондон бери бүркүт издеп жүрөт. Колунда алгыры
болбогондон кийин «мен мүнүшкөрмүн» дегенге ким ишенет. Ал катардагы жөнөкөй адамдын
түгөйү да. Кесиби мүнүшкөр болгон адам канаттуусуз кур кол тура албайт эмеспи. Карымшак да
ошолордун бири. «Баланча элде, баланча деген киши бүркүт кармаптыр» дегенди укса болду,
ошо жакты көздөй чү коёт Карымшак. Ал жакшы бүркүтпү, жаман бүркүтпү, бербейби, сатабы,
сатпайбы, аны менен Карымшактын жумушу жок. Иши кылып ошого жетиш керек.
Жанында жолдошу болбогон жалгыз жолоочуга жол арбымак өзүнчө бир балакет, азап
эмеспи. Карымшак анда-санда үн чыгарып, кыңылдаган болот. Анысынан деле анчалык пайда
таап жарыбады. Анан жаратылыштын жарашыктуу көрүнүштөрүнө кызыгып, Боомдун кооз
капчыгайынын аркы өйүз берки өйүздөрүнө көз жүгүрттү. Салаа-салаа канжыгадай тилинген
узун-узун жылгалар, кокту-колоттор. Ошол жыбыттардын кыйгач беттеринде майда желдин
илебине урунуп, билинер-билинбестей ары-бери чайпалган бетеге, шыбактар... Кокусунан бир
кайберен аралап кеткени эле болбосо, арасында бүрү түшкөнү көрүнбөйт. Адам кызыгып
жегидей. Сары каймак тартып, бири-бирине сүйөнүп, эзиле бышып ыргалып турат. Кээ бир
калың жерлери текши баш алган эгиндей кара кочкул тартып, көйкөлүп-жайкалат.
Карымшак андан жогору көз жүгүртүп, асманды курсакка сайып турган учтуу чокулары бар
бийик тоолорду карайт. Аскалардын кырына маңкайып чыгып алып, мүйүздөрүн калжайтып,
ойдогу өзөндүн жээктерин тиктеп турган дардайган зор текелерди көргүсү келет. Алар бая күнү
Кеминге баратканда бар болчу, жүргөн. Бүгүн жок. Кайда кетишти болду экен? Борчуктардын
көлөкө түшкөн түбүндө көптү көрүп, көп жашаган карылардан бетер узун сакалдарын
жайкалтып, анда-санда кепшеп коюп, жуушап жатышкан чыгаар. Болбосо тиги чоку-чоку, кыркырлардан карааны көрүнөт эле го.
Кеч күзгө чейин мөңгүсү эрибеген бийик тоолордун ала моюн кыл чокулары алыскы
бийиктен бүлбүл көрүнөт. Ошол чокуларды айлана чалып, канаттарын ирмебей жок карагансып
эки зор бүркүт сызып учуп жүрөт. Карымшактын көзү ошол экөөнөн өтүп кетти: «Баракелде, зор
бүркүттөр көрүнөт! Атаңдын көрү, экөөнүн бирөө колго тийбеспи! Жолборс алдырар элем. Бая
күнү мен өтүп баратканда көргөн эчки-текелер ушул экөөнөн чочулашып, бир жерде бугуп
жатышкан экен го?»
Карымшак алдындагы атына айтып жаткандай, өзүнө-өзү кобурап баратат. Анда-санда
айланган эки бүркүттү карап, чокунун баштарын тиктейт. Бир оокумда ошол эки бүркүт тоонун
аркы бетинен чети чыгып келаткан калың булуттун арасына сүңгүп кирип, жок болуп калышты.
Карымшак мойнун кайра бет алдына буруп, талыган көздөрүн алыскы чокудан ылдый тартып
алды. Ээк алдында билегинен каруусу тайыган балбанга окшоп, капчыгайдын ыгына жараша
ийрилип өзөндүн тунук суусу таштан ташка урунуп агып жатат. Ал жакында эле күчтөн тайыды.
Өгүнчөрөөк кирген учурунда андан албуут, андан өжөр, андан долу, балбан жок болчу. Түптүү
талды түбү менен жулуп алып, качкан жоосун артынан кууп жетчүдөй урунуп-беринип, кой-айга
келбей, бет алдынан чыккан караан-параанды аңтарасынан салып, ыргыта коюп, жулунупжулкунуп жаткан. Эми карачы, ал-күчтөн ажырап арыктаган оорулуу адамдан бетер ичкесине
тартып, шылкыйып калыптыр. Келме кезек, терме тезек деген ошол. Оомалуу-төкмөлүү дүнүйө.
Бирде өйдө, бирде ылдый...
Карымшак капчыгайдын жаратылышына алаксып олтуруп, Байдам-Талга келгенин билбей
калды. Байдам-Тал түп-түп болгон калың чычырканак, өзөн жээктеген шуудураган камыш. Ар
кайсы коноктой баш алган жашыл жекендер менен жыш. Булар күзгө тартканда бөтөнчө кооз
көрүнөт. Өзөндүн өңүн ачып көрккө келтирет. Саргайып бышкан чычырканактын мөмөсүн
чокуп олтурган канат-куйругу, жүндөрү кооз татынакай чымчыктарды, шакылыктап сайрап,
бирде жерге, бирде талга коно калып жаткан карала бачайыдай сагызгандарды, кызыл, жашыл,
ак тамак, көк тамак кооз кыргоолдорду башка жерге караганда Байдам-Талдын токоюнан көп
көрөсүң. Байдам-Тал дал ошондой кооз жер. Өзөндүн өзөгүн жарып, шаркырап агып өткөн
кашкайган тунук суусу бар. Эки капшытын көк асманга чейин тиреп, бийик тоолор жел
киргизбей калкалап камтып турат. Мезгили келгенде бороон-чапкын капчыгай өндүрү менен
өтпөсө, оң-солунда жылчык жок. Күн бүркөктө да чырпык башын былкылдатчу желпинген жели
жок. Мемирейт да, турат.
Өзөндүн оң жаккы өйүзүндөгү калың токойдун арасынан чыккан бүркүттүн алсыз үнүн
салмактанган башын жерге салып бараткан Карымшактын кулагы чалды. Ал тизгинин жыйып,
тык токтоду да, даанабы-бүдөмүкпү дегенсип, мойнун шак буруп, ошол жакка кулагын дагы
төшөдү. Даана. Бүркүттүн шаңшыган үнү. Дагы тыңшады. «Кил-лак-киллак-киллак». Даана.
Болгондо да быйыл уядан жаңы учуп чыккан бала бүркүт. Балапан бүркүт менен чоң бүркүттү
шаңшыган үнүнөн тааныбаса, анда Карымшактын мүнүшкөрлүгү кайсы? Атка мингенден
тартып, жыйырма жылдан бери бүркүт менен алпурушуп келатпайбы. Бүркүттүн шаңшыганы
Карымшак үчүн жылкынын кишинегениндей, жаш кулундун үнү менен энесинин, же айгыр
аттын кишинегенин ким да болсо так ажыратат эмеспи.
Токой жактагы бүркүттүн шаңшыган үнүн Карымшактын кулагы дааналап угат. Улам токтой
калып тыңшайт. «Киллак, киллак, киллак». «Түнт токойдун арасына бүркүт турбайт эле. Кыркырга, бийик зоолордун чокусуна, чоң-чоң таштардын башына барып конмок. Болду-болбоду
бул колго түшкөн балапан же эки канаттын биринин мүрүнөн ажырап учалбай калган
шордуунун бири. Үнү кыраандын үнүндөй кайраттуу чыгат. Бат-бат шаңшыйт. Анысына
караганда ата-энесинен бөлүнүп өзүнчө жем таап жей элек көрүнөт. Уядан учаарына
жакындаганда бүркүттүн балапандары көп шаңшыйт эмеспи. Мунун үнүнөн да ошол бала
мүнөзү сезилип турат. Өтө ачка го, бечара, көптөн бери наар сыза элек окшойт. Шаңшыган
сайын үнү муңдуу, ачуулуу чыгып жатпайбы».
Карымшак өз ичинен сүйлөнүп баратты.
Бүркүттүн үнү чыккан дүпүйгөн топ-топ талдар өзөндүн аркы өйүзүндө болчу. Карымшак
ошол талдардын тушундагы тайыз кечүүдөн кечип, суунун аркы жээгине чыкты. Мына калың
тал. Арасы ачылып, аттуу кишиге жол берчүдөй көрүнбөйт. Жапыз өскөн майда чычырканактын
бүрүнүн арасындагы ийненин учундай түп-түз учтанган тикенектери этек-жеңин мындай турсун,
жапан мышыктын тырмагына окшоп, жакындасаң бетиңди да тытып, кызыл-ала кылчудай
кылтыйып турат. Сырттан угулган добушту сездиби же чарчагандан атайы өзүн өзү токтоткусу
келдиби, бүркүттүн шаңшыган үнү лып басылды.
Карымшак атынан түшүп, суу жэгиндеги жалгыз түп талга аттын чылбырын ары-бери
күрмөй салды. Анан тиги бүркүттүн үнү чыккан калың талды аралай кеткен жөө кишинин жолу
менен тикенек-чырпыктардан жазганып эңкейип басып баратты. Туура жагынан шырп эткен
добушту кулагы чалганда, оңго бурулду эле, үй ордундай ачыкта куураган талдын дөңгөчүнүн
үстүндө канат-куйруктарын жайып жиберип, жалгыз олтурган балапан бүркүттү көрдү. Курушуп
аткан катуу кайыштан боо тагып, бир бутунун билегинен байлап коюптур байкушту. Кайыштын
бир учу казыкка окшош талга чие байланган.
Карымшак балапанды көпкө чейин тиктеп турду: «Чечип алып кетсемби, мунун ээси кайда
кеткен. Өмүрүндө тооктон башка канаттуу көргөн адам эмес го. Кантип ушу бүркүттү музоо
аркандагансып бир бутунан байласын. Тиги боосун кара. Курушкан шири. Кайран неменин
билегин өйкөп койгон тура кызартып, эгерим май көрбөгөн катуу кайыш. Эми эмне кылсам
муну же ээси көрүнбөйт. Жөн эле чечип алып кете берсем, ал сөзгө келбеген айбандын бири
болуп, аке-жекеге карабай чоку талаштыра бир салса «тырак» этип өлүп калбайын. Анын үстүнө
жолдошум жок, жалгыз-жарым болсом».
Туш-туш жагын тегерете карап, эмне кылаарын биле албай көпкө чейин ойлонду
Карымшак.
— О-ой, аттын ээси ким? Кайда кеткен бул аттын ээси? — колдураган жоон үндү угуп
Карымшактын жүрөгү «болк» дей түштү. Анан үнүн жай чыгарды.
— О, мен! Быяктамын.
— Бери чык, ким болсоң да.
— Мына баратам. — Карымшак мурунку келген жолу менен токойдун арасынан жылып
чыкты. Атынын жанында жайбаракат малдаш токунуп отурган керилген кер муруттуу, тармал
кара сакалчан, кара сур жигитти көрдү. Жигиттин жанында узун саптуу ак балта жатат. Үстүндө
жаргак кемсел, жаргак шым. Бутунда кайыш чокой, колунда тери мээлей, башында малакай.
Ала-сала көргөндө чочуп кетти Карымшак. Балтанын сүрү, жигиттин сүрү. Анан экөө
учурашкандан кийин ал-жай сурашып, жайланыша калышты. «Жылкы кишинешкенче, адам
сүйлөшкөнчө» деген. Карымшак Чоң-Кеминге жолоочулап барып келатканын, өзүнүн
кочкорлук экенин айтып берди. Берки жоон кара сур жигит Ак-Бекеттик үй жыгаччы болуп
чыкты. Байдам-Талга келип уук-кереге болчудай түз талдардан тандап кыркып жүрүптүр.
Келгенине бир айга жакын болгон окшойт, ошондон бери үй-жайын көрбөптүр. Өзүнөн башка
дагы эки жолдошу бар экен, алар тал тандап жогорулап кетиптир.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кара шумкар - 10
  • Parts
  • Кара шумкар - 01
    Total number of words is 4039
    Total number of unique words is 2081
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 02
    Total number of words is 4038
    Total number of unique words is 2083
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 03
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2127
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    49.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 04
    Total number of words is 3915
    Total number of unique words is 2227
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 05
    Total number of words is 3950
    Total number of unique words is 2070
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 06
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 2073
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 07
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1971
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 08
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2065
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 09
    Total number of words is 4041
    Total number of unique words is 2087
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 10
    Total number of words is 3972
    Total number of unique words is 2052
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 11
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 2089
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 12
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 2108
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 13
    Total number of words is 3941
    Total number of unique words is 2071
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 14
    Total number of words is 4070
    Total number of unique words is 2237
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 15
    Total number of words is 4157
    Total number of unique words is 2228
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 16
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 2128
    31.7 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 17
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 2139
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 18
    Total number of words is 4036
    Total number of unique words is 2374
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 19
    Total number of words is 4168
    Total number of unique words is 2153
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 20
    Total number of words is 4197
    Total number of unique words is 2021
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    45.1 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 21
    Total number of words is 4081
    Total number of unique words is 2171
    30.8 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 22
    Total number of words is 1524
    Total number of unique words is 1009
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.