Latin

Акындын Элеси - 09

Süzlärneñ gomumi sanı 3825
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2063
28.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Фрунзе, учкан уям, сүйгөн калаам,
Көп жүрдүк, ойноп күлүп эсен-аман.
Эч качан жакшы элесиң эстен кетпейт:
Кашка суу, жашыл бакчаң, салкын абаң.
З0/XII 1945
Койсары
1945-ЖЫЛ, 31-ДЕКАБРЬ
Кош сентябрь, кош ноябрь айлары,
Өткөн жылдын кооз июнь, майлары.
Адам уулу куштан чебер келтирип,
Бакыт күнгө уя салган .кайлары.
Кош сентябрь, кош апрель айлары,
Жыл жаңырып, жаңы жылга айланды.
Келген жылдын келинчеги март болуп,
Кенен болсун, кымыз, жуурат, айраны.
Кош март айы, келгин куштун сайраны,
Кош өткөндүн кенен өзөн, сайлары.
Келген жылдын колуктусу март болуп,
Арбын болсун таң-тамаша майрамы.
Көктө булут жаңыланып бөлүнөт,
Эл таалайы жылдыз болуп төгүлөт.
Быйылкы жыл адамзаттын айлына,
Табак, табак май берчүүдөй көрүнөт.
Жерде тоолор, жаңыланып бөлүнөт,
Калк ырлары чолпон болуп төгүлөт.
Быйылкы жыл, токтоо мүнөз журтуна,
Шайы көйнөк кийинтчүүдөй көрүнөт.
Шылдыр, шылдыр, шылдыр аккан суулары,
Тар капчыгай өтөктөрдөн куралды.
Быйылкы жыл кирип келип эшиктен,
Эмнең жетпейт, чыгып ал деп сурады.
Шаңгыр-шуңгур, шаңгыраган чуулары,
Жамы журттун жайдары ачык убагы.
Быйылкы жыл, терезени каккылап,
Жыргалдуумун, багып ал деп суранды.
Бөбөктөрдүн бешиктерин терметти,
Карылардын кабактарын желдентти.
Жаңы жылдан «атың ким?» деп сурасам,
Атым «Арзан», атам «Дөөлөт» деп кетти.
Келсе келсин, мындай жылдар көп келсин,
Тагдыр аке мындай жылдан көп берсин.
Совет эли жыл жыргалын таткылап,
Турмуш даамын ачуу, кычкыл дебесин.
Келсе келсин, мындай жылдар көп келсин,
Сурарым аз: эки сабак ыр берсин.
Мындан башка кандай олжо акынга?
Мен турмушка, сараң ач көз эмесмин.
Мен турмушка, сараң ач көз эмесмин,
Өктө кылып ай, аз бердиң дебесмин.
Байлык, үй-жай, ден соолуктан ардактуу
Мага берсе эки сабак ыр берсин.
Кел жаңы жыл, үйүм таза келип кир,
Мени тааны, ким экеним жакшы бил.
Мен өлбөйүн миллион жолу айланып,
Кайра келсин ыр жаздырган декабрь.
31/ХII 1945
Койсары
ЖОК, АЛ МАЯК ЭМЕС
Жок, сүйгөнүм маяк эмес, ал жылдыз,
Меники эмес, сенин жарык жылдызың,
Акыйкаттын асманынан өчө элек,
Кол тие элек, махабатың, ырысың.
Ал беркиси, жылдыз эмес, ал маяк,
Жаңылбагын, алданбагын, карагын,
Маяк менмин, түндө сени сүйөм да,
Күндүзүңдө желп деп өчүп каламын.
Өчсөм жанам, күйөм, сөнөм, өзгөрбөйм.
Бирок сени көктөн тартып аламын,
Жалган айтып сүйөм деген сөзүмө
Жаштык кылып түбөлүккө алдандың.
Койсары
ЖАЗГЫ СУУ
Ай, жазгы суу, баладай
Күлүшүңөн жан-жана,
Муз агызып, кар бузган
Жүрүшүңөн жан-жана.
Кыш ызгарын боюңан
Күлүшүңөн жан-жана,
Кара булут кабагын
Сүрүшүңөн жан-жана.
Жаш баладай жарк этип
Күлүшүңөн жан-жана,
Шылдыраган кашка суу Күмүшүңөн жан-жана.
Койсары
ЖҮЙӨЛҮҮ СӨЗ
Кейибе, ыза болбо, эстүү курбум,
Курбуңдун жүйөлүү айткан сөзүн уккун,
Эч качан кадырыңа жете сүйбөйт,
Эрки ошол, адаты ошол жаш сулуунун.
Сапаты сенден төмөн кем жаралса,
Өзүңдөй ар нерсеге тар караса,
Ушакчыл, сараң, катуу, орой келсе,
Ал сенден жагымдуурак алда канча.
Туура айтат, эгер сени сүйбөйм десе,
Мен дагы сүйбөс элем, колдон келсе,
Бирок да билбей калам, сүйүп калам,
Себеби: сүйүү деген эссиз нерсе.
ДҮНҮЙӨ
Кармасам деп кылтак салып үйүмө,
Карайм, карайм келеби деп күнүгө.
Мага алданып эс ала кет бир минут
Алдың кызык, артың өкүнүч дүнүйө!
РАКЫЯ
Ракыя, ай Ракынтай, жүгүр бери,
Калаадан мен сага айткан абаң келди.
Дейт энем мени карап, таанып жүргүн
Үйгө гүл, бүлөгө көрк берекемди.
Бакчада ойноп жүргөн жемиш терип,
Көнө элек балапандай чоочун жерлик.
Ракыя өз боорумдай имерилет
Улактай так секирип чуркап келип.
Көтөрөм алдыма алам эркелетем,
Сурасам орусча аты Ракита экен,
Туз буйруп түбөлүккө бизге келген
Бул жетим,- Ленинград жетиминен.
КЫРГЫЗСТАН
Кыргызстан - жашыл жери, жашыл бакча жергеси,
Жайыт төрү, дан талаасы, сан байлыктын энеси.
Кен казнасы, көл сулуусу, тунук суунун атасы,
Ак пейилдин, мартчылыктын, ырыскынын кемеси.
Кыргызстан - соолук айлы, таланттардын эшиги,
Тунук акыл, чебер колдун түгөнбөгөн кесиби...
Заманына, өз калкына ой-пикири санаалаш,
Кыргызстан ыр калаасы, ыракаттын бешиги.
3/I 1946
Кайсары
КОЛХОЗ БАКЧАСЫ
Эй колхоздун бакчасы,
Бай бакчаңда эмнең бар!
Алма менен өрүк бар,
Анар менен жийде бар.
Андан башка эмнең бар,
Каламы чебер акын бар.
Ал акындын неси бар?
Эки өмүр, эки жазы бар:
Бирин өзүм жашайм дейт,
Бирин ырым жашайт дейт.
3/I 1946
Кайсары
САБИРА
Келсем келем, келбесем жок, Сабира!
Келбеди деп көңүлүңө кир жыйба.
Кереметтүү келечекке кубанып,
Кеңдигиңе көз салалы бир сыйра.
Кайтсам кайтам, кайтпасам жок, Сабира!
Кайтпады деп кабак чытып муң жыйба.
Касиеттүү келечекке кубанып,
Мен учайын, учар жерим бир кыйла.
КАМБАРАЛЫ
Камбаралы,
Камбаралы,
Жүр жумушка баралы!
Күздүк жердин көбү жатат,
Баарын айдап салалы.
Камбаралы,
Камбаралы,
Бол жумушка баралы!
Кечигүүнү жаман көрөт,
Колхозчунун заманы.
30/Х 1946
Чолпон-Ата
МОЛДОКУЛДУН ҮЙҮ
Молдокул ким?
Менин досум, жолдошум,
Жалкоосу эмес, ударниги колхоздун.
Жайкы мээнет, күзгү күчкө былк этпей
Жан киргизген жагалдантып жаз кошун.
Молдокул ким?
Менин курбум, курбалым,
Менин боорум, тилектешим, тууганым.
Ала кылбай, чаңкап турган эгинге
Тегиз бурган Жыламыштын сууларын.
Жол үстүндө жаңы салган тамы бар,
Дал өзүндөй жакшы ударник жары бар.
Көктө жылдыз тегиз мейман болсо да
Түгөнбөөчү эмгекке алган наны бар.
30/Х 1946
Чолпон-Ата
ТИЛЕК
Кышты сезбей, кыштак болсо турганың,
Нелер келип, нелер түшпөйт санаага?
Ойлоп турсам бир замандаш калкымдын
Баары секет, барлыгы алтын, садага.
Күнү кыска, түбү терең түндөрдө,
Нелер келип, нелер кетпейт санаага?
Ойлоп турсам бир доордош калкымдын
Барлыгы эне, барлыгы ини, баары ага.
Жүрөк оору, өпкө оорунун дарты үчүн,
Мүрөк суусу сатылса эгер базарда:
Канча алсыз, канча оорулуу болсом да,
Өзүм албай, ал дээр элем аларга.
Күздө бышкан алма, жүзүм сыяктуу,
Баланын күнү сатылып турса базарда,
Оорубасын, узак өмүр сүрсүн деп,
Өзүм албай ал дээр элем аларга.
Неге десең бир башкача кымбат эл,
Жаратылган биздин ушул заманга,
Ошондуктан баарын сүйөм кадырлайм,
Баары секет, барлыгы алтын садага.
31/X 1946
Чолпон-Ата
ТОЛКУН ЭМЕС, АЛ АК КУУ
Күздүн күнү көк көңүлсүз, көл сулуу.
Калаа суук, бирок бул жер жыпжылуу.
Коркпо менин кайык минген жолдошум,
Тээ агарган толкун эмес, ал ак куу.
Кыштын күнү талаа көрксүз, көк сулуу,
Ток пейилдүү кыштактар бар жыпжылуу.
Жымжырт жаткан биздин өмүр ушул көл,
Толкун эмес, толкун эмес ал ак куу.
30/X 1946
Чолпон-Ата
БРИГАДИРДИН КЫЯЛЫ
Закым салып, жай чилдеси саратан,
Боз бозоруп, сайлар кургап, жолдор чаң.
Уулу өлгөндөй убайымдуу, капалуу
Бригадир Бегимаалы таятам.
Ошол мезгил Сан-Таш жактан жел согуп,
Ала булут ар кай жактан торолуп,
Нөшөрлөнгөн жамгыр жаады тынымсыз
Майда арыкка майда-майда сел болуп.
Бригадир чаап тушту үйүнө,
Эт сал деди аялына сүйүнө,
Жамгыр байлык, жамгыр дөөлөт, казына
Мунум калппы айланайын дүнүйө.
Дейт да күлөт мага карап жылмаят,
Ал кайгырган эл энеси жерди аяп,
Адамзатка марттык эмей эмине,
Кандай күчтүү, кандай сулуу табият.
31/Х 1946
Чолпон-Ата
ЗВЕНОБОЙ ЗЫЙНАТЖАН
Звеновой, ударникжан Зыйнатжан,
Дайныңды угуп издеп келдим ыраактан.
Кыз урматтуу, кыздай кымбат ишиңди
Суу болгондо сурап билдим мураптан.
Эгер, Зыйнат, терең ойлоп, текшерсең:
Сулуулук да. адамдык да эмгектен!
Биздин күндүн абийир, намыс ырысы:
Сенин ушул көңүлдү ачкан шаропкең!
Өзүң кара, колуң бекем болсо да,
Кийген киймиң нечен түргө оңсо да,
Бул колхозго мурасталган ак ишиң,
Бир шаардан, бир деңизден кымбат баа.
31/X 1946
Чолпон-Ата
АТАМА ОСУЯТ
Уурдап алган, кымтып алган жук болбойт,
Андайлардын карды тойбойт, иши оңбойт.
Көп энчиси: оюн кылар нерсе эмес,
Көрбөсөм да, көрсөтпөстү соо койбойт.
Өнсүн даны, аксын суусу, булагы,
Бизди уялтпай ашып турсун планы.
Өзүң жеген: өрүк, жаңгак, мейиздей
Колхозду да ширин, таттуу кылалы.
Түшүн ата, колхоз деген касиет,
Колхоз күчү адал эмгек ,ак ниет,
Таза жүрсөң арамдыкка булганбай
Байлык бакыт өзү келип баш иет.
31/Х 1946
Чолпон-Ата
ЖЕТИГЕН
Жерде жаш кыз, көктө жылдыз жетиген,
Кел жерге түш чексиз көктүн четинен,
Биздин колхоз бүгүн улуу той берет,
Жүр, алпарам эгер мени ээрчисең.
Куйрук берем, чучук берем, май берем,
Күлүк берем, буудан берем, тай берем.
Таттуу шарап, күчтүү арак ичебиз,
Сенин кайның колхоз деген эл менен.
1/ХI 1946
Чолпон-Ата
КӨЛҮМӨ
Көргөн сайын көркөмдүгүң жаңырган.
Көңү1үм тойбойт көрүп өтпөй жаныңдан.
Көз жетпеген көктүгүңдүн үстүндө
Көбүктөнгөн толкунуңду сагынам.
Сүйөм көлүм, ысык сүйөм жарымдан,
Сүйөм сени жаш балалык чагымдан.
Жанга жыргал тынчтыгына кошумча,
Күнөөсү жок толкунуңду сагынам.
1/ХI 1946
Чолпон-Ата
ТАҢ КАЛУУ
Кызылча эмне? Аккан каны турмуштун,
Эң өжөрү, эң кыйыны жумуштун,
Андай болсо Кайназардын келини Миң центнерден түшүм алды деп уктум.
Миң деген сөз айтылбасын кур бекер,
Буга теңсиз эч бир баатыр, эч бир эр,
Эрдин эри барып тартып алмайын
Карыз бербейт, кара мүртөз кара жер.
Бул жакшы аял, эң этибер жолдо экен,
Кылдат, чебер таалими бар колдо экен,
Биздин күндүн ушул укмуш адамы
Кандай күлүп, кандай уктайт болду экен?
1/ХI 1946
Чолпон-Ата
ЖОГОТУУ
Эгер сүйсөң өз жаныңдай колхозду,
Колхоз болор көп-көп достуу, жолдоштуу.
Бул замандын сен бир башка кишиси,
Жоругуңдан жоготулсун жоготуу.
Эгер сүйсөң, ардактасаң колхозду,
Колхоз болор сендей жакшы жолдоштуу,
Аккан кирсин, кирген кайра акпасын,
Жоготулсун, жолобосун жоготуу.
Тоо алды бак, бак четинде ак кыштак,
Бүгүн майрам, колхоз улак тарттырат,
Ударнигин уурдап ала качайын,
Акырын чап, ай, ай, так, так, буурул ат.
Жибек менен, баркыт менен сулуулап,
Урмат кылып, кадыр кылып улуулап,
Үч мертебе маңдайынан сүйөйүн,
Акырын чап, ай, ай, так, так, буурул ат.
1/ХI 1946
Чолпон-Ата
ГРУНЬЯ САВЕЛЬЕВНАГА 1
Далай таттуу даам жедим колуңдан,
Кем көрбөдүң өз бир тууган бооруңдан.
«Начар экен бат оңолсун бала» деп,
Шашып турдуң чала уйкулуу ордуңдан.
Ырлар жаздым, кээде сызып, кээде оңдоп,
Бала өстүргөн жаш атадай көңүлүм ток.
«Азгын экен, кантер экен бала» деп,
Сен үшкүрдүң күн кыскасын болжолдоп.
Март да кетти, апрель, май жакындап,
Көктө турна, көлдө каздар каркылдап.
Күнүң бүттү, кайтар мезгил болду деп,
Кош ат келди үй жанына жакындап.
Мени акырын, «аман бол» - деп узаттың,
Көзүн карап өзүм минген боз аттын.
Колумду алып ылдый карай бергенде,
Мөлт, мөлт акты тоголонуп көз жашың.
Алыс кеттим, бармын, өлүү эмесмин,
Мен барбасмын, сен да мага келбессиң...
Жан боорумдай көңүлүмдө көз жашың,
Ата-энемден көз жаш көргөн эмесмин.
2/XI 1946
Чолпон-Ата
КУРБУМА КАТ
Келдим курбум, келгениме жарым ай,
Жарым айдын чайын ичмек бир далай,
Мени менен кошо ээрчишип кыш келди
Кала берди Фрунзеде жылуу жай.
1.
Грунья Савельевна – Алыкул Осмоновдун Токмоктогу детдомдо турган кезиндеги тарбиячысы
өз энесиндей болуп калган адам.
Мен бул жакта тирүү бармын аманмын,
Боюндамын сулуу Чолпон-Атанын,
Атымды айтып, атын сурап таанышып,
Сыйын көрүп мындагы ини, аганын.
Мен келбедим байлык издеп бул жакка,
Байлык - колхоз, кайсы жерде турсак да,
Келдим мында, баатыр жигит, ыр үчүн,
Кыш мезгилде жаздай кызмат кылмакка.
Поэзия - бул адамдын жаны экен,
Күн өтсө да, өчпөй турган шамы экен,
Өмүр, турмуш картайса да аргасыз
Поэзия - улам кайра жаңы экен.
Ал жаңылык кубатынан акындын,
Жаза билсек биздин күндүн баатырын,
Колхоз нанын, жумушчунун өнөрүн.
Улуу акылман кеменгердин акылын.
Келдим курбум келгениме жарым ай,
Жарым айдын чайын ичмек бир далай,
Мени менен кошо ээрчишип кыш келди
Кала берди Фрунзеде жылуу жай.
2/ХII 1946
Чолпон-Ата
АЯЛГА
Сүйгүм келет жаш жандырып, жаш болуп,
Жашымды алдап, жаш кайындай мас болуп
Жанар тоодой жалын чачкан отуңан
Чыккым келет, жанып чыккан таш болуп.
Сүйгүм келет, миң мертебе жаңылып,
Сүйгүм келет, сүйгөнүмө жалынып,
Өз күчүңдү өз күчүмө багынтып,
Сүйгүм келет кээде өзүңө багынып.
Көпкөк асман, жерге түшсө жарылып,
Кыян жүрсө жердин үстү тарылып,
Ал кыяндан өтөр элем кыйналбай
Бир көз караш кубатыңды жамынып.
2/XI 1946
Чолпон-Ата
БУУДАЙ САПЫРУУ
Эртең майрам, күн жетинчи ноябрь,
Ырдоо керек майрам күнү баары бир.
Мезгил чукул тегирменге баралы,
Мейман келет, ак нан керек, муну бил.
Айдат, айдат, айдат шамал, сок ылдам,
Айдат, шамал, кызыл буудай сапырам!
Балдар ойноп чөнтөгүнө салып жейт,Боорсок кылам ак буудайдын унунан.
Күрөктү алам, буудай сузуп ыргытам,
Шамал сокпойт, жел чакырып ышкырам.
Кыздар келип, кылыксынып жесин деп,
Мейиз төгөм ак токочтун сыртынан.
Ташы жүрөт, ташын бирден терейин,
Мыя жүрөт, мыяларын элейин.
Шайыркүлдө карыз шамал бар бекен
Бир кап шамал карыз алып келейин.
2 / X I 1946
Чолпон-Ата
ӨБӨМ ДЕГЕН СӨЗҮҢӨ
Бир кат алдым Бүбүйра аттуу бир кыздан
Курбум берди үйдө жалгыз олтурсам.
«Өбөм - дептир - ырың үчүн өзүңдү»...
Кара калам жазууларын окусам.
Мейли Бүбүш ырымды өпкүн садага,
Жакшысын өп, жаманына караба.
Мени өппөгүн, өбө турган түрүм жок,
Ыраа көрбөйм сендей жакшы аялга.
2/Х1 1946
Чолпон-Ата
ШЕКЕРДИН ЖОРУГУ
Шекер жеңем бир звено башчысы,
Башчылардын далайынын жакшысы,
Кызылчаны сулуу кыздай түрлөнтүп,
Кубандырып кумарыңды жазчысы.
Кечээ, кечээ октябрдын айы эле,
Уулу окуучу Фрунзеде мектепте,
Этиятсыз ойноп жүрүп жаш бала,
Безгек менен ооруп калды бир кезде.
Кат жазылды, телеграмма берилди,
Кел тезирек балаң оору делинди,
Бирок Шекер жооп айтты күңк этип,
Кантип таштайм кызылчаны, эгинди.
Он күн өттү зуу-зуу этип арадан,
Уулу айыкты окуп жүрөт апаман .
Бирок Шекер келе алган жок кол тийбей
Кызылчасын артык көрүп баладан.
3/ХI 1946
Чолпон-Ата
ЫСЫК-КӨЛДӨ ТӨРТ МЕЗГИЛ
Жазын көрдүм, Ысык-Көлдө жаз жыргал,
Тирүүлүктө көлдүн жазын көрүп кал.
Куулар кетип, жаңы кетип аңырлар,
Бүрүн жарып, гүлдөр кезде кайың тал.
Катар, катар сабын түзүп турна өтөт,
Карлар эрип, кырлар жашыл талаа көк.
Кара торгой таңдайынан үн безеп.
Үпүп учуп көңүлүңдү көтөрөт.
Таңды кечке тракторлор татырлап,
Кошко кирип, соко жиреп семиз ат.
Колхозчулар жаз келди деп кубанып,
Колго тиет багынычтуу көп кызмат.
Жайын көрдүм, күңгөй, тескей жайкалып,
Мал тоюнган жайлоо кезин айталык.
Сугат, отоо, апийимди суюлтуу,
Кандай сонун, кандай кызык чөп чабык.
Түш мезгилде кымыз келет тоо жактан,
Бир кишиге бир бир керме аяктан.
Күлкү... шылдың... тамашалоо өз ара,
Кандай жумуш, кантип түтөт каяктан!
Күзүн көрдүм, - көл элинде береке,
Капа болот, барбай кетсең жеңеке.
Ар бир адам кумар болот өзүнчө,
Мейман тосуп аш тамагын бермекке.
План толуп, эмгек тийип жүз пуддан,
Дагы тиет кошумча эмгек кырк пуддан.
«Көмөч болбойт, күйүп кетет экен» деп,
Кызыл кыздар нан бышырып дандырдан.
Колхоздорго алкыш келип обкомдон,
Тууну берип жакшы ишине райком,
Колхозчу ата тойго барам бүгүн деп,
Атка минет жутуп алып бозодон.
Кышын көрдүм Ысык-Көлдө кыш жакшы,
Ак кар басып аппак кылып кыштакты,
Жаш бөбөктү апасы уруп чыгарбай
Терезеден карап турат тыш жакты.
Кыш өкүмү баскан менен кырларды,
Колхозчуда токчулуктун жыргалы.
Түн мезгилде көлдүн аркы четинен,
Көп угулат кыз жигиттин ырлары.
Мына ушундай Ысык-Көлдө төрт мезгил,
Кайгы, капа, жаманчылык жок эч бир.
Көлдүн көркүн, чабал акын... Алыкул
Ойдогудай жаза албаптыр ээ... деп бил.
3/ХI 1946
Чолпон-Ата
АКЫН
Акын жолу, ардактуу жол урматтуу
Жаман акын эл алдында уяттуу
Акын жазган, биз окуган төрт сап ыр,
Дүнүйөгө калуу керек жанылбай
Жаз, жай,
Кыш, күз,
Деген төрт сөз сыяктуу.
3/ХI 1946
Чолпон-Ата
АЙ, БАЛАЖАН, БАЛАЖАН
(Келиндин ыры)
Алмасы көп бакчадан,
Фрунзенин шаарынан,
Ашык болор жаш көрдүм
Алтын орден тагынган.
Ай, балажан, балажан!
Ай, балажан, балажан!
Жүзүм бышкан бакчадан
Фрунзенин шаарынан,
Кумар болор жаш көрдүм,
Күмүш орден тагынган.
Ай, балажан, балажан!
Ай, балажан, балажан!
Бери басты, мен бассам,
Колумду алды, кол сунсам,
Он бешинчи заводдун
Устасы экен сурасам,Ай, балажан, балажан!
Ай, балажан, балажан!
Чолпон-Ата
Койсары
АЙ, СУГАТЧЫ, СУГАТЧЫ
Ай, сугатчы, сугатчы,
Сугарып эгин кубантчы.
Суусабасын жаздык жер,
Суу берип көңүл жубантчы.
Ай, сур атчан сугатчы,
Кулагын буруп суналтчы,
Суусабасын күздүк жер,
Суу берип көңүл жубантчы.
Ай, сур атчан сугатчы,
Унутпа сугат убакты,
Баладай болгон сугат жер,
Мамадай сурап турмакчы.
3/ХI 1946
Чолпон-Ата
ЖАКШЫ ЫР ДЕГЕН ЭМНЕ
Эң жөнөкөй, оңой нерсе комбайн
Айдоо кыйын жакшы үйрөнүп алмайын,
Карап турсаң: оруп, жыйып, тазалап,
Капты тосуп куюп турат буудайын.
Жакшы ыр деген эл көзүнө ушундай
Болуу керек түшүнүктүү дапдайын.
3/Х1 1946
Чолпон-Ата
НЕ ЖАМАН
Дүйнөдө не жаман?
Жемишти каккан жел жаман.
Планын бүтпөй башы ооруп,
Үйүндө жаткан эр жаман?
Дүйнөдө не жаман?
Эгинди бузган сел жаман.
Он күнүнө бир күндүк
Эмгек күн жазган кем жаман.
Дүйнөдө не жаман?
Баарынан жаман, эң жаман;
Жалкоолук кылып колхоздон Чыгып калган сен жаман.
Дүйнөдө не жаман?
Баарынан жаман, эң жаман,
Кургакчылык кууратып,
Түшүмсүз калган жер жаман.
4/ХI 1946
Чолпон-Ата
ЖЕР ДЕГЕН ЭМНЕ
Жер деген не?
Жер деген боз топурак,
Эгер өнсө: арпа буудай, алма бак,
Суулар агып, куштар сайрап, мал ойноп,
Адам жыргап, салкынына салкындап,
Ар жыл сайын түшүмүнөн жаңылбай,
Берип турса жердин аты акталмак.
Эгер мындай касиети болбостон
Жалаң гана көмүлүүгө жараса,
Жер дегендин жердигинде кайсы атак?
4/ХI 1946
Чолпон-Ата
СҮЙҮНҮН ТҮРЛӨРҮ
Сүйүү кызык, сүйүү таттуу бир башка,
Кимдер сүйбөйт дени таза жаш чакта?
Биз сүйөбүз, намыс кылбай сүйөбүз,
Жаш улгайып карып бара жатсак да.
Анда айып жок. Айтам деген оюм бул:
Сүйгөнүм бар, эки кызды бир учур.
Кандай болду ал сүйүүнүн аягы,
Мен сүйлөйүн сен жакшылап угуп тур.
«А» аттуусу мени көрүп кызарат,
«3» аттуусу мени көрүп кумсарат.
Ал кызаруу; ал кумсаруу - чын сүйүү,
Сүйүү күчү жүрөгүнө от жагат.
Мен ойлодум, терең ойго малындым,
Ортосунда ушул эки жалындын.
Байкоо кылбай кумсарганын алам деп,
Өктө калып өмүрлүккө жаңылдым.
4/ХI 1946
Чолпон-Ата
БИЗДИН КОРОО
Биздин короо башка болгон, оңолгон,
Эл айткандай «кыдыр даарып» бак конгон,
Энчи тийген ата-энеме, өзүмө
Бир эмгекке сегиз жарым килодон.
Арча жагып, отун жакпай куурайдан,
Жеңем ашка ак кебездей ун жайган,
Ак корозум жүгөрүдөн көңүлү айнып,
Кесир кылып жем терип жейт буудайдан.
Шайы төшөк, төшөгүнөн бат туруп,
Муздак сууга жүзүн жууп, кол жууп.
«Эй, кемпирим, бозо жылыт ылдам» дейт,
Атам келип от жанына олтуруп.
4/ХI 1946
Чолпон-Ата
ШААРЫМА
Шаарым сенсиң, туулуп-өскөн Фрунзам,
Мени менен бир чоңойду далай там.
Бала кезде чырпык болгон талдарың,
Чынар болду ары кетип булуттан.
Баары эсимде ойноп-күлүп жүргөнүм,
Бала кезде күнөө кылган күндөрүм.
Жарым менен жарыштыра чуркатып,
Жаз алдында жамгыр жааган күндөрүң.
Баары эсимде, жибек көйнөк кыздарың,
Таалими бар, кичи пейил жаштарың.
Күз болгондо арзан айлык тиккендей
Дарбыз, коон, жүзүмү бар базарың.
4/ХI 1946
Чолпон-Ата
МЕН ШААРЫМА БАРАРМЫН
Мен, барармын, кыш соңунда барармын,
Кыш бүткөнчө ушул жерде калармын.
Келген-кеткен конуп түнөп өтсүн деп,
Төрт бөлмөлүү ырдан бир там салармын.
Мен барармын жаз алдында барармын,
Жаз келгенче ушул жерде калармын.
Кайда жүрсөм сагынычтуу бир канча,
Фрунзе өңдүү ырдан бүткөн шаарым.
4/XI 1946
Чолпон-Ата
ЖЫГУУ
Биздин колхоз бирдиктүү,
Бирдиктүү колхоз бек күчтүү.
Октябрь айдын башында
Бүтүп салган күздүктү.
Башкалар кырман басканча,
Сапырып буудай шашканча,
Пландын соңу калды деп,
Жазуусуна жазганча,
Азамат менин колхозум,
Ушундай колхоз көп болсун
Күздүгү такыр аяктап,
Жыгып салган сокосун.
4/ХI 1946
Чолпон-Ата
АКЫЛДУУ АТЫМ ТИЛ АЛБАЙТ
Акындын күчү көл белем,
Түбүнөн түзгө чыгарбайт,
Түбүнө түшүп кетсем дейм,
Түгөнгөн атым тил албайт.
Акындын күчү толкун бейм,
Толкутуп неге чыгарбайт?
Толкунга кирип кетсем дейм,
Акылдуу атым тил албайт.
4/ХI 1946
Чолпон-Ата
САМАН ТАРТУУ
Саманым алтын саргарат,
Ураган жардай жарданат.
Жолдон өткөн жолоочу
Көңүлү тоюп, таң калат.
Соп, соп, өгүз, ала өгүз,
Сопол куйрук кара өгүз! Кыш кетпей кокус жут болсо
Жыргалын шондо көрөрбүз.
Кызыл жондо, Ой-Ташта,
Үймөктөр жатат бир башка,
Аны да тартып алалы,
Кыйындык келер кар басса,
Соп, соп, өгүз, ала өгүз! Жаз алды келген убакта
Сонундугун көрөбүз.
Ай, карагер, мактанба,
Жегениң сулу болсо да
Касиет бар, кубат бар
Дал ушул сары саманда.
Соп, соп, өгүз, ала өгүз,
Сопол куйрук кара өгүз! Карагер менен жазында
Күч салышып көрөрбүз.
4/ХI 1946
Чолпон-Ата
БЫСТРОВКА-БАЛЫКЧЫ ТЕМИР ЖОЛУ
Кубатыңа кулдук кылам карасам,
Урматыңа мен дагы урмат талашам,
Тирүүлүктө болбос эле арманым,
Сага окшогон бир укмуштуу ыр жазсам.
АТ БАШЫНЫН ЧЫМЧЫГЫ
- Ай, чымчык!
- Чырлыйт, чырлыйт.
- Ай, чымчык!
- Чыйт, чыйт,
Чыйт, чыйт...
дейт,
Менин айтар кебимдин
Баарын билип тургансыйт.
- Кайдан?
- Түздөн.
- Эмичи?
- Түзгө.
- Неге?
- Буудай жок, таруу жок,
Коон жок, жүзүм жок,
Бул жерде.
Жалаң эт, жалаң эт,
Кымыз, кымыз
Тиет экен көңүлгө.
5/ХI 1946
Чолпон-Ата
БЕШ БАРМАК
Бешбармак, жечүү тамак, жакшы тамак,
Жаш эмес, кылым баскан кары тамак,
Кыргызда бир азат бар өз колунан Кой союп ударникти кадырламак.
Бешбармак, күчтүү тамак, майлуу тамак,
Өзүнүн эмгегинен келген тамак,
Бирок да бул тамакты жалгыз койбой,
Жанына жолдош кошсок тандап, тандап.
О анда, жаңы кубат канга тарап,
Эң сонун өсөр эле жаш азамат.
Андыктан ар бир үйгө парыс болсун.
Орустун:
Памидорун, капустасын,
Бадыраң, картошкасын кабыл алмак.
5/ХI 1946
Чолпон-Ата
АТ-БАШЫ
Акактай ак, Ат-Башынын дайрасы„
Дайрасындай көңүлү тунук Ат-Башы
Адам кенчи, малдын жери бул өзөн,
Көзгө жылуу ой-талаасы, тоо башы.
Түзүн бастым, өрдөшүндө өрдөдүм,
Ууз кымыз көлдөрүнө көлдөдүм,
Бирок, курбум, кайсы айылга консом да,.
Көлөкөлүү бактуу кыштак көрбөдүм.
Болсо болор жакын жерде бир экөө,
Аздык кылар ырга салып сүрөттөө...
Жаш муунга, өспүрүмгө атайлап
Барлык жерге бак тиккиле көйкөлтө.
Эрээн кылба, бак тиккиле дегенди,
Баркын байкап, бак кадырын билели.
Кыргыз жери ырдын гана жери эмес,
Эгин, малдын, кендин, бактын жерлери.
5/ХI 1946
Чолпон-Ата
КОЛ ТОЛКУЙТ ДА, КАЙРА БАСЫЛАТ
Ачууланба, жан апа,
Издесек жакшы ыр табылат.
Эненин көңүлү күзгү көл,
Көл толкуйт да, кайра басылат.
Ачууланба, жан ата,
Асмандан ырлар чачылат.
Атанын көңүлү күзгү көл,
Көл толкуйт да, кайра басылат.
6/ХI 1946
Чолпон-Ата
ТААРЫНБА КУРБУМ, ТААРЫНБА
Таарынба, курбум, таарынба,
Адатым жаман - кат жазбайм.
Таарынсаң мейлиң, өзүң бил,
Бирок мен жаман санашпайм.
Акылың бар, эсиң бар,
Өзүң байкап карасаң!
Бүтүп койгон ырым жок,
Кай бетим менен кат жазам?
Заманым - ырдын заманы,
Шаарым - ырдын шаары.
Калкым - ырдан жаралган...
Ырдан күчтүү күч барбы?..
6/ХI 1946
Чолпон-Ата
АВТОБУС
Токто айдоочу, токто курдаш, токтоңуз,
Тачанкага бир пар жакшы ат кошконбуз.
Тең баралы жай айдагын десек да,
Чаңга бөлөп чычалатты автобус.
Бир күүлөнсөк, жүз чакырым жолдобуз,
Бүгүн кечте Балыкчыга конобуз.
Күр... күр... эткен моторуңдан садага,
Сени айдаган шопуруңан, автобус.
6/ХI 1946
Чолпон-Ата
АЙЛЫМА
Көптөн бери кат албадым айлымдан,
Биле албадым кимдер өлдү, ким аман,
Өлүм эмес үстөм кылсын тирүүлүк,
Неге десең өлбөс заттан бул заман.
Убактым жок бир кайрылып барууга,
Унутулган жер аттарын табууга.
Колу туурук ударникке жолугуп,
Азамат деп далысынан кагууга.
Убактым жок бир кайрылып барууга,
Унутулган кары аттарын табууга,
Ударниктин колу туурук болсо да,
Катуу кысып өөп-өөп алууга.
Көргүм келет өзөндөрүн, сайларын,
Энем менен атам баскан жайларын,
Көргүм келет, көргүм келет айлымды,
Көргүм келет эмгек бөлгөн айларын.
6/ХI 1946
Чолпон-Ата
РАКМАНДЫН ИЛИМИ
Ракман аке он бир жылы кой баккан,
Он бир жылы уйку даамын аз таткан...
Чоочун колго бир таягын алдырбай,
Короосунан чыгашаны азайткан.
Эгиз тууса эгиздигин жашырбай,
Куулук кылып, бир дедирип жаздырбай,
Тармал экен, жакалыкка жакшы деп,
Жаман ойго, арамдыкка азгырбай,
Кара коюн алмаштырып ак кылбай,
Кымтып катып, чаташтырып таптырбай...
Жана башка шумдуктарга түк баспай,
Малын сүйдү дал өзүнүн малындай.
Жүздөн, миңден тукумдатты бирөөнү ,
Арамы жок, ак ниеттүү жүрөгү.
Ак ниеттик - бул дагы илим, бул да өнөр,
Үйрөнгүлө баарың ушул өнөрдү.
6/ХI 1946
Чолпон-Ата
БЭЭ СААМАЙ
Кыруу, кыруу, ак боз бээ,
Оң туруп бер желеңе!
Сааганыман көп калат
Сары кулун эмгенге.
Так, ай, кула, тебинбе,
Сүт берүүдөн эринбе!Кызыл кымыз ичем, дейт,Сугатчылар эгинде.
Ай, айкашка керилбе,
Толсун сүтүң желинге!
- Кымыз бер - дейт, башкарма,
Чабыктагы келинге.
Кой, кой, тору элирбе,
Тору жаман дедирбе!
Себеп болсун кымызым,
Оору турбай элимде.
Илимпозго дары бол,
Жазуучунун каны бол,
Жумушчуга кубат бол,
Колхозчуга кайрат бол.
Кыруу, кыруу ак боз бээ,
Оң туруп бер желеңе!
Сааганыман көп калат
Сары кулун эмгенге.
7/ХI 1946
Чолпон-Ата
БЕКЕНБИЗ
Күздүктү такыр аяктап,
Күлүктү минер бекенбиз.
Күлүк ат оозун чойдуруп,
Күмүш медаль Күкүшкө,
Күйөөлөп барар бекенбиз.
Айдоону такыр аяктап,
Аргымак минер бекенбиз.
Аргымак оозун чойдуруп,
Алтын медаль Айшага,
Айылдап барар бекенбиз.
Планды такыр аяктап,
Легковой минер бекенбиз.
Легковой оозун чойдуруп,
Обкомдун өтмө желегин,
Алганы-барар бекенбиз.
7 / X I 1946
Чолпон-Ата
КОМУЗ
Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз,
Чертилбейт, күүгө келбейт, чебер колсуз.
Оп-оңой, көргөн көзгө жөп-жөнөкөй,
Бирок да өнөрү бар айтып болгус.
Кылымдан кылым санап көксөй-көксөй,
Жыргалдуу биздин ушул күндү көздөй,
Бул комуз, көп сууларды кечип келген,
Эли да комузундай жөпжөнөкөй.
7 / Х I 1946
Чолпон-Ата
АЙ КӨРҮҮ
Ай көрдүм,
Аман көрдүм,
Айдын мунарынан,
Жердин кучагынан,
Беш жылдык план көрдүм.
Сууларым,
Дайра болсун,
Кумдарым
Зоока болсун,
Турпагым
Алтын болсун,
Бутагым
Чынар болсун.
Кыштагым
Шаар болсун,
Колхозум
Калаа болсун,
Жумушчум
Илимпоз болсун,
Колхозчум
Билимпоз болсун,
Бирим
Миңге толсун,
Миңим
Сансыз болсун.
Жерим
Болот болсун,
Элим
Темир болсун.
7/ХI 1946
Чолпон-Ата
КҮН КҮРКҮРӨӨ
Куркүрө, күнүм, күркүрө,
Күркүрөгөн күчүңө
Жаздын жааны кошулуп,
Жаасын ойдун түзүнө.
Күркүрө, күнүм, күркүрө,
Күркүрөгөн үнүңө
Чагылган огу жаркылдап,
Күч жыйнасын күчүнө.
Күркүрө, күнүм, күркүрө,
Күчтүү колхоз үстүнө
Күркүрөгөн күчүңөн
Жер жарылып чөп чыксын,
Желин жарып сүт чыксын.
7/ХI 1946
Чолпон-Ата
МЕН КЕТТИМ АЛЧА БЫШКАН МЕЗГИЛДЕ
Келдим көлдөн өрүк гүлдөөр кезинде,
Кеттим кайра алча бышкан мезгилде.
Турган кезде Фрунзенин кыздары Жыт алдырып акация, сиренге.
Кеттим кайра туралбадым көп күнгө,
Күйүп, жанып акындыктын өртүнө.
Турган кезде Фрунзенин кыздары Көрк алдырып жаздын сулуу көркүнө.
Түшөр жерим: Нарын ата, Тянь-Шань...
Бул жерде да жаз жыргалы карасам.
Киев, Москва, барлыкшаарым ушундай,
«Кудай урсун» бирин күнгө кыя алсам!
8/ХI 1946
Чолпон-Ата
***
Көпкө умтулдум, бирок азга жетпедим,
Аз учурдум жакшы ырлардын кептерин,
Жаш күнүмдөн жар болушкан каламым,
Бүгүн билдим алсыз калам экенин.
Картаярмын, кайткыс жолго кетермин,
Кош, курдаштар, түбөлүккө дешермин,
Бирок, билем, бизден соңку муунду Калган жерим: сыйлап, мейман этерин.
8/ХI 1946
Чолпон-Ата
МЕНИН КОЛУКТУМ
Мен башкарма, менин сүйгөн колуктум:
Эң атактуу ударниги колхоздун.
Арманым жок, гектарынан миң центнер Кызылча алган кыйын кызга жолуктум.
Берметтенип маңдайдан тер тамчылап,
Эмгек менен эркин өскөн жаш чырак.
Эрден күчтүү колун кармап турбасам,
Анан кантип менин көңүлүм ачылат?!
8/ХI 1946
Чолпон-Ата
***
Мен да олтурам, күйөөң сенин жаныңда,
Көз жүгүртүп түрлүү, түрлүү даамыңа.
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Акындын Элеси - 10
  • Büleklär
  • Акындын Элеси - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3840
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2225
    26.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3736
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2283
    26.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 3811
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2151
    28.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3982
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2076
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3859
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2239
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3940
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2064
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3826
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2049
    28.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3794
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2098
    26.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3825
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2063
    28.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3649
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1939
    27.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3813
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1876
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3816
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1931
    30.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3826
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    28.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3817
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2076
    31.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3692
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1499
    35.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    53.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 2613
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 815
    30.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.