Latin

Акындын Элеси - 07

Süzlärneñ gomumi sanı 3826
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2049
28.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Кыштагын тан калдырып,
Физкультурник келет деп,
Сүйүнчүгө учуруп,
Ак куу канат талдырып.
А« куу канат талдырып,
Ак куу канат талдырып.
12/I 1945.
Койсары
КАЙДА БАРСАМ ЭСИМДЕ
Кайда барсам эсимде
Көлдүн кызыл кыздары.
Катташпай коюп далайга,
Көңүлүм жаман сыздады.
Кызыл кыздар көлдө экен,
Кыялын эстеп сагынам.
Барайын деп баралбайм,
Базар сайын камынам.
Кантейин жалжал кара көз,
Жүрөккө санаа илинтти.
Кыз кызылын тандаган
Мен Чүйдүн куба жигити.
13/I 1945
Койсары
ЖИГИТТЕРДИН ҮЛПӨТ ЫРЫ
Достор!
Дос десем, баарың доосуң, менин калкым,
Дал бүгүн «Жеңиш күнү» көңүл жаркын,
Турмуштун: тоо - токою, агын суусу Бир башка, бүгүнкү күн: кооз, салкын,
Эмесе кең үлпөткө, кел жигиттер,
Бир бирден бокалыңды колуңа алгын:
Жеңиш,
Таалай,
Бакыт үчүн
Тынбай,
Тынбай,
Тартып калгын.
Достор!
Дос десем, баарың доссуң, менин журтум
Жаңырды «жаңы жылың» кийин, кулпун
Өмүрдүн: тоо - токою, агын суусу Биз менен: ырдайт, бийлейт, ана уккун.
Эмесе кең үлпөткө, кел жигиттер,
Мынакей баарыңарга бокал сундум:
Тынчтык,
Ырыс,
Таалай үчүн
Тынбай,
Тынбай,
Тынбай,
Тынбай жуткун.
Достор!
Дос десем, баарың доссуң, менин калкым
Сыйлайлы, кадырлайлы, заман баркын,
Ырдайлы ата Ленин акылманды,
Даанышман, улуу көсөм заман алпын;
Эмесе кең үлпөткө, кел жигиттер,
Жабыла бокалыңды колуңа алгын;
Биздин
Ак тилектен
Кайрат,
Кубат,
Өмүр алсын,
Тынбай,
Тынбай,
Тартып калгын.
13/I 1945
ОСУЯТ
Кыялы комуз миң кылдуу,
Чертилсе комуз көп сырдуу.
Өмүрдүн өзү сыяктуу,
Жумшак, таттуу, жыпжылуу.
Карап турсаң укмуштуу,
Бирде кичүү, бирде улуу,
Бирде бала мүнөздүү,
Бирде чексиз акылдуу.
Токтоо, кылдат, сабырлуу,
Кээде ак көңүл, кээде куу.
Көйрөң, жеңил, шашкалак,
Билүү кыйын кандай бу?
Күлкү майрам кызыктуу,
Өмүрү талаш ызы-чуу.
Түшүнгүн муну, түшүнгүн,
Акынга чыксаң жаш сулуу.
15/I 1945
Койсары
ГИТАР КҮҮСҮ
Түн суук, кыш ышкырат үйлөрдү ачып,
Ой-кырга дубана албас күмүш чачып,
Ыйлатат, урат, ойнойт, ыза кылат,
Жыргалдуу жазды алыска ала качып.
Жарыктан, караңгылык сагаты узун,
Көз талып окуй албайм, жазмак турсун.
Көңүлсүз жалгыздыктын төшөгүндө
Зеригем кармай албай уйку кушун.
Бул минут, коңур үндүн таза үндүүсү,
Көп элде кыз тоюнун сүйкүмдүүсү,
Мен ашык татар келин бөлмөсүнөн
Угулат кулагыма гитар күүсү.
Колу ойноп анын назик кылдарына,
Ырлары эми жаңы кызыганда,
Токтотот, напсиң күйгөн жигит эрки
Аз күлүп, чоп-чоп этип өпкөн гана.
Мейли өпсө, айла барбы ашыктарга,
Кой дебейм, ошент дебейм мен аларга.
Келиндин алдашына табам канат,
Басылдың, бирок бекер, ах, гитара.
Түн суук, кыш ышкырат үйлөрдү ачып,
Ой кырга дубана албас күмүш чачып,
Ыйлатат, урат, ойнойт, ыза кылат,
Жыргалдуу жазды алыска ала качып.
16/I 1945
Койсары
АККУУНУН КӨРДҮМ УЧКАНЫН
Күн батып, күн баткан жак кызгылт тартып,
Ысык-Көл кызгылт нурга жүзүн арчып,
Кылкылдап кылаа тарткан берки өйүздө
Кыш күнү жалгыз басып келе жатып.
Мен көрдүм көп ак куунун учкандарын,
Куш атар мылтыгымды колума алдым.
Карасам жан-жагымды огум бүткөн,
Кантейин бирин атып кала албадым.
Чын эле, жаштык өмүр аткан окпу,
Чын эле жаштык чиркин жанган отпу?.
Ок болсо кур калтырып азыркыдай
Жаштык кез, текке атылып кеткен жокпу?
Эгерде жаштык текке атылбаса,
Замандын туура койгон талабына,
Татырлык жана элимди кубантарлык
Ак куудай канаттуу ырым кана, кана?
20/I 1945
МУЗЫКА
Жумшак, кенен,
Таттуу, терең,
Шаттуу, муңдуу,
Салкын, жылуу,
Коңур, көркөм,
Ыйсыз, өскөн,
Таза, тунук,
Дайым - сылык.
Адил, алыс,
Салты - намыс,
Күчтүү, балбан,
Күчөп жанган.
Сөздөн өткүр,
Ырдан жеткил.
Бир баатыр бар,
Сурасаңар.
Ал музыка,
Музыка.
21/I 1945
Койсары
КЫЛЫМДАР
Ай батат, жылдар өтөт, зуулап бат-бат,
Жебедей кароолуна тийип шак-шак.
Түгөнгүс эртеңкинин эшиктерин
Китептин барагындай ачып шарт-шарт.
Жортуулдан жолдуу кайткан жигиттердей,
Өмүрлөр муңду тепсеп күлөт шат-шат.
Кылымдар кыз эскирткен шайыга окшоп,
Кайдадыр желп-желп этип калып жатат.
О кайда, мынча алкынып жулунасың,
Тоо-ташка азоо тайдай урунасың,
Соң-Көлдүн колго түшпөс кундузундай
Жылтылдап кызыктырыл кубуласың.
Кул болуп адамзаттын бийлиги үчүн,
Кош миздүү канжар болуп сууруласың.
Заманга токсон тогуз өңөр жасап,
Жүзүңдө кайра энеден тууласың.
29/I 1945
Койсары
АКАДЕМИК СКРЯБИНГЕ
Алтын мүнөз айланайын карыя.
Асыл журтка ак эмгегиң жарыя;
Адамзатта түрлүү сапат, түрлүү баа,
Биз бир тамчы, сен чалкыган дарыя.
Андай болсо сен өз атам, өз бабам
Өз деңизим, түбү терең дарыям,
Кыргыз эли жана кыргыз илими
Көктөсүн деп дарыяңдан суу жаям.
29/I 1945
Койсары
РОССИЯ
Эй, Россия, Россия, бир боор энем!
Мен өңдүү тоо кушуна койнуң кенен,
Чын сөздү туура айтуудан таймана албайм
Биз элбиз, биз кишибиз - сени менен.
31/I 1945
Койсары
СҮЙБӨМ СЕНИ
Сүйбөйм сени: түбөлүккө муздадым,
Бирок анын себептерин билбеймин,
Жаз чыкканда терезеңди каккылап,
Бай төшөктүү жакшы үйүңө кирбеймин.
Бала, жардан, бир туугандан артыкча,
Бул дүйнөдө сүйгөнүм бар жапжалгыз,
Билген билер, анын жанга ысыгын,
Биздер гана жыргап кумар тартарбыз.
Аным эмне? Өлбөй турган жакшы ырлар,
Бул турмуштун ырлары бар укмуштуу,
Күчү кетип талыкшыган күндөрдө
Эр азамат иче турган мүрөк суу.
Ырас, курбум, ырастыгын ким билбейт,
Бул турмуштун ырлары бар укмуштуу,
Жанга кубат керек болгон күндөрдө
Эстүү жигит иче турган дары суу.
3/I 1945
Койсары
ЖАШТЫККА
Күнөөсү жок махаббаттай мөлмүлдөп,
Жаштык менден өмүрлүккө бөлүнөт.
Эң акыркы ажырашуу элеси
Өз баламдан ысыгыраак көрүнөт.
Кетти, кетти, жибек боосун чече албайм,
Кечкен сууну, кайра экинчи кече албайм.
Учкан куштай суу шарындай жаштыкты
Самолёт минип кууган менен жете албайм/
1/II 1945
Койсары
ЫССЫК-КӨЛ
Жаш белем...
Тентек белем... Ысык-Көлүм
Ойноткон толкунуна каз, өрдөгүн,
Жаз күнү, күн батарда карап турсаң,
Уялчак кызды өпкөндөй сергийт көңлүң.
Шок белем,
Ойнок белем, Ысык-Көлүм,
Кубанган, кубалатып өзүнө өзүн...
Кечинде жалгыз келип карап турсаң,
Жуткандай жайлоо желин, сергийт көнлүң.
Жараган
Күлүккө окшоп көп жол басып,
Бүркүттөй, нечен бийик зоолор ашып,
Кымыздай чөйчөгүнөн сапырылып,
Жаштыктай күр-шар этет көбүк чачып,
Ак шуру
Күмүш алкак тоо кызындай
Шарактайт, жорго минип мени карай.
Шарп этип, чала-була, тийип кетип,
Тартылат кайра артына, уялгандай...
Көл тынчыйт...
Толкундары тарап-тарап...
Бизге окшоп, согушу жок күндү самап,
Эртеңки ыракаттуу келечекке,
Турмуштун дал өзүндөй тунук карап.
Ар кандай
Күн батарда көл укмуштуу,
Кандайдыр жана салкын мындагы уу-чуу...
Кечеги өтүп кеткен балалыктай,
Аралдын ар жагына сүзгөн аккуу.
Жараган
Күлүккө окшоп көп жол басып,
Бүркүттөй, нечен бийик зоолор ашып,
Кымыздай чөйчөгүнөн сапырылып,
Жаштыктай күр-шар этет көбүк чачып.
4/II 1945
Койсары
ЖАЛЖАЛЫМ ОЙ
Балыкчы көлдүн башы экен,
Бозоргон адыр, таш экен,
Таш болсо да бул жердин
Кыздары сулуу наз экен.
Наздыгына мас болуп,
Ой, жалжалым ой,
Бир жүрөр күнүм аз экен.
Пароход келет бир убак,
Болжолу чукул аз турат.
Каркылдап каздай кайрылат,
Жеңил кол жигит маш бурап,
Кайыр кош жаным дегинче,
Ой, жалжалым ой,
Сен жээкте калдың кол булгап.
Асманда жылдыз бириндейт,
Арбыган жолум билинбейт,
Капитан келип жаныма,
Каютаңа киргин дейт.
Кирген менен неге опо -
Ой, жалжалым ой,
Бир минут көзүм илинбейт.
Толкун жок, жымжырт эки жак,
Чырпыкты 1 жактан от чыгат.
Ошондой жанган от тура,
Ойноп бир күлгөн жаштык чак
Ойго да кайдан келиптир,
Ой, жалжалым ой,
Айрылып минтип олтурмак.
Сен болсоң алма сабагы,
Мен болсом күздүн шамалы.
Сен болсоң айдын жамалы,
Мен болсом көлдүн чабагы.
Кайрылып эсен көргүчө Ой, жалжалым ой,
Замандан бакыт табалы.
4/II 1945
Койсары
ЖАКШЫ КИТЕП
Өмүрдүн жан шериги жакшы китеп,
Жаш жүрөк жалындаган жолун тиктеп.
Китепте не кааласаң бардыгы бар,
Эрикпей карап чыксаң таамай издеп.
Акылга жакшы китеп акыл салар,
Кыялдын жаман жагын тартып алар.
Өзүңдү өзүңө айтпай кайра жасап,
Сен ачкан колдоруңа канааттанар.
Ардактуу ага инилер, жан курбулар,
Жаңы өскөн, жайдары ачык, жаш муундар.
Силерге айта турган сөзүм ушул,
Ар дайым китеп менен дос болуңар.
5/II 1945
Койсары
КАЙЫҢДЫ
Калды, калды Кайыңды айлым ыраактап,
Мен калтардай алыс кеттим кылактап.
Мүрү түшкөн жетим куштун канатын
Айыктырган сууларыңа ыракмат.

Чырпыкты – жердин аты.
Кеткен жолум, күндүк эмес айчылык,
Ошондуктан бир барбадым кайрылып.
Чолоо тийбей, боорум, калам экөөбүз
Өскөн айыл, тууган жерден айныдык.
Же эр болбой, сан жигитти башкарып,
Же мен болбой, күйгөн оттой таш каарып,
Баркын билбей, жаным, калам экөөбүз
Бир боор эже, агаларды таштадык.
Неге унуттум ууз таза күндөрдү,
Кылтак менен кыргый тутуп күлгөндү,
Эне-атадан, тууган достон иши жок
Таштан белем Алыкулдун жүрөгү.
Жок туура эмес, кайда барсам - айлым бар
Мага эне - казак, кыргыз, орустар.
Ким өмүрдө, кан кечишсе биз менен,
Ошол болот мага курдаш, мага жар.
Эстейм сени, Кайыңды айлым сагынам,
Барбайм сага, сагынганда не кылам.
Бул турмушта мен атылган күлүк ок,
Деңиз, дайра, тоодон өтүп жарылам.
Учам алыс, арышым бек чоюлбайт,
Такам болот, тамандарым оюлбайт.
Тирүү жаным буюрбаган сыяктуу
Мен өлгөндө сөөгүм сага коюлбайт.
5/II 1945
Койсары
АКЫН
Акындын акын деген акыны бар,
Ар башка акындын да ар кылы бар,
Ардактап эл сыйлаган жакшы акындын
Ай жамал, алтын шире акылы бар.
Шыңгырак шылдыр дабыш агымы бар,
Өмүргө жай, кыш бирдей жагымы бар,
Кыйналбай жазып салган сөздөрүнүн
Көрүнбөй жанып турган жалыны бар.
6/II 1945
Койсары
ООРУЛУУ АКЫН
Оорулуу акын,
Ойго жакын,
Ооруп алсыз олтурат.
Акын, акын,
Акын баркын Өлүм билбей кол сунат.
Оорулуу акын,
Сөздөрү алтын,
Алсыз, жалгыз олтурат.
Кантсин акын,
Ак кагаздын
Бетин ырга толтурат.
Оорулуу акын,
Өмүр артын
Каламына калтырат,
Билген достор,
Жан жолдоштор,
Эстесин деп бир убак.
Оорулуу акын,
Соолук баркын,
Эми билип тамшанат.
Кимдер келет,
Кимдер кетет,
Келүүчүгө из калат.
Оорулуу акын,
Ойлоп баккын,
Бизден журтка не калат?
Биз өлөрбүз,
Бирок өчпөс Жазган ырлар төрт сабак.
Заман калыс,
Эрдик, намыс,
Керек болор,
Берели.
Жан бүткөнчө Кадырлайлы,
Ата менен энени.
6/II 1945
Койсары
АДАМЗАТ
Мүрөктүн суусу жөн суулардай шылдырлап,
Агып жатса мал кечпес жашыл аралда:
Көк арчадай өңдөн азбас болсун деп,
Өзүм ичпей, ичирер элем адамга.
Мүрөктүн суусун ичирейин дегеним:
Адам деген картайгыч тура бечара.
Замзамдын суусу кайнар суудай шарактап,
Ташып жатса куш жете албас ыраакта:
Эти калың пилдей күчтүү болсун деп,
Бүт агымын бурар элем адамга.
Замзамдын суусун агызайын дегеним:
Адам деген чарчагыч тура бечара.
Олуя табып, улукман аке дарысы
Жазгы гүлдөй тепселип жатса талаада:
Жүрөк оору, өпкө оорунун сообу үчүн,
Өзүм ичпей, ичирер элем адамга:
Дары чөптү ичирейин дегеним:
Адам деген оорукчан тура бечара.
Ак шайы көйнөк, күмүш кемер сыяктуу,
Адамдын жаны сатылып турса базарда:
Дагы жыргап, дагы жашап көрсүн деп,
Өзүм албай берер элем адамга:
Жандарына жан кошоюн дегеним:
Адам деген көп өлгүч тура бечара.
Кызыл топу, шуру, бермет сыяктуу
Бала өмүрү, сатылып турса калаада,
Катуу күйүт, кайгы зардын дарты үчүн,
Өзүм албай, ал дээр элем адамга.
Бала өмүрүн алсын деген себебим:
Адам деген баласаак тура бечара.
Мейличи, мени, жаман көргөн бирөөнүн «Жан алгыч келип, жанын сууруп аларда»
Эгер чиркин, экөө болсо жүрөгүм,
Берер элем, бирин ошол адамга.
Мен сыяктуу жакшылыкка март эмес,
Адам деген өзүм дейт тура бечара!
7/II 1945
КАЛАМГА
Сен жолдошум, кен кубатым, сен бактым,
Ашык болуп, издеп жүрүп мен таптым.
Колуктумдан мурда сүйүп өзүңдү,
Өз жанымдын жармысынан жараттым.
Чырагымсың, айсыз түндө адашпайм,
Ынагымсың, жан чыкканча тарашпайм.
Дүркүрөгөн дөөлөтүмсүң каламым...
Вашингтон долларына алмашпайм.
Командириң - эл намысы, эл анты,
Сага ишенип курч куралын карматты.
Ошондуктан, өрт аралап бараткан Сен доорумдун танка минген солдаты.
Заман күчтүү, күч чак келбейт алдына,
Заман дайра, аккан катуу агымга.
Бул турмушта: нечең кыйын жол бастык,
Дагы кыйын жолдор жатат алдыда.
Эгер өлкөм керек десе биз белен,
Эл эрки үчүн, туулганбыз энеден,
Жүрөгү чоң баатырларбыз бактылуу Жер шарынын азаттыгын ээлеген.
Мына ушундай улуу жолдо баратып,
Кезек менен күндөр батып, таң атып.
Күтүлбөгөн бир мезгилде, түбөлүк Эгер өлүм, мени кетсе уктатып:
Ошол замат, арта салып мойнуңа,
Тез чуркап жет, кең өрөөндүн оюна.
Көп ыйлабай, капаланбай көөмп кой,
Ысык-Көлдүн толкун чачкан боюна.
Көл шарпылдап толкундарын таратсын,
Толкундары мени карай баратсын.
Жүр көрөлү: кыргыздын бир акыны
Уктап жатат... уктап жатат, деп айтсын...
Биздин турмуш, биздин кылым эң кызык,
Октор гана оюн кылган жол сызып,
Ок күчүнөн жеңип алган өмүрлөр,
Чындыгында эң бир ширин, эң ысык.
Сен жолдошум, сен кубатым, сен бактым,
Ашык болуп издеп жүрүп мен таптым.
Колуктумдан мурда сүйүп өзүңдү,
Өз жанымдын жармысынан жараттым.
8/II 1945
Койсары
КУРДАШТЫК СӨЗҮМ
Жарашпас ичи тарлык азаматка,
Тар болбо, тардык жаман тирүү чакта.
Арамдык, кытмыр кыял, көрө албастык,
Өзүңдү өйдөлөтпөй тартар артка.
Жакшынын жакшы жагын бөлө билгин
Жамандын жакшы жагын көрө билгин.
Эр жигит бекер келип, бекер кетпейт,
Таштаба экен го деп бири - миңдин.
Ар куштун алсам деген талабы бар,
Ар аттын чыксам деген кадамы бар.
Курдаштар өзүңдү өзүн сыйлай билгин,
Ар жандын мактай турган тарабы бар.
Эр жигит бирде жанар, бирде азар,
Деңиздей кээде кемип, кээде ташар.
Адамдын адам болор жан жөлөгү,
Унутпас, азган жигит, салсаң назар.
Кызыктуу баарыга тең өмүр өтөр,
Бирок да эстен кетпес жакшы сөздөр,
Суу жеткен балбан кучак бай теректей
Жигитти сөз семиртер, сөз көгөртөр.
Эн калыс, эң адилет улуу заман,
Энедей баарыга тең көңүл салган.
Менсинип эч нерсени жактырбаган
Жок эмес арсыз адам, алсыз адам.
1 1 / I I 1945
Койсары
СУЛУУГА
Кош, жан эркем, кош дейсиң деп таарынба,
Мени күтпө, мени эстебе, сагынба.
Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен,
Отуз жаштын улам аркы жагында.
Кош сүйгөнүм, коштошордо жалынба,
Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда,
Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен,
Отуз жаштын улам аркы жагында.
Сен бир кептер боз шумкарын түнөткөн,
Унутулган учар замат түнөктөн.
Сүйүү деген - сүйүү эмес эринден,
Сүйүү деген - от чачышуу жүрөктөн.
Сен бир бакча миваларың келишкен,
Мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен,
Сүйүү деген - сүйүү эмес бетиңден,
Сүйүү деген - сүзүп өтүү деңизден.
Сен бир жүзүм бышып турган мына бу,
Арманда эмес, бирок сенден кур калуу,
Сүйүү деген ырдоо эмес бал ууртап,
Сүйүү деген сүйүү уусуна уулануу.
Таттуусуңар, ачуусуңар сулуулар,
Алдайсыңар бизди опоңой кургурлар,
Канча болсо сенин жибек көйнөгүң
Дал ошончо жүрөгүңдө сүйүү бар.
Бирок менин махаббатым бир гана,
Бирок ал жок, эгер болсо ал гана?
Мага ишенбе, элес кылып бардыгын,
Күлүп жүрөм өзүңө окшоп алдана.
12/II 1945
Койсары
БИРИНЧИ ДЕПУТАТ
Колхоздо мол түшүмчүл адамдар бар,
Заводдо жаңы өнөрлүү балбандар бар,
Илимге, искусство, техникага Кошумча акылдарын салгандар бар.
Маршалдар, генералдар жана башка
Өлкөмдө нечен асыл адамдар бар.
Дем кошуп бул эрлердин эмгегине,
Урматтап улуу сыйлык деңгелине,
Шайлайлы добуш берип, өкүл кылып,
СССР Жогорку Улуу Советине.
Дүңгүрөп депутаттык даңкы чыгып,
Сыналсын бүткүл совет элдерине.
Мекендин эмгек сүйгөн уул-кыздары
Ааламды солкулдаткан баатырлары.
Инженер, академик ойлоп тапкыч,
Мугалим, чебер артист, акындары,
Шайлоодо эң биринчи добушту алсын,
Элимдин ушул өңдүү асылдары.
14/II 1945
Койсары
ЗАМАНДАШЫМА
Жашыл-ала жагоо тагып желбиреп,
Жакшы өмүрдүн жарашыгы биз элек.
Жаштык күндүн ар бир соккон сагаты,
Жаш сүйүүдөй койнубузда эркелеп.
Кызыл-ала жагоо тагып желбиреп,
Кызык күндүн кызыктары биз элек,
Кымбат күндүн ар бир соккон сагаты,
Кыз баладай койнубузда эркелеп.
Жашоо эркине жаратылып бир ирет,
Карап көрсөң кандай эмгек кылдым деп:
Кайран күндөр бекер кеткен экен деп,
Ойлоп-ойлоп өкүнөрүң ким билет?..
Сонун күнгө жаратылып бир ирет,
Санап көрсөң кандай эмгек кылдым деп,
Сайран өмүр Текке кеткен экен деп.
Самап-самап сагынарын ким билет?
Кеткен кемтик жакшы ыр менен жетилет,
Андай болсо, көп кечикпей кууп жет.
Доорубузга каухар чачып калалы,
Алдыбызда канча күн бар ким билет?
Жаштык айып таттуу ыр менен жетилет.
Андай болсо, көп кечикпей кууп жет.
Заманага жыпар төгүп калалы,
Дагы канча жашоо калды ким билет?..
14/II 1945
Койсары
АДАМГА
Адамды адам меймандап.
Сыйлайт экенсиң,
Жакын жолдош-жорону
Жыйнайт экенсиң,
Жакшы тилек ак ишти
Кыйбайт экенсиң.
Ак дасторкон үстүндө
Чын ниет менен досуңду
Жегин муну, ичкин деп,
Кыйнайт экенсиң,
Ошентсең да өмүргө
Сыйбайт экенсиң,
Кара жердин түбүнө
Бириңди бириң жашырып,
Ыйлайт экенсиң.
16/II 1945
Койсары
САЛЮТ
Душмандын сындыра атып күнүн, айын
Эр Маскөө күндө салют берген сайын,
Тынчтык күн улам бери келе жатат.
Жоодурап күлгөнүнөн кагылайын.
Айбандын ойрон кылып жаткан жайын,
Берлинге улам жакын калган сайын
Бакыт күн, биздин үйгө келе жатат,
Бакыбат мүнөзүнөн кагылайын.
Өпкүлөп бул жылдагы сулуу жазды,
Өрчүгөн салют үнү көңүл ачты,
Кончудай биздин салкын калаабызга,
Жыргалдын учуп кеткен карлыгачы.
Куттуктап гүлдүү жайды үстүдөгү,
Кубантат салюттун зор дүңгүрөгү.
Айланат өлкөбүздүн асманында,
Ырыстын алыс кеткен көгүчкөнү.
Кайтарып жаш өмүрдү күлүп өскөн,
Элинен алкыш алат улуу көсөм.
Тынчтык күн сени менен кучакташып,
Көзүмдөн жаш көлдөтүп көрүшпөсөм.
18/II 1945
Койсары
ҮЛПӨТ ЫРЫ
Жакын түшүп катюша огу чачырап,
Чоң Берлиндин каалгасы качырап.
Биз жетишкен жеңиштерге сүйүнүп,
Бизге кел деп, күндө бир үй чакырат.
Үлпөт берип улуу менен кичүүгө,
Банкет жасап, кадыр-көңүл билүүгө,
Бүт советтин үй-бүлөсү чогулуп,
Ха-халашып бокал кагып ичүүдө.
Жоо тобуна ок жаадырган пулемёт,
Көзү жалын, каны дайра, жүрөгү от,
Улуу майрам, улуу тойдун ичинде,
Жан курдашым, Жоомартымдын орду жок.
Анын ыры, таттуу тилдүү бала эле,
Бул замандын чын сүйүктүү жары эле,
Жорголугун салыштыра келгенде,
Шырдакбектин жоргосундай бар эле.
Күүлдөгөн кош канаты бороондоп,
Байкаганга кыраан бүркүт өзү окшоп,
Бул олтурган көп курдаштын ичинде,
Кайран гана Жусубумдун орду жок.
Анын ыры шекер шербет бал эле,
Бул замандын бактылуу бир жаны эле,
Күлүктүгүн салыштыра келгенде,
Күлүктүгү Көк аладай бар эле.
Кыялы көл, талабы албуут жанган от,
Аркыраган алп кара куш өзү окшоп,
Бул олтурган теңтуштардын ичинде,
Урматтуу ага, Мукайымдын орду жок.
Анын ыры кубат эле, шаң эле,
Бул замандын жанып турган шамы эле,
Болочогун даана карай билгенге,
Толубайдын тулпарындай бар эле.
Кел ичели бокалыңды толтургун,
Жок, ал болбойт, түгөтө ичип олтургун,
Курман болгон досторду да эстейли,
Кечип өткөн бул турмуштун толкунун.
20/II 1945
Кайсары
ӨЗҮМДҮН ӨСКӨН ЖЕРИМДЕН
Өз туулган жеримден
Жаңы журт, жаңы эл көрдүм.
Агыны катуу, шары күч
Ак көбүк чачкан сел көрдүм.
Өзүмдүн өскөн жеримден
Азамат көрдүм, алп көрдүм.
Баарынын жарык кабагы
Ордендүү калың калк көрдүм.
Чын эле элим ордендүү,
Карасаң, курбум, карасаң!
Ордендүү менин айланам.
Ордендүү менин заманам.
20/II 1945
Койсары
КЕЛСЕМ ЖОКСУН
Келсем жоксуң... келсем жоксуң сүйгөнүм,
Сен мен үчүн, жарык айы дүйнөнүн...
Далай, мындай кыйгач түшкөн иштерге,
Кабак чытып кайгырбоону үйрөндүм.
Келсем жоксуң... келсем жоксуң жалжалым,
Текке элирттиң, тентек сүйүү кандарын...
Бакыт жолу бирде түз да, бирде ийри,
Оңдоо керек, ийри түшүп калганын.
Улам... улам... каттар жазып жалбардың,
Неге мынча мени күтүп саргардың?
Сүйүү деген, кээде паста, кээде өйдө,
Аёо керек, жерге түшүп калганын.
Мейли шоолам, жолугуулар кечиксин!
Жаз болбосо, жай-түнүндө кезиксин!
Сурап билсем, миң сүйүүгө барабар,
Жазгы айдоонун камын көрүп кетипсиң.
Ошент жаным, өзүң иштеп көрсөткүн,
Болот миздер бороздорун төшөлтсүн!
Сен өндүргөн жаз көгүнө аралаш,
Менден шайыр, менден таза жаш өссүн!
4/ III 1945
Койсары
ЖЕҢЕМЕ
Жол үстүндө биздин айыл Кайыңды,
Күн кечкирип малдар бери жайылды,
Тандап минип көп жылкынын ичинен,
Жакшы көргөн жетим тору тайымды...
Ал күн экен, анчейин бир эсирме,
Учкул элем мен балапан кезимде,
Күн чыгыштан күн батышка аркырап,
Поезд менен жарышканым эсимде.
Күлүк жаштык ошондо сен кайда элең,
Күкүк учкан гүл бакчалуу жайда элең,
Замананын жыргалына мас болгон,
Ал кезекте мен да тайдай тай элем.
Он-он беш жыл зуулап өтүп арадан,
Дем алышка үйгө келсем калаадан,
Жеңем менден кайсы иштесиң, деп сурап
Ачкыл сунуп уялыңкы караган.
Катуу тийди жүрөгүмө бул суроо,
Көңүлүмдө көрүнбөгөн миң буроо,
Өз ичимде акын болдум деп жүрсөм,
Кыйын экен мына минтип учуроо.
Жооп бербей, калп эле укпай мостойдум
Кандай жеңе, журт аманбы деп койдум
Мен-менмин деп керген менен боюмду,
Чындыгында жаман акын окшоймун.
Айда, чамда... шумкар канат жаркылда,
Деңиз сүзгөн крейсердей калкылда,
Кол тие элек эчен кымбат иш жатат,
Отуз жаштын тоолорунун артында.
5/III 1945
Койсары
БАЛЫКЧЫДАН ФРУНЗЕГЕ
(келиндин сөзү)
Желип кетсе жейренден тез буттары,
Ай, чиркин ай, укмуштуу экен учканы,
Ысык-Көлгө келип калды ээ ушинтип,
Жарыктык ай жаңы заман тулпары.
Жүр, Канымкүл, чыпта 1 сатып алалы,
Фрунзеге ылдам кирип баралы,

Чыпта – билет деген мааниде.
Бал кошкон май, курут менен эт берип,
Кубанталы окуудагы баланы.
Жүр, Шайыркүл, шашпай түшүп алалы,
Шаарыбызга шаңдуу кирип баралы,
Сүзмө ичирип, сүрсүгөн жал жедирип,
Сүйүнтөлү сүттүү уйкулуу баланы.
Жүр, Жыпаркүл, Фрунзеге баралы,
Аралайлы атыр жыттуу калааны,
Эл көрбөсө алаканды шак коюп,
Жаңы үйлөргө бир таңыркап алалы.
Көчөсүндө колтукташып жүрөлү,
Жакшы көрүп нечен укмуш түрлөрдү,
Эл жок жерде оозду ачып делдейип,
Өзүбүзчө түрткүлөшүп күлөлү.
Андан ылдый театрга баралы,
«Айчүрөктү» абдан көрүп каналы,
Ракмат деп бул замандын ээсине
Алкыш айтып урматтуу кол чабалы.
Сылык экен, сулуу экен элдери,
Таптаза экен элдин жүргөн жерлери.
Шаарлыктар маданият дейт экен
Кээсин сурап, кээсин уурдап келели.
6/III 1945
Койсары
БОЗ БАЛА
(Кыргыз вальсына текст)
Борумуңдан боз бала,
Боздотпочу садага.
Боздосом да жеткирбей
Бой саласың башкага.
Ой боз бала,
Ой боз бала,
Күтөм колхоз
Багында.
Жок келбейсиң
Чолоң тийбейт
Кызыл кырман
Маалында.
Жайдарыңан жаш бала
Жалынтпачы садага.
Жалынсам да жеткирбей
Жалооруйсуң, башкага.
Ой боз бала,
Ой боз бала,
Күтөм өзөн
Жанында.
Жок келбейсиң
Колуң тийбейт
Кызыл кырман
Маалында
Кыялыңан бир бала
Кыйналтпачы садага:
Кыйналсам да жеткирбей
Кызыгасың башкага.
Ой боз бала,
Ой боз бала,
Күтөм кампа жанында.
Жок келбейсиң,
Күткүн дейсиң
План бүткөн
Маалында.
Ой боз бала, боз бала
Ойнойлу кең заманга.
Мага да далай жалынган
Сен өңдөнгөн көп бала.
Ой боз бала,
Ой боз бала,
Бери басчы
Жаныма.
Чер таратып
Жашайлыкчы
Ушул жарык
Заманда.
4/IХ 1945
Койсары
БЕШИК ЫРЫ
Алдей, алдей бөбөгүм,
Арка сүйөө жөлөгүм.
Кандуу күндө көтөрүп,
Майрам күнү төрөдүм.
Алдей, алдей ак бала,
Апакеңди кыйнаба,
Эжекең жүрөт мектепте,
Атакең жүрөт кырманда.
Алдей, алдей бөбөк жан,
Бөрүлөр жортоор ыйласаң
Белдүү жигит болорсуң,
Бешигиңе сыйбасаң.
Алдей, алдей кыргыек,
Жаз айланып, кыш келет.
Кызыл мончок, кыйгач каш,
Кылтылдаган кыз келет.
Алдей, алдей турумтай,
Алышып ойнойт, кулун, тай.
Аркырап учат заманың,
Артынан калбай жулун тай.
Чоңоёрсуң эр жетип,
Азамат болуп, бел чечип,
Алдей айтып турарсың,
Сен да уулуңду терметип.
Кызматчы бол, акын бол,
Ар билимге жакын бол.
Андан айла болбосо,
Энтеңдеген бригад бол.
5/ХII 1945
Койсары
ТЕГИРМЕН
Тегирмен, тегирмен
Тентек өскөн теңирден,
Тегеренбей тура албай
Терин төгүп элирген.
Тегирмен, тегирмен
Темир минип теминген,
Терең алып кулачын,
Тез жүгүрүп керилген.
Тегирмен, тегирмен
Арпа, буудай кемирген,
Ак буудайдын ак нанын
Колхозчу жеп семирген.
Тегирмен, тегирмен
Күз болгондо элирген,
Ак буудайдын ак наны,
Эмгек күндүн теңинен.
5 / Х I I 1945
Койсары
КОРУКЧУ
Коруктун башы коомай жол,
Копол ууру оомай жол.
Кыярып бышкан ак эгин,
Арам колдон аман бол.
Айт, айт куу, куу!
Айт, айт куу, куу!
Дандарың жерге түшпөсүн,
Башыңды бирөө үзбөсүн,
Бак-дөөлөткө учкашып
Бажырайган күз келсин.
Айт, айт куу, куу!
Айт, айт куу, куу!
Корукчу корук көздөсүн,
Көргөндөр мактап «сөз» десин
Атка минип аралап
Көпкөн жигит өтпөсүн.
Айт, айт куу, куу!
Айт, айт куу, куу!
Талкалап буудай тактасын,
Эң асылын тазасын.
Калаадан чыгып жыгылып
Мас жигит уктап жатпасын.
Айт, айт куу, куу!
Айт, айт куу, куу!
Таруулар бышып таранып,
Талыкшып боюн каранып,
Толуп турган кезинде
Таранчы келер кап алып.
Айт, айт куу, куу!
Айт, айт куу, куу!
Таруунун кыяр сабагын
Шыпырып кетер дандарын
Жакшы кайтар колхоздун
Жаш жандырар тамагын.
Айт, айт куу, куу!
Айт, айт куу, куу!
Коноктор бышып саргарып,
Орот деп качан жарданып,
Бойго жетип турганда
Чымчыктар келер чийне алып.
Айт, айт куу, куу!
Айт, айт куу, куу!
Коноктун кыркар сабагын
Корукчу жакшы карагын.
Таш үстүндө колхоздун
Гүл өстүрөр тамагын.
Айт, айт куу, куу!
Айт, айт куу, куу!
Бош эмес бардык аңыздар,
Төмөндө коон дарбыз бар,
Бөйрөгүн оюп кетпесин
Карга деген кансыздар.
Айт, айт куу, куу!
Айт, айт куу, куу!
Колхоздун иши оң болсун,
Азык-түлүк мол болсун.
Жүгөрүлүү чүйлүктүн
Жүгөрүсү тоо болсун,
Айт, айт куу, куу!
Айт, айт куу, куу!
Калкымдан бирөө өлбөсүн
Түк жамандык көрбөсүн.
Көп таруулу көлдүктүн
Бозосу агып көлдөсүн.
Айт, айт куу, куу!
Айт, айт куу, куу!
Коромжу болбой жакшы өссөң
Сүйүнчүңө кашка суу?
6/ХII 1945
Койсары
АККАН СУУ
Ай аккан суу, аккан суу,
Шылдыр мончок таккан суу,
Сыр дайрадан чоң туруп,
Сыр аякка баткан суу.
Ай аккан суу, аккан суу,
Асман кезип шашкан суу,
Тынч деңизден кең туруп,
Бир чыныга баткан суу.
Ай аккан суу, аккан суу,
Ар пендеге жаккан суу,
Карысы да, жашы да
Кесирленип чачкан суу.
Ай аккан суу, аккан суу,
Өмүрдүн көркүн ачкан суу,
Ошентсе да адамзат
Бир тыйынга саткан суу.
Ай аккан суу, аккан суу,
Жок жерден конуш тапкан суу,
Айбанаттын бардыгы,
Белиңди кесе баскан суу.
Ай аккан суу, аккан суу,
Жалпы ааламды баккан суу,
Ошентсе да баркы жок,
Ар кай жерде жаткан суу.
Ай аккан суу, аккан суу,
Ичинде болбой таткан суу.
Өмүрү кең, күнү жок
Бул аккан суу, кандай суу?
Ай аккан суу бир күнгө
Сууң кургап түбүңдө,
Акпай калсаң ошондо,
Түшөр элең көңүлгө.
Чаңкар эле адамзат
Азар эле адамзат,
Бир тамчыңа бир уулун
Сатар эле адамзат.
6/ХII 1945
Койсары
КОМБАЙН МААЛЫ
Колхоз сайын, жер сайын,
Кубаттанткан эл шайын,
Колхозчулар «комбай» - деп
Эркелеткен комбайн.
Октон өткүр тишиңиз,
Желден жеңил ишиңиз,
Баатыр сындуу жүзүңүз,
Көсөм сындуу ишиңиз?
Жайкалды күздүк, жайкалды,
Сен жүргөн жакка жайпалды.
Касиетиң ушундай,
Кантип «сен» деп айталы.
Өзүң оруп, бастырып,
Келе кап деп шаштырып,
Өөдө карайт башкарма
Өкмөткө данын тапшырып.
Өзүң жыйнап кызылдап,
Чарчап койбой бышылдап,
Мактанып чабат башкарма
Өйдө-төмөн тызылдап.
Бригадири бек сүйлөйт,
Жигиттер ылдам деп сүйлөйт,
Планды бүтсөк бакыт деп,
Көпчүлүккө эп сүйлөйт.
Эт семизи комбайга,
Нандын агы комбайга,
Күзгү кымыз комбайга,
Барлык ырыс комбайга.
Комбайнчы карды ток,
Көп иштетип, аз оңдоп.
Каада күтүп мостоёт,
Суроо берсең жооп жок.
Ай өмүр ай, алдамчы,
Алдамчы түгүл жалганчы,
Өмүрдүн жаш кезинде
Механик болуп калсамчы?
Ай жаштык ай, жалганчы,
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Акындын Элеси - 08
  • Büleklär
  • Акындын Элеси - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3840
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2225
    26.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3736
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2283
    26.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 3811
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2151
    28.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3982
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2076
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3859
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2239
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3940
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2064
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3826
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2049
    28.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3794
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2098
    26.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3825
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2063
    28.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3649
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1939
    27.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3813
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1876
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3816
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1931
    30.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3826
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    28.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3817
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2076
    31.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3692
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1499
    35.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    53.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 2613
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 815
    30.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.