Latin

Акындын Элеси - 02

Süzlärneñ gomumi sanı 3736
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2283
26.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
38.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
46.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
чыдамдуу болсо да, оорулуу адамга жеңилге түшпөс?! Ошентсе да, драматург
катарында Алыкулдун эмгеги сая кетпеди. Анын пьесалары таланттуу акындын
мурасын толуктайт.
...Алыкул канчалык этиет сактанса да жыл өткөн сайын анын ден соолугу
начардай берди. Материалдык жагы кеңири болгон менен жалгыздыгы, ичтен
сыздап зарыгуусу анын кеселин күчөттү.
Албуут бала, эми болуп араң жан,
Айыкпас дарт болгон өңдүү өнөкөт...
Ошентти. Керимсел тийип, мезгилсиз солуган гүлкайырдай күн өткөн сайын
акындын нур жүзү саргайды. Өзү арыктап, алдан тайып, «Күрс-күрс эткен оор
жөтөл үн чыгып...» анын тынчын алып. оор дарттан ач арбактай арсайып,
түнөргөн сөлөкөтү коюндашып аны күн-түн коркутту. Дал ошентип дарты күч
алып турган кезде, мүнөздүү акынга өз үйү суук көрүндү. Өзүнүн ушундай
айыкпас дартка учурашын, тун кызы Жыпарынын айга толбой чарчашын, , сүйүп
алган жары менен тез суушуп, оту күйүшпөй калышын акыры минтип катын,
баласыз соколой калышын дал ушул үйүнөн көрдү- . Аны таштап, андан безди. —
Айтпагылачы, ушул үйдө болгондорду эскертпегилечи? Аманчылык болсо...
турмушумду кайрадан баштаймын...
Өмүр сүрүп, ак эмгектенүүдөн али үмүтүн үзбөгөн алп акын сүйүктүү шаары
Фрунзенин батыш жагынан үй алды. Акындын эмки максаты ушундай тынч
бурчта тыныч жашоо, чыгармачылыгын өркүндөтүү. Маал-маал биз анын үйүнө
барганыбызда, ал кудуңдап, минтип алыстан сыйлашкан да жакшы экен деп,
күлүп, коңшуларынын бардыгы карапайым жумушчулар, кемпир-чалдар экенин
айтып кубанып: — «Карабекти», «Плотникти», «Малярды», «Дубалды»,
«Жумушчунун мүнөзүн», «Помидорун», «Завод көрдүмүн» , «Коончусун», койчу,
биз билген татынакай лирикаларынын көбүн дал ошол үйүнөн жазганын айтат.
Жазгандарын суратпай өзү окуп берип, өзү чечилип кеп-сөз баштап, ал тургай
мулуңдап күлгөн болуп , анекдот айтып, тамаша сүйлөп кечке жайдары олтурат...
Ооруну жеңүү үчүн аракетин эч токтоткон жок. Врачтар эмне дарыны буюрса, аны
тартынбай колдонду. Ал мейманда олтурганда, шашып, сактанып, четтеп, мага
карабагыла, деп сыпайыкерчилик этчү. Жеке эле ушул оорулуу кезинде эмес, ал
башынан сылык, а, башынан этиет, таза. Башкалардын ыркын бузчу иш иштебей,
келген учурда, бирөөгө сөз кайыргысы келсе, кескин, салмактуу бир айтып тим
болот.
Айтор ооруңа эмне жагат, эмне дары десе, андан тартынбай,бей кабыл алат.
Алтын бактым, кайтсын үчүн жоголгон —
Сабагынан коонуңду үзүп оңолом.
Тер жыттанган алачыгың ичинде
Сенин терчил чапаныңа ороном.
Ошентти, асыл акын, ошентти. Коончунун терин жыттады. Багбандын жүзүмүн
татыды, саанчынын сүтүнөн ичти, жылкычынын кымызын жутту. Эл-жеринин
сыйын көрдү. Колхоз кыштагын арасындагы жыпар жыты аңкыган таптаза
абасынан «уурдап» кайт- эл жеринин бул жакшылыгын ал өз мойнуна карыз
кылып албайт. Ошол замат эл-жерин даңазалап ырдап берди! Артыкча соңку бирэки жылда Алыкул баштагыдан да ойчул, баштагыдан да боорукер, кечиримдүү
болуп, а деп ооруган жылдарындагыдай үңкүйбөй, кейибей, — «Букарда пулу
бардын көөнү ток» болуп, өз ичинен өз тагдырына ыраазы:
«Мен мындан эчен ирет сабак алдым.
Мына бул ошол менин алгандарым:
Элимдин бир ишине жарасын деп,
Жанымды тартуу кылып берип салдым.
Тапкан мүлк байлыгымды калкка салдым,
Калк үчүн канатымды канга малдым,
Өлкөмө тыйынчалык зыян кылбай
Бир сомго бир күн берип иштеп алдым».
Кыска өмүрүн сая кетирбей ушунтип иштеп алган акын өмүрүндө эч өкүнүчтүүсү
жок кишидей оор-басырык олтуруп жазуучулардын, башка жолдош-жоролорунун
өз үй-бүлөсүндө ынтымактуу тургандарын аёо, кызыгуу, берилүү менен кеп
салып, алардын кимисинде канча бала бардыгын сурап, алардын аман-эсен
чоңоюшуна тилек тилеп, өзү ойлуу, томсоро калып, анан: — бактылуу болушсун,
бактылуу болушсун! деп ичтен тымызын улутунат...
Бир адамдын оор тагдырын баяндаган салмактуу абал ачык айтылбаса да
экинчи адамга түшүнүктүү, аны шаштырып коёт да. Ичтен муңканган акындын
оор абалын сезе туруп аны алаксытасың:
— Жаны үйдө турмушту кайра башынан курам деген элен, Алыкул. Үйлөнүшкө
ой барбы?..
«Орундуу сурадымбы, көңүлүн оорутпас бекен?» деп жалтайлап турганында,
ал айтканына капа да болбой, компоюп, мулуңдап күлгөн болуп колунун сырты
менен этегин каккылап этиет туюндурат:
—бизге иштеш керек тура... иштейли... иштейли...
— Үйдүн ээси жарың жанында жүрсө, жаныңа тынч болор беле деген кеп да...
Ал томсоруп башын чулгуп ойлонуп калат:
— э-э.., дагы кимдин убалын аркалайын... Менин эмки жан жолдошум —
каламым, ракатым — тынчтыгым. Ушул тынчтыкта иштеп алалы... иштеп
алалы.
-жылдын декабры. Кантсе да күн тумандап турган. Биздин үйдүн тушуна
көгүш «Победа» токтой калып, андан Алыкул чыкты. Мен аны утурулап тосуп
алдым да, экөөбүз үйгө кирдик. Ал тигил лагы жалтыраган жоон-кара
кантрамарка печке адетинче ыктай орундук койдуруп, бизден, балдардан обочо
олтурду. (Мындан аз эле күн илгери дал ушул печке ыктай өзү отур кашындагы
диванга төрт баланы тизилте отургузуп, коюп, анан аларды: — У-у, окшошкон
акмактар. Тигини, тигини, мурундарын, мурундарын карасаң. Атайы ушуларды
көргөнү келдим деп кеткен...) Азыр да дал ошол ордунда, өтө эле арыктап кеткен
бечара кумсарып, ийнинен дем алып жоолугуна жөтөлүп коюп кайдигер айтты:
— Иштеп келейин деп Чолпон-Атага кетип баратам. Учурашканча Токбаевдин
адресин алайын дедим...— Ал кайра жөтөлдү. Анын азып, өтө арыктаган кебетеси
алсыз, аянычтуу көрүндү. — Учук оорулуу адам өлөрүнө жакын калганда, ал бир
жакка кеткиси келет. Өз тажрыйбамда андайды көп байкадым деп бир кезде, врач
Малиновскийдин айтканы эсиме түштү да, Алыкулга шек алдырбай этиет кеңеш
бердим:
Кыш-күрөөдө жолго чыкпасаң боло. Жылуу үйүңдө жатсаңчы...
Ал чочугансып чечкиндүү айтты:
— Өзүмдү жакшы сезем... Чолпон-Атага барып иштегим келип турат. Токбаев
досуңдун адресин бер. Ал баягысындай эле исполкомбу? Түнгө калсам, үйүнө
коноюн.
Көп олтурбай биз менен коштошуп жөнөп кетти. Бирде алсыз бирде
чыйралтып узакка создуккан учук оорунун мүнөзүнөн адам көп жаңылат. Балким,
өзү айткандай Алыкул иштеп кайтар... Ошентсе да алы начарлап калыптыр
кантээр экен деген күмөн бизде болду. Чынында эле бул жолу акын Чолпон-Атада
иштей алган жок. Бир- эки күндөн кийин кайра тартып, Балыкчыдагы
Токбаевдикине конуп алып, эртеси Фрунзеге эрте келет. Бирок үйүндө тура албай
шофери Жапарга машинасын айдатып, экөө асыл шаары Фрунзени кыдырат.
Асфальттанган көчөлөр менен жүрүшөт, жаны үйлөр салынган кварталдарды
аралайт... Анан Совет көчөсүн бойлой тигил Ленин көчөсүн кесип өтүп, ал кезде
жаңы курулган пионер үйүнүн алдынан өтөрдө имаратка суктана карап, шоферге
айтат:
— Ой Жапар, шаардын бул жагын далайдан бери көрө элек элем. Жаңырып
сонун болуп кетиптир. Бул жөнүндө ыр жазам!
Талантын эмгек менен курчуткан алп акын, ошентип асыл шаары —
Фрунзенин жаңырган кварталын даңазалап ыр жазууга өзүнө өзү убада берип...
кечки саат беш чендерде үйүнө келет, дайым таптаза турчу столуна актай
баракты коюп, акын иштегиси келип; иштей албай... аба жетпей деми кысталып,
көйнөктүн топчулугун чыгарып, жеңсиз кемселчен кроватына жата турайын деп...
ошол созулган калыбында түбөлүк уйкуга кетет.
О, асыл акындын жумулуу көздөрү анын сүйгөн шаары Фрунзенин жаңы
кварталдарын негативдеп ала кетти. Ал, иштейм деп, иштей албай калган
акындын убадасы. Аткара албай кеткен иши:
«Бар бололу, түгөнбөйлү курдаштар
Узак, узак, узак болсун бул сапар,
Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да
Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар».
деп күнгүрөнгөн сыяктуу, тагдырына ракмат айтып, күлүмсүрөгөн шерди түбөлүк
жатар жайына жаш шаардын жаш калкы салмактуу салтанат менен узатып
кайтышты.
«Менин күнүм өлбөсүнө түңүлбөйт,
Толкун урса, тайызына сүрүлбөйт.
Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей
Жер түбүндө чирисе да бир гүлдөйт».
Күлүмсүрөп керилген поэзия шеринин — «Өлбөстүктүн өжөр эркин талашкан»
шаңдуу элеси дайым тирүүлөрдүн көз алдында. Акындын татынакай
чыгармаларын окуган сайын анын окуучулары аны эскерип, сүйүп, алкыш
айтышат:
— Ракмат сага! Ракмат, жакшы жашап, март иштеп өткөн акын!
Алыкул Осмоновдун поэзиясы, драмалары жана котормолору ушул үч
томдукта топтолду. Баштагы жылдарда бир нече ирет жарык көрүп, азыр
окуучуларга кеңири тааныш болгондуктан акындын котормолорунан Шота
Руставелинин «Жолборс терисин кийген баатыры» бул томдорго киргизилбеди.
Низами Ганжебинин «Хосров менен Ширинин» Алыкул Осмонов кыргыз тилине
толук которуп үлгүрө албай калган. Автордун кол жазмасы боюнча башкы
жыйырма бети да табылбады. Ошентип баш-аягы жок болсо да, «Хосров менен
Шириндин» которулган бөлүмдөрү томго берилди. Андан тышкаркы акындын
башта жарык көрбөгөн бардык чыгармалары мүмкүн болушунча толук топтолду.
«Махабат», «Акмөөр», «Ким болду экен» сыяктуу чыгармалары ыр жана кара сөз
(драма) түрүндө — эки вариантта болгондуктан, биз өз өз жанры боюнча ал
экөөнү тең томдорго коштук.
Акындын көрүнүктүү чыгармаларына, котормолоруна ар бир томдун аягында
кыскача түшүнүктөр берилди.
ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВ 12.11. 64-ж.
БИЗДИН ЖЕР
Төгүлдү, балкыды нур мемиреди,
Гүлдөрдөй, күлмүң-күлмүң берди белги.
Жыргалдык, кубанычтык жана бакыт,
Каптады карагыла биздин жерди.
ТЕМИР ЖОЛ
Жүрсө поезд, түтүн оргуп арылдап,
Кайратынан тоо кыймылдап жаңырат.
Тиги турган Тянь-Шандын бер жагы,
Келсе экен деп, темир жолду сагынат.
Шашпа жерим, сом темирлер коюлуп,
Күлөт, сүйлөйт, байчечекей жамынат.
ТАҢДА
Тентек желдин эркине,
Булуттар көчө баштады.
Таң нуруна бүлбүлдөп,
Жылдыздар өчө баштады.
Чыгышты бөлөп алтынга,
Таң агарган кез эле.
Таң нуруна боёлуп,
Жылтылдайт биздин терезе.
Ар биринде бир кетмен,
Кээ бирөө чеккен араба.
Колхозчу эмгек атасы,
Түбөлүк бакты талаага.
МЕНДЕ
Бүгүн башка толкунданат
Менин эркин жүрөгүм.
Жаш көңүлүм көтөрүлүп,
Тандайт талант күүлөрүн.
Чыгыш жактан бир шоола
Каптады жерди, тоолорду,
Кытыгылап күлдүрүп,
Шаттык күн мени торгоду.
ЖЕҢИШ НУРУ
Биздин жерден жеңиш нуру төгүлдү
Кызыл-тазыл нурлар менен бөлөндү.
Биздер жеңдик эркиндигин дүйнөнүн
Мына бакты, күткөн ырыс көрүндү.
Кубанталы, комсомолдор келгиле,
Айдай балкып, күндөй күлгөн өмүрдү.
ЭМГЕК КЫЗЫ
Жаз келип, эмгек жери талаа гүлдөп,
Эртелеп ишке кирди биздин жүрөк.
Трактор жер коңторуп кызуу темпте
Жаркырап болот миздүү кетмен күрөк.
Атылып коңторулуп чымы жерден,
Күч ташып барган сайын кара кердин.
Бирикме эпкиндикте баш көтөрбөй,
Камы үчүн келечекте эмгекчи элдин.
Курч мизин эр трактор тегеретип,
Даны алтын нечен түрлүү алтын эгип,
Жайнасын биздин талаа ак алтынга,
Күч алып үчүнчү жаз большевиктик.
Жарышып комбайндар талаа жиреп,
Артында шайман менен колхоз миңдеп,
Күчү көп чың колхозчу эмгегинде,
Жаралган эмгек үчүн биздин билек.
17/III 1932
ШАМАЛГА
Эртең менен терезеден
Таза абаны желдеттим,
Таза абадан таза жутуп
Көңүлүмдү дегдеттим.
Ай! Унуткам, мени ойготкон
Шамалы го эмгектин!
ЭРКИН КЫЗ
Бетиңде Эркин бакыт нуру нурланган
Белиңди көр эмгекте элпек буралган.
Эркин кыз ай, күлүп берсең шыңкылдап,
Койчу деги чыдай албайм, кубанам.
Сени мактайм аалам уксун, үн салам,
Үн салуудан талантыма күч алам.
Эпкиниңе менин берген белгим деп,
Келчи Эркин кыз, келчи кызыл гүл тагам.
Кубатыңан балбандуу бул колуңдун,
Жазачы Эркин турмуштун бир сонунун.
Келчи Эркин кыз, келчи бирге күлөлү.
Келиштирип дүнүйөнүн форумун.
Эй, Эркин кыз, сен командир болуп ал!
Кел Эркин кыз авангарддын ролун ал!
Аалам уксун, Эркин кыз деп билишсин,
Алоолонгон кызыл тууну колуңа ал!
ТҮНДӨГҮ ҮН
Ай асмандын түпсүз учун бойлогон,
Сансыз жылдыз ыргытышып ойногон.
Жашыл шибер, ачылган гүл, мамык жел,
Сүйүп-сүйүп миңдеп сүйүп тойбогон.
Күмүшүмсүң, берметимсиң, нурумсуң,
Жаш тилекке неге мынча сулуусуң?
Нуруңду төк, толкунсуз көк бетинен,
Муңсуз жүрөк кубанычка жуулсун.
Колум жетсе кучагыма алайын.
Күмүшүңдү күзгү кылып карайын.
Сүйөр эмгек шоола чачтың жериме,
Көз айырбай ошондуктан караймын.
Деген күүлөр жүрөгүмдөн термелди,
Күлүк кыял өтүп жатты мендеги.
Жүргүн курбум биз алдынан тосолу,
Ана, кара! Толкун, толкун келгенди.
Булбул созот өзү билген күүлөрдү.
Араладым атыр жыттуу гүлдөрдү,
Көрдүм сайма жашыл ала түрлөрдү.
Арасынан аскер маршын кубултуп,
Кайда барат? Ал жашыруун иш эмес,
Мага келет катарланган миң элес.
Тиги тоонун ачыла элек сыры бар,
Ошондуктан карап жатчу биз эмес.
Күүлөр менен музыкалар урулат.
Шаңдуу дабыш алда кайдан угулат.
Тулпар учуп, жүрөк бирге токтобой,
Душман үчүн атырылат жулунат.
Белгиси бар кызыл жылдыз тагынган,
Жоосун жеңип алкыш алат табынан.
Болот кылыч жаркылдаса майданда
Мен да кызып, толкун чыгат канымдан.
Айды көрөм күмүштөнтөт нурларын,
Жылдыз бермет көзүн ачып жумганын.
Кызыл аскер күрөш үчүн төрөлгөн,
Гүлүм, нурум, берметим күл, кубангын.
Ашкын кайрат дагы тоодой болсо экен.
Аскер болсом, жашым эрте толсо экен.
Күмүш нурум берер бекен мүмкүндүк
Мен да барам, көргөнчө эсен бол десем.
12/II 1933
КЫЗЫЛ УЧКУЧТАР
Биз большевик,
Биз артыкча жаралган.
Бизге ок өтпөйт,
Биз большевик каарман.
Миллион баатыр
Болот жүрөк эрлерден
Кызыл учкуч
Сен да бирөө саналган.
Көккө учкула,
Көккө учкула учкучтар!
Көккө ойноого
Жарашыктуу көркүңөр.
Дальневосток
Пред. Воен. Ком. отдел
Сынга өткөрүп,
Көрсүн жолдош Блюхер!
Жел кеме 1 бар,
1. Жел кеме - самолёт деген мааниде.
«Кыргызстан» наамында,
Кан майданда
Аралашат жалынга...
Кызыл учкуч
Көккө учуруп жөнөгүн,
Сынашабыз
Ворошилов алдында!
Жаткан менен
Чарбалары куланып,
Нечен асыл
Буюмдары сууга агып.
Капиталист
Ушул ишин көтөрөт,
Жоого каршы
Даяр болуп туралык!
Жел кемеге
Учууну мен билемин.
Кызыл учкуч
Болуу менин тилегим
Жол баштаган
Авангарддык соңунан
Кайда күрөш!
Мен да ошого киремин.
Кызыл учкуч
Эр жүрөктөн саналат,
Жүрөгүңөр
Чын болоттон жаралат.
Көрөлүкчү
Сынашалык эрдикти
Жарышабыз
Булут менен аралап.
Көктөгү учкан
Биздин күлүк жел кеме,
Андай учкул
Болмок эмес ченемде.
Биз учабыз,
Жарышабыз учкучтар
Кыргызстан
Жел кемеңди беленде!
Биз үйрөндүк
Дирижаблди минүүгө.
Кан майданга
Асманда учуп кирүүгө
Бомба ыргытып
Ок жадырып фашистке,
Биз үйрөндүк,
Газды жара билүүгө.
Кел, дирижабль,
Биз ыраакка кетебиз.
Тынбай учуп,
Жүр жылдызга жетебиз.
Жер гана эмес,
Асманга да өзгөрүш
Анда дагы
Эркиндикти чечебиз!
Уч, дирижабль!
Ыраакы күн чыгышка.
Уч, дирижабль!
Асманда ай, жылдызга.
Уч, дирижабль!
Дүнүйөнү көрүп кел,
Уч, дирижабыль?
Кел эпкиндүү кыргызга!
16/VII 1933-ж.
ЖҮР, ЖОЛДОШТОР
Кызыл жаштар
Тизилгиле катарга!
Патрон сал
Колдогу беш атарга!
Полк башчысы Жолдош улуу командир,
Кана, чакыр
Биздер жеңчү сапарга
Жүр, кызылдар,
Көрүнөлү толкундап,
Кызыл чепке
«Бүлүк салчу» актарга
Жүр, жолдоштор,
Тап коргоого барабыз;
Тизилгиле,
Тизилгиле, катарга!
Жаркылдатып Жанга кылыч илели,
Көккө учууга "Дирижаблди минели
Бомба ыргытып,
Пулемёттон ок чачып,
Ууландырчу Газды жара билели!
Жүр, жолдоштор,
Тиги кандуу жалынга!
Ал жалынды Өчүрчүү өнөр алгыла!
«Жаш агызчу»
«Чүчкүртчү» газ келет,
Коркунуч жок Маска бардыр жаныңда
Кызыл жаштар!
Бизде жеңиш толкуну,
Кызыл аскер
Кайратың бар каныңда.
Ок жаадырса Жан талашса фашисттер,
Штык менен
Жүрөгүнө малгыла!
Бул билегим Жумушчунун билеги,
Ук, фашисттер,
Талкан кылат силерди.
Этим чымыр
Бар майданда көнүккөн,
Бетим сүрдүү,
Жумушчунун иреңи
Менин демим Жаңы дүйнө абасы,
Таза кандуу
Жумушчунун илеби!
Эл шартына Жер шартына ылайык,
Кийимди көр,
Аскердин боз шинели!
Бул мингеним
Кайтпас күлүк аргымак.
Агер чапсам,
Соккон шамал арылдап.
Мына кылыч
Атсам маузер шайма шай,
Бет алышкан
Душман канга малынат.
Жаркыраган
Кызыл жылдыз чекемде,
Кызыл орден
Бул төшүмө тагылат.
Тизил жаштар,
Кылка-кылка кыналып,
Колубузда
Жеңиш туусу буралып,
Кызыл жаштар,
Кызыл чепке кылкылдап,
Түбөлүккө
Турсун өлкө нурданып.
Кызыл сызык
СССРди коргоого,
Кел, кызылдар,
Катар-катар туралык!
ТАП КОРГООЧУ БОЛОБУЗ
Ойноп-ойноп мен бир кезде келчү элем.
Энекелеп ак сүтүңдү эмчү элем.
Эсиңдедир унутпасаң энеке,
Мен эр жетип, аскер болсом дечү элем.
Ээ, энеке, максатыма жеткемин.
Колдо мылтык, азыр кызыл чектемин.
Мурункудай эркелечү мүнөз жок,
Мен энеке башка болуп кеткемин.
Мүнөзүнө таң калба эне балаңдын.
Майданга ойнор, энеке өзүм балбанмын.
Жаркыратып болот кылыч тагынып,
Беш атардан ийинге асып алганмын.
Баатыр бол деп, энеке айткан сөзүңө.
Балаң кирген милдет кылып өзүнө.
Тап алдында сенин уулуң макталып,
Кызыл орден илип салган төшүнө.
Барлык ишти шайыр жашча кыламын,
Комсомолчо менин бардык сырларым.
Комсомолдон боло көр деп энеке,
Жаш кезимде маңдайымдан сыладың.
Ээ, энеке, катасы жок аныңдын.
Мына! мына мен баатыры табымдын.
Кулунум деп эркелетип сылаган,
Маңдайыма кызыл жылдыз тагындым.
Жаш кезимде ачтың эне багымды.
Кызыл чекте мен кулунуң тура алдым.
Баягы сен, жетелечү кол менен,
Гранатты жоого каршы ура алдым.
Табым үчүн сайрай билем чеченмин.
Сайроо менен турмуш сырын чечемин,
Мылтык атуу, бомба ыргытуу гана эмес,
Дирижабилди минип учуп кетемин.
Кеңеш менен мен тап коргоп жүрөмүн,
Мен баатыры бул күрөштүү күндөрдүн,
Ээ, энеке сенин уулуң комсомол,
Табына арнайт, уулуң баатыр жүрөгүн.
Комсомолдор толкун чыгат каныңдан,
Биз өткөнбүз кан аралаш жалындан.
Комсомолдор он беш жылдык тоюңду,
Куттуктаймын миллиондор наамынан.
29/IХ 1933
ЖАҢЫ УУЛ
Эй, көңүлүм,
Кубанычтык сезесиң.
Эй, жүрөгүм,
Толкунданып кетесиң,
Толкун жүрөк,
Кубанычтуу көңүлүм,
Билем-билем,
Бир топ сырлар чечесиң.
Толкунудур
Же күрдөлдүү канымдын,
Ойлоп жүрөк,
Же кимдерди сагындың.
Жок, жок, билем,
Жүрөгүмдүн толкунун,
Ал эскерет
Жеңиштерин табымдын.
Чынчыл бол деп,
Бешигинде терметкен
Баатыр бол деп,
Сүтүн берген энекем.
Комсомолдун
Арасынан кулунуң
Мына бүгүн,
Жигит болду эр жеткен.
Комсомолдор,
Курган бир чоң иретке,
Мен өскөмүн
Ленинчилдик тилекке,
Мен тап үчүн
Күрөш менен өлөмүн,
Мылтык алып,
Баатыр өскөн билекке.
Мен өстүргөн
Жерим шаңсыз жер эмес,
Эми жаңы
Шайыры жок эл эмес,
Шаңдуу жердин,
Шайыр элдин баласы
Табым үчүн
Коркок өскөн мен эмес.
Күч көрсөт деп,
Коммунизм жолунан
Жалтанба деп,
Баатырлардан болуудан
Кызыл чекти,
Сак кайтарып келгин деп,
Билем эңе
Жөнөттүк өз колуңдан.
Сагынба эне
Мен бул жакта аманмын.
Күт, күт эне
Мен бир кезде барамын.
Ээ, энеке
Өз колуңдан жөнөткөн,
Кабарын ук
Алыстагы балаңдын.
19/Х 1933
АКЫН ЖООМАРТКА
Көп күн болду сен бул жактан кеткенге,
Даңкы чыккан чоң Маскөөгө жеткенге.
Жарашыктуу көркөмдүгүн Маскөөнүн
Жаза келгин түбөлүккө эскерме.
Сагынычтуу ой санаасын жеңерсиң,
Бул жериңе кубанычтуу келерсиң.
Ырларыңды көп-көп күткөн жериңе,
Талыкпастан таңшып ырдап берерсиң.
6/XII 1933
МИЛЛИОНДОР
Дүнүйөнүн
Эрк жасаган борбору,
СССРдин
Ата журтун коргонуу.
Сураба аны
Комсомолдор билишет,
Ушул гана
Кубат жетет колдогу.
Большевикчил
Өскөн темпти көрө албай,
Аргасыздан
Шылтоолоп кан төгө албай,
Тургандар бар
Жабышса эгер Советке
Күчтүү таптан
Кансырашар өлө албай.
Капиталчыл
Өлкөсүнө кек жасап
Адамдыктын
Бактысы үчүн өскөн тап.
Каалабайт ал,
Каалабайт
Кан төгүүнү
Жеңип чыгат,
Тынчтык асыл саясат.
Туткун Тельман 1 ,
Фашисттерди жеңерин,
Биз жеңдик деп,
Дүйнөгө даңк берерин,
Кадимкидей
Кучакташып көрүшүп,
Көзүм жетет
Бүгүн-эртең келерин.
Жарак менен
Бирге кармап даргасын,
Урушуунун
Таба алышпай аргасын.
Миңдеп-миңдеп
Желдеттерин белендеп,
Тургандар бар
Сактан, келип калбасын!
Фашисттерде
Канды суудай төгүү бар
Теңдик үчүн,
Жаштардан көп өлүү бар.
Отуз жылдап
Өмүрү өтүп түрмөдө,
Жарык шоола
Көрүү үчүн болот зар.
Өлүм жетип,
Күтүп турган майданга,
Канды соргуч,
Фашистчилдер байларга,
Миллиондор,
Кана жооп беребиз.
Социалисттик
Өскөн өлкө сайранда!
БИЙИК ЖЕРИМ
Бийик жерим,
Биз билебиз баркыңды.
Эмгек менен
Көтөрөбүз даңкыңды.
Эл аралык жумушчу кыймылынын көрүнүктүү ишмери, немец элинин чыныгы уулу.
Жакында эми
Өрдөш, сайың, кең жылгаң
Малга батпайт,
Биз билебиз шартыңды.
Бийик жерим,
Биз да мактап ырдайбыз.
Бактылуу өскөн
Пролетардын акыны.
Балким, дүйнө,
Бизден болуп кабарсыз,
Техникасы
Артта калган жарамсыз.
Деп ойлошор,
Бирок алар билсе экен,
Биз бат эле
Алга түшүп алабыз.
Жер алдынан
Метрону жүгүртүп,
Ленинграддай
Көрктүү үйлөрдү салабыз.
ЖОЛДОШТОРУМ МЕНЕН
Бир топ жаш, түн мезгили келе жаттык.
Ай жарык, жылдыздарда терең шаттык,
Жылдыздын ошол терең шаттыгынан
Жүрөктүн эчен-эчен сырын ачтык.
Деги айтчы, булбул ырчы болор белен,
Десеңчи, гүлүнө мен конор элем.
Эриктим тоодон салкын эс десеңчи,
Мен серүүн көңүлгө жел согор элем.
Жеткен көрк, көркөм шаар серүүн аба,
Жетерлик сүйүү деми кылат даба.
Бакта шаң, анда биздин комсомолдор,
Дем берген, кубат берген ушул канга.
Урматтуу оюн менен ойду тазарт,
Кубаттуу күлкүң менен күлүп жашарт,
Сүйүүдө жаштык оту муздабасын,
Гүлдөйлү келечекке бакты жасап.
О курбум, неткен менен өмүр кыска,
Биз кошсок жаңы өзгөрүш санаабызга,
Сүйүүсүз турмуш көркү анча болбойт
Албырсын ашык оту арабызга.
Булбул бар бойго жетбей гүлүн сорбойт,
Бир гүл бар, бойго жетбей гүлүн коргойт.
Экөө тең арзышкандар, арзышкандар
Сүйүүсүз турмуш көркү анча болбойт.
ЖОЛДО
Түптүз алыс жол менен
Паровоз зуулап келатты.
Түштүктүн кең жайыгын
Кыдырып ырдап келатты.
Мындан мурда бул жакты
Дегеле көргөн эмесмин.
Мен бактыга термелип,
Жерден көккө теңештим.
Адыры толгон ак буудай,
Жайыгында ак алтын,
Байлыгы көп, үнөм көп,
Жер көтөрөт эл даңкын.
Жолдон алган жүзүмдөн
Бирден үзүп жеп коём
Анжияндын жүзүмү ай,
Таттуулугу ай деп коём.
Октябрь жеңген күрөштүн
Күрдөлдүү кубат деми бар.
Ак алтын менен кара алтын,
Түгөнбөс кенч кени бар.
Күрөш менен бир топ жыл,
Жылдоочу анык жер экен
Мунун даңкын жайылтып
Ырдоочу анык жер экен.
ЧАЙХАНАДА
Шайы бешмант, топучан
Борсойгон боз балдары.
Борсулдашып күлүшөт,
Болсун кайдан арманы.
Өзүнөн чоң тордомо
Коон алып алыптыр,
Чайханага олтуруп,
Аны жарып салыптыр.
Өрүк, мейиз, жүзүмдөн
Дагы сатып алыптыр.
Мен барсам, «келиң-келиң» деп,
Дегеле шашып калыптыр.
Гүл патностун бетине
Дандырдан бышкан нан туурап,
Чыныга улам кант салып,
Кадырлап гана чай куят.
Чайханада кызыл бурч,
Жашоонун жаңы формосу
Жаңы турмуш жаңы ишке,
Жашоонун анык жолдошу.
Жаңы жаштар топтошуп,
Келип газет окушат.
Ошондуктан жаштардын,
Сезими курч болушат.
Ошол күнү кеч курун
Чайханага топтолдук.
Мен да алардын деминде
Мен эриксиз шоктонуп.
Жаштардын деми жаштыкта
Өзүнө тартат жаш жанды.
Сулуу кыз, сулуу келин бар
Аңгыча оюн башталды.
Тиги жактан бир топ жаш
Ырдап коё бергени,
Даңкылдатып дударын,
Чертип коё бергени.
Жаңы көрк, жаңы шаң кирип,
Жаңы көрк шаң басканда.
Кыран күлкү каткырык
Кошомат кылат жаш жанга.
Жүрөгүң эргип элирип,
Элирип кетет тим эле.
Эби менен эпилдеп
Кыздары бийлеп бергенде.
Кадырман түштүк, кең түштүк,
Кубаттуу күчтүү ал менен,
Түштүктүн өсөт жаштары
Жаштары өсөт шаң менен.
Тарыхта даңкка ээ болуп,
Жаңыча жашай баштады.
Ушундай жерге жашаган
Ырыстуу түштүк жаштары.
«ПРАВДА»
Революциянын өртү жанган «Правда»,
Ар жагынан жарактанган «Правда»
Большевиктик жолунан түк жаңылбай,
Өкүм сүрүп келе жаткан «Правда»
Эрчит бизди, биз да бирге барабыз,
Жердин жүзүн таңыркатып салабыз,
Ошончолук керексиң, бир кемчил бар,
Жети күндө колго зорго алабыз.
САГА
Алган ишке октой атыл, кайтпай жүр,
Заман сонун иште, жырга ойноп күл.
Өңүн бузган, ыркын бузган жок эмес,
Дардактабай, алды артыңды байкай жүр.
ЖАШЧЫЛЫК
Экөөбүз жаңы чыгып, өскөн кырчын,.
Эмесе өскөн кырчын өкүм кылсын.
Биз дайым бир калыпта турмак белек,
Жашчылык бат өзгөрүп кетери чын.
КЕЛЕЧЕКТЕ
Фрунзенин чаңдап кетчү адетин,
Жоюп салып, куруп көрктүн калетин.
Бул көрк эмес, көз уялтчу көрк берип,
Качанкыдан көрсөтөлү өз бетин.
АЛТЫМЫШ БЕШ
(Айыл чарба мектебин бүтүргөндөргө)
Алтымыш беш ардактуусуң табыма,
Далай күрөш милдет жүктөйт баарыңа.
Силер чыңдап тайманбастан күрөшчү,
Билесиңер экинчи беш алдыда.
Үзгүлтүккө ыкчамдап бат келе көр,
Большевикче ишти бачым жеңе көр.
Алдыңдагы өзгөчө чоң милдетиң,
Айыл чарба ишине күч бере көр.
Ленин томун окуп жаттап алгыла!
Билим аз го, дагы билим алгыла!
Алтымыш беш техникага ээ болуп,
Ийгиликтүү ишти чечет дагы да.
Иште жигер-иште кубат толкусун,
Кана ишкерлер, ишти бачым болтурсун!
Кечээ гана жаштайында чоңойткон
Жаштар экен, деп калгандай болушсун.
Күчүң менен иш үстүндө сыналгын,
Большевикче сен баатырлык кыла алгын.
Айлыбыздын бүлбүлдөгөн жерине,
Илгин илим бадырайган чырагын.
ЧАПАЕВ
(Кыргыз командирине)
Ушул менчи толкуп барып токтолом,
Замбиректин огуна окшош октолом.
Жүрөгүм өрт Чапаевче боло алсам,
Таамай аткан октон тайгып коркпогон.
Келерки жыл аскерлике өтпөсөм,
Баатыр өскөн Чапаевче өспөсөм,
Биздин тапка каршы тапты кыйратып
Чапаевче канын суудай төкбөсөм
Түп түз тургун! Ук! Команда беремин,
Чапаевче каным кызып ээлендим
Эң алдыда алда кайда мен жүрүп,
Зор майданда Чапаевче жеңемин.
Кайрат берип эр Чапаев көңүлдө
Эч ким даап келе албайсың сүрүмө.
Мен табымдын баатырымын жаңы өскөн,
Мындан ары «Чапаев» деп жүргүлө!
ПАРТБИЛЕТ
Сен партбилет жөпжөнөкөй кагазсың,
Бирок, оңой сен табыла калбассың.
Касиетиң жаным менен бипбирдей,
Өрткө салса кагазга окшоп жанбассың.
Эй, партбилет революция кылышам,
Күрөш тапшыр, күрөшүп мен жыгышам.
Өзүң эле сынап көргүн күчүмдү
Партбилет мен сен үчүн көп тырышам.
КУРБУЛАРЫМА
Ой, сенинчи, оорго дейм чапаның,
Шамдагайлан, кана чечип таштагын.
Койсоң бекер кыжырына тиесиң,
Ар бир ишке ылдам көнгөн жаштардын.
Кече күнкү комсомолдор кордошкон
«Түк эби жок, жаралыптыр олдоксон»..
Деген ушу кудум эле сенсиң бейм,
Суранамын деги мындай болбосоң.
Кээ бир жаштар абышкача томсоруп,
Эрикчээлче ордунан жай козголуп
Бул гана эмес, өндүрүштө эң кыбыр
Иштейт экен, чыдай албайм бук болуп.
Ташта мындай мүнөзүңдү болбогон,
Пикириңе каршы аракет колдоном.
Ырас мен да суз кыялдуу болчумун,
Андайымды алда качан оңдогом.
Маданияттуу жашоого ой бөлбөдүң,
Галстукчан жүрүүгө түк көнбөдүң.
Жакшы кийим асылдарды кийинип,
Комсомолчо жүргөнүңдү көрбөдүм.
МүмкүнДүк көп, киного түк барбайсың,
Мындай болбо, минтсең өсө албайсың,
Жогоркуңду өзгөртбөсөң жаңылап,
Комсомолдун атын актай албайсың.
Заманды көр күндө оюн-тамаша,
Биздеги муң кетти алыска адаша.
Комсомолдор кайра куруп мүнөздү,
Жашайлыкчы мына ушуга жараша.
ЖАҢЫ ТЕСКЕЙ
Турмуштун жаңы көркүн курган жердин,
Бактылуу эркин жашап турган элдин.
Жыргалын Жаңы тескей түбөлүккө,
Орнотуу тилек менен сага келдим.
Акындын сыры терең саламын ал,
Өзгөчө маанилүү бир кабарын ал.
Өзүңчө эриккенде эртели-кеч,
Ырдасаң бирге ырдашар обонуң ал.
Толкундуу жаңы турмуш, сырын чечпей,
Күндөлүк зуулап өткөн күндөрдү эстей,
Сендеги жаңылыкты унутупмун,
Бардык иш мына ушунда Жаңы тескей.
Баягы мен кой жайган жашыл бетиң,
Ырдасам ыргалышкан көк шибериң,
Күдүңдөп мени көрүп кубанууда
Өстүргөн сагындыңбы кайран жерим.
Кечеги бир көк сактап мунарланган,
Керме тоо жашыл сайма көркүн алган.
Урматың, сенин бактың мен дегенсийт,
Өзүмө ишенбестей таңырканам.
Керме тоо чынында да менин бактым,
Тескейиң мал ырысы, денең алтын.
Эриксиз таасирленем, кыялданам,
Себеби бир башкача сенин шартың.
Бул айыл колхоз айлы жаңы элдики,
Жаңы элдин жаңы мүнөз кыз-келини.
Кой жайып таң алдында үн алышат,
Өзгөчө коңур үндүү ырдап селки.
Жайылган жайытың кең багың өссүн,
Сен үчүн Жаңы тескей балын төксүн.
Көптөн бир күткөн үмүт тилегеним,
Дүркүрөп социалисттик малым өссүн.
Төрт түлүк Тескейимдин малы ушунда,
Кадимки жаңы турмуш шаңы ушунда.
Кыз, келин кызык оюн куруп алып,
Өз ара ырдоо, бийлөө дагы ушунда.
Бир күнү эрте турдум, таң аткан кез,
Керме тоо таң көркүнө көркүн бербес.
Тескейден жылкы чубап, кой чуркурап,
Бир башка көз алдыма келтирди элес.
Ал тиги, жаңы койчу эки үч курдай,
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Акындын Элеси - 03
  • Büleklär
  • Акындын Элеси - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3840
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2225
    26.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3736
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2283
    26.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 3811
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2151
    28.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3982
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2076
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3859
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2239
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3940
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2064
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3826
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2049
    28.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3794
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2098
    26.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3825
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2063
    28.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3649
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1939
    27.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3813
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1876
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3816
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1931
    30.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3826
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    28.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3817
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2076
    31.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3692
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1499
    35.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    53.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 2613
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 815
    30.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.