Latin

Акындын Элеси - 15

Süzlärneñ gomumi sanı 3692
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1499
35.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
47.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
53.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Тукумун туура өстүрүп, туура баштап.
Жол кезет, зарлап тапкан жумурткасын
Кароосуз кышкы аязга уч ай таштап.
Көңүлүңдө эсеп кылып ай эсебип
(Аскада бир мерзенти бар экенин)
Өзүндөй шумкар кылып алып кетет
Ким билсин жүз жыл да анан бир келерин/
11/XI 1948
Чолпон-Ата
УУРУЛУК
Илгери атыккан бир ууру чыккан
Умтулса умтулганын алып чыккан.
Калсын деп бул өнөрүм өз уулума,
Деп ойлоп: өзүмдөй бир болсун сырттан:
- Э, балам эр жигитке өнөр керек,
Ал өнөр мен болбосом кимден келет!
Уурулук - өнөр алды, билген эрге,
Сен али балапансың жетиле элек.
- Эмесе үйрөнүп кал, мени кара,
Бактагы уя баскан сагызганга
Атакең шырп дегизбей чыгып барып,
Байкап тур жумурткасын уурдаганда.
Айткандай бакка атасы чыгып барды,
Чочутпай уядагы сагызганды,
Билгизбей, басып жаткан жумурткасын
Атасы ошол замат уурдап алды.
- Тос балам калпагыңды - деген кезде
Дейт, уулу: - ай, атаке, өзүңдү эсте!
Караса кийип турган дамбалы жок,
Болобу анын уулун ууру дешке?
11/XI 1948
Чолпон-Ата
ЖАМАН КӨЗ
Илгери
Ырым болгон кыргызда
Балдарын
Жаман көзгө көргөзбөс.
Өткөн экен бир кезде,
Кыргыздан
Туякбай деген жаман көз.
Туякбайды биздин эл,
Жан алгычтай жек көргөн.
Жек көрүүнүн себеби,
Анын
Караганы мүрт өлгөн.
Эркелетип жаман көз,
Карап койсо бала өлгөн,
«Жакшы экен - деп, - жаныбар» Тиктеп койсо жаман көз,
Нечен күлүк ат өлгөн.
Көрүнө калса карааны:
«Туякбай келе жатат» - деп,
Балдарын бекем жашырган.
Көзү тийип калбасын.
Өндүү-түстүү эле деп,
Келиндерин качырган.
Ал эмес бир топ дубалчы,
Дубалын жаңы бүткөрүп,
Анын сонун көркүнө Нечен-нечен күч кетип.
Көңүл тоюп ишине,
Карап турса байкоосуз
Туякбай өтүп баратып;
«Жакшы экен го» - деп койсо,
Дубалы
Кулап кеткен күр этип.
Ошондуктан Туякбай,
Тура калып таң заардан,
Төрт саат көзүн ирмебей,
Кара ташты караган.
Ташка күчүн кетирип,
Чоочун катын-баладан,
Эми туура болор деп,
Атка минип калк ичин Анан,
Аралоого жараган.
13/XI 1948
Чолпон-Ата
ЖЕР АЛБАГЫР
Ар адамга нээти жат,
Кесиби ууру, сөзү ушак
Сөзү ушак,
Бузуку, арам кишини,
Көптү билген карылар:
«Жер албайт» деп сөз кылат.
Андай адам өлгөндө,
Ажалына келип дарт:
Көмөлү деп көр казса,
Кагыраган таш чыгат.
Илгери бир заманда,
Алакөз деген бар экен.
Кылган иши кыянат,
Ойлогону кара экен.
Байкушка кылып зордугун,
Акысын жеп момундун,
Ушак айтып, калп сүйлөп,
Малын уурдап шордуунун,
Ак санабай бир жанга,
Көрканачтай күркүрөп,
Жамандык жагын кынадай,
Бай жашаган дүркүрөп.
Ажал жетип, күн бүтүп,
Кийин ошол өлгөндө,
Ак тилегин парс кылып
Калк жыйылган көмгөнгө,
Казган жерден таш тосуп,
Кетмен, күрөк сынат дейт,
Же болбосо суу оргуп,
Бака, жылаан чыгат дейт.
Нечен түрлүү айла издеп,
Амалдан амал талаша,
Эптеп коюп эртеси,
Көрүн келип караса:
Жийиркенип көмгөнгө,
Көрүн түртүп салыптыр,
Алакөздү жер албай,
Алыс бүркүп салыптыр.
Кайра көрүн жаңыртса.
Кара сөөгүн ыргыткан,
Эки жолдун кошконго,
Ырым кылып мал союп,
Ыйлаган соң калың журт,
Жер ачуусун тынчыткан.
13/ХI 1948
Чолпон-Ата
КЫДЫР, БАКЫТ
Ар адамдын башына
Айланып кыдыр үч келет.
Дубана, касың, жолоочу
Ууру болуп кубулуп,
Билгениндей түрдөнөт.
Үйгө келген ким болсун,
Ырайым кылсаң көз карап,
Кызыр даарып өзүңдү,
Ырыска толот ар тарап.
Бакыттын өңү жыландай,
Бирок, такыр карабайт.
Кылчайып койсо кокустан,
Бакытка баткан жыргалды айт.
13/XI 1948
Чолпон-Ата
КАШАБАҢ
Арстан айтат «мен эр» деп,
Анда:
Кабылан чыгат бакырып,
Анда да эмес, мында эмес,
Чынында:
Карышкырда баатырлык.
Качырганын кайсаган
Мунун:
Кулк-мүнөзү жакшы эмес,
Жалгыз-жарым адамга
Кашабаң:
Кол салуудан каршы эмес.
Капканга түшсө жаңылып,
Ал:
Үн чыгарбайт каңкылдап,
Чабылып калган тарабын
Кемирип жеп алат да,
Бошонуп
Кете берет заңкылдап.
Карышкырдын тукуму аз,
Себеби:
Өмүрүндө бир тубат.
Тууган кезде жатынын
Кайра өзү Жеп алат дейт бу чунак.
Колго түшсө кокустан,
Адамзат:
Кандай кордук иштетбейт!
Капаска салып тирүүлөй, Терисин тетир сыйырса:
Ошондо:
Канын тартып бүлк этбейт,
Терисин сыйрып тирүүлөй,
Анан Жылаңач коё бергенде:
Чуркап барып көп жерге
Ошондо да жыгылбай
Чочоюп,
Олтуруп өлөт эр неме!
Тайбас, илбирс деген бар,
Баянжабыр берен бар,
Кимиси:
«Мен баатыр» деп мактанбайт!
Баары келип чынында
Чын баатырлык жагынан:
Кашабаңа жете албайт.
13/XI 1948
Чолпон-Ата
ЖЫЛ ТАЛАШУУ
Адамзаттын өмүрүн
Жазмыш койгон эсептеп,
Ошондуктан өлчөлүү
Биринчи ирет жыл келет.
Биринчи ирет жарыкка,
Жакын басып жыл жылат,
«Мен жыл башы болом» деп,
Айбанаттар сөз кылат.
Жармы кара, жармы аппак,
Күнгө минип жыл жылат,
Мурда көрсөк кимибиз,
Ошол болсун жыл башы,
Деп айбандар сөз кылат.
Мына ошентип өз ара,
Жыл талашып чырлашты,
«Менден ким чоң» дегендей,
Көп кенебей төө басты...
Кирип алган капкачан
Кулагынын ичине,
Көрө коюп биринчи
Чычкан болду жыл башы.
13/ХI 1948
Чолпон-Ата
ЧИЛДЕ
Жердин жарык бетине,
Биринчи чилде келгенде,
Баарыдан мурда жолугуп:
Уй, кой, жылкы жана төө
Төртөө көрүп калыптыр
- Жоготуу керек чилдени
Мунун катуу киргени,
Жаман экен билгени,
Дешип акыл салыптыр.
- Кана муну ким басат?
Деп масылат кылганда:
- Мен басайын курдаштар,
Деп өтүнөт жылкы анда!
- Жок, сеники туура эмес,
Уй баарыдан аксакал,
Биринчи жол уйдуку,
- Бар чилдени басып кал!
Уйга буйрук берген соң
Мына ушундай деп чечип:
Мактангансып уй мырза
Жер үстүнөн чилдени
Жоготомго дегенсип,
Жүгүрүп келип алыстан
Баскан кезде, Чилде акең
Тилигинен туяктын
Чыга качты бурт этип.
- Кап, мен бассам чилдени,
Жердин жеткен түбүнө Житкире басат элем деп,
Жылкы ыйлап алыптыр,
Уйдан кетип чалалык
Ошол күндөн ушул күн
Чилде Жер үстүндө калыптыр.
13/XI 1948
Чолпон-Ата
***
Баланын эне өбөгү,
Эненин бала жөлөгү.
Жигиттикке жеткиче,
Баласы Энеден жапа көрбөдү,
Карып кетти энеси,
Эринин Көп болсо керек өлгөнү,
«Ушундай кылсам энекем
Кечер бекен ак сүтүн»
Деп баласы, энесин Мекеге Жөө көтөрүп жөнөдү.
Бара жатты шартылдап,
Кээде Чапкан атка теңеле:
Жолуга калып бир адам,
Калаадан чыга бергенде:
Э чырагым, бул эмнең?
Энем болсун, өз энем?
Жол болсун?
Кечеби деп ак сүтүн,
Мекеге жете бармакка
Үйдөн чыга жөө келем.
О акылы жок, кем неме
Сен бала экенсиң дагы эле,
Арылам десең күнөөдөн:
Кадыр билер эмгектеш
Эр таап бер энеңе!
Баласы,
Энесин ыргытып ие жаздады:
Энеси:
А...а... айланайын
Аны билчү уул кайда?
Дегенде.
17/XI 1948
Чолпон-Ата
***
Себеп болор бекен деп,
Оору деген бетбакка,
Кара улактын өпкөсүн,
Садага кылып чапмакка,
Бейшембай менен Дүйшөмбай,
Улак союп жатышты.
Бакалоорго кол салып,
Терисин сыйрып, тартышты.
Колун салган Дүйшөмбай
Өзү шашма эр экен,
Урунбай койсо өпкөсү:
- Ээ, айланайын, Бейшембай,
Кудай урсун калп айтсам,
Бул улак:
Өпкөсү жок неме экен!
17/ХI 1948
Чолпон-Ата
***
Аялына күйөөсү,
Ачуулана калганда,
Каяша айтчу аялы:
Актыгыма антым бир Ок аттаймын, тап, кана!
Ишендирчү күйөөсүн,
Таттуу сүйлөп эбиреп.
Каргана койчуу, жаңылсам -«Атам эрим болсун» деп.
Айтканына ишенип,
Чынында аппак ой менен,
Бир күнү келип күйөөсүАялын туштан шаштырат.
-Бол сыртка чык, иш жаман
Тиги айылда:
Бирөө ок аттоого чакырат.
Чуркап чыгып аялы,
Күйөөсүнө учкашат,
Чын пейилден күйөөсү:
Тез жетели деп шашат.
Мингени жорго ат болуп,
Орто жолго келгенде,
Бир кечмеден жаңы эле
Шартылдап өтө бергенде:
Аялы айтат эрине:
- Я, берекем!
Ок аттай турган аял:
Бир жаңылып койсо,
Эчтеке болбойт дешет ээ...
-Эчтеке болбойт деп эри,
Чу! - дейт атын темине.
Жайылган малдар көрүнүп,
Айылга кирип келгенде:
Орто суудан шартылдап
Эми кече бергенде:
Аялы айтат эрине:
-Я, берекем!
Ошол ок аттай турган аял:
Эки эле жанылып койсо,
Эчтеме болбойт дейт ээ...
-Ооба, - дейт да күйөөсү,
Чу! - дейт атын темине.
Ок аттай турган айылга,
Жете кирип келгенде:
Чоң кечмеден шартылдап
Кечип өтө бергенде,
Аялы айтат эрине:
-Я, берекем!
Тиги, ок аттай турган аял дейм,
Үч эле жаңылып койсо,
Эчтеме болбойт дейт ээ...
Белгилүү го андан соң,
Эринин берер жообу эмине?...
17/ХI 1948
Чолпон-Ата
***
Өңгө жалган, өлүм ак,
Өлүмдүн адил бийлиги,
Аябайт асыл жаныңды,
Карабайт алтын киймиңди.
Бактылуу барат баш ийип,
Мансапкор барат үшкүрүп,
Аракеч барат темтеңдеп,
Асмайчы барат чүчкүрүп.
Ошондо:
Жаакка чуу дедире бир коюп
Үңкүр-накир жаракун 1
Сурагына алганда,
-Эй, күнөкөр, ойгон деп
Күрсү менен салганда.
Асмайчы:
Тура калат селт этип,
Сезилбей,
Келген өлүм, жаткан көр,
-Мен чатагыңды билбеймин,
Келе,
Бир атым асмай бере көр.
17/XI 1948
Чолпон-Ата
1. Жаракун периште.
***
Бул айтылуучу кеп,
Шаршенбай кеби,
Ар нерсеге анын сонун эби.
Бир жакка сапар баратып,
Аты жүрбөй калганда
Арылбай али жолдун теңи.
Атынан түшүп
Ээр токумун алып,
Чогултуп таңып,
Анан аны далыга салып,
Өзү көтөрүп алып,
Атына жайдак минип,
Кайра кете берди,
Бирөө жолдон чыгып,
-Э, Шаке, мунуң кандай - десе;
-Атым баспаган соң
Ээр токумун көтөрүп алдым деди!
17/XI 1948
Чолпон-Ата
ТҮШҮНҮКТӨР
«Биздин жер», «Темир жол», «Танда», «Менде» - «Таңдагы ырлар», (1935), кийин
«Тандалмалуу ырлар жана поэмалар» (1954) жыйнактарында басылып чыккан.
«Жеңиш нуру» - «Таңдагы ырлар» жыйнагында басылган.
Кийинки жыйнактарга кирген эмес.
«Эмгек жазы» - Биринчи жолу «Ленинчил жаш» газетасынын 1932- жыл, 17апрелдеги санында жарыяланган. Кийинки жыйнактарына киргизилген эмес.
Мында газета боюнча берилди.
«Шамалга» - «Тандалган ырлар» жыйнагына, кийин «Тандалмалуу ырлар жана
поэмалар» жыйнактарына киргизилген. Мында акыркы жыйнак боюнча алынды.
«Эркин кыз», «Түндөгү үн» - «Таңдагы ырлар» жыйнагында басылган.
«Кызыл учкучтар» - Бул ыр «Кызыл Кыргызстан» газетасынын 1933-жылы 16октябрдагы санында жарыяланган. Кийин «Таңдагы ырлар» жыйнагында да
берилген.
«Жүр, жолдоштор» - Биринчи жолу «Кызыл Кыргызстан» газетасынын 1933жылы 16-августтагы санына жарыяланган. Кийин «Таңдагы ырлар» жыйнагына
басылат. Мында акыркы басылышы боюнча берилди.
«Тап коргоочу болобуз» - Биринчи жолу «Кызыл Кыргызстан» газетасына (1933ж, 29-октябрдагы санында) жарыяланган. Буга газета боюнча киргизилди.
«Жаңы уул» - Бул ыр «Тап коргоочу болобуз» деген ырдын уландысы. «Кызыл
Кыргызстан» газетасына (1933-ж, 19-ноябрдагы санында) жарыяланган.
«Акын Жоомартка» - «Таңдагы ырлар» жыйнагына чыккан. «Миллиондор»Биринчи жолу «Кызыл Кыргызстан» газетасына (1934-жылы 5-сентябрдагы
санында) «Миллиондор жок дешти» деген ат менен жарыяланган. Кийин
«Таңдагы ырлар» жыйнагына «Миллиондор» деген ат менен басылат. Мында
акыркы басылышы берилди.
«Бийик жерим», «Жолдошторум менен», «Жолдо», «Чайханада», «Правда», «Сага»,
«Жашчылык», «Келечекте», - «Таңдагы ырлар» жыйнагында чыккан.
«Алтымыш беш»- Бул ыр 1934-жылы күз айларында кыргыз элинин турмушунда
биринчи жолу Айыл чарба институтун бүтүрүп чыгышкан алтымыш беш жаш
адиске арналган. «Таңдагы ырлар» жыйнагында басылган. Мында ушул жыйнак
боюнча берилди.
«Чапаев» - Кыргызстанда биринчи жолу уюшулган кыргыз полкуна (Киркав
полкуна) арналган. «Таңдагы ырлар» жыйнагында чыккан.
«Партбилет», «Курбуларыма» - «Таңдагы ырлар» жыйнагында басылган.
«Жаңы тескей» - «Жылдыздуу жаштык» ырлар жыйнагында чыккан.
«Түштүктөн сулуу таң атты», «Пахта талаасы», «Теңтуштарыма» - «Таңдагы
ырлар» жыйнагында басылган .
«Таңшыр булбул», «Фрунзе», «Бүгүн» - «Таңдагы ырлар» жыйнагына чыккан.
«Чоң күйүт» - Бул ыр 1935-жылы совет элинин белгилүү мамлекеттик ишмери В.
В. Куйбышевдин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жазылган. «Таңдагы
ырлар» жыйнагына жарыяланган.
«Биз Ленинсиз», «Гүлүмө», «Уктарымда», «Бир түнү», «Өзүм» - Бул ырлар
«Таңдагы ырлар» жыйнагында басылган.
«Жолдош Киров» - Бул ыр 1935-жылы Совет элинин көрүнүктүү ишмер уулу С. М.
Кировдун душмандардын колунан мерт болушуна байланыштуу жазылган.
«Таңдагы ырлар» жыйнагында басылган.
«Ойгонордо» - «Таңдагы ырлар» жыйнагында басылган.
«Кубанам, бирок айбым бар» - Бул ырды акын 1935-жылы Фрунзедеги
Педагогикалык техникумду бүтүрүп чыккан замандаштарына арнап жазган.
«Таңдагы ырлар» жыйнагында басылган.
«Мен өз жүрөгүм менен», «Жашчылык, кош», «Командир кыргыз», «Ачуума»,
«Жакында», «Кагазыма», «Сыяма», «Каламыма», «Сүйүү», «Эми бир келгенче»,
«Учкан булбулга» - «Таңдагы ырлар» жыйнагында басылган.
«Окуу мага», «Төрт жылдан кийин» - Бул ырлар акын шаарда окуп жүрүп, бир нече
жылдан кийин элине учурашууга барган мезгилде жазылган «Жылдыздуу
жаштык» ырлар жыйнагында басылган.
«Маяковскийге», «Бир жолдошума», «Ой, жер ай!» - Бул ырлар «Жылдыздуу
жаштык» ырлар жыйнагында басылган.
«Шумкарга» - «Чолпонстан» ырлар жыйнагында чыккан. Кийин «Тандалмалуу
ырлар жана поэмалар» жыйнагына басылган. Бул басылышында жазган жылы
1940-жыл деп түзүүчү Ш. Үмөталиев тарабынан туура эмес көрсөтүлгөн. Автордун
өзү барда чыккан «Чолпонстан» жыйнагы боюнча 1936-жыл болгондуктан, 1936жылкы ырларына киргизилди.
«Гүл менен куш», «Курбуларга» - «Жылдыздуу жаштык» ырлар жыйнагында
басылган.
«Жаз келет миң бир кулпура», «Сен жана мен», «Музыка», «Акыркы балалыкка»,
«Сүйүктүү түн», «Таң атарда көл бети», «Түнкү кайык» - Бул ырлар акындын
«Чолпонстан» жыйнагында басылган.
«Боз үй» - «Чолпонстан» ырлар жыйнагында «Боз үй» деген ат менен басылган.
«Кызыл Кыргызстан» газетасынын 1937-жылы 15-октябрдеги санында ырдын
108-сапка чейинки тексти «Мүрзөдө» деген ат менен жарыяланат. Мында
«Чолпонстан» жыйнагындагы текст сакталды.
«Билинбеген үч мезгилге», «Дүйнөгө көз кароо», «Портретке», «Сулуулукка»,
«Сезчи сулуу», «Чын сүйгөндүн сулуусу», «Бешик ыры», «Булбулдун биринчи үнү»
- «Чолпонстан» жыйнагында басылган.
«Жолум» - Бул ыр «Ленинчил жаш» газетасынын 1937-жылы 27-марттагы санына
жарыяланган. Мында ушул басылышы боюнча алынды.
«Күндөр жөнүндө лирика» - «Ленинчил жаш» газетасында (1937-жыл 18-октябрь)
жарыяланган. Кийинки жыйнактарга киргизилген эмес. Мында газетага басылган
тексти берилди.
«Мен өзүңдү сүйгөнүмө кайгырам», «Жумушчу деген ким», «Келсем турат мен
туулган жер тамым», «Үстөл үстүндөгү күзгү», «Бал», «Нан менен акчанын
мелдеши», «Туурамчы туурамчыдан майда туурап», «Сүйлөшүү» - Бул ырлар басма
бетине жарыяланган эмес. Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын фондусунда
сакталып турган автордун өз кол жазмасы боюнча алынды. (инв. № 1607).
«Санаам» - Ыр биринчи жолу «Советтик адабият жана искусство» журналына
(1940-ж, № 10 санында) басылган. Кийин «Тандалмалуу ырлар жана поэмалар»
жыйнагына да жарыяланган. Бул жыйнакта жазылыш датасы 1940-жыл деп
берилген. Кол жазмада 1939 -ж, 30-ноябрь болгондуктан, мында ушул дата
коюлду. (Инвен. № 1607)
«Чыр талаш, октуу, оттуу күндөр бүтсө» - биринчи жолу жарыкка чыгышы.
Акындын кол жазмасы боюнча алынып киргизилди. (Инв. № 1607).
«Бир айлык дем алышта», «Түн жарык, түшкөн ийне табылгандай», «Кой - Сарыда
эс алышты көп балдар», «Койчунун ыры», «Түнкү күзөт» - Бул ырлар автордун кол
жазмасы боюнча киргизилди. (Инв. № 1607).
«Жер жүзүнүн картасы» - Биринчи жолу. «Советтик адабият жана искусство»
журналына (1940-жыл, № 10-санында) чыккан. «Тандалмалуу ырлар жана
поэмалар» жыйнагында экинчи ирет басылат. Датасы кол жазма боюнча берилди,
тексти журналдан алынды.
«Көбүктөнгөн күлүк аттай аркырап», «Мингенин алтын ээрдүү күлүк салт ат»,
«Жаңы тамдар», «Биз», «Шаарымдын бир учунан бир учуна карасам» - Бул ырлар
«Ата-Журт» аттуу ырлар жыйнагында (1958-жыл) биринчи жолу басылган.
«Ата менен эне эң кичүү баласын жакшы көрөт» - Бул ыр Батыш Украина менен
Батыш Белоруссия Советтер Союзуна кошулгандыгына байланыштуу жазылган.
«Советтик адабият жана искусство»_ журналына (1940-ж, № 10-санында)
жарыяланган.
«Жайлоо» - Бул ыр биринчи жолу «Кызыл Кыргызстан» газетасынын 1940-жылкы
27-марттагы санында жарыяланган. Экинчи жолу «Советтик адабият жана
искусство» журналынын 1940-жыл, № 10-санында басылган. Жыйнактарга
киргизилген эмес. Журнал боюнча берилди.
«Жашасын жүрөк, жашасын акыл» - Бул ыр «Советтик адабият жана искусство»
журналына (1941, № 14-санында) жарыяланган. Экинчин жолу «Тандалмалуу
ырлар жана поэмалар» жыйнагында басылат. Мында акыркы басылышы боюнча
киргизилди.
«Бөбөккө» - 1942-жылы февраль айында төрөлгөнүнө жыйырма күн болгон
Жыпар аттуу кызы чарчайт, акын бул ырын баласын эскерип жазган. Биринчи
жолу «Махабат» ырлар жыйнагында басылган.
«Жамандоо», «Менин жылдызым» - Биринчи жолу «Махабат» ырлар жыйнагында
басылган.
«Уйкум келет» - «Ата-Журт» ырлар жыйнагында биринчи жолу басылган.
«Шота Руставелиге» - Биринчи жолу «Махабат» ырлар жыйнагында басылган. Бул
ырды А. Осмонов Шота Руставелинин «Жолборс терисин кийген баатыр» деген
атактуу поэмасын кыргызчага которгондон кийин, акындык отчет катарында
жазган.
«Ичке суу» - «Махабат» ырлар жыйнагында биринчи жолу басылган. Ушул
чыгышы сакталды.
«Каркыра», «Сырт жайлоо», «Түп суусу» - Бул ырлар «Махабат» ырлар жыйнагына
жана «Тандалмалуу ырлар поэмалар» жыйнагына жарыяланган. Кийинки
басылышында «Түп суусу» аттуу ырдын төмөнкү куплети эмнегедир кыскарылып
калган:
Жарым деймин, бирок мени кыз сүйбөйт
Сынбасын дейт, сүйбөстүгүн билгизбейт
«Бул кайдагы эмгек күнү жок неме...»
Деп күлөт да мени өзүнө теңсинбейт.
Ыр бул жыйнакка автордун өз кол жазмасы боюнча толукталып, башкача
айтканда, 3-4 куплети кол жазмадан алынып киргизилди.
«Отуз жаш» - Биринчи жолу «Махабат» ырлар жыйнагында толук басылат.
«Тандалмалуу ырлар жана поэмалар» жыйнагында:
«Айныр элем, айныганда не пайда,
Он сегизде ойноктогон мен кайда?
Отуз да аз, көп болгонго кубангын,
Андан көрө амандыкка бел байла.
Тирүүлүктө кара өлүмдөн өч алып,
Калкың үчүн, кан чыгарып бер пайда» деген строфасы эмнегедир кыскарылып калган. Мында «Махабат» ырлар
жыйнагы боюнча толук киргизилди.
«Чөп чабык», «Эркин ыр» - Бул ырлар биринчи жолу «Махабат» ырлар
жыйнагында басылат. Кийин «Тандалмалуу ырлар жана поэмалар» жыйнагында
да басылган. Мында акыркы басылышын алдык.
«Мен эмнеден уялам», «Комбайн» - Бул ырлар «Махабат» ырлар жыйнагында
басылган. Мында ушул жыйнак боюнча алынды.
«Сүйүү жана мен» - Биринчи жолу «Ата-Журт» ырлар жыйнагында жарыяланат.
«Алданба», «Айга», «Мага күлбө», «Жети-Өгүз», «Жалгыз өрүк» - Бул ырлар
«Махабат» ырлар жыйнагына жарыяланган. Мында ошол басылышы боюнча
берилди.
«Кара көпөлөк», «Неге кечигет» - «Ата-Журт» ырлар жыйнагында басылган.
«Табият менен музыка» - Биринчи жолу «Махабат» ырлар жыйнагына чыккан.
Кийин «Тандалмалуу ырлар жана поэмалар» жыйнагына да киргизилген. Мында
акыркы чыгышы берилди.
«Покрышинге» - Ыр Советтер Союзунун үч жолу баатыры Александр Иванович
Покрышкинге арналып жазылган. Биринчи жолу «Махабат» ырлар жыйнагына
чыккан. Кийин «Тандалмалуу ырлар жана поэмалар» жыйнагында да басылган.
«Күзгүгө каранган жеңеме» - «Махабат» ырлар жыйнагында басылган.
«Бүкөн» - «Махабат» ырлар жыйнагында, экинчи жолу «Тандалмалуу ырлар жана
поэмалар» жыйнагында басылат.
«...вага» - Биринчи жолу «Жаңы ырлар» жыйнагында чыгат Мында ушул чыгышы
сакталды.
«Катыңа жооп» - Акындын архивиндеги маалыматтарга караганда. акын ден
соолугунун айынан нечен алакетке түшүп, Кой-Сары курортунда дарыланып
жүргөн мезгилинде бир жолдошунан кат алат. Бул ыр ошол каттын жообу
катарында жазылган. «Жаңы ырлар» жана «Тандалмалуу ырлар жана поэмалар»
жыйнактарында басылган. Мында акыркы басылышы боюнча киргизилди.
«Адилдиктин кушу» - Биринчи жолу «Махабат» ырлар жыйнагында басылган.
«Учкуч күүсү» - Биринчи жолу «Тандалмалуу ырлар жана поэмалар» жыйнагында
басылган. Мында ушул басылышы боюнча берилди.
«Көтөрүү ыры» - «Ата-Журт» жыйнагында жарыяланган.
«Тосуп алуу» (Кыздын ыры) - Бул ыр кол жазмадан алынып берилди. Мурдагы
жыйнактарында жок. (Инв. №1611).
«Кайда барсам эсимде» - «Ата-Журт» жыйнагында басылган.
«Жигиттердин үлпөт ыры» - «Жаңы ырлар» жыйнагында чыккан.
«Осуят», «Гитар күүсү», «Ак куунун көрдүм учканын» - Биринчи жолу «Махабат»
ырлар жыйнагында жарыяланган.
«Музыка» - Акын музыканы өтө сүйгөндүгүн билгизип, күндөлүк блокнотторунда:
«Кечеки күн көңүлдүү өттү, музыка угуп эс алуу кандай сонун» деп жазган
учурлары көп кездешет. Бул ыр биринчи жолу «Ата-Журт» ырлар жыйнагында
чыккан.
«Кылымдар» - Биринчи жолу «Махабат» ырлар жыйнагында чыгат. Ушул чыгышы
берилди.
«Академик Скрябинге» - Ыр бүткүл совет элинин кадырлуу окумуштуу карыясы,
академик К. И. Скрябинге арналып жазылган. «Жаңы ырлар» жыйнагында
биринчи жолу басылган. Мында ошо басылышы берилди.
«Россия» - Биринчи жолу «Махабат» ырлар жыйнагында, кийин «Тандалмалуу
ырлар жана поэмалар» жыйнагында жарыяланган.
«Сүйбөйм сени» - Акындын кол жазмасы боюнча киргизилди. :(Инвентарь №
1611),
«Жаштыкка» - «Махабат» ырлар жыйнагында басылган.
«Ысык-Көл» - Биринчи жолу «Махабат», кийин «Тандалмалуу ырлар жана
поэмалар» жыйнагына чыккан.
«Жалжалым ой» - «Ата-Журт» ырлар жыйнагы боюнча берилди.
«Жакшы китеп» - Биринчи жолу «Жаңы ырлар» жыйнагында чыккан, кийин
«Тандалмалуу ырлар жана поэмалар» жыйнагында да берилген. Мында акыркы
чыгышы боюнча киргизилди...
«Кайыңды» - «Махабат» жыйнагында басылган.
«Акын» - «Жаңы ырлар» жыйнагында басылган.
«Оорулуу акын» - Биринчи жолу «Ата-Журт» ырлар жыйнагында жарыяланган.
«Адамзат» - Биринчи жолу «Ата-Журт» ырлар жыйнагында басылган. Бирок, бул
басылышында 25-саптан 36-сапка чейинки ырлар кирбей калган. Мында
акындын кол жазмасы боюнча толукталып берилди (Инв. №1611).
«Каламга» - Биринчи жолу «Махабат» ырлар жыйнагына чыккан. Кийин
«Тандалмалуу ырлар жана поэмалар» жыйнагына да басылат. Акыркы
чыгышында төмөнкү ыр саптары кирбей калган:
Биздин турмуш, биздин кылым эң кызык:
Октор гана оюн кылган жол сызып,
Ок күчүнөн жеңип алган өмүрлөр.
Чындыгында эң бир ширин, эң ысык.
Ырдын толук тексти «Махабат» жыйнагы боюнча киргизилди.
«Курдаштык сөзүм» - Биринчи жолу «Жаңы ырлар» жыйнагында, кийин
«Тандалмалуу ырлар жана поэмалар» жыйнагына чыккан. Мында акыркы
басылышы алынды.
«Сулууга» - Биринчи жолу «Махабат» жыйнагында басылат. Кийинки
жыйнактарга киргизилген эмес.
«Биринчи депутат» - Автордун өз кол жазмасынан алынып киргизилди (инв.
№1611).
«Замандашыма» - Биринчи жолу «Махабат» ырлар жыйнагында жарыяланат.
«Тандалмалуу ырлар жана поэмалар» жыйнагына да киргизилген. Мында акыркы
жыйнак боюнча берилди.
«Адамга» - Биринчи жолу «Махабат» ырлар жыйнагында чыгат. Кийинки
жыйнактарга киргизилген эмес. Жазылган датасы кол жазмадан такталып
берилди. (инв. №1611)
«Салют», «Үлпөт ыры» - «Махабат» жыйнагында жарыяланган.
«Өзүмдүн өскөн жеримден» - Биринчи жолу «Жаңы ырлар» жыйнагында кийин
«Тандалмалуу ырлар жана поэмалар» жыйнагында басылып чыгат.
«Келсем жоксуң» - «Махабат» ырлар жыйнагында, кийин «Тандалмалуу ырлар
жана поэмалар» жыйнагында басылат.
«Жеңеме» - «Махабат» ырлар жыйнагында басылат. Жазылган датасы акындын
кол жазмасы боюнча алынды. (инв. №1611).
«Балыкчыдан Фрунзеге» (Келиндин сөзү) - «Махабат» ырлар жыйнагында чыгат.
«Тандалмалуу ырлар жана поэмалар» жыйнагында:
«Андан ылдый театрга баралы,
«Айчүрөктү» абдан көрүп каналы,
Ракмат деп бул замандын ээсине Алкыш айтып урматтуу кол чабалы.
Сылык экен, сулуу экен элдери
Таптаза экен, элдин жүргөн жерлери.
Шаарлыктар маданият дейт экен,
Кээсин сурап, кээсин уурдап келели» -
деген эки сабак ыр киргизилбей калган, мында «Махабат» ырлар жыйнагынан
алынып киргизилди.
«Боз бала» (Кыргыз вальсына текст) - «Жаңы ырлар» жыйнагында жарыяланат.
«Тандалмалуу ырлар жана поэмалар» жыйнагына да басылган. Ырга өзбек
композитору Назаров музыка жазган. Ырдын толук тексти «Махабат» жыйнагы
боюнча киргизилди. (инв. № 1611).
«Бешик ыры» - «Жаңы ырлар» жыйнагында, «Тандалмалуу ырлар жана поэмалар»
жыйнагында басылат. Эки жыйнакта тең:
«Кызматчы бол, акын бол,
Ар билимге жакын бол.
Андан айла болбосо,
Энтеңдеген бригад бол» деген куплети кирбей калган. Бул жыйнакка кол жазмасы боюнча толукталып
киргизилди (Инв. №1611).
«Тегирмен» - «Жаңы ырлар» жыйнагында басылган.
«Корукчу» - Адегенде «Жаңы ырлар», кийин «Тандалмалуу ырлар жана поэмалар»
жыйнактарында жарыяланган. Эки басылышында тең:
Айт, айт куу, куу!
Айт, айт куу, куу –
деген ыр саптары биринчи куплеттен кийин гана берилген. Мында кол жазмадан
алынып толук берилди. (инв. №1611).
«Аккан суу», «Комбайн маалы» - Бул ырлар автор өзү тирүү кезинде жарыкка
чыккан эмес. Биринчи жолу «Ата-Журт» ырлар жыйнагында жарыяланат. Мында
ошо жыйнак боюнча киргизилди.
«Сугатчы», «Темин» - «Жаңы ырлар» жыйнагында, андан кийин «Балдар үчүн»
жана «Тандалмалуу ырлар, поэмалар» жыйнагында басылган. Акыркы
басылышында ырдын датасы 1944-жыл деп көрсөтүлгөн, мында акындын кол
жазмасы боюнча 1945-жылкы ырларына киргизилди.
«Саанчы жеңе» - Бул ырга композитор Насыр Давлесов музыка жазган. Ыр «Жаңы
ырлар» жыйнагында жарыяланат. «Тандалмалуу ырлар жана поэмалар»
жыйнагында да басылган.
«Жар көрүү», «Башкарма» - «Жаңы ырлар» жыйнагында кийин «Тандалмалуу
ырлар жана поэмалар» жыйнагында басылып чыккан.
«Унутпа» - «Жаңы ырлар» жыйнагында чыгат. Жыйнакка ушул чыгышы боюнча
киргизилди.
«Жылкычы», «Күн чыгыш - күн батышта», «Мансап», «Ырас болду, бактым,
келгениң» - Бул ырлар жарыкка биринчи жолу чыгып отурат. Акындын кол
жазмасынан алынды. (Инв. №1611).
«Сабыр кыл, курбум, сабыр кыл» (К. Б. га) - Бул ырды акын замандаш курбусу
адабиятчы Бүбү Керимжановага арнап жазган. Биринчи жолу «Жаңы ырлар»
жыйнагында басылып чыгат.
«Калмак чайы» - Биринчи жолу «Ата-Журт» ырлар жыйнагында басылган.
«Кытмырга» - «Жаңы ырлар» жыйнагында, кийин «Тандалмалуу ырлар жана
поэмалар» жыйнагында басылган. Акыркы чыгышында ырдын 21-сабынын
төмөнкү биринчи, экинчи сөзү «Ишиңди иш деп жактырбайт» - деп туура эмес
берилген. Ал эми автордун өзү барда чыккан «Жаңы ырлар» жыйнагында:
«Ырыңды ыр деп жактырбайт» болгондуктан,
бул жыйнакка ушул сап киргизилди.
«Кызылча казган келинчек» - «Жаңы ырлар», «Тандалмалуу ырлар жана
поэмалар» жыйнактарына чыккан. Акыркы басылышында 10-11 саптагы кээ бир
сөздөр башка сөз менен алмаштырылып берилген.
«Сегиз жүз болсо серт экен,
Жаңылган экен кайран жер»
деген саптарды «Серт экен» деген сөздүн ордуна «сөз экен» деп, «Жаңылган
экендин» ордуна «Жаңырган экен» болуп өзгөртүлгөн. Мында «Жаңы ырлар»
жыйнагы боюнча киргизилди.
«Жүгөрү» - «Ата-Журт» ырлар жыйнагында басылган. Мында ушул жыйнак
боюнча берилди.
«Беш жашарга бербеймин» - «Жаңы ырлар» жыйнагында жарыяланган.
«Толкуйт да, кайра басылат» - «Ата-Журт» ырлар жыйнагында жарыяланган.
«Сүйүмкулдун айлында» - Мурда басма бетинде жарыяланган эмес. Акындын кол
жазмасы боюнча биринчи жолу чыгышы (инв. № 1611).
«Коммунизм колхозунда», «Көңүл куунак», «1946-жыл, 1-январь», «Эскерме»,
«Тирүүлүк» - Бул ырлар «Жаңы ырлар» жыйнагында жарыяланган.
«Истребителге» - Акындын фондуда сакталган кол жазмасы боюнча жарыкка
биринчи жолу чыгышы (инв. №1611).
«Өлгөн жоксуңар», «Сен айтпа», «Дагы сага» (С. га) - «Ата-Журт» ырлар
жыйнагында басылып чыккан.
«Мен бул жакта жүргөндө» - «Жаңы ырлар» жыйнагында басылган.
«Сенин поэмаң», «Кыргыз көлү» - «Жыңы ырлар», «Тандалмалуу ырлар жана
поэмалар» жыйнактарында басылган. Акыркы чыгышында «Кыргыз көлү» деген
ырдын:
«Ысык-Көл кыргыз көлү шарпылдаган,
Көркүнө көктөн башка тартылбаган,
Замандар кербенчидей чубап өтүп,
Чарчаса саясында салкындаган» деген экинчи куплети кыскарылып калган. Мында ыр «Жаңы ырлар» жыйнагы
боюнча толук киргизилди.
«Дүйнө жүзү тынч алсын» - «Ата-Журт» жыйнагында басылган.
«Орус калкым тууганым» - «Жаңы ырлар» жыйнагында басылган. Кийин
«Тандалмалуу ырлар жана поэмалар» жыйнагына жарыяланганда ырдын 5—6
куплеттери алынып ташталган:
«Ылдамдыгың куландай,
Ыкчамдыгың буудандай,
Баатырлыгың бүркүттөй,
Өткүрлүгүң албарстай,
Ысык-Көлдөй тереңсиң,
Каркырадай кененсиң,
Кандай душман келсе да,
Кайратың менен жеңесин» -
деген сабактар «Жаңы ырлар» жыйнагында болгондуктан, жыйнакка ушу боюнча
толук киргизилди.
«Ысык-Көл - Нева суунун сүйгөн жары» - «Жаңы ырлар» жыйнагында
жарыяланган.
«Жибек кийген эрке кыз» - «Жаңы ырлар», «Тандалмалуу ырлар жана поэмалар»
жыйнактарында басылган. Акыркы чыгышында ырдын биринчи куплетинин:
«Шуу-шуу эткен легковойдун бооруна,
Балчык тийип, жамгыр суусу чачырап»
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Акындын Элеси - 16
  • Büleklär
  • Акындын Элеси - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3840
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2225
    26.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3736
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2283
    26.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 3811
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2151
    28.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3982
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2076
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3859
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2239
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3940
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2064
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3826
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2049
    28.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3794
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2098
    26.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3825
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2063
    28.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3649
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1939
    27.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3813
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1876
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3816
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1931
    30.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3826
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    28.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3817
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2076
    31.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3692
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1499
    35.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    53.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 2613
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 815
    30.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.