Latin

Акындын Элеси - 06

Süzlärneñ gomumi sanı 3940
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2064
30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
42.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
49.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Ой басты тунжураган эрте-кечти...
Эрчишип оюн-күлкү мастык менен
Эсимден анын баары чыгып кетти.
Калп эмес ушул күнгө ошол күндөн,
(Аныма кээде өзүмчө ичтен күлөм)
Көк түстүү кең асмандын барагынан
Карайм да кайда экенин таппай жүрөм.
Ах, чиркин, да бир жолу көзгө түшсө,
Эгерде ай кызганып, күн түртпөсө,
Жер шарын колтугума кысып алып,
Мейманга барар элем эк-үч күнгө.
Көрсөтүп бир тилектүү жер баласын:
Болгондо биз сыяктуу эр даанасын.
Көп турбай кайра түшүп келер элем,
Таанытып адилдиктин заманасын.
2/ХII 1944
Койсары
УЙКУМ КЕЛЕТ...
Абаке ай, кече күнкү биз жеген эт,
Андай эт майга оролуп күндө келет.
Кандайдыр, биз билбеген күчү бар бейм?
Ыксырайм, уйкум келет... уйкум келет...
Урушпа, сага бир кеп айткым келет,
Ал этти, парыс бекен дайым жемек?..
Жаштардын кол-аягы ичке болуп,
Кыздарга кайдан бүткөн одоно бет?
Кейибе, эмнени айтып дөдүрөйт деп,
Эт жемек өнөр бекен, күндө тердеп?..
Касымкул неге жалкоо? Билесиңби?
Дале жок, ана келет, мына келет..,
Максат жок, эт жебегин, аба демек:
Мен жүрөм, күчүбүздү дайым ченеп,
Таарынба, чычалаба, ачык сөзгө Эмне үчүн биздин элдер борпоң делет?
Муну айтам эгер берсең, мага кезек:
Орустун көп даамына уруксат этсек,
Кара көз, чымыр дене көркүн алып,
Бир сонун гүлдөр элек... гүлдөр элек...
Кой дебейм, эмне берсең өзүңдө эрк,
Менде жок эт жебейм деп кесирленмек,
Өзүмчө бир байкаган сырымды айттым,
Негедир уйкум келет... уйкум келет...
3/ХII 1944
Койсары
ШОТА РУСТАВЕЛИГЕ
Шота аба, чын достуктун эң кымбаты,
Эр үчүн, керек жерде ак кызматы.
Жөнөй бер дагы сонун жерге алпарат,
Алдагы мен берген ат-кыргыз аты.
Таарынба, белегимдин көрдүң азын,
Сынагын кандай экен ичин ачкын,
Ал белек: сага тааныш - сулуу Нестан,
Мен аны кыргызчалап кайра жаздым.
Тариэл - сен көргөндөй баа жетпес эр,
Автандил - жүзү жылуу акылман шер,
Түз талаа,.бактуу калаа, тунук суулар...
Баары бар... Тинатин кыз үн салган жер.
Баягы кара үңкүрдө күткөн Асмат,
Батмажан виного мас, күлгөн шат-шат...
Айтылды өз түрүндөй Фридон дос,
Не сулуу, айлуу түндөр күмүштөй ак...
Айбы жок жаш сүйүүнүн кайгылары,
Эң таттуу, эң бир жумшак муңу, зары,
Арфа ыры, жанды эриткен коңур үндөр,
Таарынуу, сүйүнүүлөр, баары баары...
Жок күтпөйм, алдын алып айтпа рахмат,
Өзүң көр, өзүң өлчө таразалап.
Арманым ошол сүйүү бул күнгө да,
Кайрадан жаралсачы атаганат!
Шота аба, чын достуктун эң кымбаты,
Эр үчүн керек жерде ак кызматы,
Жөнөй бер дагы сонун жерге алпарат,
Алдагы мен берген ат - кыргыз аты.
3/ХII 1944
Койсары
ИЧКЕ СУУ
Ай күмүш суу,.ай тунук суу - Ичке суу,
Жаштык, сүйүү кумарына ичме суу.
Он бештеги кыздар таккан чачбактай,
Заманыңа жарашыгың укмуштуу.
Сен өмүрдүн кол жоолугу - гүлдүүсү,
Көктөгү айдын жасануучу күзгүсү.
Буудай, арпа ысык койнун аралап,
Аккан үнүң боз балдардын күлкүсү.
Келдим, кеттим мейман болдум беш күндүк.
Жан кыйышпас дос болуштук өмүрлүк.
Жаңы тамдуу, кашкар талдуу колхозуң
Кайда жүрсөм бир боорумдай көрүнүп.
Ишенбайлар, Адыбайлар дагылар,
Жумадилдер, барлыгы эстүү адамдар.
Жаш көчөгө биринчи тал тигишип,
Алтын жерге биринчи арык салгандар.
Силер берген кызыл кымыз, канттуу чай,
Мынча ширин, мынча балдай таттуусу ай.
Колун тартты уулангандай сары оору
Аңдып жүргөн мени кыйып салчудай.
Колхозуң бай, байлыгыңдай берекең,
Мындагы элдер башкача бир эл экен.
Пейли менен мени кайра тирилтти,
Алым куруп, чыгар кезде керектен.
Кайра барам да бир жылы өлбөсөм,
Мени оору эмес, ооруну мен көмбөсөм.
Зуулап учкан улуу заман милдетин
Калкым үчүн каным менен төлөшөм.
Ай күмүш суу, ай тунук суу - Ичке суу,
Жаштык, сүйүү кумарына ичме суу.
Он бештеги кыздар таккан чачбактай
Заманыңа жарашыгың укмуштуу.
Койсары
4/XII 1944
КАРКЫРА
Бала кез, көктөм убак, жазгы баар,
Асманда карк-карк этет каркыралар.
Мен анда: «Эй, замандын калыстары Көрсөтчү, канатыңда не жазуу бар?»
Уккандай дал үстүмдө тегеренет,
«Ал мына окуп кал»... деп белги берет,
Карасам, канатында төрт сап ыр бар,
Эсимде ал төрт сап ыр мындай делет:
«Турмушта бакыт да бар, байлык да бар,
Болушкан бирин-бири көрүүгө зар.
Мына эми биздин күндө кошулат дейт,
Сен да кел, ошол жакка биздин сапар»...
Аз, көппү, санабадым күн эсебин,
Колхоздо бир нече ирет орулду эгин;
Арадан күндөр бат-бат алмашылып,
Айланып Каркыра аттуу жерге келдим.
Көйкөлүп мелт-мелт этет жайык бети,
Көрсөтүп чоң боз үйдү берки четки.
«Туугандар бул уй кимдин үйү?» - десем,
«Колхоздун койчусунун үйү» дешти.
Кыргызда адамдык парс салам айтмак,
Четки үйгө салам айтып кирип барсак,
Төрүндө Бакыт, Байлык, койчу менен
Каткырып кымыз ичип отурушат.
Кандай март, Бакыт, Байлык кандай элпек,
Жаны өмүр койнунда экен кайда десек
«Заманың мына ушундай таанып жүр» - деп,
Асманда каркыра үнү карк-карк этет.
5 / X I I 1944
Койсары
СЫРТ ЖАЙЛОО
Сырт жайлоо аттуу адамга жакын жайлоо,
Жароокер кыз койнуңдай алтын жайлоо.
Бак кетпес, ырыс качпас, жыргал чанбас
Атыр жел, күмүш булак салкын жайлоо.
Жайлоонун жан жыргатар кымызы кең,
Жер-көктү теше чертчүү күчү менен,
Шуулдап сыр аякта чалкып турса,
Өзүмчө мына мындай ойго келем.
Турмушта кандай сүйсө ынак жары
Ошондой таза сүйгөн замананы.
Өмүргө кабак чытпай шаңк-шаңк күлгөн,
Жибектей кыз-жигиттин кыялдары.
Кири жок, жана да жок муңу, зары,
Даамына тамшандырган адамдарды.
Миң түрлүү өнөр менен шыңгыраган
Кадимки Муса, Атайдын авандары.
Элестеп, күңгүрөнүп оор күндөр,
Бирде ыйлап, бирде күлүп, бирде сүйлөр,
Ченемсиз кең тарыхты ичине алып,
Жаш төгүп Кара Молдо черткен күүлөр.
Зор «Манас» көлөмүнө жетпес ченем,
Чарчабай үч ай айтса түгөнбөгөн,
Кыргызда дагы толгон көп укмуштар,
Чынында баары сенин күчүң белем.
6/ХII 1944
Койсары
ТҮП СУУСУ
Катуу келдим минген атым кара тер,
Сүрдүү кең Түп, тайыз жериң кайсы жер?
Жол көрүнбөй күүгүм кирип баратат,
Аркы өйүзүңө тез өтөйүн кечүү бер.
Тээ алыста жылт-жылт жанган көп тамдар,
Эң бир ысык касиети бар сагынтар.
Орто көчө оң жак четки ак үйдө,
Колхоз кызы Канымкүлдөй жарым бар.
Абайлагам, анын жакшы көздөрү,
Агайлаган жумшак, таттуу сөздөрү,
Жаштык күнгө такыр күнөө кыла элек,
Жаз гүлүндөй жыпар жыттуу төшөгү.
Түнгө калсам, иттери бар кабаган,
Уйку бузуп анан кантип бара алам?
Барган менен эшик ачып киргизбейт,
Мени сүйбөс жеңеси бар караган.
Жарым деймин, бирок мени кыз -сүйбөйт,
Сынбасын дейт, сүйбөстүгүн билгизбейт,
Бул кайдагы эмгек күнү жок неме,
Деп күлөт да мени өзүнө теңсинбейт.
Айыл ыраак, дагы далай жол басам,
Ал жеңеме бир кадырым салбасам.
Колхоз кызы Канымкүлдүн дарты үчүн
Колхозуна мүчө болуп албасам.
Катуу келдим минген атым кара тер,
Сүрдүү кең Түп, тайыз жериң кайсы жер
Жол көрүнбөй күүгүм кирип баратат,
Аркы өйүзүңө тез өтөйүн кечүү бер. .
7/ХII 1944
Койсары
ОТУЗ ЖАШ
Ырас өмүр кандай кыска кандай аз...
Тагдыр ошол, өлчөмүнөн көп кылбас.
Бирок чиркин аздыгына мейли эле,
Анын октой тездигине катат баш.
Кечээ гана тиги кырда жок эле,
Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш?
Ал зымырайт, үстү-үстүнө камчылап,
Жетээр жери, түшөр үйү барчылап.
Эгер анын жетээр жери бар болсо,
Неге суудай тынбай агат адамзат?
Ошондуктан тынымы жок өмүрүм,
Уч-кыйры жок алыс жолго шаштырат.
Бүгүн дуулап, кечекимди ойлонбой,
Кечээ жыргап: эртеңиме кайдагы ой.
Мени алдаган жаштыгыма ишим жок,
Өлүм мени эркелетип койгондой?!
Ушунча күн, ушунча жыл арасы,
Жана гана, бая гана болгондой.
Шайтан көрдүм - долулугун карачы,
Байкуш жандын момундугун карачы,
Өлүм-өмүр аралыгы даңгырап,
Тазалыгын, сонундугун карачы!
Даяр орду, белен жайы бош турбай,
Анын мелт-калт толумдугун карачы!
Артык экен, кымбат экен жаштык кез,
Алтын экен, жакут экен баа жетпес.
Маңдайынан да бир сүйүп калууга,
Токтоп бербес, токтотууга күч жетпес.
Коюн толгон отуз жаштан айнууга,
Өмүр чиркин, өкүмү күч-жол бербес.
Айныр элем, айныганда не пайда,
Он сегизде ойноктогон мен кайда?
Отуз да аз... көп болгонго кубангын,
Андан көрө амандыкка бел байла.
Тирүүлүктө кара өлүмдөн өч алып,
Калкын үчүн кан чыгарып бер пайда!
Кантсин боз ат бир топ жолду баскансыйт,
Атырылып алга карай баргансыйт.
Сүрөп алган жазмыш жолу аябай,
Камчы менен май сооруга чапкансыйт.
Жым-жым эткен ээндикке жоголуп,
Караан үзүп кирип бара жаткансыйт.
Токточу өмүр, токточу өмүр, токтой тур!
Көзүң чуңкур, өңүң кансыз, сары сур,
Тил албассың, жоголо бер, кете бер,
Сенден күчтүү, сенден өжөр бул учур.
Он беш жолу улам кайра туулуп,
Он беш жолу жашарбасам карап тур!
Ырас өмүр, кандай кыска, кандай аз,
Тагдыр ошол, өлчөмүнөн көп кылбас,
Бирок чиркин аздыгына мейли эле,
Анын октой тездигине катат баш.
Кечээ гана тиги кырда жок эле,
Кайдан чыкты боз ат минген Отуз жаш?..
8/XII 1944
Койсары
ЧӨП ЧАБЫК
Колхоздо баягыдай жигиттер аз,
Майышпай чөп чабышка уландар жаш.
Андыктан кыйын салмак жеңемдерде,
Эмесе, болгон күчтү эмнеге аяш?
Сүрдөбөй эптүү кармап чапкыларын,
Саздак жер, машиналар барбас жагын.
Сол кылып кызгалдактай каптап алып,
Жайкашат, жашыл ыраң жибек жалын.
Эң жеңил, эркектердей шилтеши элпек,
Бүгүнкүм жүз сотыйга толсо экен деп,
Деңиз көк, катарына жалп-жалп жатып,
Жыпардай аңкыган жыт бур-бур этет.
Бат эле сол башына кайкып чыгат,
Күн ысык, терин арчып, аз тыныгат.
Кайрадан шарк-шарк эткен кубаттуу үн,
Ах, чиркин чөп чабык кез кандай рахат?..
Жашоону терең таанып кеңири ойлоп,
Зор турмуш колхозчунун колунда ойноп.
Табият терезесин ачып коюп,
Жылмайып келиндерге көңлү тоёт.
Эрдик да, ак эмгек да, адилдик да,
Ырыстын далай кенчи колхозчуда.
Эгерде керек болсо - жаштар үчүн,
Калп айтпас, тунук сүйүү кол алдында.
Көктөй бер, көгөрө бер кең талаалар,
Кем эмес, сага жетер чамабыз бар.
Камыкпа, согуштагы азаматтар,
Колхоздо Гомер айткан алп аялдар.
10/XII 1944
Койсары
ЭРКИН ЫР
Ушул күз: Чоң күндөгү үчүнчү күз,
Ааламдын шер алптары салышкан күч.
Көркүнөн эч бир колхоз өзгөргөн жок,
Дагы эле бүткөн бою алтын, күмүш.
Жакшы убак... Кызыл кырман, темин маалы
Көңүлдү кубандырып жаңы даны,
Карачы колхозчунун оюнда экен,
Турмуштун жүргөн каны, соккон жаны!
Тилегим: кийми болсун жибек, шайы,
Жагымдуу, жайлуу болсун жүргөн жайы.
Балдары аман болуп, тукуму өсүп,
Кант, шекер, бал татысын ичкен чайы.
12/ХII 1944
МЕН ЭМНЕДЕН УЯЛАМ
Мен уялбайм, сүйбөдү деп жаш теңим,
Же болбосо аты назик ак келин.
Ая, жаным, антпе дешке чолом жок,
Чынын айтсам андай ишке жок эбим.
Мен уялбайм дайым бүркөө түрүмдөн,
Жаш болсом да картка окшогон сүрүмдөн,
«Койдум, курбум, мунум жаман» - дей албайм,
Өзгөрмөй жок жаралган түс, гүлүмдөн.
Мен уялбайм ал кетирген оорумдан,
Баскан күндө төрт аяктап боорумдан.
«Кантем, апа, ушинтемби, я», - дебейм,
Сөөгүм чыкпайт бараткан түз жолумдан.
Мен уялбайм балам жок деп соңумда,
Жал-жал күлгөн жарым жок деп оңумда,
Балам, жарым - доорум үчүн шилтенген
Найза учунда, зор замбирек огунда.
Мен уялбайм кедейликтен, жоктуктан,
Тапкым келсе, жок колунан чок чыккан.
Менин казынам, байлыктарым миномёт,
Батыш жакта жоо калаасын коркуткан.
Мен уялам, мына мындан уялам
Көзгө толор бир чоң эмгек кылбагам.
Колун кезеп жолуң болгур дегенсийт,
Жер шарынан күлүк учкан заманам.
11/XII 1944
Койсары
КОМБАЙН
Бүтө элек чөп чабыгы, көп жер жатат,
Кайда али, беш-он гана үймөк жасап...
Аңгыча ал менчи деп кол булгалайт,
Апийим бир кыл аппак гүлүн таштап.
Башкарма кенен жатып уйку татпай,
Миң ойлоп, эч бир оңой амал таппай,
Бир бөлүп өң аялды апийимге,
Чапкылайт көңлү тынбай ары карай.
Ортолоп эки тилим эми гана,
Кыруунун кызуу кези башталганда,
Орбосоң күбүлөм деп күлүн турат,
Теңселип, тегиз ырдап алтын арпа.
Күндөр да өчөшкөнсүп башкача ысып,
Ак буудай жылдагыдан эрте бышып...
Күч жетпейт, азаматтар батыш жакта,
Сыр бербейт, колхозчулар демин кысып.
Бир иштен экинчи иштин кемдиги жок,
Андыктан муну «антип таштап коёт.
Ошондой зарыл учур мезгилинде
Талаага эр комбайн пайда болот.
Болот миз үч кулачтай тишин салат,
Орулуп арпа «улайт шалак-шалак.
Кызылдан ошол замат данын төгүп,
Бат эле бир гектарды эки айланат.
Алыстан карап турган колхозчулар,
Ичинде бригадир бар, башкарма бар,
Рахмат комбайным деп күлүшөт,
Дем кирип, бардык жумуш агат шар-шар.
Комбайн - колхозчу үчүн бакыт-таалай,
Эң жакын кичүүсүнүн агасындай.
Жана да агасы үчүн инисиндей,
Атанын баатыр жакшы баласындай.
Ушинтип түшүмдүү жыл ар күз сайын,
Жаңырып мыкты оңдолуп келген дайым.
Ак буудан ойдогуңдай бышып берсин,
Сен үчүн айланайын, ай комбайн.
13/ХII 1944
Койсары
СҮЙҮҮ ЖАНА МЕН
Сүйүү эмне? Сүттөй таза колукту!
Ансыз анан алтын өмүр толукпу?
Ошондуктан эң биринчи жаш сүйүү
Бермет, жакут, каухар кийип жолукту.
Кучактадым, өптүм, кыстым боорума,
Бул турмушта өлгөнчө бир болууга.
Бирок, сүйүү эң жалганчы нерсе экен,
Кош деди да от карматты колума.
Экинчиси: андан сулуу, андан жаш,
Жалынына жана турган жансыз таш,
Анын көркү миң бир түрлүү көрүнүш,
Мен андыктан: кайра кумар, кайра мас.
Аз дууладык жаштык, мастык ойнунда,
Ант бериштик өмүр байлап көп жылга,
Бирок, сүйүү жерден муздак нерсе экен,
Жашырынды, жылаан таштап мойнума.
Менде айып жок... төмөнсүнбөйм эч кимге,
Андай болсо, «күнөө өзүңдө» деп билбе,
Бирок сүйүү уудан бүткөн нерсе экен,
Үчүнчүсү, заар чачты бетиме.
Жылаан таштап, заар төгүп, чачып от,
Эрк сеники, шылдың кылмак, ойномок,
Бирок, түшүн, акылың кем жаш сүйүү,
Ошентсе да сенден көңлүм калган жок!
Билем, анын туш тарабы терең жар,
Өзү зоока, куш жете албай болгон зар...
Эгер сүйүү күчтүү болсо өлүмдөн,
Мен сүйүүгө теңелүүгө акым бар.
14/XII 1944
Койсары
АЛДАНБА
Бирин бири жыга албайт,
Багынтсам деп өзүнө,
Турмуш менен адамзат Бири - баатыр, бири - дөө.
Күн менен түн сыяктуу,
Кээде кара, кээде аппак,
Турмуш митаам, турмуш куу,
Өзгөрүлгөн эң бат-бат.
Бири зоока, бири аска,
Бири түз жер, бири ор,
Турмуш чиркин адамга
Бирде кор да, бирде зор.
Анткен менен адамзат,
Балбаныраак турмуштан,
Турмуш болсо - найзачан,
Адам - болот кылыччан.
Бирок тиги өйдөкү,
Көз боочудай шамдагай.
Ошондуктан астыңкы,
Алдырып жоёт байкабай.
Өзүм адам болгонсоң,
Адамга айтар насаатым,
Биздин бөбөк, инилер,
Эч кайгысыз жашасын.
Андай болсо турмуштун,
Балдай ширин даамына
Жана кыздай жароокер
Наздыгына алданба.
Кээде жок да, кээде көп,
Аздыгына караба.
Бели ийилип картайбас,
Жаштыгына алданба.
Алтын төшөк, ак бермет,
Жаздыгына караба,
Телегейи тегиз шай
Мастыгына алданба.
Жашыл, сары, көк гүлдүү,
Көркөмүнө караба,
Атак, урмат кучактап
Өпкөнүнө алданба.
Кээде турмуш уу берет,
Ачуусуна караба.
Кээде турмуш кант берет,
Таттуусуна алданба.
Дал турмуштун өзүндөй,
Миң айлакер жүздүү бол.
Дал турмуштун өзүндөй,
Акылдуу бол, күчтүү бол.
19/XII 1944
Койсары
АЙГА
Жаз мезгили, он беште ай,
Уйкуга мас өзөн-сай.
Көркүн калам айта алгыс,
Олдо тоонун түнкүсү ай.
Сүттөй аппак сулуу май,
Уйкуга мас капчыгай,
Сүрөт менен айта алгыс,
Олдо түндүн күчтүүсү ай.
Оюн курган сулуудай,
Оронгону жибек, шай,
Ой менен айтып бере алгыс,
Олдо түркүн гүлдүүсү ай.
Ойдогу үйдө уктабай,
Оюн курган кыз, бала ай.
Кыз, бала ойнун терметкен
Асмандагы алтын ай.
Ойноктогон чымчытпай,
Олдо кыздын күлкүсү ай,
Кыз күлкүсүн терметкен
Ободогу күмүш ай.
Жаш күнүңдөн картайбай,
Өңү өчпөгөн ак айдай,
Өзгөрбөсөң не болот,
Олдокургур жаштык ай.
21/ХII 1944
Койсары
МАГА КҮЛБӨ
Бул кандай ысыгы жок кансыз жүрөк,
Турмушта бүркөө түндөй жалгыз жүрөт.
Бечара ай, ээн талаадан эмне издейт деп,
Кара көз бетин басып кыт-кыт күлөт.
Аның ырас, кечке жуук, эртең менен,
Ың-жыңсыз тынчтык менен эрмектешем.
Чабыттап жем издеген ак барчындай
Үйүмө эки-үч сап ыр таап келем.
Мен киммин, бир жай адам Алыкулмун,
Эгерде жаза албасам, алсыз кулмун.
Томсоруп кол куушуруп өтүп кетсем,
Заманга анда менин кайсы кунум.
Жаза алсам өз доорумдун чын китебин,
Дайрадай тынбай аккан эрдиктерин.
Жанымда жазган жазуум гүлдөп турса,
Анда мен Аалы шерден 1 алдуу шермин.
Кой антип кыт-кыт күлбө эркетайым,
Жан шоолам, жарык күнүм, бак-таалайым.
Сен үчүн бүркөө акындын ачык ыры
Ай нурлуу, ак жүзүңдөн айланайын.
Анын ырас, кечке жуук, эртең менен,
Ың-жыңсыз тынчтык менен эрмектешем.
Чабыттап жем издеген ак барчындай
Үйүмө эки-үч сап ыр таап келем.
22/XII 1944
Койсары
ЖЕТИ-ӨГҮЗ
Карагайлуу кара асканын алдында,
Жети бөлөк жети тоонун жанында,
Ажыдаардай атырылып Жети-Өгүз,
Агып жатат жарды уратып каарына.
Таштар тарс-турс, калдыр-кулдур куланып,
Бууракандап көбүктөнүп бууланып,
Эр турмуштун агымындай шаркырап,
Ок жыландай оюн салып буралып.
Ай батты ачык, сүрү баатыр арыстандай,
Ак жолборстой айга айкырат жазганбай,
Бүркүт, каблан күркүрөтүп барлыгы
Ушул суунун балдары бейм акетай.
Ой, Жети-Өгүз, жүрөгүңдө кара жок,
Кең өмүрдүн уюлуна мээлеп сок.
Адамзаттын жыргалы үчүн кам көрүп,
Ташы, күүлөн, улам күчө бизге окшоп.
22/XII 1944
Койсары

Аалы Шер – Мухамбеттин чалыярынын бири.
ЖАЛГЫЗ ӨРҮК
Пароход жай кыдырып Ысык-Көлдү,
Таң сүрө, жол жармынан араң өттү.
Түн бою көз ирмебей из караган,
Алыста маекчинин чырагы өчтү.
Күнгөй жак, «Жалгыз өрүк» барар жерим,
Болжолдуу өз саатында ,келип жеттим.
Бул айыл, туулуп-өскөн айлым эмес,
Антсе да, өз боорумдай жакын элим.
Не көрөм? Баары жаңы көп үй көрөм,
Май айы. Бак-дарактар тең гүлдөгөн.
Жүзү ачык жаңыча өскөн жаш уландар
Шат күлөт, өз дооруна сүйүнгөндөн.
Ак, кызыл, алма, өрүктүн жыттуу гүлү,
Жемиш бак, короо сайын түрлүү, түрлүү.
Баткан күн, аткан таңдын черин жазып
Сайраган сүйүү көркү, булбул үнү.
Ах, заман, сенин аккан агымың шар...
Тең келбес, учкул канат, арышың бар.
Алыста аз жыл жүрүп кайтып келсең,
Боз кыштак - кең көчөлүү жаңы шаар.
Бул жерден, бир убактарда кеткем өтүп,
Ал кездер негизинен кайра өзгөрүп,
Мөмөлөп нечен миң түп өрүк болгон,
Мен көргөн мүрзө үстүндө жалгыз өрүк.
23/XII 1944
Койсары
КАРА КӨПӨЛӨК
Таң алды таттуу уйкуда бир түш көрөм,
Түшүмдө жанга ажайып бир иш көрөм:
Зор акын - немең Шиллер калаасына
Эң калың кара көпөлөк жаады көктөн.
Ойгонуп, түрлүүчө ойлоп түшүнө албай:
Даанышман, сөзгө чебер, акылга бай,
Кадырлуу кары Абага жорутууга
Жөнөдүм үйүн карай, тез ылдамдай.
Ал киши бир далайга ойлоп туруп,
Өчө элек, кечеки оттун корун чукуп:
«Э балам, карыялардан укканды айтам,
Асмандан кара көпөлөк түшсө учуп:
Ал жерге, ошол жылы эгин чыкпайт,
Алма, өрүк, түрлүү өсүмдүк, тегиз куурайт.
Суу акпайт, бир гана ысык шамал согот,
Буркурап, күнөөлүүлөр улуп ыйлайт.
Кыдырып шаар ичин кара көпөлөк,
Кор кылып желдеттердин көзүн көзөп,
Адамдын канына мас мырзаларды
Муунтуп жүрөктөрүн бурап өтөт».
Ошентип, чала болот... Бүлүнүшсүн!
Күнү өчүп, бактысыздык түнү түшсүн!
Андагы Шиллер аттуу немец аял, 1
Пушкиндин арбагына күлгөнү үчүн!
25/XII 1944
Койсары
НЕГЕ КЕЧИГЕТ
(1942-жылдын жазына)
Эсимде... Бир жолу эмес, нечен ирет
Бул айда тоо боорунан гүл терчү элек.
А быйыл... күн жылыбайт, жер тегиз кар,
Шумдук ай, неге мынча жаз кечигет?
Алда эмне? Алмаштырыл сан кылымды,
Өзгөрбөй келе берип ар бир жылы,
Же биздин каршы келип бактыбызга,
Алсырап, жол жүрө албай чарчадыбы?
Анда эмне?.. Жашообуздун негизгиси,
Келатып бир кырсыкка кезиктиби?
Болбосо, үйү алдында гүлдөрү аз деп,
Же бизге таарынуунун белгисиби?
Эл жүдөп, жан жаныбар арыктады,
Сулуу жаз, бул кандайча сагынтканы?
Болбосо, ак иреңи сары болуп,
Байкоосуз катуу ооруга чалдыкканбы?
Жок жаным, чарчабаган, таарынбаган...
Жогорку үч себеп тең бирдей жалган.
Эмесе кечигүүнүн чын себеби:
Немецтин уулуу огунан жараланган.

Шиллер фамилиялуу бир аял А.С. Пушкиндин Михайловскийдеги мүрзөсүн ачтырып, аябай
кордо кеткен.
Күн нурлуу кайгы билбейт, күлүп чыгат,
Бир күндө биздин колдон жаз айыгат,
Андан соң жарасы үчүн кек алмай бар,
Күнөкөр, алда кандай айла табат?
28/ХII 1944
Койсары
ТАБЫЯТ МЕНЕН МУЗЫКА
Өмүр кең, солор гүлдөр... өчөр, жанар,
Бат карып, бат эскирип, бат жаңырар,
Эмесе: бул дүйнөгө туулуу менен
Кайрадан, ар адамдын өлмөйү бар.
Өлүм ак, пейли сараң, көңүлү тар,
Күчү жок, бирок мени коркута алар!
Себеби: мен өлгөндө ордум басат,
Менден соо, менден жакшы, акылдуулар!
Кубанам, туулуп-өскөн заманыма,
Барабар бир сагаты, бир кылымга!
Урабас менин дагы кирпичим бар,
Көз жеткис анын чымыр катарында.
Курбума, ини-агама рахмат айтам,
Биз чын эр, бул турмушка жашап-кайткан,
Кан төккөн зор майдандын жыйынтыгы
Мынакей түбөлүккө улуу майрам.
Бул бүтсүн, айтар сөзүм төмөнкүдөй,
Анчалык орчундуу эмес, жөпжөнөкөй:
Кантейин жазмыш күчү руксат бербейт,
Заманга иштер элем далайга өлбөй.
Ах, чиркин биздин күндөр кандай таттуу,
Бүгүндөн, эртеңкиси рахаттуу!
Табият жана анын музыкасы,
Күн санап, кандай сулуу, кандай шаттуу!
Ах, дүйнө, биздин күндөр кандай таттуу,
Бүгүндөн эртеңибиз рахаттуу!
Ушундай сонун күндө өлгөндөргө
Байкачы, кандай гана аянычтуу!..
27/XII 1944
ПОКРЫШКИНГЕ
Биз кимбиз? Сен мага ага, мен сага - ини,
Баарыбыз, доорубуздун жаш жигити;
Андыктан: орус уулу болуу менен Жанада кыргыздын да Покрышкини!
Эл көрдү, өрт үстүндө канат кактың,
Лаачындай кайкып учуп өтүп жаттың,
Фашисттин жылдыздарын түшүрө тээп,
Гүлдөтүп, көктө эркиндик салтанатын!
Сүттөн нак, ажалдан курч, сенин эркиң,
Үч эмес жүз мертебе баатыр дешсин!
Бир гана, биздин гана өлкөдө эмес!
Баатыры биздин жалпы планеттин !
Адамсың көп кары эмес, өмүр - жашың,
Бирок да, сен биздерден башкачасың.
Анткени - уйкуң жерде болгон менен,
Асманда сенин ичер тамак-ашың.
Бул дагы аз, жерден, көктөн жоону жеңмек,
Адамды акылдан да бийлөө керек!
Андыктан: Гёте, Гейне, Шиллер менен
Сага окшоп, бетме-бетке чыккым келет!
Сүттөн нак, ажалдан курч, сенин эркиң,
Үч эмес, жүз мертебе баатыр дешсин!
Бир гана, биздин гана, өлкөдө эмес,
Баатыры - биздин жалпы планеттин!
27/XII 1944
КҮЗГҮГӨ КАРАНГАН ЖЕҢЕМЕ
Жеңекем таш -күзгүдөн жүзүн карайт,
Кулпурган кундуз чачын кайра тарайт,
Суйкайып, күлүмсүрөп кашын серпип,
Түлкүдөй көлөкөсүн тамашалайт.
Көңүлү жай, эч жеринде кемтик жоктой,
Ичинде, менден сулуу ким деген ой.
Лыпылдап ары кетет, кайра келет,
Тик така, жибек көйнөк, орточо бой.
Коюлап жука жаккан кызылдарын
Таратып, көз астында упа тагын,
Ошентип, боёк айбын тегиз көрдү,
Көргөн жок, бирок бетте бырыштарын.
Себеби: адам өзүн өзү алдайт,
Андыктан карылыгын мойнуна албайт.
Жер тозот, тулпар карыйт, учкул талыйт,
Бирок да аял көңлү эч картайбайт.
Сулуулар капа болор мындай дешке,
Айтайын ак сөзүмдү мен да &изге,
Чынында, биз да андайдан алыс эмес,
Ар дайым эркек кургур он сегизде.
29/XII 1944
Койсары
БҮКӨН
Бүкөнтай, бучук мурун үч жашар кыз,
Бир күндө жүз жыгылып, жүз басар кыз.
Аз ыйлайт, борс-борс күлөт, көп да күлбөйт,
Кемпирден токсондогу таза сүйлөйт.
Кыргыз да... ачырканбай кымыз ичет,
Кучактап уктап калат бир жилик эт.
Ар убак абалары «ырдап кой» дейт,
Бүкөнтай көздү жумуп ырдап кирет:
«Сагындым, атакемай келсе экен - дейт,
Ал жеңип, тилегимди берсе экен» - дейт.
Карылар муну укканда жым болушат,
Көзүнөн жаш чуурутушуп бурчак-бурчак.
Анткени - үч жыл болду кабар келген,
«Палан күн... палан жерде өлдү»... деген
Эл үчүн каза таап жоо огунан,
Бүкөндүн атакеси кайтпай калган.
Бирок да бардык айыл жакшы көрөт,
Бүкөндүн - эркелетчү атасы кеп.
31/XII 1944
Койсары
...ВАГА
Кадырың кымбат мен үчүн, Сендейди мен таппасмын,
\
Кийинки жазган катыңда
Ыраактап кеттиң деп жаздың.
Амандык барда сүйгөнүм,
Жер үстү жакын, аным чын,
Канча чакырым болсо да,
Ыраагы жок жарыктын.
Түбөлүк түнгө айланса
Жарыкта жыргап жүргөн чак,
Биз ошондо каларбыз
Сан жеткис чакырым ыраактап.
2/I 1945
Койсары
КАТЫҢА ЖООП
Жактырбадым, курбум, жазган катынды,
Курбум дедим, элге айтпадым атыңды.
«Алым жаман, ооруп калдым сага окшоп»
Деген сөзүң капалантты акынды.
Сен неге үчүн өз өзүңөн кирдейсиң,
Оору - соо деп, мени экиге иргейсиң?
Сен неге үчүн оору экеним унутуп,
Ооруп жатып ыр жазганым билбейсиң?
Сен неге үчүн бошоң тартып кирдейсиң,
«Мен сендей» деп мени алсызга иргейсиң?
Аалам алпы Шекспирдей үч менен
Ооруп жатып сүйлөшкөнүм билбейсиң?
3/I 1945
Койсары
АДИЛДИКТИН КУШУ
Акындар акылмандар нечен-нечен,
Таба албай арман менен өтүп .кеткен.
Өзү эмес, канатынын жалгыз талы Бааласа миллион элге бир баа келген.
Күндөн чоң, суудан таза, жерден баатыр
Ак кушу адилеттин кайда экен?
Мен билем кайда экенин сонун жайда,
Ал эмес Америка, Европада.
Жасалган акак таштан бир күмбөз бар,
Эн күчтүү, эң сулуу шаар Москвада.
Мына ошол күмбөздөгү тынч уктаган
Укмуштуу улуу адамдын оң колунда.
Кайгы жеп караңгылап жарык дүйнө,
Ал адам деми бүтүп өлөрүндө,
Ме, ал деп өз колунан берип кеткен,
Ишенип өз жанындай сүйгөнүнө.
Ошондон ушул күнгө турак жайы
Уясы адилдиктин төркү үйүндө.
Сый көрүп, кадыр көрүп эркин уктап,
Чындыктын калыстыктын балын ууртап,
Толтуруп үйдүн ичин адилдикке,
Силкинип боюн тарап убак убак.
Кант салган чайын ичип ал кишинин,
Нанын жеп, аалам кезип учуп чыгат.
Ал учат ай үстүндө, күн астында,
Каухардай көп жылдыздын арасында.
Жер шарын топтой ойноп чимирилтип,
Шаңкылдап шаңшып ырдап анда-санда.
Өзүнүн талбас канат балапанын
Замандан замандарга таратууга.
6/I 1945
Койсары
УЧКУЧ КҮҮСҮ
Учтуң, учкуч,
Жасап укмуш.
Сен учканда
Карап туш-туш.
Санаа жетпей,
Шамал жетпей,
Караандабай
Шумкар куш,
Аай, карандабай,
Бай, бай, бай,
Ээй, заман,
Сенин балаң
Айландырып
Самолётту
Бураган,
Беттешкенде
Бетке келбей,
Ажал-душман
Бырын-чырын
Кулаган.
Ээй, заман
Кандай кыраан
Сенин балаң
Бай, бай, бай.
2.
Булут жиреп,
Жапырт кирет.
Өнөр жасап,
Чимирилет.
Ата мекен
Болуп бекем
Тынчтык өмүр
Сүрсүн деп.
Аай, бек турсун деп,
Бай, бай, бай,
Ээй, заман,
Сенин балаң
Айландырып
Самолётту
Бураган.
Беттешкенде
Чыдай албай
Ажал-душман
Бырын-чырын
Кулаган.
Ээй, заман
Кандай кыраан
Сенин балаң,
Бай-бай, бай!..
Учсун учкуч,
Жасап укмуш!
Жадырасын
Биздин турмуш!
Жаркылдасын,
Оюн салсын
Болот куш.
Аай оюн салсын,
Бай, бай, бай,
Ээй, заман
Сенин балаң
Айландырып
Самолётту
Бураган.
Беттешкенде
Бетке келбей,
Ажал-душман
Бырын-чырын
Кулаган.
Ээй, заман
Кандай кыраан
Сенин балаң
Бай, бай, бай.
12/I 1945
Койсары
КӨТӨРҮҮ ЫРЫ
Тулку чоюн бейм,
Оор көрүнөт,
Он бир жигиттин
Тери төгүлөт.
Көтөр, көтөр оп!
Көтөр, көтөр оп!
Жерден былк этпейт,
Жеткил көрүнөт,
Жети жигиттин
Тери төгүлөт.
Көтөр, көтөр оп!
Көтөр, көтөр оп!
Кана жабыла
Бирден алабыз,
Агын дайрага
Өткөл салабыз,
Көтөр, көтөр оп!
Көтөр, көтөр оп!
Кана, жабыла
Бирден алабыз,
Бузуп тоолорду
Канал салабыз.
Көтөр, көтөр оп!
Көтөр, көтөр оп!
Көлдү курчатып,
Жолдор салабыз,
Салган жолдорду
Келип караңыз.
Көтөр, көтөр оп!
Көтөр, көтөр оп!
Айран таң калып,
Тынбай караңыз,
Заман чоюнун,
Жерден алабыз.
Көтөр, көтөр оп!
Көтөр, көтөр оп!
12/I 1945
Койсары
ТОСУП АЛУУ
(Кыздын ыры)
Паровоз келет үн салып,
Калдыр, күлдүр күү чалып,
Физкультурник кыз келет,
Биз тосолу гүл алып.
Айбат гүл алып,
Айбат гүл алып.
Физкультурник кыз келет,
Москвага кубанып.
Кабар берип айлына,
Айылын таң калдырып,
Физкультурник келет деп,
Сүйүнчүгө учуруп,
Ак куу канат талдырып
Ак куу канат талдырып.
Паровоз келет жакындап,
Көз айнеги жаркылдап,
Мен мындамын Күкүш деп,
Биздин Бүбүш чакырат.
Жүрү тосолу гүл алып,
Айбат гүл алып,
Айбат гүл алып.
Физкультурник кыз келет,
Улуу оруска кубанып,
Кабар берип колхозго,
Колхозун таң калдырып,
Физкультурник келет деп,
Сүйүнчүгө учуруп,
Ак куу канат талдырып
Ак куу канат талдырып.
Паровоз токтойт -бууланып,
Эр көөдөнү сууланып,
Физкультурник кыз түшөт,
Биз тосолу гүл
алып,
Айбат гүл алып,
Айбат гүл алып.
Физкультурник кыз түшөт,
Кубанып да нурданып,
Кабар берип кыштакка
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Акындын Элеси - 07
  • Büleklär
  • Акындын Элеси - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3840
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2225
    26.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3736
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2283
    26.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 3811
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2151
    28.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3982
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2076
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3859
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2239
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3940
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2064
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3826
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2049
    28.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3794
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2098
    26.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3825
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2063
    28.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3649
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1939
    27.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3813
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1876
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3816
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1931
    30.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3826
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    28.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3817
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2076
    31.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3692
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1499
    35.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    53.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 2613
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 815
    30.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.