Latin

Акындын Элеси - 05

Süzlärneñ gomumi sanı 3859
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2239
29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
42.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Калайык калың журтка айтты кебин,
Койнума бала жыттуу кыз кирбедиң,
Өмүрдө кулун сындуу ат минбедим.
Картайды касиеттүү заты калды,
Куш салып сайрандачу аты калды.
Өмүрдүн Бекзат үчүн кызыгы жок,
Ал кетип, бели ийилип, чачы агарды.
Жакшылар бөлүнүшүп жөнгө олтурду,
Эртеден күн батканча кенеш курду,
Кой эми Бекзат олуя бала жыттуу Кыз алсын деп бирдикте сөз болтурду.
Сөздү илип үйдөн-үйгө кетти жайып:
Жарыктык олуя Бекзат болсун шайык,
Кедейдин жаңы чыккан тогуз жашка,
Көп кыздан Күмүш деген болду ылайык.
Күмүштү алып келди тыбыратып,
Бекзаттын көр жыттанган койнун ачып,
Кан жүрбөй муздай тоңгон тизелерин
Кетишти зордук менен кучактатып.
Күн өттү катар, катар айлар ашты
Күмүшкө тонгон денин ушалатты.
Жаш демге Бекзат «олуя» жанга кирип,
Уялбай Күмүшжанга кучак ачты...
Аз болду албаганы колдун деди,
Адамдын жыргалына кондум деди,
Койнума бала жыттуу кыз кучактап,
О, дүйнө, эми армансыз болдум деди.
Ушундай азабы эсте өткөндөрдүн
Карыдым азыр бакыт төрүндөмүн
Жүрөктө черге айланган кектери бар
О, балам, өтүп кеткен көп күндөрдүн.
Өмүрдүн мен отурган чоң төрүнөн
Кыңылдап өз ичиме ойлор бөлөм.
- Аксакал, мына турмуш артыңызда
Дейт балдар ошондо мен эмне көрөм?..
Балам көп, жүрөгүмөн ысык көрөм,
Алдында санаасы кең Ысык-Көлдөн.
Ала-Тоо турмушунун ак сакалы
Балдардан күндө өзгөргөн кызык көрөм.
Кээде көрөм ушул улуу турмуштан,
Тамашасын көл бетинде куусу учкан,
Айланамда жаштык күндөр гүлдөшөт
Карылыктын кайгыларын унутам.
Жолуман элим жаңы күндөрдү ачат,
Таалайын жаңы ачылган гүлдөр басат,
Бактынын асманына өтүш үчүн
Кыргызым кыяны ашып бара жатат.
Мен көрөм: элим өттү тепсеп азап,
Дүйнөнүн келечеги алда жатат.
Тоолорум баатырларга калкан болуп
Кыргызым чабуул коюп бара жатат.
Эмгекчи эл мен байкасам чебер экен,
Кызыл туу келиштирип соккон бекем
Карматып жумушчунун оң колуна,
Москвадан жер жүзүнө желбиреткен.
Ооба, ырас, өзү жеткен уста да экен,
Мейли укмуш канат байлап учса жеткен Алтындап орок менен балка согуп,
Үстүнөн Кремлдин көк тиреткен.
Татаалдуу кыйын жолду өзү баштап,
Майданда беттешкенин эңип таштап,
Дүйнөнүн көркү болуп көрүнгүлө,
Деп элим бербедиби сайма жасап.
Жаша элим, жашай турган убагыңда,
Нур салыш, өз жериңдин нурларына.
Заманың көзүм жетет уулдарым,
Жаркырап миң-миң кылым турарына.
Мен атаң санаам жаңы, көңүлүм тентек,
Куралбай ырдын башын айттым эптеп,
Эмгекчи эл сен кармаган ушул заман,
Былк этбей далай кылым тура бермек.
Адаммын пейли ыраазы сексен жашым,
Жүз жетимиш миллион калк замандашым.
Балдарым колдон өттү эки дүйнө,
О, чиркин, ошол күндөр каран калсын.
Балдарым ай, күн нуру өзүңөрдө
Ошондой бул дүйнөгө көз карашым.
Кыргызстан-Чолпонстан жаңы атың,
Акта эми элим, элдин жаңы урматын.
Адамдыктын алга кеткен акылын,
Октой зуулап куба турган убагың.
Кыргызстан бактылуустан жаңы атың,
Жайылды элим, сенин бүркүт канатың,
Качан укмуш, качан өнөр берет деп,
Күтүп турат сенин ар бир саатың.
Кыргыз жерин көтөрүшөр колмо-кол,
Эл, жеримди устаң бизбиз оңдошор.
Октой зуулда учкан кыйын тилекке
Жетишебиз ким бар экен жол тосор?
Жети-Өгүз
ПОРТРЕТКЕ
Жашынмактуу жаштык сырын чечерге,
Күлкү кылбай гүлдүү ушул кездерге,
Кыска өмүргө чыңдап болсун даба деп,
Жаштык күнүн кылдым сизге эскерме.
СУЛУУЛУККА
Сабырсыз жатып таттуу уктап,
Көшүлтүп уйку жуп-жумшак,
Селт этип чочуп көз ачсаң,
Агарып атып чыгыш жак.
Уялчак жаңы сүйүүдөй
Көшөгө тартып чыгыш жак.
Сабырдуу күткөн тынчтыкка,
Кызыл нур чачып чыгыш жак.
Бул бир жеткен сулуулук.
Ошол күн кайра күн батып,
Дагы эртең келет түн катып.
Жайдын жука булуту
Кайдандыр чыгып узатып,
Күндүн батар шоласы,
Күн батыш жакты кызартып.
Ой таасирлүү бул мезгил
Бир кезде жаңы сүйүшкөн,
Бир кезде күйүп айрылган
Сагынычты эске алып,
Гүл ачкан жаңы өмүрдү
Жашаткың келет узартып,
Күндүн батар мезгили
Алдыңа- узак жол тартып.
Бул да мага сулуулук.
Көп балдар теңтуш катарбыз
Бүгүнкү түн да кандай тынч.
Жайлоонун коңур түнү эле,
Короо имерип жатабыз,
Тийишип кыздар тобуна
О, бекбекей айтабыз.
Тийген айдын нуручу,
Сулуулук тартат көз алгыс,
Бирде ойноп, бирде ырдап
Түнгө чоор тартабыз.
Тоо эли баткан жыргалдын
Кызыгына батабыз.
Ушул түн мага сулуулук.
Кечээ мен күйдүм бир ишке,
Сүйгөндөр эгер билишсе.
Мен сүйүп жүргөн кара көз,
Тийиштүү болор бул сизге.
Айтсам да жүрөк күйүтүн
Сенсиң тандап сүйгөнүм.
Ыракат бизде, күн бизде,
Дегениме бүркөлгөн
Кыялыңыз бул эмне?
Сүйүүдө жүрөк күйүү бар,
Анык сүйө билгенге.
Жүрөктөн каным тамчылап,
Көзүмдөн мөлт-мөлт жаш чыгат,
Кадырды билбес кыялың,
Сакталып калды бул менде.
Эчтеке эмес турмушка
Кирүү керек үйрөнө.
Жашчылык күнүң ошентип,
Жаралат тура дүйнөгө.
Бул дагы мага сулуулук.
Жаралып кайра жаркырап,
Өнгөндүн баары сулуулук.
Өмүргө жаштык баш ийип
Көнгөндүн баары сулуулук.
Жашап турсаң дүйнөдө
Көргөндүн баары сулуулук.
***
Сезчи сулуу, чын сүйгөндүн сулуусу
Сезчи курбу, таалайлуунун курбусу.
Жаштык бизде сезчи тууган жериңди,
Сонун күндөр, бизге келген мына ушу!
БЕШИК ЫРЫ
Эл уйкуда,
Терезеден ай нуру
Бетке тийип таттуу кылат уйкуну.
Не бир кызык,
Түштөр бөбөк түшүндө,
Элпек эне тынчсызданат утуру.
Укта бөбөк, укта бөбөк, уктачы
Алдей, алдей таттуу уйкуңду бузбачы.
Жылдыздар да бөбөк кылып алсак дейт,
Коммунизм бешигине салсак дейт.
Сен эр болуп, жеңип дүйнө асманын
Туу көтөрүп, Кремлге барсак дейт.
Укта бөбөк, укта менин жылдызым,
Укта бакыт, укта шоолам, ырысым.
Эне уйкусуз уулун алып колуна,
Эл жылдызын улам кысып бооруна. .
Түн оодара бөбөк жолун аңтарат,
Болочоктун санаасы көз алдында.
Укта бөбөк, укта сонун болочок,
Өткөн күнгө сыздабассың бизге окшоп.
Бир азда эми тамтаң-тумтаң басарсың,
Ата, эненин көңүлүн бир ачарсың.
Ошент бөбөк, ошент күлкүң чыкса экен,
Балалыгын эстеп көбү жаш алсын.
Ооба, бөбөк, ыйлаганды коёрсуң,
Көп-көп балдар арасында ойнорсуң.
Заман сага Бар өнөргө берди эрк.
Буга бөбөк сен эртерээк өсүп жет,
Бир жылдарда, бир сентябрь айында,
Дердеңдерсиң мектепке окуп келдик деп.
Ыйла бөбөк, ыйлабасаң эмчек жок,
Тырыш бөбөк, тырышбасаң эмгек жок
Чоңоёрсуң тентек улан болорсуң,
Кырчын байлап, муун катып толорсуң.
Большевиктер жеңип кеткен азаптын
Изин окуп, жаңы дүйнө согорсуң.
Укта бөбөк, далай сонун күн өтөр,
Укта бөбөк, Ленинизм үйрөтөр.
Так ошондо, так бүгүнкү май айы,
Колтуктарсың беш көкүл беш саамайды,
Сүйгөн кызга өзүң сүйгөн эркти айтып,
Жалынтарсың жарокерлүү далайды.
Өскүн бөбөк, кызыл гүлдөй өсүп жет
Жашсың бөбөк, сенде бирок көп милдет.
Күчүң толор, элим жигит болду дээр,
Чыгыш жакка же батышка жиберер,
Эне сүтүн актап кайра кайтканда,
Үч көтөрүп, үч түшүрөр тууган жер.
Ооба бөбөк, буга өсүп жетесиң
Буденныйдын атчанына кетесиң.
Жер кыдырып деңиздерге сүзөрсүң
Океандан океанга түшөрсүң.
Уулдарга жомок кылып айтарсың,
Бир доордо большевиктер күрөшүн.
Укта бөбөк, көрбөгөндү көрөрсүң
Укта бөбөк, көнбөгөнгө көнөрсүң.
Маркстен сен көп сабактар аларсың,
Дарвинди да далай ачып карарсың.
Укта бөбөк, таттуу уйкулуу көзүңдү ач,
Адамдыктын ыракатын табарсың.
Укта бөбөк, уктай койгун дегеним,
Күрөш, кармаш! Уйку издегин дебедим.
Термел бешик,
Термел бешик тынч термел.
Коммунизм жылдызына уйку бер.
Бөбөк сага бир ырыстуу жылдызды, ,
Бул бешикте терметүүчү күн келер.
Укта бөбөк сенин күнүң сонун да,
Жашоо жолу эркин тиер колуңа.
Жылдыздар да бөбөк кылып алсак дейт,
Коммунизм бешигине салсак дейт.
Сен эр болуп жеңип дүйнө асманын
Кремлге туу көтөрүп барсак дейт,
Укта аппагым, укта чолпон жылдызым,
Укта бакыт, укта шоолам, жылдызым.
Күндөрү ойноп тентек бала кезиңдин,
Ачып кирер коммунизм эшигин.
Укта бөбөк бардыгына жетесиң,
Ай менен күн ортосунда бешигиң.
Укта бөбөк,
Укта бөбөк,
Уктай кой.
Убайымсыз Жыргалга ашар сендеги ой.
БУЛБУЛДУН БИРИНЧИ ҮНҮ
Кирсем токой аралап,
Бирде жакын, бирде ыраак
Сайрап тосот булбулдар,
Алда мендей ырга ынак.
Жерим гүлдүү күнүм ай,
Жайдын сулуу күүгүмү ай,
Күн батар кезде мен уккан
Биринчи булбул үнүң ай.
Булбулсуң булбул сен өзүң,
Гүлдөр тандап өбөсүң.
Сен бир сайрап кеткенде,
Бир жылдык рахат төгөсүң.
Гүлдүн бары сеники,
Жашыл, көк дагы сеники.
Сен өзүң тосуп сайраган
Таңдын алды сеники.
ЖОЛУМ
Аттануу керек бул жерден,
Аттануу керек бул элден,
Эр болсоң көккө чыгарат
Баары болот ата, энең.
Тосо албас күчү эч кимдин,
Теңселтер тоону эпкиним.
Чапканда жер солкулдар,
Ушундай күлүк мен миндим.
Бакты экен, муну ким тапкан,
Элиме анын кызматы ак,
Күлүгүм чуркар табында
Коё бер оозун камчы чап.
Жапкын жабуу сулуулап,
Күлүктү билгич ушу убак,
Тартсам да оозун ээ бербей
Жер чапчып күлүк жулунат.
Жүздөп күлүк кошкондо,
Сен ичинен озгондо,
Өзүмдүн чапкан күлүгүм
Чыгарсың сынга ошондо.
Күлүктү күлкү кылчулар,
Ошондо шагың бир сынар,
Күлүгүм бизге айтты го,
Сынап жүргөн сынчылар.
Бек карма тизгин колдогуң,
Жүрүшүн табар жоргонун.
Чарчатып койбо күлүктү,
Узак болот бул жолуң.
Бороондой чаң ызгытып,
Жолго мына биз чыктык.
Кээ бири суу берсе да,
Калышат таш ыргытып...
Андайлар бизге кеп эмес,
Андайлар жеңил, бек эмес,
Жылдыздуу жаштар биздики
Күчүбүзгө тең эмес.
Биз бараткан ушу жер
Учу жок качан түгөнөр,
Тизгиниң колдо эрк менде,
Уча бер күлүк уча бер.
Учсун да, тулпар учсун да,
Ырыстуу жылдыз тушунда.
Мээнетиңди ак кылып,
Кучактачу эл ушунда.
Күлүгүм эмес, тулпарым,
Тулпарым алыс чуркагын,
Чуркагын эмес асманда
Сонун го куштай учканың.
Тулпарым сезип кошкурат,
Күлүктөр жолдон кошулат,
Биз дагы тең чабабыз,
Жол созулат, созулат.
Күн чыгат да, таң атат,
Алмаша берген бул адат.
Дагы эле бир быш этпестен
Күлүктөр зуу-зуу баратат.
Бирде алдыга озобуз,
Бирде күлүк кошобуз
Биз алыска чуркайбыз,
Деп марааны созобуз.
Байкап жүргөн тыңчылар,
Ырдап жүргөн ырчылар,
Күлүктөн кабар угузам,
Эмесе кокуй чыр чыгар.
Биз жөнөрдө эл жаткан,
Кыздар чыгып узаткан,
Биз жуп атка мингенде
Жылт-жылт күйгөн өчтү шам.
Салышып мен да баратам,
Чабышып мен да баратам,
Күлүк барда мен да бар,
Жабышып мен да баратам.
Мен билем күлүк чабышын,
Мен да билем кайда барышын,
Талап деген кыйын го,
Мен билем күлүк жарышын.
Тоолор калды алыста
Тулпарым келди намыска,
Күлүктөн караан үзүлбөйт,
Күлүгүм бөлүн, арышта.
Учсун да, учсун тер алсын,
Тер алуу менен дем алсын,
Азыр басып өтөлү,
Казактын Бетбак талаасын.
Даңкыбыз ансыз угулбас,
Элибиз ансыз чуу кылбас.
Күлүгүм артта калсынчы,.
Түркмөндүн кызыл кумун бас.
Баспаган жолдун оңоюн,
Кыйын жолдо чоңойгун,
Эмесе тепсеп өтөлү,
Сибирдин түнт токоюн.
Арышты күлүк кең алгын,
Төрт аякты тең салгын,
Жер шарын бүт айланып,
Ошондо анан дем алгын.
Неаполдордун жеринен,
Лондон, Париж, Берлинден
Көз жумганча өтүп кет,
Күлүгүм буйрук бердим мен.
Жер калбасын биз билген,
Тулпарым кемсиң сен кимден?
Калып жатсын арт жакта,
Кызыл туулар биз илген.
Сен чапкан сайын тер алып,
Менден чакырым жер калып,
Экөөбүз илген кызыл туу,
Калып жатсын кызарып.
Биз ашпай турган бел калбайт,
Биз баспай турган жер калбайт.
Тизгиниң колдо, чап тулпар,
Биз ашпай турган жер калбайт.
Күлүгүм күлүк даң салган,
Чапкан сайын даңк алган.
Мен бир шаңдуу жигитмин
Бүркүтүн издеп жар салган.
Кармаган тизгин колдогум,
Жүрүшүн табат жоргонун,
Жаш кезимден аттандым
Узак болот бул жолум.
КҮНДӨР ЖӨНҮНДӨ
ЛИРИКА
Жаратылыш сенде кандай кубулуш,
Өз бооруңа кучакталган бул турмуш,
Жаз алдында жаңы ачылган гүлдөрдөй
Күндө алдыңдан гүлдүү күндөр болот туш.
Ар бир күндүн өзүнчө го жаштыгы,
Жарашыктуу күлкү, оюн шылдыңы,
Сонун акыл, сонун сүйүү туулат
Зымырылып кууган сайын жыл-жылды.
Мына заман октой учуп зыпылдап,
Калың турмуш арасында кыдырат,
Көрчү досум, биз жашаган күндөрдү
Адамдыктын бактысы өсөт, гүлдөп бат.
Жаштык колдо, кубат да мол, курбулар,
Жашоодогу кымбат күндөр бизде бар,
Астыбызда мол өмүрдүү күндөрдө
Бар го далай ачыла элек кулпулар.
Күн сен нурлуу, ай бактылуу тие бер,
Жалгыз гана жарашыктуу биздин жер.
Жардай ысык биздин күндү көрүшсүн,
Кайгысы жок эл бар бекен дегендер.
Күн сен нурлуу, ай бактылуу тие бер,
Жалгыз гана жарашыктуу биздин жер.
Шаттык, күлкү, жашчылыктын ичинде
Сен да жыргап туула бер жаш күндөр.
***
Мен өзүңдү сүйгөнүмө кайгырам,
Билем сенин таалайың кең жайылган.
Сен күлөсүң мени таба кылгандай
Убалыңа жетер көздөн аккан кан.
ЖУМУШЧУ ДЕГЕН КИМ
Күлүктүгү санаадай учкул минсек,
Асман менен жер жүзүн тегеренсек;
Адамзаттын ээлеген топурагынан
Биз ошондо нелерди көрөр элек.
Көрөр элек жер үстүн саймаланган,
Ар бир эл түрлөндүрүп дүйнө курган,
Окшобойт бир-бирине карап турсаң,
Алтын күн, күмүш айдан жарык алган.
Тургузган мунун баарын жумушчулар,
Колунда балка менен күрөгү бар.
5/ХI 1939
***
Келсем турат мен туулган жер тамым,
Мында сиңген күлкү менен ыйларым.
Мында калган алтын бала чактарым,
Уруу, өбүүсү эне менен атанын.
ҮСТӨЛ ҮСТҮНДӨГҮ
КҮЗГҮ
Жаш сулуу мындан өзүн карагандыр,
Тең жарып кара чачын тарагандыр,
Күнөөсүз, чырымталсыз ак жүзүнөн
Жаштыкты ызалантчу от жангандыр.
Көп айлар далай жылдар алыс калды,
Күзгүдөн да бир жолу карагандыр.
Мурдагы шооласы жок жаркыны жок,
Жүрөгү өчкөн оттой жарадардыр.
10/ХI 1939
БАЛ
Жаңы жыл, Ленинград зал, эл ызы-чуу,
Бокалдар шаңгыр-шуңгур кагылышуу.
Биз жылдын келбес болуп кетиши үчүн,
Кызыган көңүл чалкып алыска учуу.
Аңгыча музыкалар бий, күү ойноп,
Буралып кыз-жигиттер өттү дуу-дуу.
Ичинде көзү тааныш бирөө жүрөт,
Кем эмес тигилерден, сулуу кыздуу.
Карасам биздин кыргыз уланы экен,
О, кандай кубанычтуу, кубанычтуу.
28/XI 1939
НАН МЕНЕН АКЧАНЫН
МЕЛДЕШИ
Акча айтат:
- Мен күчтүүмүн!
Нан айтат:
- Мен күчтүүмүн!
Акча айтат:
- Мени менен сатып алат.
Нан айтат:
- Мени сатып, сени табат.
Колунда акчасы бар, наны да бар,
Бир кыргыз анык калыс жагы да бар:
- Акча аке, сени менен өтүк кийем,
Нан аке, тоё жеегө ишендирем.
Согушта кимиң мага бектик кылсаң,
Ошондо күчтүү экениң айтып берем.
29/ХI 1939
***
Туурамчы туурамчыдан майда туурап.
Кесмесин чакан салып, чыгын чыктап, Аксакал алыңыз деп үлпөт кылып,
Жеп жатсаң бешбармак да сонун тамак.
Бирок да улуу элдин памидорун,
Капуста, бадыраңын кабыл алсак.
Айылда жаңылыкты кубатташса,
Андан да болор беле даамдуурак.
30/XI 1939
СҮЙЛӨШҮҮ
Сынчы:
Ырын жаман акыным, ырың жаман,
Чыкпайсың бир калыптуу такылдактан.
Сына деп кыйнамайың жанга батты,
Кур сөздү түзө салып, төрт-төрт саптан.
Күнүнө бирден китеп тапшырасың
Окусаң көңүлүңдү кайгыланткан.
Ичинен иргеп алар бирөө да жок,
Не кылар айла таппай келе жатам.
Акын:
Билбейсиң анын терең маанилерин,
Тарыхка кала турган келечегин.
Сынчы:
Сурайлы андай болсо калыстардан
Биринчи айылдагы колхозчудан
Колхозчу:
Кат билбейм, балдарыма окуткамын
Аябай ынтаа коюп тыңшагамын.
Жаштардын жыйырма менен жыйырма беште,
Жетинчи, сегизинчи жыйнактарын.
Жер айдайм, жер айдоодо ырдайын дейм,
Чөп ором, чөп оргондо ырдайын дейм,
Тилиме бир жумшак ыр таба албадым.
Кой жаям, кой жайганда ырдайын дейм,
Эс алам, эс алганда ырдайын дейм,
Бир ырды он обонго сала албадым.
Ошентип аман эсен келе жатат,
Өзүмдүн таап алган кыңылдагым.
Акын:
Түшүнбөйт, кантсин абам караңгы да.
Сынчы:
Баралы андай болсо жумушчуга.
Жумушчу:
Ырлар бар мына мындай жаттап алгам:
«Эмгекчи өз ишине шакылдаган,
Күүлөнүп станоктор такылдаган».
Балкамбы, же ырларбы кызыганда,
Адашып айырмасын таппай калам.
Биздерде жаман кызмат брак болот,
Силерде бирдей белем жакшы-жаман?
Акын:
Мен жазам, интеллигент достор үчүн,
Ушулар дурус билет ырдын күчүн.
Интеллигент:
Аз эмес көптөн жазган жазуучулар,
Адамды алдай койгон өңкөй куулар.
Китеби он жыл мурун «Толук жыйнак»
Ал эми дал эле ошол «Тандалмалар»
Кубанып жаңылыгы бардыр десең,
Баягы-баягы эле окшош саптар.
«Ала-Тоом», «Ысык-Көлүм», миң кайтара,
Биринен, бирине өтүп карызданар
Үргүлөп уктап кеткен кезим болот,
«Надоело, наконең» мындай ырлар.
Акын:
Айтышсын жаш өспүрүм окуучулар,
Түшүнгүч курч акылдуу садагалар.
Сынчы:
Макулмун, аныңа да, кана сура.
Өспүрүм окуучу:
Өтүнөм жазуучу, акын агаларга,
Мени да мүчөлүккө кабыл алса,
Себеби «Ыр жыйнагы» менде да бар,
Кем эмес көркөмдүгүн салыштырса,
Бүткөндө мектебимди акын болом,
Баарынан акын болуу арзан тура!
Сынчы:
(Акынга мурутунан жылмайып карайт)
Акын:
М... м... .
Ырас, ырас, «көп айтса калп айтышпайт»
деген кеп чын
Бирок да билсе акындын капалыгын.
Элим бар миллионго жетер жетпес,
Китебим төрт миңинен ары кетпес.
Пушкиндей миллиондогон окуучум жок,
Көп азап, азга жазуу, турсаң ойлоп.
Ырымдын начардыгы ушундандыр,
Кантели ким айыптуу, жалгыз тагдыр.
С ы н ч ы : ( китепканачыга)
Мен сизге бере турган тапшырмам бар.
Китепканачы:
Даярмын аткарууга кадырмандар.
Сынчы:
Элинин биздин элден саны аз болсун,
Атагы СССРге тааныш болсун.
Ушундай бир акындын китебинен
Көп ракмат айтар элем алып берсең.
Китепканачы:
Мынаңыз!
А к ы н (окуп)
Коста Хетагуров!
Сы н ч ы:
Костанын эли болот аз осетин,
Билерсиң биздики андан көп экенин.
Карачы, орус, кыргыз түмөн калктар,
Бардыгы өз тилиндей сүйгөндөрүн.
Жамансың акыным, өзүң жамансың да,
Жаман деп бетиңе айттым ызаланба!
Үйүң бар, жайың салкын, кышың жылуу,
Жашайсың Фрунзенин бир бурчунда.
Көрбөйсүң айылдагы турмуштарды,
Сагынып сени дайым күтүп турса.
Жетишсе китебиңе чебердигиң,
Кылымдар сакталуучу алптар анда.
(Акын ойлонуп отуруп калат).
30/XI 1939
САНААМ
Келатса чала тааныш бир топ адам,
Алды-арты кырктан сексен жашка барган.
Таякчан көпчүлүгү көз айнекчен,
Кашка баш чекелери бир карыштан.
Бир сөздү ортосуна талаш кылып,
Кылдаттап бирди миңге майдалаган.
Аңгыча жанымдагы жолдошумдан
Буларың ким болот деп сурап калсам:
— Четкиси профессор Керимбаев,
Беркиси академик Бекболотов,
Ортоңку доктор Аалы Касымбеков.
Кадимки биздин кыргыз балдарынан.
Деп гана жооп берип тааныштырса,
Көңүлүмдө калбас эле эч бир арман.
30/XI 1939
***
Чыр, талаш, октуу, оттуу күндөр бүтсө,
Кең уктап, кең ойгонгон мезгил келсе,
Нечен жыл катуу ойлоп мээлери ооруп,
Каржалган акылдуулар жеңилдешсе, Болотту колуң менен кармап көргөн,
Бейиштей эң укмуштуу убак жетсе,
Жер жүзү бир атанын баласындай,
Чакырып бирин бири мейман этсе.
1/ХI 1939
БИР АЙЛЫК ДЕМ АЛЫШТА
Жайлоолор, биз жайлаган ой-тоолорум,
Төрт түлүк мал каптаган боорлорун.
Жыбырай сулуу конгон калың айыл,
Баарына бир боордой болгондорум.
Эриккен көйрөң жаштар итти үрдүрүп,
Салдырып өтүп кетмей жорголорун.
Келиндер сыртка чыгып карап турмай,
Алардын оодарышып ойногонун.
Алдуусун шамдагайы жыгып кетсе,
Эл менен мен да эзилип күлгөн доорум.
2/ХII 1939
***
Түн жарык, түшкөн ийне табылгандай,
Ай калкыйт, уялыңкы акырын жай.
Суранса энелери уруксат берип,
Оюнга бирин бири чакырышмай.
Ыргытса кулачы узун алыс кетип,
Уландар ак чөлмөк деп жулкулашмай.
Бозойлор сүйгөнүнө жоолук таштап,
Байкатпай ала калып ургулашмай,
Селкилер ай деп жалган чочуп кетип,
Бураңдап элди айланып катуу качмай.
Кап дешип, ажырашмай көзү кыйбай
Оюнга чала канып, чала канбай.
3/ХII 1939
***
Кой-Сарыда эс алышты көп балдар,
Жаңы ачылган жаркыраган жылдыздар.
Турмуш менен алеги жок, ою жок
Арасында эркеги бар, кызы бар.
Бир кыз, бир уул: Күлай менен Керимбек,
Кайда болсун: ажырашбай бир жүрөт,
Балдар ойнойт, булар четте турушат,
Неге мындай, эмне экенин ким билет?
Ай аяктап, кеме келди эл түштү,
Тигилер да улуу менен кичүүсү.
Күлай жүрөт букет кармап элтеңдеп,
Ким болду экен, анын бүгүн күтчүсү?
«Кош-кош» деди. Кеме акырын жылжыды,
Күлай гүлдү Керимбекке ыргытты,
А да ыйлады, бу да ыйлады карашып,
Көздөрүнөн ысык-ысык жаш чыкты.
Таң калтырды карап турган элдерди,
Ичинде бар бир тууган го дегени.
Неге ыйлашат деп сурасам бир бала
Керимбекти сүйөт го деп жооп берди.
Көл күүлөнүп жарга урунду шуулдап,
Түш маал эле, күн нуруна жымыңдап.
Керимбекти алаксытты достору
Каютадан көлдү карап ыр ырдап.
Анда калган кайгыларын Күлайдын
Унуттурду чаңк деп учкан ак чардак.
3/XII 1939
КОЙЧУНУН ЫРЫ
Кош, кош, жөн бас, кула кой,
Жаткан кара, тура гой.
Кемибей түшсөң жайлоодон
Колхозго болом ак жолтой.
Чек, чек, башта, ала эчки,
Жайытты тапкыч «жетекчи»,
Семиртсем текши баарыңды,
Кубанар Көк-Ой фермасы.
Жылт-жулт жүнүң буласа,
Элдердин көзү уялса,
Мактанып туруп мен десем,
Койчусу ким деп сураса.
Шаңк-шаңк күлгөн жарыма,
Басып барсам жанына.
Ударнигим деп сүйүп,
Кучагыма буралса.
Жүнүң кетсе алтынга,
Оор чыкса тартылса,
Этиң жагып дарыдай,
Калкыма балдай татыса.
Жер жерден колхоз жыйналса,
Койлорумду жактырса.
Мактанып туруп мен десем,
Койчусу ким деп сураса.
10/XII 1939
ТҮНКҮ КҮЗӨТ
Күмүш булут үстүнөн,
Ак айдын нуру төгүлөт.
Ак айдын сулуу бетинен
Менин жарым көрүнөт.
Асмандын ачык жеринен,
Быркырап жылдыз бөлүнөт.
Жылдыздын уяң бетинен
Менин жарым көрүнөт.
Ал азыр сары күңгөйдө,
Жаткандыр короо имерип,
Саргарып мендей күйгөнгө
Шамалдан салам жиберип.
Көп-көп келин кыз менен
Ак айды тиктеп жалдырап,
Жылдыздардын ичинен
Ал дагы мендей жар карап.
Аргымак минип алкынтып,
Айлыңа барар бекенбиз?
Жалындуу дартты басылтып,
Айкалышар бекенбиз?
10/XII 1939
ЖЕР ЖҮЗҮНҮН КАРТАСЫ
Жер жүзү кандай кенен, канча мекен,
Картага батырылган өнөр менен.
Биринен бирин айрып таануу үчүн,
Боёлгон ар түрдүүчө боёк көрөм;
Антпестен бир гана түз болсун үчүн
Бардыгын кызыл менен боёр элем.
Бетине сулуу оюлган тамганы уруп,
Окуса: үч С жана бир Р деген.
1940-1949
***
Көбүктөнгөн күлүк аттай аркырап,
Жыйырма беш жетип келди чапкылап.
Алы жетпес - күчтүү күчкө жол ачып,
Жашчылыктар кала берди кол булгап.
Кетти, кетти, балалыктар кайрылбай,
Аткан октой кайрылууга айныбай.
Эсте калды бир күн көргөн оюндай,
Аз ырдалып унутулган ырлардай.
Кош бол, кош бол, уурдалган жылдарым 1
Кайкып учкан лачын куштай чактарым...
Артың өкүнүч, алдың кызык койнуңда
Аз жашадым, дагы азыраак жашармын.
1/I 1940
***
Мингениң алтын ээрдүү күлүк салт ат,
Камчылан! Айга алкынып салсын таскак,
Калтырып, сан бууданды, кайыктай сыз!
Күчө элим, дарыядай ташкындап ак.
4/I 1940
ЖАҢЫ ТАМДАР
Мында ырыстуу балдар туулат!
Таалай менен жуунат.
Кыргыектей талпынып,
Айга жетсем деп турат.
3/II 1940
БИЗ
Боорунда Ала-Тоонун ойноп-күлдүк.
Алкынтып азоо күлүк атын миндик.
Этин жеп, кымызын ичип кыялданып,
Асылкеч уяң, сулуу кызын сүйдүк.
4/II 1940
***
Шаарымдын бир учунан бир учуна карасам
Жаңы түшкөн, тааныш эмес, жаңы там...
Замандардан замандарга калкуучу,
Чөкпөй турган кораблдей салынган.
Ал тамдарда жашагандар ким десең?
Менин бир боор кыргыз деген үй-бүлөм!
Жаш калаага турактуу уул болууга,
Аз жыл болду тоодон көчүп келишкен.
1/III 1940
АТА МЕНЕН ЭНЕ ЭҢ КИЧҮҮ
БАЛАСЫН ЖАКШЫ КӨРӨТ
Төшөгү ак мамыктай, жумшак жылуу,
Болочок таалай жолу даярдалуу.
СССР - эмгекчи элдин өз энеси,
Көздөрү асмандай көк, эки уул 1 тууду.
Кучактайт алдына алып эркелетет,
Жетилген балдарына жетелетет.
Ошондо биздин кыргыз тилек кылат,
Энебиз бизге да уул тууп берсе экен деп.
ЖАЙЛОО
Жаңы айыл, түшсөң эркиң - кимдикине,
Жаткызат кең салынган төшөгүнө.
Ошондо не бир рахат дарыясы агат,
Жайлоонун карап турсаң күндүзүнө.
Сагынган көзгө сонун, жашыл ыраң,
Энедей, эркелетип кучактаган.
Кулпунган бала чакта жулган гүлдөр
Оюңдан көп аттары унутулган.
Тиккендей калың чыккан карагайлар,
Билбейсиң арасында эмнелер бар.
Камкорсуң ойноо күндө сагыз издеп,
Жыңайлак из калтырган алтын жайлар.

Батыш Белоруссия менен Батыш Украина.
Чоң өзөн суу алууга далай баргам,
Уялчаак теңим менен бакандашкам.
Энтигип, өр талаша чарчаганда
Ал жутса, эрегишип мен да жуткам.
Катуу эмес, акырын да эмес эскен желдер;
Биз кылган шоктуктарга тең шериктер.
Калпакты улак кылып чоңдорго окшоп,
Тай жокто, торпок минип эңишкен жер...
Тааныш ой, тааныш колот, тааныш кырлар
Чубуруп өтүп турган сагынычтар.
Жайлоонун баркын билип сактап алсаң,
Ташкындап төгүлбөйбү ырахаттар.
Күч кошуп, чаң баскан жаш көкүрөгүңө
Кең жайлоо өмүр улайт өмүрүңө
Элдерин куландай соо таза баккан
Өзүнчө тыптынч жаткан жарык дүйнө.
ЖАШАСЫН ЖҮРӨК,
ЖАШАСЫН АКЫЛ
Душман жакын
Душман өжөр Амалдуу!
Көп самолёт,
Көп танкалуу
Бомбалуу...
Ошондуктан Арам колго
Кыйбас шаар:
Киев,
Харьков,
Одессалар
Ызалуу!
Эл ызалуу,
Капалуу эмес Ачуулуу!
Эми каптаар
Сел сыяктуу
Кайраттуу
Өз энчисин,
Кайра тартып алууга,
Кеменгердей
Сабыр кандуу,
Чыдамдуу.
***
Душман жакын
Ленинград жанында.
Кармашуулар
Ок жамгыры алдында
Ушул жерге
Катуу урунуп
Кыйроодо:
Чабуул салган
Коркунучтуу
Техника!
Бербес үчүн
БӨБӨККӨ
Эң жаш калып, эсте калбай ата-эне,
Кайнап бышып, далай кыйын кездерге.
Балбан турмуш төбө калың болсо да
Керек жерин жара тээп кирерде.
Тооруй басып тосуп чыгып жолумдан,
Бурай кармап, майыштырып оңумдан,
Жаш өмүрдө жаңы бөбөк көрөрдө
Таш боор өлүм тартып кетти колумдан.
Күндөр болду ырас, аздым, жүдөдүм
Эртесинде кайра унутуп күлгөмүн,
Бирок чиркин, бөбөк деми күч экен,
Эч мынчалык ууланбаган жүрөгүм.
Эң таза эле сүт үстүндө каймактай,
Сайрайт эле булбул кушту сайратпай.
Бирок тагдыр жеткирген жок ал күнгө
Ай, чиркин ай, өмүрүнүн кыскасы ай.
Алтын да бар, асыл да бар элдерде,
Не бир түркүн сонундар бар дүйнөдө.
Ошончолук кымбаттардын ичинен
Атасы үчүн бөбөккө тең жок эле.
Сулуу тоолор көркөм көлдөр четинде,
Көп гүлдөр бар, кызыл-жашыл түрлөрдө,
Жер аңкыган ошончо жыт ичинен
Атасы үчүн Жыпардай жыт жок эле.
Жаштык ширин, сүйүү ширин билгенге,
Андан ширин, бир боор тууган ата-эне.
Ошончолук көп шириндин ичинен
Атасы үчүн андай ширин жок эле.
Түпсүз кубат, чексиз элес болучу,
Сырга чоң сыр, ойго кеңеш болучу.
Энесиндей эссиз эмес болучу,
Атасындай кекчил эмес болучу.
Өлдү бөбөк жүргөн каны токтогон,
Бир жылт этип өчкөн чырак окшогон.
Учсуз жердин бир ууч куну кеткен жок,
Бети жок ай, жер уялбайт ошондон.
Кетти бөбөк жана гана бар болгон,
Жарык таанып жаңы гана ойгонгон.
Түпсүз көрдүн карыш бурчу кеткен жок,
Ары жок ай, көр уялбайт ошондон.
Бар болсо экен картайганда көргөнү,
Соо болсо экен жаштын жаңы жөлөгү.
Өмүр алда, эртеңкиге тобокел,
Өлбөсө экен башкалардын бөбөгү.
30 / ХI 1944
Койсары
ЖАМАНДОО
Келишкен көркү сонун кийми таза,
Пальтосу жаңы форум кара жака.
Көзү ойноп, кызыл эрди жып-жып этет,
Орусча, кыргызчалап сүйлөп турса.
Аңгыча дагы бири кезигишет,
Токтой тур тиги дагы келсин дешет.
Ошентип мен тааныган бир топ аяш,
Бир сырдын эркек көрбөс сырын чечет.
Ошентип мен тааныган бир топ аяш,
Бир сырдын эркек көрбөс сырын чечет.
Ал эмне, бир жигиттин маселеси,
Мисалы Алыкулдун аңгемеси.
Дуу этип баары тегиз күлүп калат,
«Да, да» деп жер тепкилейт четки эмеси.
Бул дагы аз, эстүү курбум, момун досум,
Көп болсун... андай достор аман болсун.
«Ай кыздар, ал гана эмес мындайы бар»,
Деп кошот «ай оңбосун, ай оңбосун».
Ал кезде мен олтурам үйдө жалгыз,
Ойлордон ойго батып түпсүз-сансыз.
Аттиң ай, бир чоң килем соксом ээ дейм,
Бир четин мүлдө кыргыз көтөрө алгыс.
Ойлойм да ойго батып бекер турбайм,
Пушкинден, Шота абамдан акыл сурайм,
Жок дешпейт, мындай дешип айтып берет,
Кайрадан көбүн оңдойм, иргейм, ылгайм.
Ошентип кирпик менен килем согом,
Өңү өчүп оңой менен гүлү оңбогон.
Жанагы «жаман» деген «жакшылардын»,
Сөзүнүн чын, калпына күбө болгон.
2/XII 1944
Койсары
МЕНИН ЖЫЛДЫЗЫМ
Атамдын досу дешчү эс-эс билем,
Аксакал чоң абышка Касым деген.
Бир түнү койнуна ороп алып чыгып
Көрсөтүп бир жылдызды колу менен:
«Таанып ал, тээтетиги сеники уулум,
Карачы жаңылыгын, сулуулугун.
Билип жүр, сен батканда кошо батат,
Сөзү ушул бизден дагы мурункунун!»
Чоңойдум, жигиттикке күндөр жетти
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Акындын Элеси - 06
  • Büleklär
  • Акындын Элеси - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3840
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2225
    26.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3736
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2283
    26.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 3811
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2151
    28.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3982
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2076
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3859
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2239
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3940
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2064
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3826
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2049
    28.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3794
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2098
    26.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3825
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2063
    28.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3649
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1939
    27.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3813
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1876
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3816
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1931
    30.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3826
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    28.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3817
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2076
    31.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3692
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1499
    35.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    53.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 2613
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 815
    30.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.