Latin

Акындын Элеси - 10

Süzlärneñ gomumi sanı 3649
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1939
27.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
39.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
45.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
«Ушул бала, жаман неме экен» - деп,
Жамандадың мени күйөөң алдында.
Күйөөң кетти папкелерин колго ала,
Амал кылып айтканыңа алдана.
Кетер замат көөдөнүмө жыгылдың,
«Таарынба - деп, жанагыма садага».
Сенин күнүн, сенин бактың эриңде,
Сенин жаның жүрөгүнүн теңинде.
Кадырын бил, күйөө деген чоң ырыс,
Эссиз аял эссиздикке берилбе.
8/ХI 1946
Чолпон-Ата
БҮРКҮТТҮ ТАПТОО
Таптадым сени, бүркүтүм,
Бозум түлөк жашыңда,
Айды жара тепсин деп,
Барчын болгон маалыңда,
Канатыңды күүлөп ал.
Кыйтуу!
Кыйтуу!
Таш түлөк менен кум түлөк,
Таптадым сени жашыңда
Жерди эңип алсын деп,
Эки барчын маалында
Текөөрүңдү кайрап ал.
Кыйтуу!
Кыйтуу!
Карышкырдын боорунан,
Ар-намыстын даамынан,
Жолборстун ички майынан,
Кабыландын кара канынан
Суусун берем, жем берем.
Кыйтуу!
Кыйтуу!
Жер жүзүнөн терип же,
Тынчтыктын ыркын бузганды,
Биздин жаңы заманга
Таш ыргыткан душманды,
Кылымдан чыккан кыраан бол.
Кыйтуу!
Кыйтуу!
Мен мүнүшкер, сен бүркүт,
Көнөсүң менин эркиме,
Күркүрөп күн-түн күзөт бол,
Күнөстүү менин жериме.
Бир жериңден кем кылып,
Коркок кылып таптасам,
Жүрөгүмдү оюп же.
Кыйтуу!
Кыйтуу!
8/ХI 1946
ОРУС КЫЗЫ
Ачык мүнөз, сүттөй тунук ыраңың,
Сүйгүлүктүү сенин сүйүү кылдарың,
Мүчө, көркү, сулуулугу жагынан Сендей болсун менин кыргыз кыздарым.
9/ХI 1946
Чолпон-Ата
КЫЗДЫН СҮРҮ
Мен сүрдөнбөйм сүрдүү жолборс сүрүнөн,
Мен күймөлбөйм анын күчтүү күүнөн.
Мен сүрдөнөм, жаш балача жалтанам,
Сүйгөн кыздын сүзүлүңкү сүрүнөн.
Бирок сулуу, билер бекен бул күчүн?
Билерине күмөн болуп мен жүрөм.
9/ХI 1946
Чолпон-Ата
***
Мен тансам: жаштан танам, ырдан танбайм,
Ыры жок өмүрүмө канааттанбайм.
Кудайга миң мертебе калп айтсам да,
Ырыма бир мертебе калп айта албайм.
9/XI 1946
Чолпон-Ата
КОЙ
Атым - кой,
Затым - кой,
Кой, деп айткан ысымым
Коюлбаптыр ойлонбой.
Кундуздай кара жүнүм бар,Кийиз кылсаң опоңой,
Жазында булак сүтүм бар
Жарым айыл тойгондой.
Сүтүмдөн нак майым бар
Сүзөктүү дартты ойгондой.
Жууратым бар, курутум бар,
Тоё жеген жигиттер
Бир күн уктайт ойгонбой.
Балдан ширин этим бар
Планды бүткөн күнгө арнап,
Улуу тойго сойгондой.
Корголум, кыгым жакшы отун,
Бооруңду кактап олтурсаң,
Балкып турат бүткөн бой,Ошондуктан атым кой.
Түгөлүмдөн түйшүккө
Бүт жаратып койгондой.
Саначы канча пайдам бар,
Башыңды чайка
ой, бой оой.
Ошондуктан атым кой.
9/ХI 1946
Чолпон-Ата
БАЙТАЛ БЭЭНИН БАЛ КЫМЫЗ
Жайлоодогу биз ичкен,
Байтал бээнин бал кымыз.
Бир нерсени мен көрдүм,
Сиз байикабай калдыңыз.
Этке тоюп биз ичкен,
Байтал бээнин бал кымыз.
Майлыктары кир экен,
Сиз байкабай калдыңыз.
Коногуна мен калдым,Жумшак төшөк алдыбыз,
Шейшептери кир экен,
Сиз байкабай калдыңыз.
Кез малыңыз жок десем,
Элүү метр алдыңыз,
Бүгүн тийди жүз метр,Сиз кандайча жардысыз?
Минтпей таза болуңуз,
Жаңылантып салыңыз,
Тазалык - урмат, чоң, байлык,
Эсиңизге алыңыз.
9/ХI 1946
Чолпон-Ата
ТАРТ ЭРКЕЧИМ ТАРТ
Аргымак айгыр кече албас
Агын суудан кечмек бар,
Дагы эле баатыр өзүңсүң,
Тарт, эркечим дешмек бар.
Артыңда колхоз сан кою,
Өйүзгө өтсөк болбойбу,
Тарт, эркечим, тарт!
Тарт, эркечим, тарт!
Булкунган буудан кече албас,
Буура суудан кечмек бар
Дагы эле мыкты өзүңсүң -
Тарт эркечим, дешмек бар.
Соңуңда колхоз миң кою,
Өйүзгө өтсөк болбойбу.
Тарт, эркечим, тарт!
Тарт, эркечим, тарт!
9/ХI 1946
Чолпон-Ата
КЫРГЫЗ ТООЛОРУ
Тоого тоолор курамалап, курашып,
Узун тартып, уламалап, улашып,
Алда кайда кебез тартып келаткан,
Кербенчинин төөлөрүндөй чубашып.
Кара зоолор ар кай жерде каркайып,
Катмарлашып, калың тартып заңкайып.
Алмаз сындуу көккө тийген миздери,
Арстандын азуусундай арсайып.
Мөңгү кетпей чокулары жалтырап,
Тоңгон муздар шөкүлөдөй жаркырап,
Ар жагынан бер жагына куш эмес,
Араң гана бороон өтөт калтырап.
Жаз келерде эң биринчи жаз конуп,
Кыш болордо эң биринчи кыш тоңуп.
Ай ааламга ай тие элек кезинде
Эң биринчи ай жамынып ак болуп.
Тун болордо эң кийинки түндү алып,
Түз жерлерден кийин кетип мунарык
Дүйнө жүзү көзүн ача электе
Эң биринчи күндү тосуп кызарып.
Кыргыз тоосу Советстан тоолору,
Мындай кыйын кымбат тоолор болорбу,
Бүркүп салат бороонуна аралаш
Улуу өлкөгө уурданган жоолорду.
Кыргыз тоосу, элдин сүйгөн тоолору,
Мындай сонун асыл тоолор болорбу,
Асман тиреп жеңе билет ар качан,
Өлкөбүзгө кас санаган жоолорду.
10/XI 1946
Чолпон-Ата
УУРУЛУК ДЕГЕН ЭМНЕ?
Колхоз мүлкү көп мүлкү,
Ууру деген шум түлкү.
Адамдык атын кетирет,
Арагы үчүн бир күнкү.
Койчудан барып кой уурдайт,
Союп алып кудуңдайт.
Эт жебей кара балээ жейт,
Сорпо ууртабай уу уртайт.
Жылкычыдан тай уурдайт,
Фермачыдан май уурдайт.
Май жебей кара балээ жейт,
Чай ууртабай заар ууртайт.
10/XI 1946
Чолпон-Ата
ЖАНЫБАРЫМ ЫСЫК-КӨЛ
Жаныбарым Ысык-Көл
Жайкалып жатат көрктөнүп,
Шоокумга шары жылтылдап,
Кубанган бала көздөнүп.
Ыргалганым Ысык-Көл
Ыргалып жатат көйкөлүп,
Толкуну жок мелтиреп,
Сооронгон бала көздөнүп.
Жарыктыгым Ысык-Көл
Сүзүлүп жатат көрктөнүп,
Татты уйкуга мемиреп
Сүт эмген бала өңдөнүп...
Кагылайын Ысык-Көл
Карасам көңүл көтөрүп,
Калдайган калың күндөрдү
Каткырык менен өткөрүп...
10/XI 1946
Чолпон-Ата
КЕЧИРЕГӨР
Окуу - намыс, окуу - көркү адамдын,
Окуу баркы окумуштуу замандын.
Он жылдыкты «эң жакшыга» бүтүрүп,
Олжосуна «Алтын медаль» алгандын,Оюн коюп, кече жасап урматтап,
Бий бийлеген жыйынына барбадым.
Колун кысуу милдет эле кантейин,
Кечирегөр, кечирегөр каралдым.
10/1946
Чолпон-Ата
АРПА ЖАЙЛООСУНДА БИР ТҮН
Күркүрөгөн өзөн, сай,
Көктөн тийген жарык ай,
Күзөт кылып мен жатам
Түнкү уйкуга алдырбай.
Кулунсаак бээлер кишенеп,
Караан көрүп, жыт сезет,
Бейшегүл короо четинен
Бекбекей айтып безенет.
Аңгыча короо дыр этет,
Уктаган кыздар чур этет,
Иттер үргөн тарапка
Кур дүрмөт мылтык дүң этет.
Койчулар айдак, айдактап,
«Айдагын» зоолор кайталап,
Илип кете жаздаптыр
Илбирс көрдүк деп айтат.
Катуу сүйлөп бек айтат,
Жалганы жок кеп айтат.
Кагып кете жаздаптыр
Карышкыр көрдүк деп айтат.
Ай батып сулуу таң атат,
Жылдызын асман таратат,
Эрте туруп фермалар
Койчуга коюн санатат.
Бир короодон бир кой жок,
Чоң Чеңгел чабат сороктоп,
Кашабаң мүлжүп кетиптир,
Башы бар да, саны жок.
Чоң Чеңгел башын кашынат,
«Уктап калып түндө кап»...
Уйкуңа олжоң ушул деп,
Төлөмөргө жазылат.
Койчулар кетет кой жайып,
Өрнөк болуп бул айып,
«Амандык барда байлык бар».
Деп өзүнчө жылмайып.
Күркүрөп аккан өзөн сай,
Күр жайлоо чалкыйт малга бай.
Чырмаштын кара тоосунун,
Бир күнкү түнү ушундай.
10/XI 1946
Чолпон-Ата
ИЛБИРС УЯ
Ак сеңгелдин астында,
Ат жүрө алгыс жар дешет,
Ошол жардын жанында
Илбирс уя бар дешет.
Илбирс тууган жерлерден
Элик ооп кетет дейт,
Кулжа, теке, маралдар
Жер которуп кетет дейт.
Катуу уктап кетипмин,
Селт дей түштүм түн жармы.
Кулагыма угулат
Бау, баулаган баулары.
Малчылар мындан коркушпайт,
Илбирстен сүрдүү сүрлөрү.
Мал алдырбай өткөрөт,
Мындай нечен түндөрдү.
Айкырып түнгө үн берген,
Балалыгы эмеспи.
Кыл мурутун чыйратып
Чалгында жүрөт энеси.
Короочу жигит козголсо,
Кайдадыр алыс качышат.
Илбирстин кургак үнүнөн
Негедир жүрөк ачышат.
10/XI 1946
Чолпон-Ата
МЕН АЙЫЛГА КЕЛГЕНДЕ
Айылда күндөр узак, күндөр узак,
Негедир зериктирет мезгил өтпөй,
Себеби, дем алуу кез... бекерчилик,
Бирок да турмуш кызык көңүл чөкпөй.
Аткан таң, баткан күнү билинбеген
Кандайча Фрунзеде күндөр күлүк?!
Ойлосом: он саатча сезбептирмин,
Окууда он жыл окуп, он жыл жүрүп.
10/XI 1946
Чолпон-Ата
КОЙ СААДЫРГАН КЕЛИНЧЕК
Кой саадырган келинчек
Сенин жашың он беште.
Мектебиңен ашыгып,
Келин болдуң неге эрте?
Кой саадырган жаш бала,
Бул кылганың эмине?
Он жылдыкты калтырып,
Күйөө болдуң неге эрте?
Дагы эки-үч жыл окусаң,
Жарыңды да окутсаң,
Илимпоз болбойт белеңер,
Толкунсуз көлдү толкуткан.
Эч болбосо ак кийген Өзүң болуп фельдшер кыз.
Күйөөң болуп аспирант,
Ашык болсо көп жылдыз.
10/XI 1946
Чолпон-Ата
КОРГОН-ТАШТЫ ЖАЙЛАДЫК
Сай-сайларга бээ байлап,
Миңдеп жылкы айдадык.
Конуш тандап Арпадан
Коргон-Ташты жайладык.
Өтөк жери көйкөлгөн,
Өзөндө аккан суусу бар.
Колхоздун өссүн жылкысы,
Жер жарылган чуусу бар.
Мал кадырын сыйлаган
Ак ниеттүү абам бар.
Жүздөн кулун өстүрүп,
Кошумча эмгек алган бар.
Сары аласы андан көп,
Кимдин, кимдин жылкысы?
Коргон-Ташты жайлаган
Колхоз байдын жылкысы.
10/XI 1946
Чолпон-Ата
ЭНЕНИН КҮЧҮ
Эне сүйлөйт: «Төрт жыл дайны чыкпаган,
Төрт жыл бою каттан кабар укпагам,
Үмүт үзүп, кулунуман айрылып,
Жайдын күнү курут жайып олтургам...
Бир мезгилде жер титиреп солкулдап,
Жарылгансып бараткансыйт айланам.
Бул күч эмне? Кандай кабар бул кабар?!Деп байкасам келатыптыр жан балам.
Жер майышкан бала күчү турбайбы...
Баламды өөп, кубанычтан ыйлагам...»
Жок энеке, сенин күчүң, ошол күч,
Жер солкулдап, душман туусу кыйраган.
10/XI 1946
Чолпон-Ата
БАШКАРМАНЫН АЯЛЫ
Кызыл көйнөк, бураң бел,
Кимдин, кимдин зайыбы?
Кадырлаган биздин эл,
Башкарманын зайыбы.
Апийимди тилүүдөн
Мындан өткөн ким экен?
Чөп чабыкка келгенде
Буга жеткен ким экен!
Буудай оро келгенде
Тең болору бар бекен?
Кырман баса келгенде
Пар болору бар бекен.
Койду кырка келгенде,
Тең кыркмакчы бар бекен?
Уйду саай келгенде
Тең саанчы бар бекен?
Жок, жок экен, жок экен
Иши кетсин илгери.
Аман болуп балдары
Илим болсун билгени.
Андай болсо он бөлмө,
Ак там болсун киргени
Балдары окуп Москвадан
Самолёт болсун мингени.
10/XI 1946
Чолпон-Ата
ТОО ИЧИНДЕ МЕКТЕП БАР
Автобус менен аркырап
Алайга кетип баратсаң,
Адам жеткис жерлерде
Ак мектеп турат заңкайган.
Легковой менен заркырап
Нарынга кетип баратсаң,
Ат жеткис аска алдында
Ак мектеп турат заңкайган.
Самолёт минип зыпылдап
Атбашыга баратсаң,
Кечеги жапан тоолордо
Он жылдык турат заңкайган.
Баарында биздин уландар
Күздөн жазга окуган.
Замандын жөлөк, тиреги
Жаралган жаштык отунан.
11/XI 1946
Чолпон-Ата
АЙЧҮРӨКТҮН АК ШУМКАР
Арпанын кара тоосунда
Ак шумкар жаткан уя бар,
Бар экени чын экен
Барып көрдүм бир сапар.
Семетей кушун качырып,
Айчүрөк кармап алган дейт.
Ошол шумкар бул күнгө
Өлбөс болуп калган дейт.
Элдин сөзү чын экен,
Ак шумкардай замана
Аппак канат самолёт
Айланып жүрөт асманда.
Аны айдаган ким десең
Айчүрөктүн балдары.
Самолёт биздин ак шумкар,
Социализм заманы.
12/XI 1946
Чолпон-Ата
КӨЛ АТА
Айланайын, көлүм ай,
Асмандай көп көк өңүң ай.
Жайытың ай, түзүң ай,
Жайлооң ай, түрүң ай!
Шамалың ай, желиң ай,
Шайыр өскөн элиң ай,
Тоолоруң ай, жакаң ай,
Жайкалган жашыл жериң ай
Толкунуң ай, шарың ай,
Толкунду тоскон жарың ай.
Токоюң ай, талың ай,
Толуп турган чагың ай!
Эгиниң ай, малың ай,
Алмалуу калың багың ай,
Тарууң ай, майың ай,
Кашка булак сайың ай.
Колхозуң ай, фермаң ай,
Кыштагың ай, айлың ай!
Эмгекке алган энчиң ай,
Совхозуңдун байын ай!
Айланайын, көл ата ай,
Өрүктөй гүлдөп өн, ата ай,
Жыргалыңды көр, ата ай,
Кууралыңды көм ата ай.
12/ХI 1946
Чолпон-Ата
МАЙЧЫ МЕНЕН МАЛ ДОКТОР
Арпадан эки дос көрдүм,
Экөөнү бирдей мактайын.
Жан кыйышпас достордун,
Досчулугун айтайын.
Майчынын аты Мааданбек,
Сол бутунан сылтыган,
Кечеки кандуу согушта
Сонун-сонун иш кылган.
Доктордун аты Дооранбек,
Оң бутунан сылтыган,
Кечеки кандуу майданда
Кыйын-кыйын иш кылган.
Кошомат кылып дардактап,
Докторго майчы май бербейт.
«Ооз басты» болсун деп,
Майчыга доктор кой бербейт.
Мааданбектин максаты:
Ак мамасын эмизген
Апасы үчүн май жыят,
Дооранбектин максаты:
Жорго тайын мингизген
Атасы үчүн кой жыят.
Апасы ким булардын?
Апасы - алтын Ата журт
Атасы ким булардын?
Атадан артык Ата журт.
12/ХI 1946
Чолпон-Ата
ЧАПАК
«Бирлик» деген колхоздо,
Жапар деген чапак бар.
Минген атын бастырбай,
Дайым чапкан чатак бар.
Ошондуктан Жапарды,
Чапак дешип аташат.
Аттын анык душманы,
Кай жеринен макташат?
Ошондуктан чапак деп,
Шылдың кылып айтышат.
Жапарга ат бактырган
Башкармада кайсы ысап.
Ат бербесин эч качан,
Ат душманы Жапарга,
Көрө жүрсүн ар качан,
Көрбөй жүргөн башкарма.
12/XI 1946
Чолпон-Ата
КҮНДӨР
Күндөр өтөт, күндөр өтөт билинбей
Өткөн күндүн миңдеринин бириндей.
Кир жукпаган атлас, жибек кийимдей
Тизмектешкен тизмегине илинбей.
Күндөр өтөт, күндөр өтөт зуулдап
Көптөн чыккан күлүк аттай дуулдап,
Тоодон түшкөн дарыядай шаркырап,
Шамал соккон токойлордой шуулдап.
Күндөр өтөт, күндөр өтөт зыпылдап,
Карлыгачтын канатындай лыпылдап,
Күлүк күндөр өткөн сайын заманам
Күлүп карап, жашка айланып
Жылтылдап
Күндөр өтөт, күндөр өтөт байкалбай,
Өткөн күнүн үйүрүнө кайтарбай,
Ого бетер күчкө толот заманам
Өткөн күндүн өткөнүнө карабай.
13/ХI 1946
Чолпон-Ата
ЖЕЗДЕМ КЕЛЕ ЖАТЫРЫ
Шатыр, шатыр, шатырап
Угулуп жамгыр шыбыры.
Ооздугу шалдырап
Обулустук жыйындан
Жездем келе жатыры.
Ай асмандан көрүнбөй
Билинбей түндүн акыры.
Үзөнгүсү жаркылдап,
Ударниктер жыйнынан
Жездем келе жатыры.
Аттан түштү, атты алдык,
Алы-жайын сурадык,
Чыныда чайды колго алып,
Бул сөздү айтты кубанып:
«Дүкөнүнө киргизди
Чайы менен кант алдык,
Кеңсаларга киргизди
Ударник деген ат алдык».
13/XI 1946
Чолпон-Ата
ТУЮК АСКА
Кызыл кыйма коолору,
Заңгыраган зоолору
Зымырык куш жете алгыс,
Кылдан ичке боолору,
.Жаламасы жалтырап,
Шагылдары жаркырап,
Аскалары арсайып,
Таштар кулап каркырап.
Куюндары куюлгуп,
Тумандары уюлгуп,
Ошол туман ичинде,
Куштар түнөп туюлгуп.
Оолору кууш тар болуп,
Оолугуп көңүл зар болуп,
Өткөн... өткөн доордо
Адамдын колу кар болуп,
Жете албай баатыр кайгырып,
Кабландан чалгын тай кылып,
Тулпардан туяк жешилип,
Учкулдан келет кайрылып.
Ушул күндө карасак: .
Туюк өскөн күн чубак,
Ар жылында бир мезгил
Шумкар бала учурат.
Ушул күндө карасак:
Туюк аска чалкалап,
Куш жетпеген зоолору
Баатырлар зоосу аталат.
13/ХI 1946
Чолпон-Ата
КОШУМЧА ЭМГЕК
Биздин койчу Коёнбай,
Чылк кара боз койго бай.
Ак иштеген иши үчүн,
Сыйлык алды ушул ай.
Он
Он
Он
Он
беш
беш
беш
беш
кызыл козу алды,
тармал кошо алды.
айлык иши үчүн,
жылга жашарды.
Кою койго кошулсун,
Мен сүйөм мунун турмушун,
Улагын сүйгөн кызындай,
Козусун сүйгөн уулундай.
Соогатташып эл барды,
Бири калбай тең барды.
Элди сыйлап меймандап
Отуз жылга жашарды.
13/XI 1946
Чолпон-Ата
ПАРТОРГ КЕЛЕТ РАЙОНДОН
Парторг келет райондон
Бир машина пул 1 алып.
«Анан барып алам» - деп,
Бээ саагандар кубанып.
Парторг келет райондон
Үч машина пул алып,
«Болсун, болсун, болсун!» деп,
Кой саагандар жарданып.
Карыядан сурасаң:
- Кара баркыт тийди дейт, Жакшы койчу кийсин деп, Маскөөдөн берип ийди,- дейт.

Кездеме деген мааниде
Жеңемдерден сурасам:
- Жалаң шайы тийди, дейт, Саанчылар кийсин деп,
Маскөөдөн берип ийди, дейт.
13/ХI 1946
Чолпон-Ата
ЖАЙЛОО
Жутсаң көңүл ачылган,
Жайлоонун суусу көк кашка,
Жаңы кийим жытындай,
Жайлоонун жыты бир башка.
Жатсаң көңүл сергиген,
Жайлоонун чөбү бир башка.
Жаш баланын жытындай,
Жайлоонун жыты бир башка.
Ар адамга жагымдуу,
Айран, жуурат, кымызы,
Колхозчунун кызынын,
Кийгендери кырмызы.
Көз жетпеген өрдөштө,
Сан жетпеген мал жатат,
Колхозуң болсо дөөлөттүү,
Жүрөгүңдү жашартат.
13/ХI 1946
Чолпон-Ата
БААТЫР ЭНЕ
Күн болбосо, Жер да болбос, Ай болбос,
Ай болбосо турмуш көркү шай болбос.
Июль түнү бешик жасап өрүктөн,
Баатыр эне жылдыз тууган айга окшош.
Көл болбосо, жел да болбос, жер оңбос
Жер болбосо жемиш болбос, эл болбос,
Күз болгондо: арча бешик жасатып,
Баатыр эне өмүр берген жерге окшош.
Биздин заман - баатырлардын заманы.
Баатыр эмет эне берген маманы,
Оңой эмес ойдогудай өстүрмөк,
Он бир бала - он бир баатыр кабланды.
Чакыр эне, балдарыңды, көрөйүн,
Мен да балаң, мен эмесмин өгөйүң.
Чын энелик эрдигиңе багынып
Келчи энеке маңдайыңан өбөйүн.
13/ХI 1946
Чолпон-Ата
КҮЙГӨН
Эжеңизге келгеним,
Ал менин
Сизди көрсөм дегеним,
Окууң канча дегеним,
Ал менин
Жашыңды билсем дегеним.
Жигиттен жигит иргейсиң,
Жылмая карап күлбөйсүң,
Ферманын кызы Күкүшжан,
Сен менин
Күйгөнүмдү билбейсиң.
Чачыңды сылап көргөнүм:
Ал менин Акылың бар дегеним,
Топчуңду кармап көргөнүм,
Ал менин Жүрөгүң асыл дегеним.
Ак, кызыл алма бергеним:
Ал менин Сүйсөң да сүйгүн дегеним:
Тор атка минип желгеним:
Ал менин:
Той жасаймын дегеним.
Уландан, улан иргейсиң,
Уяла карап күлбөйсүң,
Ударник кызы Күкүшжан
Сен менин
Убалымды билбейсиң.
Баладан бала иргейсиң,
Кашкая карап күлбөйсүң,
Койчунун кызы Күкүшжан
Сен менин
Күйгөнүмдү билбейсиң.
14/ХI 1946
Чолпон-Ата
ЖЫЛКЫЧЫ
Эрдин эри ат токуп,
Ат мине албас аязда,
Жылкычы жылкы кайтарып,
Жылкыга чыгат бир паста.
Жигиттен жигит тандалып,
Жол жүрө албас суукта,
Мурутуна муз тоңуп,
Жылкысын жаят булутка.
Жылкылар тентек, түн узун,
Чыкылдайт чилде күн кыска,
Кабагына кар тоңуп,
Жылкысын жаят жылдызга.
Жылкыда алтын зери бар,
Жылкычы семиз кыпкызыл,
Кемпирлери күлкүчүл,
Келиндери шылдыңчыл.
Жылкычынын дени сак,
Кызынын өңү кыпкызыл,
Уландары оюнчул,
Кунандары уйкучул.
Жылкычы жылкы бакпаса,
Санаага түшүп саргаят,
Бул кесибин алдырса,
Кайгыга түшүп картаят.
14/XI 1946
Чолпон-Ата
НАРЫН ДАЙРА
Салтанат салтын чачып сайдан сайга
Кабландай катуу тийип капчыгайга,Күрпүлдөп күчү кайнап күкүктөнүп,
Буурадай буркулдаган Нарын дайра.
Жаңылбай жарык нуру кыштан жайга,
Куш учпас, буудан баспас капчыгайга.
Түрлөнтүп жаңы өндүрүш үйүн тигип
Ильичтин шамын Жаккан Нарын дайра.
14/XI 1946
Чолпон-Ата
АЙ, ЖАМИЙЛА, ЖАМИЙЛЯ
Миң центнерчил Жамийла,
Ааламды бузган дайныңа,
Кусадар болуп өзүңдү
Күндө көрөм деп жүрүп,
Камчым калды айлыңда.
Алып бер үйгө кетейин,
Ай, Жамийла,
Нур Жамийла
Жамийла!
Бир гектарчыл Жамийла,
Бүткүл эл билген дайныңа...
Ынтызар болуп жүзүңдү
Күндө көрөм деп жүрүп,
Күрмөм калды айлыңда.
Алып бер үйгө кетейин,
Ай, Жамийла,
Нур Жамийла
Жамийла!
Атактуу кыз Жамийла,
Биздин эл билген дайныңа,
Ашык болуп өзүңдү,
Күндө көрөм деп жүрүп,
Калп эле таштап камчымды,
Калп эле таштап күрмөмдү,
Эми өзүм калдым айлыңда
Алып бербе катып кой,
Ай, Жамийла,
Нур Жамийла
Жамийла!
14/ХI 1946
Чолпон-Ата
ЖЕҢЕМДИН СӨЗҮ
Жазгы суук жанга өтөт,
Жааган күнү жаай берсин.
Жалтактык кылып жанды аяп,
Суук тийди дебесмин.
Жай ысыгы жанга өтөт,
Мейли чекем тердесин. ,
Кызылчамдан кол үзүп,
Ысык өттү дебесмин.
Күзгү шамал күркүрөп,
Мейли күчөп желденсин.
Эгинимден кол үзүп,
Күчүм кетти дебесмин.
Өттү, кетти далай жыл,
Кыйынчылык бир катар.
Бирок колхоз ишинен
Оорубадым бир сапар.
Бул кандай деп сурасаң,
Касиеттүү колхозум
Жамандыкты жолотпойт,Ак тилектүү жолдошум.
Анча мынча ажалдан
Алып калат колхозум,
Анча мынча оорудан
Сактап калат колхозум.
14/ХI 1946
Чолпон-Ата
МАРИЯ
Кудукта тунук суу турса,
Арыктан келип суу алган,
Мария кимдин жары экен?
Ак марал сындуу суналган.
Башатта тунук суу жатса,
Өзөндөн келип суу алган,
Мария кимдин жары экен?
Өрдөктөй мойну суналган.
Айланасы калың бак,
Беш бөлмө тамы бар экен,
Калкына ак нан жедирген
Комбайчынын жары экен.
Тегереги жемиш бак,
Он бөлмө тамы бар экен,
Элине ак май чайнаткан
Механиктин жары экен.
15/XII 1946
Чолпон-Ата
ЧӨП ҮЙМӨК
Биз жайлоодон түшкөндө
Чабылып барлык жашыл кыр.
Тоодой бийик жол жасап,
Чөп үймөктөп жатыптыр.
Жутунган жуттан коркпойм деп
Кара атымдын карды ток.
Кызыл көз кыштан коркпойм деп,
Көк өгүздүн көңүлү ток.
Колхозум камчыл колхоз деп,
Ак төбөл козум бойтоңдойт.
Башкармам эстүү адам деп,
Ак серкечим койкоңдойт.
Малына күчүм жетпейт деп,
Аксак бут аяз алаңдайт.
Калкына алым жетпейт деп,
Жыңайлак чилде жалаңдайт.
15/ХI 1946
Чолпон-Ата
МЕН, ПОЧТОБАЙ, ПОЧТОБАЙ
Мен почтобай, почтобай,
Кат ташыймын дем албай,
Аларча менен Акбашат
Барар жерим бир далай.
Мен почтобай, почтобай,
Чоң-кичүүнү карабай,
Чоочубай кирип барамын
Чогоол өскөн баладай.
Газет берем, кат берем,
Аткан октой бат берем.
Күлкү берем, күч берем,
Көз жаш эмес, шат берем.
Кең өлкөмө жыйналган,
Күлкүнүн баары меники.
Кең өлкөмө жыйналган
Сүйүүнүн баары меники.
Ал күлкү элдин энчиси,
Мен почтобай элчиси.
Калкыма тийген жыргалды,
Бир тыйын албай берчиси.
15/XI 1946
Чолпон-Ата
АРТИЛЛЕРИСТТЕРДИН МАРШЫ
Күрсө-күрсө күңгүрөгөн үнү бар,
Күркүрөгөн күзгү түндөй сүрү бар.
Күчкө келсе күкүм кылып тоолорду,
Кара жерди топтой ойнор түрү бар.
Артиллерия,
Артиллерия Согуш кудайы.
Согуш кудайын
Жакшы сыйлайлы.
Сырын жат билип,
Анан ырдайлы.
Эсте, курдаш, бекем туткун эсине,
Кэчее душман эсиркеген кезинде,
Берлин менен Токиодон келген ажалдын
Башын жулкуп, канын бүрккөн ким эле?
Артиллерия,
Артиллерия Согуш кудайы!
Согуш кудайын
Жакшы сыйлайлы.
Күчүн үйрөнүп
Анан ырдайлы.
Согуш бүттү азыр бизде тынчтык күн,
Беш жылдыктын көркүн ачкан кызык күн.
Эми биздин тынчтык сүйгөн бул курал
Тынчтыгына таң калтырсын жер жүзүн.
Артиллерия,
Артиллерия Тынчтык кудайы!
Тынчтык кудайын
Жакшы сыйлайлы,
Сырын жат билип
Анан ырдайлы.
15/ХI 1946
Чолпон-Ата
ЖЕҢИШ ЫРЫ
Башка күндөн майрамы көп ушул ай,
Баарыбызга бакыт ачкан сулуу май.
Тоодой токсон
Тогузунчу май күнү Жүрөгүмдөн жаратылган уулумдай.
Жеңиш күнгө салтанат!
Жеңгендерге салтанат!
Башка күндөн күлкүсү көп ушул май,
Баарыбызга өмүр берген улуу ай,
Жердей жети,
Тогузунчу май күнү Мага кымбат аба менен суумдай.
Жеңиш күнгө салтанат!
Жеңгендерге салтанат!
Башка күндөн гүлдөрү көп ушул май,
Баарыбызга жыргал берген улуу ай.
Күндөй сексен
Тогузунчу май күнү Мага кымбат, мүлдө ааламдын күнүндөй.
Жеңиш күнгө салтанат!
Жеңгендерге салтанат!
15/XI 1946
Чолпон-Ата
КЫЗДЫРДЫН КҮҮСҮ
Атам Ленин алып берген жыргалды,
Атам Ленин жеңип берген жылдарды.
Ого бетер гүлдөтөлү саймалап,
Жаңы өлкөнүн жайдары ачык кыздары.
Алга, кыздар,
Алга, кыздар,
Күндөр бүттү,
Биз уялып
Жер карар.
Мугалим бол,
Инженер бол,
Жумушчу бол,
Акылман бол,
Не кааласаң
Баары бар.
Совет элим жеңип берген жеңишти,
Ал жеңиштин большевиктер негизи.
Көтөр кыздар, оң ийинге салалы,
Беш жылдыктай касиеттүү зор ишти.
Алга, кыздар,
Алга, кыздар,
Күндөр бүттү,
Биз уялып
Жер карар.
Мугалим бол,
Инженер бол,
Жумушчу бол,
Акылман бол,
Не кааласаң
Баары бар.
Тынчтык күндүн тынбай турган иши бар,
Кандуу күндүн камчы тактай изи бар.
Совет кызы кандай кылар экен деп,
Байкап турат батыштагы уу... чуулар.
Алга, кыздар,
Алга, кыздар,
Күндөр бүттү,
Биз уялып
Жер карар.
Мугалим бол,
Инженер бол,
Жумушчу бол,
Акылман бол,
Не кааласаң
Баары бар.
15/XI 1946
Чолпон-Ата
АЛМА ЖЫЙНОО
Албаган адам армандуу,
Бир жеген адам дармандуу,
Алмасы калың түнт токой,
Биздин колхоз «Алмалуу».
Коромжу колго кыйбайлы,
Келгиле, алма жыйнайлы,
Алма уурдаган жалкоону
Алма менен сыйлайлы.
Ысырап колго кыйбайлы,
Келгиле алма жыйнайлы.
Алмасы жок колхозду
Алма же деп кыйнайлы.
Дабыр, дабыр дабырлап,
Алма жыйсак ыр ырдап,
Сүйүктүү Маскөө үстүнөн
Алмадан жамгыр жаадырсак.
Шабыр, шабыр шабырлап,
Алма жыйсак ыр ырдап,
Урматтуу Маскөө үстүнөн
Алмадан ак кар жаадырсак.
Албаган адам армандуу,
Бир жеген адам дармандуу,
Алмасы калың, түнт токой Биздин колхоз «Алмалуу».
17/XI 1946
Чолпон-Ата
МОСКВА
Үйлөрү окшош биздин бийик аскага,
Жолдору түз биздикинен башкача.
Суулары да, тереңирээк, кеңирээк,
Элдери окшош, өз энеме, атама.
Жаштары бар күлкү менен чоңойгон,
Жаштарындай жүрөгү жаш Москва.
Бүркүт окшош куштары бар асманда,
Чамасы бар, айдан ары ашканга.
Түздүгүндө: адилдиктин бакчасы,
Гүлдөрү көп: жай, күздөн да, жаздан да.
Бул ааламда, барлык бүткөн шаардын
Эң сулуусу, эң сүрдүүсү Москва.
Ырлары бар, ырдап ырлар жазганга,
Күлкүсү бар күлүп көңүл ачканга,
Уйкусу бар эң бир таттуу, эң ширин,
Өмүрү бар, кызыктыгы башкача.
Сөздөрүнө баарыбызды сүйүнткөн
Акылмандар сүйгөн шаар Москва.
17/ХI 1946
Чолпон-Ата
КОЙ ТӨЛДӨТҮҮ
Төлдүн башы сур эчки,
Төрт улактуу улуу эчки.
Ырысыма келгендей,
Жолу жакшы бул эчки.
Төлдүн соңу куба кой,
Жаныбарым тура кой,
Эгиз кара козулуу
Бул да ушундай ак жолтой.
Мага келген күнүңдөн,
Макмалдай сулуу жүнүңдөн
Мойтоң, мойтоң секирип,
Маарап койгон үнүңдөн.
Кенен болуп төрүбүз,
Тегиз болсо төлүбүз,
Абийирибиз жабылып,
Кызыл болор өңүбүз.
Оолак болсун оорудан,
Кетсин кырсык тооруган,
Төл тилеги туш келсин
Жакшылыкка жоруган.
17/XI 1946
Чолпон-Ата
ЖҮЗҮМ АЛУУ
Кыз баладай буралган ,
Тараткандай кумардан ,
Өзөн суудан суу алып,
Булбул келип сугарган.
Саамай жүзүм,
Салаа жүзүм,
Шербет жүзүм
Ак жүзүм.
Жаш сулуудай буралган,
Жандыргандай кумардан.
Көк дайрадан суу алып,
Күкүк келип сугарган.
Саамай жүзүм,
Салаа жүзүм,
Шербет жүзүм
Ак жүзүм.
Борум кыздай буралган,
Кандыргандай кумардан.
Кашка суудан суу алып,
Каз каркыра сугарган.
Саамай жүзүм,
Салаа жүзүм,
Шербет жүзүм
Ак жүзүм.
17/XI 1946
Чолпон-Ата
ФИЗКУЛЬТУРНИКТЕРДИН МАРШЫ
Ачык көңүл,
Таза дене,
Жакын жолдош
Биздерге
Колхоздордо,
Заводдордо Түк талыкпай
Иштерге.
Шилте бутту,
Көкүрөктү кер
Аван салалы,
Куландай соо,
Куштай ыкчам,
Кең өлкөнүн
Болот балдары.
Зергек көңүл
Чымыр дене,
Жакын жолдош
Биздерге.
Курулушта,
Фабриктерде
Чарчоо билбей
Иштерге.
Шилте бутту,
Көкүрөктү кер
Аван салалы
Куландай соо,
Куштай ыкчам,
Кең өлкөнүн
Болот балдары.
Таза жүрөк,
Сулуу мүчө.
Айныбас дос
Биздерге.
Каналдарда,
Түрлүү кенде,
Түк талыкпай
Иштерге.
Шилте бутту,
Көкүрөктү кер,
Аван салалы,
Куландай соо.
Куштай ыкчам,
Кең өлкөнүн
Болот балдары.
17/ XI 1946
Чолпон-Ата
КООН ҮЗМӨЙ
Быйылкы күздүн күчүн ай,
Дарбыздын миң-миң жүзүн
Коону койдой жер жайнап,
Баракелдай түшүмү ай!
Байлыгы канча? ойлойлу,
Карасаң көзүң тойбойбу,
Аксуудагы таякем,
Мейманга келсе болбойбу.
Дөөлөтү канча ойлойлу,
Көргөндө көңүлүң тойбойбу.
Кайыңдылык эжекем
Конокко келсе болбойбу.
Кайдан келсин таякем,
Кайдан келсин эжекем.
Коонго бизден бай экен,
Дарбызга бизден шай экен.
Кайдан келсин таякем,
Кайдан келсин эжекем,
Мени келер бекен деп,
Күндө күндө түш көргөн.
17/XI 1946
Чолпон-Ата
КЫЗ ӨПМӨЙ
Курдаштын курдаш жары экен,
Кубанткан кубат алы экен.
Колхозчунун кызындай,
Кара көз сулуу бар бекен?
Теңтуштун теңтуш жары экен,
Деңиздей терең алы экен.
Инженердин кызынан,
Ак жуумал сулуу бар бекен?
Жолдоштун жолдош жары экен,
Жоругун билсе зар экен.
Жумушчунун кызындай,
Ак жуумал сулуу бар бекен?
Жүргөнүм кыргыз шаары экен,
Ойноп-күлгөн шаңы экен.
Ушундай сулуу кыздардан
Бир өпкөн жигит бар бекен.
19/ХI 1946
Чолпон-Ата
МУРАПТЫН ЫРЫ
Айткыла, балдар, ким экен
Мураптын жайын билбеген?
Буудайы жакшы келинге
Өзөндөн
Эки кулак суу берем.
Күзүндө күлүк минбеген,
Күрдөлсүз мурап мен бекен?
Күздүгү жакшы келинге
Дайрадан Алты кулак суу берем.
Жазында жакшы ат минбеген
Жарыбас мурап мен бекен?
Жаздыгы жакшы келинге
Деңизден
Жети кулак суу берем.
Кубанкам 1 жатат жайкалып,
Түшүмү бизге байкалып
Суктанткан суунун атасы,
Келиндер,
Мураптын жайын айталык.
19/XI 1946
Чолпон-Ата
УЗАТУУ
Кош, Жеңиштай, аман барып, аман кел,
Тааныш болсун талабыңа далай жер.
Сен бактылуу, тынчтык күндүн жигити,
Токой желсиз, толкуну жок деңиздер.
Ырас, ырас учкан мезгил урматтуу,
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Акындын Элеси - 11
  • Büleklär
  • Акындын Элеси - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3840
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2225
    26.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3736
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2283
    26.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 3811
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2151
    28.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3982
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2076
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3859
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2239
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3940
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2064
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3826
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2049
    28.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3794
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2098
    26.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3825
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2063
    28.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3649
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1939
    27.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3813
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1876
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3816
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1931
    30.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3826
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    28.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3817
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2076
    31.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3692
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1499
    35.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    53.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 2613
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 815
    30.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.