Latin

Акындын Элеси - 16

Süzlärneñ gomumi sanı 2613
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 815
30.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
50.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
деген 3-4-саптары кыскартылып берилген. Мында ыр тексти толук басылган
«Жаңы ырлар» жыйнагы боюнча берилди.
«Катыңды көлгө таштадым» - «Ата-Журт» ырлар жыйнагында жарыяланат.
«Бирге жүрдүк», «Замандын жолу - улук жол» - «Жаңы ырлар» жыйнагында
жарыяланган. Кийин «Тандалмалуу ырлар жана поэмалар» жыйнагында да
басылган. Акыркы басылышында, бул эки ырдын тең акыркы ыр сабактары
түшүп калган, мында
«Жаңы ырлар» жыйнагы боюнча толук берилди.
«Сүйдүм сени» - Биринчи жолу «Ата-Журт» ырлар жыйнагында жарыяланган.
«Уяң келин» - «Жаңы ырлар», «Тандалмалуу ырлар жана поэмалар»
жыйнактарында басылган.
«Ай, ай, так, так, буурул ат» - Мындан мурда жыйнакка киргизилген эмес, биринчи
жолу жарыяланып отурат. Акындын кол жазмасынан алынып берилди (инв.
№1611).
«Качса бакыт», «Сүйөм десең» - «Жаңы ырлар» жыйнагында басылат.
«Сүйүү кыял», «Мен өтпөдүм» - Бул ырлар биринчи жолу «Ата-Журт» ырлар
жыйнагында жарыяланган.
«Белгилер» - «Жаңы ырлар» жыйнагында басылган.
«Фрунзе», «1945-жыл, 31-декабрь» - «Жаңы ырлар», «Тандалмалуу ырлар жана
поэмалар» жыйнактарында басылган. Акыркы басылышында «1945-жыл, 31декабрь» аттуу ырдын 33-саптан 36-сапка чейинки:
«Келсе келсин, мындай жылдар көп келсин,
Тагдыр аке мындай жылдан көп берсин.
Совет эли жыл жыргалын таткылап,
Турмуш даамын ачуу, кычкыл дебесин» деген ыр саптары кирбей калган. Бул жыйнакка «Жаңы ырлар»- жыйнагынан
алып киргизилди.
«Жок, ал маяк эмес», «Жазгы суу», «Жүйөлүү сөз» - «Жаңы ырлар» жыйнагында
жарыяланган.
«Дүнүйө», «Ракыя» - «Махабат» ырлар жыйнагында басылган.
«Кыргызстан» — «Менин жерим - ырдын жери жери» аттуу ырлар жыйнагында
жарыяланган. Кийин 1945-жылы чыккан тандалмалуу жыйнагында да
киргизилген. Ыр акыркы басылышы боюнча берилди.
«Колхоз бакчасы» - «Жаңы ырлар» жыйнагында басылган.
«Сабира» - «Ата-Журт» жыйнагында басылган.
«Камбаралы», «Молдокулдун үйү», «Тилек», «Толкун эмес», ал ак куу»,
«Бригадирдин кыялы» - «Менин жерим - ырдын жери» атту ырлар жыйнагында
басылган. «Тилек» аттуу ырынын 4-5-куплети киргизилген эмес. Мында кол
жазмасы боюнча төмөнкү 4-5 куплеттери (инв. № 1612) кошулду:
Күздө бышкан алма, жүзүм сыяктуу,
Баланын күнү сатылып турса базарда,
Оорубасын, узак өмүр сүрсүн деп,
Өзүм албай ал дээр элем аларга,
Неге десең бир башкача кымбат эл,
Жаратылган биздин ушул заманга,
Ошондуктан барын сүйөм, кадырлайм,
Баары секет, барлыгы алтын садага.
«Звеньевой Зыйнатжан» - Биринчи жолу «Ата-Журт» ырлар жыйнагында
басылган.
«Атама осуят» - Биринчи жолу «Менин жерим - ырдын жери» жыйнагында
басылган, Экинчи жолу «Тандалмалуу ырлар жана поэмалар» жыйнагында
басылганда ырдын акыркы куплети берилген эмес. Ырдын акыркы куплети кол
жазма боюнча такталды (инв. № 1614).
«Жетиген», «Көлүмө», «Таң калуу», «Жоготуу» - «Ата-Журт» жыйнагына чыккан.
«Тоо алды бак, бак четинде ак кыштак» - «Менин жерим ырдын жери» аттуу
ырлар жыйнагында басылган. 1954-жылы жыйнакка да киргизилген. Ырдын
жазылыш датасы такталып, акыркы басылышы боюнча берилди.
«Грунья Савельевнага» - Биринчи жолу «Менин жерим - ырдын жери»
жыйнагында жарыяланат. Кийин «Тандалмалуу ырлар жана поэмалар»
жыйнагында да басылган. Ыр биринчи басылышы боюнча берилди.
«Курбума кат» - ырдын аты жана 1-2-3-4-куплеттери кыскартылып, «Ата-Журт»
жыйнагына жарыяланган. Мында автордун кол жазмасынан алынып, толук
киргизилди (инв. № 1612).
«Аялга», «Буудай сапыруу» - «Менин жерим - ырдын жери» жыйнагында басылган.
«Өбөм деген сөзүнө», - «Ата-Журт» жыйнагында жарыяланган.
«Шекердин жоругу» - Автордун өз кол жазмасы боюнча биринчи жолу
жарыяланып олтурат (инв. №1612).
«Ысык-Көлдө төрт мезгил» - «Менин жерим - ырдын жери» жыйнагында
басылган. Кийин «Тандалмалуу ырлар жана поэмалар» жыйнагында да
киргизилген. Акыркы жыйнакта төмөнкү саптар киргизилбей калган:
Колхоздорго алкыш келип обкомдон,
Туу берилип жакшы ишине райком,
Колхозчу ата тойго барам бүгүн деп,
Атка минет жутуп алып бозодон.
Кышын көрдүм Ысык-Көлдө кыш жакшы,
Ак кар басып, аппак кылып кыштакты,
Жаш бөбөктү апасы уруп чыгарбай
Терезеден карап турат тыш жакты.
Мында автордун кол жазмасы боюнча толук жарыяланды (инв. № 1612).
«Акын», «Ай, балажан, балажан», «Ай, сугатчы, сугатчы» - «Менин жерим -ырдын
жери» ырлар жыйнагында басылган. Кийин «Тандалмалуу ырлар жана поэмалар»
жыйнагында «Ай сугатчы, сугатчы» деген ырдын экинчи куплети кыскартылып
калган. Ал кол жазма боюнча кошулду (инв. № 1612).
«Жакшы ыр деген эмне», «Не жаман», «Жер деген эмне». «Сүйүүнүн түрлөрү»,
«Биздин короо», «Шаарыма» - Бул ырлар биринчи жолу «Ата-Журт» ырлар
жыйнагында басылган.
«Мен шаарыма барармын», «Соко жыгуу» - «Менин жерим - ырдын жери» жана
«Тандалмалуу ырлар жана поэмалар» жыйнактарында басылган.
«Акылдуу атым тил албайт» - Акындын кол жазмасы боюнча биринчи жолу
жарыяланып отурат (инв. №1612).
«Саман тартуу» - «Менин жерим - ырдын жери» ырлар жыйнагында жарыяланган.
«Быстровка-Балыкчы темир жолу», «Атбашынын чымчыгы», «Бешбармак» - «АтаЖурт» жыйнагында басылган.
«Атбашы» - «Менин жерим - ырдын жери» жыйнагында басылган.
«Көл толкуйт да, кайра басылат», «Таарынба курбум, таарынба», «Автобус» - «АтаЖурт» ырлар жыйнагында жарыяланган.
«Айлыма» - «Менин жерим - ырдын жери» жыйнагында басылган. Бул жыйнакта:
«Көптөн бери кат албадым айлымдан,
Биле албадым кимдер өлдү, ким аман,
Өлүм эмес, үстөм кылсын тирүүлүк,
Неге десең өлбөс заттан бул заман» деген биринчи куплети калтырылып кеткен. Мында акындын кол жазмасы
боюнча берилди (инв. №1612).
«Ракмандын илими», «Бээ саамай», «Бекенбиз», «Комуз», «Ай көрүү», «Күн
күркүрөө» - Бул ырлар «Менин жерим - ырдын жери» ырлар жыйнагында
басылган. Экинчи жолу «Тандалмалуу ырлар жана поэмалар» жыйнагында
басылат. Бул басылышында «Ай көрүү» деген ырдын 16-17 ыр саптары
киргизилбей калган. Мында кол жазмасынан алынып киргизилди. (инв. № 1612).
«Мен кеттим алча бышкан мезгилде», «Көпкө умтулдум, бирок, азга жетпедим»,
«Менин колуктум» - Бул ырлар биринчи жолу «Ата-Журт» ырлар жыйнагында
жарыяланган.
«Мен да олтурам, күйөөң сенин жаныңда» - Биринчи жолу «Ата-Журт» ырлар
жыйнагында басылган.
«Бүркүт таптоо» - «Менин жерим - ырдын жери» деген жыйнагында жарыяланган.
«Орус кызы», «Кыздын сүрү», «Мен тансам жаштан танам, ырдан танбайм» -«АтаЖурт» ырлар жыйнагында басылган.
«Кой» - Биринчи жолу «Менин жерим - ырдын жери» аттуу ырлар жыйнагында,
кийин «Тандалмалуу ырлар жана поэмалар» жыйнагында да басылган. Бул эки
жыйнакта тең 21- ыр саптан 26-ыр сапка чейинки:
«Түгөлүмдөн түйшүккө
Бүт жаратып койгондой,
Саначы канча пайдам бар,
Башыңды чайка Ой, бой ой,
Ошондуктан атым кой» деген саптар эмнегедир киргизилген эмес. Мында кол жазма боюнча кошулду
(инв. № 1612).
«Байтал бээнин бал кымыз», «Тарт, эркечим, тарт» - «Менин жерим - ырдын жери»
деген ырлар жыйнагында жарыяланган. «Тандалмалуу ырлар жана поэмалар»
жыйнагында да басылган.
«Кыргыз тоолору» - «Менин жерим - ырдын жери» жана «Тандалмалуу ырлар
жана поэмалар» жыйнагында басылган. Кийинки жыйнакта 5-куплеттин биринчи
жана төртүнчү сабынын акыркы муундары «Түндү алат», «Тосуп кызарат» болуп
кеткен. Автордун өз кол жазмасы жана биринчи жыйнагында «Түндү алып»,
«Тосуп кызарып» болгондуктан, мында кол жазмадагыдай оңдолду жана акыркы
6-7-куплет ыр кол жазмадан алынып берилди (инв. X» 1612).
«Уурулук деген эмне?», «Жаныбарым Ысык-Көл», «Кечире көр» - «Менин жерим ырдын жери» ырлар жыйнагында чыккан. «Жаныбарым Ысык-Көл» деген ырдын
акыркы куплети акындын кол жазмасынан алынып киргизилди (инв. № 1612).
«Арпа жайлоосунда бир түн». Акындын кол жазмасы боюнча биринчи жолу
жарыяланышы (инв. № 1612).
«Илбирс уя», «Мен айылга келгенде», «Кой саадырган келинчек» - «Ата-Журт»
ырлар жыйнагында жарыяланган.
«Коргон ташты жайладык», «Эненин күчү», «Башкарманын аялы» - «Менин жерим
- ырдын жери» жана «Тандалмалуу ырлар, поэмалар» жыйнактарында басылган.
Бул эки жыйнакта тең «Башкарманын аялы» деген ырдын 3,5- куплеттери
берилбей калган, мында акындын кол жазмасы боюнча толукталды (инв. №
1612).
«Тоо ичинде мектеп бар», «Айчүрөктүн ак шумкар», «Көл ата», «Майчы менен мал
доктор» - Бул ырлар «Менин жерим - ырдын жери» жана «Тандалмалуу ырлар
жана поэмалар» жыйнактарында жарыяланган. «Көл ата» деген ырдын акыркы
куплети кол жазма боюнча алынып кошулду (инв. № 1612).
«Чапак» - Бул ыр «Ата-Журт» ырлар жыйнагында басылган.
«Күндөр», «Жездем келе жатыры» - «Менин жерим - ырдын жери» ырлар
жыйнагында жарыяланган.
«Туюк аска» - «Ата-Журт» ырлар жыйнагында жарыяланган.
«Кошумча эмгек», «Парторг келет райондон», «Жайлоо», «Баатыр эне» — Бул
ырлар «Менин жерим - ырдын жери» жыйнагында жарыяланган. 1954-жылкы
тандалмалуу жыйнакка да киргизилген. «Кошумча эмгек» деген ырынын акыркы
куплети автордун кол жазмасынан алынып кошулду. (инв. № 1912).
«Күйгөн» - «Менин жерим - ырдын жери» жыйнагында басылган. 1954-жылкы
тандалмалуу жыйнакка да кирген. Бирок бул жыйнактарда аяккы куплет
киргизилбей калган. Мында кол жазма боюнча кошулду (инв. № 1612).
«Жылкычы» - «Ата-Журт» ырлар жыйнагында жарыяланган.
«Нарын дайра», «Ай Жамийла, Жамийла» - «Менин жерим - ырдын жери» ырлар
жыйнагында жарыяланган. Кийин «Тандалмалуу ырлар жана поэмалар»
жыйнагында да басылган.
«Жеңемдин сөзү» - «Менин жерим - ырдын жери» ырлар жыйнагында басылган.
Акыркы куплети кол жазмасы боюнча киргизилди (инв. № 1612).
«Мария», «Чөп үймөк», «Мен почтобай, почтобай», «Артиллеристтердин маршы»,
«Жеңиш ыры», «Кыздардын күүсү» - Бул ырлар «Менин жерим - ырдын жери»
жыйнагында жарыяланган. 1954-жылкы тандалмалуу жыйнакка да киргизилген.
«Алма жыйноо» - «Менин жерим - ырдын жери» деген жыйнакка «Алма» деген ат
менен чыккан. Автордун кол жазмасында «Алма жыйноо» деп берилгендиктен
жана ырдын мазмуну алма жыйноого ылайыктуу болгондуктан, бул жыйнакка
ушундай ат менен берилди. Ырдын бешинчи жана алтынчы куплеттери кол жазма
боюнча жаңыдан кошулду (инв. №1612).
«Москва», «Кой төлдөтүү», «Жүзүм алуу», «Физкультурниктердин маршы», «Коон
үзмөй», «Кыз өпмөй», «Мураптын ыры», «Узатуу» - Бул ырлар «Менин жерим ырдын жери» жыйнагында жарыяланган. 1954-жылкы тандалмалуу жыйнакка да
киргизилген. «Коон үзмөй» деген ырдын акыркы куплети кол жазма боюнча
кошулду (инв. № 1612).
«Ботоюм» - «Ата-Журт» ырлар жыйнагында басылган.
«Тосуп алуу», «Бекбекей», «Өмүргө» - Бул ырлар «Менин жерим - ырдын жери»
жыйнагында басылып чыккан.
«Ким болсом», «Лениндин күмбөзүнө» - Бул ырлар акындын кол жазмасы боюнча
биринчи жолу жарыяланышы (инв. № 1612).
«Качкынбай качак», «Мен көлүмө келгенде» - «Ата-Журт» ырлар жыйнагында
жарыяланган.
«Ата-Журтум» - «Менин жерим - ырдын жери» ырлар жыйнагына чыккан. 1954жылкы тандалмалуу жыйнакка да киргизилген. Бул эки жыйнакта тең текстин
төртүнчү куплети кирбей калган, мында кол жазма боюнча алынып кошулду (инв.
№ 1612).
«Көлдүн кечки көрүнүшү», «Ак кайың» - «Ата-Журт» ырлар жыйнагында
жарыяланган.
«Жоготтум» - «Менин жерим - ырдын жери» жана «Тандалмалуу ырлар,
поэмалар», жыйнактарында жарыяланган. Эки жыйнакка тең 18-ыр саптан 21-ыр
сабына чейин киргизилбей калган. Мында кол жазма боюнча алынды (инв. №
1612).
«Бир чака суу», «Коштошуу» - «Менин жерим - ырдын жери» жыйнагында
жарыяланган.
«Аккан суу» - Акындын кол жазмасы боюнча биринчи жолу жарыяланып олтурат.
«Секидеги жапыс там», «Учкучтардын ыры» - «Менин жерим - ырдын жери»
ырлар жыйнагында басылган. 1954-жылкы тандалмалуу жыйнакка да
киргизилген.
«Сагатыма», «Жеңемдин ыры»; «Ырларым», «Балалык» - Бул ырлар биринчи жолу
«Ата-Журт» ырлар жыйнагында жарыяланган.
«Эмгек күн», «Жетим козу» - «Менин жерим - ырдын жери» жыйнагында
басылган.
«Кышкы бороон», «Кош айдоо», - «Ата-Журт» ырлар жыйнагында басылып
чыккан. «Кош айдоо» деген ырдын датасы кол жазмадан такталды.
«Айрөк» - «Менин жерим - ырдын жери» деген жыйнагында жарыяланган. 1954жылкы тандалмалуу жыйнагына да киргизилген.
«Чолпон-Ата» - «Менин жерим - ырдын жери» жыйнагында басылган.
«Мен Маскөөнү көргөндө» - Биринчи жолу «Тандалмалуу ырлар жана поэмалар»
жыйнагында басылып чыккан.
«Уйдун тили», «Таранчы» - 1949-жылы чыккан «Жаңы ырлар» жыйнагында
жарыяланган.
«Жазыма» - «Ата-Журт» ырлар жыйнагында жарыяланган.
«Менин күнүм» - 1949-жылы чыккан «Жаңы ырлар» жыйнагында басылган.
«Бизге түнөй кет», «Байка жигиттер» - «Жаңы ырлар (1949), «Тандалмалуу ырлар
жана поэмалар» (1954) жыйнактарында басылган.
«Көңүл айталык», «Бул кандайча» - Биринчи жолу «Ата-Журт» ырлар жыйнагында
жарыяланган.
«Мен- кыргыздын акыны», «Көзүм өткүр» - «Жаңы ырлар» (1949) жыйнагында
жарыяланган. 1954-жылкы тандалмалуу жыйнакка да басылган, бул
басылышында «Көзүм өткүр» деген ырдын алтынчы саптан тогузунчу ыр сабына
чейин кирбей калган. Мында «Жаңы ырлар» жыйнагы боюнча алынып
киргизилди.
«Төөңдү бер», «Мен кеме», «Жакшы ыр жазсам», «Дагы аял жөнүндө», «Сөзү бар» Бул ырлар биринчи жолу «Ата-Журт» ырлар жыйнагында жарыяланган.
«Эне тили», «Кубанам», «Жактырдым», «Бул турмушта», «Прагада», «Фрунзенин
түнү» - Биринчи жолу «Жаңы ырлар» (1949) жыйнагында басылып чыккан.
«Жаңылуу», «Кызыл жүк» - «Жаңы ырлар» (1949), «Тандалмалуу ырлар жана
поэмалар «жыйнактарында жарыяланган.
«Дан жомогу» - «Жаңы ырлар» жыйнагында басылган.
«Ата-Журт» - Социалисттик Родинаны сүйүүнүн, урматтоонун, ал үчүн бүт өмүрдү
арноонун гимни катарында жазылган. 1958-жылы чыккан акындын
жарыяланбаган чыгармалары ушул ырдын аты менен «Ата-Журт» делинип
жарыяланган.
«Эмгегин», «Ташчылар», «Менин үйүм» - Биринчи жолу «Жаңы ырлар» (1949)
жыйнагында жарыяланган. Экинчи жолу 1954-жылкы жыйнакка да киргизилген.
Акыркы чыгышында «Менин үйүм» аттуу ырдын 14-саптан 26-сапка чейинки ыр
жолдору калтырылып кеткен. Мында калтырылган ыр саптары «Жаңы ырлар»
жыйнагы боюнча кошулду.
«Ысык-Көл» - «Жаңы ырлар» жыйнагында басылган.
«Казакбай», «Кар жаады» - «Ата-Журт» ырлар жыйнагына киргизилген.
«Күз», «Мен жүргүнчү», «Ден соолук», «Музыка», «Жүзүм айы», «Өзүмдү өзүм» «Жаңы ырлар» (1949) жыйнагында басылып чыккан.
«Жаз», «Билбейм кандай» - Биринчи жолу «Ата-Журт» ырлар жыйнагына
киргизилген.
«Суу келатат», «Катуу жатып, жумшак ойгонуп» - «Жаңы ырлар» (1949)
жыйнагында жарыяланган.
«Шаарым - асыл Фрунзем». Биринчи жолу «Жаңы ырлар» (1949) жыйнагында
басылган. «Тандалмалуу ырлар жана поэмалар» жыйнагына 16-саптан 23-сапка
чейинки ыр жолдору кыскартылып киргизилген. Мында ырдын тексти «Жаңы
ырлар» жыйнагы боюнча толукталып берилди.
«Коончу», «Бөк, бөк, бөдөнөм», «Коммунизм колхозу», «Помидор», «Вино»,
«Жумушчунун мүнөзү» - «Жаңы ырлар» (1949) жыйнагында жарыяланган. 1954жылкы тандалмалуу жыйнагында соңку ырдын үчүнчү, төртүнчү куплети
кыскартылып басылган. Мында, «Жаңы ырлар» жыйнагы боюнча толук
киргизилди.
«Күнгө», «Биздин кызылча» - Биринчи жолу «Ата-Журт» ырлар жыйнагында
жарыяланган.
«Кечки убак», «ФЗОдогу иниме», «Маляр», «Жумушчу» - «Жаңы ырлар» (1949)
жана 1954-жылкы тандалмалуу жыйнактарында жарыяланган.
«Дубалчы» - «Жаңы ырлар» жыйнагында жарыяланган.
«Завод көрдүм» - Биринчи жолу «Жаңы ырлар» (1949) жыйнагында жарыяланган.
«Тандалмалуу ырлар жана поэмалар» жыйнагында ырдын биринчи, төртүнчү,
бешинчи куплеттери кыскартылып киргизилген. Азыркы текст толугу менен
«Жаңы ырлар» жыйнагы боюнча берилди.
«Пржевальскийге», «Плотник», «Устанын сөзү» «Карабек», «Маржанкүл», «Турсун
сакчы», «Паравоз» - Бул ырлар «Жаңы ырлар» (1949) жыйнагында басылган.
«Тандалмалуу ырлар жана поэмалар» жыйнагында «Турсун сакчы» деген ырынын
20-куплети калтырылып кеткен. Мында «Жаңы ырлар» жыйнагы боюнча
берилди.
«Жоголгон дептер» - «Жаңы ырлар» жыйнагында басылган.
«Келип кеткен мейманга» - «Ата-Журт» ырлар жыйнагында жарыяланган. Ыр
кыргыз адабиятын орус тилинде пропагандалоочу адабиятчылардын бири Л.
Пасынковго арнап жазылган.
«Сагынуу», «Арык суусу», «Жаралдым» - «Ата-Журт» ырлар жыйнагында
жарыяланган.
«Василийдин сары тору ат» - «Тандалмалуу ырлар жана поэмалар» жыйнагында
басылган.
«Сугат маалы», «Кээде жымжырт сүзүлүккү тартканың», «Айлык сапар кетсең
дагы агылып», «Көңүлүм сергек улам көктөп тургандай» - «Ата-Журт» ырлар
жыйнагында жарыяланган.
«Сүйүнүү», «Кетменим», «Колхоздогу түн» - «Тандалмалуу ырлар жана поэмалар»
жыйнагында жарыяланган.
«Кыйратам деп, мейли кыян сел акса», «Райкомдун секретары», «Жамгыр жаады»,
«Балалык», «Орус эли», «Жылдыз калаа», «Түнкү кеңеш», «Эриккенде»,
«Жеңишкандын атасы», «Коштошуу», «Москва», «Пушкинге», «Колхозчуга»,
«Күлжамал» - Бул ырлар «Ата- Журт» жыйнагында жарыяланган.
«Түлкү менен каздар» - Биринчи жолу «Балдар үчүн» деген ырлар жыйнагына
басылган. Экинчи жолу «Тандалмалуу ырлар жана поэмалар» жыйнагында
чыккан. Бул жыйнакка акыркы чыгышы боюнча киргизилди.
«Бат айтма» (Жаңылтмач) - Биринчи жолу «Балдар үчүн» ырлар жыйнагында
чыгат. «Тандалмалуу ырлар жана поэмалар» жыйнагында экинчи жолу басылат.
Бирок, акыркы басылышында 10-11-саптар өзгөртүлүп мындайча берилген:
«Көк түстүү
Колду өөп
Көбүргөн».
Автордун өз кол жазмасында жана жыйнагында да төмөнкүдөй:
«Көк түстүү
Көлдү өөп
Көлбүргөн»
«Көк түстүү
Ушул эле ырда 31,35-ыр саптары да өзгөрүлүп кеткен:
«Алсам дейм
Акыйкат,
Аска таш,
Алдырбай
Аска таш Акыйкат» — деп,
«Акыйтат» деген сөздү «Акыйкат» деген сөзгө алмаштырган. Ырдын тексти бул
жыйнакта «Балдар үчүн» деген жыйнактан алынды. «Жаш жеткинчектер» «Жаңы ырлар» жыйнагында басылган. «Коля» - «Махабат» ырлар жыйнагына
чыккан. Кийинки жыйнактарында жок. Жазылган датасы кол жазмадан такталып
берилди.
«Чымын, чиркей ырлары» - Биринчи жолу «Балдар үчүн» ырлар жыйнагына
чыккан. «Тандалмалуу ырлар жана поэмалар» жыйнагында да басылган. Ырдын
жазылган жылы акындын кол жазмасы боюнча такталды (инв. № 1611).
«Жамгыр ыры» - «Балдар үчүн» ырлар жыйнагында чыккан. Ырга композитор
Калый Молдобасанов музыка жазган. Датасы кол жазмадан алынды (инв. №
1611).
«Кара чыйырчык», «Балдар менен турналар» - «Балдар үчүн», «Тандалмалуу
ырлар жана поэмалар» жыйнактарында басылган. Акыркы басылышында «Кара
чыйырчык» деген ырдын төмөнкү эки куплети кирбей калган:
«Эгинге зыян келтирчүү,
Чегиртке менен кармашат.
Жазмыштын өжөр колунан
Адамдын багын талашат.
Чоңго айланат акыры
Турмушта майда кырсыктар,
Майданын, майда баатыры,
Биздин кара чыйырчыктар».
Бул ыр сабактары «Балдар үчүн» ырлар жыйнагынан алынып киргизилди.
«Самолёт ыры» - «Балдар үчүн», «Тандалмалуу ырлар жана поэмалар»
жыйнактарында басылган. Мында акыркы басылышы алынды.
«Нургүл» - Биринчи жолу кол жазма боюнча киргизилди (инв. № 1611).
«2» менен Эмилбек» — «Ата-Журт» ырлар жыйнагында жарыяланган.
«Калпычы Канымкул» - Акындын кол жазмасы боюнча биринчи жолу
жарыяланып олтурат (инв. № 1612).
«Тай күлүк», «Кулой, кулой торпогум» - «Менин жерим - ырдын жери» ырлар
жыйнагында жарыяланган.
«Физкультура, «Бала тили» - «Ата-Журт» ырлар жыйнагында жарыяланган.
«Тору тай» - «Менин жерим - ырдын жери» ырлар жыйнагында жарыяланган.
«Телебай тентек», «Эки метр Эсенкул» - «Ата-Журт» ырлар жыйнагында басылган.
«Учкаяк болгон балапан» - Акындын кол жазмасы боюнча алынды. (инв. № 1612).
«Китептин душманы» - «Ата-Журт» жыйнагында жарыяланган.
«Биринчи сентябрь», «Китепти сүй» - «Жаңы ырлар» (1949) жыйнагында
жарыяланган.
«Куштар кетти», «Бак тигели», «Мугалим», «Пионер ким», «Пионер ыры» - «Жаңы
ырлар» жыйнагында басылган. 1954-жылкы тандалмалуу жыйнакка да
киргизилген.
«Кайгы» (Илгерки бир мергенчиден) - Бул ыр «Чолпонстан» жыйнагында
жарыяланган.
«Мүнөз ойну» - «Махабат» ырлар жыйнагында басылган. Бул легенда А.
Осмоновдун 1937-жылы жазган «Кайгы» аттуу легендасынын кайрадан жазылган
жаңы варианты болууга тийиш.
«Ысык-Көл», «Куу кумпай» - Биринчи жолу «Жаңы ырлар» жыйнагында
жарыяланган.
«Балта жутар» - «Ата-Журт» ырлар жыйнагында басылып чыккан.
«Домонун кызы» - «Жаңы ырлар» (1949) жыйнагында жарыяланган.
«Калп айтуу», «Алдар» - Биринчи жолу «Жаңы ырлар» (1949) жыйнагында
басылган. Кийин 1954-жылкы тандалмалуу жыйнакка да киргизилген.
«Мартчылык», «Шумкардын туулушу» - Биринчи жолу «Жаңы ырлар» (1949)
жыйнагында басылып чыккан.
«Уурулук», «Жаман көз», «Жер албагыр», «Кыдыр, бакыт» - Биринчи жолу «АтаЖурт» жыйнагында басылган.
«Кашабаң», «Жыл талашуу», «Чилде», «Баланын эне өбөгү». -«Себеп болор бекен
деп», «Аялына күйөөсү» - «Жаңы ырлар» (1949) жыйнагында чыккан.
«Өңгө жалган, өлүм ак» - «Ата-Журт» ырлар жыйнагында жарыяланган.
«Бул айтылуучу кеп» - « Жаңы ырлар» (1949) жана 1954-жылкы тандалмалуу
жыйнактарында жарыяланган
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
  • Büleklär
  • Акындын Элеси - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3840
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2225
    26.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3736
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2283
    26.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 3811
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2151
    28.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3982
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2076
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3859
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2239
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3940
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2064
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3826
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2049
    28.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3794
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2098
    26.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3825
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2063
    28.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3649
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1939
    27.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3813
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1876
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3816
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1931
    30.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3826
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    28.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3817
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2076
    31.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3692
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1499
    35.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    53.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 2613
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 815
    30.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.