Latin

Акындын Элеси - 03

Süzlärneñ gomumi sanı 3811
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2151
28.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
40.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Көз тойгус көркөмдүктүн көркүн сурай,
Сансыз мал кең жайытын карап туруп,
Ырдады коңур үндүү үнүн улай.
Кең күңгөй кубаттанам демиң менен,
Сырдашам жумшак эзген желиң менен.
Кой жайып күүгүм талаш түшкөн кезде,
Тосуп ал кең пейилдүү белгиң менен.
Жайдарым Жаңы тескей элиңдеги,
Эмгектин чын тилектеш бураң бели.
Турмуштун ким күбөлүк сырдашы экен,
Чынында кайда алпарат жаш тилеги.
Дегенде көңүлүнөн бакты, ташып,
Жаңы кыз жаңы койчу колтукташып,
Эй турмуш, көркүң биз ээ дешкенсиди,
Белгилүү жаш кыялдан шаттык ташып.
Суусамыр, 1934
ТҮШТҮКТӨН СУЛУУ ТАҢ АТТЫ
Тилесең эрк, бак берер,
Түштүктөн таң агарды.
Күн чыгыш күндүү узартып,
Бу да алтындан жаралды.
Тилесең эрк, бак берер,
Түштүктүн нурдуу таңы атты,
Түштүктүн сулуу кызындай,
Суктандырып каратты.
Кең береке түштүктүн,
Күрөштө жеңиш деми бар,
Бардык тагдыр кубатын,
Күрөшкө бергич эли бар.
Турмуштун жаңы көркүнө
Түштүк сенин жериң ээ,
Замандын жаңы шартына
Түштүк сенин элиң ээ,
Түштүктүн баатыр жаңы эли,
Түбөлүк жыргап жүрүшсүн
Түштүктүн сулуу кыздары,
Шаңкылдап ырдап күлүшсүн.
Тилесең, эрк, бак берер,
Түштүктөн таң агарды,
Күн чыгыш күндү узатып,
Бу да алтындан жаралды.
ПАХТА ТАЛААСЫ
Баштагы көрккө да бир көрк,
Пахтасы тегиз ачылып.
Айтайын деп уялып,
Тургансыйт сырын жашырып.
Бешинчи бригат биринчи,
Максүт аны башкарат.
Пахтаны чөптөн арылтып,
Гүлдөткөн ушул тазалап.
Звеного бөлүнгөн,
Участканы карасаң.
Теримге кирип калыптыр,
Демилге кубат берет шаң.
Эпкиндүүлөр толкундай,
Толкундай толкуп чыгышып,
Эпкиндүүлөр эпкиндеп,
Эпкиндеп иш кылышып,
Аппак алтын, ак алтын,
Талаанын аппак иреңин
Андан бетер агартып,
Буластайт жаш кыз-келин.
Күлайым, нурдуу Күлайым,
Теримге буда чыгыптыр.
Күлайым, сулуу Күлайым
Азаматтык кылыптыр.
Күлайым, күлүп, шаңк этип,
Теримге баштап кирди эле,
Күлайым терсин пахтаны,
Машина бейм тим эле.
Комсомол кыз темптүү кыз,
Күлайым менен Асылкан.
Бул эки кыз сулуу кыз,
Теримге көнгөн башынан.
Качан болсо эки кыз,
Эң алдыда жүргөнү.
Алыстан гана угулат,
Каткылыктап күлгөнү.
Адил иш, ак иш, жеңген иш,
Дагы эле жеңип баратат.
Темпи жок тиги Зууракан,
Шашып терип баратат.
Күлайым менен Асылкан
Сапаттуу иш жүргүзөт,
Ой, Зууракан жетип ал,
Деп гана ичин күйгүзөт.
Үймөк, үймөк ак алтын,
Алтынга талаа бөлөндү.
Чиркешкен кызыл жүк менен
Пунктка пахта жөнөдү.
ТЕҢТУШТАРЫМА
(Ж. Ж. ларга)
Теңтуштарым, капа жеңген ойнуңар,
Кабак бүркөө, кыялымды жойдуңар.
Күлкү менен жүрөгүмдү эзилтип,
Койгулачы такыр болбой койдуңар.
Максатыбыз дагы окууга кетербиз,
Бирге чечкен оюбузга жетербиз.
Теңтуштарым сакал чыгып калганда,
Дагы ушинтип, алыша алар бекенбиз?
ТАҢШЫР БУЛБУЛ
Сайрап-сайрап эс алып,
Кончу булбул үнү бар.
Кайта ойгонуп тил безеп,
Сайрачу булбул үнү бар.
Кадырын билбей кор кылчу
Бороону күч ызгар жок.
Тили катып саргаяр
Булбулга жоо кыштар жок.
Келчи булбул эртерээк,
Бакчамдын гүлү ачылды.
Сен келет деп бакчада,
Сайрагандар жашынды.
Өз үйүмдүн бурчуна
Гүлдөр тигип берейин.
Булбулум таңшып сайрачы,
Күкүктү билип келейин.
Билбейм неге шылтоолоп,
Айтты бекен жашсың деп.
Бүгүн эртең күн болжоп,
Таңшыр булбул таңшый элек.
Бардык жер, кызыл-тазыл гүл,
Ачылды булбул жайдарың.
Дайым жаз учуп кетпессиң,
Булбулум келгин сайрагын.
ФРУНЗЕ
Эй, карачы эс алуучу жер сонун,
Көрө аласың ыракаттын толугун,
Бирдемеге ыраазы эмес жан элең,
Келсеңчи сен, кетет кыял жоругуң.
Фрунзе өстү, таштап баткак чыласын,
Бир эле көр, дүйнөгө кеп кыласың,
Жайдын толуп турганында Фрунзе,
Бир көрк алат, арманыңдан чыгасың.
Көп эле сен ачуума тийбесең
Былжыраба, эчтекени билбесең!
Анчейин бир кыштак экен дептирсиң
Сен экенсиң, атайлап мен ким десем.
Комсомолдор чоң далалат көтөрүп,
Кечээ гана ишембилик өткөрүп
Даңгыраган таш көчөлөр жасашты,
Атайылап арабалар кум төгүп.
Дагы мына сабыр кылгын шашпагын.
Тээтетиги бийик зоока таштарын
Ташып келип сонун тамдар тургузсак,
Келет го дейм дагы миң жыл жашагың,
БҮГҮН
(8-мартка)
Айып этпе, бактым, күнүм, нурум дейм
Ошондойсуң эми эмнеге кайгы жейм.
Жаш сулуулар, өңкөй кыздар чогулат,
Бүгүн жүрөк башкачарак болот бейм.
ЧОҢ КҮЙҮТ
Революциянын өртү менен тапталып,
Киши эле го өз ишинен атагып.
Келе жаткан эң алдыңкы катарда
Өлдү дейт го - дагы бир чоң капалык.
Кече гана душмандардын огунан
Киров кетти большевиктер тобунан.
Бүгүн дагы Куйбышевди узаттык
Шум өлүмгө арга-амалдын жогунан
Жараланган жүрөк кантип айыгат,
Көңүлдү ороп, андан бетер басты дат.
Бул иш үчүн эми эмне кылабыз,
Пролетарлар акылың бар ойлоп тап!
Жок табылат, мындай иштин чарасы,
Ырас канар душмандардын табасы.
Биз баарыбыз Куйбышевче иштейли,
Душмандардын дагы кетсин аргасы.
БИЗ ЛЕНИНСИЗ
Жолдош Ильич далай милдет тапшырып,
Кетти эле го, көбүн ишке ашырдык.
«Ленин өлдү: большевиктер жеңилет»
Дегендердин оозуна таш каптырдык.
Биз Ленинсиз көп иштерди кыла алдык,
Муруңкудан дагы бекем чыңалдык.
Биз Ленинсиз биринчи беш жылдыктан
Эбегейсиз жеңиштерди чыгардык.
Жолдош Ильич ушул кезде бар болсоң,
Окуйт элек, томдоруңа кошуп том.
Бирок сенин өз жолуңда бараткан
Пролетариат өлкөсүнүн иши чоң.
ГҮЛҮМӨ
Жайлоодо өскөн жадырап,
Кыпкызыл, жашыл гүлүм бар.
Өмүрлүккө сактаган
Бактылуу гана күнүм бар.
Гүлүмө кир жугат деп,
Эч кимиңе карматпайм
Көрсөң куса болосуң,
Жаныма окшош ардактайм.
Гүлүмдүн жыпар жыты бар,
Эч кимиңе жыттатпайм.
Көпөлөк болуп учарсың,
Желе тартып кылтактайм.
Гүлүм аска башында,
Учсаң чарчап каласың.
Татынакай гүлүм бар,
Кимиң жетип аласың?
Жайлоодо желден дем алып,
Гүлүм гүлгө жеткенде.
Экөөбүз бирге жашайбыз,
Күкүктөр күнгө кеткенде.
УКТААРЫМДА
Кыймылы жок тим гана
Мурда турган көк карап,
Шуулдап соккон шамалга
Шуудурады бак-дарак.
Тоо ашып күн жашынып,
Өскөн нур басты батышты.
Каргалар түнгө жай издеп,
Салпылдап учуп жатышты.
Көзгө уяң, айга көрк,
Түн жайнатты жылдызды.
Жылдыздар алыс-алыстан,
Билдиришпей көз кысты.
Дем алчуу жайкы бак менен
Колтукташып барабыз,
Өңкөй жаштар бир болуп,
Күлүп көңүл ачабыз.
Өмүрлүк кетип бир жакка,
Бизди унутуп жүрбө деп,
Жакшылап сактап алууга
Кыздар мага гүл берет.
Ошол жерде олтуруп
Дептериме ыр жазам.
Гүл ордуна ыр берип,
Кыздар менен сырдашам.
Жалгыз келип үйүмө
Үстөлгө бир аз олтурдум.
Эх, эчендерди ойлонуп,
Толкуну болдум толкундун.
Кен ачылган терезем,
Таза аба көңүл сергитет.
Жука кийген көйнөгүм
Турганын көрчү делбирттеп.
Оюма түшүп кыздардын
Таттуу сөзүн укканым.
Тынчый албай кыйлага
Анан барып уктадым.
Турсам да, жүрсөм, уктасам
Көңүлүм такыр тынчыбайт.
Эмгектүү менин көп курбум,
Ойготуп ойду чымчылайт.
БИР ТҮНҮ
Айлым булак маңдайында,
Көчүп барып кономун.
Жерди ойготуп, жерди ойноткон,
Таңдын нуру боломун.
Мобул тоолор кеч болордо
Көлөкөсүн калдайткан.
Тетиги аска менден мурда
Кылымдарды картайткан.
Күн чыгарда күн чыгыштан
Тарткан алтын боёгун,
Таңкы жүргөн шамал менен
Жатып ырдап коёмун.
Түн болгондо жомок айтып,
Шылдырлаган булактын
Күүсү эмне экен, көпөлөктөн
Булбулга айтып сураттым.
Билдим анын, уктум күүсүн,
Булбул айтып бериптир.
Колхоз айлы жыргап жаткан,
Санааны бүт жеңиптир.
ӨЗҮМ
Ырдап жүрөм, бирок көп эл уга элек
Китептерим атак алып тура элек,
Кагаз таңгак, бардыгы тең кур турат,
Сыя өңдүү калемиме жуга элек.
Талант толку, толкун менен кеңешкин,
Бир баш тартпай күчү менен ченешкин.
Бекеринче бирок такыр мактанба,
Жерде жүргөн жеңил кеме эмесмин.
Жүрөгүм сен, аптыккандай урбасаң,
Бул ишке эми чындап көңүл бурбасам.
Ырым менен бүт ааламды эритип,
Айга ыракат, жылдызга оюн курбасам.
Азыркы элдер тамшанышып калышсын,
Кийинки элдер издеп жүрүп табышсын.
Курбуларым өздөрүндөй сакташып,
Кыздар сүйүп, гүлдөр тандап тагышсын.
Качан?..- дешип күткөндөр бар сагалап,
Өскөн талант, көргүн турмуш аралап.
Актай турган кагазыма ыр толуп,
Том-том болуп жакын күндө таралат.
ЖОЛДОШ КИРОВ
Жан дилин чын, өз табына арнаган,
Эч ким аны майыштыра албаган.
Жолдош Киров, Киров анык большевик
Чыгуу кыйын мындай адам адамдан.
Он-он беш жыл жашасаң аз болгондо,
Толгон ырыс, бакты жеңмек элең го!
Ченемсиз мол, сенде акыл бар эле,
Ленинчилдин ирдүүсүнөн элең го.
Авангарддык ролун алып баратты,
Жаңы өлкөгө жаңы форма жаратты.
Жолдош Киров болоттон бек большевик
Партиянын бепбекем оң канаты.
Жолдош Киров ашкан чечен жан эле,
Биздин аалам Кировго айран таң эле.
Октябрда жеңген таптын туткасы,
Чын ленинчил деген урмат бар эле.
Анын иши күрөш менен башталган.
Айттым го бу чанда чыкчу башка жан.
Акылың бар өзүң эле ойлосоң.
Кандай адам, Ленин шаарын башкарган.
Кандай кабар, аалам угуп алыптыр,
Чоң күчүнөн тап айрылып калыптыр,
Бузуку ит, душмандарга жалданган,
Аңдып туруп Кировду атып салыптыр.
Биз билебиз душман күлөт, кубанат.
«Большевикке ушундай кыл» деп жатат.
Эй, душмандар көп тийише бербегин,
Кармалаба, бекер мылтык от алат.
ОЙГОНОРДО
Ушул жердин, жаш кезде
Уктум эле атагын.
Мына бүгүн үч-төрт ай
Эс алууга жатамын.
Тетиги кыштак былк этпей,
Түн койнунда жай жатат.
Жоголуп жылдыз бир бирден,
Жалкоолонуп ай батат.
Мөмөсү бышкан калың бак,
Мен уктап таң аттырам.
Ырдайм, басып жүрөмүн,
Ойлоого ой арттырам.
Аңгыча күн кылайып,
Алтын кирпик көрүнөт.
Булбулдар күндө ырдачу
Таттуу ырына чөмүлөт.
Уктарымда күкүктөр
Кыялымды ойнотот.
Таң атарда булбулдар
Сайрап жатып ойготот.
КУБАНАМ, БИРОК АЙЫБЫМ БАР
Эң ак жолтой бактылуу го жолуңар,
Билимиңер, бу силердин огуңар.
Сонун турмуш кызыгына чоңоюп,
Эми силер биздин бир күч болдуңар.
Билимиң ок, колдоно көр жакшылап,
Ошондуктан мылтыгыңды мээлеп ат!
Аздык кылат, иште дагы окугун,
Профессор бол, биз үчүн бул эң кымбат.
Большевикке большевикче иш кылыш,
Билесиңер, бизде бар бир чоң кылмыш.
Биздин жакта сабатсыздык дале бар,
Бул иш үчүн ыза эмеспи Күн чыгыш?
Жамандарча жалжактап тим жүрбөстөн
Көпчүлүктүн пайдасы үчүн күрөшкүн.
Биз дагы ушул техникумдан чоңоюп,
Жакшы турмуш жыргалында бирге өскөн.
Курбуларым техникумду бүтүрдү,
Кыргызстан бир чоң жеңиш күтүндү.
Ошондуктан эчтекеге бой бербей,
Кана эми чындап чыгар күчүндү.
Билим менен дүңгүрөтүп тоону жар.
Билим менен күйгөн өрттү өчүрө ал.
Чынында да бул кубат бар силерде,
Мен кубанам, бирок менин айбым бар.
Силер менен бирге бүтөт элем го,
Кубанычта бирге жүрөт элем го.
Педагогдун бири болуп калдым деп,
Мен ташкындап дагы күлөт элем го.
Бат эле мен чоң окууга барбасам,
Жанды берип абдан окуп салбасам.
Өмүрүмдүн баары кетсе мейличи,
Билимдүүнүн бири болуп албасам.
МЕН ӨЗ ЖҮРӨГҮМ МЕНЕН
Эй, кең жерим кимге гана жакпаган,
Алтын кылып тарых сени сактаган.
Билемин мен дүркүрөп бат өсөсүң,
Ушунуңа ээ жаа бербей мактанам.
Өрт жакчуга мен мүмкүндүк эте албайм,
Аз өмүрдө, ырдабай түк кете албайм.
Кыял кылам, барып толкун чапчыймын
Ал талантым, ага мен түк жете албайм.
ЖАШЧЫЛЫК, КОШ
Бойтойтуп кыска көйнөк кийип алып,
Балчыктан кипкичине тамдар салып.
Турмушту кайдан эске алар элек,
Ойнойбуз чарчаганча моокум канып.
Жашчылык кош, бул бир гүлдөө убагың,
Кантем анан, эстеп гана турамын.
Мойнума тагып алып, кызыл жагоо,
Пионер жашына да өстүм дароо.
Ай ал күн эң бир кымбат күндөр экен,
Издебе, көктөн, жерден болбойт кароо.
Жашчылык кош, түк билинбей кетипсиң
Желге кетер жашты дуушар этипсиң.
Далай күнүм пайдасы жок солуптур,
Бала денем балбан болуп толуптур,
Курбуларым, тамаша эмес чын эле
Жигит дешип чакырышчу болуптур.
Жашчылык кош, сага айла жок экен,
Амал канча мына -ушундай деп чечем.
Иштейм, ойнойм, күлөм, жыргап жүрөмүн,
Мына ушуну талап кылат жүрөгүм,
Дагы далай жашоо, күлүү күндөр бар,
Сен жүрөгүм, үзүлбөсүн күдөрүм.
Жашчылык кош, чыдап күтүп бергенче
Эмки жылкы июнь айы келгенче.
Кайда, шашпа, али сакал чыга элек,
Картаң дешип кыздар шылдың кыла элек.
Өмүрүмдүн кызык доору ушу экен,
Жигитчилик калыбынан жыла элек.
Жашчылык кош, карылыкты жеңгенче
Сабыр кылгын, май айлары келгенче!
Ушул заман, ырысына чулганып,
Жашайлыкчы, жаштар, күндөй нурданып,
Калп эле айтам, оңой менен картайбайм,
Кеткен күндөр кала берсин «булганып»
Жашчылык кош, күлүп жашоо жеңсинчи,
Ойноо, күлүү, иш айлары келсинчи.
1935.
КОМАНДИР КЫРГЫЗ
Кана келчи олтур бирге сынайлык,
Маанилүү кеп, жеңил ойлук кылбайлык.
Мына, ха-ха! Кудум эле өзү экен,
Кыргыз уулу командирге ылайык.
Көрсөң өңүн, сүрдөп кете жаздайсың,
Сунса колун, батып кармай албайсың.
Октон коркуу адети жок буларда
Неге эртерек бомба бере салбайсың.
Эмесе ал атка мингиз, карашсын,
Командирлер катарына жарашсын.
Саналды бу, кана маузер тагып кой,
Чакан, чымыр денесине жарашсын.
Взвод, түз тур!
Командир кыргыз Команда берди.
Тор атчан, боз атчан
Тизилип келди.
Командир жээрде атчан,
« Бир - эки,
Бир - эки!»
Команда берди.
Ойноктоп ат ыргып,
Шып этип бурулуп,
Кылычтар кыңгырап,
Кынынан суурулуп.
Командир бир карап,
Дүр этип ар тарап.
Атчандар аттарын
Секиртип тапатак.
Зуулдап жөнөштү
Төрт-төрттөн катарлап.
Мына айттым: кантип анан жакпады,
Көрүп сынап доктор аны мактады.
Болот окшош баатыры деп өлкөнүн,
Күнгө күйгөн далысына таптады.
Чын эле ал кең далысын өлчөтүп,
Былк эттирбей кап-кап эгин көтөрүп.
Бышкан дене, жоон кара билектен,
Чоюнга окшош, булчуңдарын көрсөтүп.
Жапайы тоо аскасы өзү сүйлөнгөн,
Жолборс, илбирс айкырып таш үйлөрдөн
Кыргыз эли жигиттигин жибербей,
Ушуну аткан, баатырлыкты үйрөнгөн.
Взвод, түз тур!
Командир кыргыз
Команда берди.
Тор атчан, боз атчан
Тизилип келди
Командир жээрде атчан:
«Бир - эки,
Бир -эки!»
Команда берди.
Ойноктоп ат ыргып,
Шып этип бурулуп.
Кылычтар кыңгырап
Кынынан суурулуп.
Командир бир карап,
Дүр этип ар тарап.
Атчандар аттарын
Секиртип тапатак.
Шуулдап жөнөштү,
Төрт-төрттөн катарлап.
Кыргыз уулу мына ушуну жактырды,
Атка минди, кызыл форум тактырды.
Союл чапкан колуна алган беш атар,
Эми кыргыз, өзүн көрүп каткырды.
Торпок минип оодарышып алышкан,
Жаш кезинен атка үйрөнүп калышкан
Тоодогу өскөн тор атынын күчү бар,
Кете берет замбиректер ташытсаң.
Командирдин командасы негиздеп,
Көрөрсүңөр көктү да алып беришет.
Байкарсыңар, мейли өзүңөр көргүлө.
Кыргыз эли кылычка уста келишет.
Взвод, түз тур!
Командир кыргыз,
Команда берди.
Тор атчан, боз атчан
Тизилип келди.
Командир жээрде атчан:
«Бир - эки,
Бир - эки!»
Команда берди.
Ойноктоп ат ыргып,
Шып этип бурулуп,
Кылычтар кыңгырап.
Кынынан суурулуп,
Командир бир карап,
Дүр этип ар тарап.
Атчандар аттарын
Секиртип тапатак
Шуулдап жөнөштү,
Төрт-төрттөн катарлап.
Келген мүчө көрчү өзүңдү каратат
Булар окту окко салып санатат.
Оңго, солго өз тилинде кыйкырып
Взвод артта Буденныйча баратат.
Көктө, бомба, мейли газдар чачылсын,
Жерде танка, замбиректер атылсын.
Командирлер атка дароо минишет,
Эр болушса кана келип катылсын!
Тынчтык сүйгөн эли кенен дем алат,
Кыргыз уулу качан болсо келе алат.
Ал катарда эр командир ар качан,
Замбиректин огуна ок бере алат.
Взвод, түз тур!
Командир кыргыз
Команда берди.
Тор атчан, боз атчан
Тизилип келди.
Командир жээрде атчан:
«Бир — эки,
Бир — эки!»
Команда берди.
Ойноктоп ат ыргып
Шып этип бурулуп.
Кылычтар кыңгырап
Кынынан суурулуп.
Командир бир карап,
Дүр этип ар тарап,
Атчандар аттарын
Секиртип тапатак.
Шуулдап жөнөштү,
Төрт-төрттөн катарлап.
АЧУУМА
Элим сонун, эркин жашайм жолум оң,
Баатыр болсом, андан бетер баркым чоң.
Ошондуктан келечекке тырышып,
Ай, сениби, Чапаевтей болбосом!
Токто эми ачууңду тыя тур,
Шашпа деги толкунуңду жыя тур.
Биз чоңоюп барлыгына жетебиз,
Жүрөк учпа өз кабыңа сыя тур.
Андачы мен шлём кийип жарашып,
Айсыз түндөн айсыз түндү карашып.
Колдо мылтык, түптүз гана турармын
Жеңиштен соң эс алармын чер жазып.
ЖАКЫНДА
Барбаңдатып кансыз алдуу колдорун,
Кишенделүү тоскон чынжыр торлорун.
Быркыратып, майыштыра бир кармап,
Жаштар табат келечектен жолдорун.
Чыдай албай өлүм күткөн чапчылап
Дубалынан «дубалдуу» кан тамчылап.
Турган жерге кызыл шоола шам жанып,
Анан түрмө, эшиги чоң ачылат.
Бир жарк эткен нур, дүнүйөнү, жерди ороп,
Туш-туш жакты каптап кызыл туу толот.
Чыгыш-батыш эки жактан таң атып,
Эркин элден гүүлдөгөн жел согот.
КАГАЗЫМА
Азырынча жөн жата бер, билинбе,
Көп ырларым, кабардаш бол, бириңе.
Аман болсом жазып жатып өлөмүн,
Талант жатсын, кагаздарым чирибе.
СЫЯМА
Мен жазамын, сыям толкун баспасын,
Мен аңтарып жүрөгүмдүн казнасын.
Сыяларым, түпсүз дарыя болсо да,
Күчөгөндө соолуп кете жаздасын.
КАЛАМЫМА
Эй, каламым араң чыгат дабышың,
Али керек алыс жакка чабышың.
Ушул жолдон имерилбей кете бер,
Тоого өрдөсүн катуу жорго салышың.
Күкүк, торгой эстеринен танышсын,
Арт жагыңдан болбой эрчип калышсын.
Сайрап жаткан булбулдар да токтолуп,
Ой чиркин ай, деп бир карап алышсын.
СҮЙҮҮ
I
Түгөтө албайм жазып заман ырысын,
Ай, жаштар ай, көрчү ыракат кылышын.
Кызаар болсо, гүлдүн жыты жыттанып,
Байкачы ана, эстүү, сулуу чыгышын.
Жакшы турмуш сулуулукту чыгарат,
Биз эмеспиз сүйүшүүдөн болгон жат.
Жалгыз эмгек өзү бизди өстүрүп,
Артык адам, алтын адам кыла алат.
Салкын бактын мөмөсү өсөт кайталап,
Саргайбасын ырдап булбул кайтарат.
Күнү бою күз өз кейпин түшүрсө,
Күкүгү жок күнүм кимге айта алат.
Сүйүүчүлүк кандан, жандан жасалат.
Жашчылыктын жаш күндөрү башталат.
Жазда чыккан жашыл гүлдү жалбартып,
Булак ырын ырдатпай ким баса алат.
Жок түк болбойт күкүк эркин ырдасын,
Салкын бактын салкынында жыргасын.
Булут менен бирге көчпөс өмүрдү,
Бузбай булак буулукпастан ырдасын.
Сүйүшүү жок кеткен кептер азандан,
Сүйүшүү бар, солгон жүрөк жашарган.
Иште сүйүү, сүйүү иште бүгүнкү,
Жеткен тилек, максат табам жаштардан.
Кыздар десем таңдын нуру элестейт,
Сүйүшүү - от, көңүлүм көлгө кеңешпейт.
Таң азанда таңдын нурун сенсиң дейм,
Жок жүрөгүм, таңдын нуру эмес дейт:
Ойлойм, ойлойм кызды гүл деп санаймын,
Кыздын сырын жүрөктү ачып караймын.
Түк таба албайм, бекем экен ачылбайт,
Сүйүү күнүн, бакты жылын самаймын.
Бакты жылын самаймын деп айтканым,
Башка маани жаштар жакшы байкагын.
Мен сүйүшкөн жарым дешип санашкан
Унутпаймын, убадасын айтканын.
Кыздар деген өмүргө эне өңдөнөт,
Жигит ата, бу өмүргө дөңгөлөк.
Бирок экөө коммунизм таңында,
Жолдор жасап чыгып барат жөргөлөп.
II
Биздин ата, биздин эне кайрадан,
Билегине жаңы кайрат байлаган,
Буларда да өздөрүнчө сүйүү бар,
Өчкөн көздөн жаштык оту кайнаган.
Атам, энем силер эски кишилер,
Кайра чыкты, мурда түшкөн тишиңер.
Мурутуңар, сакалыңар ак эмес,
Иштөө, жашоо, сүйүү, жыргоо ишиңер.
Кой, эски экен,— шейшебиңди ыргыткын,
Таза көйнөк, шайы жууркан кылдырткын.
Калсын кепе, даңгыраган там жаса
Декилдетпей, деги мени тындыргын.
Ата, кечте малдан кайтып келесиң,
Эне, сен да, көп-көп эмгек чегесиң.
Жаңы шейшеп, жакшы жууркан булганат,
Барбы, кайда, кандай кийим бересиң.
Жашай билүү, жашоо күнү бузулбай,
Өз бактысын өз гүлүнөн учурбай,
Мейли жаштар, мейли болсун карылар,
Сүйүү турмуш жолдору бар ушундай.
III
Кээ бир жаштар күткөн жарын жашырат,
Бирин бири мактап айдан ашырат.
Мен да жашмын чын сырымды айтайын,
Ыразымын уксаң курбум жакшылап.
Элес кылам басып келип буралып,
Пайда болуп жарык шоола нурданып.
Батпайт алгын, ташып кетти сүйүүлүк,
Деп асманда жылдыздан мен суранып.
Колхозчу кыз кетменин мен чабыштым,
Атын айтпайм ай менен мен тааныштым.
Мени сүйүп, мен да сүйүп жаным деп,
Комсомолдук жүрөгүмдү алыштым.
Оо ал азыр, чоң шаарлар тоюнда,
Кыргыз эли берген милдет моюнда.
Ал, ал жакта, иштейт, окуйт, тырышат
Кетпейт бирок сүйүүчүлүк оюнда.
Анын берген сүрөтү бар, өзү бар,
Ойноктогон, жанган кара көзү бар.
Маскөө жактан мага жазган катында,
Мындай деген унутулбас сөзү бар.
«Жаштык деген кыйын экен сагындым,
Ар турмушка көндүм, быштым кагылдым.
Жок, жок чыда, окуп техник боломун,
Ойлоруңа ой туудурам баарыңдын».
Техник болот курулуштар салдырат,
Биздин тоого, күн шооласын жандырат.
Менин жарым, өз элине жан берип,
Көп заманга өчпөс даңкын калтырат.
Мен өзүмдү, түк токтотпойм шаштырам,
Талантымдан таңда ырлар жаздырам.
Көп-көп кылым бир кирдетпей окуучу,
Жаштарга арнап жаңы томдор тапшырам.
Комсомолдор сүйүшүүгө чыгабыз,
Кыялыбыз суз жүрүүгө чыдамсыз.
Сүйүү менен душман жеңбес эр болуп,
Өлкөбүзгө далай жумуш кылабыз.
Келет жарым, жыйырма бешке жеткенде,
Сүйүүчүлүк толук сабыр эткенде.
Комсомолдор, кыйбат сүйүп жөнөтөт,
Маскөө калат поезд жүрүп кеткенде.
Бирок максат, муну менен чектелбейт,
Муну менен сүйүүчүлүк эп келбейт.
Биз окуйбуз жеткен адам болобуз,
Толкунбуз биз, эч эчтеке кептелбейт.
Сүйүүчүлүк деги сүйүү шашпачы,
Менин жарым, катты көп-көп жазбачы.
Курбум мени сүйүшүүгө жеңдирбей,
Кана деги, жаңыча иш баштачы.
Келчи кана сагынычтык таралсын,
Күткөн жүрөк демин кенен ала алсын.
Комсомолдор ысык сүйүү доорунда,
Ленин өңдүү гений адам жаралсын.
ЭМИ БИР КЕЛГЕНЧЕ
Байкасам жерим жердин сымбаты экен,
Карасам тоолор тоонун кымбаты экен.
Мен келсем, сымбаттуу жер, кымбаттуу тоо,
Кыялдуу ойлорумду чыгарды эстен.
Аскадан аска чыккан кардуу тоону,
Тиктеймин сүрөткө алып нечен жолу.
Мен тоолук, кечки шамал, таңкы серүүн,
Тунук суу жүрөгүмө дары болду.
Желди кууп, кептер болуп учсам боло,
Булактан канатыма сүзсөм боло.
Түндө да шоола калар жерге конуп,
Тоо ашчу туманды айдап бузсам боло.
Өзүмө канат жасап учуп барам.
Кадимки кыраан чыккан бүркүттү алам.
Экөөбүз аны асманга кароол кылып,
Караңгы үңкүрлөрдөн шамдар жагам.
Кашка суу, шашып аккан жылгаларың,
Шар менен сөзүн айтат жыргагандын.
Тоо суусу сен да толкун жасап алып,
Мен өңдүү жүрөгүн бас ырдагандын.
Зоокалар көккө карай өсүп кетти,
Булуттар ошол жакка көчүп кетти.
Дал ушул, мен ыргытар таштар эртең.
Тоо болуп каларына көзүм жетти.
Мейли эрте, мейли кечте чыкканда үйдөн
Муздак жел, жүрөктү өбөт, мен да сүйгөм.
Бол бачым, тоодон бийик тоону күттүк.
Мындагы эл, эсиңе алып ушуну үйрөн.
Шагылды салынчу үйгө кум кыларбыз,
Кыштакты нурга ойготуп суу бурарбыз.
Аркы өйүз, берки өйүзгө ак там тизип,
Капчыгай сени кылып үн чыгаргыс.
Биз эртең, жалама зоо сени бузуп,
Болот куш, тоскон асман тоодон учуп,
Кыргыздын дал биз өңдүү комсомолу
Поездди жөнөтөр дейм алтын сузуп.
Кардуу тоо, кардуу чокуң кур кергиче,
Элсиз таш коркуп түнгө ыр бергиче.
Күндүз ай, күндүз жылдыз болууну тап,
Сагынып бир кайрылып мен келгиче.
Арашан, 1935
УЧКАН БУЛБУЛГА

а)
Жашчылыкта жүрөктүн
Адети отсуз тутанмай.
Сулуулар да курсунчу,
Суктанам суу жута албай.
Жалган болуп калабы,
Дайрага жетем дегеним.
Кыялым жаман ойчулмун.
Көп убара чегемин.
Уктайын десем да болбойт,
Чүмкөнөм такыр кыйналам.
Бу кандай жаштык талабы
Жүрөктө ташкын сыйбаган.
Булбулдар ырдап той кылчу
Салкын бакка мен барып
Үйгө кайра кайткамын
Сулуулар үчүн гүл алып.
Сулуулардан тандалган
Айчүрөктөр чыгарып,
Кошулган булбул биз менен
Турмушту турмуш кылалык.
Кыргыздын сулуу кыздары
Торолуп гүлдөп келатат.
Шылдырап суулар, бак өсүп,
Тура албайт сууга чөл чаңкап.
Бир-эки жылда кайрылып,
Биз жакка булбул келе кет.
Терезеге олтуруп
Кубулжуп сайрап бере кет.
Гүлдөгөн өнөр гүл ачып,
Көккө да көркүн жайнатат.
Салкын бак, жашыл жалбырак,
Күкүктөрүн сайратат.
1/VI 1935
ОКУУ МАГА
Болуу үчүн Күч,
Күкүк суу шарындай
Табылмакпы Оттуу
Жаштык чагындай...
Улутунган
Себебимдин чечүүсү
Окуу Мага,
Керексиң ээ...
Дарыдай.
ТӨРТ ЖЫЛДАН КИЙИН
Ким да болсо, жаш кезинде
Жаш күнүнө мактанар.
Мындан баштап, не бир сонун,
Кызык күндөр башталар.
Гүл ээрчитип, желге минип
Туура айга алпарар...
Жигит, кыз да экөө бирдей
Курар турмуш, тапталар...
Мага ушундай көп ой келет,
Кандай экен башкалар?
Күн ачылды бир аз мурда
Жамгыр жааган дыбырап.
Болбой такыр, курбум мага,
Бир жаңы иш шыбырап.
Мен кошулам, бирге болот
Ойлор келет зымырап.
Жашчылыктын максаты да,
Ал биз үчүн кыдырат.
Кечир сулуу, мен эмне айтам,
Ойло, муну ойлор чак.
Келдим. Айыл тааныган жок,
Алда качан унуткан.
Бу ким эле, деп тоо сурайт.
Үстүндөгү булуттан.
Бирдеме деп жооп айтат,
Тоо түшүнбөй болот маң...
Сулуу кызга ушак айтып.
Менден көңүл сууткан.
Мына ушул: ээ дал өзү
Суу алган кыз кудуктан.
Келчи сулуу, тааны мени,
Балким чоочун өңдөнөм
Тосчу сулуу алкымыңды
Төрт жыл сени көрбөгөм.
Ак жүзүңдөн мен өбөйүн
Төрт жыл сенсиз чөлдөгөм.
Мунуң ката жашыбачы,
Турам, мына, өлбөгөм...
Сулуу мени айып этпе,
Токтот, жүрөк жалынын.
Алкымыңа тагы калды,
Кантем анан сагындым.
Төрт жыл бою сакталган ой,
Чешчи сулуу бардыгын.
Төрт жыл мындан жүрдүм алыс
Көрбөй тоонун гүлдөрүн.
Сен сулуу кыз ойдо болдуң,
Үзгөнүм жок күдөрүм.
Ай сагындым жаш күнүмдүн
Айы чыккан түндөрүн.
Анан кантем жашык болуп,
Көнгөн тура жүрөгүм.
Бирок сулуу муну да бил,
Мен да бекер жүрбөдүм.
«Менин жарым кетти төрт жыл
Колу жумшак дебегин.
Көргүн өзүң чоң далымды
Көзүң менен ченегин.
Сүйөм сени, иштейм бирок,
Издейм турмуш керегин.
Менин айткан бул сөзүмдүн,
Тапкын сулуу себебин.
Койчу сулуу кубанасың,
Неге жашың агыздың?
Өлгөнүм жок, турам мына,
Дейсиң улам жалгызым
Кечир сулуу, мунуң ката,
Жалгыз эмес, сансызмын.
Бирок сүйүү сүйүү кыйын,
Учуп гүлгө жабыштым.
Төрт жыл жүрдүм акыр сулуу
Өзүң менен табыштым...
Айтсам, сулуу ээн түндөрү,
Күтүп көпкө жаткансың.
Туруп чочуп келдиби деп,
Түндө чырак жаккансың.
Мен келгенче төрт жыл өтүп.
Сен да кетмен чапкансың.
О, мобулар, комсомолдор,
Менмин аттан түшкүлө.
О, айылдан өскөн жаштар,
Туура келем күчүңө,
Колхозчулар кырман басар
Кызып эмгек үстүндө:
О, Алыкул, садагасы
Түндө кирген түшүмө
Эх... өзгөргөн, бул өзгөргөн,
Ой, карап көрчү күзгүгө!
Абышкалар, күбүр-шыбыр,
Жумуп бармак санашат.
Бирден төрткө жыл чубуртуп,
Кээси кайра адашат.
Айылда өскөн, көп кыз турат,
Баары жалжал карашат.
Сүйгөн сулуу кыз тобунда,
Алар менен жанашат.
Сезем, мени ал өзгөчө
Бербечүдөй талашат.
4/X 1935
МАЯКОВСКИЙГЕ
Анчейин - мен
Сени туурап
Сенче ырдап.
Бирок Ошончолук,
Акыл-ой
Курап,
Мен - чындап...
Жолдош!
Башкача айтсам,
Социалисттик
Улуу доордун
Коркпос,
Эр
Жеке Миңдик
Оратору Акыны,
Найзасы бар
Баатыры,
Владимир
Маяковский!
Мен!
Ушул ырларымды
Түгөтө ырдабай туруп
Айтарым:
Табыштап,
Кызуулап,
Кыйкырганымды
Жакшылап ук
Берем!
Өмүрдү,
Жашты!
Адамдыгым,
Акындыгым,
Акталсын!
Чиркин жан,
Калбасмын сууп
Ушул баштан:
Ойлормун,
Ойлормун,
Ойлормун
Шумдук.
Ырларымдан
Бомба жасап
Эй!..
Дүңгүрөтөрмүн,
Бир
Уруп!
«Жашасын» кур кеп
Үгүт... үгүт,
Ушуга ондоп Андан да көп,
Жыл кетти...
Бул керек!
Орустардан
Саша Безыменский
Александр Жаров!
Кирсановдор
Ушул жолдуу
Сызыктуу
Ырлар менен
Караңгы түндөрдү
Сүйлөттү.
Бизден:
Аалы,
Мукай,
Жоомарт,
Жусуп,
Кубанычбек Маликов!
Ушул үчүн
Далай
Мээ -
Түгөттү
Бул,
Максат!
Адамдык үчүн күрөшүү
Муну,
Маркс Энгельс
Ленин
Үйрөттү...
11/Х 1935
БИР ЖОЛДОШУМА

га)
Ар күндө түрдүү ойдомун,
Ой менен келбейт ойногум.
Мындан негиз чыгарам,
Мунумду түк койбодум.
Танда да бир иш колго алгын,
Түбүнө жетер жол салгын.
Өлсөң да жок деш болбосун,
Келбей койбос дарманың.
Мен айтсам мага жел күлүк,
Секунттап соккон дем күлүк.
Бирок буга эрчибейм,
Унуттум кайгы жүр күлүп.
Ойлон курбум бакты үчүн,
Иште элиңдин даңкы үчүн.
Кана эми, бир эрдик кыл,
Адамдыктын аты үчүн:
Сендеги болгон санаалар
Ысык-Көл менен барабар.
Айтаар жалгыз акылым,
Дүйнөгө курбум кең көз сал.
1936 ж
ОЙ, ЖЕР АЙ
I
О, тунук кашка сууларың,
Күр этип ташка урганың.
Бир гана жутуп алууга
Көрчү суусап, турганым.
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Акындын Элеси - 04
  • Büleklär
  • Акындын Элеси - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3840
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2225
    26.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3736
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2283
    26.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 3811
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2151
    28.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3982
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2076
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3859
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2239
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3940
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2064
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3826
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2049
    28.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3794
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2098
    26.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3825
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2063
    28.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3649
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1939
    27.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3813
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1876
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3816
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1931
    30.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3826
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    28.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3817
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2076
    31.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3692
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1499
    35.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    53.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 2613
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 815
    30.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.