Latin

Акындын Элеси - 08

Süzlärneñ gomumi sanı 3794
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2098
26.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
39.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
46.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Аным калп деп карганчы?
Калп болбосо - жашымда,
Штурман 1 болуп алсамчы.
Борборго шондо барсамчы,
Борсоюп окуп алсамчы.
Эч болбосо илинсем,
Тракторго жардамчы.
Ай комбайн, комбайн,
Жаныңда жүрүп жандайын,

Комбайндын штурманы.
Талабыма жетермин,
Таалайлуу эле маңдайым.
Таптаза кандай бууданым,
Семирсе кандай кунаным,
Сени да ошондой сактасын
Антпесе жетер убалың.
7/ХII 1945
Койсары
СУГАТЧЫ
Сугатчы сугат сугарса,
Жайылып суусу суналса.
Суйкая басып жаш сулуу,
Суусунун берип кубантса.
Бөгөлбөй бөгөт шар акса,
Эгинге сугат жарашса.
Эпчил жеңем жарма алып
Желбиреп чуркап баратса.
Аптабын ысык ырбатса
Токтолбой суулар шар акса.
Көрөгөч келин жарына —
Көмөчүн берип жыргатса.
Суюлуп жылдыз, ай батса
Кулагын бууп байлашса.
Сыр билги кургур таң күтүп,
Самоорго чайын кайнатса.
Алдына ашын жайнатса
Багландын майын чайнатса
Жөн билги алтын ардактап
Эрине бакыт айлантса.
Сугатчы суунун баатыры
Сур жибек тиккен чатыры,
Сугатчынын колунда,
Турмуштун жыттуу атыры.
7/XII 1945
Койсары
ТЕМИН
Айда темин, теминим,
Айда алты атым темингин
Абайлатпай чаап кал
Артка тарткан кежирин.
Оп майда, майда!
Оп майда, майда!
Айда темин, теминим,
Котор аттын кээ бирин,
Билгизбейли ушул жыл
Машинанын кемдигин.
Оп майда, майда!
Оп майда, майда!
Эмдиги жыл бу маалда
Молотилка кырманга
Батпай турган күн болот,
Согуш бүткөн замана.
Оп майда, майда!
Оп майда, майда!
Комбайным күч берсин,
Көп түшүмүн күз берсин
Теминге басып иели
Арпанын башы түшпөсүн
Оп майда, майда!
Оп майда, майда!
Орокчулар күч берсин,
Орой, орой бүктөсүн.
Теминге салып иели
Буудайдын башы түшпөсүн.
Оп майда, майда!
Оп майда, майда!
Кызылың кырка тоо болуп,
Кылкылдаган коо болуп,
Сенин берген демиңен
Жарадар кетсин соо болуп.
Оп майда, майда!
Оп майда, майда!
Саргычтын өңү тазарсын,
Арыктар кубат күч алсын.
Касиеттүү заманам
Көркүнө келип жашарсын.
Оп майда, майда!
Оп майда, майда!
Теминди салгын кеңелте
Күн бата элек али эрте,
Планың ашсын эки эсе,
Кырманыма береке.
Оп майда, майда!
Оп майда, майда!
7/ XII 1945
Койсары
СААНЧЫ ЖЕҢЕ
Сүрөттөй сүйкүм сүзүлгөн, жеңе,
Көркүнө көзүм түшүргөн, жеңе.
Ак алма мисал түсүңөн, жеңе,
Ак куудай айбат түзүлгөн, жеңе.
Алкымың алды бүчүңөн, жеңе,
Албырткан жанды күчүңөн, жеңе,
Түндө бир көргөн түшүңөн, жеңе.
Чака алып баскан жолуңан, жеңе,
Саатта саанын бүтүргөн, жеңе.
Табакка куйган сүтүңөн, жеңе.
Калкыңа берген майыңан, жеңе
Планың ашкан айыңан, жеңе.
Чачпагың учу шырп этет, жеңе,
Шырп этсе, жүрөк зырп этет, жеңе.
Зырп эткен жүрөк шааныңан, жеңе,
Эртелеп сааган сааныңан, жеңе.
7/XII 1945
Койсары
ЖАР КӨРҮҮ
Баркыттан кийген балдар ай,
Башайы көйнөк кыздар ай.
Эртең күйөө той берет,
Жар көрөлү
Жар, жар ай.
Кыздар:
Күйөө берсе той берер,
Биз бербейбиз кыздар ай.
Күйөөнүн жөнүн сурабай
Кыз бербейбиз
Жар, жар ай.
Жигиттер:
Күйөөнүн жөнүн сурасаң,
Жыйырма экиде жаш бала ай,
Сын-сыпатын көргөн жан
Сын таба албас,
Жар, жар ай.
Кыздар:
Жыйырма эки жаш кимде жок,
Кызык кеп го кыздар ай.
Өнөрүн айт, күчүн айт
Сыны кимге
Жар, жар ай.
Жигиттер:
Ат үстүнөн баратып
Тыйын эңет кыздар ай.
Оодарышса он эрди
Жалгыз жеңет
Жар, жар ай.
Кыздар:
Андай өнөр кимде жок,
Эмгегин айт, балдар ай.
Оодармактан оодарсын
Өнөрү кимге
Жар, жар ай.
Жигиттер:
Үч жүз жетимиш эмгек күн
Эсеби бар, кыздар ай.
Жазылбай жаткан дагы да
Нечени бар
Жар, жар ай.
Кыздар:
Үч жүз жетимиш кимде жок,
Четтен чыгат, балдар ай.
Кылган ишин дааналап
Жашырбай айт,
Жар, жар ай.
Жигиттер:
Бир гектарын бир чабат
Саздын чөбүн, кыздар ай.
Бир гектарын бир орот
Күздүктөрдүн
Жар, жар ай.
Кыздар:
Бир гектарды бир чапса
Жаман эмес кыздар ай.
Бирок анча макталчу
Балбан эмес
Жар, жар ай.
Жигиттер:
Алты кырдын үймөгүн
Жалгыз үйөт, кыздар ай.
Муну сүйбөй жаш кыздар
Кимди сүйөт
Жар, жар ай.
К ы з д а р :
Алты кырды өзү үйсө.
Азамат го балдар ай.
Азаматка алты кыр,
Аз болотко
Жар, жар ай.
Жигиттер:
Ал гана эмес, айлантат,
-Комбайнды, кыздар ай.
Коромжусуз майкаңдайт
Буудайыңды
Жар, жар ай.
Кыздар:
Комбайнды айлантса,
Балажан го кыздар ай.
Биздин Бүбүш сынчы эле,
Жараган го
Жар, жар ай.
Жигиттер:
Баланы айтсак ушундай,
Кызыңар кандай, кыздар ай
Суроо салып көрөлү
Айткылачы
Жар, жар ай.
Кыздар:
Мурду бучук, башы таз,
Кыз беребиз балдар ай.
Айлыңарга кеткиле
Кыш беребиз
Жар, жар ай.
Жигиттер:
Бучук эмес, таз эмес,
Какшыктаба кыздар ай.
Автобуста жарышып,
Биз келебиз,
Жар, жар ай.
Кыздар :
Кеп жүйөсүн билбейсиң,
Кейкеңдеген балдар ай.
Ушундай жигит жактырган
Жөн кыз бекен
Жар, жар ай.
Жигиттер:
Биз жеңилдик силерге
Сөз жүйөсү, кыздар ай,
Бир бирине жарашкан
Жар көрөлү
Жар, жар ай.
8/ХII 1945
Койсары
БАШКАРМА
Кызыл чийкил жаш бала,
Ар өнөргө маш бала.
Улууга жаман айтпаган,
Кичүүнү тилдеп какпаган,
Биздин, биздин башкарма.
Тор ат минген жаш бала,
Түн уйкусу аз бала.
Колхозду алга сүрөгөн,
Планын бүтпөй күлбөгөн,
Биздин адил башкарма.
Жылкысы кери жайылган,
Койлору батпай байыган.
Ыраазы болуп район,
Кызыл туу келип борбордон,
Рахмат кетпей айылдан.
Азын көпкө кураган,
Көбүн көпкө улаган.
Үйлөргө кымбат мүлк толгон,
Кечке жуук колхоздон,
Күмүш түтүн булаган.
Жүдөөнүн жайын сураган,
Эл жетинсе кубанган
Ошондуктан тилеги оң,
Кечке жуук колхоздон
Алтын түтүн булаган.
Биздин биздин башкарма,
Кармаса колу таш жарма.
Жеткинчектер жыргасын,
Замана калсын, иш калсын,
Ушундай адил жаштарга.
8/ХII 1945
Койсары
УНУТПА
Унутпа жибек боолуу куштарыңды,
Кирген суу, жааган күндөй курч чагыңды,
Өмүргө бир гана ирет жаралсаң да,
Өрөпкүп, өргө алкынып учканыңды.
Унутпа, ойноп-күлүп өскөнүңдү,
Асмандан ырыс көлүн төккөнүңдү,
Турмушка бир гана ирет жаралсаң да,
Жаркылдап жарак кармап өткөнүңдү.
Унутпа, кечээкиңди, эртеңкиңди,
Ажалды как сүбөөгө тепкениңди,
Заманга бир гана ирет жаралсаң да,
Миң жылга из калтырып кеткениңди.
Унутпа, жылдыз мончок жылдарыңды
Жылга эрчип жылтылдаган жыргалыңды,
Унутсаң өзүмдү унут, бирок дагы,
Унутпа менден алган ырларыңды.
8/XII 1945
Койсары
ЖЫЛКЫЧЫ
Колумда четин укурук
Мингеним асоо жулкунуп,
Жылкычы болсом неге арман,
Жаштыктын демин учуруп.
Жаштыктын демин учуруп,
Жараган чалыш кулпунуп,
Үйрүнөн чыккан күлүктү
Жагалмай куштай куушуруп.
Жээрде кашка сарала,
Кызыл, тору, карала,
Жылкынын көркү эмеспи,
Жылдыздай жылуу санаага.
Айдасаң кулак жапырып,
Куландай куюн сапырып,
Асеми канча жылкынын
Салтанат сайран калтырып.
Дүбүртү дүрбөп дүңгүрөп,
Өрөндүн ичи күлдүрөп,
Каптаган калың кол эмес,
Андан да сүрү сүрдүүрөөк.
Кыялга куунак кымызы
Кыял кош кылган кыргызды,
Кимдин, кимдин жылкысы?
Бай колхоздун жылкысы.
Жай келсе Арпа көчсөкчү
Ашуудан аргып өтсөкчү,
Кең турмуштун койнунда,
Сага окшоп туйлап өссөкчү.
Ай жылкычы, жылкычы
Жылкыңыз колхоз жылкысы
Жылкычы күнү кызыктуу,
Жыргалда өткөн жай-кышы.
8/ХII 1945
Койсары
КҮН ЧЫГЫШ КҮН БАТЫШТА
Жаралып күн чыгыштан бир адам - асыл, кымбат,
Маскөөгө сарай курган эң сулуулап, өндүрүп бак.
Ким десең: ал Ленин, ошо күндөн, ушул күнгө
Күн чыгыш күн батыштан күлүп чыгат.
8/ XII 1945
Койсары
МАНСАП
Атак, мансап,
Кайда бассак
Келе бербес таалайга.
Жолу саздак,
Тайгак, таштак
Турак жайы далайда.
Калыс жанга
Аман барда
Конуп кетер бир ирет.
Өңү жылуу
Кийми сулуу
Ким экенин ким билет.
Сылап-сыйпап,
Сынап-сыйлап,
Жедирет да, ичирет.
Чыкпай пайдаң,
Куруп сайран
Сен чоңойсоң кичирет.
Калкка жаккан
Катуу аккан
Дайрасы бар жол коёт.
Андан өтсөң,
Күч көрсөтсөң,
Кичирсең да чоңоёт.
9/ХII 1945
Койсары
Ырас болду, бактым, келгениң,
Кубанды менин элдерим.
Жаныма батты аябай,
Кайыры жок шофёрдой,
Кайкалап өтө бергениң.
9/XII 1945
Койсары
САБЫР КЫЛ, КУРБУМ, САБЫР КЫЛ
(К. Б... ГА)
Сабыр кыл, курбум, сабыр кыл,
Шаң чыгат шумкар уядан,
Ал сенин ырыс-таалайың
Кечиктим деп уялган.
Ар бир кымбат нерсенин Сыныгы бар, кеми бар,
Ар бир учкан нерсенин Токтой турган жери бар.
Ар адамдын турмушта
Аша турган бели бар;
Ар токтогон нерсенин
Уча турган жери бар.
9/ХII 1945
Койсары
КАЛМАК ЧАЙЫ
Каймак кошкон, сүт кошкон,
Калмак чайдын даамын бил.
Шекериң бар, балың бар,
Калмак чайдын даамы бир.
Калмак чайдан кана ичсең,
Жашыңа жана түшөрсүң.
Боюң эрип балкылдап,
Көйкөлүп көзүң сүзөрсүң.
Калмак чайды кайнаткан
Колхозчунун аялы.
Каухардан белем чынысы,
Жакуттан белем аягы.
9/ХII 1945
Койсары
КЫТМЫРГА
Кытмырдын ичи кырк кабат,
Кыркы тең бирдей кырк жамак.
Кытыраган ташы бар,
Кыйын болсо бир табак.
Барыңды бардай көрө албайт,
Баркыңды булгап жамандайт.
Бактыңа көзү кызарып,
Өлөйүн деп өлө албайт.
Бириңди бирге ушактайт,
Билгизбей туруп тузактайт.
Бети калың беш эли
Билмексен болуп жер карайт.
Үйүңө барып чай ичет,
Сылыккеч сүйлөйт «сиз», «биз» деп.
Байкабай, сезбей каласың,
Атыңа кери мингизет.
Кытмырдын кыт, кыт күлкүсү
Кысталыш жерде күлкүчү.
Күлүмүш болуп жеп салат,
Адамдын кытмыр түлкүсү.
Ырыңды ыр деп жактырбайт,
Айтар оюн таптырбайт.
Колунан келсе кытмырлар,
Аккан сууну актырбайт.
Кытмырың коркок морт болот,
Сүйлөсө сөзү чорт болот.
Шүмүрөйүп тобунан
Шүмшүк болуп жок болот.
9/ХII 1945
Койсары
КЫЗЫЛЧА КАЗГАН КЕЛИНЧЕК
Кызылча казган келинчек,
Кай жигиттин жарысың?
Касымкулдун жарымын.
Жары болсоң жакшы экен,
Канча болду түшүмүн?
Айтайын аттан түшкүнүң.
Аттан түшсө мынакей
Сылык экен сөзүңүз.
Эң төмөнү "сегиз жүз.
Сегиз жүз болсо серт экен,
Жаңылган экен кайран жер.
Меники болду миң центнер.
Бир гектардан миң центнер,
Мыкты экен, кана көрөйүн,
Колуңуздан өбөйүн.
Колумдун несин өбөсүң,
Туурук-туурук, капкара,
Көңүлү айныр жаш бала.
Сулуулук сыпат кимде жок,
Бакыттын өңү өзүңдөй
Бакыт сенин колуңда.
9/ХII 1945
Койсары
ЖҮГӨРҮ
Максым десең максымжан,
Күмүш чачпак жүгөрү
Нандан таттуу нан кылсаң,
Жибек чачпак жүгөрү.
Жараган күлүк ат минип,
Чүйдү карай чүдөдү.
10/XII 1945
Койсары
БЕШ ЖАШАРГА БЕРБЕЙМИН
Картайган сайын адамзат
Карылыгын жек көрөт,
Кайран өмүр өттүң деп
Санаркап күнүн өткөрөт.
Эскирген сайын адамзат
Эскилигин жек көрөт,
Эссиз өмүр өттүң деп
Өткөнүнө өкүнөт.
Жашаган сайын адамзат
Жаштык кезин сагынат,
Аттиң ай минтип калбай деп
Жаш күнүнө таарынат.
Майышкан сайын адамзат
Балалыгын сагынат,
Баягыда минтпей деп
Өзүнө өзү таарынат.
Мен антпейин, курдаштар,
Жаштыгым өттү кезинде;
Заманым тынбай жоо кырып,
Ок жамынган мезгилде.
Өттү зуулап балалык,
Заманым баатыр кезинде;
Алпкаракуш жар ташка
Таш түлөк тууган мезгилде.
Өмүрүм кетти жыргалда,
Заманым жигит чагында;
Шумкарлар жүрдү үстүмдө,
Кабландар жүрдү алдымда.
Ар жашаган күнүмдүн
Бир мин күндүк салмагы;
Ар бир өткөн жылымдын
Бир кылымдай ардагы.
Жан көрбөгөн укмуштун
Артынан кетип баратам,
Өлүмдүн бары чын болсо
Өлүмдү барып таңгалтам.
Жаш улгайып күн өтсө Бекерге өттү дебеймин;
Отуздан ашкан жашымды
Беш жашарга бербеймин.
10/ХII 1945
Койсары
ТОЛКУТ ДА КАЙРА БАСЫЛАТ
Турмушту өжөр күч дешет,
Өжөр эмес менимче.
Андан жумшак нерсе жок
Күчтүүсүнөн жеңилсе.
Турмушту орой кол дешет,
Орой эмес менимче.
Андан сылык нерсе жок,
Алдуусунан жеңилсе.
Турмушту сараң деп жазат,
Сараң эмес деп жүрөм.
Андан өткөн жоомарт жок,
Артылып турса өзүңдөн
Турмушту соргок күч дешет,
Сук айланган көзүнөн.
Андан сыпа нерсе жок Чачылып жатса өзүңдөн.
Кыян, бороон, сел дешет
Кыян эмес, сел эмес.
Ал бир кубат адамга Тең эмес да, кем эмес.
Ал бир жаздын булуту
Бүркөлүп кайра ачылган.
Ал бир күздүн толкуну
Толкуп кайра басылган.
12/ХII 1945
Койсары
СҮЙҮМКУЛДУН АЙЛЫНДА
Келди Сүйүм, сүйгөн курбум - Сүйүмкул
Сүйкүм көңүл сүйүндүргөн көп учур,
Учуратып Кызыл-Туунун боюнан
Колхоз баба, алтын сузган күзгү утур,
Төрт күн, беш күн эс алууга келатып,
Сүйүм менен көргөндөрүм мына бул:
Түптүз кеткен эки бөлүм калың бак,
Калың бакта орус, кыргыз эки калк,
Ирегелеш, босоголош, короолош
Бир туугандай энчиси бир ынтымак.
Бир дегеним кыргыз ага мал бакса,
Орус ата кырманда дан сапырат.
Башкармасы бизге маалим Биялы,
Бала мүнөз эң жагымдуу кыялы,
Энекелейт картаң орус кемпирин
Өз уулундай өгөйү жок сыягы.
Майрам күнү ырдаган ыр бир болуп,
Кошулушат комуз менен кыягы.
Комуз эмес, ой-пикири санаалаш,
Там көтөрүп ар бир койгон кирпич, таш;
Келечектин бейкут жайы урабас,
Орун алсын төркүнү бир соңку жаш.
Үй-жайы эмес, орус, кыргыз элинин
Өзүм көрдүм мүрзөлөрү аралаш.
Орус уулу салам айтат кыргызча,
Алейкум деп алик алат абышка,
Эч айрылгыс мүнөзү бир дос экен,
Орус, кыргыз бирин бири табышса,
Түк бөлүнгүс сапаты артык эл экен,
Бирге аттанган акыйкатка, намыска.
Кыргыз журту кызын берет оруска,
Сонун экен булар сөөк болушса,
Орус эли кызын берет кыргызга,
Артык экен булар бирге кошулса,
Турпагы да, таштары да таттуу экен,
Ар кыл улут бир конушка конушса.
Күн да батты, түн да кетти таралып,
Үркөр өчүп, үйдүн ичи агарып,
Көз ирмебей таң аткыча сүйлөштүк
Черге тунуп, жүрөк кайра жаралып,
Зуулаган күн, зымыраган турмушту
Бир башкача жакшы көрүп карадык.
16/ХII 1945
Койсары
«КОМУНИЗМ» КОЛХОЗУНДА
Кыштак калды, кырман жакка бет алдык,
Темин бастык, «берекелеп» үн салып,
Кырман кызыл, кылк-кылк этип байтигип,
Тынч өмүргө чолпон мунар нур тагып;
Кырк күн дуулап кымыз ичкен уландай
Куттуу күздүн кубанчына жыргадык.
Аттиң өмүр, арман өмүр, көп түрлүү,
Таалайга чак өлчөмү бар бөлүмдүү;
Болор элем кырманына корукчу,
Эгер болсо айтканыма көнүмдүү.
Ай чын эле болбогондо эмине,
Колхозчулук кандай кызык көңүлдүү!
Аттиң, бактым, баркыт мисал оңсоңчу,
Жашым жанып он сегизге толсомчу;
Көңүл ачык, көкүрөк таза соо чактай
Күздүк айдап, бир күн сыртка консомчу.
Кызылчанын катуу түбүн жумшарткан
Жыламыштын жылдыз суусу болсомчу.
16/ХII 1945
Койсары
КӨҢҮЛ КУУНАК
Көңүл куунак, өмүр ынак, жол ыраак,
Жорго минген жолоочуга даңгырак,
Кээде бороон, кээде үйөр бетке уруп,
Сергек жанды бир аз тыным алдырат.
Тыным алып артыбызга көз салсак,
Көзгө илешпейт, мел-мел этип эки жак,
Аз өмүрдө канча кыйын жол баскан
Таң каларлык, таң каларлык адамзат.
17/ХII 1945
Койсары
1946-ЖЫЛ, 1-ЯНВАРЬ
Бул күндө мен көк атлас Көлдө болдум,
Куттуктап колун кысып жолдоштордун,
Уктабай минут санап түндү күтүп
Сагындым биринчи айдын келер жолун.
Барактап, ой улантып, китеп ачтым,
Вино ичпей кол кубантып ырлар жаздым,
Түнкү аяз, ачык жылдыз, толкун менен
Жаңы айды, жаңы жылды куттукташтым.
17/ХII 1945
Койсары
ЭСКЕРМЕ
Мен тургузбайм эскерсин деп эскерме
Эскерсин деп эстетерге эч нерсе,
Кайтпас күнгө калкып кете беремин
Кайсы күнү тагдырыма кез келсе.
Эрксиз сыйлап, караңгы көр кереңин
Сыртта калар аз болсо да керегим;
Билбес жанга өспөс менин бийигим,
Билген жанга өсөр менин тереңим.
Таштан болор, кумдан болор төшөгүм,
Аз болсо да сыртта калар сөздөрүм,
Өлсөм дагы жара тээп мүрзөмдү
Буудан болуп таскак салып өтөрмүн.
17/ХII 1945
Койсары
ТИРҮҮЛҮК
Кеткен кетти, өткөн өттү бирдеймин,
Кечтим дайра агымынын миңдейин;
Кемибеген кенч экен го тирүүлүк,
Кенч дебесем анан аны не дейин?
Кайдан чыгып, качан келдим бул жерге?
Жел миндимби, суу миндимби, билбеймин.
Калган калды, бирин көзгө илбеймин,
Бастым ашуу, тайгак жолдун миңдейин,
Шаан-шөкөт, той экен го тирүүлүк,
Той дебесем, анан аны не дейин?
Жашоо чиркин, бир тамшаным нерсе экен,
Кант жедимби, бал жедимби билбеймин.
17/ХII 1945
Койсары
ИСТРЕБИТЕЛГЕ
(Учкучка)
Сен учкучсуң, болгондо да кырааны,
Канат серпсең, куштан бийик чыгасың.
Чагылгандай кур дей түшкөн үнүңдө
Максатыңды же бар, же жок кыласың.
Мен акынмын, сүрүм менен токтотом
Сел дайраны, океанды толкуган,
Ителгиче ташты жара тепсем да
Өзүмө өзүм ыразы болбой олтурам.
Аз өмүрдө көптү берип калууда
Биздеги ойдун эң туурасы, ырасы,
Учкуч курбум экөөбүзгө баары бир
Жашоо күндүн узун жана кыскасы.
17/ХII 1945
Койсары
ӨЛГӨН ЖОКСУҢАР
Кечээ жаштык түтүн эле жана элек,
Жүзүм эле тамчы суусу тама элек,
Тагдыр кошуп жолдош кылган турмушка,
Тамашалуу бир топ, бир топ бала элек.
Бир топ бала, сен гана да, мен гана?..
Көп азайдык, жалган айтып не керек.
Көп азайдык, күн батышта жоо жеңдик,
Жеңиш үчүн тобокел деп жан бердик.
Жылуу үйгө, жумшак сыйлуу төшөккө
Бир кайрылып, канат серпип келбедик.
Бакыт үчүн муздак жерди кучактап
Өмүрлүккө чоочун жерди жердедик.
17/ХII 1945
Койсары
СЕН АЙТПА
Сен айтпа да, мен укпайм,
Эссиз кыздын көпкөнүн,
Кийсе кийсин жибектин
Кызыл, сары, көктөрүн.
Менде толгон кийим жок,
Сыртым бүтүн көңлүм шат.
Менде таттуу ырлар бар,
Барлыгынан жаңыраак.
Кимдин кимин көрөбүз,
Жер үстүндө бар болсок.
Кыйындык жанды чыйратат,
Бейкорлук муун бошотот.
17/ХII 1945
Койсары
ДАГЫ САГА
Сен жок жерде ак селки
Көйкөлө басып буралат.
Көркөмүндө айып жок,
Көз кандырып суналат.
Сен бар жерде ак селки
Төмөнсүнөт, жер карайт.
Акыйкат сүйгөн ар адам,
Ошентсин деп дабалайт.
Кылчактасын, кызарсын,
Алдынан тосуп бара бер.
Бетиндеги уятын
Тарта түшсүн кара жер.
17/ХII 1945
Койсары
МЕН БУЛ ЖАКТА ЖҮРГӨНДӨ
Мен бул жакта жүргөндө
Эстер бекен курбулар?
Эстесе эстер бир күнгө,
Бирок бир жыл унутар.
Неге антишет, билбеймин,
Унутчак күндөн кайсы опо?
Унутсаң унут, таарынбайм
Ырым жокто, мен жокто.
Көзүм барда, курбулар,
Эстегиле, антпеңер,
Жүз жыл бизге энчи эмес,
Унутушар кез келер.
18/ХII 1945
Койсары
СЕНИН ПОЭМАҢ
Сен десем, сен дегендин баары сенсиң,
Сен калыс, сен адилет, тегиз - теңсиң,
Эр жигит мээнет менен тапкан мүлкүн
Түбөлүк сактатууга сага берсин.
Сөзүң чын, жолуң туура, молсуң, кеңсиң,
Шертиң ак, ошондуктан ыйык элсиң.
Азамат, тапкан байлык, мурастарын,
Ар убак сактатууга сага берсин.
Бул ырлар менин ырым, сенин ырың,
Мөмөсү биз жашаган жакшы жылдын.
Бүгүнкү менден алган поэмаңды
Эскиртпей, эртеңкиңе сунуш кылгын.
18/XII 1945
Койсары
КЫРГЫЗ КӨЛҮ
Ысык-Көл - кыргыз көлү кылкылдаган,
Кыз-келин кылаасында шыңкылдаган.
Кылымдар колдон түшкөн маржан болуп,
Көрүнбөй тереңинде жылтылдаган.
Ысык-Көл - кыргыз көлү шарпылдаган,
Көркүнө көктөн башка тартынбаган,
Замандар кербенчидей чубап өтүп
Чарчаса саясында салкындаган.
Ысык-Көл - күрдөлдүү көл күрпүлдөгөн,
Көркүнө көктөн башка сүртүнбөгөн;
Көк түсү таалай көркү, ырыс көркү,
Толкуса толкундары түркүмдөгөн.
Көзү курч, көкүрөгү бек уландары,
Пейли кең, берешен кол адамдары,
Ысык-Көл, касиетиңен айланайын,
Сыйла, сүй бакыт берген замананы.
19/XII 1945
Койсары
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮ ТЫНЧ АЛСЫН
Карап турсаң дүйнөнү
Уйгу-туйгу тунарат,
Анын сүрдүү иреңи
Кызарат да кумсарат.
Жоругу жаман тентек ок,
Кээ бир жерден чуу этет.
Казатка көнгөн жаш жүрөк
Коркпосо да шуу этет.
Согуштун жели сокпосун,
Дүйнө жүзү тынч алсын.
Тынчтык үчүн өлгөндөр
Жайлуу жатып уктасын.
19/XII 1945
Койсары
ОРУС КАЛКЫТ - ТУУГАНЫМ
Орус калкым - тууганым,
Кыялыңды жактырам.
Кара нөшөр түндө да
Жарык күнсүң ачылган.
Мээ кайнаган ысыкта
Пейлиң жайлоо салкындуу.
Жүрөк тоңгон суукта
Жылуу жазсың жаркындуу.
Боорукерсиң атамдай,
Марттыгың май майрамдай
Каадаңда такыр кайгы жок,
Мичуриндин багындай.
Эпкиндеп баскан кадамың
Камбаркандын күүндөй.
Өмүрүң куунак ар убак
Жаңы жылдын түнүндөй.
Ылдамдыгың куландай,
Ыкчамдыгың тайбастай,
Баатырдыгың бүркүттөй,
Өткүрлүгүң албарстай.
Ысык-Көлдөй тереңсиң,
Каркырадай кененсиң,
Кандай душман келсе да
Кайратың менен жеңесиң.
19/XII 1945
Койсары
ЫСЫК-КӨЛ – НЕВА СУУНУН СҮЙГӨН ЖАРЫ
Ысык-Көл - Нева суунун сүйгөн жары,
Жактырып сүйгөн кызы алыстагы,
Кыял мас, кыз-күйөөнүн кубатындай,
Экөөнүн желден чыккан дабыштары.
Нева суу, кубаттуу суу, шары катуу,
Жүзүндө эр сүрү бар салтанаттуу;
Ысык-Көл туптунук көл, кыз мүнөздүү
Койнунда өмүрү бар, ширин - таттуу.
Түн кезип эки ашык жар сайран кылат,
Бир бирин бийиктикке алып чыгат,
Ай батып, таңкы шоола тараларда
Бири түз, бири көккө сапырылат.
20/XII 1945
Койсары
ЖИБЕК КИЙГЕН ЭРКЕ КЫЗ
Жамгыр жаады, жамгыр жаады шатырап,
Күп күркүрөп, чарт-чурт этип чатырап,
Шуу-шуу эткен легковойдун бооруна
Балчык тийип, жамгыр суусу чачырап.
Жибек көйнөк сулууча кыз энтелейт;
Жамгыр кантсин, жаба куюп эркелейт.
«Ай булганды, ай бузулду көйнөгүм,
Жайдын жааны жаабай койсо эмне?!» дейт.
Тоо алдында колхозчу ата кубанат,
Жай булуту үстү-үстүнө куралат,
«Дан көбөйүп, эрке кызым кулпуруп,
Жибек көйнөк кийсе экен» - деп, суранат.
20/XII 1945
Койсары
КАТЫҢДЫ КӨЛГӨ ТАШТАДЫМ
Катыңды алдым, бирок ичин ачпадым,
Окубадым, кайра жооп жазбадым.
Билем, билем, сенин жазган сөздөрүң,
Ошондуктан көлгө жыртып таштадым.
Бергин дедиң, алты сабак ыр бердим,
Алты сап ыр, ардак ыры миңдердин.
Бир сөз айтпай жерди тиктеп тим болдуң,
Сенин антер кыялыңды билбедим.
Ошондуктан, курбум сага таарынам,
Кайраттанам, кайра канат кагынам,
Көзүм барда «дурус» деген сөз укпай,
Көзүм жокто «сонунуңду» не кылам?..
20/XII 1945
Койсары
БИРГЕ ЖҮРДҮК
Бирге жүрдүк бирге жайлап, бир айлап,
Кайык минсек сен олтуруп, мен айдап,
Мен арчадай жаш эсебин билгизбей,
Сен кайыңдай жаңы гана бүр байлап.
Уялбадым, тартынчактык кылбадым,
Шек билгизип, атыңды атап ырдадым.
Тик карабай чырайыма, түсүмө,
Сен уялып жерди карап кызардың...
Кетпейт, кетпейт ал уяттын кызылы,
Мына ошондо ашыктыктын кызыгы.
Кубартпаса, бозортпосо кокустан
Фрунзенин аптабы курч ысыгы.
21/XII 1945
Койсары
ЗАМАНДЫН ЖОЛУ УЛУК ЖОЛ
Замандын жолу улук жол,
Улук жолун сыйлап өт.
Замандын жолу кутман жол,
Касиетин сыйлап өт.
Кабак чытпай күлүп өт,
Өмүрүң ачык, жаркырак.
Замандын бир жак канатын
Көтөрүп учкун аркырап.
Уу ичсе, сен да уу ичкин,
Таттуу болор өмүрүң,
Кан кечсе, сен да кан кечкин,
Ачык болор көңүлүң.
21/XII 1945
Койсары
СҮЙДҮМ СЕНИ
Сүйдүм сени, көзүм түштү көркүңө,
Бир күндө эмес, бирге жүргөн көп күндө.
Мындай иштен унут калган жанымды
Салдың кайра махаббаттын өртүнө.
Эгер шоолам, мени аясаң азыраак;
Сүйбө мени, мага бетиң өптүрбө.
Сүйдүм сени, сүйүү эрки бар чакта,
Азга жетпей, көптөн куру калсак да.
Алда качан унут калган нерсени
Алек кылып, алсыратып чарчатпа.
Эгер күнүм, мени аясаң азыраак:
Жакындатпа жаш колуңду карматпа.
Түшүн эркем мааниси бар булардын,
Неге сенден сүйбөгүн деп сурандым?
Эгер сүйсөң: көргө башым кирсе да,
Кол алдыңа кулдук уруп турармын.
Ошондуктан сүйбө дедим жалынып,
Сүйүп калсаң кимге менин убалым?
21/XII 1945
Койсары
УЯҢ КЕЛИН
Кой, кара көз уялба,
Той күтүнгөн үйгө кир.
Оң бутунан аксаган
Тигил сенин эриңдир.
Кой, Барчагүл уялба,
Жөн киши эмес сүйгөнүң.
Сынык канат барчыны
Тынчтык баскан дүйнөнүн.
Эр билеги эшилет.
Тулпар ташка сүрдүгөт,
Кармаштан кайткан азамат
Бизден канча сүрдүүрөөк.
21/ХII 1945
Койсары
АЙ, АЙ, ТАК, ТАК БУУРУЛ АТ
Тизгин учу диркиреп,
Мингеним кайда суурулат?
Тилимди ал, сүйүү жеткирбейт
Ай, ай, так, так, буурул ат.
Оозунан көбүк чачырап,
Мингеним кайда жулунат?
Баары бир жаштык жеткирбейт
Ай, ай, так, так, буурул ат.
Соорунан тери тамчылап,
Кайда учат күлүк зуулдап?
Карматпайт кыт, кыт күлгөн күн
Ай, ай, так, так, буурул ат.
Мен кой дедим болбодуң,
Көзүмдү ачтым бир убак,
Алдыңда дайра кечме суу
Ай, ай, так, так, буурул ат.
21/ХII 1945
Койсары
КАЧСА БАКЫТ
Кайкып чыгып колго тийген энчиден,
Качса бакыт карматпайт го дечү элем,
Кара кемсел, атлас көйнөк сулуудай.
Каада кылып жандатпайт го дечү элем.
Кесир кылып колго келген энчиден,
Кетсе бакыт ай келбейт го дечү элем.
Үйү таза, эри жакшы сулуудай
Колум сунсам кол бербейт го дечү элем.
Жок бекер кеп, кайра келди таалайым,
Таалайымды барып таап алайын,
Жалаң бакыт, жалаң ырыс төгүлөт,
Бир карасаң кемеңгердин маңдайын.
21/ХII 1945
Койсары
СҮЙӨМ ДЕСЕҢ
Сүйөм десең мени сүй,
Кадырың билер курагым.
Көрүнбөй калды бүлбүлдөп,
Ууз талдай убагым.
Менин бакчам алыста,
Кантип келер экенсиң?
«Виллисбайга» олтуруп
Отуз жыл куусаң жетесиң.
Менин үйүм түпкүрдө,
Кантип келер экенсиң?
«Лавочкинге» олтуруп
Отуз жыл учсаң жетесиң.
Менин короом капкайда,
Кантип келер экенсиң?
Корабль минип, көл менен
Отуз жыл жүрсөң жетесиң.
Сүйөм десең мени сүй,
Кадырың билер курагым,
Алыста калды бүлбүлдөп
Ууз талдай убагым.
22/ХII 1945
Койсары
СҮЙҮҮ КЫЯЛ
Сүйүү деген: келбет эмес, көрк эмес,
Өлчөөсү жок, аз эмес да, көп эмес.
Арбыныраак ысыгынан суугу
Толкун эмес, бороон эмес, өрт эмес.
Мүнөзү жел, тең жүрө албайт, бөлүнөт,
Жүрөгү суу, көңүл калат, төгүлөт.
Сүйүү деген: арзан, кымбат баасы жок,
Тек гана бир кыял нерсе көрүнөт.
22/XII 1945
Койсары
МЕН ӨТПӨДҮМ
Турмушта мен өтпөдүм, өмүрүм өттү,
Бул күндүн касиетин билбегенмин.
Кубулуп күзгү түшкөн курмага окшоп,
Шагымдан өргө түшүп кала бердим.
Турмушта мен өтпөдүм, өмүрүм өттү,
Мен ага жолдош болуп эрчип келдим,
Кезинде кышкы кирген буура болуп,
Кезинде бото болуп эңгиредим.
Танбадым, тузун таттым, сүтүн эмдим,
Мен аны ата дедим, эне дедим.
Десем да жылуу күнгө жарык болуп,
Балапан күкүк болуп кала бердим.
Өтсө өтсүн, өткөн өмүр өтө берсин,
Замандын жыргалына буулап алдым
Кубандым эки-үч сабак ыр жазганга
Ал эмес, андаганга, мен алдадым.
25/XII 1945
Койсары
БЕЛГИЛЕР
Бой тартпагын, боз жигит,
Сүйүүнүн жолу көп түрлүҮ;
«Агайлап» калса жаш селки
Сени сөзсүз сүйгөнү.
Эң айлакер, эң кылдат,
Анын ысык жүрөгү;
Уялып калса жаш селки
Буда сени сүйгөнү.
Көбү жалган, жасалма,
Анын кылт, култ жүргөнү
Жамандап калса жаш селки
Ал да сени сүйгөнү.
26/XII 1945
Койсары
ФРУНЗЕ
Фрунзе, учкан уям, сүйгөн калаам,
Көп жүрдүк, ойноп, күлүп эсен-аман,
Эч качан жакшы элесиң эстен кетпейт,
Кашка суу, жашыл бакчаң, салкын абаң.
Фрунзе, сүйгөн шаарым, сүйгөн калаам,
Жаш күнүм, балалыгым сенде калган.
Турмуштун эң ысыгын сага берип,
Бөлүнүп бир өзүңдөн кайда барам!
Жок барбайм, андай сөзгө көңүл салбайм,
Күн бүтүп, картайганча сени жандайм,
Айрылсам курдашымдан айрылармын,
Бирок да бир өзүңдөн айрыла албайм.
Боз түшкөн ысыгың бар, суугуң бар,
Жаанчыл, салкының бар, жылууң бар.
Бирок да ысыгыңа таарынтпачуу
Бах чиркин, жаз, күз деген сулууң бар.
Эсимде: биз жаш кезде чаңдак элең,
Түнт элең, уйкучу элең, укпас керең.
Мен калдым, жаш улгайды, сен жашардың
Карайсың мени уялтып көркүң менен.
Тар элең, таштак элең такыр элең,
Киргил суу шылдырлаган арык менен.
Мен өстүм, жаш көбөйдү, сен көгөрдүң,
Жашымды, көгөртсүн деп сага бергем.
Эскирттим, далай, далай көйнөк жырттым,
Жаңырды, улам кайра сенин сыртың.
Жаракөр Москванын кыздарындай,
Порумуң, сырткы көркүң, коюн жытың.
Көчөңдү мелтиреген асфальт басты,
Айдан ак «Аламүдүн» жарык чачты.
Заңгырап бийик, бийик катар үйлөр,
Келгин деп жаш муунга эшик ачты.
Түшкө окшоп Фрунзенин эски доору,
Уландар кыт-кыт күлгөн жомок болду,
Кыргыздын Фрунзе аттуу сонун шаарын,
Көтөргөн эң биринчи орус колу.
О кайда, кайда калды эски доору
Биз эми жаңы өмүрдүн коноктору.
Бактагы коңур ырды, сулуу бийди,
Ойноткон эң биринчи орус колу.
Курдаштар, унутпайлы биз ошону,
Сыйлайлы бир замандаш жолдошторду,
Жазгын деп, мага минтип ыр жаздырган,
Чынында эң биринчи орус колу.
Эн сонун биздин күндүн дагы ар жагы,
Биз эски, балдар жаңы, шаар жаңы.
Жашарткан жакшылыктын суусун куюп,
Фрунзе мекенимдин бала шаары.
Фрунзе өскөн шаарым, сүйгөн калаам,
Сагынсам атыңды атап канааттанам.
Күрдөлдүү беш жылдыктын сапарына.
Сен менен кол кармашып бирге барам.
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Акындын Элеси - 09
  • Büleklär
  • Акындын Элеси - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3840
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2225
    26.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3736
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2283
    26.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 3811
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2151
    28.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3982
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2076
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3859
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2239
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3940
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2064
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3826
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2049
    28.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3794
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2098
    26.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3825
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2063
    28.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3649
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1939
    27.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3813
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1876
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3816
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1931
    30.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3826
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    28.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3817
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2076
    31.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3692
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1499
    35.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    53.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 2613
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 815
    30.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.