Latin

Атай - 32

Süzlärneñ gomumi sanı 3956
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2208
29.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Кокус Көсөлдүн каты келбеген болсо, башкача айтканда каргашалуу окуя үчүн ким
айыптуу экендиги аныкталбаса, экөөбүз достук сөзимди ыйык сактагандыгы үчүн дагы
чейрек кылым өтсө да, айыптуусу алдына келишин күтүп жүрө бермек. Көсөлдүн каты
Карабек аялын тосуу үчүн шаарга кеткен күнү эртең менен, Мамбеткул фермада
жүргөндө келди. Катта жайындагы окуя жөнүндө кыскача баяндама жазып, эчкимге
айтпай окууга качкандыгы үчүн атасынан кечирим сураган. «Адаш¬кандын айыбы жок,
кайтып үйрүн тапкан соң» дегенг ушул. Мамбеткул уулун кечирди. Катта Бекен менек
Базарбек жөнүндө да жазылган. Көсөлдүн айтымына караганда, алар Көсөлгө эч кандай
кара ниеттик кылбаган. Тетирисинче, Бекен Көсөлгө көп жардам берген (акча жактан
да каралашкан). Ошондой болгондон кийин Базарбек, Бекен экөөнүн Салык менен эч
кандай жашырын сөзү болууга мүмкүн эмес.
Мына эми жашкы окуя үчүн ким күнөөлүү экендиги Мамбеткулга ачык болду.
— Мен карыган эшек! — Мамбеткул санып мыкчып отуруп калды. Мени ким
азгырды? Ашым. Ашым шырлатан. Мен анын шырлатандыгын билип туруп
алданганымды карачы. Мага чала! О, асыл досум...
Мамбеткул өзүнүн айыбын сезер менен Салык досу менен жарашкысы келди. Бирок
кантип жарашат, ушул оюн ага кантип жеткизет? Адатта айылдагы эстүү кишилер
ушинтип таарынышкан достордун ортосуна түшө коет, Мамбеткул балким бирөө арачы
болоор бекен деп да тилейт...
Колдон жем жешке көнүп калган торопойлор чыңырып этек жеңин түрткүлөй
баштаганда гана Мамбеткул эсин жыйды. Ал торопойлордун алдына чыктуу шакты.
коюп, ар кимисинин кулагынан чоюп, чыңыртып эрмек кылып отурганда тору атын
желе жорто бастырып Мамбет келди. Көйнөк, ыштанчан болуп, үстүбашы чаңга,.
ылайга капталган Мамбеткулду ал жакын жерден тааныбай, Карабек экен деп ойлоду.
— Ой, кайран Карабек. Жарайсың! — деди ал алыстан «Карабеги» ага жооп
кайтарган жок: — Ферма башчысы кайда — деди Мамбет чукул келип.
Мамбеткул жерден башын көтөрүп алганда Мамбет уялганынан кызара түштү.
— Кечиресиз, Маке! Мен сизди тааныбай калдым. Мамбеткул жооп кайтарган жок.
Бригадир ого бетер
оңтойсуз абалда калды. Анын көңүлүн буруу үчүн.
— Насыбайыңыздан аттырып коюңузчу? — деди Мамбет.
Мамбеткул жыгачка илинип турган күрмөсүнүн чөнтогүнөн чакчасын алып, Мамбетке
сунду. Мамбет чакчаны кармап жатып, насыбайдын ээсинин колунун булганычын
көрүп, чакчаны аз жерден түшүрүп жибере жаздады. Мындай колдон насыбай атууга
болобу? Мамбеткул тепшидеги шакты аралаштырып жатканда Мамбет чакчанын
тыгынын ачпай, ээсине кайра сунду.
— Төх, насыбайыңыз күчтүү экен! Денемди чымыратып баратат.
— Эмненин күчтүүсү, акиташы начар болуп калды — деди Мамбеткул. — Сен
ачкарын белең?
— Ооба.
— Андай. болсо, жөн.— Мамбеткул чакчаны ээрдине коңторуп койду. Бирок
Мамбеттин жийиркентенин билген жок. Эгерде билсе, «эй аңги! Кулунду ноктолоп же
козуну көгөндөп жатканда деле, ошол колуң менен насыбай атасың. А, торопойду
кармаган кол менен насыбай атса эмне болот экен? Эгерде шарыятты талашкың келсе
угуп турчу: арак менен насыбай чочкодон адал имишпи!» Мамбеткул мындай жоопту
бир топ кишиге айткан.
— Маке, сизге бир чоң иш менен келдим. Каршы болбосоңуз сиз менен
сырдашмакмын.
— Мен эмнеге каршы болоюн. Оюңду айта бер. Мамбет ээрге жамбаштап отуруп,
сөзгө кирди.
— Салыкем экөөңүз биздин өрөөндөгү элге белгилүү болгон, кадырлуу карыя
элеңер. Жайындагы окуядан улам эл силерге башкача карап калышты.
Али да болсо «баягы эки дос мамилеге келишиптирби?» деп сурашат экен. Ушул сөздү
укканда, чынын айтайын, силер эмес мен да уялып кетем. Көңүлүңүз болсо, тартынбай
эле кайрадан жарашып алсаңар?
— Э, Мамбетим! — Мамбеткул улутунуп жиберди. — «Сокурдун тилегени эки
көз» детендей, менин тилегеним: кайра табышуу. Бул иш мынчалык созулбайт эле,
дагы да мен айыптуумун. Мен Көсөлдүн катынан кийин гана адашкандыгымды
билдим. Баарына мен айыптуу.
— Сиз ачыгын айтыңыз. Мамилеңер оңоло турган жагына чыкты. Эми, Маке,
айыптуулугуңузду сөзгениңиз ырас болсо, Салыктын алдына сиз жыгылыңыз?
— Жарайт. Мен даярмын.
— Ыракмат, Маке. Мен жакында Салыкка киши жиберем. Сиздин жыгылыштуу
экендигиңизди жана табышуу үчүн кеп салгандыгыңызды айттырамын...
— Боз атты мингизип чыгараарымды да айт... Алар сырдашуунун аягына чыккан
көзде Карабектин
эшигинин алдына «Победа» келип токтоду.
— Бул райондонбу, областтанбы? — деди Мамбет.
— Биздин колхоздон. Кадимки Канчайым... Курорттон келе жатат.
— Охо! Жүрчү, Маке, андай болсо биз да барып учурашалы!
Карабек Канчайымдын чемоданын, кийимдерин көтөрүп, чадыраңдап чуркап жүрөт.
Күйөөсүнүн да, аялынын да иреңи кубанычтуу. Бирибирин сагынгандай жалжал
карашат. Карабек түгүл Мамбет менен Мамбеткул да Канчайымга таң калышты. Баягы
оорунун азабын тарткан кара ширидей катындын ордуна мацкайган ак келин...
Канчайым балачакасы менен, анан айылдаштары менен учурарлып, аларды үйгө кирип,
түштүктүн жемишинен ооз тийүүгө чакырды.
***
Дүйнөдө акылдуу адамдар көп. Андайлар кандай гана иш болбосун акыл менен
жүргүзөт. Эгерде ошол иш оңунан чыкпаса, акылдуу киши айыптуу эмес, анын
шериктери айыптуу, мына ошондой акылдуулардын бири Салык эле.
Азыр куда болууну заман көтөрбөстүгүн, бирок кыюусун тапса, кудалашууга болорун
ойлоп, Салыктын кылган аракеттери кызынын көктүгүнөн жана досунун
алаңгазарлыгынан улам ашкереленип калды. Кыз болсо жаштык кылды. А, карыган
акмак — мага эмне жок,— деп, өкүнөт Салык. Эгер ал ачууланып, атын ала качпаса,,
балдар бизден каякка качат эле? Кайран мээнетимди кантейин, эл алдында шылдың
болгонумду кантейин! Эмн мен кызымдын да, досумдун да жүзүн көрбөймүн...
Салык ошентип жүргөн күндөрдө Айдайдан кат келди. Кыз мындайча жазган:
«...Кымбаттуу, атаке! Сиз менен баягыда бүтпөй калган аңгемемди улантайын. Сиз
менин тилегимди таш каптырып жана өзүңүздүн убадаңызды унутуп, мени күйоөгө
бермей болдуңуз... Бирок окуя тетирисиндей болуп чыкты: Сиз эл алдында уят болуп
калдыңыз. Андай болсо, «сизди эч качан уятка калтырбаймын» деген убадамды аткара
албай калдымбы?»
— Ооба, аткара албай калдың, кызым! Эми эсиңе келдиңби — деди Салык өз ичинен
күбүрөп.
«Эгерде мен сиздин буйругуңуз боюнча күйоөгө кетсем, сиз да мен да азыркыдан тогуз
эсе жаман уят болот элек. Ойлонуңузчу, ата экөөбүз өзүбүздү жана элди алдап,
кудалыкка курман боло тургандай кандай коркок. ишибиз бар? Керт башыбыздын
эркиндиги кайда? Эгерде сиз достукту бузбас үчүн гана ушул ишке барган болсоңуз,
деги андай зыяндуу достун кереги эмпе?
Ата, биз азырынча уяттуу болгонубуз менен окуянын аягы элге жагарлык болуп чыкты.
Ошондуктан биздин жер карап турган жөнүбүз жок. Менден өткөн жаңылыштыктарды
кечирип коюңуз, ата?..»
— Кечтим, кызым! Айып сенде да, менде да эмес, Мамбеткулда. Ушу кудалык
деген балааны чыгарган — Мамбеткул...
Ошол эле күнү Мамбеткулдун арачысы келди, досунун катын берди.
— Салыке, сага эч кандай тарынычым, капалыгым жок. Мен акмак болдум,— деп
жазган Мамбеткул,— бирок менин жаңылыштыгым урушканда гана эмес, башынан
кетиптир. — Кудалыкты козгогон мен злем. Албетте мен да ушул ишти эски жол менен
эптеп бүтүрө коеюн деген максат жок эле. Бала менен кыз бири-бирин жактырышып
калыптыр, деген кабарга ишенип, анан Айдайды өз көзүм менен көргөндөн кийин, боз
атты сага жөн эле сүигүнчүлүк менен берген элем. Бирок окуя эстен кеткис маскаралык
менен бүттү... Дагы айтамын, анын баарына мен күнөөлүмүн. «Адашкандын айыбы
жок, кайтып үйүрүн тапкан соң» деген эл макалын эске алып, сенден кечирим
суранмын? Биз жагатайыбыздан жан кыйышпас дос болуп, карыганда калкка шерменде
болуп ажырашсак, эл укумтукумубуз бизди кандайча эске түшүрөрүн көз алдыңа
келтирип көрчү? Кордук?.. Салыке, экоөбүз тетпри карашып, ажырашууга негиз жок
жана болууга да мүмкүн эмес. Антыбыз ушундай беле, Салыке!..
Салыктын көзүнөн жаш чууруду.
«Көсөл менен Айдай кол кармашып, окууга бирге кетишти. А, биз кансыныбызга
эрегишебиз? Салыке, өткөндор үчүн мен жыгылыштуумун. Биздин үйгө кел. Досуң өз
күнөөсүн кантип жууй тургандыгын көр. Эл да көрүшсүн. Чынында, Салыке,
экөөбүздүн ортобуздагы чыныгы достук мындан ары башталат.
Сенин кы^ышпас досуң — Мамбеткул...»
Эгерде Мамбеткул кинелеше келсе, Салык эч убакта ийикпес эле. Бирок, Мамбеткул
күнөөнү оз мойнуна алып жыгылыштуу болгондон кийин көңүлү ийип кетти.
— «Алдыңа келсе, атаңдын кунуп кеч» — дейт,— Салык катты ыйлап отуруп укту.
— Барамын. Сөзсүз барамын.
***
Малчылар жайлоодон эңкейип калган убагы. Салык костюмунун сыртынан кебезден
токулган жука боз чепкенин кийип, ак калпакты чекесине кондуруп, жанга өлчөлүү
сары кашкасын лыпылдата бастырып, шаарды көздөй жөнөдү. Ооба, сары кашка жанга
өлчөлүү ат. Жаныбар, күлүк болбогон менен, басыгы шайтандай, алыскы жолго
муңайбаган мал.
Бүгүн күнгө ишемби, базар эртең. Адатта бул күнү Салык досунукуна баса конуп,
эртесинде базарга бирге түшүүчү. Бирок, ал азыр эмне үчүндүр, көнгөн адатын
кайталоого батынбады. Мамбеткулдун үйүнө эми атайылап барбаса болбойт. Ушул ой
менен Салык бешим ченде өзүнүн районунун борборунда турган тааныштарынын
үйүнө конуп, таңында шаарга аттанды.
Канчалык ысык дос болгон менен, мынчалык кетишкенден кийин, Мамбеткулдун
айылдаштарына намыс үчүн сыр билгизбей, Салыкка сыртын салуу зарыл сылктуу
сезилди. Бирок бүгүнкү базарда ага колхоздогу тааныштарынын бири да жолукпады.
Салык базарлыктарын алып болуп, тамактануу үчүн столовойго кирди. Алдына шорпо
алып, «биссимиллаи рахман рахим» деп кашыкты көтөрө берерде жанында отурган
жигит «бах, мынабу чочконун шорпосунун даамынай» деп тамшанып калса болорбу?
Салык үчүн бардыгы бүттү — алдындагы шорпосун таштап, ошол бойдон столовойдун
бирине да кайрылбай жолго чыкты. Өзү да ач, аты да ач. Ээсинин курсагы ачта атына
жем кайда? Сары кашка да аны тушүнгөндөй кабыргасын кабырылтып, көңүлсүз аяк
шилтеп келе жатты.
Эми эмне кылуу керек? Мамбеткулдун үйүнө жалгыз өзү жетип барышы намыс эмеспи.
Балким бүгүп аны күтүшпөгөндүр. Эгерде Мамбеткулдун үйүнө кайрылбаса, убадасы
кантет? Анын үстүнө өзүнүн да курсагы ачып турат.
Салык тобокел деп, досунун үйүнө бармак болду. Бирок кыштакты араласа, «баягы
досу» келе жатыптыр деп эл күлөр — деген шек менен, ал кыштактын четиндеги жолго
салып, түз эле Мамбеткулдун үйүнүн кежигесинен чыга калмак болду. Кыштактагылар
Салык досунун үйүнөн боз атты жетелеп кетип баратканда гана бир жолу көргөндөй
болушсун...
Чочко фермасында жаңы курулуштар аяктап калган көз эле. Мамбеткул жаңы жасалгап
кашааларга байлоо¬го коюла турган чочколорду киргизишип жүргөн. Ферманын жаңы
жайы кыштактын четинде болгондуктан, Салык бараткан жол дал ушул жерден өтүүчү.
Чоң чочкону бири моюндан тартып, экинчиси куймулчагынан түртүп, жаңы кашаага
киргизип жаткан эки кыргызды көрүп, Салык мурдун чыйрып тетири карап, түкүрүп
койду. Алар Мамбеткул менен Карабек болучу. Мамбеткул эми экинчи кашааны
көздөй бурула берип, сары кашкачан кишини көрүп, кыйкырып жиберди:
— Салыке! О, жан досум!
Салыктын төбө чачы дүр дей түштү. «Мен каякка келдим?» Мени чакырган досумбу,
же чочко багуучубу?» Артына кылчайса, эки этегин кайрынып, жеңдерин билегине
чейин түрүнгөн Мамбеткул шымаланып басып келе жатат:
Жанындагы кишиси чочкону кучактаган бойдон туруп калыптыр.
— О, асыл досум, бери тарт. Бери! Салык айласыздан атынын башын бурду.
— О, кудай жалган көр! — деп көптөн бери көрбөй сагынган жана армандуу
Мамбеткул учурашуу үчүн кулачын жайды. Салык анын балит колунан, коңурсук
жыттанган бүткүл денесинен жийиркенип, боюн жыйрып, колунун учун тосту. Бирок
Мамбеткул аны ие тартып кучактамак болгондо, ал чалкалай түшүп, досунун төбөсүнө
көкүрөгүн такап туруп алды.
— Ырахмат, досум! Сага ыраазымын. — Мамбеткул жашып кетти. — Келгениңе
ырахмат! Жүр, үйгө баралы. Сени Бурма да күтүп жүрөт. — Ал Карабекке кайрылды.
— Сен өзүң иштей тур. Мен үй жакка барайын.
— Макул, аксакал! Бул жактан көңүлүңүз тынык болсун!
Салык унчуккан жок. Үйдү көздөй баскан Мамбеткулду ээрчий албай, ат үстүндө
ыргылжың болуп туруп калды.
— Бастыр, Салыке. — Мамбеткул токтой калды. — Иреңи купкуу". Ооруп
турасыңбы?
Досу чочко фермасынын башчысы болсо да, анын минтип булганып, дин бузарын
Салык билген эмес. Эгерде билсе, анын үйүнө түгүл айлынын четине бастырып келмек
эмес. А, достугу кантет? Ал ойлонуп болгончо Мамбеткул анын оорусунан чочуп,
жанына чуркап келди.
— Карабек! Сен доктур чакыр! Бол, тез...— Анан Салыкка кайрылды. — Доктур
келгенче үйгө бар, ысык чай иче тур...— эч нерсе эмес.
— Убара болбогула, Маке! — Салык атынын башын тескери бурду.
— Эмне үчүн? — Мамбеткулдун көзү алактай түштү.
— Дагы бир жолу келермин. Мен шашып жүрөм:
— Бул эмне деген шумдук! Үйүмдүн түбүнө келип, түшпөй кетсең, уккандар,
көргөндөр эмне дешет?! Деги ушунуң ылайыкпы? Билемин, мага катуу таарындың. Ал
акмактыгымды мойнума алам, Салыке! Кечиргин мени.
— Меп рткөндү кечтим!
— Болду! Эми сага ыраазымын. Аидай болсо, үйгө жүр. Досуңдун сыйЫн көр!
— Жок, бара албаймын. Шашылышмын.
— Ээ, Маке! — Карабек кыйкырды,— досуңуздун шашкан себебин билип турам —
деп ал чочконун жонуна алаканын чаап койду.
— Калжыраба, Карабек! — Мамбеткул Карабекке карап, бирдеме дегенче Салык
атын теминди.
— Досум каякка? Токто! Бир ооз эле сөзүм бар... Мамбеткул тарбалаңдап анын
артынан чуркаганда,
Салык атка камчы чапты. Сары кашканын туягынан көтөрүтлгөн чаң Салыктын
караанын досунан калкалап калды.
Аңгемелер
ак жоолук
Дубалда илинген календардын барагында 1978-жыл 1-март деп бадырайган жазуу.
Толмочунан келген, багалчак бойлуу, буурул чач Алыбек алакандай барактан көзүн
албайт. Эртең мененки оокатты даярдап, дасторкондун жанында олтурушкан уулу
менен келинине көңүл бурбайт. Тек өзү менен өзү.
Ушул үй, үй-бүлө жана календардын тагдыры тутумдаш. Жыйырма беш жыл мурда, үн
жаңы курулуп, актын жыты кете элек дубалдын бооруна календарь биринчи жолу
илинген эле. Уулу ошол жылы туулган.
Алыбектин өмүр салтына айланган календарды биринчи жолу сатып келип, жаңы
бүткөн үйүнүн бооруна кадаган аялы беш жыл мурун, кырк жаш курагында дүйнөдөн
кайтты.
Жыйырма беш жыл ичинде канча календарь алмашылды. Жыл, ай, күндөрдүн эсеби
калыбында калганы менен, барактардын мазмуну канчалык өзгөрдү. Өзгөрүлгөн
нерселер капарга алынбай, биринчи календарь гана эсине өчпөстөй тамгаланды.
Бул үйдө календардын барагын жаңыртуу укугу жалгыз гана Алыбекке ыйгарылган. Ал
үйдө болбой калган күндөрү календарга эч ким жолобойт, эски барактары ордунда
турат. Үй тиричилигиндеги башка иштерге Алыбек кийлигишпейт. Калгандары уулу
менен келининин бийлигинде.
Ушул үйдүн өмүр тарыхын элестеткен календарь бүгүн Алыбекке башка таасир
калтырды.
— Өлбөгөн жанга жаз келген экен! — деп койду күбүрөп.
Жаз календарь боюнча келгени менен, жер бети али алачокул, күн суук. Ошондой
болсо да жылуулуктун мээримин, азыркы сууктун убактылуу экенин сезген. Алыбектин
жүрөгү кубанычтуу. Жылдын башка мөзгили, ал түгүл, жер жүзү гүлгө оронгон жай
мезгили ага азыркыдай таасир берчү эмес.
Жаздын алгачкы мээримдүү күндөрү, алачокул тарткан жердин көгү кылтыйып чыгып
келатышы анын жүрөгүндөгү; терең катылып, сыртка чыга албай жашырын сырга
айланган үмүтүн укмуштай жандандырар эле. Аз убакыт өтпөй күн кадимкидей жылып,
алакандай кар калбай, жаз толук күчүнө кирер менен Алыбек тиричиликтин
кызыкчылыгы менен алпурушуп, тереңдиги үмүтү купуя бойдон калып, же таттуу
максаттан түңүлбөй же аны биротоло унутпай, турмуштагы тагылган милдетин аткаруу
түйшүгү менен алаксып, күндөр тымызын «тө берет...
Анын баарыдан жакшы көргөнү, баарыдан жогору баалаганы — жаз илеби. Ушу кыска
мөонөттү жаз мээримин көргөнү үчүн жыл мөзгилинин бардык учуруна ыраазы. Бүт
өмүрүнө ыраазы.
Кыялы чабыттаган Алыбек эмне үчүндүр календарды барактай баштап, 13март деген
орунга келгенде токтоло калды.
— 13март — анын туулган күнү, эски эсеп боюнча жаздын башталышы.
Алыбек жаздын башталышында туулганына кубанат, сыймыктанат. Бирок ал жөнүндө
ушул убакка чейин эч кимге ооз ача элек. Анткени туулган күнүн белгилөө ал үчүн
салтка айлана элек.
Адамдын өмүрүндө ар кандай баалуу учурлар бар. Аны жашыруу жарабайт,
тескерисинче, мындай маанилүү окуяларды жакын санаалаш кишилер менен
бөлүштүрүү парз.
Алыбек үчүн асыл максатты орундатууга жалгыз бойчулук турмуш гана жолто. Өз
кубанычын жалгыз өзү майрамдамак беле?! Эрди-катынга гана таандык сизимди,
жолдошуна же башкаларга кантип айтат.
Өмүр жазы менен туулган күндү майрамдоо жөнүндөгү ой ага кырк алты жаш
курагында, аялы өлгөнгө бир жыл толгондон кийин гана келди. Антипминткиче дагы
төрт жыл өткөнүн, мына өзү элүүгө толоруна 13 күн калганын азыр календардан улам
эстеди. Жүрөгү селт этти.
Элүү. Эр ортону. Жаштыктын арты, карылыктын алды!
Уулу менен келини анын кыялын бөлүнуштү кылбоо> үчүн дасторкондун жанында
күтүп олтура беришти.
Алыбек соңку беш жылдагы өмүрү жөнүндө ойлоду. Ал үчүн кырк бешке чейинки
жашы бир тең, кининки беш жылы бир тең сыяктанды. Мурдагы жашы шатыраган
жоргонун жүрүшүндөй күрдөөлдүү өтсө, кийинкиси кашаң өгүздүн арымындай
саамыктап өтүүдө.
Ал өз өмүрү жөнүндө ойлогону менен башкалардын өзү жөнүндөгү пикирин билгени
жок.
Эркектердин аягы суюк, жеңилдери болсун, оорбасырыктуу, абийирдүүлөрү болсун,
кырк жашка чыккандан кийин, өмүрдүн бир белесине көтөрүлгөнүн сөзишипг
жеңилдери карылыкка жеткиче жыргапкуунап калууга, ал эми оорбасырыктуулары
өтүп бараткан өмүрдүн бөксөсүн аз да болсо толтуруу үчүн ашыгышкан учурлары
болот. Кыркэлүүнүн ортосундагы эркектердин үй-бүлө турмушундагы талаштартышы,
кыжыкужусу мына ушундан башталып, анын аягы кээде үй-бүлө турмушунун
кыйрашы менен бүтөт.
Алыбек андай жагдайда болбогону менен, өз курагына жана мүмкүнчүлүгүнө караганда
айылапанып ичинде шек туугуза турган эркектердин бири. Ошондой болсо да жалгыз
бойчулук өмүрүнүн таза өткөн биринчи жылын «аялына аза күтүү» — деп жорушту. Бу
мөзгилдин ичинде аялына эстелик орнотту, аш берди. Тамаша экинчи жылдан
башталмак. Эми үйлөнүүгө, эч болбосо, келинкыздар менен ойноп күлүүгө жолу ачык.
Бирок экинчи жыл да тынч өттү.
«Абийри бүтүн экен — деп ойлошту айылдагылары.— Уулун үйлөнтүп, неберелүү
болуп калган неме аял алам деп айтууга оозу барбагандыр, уурулук кылуудан да ошону
үчүн уялып жүргөндүр».
Айылдаштары анын нысаптуулугуна, токтоолугуна ыраазы болушту. Үйлөнүү үчүн
кеңеш айтышып, а түгүл, кандидатураларды табышып, алардын ким экендиги жөнүндө
мүнөздөмө беришти. Бири жаш, бири бир аз карылык кылып,; бири көп балалуу, дагы
бири чалпоо, же болбосо жүдөө. Айтор ылайыктуу кандидатура аз.
Албетте үйлөнүү жылдан жылга татаалдоодо. Жаштар үчүн татаалдыгы — калыңы оор.
Жашамал кишилер үчүн татаалдыгы — аялдын көптугү, ылайыктуусу жоктугу.
Барыдан эр ортосундагыларга кыйын. Аларга кальщ кеп эмес.
Адатта эр ортонундагы жесир эркектер көп бала¬луу, кээси неберелүү. Мындай
эркектерге аял көңүлдөнбөйт.
Мындай эркектердин издегени отузкырк жаштын ортосундагы баласыз аял. Андан
жашы жаштык кылып, улуусу карылык кылат. Баласызын каалаганы — эки үй-бүлөнү
н баласын боорлоштуруу жана тарбиялоодон кыйын эч нерсе жок. Андан көрө туубас
аялды артык көрүшөт.
«Сокурдун издегени эки көз» дегендей эми өбөктөгөн карыялар да аял издешет.
Алардын самаганы орто жаштагы балпайган бапбиче. Бирок, бу бечараларга балпайган
байбиче түгүл, чай кайнатуудан башкага жарабаган кемпир табылбайт.
Азыр ар бир үй-бүлө балабакыралуу. Эркектер менен кошо аялдар да жумушта.
Балдарды кароого кемпирлер жетишпейт. Жесир калган кемпирлерди төркүнүнө
жылдырышпайт. Төркүнүнө келгендерди төркүнү жылдырбайт. Ал эми карманаары,
каралашаары жок кемпирлер өз бутуна өзү чалынган абышканы багам деп азап
тартканча бир үйгө ээ болуп, пенсиясы менен эркинче оокат кылууну артык көрүшөт.
Үйоокатын жасоону билбеген кыргыз абышкалардын жалгыз бой калышы анык кордук.
Антейин десең балабакыралуу, багары бар абышкалар деле кемпирсиз жашоону жашоо
катары эсептешпейт...
Алыбек беш жылдын ичинде аялынан ажыроо кандай болорун, үзүлгөн турмушту
кайрадан куроо кандай болорун жана аял деген эмне экени өз тажрыйбасынан да,
башкалардын тажрыйбасынан улам да жакшы түшүндү.
Бирөөнүн зары менен убактынын иши эмне?! Антипминткиче, Алыбек элүү жашка
барып калганын бир көрдү.
Анда бир гана арга калды — төз үйлөнүү керек. Ушул тыянакка келгенде илгери өткөн
акылмандып «Бир кишиге бир катын өтө зарыл экен» дегени эсине түшүп, өзүпчө
күлдү.
Албетте төздетүү керек. Он үч күндүн ичиндө, башкача айтканда, карылыкка оой
электе үйлөнүү керек. Жаштыктын акыркы күндөрүн, акыркы саатын өмүрлүк жубайы
менен бирге өткөрүүнү самады.
Ошентип, беш жылдан бери ажырабай келген асыл максатын 13 күндө аткаруу
зарылдыгы башыпа түпттү.
Карачы, өмүрдүн кымбатын, опосуздугун! Эгерде жаштык энчисинде калган күндөрдүн
ичинде максаты орундалбай калса, эмне болмокчу?..
Уулу менен келпни чайдын сууп калганына карабастап, аны күтүп тынч отура беришти.
Алыбектин өкүнүчтүү жүрөгүндө жаз илебинен бүткөн чечкиндүүлүк пайда болду.
Ошо чечкиндүүлүк көңүлүндө бир нече жолу кайталанды:
— Ыкчамдоо керек, ойлонуу үчүн убакыт калган жок!..
Алыбек оюна бир нерсе түшкөндөй артына бурулуп, дасторкондун жанында отурушкан
келини менен уулун көрдү. Күттүрүп койгон окшойм — деп алардын жанына келди...
Эртең мененки чайдан кийин Алыбек өз бөлмөсүнө кирип, эшигин ичинен бекитти.
Келини менен уулуна сейфдин кыйч этип ачылганы, кагаздардын шуудураганы угулду.
Атабыз колхоздун эсепкысабын тактоого киришкен экен деп ойлоду алар. Эшикти эмне
үчүн бекитти? Ага эч ким тоскоол болбойт эле го деп, уулу жумушка кетти. Келини үй
жумуштары менен калды.
Сейфтен чоң блокнотун алды. Блокноттун биринчи жарымында ырас эле колхоздун
экономикасына байланыштуу эсепкысап бар. Ай сайын болуучу өзгөрүштөр: киреше,
чыгаша малчылардын бирибирине оошкыйышуулары, карыздары ж. б. чыгымдар...
Экинчи жарымында болсо өңчөй жалгыз бой аялдардын учету... Ошону үчүнбү, бул
блокнотту өзүнөн башка жан көрчү эмес. Абдан зарыл болгондо, учетко өзгөртүү
киргизгенде үйүнө бекинип, блокнотту жалгыз өзү ача турган.
Алыбек колхоздун мыкты экономисти. Башка чарбаларга ревизия болгон учурда аны
тажрыйбалуу адис катары райондун жетекчилери көп пайдаланышат. Адистиги кандай
болсо, ишке мамилеси, жүрүштурушу ошондой так. Ашык сөзү жок, өзү да, мүнөзү да
калыпка куюп койгондой...
Айылда бул блокнот жөнүндө эч ким эч нерсе билчү эмес.
Жалгыз бой аялдардын учету адегенде жөнөкөй тизмеден башталды. Катар номуру,
аты, фамилиясы жана адреси. Жылдан жылга тизменин көлөмү көбөйүп, ар кандай
графалар кошулуп, өзүнөн өзү бой аялдардын учетуна айланды да калды.
Эмне үчүн жалгыз бой? Жесирби, эрден өзү чыкканбы, же эри кое бергенби? Жесир
болсо ачык жазат. Эри күнөөлүү болсо, асты көк сызык менен, өзү күнөөлүү болсо,
кызыл сызык менен белгиленет. Айрым аялдардын аттарынын асты ийри сызык менен
сызылган. Мындайлар 30—40 жаштын ортосундагылар, башкача айтканда, каалаган
курактагылар.
Учет. Жалгыз бой аялдар райондо канча, алар кимдер жана кандай немелер экенин
күзгудөн көргөндөй дапдаана. Алар менен сүйлөшүүнүн кажаты болбой калды. Керек
убакта учетту аңтарса, каалаган суроолорунун баарына жооп табылат. Алыбек учеттун
кереметин жана ансыз жашоого болбой калганын түшүндү.
Мына кызык! Экономисттин адистиги аялдар турмушун үйрөнүүгө жарай турганы
Алыбекке жаңы ачылыш сыяктуу таасир калтырды.
Учет деген жөн эле эсепкысап эмес, адамдарды үйрөнүү, эгер билгиңер келсе — өзүнчө
илим. Аны үй-бүлө жумушуна гана эмес, үй-бүлө турмушуна, кишилердин өз ара
мамилесине да колдонууга болот.
Кайсы бир көөдөк эркектер аялдын ким экенин үйлөнгөндөн кийин билишет,
айрымдары ажырашкандан кийин гана билишет. Ошолорду эмнеликтен деп
ойлойсуңар?!
Нике жаңыртууга үмүттүү эркекке зарыл нерсенин баарын таптым,— деп Алыкең
токпейил болуп жүргөндө ушу кереметтүү учет жооп бере албай турган татаал
суроолор пайда болду.
Бул суроонун туулушуна себепчи — райондун борборуна көчүп келген жалгыз бой аял
Айжаркын. Анын аты-жөнү менен эч кимдин иши жок, «бир жакшы аял» келиптир
деген кабар айылдан айылга дүңк эхти.
Эмне үчүн «жакшы» аял? Эгер чын эле жакшы болсо, эмне үчүн эки эрден чыккан?
Биринчи күйөөсү аны туубаганы үчүн чаныптыр, экинчи күйөөсүн аракеч болгону үчүн
аны өзү таштап кетиптир.
Алыбектин учетуна «жакшы» аял, «жаман» аял жөнүндө, канча эрден чыгышы
жөнүндө графа жок эле. Экинчи суроону оңой эле аткарды. Барын тактап чыгып, бир
эрден чыккандарга латынча Ү, эки эрден чыккандарга ҮҮ, үч эрден чыккандарга ҮҮҮ
тамгаларды койду.
Аны биринчи суроо көбурөөк ойлонтту.
Айылдагы бир кызык өнөкөт: аялдарды «жакшы катын» же «жаман катын» деген баа
менен үстүртөн баалашат. Кандайы жакшы, кандайы жаман ркендиги аныкталбайт.
Мындай баага аялдар өздөрү да кайыл. Окус эки катын урушса, бири бирин «ай,
өлүгүңдү көрөйүн жаман!» — дешип кемсинтишет. Кимиси жакшы, кимиси жаман
экенин териштирбей, бири биринин кебин' укпай ажылдашып, бакырышып, кпмиси
кемчилигин көбүрөөк чукуп, сөөгүнөн өткөрө тилдесе, ошонусу беркисин басынтып,
жеңишке ээ болгонсуйт.
Жаңы келген аялдын дагы бир артыкчылыгы — фамилиясынын аягында беш илеп
белгиси (!!!!!) коюлган. Булар кардал оолгондордун саны. Алардын ичинен үчөөсү
өбөктөгөн абышка, өздөрү келбей жуучу жиберишиптир, экөөсү эр ортонундагылар. Аз
күндүн ичинде сөз салган беш кишини тең томсорткон кандай аял болду экен?
Алыбек учет жооп бере албаган суроолорго жооп табуу үчүн Айжаркынга өзү бармак
болду. Мүмкүн жакпас. Жакпаса жакпасын, эч болбосо, жакшы катын кандай болорун
билгени, учетун жаңы графа менен толуктаганы олжо эмеспи!
Ошентип, турганда жолдошу зоотехник Мырзакан келди. Аялдын азабын ал да өз
башынан өткөргөндүктөн, Алыбек жолдошуна кеңеш айтууга келген экен.
Сөздү катуулап баштады:
— Дүйнөдөн так өткөнү жүрөсүңбү? Жаның болсо кыймылдабайсыңбы!
— Кыймылдап эле жүрөм. Эми эмне кыл дейсиң?! Учуп кет дейсиңби? — Досу
тамашага чаптырды.
Ары-бери сүйлөшүп, экөөбү Айжаркынга жооптошуу үчүн бармак болушту.
Айжаркын тоту куштап жасанган сымбаттуу аял экен. Кулагында бөрү тил алтын
сөйкө. Колдору да, тиштери да жаркырайт. Өз боюн мыкты күткөн сыяктуу, үйү да
мизилдеген таза.
Мындай аял эрине карамдуу келет. Ашыналарды жана ч&йрөнү тандай билет. «Аршин
мал аландагы» Султанбек абышка айткандай, анчамынча киши менен бирге туруп,
оокат ичүүнү каалабайт.
Эшигинен кирип келгенде эле экя эркекке абайлап көз салды. Алыбек аны тике карай
албай, эмне үчүндүр апкарды. Тоту куштай түрдөнгөн аялдын тике карашынан
сүрдөндүбү же көптөн бери ургачы менен беттешип көрбөгөндүктөнбү? Мырзакан
болсо, аялдан бириңтай неме, ага эски таанышындай күлө карап, биринчи болуп, кол
алышып учурашты.
Кыраакы Айжаркын кимиси күйөө, кимиси күйөө жолдош экенин ооздорунан сөз чыга
электе эле тааныды.
Меймандар отургандан кинин таанышышты.
Алыбектин атын угар менен ал башын ийкеп, ойлонуп калды. Болжолу анын
жөнжайынан кабардар окшойт.
Өзү уккан Алыбек менен, азыр көрүп турган Алыбекти өз кыялындагы каалаган
күйөөнүн сапаты менен салыштырды.
Алыбек өзү угуп жүргөндөй карапайым, бир сырдуу, саал уяң экет Мындай кишинин
колунан арамдык, кыянаттык келбейт. Бирок бир сырдуулугу, түнттүгү жубайын
тажатууга мүмкүн. Жашоо үчүн, жыргапкууноо үчүн берилген өмүрдүн кадырын
мындай эркек түшүнбөйт. Күлсөң күлкүнү ашык көрөт, тамашадан өөн табат, дагы бир
жаман жери — үнөмчүл келет, казанаякка кийлигишет. Мындай киши менен кантип
жашоого болот — деп ойлой баштады.
Алыбек болсо Айжаркындын ачыктыгын, эрсиз жашай албасын, буга үйлөнгөн
эркектин зерикпесин түшүндү. Андан, башка бир келинди эстеди. Отуз жашында
күйөөсү чанып таштаса, турмуштан көңүлү сууп, экинчи жолу эрге тийбейм — деп
коюптур.
Айжаркынга минута өткөн сайын мейман башкача көрүнүп жана ага өзү жакканын
баамдады. «Кишини түшүнөт экен. Демек акылдуу, жүрөк сырын сыртына чыгара
албаган, кайгыны да, кубанычты да ичтен сызып өткөрүүгө көнгөн, туруктуу эркекке»
окшотту.
Айжаркын эркектерди беш колундай билем деп ойлой турган. Көбүнчө ачык, шайыр
жигиттерди жогору баалай турган. Бирок андайлар менен шынаарлаша турган курактан
өттү. Эми ага баарыдан эркектин туруктуусу жакшы. Мына ушул сапатты Алыбектен
тапты.
Аны сөзгө тартып, кандай киши экенин, мамилеси кандай экенин билгиси келди. Бирок
сөзгө сараң Алыбектен «ооба» же «жок» дегенден башка үн чыкпады.
Аны кандай болбосун тилге киргизүү керек эле.
— Кенен отуруңуз — деди Айжаркын шыңк этип,— менин үйүмдү өзү үйүңүздөй
көрүңүз.
Ошол учурда Мырзакан койнунан эки бөтөлкө сууруп чыкты. Тиги экөө ичкиликке
кумарлуу карашпаса да, мындай сонун кезигүүнүн убагында кичине сеп эттирип
коюуга болот деген кыязда бирин бири тиктеди.
Экинчи тосттон кийин Айжаркын — «Сүйлөй отуруңуз» — деп Алыбектин москоол
колун назик алаканы менен сылап койду. Электр тогунун учкуну тийгендей денеси дүр
этип, иреңи албууттанды.
Менде сүйүү оту капкачан өчкөн деген ишенимдеги Алыбек «махабатым күлгө
айланбаптыр, жалын тийсе, кызыл чоктой жана турган көмүр болгон турбайбы» деп
болжолдоду.
Алыбек сүйлөгүсү келип, бирок эмне айтарын билбей отурган. Ыкласын иреңинен эле
түшүнгөн аял анын денесин балкытып, сөзгө келтирүү үчүн рюмканы улам көтөрүдө.
Эки эркек шектенбесин үчүн өзү да кылт эткизет.
Ичкилик кыйла ичилди. Ырас эле Алыбектин денеси балкып, ушул үй, меймандос
сымбаттуу аял, жадаганда ээрчитип келген жолдошунан бери көзүнө сонун көрүнөт.
Качанкы жоголуп кетип табылган курбулары менен табышкансып чечекейи чеч. Бирок
сөз чуурутпайт. Тескерисинче ичкиликке алдырган сайын тили буулуп бараткансыйт.
Жолдошу бакжаңдап жаагы талбайт. Кээде Бир-эки сап ыр созолонтуп коет:
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Атай - 33
  • Büleklär
  • Атай - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3988
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2335
    27.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 4007
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2310
    29.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 4007
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2169
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 4040
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2261
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3933
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2230
    28.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3945
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2172
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 4017
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2331
    30.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 4025
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2330
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3903
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2184
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3925
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2231
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3901
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2142
    30.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3803
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2123
    28.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3820
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2144
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3859
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2264
    28.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3978
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2233
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2311
    27.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 17
    Süzlärneñ gomumi sanı 3985
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2360
    28.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 18
    Süzlärneñ gomumi sanı 3950
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2190
    29.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 19
    Süzlärneñ gomumi sanı 4029
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2314
    29.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 20
    Süzlärneñ gomumi sanı 3939
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2204
    28.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 21
    Süzlärneñ gomumi sanı 3850
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    30.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 22
    Süzlärneñ gomumi sanı 3844
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 23
    Süzlärneñ gomumi sanı 3912
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2163
    30.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 24
    Süzlärneñ gomumi sanı 4047
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2003
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 25
    Süzlärneñ gomumi sanı 4012
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2062
    30.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 26
    Süzlärneñ gomumi sanı 4091
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2166
    30.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 27
    Süzlärneñ gomumi sanı 4051
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2255
    27.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 28
    Süzlärneñ gomumi sanı 3917
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2110
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 29
    Süzlärneñ gomumi sanı 4012
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2185
    31.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 30
    Süzlärneñ gomumi sanı 4010
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2112
    30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 31
    Süzlärneñ gomumi sanı 3933
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2191
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 32
    Süzlärneñ gomumi sanı 3956
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2208
    29.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 33
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2204
    29.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 34
    Süzlärneñ gomumi sanı 2899
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1600
    32.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.