Latin

Атай - 30

Süzlärneñ gomumi sanı 4010
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2112
30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
укту бекенсиң, досум менин боз атымды сураган эле. Ошону берсемби, эмне кылсам?
Акылын өзүң тапчы, Ашымым?
— Андай болсо, кудайдын жалгаганы! Кааласа, менин жээрдемди кошуп берели!
— Баракелде, Ашымым! Эмесе эң мурун ошол атты Салыкемдин колуна
тийгизсек...
— Түшүндүм, түшүндүм... эң сонун акыл.— Ашыж кубанды.— Биздин
аракетибизге да жакшы шарт түзүлөт.
— Бул атты кимден берип жиберсек? — Мамбеткул ага шыбырап сүйлөдү.—
Башка кишилер билбегендей болсун. Ошон үчүн эң ишенимдүү кишинин барганы
жакшы.
Ашым Көсөлдүн ашыктык жөнүндөгү аңгемесинен кийин Айдайды көрүүгө ынтызар
болуп калган, экинчиден кыз аны суйөбү, жокпу — ал да белгисиз болгондуктан,
иштин аныгына жетүүнүн учурун күтүп жүргөн эле. Мына эми кыздын сырын
тартуунун учуру келди, анын үстүнө Салыктай айыл биларманына самаган күлүк атты
алып баруунун өзү да кандай абийир!
— Мен барам,— деди Ашым ойлонуп турбай. Алардын сөзү ошону менен бүттү...
Ашым магазинди аялына калтырып, Көсөлгө жөнөдү.
— Мына жигит, сен үчүн жайлоого баратам, коштогонум боз ат — деди Ашым
көзүн кысып,— колуктуңа эмне саламдуба айтасың?
— Саламдубаң эмне?
— Менин кызга куру барышым уят, Көсөлдүн досумун десем сөзсүз бир нерсе
үмтөтөт. Кат жаз, белек бер...
Ашымдын оюна Көсөл каршы болгон жок. Кыскача кат жазды:
«Сүйгөнүм Айдай! Мага биринчи жолу көрүнгөнүңдөн бери менин көңүлүмдү,
жүрөгүмдү бүт ээледиң. Бирок анда сүйүү ушинтип башталарын билген эмесмин.
Качан гана, сен күндүртү7ндүр көз астыман кетпей, мени ойлонтуп, кайгыртып,
кубантып өз эркиңе алганда, сага ашык болгонумду сенсиз өмүр мага супсак болорун
түшүндүм. Менин жараланган жүрөгүмдү аясаң, жооп жаз, Акиш! Эми мени
мухабаттын көлүнүн түбүнөн тартып алуучу жалгыз гана сенсиң».
Ашым бул катка бир сыйра көз жүгүртүп чыкты да «кыз менен оозмо ооз
сүйлөшкөндөн жазган каты канчалык күчтүү» деп ойлоду да, аны төрт бүктөп
чөнтөгүнө салды.
— Белекке эмне керек? — деди Көсөл.
— Атыр, самындын кымбаты... Билесиң го атайын комплектиси болот.
Көсөл чөнтөгүнөн үч элүү сомдукту чыгарды.
— Жетет, калганы болсо өзүм тууралаймын... Ашым боз атты жетелеп, кат менен
белекти койнуна
катып, Суусамырды көздөй жол тартты.
Салыктын үйүнө эки кубаныч кайчылаш келди. Биринчиси — Мамбеткулдун Салыкка
арнап, Ашымдан жетелетип жиберген боз аты. Күлүк ээсин тапты. Экинчи кубаныч —
институттун кабыл алуу комиссиясынын Айдайга кайтарган жооп каты.
Боз ат колго тийгенден кийин Салыктын зоболосу көтөрүлө бермек. Жарыш да,
көкбөрү да Салыктыкы. Ал Кадыркул менен Базарбекти чакырып, Ашым өзүнүн
досунун марттыгын мактай баштады.
— Дос болсо, Макемдей болсун. Достун көңүлүнөн айлансын — деп атын мага
жетелетип жибериптир. Алтын эле киши го.
— Бул атты Макем бир ат, бир кулундуу бээге ал¬машпай койгон — деп Ашым да
аны көтөрүп. — Салынеме кыйбастык үчүн гана берип отурат. Достуктун кадырына
кишинин баары эле жете бербейт эмеспи.
— Эгерде атты достугу үчүн берсе албетте чоң иш кылганы.— Базарбек сөзүн
бүткөнчө Ашым ага жармаша калды:
— Кызык жигит экенсиң! Сен ишенбей турасыңбы? Макем менен Салыкеме
ишенбесең, деги кишиге ишенериңе күмөнүм бар.
— Анткен себебим — Макем боз атты бербейм деп айтканын уккан элем.
— Эми эч нерседен эч нерсе жок өзү эле жетелетип, жибергенине таң калам — деди
Базарбек.
Салык башын жерге салып, тунжурай түштү. Мунусу — Базарбекти жактырбай
калгандыгынын белгиси эле. Ашым дагы эле болбой сөз талаша берди:
— Сен ушакчы болсоң керек. Андай сөз болгон эмес.
— Ой, балдар, ай! — Кадыркул да сөзгө кошулду.— Анын эмнесин талашасыңар.
Атты бергендиги Мамбеткулдун ниети ак экендигин билгизип турбайбы.
— Ооба, ошондой десеңиз аксакал! — Анын сөзү Ашымга жага түштү.
Ашым келген учурда Бекен менен Айдай үйдо жок эле. Айдай көбүргөн теримиш
болуп, апасынан жашырынып, төрдүн башын көздөй жөнөдү. Аны абайлап турган
Бекен экинчи капталга чыгып, айылдан карааны бөлүнгөндөн кийин, каалаган жагын
көздөй чуркады. Экөө айылдын үстү жагындагы кичинекей зооканын жанынан
жолугушмай болушкан. Зооканын алды жалама аска, кежиге жагы капталга таянган
борчук таш. Мурун келген Айдай зооканын кежиге жагынан имерилип, анын чокусуна
чыгып, эрбейген арчанын түбүнө жашырынды.
— Бекен кай жагынан келер экен? — Ал айыл жакка көз жиберет.
Айдайдын ойлогонундай болгон жок. Бекен бет маңдайындагы капталдан тике ылдый
түшүп келатты. Эки жакты карабайт, көзү зооканын түбүндө.
— Мени бирөө таштын түбүнө байлап койгонсуп, зоокадан көзүн албайт.— Айдай
арчанын түбүнө бүрүшүп отуруп, өзүнчө күлдү.
Бекен аны дароо эле тапмак болуп, асканын айланасына жүгүрдү, таштардын
булуңбурчун карады. «Балким мен келгенче зеригип, башка жакка серүүндөп кеттиби»
— деп, каяктан издерин билбей делдейип калды. Кыздын бекинип каларын ойлогон да
жок. Анткени Ай¬дай ушул күнгө чейин Бекен менен сый мамиледе. Өзү эрке кыял
болсо да, Бекен менен сүйлөшкөндө өзүн токтоо көрсөтүүгө аракеттенүүчү. Убакытты
бекер өткөрбөө үчүн жигит төрдү өрдөй чуркады.
— Каякка барат?—Айдай күлүп жиберди.—Күкүүк!
— Күкүүк!»— Айланасындагы зоолор да жигит менен тамашалашкысы келгендей
жапырт кош жаңырык чыгарды. Бекен үндү улап ордунан тегеренип кетти. Үндүн
каяктан чыкканын билбей, башы катып турганда «күкүк» түн дабышы кулагын дагы да
дүңгүрөттү.
Айдапдын атайылап бекингенин ал эми гана билди. Үндүн каяктан чыкканын кулагы
менен болжобой, акылы менен издей баштады. «Ал тиги зоокага келмек эле. Анын
тегерегинде башка аска жок. Тиги аскаларга барбайт, демек ушул эле зооканын
башында болуу керек».
— Таптым. Жашын!
Бекендин үнүн улап аскалар да «таптым, жашын!» дешип, чуулдап кыйкырышты.
Айдай өзун көздөй түптүз жүгүрүп келе жаткан жигитти көрүп, ордунан туруп,
асканын түбүн көздөй ылдыйлап жөнөдү. Энтигип шаша келген Бекен зооканын
үстүнөн да издегенин таппай калды. «Таба албадым, өзүң кел» деп үн саламбы — деп
да ойлоду. Бирок мээнет кылбай өзүң кел деп чакыруудан намыстанды. Зооканын
чокусун абдан тинтип, жалгыз арчанын жанына келгенде, анын түбүндөгү бирин серин
чөптүн уйпаланганын жана үбөлөнүп түшкөн арчанын бүрлөрүн көрүп, «кукүктүн» кай
жерде экенин сезди. Мен жакындаганда «күкүк» бутактан учуп жерге
конгон турбайбы. Эми мен жерге түшкөндө, ал бутакка кайра учуп чыкмакчы. Токто
күкүгүм. Эми мени өзүн
издеп келесиң — деген ой менен Бекен зооканын экинчи капталындагы таштарды
ылдый көздөй шыгыратты — бул ушул каптал менен ылдый түшүп бараткандыгынын
белгиси эле. Айдай дал ошондой ойлоп, зооканын башка жагынан айланып, чокусун
көздөй чуркап келе жатып, таштын булуңунда турган Бекенге байкоосуздан урунуп
калганда чочугандыатанбы же шашкандыктанбы бакырып жиберип, аягында каткырып
жиберди. Бекен андан бетер ыкшыганча күлдү. Тоо күлкүкаткырыкка толуп кеткенде,
экөө башкалардан айбыккандай элеңдешип айланасына карашты. Өздөрүнөн өздөрү
чочуганын билгөнде камрадан күлүштү.
Эх, чиркин жаштык! Сен өмүрдүн капарсыз күлкүсүнөн, кубанычынан гана бүткөн
белең! Сен күлсөң таш да күлөт, зоо да күлөт, жылжып акжан күмүш булак да
бирдемелеп сүйкүмдүү шылдырайт Мөңгү баскан бийик төрдүн сыдырым шамалы да
эзи лишкен эки жашты эркелеткенсип, көкүлүнөн сылайт Жаратылыштын мээримдүү
кучагында алар өздөрүн мур да болуп көрбөгөндей кенен сезишип, ачык күлүшүп, анык
сүйлөшүп, бири-бирин жалтанбай карашуу менен жарпын жазышты. А, айылда
жүргөндө минтип каткырышмак түгүл, башкалардын көзүнчө тике кароо да өз учурайт
эмеспи! Ушул минутада Айдайдын акчыл кызы жүзү ого бетер нурланып, кара көздөрү
моймолжуп, бир башкача сулуу көрүндү. Бекен өз кыялында кыргыз кызын дал
ушундай элестетүүчү эле. Эми мына ошол кызды өз элеси менен жаратып алгансып,
аны кокус колдон чыгарып жибербөөчүдөй билегинен кармады. Бакыт ушундай болобу
— деп, гүлдөй жайнап турган Айдай жигит, тин оюн түшүнгөн жок, аны сүйрөй
зооканын чокусун көздөй умтулду. Канчалык жогору чыккан сайын анын бактысы да
жогорулоочудай көңүлү өргө эргийт. Алар зооканын чокусуна чыгышты.
Мына чалкайган Суусамырдын маңдайтескейи көз алдыга келди. Берки чети
МузТөрдүн тегизи, аркы чети Өтмөк менен Эгиз Балыкты. Андан ылдый Корумдунун
шагылдуу, боз адырлуу тоолору. Ортодо кең Чүйдүн сазына окшош — тептегиз мейкин
талаа.
— Тетиги көрүнгөн тоонун ары жагында эмне бар? — Айдай колун алыска созду.
— Чүй... Фрунзе...
— Тоонун ары жагы мындан да сонун го.
— Албетте.
Ушу тоонун туюгунан чыкпай калыш Айдай үчүн кандай бакытсыздык болор эле.
Бирок кыз бул оюн айткан жок, аны айтууга да чолосу тийбеди... Алар Муз-Төрдүн
башында кыйла убакыт жүрүштү. Мөңгүгө жакын чыккан ак саргыл гүлдөрдү теришти.
Окуган китептери жөнүндө, мектеп, институт, айыл жана шаар жөнүндө сүйлөштү.
Сүйлөшкөн сөздөрүнүн тыянагы болбосо да, бир маанилүү нерселерди чечишкенсийт.
Жүрөк сырлары ар биринде ушу мөңгү сыяктуу козголбой жаткансыйт. Алар жаңы
ачылган гүлдөй күн чубакты эңсешет. Күндүн табы күчөгөн сайын көңүлгө уюган
мөңгү жалт-жалт этип эрий баштагансыйт.
Алар тоонун башына эмне үчүн келишти? Экөө убакытты көңүлдүү өткөрүп жүрүшсө
да, айтарым бул эмес дешкенсип, анымунунун башын бир сүйлөшөт. Сен айткын
дегенсип бири-биринен күтүшкөнсүйт. Кайра эмне
нидир ойлогондой сумсая калышат. Акырында алар терип алган тоо гүлдөрүн
бирибиринин колуна карматышты.
— Апам издеп келип калбасын. Айылга кайталы — деди Айдай.
Бекен каршылык кылган жок. Болгону: — кээде ушу жакка келип серүүндөп кетели —
деп кошумчалады.
Тоо айлынын чачкындуулугу жаман. Жаштар чогуу баш кошо албан, үрккөн чилдей
болуп, ар кайсы жерде бириндеп жүрүшсө, убакыт көңүлдүү өтпөйт. Эгердө айыл чогуу
болсо, кур таштамай, ак чөлмөк жана башка оюндарды ойношоор эле. Тоонун кооздугу,
абасынын тазалыгы жана салкындыгы жанга жагымдуу болгон менен Бекен акыркы
күндөрдө абдан зериккен эле. Ошондуктан, азыр ээн жерде кыз менен бирге басып,
көңүлүнчө күлүп, гүл теришкенге мооку канып, тоого иренжигенин унутуп койду.
Мектепте улан менен кыздардын арасында бирге жүрүүгө көнүп калган Айдай да экиүч жылдан бери тоонун турмушунан кече жаздап жүрөт. Бирок, туулуп өскөн тоосун
жана Ата-энесин гана кыйгысы келбей, жайкы каникулду жалгыз өткөргөнгө ичи бук
болот. Ал эми ушу турмушка көнүп калган Ата-эне кыздын дартын кайдан билишсин?!
Аны дагы эле баягыдай секелек кыз көрүшөт, бойго жетип бараткан сайын, аны ого
бетер үйгө байырдаткылары келет.
Айылга биринчи болуп Айдай келди. Бир топ убакыттан кийин анын карамакаршы
багытынан Бекен келди. Айдай келер менен чабарман алып келген катты ачып алып,
институттун чакыруусун көрдү.
— Бул — Айдай үчүн күтүлбөгөн кубаныч болду, анткени — балким институт
мени чакырбай коер бекен деп чочуй турган. Эгерде чакырылса эле, конкурстан
коркуучу эмес. Анын шектене турган сабагынан — орус тилинин жазуусунан Бекен көп
жардам берди. Ошондуктан, Айдай азыр институттун эшигин аттагансып, жүрөгү
толкундай түштү.
— Рахмат сага Бекен! Чакыруу...— Ал суу жактан келе жаткан студентти көздөй
утурлай басты.
— Мени алкоого али эрте.
— Эрте эмес. — Айдай кагазды анын колунан жулуп алды. — Жүрү атаман
сүйүнчү сурайлы. Менин окууга алынышымды алар менден да көп тилешти. Сенин
мага берген жардамыңды билишет.
— Жүр...
Ата-энесине эң мурун Айдай сүйүнчүлөдү.
— Сүйүнчү, ата!
— Болсун! Болсун! — Салык аны ат жөнүндө айтып жаткан экен деп ойлоду.
— Макем берип жибериптир. Ашым алып келди,— деди Салык.
Айдай боз аттын келгенин байкаган эмес, кат жөнүндө айтты:
— Чабарман алып келди. Окуңуз ата. Мени институт экзаменге чакырыптыр.
Салык менен Ашым шалдая түшүштү.
— Куттуу болсун! — Базарбек үнүн бийик чыгарып, Айдайга колун сунду. —
Бекен экөөңөрдүн аракетиңер текке кетпептир.
— Ооба, текке кеткен жок. — Кыз күлүмсүрөп, Бекенди карады. — Отур. Эмнеге
туруп калдың? Мына эми жакында жөнөйбүз.
Базарбектин сөзү Салыкка октой тийди. Эмне деп айтарын билбей, катты ушалай
кармап далбастап калды.
— Бул жигиттин кандай аракети бар эле? — Ашым Бекенди карай суроо берди.
— Айдайга институтка өтүү үчүн жардам берип жүрөт,— деди Базарбек.
Салык кагазды төрт бүктөп туруп чөнтөгүнө салды. Кызынын «сүйүнчүсүнө»
күйүнгөндөй, чүйлүсү каткат болуп бүктөлүп, күлүңдөгөн көздөрү кабаткабат
кабыгына жашынып калды. Анын минтишинин себебин Ашым менен Курмадан башка
киши түшүнгөн жок. Үй ээси түнөргөндөн кийин эч ким сүйлөбөй, үй ичинин үрөйү
кетти. Мындайда анын сырын билген кишилер туруп кетиши керек эле. Бирок сыр
билбеген Ашым сөзүн уланта берди.
— Бул мыкты жигит экен — деди ал Бекенди кыйгачынан тиктеп. — Ошентип
жайлоого жагып калдым дечи. Шаар кишиси ошондой эптүү келет.
Баятан бери капталдан чыгып, какшыкты чубатып отурган Ашымга жана түндөй
түнөргөн Салыкка түшүнө албай отурган Бекен бара-бара алар кыздын окууга
барышын каалабай калганын, аны үчүн өзү жаман көрүнгөнүн сезди. Бекенден мурун
озунуп, Салык жооп берди.
— Шаар кишисине да тоо жакчу беле. Ар ким өз алына жараша жүргөнү жакшы.
Ашым Салыктын жообуна кубанып кыткыт күлдү. Иштин тетири айланганын Айдай да
сезди, бирок ачык түшүнгөн жок. Атасы менен Ашым Бекенди эмне үчүн кекетишет,
анын эмне күнөөсү бар? Бул кандай акый-катсыздык деп, ичинен кейип, Бекенге көз
карашы менен тплектеш болуп тынчсызданат.
— Мага эмне жагарын, эмне жакпасын билгиңиз келсе — Бекен Ашымга тике
карады. — Эсиңизде болсун: мага шаардын, айылдын жакшы кишилеринин баары
жагат, кытмырлдры жакпайт.
— Баракелде! — Кадыркул Бекендин сөзүн коштоп кетти! — Сөз деп ушуну айт.
Ашым жигит, сен орой көрүнөсүң. Бир көрүшкөн кишини какшыктаганың жакшы эмес.
— Менин мейманым менен ишиң болбосун! — Салык Кадыркулга акырая карады...
— Эмесе, мейманыңыз экөөңүз отура бериңиз — дец Базарбек ордунан турганда,
Кадыркул менен Бекен да козголушту. Айдай эмне деп айтарын билбей, элеңдеп туруп
калды.
***
Ашымдын көздөгөн максатынын бири кыз менен сүйлөшүп, ага Көсөлдүн белегин
тапшыруу болучу. Тамак желип бүткөндөн кийин Салык жылкычыларга кетти. Курма
кызына:
— Мейманга кымыз куюп берип отурчу — деп бээ саашка жөнөдү.
Көсөлдүн белеги: жыттуу атыр, самын, пудра жана бир баракка жазылган кат. Ашым ич
чөнтөгүндөгү аманат буюмдарды сууруп чыгып, Айдайга сунду.
— Мунуңуз эмне? — кыз колун бербей туруп, таң калгандай сурады.
— Жүрөгүңүз сөзген жокпу? Кантип эле сөзбесин! — Ашым арсалактап күлдү. —
Менден чочубай эле коюңуз, өз кишиңиздей эсептеңиз. Макем атаңызга дос болсо, мен
Көсөлгө досмун. Эми түшүндүңүзбү?
— Бул буюмдардын Көсөл экөөңүздөрдүн достугуңуздарга кандай тиешеси бар?
— Тамашакөй көрүнөсүз. Чынында мен ушундай тамашакөй, жайдары кыздарды
жакшы көрөм. — Кыз анын көзүнө ырас эле сонун көрүндү. Кыздын тамылжыган ак
бети, кишинин жүрөгүн теше караган кара көзү, бириненбири өтүп турган ачыктыгы
жана токтомдуулугу, ушинтип билсе да билбегенсип, бөөрсүп суроо берищи Ашымдын
күйбөгөн жерин күл кылды. — Балким башка бирөөдөнбү деп чочуп жатсаңыз керек.
Көсөлдөн... Мага ишенбесеңиз катты окуңуз. Сиздин ишенимиңи8ГӨ ошоңдо гана
татыктуу болормун.
Айдай белектин ичпнен бир барак кагазды гана сууруп алып, көз жүгүрттү.
Каттын аягына чыкканда Айдайдын колундагы кагаз жерге учуп түштү. Ал качуучудай
ордунан турду.
— Бул эмнеси? Экөөбүздүн убадабыз мындай эмес эле го... Түшүнө албаймын.
— Махаббат деген ошондой болот, ага таң калбаңыз. Сизге жүрөгүндөгүсун мурда
айта албай, азыр гана чыгарып отургандыр. Жакшылап ойлонуп жооп бериңиз.
— Биздин бардыгыбыз — ойлонуу — окуу гана. Балким Көсөл ошол убадасынан да
танган чыгар.
— Турмушта бардыгынын кыйыны жана кымбаты — сүйгөн жар менен өмүр
кошуу. Тилек ошондой болгондон кийин, окуу жөнүндө айтпасам деле түшүнүктүү.
— Окууну бүтмөйүнчө эч ким менен бул темада сүйлөшө албайм — деди Айдай.
Ашым иштин жайын эми гана түшүндү. Жигит менен кызды сүйүү эмес эле, аталары
өздөрү кошкону жүргөн турбайбы. Байкуш Көсөл, сен чалдардын амалын билбей
калган экенсиң. Айдай, сеники деле жаңылыштык. Акыры үйлөнө турган болгондон
кийин сүйүшүүнүн же оту тутанышпоонун кандай мааниси бар? Мындай эрке өскөн
жаш кыздарды азгырып, арбап коюудан жакшы жол жок — деген ой Ашымдын
көңүлүн козгоду.
— Чиркин жигиттин дартына ырас эле жүрөгүңүз чым этпейби?
Көсөлдүн жүрөгү козголуп калганын Айдай мурда эле билген. Бирок, ал таза оюн
ыплас нерселерге эмне үчүн аралаштырды. Эмне үчүн өзү келип сүйлөшпөйт? Эмне
үчүн окууга барам деген сөзүн унуткан? Бирок, Айдай бул оюн Ашымга айткысы
келген жок. Андан эптеп кутулгусу келди. Бирок кепти кантип келиштирип айтуунун
жолун таба албады.
— Таш боор экенсиз — деди Ашым ага жакындап. — Анын колу кыздын чачына
урунду, өрүмүнөн жылбышып далысына келди. Айдайдын көз алдына көз жашын
мөлтүрөткөн Көсөлдүн элеси турду. Айдай аны соороткусу келет, бирок ылайыктуу сөз
таба албагапсыйт. Ашым кыздын делебесин козгоп, дал кылып салдым деп ойлоп, аны
бооруна тартып туруп, ак бетинен чоп эткизип өөп койгондо гана Айдай эсин жыйып,
анын кучагынан жулунуп чыкты.
— Уятсыз киши экенсиз. — Ал бетин жүз аарчысы менен сүртүп, артына чегине
баштады.
Ашым өз оюнча кыздардын сырын кыйын билүүчү.
Кокус айыл кыздарынын бетинен өөп, же эмчегин кармап койсо, «коюңузчу агай»,
«ээй, кызык кипщ экенсиз» деп ойсоктоп калар эле. Кай бири уялып бетин басып
калучу. Андайда Ашым өтө күчөп кетүүчү. Бирок, Ашым отуздан ашкандан бери
кыздарга мурдагыдай жолой албай, ушинтип орточу болуудан гана пайдалана турган
болду. Анын үстүнө кыздар жылданжылга эркектер менен ишке болсун, талаштуу
маселелерге болсун, көбүрөөк аралашкандан бери Ашымдын арааны бөксөрө баштады.
Бирок, ал учуру закымдап артка жылып баратканын ойлободу жана ойлоону да
каалабайт.
— Эч нерсе эмес, карындаш. — Ашым ыржалактап, аны ээрчий басканда,
Айдайдын чыпыйган таноолору кыпчыла түштү.
— Токтоңуз? Эгер мага жакындоочу болсоңуз таарынбаңыз...
— Кантет? Ээй, тамашаны билбейт экен — деп, Ашым ордунда туруп калды. —
Эми мен кайтайын. Көсөлгө ак пейилиңиз менен жооп бериңиз.
— Жообум: мындан кийин мага кат жазганды койсун. Керек болсо өзү сүйлөшсүн.
Айдай башка сөз айтпай эшикке чыкты.
Кыздын жообу албетте жакшы болгон жок. Бирок Ашым ага терикпеди. Ээн үйдүн
ичине көз жүгүртүп, керегеде илинип турган кара тукаба палыону көргөндө жым дей
түштү. Эшикти ачып карады: жакын жерде эч ким жок, Айдай булактын жээгинде
ойлуу отурат. Ашым палыонун жанына басып барып, чөнтөгүн аңтарды. Бир
чөнтөгүнөн он сом акча, орусча жазылган кагаз табылды. Кагазды окуса алтынчы беш
жылдык жөнүндө жазылган. Бул — Айдайдын сочинениеге даярдыгы болучу. Ашым
кагаз менен акчаны кайра палыонун чөнтөгүнө салды. Экинчисинен институттун
чакырыгы табылды. Мына Ашымдын көздөгөнү колуна тийди. — Эми Айдай окуусуна
барып көрсун...
Ашым ошол эле күнү айлына кайтты.
***
Атасы менен Мамбеткулдун жашырын кудалыгы, боз аттын келиши, кала берсе,
Көсөлдүн каты окуудан башка нерсени анчалык ойлой элек жаш кызды кадыресе чоң
ойго туушар кылды. Анын жаркыраган көлечегинин жолуна кандайдыр бир бөгөт
пайда болгонсуду. Бул бөгөт ким? Өз атасы — Салык жана курбусу — Көсөл. Мен эң
жакын көргөн кишилерим мага бактылуу болушту кыйыпшайбы? Койчу, кантип эле
ошентишсин? — деген үмүттун шооласы ошол бөгөттүн кара түнүн тараткансыйт.
Айдай Көсөлдү көз астына элестетти. Көсөл жайлоого келер менен отун алып, от
жагууга чейин атамдарга жардам беришти. Жадаганда жүгөнтартмалардын
үзүлгөндөрүн улап, атамдын учтары чыгып кеткен камчысына чейин өрүп берди. Аны
биздин үйдөгүлордүн баары жакшы көрүшүп калды.
Анын эмгек сүйгүчтугү, камбылдыгы мага да жагат. Көсөлдүн өзгөчөлүгү ошол элеби?
Баса ал тил алгыч, улуу кишилерден жаңы келген келинден бетер ийменет. Мунусу
мага жаккан жок. Жаш киши бекем, кайраттуу жана өз оюн тайманбай айта турган
болсо.
Көсөл кээде мени менен кошулуп, желенин жанына келип, көбүргөн терүүчү эле. Мен
ойноктугум кармап, колундагы жыйнаган көбүргөнүн жулуц алсам, талашуучу эмес.
Кайта мага кошуп терип берүүчү. Мага ошентип, кичинекей кыз катары карабай,
талашсамталашып, алышсам алышканы көңүлдүү болор эле. Бирок мени эмне үчүндүр
көп тиктей турган. Чынын айтсам, мен ошонун көзүн аячымын жана андан эмне
үчүндүр коркуучумун. Ал айлына кетерде «окууга барабыз» деп экөөбүз кол алышып,
убадалашканда, Көсөл мени адатынча телмире тиктеп, бир нерсе айта тургансып,
ээрдин кыбыратып, кайра эмне үчүндүр үн чыгарууга чамасы жетпегенсип, тим болуп
калды да тескери карап кетти.
Эми ошол Көсөл мага сүйүпкүйүп кат жазыптыр. Каты да, арачысы да мени аябай
чочутту.
Көсөлдүн орду Бекен менен алмашылды. Мен алгач Бекенди шылдыңдап жүрдүм,
себеби — күн булуттанып, жамгыр тыбыраса эле бетинен түгү чыга түшөт. Ошондо
бир пияла муздак кымыз ичсе, кышкы чилдеде жүргөнсүп көгөрүп кетет. Мен аны
кайраты жок, бош жигиг экен — деп жүрдүм. Көрсө Бекен шаарда чоңоюп, тоонун
шартына көнө албай жүргөн экен. Тоонун суугуна үйрөндү, бирок кымызды көп ичүүгө
бары бир көпө албай койду. Борщко ичегиси биротоло чүүлүгуп калса керек.
Студенттер көркөм адабиятты окууну жана окугандары жөнүндө аңгемелешүүнү
жакшы көрүшөт. А, Бекен бодсо, китеп дегенде ичкен аягын жерге кое койгон пеме
экен. Мага ошонусу жакты. Анын Көсөлдон өзгөчөлүгү: ал улууну да, кичүүнү да
сыйлайт, бирок жалтактыгы жок. Ашым алгач келгөнде атам экөө Бекенди мыш кылуу
үчүн аракеттеништи. Мен чочуп отурдум. Бирок Бөкен алардын өзүн маданияттуу
мамиле менөн элө шылдыңдагандай болду. Демек, тарбиясы жакшы окшойт.
Бекен мага окууга өтүүгө даярдануу үчүн көп жардам берди. Мөн анын жардамын эч
убакта унутпаймын. Жакындан бери ал мени: көбүрөөк тооруйт, кебөтөси бир нерсе
айтчудай... Ага жолугуудан өзүм да качпас алеи, атаман корком, апаман ийменем.
Бирок ал эмне деп ойлоорун билбөймин. Акыркы күндөрдүн убайымы ушул жигит
тууралу мени көп ойлонтуучу болду. Менин көлечегим — окууга барышым ушул
жигит менен байланыныштуудай сөзилет. Окууга бара албай калышым Көсөлдүн
колуна түшүүчүдөй үрөйлүү учурайт...
Оюм бытчыт, акылым бир жергө токтобойт. Бирок бир нерсени айкын билем: окууга
кандай болбосун көтем. Атам Мамбеткулга канчалык убадасын бербесин,
чечекейиндей көргөн жалгыз кызынын зарын укпай койбойт.
Ушул сыяктуу ойлор Айдайдан кетпей турган болду. Ата-энесине эрке, шайдоот кыз
күн өткөн сайын оорбасмырт тартып, ойлуу боло баштады.
Жайлоо Бекенге ак мөңгү менен аксаргыл жана көкжашыл тоо гүлдөрүнүн аралаш
жашоо учуру сыяктуу купуя элес калтырды. Гүл менен кар аралаш жердө ысык менен
суук, кубаныч менен өкүнүч аралаша жүрөт окшойт.
Бекенге алгач тоо адамдары ушу касиеттуү тоонун озүндөй кампайган, камырабаган,
алысжакынды ылгабаган кеңпөйил сөзилди. Жылкычы Кадыркул жана анын үй-бүлөсү,
Салык жана анын үй-бүлөсү, кымызды гана эмес, деле даамдуу оокаттарын
бирибиринен түгүл, мөймандан аябаган кандай кишилер. Булар эмне үчүн үнөм менен
жашоо, эртеңкиге запас түзүү, ысырап сыйды азайтуу жөнүндө ойлошпойт? Эмне үчүн
жолуккан кишини сыйлай беришет?
Ага баарыдан Салык өзгөчө пикир калтырды. Ал мейманды күтүүнү, баалоону жана
өзүнүн эртеңкиси жөнүндө ойлой билет. Бирок үнөмдөө, запас жыюу менөн ШЙР жок.
Кишилер мепен аралашып, кажыкужу же тамаша убагында да, эч нерсе менен
алаксЫтаЖ оюн бир жерге топтоп, көңүлүндөгүнү эч качан унутари Анын күлүңдөгөн
тегерек көзү сүзүлүп, же чалабул кумулуп, анын үргүлөгөнү, ойго чөмүлгөнү же батып
турганы билинбейт. Анын дагы бир өзүнө жаккан кишини бооруна тартат. Анын
боорунан түнөк тапкан киши оңой менен кете албайт.
Мындай кең пейил жана барктуу аксакалдар элетте жылдан жылга азаюуда.
Бекен ага кантип жакындап, анын үй-бүлөсүнө кандайча аралашыпсиңишип кеткенин
сезбей калды.
Бир күнү Салык анын бетине муздак суу чачкандай эсине келтирип, өзүнөн алыс
түрткөндө гана Бекен акылына келди. Тоо адамдары да ушундан болобу? — деп таң
калды. Өзүнчө анын кылык жоругун ылгай баштады.
— Мени бооруна тартканы бекеринен эмес экен. Кандайдыр жашырын максатты
көздөгөн экен. Анан? Анан, ошол максаты өзгөрүлүп, менин зарылдыгым болбой
калгандан кийин, ортобуздагы көпүрөнү тартып койгон турбайбы! Абышка оңой эмес!
Мейли. Анын мага деле зарылдыгы жок. Эгерде мени менен жакындашууну каалабаса,
минтип оройлонуп, боюнан алыс түртпөй эле, нарктуу аксакалга окшоп, жөнү менен
эле алыс ташпайбы! Мен ага жабышып калбайт элем. Эгер жабышсам ошондо барып,
үтүрөңдөсө, акыйкаттуулук болмок.
Абышка менен жигиттин мамилесинин бузулушу эч нерсе эмес. Бир аз күндөн кийин
бири айылда калат, экинчиси калаага кетет. Андан кийин таптакыр жолугушпас. Эки
ортодо кыз жабырлай турган болду. Ал окууга бармак эле. Эми аны абышка бул
кебетеси менен калаага жибербейт. Балким, кыздын тагдыры чечилип калгандыр. Чал
бир беткей болгондон кийин гана ага кыр көрсоткөпдүр.
Бекен ушул жөнүндө ойлоду. Базарбек менен кеңешти. Бирок Салык менен
Мамбеткулдун ортосундагы жашырын сырды эч ким билбегендиктен, алар абышканын
пикири эмне үчүн өзгөрүлгөнүн түшүнүшпөдү.
Жалгыз айла — Айдай менен сүйлөшуү керек. Кандай болбосун, сүйлөшүү керек.
Атасына эмне болгонун балким билер. Эч болбосо, эч нерсе билбесе, окууга кандай
болсо да, жөнөшү керек. Убакыт аз.
Тилекке каршы, Салыктын эшиги аны үчүн кандай жабык болсо, кызы да ошончолук
кол жеткис абалда. Бээ саадырууга жөнөгөндө, окус Бекендин карааны пайда болсо,
аны дароо чакырып алышат. Сууга барарда артынан акмалашат. Ал эми түнкүсүн
эшикке жалгыз чыгарышпайт.
Бекен Салыкгын көздөн далдоо кетишин кезере күттү. Мүмкүн колхозго, районго
чакырар. Мүмкүн аш-тойго кетер.
Өкунүчкө жараша, Салык айылдан алыстабады. Алдына кш'ш.1 төшөтүп, ак жаздыкка
чыканактап, үйдүн үстүндөгү дөңдө күндүз узакка олтурушат. Кымызга келген
меймандарды ушул жерден сыйлайт. Аңгемелешет. Карта, тогузкумалак ойношот.
Ушундай жагдайда Айдайга жылууга мүмкүнбү?
Кат менен сүнлөшүүдөн башка арга түгөндү. Бир ооз сөз жазылган кагазды,
Кадыркулдун кичи баласынан жөнөттү. «Убакыт чукул. Мага кандай болбосун,
жолук!» Кимге ариалганы, ким жазганы белгисиз катты кичинекей бала чөнтөгүнө
катып, кыздын үчүн көздөй чуркады. Эки жакты элеңдеп карап, тызылдап жүгүргөн
балага Салыктан башка киши көңүл бурган жок. Бардыгы кымыздын күүсү, тогуз
кумалактын тамашасы менен дуулдашат. Бала соңуна карай тызылдап чуркап
келатканда Салык ага карап үн салды:
— Бери бас!
Бала элеңдеп токтой калды.
— Тез кел! — деди ал үнүн өкүмдүү чыгарып. Бала шылкыйын, анын жанына
келди. Башка кишилер ага дале көңүл бурушпайт. Салык дароо сөзгө алды:
— Кана, жазган жооп каты?
— Жок! — деди бала ыйламсырап. — Кат жазбай койду. Өзүм жооп берем — дейт.
— Болуптур! Кете бер! — Салык аны жөнөтүп коюп, ойлонуп калды. — Бу жигит
да соо жаткан эмес экен. Бирок эч нерсе чыкпайт. Кыяматтык досум турганда, калаадан
келген делбэз жигитке кызымды жетелетип жибергидей акмак эмесмин. Кызым
сырдакана жерге барат. Эртеликеч көрүп турууга жакын. Анын үстүнө боз ат бир
кыздын калыңынан кымбат! Мындай бакытты мен тирүү турганда колдон
чыгарамынбы??
Тогузкумалактын кызыгына баткан кишилер Салык менен баланын эмне жөнүндө
сүйлөшкөнүн жана ал азыр кандай ойго келгенин байкашпады.
Оюндан көз албай отурган Кадыркулга ал мындай деди:
— Кадыке! Утуудан жадабайсың! Утулуудан да жадабайсың!
— Ооба! — деп коюп, ага караган да жок Кадыркул
— Бир эле суроом бар? »7«Жылкычы эриксизден башын көтөрүп, кулагын тосту.
— Мейман жигптиң качан кетет?
— Үч күндөн кийин,— деди да жылкычы малакты жүро баштады.
Салык топтун арасында турган жаш жылкычыны четке ээрчитип, башкаларга угузбай
шыбырады:
— Азыр аттан. Досумдукуна! Эки чанач кымыз ала кет. Эртең түндөн калбасын...
Биз даярбыз.
Жылкычы жигит анын жакын тууганы, бирибиринен сыр жашырчу эмес. Ошону үчүн
жигит каңкуулады:
— Эмне үчүн барабыз? Эртеңден калсак эмне болот? — деп сурашса, кандайча
жооп берем.
— Жооп бербе! — деди Салык кескин түрдө. — Бул сөз ичиңде болсун!
***
Бүгүнкү Салыктын үйүндөгү камылганын түрү Мамбеткулдукуна караганда бир
башкача эле. Алар Айдайды окууга жөнөтөбүз деп, кийим-кечелерин жыйнаптернеп,
куржунга салышты. Бу кабар кыз үчүн бакытындай туюлду, атасына ишеничи он эсе
көбөйдү, Салык менен Курма анын коңшуларына барып «эртең окууга жөнөйм» деп
учурашып келүүгө жумшашты. Көптөн бери Айдайды окууга барбай калабы деп
шектенишкен коңшулары анын сөзүн кубаныч менен тосуп алышты. Бул кабарга
Базарбек менен Бекен гана ишене алышпай, же кадик кылуу үчүн шек таба албай,
ыргылжың болушту.
— Айдай окууга баруу үчүн эртең үйүнөн аттанганда гана ишенем — деди
Базарбек акырында.
Салык эртең кызынын окууга аттанышын күткөн жок, аны бүгүн түндөн, тымызын
жөнөтүү керек эле. Салыктын оюн кыз да, Базарбек менен Бекен да, башкалар да
билишкен жок.
Күн батып баратты. Айдай сүйгөн жайлоосунун манаттай кызарып бараткан кечин
суктануу менен карап турду. Батыштагы кызыл манаттын иреңи өчкөндөн өчүп отуруп,
алыскы Ала-Бел ашуусу жактан коркунучтуу кара булут көтөрүлдү. Кечикпей эле
тоонун туш-туш тарабынан ошондой эле булуттар башбактай баштады. Күүгүм
киргенде асман бүт бүркөлүп, жайлоо көөдөй караңгылыкка чүмкөндү. Капысынан
жарк эткен чагылгандын коркунучтуу дабышы кызды селт эткизди. Анын жүрөгү
опколжуду. Эртең окууга жүргөнү турсам, эмнеден корком, чагылганды көрбөй жүрчү
белем — дегенсип, ал өзүн-өзү сооротуп, үйгө кирди.
Үйдө эмне үчүндүр бүгүн үрөй жок. Чырак үлпүлдөп алсыз нурларын чачат.
Коломтодогу нымдуу арчалар жакшы күйбөй түтүнү быкшып, түндүктөн соккон
желден жол таап чыга албай, кайра үйдүн ичин каптайт.
Атасы үйдүн бир жак капшытында, энеси экинчи жагында.
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Атай - 31
  • Büleklär
  • Атай - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3988
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2335
    27.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 4007
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2310
    29.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 4007
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2169
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 4040
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2261
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3933
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2230
    28.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3945
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2172
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 4017
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2331
    30.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 4025
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2330
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3903
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2184
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3925
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2231
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3901
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2142
    30.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3803
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2123
    28.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3820
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2144
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3859
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2264
    28.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3978
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2233
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2311
    27.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 17
    Süzlärneñ gomumi sanı 3985
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2360
    28.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 18
    Süzlärneñ gomumi sanı 3950
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2190
    29.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 19
    Süzlärneñ gomumi sanı 4029
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2314
    29.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 20
    Süzlärneñ gomumi sanı 3939
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2204
    28.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 21
    Süzlärneñ gomumi sanı 3850
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    30.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 22
    Süzlärneñ gomumi sanı 3844
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 23
    Süzlärneñ gomumi sanı 3912
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2163
    30.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 24
    Süzlärneñ gomumi sanı 4047
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2003
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 25
    Süzlärneñ gomumi sanı 4012
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2062
    30.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 26
    Süzlärneñ gomumi sanı 4091
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2166
    30.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 27
    Süzlärneñ gomumi sanı 4051
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2255
    27.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 28
    Süzlärneñ gomumi sanı 3917
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2110
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 29
    Süzlärneñ gomumi sanı 4012
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2185
    31.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 30
    Süzlärneñ gomumi sanı 4010
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2112
    30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 31
    Süzlärneñ gomumi sanı 3933
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2191
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 32
    Süzlärneñ gomumi sanı 3956
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2208
    29.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 33
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2204
    29.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 34
    Süzlärneñ gomumi sanı 2899
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1600
    32.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.