Latin

Атай - 19

Süzlärneñ gomumi sanı 4029
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2314
29.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
болбосун урмат менен тосуп алышат. Элге ишенген Атай чакырган жерине
кылчактабай бара берет. Бүгүн КоңурӨгүз тараптан жаңы эле келип, аттан түшкөндө,
Абдырамандын үйүнөн чыккан өспүрүм бала басып келип, салам айтты да:
— Сизди чакырып келдим.
— Каякка? — Атай жообун күтпөй үйүн көздөй басты эле, өспүрүм бала апы
колунан кармай калды.
— Төзирээк, жооп бериңиз.
— Каякка? Ким чакырат?
Бу кандай бала дегенсип, Атай анын кара бешманы боз тумагына чейин көз жүгүртүп
чыкты.
— Кара-Суунун баш жагындагы айылга... Бери жагына токтобой коктуну өрдөй
берсеңиз чоң сарайлуу кыштоого көзигесиз. Сизди ошол үй күтөт.
— Ал кимдин үйү?
— Айтпаймын.
— Эмне үчүн айтпайсың, айтпасаң барбаймын.
— Мага айтпа деген. Барбасаңыз өзүңүз билиңиз. Өмүрүндө мындай табышмактуу
чакырууну укпаган
Атай барарын, же барбасын билбей ыргылжың болуп туруп калды. Жигит атына минди
да, урган бойдон жөнөдү. Аңгыча кызын көтөрүп эшикке чыга калган Шайым: — Ой,
сен эмнеге туруп калдың? — деди.
— Атам! Атам,— деп Саада апасынын колунан бошоп, чуркап жөнөдү. Атай кызын
көтөрүп, өпкүлөп турганда Абдыраман да үйүнөн чыга калды.
— Ассалоом алейкум! Аткөлүк аман келдиңби?
— Валейкима салам! Өзүңөр аман-эсенби?
Алар учурашкандан кийин Атай табышмактуу чакыруу жөнүндө айтты.
— Баруудан чочуп турасыңбы?
— Ким билет?
— Мен баланы терөзеден көрүп калдым. Тааныш бала. Чакырган үйдүн ким экенин
да билип турам... Айылдын үстү жагында бир жыгач уста бар эле... Ошол болуу керек.
Бирок ал эмне чакыртканын түшүнө албайм...
— Барбай эле кой. Күн батайын деп калды, чоочун жерде каргашаны кайдан деп
болбойт,— деди Шайым.
— Бир кеп бар.
— Сөзсүз.— Абдыраман чочуган жок.— Сенин барганың дурус. Жанагы келген
бала шенимдүү кишинин баласы, булар жаман ишке барбай турган немелер...
— Көк бээм да чарчап калды,— деди Атай кыйылгансып. 4
— Сен үйүңө кирип, чай ичип чык. Мен өзүмдүн жоргомду токуп коеюн.—
Абдыраман короого кирди...
Атай кер жоргого минип, каптал жолго түшкөндө күн батып калган. Бир аздан кийин
кар жаай баштады.
Кара-Суу коңшулаш айыл. Бирок өтө чачкын. Бир катарлары кашаттын алдындагы
түздө, бир катарларынын короо жайлары секиде. Ошо секинин майда колотТ0РУ,
бурулуштары бар татаал жер.
Атай ашыгып катуу жүргөнү менен кабарчы балага жетпеди, кар күчөп, ымырт
каптады. Каякка барарын билбей калды. Бирок кер жорго мойнун созуп жиберип,
ооздукту чайнап, эч жакка бурулбай жана буйдалбай зымырап баратат. Эч нерсе
көрүнбөйт. Болжолдуу жерге жеткенсиди. Бирок кайсы колот, сарайы кайсы экени
билинбейт. Ар кайсы жерден үргөн иттердин үнү гана угулат. Атай иттин үнүн улап,
аттын башын бурду. Карагер жолдон чыкканын сөзгендей жүрүшүн акырындатып
тизгин талашпай, ээсинин эрки менен гана жүрүп калды. Баш айлануу башталганын
эми көр. Иттин үнүн улап бет алды жакты көздөй баратканда, үргөн дабыш каптал
жактан угулат. Капталга бурулса, дабыш арт жакта калгансыйт. Чынында иттин
үргөнүн улоо деле пайдасыз, балким, таптакыр башка үйгө алып барар. Кимди издеп
жүрөсүң десе эмне жооп кайтармак. Ошентип, ал секи тарапта бир топ убакыт жүрүп
калды.
Кар лапылдап жаап турат. Жакшы жери: бороон жок. Эртеден бери жол жүрүп келген
неме башы айлангандай бастыра берүүдөн тажап, чарчаганын сөзе баштады. Атты
бөөдө кыйнабайын деп, тизгинин жыйып, ойлонуп тура калды. Өпкөсүн кагып,
солуктаган карагерди аяп, кайра кеткиси келди. Бирок табышмактуу кишини ойлогондо
дилгирлиги кармап, сабыр кылат. Илките бастырып, бет алды келатканда карагер
кулагын тикчийтип токтой калды. Ат бир нерсени сөздиби дегенсип, Атай демин ичине
алып, кулак тосту. Эч нерсе билинбейт. Дагы илгериледи. Кайдандыр бир татынакай үн
кээде угулуп, кээде жоголот. Ышкырыкпы, ыйбы, ырбы? Айтор ийаий дегенсиген
мукамы кээде утула калып, кулактын мазасын алат. Ушул үндөн ажырабоо үчүн өйдөтөмөн бастырып жүрүп, анын чыккан жагын байкады да, ошол тарапты көздөй
ашыкпай бастырып отурду. Кар да акырындап басаңдап, суйдаң туман арасынан ай
шооласы булаңгыр тартып көрүнө баштады.
Жүрө-жүрө үн темир комуздуку экени байкалды. Атайдын көз алдына чогулушуп
комуз кагышып отурган кыз-келиндер келе калды. Балким, бозоюн эстеген селки, же
алыска кеткен жубайын күткөн келиндир. Өмүрдүн өткөн бир учуру жүрөгүн козгоду.
Талас... чоң саз... Седеп жеңеси менен токойду көздөй сейилге чыкчу эле. Ошондо Атай
аркасынан акмалап барып адашып калганда, төмир комуздун жылаажындуу ыргагы
аны кайдан да болсо, таап берчү эле... Жаштык, махаббат өз көзинде сонун экен го.
Анын баары кайрылбас сапар кетти десе жүрөгү дале опколжуйт... Үн басылды. Бирок
ал утурлап бара берди. Бир аздан кийин темир комуз кайрадан тилге кирди. «Күйдүм
чок»... Атай ат үстүнөн кулап кетчүдөй эңгидеңги болуп, эрдин кашын бек кармап,
үндү жандили менен тыңшады. Байкуш Седеп темир комузду унщнтип кагуучу эле. Бул
ким? Ошол байкуштун өзүбү? Же «Күйдүм чокту» билген дагы бир армандуу
бечарабы?
Атай атын ылдамдата бастырды. Эми алдынан бир душман кылыч кармап чыга калса
да токтобоочудай кайраттуу. Бет астынан киши да, үй да көрүнгөн жок. Бир түп
дүпүйгөн бадал көзикти. Комуздун дабышы басылды. Тумагын баса кийген, кара
ичикчен киши бадалдан чыга калып.— Сен кимсиң? — деди.
— Мен. Жок издеп жүрөм.— Атай муңайымдуу үшкүрдү.
— Качантан бери? — Баягы дабыш кыздын үнүнө айланды.
Эмне үчүндүр Атайдын жүрөгү зырп дей түштү. Көзү ымырчымыр болуп баратты:
— Седеп!... Седеп! Сен болуп жүрбө? Ой, тобо, мен кимдин үнүн уктум?
— Жаңылган жоксуң, Атайжан!
Ал аттан кулап түштү... Седеп денеси калтырап жүрөгү бүкүдүкү ,болгон Атайды
сүйөп, маңдайынан өптү. Тил күрмөөгө келбейт... Арадан он жылдан ашуун убакыт
өткөн... Дайынсыз жоголуп, арбак сындуу түшкө кирген Седеп капысынан табылды.
— Ырас эле Седепсиңби? — Колунан чыгып кетчүдөй Атай аны бекем кучактаган.
— Ишенбей турасыңбы?
— Бул түш эмеспи? Муңдуу темир комузуң, жибектей үнүң, маңкаИ^ан ак бетиң,
ысык демиң баягы эле, сен Седепсиң, ыраспы, ыя? Седеп элесиң!
— Ооба түш эмес. Түштөн да мүшкүл иш!.. Кыбыладан соккон суук шамал
карагандын бадалын
дуулдатканы жана тизгини каңтарылган жоргонун суулугун чайнап, жер чапчылаганы
гана угулат. Кең асман бетиндеги ай жашынмак ойногон балача булутка бирде
жашырынып, бирде жарк этип күлүмсүрөйт.
Атай Седепти кучагынан жибербей, ай жарк зткен сайын бактысына ишенбегендей
анын дидарын тиктейт.
— Сени бул дүйнөдө жокко деп ойлогомун.
— Ишенемин. Ошонуң деле жакшы болуптур, эгер менин мында экеними билсең
издеп азапка түшөт элең, балким, чатак ырбап, кан төгулүүгө чейин барат беле!
— Баарына даяр элем!
— Дагы эле баягы бойдон экенсиң! — Седеп булуттан чыккан ай өңдүү жаркырап
күлдү.— Сени, жадаганда, жактаганыңды бербегениңе чейин жакшы көрчү элем... Түк
өзгөрүлбөгөнсүң. Иреңиң да бала күнүңдөгүдөй айырмаң эле чырымтал жүнүң
жетилии, балтыр этиң толуп, баралыңа келгенсиң, баланын атасысың.
— Д, сен жоолугуң эле болбосо, кыз күнүңдөгүдөй көрүнөсүң!
Турмуштун нечен кыйын ашууларын ашып, кагылып,. согулуп, кыялдуу жаштыкты
жөнөтүп, токтоо мүнөз Ата-эненин курагына жетишсе да, эриксизден бөлүнүшкөп
немелер капилеттен кошулушканда керээздүү кептен башташпай капкачанкы өтүп
кеткен махабаттын сөөлөтүн эстеп, өздөрүн бактылуу сөзишти. Бирок Атайдын акыркы
сөзү чын жүрөгүнөн айтылса да, Седеп үчүн тамашадай угулду. Кыз доору кайда
калды? Өмүрдүн кубанычы ошо менен кошо кетпедиби! Эми ал өзүнүн бакытын
унутуп, балачакасынын гана келечегин тилеп калган эненин өзү эмеспи! Бирок жүрөк
жалыны суубас жигит аны кайдан түшүнсүн! Тек, беш көкүл селкисин сагынганда
көргөн уланча жүрөгү элепжелеп.
Сөздү Седеп баштады:
— Мен баягы Седеп эмесмин. Очорбачар катынмын төрт баланын энесимин.
Кыял менен алпурушуп отурган Атай аны кучагынан кандайча бошотконун өзү да
байкабай калды.
Сүйгөн селкисинин оозунан чыккан сөздөр жигиттин ысык жүрөгүн кышкы желдей
суутуп баратты.
— Кетмен-Төбө конушум. Кудай эми мага ушу конушумду кут кылсын!
Балачакамын кубанычын көрсөм,. бакытым ошол. Сен да балачакаң менен бактылуу
бол!
— Токточу! — Уга берүүгө Атайдын жүрөгү чыдабады.— Сен эмне деп жатасың?
Антпечи! Өмүрүң гүлүп кага элек, өзүң эле азармандан бөзарман болуп жатасың.
— Сен мени өзүңдөй көрбөчү! Сен таптакыр башкача жаралган жансың! Мен
өмүрүмдөн кечкемин. Эгер жыл айланбай төрөп койбосом, күйүттөн эле тындым болот
элем... Бала үчүн гана жашап жүрөм.
Анын сөзү Атайга эми гана жетти. Өлүп айрылбайм деген кишисинен тирүүлөй
ажыраганы ушул эмеспи! О, ташбоор тагдыр! — ал кар чеңгелдеди.
Седеп баягыдай эле салкын кандуулук менен сүйлөй берди:
— Сени чакырган себебим: жоголгон бакытымды таап, сени да бактылуу кылайын
дегеним эмес, башка... Кетмен-Төбөгө келгениңди капкачан уккамын. Жолугуунун
амалын таппай жүргөмүн. Бул жерден дос да, душман да таптың... Досуңду билесиң,
душманыңды билбейсиң.
Турмуш, турмуш! Баарыдан мурда өмүрдүн кубанычы болгон ыр, махаббат, достук
жөнүндө гана таңдайлашууну ойлогон Атай кээде аргасыздан гана ушак, тарыныч,
эрегишүү деген жексур нерселерге алагды боло тургап. Таластан кеткенде эми
ошондой балаадан кутулдум го деп ойлогон. Бирок Седептин сөзүнө караганда
каргашалар анын артынан кууй келгендей. Балким, Кетмен-Төбөгө соккон жел менен
илээше келгендир.
— Алар ким? — деди ал тиштенип.
— Билбейсиң.
—. Атын эле айтып койчу, чыдабай баратам.
— Атасам: Кестикбай менен туугандары. Билдиңби!
— Өмүрүмдө көргөн кишим эмес. Андай неме дүйнөдө барыжогун да билбеймин.
Мен ага эмне күнөө кылыптырмын?
— Сенин күнөөң махаббатың, үнүң, тилиң.
— Ээ, секет! Бирөөгө күнөолүү болбоюн деп жүрөгүмдү сууруп, кекиртегим менен
тилимди кесип таштайынбы? Бул эмне деген кыянатчылык!
Седеп ичигинин жакасын кайрып таштап, ыркырап соккон желге төшүн тосо:
— Кетмен-Төбөдө Жоробай деген бай болот. Ал менин атам менен эски тааныш
экен. Келипкетип жүрүп, мага көзү түшүп, атама кудалашуу үчүн арачы салат. Атам
макул болбойт. Экөөнүн ортосунда эрегиш башталат да, Жоробай жигиттерин
тымызын жиберип, жылкынын камбар атасы Жибек жалды үйүрү менен уурдатып
алат...
— Жүзү кара! — Атайдын көзү чакчая түштү.— Абдыракманды өлтүрүп,
Субандын малын талатууга себепкер ошол Жоробай экен да. Ал азыр тирүүбү?
— Сабыр кыл! Бул бир эле чети. Анын дагы бир кыянаттыгы бар. Кийинчерээк сен
эр жеткен көзде Райымбек болуш экөөң атамды кыстап, сен мага үйлөнмөк болгондо
атам Кетмен-Төбөгө киши жиберип, мени Жоробайдын уулуна өңөртүп жиберишет.
— Жүзү кара! Бизге башынан бери жармашкан кырсык ушулар турбайбы. Айтчы,
ал тирүүбү дейм? — Атай аны колдон кармады.— Мен аны тирүүлөй мууздайм.
Седептин каны ташкындап, күйүттүү жүрөгү күйүп жанган менен манжалары
мупмуздак экен. Атай анын салааларын кыса кармап, жооп күттү.
— Ашыкпа, сен Кетмен-Тобого качып келдиң. Муну элдин баары жакшы билет.
Эртеңби, бүрсүгүнүбү, айтор, жакында сени калың эл алдында маскара кылуу үчүн
камынгандар бар. Ачыгын билбейм... Айтор колунан келсе, Кетмен-Тободон кубалап,
же набактыга отургузушат. Ушуну укканда кантип чыдап жатам. Жанагы баладан туюк
саламдуба айтканымдын себеби ушул. Сак бол, Атаке, эч нерсени кенебеген неме элең.
Ылаажы болсо кайра Таласка аман-эсен кеткениң дурус.
— Азыр мага жамандык издеп жаткандар ким? Ошону айтчы?
— Менин күйоом Кестикбай.
— Кестикбай... Ошол уурудан коркуп, айлыма кетүүчү менминби?
Мен сени коркот деп жатканым жок. Жалгызсың. Сенин жашырын душмандарың коп.
Байкоосуздан алдырып койбо деп жатамын. Эсиңдедир мени да душмандарыңа
аңдоостон алдырдың. Мен ал көзде жаштыккылып, колго түштүм, болбосо, азыркыдай
дасып калган көзим болсо, далайынын жазасын колуна бермек элем.
Атай тура калды.
— Корсот үйүңдү, Секебай! Азыр эле мууздап салам! Абдыракмандын каны,
экообүздүн махаббатыбыз үчүн!
— Үйүм жашырын эмес. Корсотор элем. Бирок кан тогүү сенин кесибиң эмес... Сен
ага бара албайсың...
Жаш омүрдү оксүтүп, азыр да кыянаттыгын улантып, далайдан бери каргаша болгон
кишиге кыжыры келип, чайнап жибергиси келет.
— Кагылайын Атай! — Седеп аны колдон тартты.— Мен баягы эмесмин десем,
мени тирүүлүктон түңүлгон экен деп ойлоорсуң. Жок, андай эмес. Мен омүрго тойгон
кишимин. Менин махаббатымды аңкаганда кандырган жалгыз гана сенсиң. Мен
омүрүмо ошо сени менен откоргон аз гаиа күндорүм үчүн ыраазымын. Мындан ары
сага кыйышпас курбуң, тилектешиң болуп кала берем. Сен жалгыз эмессиң. Дагы бир
мыкты досуң Абдыраман! Ошого ишене бер. Ага эл да, окүмот да ишенет. Кош, эми
далай убакыт оттү. Мени издешип келип калышпасын!
— Сенин эриң Кестикбай жыгач устабы? — деди Атай оюна бир нерсе түшо
калгандай.
— Жок. Соодагер! Мен жыгач устанын үйүно идиш жасатуу үчүн келип, эрим
шектенбесин үчүн сени ушул жерге чакырттым... Күн туман болуп, кар жааганда сени
адашабы деп чочуп, үстүмө устанын кийимин кийип, баятан бери дөңгө чыгып, комуз
кагып, жолуңду тосуп жүрдүм... Эми менин эң акыркы сөзүмө жооп бер, мени ыйлайт
экен деп алдаба. Мамат кайда? Таластан удаалаш чыккан экенсиңер, кабарын билишиң
керек.
Атай үшкүрүнүп, койнун ачып, түгөйүнөн ажыраган жалгыз алтын сөйкөнү жарк
эткизип сууруп чыкканда Седептин көзүнөн жашы мөлт этти.
— Тагдыры ушундай экен! Бирге жүрөлү десем болбой, апасы Маматты менден
бир күнү мурда качырыптыр...
— «Шордууга шорполуу аш жакпайт» деген ошо. Аны сага кошуудан чочуганы:
Седептин кабарын бшшнип калат деп арамзалык кылганы... Арамзалыктын акыры
ушу... Сөйкөнү кантип таптың?.. — деди Седеп.
—Маматтын сөөгүн кызыл тебетейинен тааныдым... Корумдап көөмп, таягымды
алайын деп эңкейсем, ушул сөйкө тикенге илинип турган экен...
Седептин жашы көлдөдү. Атай аны соорото баштады.
— Седеп, жүрөгүң таза, акылың тунук, баягы эле бойдон экенсиң. Турмуш сени
майтара албаптыр... Айрылуу оор, өтө оор. Мындай каргаша бизден муруп да болгоң,
кийин да чыгар... Тилекке жетпесек да, өмүр бою тилектеш болуп кала бергендигибиз
сенин гана асылдыгың. Мен ушуну үчүн да тагдырыма ыраазымын. Сен ма береки айга
окшоп, өмүрүмдү жаркыраткан жарыксың! Кош!
— Кош!
Седеп терс бурулган бойдон артына кылчайбай колотко бурулду.
Суукка чыйрыккан ат тынчыбай жер чапчып, тыбырчылап турган экен. Ай эңкейип
калган...
Атай атка мингенде көз алдында Седеп, Абдыракман, Субан, Жоробай, Кестикбай...
Таластан эмнени көрсө, Кетмен-Төбөдөн ошону көрдү. Аны досторунун да кастарынын
тамырлары тутумдаш сыяктанды. Оюна ар түрдүү нерсе келген неме каякка
баратканын болжогон жок, кер жоргого чайпалып, бет алды жүрүп отурду. Качан гана
алдынан иттер үрүп чыкканда, капысынан Жоробайдын торуна туш келгенсип, селт
этти.
— Бу кайсы айыл.— Жанагыдай эле секетче, төбө чачы дүркүрөдү. Каңкылдап
жарыша келген иттер жанына келгенде, эмне үчүндүр, куйругун шыйпаңдаты¬шып,
эркелегенинен улам гана жүрөгүн басты. Төмөн жагында шаркырап агып жаткан
Чычкан суусун дабышынан тааныды.
Карагер жорго туура мамысынын жанына келип токтоп, окурана баштады.
— Үнүңөн кагылайын! — Атай жерге түшүп, кер жоргонун көкүлүн сылады.—
Акылэсинен адашкан мен байкушту кор кылбай үйдү таап келгениңе ыракмат! Ээңе да
ыракмат! Кичинекей нерседен бери алдын ала ойлогонун көрчү! Кетмен-Төбө жериңен
да, элиңен да айланайын!
Береги кырка тоонун ары жагы Талас, бери жагы Кетмен-Төбө. Мобу шаркырап аккан
Чычкан суусу башталган жылганын аркы бетинен Таластын Чычканынын суусу
башталат. Эки тараптын ошондой эле тушташ Туз-Ашуу, тушташ Беш-Таш деген
жайлоолору бар. Жери да киндиктеш, эли да киндиктеш.
Атай ойго батып отурганда ичигии желбегей жамынып Абдыраман туруп келди. Ал
уктабай жатканбы, же аттын дабышы менен ойгонуп кеттиби?
— Жата бер! Атты өзүм жайлайм!
— Жок, мен эле тууралайм. Колуман келбейт дейсиңби?
Абдыраман кой деп айтпай, кампадан калың жабууну алып келгенче, Атай жоргону
жайдактады. Ээси ага жабуу жаап, ооздугун чыгарып, таң ашыруу үчүн аса байлап:
— Жаталы! Сөздү эртең менен сүйлөшөлү,— деди Абдыраман.
Сонун кабарларды досу менен бөлүшүүгө дилгирленип турган Атай аргасыздан өз
бөлмөсүнүн эшигин аттады.
***
Кетмен-Төбөнүн аба ырайынын бир өзгөчөлүгү: жайкысын ысыгы, кышкысын суугу
күчтүү. Бир көргөн киши бу тегерете тоо менен курчалган ойдуң жерди кышында
шамал тийбеген ылымта деп божомолдоого мүмкүн. Тетирисинче, бул ойдуңдун
шамалсыз күнү аз болор, анткени, тоо жели туштуштан согуп турат. Эгер кең пейилин
карматса, кыштын кычыраган чилдесинде да, шамал сокпой күн чайыттай тиет.
Бүгүнкү базар дал ушундай күнгө туура келди. Кичинекей кыштактын ортосундагы
аянтка эл жык толгон. Ар кайсы жерде байланышкан аттар, өңгөчүн тартып айкырып
турган эшектер. Ийнине куржунун асып, колуна таяк кармаган жөөлөр да көп.
Базардын бир бурчунда жүгөрү, арпа, ун. Буттап саткан киши жок, ар бир каптын
үстүндө кесе, же чай чыны. Алуучулар деселеп, чакалап гана алышат. Базардын бул
тарабында соода мээлүүн. Талкан, жүгөрүнүн бадырагы жана бозо сатылган тарапта эл
кыжыкыйма.
Кишилердин баары иши менен алагды, өз ара кыжы-кужу. Ушунча топтун ичинде
чокчо сакал бышмыйган сары киши тумагын түшүрө кийип, тумшугун ак тондун
сеңселген кара жакасына катып, топту аралап тынбан басып жүрөт. Сатыктагы малга
жана азыктүлүккө көңүл бурбайт, бирөөнү издегенсип, ар кимдин иреңине коз
чаптырат. Ал Бир-эки кеседен бозо ичишип, базардын ичин жаңы гана аралап
келатышкан Абдыраман менен Атайдын дал бет алдына чыкканда, терс бурулуп тура
калды да, алар жанынан өткөндөн кийин, артынан акмалай басты. Бул бышмыгый сары
Жоробай уулу Кестикбай эле. Анын кабарын Седептен уккандан бери Атай «жолукса
мага көрсөтүп кой» — деп, Абдыраманга дайыма эскертип жүрчү. Мына жолугушту.
Бирок Атай түгүл, тааныш Абдыраман да аны байкай албады. Кестикбай тиги экөө
элдин арасына барып токтогондо гана кайра артына бурулду.
Кестикбай өз уругунун ичиндеги мыкты киши. Колхоз уюшулардын алдында малын
аябай союп, сатып жана туугандарына, дос, тамырларына таратып берип, өзү «орто
чарбамын» деп колхозго кирген. Ошондон бери колхозду жарытпаганы менен тийип
качып иштейт, айтор, жалкоо деген атакка чалынган жок. Жашырган малы, күткөн
дүйнөсү көп болгондуктан, турмушу али мыкты. Ал турсун, айылдагы бир катар
кедейлерге, атка минерлерге марттыгын көрсөтө коет. Ошондуктан кээде аларга да
тили өтөт.
Бүгүнкү базарга Атайдын келерин ал тыңчы аркылуу үч күн мурда уккан жана
жолугушууга камданган. Өзү турган колкоздун бригадири, ичкиликти сүйгөн
дардаңпос жигит Кестикбай алып берген бир челек бозону жорожолдошу менен бир
бурчта ичип отурушкан эле. Ичтери ысып, тамаша таппай отурган немелер «Атай
келди» деген сөздү угушканда орундарынан жабыла турушту.
Бригадирдин иреңи майланышып, кара палыосун топчулана, беркилерди жайгарып
койду:
— Алабармандабагыла. Өзүм эле ээрчитип келем.
Кестикбай чакырылган кишилердин келишин сыртынан байкап турду да, алар
бозочулардын катарына кошулганда, ашкананы көздөй жөнөдү. Өңчөй жаштар кундуз
жакалуу ичик кийген, багалчак бойлуу кара тору келинди ортого алышып, тамак
жешип отурган экен.
— Жүргүлө! — деди Кестикбай эшиктин алдына туураланып тура калып.
Тигилер алдындагы оокатын ташташып, жүрүп бараткаңда официантка бирин этектен
алды:
— Акчаны төлөгүлө!
— Акчаны мен төлөйм.— Кестикбай койнунан дыңкыйган кара капчыгын
сууруду.— Буларды кое бер...
Кара тору келинге ээрчиген топ туура эле Атайлардын үстүнө келип кошулду.
— Келгиле! Келгиле!
Атай эч нерсени байкаган жок. Абдыраман аны ийни менен түртүп, келинге карай
көзүн кысты:
— Ырчы жана комузчу келин. Кеп бар экен... Сени менен айтыштырмак го. Муну
уюштурган ким?
Аны Атай кайдан билсин! Балким, келинди жөн эле бозо ичүүгө чакырышкапдыр. Атай
айтышуу жөнүндө ойлонбой колундагы кесени келинге сунуу үчүн ордунан турду:
— Кыздын кырк чачы улуу дейт. Кесени жеңемен баштайлы. Таанышуунун алды
болсун!
— Кайним, таанышууга ашыкпаңыз! — Келин кесени алып жатып, кашын кагып
койду.— Кургак тааныштыктын кереги эмне? Бозонун угутундай ашыпташып турган
тамашалуу тааныштык жакшы эмеспи!
Күлкү дуу көтөрүлдү. Кестикбайдын тапшырган кишилери баятан бери Атайдын
куудул сөздөрүнө алагды болушуп, «келинди гана сүрөйлү» деген убаданы унутуп
баратышты.
Сейилкан деген ырчы жана комузчу келин ушу. Өзү тектүү жерден чыгып, тектүү
жерге бүлө болуп, эски адат боюнча, кайын ата, кайнагаларынан корунуп жүрүп,
өнөрүн анча арбыта албай калган. Кийинки жылдардан бери, уялар кишилеринин көбү
керт башын ала качып, туштушка тараганда Сейилкан да колхозго кирип,
курбуларынын арасында аздап эрмек боло баштаган... Бүгүн Атай менен беттешерин ал
жакшы билүүчү. Аны мейман комузчунун биринчи көрүшү... Анчамынча ырчыларды
оюнчындын ортосунан жеңе жүргөн келин оюнкараак жигитти чындасам койбоймго
деп болжоду.
Айтышуу тууралуу ырчылардын арасында ар түрлүү түшүнүктөр бар. Кайсы бирөө
айтышкан кишисин жеңүүлү ырчылыктын негизги белгиси катары эсептешет.
Ошондуктан, аны жеңүү үчүн кемсинтүү, кордоого чейин барышып, кызыгында
уятсыйытты да унутуп, оозуна келгенин оттоп кетишет. Кайсы бири айтышууга
башкача карайта Эрегишкенди капилеттен сөз таап, нускалуу пикир айтуу менен жеңүү
керек дешет. Мындайлардын көрүнүктүүсү Токтогул. Айтышуунун жөнү ошондой
экенин башкалар да танбайт. Бирок «күлүктөн күлүк чыкса төрт аягы тыбырайт» болуп,
күч келгенде, бири-бирин шылдыңдап, элге күлкү кылуу үчүн бу жобону тепсеп
кетишет. Кайрап акындыкты кор кылышат. Токтогул да далайлар менен айтышкан.
Бирок антип абийирден кетишүүдөн көрө нааданта сөз коротпой чыга берүүчү.
Токтогул айрыкча аялдар менен айтышууну жактыруучу эмес. Аялдан чыккан ырчылар
өтө сергек жана кылдат келет да, талылуу жерден кармайт. Алар менен кармашуу үчүн
урунттуу учурлар эркекке табыла бербейт. Ошону үчүн Жеңижок өңдүү чоң акын да
шашканда аялды кордоп, элди күлдүрүү менен гана жеңүүчү. Калык да аял менен
айтышууда Жеңижоктун жолуна түшкөн.
Ушул жөнүндө Токтогулдун Алымкулга «Балам эч качан аялдар менен айтышпа»,—
деп айткан насыяты Атайдын эсинде эле.
Улуу устатынын сөзүн унутпаса да, азыркыдай кысталыш жерден кокустук чыкса,
кантет? Эгерде айтышуу башталса, кара көк болуп кармашпай, же абийирин төгүшүп
элге шылдың болбой эле, кытыгылуу жай сөз менен чымчылашып отуруп, элди
күлдүрсө болбойбу! Буга айтышкан аял да, эл да жок дебес...
Баш кошушкан эки топ Бир-эки кеседен бозо ичишкенче аларды эл курчап калышты.
Арадан бирөөнүн сөзү бөлүнүп чыкты:
— Карап отурбай эки өнөрпостун тамашасын көрөлү. Кана баштагыла!
— Туура айтат. Мындайда ырдашпаган качаи ырдашат?
Бозо ичкендери да, ичпегендери да дуулдашып Атай менен Сейилканды карашты.
Илбериңки эки жигит экөөнүн алдына отургуч алып келип бергенден кийин, алар
комуздарын кармашып, текемаңдай отурушуп калышты. Сейилкан бир жеңин көтөрүп
койду эле бир келин, экинчи жеңин көтөргөндө экинчи келия артынан келип, ичигин
чечип, аркасында турушту. Кыска күрмөчөн болуп, билектеги кабаткабат билеригин
шалдыратып, оңдонуп отуруп, тамагын жасап, комузунун кулагын толгогондо эл
кубаттагандай күлө багышты. Сейилкан күү чертишүүнү кое туруп, эң мурун ыр менен
күч сынашмак болду:
Ашуу ашып, таш басып, Шашкан жигит сенсиңби? Акылынан адашып, Качкан жигит
сенсиңби?
Дабан ашып, таш басып, Шашкан жигит сенсиңби? Тобосунан жаңылып, Качкан жигит
сенсиңби?
Көк байтал миндиң буудан деп, Атайым, көчүп келдиң тууган деп. Көп жыйындын
ичинен Мен айтпайын урган кеп.
Ак байтал миндиң буудан деп, Атайым, качып келдиң тууган деп, Алты сан жыйын
ичинде Аша айтпайын урган кеп.
Жылмайышып турган кишилер күлүп ийишти. Келин ырды кээрдүү баштап, арасына
тамашалуу сөз кыпчышы бекеринен болгон жок. «Эркек менен айтышканда бетиңди
ачып алуу үчүн уяттуу сөздөрдөн баш тартпа» — деп, бирөөлөр бышы кулак кылган
окшойт.
Жаракөр Атай, кайрылчы, Жалпы журттан ийменбей. Чабыттап кайда жүрөсүң
Жаныма жакын бир келбей?
Кайрылчы, Атай, көрөйүн, Калың журттан ийменбей. Качып кайда жүрөсүң Кашыма
жакын бир келбей?
Карагай найза колго алып, Качырар болсоң эр мында. Калк чогула келгенде Кара көз
жеңең мен мында. Катынча качып уялбай Катарым Атай, кел мында.
Түпөктүү найза колго алып, Түртүшөр болсоң кел мында. Түнкүн тынбай сайраган
Түгөнгөн жеңең мен мыяда.
Түйтөктөп качып уялбай Түгөйүм Атай, кел мында.
Ырдын акыркы кайруусуна келгенде бир топ киши кыйкырып «бали» дешти. Аңгыча
топтун арт жагында кайыш палыо, кара тумак кийип турган узун жаак^ кызыл ЖИРИТ
кыйкыра сүйлөдү.
— Сейилкан сен эле ырдах! бересиңби, же жаныңдагы кишиге көзек бересиңби?
Келин комузду такылдата чертип келип, да бир эки сап ырдап туруп, көзекти Атайга
берди.
Атай да ичигин чечип таштап, күрмөчөн болуп, эки жеңин карысына чейин түрүнүп,
колдорун ойдолотуп күү башын кайрыганда элдин оозунан күлкү тарап, бардыгы
сабырлуу карап калышты. Ошондо Атай жүтрөктү козгогон коңур үнүн кээде созуп,
кээде буулуга түшүп муңкантып, ырдай баштады:
Аймалаи согуп жел турса,
Айткым келет эл турса.
Аитпай да кантип коеюн
А жынымда, ак көйнөк жеңем бир турса.
Айтып Атай бүткөнчө
Бул жеңем алдастабай тим турса!
Эмесе, калк чогулуп жайнаган,
Катарлап бээ байлаган.
Калба деген наамы бар
Төрүм алыс калды эле.
Калдайып жаткан кең Талас
Жерим алыс калды эле.
Каргадайдан бир өскөн
Теңим алыс калды эле.
Караңгыда барганда,
Капшыттан колду салганда
Кайран Атай келди деп
Кадырды билчү Кара көз
Өзүңдөй келин алыс — оо калды эле ийий.
Эл дуу күлүштү. Эми ал эки көзүн келинден айырбай боздой берди:
Көчөңдүн башы көркөм тал, Көркөм тал көрсөң кыйбай жүр. Көчүп келген Атайды
Жеңе, көңүлүң менен сыйлай жүр.
Эшигиң алды эки тал,
Эки тал көрсөң кыйбай жүр.
Элиңе келген Атайды
Жеңеке, эсиңе алсаң сыйлай жүр.
Кайыңга чыга карагын,
Кайрып чачың тарагын.
Качып келген Атайдын
Жеңеке, катуу ишине жарагын.
Белеске чыга карагын,
Беш көкүл чачың тарагын.
Бөзеленген Атайдын
Жеңеке, бир ишине жарагын.
Кадырды билер жан жеңем,
Качты деп менден баштадың.
Карагай найза өңөрүп
Капшытыңа мен барып,
Качырар болсом качпагын.
Кыраанкаткы күлкү.
Атай тамашага чаптырып, элди каткыртып, келинди басмырттатып баратканын
көргөндө алиги жигит дагы үн салды.
— Бали, экөөң тең мыкты экенсиң. Ракмат, жетет!
— Сейилкан, кайрып жибер! Черт. Өлбөгөн жерде кал! — Туштуштан
кыйкырыктар чыкты.
Келин комузунун кулагын толгоп:
— Карамолдонун «Насыйкатын» — деди. Келиндин ыр башташынан да, күү
башташы салмак
туу. Карамолдонун аты угулганда эле Атай оңой жоо менен беттешпегенин түшүндү.
Таластыктардып жана Кетмен-Төбөлүктөрдүн бир катары Карамолдонун кабарын
жакшы билишчү. Анын өзүн көрө албай жүргөндө, ошо кишинин таалимин алган келин
менен көзигишүү да чоң сыноо эле.
Сейилкан колун жумшак шилтеп, терип черте баштады. Күңгүрөнгөн күү комуздан
чыкпай эле келиндин өзүнүн жүрөгүнөн чыгып, ага колундагы кош билериктердин
дабышы кошулгансып угулууда.
Атай күүнү да, чертишин да өз ичинен жогору баалады. Келин Карамолдонун же
карындашы, же айылдашы болсо да, таасын үйрөнгөн экен. Бул күүнү мындан ашыра
чертүүгө мүмкүн эмес.
Адатта Мураталы, Токтогул, Жантакпай, Ниязалы, Тайтеке өңдүү комузчулардын
бүткөн күүсүн эч ким жакшырта албайт. Ошолордун өзүндөй кайруунун өзү чоң өнөр.
«Насыйкат» да ошолордуку сыяктуу күү эле.
«Насыйкатты» Атай да жакшы чертчү. Бирок келинге жооп иретинде Карамолдонун
вариантын кайрый баштады.
Комузду колго алып, колун ойдолотуп киргенде эле эл жандана түштү. Чертиши башка
болгону менен күү баягыдай эле... Атай көпчүлүктүн көңүлүн шамдагайлыгы жана
чеберлиги менен гана бөлө алды.
Эки комузчу Токтогулдун күүлөрүн, өз күүлөрүн да кайрышты.
Кетмен-Төбөлүктөр күүгө кумар эл, алар Токтогулдун салтына каныгып
калышкандыктанбы, же Атай ашкан чеберчилиги менен арбап кеттиби, аны
таңыркануу менен угушту.
Аңгыча топтон бирөө баркылдады:
— Буларды чертиштирбейбиз... Кайра ырдашсын! Сейилкан аянба!
Булгары палыточон жигит ортого чыкты да, сумсайып колун шилтей сүйлөдү:
— Силердин оюңарча кан базарда жигит менен келин абийирден кетишип жаман
тилдерин агытышса силердин моокуңар канат экен го, уятсыздар! Болду, айтыш
токтолсун.
Атай комузун токтотту. Бет маңдай жагында Абдыраман «иш жакшы болду» дегенсип,
маңдайы жаркылдап турган экен.
Эркек, аял, орус, кыргыз, өзбек, уйгуру болуп тирелишкен калың эл кол чаап
жиберишти. Ошончо көпчүлүктүн ичинде эки жагына элеңдеген бышмыгый кишини
Атайдын көзү чалды. Ал ачуулангандай топту жөөлөй аралап, бир милиционердин
жанына жете келип, кулагына шыбырады. Милиционер түз эле Атайдын жанына келип:
— Тур ордуңан, сен камаласың! — деди.
Эл жымжырт болуп, иштин эмне болгонун түшүнбөй таңыркан калышты. Абдыраман
жакындап келип, кумсарып турду. Атай кубарган да, кумсарган да жок, колундагы
комузду Абдыраманга сунду:
— Балачака жазга чейин ушул жерде болушсун. Кийин айылдагылар келип,
көчүрүп кетишер.
Абдыраман ага жооп берген жок, тек милициянын жолун тороду:
— Камоого кандай акыңыз бар?
— Качкын камалбайбы! Бул ишке сиздин тиешеңиз жок, жолдош төрага!
— Атай Огонбай уулун камоо жөнүндө розыск жок,— деп өзүңүз айтпадыңыз
беле?
— Дагы айтам, сиздин тиешеңиз жок.— Милиционер Атайды алдына салып
жөнөгөндө, алиги кайыш палыточон кызыл жигит:
— Токто,— деди милиционерге,— сизге ким берди мындай укукту?
— Шектенесизби? жолдош прокурор Жумалиев?
— Акыңыз жогу үчүн...
— Аны өз убагында билербиз... Эл милиционер менен прокурордун сөзүн тыңшап,
ого бетер жабалакташты. Баятан бери күлүп турган быгл мыгый сары кумсарып:
«Качкынды аябоо керек»,— деп кыйкыра. Мүмкүн комузчу актыр, бирок элдин көзүнче
прокурордон жеме угуп, аны бошотууга намыс кылып, милиционер ыргылжың боло
түштү.
— Атай Огонбаев качкын эмес. Эгер сиз билбесеңиэ мендей угуңуз: анын иши
кыскартылган. Менде телеграмма бар. Бул киши Кетмен-Төбөнүн мейманы,
Токтогулдун шакирти, элдин эрке шайырларынын бири. Элдик шайырларды эч ким
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Атай - 20
  • Büleklär
  • Атай - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3988
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2335
    27.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 4007
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2310
    29.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 4007
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2169
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 4040
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2261
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3933
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2230
    28.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3945
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2172
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 4017
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2331
    30.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 4025
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2330
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3903
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2184
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3925
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2231
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3901
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2142
    30.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3803
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2123
    28.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3820
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2144
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3859
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2264
    28.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3978
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2233
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2311
    27.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 17
    Süzlärneñ gomumi sanı 3985
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2360
    28.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 18
    Süzlärneñ gomumi sanı 3950
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2190
    29.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 19
    Süzlärneñ gomumi sanı 4029
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2314
    29.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 20
    Süzlärneñ gomumi sanı 3939
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2204
    28.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 21
    Süzlärneñ gomumi sanı 3850
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    30.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 22
    Süzlärneñ gomumi sanı 3844
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 23
    Süzlärneñ gomumi sanı 3912
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2163
    30.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 24
    Süzlärneñ gomumi sanı 4047
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2003
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 25
    Süzlärneñ gomumi sanı 4012
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2062
    30.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 26
    Süzlärneñ gomumi sanı 4091
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2166
    30.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 27
    Süzlärneñ gomumi sanı 4051
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2255
    27.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 28
    Süzlärneñ gomumi sanı 3917
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2110
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 29
    Süzlärneñ gomumi sanı 4012
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2185
    31.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 30
    Süzlärneñ gomumi sanı 4010
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2112
    30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 31
    Süzlärneñ gomumi sanı 3933
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2191
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 32
    Süzlärneñ gomumi sanı 3956
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2208
    29.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 33
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2204
    29.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 34
    Süzlärneñ gomumi sanı 2899
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1600
    32.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.