Latin

Атай - 31

Süzlärneñ gomumi sanı 3933
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2191
31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Үрөйсүз үйгө кошул-ташыл болуп нөшөрлөп жаап келген жамгырдын суулары
түндүктөн шорголоп, ансыз да тутанбай жаткан отту быкшыта баштаганда, Айдай
түндүк жабууну көтөрүп, отту ичкеретти. Улагадагы жаткан арчалардын куураган
бутактарын чогултуп келип, ичеги кылып тутантканда гана от алоолонду. Өлүмсөк
жанган чыракты колуна алып чайкап көрсө, керосини түбүндө гана шырпшырп этет.
Айдай чыракка май толтуруп, шишесин тазалап, билигине от койгондо, үйдүн ичи
жаркырай түштү. Кыз нөшөрлөгөн жаанга, үрөйсүз үйгө назар салбай, экөө эки
капшытта сомодой болуп отурушкан Ата-энелерин булар урушканбы, деген кадик
менен карады. Атасынын иреңинде кайгы-капа билинбейт, бирок эмнегедир тынчы
кеткендей мандаш урунуп отура албай, жаздыкка чыканактап, муруттарын үстөкөбосток чыйратат. Апасы кээде мурдун шор тартып коюп, үнсүз отурат, көздөрү
шишиген. Буларга эмне болгон?
— Апаке! — Айдай анын маңдайына кадала карады.— Сизге эмне болду? Бир
жериңиз ооруйбу?
Курма ооба, же жок деп айта албай, мончоктогон көз жашы менен жооп берди. Сиздин
каарыңызга калгандыр, деген ой менен Айдай атасына бурулду. Бирок Салыктын
иреңинде ачуунун, ызгаардын белгиси жок эле.
— Кызым, кагылайын! — Салык аны көкүрөгүнө кысып, чачынан сылап,
маңдайынан өптү. Айдай эс тартканы атасы мынчалык элжиреп сүйгөн эмес.
Ошондуктан өзүн секелек күнүндөгүдөй эркеталтаң сөзип, атасына каалаганын
иштеткен учуру эсине түштү. — Кызым! — Салык кучагын жазбай, сөзүн улады. —
Апаң экөөбүздүн маңдайыбыэдагы жаркыраган жалгыз шамыбыз сенсиң. Ой, кудайай,
мунуңа тобо! Жалгыз кызыбыздын кубанычын көрсөк, эл катары болсок — деп тилер
элек. Мына сен бойго жеттиң — тилегибизге жеттик. Эми сен тогуз ай толгонуп, ак
мамасын аймалаткан апаңдын, жетиге чыкканча желкесине мингизип чоңойткон
атаңдын мээнетин актап, эл алдында бетибизди жарык кылсаң болгону! — Салык
сөзүнүн акырына чыкпай жашып кетти, анын көз жашы кызынын жаагына тамчылады.
Айдайдын тула бою элжиреп, мууну бошоп кеткендиктен, жоопко тили араң күрмөлдү:
— Тирүү болсом, сиздерди эч... эч качан уятка калтырбайм.
— Акылыңдан айланам! — Салык кызын кучагынан бошотуп, жашын аарчынып,
бурчта отурган аялын акырая карады. — Сен эмнеге селейип калгансың?!
Козголбойсуңбу...
Салык эшикке чыгып кеткенден кийин гана баятан бери бышактап отурган апа терең
улутунуп, ордунан турду.
— Бактың ачылсын, карегим! Бизди көп ойлобо! Арабыз алыс эмес го...
— Силер эле сагынбай жүрсөңөр болду.
Курма алкай баштаганда кызым ыйлайтко деп ойлогон, бирок анын жообун угуп,
«өлчөң кургур азыркы жаштар деги тайманбайт» деп, кыздын таш боорлугуна нааразы
боло түштү да, өзү да кескин сүйлөй баштады.
— «Өзүнөн тойгон кыз төркүнүтн тааныбайт» дейт. Бизди көп 01Шобо десем, сен
бизди таптакыр унутуп кетпе!
— Апа, сиз эмнени айтып жатасыз?
— Жаңылганыңды эми байкадыңбы? — Курма кайрадан жумшарды. Ал Айдай
менен Көсөлдүн ортосунда да сөз бар деп ойлоп жүргөндүктөн, кызы окуу жөнүндө
айтып жатканын элес алган жок.
— Алганың менен тең кары. Кайната менен кайын энеңе жакшы кара!
— Апатай, деги эмнени айтып жатасыз? Өлөйүн түшүнбөйм. Мен күйөөгө эмес эле
окууга, скууга жөнөгөнү жатамын. Силер да ошентип айтпадыңарбы?
Кызынын сөзүнөн энеси андан бетер чочуп кетти. Бирок экөө бирибирине дароо
түшүнүшүп, дарттын өзөгүн табышканда шолоктошуп ыйлай башташты...
— Байкуш баламай! Күйөөгө барууга көңүлүң болбосо, атаңа эмне үчүн убада
бердиң?
— Менин убадам— окууга баруу.
Курма жалгыз кызынын окууга барышына же Көсөлгө тийишине каршы эмес болучу.
Себеби, окуса билим алат, Көсөлгө тийсе теңин табат, кудалары да сырдакана, өзүм
дешкен кишилер.
Эненин жүрөгү канчалык бекем болсо да, кызга келгенде алтын казыкка оп тартылган
компастын жебесине окшоп, башка жакка бурса да болбой имерилип туруп алды. Мына
эмп ал кызды күйөөгө аттандырмак түгүл, ага кошулуп ыйлап, кайгысына орток
болду...
Салык жамгыр селдеген көзде үйгө кирди, кийимкечеси шөмтүрөгөн бирок кабагы
жарык. Ал алыстан келе турган кишилери караңгыда жолдон адашып, айылдын
адамдарынын көзүнө чалынбагай эле — деп, баятан бери жол карап жүргөн. Бирок
алардан дайын жок. Туман сейректеп, жамгыр басылып, караңгылык суюлуп, жерге
шоола түшкөндө Салык күткөн кишилеринин адашпасына көзү жетип, үйүнө
кайрылган болучу.
Салыктын кыраакы көздөрү үйдүн ичи көңүлдөгүдөй эместигиа дароо байкады: кыз
али жол кийимин кийинбеген, буюмдар чачылып жатат, азыркы көрүнүшкө жалаң
кызы гана эмес, аялы да кошумчадай — экөө тең башка түшкөн кайгыны бир көтөрүүгө
шерттешкенден кумсарышат. Салыктын кыжыры кайнаганы ушунчалык: үстүндөгү
чепкенди чечип ыргытып аялы менен кызынын бет маңдайына чукул басып келип,
сөздү эмнеден баштарын билбей, экөөн алмаксалмак тиктеди. Кызына ачуусу ашынып
турса да жемени аялына оодарды.
— Сен эмнеге кумсарасың? Мени жутканы турасыңбы?
Ага эч ким жооп кайтарган жок.
— Жан барбы сенде? Жооп бер? — Салык аялын күч менен козгомок болуп,
күрмөсүнүн жакасынан булкуганда, Айдай аралжы болду:
— Апамда эч сөз жок.
— Анан кимде кагылайын? — Кеп кимде экендигин билсе да Салык анткорлонду.
— Мен өлө турган болдум. Жанагы сөзүңдү унуттуңбу?
Айдай аны унуткан жок. Атасына жообун ачык айтууга тийиш. Ансыз бир балаа
чыкканы турат. Кыргыздын эски салты боюнча күйөөгө тийүү коюу жөнүндө атасы
менен кыз сыр чечишпейт. Адатта атанын айтканы айткан. Кыздын каяшасы — көз
жашы. Ошол гана... Бирок совет бийлигинен берки жылдарда ал адат акырындык менен
азайып, Ата-эне кыз менен эсептеше турган болду. Ата-эне жаңы замандын ыркына
көчүштү — кыздарды чалдарга бербей өз теңтуштарына беришет, бирок бир катарлары
элге шардана кылбай, жең ичинен калың алат. Бул жаңы адатка көнгөнү имиш. Салык
дал ушундай аталардан болучу. Экинчи жактан, ал достуктун артын сөөктөшүү менен
алмаштырып, Мамбеткулга окшогон сонун адам менен биротоло чырмалышкысы
келет, Айдай атасынын ушундай экенин жаңы гана билди.
— Унутканым жок. Мен сизди эч убакта өзүм үчүн уятка калтырбаймын. Бул
сөзүмдү башым жерге киргенче унутпаймын, ата.
— Болду, болду,— деди Салык башын ийсеңдетип,— менин сенден күткөнүм ушу
гана.
— Атааа! — Кыздын муңайым дабышы али сөз бүтө элек дегендей өкүнүчтүү
чыкты. Дагы да болсо оюн шыр айта албай тайсалдады. — Элге бетибиз канткенде
жарык болот!
— Канткенде жарык болчу эле кызым?! Эгерде менин билгеним чын болсо, атанын
сөзүн талаага таштабаганда...
— Ата да, бала да элди алдабаганда гана бети жарык болот. — Айдай баягыдан
көрө бир аз чыйрала түштү.
Салык кызынан мындай жооп күтпөгөн эле. Өз теңтушуна бара турган болгондон
кийин каяшасы көз жашы менен жумшарып кетет — деп, сырын акыркы минуталарга
чейин жашырып келген. «Сүйгөн кызынын муңун ата кантип эле тыңшабай койсун,
качан гана сыр түйүнү чечилерде атамды жөнгө салам» деген Айдай үчүн да бул аңгеме
күтүлбөгөн окуя болду. Ата да, кыз да бири-биринен чочуй баштады жана жылуу сөзгө
ийигер бекен деп, бирибиринен үмүттөнүштү. Эгерде Айдай кичинекейинен эрке жана
шайдоот өсүп, Ата-энеси менен ачык сүйлөшүүгө үйрөнбөгөн болсо, балким мынчалык
айтышпас эле.
Кептин жөнү каякка кеткенин сезип, Салыктын сакал, муруттары сербее түштү.
— Мен кудалыктын туткуну боло албайм. Менин тилегим башка...
— Ошондой де! — Салык өңгөчүн тартты. — Болору болуп, боегу канып калганда
ушуну айтмак экенсиң да. Мага Мамбеткул эмне дейт? Уккан эл эмне дейт? Шерменде
болбодумбу? Менин бетимди жарык кылганың ушулбу? Ээ, кокуй, андан көрө менин
өлгөнүм артык!
— Ырас, Мамбеткулдун алдында уяттуу болосуз. Бирок кудалыктан кутула
алсаңыз, элдин алкышын угасыз. Ишениңиз ата! Бир кишинин көңүлүнөн бүтүн элдин
алкышы кымбат.
— Кызым! Сенин оюңду түшүнүп турам. Мени жаманатты болуудан сактагың
келет. — Кексе чал кызды буруу үчүн дагы бир акыл ойлоп тапты. — Аныңдын жөнү
бар. Ырас, биздин кудалыгыбызды башкалар укса ушак күчөйт. Ошондуктан, бул
сырды эч кимге угузбайлы. Менин оозумдун бекемдигин ушундан бил, кокус балалык
кылып оозуңан чыгып кетпесин деп, бул сырды ушул күнгө чейин сенин өзүңө да
айткан эмесмин. Анткени — сенин мени кыйбасыңа, сөзгө сындырып, досумдун
доосуна калтырбасыңа ишенгемин...
— Баары бир элден жашырган болбойт.
— Тилимди ал кызым! Кагылайыным, жалгызым, маңдайыма бүткөн ырысым!
Кубатым! — Салык сөздөн айла болбогондон кийин жалдырап, буркурап ыйлай
баштады. — Карыган атаңды мынчалык зарлатпа! Оо, кудай, мендей кулуңа өзүң
жардам бере көр!.. Кызым, кудай үчүн, мен үчүн...
— Убара болбоңуз ата!
Буркурап ыйлап жаткан Салык башын булкуп алып, кызына ызырынды. Жаралуу
каманча, кимди да болсо аябоочудай айбатына келип, тиштерин кычыратып жулкунуп
алды. Атасынын калтыраган колу керегеде илинип турган бычакка кандайча жеткенин
билбей калды. Бир маалда бет алдында калтыраган колуна жалаңдаган канжар
кармаган, көздөрү кыпкызыл, муруттары түксүйгөн кан ичкичтин коркунучтуу
сөлөкөтүн көрдү. Бирок ал эмне үчүн калтырайт? Кыздын таза жүрөгүнө бул булганч
канжар даай албай турабы? Ооба, мындай жүрөккө булганч нерсе батына албайт.
Айдай ушул секундада өзүн эң күчтүү жана багынбас Жаңыл баатырдай сезди.
— Уруңуз! Уруңуз...— Кыз сөлөкөтү тике карады. Бурчта отурган Курма бакырып,
жүгүрүп келгенде, сөлөкөт аны күчүнүн бардыгынча түрттү.
— Оо, мээримсиз кыз! Кош! Эл алдында сенин бетиң жарык болсун! Карылыгым
жеткен, мен өлөйүн. Сага курман болоюн! — деген үн менен атасы сакалынан жашын
чуурутуп, сөлөкөттүн ордуна тура калды да, канжарды өзүнүн төшүнө урарда Айдай:
— Ата, мен качайын... деп бакырып, кулап түштү... Кыз көзүн ачса, апасы анын
башын жөлөп ыйлап
отурат. Үйдө башка киши жок.
— Атам кайда? Тирүүбү?
— Атаңды кудай алмак беле, эшиктө жүрөт. Андан көрү өзүң кандайсың, шордуу
кызым?
— Ыйлабаңыз, апа! Андан көрө мага акыл таап бериңиз!
— Менде эмненин акылы?! Атаң сени кийгизип тур, азыр жөнөйт — деп зекип
кетти.
Айдай бир аз ойлонуп.
— Жакшы болуптур — деди. Эч нерсени түшүнбөгөн апасына мындай деди. —
Базарбекке барыңыз... Мени Ала-Белден тосушсун. Азыр жөнөшсүн.
Башы калтыраган Курма эне ачык эч нерсе түшүнө албаса, да кызына жан тартканы
үчүн гана Базарбектин үйүнө барып келди. Ага чейин Айдай камына баштаган эле...
Айылдын четинде жүргөн Салык алыстан келаткан ат дүбуртүн угуп, үйүнө келди.
Кызы кийинген. Чемоданы даяр. Кебетеси шайдоот. Абышка кызына ыраазылыгынан
жашып кетти. Аңгыча бир ат коштогон Ашым менен Көсөл да жетип келишти.
Аттарды далдоого банлашты. Кадыркул менен Базарбектин үйлөрүнүн чырагы өчкөндө
кызды узатышмак.
Бир маалда кошуналарынын чырагы өчтү. Бул убакта Базарбек менен Бекен АлаБелдин
жолун тосуп турушкан.
***
Ала-Бел, Суусамырдан Талас өрөөнүнө түшүүчү эки ашууну: Жаргарт менен ТүзАшууну көздөй кеткен эки жолду туташтырат. Эки ашуу бийиктиги, жолунун
татаалдыгы жана төтөлүгү жагынан бирбиринен анчалык айырмаланбайт. Ашуунун
кайсынысынан ашам десе, жолоочунун өз эрки. Базарбек ушул ой менен, кызды
АлаБелдин дал өзүнөн табууну ойлонду. Бекен жердин уусун, айрыкча тоо арасында
түндө жол таап жүрүүнү жакшы үйрөнбөгөндүктөн, жолдошуна кеңеш кошо албай,
жөн эле ээрчип отурду...
АлаБелге жакындаганда ашуулардын кайсынысынан ашабыз деген суроо Ашымдын
оюна да келди? Кайсынысы ыңгайлуу! Уурданып бараткан кишилерге албетте ээн жагы
жакшы. Ошону үчүн Ашым жолдошторун «артыман жай жүро бергиле» деди да жол
чалуу үчүн өзү алга узады. Антпесе, жакадан кайткан кишилерге учурап, сыры ачылып
калар, же жол тоскон кишилер бардыр? Ким тосот? Бир болсо, Базарбек менен досу.
Ашым алардан шектенбеп койбойт. Эгерде ал бая күнкү келишинде Айдапдын
чөнтөгүндөгү институттун чакыруу кагазын уурдап албаса, балким ал окууга кетип
калмак. Бирок үйгө аман-эсен жетмейинче али иш бүттү деп эсептөө жаңылыштык
болорун, кыздын жүрөгүнүн түпөйүлдүгүнөн улам шектенбей коюуга болбойт эле.
Жамгыр басылса да асман ала булуттанып, ага кошулташыл болуп, жөө туман каптай
баштады. Жолду жакшы билген жана караңгыда жүрүүгө капыккан Ашым ташка
чалынбай басар, жээрде атын аярлап бастырып келе жатып, алды жакта кобурашкан
үндөрдү, аттардын дүбүртүн кулагы чалды. Алдындагылар Базарбек менен Бекен
болучу. Базарбектин уганаак кулагы да уурданып келе жаткан дүбүрттү укту.
— Сен ушул жерден козголбо. — Базарбек Бекенди жолдун четине токтотту. — Мен
тигини байкап көрөйүн.
Бири-бирине карама-каршы чыккан эки атчан жүрүшүн илкитнп, бирибирин аңдып
калышты. Эгерде, кайдыгер жолоочу болсо минтип таман аңдышпайт эле. Кимгекпм
көздешкенин экөө тең сөзишти. Базарбек күткөн кишим колго түштү дегенсип, аны
тизгиндөө үчүн атын теминди. Бирок бул беттешүүнүн пайдасыздыгын түшүнгон
Ашым тоскунчуну адаштыруу үчүн атынын башын Жаргарт тарапка бурду.
— Токто, сен кимсиң? — деди Базарбек айкырып.
Эмне болду дегенсип, Бекен кырга чаап чыкты. Бирок эч нерсени корө албай калды.
Базарбектин бийик добушуп таанып, дагы бир боз атчандын караанын көргон Ашым
жээрденин оозун кое берди. Базарбек да анын соңунан түштү. Ашым адаштырам деген
куугунчу соңунан калар эмес. Ошондуктан бет алды чаап, анын башын биротоло
айландыруу керек. Ашым дал ошондой кылды. Аңгыча тоону туман жыш каптады.
Кайрадан чагылган чартылдап, күн күркүрөп, жамгыр куя баштады. Ашым Базарбекти
адаштырды, өзү да адашты...
Жамгыр бирде селдеп, бирде демеп турду. Базарбектин кийимп шөмтүрөп, өтмө
катарынан суу өттү. Денеси чыйрыгат, ээги шакылдайт. Бирок, жолдошторун издей
берди. Айдайды аео жана Бекендин алдында уят болуу сөзими Базарбекке түндүн
кордугунан күчтүү тийди.
Таң атты. Жамгыр басылды. Базарбек ошондо гана АлаБелден үч километрдей алыс
Аңылдакта жүргөнүн билди. Түндөгү жалгыз аттуу качкын күйөөлөгөндөрдүн кишисн
же көлөкөсүнөн корккон ууру экени белгисиз. Бекенге эмне болду экен? Базарбек кайра
АлаБелге Бекенди токтотуп койгон жерине келди. Бекендин да, Айдайдын да дайыны
билинбейт. Базарбек өзү чарчап, аты чаалыгып калса да, Жаргарт менен ТүзАшуунун
кырына чейин барып кайтты. Жигит менен кыздын дайынсыз жоголушу, түндөгү
жалгыз атчандын азгырыгы биринен сала бири көз алдына келип, анын заманасып
кууруду. Эгерде күйөөнүн тарабындагылар менен Бекен жалгыз өзү бөттешип калса,
намыс үчүн көгөрүшкөн немелер тайманбас жаш жигитке каргаша болуудан тартынат
дейсиңби?
Базарбек жалгыз атчан шайтанга азгырылып, оозунан алдырган бөрүдөй болуп, өзүнө
эң кымбат эки жаштан тең ажыраганына катуу бушайман болду. Алардын тирүүлүгүнө
али да болсо бир үмүт: аман-эсен калганы балким айылга кайткан чыгар деген
божомол. Эгер айылдан да эч кимисинин дареги билинбесечи?
***
Каптаган кара булуттар жок.
Ак мөңгүлүү арсак чокулар шаңкаят.
Муз-Төрдүн баш жагында отурган үч боз үйдөн тең көк түтүн созолонот. Желе
байлануу. Түндө бул жерде туман аралаш жамгыр төкпөгөндөй, эч кандай окуя
болбогондой. Бардыгы жайында. Баары камырашнайт.
Сыртынан ошондой көрүнгөнү менен үч боз үйдө үч түрлүү коболоң бар. Салык
«балдар чоочун көзгө урунбай, адашпай аман-эсен жетишти бекен?» деп тынчыбайт.
Эгер кызы жетер жеринө жетсе, кишилердин ушагына моюн бербей минтип коймок:
«Балдар мени алдашып, окууга барбай эле, турмуш курууну артык көрүшкөн экен.
Мейли эми, бактылуу болушсун». Кадыркул болсо, бо» аттын бекер келбегенинө жана
кыздын окууга жөнөшүнө шектүү. Базарбек түндөгү окуядан кийин жаштар караңгыда
аскадан учуп же башка каргашага учурабагай эле — деп өзүнчө бушайман. Баары
көкүрөктөгү кадиктерин бирибиринен жашырышып, иш өзү ачыкка чыкканча, эч нерсе
билмексен болушат.
Эртең мененки кымыз адаттагыдай эле чогуу ичилди. Бирок окуу, кыз, студент бала ж.
б. жөнүндө сөз чыгарышпады. Анан туштуштан малчылар, дем алышта жүргөн
кишилер биринсериндеп келе баштады.
Камырабаган үч боз үй бешим ченде Мамбеткул Ашымды ээрчитип, аиылга келиши
менен тополоңу чыкты. Сыйлуу конок, Салакемдин көзгө басар жалгыз досу саламга
келбей, ат үстүнөн айкырды:
— Айланайындар! Балам кайда? Төзирээк айткыла! Дөңдөгү он чакты киши
көзелерин жерге коюп, эмне
балаа болуп кеткенин түшүнүшпөй, кара терге чөмүлүп, көзү көнөктөй шишиген
Мамбеткулдан көз айырбай отуруп калышты. Анын эмне үчүн айкырганын, баласы
эмне болгонун алар кайдан билишсин. Анын жүрүшүнөн бая эле чоочуп отурган
Салыктын да сүрү учту. Эмне деп жооп берорин билбей башын жерге салат. Анын
мындай кайгылуу көрүнүшү Мамбеткулдун шегин ого бетер күчөттү. Ал айкырыгын
улантты.
— Эмне үчүн унчукпайсыңар1 Чын эле кара көзүм кашайдыбы?
Акырында Салык ордунан турду:
— Сабыр кыл, досум! — деди аны жоошутуп. — Балдар каргашалуу түндө адашкан
чыгар. Табылат... Сабыр кылалы...
— Кайдагы түндү антасыц! — Мамбеткул капасына чыдабай эчкирди. — Аларды
силердин айлыңардын жигиттери бүт тосушуптур. Салгылашыптыр...
Салыктын көзү алайды:
— Эмне дейт? Кадыркул тура калды:
— Маке, бул укканың ушак! Түндө эч жаңжал жок, айыл тынч болду.
Сөздү Ашым жулуп кетти:
— Түндө эмне болгонун жаныңда отурган Базарбектен сура! Балааны баштаган
ошо!
Эми кишилердин көздөрү Базарбекке жабалактады.
— Ашым, оозуңа карап сүйлө! — деди Базарбек мандаш урунган калыбында. —
Түндө эч кандай чабыш болгону жок.
— Калп! Жаныңы жебе! Мени канча киши кубалап, аткылап, аз жерден өлүмдөн
калдым — деди Ашым апыртып. Түндөгү күн күркүрөп, чагылган жаркылдаган
учурдагы кыйкырык — баары аралашып, мүмкүн анын кулагына мылтык атылгандай
угулгандыр.
Салык Базарбектин жанына келип, аны ийнинен булкту:
— Баса, мейман балаң кана? Көрүнбөйт...
— Шаарга кетти.
— Качан?
— Түндө.
Салык маңдайын басып, сыздады:
— Балдар балаага учураганы ырас экен! Баарын жайлаган ушул Базарбек! Оңбогон
Базарбек! Мыкачы!
Ашым менен Мамбеткул аттарын теминип, Базарбекти кызыл камчыга алууга
жүткүнүштү. Кадыркул экөөн эки колу менен тизгиндеди.
— Шашпагыла. А, балким, башка киши күнөөлүүдүр. — Ал Базарбекке карады. —
Чыныңы айтчы! Болгонун болгондой...
Базарбек түндө Бекенди калаага жөнөтүү үчүн кетип баратышып, АлаБелден жалгыз
атчанга жолукканын, анын ким экенин билүү үчүн артынан бастырса, кыйкырса, ал
качып, Базарбек андан да, Бекенден да адашканын, Айдай менен Көсөлдү көрбөгөнүн
толуту менен айтты. Бирок Көсөл менен Айдайды атайын тосуп чыгышканын
жашырды. Бул жерде аны айтса, акыйкатына жеткенче насыя таяк жемек.
Талаш күчөдү. Ашым кызыл кекиртекке салды. Кишилер Базарбекти жакташты.
— Андай болсо балдар кайда? — дешти Салык менен Мамбеткул.
— Андай болсо Бекен кайда? — деди Базарбек. — Анда Бекенди ким жайлады!
Шашпагыла. Иштин тамыры тереңде.
Дөңдөгү талаш созулуп, кажылдашуу арбып баратканда Ала-Бел тараптан чиркешкен
үч атты айдап келаткан кишинин карааны баарынын көңүлүн бурду.
— Биздин аттар! — деди көзү курч Ашым. Мамбеткул жакасын карманды:
— Аксарбашыл! Балам, эле аман болгой эле!
— Бири менин атым экен! — деди Базарбек да тура калып.
Аттарды айдаган боз улан дөңдө котолошкон кишилердин жанына келип салам айтты.
Саламды алик алышкан жок.
— Балдар аманбы! — деген суроолор бир убакта чыкты.
— Аман!
Эки дос «Аксарбашылын» дагы бир жолу айтышты.
— Кана эми иштин жайын айтчы! — деди Кадыркул ага жакын басып. Боз улан
чөнтөгүнөн төрт бүктөм кагазды сууруп чыгып, «Базарбек ким? — деди катты ага
сунуп. — Баары ушунда айтылган.
Базарбек катка көз жүгүртүп, жылмапып койду.
— Ой, оңбогур! — деди Салык ачууланып,— ачык оку!
— Ачык! — деп баары жаалашты.
Элдин баары Базарбекти тегеректеп алышты. Дептердин барагындагы тааныш жазуу —
Бекендин аман-эсендигинин белгиси катарында Базарбектин үмүтүн жандандырды. Ал
катты ачык окуй баштады.
— «Кымбаттуу Базаке! Биздин дайынсыз жоголушубуз айылга балким чоң бүлүк
салгандыр. Бнз аны түшүнсөк да, сени менен кабарлашууга арга таппадык».
— Ой, кагылайын, Көсөл тирүү бекен? — деди Мамбеткул чыдай албай.
— Шашпаңыз. Баары тирүү. Боз улан ага туура туштан жооп берди.
Биздин күндөрдө мындай каарлуу окуя болорун мен эч качан ойлогон эмесмин. Кеп,
Ата-эненин балага карата мээримсиздигинде. Бул мээримсиздик менин оюмча
эскиликтин али да күчтүүлүгүнөн деп оилоймун. Эгерде ошол эскиликтин кесепети
болбосо, Мамбеткул менен Салык өз балдарын кантип алдасын, кантип гана сыздатсын.
Алар ушу мыкачылыктарын турмушта боло бере турган адат
катары көрүшкөндөн улам ушул чатак чыкканын мен түндөтөн бери айкын түшүндүм.
Иш мындай болду, Базаке! Сен бир кишинн кууп кеткенде (ал Ашым экен), мага Көсөл
менен Айдай туш болду. Айдай мени тааныганда кубанганынан ыйлап жиберди,
өмүрүндө мынчалык кубана электигин айтты.
Базаке! Күйөө менен колукту сүйүү жана турмуш куруу жөнүндө менин алдымда түндө
биринчи жолу сүйлөшүштү десем, балким сен, таң калаар элең. Аидай болсо алар эң
мурун үйлөнүшүп, анан сүйүшмөк бекен деп да сурарсың. Кеп экөөнүн тең алданып
жүргөндүгүндө. Сага ачык болсун үчүн Айдай менен Көсөлдүн сүйлөшкөнүнөн мисал
келтирейин (мен аны бүгүн блокнотума жазып алдым).
— Көсөл, сен ушундай да уятсыз жигит болосуңбу,— деди кыз. — Мен сага тием
деп убадалашмак түгүл, сүйүү жөнүндө эч нерсе айтканым жок эле. Сенин
жалганчылыгыңдын азабынан атам жарылып өлүп кала жаздады.
— Ай, бала былжыратпай, ток этер жерин окучу! Балдар кайда экен деди Салык.
— Окуй бер. Салыке, каалабасаң укпай эле кой — дешип тургандар аны жаалашты.
— Мен жалганчы эмесмин. Өзүң Ашым аркылуумага «турмуш курууга даярмын»
— деп айткан сөзүңдү унуттуңбу?! — деди Көсөл.
— Эгер Ашымга ишене турган болсоң, анын айткандары толуп жатат. Бирок,
жалган сөз жүрөктү эч качан алдай албайт. Сен ага ишенип, бөөдө эки айылды
бүлдүрдүң — деди Айдай...
Өзүң билесиң го, Базаке, Айдап скууга барам деп даярданып жүрчү эмес беле! Ошол
оюн Көсөлгө айтып, мени менен ээрчиди. Көсөл ыйлан жиберип, мага жете келди.
— Жолдош! Мен эми элди кайсы бетим менен караймын! Мени да окууга ала кет
— деп жалдырады. Анын суроосупа Аыдай да каршы болбогондон кийин Көсөлдү да
ээрчиттим.
Базаке! Биз азыр жылкы заводдун машинасына отурун, Талас шаарын көздөй жөнөгөнү
турабыз. Андан ары автобус. поёзд менен... Атты жана ушул катты Тайлак аксакалга
тапшырдык.
— Кош көрүшкөнчө! Кадыркул аксакалга бизден салам!
Бекен!..
Балдар аман-эсен табылганын жана окуянын жакшы бүткөнүнө уккандар бүт
кубанышты. Балдарынын кабарын билбей кайгыдан өлгөнү турушкан Салык менен
Мамбеткул эмне үчүндүр жылаанча жыйрылышып, же субанбай же кайгырышпай
телмирип калышты.
— Кана аксакалдар! — деди Базарбек барк этип,— убадаңар боюнча «аксарбашыл»
өткөргүлө!
Мамбеткул атын моюнга чаап, келген изине салды. Ашымга карап, боз ат тарапка кол
шилтеди. Аларды эч ким оокатка чакырышпады.
Салык башын жерге салып, үйүн көздөй жөнөдү. Алиги аттарды айдап келген боз улан
аларга соңунан кыйкырды:
— Балдарыңар жөнүндөгү андан кийинки кабарды укпайсыңарбы?
Мамбеткул ат тизгинин тартып, артын салып, кулагын тосту. Эшиктин астына жетип
калган Салык да аржасын салып тыңшады.
— Үчөөн тең атам экөөбүз автобуска отургуздук. Мен бу жакка чыгарда, алар
Таласка жөнөп кетишти.
Кабарды угар менен Мамбеткул атын «чү» деди. Салык үйүнө кире качты.
Боз атты ээртокуму менен жетелеп жөнөгөн Ашымга Базарбек кыйкырды:
— Ээй, ээр токум менен жүгөндү ташта! Алар «калыңга» келген эмес.
Кишилер каткырышты. Ашым ээрди алып, жүгөндү таштап, боз атты өз чылбыры
менен ноктолоп, Мамбеткулдун артынан зымырады.
ДОСТУКТУН АКЫРЫ
Эки достун ажырашуусу жөнүндөгү кабар бүткүл Талас өрөөнүнө дүң болду. Салык
менен Мамбеткулдай качантан берки кыйышпас достор ажырашат деген эмне шумдук!
Жөн эле ажырашпай, бир-биринин абийирин кетиришип, жашырын кудалыктарын
чукушканын айтсаң. Капырая, алар баладан артык жорук кылышкан экен деген сөздөр
күчөдү. Айыл арасында ошондон кийин, эки киши урушса эле «баягы Салык менен
Мамбеткулдай» болбогула деп кеп кылыша турган болушту.
Ушундай сөздөрдү укканда Салык менен Мамбеткул түгүл, аларга ниеттеш
кишилердин да кабыргасы кайыша тургандай.
Мамбеткул бечара кантет эле, кайгырган менен ыйлаган менен өткөн иш ордуна келбей
турган болгондон кийин, шылдың сөздөрдү укса да укмаксан болуп, иши менен
алышып жүрө берди. Эми анын эрмеги, тиричилиги бүт бойдон чочко багууга айланып
бара жатты.
Эртең менен эл менен кошо туруп, чочкокананы көздөй жөнөйт. Карабектен калышпай
чочколордун алдын тазалашат, жаңы кашааларды жасашат, айтор эртеден кечке колу
тынбайт. Бирок түшкү дем алышта сөзсүз үйүнө келип тамактанат.
Чочко жана канаттуулар фермасында иш кадимкидей оңоло баштагандан кийин
Мамбеткулга жаңы ой түштү. Колхоз мамлекетке эт тапшырууда жыл сайын бир топ
кыйынчылыктарга учурайт. Себеби — мал тапшыруу баш аламан жүргүзүлөт: семиз
мал болсо болгону, даярдоо пунктуна карай топтобу менен айдай беришет. Көбүнчө
кой-эчкилер, кысыр уйлар менен өгүздөр тапшырылат. Ал эми малдардын салмагынын
төмөн болушу этти дагы көбүрөөк тапшырууну талап кылат. Муну колхоздун
жетекчилеринин баары түшүнөт. Бирок малдарды тегиз жогорку семиздикке жеткирүү
үчүн колхоздо тоют базасы жетишпейт. Үй айбандарынын ичинен тоют базасын
айрыкча чөп менен бедени талап кылбай тургандар бар — алар чочколор. Мына ушул
чочколорго арпа менен жүгөрүнүн шагы, жашылча табылгыс оокат. Эгерде колхоз
жылына бордоп багылган 30—40 чочкону мамлекетке тапшырып турса, канча бир
малдар колхоздун өз пайдасына калып, алар сүт менен жүндү көп алууга жеңилдик
келтирет эле.
Мамбеткул ушул оюн Карабекке айтып, анын макулдугу боюнча бул маселени
колхоздун башкармасынын алдына койду. Башкарманын мүчөлөрү ферма башчынын
сунушун бир добуштан кабыл алды.
— Бул милдетти аткаруу үчүн — деди Мамбеткул — жыгач менен арпа, жүгөрү
гана керек. Калганын ферманын кызматкерлери — өзүбүз бүтүрөбүз.
— Арпа, жүгөрү толуп жатат. — Иманбай каламын столго такылдатып, ойлонуп
калды. — Бирок жыгач табуу жагы кыйын.
— Бул да кыйын эмес — деди Мамбеткул. — Менде бир топ калкандар бар. Мына
ошолорду жумшаймын...
— Абдан жакшы жардам. Биз сизге жыгачыңыздын баасын төлөп беребиз.
Иманбай башка мүчөлөргө карады. — Мына, маселе өзү чечиле турган болду.
Колхозчулардын жалпы чогулушун чакыралы,— деди парторг Сман — Чогулушта
Мамбеткулдун демилгесин талкуулайлы, жолдоштор бул демилгени мүмкүнчүлүгү бар
колхозчулардын бардыгы колдооруна ишенем. Ошондо биз чочколор үчүн гана эмес,
башка короо жайларга артып кала турган материалга ээ болобуз.
Кыштакта керекке жараган дарактары көп колхозчулар чынында аз эмес эле. Алар
өздөрүнүн керегинен ашыктарын сатып жүрүшкөн болучу. Ошентип башкарманын
Заседаниесинде Мамбеткулдун сунушу, Смандын кошумчасы менен бир добуштан
кабыл алынды.
Мамбеткул чечимдин аткарылышын — колхозчулардан жыгач жыйналып, фермага
өткөрүлүшүн күтпөй, өзүнүн колундагы материалдарды пайдаланууга киришти.
Карабектен да бир топ жыгачтар табылды.
Мамбеткул өзүнүн тамын, тоокканаларын, мал сарайларын өз колу менен жасаган.
Анын колу жөндөмдүү болгону менен, мурда өзүнүн жеке жумушунан чолосу тийүүчү
эмес.
Эми Мамбеткул баягы эмес. Ал эрте турат да, жеңил кпйимчен болуп фермасына
келип, жумушун баштайт. Карабек көөлоп жыгачтан кашаа жасашат. Колундагы балта,
керки, араа, балка баары да өзүнүкү.
Мамбеткул ферма башчысы болуп шайланганда Карабек ага ишенбесе да, кол көтөргөн
болучу. Ага эмне үчүн кол көтөргондүгүн Карабек бирге иштешкенден бери гана
түшүндү. Ферма башчысы ушундай болсун! Кай бир ферма башчылары ат үстүнөн гана
жетекчилик кылышат, фермага келсе келет, болбосо үйүндө жатып, эмгек күн алышат.
А, Карабектин башчысы болсо кара жумушту иштоөдөн арданбайт, канча айткан менен
чарбачыл киши да. Ашык жыгачтары түгүл, аспаптарынан бери алып келип, фермага
өткөрүп берди. Бул жөнүндө башкармага ооз ачкан да жок, балким бул жөнүндө
айтсам, акча үмүттөнөт деп ойлонушат деп эсептесе керек.
Алар биринчи күнү эле, ишти кеч баштаса да бир кашааны бүтүрүштү.
— Карабек!
Жумуш бүткөндөн кийин үйүн коздой жөнөгөн Карабек кылчайып туруп калды. Бул
убакта Мамбеткул аспаптарды чогултуп жүргөн болучу. «Буларды мен жыйнап койсом
болмок экен» деп ал ичинен өкүндү.
— Булар коомдук мүлк. — Мамбеткул балта, чотту көрсөттү.
— Аксакал, аларды мен үйгө катып коем. Убара болбоңуз.
— Үйгөбү? Болбойт. Коомдук мүлктү көрүнгөндүн үйүндө сактоого болбойт.
— Кашааны токтотуп туруп, бир кичинекей склад жасайлы. Чочколордун жеми,
материалдар ошондо турсун. Кандай дейсиң?
— Абдан жакшы болот — деди Карабек.
— Эмесе жабдыктар ага чейин сеникинде турсун. — Мамбеткул күбүнүп, кагынып
үйүн көздөй басканда, Карабек аны ээрчиди.
— Аксакал! Эртең аялым курорттон келет. Руксат берсеңиз, эртең менен ошону
шаардан тосуп келейин?
— Жакшы болот. Тосуп ал! Такси ал.
— Рахмат, аксакал!
***
Достон айрылуунун кайгысын башынан өткөргөн киши гана билет. Мамбеткул менен
Салык урушуп ажырашкан досторчо жөн гана ичтен сызып калышпастан, табигый
кырсыктан улам айрылышкан кыйышпас досторчо бири-биринин күйүтүн тартышты.
Эми дал өздөрүндөй дос күтүү үчүн чейрек кылымдан ашык убакыт керек. Убакыт
табылса да, өздөрү каалагандай кишилер табылары күмөн. Ошондой болгондон кийин
кайра эмне үчүн табыгын алышпайт. «Адашкандын айбы жок, кайтып үйрүн тапкан
соң» деген макал экөөнүн тең көңүлүнө тупют. Бирок, кимиси адашты? Ушу суроого
келгенде пикири эки жакка бөлүнөт. Жакындагы жоболоңдуу окуя үчүн Салык
Мамбеткулду күнөөлөйт. Демек, адашкан киши — Мамбеткул. Кызын Бекенге качыруу
жөнүндө Базарбекке алдыртан убада берип койду деп, Салыкты Мамбеткул күнөөлөйт,
демек адашкан дос — Салык.
Ошентип, эки дос бири-бирин адашты деп эсептеп, экөө тең өзүн өзү акка ыйгарып,
айыптуусу кайрылып келишин күтөт.
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Атай - 32
  • Büleklär
  • Атай - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3988
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2335
    27.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 4007
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2310
    29.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 4007
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2169
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 4040
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2261
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3933
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2230
    28.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3945
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2172
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 4017
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2331
    30.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 4025
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2330
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3903
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2184
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3925
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2231
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3901
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2142
    30.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3803
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2123
    28.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3820
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2144
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3859
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2264
    28.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3978
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2233
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2311
    27.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 17
    Süzlärneñ gomumi sanı 3985
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2360
    28.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 18
    Süzlärneñ gomumi sanı 3950
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2190
    29.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 19
    Süzlärneñ gomumi sanı 4029
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2314
    29.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 20
    Süzlärneñ gomumi sanı 3939
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2204
    28.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 21
    Süzlärneñ gomumi sanı 3850
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    30.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 22
    Süzlärneñ gomumi sanı 3844
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 23
    Süzlärneñ gomumi sanı 3912
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2163
    30.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 24
    Süzlärneñ gomumi sanı 4047
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2003
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 25
    Süzlärneñ gomumi sanı 4012
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2062
    30.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 26
    Süzlärneñ gomumi sanı 4091
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2166
    30.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 27
    Süzlärneñ gomumi sanı 4051
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2255
    27.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 28
    Süzlärneñ gomumi sanı 3917
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2110
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 29
    Süzlärneñ gomumi sanı 4012
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2185
    31.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 30
    Süzlärneñ gomumi sanı 4010
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2112
    30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 31
    Süzlärneñ gomumi sanı 3933
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2191
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 32
    Süzlärneñ gomumi sanı 3956
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2208
    29.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 33
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2204
    29.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 34
    Süzlärneñ gomumi sanı 2899
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1600
    32.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.