Latin

Атай - 02

Süzlärneñ gomumi sanı 4007
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2310
29.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
47.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Кожоке эмне демек. Кыз аттанаар түнү Абдыракман жылкыда эле... Күн бүркөлүп, ууру
менен бөрү күчөп турган учурда ал жылкысын талаага таштай албай, атасына нааразы
болуп, түңүлүп, жайыттын четинде турганда бир топ ууру каптап келип чабыш болот.
Албеттүү жаш жигит бирөөң башка чаап, аттан түшүрөт, калганын билбейт, өзүнө
чокмор тийип, анан көк келтектерге жанчылат...
Жигит армандуу көз карашын атасына, анан үйдө отургандарга айландырып чыгат.
«Мына менин зарымды уктуңар, мурун да уккансыңар, эгер ага кана элек болсоңор
дагы жакшылап угуп алгыла. Мен арманда кеттим. Тагдырыма, таалайы жок
тагдырыма армандамын. Мага сараңдык кылган атама армандамын. Колунанкелбесе
эмне үчүн мага ачык айтпайт? Анда мен башкача айла табат лем го. Аттиң! Эл, мен
силерге да армандамын. Эмне үчүн эч кимиңер мага жардам бере албадыңар? Мен
силерди сүйчү элем, сыйлачу элем. Силер мага
болбосо, бир ооз кеңешиңерди бере албадыңар го». Анын бечара көзүнөн ушул ойлору
окулуп турду. Аны менен тиктешкендин баары көзүн ала качып, тике карай адышпады.
Мунусу алардын алсыздыгын моюнга алышып, «өткөнгө өкүнгөн менен айла жок»
дешкен жообу сыяктанды. Жалаң ал эмес, кишилерди жалтанткан нер¬се — ажалга
кырчын өмүрү кыйылып бараткан кишинин үрөйү.
Комуз эбак токтолуп, баары дем тартпай отурушту. Бул отуруш жакшы көргөн киши
менен керөз-мурасын айтышып, акыркы жолу коштошууга окшоду.
Абдыракманга чукул отурган Султаналы тынчтыкты бузуп, сөз салды:
— Акыш! Садагасы, баарын түшүнөбүз. Эр жигит мындайда майтарылчу эмес.
Башың аман болсо, баары ордуна келет.
Абдыракман ээрдин кесе тиштеп, тунжурады. Мунусу кеч болуп калды дегендей
туюлду. Субан баласынын алдында чөгөлөп:
— Балам, мен акмакка эмне десең да эп. Мен... Күнөөлүү мен гана. Чымын жаның
калса болду! Мени кечир кагылайын! Мен эл кыдырып, чоң табып издейин.
Абдыракман кескин түрдө башын чайкап:
— Кечтим... Мага табып керек эмес. — Анан ал бала тарапка мойнун буруп:
— Атай! Комуз сеники...— Ал дагы бир нерсе айтмакчы болуп, бирок ага даремети
жетпей жаздыгына кыйшайды. Бою сунала түштү...
***
Бизге тааныш Көк-Кашаттын четинде, арыктын боюнда соройгон жалгыз бака терек
жана жанаша тигилген эки боз үй бар. Алардын бири аппак, экинчиси сагызгандын
канатындай ала-була. Ошол эки боз үйдүн жанында бастырмалуу чоң короо. Сыртынан
караган кишиге да, эки үйдүн ортосундагы бир короо алардын ынтымактуулугун,
энчилештигин жана бир ичип, бир жей турганын далилдейт.
Мындан үч жыл мурда бул боз үйлөрдүн саны үчөө эле. Мында Абеилденин үч уулу:
Султаналы, Огонбай жана Тууганбай жашай турган. Үч жыл мурда Огонбай дүйнөдөн
кайтты. Күйөөсү өлгөнүнө үч ай болгондо анын аялы Күңөтөй да көз жумат. Алардын
уулу Атай мурун эле Султаналыга бала болуп кеткен, бешиктө калган үч айлык
ымыркайды Тууганбай асырап алат. Султаналы инисинен калган боз үйдү да эң кичүү
бир тууганы Тууганбайга берет. Тууганбай менен аялы Барча эки боз үйдүн
жабууларын тандап, бир үй жасаганда, кийиздери эски-жаңы болуп, ала-була көрүнүп
калат.
Ал эми бутактары тарбайган тиги бака терек эмне үчүн жалгыз болуп калганын жана
аны ким тиккенин эч кимисинин эсинде жок. Балким ал өзүнчө чыккандыр жө атабабасынан калгандыр. Эмнеси болсо да, айылдан окчун эки үйгө ушул терек көрк да,
караан да болгонсуйт.
Жакын жерде мындан башка жыгач болбогондуктан, айылды падналаган чымчык, чөкө
таан, түрдүү сайроочу куштар буга конбой өтүшпөйт. Үпүп, күкүк жана булбулдардын
келиши менен бака теректин багы ачылат.
Комузду кучактай кармаган Атай ушу терекке сүйөнүп турду. Үйдүн тегереги
жымжырт. Жалгыз гана чоң үйдөн түтүн булап, кобураган үн угулат. Токой тараптан
салпылдап учуп келаткан сасык үпүп тарбагай бутактын бирине коно калып, кыш-кыш
этип, тажысын үрпөйтүп, тумшугун ийкеңдетип, сайрай баштады. Бала комузун
бооруна кыскан калыбында тура берди.
Абдыракмандын окуясы жана өлүмү ага катуу таасир берген эле. Баарыдан да анын
өлүм астында күү тыңшаганы, эл менен коштошкону баланын көз астынан кетпеди.
Болгон ишти өз көзү менен көрүп, кулагы менен укса да, Абдыракмандын өмүрү мынча
эмне кайгылуу болгонун түшүнө албады. Анын ачык түшүнгөнү — Абдыракман
комузун ага атайын арнап бергени. Бир жагы кубаныч, бир жагы өкүнүч. Бала өз
кожоюну болуп, колунда кармап жүргөн комузун чертүүгө жүрөгү даабады.
Абдыракманды мүрзөгө койгон күнү кечинде Султаналынын үй-бүлөсү кайгырып
отурганда бала чертмек болот.
— Кое турчу, каңгыратпай.— Энеси аны токтотуп коет.— Субан укса каңырыгы
түтөйт.
Андан бери бир нече күн өтөт. Абдыракмандын ата-энесинин жаралуу жүрөгүн
сыздатпоо үчүн бала дале черте албайт.
Баланын ичи бышып баратты. Ошондо да каякка басса, аны колунан түшүрбөйт, кээде
каңгыратып барып, кайра эсине бир нерсе түшкөндөй токтото калат.
Мына ал теректин түбүндө үпүптүн үнүнө көңүлкош, мойнун кыйшайтып, өзүнчө
кыялга батып турду.
Субан менен Султаналынын үй-бүлөлөрү ынтымактуу эле. Алардын
ынтымактуулугуна себепчи болгон — Абдыракман. Анын адамкерчилигин,
шайырлыгын, комузга ынактыгын биринчи байкаган Огонбай.
Огонбай комуз чертүү жагынан айылдагы комузчулардан калышчу эмес. Күү угууга
дилгир Абдыракман адегенде чертүүнү Огонбайдан үйрөнгөн. Ошентип жүрүн
Султаналы менен катышып, Атайды сүрөөгө алып, бул үй-бүлө менен атабаладай
болот.
Абеилденин балдарынын ичинен комузду жактырбаган жалгыз гана — Султаналы. Ал
комузчулукту — бекерчиликтин жана бакырдын иши деп эсептей турган. Ага корогон
убакытты тиричиликке жумшачу. Эч ким жокто Тууганбай да бирдемени кыңгырата
койчу. Султаналынын кыртышы эч нерсени жактырбай турганда Абдыракман Атайды
эшикке ээрчитип чыгып, ушу теректин түбүнө, арыктын жээгине отурушуп алып,
каалашынча чертчи.
Ошол Абдыракман түбөлүккө коштошту. Экинчи жолу бу теректин жанына айланып
келбейт да, чертпейт да. Эми Атайга күү үйрөтөр киши да жок.
Баланын көзүнөн жаш кылгырып, бетинен ылдый салаалады. Өзүн өзү токтото албай,
өпкө өпкөсүнө батпай шолоктоду... Абдыракман өлгөндө жана көмүү учурунда да ал
эмне үчүндүр ыйлаган эмес. Бирок жүрөгү ачышып, кандайдыр бир салмак
кежигесинен баскансыган. Буулугуп турган неме бара-бара уңулдап киргенде үйдөгү
кишилер: Тууганбай, Атайдын апасы Аккыз жана Барча эшикке жабыла чыгышты...
Аккыз жүгүрүп келип, баласын бооруна кысып, жалынып-жалбарып, соорото баштады.
Бирок ал сооронбоду. Аңгыча чоң жол жактан кандайдыр бир темир буюмдун
шыңгыраганы, дөңгөлөктүн кыйчылдаганы угулду. Узун бойлуу Тууганбай жолду
көздөй тарбалаңдап чуркап, кыйкырды:
— Укмуш! Укмуш! Баякем соко алып келатат.
Кош өгүзгө соко сүйрөткөн Султаналы айылга жакындап калган. Аккыз менен уулу
отурган жеринен турушпаса да, укмуштуу дабыш чыккан тарапка көз чаптырышты. Бул
дабыш кыргыздын кулагына чоочун эле. Азырынча Талас кыргыздары баягы эле атабабадан калган буурусундан кол үзүшө элек.
Атай көз жашын жеңи менен сүртүнүп, атасын утурлай басты. Кара тукаба күрмөчөн
Аккыз ак жоолугун оңдоп салынып, уулунун мойнуна колун артып, күйөөсүн
кубанычтуу күтүп турду. Анын жайында жүргөндө көзгө өөнүрөөк көрүнгөн борбогой
мурду кубанган учурунда баданадай кара көздөрүнө жарашып, өз алдынча сулуу
көрүнчү. Күйөөсү анын кашкайып күлүп турганын абдан жактырчу.
Тууганбай агасындай орто бойлуу сары чийкил эмес, ийни кууш, коңкогой кара тору
жигит, муруту да дүрдүйүн чыйратылып турбастан, жапалак арчадан бетер эриндин
үстүнө жабыша өскөн.
Тиги, уйдүн жанында үч жашар Бектенди көтөрүп туруп калган илмийген кызыл тору
келин Тууганбайдын аялы Барча. Ал акесинен ийменип, алдынан тосуп чыккан жок.
Султаналы атчан, колуна узун чыбык алып, өгүздөрдү айдап алган, көңүлү жайдары
трийке кемселинин топчуларын чыгарып, деле ысуулап кеткенсип желпинип коет.
Бул Тыныбектин айлына келген биринчи соко болучу. Айрым колу жеткен кишилер
орустарга тамыр болуп, кадыресе байланышканы менен соко кыргыз дыйкандарынын
турмушуна сиңе элек көз. Кайсы бирөөлөр: «Муну менен айдаса жердин асылы кетет»
— дешип, жаман үгүт таратуута да үлгүрүшкөн. Бирок Султаналы ушакка кылчактаган
жок.
Соко үйдүн жанына жеткенде Туутанбай өгүздөрдү токтотту. Султаналы атын байлап
келгенче, бала-чакасы жабылышып: «Эй, укмуш» дешип, арсагай темирлерди жана
анын дөңгөлөктөрүн өз колдору менен кармалап көрүштү:
— Мунусу тиши го. Укмуш! Буга жер кантип түтсүн! Султаналы өзү да соконун
жанына келип, андан кумары тарай электей карап туруп: «Ушул соко өзүмдүкү болбос
беле» — деген ойго кетти.
— Тууганбай! — Ал үйүн көздөй басып баратып инисине тапшырма берди.—
Сокого таар жаап койчу. Буга жаан тийсе дат басат, күндүн нуруна какшып кетет.
Этияттоо керек.
Аккыз күйөөсүнөн озунуп барып, эшикти ача берди.
Бүгүн Султаналынын үй-бүлөсү кубанычта. Жакында кош чыгарып, жерди көбүрөөк
айдашмак. Үрөн жетиштүү. Куда кааласа, күзүндө эгинди батыра албай каларбыз деген
үмүттө.
Буга баары ишенимдүү. Мурунку аялы өлүп, биринсерин малдары айылды чаап
алышкан урууларга таланып, караманча калганда Султаналы ушул аялга үйлөнгөн.
Жардынын бүлөсүнүн тыңы жакшы. Аккыз казан-аяк кармаганы мындай турсун, кийим
тиккич жана чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган сарамжалдуу бүлө.
Аккызга үйлөнгөндөн бери анын иши оңолууда. Дыйканчылыкты мурдагы жылы гана
баштаган. Адегенде топуга ченеп сепкен таруудан кырк пуд түшүм алган. Кырк пуд
таруу — бул кыргыз дыйканы үчүн чоң байлsr. Аштыгын бөлүп алып, жакын
санагандарга аяктап, чөйчөктөп берип, калганын сатып, бир музоолуу уй сатып алды.
Былтыр айдоо аянтын кеңейтип, таруу жана буудай сээп, көп түшүм алды. Жалаң ага
карабастан, байлардан акчага мал көтөрүп алып, Олуя-Ата, Анжиян тарапка соода
жүргүзүп келди. Аяктан-быяктан кошулган пайдасына бир ат, бир өгүз токтотуп алды.
Анын жардамы менен Тууганбай да бир өгүздүү болду.
— Багы ачылса кыйын экен! Бир тыйын пайда көрөмбү — деп, соодагер
өзбектердин тарапыранын сатышып ^күргөн Султаналы эми эл катарына кошулуп
калды,— дешип айылдагылар кеп кылыша турган болду.
Султаналы мына ушундай тырышчаак киши. Ал төрдө эки бүктөлүп салынган
төшөктүн үстүндө маасычан болуп, мандаш урунуп отурат. Сүт катыктаган чайдын
демиби, же соконун кубанычынын таасириби, кызыл чийкил иреңи албырып,
көңүлүнүн көтөрүңкүсүн белгилейт. Аккыз анын төмөн жагында жоолугунун бир учун
аркасына кайрып коюп, эмне сөз чыгар экен дегенсип, эринин оозун тиктейт.
Тууганбай жеңесинин төмөн жагында коңкоюп чөк түшүп отурат. «Кудай бизге берди»
— деген кубанычтан башка пикир көңүлүндө жок, ысык чайды шорулдата ууртайт.
Барча кайнагасын түз карап отуруудан ийменип, кыйгач бурулуп, камыр жууруда.
Айранга көөлөнгөн талканды сөөмөйү менен жалап отурган үч жашар Бектен гана эч
нерсе менен иши жоктой өзү менен өзү алек.
— Сокону кимден алдың? — Күйөөсүнүн сөзүн күткөнгө ашыгып, Аккыз чай
сунуп жатып сурап калды.
— Никелейден.
— Никелейден? — Тууганбайдын көзү бакырая түштү.— Кайсы Никелейден?
Султаналынын чыртыйган муруттары былк этти:
— Падыша Никелейден дейсиңби! Өзүбүздүн эле Никелейден.
Тууганбай падыша Николайдан башка Николайды: уккан эмес. Ошону үчүн агасы ким
жөнүндө айтып жатканын түшүнбөдү. Же оруста башка дагы Никелей барбы — деген
суроо менен отура берди. Суроону кайталоодон ийменди.
Кыраакы Султаналы үй-бүлөсүндө бүгүн ый да, кубаныч да болгонун аттан түшө
электе байкаган. Мына азыр да ошол жөнүндө ойлонуп отурду. Анын баамында Аккыз
күндөгүдөй, Атай гана ыйлап жаңы басылгандай көздөрү шишип, андасанда улутунат.
Сыягы уулунун ыйы менен Аккыз да жашыган өңдөнөт.
Керегедеги комузду тиктеп коюп, Султаналы уулуна кайрылды.
— Уулум, чертип койчу! Көптөн бери күү уклай калдык го.
Атай шашылбай комузун алды да, кулагын толгоду. Эмнени чертүү жөнүндө
ойлонбосо да, комуздан «Ак Зыйнат» кайрыла баштады. Бардыгы көңүл коюп тыңшап
отурушту. Абдыракманды дагы бир жолу эстеп, ичтеринен кайгырышты.
Бул күү Султаналынын кыялын далай жерге сүрөп барып таштады... Балким,
Абдыракман комузчу, ырчы болбосо, ашыктыктын отуна мынчалык күйүп-жанып,
балаага башы малынбайт беле? Ушу өнөрү болбосо, Зыйнат анын эмнесине кызыгат
эле? Кайран бала жашында жайрады.
Абдыракмандын ыры Атай жөнүндө да ойлонтту. Султаналы уулун делбээлерге
кошпостон, жашынан туура жолго салмак болду. Аны үчүн окутмак: эң мурун кыргыз
молдосунан окутуп, анан орус мектебине киргизмек. Азыркы заманда кыргызча да,
орусча да билгендер озуп баратат. Эти бышык жана зээндүү баласы тири болсо, элди
башкара билген азаматтардын бири болуп чыгарына ишенет. Эгер анын колунан
мансап келбесине көзү жетсе, атасы аны аштык өстүрүүгө жана соодагерчиликке дароо
эле үйрөтмөк.
«Ак Зыйнат» чертилип бүткөндө Султаналы уулунун келечеги жөнүндө биротоло бир
чечимге келген эле. Атай атам эмне дээр экен дегенсип, аны тиктеди. Султаналынын
оозунан башка сөз чыкты:
— Тууганбай! Эртең эрте тур! Айдай турган жер көп. Бүрсүгүнү кечиндө сокону
ээсине тапшыруум керек.
— Таңында турам! — деди иниси зор ынтаа менен.
***
Секиниң үстүндөгү көк мейкин балдарга бир башкача туюлду. Күзүндө бул жерде
куураган шыбак, саргайган бетеге, куурай жана аңыздын бакалдары гана аралаганда
шуудурап турчу. Азыр эски чөп менен бакалдан эч нерсе калбаган. Сыягы малга тоют
болуп жана тебеленип, карга тапталып, акырында такырайган окшойт. Анын ордунда
кулпунган көк шибер, жалбырагын жаңыдан гана жабалактатып, мойнун созо баштаган
чогойно, шыраалжындар. Башка чөптөрдөн көрө мурда камынып, амалга жараган көк
шыбактар жумшак желге ыргалышып, жыпардай жытын буруксутушат.
Талаа кыймылдуу жана көңүлдүү. Тажысын чочойткон акын торгойлордун кай бири
чокмороктошкон чополордун, же таштын үстүнө отуруп алышып, жазды мактай
сайраса, кай бирлери көз мелжиген бийиктикке көтөрүлүшүп, тунук жана таза абага
канаттарын желдетишип, мелтиреген асманды шаңга бөлөшкөнсүйт.
Салпактаган кулалылар уйкудан ойгонгон талаага чычкандардын айынан гана ашык
болушкансып, бир жерден чөптүн кыймылдаганын көрсө, ошол жерден алыстабай,
ойкуп-кайкып учуп жүрүшөт. Канаттары талган көзде карарган бутага конушуп
талааны аңдыганы аңдыган.
Талаа мейкининен булбул менен күкүктүн дабышы угулбайт. Каеринде болсо да,
сарала моюн чымчыктар көзигет. Алар куурайдын бутагына конуп алышып, чыйт-чыйт
— чирилийлешип сайрап коюшат. Обону бир гана кайрым, бирок ушу бир кайрым
обонду үстү-үстүнө кайталабай кыйлага чейин тымый түшүп, анан баштайт. Атай бул
чымчыктарды жакшы билчү жана аны жакшы көрүүчү.
Мына азыр да бири каптал жактан, эски куурайдын бутагына конор менен сайрап коюп,
анан чоочун меймандарды тиктегенсип унчукпай калды. Ал ырын кайталаганча Атай
зарыга күтүп калгансып, эринин жаланып, тамшанып турду.
— Анын эмнесине кызыгасың? Торгойдой сайрай албайт.— Мамат аны уруу үчүн
жерден таш издей баштады.
Ооба, ал торгойдой таңшый албайт. Бирок үнү эмне үчүндүр сүйкүмдүү.
Сайроочу куштардын бир өзгөчөлүгү — алар өз ырына өздөрү өтө кумар келишип,
айлананы шаңга бөлөөнү эңсешет. Ошону үчүн бир жерге узакка отуруудан талыкпай
жана жаагы талбай атайын бөзенишет. Булбул менен торгой дал ушундай. А тиги
сарала моюн да өз баасын билген чымчык болуу керек. Тили ката элек көзинде
кумардан чыгуу үчүн куурайдан куурайга учуп конуп жүрүп, бир кайрым күүсүн далай
жерге угузат.
Маматтын ыргыткан ташы отурган куурайына тийгенде лирага ашык болуп, башка
нерсени элес албай күү менен жүрөгү чалкыган сарала моюн катуу чочуп, ырынан
жаңылып, тилин булдуруктатып уча качты. Учканда да бийик көтөрүлүп көзгө илешпей
алыска кетти.
— Кап, урбай эле койбой.— Атай ыйлап жибере жаздады.
Мамат аны тыңшаган да жок:
— Байкуштун коркогун ай! Бөзе качты,— деди каткырып.
Сарала моюн тили булдуруктаганына насаа болуп, кулак угуп, көз көргүс жакка ооп
кеткенин жаш балдар кайдан билишсин. Акын куштар ажалдан коркушпайт, ырынын
бузулушунан коркушат...
Барган сайын талаанын көрүнүшү өзгөрө баштады. Алдыда кара чымы каңтарылып
жаткан айдоо талаасы. Ар кайсы жерде жүрүшкөн он чакты буурусун көрүнөт.
Айдалган жер аз, кең талаа кебелбеген. Чурулдаган калың чөкө таан кошчулардын
соңунан ээрчип алышкан.
Кошчулардын көрүнүшү да кызык. Кайсы бирлери аттарын, кээси өгүздөрүн
кошушкан. Бардыгында бирден шапалак. Ар биринде эки кишиден: бири алдына
чыгып, ахаалап узун шапалакты жаңсап, көлүктү коштогон, экинчиси буурсундун
сабын жерге ныктай басып, өбөктөй ээрчип алган. Ошолордун ичинен бир коштун гана
дөңгөлөгү шыңгырап, өтө бараандуу көрүнөт.
— Тигиниси кимдики? — деп сурады Мамат соко тарапты көрсөтүп.
— Биздики... Атам менен байкем... Темир буурсундун аты соко...
— Үүй, сонун экен! Силер сокону кайдан алдыңар? — Атайлардын буюмуна
Мамат биринчи жолу таң калды.
— Атам орустан алып келген.
— Орустан алган арам болбойбу?
— Арам болбой эле, жерди сонун айдайт. Карачы, биздин жер көп айдалган.
Мамат эки жагын карап туруп, буурсундардын баары кошулганда айдалган жери
соконукунан аз экенин көрдү.
Алар соксрю чукул барышты. Тууганбай жылаңаяк, жылаңбаш, таар шымчан, кара
көйнөгүнүн бүчүсүн чечип, кош сарала өгүздү жетелеп, тартынганына шапалагын
жаңсайт. Султаналы да жылаңаяктанган, көйнөк, Дамбалчан, башында топусу.
Жонунан күн өтүп, чыпылдаган тер көйнөгүн шөмтүрөткөн. Балдар жакындаганда алар
сокону токтотуп, чекесиндеги терди сүртүшүп, көйнөктөрүн желпишип тура калышты.
— Эмнеге келдиңер?— деп сурады Султаналы.
— Сокону көрүүгө...— Мамат бул укмуш немени колу менен кармалай баштады.
«Атам орусту эмне үчүн жаман көрөт? — деп ойлонот,— сокосу жакшы турбайбы».
Атай айдалган жерди тиктөө менен алек. Тиги жанында жүргөн буурсундар топуракты
араң эле тилген, а соко тим эле кыртышты жалпылдатып, түбү менен оодарып
таштаган.
Тыныбек орустан соко албаган себебин Мамат жакшы билүүчү эмес. Анткени бир топ
кыргыздарга окшоп, Тыныбек да соко айдаса, жер төз арыктайт, зыянга учурайт деген
ишенимде болучу. Бирок үйүндөгүлөргө: «Орустун бетин ары кылсын»,— деп гана
коюучу.
— Кана, тарт өгүзүңдүн башын,— деп Султаналы өзү соконун сабынан ныктай
кармап, жалпжалп этип каңтарылып жаткан кыртышты тиктеп кетип баратты. Борпоң
жана нымдуу кыртыштын жыты мурунга буруксуйт. Топурактардын арасынан
соймоңдогон сөөлжандар, ар түрлүү сары курттар чыгат. Коштон кынуу тапкан таандар
айдоолордун четинде учуп-конушуп, табылгыс жемдерин терип жешип, дыйкандарга
алкыш айткандай жапырт как-как этишет.
Атай менен Мамат бир топко чейин кошту ээрчип жүрүштү. Акыркы жолу имерилип
чыккандан кийин кошчулар өгүздү чыгарышып, бир аз эс алып турушту.
Жер жылдагыдан көп айдалды. Жаан-чачын болуп берсе, курсак кампайганы деп
ойлойт Тууганбай. Султаналынын кебетесинде али да аз деген кыңырылуу бар. Бирок
мындан ашык жери болбогондон кийин аргасы жок.
Эки бир тууган эки өгүзгө минип, балдарды учкаштырып, сокону сүйрөткөн бойдон
кайра тартышты. Үрөндү бешим ченде себишмек болушту.
Калган коштор качан бүтөрү белгисиз. Атамдар баарынан мурда бүтүштү деген ой
менен Атай кудуңдап сүйүнүчтүү эле. Коштон ылдыйлай бергенде, Султаналы
өгүзүнүн мурунтугун жыя кармады.
— Тууганбай! — Ал айдөшүнөн келген төшкө бир азга көз жүгүртүп турду.—
Сокону ушул жерге таштайлы.
— Биерге таштап эмне, бирөө алып кетпейби?
— Ташта дейм, келесоо! — Султаналынын кара муруттары үксөйө калганда
Тууганбай өгүзүнөн секирип түштү.
Султаналы өгүздөн түшүп, балдарды көтөрүп алды да: «таш теришкиле» — деди.
Анын оюн үчөө тең түшүнүшкөн жок.
«Куу киши эмне жорук баштады?» — деп ойлойт Тууганбай, бирок ачыгын суроого
оозу барбайт.
— Жериң куурулгур эле киши да,— иниси агасынын сырын эми байкады.— Ушул
жерди кандай акмак айдайт? Оюна келгенин кылат.
Агасынын акырайып караганын байкай койду да. Тууганбай каршылык кылмак түгүл,
беттин ташын ылдамдык менен тере баштады.
Аянттын ташын терип бүтүшкөндөн кийин биринчи борозду салышты.
Чоң кишилердин жоругуна балдар абдан таң калышты: төшкө себилген эгин
кыйгачынан өнөт го.
Бешим ченде бул жерге болгону эки топу таруу себилди.
«Шумдугуң курган Султаналы» — дешип, аны көргөн кишилер өз ара кеп кылыша
турган болушту.
КОМУЗ СЫРЫ
Күн ысыды. Этек жактын жайыты тепселип, чымынчиркей көбөйүп, мал ылаага
токтобой өр талаша баштады. Анткени, тоонун бетегеси кулпуруп, шар суусунун бою
жана бийик күңгөй-тескейлери салкын тартып турган учур.
Мал каякка ыктаса, ошол тарапка оогон көчмөн элге кыймыл кирди. Анан кантсин!
Алардын оокат, тиричилиги бүт ушул малга гана байланышкан. Ансыз турмуш
өтпөөчүдөй.
Этек жактагы калың айыл жана жайнаган кой менен жылкы көрүнбөй калды. Чоң
байлар өз жамааты менен бирге алыскы Суусамырга көчүшүп, орто байлары Калба
жайлоосун өрдөшкөн. Алар жакадагы жумуштардан да көңүлдөрү бир ыңтай. Кыштык
чөптү чаап жана аштыкты багуу, жыйноо жатакта калган кедейлердин мойнунда,
себеби, алар байлардан саан жана эгин айдоого ортоктошУп үрөн ал^шгкан.
Бирок тоо этеги чоң айылдар кеткенден кийин томсоруп калган жок. Кара жамгырдын
жана күн нурунун шарапаты менен баягы жайыты тапталган колот менен жылгалардын
чөптөрү кайрадан жанданган мөзгилде бирер-жарым малдары бар букаралар көчүп
келишти. Буларды козгогон да мал. Жалгыз уй менен эки эчкиге да керек. Короонун
тегерегинде отурууга мүмкүн эмес. Ошону үчүн алар биринчиден, жайыттын ыңгайына
жараша, экинчиден, өздөрү иштеген талаадан алыстап кетпей, ушул этекти тандап
отурушкан. Булардан тышкары, адалдан түгү жок, итке минген томаяктар да малдуу
кишилерден саан алышып, акысына анын эгинин багып, чөбүн чаап берүүгө
милдеттенишип, алар да өз кыштоосунун жанында калбастан, мында көчүп келишкен.
Булар жатакчылар эле.
Кыштоодо калган бир да түтүн жок. Баарынын тырмышканы — тоо тарап. Жай мөзгил
тоолук айылдардын турмушундагы өзгөчө бир учур. Мүмкүнчүлүгү бар кишилер
баккан малы менен кооз жайлоонун үзүрүн көрүшөт. Кээ бир адамдар колунда бир саан
уюнан башка туягы болбосо да, бөксө жайлоого көчкөндөргө кошулуп, бирөөдөн унаа
сурап, эгин сугаруу жана чөп чабуу учурунда жакага бир нече күнгө түшүп келип,
жумушун бүтүрүп алып, анан жайлоого шашылат.
Жатакта айласы жоктор гана калышат. Алар башкалардын тирчилигин бүтүрүү үчүн
калышат. Аны үчүн акы алышат.
Адаттагыдай жатакчылардын айлы суз. Даңкайган ак өргөөлөр, жайнаган мал, кымыз
улашып бакылдашкан кишилер, көкбөрү, оюн-тамаша болмоюнча айылда эмненин
көркү, эмненин шаттыгы?
Айыл отурган колоттун ортосундагы саздакты шылдыраган булак суусу жарып өтөт.
Улам жогорулаган сайын колот ичкерип, баш жагы туюк бетке барып такалат.
Булактын тегереги чычырканак, ал эми бийик беттер кызыл караган, шилби, бөрү
карагат, табылгы жана ыргайларга толгон.
Быйыл жатакчыларга дагы бир үй кошулду. Ал үй Султаналыга катарлаш, маркум
Огонбайдын конушун ээледи.
Жаңы кошунанын келиши менен айылдын көрүнүшү, көп жылдардан бери көнүмүш
болгон адаты да өзгөрө баштады.
Субандын башына түшкөн каргаша, Абдыракмандын кайгылуу өлүмү, эл жайлоого
көчөрдө Тыныбек бай аны журтка таштап кетиши — анын баары элге маалим эле.
Учууга канаты, конууга куйругунан ажыраган кушка окшоп, боору менен жылып
калган карыпка Султаналынын боору ооруп, үйүнүн жанына көчүрүп алат. Башка
жаманчылык түшкөндө эл ичинен ушундай кең пейил, боорукер адамдын табылышына
ким да болсо сүйүнмөк. Субан антпейт. Журтта калганына кайгырбайт, Султана
бир туугандай колун созуп, аны элге кошконуна кубайт. Ошо жалгыз үй калганда
күндүз убакытты асынын мүрзөсүнүн жанында, түнкүсүн үйүндө өтүүчү. Турмуш,
бүгүнкү тирчилик, эртеңки оокат оюда келген эмес. Бирөө менен сүйлөшүү,
айланасында болуп жаткан окуяга кызыгуу деген анда болбой калган Карыптын
ушундай абалга келгенин Тыныбек да, башкалар да байкашкан. Алдан тайып,
акылынан айныган абышка мындан ары Тыныбекке керек эмес эле. Ошондуктан анын
керт башын боштондукка чыгарууну ойлогон. Бул оюн Субанга айтпайт, себеби,
эсинен ажыраган чал байдан боорукерлигин түшүнөбү?! Ал ушу максатын Тоймат
бийге жана коңшуларына айтат. Субан түшүнбөсө, эл түшүнсүн. Байдын кең
пейилдигин эл да жогору баалабайт. Аны керек болбой калганда журтуна таштап
кеткендиги үчүн тетирисинче, ага наалат айтышат. Эл алдында Султаналыга баркы
көтөрүлө түшөт.
Султаналынын жанына көчүп келгенден бери Субан күндүз үйүнүн жанындагы дөбөдө
отурганы отурган. Жанына келген кишилер менен сүйлөшпөгөндөн кийин, ага эч ким
каттабай калган.
Жатакчылар бечара абышка «баласынын күйүтүнөн жарым эс болуп калды» деген
тыянакка келишти. Эми анын жүрүш-турушуна эч ким таң калбады.
Субан бир күнү Султаналыныкына келип, үйдүн ичин айландыра тиктеп туруп калды.
Үй ээси да, анын аялы менен баласы да анын келиши эмне менен бүтөрүн күтүп
турушту. Аны келиңиз, төргө өтүңүз деп айтышцады. Айткан сөз, баары бир анын
кулагына кирмек эмес. Көз кыры керегедеги комузга урунганда, абышка бир укмушка
туш келгендей жанданып, аны качырып жибербөөчүдөй болуп, кучагын жазып
жиберип, керегени көздөй аңдый басып, комузду кучактай калды. Комуз колуна
тийгенде тарбалаңдап үйүн көздөй чуркады...
— Жинди чал сындырат.— Атай соңунан бакырды. Султаналы эрдин кысып:
— Тим кой, балам! Байкуштун эсине бир нерсе түшкөн го.— Ал ойлоно калды.—
Акылынан ажыраган эмес экен. Эсинде бир нерселер калган окшойт.— Атайга акырын
шыбырап.— Артынан барып, үйүнүн сыртынан шыкааласаң! Эмне кылар экен? Бирок
ага жолтоо болбой кайра кел!
Бала кыйылды:
— Комузду сындырып койсо кантем, ата?
— Сындырбайт. Сынса башкасы табылар.— Султаналынын кабагы бүркөлө түшкөндө
Атай жинди чалдын соңунан жөнөдү.
Субандын эмне жорук баштаарын билүү үчүн аңдып келген бала туурдуктун
тешигинен шыкалар менен, этияттанууну унутуп, кыткылыктап күлдү.
Абышка күрмөсүнүн жеңдерин карысына чейин түрүнүп, чоң топтун ортосунда тамаша
көрсөтүп жаткан кайимки комузчуга окшоп, чын дили менен шартылдата чертип
отурган экен. Бирок анын тарбалаңдаган кары колдору черткенге окшобойт, кайрыгы
күүгө окшобойт, айтор чандырмундур бир нерсе. Түйшүктүү катуу колдору, барбайган
салаалары имерүүгө, ийүүгө келбей жылтыр баштан матек алгансып, комуздун
капкагын карсылдатат. Атай оозун басса да болбой, каткырып ийди. Өзү да чоочуп
кетти. Бирок чал аны капарына албады.
Бир маалда чарчадыбы же оюна бир нерсе түштүбү, ал эмне үчүндүр чертүүнү
токтотуп, комузду бет маңдайына кармап, аны таңгаларлык тиктеди. Оодарып, имерип
көрдү. Бырыштуу беттери ого бетер жыйрылып, анан кулакты тундура бакырды.
Көңүлүндө нерсе жок анын жоругуна күлүп турган бала корккону ушунчалык —
артына кылчайбастан качты.
Ал артынан бирөө кууп келаткансып, үйүнө чуркап кирип, апасынын алдына этбетинен кулады. Ачуу бакырыктан жана баланын купкуу болуп, тызылдап качып
келишинен ата-эне карбаластап калышты.
— Ай, тентек! Антчү эмес! Коркпо, коркпо! — атасы маңдайынан сылады.
Апасы «токто жүрөк токто» — деп, апаптады...
Бала төз эле эсин жыйып, көргөн-билгенин айтып берди. Ата-энеси ошондо гана
жүрөктөрү ордуна келди.
Атай төз эле эсин жыйганы менен түнкүсүн түшүнөн чочуп, уктай албады. Чыракты
жагып коюп, ата-энеси да таң атканча уктабай чыгышты. Эртеси, анын соңку түндөрү
да бала чоочуп, уйкусу жарым болуп жүрдү.
Жүрөгү козголуп калдыбы дешип, аны бакшыга көрсөтүштү, молдого окутушту. Андан
айла болбогон соң баланын көңүлүн алагды кылып, башка жакка жиберүүнү макул
табышты. Ушул максат менен Аккыз уулун Кең-Колдогу таятасыныкына алып бармай
болду. Бул ой баарынын көңүлүнө туура келди. Жолдо Атайды Манастын күмбөзүнө
зыярат кылдырмак. Касиеттүү Кең-Кол жана таятасы атактуу комузчу Жантакбай
балага балким таасир берер.
***
Чоң тору атка минип, уулун учкаштырган Аккыз өз айлынан узап, Талас суусунун
өйүзүнө өтөр менен — башка дүйнөгө туш келгендей сөзим пайда болду. Түйщүктүү
турмуш, жаздан берки кайгылуу окуялар көңүлдү ылайлатып жиберген эле. Эми ошол
азаптуу күндөр артта калгансып, Аккыздын көңүлү көтөрүңкү жана сергек.
Аккыз төркүнү Жантакбайдыкына сейрек катташар эле. Жантакбай алардыкына андан
бетер сейрек келе турган. Алар качан сагынышканда же кандайдыр бир зарылдык
туулганда жүз көрүшчү.
Атай таятасыныкына акыркы жолу мындан эки жыл мурда апасы менен келип кеткен.
Анчейин учурашуу үчүн. Бирок баланын көңүлүндө «анчейин учурашуудан» башка
кандайдыр бир кереметтүү таасирлер калар эле. Талас суусунун өйүзү, Кең-Кол — аны
үчүн реалдуу турмуш эмес, жомоктор дүйнөсү сыяктуу сөзилчү. Ошону үчүн
таятасынын үйүнө көбүрөөк баргысы келчү. Ата-энесинин тирчиликтен колу
бошобогону, таятасынын кепке жана күүгө сараңдыгы, өзүнүн кичинекейлиги колун
байлар эле.
Көптөн күткөн тилек бүгүн орундалды. Мына ал кайрадан жомоктор дүйнөсүнө кирди.
Чындык менен жомоктун арасы асман менен жердей, кээде бир бутактагы эки алмадай.
Атай жомокко толук ишенчү. Бир гана өкүнүчү — анын баары өткөн заманда калып,
азыр көздешпегени. Каратөлөк саятчы, Толубай сынчы эс-дартынан кетчү эмес. Алар
менен бир ажайып болуп, көрүшүп калса, айбандардын, куштардын тилдерин үйрөнүп,
сырларын билип, аны күүгө салбайт беле.
Маркум Абдыракман менен Токтогул ырчы «көк серке» менен «Аккууну» ошол
макулуктардын сырын билгендиги үчүн күүгө айландырышкан сыяктуу. Аттиң,
Абдыракмандын тирүүсүндө эле ошо жөнүндө сурабай. Токтогул болсо, алыскы
Кетмен-Төбөдө. Карманганы таятасы Жантакбай, бирок ал: кырс, күүгө сараң, эч
нерсени айтып бербейт.
Алар айкөл Манастын күмбөзүнүн тушуна келгенде адатынча аттан түшүштү. Аккыз
баатырдын арбагына атап куран окуду. Бул анын адаты эле. Бу жолу мурда*Ь1 адатына
кошумчалап, күмбөздүң түбүнө келип, зыярат кылып, «уулумду кырсыктан сактап, ар
убакта жөлөк боло гөр» — деп тиледи.
Жалаң Аккыз эмес, өрөөндөгү кишилердин көбү башына кыйынчылык түшкөндө же
тилек кылганда ушу күмбөзге зыярат кылышчу же кайда жүрбөсүн, Манастын
арбагына сыйынышчу. Баатырга түшүндө же өңүндө жблугушуп, Манасчы болуп
кеткен кишилер жөнүндө эмиштер ого бетер көп.
КеңКолдун оозунан кирип, өзөндү өрдөгөн сайын жомок көбөйө берүүчү. Жогбрулай
түшүп, ТерсКолдун оозуңа жакындаганда, капталдын этегинде, арыктын боюнда
жаткан чоң жалпак ташты көрсөтүп, апасы атын токтотту. «Манастын чакмак ташы
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Атай - 03
  • Büleklär
  • Атай - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3988
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2335
    27.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 4007
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2310
    29.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 4007
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2169
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 4040
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2261
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3933
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2230
    28.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3945
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2172
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 4017
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2331
    30.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 4025
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2330
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3903
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2184
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3925
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2231
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3901
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2142
    30.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3803
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2123
    28.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3820
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2144
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3859
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2264
    28.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3978
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2233
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2311
    27.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 17
    Süzlärneñ gomumi sanı 3985
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2360
    28.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 18
    Süzlärneñ gomumi sanı 3950
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2190
    29.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 19
    Süzlärneñ gomumi sanı 4029
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2314
    29.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 20
    Süzlärneñ gomumi sanı 3939
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2204
    28.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 21
    Süzlärneñ gomumi sanı 3850
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    30.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 22
    Süzlärneñ gomumi sanı 3844
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 23
    Süzlärneñ gomumi sanı 3912
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2163
    30.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 24
    Süzlärneñ gomumi sanı 4047
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2003
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 25
    Süzlärneñ gomumi sanı 4012
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2062
    30.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 26
    Süzlärneñ gomumi sanı 4091
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2166
    30.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 27
    Süzlärneñ gomumi sanı 4051
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2255
    27.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 28
    Süzlärneñ gomumi sanı 3917
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2110
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 29
    Süzlärneñ gomumi sanı 4012
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2185
    31.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 30
    Süzlärneñ gomumi sanı 4010
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2112
    30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 31
    Süzlärneñ gomumi sanı 3933
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2191
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 32
    Süzlärneñ gomumi sanı 3956
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2208
    29.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 33
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2204
    29.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 34
    Süzlärneñ gomumi sanı 2899
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1600
    32.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.