Latin

Атай - 21

Süzlärneñ gomumi sanı 3850
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
30.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
43.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
49.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Илгери айтыш убагында Жеңижокту Ырыскүл кадимкидей шаштырган эмеспи.
— Ошондон кийин Жеңижок Таласка келбептир. «Эми картайдым, туулган
жеримди балким кайталап көрбөсмүн» дейт. Кайран киши эки жолку келишинде тең
Таластын этек жагынан кайтып кетиптир. Биздин элди бүт аралап да көрбөптүр.
Эми сөзгө Субан аралжы болду:
— Өзүбүздүн элге эмне үчүн кайтпайсың деп сурабайсыңбы?
— Сураганым жок. — Атай көңүлсүз жооп берди. — Бармактайында, элдин
кадырын биле электе Аксыга качып, ал жерден Ата-эне, жайлуу конуш тапкан
Жеңижок түгүл, кечээ жигит курагында Кетмен-Төбөгө качкан Эшмамбет тууганыбыз
келбей койгондон кийин, анын эмнесин сурайм.
— Баса, Эшмамбет эмне үчүн келбей калганын билдиңби?
— Эшмамбет 1926-жылы дүйнөдөн кайткан экен. Билгендерден көп нерселерди
уктум. Ал киши Таласка бир эмес, эки жолу көчүп келмей болгон экен. Биринчисинде
кайнатасынын көңүлүн кыя албай, экинчисинде аялынын көңүлүн кыя албай, ошо
бойдон калыптыр...
Абышкалар Жеңижок менен Эшмамбеттин туяксыз экенин угушканда кайгырышты.
Анан сөз Жеңижок жөнүндө болду:
— Турмушу кандай экен? Ал жердеги туугандар каралашат бекен?
— Ал жагынан өөн жок. Аялы айтылуу Көксулууну тилеп алгандай эле бар экен!
Карыса да сыны бузулбайт... Жеңижок бойдок көзинде Көксулуу байдын келини экен.
«Көксулууга үйлөнсөм, башка арманым болбос эле» деп кудайдан тилейт. Акынды
кадырлашкан билермандар акыры Көксулуунун башын ачып, ага алып беришет. Кийин
карыган көзде кайран киши ошондо кудайдан баланы кошо тилебегенине арман
кылат,— дешти абышкалар.
— Ой, куу баланын зары ай!
Атай ойго түшкөн чалдардын көңүлүн алагды кылбайын дегенсип, сөзүн токтотуп,
аларды тиктеп отурду. Бироокумда Султаналы сөзгө келгенде гана Субан селт этип
башын көтөрдү.
— Сенин өзүң жөнүндө бирдеме айттыбы?
— «Таластан качканың жакшы болуптур — деп каткырып күлдү. Мен кайра элге
кайта турганымды айтсам, «тилегиңе жет!» — деп ак батасын берди. —Эшмамбет
экөөбүздүн заманыбыз башка болучу. Сенин заманың башка. Элден ажыраба».
— Айтканын карачы! — Субан жакасын карманды. — Канча айткан менен чоң
киши да.
— Сага ырдап бердиби? Деги кандай ырчы экен? — Султаналы өзүн кызыктырган
суроолорду уланта берди.
— Ырдаган жок. Анын чоң акын экенин ансыз деле эл билет. Жалаң өз башынан
өткөндөрүн жана кайсы акындар менен беттешкенин эки күнү айтып түгөтө албады.
Кээде гана мага черттирип, күүлөрүмдү укту.
Султаналы дагы да анын сөзүн бүтүрбөй:
— Жактырдыбы?
— Жактырганын же жактырбаганын билбейм. Токтогулдай чертет экенсиң,— деди.
— Оо, мындан чоң баа болобу?!
— Сынына толгон экенсиң,— дешип, абышкалар ошондо гана ыраазылыгын
билдиришти.
Алар мандаш урунуп, шымаланып отурган жигитке көз жүгүртүштү. Эки-үч гана жыл
мурда көздөрүнө токтоло элек, шок баладай көрүнгөн неме азыр денеси чымыр,
булчуңдары чың, сымбаттуу жигит, чынында зле чоң комузчу болгонун баамдашты.
Мындай колу ачык, март кишилер дүйнө курай алчу эмес эле, ал Кетмен-Төбөдөн
шаңдуу келди. Аялы, кызы — үчөөнүн мингени үч ат. Өзүнүн алдындагы жоргону досу
Абдыраман мингизиптир. Бир атты атасына берди, Субанга чапан, энеси Аккызга бир
сыйра кийим...
— Жеңижок айткандай. Таластан качып, эл аралаганың жакшы болуптур! — деди
атасы акырында. Субан менен Атай күлүп жиберишти.
Атай эми чоң комузчу Ниязалы жөнүндө айта баштаганда иттин үргөнү сөздү бузду.
Дагы кайдагы сандалган неме, же сыйлуу конок келдиби дешкенсип, абышкалар
эшикке кулак түрүштү.
Кимдир бирөө атын мамыга байлап, үйдү көздөй келатышына караганда
айылдаштардын бирине окшоду.
Эгер сырттан келген киши болсо, «үйдө ким бар?» деп, ат үстүнөн үн салмак. Үй ээси
эшикке чыгып, атын алмак.
Боз үйдүн эшиги ачылды. Кирип келген киши Чырым эле. Эч ким ордунан козголбоду.
Ал бир аз апкарып, Атайдын бет алдына келип, чөгөлөп отура калып, колдорун бооруна
алып, салам айтып жобурай баштады:
— Атаке! Асыл курбум! Аман-эсен келдиңби! Келимкетимиң сээлдесин — деп,
көптөн бери үстүңө келалбай, бетим күйүп, араң эле чыдап жүрөм. Менден өткөн
айыпты арбак, кудай үчүн, курбулугубуз үчүн кечип кой? Сага атым тартуу, башым
тартуу.
Андан мынчалык пастыкты жана жалбарууну күтпөгөн Атай эмне айтарын билбей
калды. Эки абышка да арбак, кудай деген сөз үчүн ийигишти.
— Балам! — Султаналы сөзгө катышты. — Бул иттин күнөөсүн кечип кой?
— Оо, оозуңан айланайын, Султаке! — Чырым ага да жалына баштады —
Абышкалар айлыбыздын берекеси... Силердей кутмандуу кишилер турганда биз
бактылуубуз.
Атай андан төзирээк кутулгусу келип:
— Мен кечтим. Бирок Маматтын канын кантесиң? Чырымдын бети чырм этпеди:
— Менин күнөөмдү кудай таалам өзү кечээр? Кантейин, Маматтын андай болорун
билгеним жок.
— Сага даба жок экен! — деди Субан. Чырым анын сөзүн укпамыш болуп, Атайга
жобурай берди:
— Мен ыраазымын, курбум! Сага бүткүл эл ыраазы. Сен биздин сыймыгыбызсың!
— Анын мактоосуна көңүл бурган киши жок, ичтен тынып отурушкандыктан,
Чырымда кош айтышып, кетүүдөн башка арга калбады. Аны менен эч ким кош
айтышпады. Узаткан да жок.
Чырымдын келиши менен өткөндөгү каргашалуу окуя эске түшүп, кыжырлана түшкөн
кишилердин көңүлү эч нерсеге келбей кыйлага үнсүз отурушту. Акырында гана
Султаналы ачуулуу күрпүлдөдү:
— Кесирлүү иттин кайданжайдан жетип келипшн көрчү!..
Эшикке чыгып бараткан Атайды ээрчий карап, Субан кийизге жамбаштап, чыканагын
жаздана жатты.
Абышкалар ар кимиси өз кыялы менен алышып, кыйла убакытты өткөрүштү. Бирок
эшикке чыккан киши эмне үчүндүр кечикти. Сыртка кулак түрүшөт, кишинин дабышы
угулбаган соң, абышкалар да ээси жок үйдү кайтарып отурууну эп көрүшпөдү.
Атай үйдүн айланасынан, кашаттын кырынан да көрүнбөдү. Тетеги саз жакка,
Тыныбектин үйүн көздөй бараткан жалгыз караанды көзү чалып, Султаналы адегенде
жүрөгү шуу этип барып, келмесин айтып, сабырлакды. Баягы жылы Тыныбектин
жигиттеринен таяк жегенден бери байдын үнү суук көрүнүп калган. Тыныбек өлгөндө
гана мүрзөсүнө кишилер менен кошо барып, топурак салып, бирок башка
ырымжырымына катышпай, өз үйүнө бурулган. Андан бери да жесирлердин кандайча
жашаганын билмек түгүл, аларды көрүүгө дити барчу змес.
Атай башка үйлөр табылбагансып, жесирлердикине баратышы суроо артынан
суроолорго такады. Киши бир унутулбас жана кыйбас курбусун сагынганда, анын
басып жүргөн жерлери, жашаган жайы, соңунда калган буюму, айтор анын атына
байланыштуу нерсенин баары сонун эмеспи. Кургуру эсине түшүп, токтоно
албагандыр... Же болбосо, Кетмен-Төбөдөн кайтарда Седеп энелерине салам айтып,
дайындаган жумуштары бардыр. Баса, эмне жумуш дайындады экен?
Тыныбектин жесирлери Атайга учурашууга келишпесе да, анын кабарын, айткан кебин
каттагандардан угушкан. «Седепти өзүңөр качырган турбайсыңарбы?» деп, бул окуяны
биринчи жолу абысындары аларды сыр катышкандыгы, арамзалыгы үчүн жемелешкен.
Бирок Маматты карышкыр жегенин эч ким угуза алышпаган. «Маматтын каякка
качканын билбейбиз» — деп, элге сөз таратышкан жесирлер «балабыздын кабарын
билет бекен» деп суроого батынышпады. Ушунча жылдан бери дайынсыз кеткен
Маматтан, албетте кооптуу эле.
Атайды күтпөгөн жесирлер карбаласташты. Бир убакта жаш комузчуга кара
санашканы, андан сыр жашырганы, эми тетирисинче, өздөрүнө табышмак болгон
маанилүү керселерди ушу таңгаларлык комузчу жигиттин билиши жүрөктөрүнүн үшүн
алды.
— Саламатсыздарбы!
Кемпирлер баш ийкешип, төргө өт дегендей белги беришти. Өздөрү дале орундарынан
козголбой шалдайып отурушту.
Атай жупуну боз үйгө көз чаптырды. Тыныбектин тирүүсүндөгү баалуу буюмдардын
бири жок. Дагы болсо, эскирсе да, боз үйдүн эмеректери мыкты усталардын колунан
чыгып, кооздугун жана сапатын жоготпогондугу айгинеленип турат. Жесирлер өздөрү
да жүдөшүп, карылыкка алдыра баштаса да, баягы көнүмүшүн таштабай, дале
текебердүү, кесирлүү сыяктанат.
Бул үй азыр таптакыр башкача. Седептин изи да калбагансыйт. Баягы чийдин башына
кыстарылган темир комуз да жок.
— Кандай, аман-эсенсиңерби? Мен силерге учурашайын деп келдим.
— Шүгүрчүлүк! — Акырында Бурулчадан үн чыкты. — Өзүңөр аман-эсен
келдиңерби?
— Аман-эсен.
— Баягы темир комуз кана? — деди Атай кайрадан керегенин башын тиктеп.
— Кайсы комуз, ботом? — Бурулча чоочуп кетти.
— Седептин комузучу? Ал кеткендин эртеси тетигинде РГЛИНИП турбайт беле?!
— О, кокуй, комуз түгүл, өзүбүздүн дайыныбызды таппай калдык.
Ушуну менен сөз дагы үзүлдү.
Кызы менен уулунун кабарын өздөрү биринчи болуп сурар бекен деп, комузчу бир азга
күттү. Бирок аялдардан суроо чыкпады. Бурулча суз, эч нерсени күтпөгөндөй
сабырлуу. Манат байбиче гана бир нерседен кооптуудай жалжал тиктейт.
— Эмесе, байбичелер, көргөнбилгенимди айтып берейин.
Кемпирлер солк этишти. Экөө тең алактап калышты.
— Седеп аман-эсен... Кестикбайдын колунда. Бешалты баласы бар. Күйөө балаңар
бир кесеп экен, кызыңарды эч жакка жылдырбайт. Кимдин кызы, кайдан келгенин
ушул убакка чейин элден жашырат. Атын да өзгөртүп, Кумар коюп алыптыр. —
«Кызын мен сөз салганда бербей, өздөрүнүн башына иш түшкөндө гана мага макул
болушту» — деп, силерди да жек көрөт экен. Кыскасы, Седепти жашыруу жагынан
силерден да ашып түшүптүр.
Седептин кайда жана кимде экенин жесирлер өздөрү да билишчү, бирок кандай немеге
туш болгонун уккан эмес. Тыныбек өлүп, Зоотбек айдалып, Маматтын дайыны
жоголгондон кийин, жашырын сырдуу кыздын жайын билип келчү эч ким жок эле.
— Маматты да Кетмен-Төбөгө качырган турбайсыңарбы!
Мамат деген сөз угулганда кемпирлердин көздөрү алайып, жакын жылып отурушту.
— Аны да бизден жашырдыңар эле.
— Кагылайын, башка сөзүңдү кое туруп, Маматымды айтчы? — деди Бурулча
ыйламсырап.
— Эмнесин айтам...
— Деги аман-эсенби? г
— Жолдо баратып, Седептин алтын сөйкөсүнүн бирин окусунан таптым...
— Катыгүн! Эмне дейт? Шорубуз куруган го. — Бурулча бакырып ийди. Мапат
байбиченин иреңи күлгө; айланды. — Жүрөгүм элепжелеп. Бир шумдук болгон го.г
— Сабыр кылгыла. — Атай унчукпай калды. Бурулча көздөрүнүн жашын аарчып,
апан кепке кулак салды.
— Сөйкөнүн түгөйүн таба албадым.
— Бирөө эле болчу. Айта бер? — деди Бурулча.
— Эмне үчүн бирөө эле?
— Анын эмнесин сурайсың! Болору болгон экен, сөзүңдү бултактатпай,
көргөнүңдү көргөндөй, билгениңди билгендей айта бер.
— Ооба, ошентейин — деп келдим. Эгер мен да силерге окшоп билгенимди
жашырсам, Маматтын жөн жайы ошо бойдон дарексиз калмак. — Атай чөнтөгүнөн бет
аарчысын алып, майланышкан чекесин сүртүнүп, Маматтын карышкырларга жем
болгонун айтып берди.
Кебетеси кеткен кемпирлер ыйлабай отуруп угушту.
— Мен анын кызыл тебетайынан жана Седептин сөйкөсүнөн улам тааныдым...
Сөөгүн ташка корумдап койдум.
Баятан бери сөзгө аралашпай кооптонуп отурган байбиче ыйламсыраган үнү менен:
— Куран окудуңбу?
— Окудум.
— Ыракмат! Адамкерчилик кылыпсың. Бизге теңелип акмакчылык кылбапсың. —
Байбиче кайраттанып, сөзүнүн аягы шыдыр чыкты. — Ошо сөйкөнү берчи? Седептин
көзүндөй көрүп, сактап жүрөлү.
— Сөйкө Седепте.
— Сен ага жолуктуңбу? — деди байбиче ишенбегендей.
— Ооба Седептин акылы менен... Күйөөсү билген жок.
— Ошонусу жакшы болуптур. Ал сени мууздап коймок!
— Эмне үчүн? Мен анын атасын өлтүрдүмбү?
— Ал сенин ким экениңди Седепти алып жөнөрдө билип калган... Кызым «өлсөм
— өлөм, бирок Кестикбайга барбайм» деп катуу бүлүк салбадыбы? Кестикбай кемирең
каскыр, бир шум экен «анан кимге барасың?» — деп сурап калганы. Кызым тартынган
жок, «Атайга» дегени. Тапыртупур жигиттер жабылышып, оозун таңып атка
өңөртүштү. Ошондо сөйкөсүнүн бири түшүп калыптыр...
Атай Кестикбайдын ага эмне үчүн кадала каршыкканын, Седепти эмне үчүн Таласка
каттатпай, эки жакка чыгарбай кайтарууга алганын ошондо түшүндү.
Каадасын бузбай кайраттуу, сабырлуу көрүнүшкөн кемпирлер Атай кетер менен
баласын жоктоп бакырышты...
***
Атай айылга токтобой турган болду: бир күндөрү өрөөндүн башында болсо, кай бир
күндөрү өрөөндүн аягында. Өзүнүн айылдаштары менен али кенен отуруп, тамашасын
толук көрсөтө элек. Тамашаны толук көрүп, моокун кандырууга делбеленгепдер көп.
Анын күүлөрүн тыңшап, аңгемелеринин бир катарын уккан Султаналы ток пейил,
калган сөздү ыңгайы келгенде сүйлөшөт да. «Балага өмүр берсин, мага ыйман берсин»
— деп, кадырлуу аксакал болгонуна ыраазы.
Ошентип жүргөндө «Фрунзеден артисттер келишиптир. Алар Таластын этегинде экен.
Атайды кошуп алышыптыр. Ал да артисттер менен Фрунзеге кетет экен» деген кабар
Султаналынын жай алган жүрөгүн кайрадан коболоңго салды. Ушу турган КетменТөбөдөн үч жылдын жүзүндө араң келсе, Фрунзеден качан кайтарын ким . билет?
Уулу Кетмен-Төбөгө барып келүүнүн ортосунда абышканын башынан көп нерсе өттү,
турмуш билбегенди билгизди. Өзүн мыкты кишилердин бири — деп эсептеген
Султаналы замандын бай, манаптар үчүн гана эмес, өзү сыяктуу камбыл, керт башынын
жансактоосуна тың кишилер үчүн да кыйгач келгенин, азыр ушундай татаал мөзгилде
өзүнө жол табууга карылыгы мүмкүндүк бербесин сөзген эле. Атай болсо, анын
күткөнүнөн тышкары жеткилең комузчу, көптүн камын ойлогон эл кишилеринин бири
болуп өсүп баратканын байкады. Элдин кадырына ээ болуп, өнөрүн арбытып алган
кишп кор болбойт. Уулун ушу абалга жетпейт го деп шектенип, бир көзде аны
мансапка үйрөтүүгө аракеттенген болучу.
Атайдай баласынын шарапаты менен абышка мурункусунан да кадырлуу карыя болуп,
калган өмүрүн үзүрлүү жана бейкут өткөрмөкчү.
Бул кабар Султаналыга жаккан жок. «Атайды Фрунзеге театрга чакыртыптыр» — деген
имиш жана ал жак¬ка барууга баланын көңүлдуү экенин ал эбак уккан. Бирок Атай өзү
сөз чыгарбагандан кийин ал да унчуккан эмес. Эгерде кеп козголсо: «Балам, ушул
абийриң да жаман эмес, эми мен картайган көзде каякка сандаласың» — деп айтып
көрмөк. Балким, карыган Ата-энесинин жайын ойлосо, Атай алыска кетпес, эгерде өз
билгенин кылса, айла барбы?!
Султаналы бул оюн аткара албады. Артисттердин келиши чув^улунан болуп, баланын
жүрөгү эзленип калды. «Эми сөзүмдүн таасири болбос» — деп болжоду.
— Кимдер келишиптир? — дешип бирибиринен эле сурашкан кишилер.
Султаналы кимге таарынтанын өзү да билбей, үйүнө кирип, тескери карап жатып
алды...
Чоң шашкеде айылда кыбыр эткен киши калбагану баары чоң саздагы тамашага
жөнөшкөн. Жадегенде Аккыз да келиндери менен кошулуп кеткен. Карыя жалгыа
жатып, өзүнчө ойго келет:
— Кокус, Атай артисттерге кошулам десе, мен токтото аламбы. Эмне деп айтам?
Артист дегеы жакшы же жаман экенин, алардын кандай эл экенин билбей
жулкунганым кудайга жакпас. Андан көрө мен да барып, эң мурун артист кандай
болорун билейин... Баланын барар, коерун анан ойлонушарбыз...
Султаналы ушул ой менен аттанып, чогулган элдин жанына келди. Саздын чөбү
чабылып, жыйналып, жайыт ачык болуп калган убагы экен. Кишилер аттарын тушап
кое беришиптир.
Четте отурган жигиттер аксакалдын атын алып, алды жакка жетеледи.
— Балам, келген артисттериң кимдер экен?
— Калык, Осмонкул, Мураталы, Адамкалый, Шаршен...
— Өңчөй ноендору келишкен турбайбы. Мага мурда эмне айтып койбодуңар?
— Мен кайдан билем, жарыктык? — Жигит элди аралап барып, аны алды жакка
отургузду.
Ак калпакчан, коюу кара муруттуу, быртыйган Осмонкул ырчы элдин бет маңдайында
отургучка бутун айкалыштыра отуруп, саламдашуу ырын аткарып жаткан экен. Эл
жымжырт угуп отурушат. Өңчөй жаш балдар эң алдыда: анын артында үкүлөрүн
сеңселткен кундуз тебетейчен кыздар жана түрлүү жоолук салынып, кызыл-тазыл
кийинген келиндер, өңчөй өспүрүмдөр чөк түшүп, кайсы бири тикесинен тик жарданып
турат. Аларды ат¬чандар менен төө мингендер курчап алышкан. Аксакал, көксакалдар
бир тарапта.
Осмонкул Талас жерин, жаңы турмушту куруп жатышкан эмгекчилерди мактап, ырдай
баштады. Илгерки ырчыларды туураса, сөздү эң мурун райком менен райаткомдун
жетекчилерин мактоодон баштар эле. Ал анткен жок, бирок ырынан такалбай даамдуу
сөздөрдү куюлуштуруп айдата берди. Үнү коңур жана ачык. Султаналы анын ырына да,
өзүнө да ыраазы болуп отурду.
Ыр бүтөөр менен кол чабылды. Осмонкул ордунан туруп, урматтаган элге ызаат менен
жүгүнүп коюп, боз уйгө кирип кетти. Султаналы да кол чапты.
Боз үйдүн ары жагынан чыга калган кайкы мурун кара киши таноолорун эдирейтип,
эки жагын каранып, анан унчукту. Ал Калык эле.
— Эмки номурда Мураталы Күрөңкеев өзүнүн кыл кыягы менен «Кер өзөн» деген
күүсүн аткарып берет — деди да, көзүн ымдап койгондо колдор дүркүрөдү.
— Ой, тобо! Кадимки өзүбүздүн Мураталыбыз го! — Султаналы жанындагы
Райымбекке шыбырады. — Күрөңкөйүп деп жатпайбы! Айтсаң, айланайын, ошобу же
башкабы?
— Ошонун дал өзү.
— Бу Кеңеш өкүматы болбосо, сарыбагыштын манаптары Мутакемди бизге
жиберет беле? Билип койгун, балам. Мутакем экөөбүзгө тууган — саруу. Атасы
Таластан көчүп барып, Мураталы ошо жактан туулган...
Райымбек ага жооп берүүгө үлгүргөнчө тебетейин бир жагына кыйшайта кийип,
кыягын бооруна сүйөп кармаган көк сакалдуу, кырдач мурун кызыл жүздүү адам кара
күрмөсүнүн сыртынан курчанган курундагы кисесин салбыратып, бир жагына ыктап
жаймажай басып чыга келгенде колдор кайрадан чабылды. Мураталы күүсүн баштай
электе элге башын ийип саламдашып, анан отурду да, кыягын киндигине такай кармап,
сыбызгыдай уккулуктуу күүнү созолонтту.
Султаналычоң комузчуларды кадырлайт, күүнү ыкласы менен угат. Бирок кыяк күүсү
ага эмне үчүндүр эң түйшүктүү болуп, адегенде эле кыялын коштоп жөнөдү...
Жайкалып жаткан кең өрөөн, Чүйбү, Таласпы, көл бою, же Алайдын өндүрүбү? Айтор,
бир кереметтүү жер, кылкылдап чогулган эл, үлпөттүү тамаша, көкүлүн көккө ыргытып
эргиштеп баскан күлүктөр чубатуудан өткөнү... «Ат кетти, ат кетти» деп жарчынын
таңшыганы...
Мураталы кыяк күүсүн бүтүп жөнөй бергенде Султаналы дабышынын баарынча катуу
сүйлөдү:
— Мутакемди кетирип коебузбу? — Ал жер таяна ордунан туруп кыякчыны торой
басты. — Кагылайын Мутаке, токтой тур! Эч болбосо бир көрүшүп калайын!
Артисттерге сөз берип турган Калык ырчы абышканын жоругун көрүп, арсалактап
каткырып күлүп, арага түштү:
— Бу киши ушу бойдон Фрунзеге качпайт. Бир аздан кийин кайра чыгат.
Султаналы анын сөзүн уккусу келбейт.
— Кой, кагылайын, мени алдаба. Мутакем менен кантип учурашпай калайын.
Өзүмдүн көздөй тууганым...
Отургандар кыраанкаткы күлүштү. Калык өзү да «мейлиң эми» деп көнүүгө аргасыз
болуп, күлкүсүн тыя албай жолдон чыга берди.
Султаналы менен Мураталы кучакташып көрүшкөндө кол чабуу дүркүрөдү:
— Эми ыраазымын! — Султаналы кучагын бошоткондо Мураталы кол чапкан элге
башын ийип, ызаат кылды. Аны көрүп Султаналы да башын ийип койгондо, каткырык
кайрадан башталды.
Күлкүсүн күч менен токтотконсуп, кызарыптатарыа энтиккен Калык эмки номурун
жарыялады.
Анысы темир комузду жакшы кага турган келинби, же ойсоңдогондун бириби деп
Султаналы ойлоп отурганда орто бойлуу, арык чырай чап жаак, кара сур киши темир
комузу менен чыкты. «Эркектен да комуз каккандар болобу» — дешип, бир катары
ишене алышпады. Бирок анын артына кайрылган кара чачы жана таноосунун
алдындагы бир серпим муруту гана эркек экендигине күбө болгонсуйт.
— Артисиңдин билбегени жок бейм? — Султаналы жакасын карманды.
Темир комуздун ыргагы куюлушуп, ышкырыгы созулганда: «Артисиң аялдан да
мыктылык кылат» экен го деп Райымбекке карады. Райымбек күлүмсүрөп, башын
ийкеп гана жооп берди.
Көзек Шаршенге келди. Аны уккандар да, укпагандар да бар эле, бирок баарыаын
биринчи ирет көрүшү. Билбеген кишилер «ырын эмнеден баштаар экен» деп күтүштү.
Шаршен тамашасын эл менен таанышуудан баштады.
— Туугандар! Силерге таржымалымды айтып берейин: «Термечиков!» десе мен
белен! Мени түшүнбөй би¬рөөлөр момун деген, Жамандын бир аты момуп деп
сыртыман камымды жеген, чынында менин акылым жок болгонум менен, эсим терең!
— Жапырт күлкү сүйлөөгө мүмкүндүк бербегенден кийин ал өзү да мурдун чүйрүп,
тишин ырсайтып, «эхехелеп» койгондо эл ого бетер ыкшып калышты...
Шаршен өз тарыхын кыскача бүтүп, илгери кантип күйөө жолдош болгонун айта
баштады... Ар бир сөзү күлкү менен коштолуп отурду.
— Ой, Шаршениң түш, оой! Илгери Куйручук, Көкөтай дегенди укчу элек! Көрсө,
куудул ушундай болот турбайбы! — деди ал кеткенден кийин Султаналы.
— Аксакал, элди жана сиз деле күлдүрбөдүңүзбү? — Райымбек тамашалады.
— Мен эл күлө тургандай сөз деле айтканым жок. Тамаша кылбачы! Мен өмүрүмдө
мынчалык күлгөн жан эмесмин.
Элге суздугу менен белгилүү болгон Султаналынын сөзүндө калет жок эле.
— Туура айтасыз! — Райымбек аны кепке алды. — Артисттер жакшы бекен?
— Укмуш экен! Ушуларды чогултуп, бизге жиберген өкүматка ыракмат!
Султаналы эмне үчүн тамшанды, эмнеге таң калды? Кыргыз элинин тарыхында
ырчылар менен комузчулар бир үй-бүлөдөй болуп, минтип чогулушуп алып, эл
кыдырган учуру болгонун кулагы чалган эмес. Чогулган артисттер тамашаны атайын
көпчүлүккө көрсөтүшү андан бетер сонун жаңылык эле.
Артисттердин жөнү башка болсо да, концерт бүткөндөн кийин эл эски жосунуна
түшүп, каалагандарын өз үйлөрүнө жана айылдарына бөлүп кетүү үчүн аракеттеништи.
Баланчаны конокко мен чакырам, жок мен алып кетем дешип, кадыресе чатак чыгып,
кайсы бирөөлөрү жакалашууга чейин барышты. Мураталыны он чакты киши
талашканын көрүп, Султаналы аксакалдык кылып, аны мен алам го деп турганда,
кажылдашкандар «кимдикине барабыз дешсе, артисттер өздөрү билишсин» деген
тыянакка келишти.
«Мутакемдин ыктыярына койсо, меники болду го» — деп Султаналы кудуңдап топ
кишиге кошулуп, боз үйгө кирди. Алар сөз баштаганда эле артисттер аларды токтотуп
коюшту:
— Биз бөлүнбөйбүз. Кайда жүрсөк чогуубуз. Эч жакка барбайбыз.
Каркырага окшоп тобун бузбаган немелерди чогуу сыйлайлы дешип, далай киши ошол
үйдө калышты.
Султаналы өз оюн айта албады. Бирок Мураталы менен өзүнчө сүйлөшө тургап
жашырын сыры бар эле, эч болбосо ошонусун айткысы келди:
— Мутаке, бери жүрүңүзчү?
Башкалар Султаналыны туштуштан жаалашты:
— Бөлүп кеткиси бар... Муну карасаң!
— Мутакем зч жакка барбайт. Султаналы кашын үрпөйтүп ачууланды:
— Кажылдаган кандай немесиңер? Тууганчылык сөздү да сүйлөштүрбөйсүңөрбү?
— Андай болсо жөн! — дешти кажылдашкандар. Султаналы кыякчыны үйдөн
обочо ээрчитип барып,
экөө тең чөптүк үстүнө мандаш урунуп стурушуп, аңгемеге киришти.
— Мутаке, сизден сыр сурайм. Жашырбай ачыгын айтыңыз?
— Билгенимди эмнеге жашырайын...— Мураталы хахалап күлдү. — Менин
сырымдын сизге эмне кереги бар?
— Абдан керек. — Султаналы сөздү арбак, кудайдан айландырып келип,—
артистке качан кирдиңиз? — деп сурады.
— Жетисегиз жыл болуп калды го.
— Охо! Ошондон бери Пронзада турасызбы? Малсалыңыз, чарбаңыз да ошол
жердеби?
Мураталы сөздүн каякка баратканын түшүнгөндөй сакалын селкилдетип күлүп койду
да, башын бир жагына ыктатып, папиросун тутандырды.
— Шаарда мал күтүүгө, же чарбалык кылууга болбойт. Керектүү нерсени сатып
алабыз. Шаардын турмушун билерсиз.
— Билем. Ошону үчүн сурап жатам. Маселен артистте мал Жок, згинтигини жок
дейлик, анда силерге акчаны ким берип турат? Же ушинтип элден чогултуп
аласыңарбы?
— Хехехе! Ээ, биз элетке такыр чыкпай калган жылдар да болгон. Бизге акчаны ар
ким берип да турбайт. Театр казнаныкы, бардык кемкарчын көздөгөн казна, бизге
өкмат айлык берип турат.
— Мына ушуну билейин дегенмин... Ыракмат өкүматка! Силерге тим эле илгерки
болуштарга скшотуп жалыйна берет турбайбы. Баса, Мутаке, кантип жашаганыңарга
акылым жетпей башым маң болду эле... Башка сурарым жок. Мага ушул жетиштүү...
Сырга канган Султаналы Мураталыны үйгө артисттердин үстүнө киргизип коюп, атына
минди.
Ал артисттердин тартибине, ынтымагына бир көргөндө эле каниеттенген. Бирок
тиричилик жагын гана түнгүнө алган эмес «Балким, Фрунзедеги өкмөт балдар ар
кимисин үйүнө чакырып, тамашасын көрүп, акча берип турабы» — деп да ойлогон.
Жок, артисттер да кызматчыларга окшоп, айлык алышарын жана эч кимге көз каранды
болбой өз алдынча жашай турганын уккандан кийин аларда эч кандак шеги калбады.
***
Артисттер төрдө. Дасторкондун үстү жайнаган тамак, чоң көзелерде мелт-калт кымыз.
Ар ким сөзүн бкринин оозунан бири жулуп, кыйкырыксүрөөн менен үйдүн ичи
шаңдуу. Кээде гана «кымыздан алыңыздар» — деген өтүнүч угулат. Күрүкүү басыла
түшүп, кеселер которулат. Бир аз тынчтык өкүм сүрөрдө көзү шишимекче быйтыгык
толук жигит ооз ачып койсо, каткырык мекен чуу какра башталат.
Атай чыдамсызданат. Ал Мураталынын күү чертип берүүсүн сурагысы келип отурган.
Күрөңкө уулу Мураталы Талас менен түштүк кыргызды аралабаса да, атагы алыска
кеткен. Анын атагын чыгарган күүлөрү. Бул комузчу жөнүндө маркум Токтогул да
акыркы жолугуусунда Атайга өз пикирин айткан эле. «Мураталы, Карамолдо өзүнчө
жаткан залкар экен» — деген сөз али да Атайдын кулагына кайталангансып турду.
Мына Мураталы менен бет алышып көрүштү. Кыягынын күүсүн укту. Атай өзү да
артисттерге ырларын ырдап, күүсүн кайрыды. Бирок Мураталы эмне үчүндүр колуна
комуз алган жок. Атай андан чертип берсеңиз деп сураганча Шаршендин куудул
сөздөрү, отургандардын күлкүлөрү көңүлдү буруп, ооз ачууга мүмкүнчүлүк бербейт.
Кеселерге кымыз кайрадан толтурулганда ал эң мурун Шаршенди кантип алагды кылуу
үчүн копшолду:
— Шаке! Мутакемдин ден соолугу үчүн көтөрүп коелу!
Курсагы кампая түшкөн кишилер кесеге көңүлсүз карашты. Өзүнүн чамасы арбын
экендигин болжогон Шаршен Атайдын сөзүн коштоп кетти: — Мутакемдин ден
соолугу үчүн дем албастан ичели! Кана жолдоштор, мен өзүм байкап турам.
Бардыгы кымызды ортолоп келип отуруп калышты.
— Жолуңар болсун! — Шаршен терең дем алып, кесени өбөктөтө берди...
— Баракелде! Шакем ушундай азамат! — деди Атай шаттанып. — Эми Мутакемде
өтүнүчүм бар? Ушул жерде отурушкан туугандар аксакалдын күүлөрүн угууга
ынтызар...— Ал кебинин аягына чыга электе «суранабыз» деген дабыштар чуу дей
түштү.
— Мутакем өнөрүн элден аябайт! — Шаршен ага комузун сунду.
Жайнаган көздөр, сунулган комуз карыянын жүрөгүнө ошончолук таасир бердиби,
анын жүзү нурланып, жумуру салаалары өз алдынча кыймылга келди.
Анын колундагы комуздун кулагы толгоно баштаганда кызыган сөз токтоп, күлкү
тыйылып, баарынын кулагы делдейди. Ал комузун жай толгоп, сол манжаларын
чеберлеп басып, оң колун салмак менен шилтеп, жай гана черте баштады. Анын
кыймылы отургандарга эмне үчүндүр өтө кыбыр көрүндү. Бирок күү Бир-эки
кайрымынан өткөндөн кийин үртүгү сыйрылып, байгеге айдалган күлүктөй
куйрукжалы жайылып, кыялды ээрчите баштаганда, комуздун жай чертилиши,
Мураталынын кыбырлыгы таптакыр унутулду. Сөзимге бүлүк салган махаббат жана
ага каргаша болгон кыянатчылыктын каардуу кармашын көз алдыларына элестетишип,
жүрөктөрү канжар тийгендей сыздап, муңдуу күүгө кошо термелип отурушту.
— Бул Мураталынын сүйгөн күүсү — «Сынган бугу» эле.
«Током ушуну үчүн айткан турбайбы,— деди Атай өзүнчө,— бул киши да өзүнчө
Токтогул экен».
— Өх! — Шаршен үшкүрүп, курсагын сылады. — Кымыздын каякка кеткенин
билбей калдым.
Отургандар күлүп жиберишти.
— Ырас айтасың, Шаке! Баарыбыз ошенттик. — Атай да терең дем алды.
Таластыктар Токтогул менен Атайдын күүлөрү бир башка да, Мураталынын күүлөрү
бир башка экенин сөзишти. Эми аларды кай тарабыныкы жакшы деген суроо
кызыктырды. Ар ким өз көңүлүндө тон быча берди. Бир катарына Токтогул менен
Атайдыкы, бир катарында Мураталынын күүлөрү артык туюлду. Бирок бул эки
багыттагы күүлөр тең жакшы экендигин жана алар бирин-би¬ри толуктап, кыргыздын
элдик музыкасынын өзөгүн түзөөрүн ойлонгондор аз экен го.
Атай артисттерге таанышуу үчүн гана келген. Калыкты мурунтан билчү. Калгандар
менен биринчи жолугушу ушу. Алардын баарынын өнөрүн концерт убагында эле
болжогон, бирок Мураталынын күчүн анда да чамалай албай, азыр гана сөзип отурат.
Чынында анын жаны комузда экен. Бирок ал эмне үчүн комузду таштап, кыякка өткөн?
Бул суроо Атайдын көңүлүндө табышмактуу сыр болуп кала берди. Аны суроого
болбойт. Көзи келгенде түшүнөм. «Түшүнбөсөм шорум» — деди өзүнчө. Ал бир гана
нерсеге — кыргыз күүлөрү өзүнчө жаткан деңиз экендигин, Атай ушул күнгө чейин
деңиздин бир жагында гана сайрандап жүргөнүн түшүндү.
Мындай сөзим кыргыз өнөрпоздорунда көп көзигет. Бир көзде Токтогул менен
Эшмамбет: «Ыр жагынан эч бир акынга кууса жеткирбедик, качса куткарбадык, эми
өзүбүзгө теңдеш издеп, кармашып көрөлү» — деп Алай багытына барып, КараКурманга көз болуп, биринчи беттешүүдө шашып калышкан экен. Бул аңгемени Атай
Токтогулдун өз оозунан да, Алымкулдан көп уккан. Бирок Токтогул Алайдын
өнөрпоздору гана эмес, Ысык-Көлдүн комузчулары менен өзбектин молдо Тойчусунан
бери таанышкан даанышман киши эле.
Мураталы ага кыргыз күүлөрүнүн өзүнчө бир кылаасын көргөздү.
Атайдын ойлуу отуруп калганын көргөн бригадир мурутун жанып, эки жагын каранды:
— Бул Мутакемдин өнөрүнүн чети гана. Тамашанын баары бизде. Кааласаң, бизге
кошулуп, артист бол?
— Артист? — Атай суроолуу тиктеди.
— Ооба, артист бол?
— Мени азыр эле кошуп аласыңарбы, же Фрунзеге баргандан кийинби?
— Сен эң мурун макулсуңбу? Ошону айт. Калганын өзүбүз билебиз.
Артисттер да, отурган айылдаштар да Атайдын оозун тиктешет. Атам үчүн мындан
артык иш да, сый да жок дегенсишип, кубанычтуу.
— Мен макулмун.
— Эмесе жоопту бүрсүгүнү угасыз,— деди бригадир. Шаршен башкаларга угуза
шыбырады:
— Өттүм дей бер. Сен жөнүндө Фрунзеден эле макулдашып коюшкан...
Дагы бир кокустук менен калп болуп калбайын деген ой менен, Фрунзеден жооп
келмейинче Атай артист болорун туугандарына айткан жок. Бригадирдин сөзү чын
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Атай - 22
  • Büleklär
  • Атай - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3988
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2335
    27.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 4007
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2310
    29.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 4007
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2169
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 4040
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2261
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3933
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2230
    28.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3945
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2172
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 4017
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2331
    30.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 4025
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2330
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3903
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2184
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3925
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2231
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3901
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2142
    30.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3803
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2123
    28.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3820
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2144
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3859
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2264
    28.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3978
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2233
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2311
    27.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 17
    Süzlärneñ gomumi sanı 3985
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2360
    28.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 18
    Süzlärneñ gomumi sanı 3950
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2190
    29.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 19
    Süzlärneñ gomumi sanı 4029
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2314
    29.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 20
    Süzlärneñ gomumi sanı 3939
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2204
    28.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 21
    Süzlärneñ gomumi sanı 3850
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    30.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 22
    Süzlärneñ gomumi sanı 3844
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 23
    Süzlärneñ gomumi sanı 3912
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2163
    30.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 24
    Süzlärneñ gomumi sanı 4047
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2003
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 25
    Süzlärneñ gomumi sanı 4012
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2062
    30.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 26
    Süzlärneñ gomumi sanı 4091
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2166
    30.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 27
    Süzlärneñ gomumi sanı 4051
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2255
    27.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 28
    Süzlärneñ gomumi sanı 3917
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2110
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 29
    Süzlärneñ gomumi sanı 4012
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2185
    31.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 30
    Süzlärneñ gomumi sanı 4010
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2112
    30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 31
    Süzlärneñ gomumi sanı 3933
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2191
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 32
    Süzlärneñ gomumi sanı 3956
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2208
    29.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 33
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2204
    29.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 34
    Süzlärneñ gomumi sanı 2899
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1600
    32.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.