Latin

Атай - 13

Süzlärneñ gomumi sanı 3820
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2144
29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
42.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
48.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Тиги эки кишинин бири анын комузун көрүп:
— Ырчыбы?
— Ырчы да, комузчу да. — Эсенбек озунуп жооп берди.
— Кеп, мунун ырчылыгында же комузчулугунда эмес. — Райымбек сөздү башкага
бурду. Бул жигиттин тап сөзими бар. Султаналы күчкө салып, Кудайберген менен
кудалашып койду эле, андан баш тартты. Тыныбек байды ажалындай көрөт.
Султаналынын саясий жактан туруксуздугун билип, андан да бөлүндү. Жаш болсо да,
элге кадырлуу. Бизге ушундай киши керек.
— Андай болсо, жакшы,— дешти жогору жактан келгендер.
— Кош эмесе! — Райымбек Атайга колун сунду. — Калганын айылдан
сүйлөшөбүз.
Ошондой сапаттары бар экенин эч кимден укпаган Атай Райымбектин мактоосунан
кысылып, көлшал тердеп, эшикке чыкканда бетибашынан көк буу көтөрүлдү.
«Революциянын ишин эч качан эртеңкиге калтырууга болбойт»,— деп Эсенбектин
сөзүн көңүлүндө кайталап, Көк-Кашатка кайра кайтмак болду.
***
«Атай качыптыр», «жок, ал кантондук жыйынга катышыптыр», «Кызматка көтөрүлөт
экен» деген сыяктуу карама-каршы кабар ооздон-оозго тарады. Бу каңырыштын
аныктөгүнү ачыла электе шайлоо жүрүп, Атай Райымбектин ордуна болуштукка
шайланды.
Ушу жолку шайлоо бир болуш эл үчүн унутулгус күн болду. Кары-жаш дебей
мурункудай, бирөөгө жакшы, бирөөгө жаман көрүнөмбү,— ден кысталбастан эркин
жүрүп, чын ыкластары менен доош беришти. Талаш-тартыш, жаатташуу болгону жок.
Бул кандидатура байманаптар үчүн да күтүлбөгөн окуя эле.
Намыс жана мансап үчүн туулган Султаналы ушул кубанычтуу окуядан кийин баштан
өткөн бардык ызаны, кордукту, доско күлкү жана душманга таба болгону ушуну менен
чыгып кетсин,— деп, ак боз бээ союп, элге түлөө берди.
Болуш шайланарын шайланды. Бирок анын үстүндө, үйү жок, коколой башы. Эл
башкарган кишинин өз очогу, келим-кетими, эң негизги жубайы болуу керек го.
Султаналы туугандары менен акылдашты. Үй-жай, буюмтерими табылды, баарын
кыйнаган баягы эле суроо — үйлөнөбү же дагы эле жоголгон кызды күтө береби? Бул
суроону атасы да, туугандары да чече алышпай, болуштун секретары Эсенбекке
келишти.
— Аны менен тең жигиттер бала-чакалуу. А биздин бир болуш элди башкарган
кишибиздин аялсыз жүрүшү уят го! — деп Султаналы сөз баштады.
— Бул жөнүндө айтканбыз. Жакында үйлөнүүгө тийиш. Бирок байманаптардын
таасиринен тышкары...
— Ээ, айланайын! Кимиси болсо, анысы болсун, эптеп эле үйлөндүргүлөчү. Анын
да, биздин да санаабыз тынсын.
— Болуптур, аксакал! Болуш менен өзүм сүйлөшөм! — деди Эсенбек. Бирок алар
Атайды таппай калышты.
— Кең-Колду өрдөп кетип баратат деп маңдайдан келгендер жооп беришти.
Бул кабардан улам Атайдын «Заман өзгөргөнүн, Совет бийлиги орногонун түшүнбөгөн
бир гана киши бар...» деп айтып жүргөнүн эсине түшүрдү. Ой, кандай кежир чал. Эч
кимдин айтканына ишенбейт, «Кызылбаш камалды» дегенде да кубанган эмес. Жээни
болуш болгонун көргөндөн кийин, балким абышка акылына келер,— деп ойлоп,
Эсенбек да Кең-Кол тарапты көздөй аттын оозун кое берди.
Жантакбай баягы эле Обосунда, кызыл таштын түбүндө жалгыз үй отурган экен. Ала
мойнок ити капкачан өлгөн. Үйүнүн тегерегинде бирин-серин уйлар жуушап жатышат.
Эскирип, куурап бүткөн мамыда карагер байлануу.
Атай төрдө, Жантакбай капшытта калың көлдөлөңдүн үстүндө.
— Ассалом алейкум! — Эсенбектин саламын абышка оозун кыбыратып гана алик
алды. Келген ким жана эмне жумушу бар экенине кызыкпагандай картаң комузчу ээгин
мүлжүйтүп өзүнчө отура берди.
Атай комузун колуна алып, кыңгыратып отурган экен. Таятасы менен сүйлөшө албай
жадаганбы же аңге-мени күү чертүүдөн баштагысы келгенби — анысын Эсенбек биле
албады.
Кийинки жылдарда Жантакбайдын үйүнө кызы менен күйөөсүнөн башка эч ким
каттабай калган. Алар өздөрү да эл менен аралашуудан түңүлгөндөй бирөөлөрдүн
келишин күтпөйт. Абышканын колдорунун мууну кетип, комузду баягыдай таасын
черте албай кээде гана кыңгыраткан болот... Күндүз көбүнчө эшикке чыгып, Кең-Кол
тоолорун, токойлорун кароолдогонсуп, эки жагынкарап отурат.
Атай комуздун кылдарын чытырата толгоп, колдорун эркин шилтеп, кээде жоргодой
айдатып, кээде терип чертип, өзүнүн сүйгөн күүсүн аткара баштады. Эсенбекке түгүл,
жээнине, анын колундагы комузга сер салбай отурган абышка шартылдаган
салтанаттуу күү чыга баштаганда жан киргендей ордунан козголуп, бирде көзүн сүзө
тыңшап, бирде жаш комузчунун келбетине көз жүгүртөт.
Жантакбай комузду жана аны чертип отурган комузчуну көрдү. Чыныгы күү, чыныгы
комузчуну даана сөзди. Бул ким эле? Кырдач мурун, көздөрү оттуу, кызыл жигит
өзүнүн жээни экенин да тааныды. Жакасын кармап, тобо кылды. Анан көзүн жумду да
күүгө кулак тосуп, көшүп калды.
Өзү күүдөн тайып, колдорунун каруусу кетип, карылыкка чындап моюн сунгандан бери
Жантакбай күүгө бүгүнкүдөй мооку кана элек болучу. Анын оюндагысын, дартын
башка эч ким түшүнчү да эмес. «Аллатаала колумдун күчүн алганча жанымды
алсаңчы!» — деп зарлап ыйлай турган. Аны да эч ким билчү эмес.
Күү бүткөндөн кийин да абышка ракатка термелип отурду. Атай жөнүндө ойлоно
баштады.
«Кызылбаш менен Султаналынын каарына калдыдешчү эле го. Эч кимге батпай
талаада калып, башка элге качканы жүрөт дешчү эле го». Ал көзүн чоң ачып, жээнин
көпкө тиктеди: кийимкечеси жакшы, иреңи азбаган, көңүлү көтөрүркү.
Атай комузун жүккө сүйөп:
— Таята, кайрадан учурашалычы! — Ал ордунан тура калганда Жантакбай да
колун сунду. — Биз сизге келдик.
Абышканын иреңи нурланып, акылы бир жерге топтолуп, сөзгө аралашты:
— Келгениңер жакшы.
Эсенбек да аны менен учурашып, сөздү улай баштады.
— Аксакал! Кеңеш өкмөтү орногонуң билесизби?
— Уккам.
— Уксаңыз, азыр Атай жээниңиз болуш болуп шайланды.
— Ким?
— Атай! Атай болуш!
Абышка мурункудай кежирленбей ынтаа менен сурады:
— Кызылбаш кана?
— ^Кызылбаш түрмөдөн чыгып, үйүндө. Анын заманы бүттү. Кызылбаш да, башка
байманаптар да мындан кийин бийликке келбейт.
— Анан ким бийлейт? Дайым эле Атай экөөң бийлеп турасыңарбы?
Абышка суроосуна өзү да, башкалар да күлүп жиберишти.
— Мындан ары кедейдыйкандар жана алардан чыккан балдар бийлейт.
— Аа, дурус экен, балам. Бийлегиле! Бийлегиле! Абышканын эмне үчүн сөзгө төз
кошулганын жана
кежирленбегенин эч ким абайлаган жок. Атай чыныгы комузчу катары анын
дилиндегисин таап, аңгемени күү чертүүдөн баштаганы менен, тажрыйбасыздык
кылып, ошо өз күүсүнүн таасири ага канчалык тийгенин баамдабай калды. Таятасын
өзү чечилгендир деп ойлоду.
Жантакпай акыркы жылдары элден ого бетер обочолонуп, турмушка ого бетер салкын
караганы — Атай жээнинин да кайгысын тартчу. Анын комузчулук кесиптен
жарыбасын, кор болорун алдын ала билген. Айтканым келди, куу бала тилимди
албады,— деп арман кылчу. Турмуш ушундай каардуу, опосуз!
Ошентип, бул турмуштан өзү үчүн да, Атай үчүн да биротоло түңүлгөн абышканы
азыркы уккан күү арбады, бооруна тартты. Ал жашоо бүтпөгөнүн, көңүлдүү, эркин
жана салтанаттуу турмуш башталганын ушу күүдөн түшүндү. Бул күү Атайдын «Маш
камбарканы» эле.
Адегенде ушу кереметтүү күүнү черткен ким экенин билгиси келгендиги үчүн гана ага
сер салды. Черткен өз киши экенин тааныганда абышкд өзүн биринчи жолу бактылуу
сөзди. Баягыда аны комузчу болбо дегени үчүн өзүн жемеледи.
Сөз уланбай ар кимиси мостоюп отуруп калгандыктан, Эсенбек аңгеменин отун
тутанткысы келип:
— Аксакал, өз күүлөрүңүздөн кайрып койбойсузбу?
— Ээ, балам! — Абышка улутунуп,— биздин күү чер¬тилип бүткөн. — Ал жээнин
карап,— ии, болуш аке, эмне жарлык айтмаксың?
Атай андан ушу гана суроону күтүн тургандай:
— Таята, сизди айылга, элдин арасына көчүрөлү — деп келдик. Жер беребиз.
— Жериң ошончо көпбү?
— Жер азыр элдики. Баарына жетет.
— Аныңар жакшы экен. Жерди иштегендерге бергиле. Мага жердин эмне кереги
бар?
— Жер албасаңыз да, айылга көчүп барыңыз. Качанга чейин жалгыз үй отурасыз?
— Мен жалгызмынбы? Айлананы карап көргүлөчү: түркүн дүйнөнүн баары ушу
жерде. Мени козгобогула...
Ошентип, Жантакбай эл арасына кошулган жок. Кийин өлгөндөн кийин анын сөөгүн
өзүнүн керээзи боюнча булактын жогору жагына коюп, кемпирин эл арасына көчүрүп
алышты...
***
Жантакбайдын үйү артта калды. Атай кыңылдап ырдап келатты. Көп күндөн бери
орчундуу маселелер менен аралашып, ишке берилип, кайгыкапаны унуткарган
жигиттин көңүлү көтөрүңкү эле.
Жаз жадырап, мандалак гүл ачкан көз. Кызылбаштын айлындагы келинкыздар боз
адырдын чабырында мандалактын гүлүн терип жүрүшкөн экен. Жер жайнаган гүлдөр
жана кызылтазыл кийинген кызкелиндер адырды көрккө бөлөгөн. Адырдан көзүн албай
келаткан Атай ошо тарапты көздөй тизгин бурду.
Гүл терчү, кыз оюн, токойду аралоо — ал үчүн көңүл ачуунун эң сонун түрү. Ошонун
баарын сагынып, жүрөгү кусадар болуп, араң жүргөн жигиттин делебеси козголуп,
жаштарды көздөй шыр бастырып келатты. «Булар кандай уяты жок немелер?» дешип,
келинкыздар айылды көздөй чубашты. Алар жигиттин көңүлүндө эмне бар экенин
кайдан билишсин.
— Токто! — деди болуш секретарына!
— Болуштун буйругу буларга өтпөйт,— деди Эсенбек. Атай аттан түшүп, көк
майсанга мандаш урунуп отуруп, алып, комузун чертти. Күү шаңкылдай баштаганда
кыз-келиндер да токтолуп, өз ара шыбырашып калышты. Көзүн кысып коюп Эсенбек
да аттан түшүп, кызыл гүлдөн үзүп алып, Атайдын төшүнө кыстарды.
Күү үстү үстүнө жаңыра берди. Келин-кыздар бир-¬экиден келип отуруп, бардыгы
комузчуну тегеректеп алышты.
Ачык асман. Жазгы мээлүүн жел, гүл аңкыган тоо, жоодурашкан кыздардын көз
карашы менен шыктанган комузчу өнөрүн аяган жок. Көңүлү чалкыса да көзү
кыздарда. Күүгө кызыккан сайын алар ийменгенин, кысынганын унутуп, кайсы бири
оозун ачып, кайсы бири көзүн жайнатып, комуздан көз алышпайт.
Курбуларынын арты ченде турган кундуз тебетей, ак бетинде нокоттой калы бар кыз
күүнү да тыңшап, жаш комузчуну да баамдуу тиктеп, анын оттуу көзүнөн жазганып,
улам бурула калат.
Күү басылар менен ошо нокоттой калы бар кыз шыңк этти:
— Ыракмат, жөзде!
— Кандайча жөзде? — Атай таңданып.
— Жөзде болбосоңуз, күйөө бала чыгарсыз. — Дагы бир келин каптал жактан
чыкты.
— Ооба, силердики туура! — Атай ойго алаарлык токтоолук менен жооп кайтарды.
— Балким, жөзде болормун же күйөө бала!.. Аны көрө жатарбыз.
Атай алар менен тамашалашып турганда Эсенбек да бир келиндин жанынан чыккан
жок. Алар узап кеткенден кийин комузчу жолдошунан сурады:
— Жанагы, меңдүү кыз ким экенин билдиңби?
— Айымкан деген сулуу ошол.
— Кызылбаштын кызы эмеспи?
— Кызылбаштын айлынан болсо эле, баары Кызылбашка таандыкпы? Кара таман
кедейдин кызы экен.
***
Жылда жаз келген сайын айылдын кажы-кужусу кайра башталчу болду. Жер кенен,
бирок кош айдоого унаа, соко жана үрөн жетишпейт. Болуш, айылдын активдери,
кантондун өкүлдөрү баары кийлигишүү менен, биринин унаасын жана башка күчтөрүн
бирине үлөштүрүп, жазгы жумуш дайыма кеч бүтөт.
Быйыл да ошондой болду. Камдуулар аштыгын капкачан айдашкан, көгү кылтыйып
өнүп калган. Көпчүлүгү анысы, же мунусу жетишпей, бакашака түшүп, кош айдоо
алиге бүтпөгөн.
Эртеликеч жаңы болуштун боз үйүнөн киши үзүлбөйт, көпчүлүгүнүн өтүнүчү — кош
айдоого жардам суроо. Атай бириникин бирине жалгаштыруудан жадап бүтүп,
акырында кедей активдерге буйрук берген: «байлардын бош жүргөн аттарын,
өгүздөрүн бүт алгыла; жумушун бүткөн дыйкандардын унааларын да сурагыла;
өнөктүк бүткөндөн кийин, бардыгын өз ээлерине кайтарабыз». Жаш болуштун өкүмү
күчтүү болду дешип, кедей жигиттер айылдагы бош жүргөн унаа күчтөрдүн баарын
жыйнап, муктаждууларга бөлүштүрдү. Эми унаа мол болуп, сокошайман жетишпеди.
Сокошаймандын жетишпегендиги баарынан кыйын эле. Болуш кечөө кантондун
жетекчилерине барып, ушул жөнүндө маселе койгон. «Бир-эки күн күткүлө. Жардам
беребиз» — деп айтышкан.
Ошон үчүн болуш бүгүн өтүнүч менен келгендин барын «күткүлө» деп кетирбей койду.
Өзү да эшикке чыгып, кантондун борбору жакты карайт.
Үйдө болуштун жаңы алган келинчеги Айымкан. «Жаңы тирлик немелер
кыйналышпасын» дешип, Аккыз күндүз уулунун үйүндө, тиричилигине жардамдаш.
Келимкетим көп.
Айымкан жаштыгына карабастан чыйрак, тиричиликке тың жана колунан көөрү
төгүлгөн уз экен. Келер менен үйдү жасалгалоого киришти.
Кызылбаш болуштун аялдары айланадагы колунан иш келе турган келинкыздарды
чогултушуп, сайма сайдырышып, кийиз бастырышып, кийим тиктиришип, баарын
каныктырышкан. Айымканды эски болуштун эрке токолу Бурулкан карамагындагы
кыздардын баарынан жогору баалай турган. Ылайыгы келсе, аны өзүм бийлепу мыкты
жерден күйөө табам — деп ойлочу. Бирок анын ойлогонундай болбоду, Кызылбаштын
колу кыскарды. Атай болуш, Райымбек кантонду башкарып турган соң„ Айымканды
талашууга эч кимдин дити барбады.
Атай болсо күнү-түнү, талаштартыштын, бирөөлөрдүн арызын текшерүү,
кембагалдарга жардам берүү менен убараланып, комуз чертүүгө убактысы калбайт.
Жаш келинчегин түнүнкүсүн төшөктөн гана учуратпаса, анын эмне деген жан, колунан
көөрү төгүлгөн уздугун, бышыкчыйрактыгын'да биле элек.
Мына азыр, үйдө жүргөн учурда да келинчегинин жанына отура албады. Эртең
мененки чай же кечки оокатты болсун, өздөрүнчө жей алышпайт, киши үзүлбөйт жана
кандайдыр маселелерди сүйлөшүү, кеңешүү же чечүүгө аргасыз болот. Койнунда
жаткан келинчегин баягыда боз адырдын чыбырында гүл терип жүргөн күндөгүдөй
таамай көрө элек.
Айылдын тегереги жандуу. Талаада соко айдаган, буурусун кармаган кишилер...
Карамагына тийген аттарды качырып, кармай албай кыйкырыпөкүрүп кууп жүргөндөр
да бар. Кайсы бирөөлөр күлүгүн аяп, сурагандарга бербей бакылдашат.
«Сагакөрсөтөм!», «Сагакөрсөтөм!» — дешип, муштум түйүшөт. Болуш уксун
дегенсипшп, ого бетер алкынып, айкырып сүйлөшөт.
— Эмне болушкан, жоо тийгенсип? — Атай бакылдагандарга нааразы болгондой
таристе сүйлөдү.
— Революциянын духу! — Эсенбек анын саясий маанисин ачып. — Бардыгы
эркиндиктен, тең укуктан пайдалангысы келет. Кыңкылдабай башын жерге салып, боз
койдон жоош жүрчү убакыт өткөн. Азыр күрөш! Барын күрөш менен гана бүтүрүү
керек.
— Өзүбүз менен өзүбүз да күрөшөбүзбү? Тап душман менен болсо башка кеп —
деди Атай түшүнө албагандай.
— Түшүнүшүү оңой эмес.
— Аны үчүн да күрөшөбүзбү?
— А мүмкүн, күрөшүү керек.
Айылдын тегерегинде бакылдашып, талашыптартышып иштеп жүргөндөр эч нерсе
эмес. Кээ бирөөлөр үйлөрүнүн эшигин түрдүрүп коюп, башканын малын өз
энчисиндегидей пайдаланган букараларга жана аларды кутурткан жаңы болушка
кекенип, коңулда кыйтыйышып турган. Мына ошондойлор коркунучтуу эле.
Тыныбек менен балдарынын Минүүгө жарар күлүгү калган жок. «Жаңы болуштун
буйругу» дешип, баарын кедейлер кармап кетишкен. Жазгы тиричиликке ашыкпаган
Тыныбек жана анын балдарынын кошу айдалбай, үрөөнү себилбей калды. Өз малынын
убайын башкалар көрүп, өздөрү элдин эң артында калгандыгы үчүн Тыныбек да,
балдары да катуу ызаланды. Бирок айла канча! Тыныбек сыяктуу Атайга кекенген
байлар, орто дыйкандар канча дейсиң. «Мурунку болуштардын эч кимиси мынчалык
катаал болгон эмес, көргүлүктү Огонбайдын жетиминен көрө турган болдук» дешип,
алар өз ара арманын айтышып, жаңы болушту жамандап, кызматтан түшүрүүнүн жолун
ойлоп калышты.
Акчий тараптан келаткан булгары чолок тончон, чолок куйрук жээрде ат минген киши
түз эле болуштун үйүнө бурулду.
— Анатолий Федорович! — Эсенбек анын алдынан жүгүрүп чыгып, жолоочу
менен учурашып калды.
— Атай бу киши уөздин өкүлү. Таанышкыла!
Болуш менен уөздин өкүлү кол алышып учурашты. Эсенбек толкунданыа:
— Атай, бу кишини тааныдыңбы? Николайдын иниси!
— Атай аны менен кайрадан учурашып:
— Кичүү иниңиз кайда?
— Москвада. — Анатолий инисинин композитор болгонун, өзү камалып, Октябрь
революциясынан гана кийин бошонуп ушул жакка иштөөгө жиберилгенин айтты.
Анатолий Шулыиндин кыргызча, казакча аралаштыра сүйлөгөнүнө караганда элетте
көптөн бери жүргөнү байкалып турду.
— Кош, исиңер калай?
Эсенбек иштин жайын кыскача баяндады.
— Мен кантондо болдум. Азыр сендерге жардам кели жатыр — деди Анатолий
Федорович...
Бир маалда талаадагы жумуш, айылдагы ызычуу тык токтоду.
АкЧий жактан чубашып келе жатышкан калың арабаларды көргөндө эркекаял,
карыжаш дебей жабыла жолго тигилишти. Караандар улам жакындаган сайын
арабалардын дөңгөлөктөрүнүн калдыраганы, сокошаймандардын шаңгыраганы
кулакты тундуруп баратты. Айыл ичиндеги тың кишилердин баары Атайдын үйүнүн
жанына чогулушуп, жарданып карап турушту. Тыныбек менен Мамат гана өз
үйлөрүнүн жанынан чыгышкан жок.
Алдыңкы арабада шапкесин чалкалата кийип, мурутун чычайтып, чылым чегип
келаткан Николайды Султаналы жазбай таанып, алдынан тосо чыкты. Эл да
Султаналыны ээрчишти.
Эң жакын адамдарын күткөнсүп, иреңинен кубаныч жанып турган кыргыз кедейлерин
көргөндө арабакечтер жакшы иш кылган экенбиз дегенсишип жүрөктөрү алып учту. Эл
топтошкон боз үйдүн кырчоосуна кыстарылган Кызыл Туу жаңы замандын, жаңы
тууганчылыктын белгисиндей желпжелп этет. Анатолий Федорович, Атай жана
Эсенбектер да эл менен кошо басышты.
Элге жакыпдаганда Николай менен жолдоштору арабаларын токтотушуп, тосуп
келатышкан элдин жолунан чыгышты.
Айылдагы абышкакемпирлер түгүл, жолдон өтүп бараткан аксакал киши да атынын
башын тартып, орус менен кыргыздардын кантип учурашарын байкап турду.
— Салам!
— Идирасти!
— Салам!
Кайсы бирлери күлүңдөгөн көзү, жаңсаган колдору менен биринбири түпгунүшүп,
баары текши учурашып чыкты.
Сен брат.
— Тууган во!
Жолдо туруп калган карыядан сурнайдын созолоңгоң мукамдуу дабышы чыкты. Күлкү,
шаттуу сөздөргө аралаша чыккан күүгө баарысы кулак салышып калды. Күүнү орус да,
кыргыз да достук менен туугандыктын гимни сыкктуу сөзишти.
— Бул ким?
— Ким болсо да ыракмат.
— Тойкожо! — деди бирөө таанып.
— Аксакал, бери кайрылыңыз! — Султаналы ага кол булгалады. Тойкожо атынын
башын бери бурду.
Кайран кишинин эки көзү тең көрбөй калып, артынан учкашкан баланын жардамы
менен гана жүрүп калган көзи экен. Ал элдин жанына келгенде жигиттер аны аттан
түшүрүп коюшту. Анатолий Федорович көзүнүн жээктери канталап жашы агып турган
мойну куркугуй, көөдөнү кең аксакалдуу кара чалды тиктеп туруп:
— Бу киши анав жылдардагы аста осы трубасын ойногон аксакалдын өзү эмеспи?
— Ошонун дал өзү,— деди Султаналы.
— Аксакал, саламатсызбы? — Анатолий Федорович ага утурлай басып, анын
шадылуу колун кыса кармады.
— Аманаман. Сен мени кайсы ашта көрдүң эле?
— Тыныбектин атасынын ашында. — Ал үчүн Султаналы жооп берди.
— Ооба, ошол көзде бир көзүм соо эле...
— Анан эмне болду? Оорудубу? Доктурга көрсөткөн жоксуңбу?
Анатолий Федорович менен Тойкожонун сөзүн укканда АкЧийден келген орустар
жакын келишип, аларды курчап алып, кыргызча билгендери билбегендерине тилмеч
боло баштады.
Тойкожо сөздү оңой менен баштай албай, жаак эттери тырышып, куудай сакалы
эрбеңдеп тиштенип турду. Көздүн жайын эстөө карыя үчүн эң оор эле. Анын сырын
билген кишилер бул жөнүндө кеп козгошчу эмес. Азыр сурнайчы туталана баштаганда
Атай топтун ичине кирип, Анатолий Федоровичке иштин жайын баяндады.
— Аксакал анын баарын айтса түгөнбөйт... Бул киши кыргыз, казакка белгилүү
сурнайчы эле. Бирок манаптар менен падышанын өз кишилери аны кор кылышты,
акырында эки көзүнөн ажыратып тынышты. Сиз билесизби: Кетмен-Төбөдө Акмат,
Дыйкан деген манаптар
болгон.
— Укканмын. Рыскулбек Нарботиндин балдары...
— Ооба, ошолор... Дыйканы ушу биздин Таластагы Сатылган датканын Сейилкан
деген кызына үйлөнөт. Тоюна Тойкожону чакыртат... Тою өтөт. Дыйкан сурнайчыны
алып калат: «Түнкүсүн бизди сурнайдын күүсү менен уктат да, таң атканча ошо күүңдү
тарта бер, таң атканда күүң менен ойгот» — дейт.
— Вот, сволочь!
Орус, кыргыз болуп баары ошого кантип чыдадың? — деп жыртак абышканы
тиктешти.
— Тойкожонун сурнайды кантип тартканын байкап туруу үчүн тегерегине тыңчы
коюшат. Таң кылайганча сурнайдын жаагы тынбайт. Бир оокумда «Сейилкан, Дыйкан
таң атты» — деп таңшыйт. Ошондон кийин аксакалдын көздөрү начарлай баштайт...
Экинчи жолу, Тойкожону ОлуяАтанын оёзу чакыртып, облустан келген
жандаралынын1 урматы үчүн Меркиге чейин сурнайыңды тартып бер дейт. Кыргыз
манаптары: «Тыным албай тартып барат» — деп кошумчалашат. Жандыралы
тачанкеде, Тойкожо атчан болуп, ОлуяАтадан Меркиге чейин сурнайдын жаагын
тындырбайт. Улук таң калат, ага ыраазы болуп, жанынан 10 сом чыгарып берет. Бирок
сурнайчыга күч келип, уурту бир жагына кыйшайып, бир көзүнөн жаш чууруп калган
экен. Кийин ууртунун кыйшыгы оңолот, көзүнүн оорусу күчөгөндөн күчөп, акыры
ушул болду...— дегенде чогулган орус дыйкандары кыжырданышты.
Эски жомогу көз алдына келип, каны кайнап, тишин кычыраткан абышканы Анатолий
Федорович колунан кармап, жылуу сөзүн айтканда гана эсине келди.
— Азыр заман биздики. Манап да, губернатор да жоголгон... Орус, кыргыз —
баары бир тууган, сиз баарыбыздан аксакал, биз сизди сыйлайбыз.
Султаналы Тойкожону үйдүн жанындагы кийиздин үстүнө отургузду, анын
тегерегинде орус менен кыргыздын кедейлери.
— Это, чудо! Ошончо жерге дем албай сурнай тартууга кантип чыдады? — деди
Анатолий Федорович Атайга.
— Мындай сурнайчыны эл «дем өткөргүч» деп аташат. Дем өткөргүчтөр сурнай
тартып жатканда бир ууртунан эп менен дем алып турушат. Аны билбегендер дем алам
десе, күү бузулат. Ошону үчүн кыргызда дем өткөргүч сурнайчылар аз.
— Да. Канча таланттар кор болгон!..
Жолдон өтүп бараткан кишилер жана бир болуш элдеги кедейкембагалдардын баары
чакырылбаса деле чогулуп калышты.
Элдин көп чогулушун Анатолий Федорович салтанаттуу жыйналышка айландырды.
Ал митингди ачып, сөздү казакча чалып сүйлөдү:
— Туугандар! Совет өкмөтү бар — бизге баары табылат. Силер орус, кыргыз, казак,
өзбек — деп бөлүнүшпөй, ынтымактуу жашап, кайраттуулук менен иштесеңдер ташты
талкан кыласыңдар. Эш дусман сендердин жолыңдарды тосо алмайды...
Шулыин сөзүнүн акырын казакча бүткөндө, тургандардын баары кол чабышты.
Жылаңбаш, чачын сеңселткен, колун көзей сүйлөгөн орус кедейинин сөзүн Эсенбек
кыргызча айтып берди:
— Мен силерге окшогон жуксуз кедей элем.. Азыр менде жер бар, үрөн бар... Биз
акыр күчтүүбүз. Бизди эзип келген буржуйлар талкаланды биз жакшы турмуш
курабыз...
Кыргыз кедейлеринен Мыктыбек сүйлөдү:
— Бизге жер, үрөн, соко болсо, иштөөнү эч кимден сурабайбыз... Бизге жардам
беришкени үчүн орус туугандарга, чоң рахмат! Жашасын Совет! Жоголсун бай,
манаптар!
Анын сөзүн Шулыин орусча түшүндүрдү. Көзек болушка келди:
— Туугандар! — Атай комузунун кулагын толгоду...— Мен оруска да, кыргызга да
түшүнүктүү аспабымды сүйлөтөйүн. Бул жаңы күү. Аты «Жаңы камбаркан». «Маш
камбаркан» десе да болот.
Ал комузду дыңгырата баштаганда орустар өз ара кобурашып күлүп турушту.
Атай тоо суусунун агымындай оргуштаган жаңы күүсүн шартылдата кайрыды.
Анатолий Шулыин бир көзде оштоно черткен Токтогулду көз алдына элестетип,
баамдуу укту. Күүгө кулагы канык кишилер комуздун дабышынан замандын шаңын
сөзип турушту. Орус менен кыргыздын оозунан чыкпай, бирок жүрөктөрүн туйлаткан
сыр ушул күүдөн айтылгандай шаттанышты.
Эл «Жаңы камбарканды» колчабуу менен кабыл алды. Жыйналыш тарагандан кийин
Николай Султаналынын жанына басып келди:
— Кедейлерге сен өзүң эмне жардам көргөздүң?
— Өгүздөрүм менен сокомду бердим. Шайтандыкы, менде эгин аз.
— Нйчего. Ушундай кылуу керек... Баарыбыз тууган.
— Баарыбыз тууган! — Чепкенинин жакасын кайрып, кыпкызыл төшүн
дагдыйткан Мыктыбек шаңкылдады.
— Туугандар, үйгө киргиле! Аз да болсо сыйыбызды көргүлө.
Орус дыйкандарынын жардамга келерин уккан Султаналы кысыр калды кунажынын
союп, этти бышыртып жаткан.
Орус, кыргыз аралаша отурушуп, беш бармакка киришти...
Орус туугандарга чоң ыраазы болушуп, ракмат айтышып, аларды сурнайдын күүсү
менен узатышып коюп, комиссия жардамга келген буюмдарды кедейлерге бөлө
баштады.
— Тойкожо аксакалды унутпагыла, балдар! — Султаналы колун артына алып,
комиссиянын жанынан жай басып өттү.
Үрөнсүз киши калган жок. Тойкожо сурнайчы да куржундун эки көзүнө толтура
салынган буудайды ээрине арта салынып, кудуңдап жолуна түштү.
Анатолий Федорович Шулыин жумушун бүткөндөн кийин Каракол болушу тарабына
кетти.
Кылымдар бою ар кимдин энчисине өтүп, корук болуп, буурусун тийбеген кара
кыртыштуу жерлер майын чыгара иштөөчү эмгекчилердин колуна тийгенде
каршытерши тилине баштады. Тыныбекти кудай ошондо урбаспы! Атабабасынан
калган мурастын таланып жатканын көрүп турууга чыдабай, үшкүрүп үйүнө кирди.
Мамат атасынан бетер чебелектеди:
— Чырым, эмне кылабыз?
Мен оокат менен тамашаңа гана ортокмун, мындай ишке акыл кошо албаймын
дегенсип Чырым үнсүз.
— Уулжан кантебиз?!
Маматка тиешелүү жерди бузуп кирген Мыктыбекти көрүп, аялы да кантерин билбей
чыйпалактайт.
— Алымбай! — Мамат кыйкырганда жигити даяр болду. — Барып, Мыктыбекти
токтот, болбосо, кордук көрүп калат!
Жер бөлүнгөнүн укпаган неме атка минип чү деди.
— Ушундан мыкты киши жок,— деп Мамат бир аз тынчтанды.
Алымбай кошко жете электе кыйкырды:
— Токтот! Токтот!
Мыктыбек сокону кое берип, малайдын келишин күтүп, бакжайып турду.
— Бирөөнүн жерине ээн баштык кылганың уят эмеспи! — Алымбай атын
булкунтуп ачууланды.
— Байкуш малай! — Мыктыбек арсалактап күлдү. — Сага эмне жок! Ичи күйсө
мырзаң өзү келсин... Сен билбейсиңои: бул жерди Маматтын энеси тууп берген эмес,
элдики.
— Башынан эле Тыныбектики эмеспи.
— Бир убакта Тыныбектики болсо, азыр элдики. Аны сен гана түшүнбөйсүң... Эсиң
болсо, сен да мырзаңы таштап, бизге кел. Жер ал. Азыр эркиндик заманы... Качанга
чейин малай болосуң?
Аны менен талаша албай Алымбай шылкыйып мырзасына келди:
— Сөзгенер эмес. Жер элдики дейт.
— Мейли, айдай берсин, үрөндү өзүбүз сээп алабыз.— Укмуштай акыл тапканына
корстон болуп, Мамат да ачуусун басты.
Бир чатак чыкса, арасында калбайын деген ой менен Чырым үйүнө кетти.
Бешим оогон көзде Мамат Алымбайга эгин арттырып, айдоону көздөй жөнөдү.
— Мыктыбек куу аяк, кет! Жер меники... Үрөндү өзүм сээп алам. Мага айдап
бөргениң жетишет.
— Мырза көзүңүздү ачыңыз!
— Мунун көпкөнүн! — Маматтын камчысы Мыктыбектин так чокусуна зың
эткизди, бирок ал көз ирмебей, кыңк этпей туруп берди. — Мырза, дагы айтам:
абийриң барда кет. — Оозу жыйылганча камчы чабылды.
Мыктыбек шашпай гана мырзаны жакадан алып, силкип койгондо ал атынын үстүнөн
учуп, айдоого күп этти. Оозу, мурдуна топурак кирип, какапчакап тура албай жатып
кекетти:
— Сен мырзага кол тийгиздиң. Тукумуңду курутам!
— Сен олуя белең? Ким экениңди билбей жүрөсүңбү? Азыр жаныңды мөөнүңөн
чыгарайынбы? — Мыктыбек бир бутун анын төшүнө чыгарып, ныгырып койду эле,
Маматтын көзү аңтарылып «ба» дегенге араң жарады. Ары жакта байкап турган
Тыныбек: «Жутту эле, жутту» — деп, үйүнөн бакырып чыкты.
Туштуштан кишилер келишип, топурактан көзүн ача албаган Маматты тургузушуп,
айрылган, же сынган жери барын билүү үчүн ^егеректеп карап көрүштү.
— Мен бул иттин жазасын колуна берем. — Жанына келген атаеы менен
көпчүлүктү көргөндө Мамат шерденди. Камчым кайда бергилечи колума.
— Сопсоого? — Тыныбек букжуюп, уулун көзүнүн алды менен карады.
— Бул көрөкчө өлсөң, күнүң артык эле.
***
Жазгы кош айдоо жана жаш болуштун буйруктарьь нан кпйин Тыныбек түгүл,
Кызылбаш да баш көтөрдү, антпеее, букаралар төбөгө чыгып, мурунку билермандар
өзүнон өзү катардан чыга турган.
Жалаң бул айылдар эмес, Таластын бардык жеринде кедейлердин бийлиги чыңдалып,
байманаптар мансаптан ажыроо менен, кембагалдардын кордугун көрө баштаган.
Тыныбек менен Тоймат байдын акылы боюнча Кызылбаш өрөөндүн баш аягындагы
ишенимдүү, белдүү кишилергө орточу салып, мындан аркы иштер жөнүндө
биргелешип акылдашууну сунуш кылды.
Кедей болуштар менен алгачкы жылдарга окшоп ачык күрөшүп, көзи келсе, аларды
сабоо азыр жарабайт. Антүүдөн Кызылбаштын көңүлү калды. Облустта чоңкызматта
иштеген тааныштарды колго алып, тил албаган тоң моюн кедей болуштарды кызматтан
четтетип, өзүнө жакын кедейлердин уулун кызматка көтөртүү — Талас манаптарынын
чогулушуп, иштеп чыгышкан акыркы планы ушул. Ушул план аткарылганда гана
Кызылбаштар эл арасына кадырын, таасирин сактап калышмак.
Манаптардын планы жашырын иштелип, элге жарияланган жок. Аларга жардам үчүн
Тыныбекке окшогон байлар акча чогултушуп берди.
Бул жөнүндө Атай да билген жок. Эсенбекти Фрунзеге окууга жөнөтүү үчүн АкЧийге
чейин узатып келип, ОлуяАтага каттаган содагерлер менен сүйлөшүп турган. Аңгыча
ары жактан Эсенбек энтелеп чуркап келди:
— ОлуяАтага бара турган арабаны таптык. Бекер түшө турган болдум.
Атай күлдү:
— Арабакеч сага таяке чыгып калдыбы?
— Жок...— Эсенбек үнүн басаңдатып,— Кызылбаш менен Карабаш жүрүптүр, ар
кимисинде бир куржундан оокат, дагы башкалары бар окшойт. Менин каякка
барарымы сурап билишкен соң кубанышты. Пишпекке алып барууга жол билген жана
орусча билген эптүү киши таба албай убараланышкан көрүнөт...
— Ошондой де! Алар да окууга барышат бекен?
— Анысын билбейм. Иши кылып, ошолор менен жолдош болчудаймын.
— Сак бол! — деди Атай коштошууга колун сунуп.
— Революциялык кыраакылыкты жоготпойм,— Эсенбек да, колун сунду.
Кызылбаш менен Карабаш бирибири менен элдешпеген, кас кишилер эле. Булар
кандайча биригип калышканын эки жигит түшүнө алышпады.
Эсенбек кызыкты жолго чыкканда көрдү.
— Менин жаныма жүр! — деп Карабаш шыбырайт. — Келгенде ат мингизем.
— Карабашка жолобо! — деп Кызылбаш зекийт. Эсенбек арабада эки карышкырга
да карабай араба
кечтин жанынан орун алды.
Жол ортолоп келгенде, аларга дагы эки манап, өрөөндүн этегинен чоң болуш кошулду.
Өрөөндүн эски манаптары шагырашып, бир арабадан орун алышты.
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Атай - 14
  • Büleklär
  • Атай - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3988
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2335
    27.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 4007
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2310
    29.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 4007
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2169
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 4040
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2261
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3933
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2230
    28.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3945
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2172
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 4017
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2331
    30.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 4025
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2330
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3903
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2184
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3925
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2231
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3901
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2142
    30.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3803
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2123
    28.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3820
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2144
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3859
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2264
    28.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3978
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2233
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2311
    27.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 17
    Süzlärneñ gomumi sanı 3985
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2360
    28.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 18
    Süzlärneñ gomumi sanı 3950
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2190
    29.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 19
    Süzlärneñ gomumi sanı 4029
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2314
    29.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 20
    Süzlärneñ gomumi sanı 3939
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2204
    28.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 21
    Süzlärneñ gomumi sanı 3850
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    30.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 22
    Süzlärneñ gomumi sanı 3844
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 23
    Süzlärneñ gomumi sanı 3912
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2163
    30.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 24
    Süzlärneñ gomumi sanı 4047
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2003
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 25
    Süzlärneñ gomumi sanı 4012
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2062
    30.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 26
    Süzlärneñ gomumi sanı 4091
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2166
    30.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 27
    Süzlärneñ gomumi sanı 4051
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2255
    27.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 28
    Süzlärneñ gomumi sanı 3917
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2110
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 29
    Süzlärneñ gomumi sanı 4012
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2185
    31.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 30
    Süzlärneñ gomumi sanı 4010
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2112
    30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 31
    Süzlärneñ gomumi sanı 3933
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2191
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 32
    Süzlärneñ gomumi sanı 3956
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2208
    29.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 33
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2204
    29.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 34
    Süzlärneñ gomumi sanı 2899
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1600
    32.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.