Latin

Атай - 33

Süzlärneñ gomumi sanı 3983
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2204
29.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
39.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Самсаалаган саамайың Сары алтындай маңдайың, Сагыныша келгенде Сары набат
татыйт таңдайың.
Ичкиликтин өз закону бар. Кишилер алгач көңүлү чалкып жыргап, ичкиликти өз
максатына пайдаланса, анын кайтпас жолго түшүп, ичкиликке өзү кандайча кул
болгонун билбей калат.
Айжаркын да ошондой болду. Алыбекти жакшылап билейпн деген максатын унутуп,
анын жанында шынаарлашып, күлкүсүн тыя албай, ыржалаңдап отурду.
Мырзакан гана эсин жоготкон жок. Тиги экөөнү тиктеди. Бири айылга кайтууну
каалабай, экинчиси анын жанынан карыш жылгысы келбегенин баамдап, өзү акыл эси
жоголо электе жолуна туштү...
Алыбек эртең менен чоочуп койкадан ойгонду. Үстүнө дасторкон жабылган. Бул
эмнеси экенин түшүнө албай зыңгырап оор тарткан башын араң көтөрүп, ордунан
турду. Күрмөчөн, көөдөндөн ылдыйкы денеси жылаңач. Уятына чыдабай дасторконду
этегине ороп, шымын бир жерден, турсысын бир жерден тапты.
— Шерменде болуптурмун! — Ал өзүн өзү жемелеп журүп кийинди.— Абийримин
кеткени ушу!
Дароо жоголуп, бул үйгө экинчи кайрылбас болду. Шашылып кетип баратып, оозгу
бөлмөдө бырыштырыш көйнөкчөн, чачтары саксайган, иреңинде кансөлү жок
шылкыйып отурган Айжаркынды көрдү. Андан жийир¬кенип, шыпылдай басты. Өтө
түшүп, кайра токтоду. Бирдеме айтабы деп күткөнсүдү. Капалуу аял унчукпады.
Алыбек ага көңүл айткансыды:
— Арактын кесепети! — Титиреп сүйлөдү.— Өмүрүмдө мындай балаага биринчи
кабылышым.
Аял кабагын чыгып, жер тиктеп отура берди.
— Кош! — деди да Алыбек ыкчамдай басып кетти. Каалга карс этип, катуу
жабылды.
***
Кыңыр иштин эки жаман жагы бар: абийирдүү киши өзүнчө бушайман болот, анан элге
шылдың болот, анан...
Алыбек өзүнөн мурун келиндин абийрин сактоо учүн түнкү жоруктары жөнүндө эч
кимге шекшыбаа билдирген жок. Арадан үч күн өтпөй курбулары кытмыр күлө
баштады:
— Дасторкон жамынган кандай болот экен?
— Баса, шымың табылдыбы?
Айылда башка тамаша түгөнгөнсүп, баарынын оозуна Алыбектин тамашасы. Аны
менен тамашалашпаган улуулар менен кичүүлөр көргөн сайын ырсаңдаша күлүшөт.
Ал үйүнөн чыга албай калды. Оорумун деп шылтоолоду. Үч күндөн кийин калп оорусу
чын болуп, аны ооруканага жеткиришти. Жүрөк ооруу! Бир ай дарыланды.
Ачык шылдың жана мазактоочу жылмаюучулар ал ооруканадан чыккандан кийин
токтоду. Аны аяшса керек.
Башкалар аяшканы менен Алыбек өзүн өзү аяган жок. Эки жыл бою иштен башын
көтөргөнү жок. Аял дегенди унутту. Бул жөнүндө ага башкалар да сөз салбай калышты.
Эгерде дубалдагы календарь өмүр жөнүндө аны кайрадан ойлонтпогон болсо, бечара
ушул бойдон өтүп кетет беле?
Ооба, Алыбектин жакшы үмүтүнүн аткарылышы үчүн бар болгону он үч гана күн
калды...
Мына ошо Айжаркындын ысымынын тушунда ҮҮҮҮ ҮҮ белгиси турат. Алтынчысы
өзү. Ал коңшу колхоздун башкы агрономуна турмушка чыккан. Эки жылдан кийин
балалуу болду. Моралдык сапаты жөнүндө ушак айың угула элек. Ага карабастан,
мораль жөнүндөгү суроо Айжаркындын карточкасында балчайып сакталып турат.
Карточкадан карточка оодарылып, Алыбектин көңүлү уч илеп коюлган аялга токтоду.
Канипа. Отуз беште, бир эрден чыккан, эрден чыгышынын себепчиси — күйөөсүнүн
аягы суюктугу. Өзү моралдык жактан туруктуу, издегени адамгерчиликтүү жан
жолдош. Баласы жок.
Ал төркүнүнө отуруп калганына эки жыл болот. Айттырган кишилердин бирин
жактырбаган. Алыбекке дал ушундай жубай керек эле.
— Мени жактырар бекен? — деп ойлоду Алыбек. Эгерде Айжаркын менен болгон
абийирсиз окуя башынан өтпөгөн болсо, балким иши оңуна чыгат беле?! — Мейли.
Ушундай аялды көрүп коюунун өзү да каниет — деген тыянакка келди.
Эл арасында сөз болбос үчүн бу жолу жалгыз барды.
Канипа жумуштан жаңы гана кайткан эле. Эшиктин коңгуроосу шыңгыраганда колун
сүртуүгө үлгүрбөй «ким» деди... Эркектин коңур үнү угулду. Ага эркектин бардык
өзгөчөлүгүнөн үкүнүн коңуру жакчу. Шүрөгү туйлап кетти. Өзү күткөн сүйкүмдүү үн.
Каалганы тезирээк ача албады. Оо, опосуз, тагдыр! Эгер ушу коңур добуш киши аракеч
болуп чыксачы? Анда эмне болмокчу?
Эшик ачылды.
— Мүмкүнбү?
— Кириңиз!
Босогону аттагандан кийин, ал салам айтты...
Каада боюнча үй ээси чай кайнатты. Столго оокат даярдады. Экөө тең ач эле. Ошол
үчүнбү же сөз баштоонун кыйындыгынанбы, чайды узакка ичишти. Андасанда
бирибирин астыртан тиктешет.
Канипа анын сөз чыгарышын күттү. Анын көз карашынан ички сөзиминин байлыгын,
эмнеге ышкылуу экендигин байкады. Бейтааныш эркек аялдын кебетесине жана көзүнө
гана серп салды.
Канипа этияттана баштады. Анткени ал эркектер суктанарлык сулуу эмес, көзү да
жүрөккө чок саларлык оттуу эмес. Ушул кемчилигин сезип турабы деп кысталды.
Мурунку эркектер анын бөрсөгөй төшүнө, аппак тамагына жана ичке белине көбүрөөк
кызыкчу эле. Ан¬дай эркектерди сөзгө келбей туруп, үйдөн айдап чыкчу.
А, бу кишинин көз карашын кандайча бааларын жана ага эмне деп жооп берерин биле
албай отурду.
Чай ичилип бүттү, так айтканда, чайнекте эч нерсе калган жок.
— Мен Алыбекмин — деди ал таанышууга өтүп.
— Канипа! — деди аял.
— Сизди билем. Бирок сиз мени билбейсиз,— деди Алыбек. .
— Билем! — Канипа аны жоодураган көзү менен тике карады. Чынында Алыбек
жөнүндө көп нерсе уккан. Уккандарынын көбү жомокко окшош эле. Биздин заманда да
ушундай эркек болобу деп ага сыртынан таң калчу.
Аялдын жоодураган көз карашы муңайым кебетесине, дилгир мамилесине жарашып
турду.
— Мындан жакшы аяп болобу — деп ойлоду Алыбек.— Ушундай жан менен
жашай албаган кандай пас эркек — деп, анын мурунку күнөөсүн жек көрүп отурду.—
Күйөөсү өзүнүн начарлыгынан, буга тең боло албаганынан ажырашкан окшойт... Мен
да тең боло албайм го...
— Эгерде мен жөнүндө билгениңизди мурда уксам, бул үйгө келбеген болор
элем,— деди Алыбек өкүнүчтүү өкүнүчтүү.
— Эмне үчүн? Сыртынан миң жолу угуудан бир жолу көрүшүү артык.
Келгениңизге кубанам.
Бул сөз Алыбекке какшык сыяктуу туюлду. Айжаркындын окуясынан улам айтты го
деп болжоду. Мейман ордунан турду.
— Сиз менен көрүшкөнүмө чоң ыраазымын. Кош, жакшы калыңыз!
— Шашпаңыз, отуруңуз.— Үй ээси чебелектеди. Мындай бир мүнөз, ойку кайкыны
билбеген тоң эркектер менен кенен сүйлөшүп, көңүлүнө актык салмайынча жарпы
жазылбайт. Жубайы келишпесе, бу сыяктуу эркектердин багы ачылбайт, өмүрү өкүнүч
менен өтөт.
Алыбектин пейли тазалыгын сезсе да, аны токтотууга аракет кылсам, ого бетер
иренжитемби — деп ойлощ өзү кошо ордунан турду. Үйүнөн чыгарып, автобус
токтоочу жерге чейин узатты.
— Убара болбоңуз! Кала бериңиз! — деп, ушак айың сөздөрдөн коргогусу келген
меймандын сөзүнө көнбөдү.
Акырында Алыбек мындай деди:
— Эгер айып көрбөсөңүз, жакшы санаалаш адам катары катташып туралы? Эгер
айып болбосо...
— Жакшы болот. Келип туруңуз? Аңгыча автобус келди.
Алар кол булгап ажырашышты.
***
Картотека. Канипанын тушундагы белгиге дагы бир илеп коюлду. Ал Алыбектин өзү.
***
— Атамы көрчү! — Жаныбек келинчегине кол булгады.
Баласын эмизип отурган Айым козголгон жок.
— Атамы көрбөй жүрүптүрмүнбү!
— Келсең эми! — деп Жаныбек шаштырды.
— Эмне болуп кетти? — деп Айым терезенин жанына келип, кар күрөп жүргөн
Алыбекти көрдү.
— Ой, тобо!
Атасынын беш жылдан бери үйтиричилигине киришкени ушу. Дайыма иш менен, үйгө
келгенде эс алат же небересин эркелетет.
Алыбек кар күрөп бүтүп, токойду көздөй басып кетти. Жазгы ала шалбырт эмес,
жайында токой көркүнө чыгып турган учурда да ал ошол жакка барчу эмес.
— Буга эмне болгон? — дешип алар сонуркап тиктеп турушту.
Атасынын журүштурушу өзгөргөнүнө бир жумача убакыт болуп калды. Календарды
күндө бир нече сыйра тиктейт. Күзгүгө көбүрөөк каранат.
Уул менен келини атасынын турмушунда кандайдыр бир бурулуш башталганын
жаңылыктын жышаанасы катары баалашты.
Ал 7март күнү кечке маал келинин майрамы менен куттуктап, атыр, самын, жоолукту
белек кылып берди. Өзү райондун борбору жакка атчан кетти.
— Мени күтпөгүлө. Кеч келем — деп эскертти.
***
Столдун үстү жазалуу. Канипа жалгыз өзү отурганда коңгуроо шыңгырады. Ал
ордунан тургуча эшик өзү эле ачылды.
— Майрам куттуу болсун! Бактылуу бол! — деген эркектин коңур үнү угулду.
Кирген киши Алыбек эле.
— Ракмат! — Канипа анын киймпн чечип, төрго еткөздү.
Жасалуу столду көрүп, Алыбек жыйрыла түштү:
— Кечиресиз мен бей убак келип калган окшойм...
— Дал учурунда келдиңиз! — Канипа күлө карады.— Сизди күтүп отурганымы
көрүп турбайсызбы!
Алыбек ишене бербеди:
— Мениби? Мен анчейин... Сиздп майрам менен куттуктоо үчүн келе калганым.
— Майрам күнү жана туулган күнү катышпагандан кийин, биздин жакшы санаалаш
болгонубуз кайсы? — деди Канипа.— Эгер бүгүн келбесеңиз, мындан ары
көрүшөрүбүз күмөнгөр болмок.
Муну укканда Алыбектин ичи жылып калды. Келгенине кубанды.
Алыбекке стол үстүндө жайнаган ичкиликтер гана жаккан жок.
— Кайсынысын ачайын — деди үй ээси. Мепман жооп бербеди.
Майрам шаанисине жараша шампан ачылды. Эки бокал мелткалт куюлду. Меймандын
ичкиликке жогун байкап, сөздү Канипа өзү баштады.
— Ракмат сизге, улуу күндө мени эске алып, келгениңиз үчүн! Майрам кут болсун!
— Биринчи тосту жалпы эле энелердин, кызкелиндердин ден соолугу, бактаалайы үчүн
көтөрүштү.
Алыбек ордунан турду. Шампандан ооз тийип, кайра ордуна койду. Канипа бокалды
жарымжартылай ичти.
Тост көтөрүшүү ошону менен бүттү. Чайга өтүштү.
— Айып көрбөсөңүз, суроом бар — деди үй ээси.
— Айыбы жок.
— Сиз ичкиликти башынан каалабайсызбы же бир жолу көңүлүңүз калганы үчүн
ичпейсизби?
Алыбек жашырган жок:
— Башынан каалабайм, көңүлүм калган учур да болгон.— Эми Алыбек сөз
баштады:
— Мен да бир нерсе жөнүндө билгим келет. Үй ээси айта бериңиз дегенсип, баш
ийкеди.
— Азыркы учурда ичкилик ичпеген киши да аз, балким жокко эсе. Мен биздин
айылдардыи кишилеринен улам айтамын. Сиз жолдошуңуздан ичкилик үчүн эле
ажыраштыңызбы?
— Ичүүнүн да жөнү бар, ал аракеч эле.
— Мейли ошондой болсун дейлик. Бирок ошондой аракечти оң жолго салууга, эч
болбосо, анын оңолуп кетишин күтүүгө болбойт беле?
— Сурооңуз туура. Анын баарын иштөөгө даяр элем, колуман келсе да, келбесе да.
Өмүр шерик жан жолдошун ким эле кыйынчылыкта таштап кетүүгө даасын?!
Канипа.узун сөзгө түшүп, акырында мындай деди:
— Баарынан жаманы — кишинин киши сыягынан кетиши. Андайдан үмүт кылууга
болбойт. Арак үчүн калпты чын кылып, чынды калп кылып, керек болсо үйжайынан,
катындан бөзип, ал түгүл, өз жанын сатат экен!! Мен сизге бир гана окуяны айтайын.
Анын өзүнө окшош ооз жалашкан достору бар. Бул достор үчүн арак да ортодо, аялдар
да ортодо... Жүзү курсун, андан ары жагын айта албайм... Ушуну көргөндө күйөөмдү
гана эмес, анын бузулган чөйрөсүн, деле ичкилик дүйнөсүн талак кылгым келди.
Бул сөздөн кийин экөө тең узакка ойго батып отурушту.
Канипа сүйлөй баштады:
— Ыплас турмушту жерип, таза жашайынчы деген ниет пайда болду. Менин
тарыхым ушу.
Аңгыча оокат бышты.
Экөө жаймажай отуруп, оокат жей баштаганда Канипа дагы сөз баштады:
— Тобо! Мен бир нерсеге таң калып турам!
— Эмнеге?
— Ичкиликсиз мейман күтүүгө, кадимкидей оокат жешке болбой калганбы деп
чоочуй турган элем. Ичкиликсиз эле, кадимкидей жашоого болот экен го.
— Кеп ошондо! — деди Алыбек сөзгө кошулуп,— кишилердин баары ичкиликсиз
мейман күтүшпөпт. Мейманды ичкилик менен күтүү салтка айланды. Ушундай
кырдалда аракечтер бир жагынан өлүп жаткан менен, бир жагынан туулуп турат. Демек
биз ичкилик менен жарым күрөш жүргүзүп жатабыз. Жарым күрөш менен жеңишке
жетүүгө болобу?!
— Туура айтасыз!
Мейман эркек менен үй ээси ичкилик, өткөн турмуш, аба ырайы жана башка жалпы
сөздөрдү чуурутушат, бирок өздөрүнүн ойлогон ою, максаттары, ички сезими жөнүндө
айтуудан кысталышат. Ичкиликтин жетишпей турганын экөө тең сезишет. Үч
рюмкадан айланган болсо, эмгиче экөө кучакташып, сорушуп олтурушмак.
Алыбек ушу жөнүндө ойлонот: «Мен жаш эмесмин, ичкиликти жөлөк кылмайынча
колунан эч нерсе келбей турган бечара да эмесмин. Адамдын жүрөк сезиминен тунук
жана ыйык эч нерсе жок. Ушу ыйык сөзимди күчөтүү учүн ичкиликке жүгүнүү —
махабатты булгоо, адамгерчилик касиетти тепсөөгө жатпайбы».
Канипанын көз карашында «Сага ишенем, мен сенин ыктыярыңдамын» деген белги
бар... Анын ишааратын гана күтүүдө...
Алыбектин жүрөгу катуулап сого баштады. Эмне болуп баратканын" түшунө албады.
Сүйүү ушундайча жан' данабы? Жаштыктын кайрылганыбы? Ал аялга көз жүгүрттү.
Аны жоодурап тиктеп отурган Канипа башын жерге сала сүзүлдү.
Эр ортонундагы киши өзүнүн кай куракта ?кенин, соо же мас экенин унутуп, аялга
жакындап, кучагын жайды... Куштан коргологон бөдөнөдөй бооруна жабышкан аялдын
денеси калчылдап, жүрөгү тикилдегени сөзилип турду. Ысык илеби алкымына батып,
сөөгүнөн бери балкытты. Аны жар боорунан кулап кетчүдөй бек кучактап, уйпаланган
чачтарын жыттап, саамга нес болуп отурду.
— Какиш! Какиш! — деди ал калтырап.— Мен сага үйлөнөм.
Канппа кучагынан бошоңгусу келбейт. Жооп да бербейт.
Алыбек сөзүн улады:
— Бүгүн эле үйлөнсөк кантет?? Жооп жок. Дагы болсо Алыбектин үнү:
— Жок. Кое туралы. Чыдайлымарт күнү той өткөрөлү. Ошо күнү...
Канипанын жүрөгү жайланып, каруулуу кучагынан күч менен жулуна бошонуп, аны
бактылуу көзү менен күлүмсүрөй карады.
— Эмне дейсиң? Өзүнчө эле сүйлөп жаттың? Алыбек да күлдү. Чын жүрөгүнөн
күлдү. Соңку беш
жылдын ичинде аял менен эзиле сүйлөшүп, кумардана күлгөнү ушул эле.
— Той өткөрөлү дейм. Макулсуңбу?
— Макул.
— Качан?
— Бүгүн кеч болуп калды го... Экөө тең каткырышты.
Канипа ордунан туруп, желкесине түшкөн бир байлам ак жоолугун оңдоп салынып, чоң
күзгүнү көздөй басты. Тараз бойлуу, арыкчырай келбетине, кымча белине булактаган
ак көйнөгү жарашып, теңселе басышы таалайыпа балкыгандай туюлат. Көңүл куунак.
Кайсы кукү үйлөнүшөрү жана тойду качан өткөрүшөрү жөнүндө ойлоп баш ооруткусу
келбейт.
Ушул сымбаттуу аялга эр болорун элестетип, Алыбек өзүнчө кубанып отурду.
Канипа кайра келип, столдун бир четине аны менен бетмебет отуруп, чукугандай кеп
баштады:
— Сенин эмне жөнүндө ойлогонуңу айтып берейинби?
— Айтчы!
— Мени жактырып... Таптыңбы?
— Таптым! — Ал ыраазычылыктан каткырды:
— А, сен менин эмне жөнүндө ойлогонуму билдиңби?
— Жок.
— Эмесе, өзүм айтып берейин.— Канипа анын жанына шынаарлаша отуруп, сөзүн
улады: — Күйөөм соо эркек болсо, ичкилик ичпесе эле болду. Сокурлугуна,
мунжулугуна, мансабы жогуна макул элем. Андан артык бактыны каалабайт элем —
деп тилөөчүмүн. Эми сага туш болгондо, тплегим он эсе орундалып, күзгүнүн алдында
«эми кесирленбе!»—деп өзүмө өзүм кеңештим...
— Мындай ой жалгыз гана сенде болуптурбу! — деди Алыбек ага маани бергендей.
Канипа анын сөзүшө алаканын тосо койду:
— Түшүндүм айтпай эле кой!
— Мейли аны айтпай эле коеюн.— Алыбек анын алаканын кармалап өөп койду.—
Бирок гкөөбүз акылдаша турган тилегим бар. 13мартта — эски эсеп менен жаздын
келген күнү меп элүү жашка толом. Экөөбүз ошо күнү баш кошолу. Тойду ошо күнү
өткөрөлү. Түшүнөсүңбү? — Ал ойлуу тиктеди.— Туулган күнүмдү биринчи жолу
белгилешим ошо болот.
Канипа эртеңбүрсүгүндөн кечикпей үйлөнүшүүнү самап турган. 13марттын
маанисинен улам, эптеп чыдап турууга макул болду...
***
Ай жарык. Сыдырым суук. Шалбыраң катып, жол тоңголок. Көчөдөн ары бери өткөн
кишилер али кыш кийимчен. Тоо айлынын өзгөчөлүгү: жаз алдында күндүзү — жаз,
эртели, кеч — кыш.
Алыбек атын жетелеп, Канипанын катарында басып келе жатты. Чоочун көздөрдөн
жалтанышкан жок. Автобус токтоочу жерге жеткенде гана ал атына минип.
— Кош, көрүшкөнчө!
Алыбектин көңүлү бир ыңтай.
Канипа үйүнө келгенден кийин оюна ар нерселер түштү: мүмкүн ал 13мартка чейин
айнып калар, башка бирөө урунса; дагы бир кырсык болсо кантээр экенбиз;
эртеңбурсүгүндөн эле үйлөнүп, тойду айткан күнү өткөрсөк болмок экен.
Бирок кеч болуп калды. 13-мартты күтүүдөн башка арга жок.
Акырында мындай деген ойго келди. «Деги аман-эсен үйүнө жетсе экен. Жол тайгак.
Бүгүн ичкилик ичиле турган күн. Мас шоферлордун бирине көзикпегей эле».
жаш солдат
Дөңсөө колдон колго өттү. Аны экинчи жолу ээлеп алышкан жоокерлер баш аламан
качып баратышкан тараптын соңунан түшкөн жок, көздөгөн максат орундалгансып,
андасанда ок чыгарышып тим болушту. Аларга азыр аз да болсо, тыныгуу керек эле.
Дөңсөөнүн колдон колго өтүшү бир гана күндүн ичинде болду, эки жолку чабуулга эки
тараптан тең баягы эле күчтөр катышты. Экинчисинде, албетте, катышкандардын
карааны азайып, кармашуу анчалык узакка созулбады.
Жеңишке ээ болушкан жоокерлер өз ара кубанычты бөлүшүү үчүн бири бирин
жигердүү тиктешет. Бирок бул тиктешүү жеңиш менен куттукташуудан көрө кимиси
бар, кимиси жогун түгөлдөөгө окшойт.
Дөңсөөдө тынчтык. Эч ким ишенбеген, күмөндүү тынчтык.
Согуш турмушуна жедеп көндүм болгон солдаттар мындай учурдан жакшылык
күтүүнүн ордуна андан пайдаланып калууга ашыгышат. Адегенде эле чылым тартууга
киришет, кайсы бири баштыгын оодарат, кайсы бири аягына-быягына да үлгүрүп, анан
алыскы тылга кат жазат.
Уюлгуган чаң менен түтүн капкачан тараган. Снаряд менен бомбаларга тытылып,
тамтыгы кеткен дөбө, кыйраган жыгачтар. Ар кай жерде пулеметтор, майтарылган
замбиректер, атылбай калган октор, ыргытылбаган гранаталар — кайсынысы
советтики, кайсынысы немецтики экени чаңдан байкалат. Айтор окдары жагы мол.
Көкөйдү кесип турган киши күчү менен оокат.
Дөңсөөдөгү күчтөрдүн чамасы бош гкендиги душмандарга белгилүү. Эгер эртеңге
калса, аларды сүрүп чыгуу кыйын болорун да жакшы билишет.
Эки жактын тең рациясы иштөөдө... Кайсы жагына жардам мурдараак келет — дөбөнүн
тагдыры ошого жараша чечилмек.
Тыныгуудагы жоокерлерге көз жүгүртүп, чылым тартып турган чүңкүр кабак киши —
бөлүктүн командири Савельев. Кийими, погонунан бери чаң басып, анын ким экендиги
таанылбайт. Чаң менен түтүн жоокерлердин баарын бир бирине окшоштуруп койгон.
Ошондой болсо да, Савельевдин көз карашы жана баамчылдыгынан улам командир
экенин дароо эле ажыратууга болот.
Лейтенанттын көз карашы окоптон жылбай күн батышты тиктеп, автоматын бетине
кармап турган жаш солдатта. Анын шыргыйдай узун, арык денеси кур менен кынжыйта
тартылгандыктан, ого бетер тартайып, жарга сүйөп койгон жыгач сыяктанат.
Лейтенанттын боз чаңгыл бети жыйрылгансып, тиштери гана кашкайып көрүндү. Бул
анын жылмайып күлгөнү эле.
Кызык эле солдат да. Башкаларга окшоп эс албай эмне эле какайып калган? Же бирөө
аны күзөткө койбосо. Ушу солдат өзүнүн таң каларлык жүрүштурушу менен
командирдин көңүлүн ар качан бурат.
Башкаларга окшобогон бала кыял солдат менен кантип таанышканы командирдин
эсине түштү...
Эртең согушка киребиз деген күн. Солдаттардын баары үйлөрүнө, досторуна, сүйгөн
кыздарына, айтор каалаган тааныштарына кат жазышууда. Кайсы бирлери кокус өлүп
калсак... «дешип, бирибирине керээзин айтышат». Ошол күнү жаш солдат эч кимге кат
жазган жок, кепкесөзгө кошулбай, өзүнчө ойго батып, тынчсызданып жүрдү. Анын
көңүлүнө түшкөн бүглүктү байкаган лейтенант кечке жуук жаш солдат окопто
обочолонуп, автоматына таянып, көз жашы мөлтүрөп отурганын көрөт. Биринчи жолу
согушка катышуудан жүрөксүп отурганыбы деп ойлоп, командир аны сөзгө алат:
— Солдат! Эмнеге ыйлайсың?
Ал көз жашын дароо жеңи менен сүртүп, какайып тура калат:
— Жооп берүүгө уруксат этиңиз, жолдош командир.
— Вольно! — Командир жай сурашууну каалагандай жанына келип, анын ийинин
таптайт: — Тим эле да ыйлачу беле?
— Ырас, мен тим эле ыйлаганым жок.— Командирдин ырайымдуулугуна эреркеп,
жаш солдат чынын айтат.— Апам эсиме түштү. Ушу маалда мен боз үйгө куурай
жагып, апам сүт бышырчу эле. Отту дайыма мен жакчумун... Эгер мен кечиксем, апам
эшикке чыгып жол карай турган...
Лейтенант ошол сүйлөшүүгө чейин анын жаш солдат экенин, фамилиясы менен аты
Арсыгулов Сүйүн экенин гана билчү. Ошо аңгемелешүүдө Сүпүндүн башынан
өткөндөрүн, өмүрүн кызыгуу менен угат.
Жаш солдаттын анык жашы он алтыда болуп чыкты. Армияга эртелеп чакырылганы аз
келгенсип, мектептин босогосун он жашка чыкканда аттаган (сегиз жашында «айлыбыз
алыс» деп атасы окутпай койгон экен).
Сүйүн өзүнөн кичүү балдар менен бирге окуганына арданбайт, боюнун сөлөктүгүнө
жана збисыны жоктугуна, башкаларга күлкү болгонуна арданат. Эптеп төртүнчү
классты бүтүп, орто мектептин бешинчи классына көчкөндө жашын көбөйтүп, он
алтыдамын деп комсомолго өтөт. Анан эки жылдан кийин комсомолдук жашы он
сегизге толуп, армияга чакырылат.
— Метрикаң жок беле? — деп таң калат командир. Сүйүн анын өзүнө суроо берет:
— «Метрика» деген эмне?..
Лейтенант азыр эс алуу, оокаттанууну ойлобой, башкалардан сактык кылгансып,
душмандар бекинген тарапты тиктеп турган. Арсыгуловду көргөндө экөөнүн аңгемеси
эсине түшкөн эле.
Савельев ойлоно калды.
Ушу каргашалуу дөбөгө туш болгону бир рота аскерден бир взвод чамалуу кишилер
гана соо калды. Ротанын командири оор жараланып, бөлүктү башкарууну Савельевге
тапшырган...
Тирүү калган жолдоштору командирге мурункудан да ысык, жакын көрүнүдө.
Күтүүсүз учурда жаш солдаттын автоматы «дырырр» этти. Тыныгууда дендирей
түшкөн солдаттар тура чуркашып, колдоруна куралдарын кармашып, өз .оруңдарын
ээлешти. Чылымдын түтүнүн буркуратып турган лейтенант Савельев гана былк этпеди.
Чаалыккан Арсыгулов каалгып уйкуга карамыгып, автоматын окусунан басып алганын
ал көрүп турган.
Сүйүн өзү да чоочугандай башын жулкуп алып, эки жагын элеңдеп караганда
кулагынын түбүнөн октор чуу чуу этти.
Командир кыйкырып жиберди:
— Арсыгулов!
Жаш солдат шашкан бойдон окопко жата калды.
Жоокерлер окуянын кандайча болгонун түшүнбөй, биздин жигит душмандын снайпери
менен атышкан экен деп болжоду. Анын өзү да эмне болуп кеткенине акылы жетпей
карбаластап турганын байкашпады. Иштин жөнжайын түшүндүрүүдөн эрингендей
командир чылымын соруп тура берди.
Мындайда командир шашылыш түрдө беттешүүгөдаярданууга буйрук берчү эле. Эч
нерседен камырабаган лейтенанттын оозунан күтүлбөгөндөй сөз чыкты:
— Эмнеге жардана калдыңар? Баргыла, эс алгыла1 Кузнецов сен күзөттө болосуң!
Баш аягы бир чакырым келбеген, кыркалуу дөңсөө. бир көзде жакын жерде орношкон
кыштак калкынын жайыкышы эс алуу жайы болуу керек. Айланада мындан башка
токой да, тоо да көзгө чалынбайт.
Жоокерлер бадалдардын түптөрүндө колубуттарынкенен созушуп, суналып жатышты.
Заматта туштушунан коңурук башталды. Планшетин башына жаздаган лейтенант да
уйкуда.
Кирпик какпай чакчайган — Сүйүн гана. Ал ушу кыштактын тагдыры жөнүндө
ойлонот. Өзү согушка катышкан жарым жылдын ичинде мынчалык кыйроого учурап,
караманча ээн калган кыштакты көрө элек болучу. Эч болбосо бирин серин карылар,
аялдар жана балдар учурар эле. А мындан кыбыр эткен тирүү жан, жадаганда сорок
эткен канаттуу куш көрүнбөйт. Баары тыптыйпыл болгондой. Бул кыйраган кыштакта
жашоо биротоло токтогондой...
Дал ушул минутада Сүйүн бир ажайып окуяга туш болду — жанындагы бадалдан
кичинекей чымчыкты көрдү. Өцүмбүтүшүмбү деп өз көзүнө ишене албады. «Бул жерде
тири жандык, тиричиликтин белгиси жок эле го»~ деп ойлоп турганда чымчык
чыйпылдап, бутактан бутакка учуп конуп, ага жакындай баштады. Бул тири укмуш
кадпмки эле королу экенин тааныды.
Баятан бери көцүлдү басмырлаган жалгыздык сөзим заматта жоголуп, ажайып дүйнөгө
кайрадан аралашкансыды.
Королу айланчыктап кетпейт. Балкпм ал жалгыздыкка көнбөстөн, адамдарды паана
кылып келгендир же болбосо, ушу бадалдардын арасынан уясын жана уялаштарын
издегендир.
Солдатты эми королунун тагдыры ойлонто баштады. Эртеден бери ажалдын оту
бүркүлуп, тирүү жандык түгүл, жыгачтарынан бери бүлгүнгө учураган дөңсөөнүн
айланасында бечера чымчык кантип түрүү калды экен? Королу канаттуунун
баарысынан кичине, баарысынан чабал болгону менен, мүмкүтн баарысынан
бактылуудур.
Бул бечера башка, тирүү калган куштарга окшоп, ок атылбаган, түтүн каптабаган,
өрттүн жалыны алоолонбогон бейкут тарапка эмне үчүн ооп кетпеди экен?
Коркунучтуу же^рде королуга эмне бар?
Сүйүн мурда королу жөнүндө ойлонмок тургай, аны канаттуу куштардын катарына
кошчу эмес. Анын кадырын тагдыр өз эпчилдиги менен гана билгизди. «Эч болбосо
ушу бечара тирүү калгай эле» — деп тиледи Сүйүн. Алдыда дагы канча октор атылат.
Балким бул дөбө түзөлүп, биринсерин бадалдар ордутүбү менен жок болор.
Жаш солдат жалгыз королону сактап калуу жөнүндө ойлонду. Аны башка жакка, айтор
ушу каргашалуу дөбөдөн алысыраак учуруу керек эле. Бирок кичинекей чымчык анын
эркине көнбөдү. Соңунан түшкөн адамдан качып, бадалдын бир четине жеткенде кайра
артына канрылат... Өзү байырлаган дөбөдөн кетүүнү каалабагандай, мындан пааналуу
жерди керек кылбагандай, имерчиктеп кетпейт. Эч нерсе түшүнбөгөн бечара чымчыкты
кандай болсо да сактагысы келди.
Жаш солдат дагы канча убараланат эле, айланага минометтордун октору ышкырып
келип, күпкүп этип түшүп, кулак тундура жарыла баштады. Чымчыкты кубалап
бараткан жаш солдат жыгылды. Көзү караңгылады.
Снаряддар дале сейректеп түшүп жатты. Жарадар солдат бөжөңдөп чуркаган
медсестранын жонунда жаш балача шалактап баратты. Кыймылдаган сайын
жаратынын сыздаганына, таңдайы кургап суусаганына — баарына, баарына кайыл,
эптеп эле ушу каргашалуу дөңсөөдөн алыстасак деген тилекте. Адатта адам коркунуч
өткөндөн кийин эсине келет, андан ары иштери, максаты жөнүндө жайынча ойлонот.
Бирок далбастаткан коркунуч өткөндөн кийин да Сүйүндүн жүрөгү эмне үчүндүр
кооптуу согуудан танбады.
Сүйүн буга чейин кадимкидей коркунучту башынан өткөрүп көрбөгөн эле. Согушка
биринчи жолу кирерде гана жүрөгү дүкүдүкү соккон, анысы корккондугубу, же
белгисиз нерсе менен беттешүүдөгү сөзим ушундай болобу — ачык түшүнө албай
койгон. Мындай түшүнүксүз сезимди мектепте окуп жүргөндө да башынан өткөргөн.
Анда согушка катышуу деген нерсе оюна да келчү эмесжөн эле вожатыйдын кыстоосу
боюнча кээде пионерлердин жалпы чогулушунда сүйлөрдө эмне үчүндүр апкарып,
жүрөгү дүкүлдөп, алгач үнү калтаарып барып оңолчу. Кийин. армияга чакырылуунун
алдында өзү менен классташ кыз менен окуусунан бет алышып, же сүйлөшүп калганда
ошентип калтаарып калар эле. Жакшы жери аны бир жигит ала качып, Сүйүндү
белгисиз түйшүктөн куткарды.
Коркунуч өзүнөн өзү коркунучтуу эмес. Адам өзүнүн алсыздыгын сөзүү коркунучтуу.
Эки буту кыймылга келбей, шал болгонсуп, томолонуп жатып калганда мусапырчылык
кандай болорун биринчи жолу билди жана ушундай учурда жардамга келген Машага
керек болсо, жанын курман кылууга даяр болуп баратты.
А Маша болсо, бул ишке демейдеги милдетиндей гана карайт. Аны кубанткан —
көтөргөн жүгүнүн жеңилдиги.
Алар канча жол басышканын байкашкан жок. Айтор, замбиректердин жана
минометтордун үнү угулбай калган кезде гана (мүмкүн атышуу токтолгондур) кара
терге чөмүлгөн Маша чарчаганын билди. Сүйүндүн жараты да ошондон кийин
катуулап кыйнай баштады.
Машанын буттары чалыштап калды... Токтолду... Экөө тең чалкалап, бир балаадан
кутулгандай, ээнэркин суналып жатышты. Жарадар кээде гана кыңкыстап кайра
басылат. Суусап, оозунун ичи кургагансыйт.
Кыйла убакыт өттү. Убакытты барктоо жагынан жарадарларга ким тең келсин.
Сүйүндүн тынчы кете баштады. Медсестра болсо, эч нерсени кенебейт, каякка, эмне
учүн баратканын да унуткандай сулк жатат. Санитарлык бөлүккө жараты кабылдай
электе төзирээк жеткирүү керек эле. Бир жагынан бир ууртам суунун азабы өтүп
баратты.
— Суу! — деди ал бейкут жаткан сестрага угуза. Маша козголбоду. Мүмкүн
укпагандыр, же уккусу
келбегендир, аны сүрүштүрүүгө убакыт кайда? Жарадар мурункудан да катуу унчукту.
Суу! Суу!
Дагы да жооп болбоду. Бул эмнеси? Кантип эле укпасын? Андан көрө ээн жерде эч ким
жокто медсестра эмне кылам десе да өз эрки да. Таштап кетем десе, ким кой демек?
Сүйүн өз ичинен ачууланды: «Эх, мындай экениңди мурда билбегеним, ай...» Ачуусуна
чыдабай бурк этти:
Сен эмнеге унчукпайсың? Билем сени...
Бул ачуунун тиешеси жоктой медсестра камырабайт.
— Тоготпогонун карачы! — деп чыйпылыктады ал.— Катардан чыгып, керек
болбой калган кишпге ушундай карашат экен го! — Жарадардын күйбөгөн жери күл.
Аны сөккүсү келди. Коюп жиберүүдөн да кайра тартпагандай колун жаңсады, алсыз
колу кыздын көкүрөгүнө акырын гана урунду кара терге чыпылдаган гимнастерканын
алдынан соккон жүрөк анын алаканын ургулап, оор дем алышы колун бирде өйдө
көтөрүп, бирде ылдый түшүрүп термелте баштады. Кыз демин жыйнай албай жаткан
эле.
— Кудай ур,— ал сунулган колун кайра тартып алууга чамасы жетпей,
жасакерленип күбүрөдү: — Маша! Кечир мени?
Кыз дале болсо демигип, эсин жыйнай албай жатты. Оозун кыбыратууга да дарманы
жок. Жарадардын жаагы жап болду. Суу сураганы, а түгүл, кээде кыңкыстаганы да
басылды. Ал өз жоругуна катуу капаланып, «мендей дөдөйгө азыркы көргөндөр да аз»
деп өзүн өзү табалайт. Капаланат. Оюна ар нерселер келет...
Баарынан да өз өмүрүн эстөө таңкалтты. Көргөндөрүнүн көптүгүнө жана кызыктыгына
эмес, тагдырынын тамашакөйлүгүнө таң калды. Кичинекейинен баштап ар нерсеге өз
мөзгилинен мурда чарпылып, бирок аны толук бойдон башынан өткөрө албан,
өмүрүнүн ар бир курагы өксүгөндөн өксүүдө. Боюнун сөлөктүгүнөн өз теңдерине
кошула албай балалык доорду өткөрдү. Өспүрүм курагында боз уландар менен жүрүп,
же андан жок, же мындан жок дагы арабөк калды. Аскер кызматына киргенден кийин,
эми туруктуу ордумду таптым го деп ойлогон. Жоокердин өмүрү албетте чалагайым
болууга тийиш эмес, же жеңишке жетмек, же окко учмак. Тилекке каршы, мында да
күткөндөй болгону жок. Жараланды, айыгабы, жокпу — күмөн. Айыккан күндө да
аскер кызматына жарайбы, жокпу — анысы да күмөн. Ошентип, жоокерликтин
өтөөсүнө да чыга албай тургансыды.
Сүйүн өкүнүчтүү өмүрү жөнүндө ойлоп жатканда медсестра эс ала баштады. Аны да
Сүйүн капысынан, кыздын жүрөгүнүн кагышынан улам билди. Эң мурун алаканы ысып
чыккан болучу, бүкүдүкү соккон жүрөк бир аздан кийин чоочун колго үйрөнүчпкөндөй
жоошуй баштаган. Анан эмне үчүндүр колуна токтун учкуну типгендей сөзип, тынчы
кете баштады. Бул эмнеси? Мындай жорук башынан өтүп көрбөгөн жигпт жаратын
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Атай - 34
  • Büleklär
  • Атай - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3988
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2335
    27.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 4007
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2310
    29.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 4007
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2169
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 4040
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2261
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3933
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2230
    28.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3945
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2172
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 4017
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2331
    30.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 4025
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2330
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3903
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2184
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3925
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2231
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3901
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2142
    30.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3803
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2123
    28.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3820
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2144
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3859
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2264
    28.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3978
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2233
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2311
    27.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 17
    Süzlärneñ gomumi sanı 3985
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2360
    28.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 18
    Süzlärneñ gomumi sanı 3950
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2190
    29.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 19
    Süzlärneñ gomumi sanı 4029
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2314
    29.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 20
    Süzlärneñ gomumi sanı 3939
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2204
    28.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 21
    Süzlärneñ gomumi sanı 3850
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    30.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 22
    Süzlärneñ gomumi sanı 3844
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 23
    Süzlärneñ gomumi sanı 3912
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2163
    30.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 24
    Süzlärneñ gomumi sanı 4047
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2003
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 25
    Süzlärneñ gomumi sanı 4012
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2062
    30.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 26
    Süzlärneñ gomumi sanı 4091
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2166
    30.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 27
    Süzlärneñ gomumi sanı 4051
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2255
    27.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 28
    Süzlärneñ gomumi sanı 3917
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2110
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 29
    Süzlärneñ gomumi sanı 4012
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2185
    31.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 30
    Süzlärneñ gomumi sanı 4010
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2112
    30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 31
    Süzlärneñ gomumi sanı 3933
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2191
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 32
    Süzlärneñ gomumi sanı 3956
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2208
    29.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 33
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2204
    29.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 34
    Süzlärneñ gomumi sanı 2899
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1600
    32.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.