Latin

Атай - 23

Süzlärneñ gomumi sanı 3912
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2163
30.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
47.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
борбогой, жазы маңдай Петр Федорович комузчуларды далысынан сылай тургансып
жайылган колдорун эптүүлүк менен кыймылга келтирип, дирижерлук кыла баштады.
Комуз менен кыяктын үндөрү бирде бөлүнүп, бирде куюлушуп, созулуңку чоюлуп,
кээде тереңге чөмүлгөндөй басаңдап барып, кайрымына келгенде тегиз шыңгырап,
тааныш күү жүрөктү козгой баштады... «Шыңгырама». Бул элге таанымал күү. Оркестр
жана аны түзгөн Петр Федорович элге жаңыдан таанылууда.
Кырка тартып отурушуп, дирижердун таякчасын тиктегендер: Мураталы, Карамолдо,
Атай жана башкалар. Кайсы бирлери бет алдына нотаны коюп алышкан.
Артисттер жалпы билимин көтөрүү менен музыкалык сабатты үйрөнүүгө умтулушканы
да жакшы саамалык.
Петр Федорович оркестрди түзөрдө алдына бир гана максат койгон. Ал максат элдин
сүйгөн күүсүн музыкалаштырып, аны кайра элдин жүрөгүнө жеткирүүдө эле. Аны үчүн
күүнүн мукамын гана берүүгө умтулбастан, анын негизги улуттук өзгөчөлүгүн
сактоону башкы милдетим деп түшүнгөн. Бирок улуттук өзгөчөлүгү мукамында,
кайрымында, комуздун өзүндө жана аткарылышында да бар. Мунун баарын изилдөө
үчүн ага көп жылдар керек эле.
Алгачкы аракет өз жемишин берди. Өзү ишинин тууралыгына жана элге
пайдалуулугуна көзү жеткен Петр Федорович жаңы музыкаларды түзүүгө бет алды.
Мына «Шыңгырама» бүткөндөн кийин эл андан жаңы номерди 1 күткөндөй үнсүз,
кыймылсыз мелтиреп отурушту.
«Мага ушул керек,— деп койду Петр Федорович өзүнчө,— эл күтпөгөн болсо, музыка
түзүүнүн деле кереги жок».
Оркестр «Камбарканды» аткарды. Дирижердин кыймылы токтолор менен зал дүңгүрөп
калды. Өзүн бактылуу сөзген Петр Федорович колун бооруна алып, элге бир нече
сыйра жүгүндү. Кол чабуу басылган жок...
— Петр Федорович ушундай киши,— деди Жаныбек зал тынчтангандан кийин.
— Кандай киши? — Түшүнө албаган Капсалаң ага жакындап отурду.
— Көрбөдүңбү? «Камбарканды да» музыкалаштырып коюптур. Оркестр кандай
жакшы аткарды?!
— Ооба, ошентиптир! — Капсалаң анын сөзүн уламыш болуп, өзүнчө ойго кетти.—
Мунун эмнеси жакшы? Музыка билген киши отуруп алып, бардык күүнү
музыкалаштырып койбойбу?
— Атай Огомбаев!
Ал элге күүлөрү, комуз чертиши жана «Күйдүм чок», «Ой булбул» деген ырлары менен
таанылган эле. «Номурун кайсы чыгармасы менен баштаар экен?» — деген суроо гана
ар кимдин көңүлүндө турду.
Сахнага чыкканда иреңи албырып, көздөрү жайнап туруучу Атай бүгүн эмне үчүндүр
өтө сабырдуу. Конферансье кулактандыра электе эле ал оңдонуп отуруп, комузунун
кулагын толгоду.
— «Эсимде»,— деди конферансье.
Бул ырды эч бир кыргыз уга элек болучу. Жаныбектин жүрөгү туйлап кетти. «Кайсы
ыр» деп сурады Капсалаң.
Сахна тараптагы артисттер өздөрү да көшөгөнүн далдаасынан тыңшап калышты. Бул
ырды азырынча театрдын көркөм жетекчиси, директор гана билчү. Көркөм жетекчи
жашырылган сырыбыз ишеничибизди актар бекен дегенсип, көшөгөнүн четинен башы
көрүнүп калганына карабастан, Атайга тигилди.
Обон жай жана мукамдуу башталды.
«Жайдын гана толук ай, көзинде
Адырлуу тоонун бетинде»...
Үндү комуздун күүсү коштоп, күү басаңдаганда обон созолонуп, ырдын аягы кол чабуу
менен дүңгүрөп турду.
Кыйкырыксүрөөндү ошондо көр. Атай «Эсимдени» эки-үч жолу аткаруу менен элдин
суроосун араң токтотту...
— Бул кандай ыр дейсиңби? — Атайды окууга үйрөткөн ушул ыр экендигин
Жаныбек жолдошуна кыскача баяндады.— Мен окууга жарабаймын дечү эле. Шык
кандай боло турганын куп түпгүндү да...
— Мына искусствонун күчү! — Капсалаң катуу күрсүндү.— Мен айтып
жүрбөймүнбү! Искусство!
—Тишши! — деген үн чыкты...
Театрдан чыгышкандан кийин Капсалаң уйгө жеткенче ойлуу келип, Жаныбек экөө өз
бөлмөлөрүнө бөлүнүшөрдө «токточу» деди.
— Мен искусство жагына өткүм келет!
Жаныбек ийнин куушуруп тим болду. Анткени анын искусство жагына өтөм дегени,
өзүнө көндүм болгон, коомдук тамактын бир тармагынан экинчисине, мисал үчүн,
оокат бышыруудан татты нан даярдоого которулайын деген сыяктуу туюлду.
***
Кыргыз театрынан филармония бөлүнө тургандыгы капкачан эле угулган.
Театр жыл сайын атайын билими бар жаш актерлор жана режиссерлор менен
толукталууда. Элдик өнөрпоздорду драмалык спектаклдерге, ал эми драмдын
артисттеринин конңертке чыгышы, хорго кошулушу алардын чеберлигин өстүрүүгө
жардам бермек түгүл, тескерисинче бирибирине жолтоо боло баштады. Баарыдан да
Шаршен куудул бир жолу драманын актеру катарында сахнага чыкканда эстен кеткис
окуя болду. Жусуп Турусбековдун «Ажал ордуна» трагедиясы жүрүп жаткан. Сахнада
Кытайга качып барган бечара кыргыздардын кайгылуу турмушунан бир көрүнүш.
Кыздар бир табак талканга сатылып, көз жашы көлдөп, Ата-энелердин муңу жүрөктү
титиретет. Ошондо кыз алууга келген мырзалардын биринин ролун аткарган Шаршен
кыйшалаңдап чыга калганда көрүүчүлөр дуу күлүшөт. Муңзардын сценасынын касиети
качып, ошол оор сүрөт күлкүгө айланат... Шаршен ошондон кийин драмалык роль
аткаруудан биротоло четтетилет.
Актерлорду жана администрацияны бөлүштүрүү алардын жөндөмдүүлүгүнө, шыгына
жана өз каалоосуна жараша жүргүзүлдү. Көзек Жаныбекке да жетти. Ал бир аз
буйдалды. Өзү драмада ойноп жүргөн, бирок канжаны ырчы жана көмузчулар менен.
Башкача айтканда Жаныбектин өзү үчүн драм театр керек, элдик өнөрпоздорду ойлосо,
филармонияга өтмөк. Драм театрдын коллективинин күткөнүндөй болбой, Жаныбек
филармонияны тандады.
Ошентип, Жаныбек жаңы түзүлгөн филармониянын адабий бөлүмүн башкармак болду.
Шаршен, Атай, Мураталы, Карамолдо, Калык, Осмонкул, Муса — баары аны жаңы
оруну менен куттукташып, тамашага алышты.
— Мурун эки тарап болуп, кыйналып кеттиң эле... Эми өз колубузга тийдиң.
— Драмга барсаң, ролду Шаршенден артык аткара албайт элең.
— Алардын баары билимдүү, окутар окуучуң жок, кызматыңан бөөдө бошомоксуң.
Айтор ушу сыяктуу тамашалар, күлкү...
Чынында эле тыягына да, быягына да чуркап, Жаныбек алагды болуп жүргөн. Бүгүн
филармония бөлүнүп чыккандан кийин гана драмалык актер болуу максаты эместигин
сөзди. Бирок бу сакалдуу окуучулардан эмне үчүндүр ажырай албай тургансыйт. Эмне
үчүн андай? Же өзү ырчы, комузчу болбосо, же композитор болбосо...
Элдик өнөрпоздордун нак ортосунда көк сакалын жайкап кубанычтуу отурган
Мураталы анын көңүлүн бөлүп, ойго салды. Кыргыз күүлөрү өзүнчө чалкып жаткан
миң сырлуу дария, чети оюлбаган кенч. Ал жөнүндө илимий изилдөөлөр мындай
турсун, жыйноо жана үйрөнүү жаңы гана башталды. Кыргызда адам изи чалбаган
музыка дүйнөсүнө биринчи жолу чалгын чалган орус музыковеди Затаевич, аны
үйрөнүп, оркестрге сала баштаган Петр Федорович Шулыин.
Алдыда эбегейсиз зор милдеттер турат. Жаныбекти кызыктырып, азгырып, актерлук
кесибин таштаткан кереметтүү күч — кыргыздын элдик музыкасы.
Мына, күүнүн Камбар атасынын дал өзүндөй болуп, көк сакалын жайкаган Мураталы
карыяда канчалык катылган кенч бар. Кыргыздын гана эмес, ирегелеш казак
туугандардын күүлөрүн чертиши, билгичтиги жагынан, уламалыгы жагынан мунун
астына чыга турган киши жок.
Жаныбек калдалаңдап, ылдамдай басып келди да, Мураталыга колун берди:
— Аксакал, кыргыз музыкасынын Камбар атасы, жаңы конушуңуз куттуу болсун!
Мынчалык чоң сөздү күтпөгөн карыя аны ормое карап, колун алды:
— Ыракмат, балам. Конушубуз бирге болсун! Жаныбек анын шадылуу бырыш
колун өпкөндө тургандар кол чаап жиберишти.
Мураталы бу адаттан тышкары нерсе — деп чоочугандай колун тартып алды:
— — Бул эмнең?
Сонун күүлөрдү жаратканы үчүн...
— Сонун күүлөрдү жараткан эмне экенин билгиң келсе, бул! — Карыя ага
бырыштуу чекесин көргөздү.
Курчап тургандар каткырышты.
— Аксакалдын сөзүнүн мааниси бар.— Жигит буулуга үн катты.— Эмнеге
күлөсүңөр? Бая күнү Атай «Эсимдени» алганда да күлдүңөр. Аягы эмне болуп чыкты?
— Биз жөн эле...
— Балам, булардын жөнү ушундай. Аны өзүң да билип калдың го.— Мураталы
чөнтөк саатын карап алып, топтон бөлүндү. «Токтой тур»,— деген сөзгө карабай
Жаныбек ага ээрчий чыкты.
Али эрте күз. Көчө боюндагы дарак көк жашыл. Сабагы чириген жалбырактар гана
мөзгилсиз саргайып, кичине жел турса калкылдап түшө баштаган.
Көчөдө эл аз. Бирок атчандар, жөөлөр, машиналар жана арабалар аралаша
жүргөндүктөн жол чаңдап, кыймыл жандуу сыяктанат. Мураталы жолдон учурашкан
кишилер менен саламдашып, басып жүрүп отурду.
Убакыт өткөн сайын чоң жол түзөлүп, майда тамдар чоңоюп, кичинекей шаар өсүп
баратат. Театр студиясы жаңы уюшулган жылдары тигилген дарактар көк тиреген
чынар болгон. Жаңы окуу жайлары ачылып, айылдан келген жаштар көбөйүүдө. Шаар
өзү да жаш, эли да жаш, сүйкүмдүү борборго айланууда. Азыр Мураталы менен сөз
сүйлөшүүгө дилгирленип ээрчип келе жаткан жигит студия ачылган жылдары кишинин
үстүнө кирүүдөн уялган өспүрүмдүр. Азыр көрбөйсүңбү, эл аралаган эски
өнөрпоздорду окутуп, көптү билген кишиче, жарыбагыр, сыр алышканы келе жатабы
деп ойлойт карыя.
— Аксакал, сизден сөз сурайын дедим эле.— Мураталы үйүнө жакындаганда,
жигит токтоло калды.
Баланын жашырын сөзү барбы дегенсип, карыя үйгө кирбей кулак салды.
— Сурай гой.
— Атайдын окуу үйрөнгөнүндөй окуя сиздин башыңыздан да өткөн чыгар...
— Сурарың эле ушулбу?
— Ушу сыяктуу...
— Ой, жолуң болгур десе! Бул, экөөбүз жашырын сүйлөшө турган сөзбү? Кир
үйгө?
Жаныбек карыянын үйүндө биринчи болушу. Эки бөлмөдөн турган тунукелүү үй.
Тактайдын үстүнө шырдамал төшөлгөн, төрдө эки бүктөлгөн көлдөлөң. Алар
отурушканда оозгу бөлмөдө жүргөн байбичеси бул кайсы бала дегенсип, бери кирип
келди.
— Апа, күүлүсүзбу? — Жаныбек тура калды.
— Шүгүр! Отура гой, тегеренейин! Сен кайдан келген баламсың?
— Театрданмын...
Маасычан болуп, башына жука боз жоолук салынган байбиче мейман бала менен толук
таанышкансып, кайра оозгу бөлмөгө кетти.
Мураталы эски туш кийиздин үстүндөгү узун мыкка илинген комузун ала отурган.
Мугалим бала анын күүсүн угууну каалайбы, же жооп угуп кетүүгө шашылабы? Андай
ой абышканын башына келбегендей кандайдыр бир эң эски күүнү кыңгыратат.
— Балам, бу кимдин шыңгырамасы экенин билесиңби?
— Жок.
Адатта комузчулар өз мейманын күүнү түшүнсө гана жакшы сыйларына, куйма
кулактарды жактырбай турганына Жаныбек канык эле. «Эч нерсе билбейт экен»,— деп
абышка мени менен сүйлөшпөй коебу деп, кадиксинип калды.
— Билбегениң ырас.— Мураталы күңгүрөндү.— Атам ыраматылык ушинтип
чертчү эле.
«Күрөңкөнүн шыңгырамасы» деген күүнү Карамолдо, Ыбрай, Чаке кээде өзүнчө
чертишчү. Бул күү көпчүлүктө аткарылбагандыктан эл да, башка комузчулар да билчү
эмес. Эгер Мураталынын көзү өтсө, Күрөңкөнүн озүнө окшоп «шыңгырамасы» жана
башкалары да эскерилбей калчудай.
Жаныбек үйгө кирер менен суроолоруна жооп угуп, кечикпей кайра кетмек. Бирок
аңгеме анын каалоосуна жараша башталбай, үй ээсинин адатына жараша баштала
тургансыды.
Алдыга чай коюлган көзде жигит үзүлгөн сөздү уламак болду:
— Атаңыз чоң комузчу болсо керек.
— Балам, оокатка кара! — Мураталы ага жооп берген жок, эң мурун нандан үзүп
жеп, анан колуна пияланы алды. Жаныбек да ага ээрчиди.
Чай ичүү узакка созулду. Мейман жигит пияласын көмкөрүп койгондон кийин, байбиче
чайды экинчи жолу демдеди.
Тамак ичүү учурунда келимкетим гана сөз алмашылганы болбосо, аңгеме узатылган
жок.
Узак паузаны Жаныбек оюна пайдаланды. Ал Мураталынын эски комузчулардын
өкүлү, өзүнүн салтын таштабаган, бир сырдуу кызык кишилердин бири деп ойлочу.
Анын билгени ушул эле. «Ушу да кишини билгенге жатабы»? деген суроо көңүлүнө
азыр келип отурат. Күрөңкө чоң комузу... Чоңдун да чоңу болсо керек. Илгерп ал
Чынгышбай деген комузчудан жеңилиптир. А, Чынгышбайды боз улан курагында бир
гана күүсү менен жыккан Мураталыны кандай комузчу деп баалайсың?! Ушундай
залкар адам кийинки жылдарда концерттерге комузу менен чыкпай кыягы менен
чыгышы кандай? Эгерде комузду таштаган болсо, минтип чертип отурбайт эле го.
Дасторкон жыйылганда Мураталы кайрадан комузун колуна алды.
Анын азыркы кош кайрык болуп угулган күүсү Жаныбекке тааныш эле. «Мураталынын
шыңгырамасы».
Атасы менен баласынын күүлөрүндө коендой окшоштук да, аттын кашкасындай
айырма да бар. Окшош жери: экөөнүн күүлөрүндө да кылымдарды аралап келаткан
армандуу кыргыз жана анын тилеги айтылат. Айырмасы: ошол армандуу кыргызды
атасы менен баласы гки түрлүү сүрөттөйт. Бул өзгөчөлүктөрдү байкоо үчүн жана
үйрөнүү үчүн көп убакыт керек. Жаныбек эң мурун Мураталынын өзүн түшүнбөй
туруп, күүсүн түшүнө алабы?
— Кыргыз жаштары комузчулардын өмүрүнө кызыкчу эмес эле? Кыргыз күү угууну
гана сүйөт...— Башын бир жагына кыншайтып күү кайрып отурган абышка комузун
чукулунан токтотуп, мейманына бурулду.— Сен, мени ойго салдың го. Билгенимди
айтып берейин... Ал сакалын сылап койду.— Атайдын окуясындай окуя менин
башыман өткөн жок. Ал убакта заман башка: көзит да, сага окшогон мугалим да жок...
Мен туулуп өскөн доор, менин тагдырым, башыман өткөндөрүм таптакыр башка.
Жаныбек каалаган жообун укту. Күткөнү ушул беле?
Ал кымызды көрүп суусуну канмак түгүл, ого бетер чаңкаган кишиче аңгеменин
уланышын тиледи.
Эх, комузчу! Сенин сырың ушунчалык купуя беле? Эгерде сырың кол жетерлик жерде
болсо, күү бүткөндүн баарын билген, баарын черткен таанышман Мураталынын сыры
элге эмне үчүн шардана эмес.
Көп комузчу өзүн гана билет, көзү өткөндөн кийин өзү да өтөт. Бул кылымдардан
келаткан салт.
Затаевич жана Виноградов менен аңгемелешкенден кийин күүнүн мааниси терең
экенин жана ага эл кызытарын жаңыдан баамдап калган абышка баланын каалаган
суроолоруна жооп айта берем деп күтүп отурду. Бирок орус музыканттары менен
Жаныбектин музыка жөнүндөгү түшүнүгү асман менен жердей эле. Затаевич менен
Виноградов эмне жөнүндө сурарын билишчү. А, Жаныбекке, аксакал билгендерин өзү
эле айта бериши керек эле.
Жаныбек түгүл, Затаевич да күүнүн сырын ача албай арманда калган учуру болгон. Бул
1928-жылдагы окуя. Токтогул, Мураталылардын күүлөрүн ал нотага алып жаткан.
Ошондо Токтогул музыкантка «Чоң кербезин» өзгөчө табыштайт. Анын сөзүн
тилмечтер да жеткире алышпайт. Токтогул да, Затаевич да өкүнүчтө калат...
Жигит ойлонуп алсын дегенсип, Мураталы «Көкөй кестини» чертти.
Бул эмне үчүн мынчалык муңдуу? Замананын адилетсиздигинен колуктусунан
айрылып, камалып, Кытай жерине качып барып, карыганда туулган жерине кайрылып
келген Капалдын өмүрү ушунчалык оор болгонбу? Же башынан өткөн окуя кичине
болсо да, талантынын кудурети менен чоң күүгө айландырганбы? Аны ким билсин! Эл
«Көкөй кестини» гана билет.
«Көкөй кестини» атактуу Токтогул да чертчү. Азыркылардан Карамолдо менен Атай
мыкты кайрыйт. Токтогулдун чертишинде «Көкөй кести» башкача кайрылат.
Бул күү Мураталынын өзүн эске салуучу.
— Балам, кандай экен? — деди ал.
— Сөз жетпейт!
— Капалдын күүсү ушул.— Жаныбек анын сөзүнө макул болгон жок:
— Капал ушинтип чертчү бекен?
Мураталы мурутунан жылмайып коюп, өз комузу менен кеңеше баштады.
— Мен Капалды көргөнүм жок. Атам ыраматылык «Капал минтип чертчү эле» —
деп кайрыганы ушул.
«Көкөй кестинин» азыркы чертилиши кадимкисине окшободу. Кайрымдары аз, мукамы
күйөөсүнүн күйүтүнө туталанбай, кааданы сактап гана ыйлап отурган жесир аялдын
кошогундай...
— Мутаке! Сиз муну жапжаңы күүгө айландырган турбайсызбы!
— Ээ, балам! Несин айтасың? Бир кезде ушул чертилишинде эле муңдуу кишини
жашытууга жароочу.— Мураталы байбичесин чакырды.— Чай апкел! Куу бала
капкайдагы немелерди козгоду го.
— Ыракмат, чайга кандым! — деди Жаныбек.
— Алып келе бер! — Үй ээси көнгөн жок.— Мейман сыпайкерчиликтүү болот...
— Мейманыңызды зордойсузбу? — деди байбичеси.
— Ээ, алып келе берсеңчи. Чынынын алдыда турганы жакшы.
Чал копшолуп кенен отуруп, сакалын эки колу менен алмаксалмак сылап коюп,
дасторкондун бүктөөсүн жазып, кайрадан комузун алды. Шадылуу жоон салаалары
кылдарга урундубу, жокпу, айтор, күңгүрөнгөн коңур үн көтөрүлдү.
— Балам, мен «Көкөй кестини» жаңыртайын деп ойлогон эмесмин. Менде андай
максат жок... Мен да бир көзде Капал сыяктуу каңгырап калдым. Бирок жалгыз эмес
элем, эл менен болдум...
Карыя 1916-жылы Кытайга качкан кыргыздардын арасында көргөн азаптарын эстөө
үчүн кээде комузду кыңгыратып коюп, сүйлөй берди:
— Мен бакыт издеп башы маң болгон элди көрдүм... Адамдын каны суудай
акканын көрдүм... Бөтөн жерде кайыр тилеген карыптардын арасында жүрүп, ЧоңКеминди, мелмилдеген Ысык-Көлдү жана Кең Таласты сагынып ыйлаганда ушул күүнү
черттим. Мен ошондо Капалдын кайгысын, же өзүмдүн кайгымды, же жалпы журттун
кайгысын чертип калганымды билбейм... Өктөбүр төңкөрүшү болбосо, көкөйүбүз
биротоло кесилмек. Бул сөздү кишиге айтуудан көрө комуз менен баяндоону жакшы
көрчү элем. Сага кайдан айттым? — Абышка күлүп койду.
Байбиче сөз кызып, чынылардын буусу басылгандан кийин кетип калган.
Мураталынын казнасынын оозу жаңыдан ачылды, эми аны менен таң атканча отура
бер: кыргыз эмес, казактын күүлөрүнүн тарыхынан бери сайрап берет... Аны менен
мурда сүйлөшүп көрбөгөн Жаныбек аксакалдын: «Убактысын коротуп, убара
кылдымбы» — деп өзүнөнөзү кооптонду.
— Дагы эмнени сурайсың? — деди абышка.
— Түшүндүм аксакал! Сизге чоң ыракмат... Убара кылгандыгым үчүн кечирип
коюңуз.
— Эмненин убарасы? — Мураталы анын кетүүгө камынганын көрүп, тийиштире
суйлөдү.— Төз эле түшүнө калганың жакшы экен. Москвадан келген кишилер мени
менен эки-үч күнү бирге жүрүп, кеп сурашар эле. Барагой, балам!
— Кошуңуз! — Жаныбек эшикке чыгарын чыгып, аябай өкүндү.— Мени шайтан
кубаладыбы? Абышка сүйлөгүсү келип отурду эле.— Кап! Шашмалыгым!..
***
Жаныбек чоң комузчуларга Бир-эки жолугушуу менен мүдөөсүнө жете албасын, аны
үчүн өзүнө алдын ала даярдык керектигин, филармонияда гана бирге жүрүу аз
экендигин, алар менен жакын жана сырдаш болуу зарылдыгын сөзди. Шашпа,
Жаныбек, шашпа!
Ал шашылган жок. Атай менен кадимкидей аралашып, достошкончо арадан бир жыл
өттү.
Бир күнү аны Атай үйүнө чакырды. Жаныбек эмне үчүндүр толкундады. Аны жөн гана
мейман болууга чакырбаганы белгилүү. Атай Москвага барып, элдик аткаруучулардын
Бүткүл союздук конкурсуна катышып, анда биринчи сыйлыкка жана лауреат деген
ардактуу паамга татыктуу болуп кайткан.
Москвада атактуу комузчунун Ак боору менен чертилген «Ак тамак, көк тамагын» —
жаштыктын, сулуулуктун жана махаббаттын күүсүн угууну эңседи. Бул күүнү ал бир
гана жолу уккан. Бирок аны автор жөнөкөй комуз менен аткарганын гана көргөн.
Балким зор. атакка ээ кылган жаңы комузудур деп ойлоду.
Жаныбек өзү да кур кол жөнөгөн жок. Жусуп Турусбековдун соңку китебин белекке
камдаган, анда «Эсимде» деген ыры да бар эле.
Жаныбек биле элек нерсе али көп. Атай комузчулар ансамблин түзүү үчүн
шакирттерин даярдап жаткан. Алдыда кыргыз искусствосунун Москвада
өткөрүлүүчүдекадасы күтүп турган.
ТАЛАА ЖЫЛДЫЗЫ
(повесть)
Назар карыя акысын төлөп бергендөн кийин да, таксини токтотуп туруп, алкышын
кайталай берди:
— Рахмат, балам! Көп жаша! Мени убаралантпай... Шаарды баягы жылдагыдай эле
деп болжосом...
Машинанын моторунун дабышынан карыянын сөзү ачык угулбады. Ашыгып турган
шофер жигит кош айтышуу иретинде башын ийкегенде машина ордунан козголду.
— Атаа! Ырас болбодубу! — Карыя чакан кол чемоданын кетөрүп, бет алдындагы
эки кабат саргыч үйгө киргенче күбүрөп, эшиктин алдыпда олтурган аялдын тушунан
өтө берип, кайра кайрылды:
— Сиз билесизби, Назаров ушул үйдөбү?
— Кайсы Назаров?
— Назаров Бек. Менин уулум. Мен анын атасы болом.
Түшундүм, өзүм да көрүп турам дегенсип, аял жылмайып ордунан туруп, анын жанына
келди.
— Ушул тепкич менен экинчи кабатка көтөрүлүңүз. Сол жагыңыздагы экинчи
эшик сиздин балаңыздыкы...
— Маржа, сага ыракмат! — деп, Назар экинчи кабатка чыкты.
Май айы... Ал желең күрмөчөн, калпакчан болсо да, машинанын ичинде эле нымшый
баштагаң. Эми экинчи кабатка көтөрүлгөнчө бүткөн бою чылпылдап баратты.
Бул эки кабат имарат уулунун иштеген мекемеси же жашаган үйү экени белгисиз.
Анысы катта да ачык жазылбаган эле. Бирок эмнеси болсо да, куттуу болсун, жакшы
жерден жай алган экен деп ойлоду.
Ал заңгыраган коридор менен келатып, сол жактагы экинчи эшиктин тушуна жеткенде
токтоп, чокчо кара сакалын сылап ойлоно калды. Шаардыктарга окшоп өтө эле кичи
пейилдикти жактырбаса да, дагы кандай учурда кирип барар экенмин дегенсип,
этияттанып, каалганы, чыйкылдатып сүйөп ачты. Төрт тарабынан керилген камсурпту
бет маңдайына коюп, сүрөт тартып турган жигит көзүнө чалдыкты. Бүйүрмө көк шым,
чолок жең боз көйнөк кийген жигит аркасын салып турса да, көзүнө жылуу учурады.
Жүрөгү ысый түштү. Иштеген ишине ыкластуулугу, желкесинин чукурунан бери
ошонун өзү. Карасаң, эки жакка көңүл бурбайт, эшиктин ачылганын да байкабай
калды.
Анын көңүлүн бөлбөйүн дедиби же көз сагынычын таратып алайын дедиби, карыя
сакалын апчыган бойдон эшиктин оозунда туруп калды. Оозун күбүрөтүп, ичинен
бирдемелерди айтты. Мүмкүн башка бирөө көптөн бери көрүшпөгөн баласына туш
келсе минтип, өзүн-өзү токтотуп тура албас беле. Байбичеси ошону үчүн «уулуңа таш
боорсуң, мээримсизсиң» деп жемелер эле.
Назар көңүлчөк, жүүнү бош эркектерди жактырчу эмес. Күрмөсүнүн топчусун
чечинип, көйнөгүн желпинип, бети-башындагы терин сүртүнүп, тамагын жасанып
койду. Тааныш дабыштан улам Бек селт этти. Артына жалт бурулуп, бакырып ийди:
— Ата! Ассаломалейкум!
— Валейкимасалам! — Назар уулу менен күндө көрүшүп жүргөнсүп, адатынча
токтоо гана учурашты. Анын иреңинде эми эле эшикти ачкандагы толкундоо,
сагынычтуу көз караш жок... Карыя эми уулу кандай жерге жайланышканын баамдай
баштады. Сыртынан бараандуу көрүнүп, ичине киргенде киши токтоло турган эч
нерсеси жок ушул жайды мекемеге да, квартирага да ылайык көрбөдү. Мекеме деген
мекемедей болуш керек. Телефону, көк нооту жабылган чоң столу, кирипчыгуучу
кишилер отургудай орундуктары кана? Баласы анын ден соолугу, апасынын,
айылдаштарынын аман-эсендигин сурап жалпылдап жатканда атасынын көңүлү
мекемеде турду.
— Бул сенин иштеген жериңби, же сүрөт коюла тур, ган камнаңарбы? к
Суроо катуу тийсе да, Бек акырын гана:
— Иштеген жерим... .
— Аа, мекемең турбайбы! — Карыя сустая түштү. Баласы көрсөткөн орунга
отуруп, бет маңдайына желдеткич коюлуп, бою чыйрала баштаса да, эми ал үчүн бул
мекеменин кызыгы калбагансыды. Сүрөт... Туш-туштун баары сүрөт. Сүрөт керек
болсо райондон, жадаганда колхоздун клубунан, каалаган жеринен көрөт эле го. Ал
уулун көрүп, анын турмушу менен таанышып, эмне деген киши болгонун билүү үчүн
алыстан келбедиби.
Бек атасынын иренжигенин байкаган жок. Жөн элө чарчап, жолдо урунду болгон чыгар
деп ойлоду.
— Ата, адашып убара болгон жоксуңбу? Кантип таап келдиңиз?
— Кантип таап келгенимди өзүм да билбей калдым. Такси деген бар экен го...
— Келериңизде телеграмма берүүңүз го. Өзүм тосуп алат элем.
Телеграмманы эмнеңе бермек элем деп, айтып жибере жаздап барып, сакалын сылап,
сабыр этти.
Бек абышканын кыртыштап турганын сөзип, жумуштарын жыйнаштыра баштады.
Атасын үйүнө ээрчптип барып эс алдырып, ысык чай берүү керек эле.
Бирок үйгө келгенден кийин атасынын кабагы ого бетер дүрдүйө баштады.
Бектин квартирасы эки бөлмөдөн турат. Андан тышкары ашканасы бар. Шаарда
бойдоктор түгүл, чакан бүлөлүүлөр үчүн мындай квартира табуу кыйын. Бектин
чыгармачылыгын эске алып, аны сыйлагандыгы үчүн гана эки бөлмөлүү квартира
беришкен.
Назар да квартираны кичине, тар деп жипкирген жок. Эки бөлмө тең ар кандай
сүрөттөргө, чала иштелген эскиздерге, кагаздарга, китептерге толуп, үй боек жыттанып
турушуна гана куйкасы тырышты. Үйдө көзгө көрүнөрлүк эмерек, төшөнчү орун түгүл,
казан-аяк жок. Болгону жалгыз керебет.
— Балам, мени каякка ээрчитип келдиң,— деди Назар үйдү бир сыйра кыдырып
чыккандан кийин.
— Үйгө...
— Ушундай да үй болобу? — Абышка муруттарын сербейтип, ээрдин тиштеп
отуруп калды. Бек аны байкамаксан болуп, үй кийимин кийишип, чай кайната баштады.
Ал баласы өз оокатын өзү жасаарын ойлогон да эмес Уулу ашпоз аялга окшоп,
алжапкыч тартынып, оокаг жасай баштаганын көргөндө «сайпана» болуп калган тура
деп, анысына да кыжырланды. Мүмкүн, мындан башка да мандемдери бардыр. Дагы
байкап көрүп, акырында гана бир жолу сүйлөшөйүн деген акылга келди. Ал
майдачүйдөнү көргөн сайын чырылдай берүүчү кишилерден эмес. Таарыныч,
кыжырлануу, нааразылыкты канча болсо да көтөрүп жүрө берип, тежеп күч келип
бүткөндө кымындай шылтоо табылса, ачуусу арашандай атылып чыгар эле. Анын бул
мүнөзү уулуна жана сырдакана тааныштарына да белгилүү.
Атасынын бул келиши кантсе да баласы үчүн купуялуу туюлду. Кеп анын тымызын
келип, баласынын турмушунан чоочуркап отурушунда эмес.
Назардын көңүлүнө пикир туулушу уулу армиядан кайткандан бери башталган. Бул
мындан бир нече жыл мурдагы окуя эле.
Бек армияга чакырылуудан мурда Фрунзедеги сүрөтчүлөр окуу жайын бүтүрүп,
художниктер Союзуна кирген. Ар кандай сүрөтчүлүк жумуштарды аткарып жүргөн.
Бирок, өз алдынча чыгармачылык өмүр жаңы гана башталганда армияга кызмат
кылууга туура келип, чыгармачылыгы башталдыбы, жокпу, чыныгы чыгармачылык
жолго түштүбү, жокпу — ошого көзү жете албай: калган. Ырас, окуп жүргөн учурда
жана иштей баштаган убактарда жакшы бааланган жумуштары бар эле. Бирок ага өзү
эмне үчүндүр канааттануучу эмес. Өмүрда, чыныгы чыгармачылык да алдыда — баары
алда көрүнүчү.
Бардыгы алдыда, баарына келечекте жетем го деген таттуу үмүт асыресе жаштар үчүн
мүнөздүү. Кайсы бири ушул үмүттү шоок кылып жүрө берип, мүмкүнчүтлүктүн баары
кандайча артта калып, убакытты кантшг уттурганын билбей калышат.
Бек үмүткөрлүккө алдануу коркунучтуу жана опосуа экендигин армйяда жүргөндө
сөзди. Баарына келечекте жетем дегенсибей эле, урунупберинип, көздөгөнүн,
каалаганын, билгенин тартынбай, талыкпай иштей берүү керек эле. Билгени аз болгону
менен, көздөгөнү жана каалаганы көп эле го. Ага тарткынчактык кесир болду эгерде
тартынбай иштей берсе, күчүнүн канчалык, жөндөмдүүлүгү канчалык экендигин да
сөзмек.
Бир нерсени каалоо, бир нерсеге берилүү, дайыма ошол элестин соңунда жүрсө да,
анын эмне экендпгин ачык түшүнбөө кээ бир жаштарды басмырттатып же делбээ
кылып жиберет. Мындай сөзим Бекте сүрөтчүлөр окуу жайында окуп жүрүп, дүйнөлүк
мыкты художниктердин өмүрү менен таанышканда башталган. Ошондон тартып, ансыз
да токтоо жигит башкаларга улам басмырттап бараткандай сөзилген. Жолдошторунун
арасында жана башка чөйрөлөрдө өзүн өгөйлөп, кампанияга жана тамашаларга кошула
албай, өзүнөн өзү комогойлонуп туруучу. Жолдоштору, айрыкча кыздар анын
комогойлугун «жөн эле жашоону билбегендик» деп баалаша турган.
Мындай сөздөрдү, жемелерди Бектин кулагы чалса да, ага капаланчу эмес.
Армиялык кызмат, туулган жерден бөлүнүү анын өмүрү үчүн бир жаңылык ачкансыды.
Ал өзүнүн да, жолдошторунун да кадырына жетпегендигин, күндөлүк агым менен гана
калкылдап, аны өзүнчө жиреп чыга турган жол таба электигине түшүндү. Ушундай
көптү билген окутуучулары, кыйышпас шыктуу жолдоштору менен бирге, эмнени
иштейм десе да колдон келет эле го. Буга Бек өзү айыптуу экендигин, өзүнүн
мококтугу, кашаңдыгы, башкаларга батымсыздыгы, үмүт менен гана жашоосу айыптуу
екендигин түшүндү.
Тынчтык күндөрдүн солдаты өзүнүн күндөлүк күжүрмөн иштерине кыйналчу эмес,
көбүнчө эртеңки күн, эмгек жөнүндө ойлоор эле.
Ошентип жүрүп, армиядан кайтканда оболу бир аз эс алуу үчүн туулуп өскөн жерине
келет. Айылдык жерде армияга барып келүү, кыз узатып, келин алуу сыяктуу өзүнчө
той эмеспи. Бек бир ай бою өз үйүндө, Ата-энесинин маңдайында кенен отуруп, бирге
оокат иче албады. Коноктон конок... Өз үйүндө да коноктор менен.
Бош убактарында бейкут балалыгы өткөн жерлерди: көк майсандуу чоң сазды,
көпөлөктүү көк жонду, балык алчу тоо өзөнүн жалгыз өзү нечен жолу кыдырып чыгат.
Алыста жүрүп, туулган жерди эстегенде, ошол, балалыгындай сүйкүмдүү орундары
көңүлүнө биринчи келе калар эле.
Жер да, суу да, саз да баягысындай. Бирок аны менен бирге ойноп, бирге өскөн
курбулары жок, бул жер ээн калып, өзүн тобунан, катарынан адашкандай сөзет.
Алардын баары кайда? Бири колхоздо, бири райондо, дагы бири шаарда — ар
кимисинин жонунда өзүнчө турмуш жүгү. Эми чоң сазда, тоо суусунун боюнда, көк
жондо өкүм сүргөндөр — Бектин бир көздеги курбалдарынын балдары. Аны Бек
кимдин балдарысыңар деп сүрүштүргөндөн кийин гана билип, эми жолдошторунун
балдарына теңтуш болуп калганын көрдү. Мына, тагдырдын шылдыңы! Балдардын аны
менен иши эмне?! Илгери болгон экен... деген сөз кулактарына киреби? Бул жердин,
оюндун, балалык ыракаттын ээлери ушулар... Бек өзү турмуштан артта калып, артта
болбосо да, бир нерседен өксүгөнүн сөзди. Балалыгы өткөн татынакай жерлерге да
баргысы келбей калды. Ал орундар өзүнө жарашыктуу мойтоңдогон жаш ээлерин
тапкан. Анын издегени, турмуштагы орду кайда?
Анын Ата-энесинин ойлогон ою такыр башка эле.
Ушул айылда Сеит деген мектеп директорунун онунчу классты жаңы гана бүткөн
Жыпар аттуу кызы бар. Эки баланын көңүлү жарашса, ушу кызды келин кылып алсак
деп тилешчү. Бул тилекти оюнчынга аралаштырып, Сеиттин үй-бүлөсүнө да каңкуулап
жүрүшчү. Алар да «калың төлөгүлө!» деп тамашалашып калчу.
Бул сөз Жыпарга жөн гана тамашадай угулчу. Ага ызаланып, туталанчу да эмес. Ал
жигиттин ким экендигин, кандай экендигин көрбөгөн да, билбеген. Бирок ал эл оозунда
көп айтылгандыктан, анын кандай неме экенин бир жолу көрүп койгусу да келчү.
Бек армиядан келген күнү айылдаш аксакал, көксакал, катынбаладан бери түп көтөрө
келишип, аны менен учурашты. Жаш солдат аскер көйнөгүнүн сыртынан курун
адаттагыдай бекем курчанып, жакасынын топчусун чечип коюп, келгендердин чоң,
кичисин ылгабай тура калып учурашууда... Бети тамылжып, анын дидарынан
кубанычтан башка нерсе сөзилбейт... Ата-энеси менөн бирге Жыпар да келип
амандашканда жаш солдат аны теше тиктеп туруп, «Ийи, садага чоңойдуңбу?» деп
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Атай - 24
  • Büleklär
  • Атай - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3988
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2335
    27.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 4007
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2310
    29.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 4007
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2169
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 4040
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2261
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3933
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2230
    28.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3945
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2172
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 4017
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2331
    30.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 4025
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2330
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3903
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2184
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3925
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2231
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3901
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2142
    30.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3803
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2123
    28.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3820
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2144
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3859
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2264
    28.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3978
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2233
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2311
    27.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 17
    Süzlärneñ gomumi sanı 3985
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2360
    28.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 18
    Süzlärneñ gomumi sanı 3950
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2190
    29.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 19
    Süzlärneñ gomumi sanı 4029
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2314
    29.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 20
    Süzlärneñ gomumi sanı 3939
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2204
    28.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 21
    Süzlärneñ gomumi sanı 3850
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    30.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 22
    Süzlärneñ gomumi sanı 3844
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 23
    Süzlärneñ gomumi sanı 3912
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2163
    30.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 24
    Süzlärneñ gomumi sanı 4047
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2003
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 25
    Süzlärneñ gomumi sanı 4012
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2062
    30.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 26
    Süzlärneñ gomumi sanı 4091
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2166
    30.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 27
    Süzlärneñ gomumi sanı 4051
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2255
    27.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 28
    Süzlärneñ gomumi sanı 3917
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2110
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 29
    Süzlärneñ gomumi sanı 4012
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2185
    31.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 30
    Süzlärneñ gomumi sanı 4010
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2112
    30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 31
    Süzlärneñ gomumi sanı 3933
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2191
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 32
    Süzlärneñ gomumi sanı 3956
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2208
    29.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 33
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2204
    29.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 34
    Süzlärneñ gomumi sanı 2899
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1600
    32.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.