Latin

Атай - 15

Süzlärneñ gomumi sanı 3978
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2233
29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
42.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
калпты соктурду деген¬сжп, Чырым мурутунан күлдү. Уулжан айтарын айтып,
кызарып кетти.
«Мына жандын экиге бөлүнгөнү! вл мындаиды вки жүздүүлүк деп аташат. Шерменде...
Баарына кайылмын, кудай эми жашырын ишти жабык бөйдон калтыр» — деп келин
өзүнчө тилек тиледи.
«Кыңыр иш кырк жылда билинет» — дейт. Байкуш Уулжан, сенин сырың, балким,
таптакыр билинбей каЛар. «Өлсөк да эч кимге сыр айтпайбыз» — деп Чырым экөөңөр
шилекей алышпадыңарбы!..
Чырым үчүн бекер оокаттын үстүнө бекер аял кошулду. Досу менен да баягыдай.
Убакыт күлпөт менен өтө берди. Шерттешкендердин оозу бекем болсо да, Уулжан
менен Чырымдын көңүл жакындыгы соккон желден кабарлангандай айыл ичине сөз
болуп кетти.
***
Айылдын жанындагы дөбөдө Султаналы отурганын көргөн кишилер ар кандай ой
жорушту. Карылыкка жеңдирип, жумуштан кажагандыгыбы же капалуу болуп, башка
абыпгкалар менен бакылдашып көңүлүмдү алаксытайын дегениби? Бирок анын
жанына эч ким барбады. Ага жардамдашуу же кеңеш айтып, акыл таап берүү эч кимдин
колунан келмек эмес.
Бир маалда Султаналынын жанында отурган Тоймат бийди көрүштү. Балким көптү
көрүп, көптү балген эки абышка бири-бирине датын айтып, жашырын көңешели —
дегендир деп ойлошту.
Султаналы менен Тоймат бий бир уруктан болсо да, экөөнүн өз ара мамилеси салкын,
катташы жок болучу. Бий андан көрө Тыныбек бай менен ынтымактуу.
Эки абышка саламдашкандан кийин көпкө чейин сөз аңдышып отурушту. Султаналы
«бий мага арманын айтат го» — деп күтөт. Тоймат болсо, «сенден да армандуу
бекенмин» деп мыкчыят.
Султаналынын кеп күткөн себеби бар. Тоймат бийдин уулу Чырым арам тамак, жатып
ичер, Уулжан менен болгон окуясы да элге шардана болгон. Тыныбек бийге «уулуңду
тый!» — деп бир нече жолу катуу эскертти. Чырым атасынын сөзүн укпады. Тоймат
бий ошондо гана билектен күч, башынан бакыт кетип, сөзү элге түгүл, карамагындагы
уулуна өтпөй калганын түшүндү. Мурда уулун жолго салалбагандыгы үчүн
Султаналыны бекер эле жаман көргөн экемин — деп өзүн айыптады.
Тыныбек байга болсо, алсыздыгын айтып, актанды: «Менин өз пейлим сүттөй ак, кудай
баламды эси жок кыл; жаратса, менин колуман эмне келет. Айлам түгөндүк Тыныбек
ага ишенди. Бирок Тоймат арылбас муңга каталды. Азыр дөңгө келгенде Султаналы
экөөбүз арызарманыбызды айтышып, ичтеги букту, көптөн берки жыйналган
таарынычты тазалайбыз го — деп ойлогон. Сөз жалгашпады.
Султаналы болсо, бийдин кишини жактырган жок. Анга бир нерсе күткөнүн, көңүл
кирин чайкоого ниеттенгенин да сөзди. Бирок андан эмне пайда? Султаналынын
арманы айткан менен түгөнбөйт.
Ал ат жалын тартып мингени өз тизгинине өзү ээ болуп, не бир кыйынчылыктардан
кыл сууругандай чыгып, намысын душманга алдырбай, көп катарынан калбай жашап
келаткан. Акыр аягына чейин ошол калыбынан таймак эмес. Анын кендирин кескен
Атай. Баланы оң жолго салам — деп жүрүп, алдан тайды, картайды. Акырында ырысы
төгүлүп, абийирдүү кызматынан бошоп, аялынан айрылып, как талаада калды. Атасы,
өгөй ата болсо да, кантип күйбөйт? Кантип тутанбайт?
Атай болуш болуп, өз атасы Огонбайдын наамына көчкөндөн бери Султаналынын
көңүлү сууган. Арбак, кудай үчүн, элден уялганы үчүн гана кирипчыгып, чай ичишчү.
«Канча айткан менен жаш эмеспи, токтолуп, акылына киргенде оңолор» деп жүргөндө
Атай «Шалтакбай абышканын аялын тооруп жүрөт» — деген ушактарды угуп, абышка
ордунан турбай калды. Үч күн үйдөн чыкпаган Султаналынын бүгүн биринчи жолу
эшикке чыгышы.
Тууганынын арманы терең экенин кыраакы Тоймат байкады. «Атаңдын көөрү куу
дүйнө, ушинтип бир-бирибиз менен тирелишип, жакшылап сүйлөшө албай, сыйлаша
албай жүрүп өтүп кетебизго?» деп оор үшкүрдү.
Бийик дөбөдө эки жакка баамдуу отурган Султаналы Шалтакбайдын үйү тарапка
бараткан каранды таанып, көзүм жамандык көрбөсүн — дегендей, шашылып жер таяна
ордунан козголду. Тоймат жакасын кармап:
— Ээ, кудай шерменде кылба? — деп келме айтты.
Шалтакбайдын үйүн көздөй бараткан Атай эле. Анын бул үйгө имерчиктеп
калышынын жөнү мындайча.
Бул укмушка Атай кокусунан көзикти. Чабылган беденин ордуна аркандап койгон
карагерин токунуп, айыл аралап баратса, карысына чака илип, белдемчи, «гартыпган
келин жолунан чыга калып, адат боюнча жолоочунун алдынан кыя баспай, токтой
калат. Келиндер улуу кишини, же өз кайын агаларын көргөндө ушундайча ызаат кылчу
эле. Балким, бул мага келин болуп жүрбөсүн деп, бээ саадыруу үчүн ээрчип келе
жаткан баладан анын ким экенин сурайт.
Шалтакбай айылдагы таанымал кишилердин бири. Атасы орто чарба, казанаштуу, колу
ачык, бакылдаган адам. Шалтакбай жакшыга да, жаманга да кошулбаган, өз алдынча
кызык неме. Биринчи аялы менен он беш жыл бирге турган, андан үч баласы бар (аялы
былтыр дүйнөдөн кайткан. Атасы ага кыз алып берем десе, ал жубан алып берүүсүн
сурайт: «Мага балдарымды багып, өзүмдүн бойаягыма карап, үй тиричиликти жакшы
билген катын керек». Атасынын кызга шыкактаган себеби, Акшайым кичүү баласынын
колуктусу эле. Кичүү баласы жубарымбек кетти. Эми калыңы талаада калсынбы?
Шалтакбайды ыйлатып туруп бата жаңыртып, ага Акшайымды никелеп берет.
Мындай нике колукту үчүн да кайгы. Көз жашы кургабайт. Аны көрүп, күйөөсү да
сакал, мурутун сапсайтып жашып кетет:
— Кейибе, ананайын! Кудай кылса, кубарыңдын акысы барбы! Сени кор кылбайм.
Балдарым менен өзүмдү оокаттан өксүтпөсөң, тиричилигиңе тың болсоң эле...
Калганын өзүң бил. Каалаганыңдай ойноп күл. Кудай урсун, тарлыгым жок.
Жаш аялын сооротом деп ого бетер пюлоктоткондон кийин, айтарга сөз таппай, башка
жакка аттанып кетип, Бир-эки күндөн кийин кайрылчу. Караса, Акшайым балдар менен
алагды болуп, жайдарылана түшкөн. «Ии, жайында экен» — деп ойлоп калар эле,
күйөөсү. Алардын сыры айылга бүт угулган. «Күйөөсү уруксат бериптир» — деген
кабарды бел кылышкан бойдок жигиттер жана нысабы жок кер муруттар Шалтакбай
жок түндөрдө Акшайымга тынчтык берүүчү эмес. Келиндин эмне ойлогонун ^ким
билсин. Каалгасы күн чыкканча ичитышынан кулпуланып туруучу. Эгерде
өлөрмандары жабыкка асылса, же түндүктөн түшмөк болсо канжарын тулгага кайрап:
«Эр болсоң бери түшүп көрчү»,— деп кайраты жана айбаты менен токтотуучу.
— Келесоо келин экенсиң! Күйөөң өз көңүлүнөн актык бергенден кийин эмнеге
тартынасың? Кайран өмүрүңдү кор кылдың — деп, ындыны өчкөн сугалактар сөгүп
кетишчү.
Атай дарттуу келин менея экинчи жолу көзиккенде кыйшалактай баштайт.
— Жеңеке, кандай?
— Кандай болсун, жеңең өзүңдөй эле байкуш!
— Кантин эле мендей болсун! Сен мойнунан байлаткан байкушсуң...
— Сен эле жыргап калыпсыңбы?! — Шайым жөнөй бергенде сөзгө жыгылыштуу
жигит алдын торойт:
— Айтайын дегеним башка. Жүрөгүмдүн жаратын чукуп алдың... Сени утурумдук
эрмек үчүн азгырган жерим жок, бирөөгө зар нерсенин бирөөгө кор болгонуна
кейиймин. Менин чын пейлимди түшүн, Шакин!
Акшайым бойдок менен аркыберкини айтышууну каалабагандай үйүнө кайрылды.
Атай кылчактап турсунбу, ага ээрчий кирди.
Эки жашар баласына каймакка көөлөнгөн талканды жегизип отурган бүкүр чалыш көк
сакал киши төрдү көргөздү.— Чертмекчим, жогору чык.
Атай ага салам айтып, төргө өттү.
— Бу жигитке чай кайнат.— Бүкүр чал кайыш кепичин кийип, керегедеги
камчысын алды.^ Мен мал көздөйүн...
Шалтакбайда тыйындай жумушу болбосо да, үйгө кирип келип, ага капысынан
жолукканда эмне деп айтаарын билбей ыңгайсызданган жигит амалсыздан чайга карап
калды. Күйөөсүнүн жоругу көнүмүшкө айланса да, жаш келин кызарып:
— Мейманды таштап кетесизби? Уят эмеспи?
— Эч нерсе эмес. Өзүбүздүн бала го. Мал жоголбосун!..
Чал кете турган болсо, эртерээк кеткей эле деп чыдамсызданып отурган Атай ушу да
жашообу деп, чалдын бечаралыгын, келиндин кайгысын ойлоп, зээни кейиди да
оозунан тамаша сөз чыкпай, жөнжайды гана сурашып калды.
Жигит шоктонбой, анын тагдырын түшүнүп, сыр алышууга ниеттенгенин сөзген келин
өмүрү жөнүндө айтып берди:
— Ата-энем оокаттуу кишилер, мени кийимкечеден өксүтпөй, эркимче өстүрүштү,
кааласам оюмчийимди үйрөнүп, темир комуз кагып, теңтуштарым менен ойнойм...
Мени бешиктеги чагымда ушу Шалтакбайдын бир тууган инисине кудалашкан экен,
бойго жеткенимде аным өлдү. Атам ак батамды бузбайм деп, мени Шалтакбайга берди.
Күйөөм жаман киши эмес, бирок экөө¬бүз бирибирибизден чоочунбуз,
бирибирибизден коркобуз. Менин көңүлүмдү табайын дегениби, же мени сынаганыбы:
үйгө боз балдар келсе, мени ошолор менен калтырып, өзү бирдемеге шылтоолоп кетип
калат. Баарынан да ушу кордугуна ызамын. Элдин ушагынан өлө турган болдум.
Келиндин аты эле Акшайым болбосо, иреңи катыңкы, керсары, суз. Суздугу тубасабы
же турмуштун азабынанбы, бир көргөн киши түшүнүүгө мүмкүн эмес. «Мурда», «Кыз
күнүмдө», «жашымда» деп сонун убактары өтүп кетип, карылыкка алдыргандай
сүйлөйт. Ал башынан өткөн тарыхын айтып отурганда жигиттин эт жүрөгү элжиреп,
өзүнүн эски дарты козголду. Тирүү болсо, Седеп ушуга окшоп, кор болгондур да...
Тагдырдын таш боордугу — ай! Эч кимге айыбы, кылмышы жок, солкулдаган кызыл
гүлдү эмне үчүн куу тикенге жармаштырып койду?
— Бу кордукка кантип чыдап жүрөсүң? — деди Атай.
— Айла канча!
— Кетпейсиңби, төркүнүңө. Өзүңө теңтуш табылат да...
— Төркүнүм батырса, мында эмнеге жүрөт элем?! Алар сүйлөшүп отурганда
колдоруна чүкө уучташкан
эки бала үйгө киришип, чоочун кишини көрүп, эшиктин алдына туруп калышты.
Чоңураагы артына кетенчиктегенде кичүүсү ыйламсырады:
— Апа, курсагым ачты.
— Киргиле. Оокат ичкиле.— Келин ордунан турду. Бирок чоңураак бала «анан»
деди да, кичүүсүн желкелеп, эшикке жөнөштү. Бул эмнеси? Мүмкүн атасы үйдө киши
отурганда жолтоо болбогула деп балдарына да табыштаган окшойт.
Каралашар киши жок, жалгыз бой жашап келин карыган абышкасын жана анын жаш
балдарын багам — деп, ушул үйдүн босогосун аттаганы түйшүккө малынып, эч
кубаныч көрбөй өзү да мөзгилсиз соолуп бараткан окшойт. Балдардын биринбири
сүйрөп чыгып кетиши үйдүн авасып ого бетер оорлотту.
Атай комузунун кулагын толгоп, «Күйдүм чокту» черте баштады. Мындан башка
айтууга кеңеш, сооротууга илаажи жок өңдөндү.
Акшайым бул күүнүн тарыхын жана Седептин окуясын жакшы билчү. Бирок бу жолу
комуздан өз арманын, өз күйүтүн уккансыды.
Комуздун дабышын угуп, балдар боз үйдүн сыртына келип туруп калышкан эле, күү
басылар менен өз а кобурашып турушту.
— Мен кетейин.— Комузчу коштошкон жок.— Бал дар ачка көрүнөт.
— Ыракмат, күү чертип бергениңе,— деди Акшайы иймениңки.— Кээде, күйөөм
үйдө жүргөндө келип, че тип берсең?
— Сенден күү аямак белем!.. Атай Шалтакбайдын үйүнө көбүрөөк каттагандан бе
ри ущак күчөдү. Шалтакбай өзү да мурункусундай «чай ич», «малга барайын» —
дегенин коюп, тайган көргөн кирпиче дүрдүйө калат да, аялын коруп үйдөн чыкпайт.
Анын мурдагы бала кыял жоругу көргөндүн күлкүсүн келтиргени менен чын дилинен
чыкчу. Кийинкисин жаш аялы кыянаттык катары баалай баштады.
Шалтакбай ушактан корктубу, же намысына келдиби? Жок. Анын жүрөгүн түшүргөн
— урият.
Акыркы убактан бери теңдиги жок никелер тигиши ыдырыган кийимдей далдалынан
бөлүнүүдө. Жалаң ушул КөкКашаттан бешалты келин эрин таштап, каалагандарына
тийип кетишти. Мындай окуялар ар кайсы айылдарда бар.
«Акыр заман деген ушул. Эл арбакты, кудайды, батадубаны унутуп баратат» — дешип,
карыялар бүкүДүкү.
Урият! Урият! Аялдар партияга жана комсомолго мүчө болуу, окууга кирип, жыйынга
катышуу жана никеге карабай, каалагандары менен кете бериши ата салтын ашкере
барктаган эркектер үчүн кырсыктуу белги катары туюлду. Алар «билбегенге урият,
билгендерге уят» — деген макал ойлоп табышты. Бирок уриятка тоскоолдук
кылуучуларды эл да, жергиликтүү бийликтер да колдошподу.
Шалтакбай урияттан ошону үчүн коркту.
Шалтакбайдын атасы да бекер карап жаткан жок. «Тууганчылык үчүн арбакка коем,
балаңа кыз түгөнүп калды беле? Колуңа гана өлөм» — деп Султаналыга ачууланды.
Султаналы намыстанып, Атайга арачы салды: «Өлөрман чалдын жаман катынына
тырмышканча, кыз алсын, кимдин кызын алам десе да, калыңын өзүм төлөйүн».
Шалтакбай өзүнүн этияттыгына жана атасынын камкордугуна ишенип, эми аялым
өзүмдүкү болот го деп ойлогон түнү эшикке күрмөчөн чыккан Акшайым кайрылып
келген жок. Ана келет, мына келет деп күтүп жатып Шакең уктап калат. Эртең менен
ойгонсо, айылдагылар «Шайымды Атай ала качып келиптир» — дешип чуулдап
жүрүшкөн экен. Шалтакбай жанындагыларга угуза «кеч кирсин» дейт да, балдарын
атасыныкына дайындап коюп, малга аттанат.
Аялынан айрылган чалдын кекенич сөзү да элге угулат. «Туутандын эрегиши жаман
болчу эле» — деп Султаналынын тынчы кетет. Бирок баласынан көңүлү сууган киши
ага өзү басып барбай, кабар айтып жиберет: «Сак болсун!». Султаналы аны менен да
сабыр кылбай күн бата Атайдын үйүнө кимдер келгенин, эмне кыларын байка — деп,
Мамырды тыңчылыкка коет. Бир окуя чыгарын эл да күтөт.
Шалтакбай кечке жуук малдан кайткандан кийин Атайдын үйүнө бастырып келип,
атын мамыга байлаганын Мамыр куурайдын түбүнөн көрүп жатат. Ал үйгө киргенде
артынан келип, жабыктан шыкаалайт.
Шалтакбай байкатпай киргенде Атай тура калып, салам айтты, Шайым төргө бостек
салды. Ал Атай менен учурашып, бостекке отурганча, бычакташып калбагай эле деп
Мамырдын жүрөгү опколжуду. Бирок шектүү эч нерсе байкалган жок.
Меймандын алдына дасторкон жайылып, чай келди. Эртеден бери малда жүрүп,
курсагы ачкан бүкүр чал чайга канттан чылай салып, боорсоктон бурдап шашпай
баштады.
Сыртта турган Мамыр гана эмес, бир жаңжал болобу—деп саксынып турган Атай да:
«Иш оңуна кетти» — дегенсип, жүрөгүн басты.
— Шакин! Аксакалга тамак ас!
Шайым казандагы сууга сүрсүгөн жамбаш менен чучук салып жатканда бул «Шакин»
болуп калган экен го дегенсип, ал көк сакалын ийсеңдетип койду.
Мамыр чуркаган бойдон Султаналыга жетти:
— Шалтакбай келди! Султаналы шашып калды:
— Кудай сактай гөр! Чатак жокпу?
— Эмненин чатагы?—Мамыр бетин басып күлдү.— Чай ичип жаймажай отурат.
Болжолу этке карап калды.
— Эмне дейт арам?! — Аккыз ишене албады.— Мен барып келейинби?
— Кой сен барба! — Күйөөсү аны токтотту.— Өңчөй аңги менен маңгинин
ортосуна кыпчылуунун эмне кереги бар? Өздөрүн тим кой. Жаш эмеспи, Мамыр
барсын...
Мамыр баарына салам айтып, Шайымга кол кабыш кылуу үчүн улагага отуруп, от
жагыша баштады, тиктегени — чал.
Шалтакбай чайга кангандан кийин да эмне үчүндүр сөз чыгарган жок. Топ кишинин
тымтым отурушунан үйдүн абасы оордоп баратты. Атай ичи бышып кетти белем,
комузун алып өзүнчө черте баштады.
Колго суу куюлуп, алдыга эт тартылды. Мейман менен Бектен бир табакка, Атай,
Шайым, Мамыр — үчөө бир табакка карашты.
Шалтакбай гүлчөдөн ооз тийип, Бектенге кайрылды:
— Кана, балам, ал!
— Аксакал, сиз улуусуз. Сиз алыңыз. Экөө куп кошулган экен деп, Атай күлдү.
Шалтакбай улуулук кылып жамбашты, Бектен омурт
каны алды. Кыя кесилген чучук менен койдун куйругу алдыга келгенде Бектен чыга
берди.
— Балам, жебесең да колуңду салып отур! — деди мейман. Бала анын сугунганын
тиктеп, табакты тырмалап отура берди.
Эт туурап отурган Атай кулдудай кара кесек этти меймандын табагына таштап койду
эле, чал аны бет аарчысына ороп алып, чөнтөгүнө салды.
Ал кичинекей уулун абдан жакшы көрөт, бир жакка барганда, кешик ала келе турган.
Оокат желип бүтүп, колго суу куюлгандан кийин, сөздү Атай баштады:
— Аксакал, айыбым мойнумда, кечирип коюңуз. Мен аял таппаганымдан ушул
ишке барганым жок. Ар кимге өзүнө ылайык жар керек экен. Сизге да өзүңүзгө жайлуу,
балдарыңызга апа боло турган аял керек... Бирок мындай ишти сиз менен алдын ала
акылдашууга оозум барбады. Дагы өтүнөм: кечирип коюңуз. Айыбым үчүн алдыңызга
ат тартам.
Шалтакбай майланышкан колу менен сакалын сылап, «и деген экен» деп кепке
кошулду:
— Алдыңа түшсө атаңдын кунун кеч дейт. Бирок бир ооз акылдашсаң болот эле.
Мейли эми, ыймандай сырыңды айттың. Кечтим. Ыраазылык берейин...— Ал алаканын
жайды.— Мени сыйласаң, сени кудай сыйласын. Кем болбо! Оомийин!
Баары алакан жайып бата кылышты. Убада боюнча Атай Шалтакбайга бир ат
жетелетип чыгарып, Акшайымдын башын ачып алды...
Бул сөздү укканда Султаналы ого бетер бөймаза болду:
— Деги, мээси бүтүнү жок экен го. Баламды да, чалды да кудай урган турбайбы!
Шермендечилик! Шермендечилик!
Аккыз эрин жоошутту:
— Бакыра турган эч нерсе жок. Шалтакбайга ыраазы болуп калдым. Акыры, тең
болбогондон кийин, жаш аялдын багын байлоонун кереги эмне? Туура кылыптыр.
Кээ бир учурда Султаналы ачуусу келип бир нерсеге тырчый түшкөндө аялы жүйөөлүү
сөз айтса, бир аздан кийин жоошуп калчу. Азыр да мойнуна укурук түшкөн азоочо бир
мөңкүп алып: «Багы тайкы кишинин жоругу ушундай болот» — деп тим болду.
***
Акшайым тектүү жерден чыккан эмес. Атасы бирин-серин малдын аркасы менен
жупуну оокат өткөргөн ток казан киши, белдүү азуулуу билермандар менен да
байланышы жок. Кыз үйдүн кара тиричилигине киришип, эне-атасына кол кабыш
кылып чоңойгон. Бирок сайма саюу, килем токуу, оюм оюуну иштеп көрбөгөн.
Шалтакбай малдуу болгону менен анын да турмушу жупуну жана күңүрт эле.
Акшайым Атайдын үйүнө келгенде гана санжыргалуу дүнүйөгө — Айымкандын
чеберчилиги менен бүткөн буюмдарга көз болду.
— Мунун баарын кайдан жыйнагансың? — Күндөшүнүн кол өнөрүн укса да,
күйөөсүнө ушундай суроо берди.
Күйөөсү ийнин куушуруп койду.
— Айымкан иштегенби?
— Билбейм.
— Кандайча билбейсиң. Анын билбейм дегени кеткен аялды мактай албайм деген
сыяктуу туюлду. Анын эмнесин жашырат.
— Буюмдары түгүл, Айымкандын өзүн да жакшы билбей калдым.
Акшайымдын дилгирлиги улам күчөй берди.
— Үй мүлкүңдү, койнуңда жаткан аялды билбегениң кандай?
— Мен сени гана билем. Сени. Менин жарым да, дүнүйөм да сенсиң,— деди Атай.
Мынчалык жоопту күтпөгөн келин тым отуруп калды.
Бул үйдөгү баалуу буюмдардын, аземдүү ат жабдыктарынын кайсысын Аккыз топтоп,
кайсылары Айымкандын колунан чыкканын жаңы келин кийин укту.
Ал мурунку күйөөсүнүн кемчилиги карылыкта деп тана эсептеп жүргөн. Эгер
Шалтакбай өзүнө теңтуш болсо, балким экөөбүз бирибирибизден чочулабай эрдикатын
болуп, жашай алмакпыз — деп ойлой турган. Мурунку күйөөсүнүн кемчилиги
карылыкта гана эмес, анын шору майдалыгында, андай неме күнүмдүк тиричилик
менен чарылдашып жүрүп, өмүрүн текке өткөрөт.
Шалтакбай менен жашаганда күйөө деген нерсе коркунучууу сөлөкөт катары көрүнчү.
«Жаш күнүбүздө баарыбыз ошентип ыйлап жүрүп, көнүп кеткенбиз» дешип,
абысынажындары айтканынан улам гана жакшылыкты алдыдан күтүүчү.
Азыр болсо күйөөнүн коркунучу каякка жоголгону билинбей калды. Буга алгачкы
күндөрү ишене албап жүрдү. Улам жаңы бир нерсе ачылып, өмүр жаңыланып, келин ак
жуумал болуп, өңүнө чыгып, көзгө толумдуу болуп баратты. Анын баарын жарына
айтып түшүндүрүүгө кубаты жетпегени менен, Акшайымдын жайдары, бала кыял
мүнөзү, ишенимдүү жоодураган көз карашы көп нерсени күбөлөгөнсүйт.
Анын кишини жадаткан бир гана адаты: Атай бассатурса, же бир жакка барып келсе,
курсагың ачтыбы, кийимиңди котороюн,— деп үйрүлүп турушу. Балким Шалтакбай
абышка менен балдарын багам деп жүрүп, үйрөнүп калган көнүмүшүдүр.
Айымкандын убагындагыдай сайма, оймочиймеге чогулган кызкелиндер, опуртопур
Меймандар жок. А түгүл Султаналы да каттабайт. Аккыз менен Субан гана келип,
кетип турушат.
Атайдын «Үй күчүк» болушун көпчүлүк жактырышпады. Эл кыдырып, жер таанып,
өнөрүн өрчүтөр убагы келмек түгүл өтүп баратат. Бирок алар бир нерсени байкашкан
жок. Мына ушу үйгө имерчиктеп, кээде күнүтүнү чертип жүргөн жылдары ал көп
нерселерди үйрөндү: анын чыгармачылыгына да дем берип, шарт түзүп жана кандай
табылгаларга ээ болушуна күбө да жубайы. Бир убакта караса, ал комузду түрлөнтө
бирде чокусуна, бирде желкесине коюп, бирде тетирисинен кармап, ойдолото
черткенин көрөт. Бирде түркүн куштун кубулжуган үндөрүн таңшытат. Айтор он эки
мүчөсү бүт кыймылга келип, күү менен кошо термелет. Бир күнү комузду буту менен
кайрып отурганын көргөндө «мунун жини барбы, соо киши кантип ушункадык
чертсин» — деген ойго келди.
Биз канчалык акылдуу болсок да убакыттын кандайча өткөнүн элебей калабыз,
тагыраак айтканда, аны өткөрүп коюп эсибизге келип, ошол мөзгилден из калганын же
калбаганын издейбиз. Өткөн убакыт өмүрдүн өз үлүшүн өөнөй кетет да, анын
калтырган изинин канчалык айкындыгына карабастан, адамды өкүнтпөй койбойт. Атай
да, башка күнөкөрлөрдөй эле, бир топ жылды жөн эле өткөргөнүнө кийин өкүнөт.
Антүүгө бир окуя себепчи болду. Атай кыздуу болуп, анысы үч жашка чыгып калган.
Каш карайып, жылдыз толгон убакта үйдүн жанынан жалгыз аттын дүбүртү угулуп,
Бектен чыга калды.
— Атайдын үйү ушубу? Өзү үйдөбү? — деп, кимдир бирөө атынан түрттү.
Беймаал жүргөн аксакал киши салам айтып кирип келгенде комузун кыңгыратып
отурган Атай ордунан туруп, алик алды да, аны карап каткан бойдон калды.
Чытырашнайдан шырыма чапан кийген, кара көрпө тебетейлүү аксакал адам тууруна
конгон турумтай көздөнүп, ага баамдуу тиктеп, кантээр экен дегенсип, жылмайыңкы
турган экен. Атайдын көзүнө капысынан келген киши Токтогулдай көрүндү. Турган
турпаты, иреңи жана көз карашына караганда башканыкына окшобойт. Анан кантип
эси ообосун. Токтогул болсо жалгыз жүрбөйт эле жана Талас эли анын келишинен
кабарсыз калбайт зле. А бу киши уурудан бетер беймаал убакта эч кимге билинбей
жалгыз өзү шып кирип келди. Балким, ал азирети Кыдыр болуп жүрбөсүн. Башына
бакыт конор кишинин үйүнө Кыдыр пайгамбар түнөйт дечү эле. Диний түшүнүктөн
кабары бар Атай ушундай ойго да түштү.
— Балам, мени тааный албай турасыңбы? — Карыянын оозунан сөз чыкканда, Атай
аны үтнүнөн жазбай таанып, алыс сапардан кайткан атасын көргөндөй бакырды:
— Токо! Токо! — Алар кучакташып көрүшкөнчө Акшайым боюн түзөп, төргө
жумшак төшөк салды, алар жөнжайын сурашканда самоорго чай коюп, сүйүнчү ала
тургансып: «Токтогул келди» — деп Султаналы менен Субандын үйүнө Бектенди
жиберди.
Атай менен Айымкан ажырашкандан бери бул үйдүтн босогосун аттабай калган
Султаналы Субандан мурда жетүүгө ашыкты. Үч үйдүн балачакасы бүт чогулду.
— Мен узак отурбайм.— Токтогул айылга кабар бербөөнү суранды.
— Учурашып алып кайтам. Чүтй тараптан келатам... Көзгө таберик киши менен
опур-топурда жакшы сүйлөглө албасын түшүнүшкөн карыялар «куп болот» дешти.
Мамыр бата сурап, бир кара козуну көтөрүп чапты. Туурга конгон туйгундай букжуюп
отурган Током карыялар менен аман-эсендикти сурашкандан кийин:
— Атай баламды чочутуп, силерди таң калтырганымды кантейин! — деп оң колу
менен тизесин мыкчый кармап, кыткылыктап күлүп койду.— Жүрүшкө жол болсун
десеңер, айылга шашылып кайтып баратам.
Отургандар мурдагыдан бетер аңкайышып бирибирин тиктешти.— Казак агайиндер
чакырышкан экен, Чаткалдан Кара-Буура ашып келгемин. Казак айылдарында
жыйырма күнчө жүрүп, солтого чейин аралап кайттым...
— Тиги жакка өткөнүңүздү укканбыз,— деди Султаналы.
— Мен жаңы угуп отурам.— Атай жакшы кабардан куру калганына ызаланып,
эрдин кесе тиштенди.
Токтогул бул үйгө Атайды көрө кетейин деп гана кайрылган. Баягы аштагы
жолугушуудан бери көп жыл өттү. Ошондон кийин аны менен көрүшпөсө да, өнөрүн
сыртынан сурамжылап угуп жүргөн. Жана эшиктен киргенде эле, комуз денеси менен
кошо бүткөнсүп, ыкталышып чертип отурганынан улам укканы ырас экенин билген.
Анын аптыгышы, тааныгандан кийин боюн таштап жибериши жигиттин жигердүү
жана албуут чалыш мүнөзү бар экендигин сөздирди. Жүрөгүнүн оту жок,
алдыкийинине көбүрөөк кылчактаган жаштарды анча жактырбаган карт акын аны
көрүшкөндө эле купулуна толтурду. Бирок айыл ичиндеги кабардан куру калышы аны
эки анжы ойго түрттү: элден четтеп калган, же кирген буурадай буулугуп өзү менен өзү
алышып жүргөн күндөрү болуу керек. Мындай өзгөчөлүк жаштык үчүн мүнөздүү.
Токоң да токтоно албай, өйдө-төмөн жүргөн учурларын эстеди. Эми карыганда СасыкЖийдесинен чыкпай турган убакта да, элде эмне жаңылыктар бар — деп, ар кимден
сурап турат.
Токтогул сөз күтүп, анын эмне үчүн шашып баратканын билгиси келген кишилерге
түшүндүрдү:
— Эркек балалуу болгомун... Жаш көзде үй-бүлө анча билинчү эмес эле.
Карылыктыкыбы, уулумду сагынып, токтоно албай койдум... Кичине тойчук өткөрөйүн
дедим эле...
— Бешик боосу бек болсун!
— Кудай таала өмүр берсин,— дешти отургандар.— Ошону үчүн шашып бараткан
экенсиз.
Атай балам, карыган киши үйүрсүк болот экен го
деп күлүп отурасың го!
Жон эле чечекейи чеч болуп күлүмсүрөп отурган Атай «жок» деди чочугандай.
— Ээ, жаштар өздөрү антпейт бекен? — Султаналынын сөзү каякка кеткени
баарына белгилүү эле.
— Жаштардын жөнү башка. Бизге эмне жок дебейсиңби!
«Ырас жооп берди Током» — деп койду Атай өзүнчө.
— Кагылайын Токо! Кээде ушинтип келип турбасаң жетимсиреп калабыз. Сен
үйүңдү сагынсаң, биз сенин булбул үнүңдү, ширин сөзүңдү сагындык. Көңүлдүн черин
таратып бере гөр,— деди Субан жалбарып.
Токтогул ырдан аянсынбы! Бирок акыркы убактан бери мурдагыга окшоп, сураган
жерге түшө калып, каалаганча сайрай берүүнү токтоткои. Мүмкүн карылыктын таасири
бардыр. Сыртынан билгендер ошондой эле ойлошор. Мунун себебин акын өзү гана
билет. Ырдоого ал тойбосо, угуута эл тоюнабы? Ал карып баратат. Акыры эмне болот?
Токтогулдун чолпон көзү өткөндөн кийин артына калары эмне? Кудая шүгүр,
шакирттери бар: Калык, Алымкул, Коргол, Атай. Алар өздөрү өнөрлүү болуп чыгышты
жана устатынын байлыгын алып калышат. Акын буга алымсынбайт. Асылдарынын
баары көзүнүн тирүүсүндө жыйналбайтерилбей чачылып калды. Ал молдолугунун
жоктугуна армандуу. Бирок өткөн ишке өкүнбө, деп көбүнчө шакирттери жөнүндө
ойлоно турган. Ушулар жакшы өсүп, элге сүйкүмдүү өнөрпоз болуп чыкса экен деп
тилөөчү.
Өмүрдүн далай жерине барып калган киши элди күнүмдүк тамашага курсант кылуу
үчүн мурдагыдай конуптүнөп жүрө бербей, келечекте Токоңдун көзү жокто, ордун
жоктотпой турган өнөрпоздордун камын жегенин билген киши аз.
Бирок өнөрпоздорго болжол жок. Дүкөнгө кирген уста, суунун четине келген балыкчы,
китепти көргөн молдо бекер карап турчу беле? Атай менен комузду көрүп, Субандын
чын жүрөгүнөн чыккан өтүнүчкө шүйшүнгөн акын көтөрүлө отуруп, мойнун кушча
койкоңдотуп, комузун белинен сууруп алды.
Күү кол менен чертилбей эле кайнар булактан чыккандай атылды. Токтогул турган
турпаты менен күү эле: куйкасы өйдөылдый жыйрылганда жылтыр башындагы кара
топу төбөсүндө ойноп жүрөт, бөрсөйгөн курсагы жел толгоп ууртка окшоп, улам бир
жаккы ныптасына булт этет; далысы кээде карчыганын мүрүндөй куушурулуп, кээде
баатырдыкындай кериле түшөт; кыскасы тула бою бүт кыймылда. Ушуну көрүп турган
киши аны колу менен гана чертип жатат деп кантип айта алат.
Устатынын бул өнөрү жана бир катар күүлөрү шакиртине мурунтан тааныш. Бирок
анын кыймылы жана күү кайрышы көзүнө азыр башкачараак көрүндү. Бул эмнеси?
Токтогул өзгөрүлүп кеткенби? Ошол эле күү, ошол. Эле Токтогул, бирок өзүт жетилип,
көзүт каныгып жана колдору жатыгып калган жигитке баары өзгөрүлгөидөй көрүнүп
жаткан.
— Мен бир топ күүч1өрүтн бузуп чертип жүргөн турбаймбы! — Күү басылганда
Атай оюн ачык айтты.
Токтогулга да ушу керек эле. Анткени ал күүсүн бузуп, же өксүтүп черткен далай
жигиттерди көргөн.
Токтогул көзекти шакиртине берди. Атай апын бир катар күүтлөрүн аткарды. Токтогул
өтө баамдуу отурду. Атайдын күүлөрүнүн ичинен «Жаңы камбарканга» гана көңүл
бурду, калгандары ага белгилүү эле. Мунун жаңы күү экенин жана атын Жаитакпай
койгонун укканда Токтогул «баракелде» деди. «Жаңы камбаркан» угуучуну күтү
дүйнөсүнө жетелөөчү чыгарма. Мындан ары ушул жолду арбытып кетсе, ал чоң
комузчу болот, эгерде ушунусу менен кала берсе деле атагы өчпөйт. Токтогул аны
менен жалгыз отуруп, кеңегнкиси келди.
Султаналы менен Субан «баягы да» дегенсип мурун көтөрүшүп отурушуп, бир маалда
Атайдын колундагы комуз төбөсүтнө чыгып, жонуна айкалып, кайра жерге төбөсүнөн
сайылып, көмкөрөсүнөн түшүп, куду Токтогулдун колунда тургансып ойной
баштаганда көздөрү7 бакырайды. Бул бери жагы эле. Атай буту жана бычак менен
черткенин көргөзүүдөн уялды.
— Бул жинди муну кайдан ү7йрөнүп алган? — Султаналы Субандын кулагына
шыбырады.
— Ким билсин! — Субан ээгин кемшийтип койду... Токтогулдун суроосу боюнча
ал устатынан алган күү
лөрдүн баарын чертип бүттү.— Аз,— деди устаты.— Сеи билбеген күүлөрүм көп экен.
Ал «Терс кагыш», «Алайдын миң кыялын» айдатып чыгып, акырында «Көкөй кестини»
сыздатты.
Тамактан кийин Токтогул эки чал менен кош айтыгаты.
— Эми эс алалы. Мен уулум менен бир аз аңгемелешип, жолго чыгам. Түн
бакырдыкы дейт.
— Караңгыда каякка барасыз? Конуп, таңында эле аттансаңыз. Өзүбүз БешТашты
ашырып коебуз,— деди Султаналы.
Таңга калса, бир топ күнгө чеиин жолу байланарын сөзген акын макул болбоду:
Бөдөнөнүн үйү жок, каякка барса бытпылдык.
Биздин каерде болорубузду болжоого болобу?
Туура айтасыз.— Субан аны жактады.— Ушу Атай
да мага бытпылдык болуп көрүнчү эле.
— Сиз туура тапкансыз,— деди Токтогул,— өнөрпоздор бытпылдык болуп жүрүп,
акыры ордун табат.
Чаддар аны менен кучакташып коштошуп, үйлөрүнө кайтышты...
«Мени менен эмнени сүйлөшөт?» — деп ойлойт Атай. Аны ачык билбесе да,
устатынын оозунан ушундай сөз чыкканына кубанат.
Токтогул төш чөнтөгүнөн дандакүсүн алып, биринсерин тишин тазалап отуруп,
Атайдын эмне иштеп жүргөнүн, Талас эли менен мамилеси кандай экенин сурап
баштады. Ушул суроолорго жооп бере баштаганда гана ал билгендеринин аздыгын,
иштеген иштеринин андан да аздыгын байкады. Ырчы менен комузчунун баары
ушундай болобу, же мен өзүм начармынбы дегенсип, ал акырында устатынын кеңешин
күттү.
— Балам, ушул курагыңда, эч болбосо, Таласты нечен жолу аралап, эл менен
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Атай - 16
  • Büleklär
  • Атай - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3988
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2335
    27.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 4007
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2310
    29.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 4007
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2169
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 4040
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2261
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3933
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2230
    28.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3945
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2172
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 4017
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2331
    30.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 4025
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2330
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3903
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2184
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3925
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2231
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3901
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2142
    30.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3803
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2123
    28.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3820
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2144
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3859
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2264
    28.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3978
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2233
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2311
    27.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 17
    Süzlärneñ gomumi sanı 3985
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2360
    28.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 18
    Süzlärneñ gomumi sanı 3950
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2190
    29.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 19
    Süzlärneñ gomumi sanı 4029
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2314
    29.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 20
    Süzlärneñ gomumi sanı 3939
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2204
    28.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 21
    Süzlärneñ gomumi sanı 3850
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    30.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 22
    Süzlärneñ gomumi sanı 3844
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 23
    Süzlärneñ gomumi sanı 3912
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2163
    30.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 24
    Süzlärneñ gomumi sanı 4047
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2003
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 25
    Süzlärneñ gomumi sanı 4012
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2062
    30.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 26
    Süzlärneñ gomumi sanı 4091
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2166
    30.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 27
    Süzlärneñ gomumi sanı 4051
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2255
    27.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 28
    Süzlärneñ gomumi sanı 3917
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2110
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 29
    Süzlärneñ gomumi sanı 4012
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2185
    31.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 30
    Süzlärneñ gomumi sanı 4010
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2112
    30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 31
    Süzlärneñ gomumi sanı 3933
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2191
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 32
    Süzlärneñ gomumi sanı 3956
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2208
    29.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 33
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2204
    29.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 34
    Süzlärneñ gomumi sanı 2899
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1600
    32.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.