Latin

Атай - 16

Süzlärneñ gomumi sanı 3983
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2311
27.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
39.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
46.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
камыржумур болууң экен. Айылдан чыкпаганың жаман... Көп болсо, кушчуга барып
кайтат экенсиң... Жарабайт. Айыл кишиси болуп каласың. Эсиңде болсун, айыл кишиси
болсоң, айылыңа сыйбайсың. Айылдан да, элден да четтейсиң. Эл кишиси бол. Эл
кишиси болсоң гана айлыңа батасың. Аны үчүн элиңди сүй, элди аралап, көңүлдүн
дабасын тап.
Атай кимдир бирөө өзүн чуңкурдан сууруп алып, кырга чыгарып койгондой сөзди. Буга
чейин Токтогулдун чоң акындыгын, комузчулугун гана билсе, анын дааныпшан киши
экендигин азыр түшүндү.
Эх, турмуш! Не бир сонун булбулдарды, акылмандарды аянсытып жок кылган экенсиң
го. Өткөндөгүлөрдү коюп, ушу оозмооз сүгйлөшүп отурган Токтогулдун ким экенин
али толук билбеген кишилер да бар экенин өзүнон улам түшүтнгөн Атай кайгыга
чөмүлдү. Турмуштун уусун нечен жутуп, балын нечен таткан Токтогул буга назар
салган жок.
— Балам! Өыөрүңдү арбыт. Антпесең элди ыраазы кыла албайсың. Мен карыдым.
Мындан ары айлыңарга каш күнүмдөгүдөй төзтөз кайрылбасмын. Шартың кел¬се,
Кетмен-Төбөгө өзүң каттап тур! — деди да, Токтогул жолго чыгууга камынды. Расим
боюнча үйгө биринчи келген кадырлуу адамды куру кол чыгарбоо үчүн Атай:
«Тоюңузга кошконум» — деп, согумга байлаган бээсин алдына тартты.— Ээ, балам!
Мага союш табылышы оңой. Сага азырынча кыйыныраак... Ыраазымын, албаймын.
Током таштап кетти,— деп өзүң союп ал!
Атай атын токунуп, устатын Беш-Таштын оозуна чейин жеткирип койду. Асман ачык.
Зоолору бийик, карагай, кайың менен капталган өзөн ымырт тартып тунжурап жатат.
Токтогул аны менен коштошуп: «Менин жолдошторум тиги бурулуштагы айылда» —
деди да, караңгыланып, күүлдөпшуулдап турган коркунучтуу тоо өрөөнүнө сиңип
кетти. Атайдын жүрөгү эмне үчүндүр шуу дей түштү. Атын моюнга чаап артына
бурулду...
Эл аралоо ырчы, комузчулар үчүн сонун. Бирок эл кабыл алса сонун. Тааныбаган айыл
атактуу акынды да, качан билгенге чейин, улагага отургузуп коюуга мүмкүн. Атай
ыргыштаган карагерин минип, комузун белине байланып жолго чыкканда, алдыдагы
жолугушуулар жөнүндө ой жүгүртүп баратты. Таластын баш жагындагы кушчулар,
КеңКол менен БешТаштагы туугандары аны аттан көтөрүп түшүрүшмөк. Ушул убакка
чейин катнашы, байланышы жок төмөнкү чоң айылдар кандайча күтүшөр экен.
«Бейтааныш эл менен таанышууга Токтогулдан машыккан акын жок» — деп Алымкул
ырчынын айтканы көңүлүнө келе калды. «Кишинин баары эле Токтогул боло алабы?
Багыма түшкөнүн көрөрмүн» — деп ойлойт Атай.
Акчийдеги орус селосун аралап өтүп, даңкайган асыл тукум уйлар жайылып жүргөн
сазга келгенде шапкесин тетири кийип, колундагы узун шапалакты үйрүп, ырдап
турган орус жигитти көрүп, токтой калды. Жолоочу анын бийик жана уккулуктуу
үнүнө көңүл бөлгөнүн байкагансып, ал шапкесин түздөп кийип, мурдагыдан да
созолонто ырдады.
— Рахмат! Жарайсың! — Жолоочу колун бийик созуп койду. Ал шапкесин колуна
алып, кош дегенсип булгалады. Саздан кийин созулуп жаткан аңыздар көздешти. Булар
орус дыйкандарынын эгин жайы. Анан бөксө жолго жыбыраган мүрзөлөр менен чала
бузулган күм¬бөздөргө түшүп, майдамайда саздардан өтүп, дөңчөлөргө жеткенде туш
келди.
Ал жолдогу айылдарга токтолбостон, мурда катнашы болбогон Үр-Марал, КүмүшТакка багыт алды.
Чоң жолдон чыгып, тоону көздөй жүрүп отуруп, немецтер турган чоң кыштактын
тушундагы калың айылга туш келди. Бул жер Үр-Маралбы, же Күмүш-Тагыбы, сураган
жок. Жолуккан кишиден айылдык советтин төрагасынын үйү кайсы экенин билип
алып, түз эле ошол жерге келип токтоду:
— Ким бар?
Орто жашаган, багалчак бойлуу аял эшикке чыга калды:
— Түшүңүз?
Мейман аттан түштү. Үй ээси аял анын атыжөнүн жана эмне жумуш менен келгенин
сураган жок.
— Төрага кайда?
— Кантонго кеткен эле.
— Секретарь кайда экенин билбейсизби?
— Бирге кетишкен.
«Эми каягына барар экемин?» — деп ойлоду Атай. Эркеги жок үйгө конуу туура эмес.
Анын үстүнө издегени түнөк эмес, тамаша көрсөтүү. Чай ичкенден кийин ал ракмат
айтып, аттанып кетти. Эми каягына барат?
Айылдын каптал жагында көөнөргөн чоң өргөө турат. Тегерегинде топураган кишилер
көрүнбөгөнүнө жана жумурткадай аппак эместигине караганда байдын, же манаптын
үйү эмес го деп, Атай ошол үйдүн тушунан дабыш салды.
— Ким болсоң да түшө бер! — Ичтен карт аюунун күрүлдөшүндөй үн чыкты.
Атай капшыт жакта отурган башы чарадай, мурду чочмордой карыяга салам айтып,
төргө өтүп отурду. Карыя аны адегенде акырая тиктеген бойдон экинчи назар салган
жок. Үй ичинде карыянын алп кебетесинен башка көзгө түшөр эч нерсе жок. Жууркан
төшөгү аз, шырдамалы эсйи, капшыттын бир жагына гана жаңы таар тартылган. Бирок
идиш-аяктары көп. Чалдын алды жумшак, кийими таза, көз карашы айбаттуу.
— Уулум сүйлөй отур! — Карыя колдураган үнүн дагы бир жолу чыгарды.
— Сизге саламдашайын,— деп кайрылдым. Атым Атай, колпоч Ооганбайдын
баласымын.
Үй ээси башын ийкеп койду. Атай деген ат кабарында барыжогун билдирген жок. Үйгө
кирипчыгып жүргөн кызматкер жигит ээсииин айтуусу боюнча козу жетелеп келип,
бата сурап, сое баштады.
Бул карыя ушул злдиы эски замандагы болушу Үсеке эле. Азыр картайып, бийликтен
тайып, бирок колдогу малынын жугу үзүлбөй, балачака, агайынтууганынын жардамы
меыен турмуштан кемиген жок. Атай деген атты эл уккан эмес, колпочтон бир
чертмекчи бала чыгыптыр деген каңырышты гана кулагы чалган, ырчы, күүчүгө
ыкласы болбогондуктан, ал жөнүндө сурамжылабаган. Мейман жигиттин
жылдыздуулугу жана ошончо ыраак жерден саламдашуу үчүн келгенпне гаыа ичи
жылып, мал сойдуруп отурат.
Бир аздан кийин көлкөйгөн чоң кемпир жана бала ээрчиткен жаш келин келди. Үйгө от
жагылып, казан асылды. Мейман менен үй ээси баягыбойдон күүтүм кирип, үйгө чырак
жагылганча сүйлөшүшкөн жок. Атайдын ичи бышып баратты. Кимдигин байкатуу үчүн
белиндеги комузун сууруп чыгып, жүккө сүйөп койду. Чал байкады, бирок ага кызыгар
эмес. Келин көлкөгөй байбичепин кулагына бир демени шыбырагандай болду. Ошондо
гаиа байбиче абышкасына кайрылды:
— Бу бала ырчы болсо керек. Укпайсыңбы?
Үй ээси угууга каршылыгым жок дегенсип, башын ийкеди.
Атай «Кербөз», «Ботойдон» баштап, бир нече күүлөрдү айдатып чыкты. Мындай кол
ойнотууну күтпөгөн чал ага көзкөзде көз чаптырып коюп отурду.
— Колуң жөндөм экен! Үнүңдү кошуп көрчү!
— Кандай ырды каалайсыз, ата?
— Билгениңди айта берсеңчи.
Атай келинди тиктеп туруп, эсине бир нерсе түшкөнсүп «Күащүм чокту» жиберди.
Мейман жигиттин ашыктыгын айтып зарлашы, муңканышы эски болушка жаккан жок.
Эгерде ырчы аны мактаса, даңкын элге жайса ыйманы кубаттанмак. «Муыуңар ыйбаа
кылууну билбеген неме го» — деп Үсеке кыжырланып отурду, эч болбогондо кадырлуу
аксакалды бир ооз ырына кошуп койбойбу. Мыыдай уятсыз ырчылар көзинде айлынын
четине жолобой турган. Эми төрүнүн тобөсүнө чыгып, кутурганын көр. Атай аныы
иреңи бузулганын байкаган жок. «Күйдүм чокту» бүтүп, дагы бир ырга көчкөндө
чалдын башка чапкандай айбаттуу үнү чыкты:
— Токтот, каңкылдабай! Эшикке чыгып ырда. Атайдын оозу жабылды. Эмне деп
айтаарын билбейт.
Эпшкке чыгып ырдаганча кеткени артык эмеспи. Чочмор муруп бир залим неме экенин
эми гана сөзди. Казанда кайнан жаткан козунун этине карабап кийимин кийип,
камчысын алып: «Кошуңуз аксакал» — деп эшикке чыкты. Жемге тойгон карагер аса
байланып турган экен, ээсгш корүп окуранып койду.
Түн көөдөй карацгы. Туштуштан оттордун жарыгы жалтырайт. Үргөн иттордин
дабышы чыгат. Атына минген Атай каякка барарын билбей, бет алды жол тартты. Чоң,
кичинеспп ажырата албап бир топ үйлөрдөн өткөндөы кийии бакылдаган үндөрдүт
жана каткырыктарды кулагы чалды. Келин алган, же кыз бергендер болуу керек, же аш
менен тойдун коногосу чыгар. Эскп залимдерден чочуп калган неме аяңдап бастырып,
чуу чыккан жерге жакындады. Эгерде баргаы жери чоң өргөө болсо, аттан түшпөй
кайра тартмак. Тилегине жараша чыкчыйган боз үш кемегеде жагылган оттордун
шооласы менен дайып көрүнүп турат. Ал турсун, колуна чыны, чайнек көтөрүшүп,
нарыбери чуркап жүргөн келиндердин ак көйнөгү да булак этет. Атай жакындап келип,
үйдүн тегерегинде жүргөн бирөөнү чакырып алды.
— Кимдин үйү?
— Ысанын...
— Эмне тамашаңар бар?
— Келинине тойчук өткөрүп жатат.
— Өзүңүз кайдан? — деди алиги жигит.
— Мейманмын.
— Мейман болсоңуз түптүңүз? — Жигит анын атын байлап когоп, үйдү көздөй
ээрчитип барып, кабар салды.— Сырттан конок келатат. Орун бошоткула.
Төр жакта отурган үч карыянын төмөп жагыпдагы жаштар ордунан тура калышты.
Мейман «той куттуу болсун» дегенде, боз тебетей кийген чаарала чыт чапанчан кара
сакал адам «айтканың келсин» деп жооп берди. «Үй ээси ушу болсо керек» — деп
ойлоду Атай.
— Ой, сен Атайсыңбы? — ал жаңы эле отурганда бир жигит ордунан тура калды.—
Баягы жылы Таластын базарында карагер атыңды ойнотуп, чертмек чертип турганыңды
көрдүм эле. Атай болуш ушул дешкен.
— Атай?
— Атай?
Үйдөгүлөр түгүл, сырттагылар дүрбөп калышты.
— Ай, келиндер! — Үй ээси камкордук кылды.— Мейманга ысык чай алып
келгилечи... Кудай берерде ушинтет. Издесе табылбай турган кишинин той үстүндө
туш болгонун карачы!
— Пейлиң туура экен! — Бирөө үй ээсин мактады.— Сенин ушундай ак жолтойлугуң
бар.
Ыса жардыраак адам окшойт, жалгыз уулунун кубанычы үчүн бир кунаажын союп, той
өткөргөн экен. Киши аз келиптир. Бирок ырчынын кабары менөн айыл түбүнөн түрө
чогулушту. Тамак чак келбей баары ыр менен күүгө гана карап калышты.
Ырчы үчүн мына ушундай ынтаалуу эл керек. Көпчүлүгү ңобурсобурду сүйүшпөй,
ырга кулак тосуп мелтирешсе, анын кебетесин жана кыймылын дааналап көрүп калуу
үчүн алга жутунуп, көрүнгөндөн кагуу жеп, тил уккандар да бар... Убакыттын канча
өткөнү белгисиз. Бирок жаштар тараар эмес. Аларга жаңыжаңы нерселер керек эле.
Атай таң атканча отурса да, тамашасы түгөнбөсүн жакшы билүчү. Бирок ошонун баары
бир түрдүү угулуп, кайсы бирөөлөр үргүлөп, каалгып барып, кайра селт этип, көзүн
ачып алганынан улам, ал оюнга жан киргизүүнү ойлоду.
Ушундай отурушта Токтогулга жан жетпейт го, чиркин! Куудул сөздөрдү, шумдуктуу
окуяларды айтып, күүлөрдүн тарыхынан бери козгоп, отургандарды кыраанкаткы
күлдүрчү. Ырлары да ар түрдүү чыгуучу. Эң мурун отурган жерин ырдап, анан санат,
үлгүг, терме ж. б. Жадаганда денесинин кыймылы деле өзүнчө тамаша эле. Ал эми
Токтогулдан башка акындар отурган үйү менен саламдашып алгандан кийин көбүнчө
өткөндөгү ырчылардын айтышын же «ЖанышБайыш», «Курманбек», «СаринжиБөкөй»
сыяктуу жомокторго токтолуп түтөдү өткөрүчү.
Атай мындай узун жомокторду үйрөнгөн эмес. Ыр жана күү менен баарына жетем деп
ойлогон. Бирок өз айлынан чыккандан бери бир нерсе жетпегендигин сөзди. Сөзмөрлүк
керек экен. Аны үчүн көп угуу, көп үйрөнүү жана көп нерселерди көрүү зарыл. Ошондо
гана мелтиреп отурган элге ар жердин өзгөчөлүгүн, болгон окуяларын, улама сөздөрдү
айтып берип, көңүлүн толук ыраазы кылууга болот. Антпесе, жаакты жанып, кол
ойпотуу менен таң атырууга Атайдын кырчындай жаш өмүрү, ташкындаган жүрөгү,
ышкыбоздугу, жана талыкпас кубаты гаиа түтө турган. Барабара карылыкка баш коюп,
бойдон кубаты тайганда, элди мурункусуна окшоп, таң атканча алып отура албай
талыкшый баштаганда сөзсүз арман кылмак.
Келечеги жөнүндө эмне үчүн мурда ойлонбоду экен? Ушунун баары — өз айлынан
чыкпоонун кесири. Калык,
Алымкулга окшоп чоң акынды ээрчип жүрүп таалим албаган, дагы болсо ырысы бар
экен, Токтогул жолун ачып берди.
Өзүнүн тажрыйбасы аз болсо да, сөз көзеги келе калганда Токтогулча тамагын жасап,
эки жагын каранып, куудулдана сүйлөгөндө бардыгы тымтырс болушту. Ал алчыланып
отуруп алып, атасы кичинекей кызга кантип куда болгонун жана өзү сепейген
колуктусу менен биринчи жолу кантип көрүшкөнүн айтканда күлбөгөн киши калган
жок. «Ошондогу ырым ушу» — деп кое бергенде каалгып отурган бир топ кишинин
уйкусу умачтай ачылды. Анын артынан Токтогулдун айыл аралагандагы жоруктарын
жана тамашалуу ырларын айтып түгөнткөнчө таң супа салды...
— Мейман бала дем алсыы,— деп үй ээси чогулгандарды таратты.
Атай Үсекенин кабарын ушул жерден укту. Анын каарыпа калган киши мурда жазасыз
кетчү эмес, азыр бийликтен тайып турган учурунда гана аман-эсен кутулуысуң дешти.
Эл таанууга аттанган жигит ушул жол менен БооТерек, Бейшеке, Бакиян, КараАрча,
Жайылгандан өтүп, Күркүрөө, КараБуура тарапка кайрылды.
Сампарлап жааган биринчи кар аттын тушарын жашырып баратты. Жер бети агарып,
майда жолдор билинбей, алысыраак айылдар көзүнөн далдаланды.
КичиКапкадан чыккан Атай багытынан адашып, адырлуу белестерге туш келип,
каягына болсо да, төзирээк жетүү үчүн карагердин жол жоргосун көшүлттү. Карга
бастырылган топ караган, чие жана куурайлардан башка соройгон жыгач жолукпайт:
андасанда майда бодур таштардын үстүнө чыгып какылыкташып отурган кекиликтер
көзигет. Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин кайданжайдан топ кишинин
каткырыгы угулду. Жолоочу дабыш кайдан чыкканын байкоо үчүн аттын жүрүшүн
акырындатты. «Ээй», «Хахаха» деген үн бет алды жагыпап чыккансып, аягы
каткырыкка айланды.
Кар басылыи, айлана ачыла түшкөн. Шамал согуп турат. Бирок жакын жерден үй
көрүнбөйт. Бир аз бастыра түшкөндөн кийин булаган түтүндү көрдү. Мында түлкүнү
ийиндетип, түтүн салган аңчылар барбы деп, тамаша көргүсү келип, атынын башын
бурду эле, жарга такай тигилген кара үйдүн түндүгүнө туш келди. Ылымтага
ыңтайлаган боз үйдүн жанында бир топ аттар бай¬лаштырылган. Ич жактан кажыкужу
сөздөр менен күлкү тыйылбайт.
«Бозокордун үйү болуу керек»,— деп ойлоп Атай ошол жакка эңкейди. Атын байлап,
кийминдеги карын күбүнүп, үйгө кирди: — Ассалоомалейкум!
Тамашага дили оогон кишилер ага назар салышкан жок. Төрдө ак тонду желбегей
жамынып, малакайын түшүрө кийип, көк күрмөсүнүн көкүрөгүн ачып, ак көпнөгүнүн
бүчүсүн чечсе да, нымтырап тердеп отурган абышка баарынын көңүлүн тизгиндеген
сөзүн токтотуп, кирген жигитке үңүлө карады: — Жолоочу окшойт. Бери өт. Өзүмүн
жакыман орун ал.
Атан кол алышып, анын төмөн жагына отурду. Чукчуңдаган чал жолоочуну ийнинеи
мыкчый кармаи, өзүнө имере тартты:
— Этиң тирүү! Эрдиң жука, көзүтнүн шогун! Эл кыдырган кескинин бири болбо —
деп, анын жанжагын аңтара ткктеп, жоиун оркойтуп турган комузду байкады.—
Айтпадым беле, мунун түрү башка деп. Мейманга Айдакеңдин кесесин сунгулачы!
Менман жигит алдына келгеи сыр аяктагы бозону кичи пейилдик менен карыяга сунду.
— Мунун сыпайкерчилигин көр! Мага тийишкиң келип турабы? Ит алган түлкүдөй
кылайыпбы ыя? Кесени бошот, арманда каласың (бир аздан кийин бозо жүрөгүңө
барбайт).
Атай кесеии созуна такаганда сары чал чертмегин колуна алып, «чу» дегенде эле
зыңылдатып кирди. Чекеси трлрышыпбырышып, оозу чулчуюп, бөрсөйгөн курсагы
кымызга толгон сабадай көлкүлдөдү.
Ээ, балам, менин атым сурасаң, Айдыралы жөргөлөк. Ар жыйынга барганда, Айтар
сөзүм бир бөлөк.
Керектүү жер чыкырса, Кете берем дөңгөлөп. Келин кызды көргөндө Керегенин
түбүнөн Кирип барам жөргөлөп. Уууууу, Хахахаха!
Ал «хахалаганда» бетибашы жыйрылып, курсагы былкшылк этип, каткырык боз үтйдү
көтөрүп кете жаздады. Капшыт жактагы чийдин үстүнө коюлган чоң кара казандагы
бозо бетин боз чалып, толкуп турган тоо көлүпө окшоп түрмөктөлүп бир жагынан
бир жагына которулушуи, оргуп жатты. Оттун боюнда төшүнө боркок тагылып, көжо
ичип отурган кичинекей бала кашыгын кесеге матырып, Айдыралынын оозу менен
курсагына алмак-салмак көз жүгүртүп, борсулдап күлөт. Балага сүйөнүп турган карала
мышык да белин бүкүрөйтүп, кулагын тикчийтип калды.
Сары чалдын ким экенин азыр гана көрүтп билген Атайдын кекиртегинен бозо өтпөй,
ойго батты. Аны көргөн жигиттер чалдан жүрөгүт түшүп калды дешип, көз ымдашып
күлүштү.
Токтогул, Эшмамбет, Чоңду, Эсенаман менен замандаш атактуу Айдыралы жөргөлөк
менен жоробозодон көздешерин ал кайдан ойлоптур. Элге «Көйрөң күтүдөй» өлбос
белегин берип, өзү очогунун башында кала берип, жадагаида, Талас ичин да кенен
аралабаган чоц комузчунун тагдыры Атайдын оюн уйгутуйгу кылды... «Соктур,
Айдаке», деп үндөр чыкканда гана ал башын чолуп алды.
Айдыралы карткарт кекирип, кекиртегин созуп, комуздун башын көтөро шилтеп,
«Көйрөң күүнү» чертти. Асманда кайкып учкан карчыганын канатынын күүсүнө окшоп
зуулдаган комуз күүсүнө өзүнүн тоодон кулаган таштай колдураган дабышы эп
келишип, ырдай баштады:
Олуя Ата, Ташкенден, Алып келген «Көйрөң күү» Петербург, Маскөөгө Барып келген
«Көйрөң күү».
Алты капка жаймалап, Артып келген «Көйрөң күү». Аркан менен аябай Тартып келген
«Көйрөң күү».
Коен жылы кышында Жутап калдык ошондо Уйлар өлүп, кой калды, Күрөң бука бой
калды. Сары жүрмө, карын сал, Сасып кетер барын сал. Семиз чыккан оолучу,
Майсайын кошуп дагы сал! Күжүкүжү, күжүткүж!
Таластын көкүрөк жагынын комузчулары анын өзүн тааныбаганы менен күүсүн жакшы
билишчү. Айдакең очогунуп башында отурганда «күүсү» желдей учуп, бүт¬күл
кыргызга жеткен. Бирок карт комузчу менен айыл, даштары аны билишпейт.
— Көзекти мейманга берели!
— Эр болсо чалдын күүсүн кайрып көрсүн! — дешип бир катары күүлөнүштү.
— Жигит, коркпогун! Сени коргоп алууга жарайбыз! — дагы бири жыландын
башын кылтыйтты.
Айдыралы баланы сынап көрөйүн дегенсип, уучууну укмаксан<болуп, көзекти Атайга
узатты.
Мейман чапанын аркасына чечип таштап, өз комузун колуна алып, куду Айдыралыга
окшоп чекесин бырыштырып, жаагын тырыштырып, ууртун чулчуйтуп, «уууу» деп,
уулдай баштаганда отургандар «бу да озол көрүнбөйт» дегенсишип, шылдыңды
токтотушту. Анын комузунан чыккан «Көйрөң күү» да эң мурун ОлуяАта, Ташкенден
аттанып, короздонуп, койкоңдоп Маскөө менен Петербургка чейин барып келип,
акырында коен жылы кышындагы элдин зарын, уйлар өлүп, күрөң бука бой калганын
жана бир тоюнуп алайын — деп, калганкаткан этти казанына шыкаткан ач көз байды
көргөнүн баяндап, өзү нечен азаптарды баштан өткөрсө да, жоголбой түбөлүккө согуп
туруучу тоо шамалына окшоп зуулдай берди...
— Сен кайсы баламсың? — Күү чертилип бүткөндоп кийин сары чал аны ийнинен
имере тартты.
— Огонбайдын уулу Атаймын.
— Сен экенсиң го! Өлбөсөң киши болосуң, өлсөң өз шоруң.— Карыя мейман
жигитке карап тургапдарга бурулду.— Кана, уулум экөөбүзгө көзе жаңырткылачы!
Айдыралы бул үйгө күнүнө бир маал келип, жорочуларга жана өткөнкеткен кишилерге
эрмек боло турган. Айылдын жаштары анын чукугандай курч сөздорү мепеи көңүлдү
шаттандыруучу күүлөрүнө кызыгышып, кайдан болсо да чакырышчу.
Жорого жолдош болчу чоң абышка азыр алардын тобунан бөлүндү.
Атай Айдыралыга кошулуп, Таластын этегиндеги айылдарды бир нече күнү аралады.
Жетимиштен эбак ашса да, абышканын кайраты, сөздөрүнүн мизи жана күүлөрүнүн
күчү калыбында. Отурган жери күлкү. Бирок ырлары аз. «Жөргөлөк», «Коен жыл»
жана «Жолборско каптырган байдын» кошогунан башка эсте кала турганы жок.
Черткен күүлөрү көп. Бирок өзүнүкү бирөө. Бирөө болсо да бирегей. Билгендер
«Айдакемдин өз күүсү көп эле» — дешет. Чал өзү алардын баарын жерип, жалгыз гана
«Көйрөң күүсүн» карманып калыптыр.
«Көйрөң күүдөй» укмушту жараткан кишини өзү, же элге таанылбай, же чүнчүп
кетпей, бир айылдын букараларына гана эрмек болуп жүрө беришинин сыры эмнеде.
Атай чоң комузчунун өмүрүн бир аз күндөн кийин, анын үйүнө баргандан кийин гана
баамдай баштады.
Алар кичинекей кара үйдүн жанына келгенде жапырайган элечек оронгон бөкчөйгөн
кара кемппр учурашуудан мурда эри минген чолок куйрук көк аттын канжыгасын
карап койду. Ошондон кийин гана чалынын дидарына жана ээрчип келген жигитке
көңүл бурду.
— Күүлүсүңбү, апа? — деди Атай. Кемпир баш ийкеди да, үйүнө кирип кетти.
— Менин байбичем төрө тукумунап, капа болбо. Капа болгонуң менен эч нерсе
чыкпайт,— деп Айдакең каткырып койду.
Картаң комузчунун үйү кадимки букаралардын кепесиндей. Төрдө эски чолок кийиз...
Туштушунда таар жана такырая баштаган талпактар... Кемпир эч болбосо, таардын
алдына камыш, же бакал төшөп, жумшактап коюуну ойлобосо керек. Табылгаң жок
дегенсип, чалын жактырбагандай мурчуюп отурду.
— Мына биздин базарлык,— мейман жигит койнунан эки-үч тоголок чай, бир
түйүнчөк сары набат сууруп чыкты. Ошондо гана кемпирдин бырышы жазылды. — Бул
Айдакемдин олжосу. — Ал бир тутам акча да сунду.
Кемпир кедеңдеп тура калып, от жагып, чай тулгага чайнегин асты. Айдаралы кейиген
да, кубанган да жок. Меймандын төмөн жагында отуруп, кемпиринен алжайды сурады.
Кемпир оттун табына тизесин кактап отуруп, жаңылыктарды божурады:
— Жаңы Сельсовет келди дешет, ким экенин билбеймин... Кичи уулдун кызы
күйөөдөн чыгып келди... Марка акемдердин уюн карышкыр жеп, чай катыкты элден
сурап калышты.
Абышкаоы өз күүсүн өзү тыңшагысы келгенсип, комуздун үнүн кыңгыратып тетири
карады. Кепке кулак салган мейманга карап, кемпир сөзүн чубатты.
— Ую жакшы эле, кунаажынында ургаачы музоо тууп, бир үйдү сүткө оңдуруп
койгон. Арам өлгүр, быйыл да эрте бооз эле...
— Марка акелердин башка малы барбы?
Бээси, анчамынча жандыгы бар. Кой ары, ошонун баары саан уйга жетеби?
Бир бутун жыйып, бир бутун сунуп кошок күүнү чер ^ тип отурган Айдыралы оор
үшкүрүп алды да, мандаш урунуп, комузунун кулагын толгойтолгой «Көйрөң күүнү»
зуулатты.
Ушул күү Атайга эмне үчүндүр Айдыралынын өзү болуп көрүнөт.
Бир ат, бир уйдан башка мал күтпегөн киши күүгө да кедей болгонбу? Билгендердин
сөзүнө караганда ал күүгө да сөзгө да бай экен. Кийинчерээк «Көйрөң күүнү» тапкан
дешет. Бул уккандын баарына жагып, айыл аксакалдары: «Датканын алдына барып
чертип бер, райым кылса, сени топко кошуп, жолуңду ачат» — дешет. Ал даткага
барып, жаңы табылгасын жандили менен кайрып отурганда датка: «Бул кандай жинди
күү?!» — деп жипкирет... Айдыралынын чоңдорду жандашынын башы да, акыры дал
ошол болот.
Атай, ал датканын өзүн көргөн эмес, атын уккан, айылдагылар «маркумдун жайы ушу»
деп ага төбөсү түшкөн күмбөздү көргөзүшкөн. Кайран киши, атым өчпөй турсун деп,
өзүнө ушул эстеликти тургузган экеы. Бирок эстелиги урап, өзү унутулуп баратыптыр.
Күмбөздүн жанынан өтүп баратканда Атай датка менен Айдыралынын эстелигин өз
кыялында салыштырып көргөн. «Көйрөң күтү» бейит башында орнотулган эстелик
эмес, оң, солго бүт таралган өлбөс жана өчпөс, тирүү Айдыралы.
Ушундай кишилердин кадырын даткасы болсун, башка мыктылары болсун, эмне үчүн
билишпейт? Алар тирүү көзинде өз кадыры үчүш гана кам жетпип, өлөр алдында, өзүм
унутулбайын деп эстелигин да башкалардын күчү менен тургузушат. Өзү үчүн туулуп,
өзү үчүн өлгөн кишинин эстелиги мейли таштан оюп жасалып, өмүр бою тура бергенде
да, эл анын ысмын эскербей, муздак ташты гана көрүшөт.
Айдыралы оң, солдун гана кишиси эмес. Ал өзү айткандай, ОлуяАта, Ташкенден
баштап, Петербург, Маскөөгө чейинки элдин кишиси экендигин Атай он жылдан
ашыгыраак убакыт өткөндөн кийин, 1939-жылдып жайында Москвада, кыргыз
искусствосунун биринчи декадасынын учурунда чоң борбордун эмгекчилерине өзү
«Көйрөң күүнү» чертип жатканда дагы бир жолу эскерген.
***
Дөбө Тоймат бий жалгыз өзү7 ээлеп калган. Эми баары ачыгына чыкты: Кызылбаш
баштаган Таластын
бир топ манабы башка жакка жер ооду болуп, ири байлар кулакка тартылды. Алардын
ичине Тыныбектин уулу Зоотбек да кошулду. Малы азайып, өзү карыгандыгы жана
оорукчандыгы үчүн Тыныбек гана өз очогунда калды. Аныы кичүү уулу Мамат
малынын баарынан ажырап, үймүлкүн сатып, жансактап калган.
Таластын белдүү манаптары айдалгандан кийин Тоймат бий эски доорунун кайра
айланып келишинен түңүлгөн. Эл жапырт бир багытка — колхоз курууга бет алган.
«Баланча чоңоет», «түткүнчө кызматынан бошойт экен», ж. б. ушак сөздөр,
кажылдашуулар, эрегишүүлөр тыйылып, кишилер өз иши менен алагды.
Тоймат азыр дөбөгө жаңылык угуу үчүн эмес, үйдө жалгыз отура берип зериккенде
гана келет. Карыса да, доорону өтсө да, айылдагы топорлордон өзүн жогору сөзет, эч
кимди боюна теңебейт.
Айтыке чоң сакал карыса да калжаңдап, көпчүлүктүн ичинде. Атабек көсөө активдерди
жандап кеткен. Өз жосунун таштабаган — Тоймат. Ал жалгыз калганына кейүүчү эмес,
бул жерде аңгемелешүүгө жарай тургак киши жок, бирок акылдагы топорлор көптү
көрүп, көптү билген Тоймат аксакалдан кеңеш сурабай, топурашып кантип жашап
жатканына акылы жетчү эмес. Алардын жол көрсөтө тургаыдары Фрунзе, Маскөө
жагында экен. Чоң иштерди ошол жактан үйрөнүшсүн... Ал эми айыл ичиндеги
иштерди, чырчатактарды жайгарууну иштин жайын билген кишиден эмне үчүгк
суранышайт. Же билбегенин суроо намыспы? Алардын кемдиги ушу да деп ойлойт.
Болбосо, ошолор менден акыл сурашса, даярмын дегенсип, дөңдө жалгыз өзү кимдир
бирөөлөрдү күткөнсүп отурганын түшүтнүшпөйбү?!
Ошентип отурганда, көк нооту чепкенин желбегей жамынып, ак калпагын кийип
Мамат жанына келди:
— Ассалоомалейким!
— Алейкима салам! — Жанына адам жолобой калган карыя мырзаны көргөндө
күткөнүнө кабылгансыды. Бул жаңы болушпу (айыл Советинин төр агасыбы) деп
болжоду.
— Кел, балам, отур!
Мамат чыкчыйып мандаш урунуп отурду. Оюнда эч нерсе Жок неме оозунан сөз
чыгарбады. Чалдан сөз угуп, зериккенин жазуу үчүн гана келген эмеспи. Тоймат болсо:
«Менден качан кеп сурайт экен, же мени сыноо үчүн келгенби» — дегенсип кооптоно
баштады. Акырында кексе чал акыы сырын байкагысы келди:
— Балам, карылык кылып, сени тааный албай отурам.
— Мен Мамат эмесминби!.. Карыганыцыз ырас экен!
— Кайсы Мамат?
— Тыныбектин кенже баласы.
— Аа, ошосуңбу?! — Тоймат көк чапандын этегин кымтыланып, башын жогору
көтөрдү. — Сени көрбөсөм да билемин...
Ал Мадоаттын обу жоктугун, Ата-энесин кор кылып, бүлдүргүч болуп жана колунан эч
нерсе келбеген ашкебелигин уккан эле. Бул кандай торпок баш неме десе, Мамат ушу
турбайбы! Опосуз дүнүйө балким, бу бечаранын көкөйүн кесип, акыл суроого
келгендир.
Чал менен жигит бири-биринен кеп күтүшүп, бешимден күн батканга чейин уңкуюшуп
отура берди. Акырында тынчтыкты Мамат бузду:
— Карыя кеп айтып, эрмек болуңузчу. Зериктим... Тоймат ошондо гана ок
тийгендей шылк этти, бирск
дардаңпостун желин чыгарайын дегениби, кескин жооп кайтарды:
— Сөз кулагы барга айтылат. — Мээң болсо, түшүнөрсүң, дегенсип, андан
ачыгыраак айткан жок.
— Менин кулагым жок бекен? — Мамат таңыркады. — Уганакмын. Түнкүсүн үндө
жөргөлөгөн чычкандын дабышын да билип коем.
«Экөөбүздү да кудай урган экен,— деди Тоймат озүнчө. — Мен карынын, бул жаштын
келжири. Экөөбүздүы ушул дөбөдөн баш кошконубузду кара! Башкалар эмне үчүн
менин жаныма келбейт десем, алардын мээси толук тура».
Абышка чекир көзүн сүзүлтүп, арманын козгой баштады. Өз катарынан ажырап, бөөдө
баш катырып, дөң сактаганына өкүндү. Заман өзгөрүлгөнүн, бир көздеги акылдуу
аксакал эми айылга сыйбаган келжирбайга жолдош болгонуна арданды. Күн батып,
күүгүм кирди. Чал ордунан козголбоду. Ансыз жалгыз өзү туруп кетүүго Мамат да
намыс кылды. Акыры курсагы ачып, ичи ысып баратканына чыдабай үйүнө жөнөдү.
Чал бир жагыиа кыйшайган бойдон кала берди. Жигиттин «кошуңуз» деген сөзүнө
жооп кайтарган жок...
Үй-бүлөсү Толматты ойготууга келип, анын өлүп жатканын көрүштү. Ызычуу,
бакырык чыкканда үйдүн жанында турган Мамат бийдин өлүгүн көтөрүп келатышкан
кишилерди көрүп, жүрөгү шуу этти.
Тойматтын мүрт кетишинен кийин Мамат дөбөгө баруудан да коркуп, үйүнүн
көлөкөсүндө отуруп, эки жагына көз сала турган болду.
Бир күнү Маматтын көзүнө алиги дөбөдө чаар чапан кийип, бөкчөйүп отурган чал
көрүнгөндө таманынан чыккан дүркүрөк төбөсүнө чейин жетти. Ооба, Тойматтын дал
өзү!
Дөңдөгү караан Тоймат бий эмес эле айдоодон терилген чаар таштардын үймөгү
экенин байкагандан кийин гана жүрөгүнүн түрсүлдөгөнү басылды. Коркунучу
басылганы менен мырзаны ач курсагы карайлатты.
Үйдө үнөм калбады. Көзгө көрүнөр буюмдан Маматтын кызыл тукаба тышталган кара
көрпө тебетейи калды, калгандары сатылып бүттү.
— Сенин убайыңды жолдошторуң көрдү эле. Баары тузуңду акташкан жок. Өңгө
унутса да, Чырым унутпай турган жөнү бар эле,— деди Уулжан ыйлаган баласын
соорото албай отуруп.
Ошону уккандан бери Мамат жолдон Чырымдын өтүшүн күтөт. Кече ал бир топ кишп
менен кетип бараткан экен, чакыруудан айбыкты. Бүгүн эртеден бери көрүнбөдү, сазда
төзек терип жүргөн Уулжан шаша келди:
— Чырым өтүп баратат. Жолук!
Мамат эшикке жүгүрүп чыкты.
Жолдошунун жанындагы шапкечен орусту көрүп, бир аз айбыкты да, тобокелге бел
байлап кыйкырды:
— Ой, Чырым!
Атчандар токтолушту. Мамат кол булгады. Жанындагы орус келбей койгой эле деп
турганда, экөө тең бери кайрылышты. Чакырарын чакырып коюп, Мамат каякка
качарын билбей шашты. Өзү жумуш кылбайт, агасы кулак болгон, мындай жек
көрүмдү немени кызматчылар жактырбасын биле турган.
Чырым айылдык Советтин секретары болуп иштөөчү. Мамат анын колунан бир нерсе
өнөт го деп үмүтөткөп. Бирок чоочун кишинин көзүнчө эч нерсе айта албай
мукактанды.
— Эмне аитмакчысыз? — деди Чырым,— уялбай эле кой...
— Айта бер,— деди орус кыргызча сүйлөп...
— Эмнени айтам? — Мамат тайсалдады. Аңгыча үйдөн Уулжан чыга калды:
— Оокат түгөндү. Ачпыз. Жардам бергиле. Кайнагам кулак болгону менен биз
кедейбиз. Аны өкүмөт өзү деле билет. — Уулжан секретарга катуу таарынгандай оң
карабай, жанындагы кишиге бет ала сүйлөдү.
— Булар ким? — кайыш палыочон орус кызматчы Чырымга бурулду.
— Тыныбек уулу Мамат...
— Кайсы Тыныбек?.. Илгерн аш берген Тыныбек эмеспи?
— Ошол,— деди Чырым,— бирок ал кийин орто чарба эле болуп калган. Мамат
үрүп чыгар ити жок кеден. Булардан жалгыз гана Зоотбек...
— Анык кедей болсоң, эмне үчүн колхозго өтпөйсүң? деди орус жигит Маматка.
Мамат жооп кайтара албады. Чыррам бул орус кызматчыларың ким экендигин эски
досуна түшүндүрө койду.
— Бу киши райкомдун секретары Анатолий Алексеевич Шулыин. Айта бер
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Атай - 17
  • Büleklär
  • Атай - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3988
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2335
    27.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 4007
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2310
    29.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 4007
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2169
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 4040
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2261
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3933
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2230
    28.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3945
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2172
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 4017
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2331
    30.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 4025
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2330
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3903
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2184
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3925
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2231
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3901
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2142
    30.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3803
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2123
    28.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3820
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2144
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3859
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2264
    28.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3978
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2233
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2311
    27.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 17
    Süzlärneñ gomumi sanı 3985
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2360
    28.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 18
    Süzlärneñ gomumi sanı 3950
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2190
    29.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 19
    Süzlärneñ gomumi sanı 4029
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2314
    29.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 20
    Süzlärneñ gomumi sanı 3939
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2204
    28.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 21
    Süzlärneñ gomumi sanı 3850
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    30.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 22
    Süzlärneñ gomumi sanı 3844
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 23
    Süzlärneñ gomumi sanı 3912
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2163
    30.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 24
    Süzlärneñ gomumi sanı 4047
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2003
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 25
    Süzlärneñ gomumi sanı 4012
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2062
    30.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 26
    Süzlärneñ gomumi sanı 4091
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2166
    30.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 27
    Süzlärneñ gomumi sanı 4051
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2255
    27.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 28
    Süzlärneñ gomumi sanı 3917
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2110
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 29
    Süzlärneñ gomumi sanı 4012
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2185
    31.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 30
    Süzlärneñ gomumi sanı 4010
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2112
    30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 31
    Süzlärneñ gomumi sanı 3933
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2191
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 32
    Süzlärneñ gomumi sanı 3956
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2208
    29.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 33
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2204
    29.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 34
    Süzlärneñ gomumi sanı 2899
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1600
    32.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.