Latin

Атай - 17

Süzlärneñ gomumi sanı 3985
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2360
28.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
датыңды.
— Акт! — Аялы да аны кысмакка алды.
— Мага оокат бергиле. Үрөн бергиле. Колхозго өтөм...
— Бул маселени колхозчулардын чогулушуна койгула. Менин оюмча Маматты
колхозго мүчолүккө алып, тарбиялоо керек.
«Насибим түгөндүбү» — деп чочуп турган Мамат райондун жетекчисинин жообун
укканда көрөр күнү бар экендигин түшүндү.
Тыныбектин өлүү-тирүүсү менен иши болгон үч аялы гана. Бай кабыргасынан
кагынып, төшөккө жыгылганына бир жумага жакын убакыт болду. Денеси от, жакшы
дем алалбай ынтыгат, жөөлүйт. Чоң табыптын айтымына караганда бир жумадан ашса
айыгат, болбосо...
Бай көзүн ачканда ачык асмандан жаркыраган жылдыздар көрүндү, мен кайда жатам
дегенсип, ал айланасын карамак болду эле, башы көтөрүлбөй «ыңк» деген алсыз үнү
араң угулду. «Бүгүн акыркы күнү»,— деп тирмийип тиктеп отурган Мамат байбиче:
«Ий, Маматтын атасы, жайың кандай?» — деди көз жашын мончоктотуп, Оору
кеберсиген эрдин жаланып, башын чайкады. Начар...
Бай да, байбиче да жалгыз. Берки аялдары улуу абысындын бакырыгы качан чыгар
экен дешип, өз үйлөрүндө күтүп отурушкан.
— Кана? — Тыныбек кимди сурайт. Жер ооду болгон Зоотбекти, же таарынычка
шылтоолоп, көңүл суроого келбей койгон Маматты, же эки аялын жоктойбу?
— Жок. Эч кимиси жок...
Бай көзүн аңтарылтып, асманды тиктеп жатып, өлүмгө баш койгонун сөзди. Атасы
Малабек маркум да өлөр алдында балачакасын чогулттуруп, керөзин айтып,
ыраа¬зылык сурашкан. «Менин бул дүйнөдөн арманым жок, силерден сурарым:
агайынтууган ынтымактуу болгула» дегени эсине келди. Тыныбек ата сөзүн актай
албады, агайынтууган түгүл Мамат менен да араздашып, балачакасы менен чогуу
туруп, ыраазылык айтыша албай жаптасдим кылганы жатат. Чал өзүнүн көзү өткөндөн
кийин артындагылар кандай күндө каларын билет. Айсалкындын эч нерсеси коробойт,
жаш неме каалаган күйөөсүнө тийип алат; Бурулча кааласа отурат, каалабаса ал да кете
берчү катын; ага чындап күйүүчү — байбичеси, аныи каранары, карманары жок
карып...
— Суу?
Манат кудайга кулдук кылып, чакадан бир чыны таза суу сузуп, күйөөсүнүн башын
жөлөп, оозуна чыныиы такаганда, ал эки жолу гана кылк эткизди. Оору жаздыгына
кайра баш койгоидон кийин «карачы!» — деди набыш менен.
— Кимди? Бироонү чакыранынбы?
— Эшикти кара! — Кишикара жокпу?
Байбиче үйдү айланып чыгып, эч ким жок экендигин билдирди.
Абышка кыңылдаган алсыз дабышы менен керөзин айта баштады:
— Акембайда эки бээ, он соолук бар. Четинеп алып жүр. Маматка этият бол...
Өлбөс дүнүйөң бар, капа болбо... Эшикти карачы!
Байбиче үйдү айлана басып келсе, чалынын оозу дале кыбырап жатыптыр. Бирок үнү
угулбайт.
— Эмне? Угулбайт. Ачык айт. — Байбиче эңкейип, анын оозуна кулагын такады,
бүлкүтлдөгөн эриыи кулакты жыбыратканы болбосо, башка эч нерсе билинбейт.
Оорулуу чалдын тили байланган. Бирок ал акылын жоготкон жок. Үнү чыкпай тили
байланганын озү да түшүндү окшойт, тоо жакка карап, башын калжаңдатты. Байбичеси
эч нерсени түшүнө албагандыгын билгенден кийин бай башын чайкады, көзүнө жаш
толду. Байбиче анын оозун тиктеп ыйлап жиберди...
Мындан эки жыл мурда Тыныбек сактык кылып, үйүндөгү алтын-күмүштү шириге
салып, сыртынан курмушу менен ороп, түн ичинде жалгыз өзү атка араң өңөрүп, тоо
жакка катып келгеннн Манат байбиче гана биле турган. Дүнүйө бекеринен бүкөнбара
болбосун үчүн Тыныбек сырын балдарына да айткан эмес. Керек убагында гана
четинен алам деп ойлогон. Ошол оюна жетпей ооруду, эми өлөрүнө көзү жеткенде
байбичесине дайындамак болгондо, тили байланды... Өлүм алдында жаткан абышка
менен байбичеси суурдун ийнинде калган алтын-күмүштү ойлоп ыйлашты.
Бир маалда байбиченин чыңырыгы угулду. Шум кабарды күтүп турушкан эки аял эки
жактан жетип келишип, өлүктүн жанында бакыра баштады. Айылдагылар чогулушуп,
үйдүн бир жагына чий тартышып, маркумдун сөөгүн далдаалап коюшту. Өкүрүк,
бакырык, ый башаламан чыгып, бир аздан кийин байбиченин муңайымдуу коңур үнү
гана созолонуп жатты:
Бекзатым, чолпондой болуп баттыңбы? Бекзатым, шумкардай болуп качтыңбы?
Түгөйүмдөн айрырдай,
Мен бейбак бир кудайга жаздымбы?
Бекзатым кем болбой өсүп жашыңдан, Бекзатым, дөөлөтүң кетти башыңан... Алтының
калды талаада, Ырысы жок бейбактын насибинин азынан...
Тыныбектин сөөгү атасынын мүрзөсүнө жанаша коюлду.
Кечикпей Айсалкынды төркүндөрү үй-жайы менен көчүрүп кетишти. Манат, Бурулча,
Мамат үчөө бир үйгө биригишип, калган боз үйлөрдү сатып жиберишти.
Мамат эми үч үйдүн ээси, колхоздун мүчөсү болгондуктан, эл менен бирге жумушка
кирип, карамагындагыларды багууга тийиш.
Бригадир бир күнү келип, Маматты кош айдоого ээрчитип барып, тийиштүү аттары
менен сокону бөлүп берди. Ага Бектен кошулду.
Бири тай букача букжуюп, бири суу жээгине конгоп тартарча тарбайып, айдоо
талаасына келишти.
— Силерге тийген жер ушул. Айдай бергиле! — деди да, бригадир жүрүп кетти.
Бул Тыныбектин жери экенин таанып, Мамат сүйүндү:
— Абдан семиз жер. Жыргайбыз...
Бектен жылаңаяк, жылаңбаштанып аттарды жетеккө алган. Мамат күрмөсүн чечип,
жалаң көйнөкчөн, бутун ташка, же дүңгөккө алдырбас үчүн өтүкчөн болуп сокону
кармаган. Айдоону үч жолу тегеренгенден кийин таноосу кыпчылып, иреңи кара көк
тартып, алкашалка тердеген; каруусу кетип, сокону жерге ныгыруунун ордуна ага
сүйөнүп алып, тарткан аттарга ого бетер күч келтирүүдө. Түз кармалбагап соконун
тиши кыртышты тегиз жиребей, өйдө-ылдый болуп, жер алачокул айдалууда. Ат
жетелеп бараткан Бектен кээде артына кылчайып, иштин натыйжасын көргөндө:
«Байке, ныгыра кармаңыз»,— деп кыйкырып коет. Алсыраган байкеси соконун сабына
жөлөнбөсө эле буту чалыштап жыгыла турган.
Бектенбылтыртан бери кош айдашып, соконун жайып билип калган эле. Шеригинин
жайсыздыгына көзү жеткенден кийин:
— Аттын башын сиз жетелеңиз, сокону мен кармайын.
Маматка баары бир. Бирок дардайган жигит баланы оор ишке салып, өзү коштун
башын жетелеп жүргөнүн көргөн колхозчулар өз ара каткырышып, аны шылдыңдай
башташты. Шылдыңды да түшүнгөн киши билет. Ал атасынын жери энчисине
тийгенине эле кубанычтуу. Жер апдоону ушуну менен үчүнчү жолу гана көрүшү. Алгач
Атай экоң бала күнүндө өңчөй буурсундардын арасында соко менен жүргөн
Султаналыны көргөн. Экинчи жолу атасынын дал ушул жерин коруймун деп тепки
жеген.
— Абаке, борозго тартыңыз, түз тартыңыз!
Ал аттын башын бура коюп, кайра өз кыялы менен алышат. Колхоз деген ушундай
болобу? Ар ким өзү иштегенин өзү алса, бардыгын ортолукка жыйноонун эмпе кереги
бар? Ал аттарды токтотуп, шеригине карады:
— Сен билесиңби? Кийин ушул жерге зккен буудайды зкөөбүз бөлүп алабызбы?
Аны кишисинтип, ушундай собол менен кайрылып турган абаеына таң калган Бектен,
уккандарын улап жооп кайтарды:
— Антпей эле, күзүндө алынган түшүмдүн барын ортого салып, казынага
тийиштүүсүн жана үрөндүгүн чыгарып коюп, калганын бөлүп алат экенбиз.
— Анысы жаман экен? — Маматтын деми сууй түштү. — Ушул жердин эгини
экөөбүзгө тийгенде болмок... Калганы менен ишибиз жок эле.
Анын ынтаасы жоголуп, коштун башын түз алып жүрбөй, соконубултактатып сүйрөтө
баштайт. Бектен кыйкырат...
— Ортолуктан ала турган болгон соң, жакшыятман айдалганы — баары бир — дейт
Мамат.
— Жаман айдасаңар эмгегиңерди төмөндөтөм деп бригадир айтпады беле,— деп
суңкугуй бала жанына чуркап келгенден кийин гана ал жөнгө түшөт...
Түчнкү дем алышта баары аттарын жайдак минишип, өздөрү гана дем албастан,
унааларын да тыныктырып, откоруу керек эле. Үйүнө жетип алгандан кийин Мамат
атынын тизгинин жолдошуна карматты:
— Саз жакка тушай салчы. Анан кетериңде мени ала кет.
Мамат үйүнө киргенде кийимин чечүүгө дарманы келбей кулап жыгылды. Ары жакта
кара кийип отурган эки апасы чоочуп кетишти:
— Дени сообу, карачы!
Уулжан анын колу, башын кармалап, чекесин басып көрүп, апаларына күлүмсүрөп
көзүн кысты:
— Чарчагандыкы.
— Ошондой эле болсунчу!
— Ошондой эле дешет! — Мамат тетири оодарылды. — Өлгөнү калдым. Эч нерсе
иштешпей, тетири карап отуруп алышып, калп эле ыйлай беришет,— деп күңкүлдөп
жатып уктап кетти...
Түштөн кийинки жумуш бир кыйла көңүлдүү өттү. Кыбыладан салкын жел жүрүп,
нымшыган дене сергип, кайсы бир шайыр жигиттердин ыры чыкты. Мамат да өзүн
чыйрак сөзет. Бирок бутуколу сыздайт. Муну кылган соко, бая эле аттарды жетелегенде
эч балаа жок эле. Эми көрчү: буттары эркине көнбөй аттарга тебелете жаздап, сенделип
араң басат. Канынан өтүп бараткан бригадир Маматтын абалын түшүнгөнсүп:
— Ой, болуп калыпсың! Аттардын бирине минип алсаңчы!
Бригадирдин тамашасын ал чындык катары кабыл алды. Аттарды токтотуп, бирине
секирип минмекчи болду, бирок ээри жок:
— Буттап жиберчи, аңкайып турбай!
Бектен аны буттап, аттын бирине мингизин койду. Кошчулардын баары кү7лүштү.
Мамат өзү да каткырат. Жайдак атка деле минүүгө болот экен: бирок аңызды эки-үч
тегеренип чыкканча кыштан арык чыккан аттын кыр аркасы көчүгүн жоорутуп, улам
бир жамбашына кыйшалактай баштады. Алдына төшөөгө эч нерсе табылбайт. Бектен
экөө тең көйнөкчөн келишкен. Жамбашы да эзилип бүткөндө аттарды жөө жетелей
баштады...
Чакыйып тийген күн кыйыктангандай кеч батты. Кошчулар жумуштан кайтышты.
Мамат өзүн өзү аяп, Бектенге бир атты мингизип, экинчисин жетелетип жиберип, элдин
артына түшүп, жөө басты.
«Балама түшкөн күн курусун» — деп кайраттанган Манат байбиче катын башын эр
кылып, эки үйдү өз бийлигине алып, сарамжалын бүтүрмөйүнчө кор болуп ка¬ларын
сөзген. Чачын өрдүрүп, белин бекем байланып, тирилигине алып, сарамжалын өзү
бүтүрүүдө. Кошуп коюп отурган — жалгыз гана Бурулча.
Күйөөсүнүн жашырып кеткен малдарын уулуна угузган жок. Ал шегин билсе үч айдын
ичинде акырына чыкмак. Союш керек убагында бирденэкиден алдыра коет. Мамат бул
кайдан — деп сураса: «Байбичеге»,— деп арнап алып келишиптир деп жооп берет.
***
Кургакчылык болуп, жазда себилген эгиндердин көбү жаңыдан өнүп келатканда
куурап, күнгө күйүп кетти. Талаа чөбү бүт саргайып, турган жеринде бүрүшүп, катып
жок болду.
1916-жылдын кургакчылыгыиаы жаыа ачарчылыктан коркуп калышкан эл коболоңдой
баштады. Ырас, азыр малдын көпчүлүгү колхозго топтоштурулган, жеке менчиктерде
бирин-серин кара мал жана жандыктар бар. Камбыл кишилер токойдон, тооиун
жылгаларынан тырмалашып жүрүп, кыштык тоюткорун камдашты.
Эгер кыш катуу болсо, тоюткор чак келбей мал жутаарына эч күмөн жок.
Эчен жылдардан бери бузулбай жаткан Тыныбектин жериндеги эгин гаыа жайкалып
жакшы өндүт, аны да кайракайра сугарыи жатышып, кургакчылыктан сактап калышты.
«Биздин жер», «биздин эгин» — деп Мамат дагы эле көпчүлүккө ыраа кэрбөй
тайраңдап жүрдү. Эгын кыйгач бышкан көзде колхозчулар жабыла келишип, орок
салышты.
Мамат ошондо туйлады. «Өз жерибиздеги данга өзүбүз ээ болбой калабызбы? Эч
болбогендо алдын өзүбүз ооз тийишибиз керек эле» — деп, аялдарына жана аялына
акылдашат. Алар соттолуп кетесиң — деп зыркырашат. Ал акырында Бектен менен
кеңешмек болду. Андан башка сырдащар кишиси да калбаган.
** *
Таластын көкүрөк жагынын эгики жаңыдаы бышып жатканда этек жагы
жыйынтеринди бүтүп коюшат. Атаы өрөөндүы төмөн жагындагы айылдардын
чакыруусу менен бир айга жакын жүрүп, үтч бут буудай ала келген. Бу жактагы эл
жаңы эгинден али ооз тийише элек болу¬чу. Былтыркы азык капкачан түгөнүп, жаңы
түшүмгө жетишпей, кишилер нандын тартыштыгынан кыйналып турган учур. Дан
кымбаттап, малдын баасы төмөндөп, бир бут буудайдын баасы бир койго көтөрүлгөн.
Нарк дагы кийинчерээк кандай болорун ким билсин?!
Эгин мамлекетке да жетишпей жаткан. Колхоз куруунун алгачкы жылдарында
чарбаларды уюштуруу жана чыңдоо жагынан көп кемчиликтер жиберилип, алып
сатарлар, уурулар көбөйүп, кургакчылык башталган шартта совет өкмөтү эмгекчилерди
ар бир килограмм дан үчүн күрөшкө чакырган. Уурулар жана кызыл кулактар менен
күрөшүү үчүн 7августта жаңы декрет кабыл алынган.
Жер-жерлердеги активдер өлкөдөгү чарбанын абалы жана жаңы декрет менен да
тааныш эле.
Калба айылдык советинин секретары Тойматов Чырым ушу учурларда күнүтүнү бел
чечпей иштеди. Кандай да болбосун, катыра иштеп, жогорку мекемелерге жагынып,
ниети тазалыгын жана жөндөмдүүлүгүн далилдөө керек эле. «Эски бийдин баласы»,
социалдык жактан коркунучтуу дешип, кызматка араң алышкан. Атасынын
жардылыгы, өзүнүн кедейлигин жана тап душмандарын кулакка тартууда Зоотбектин
каткан малы менен дүйнөсүн таап бергендигине мактанып жатып кызматка сыпоо
иретинде илинген. Эгер сыноодон өтпөсө, эртең эле секретарлык менен коштошмок.
Өзүнүн аткарган милдети жактап көзгө көрүнө албагандыктан Чырым эгинди түнкүсүн
өз ыктыяры менен кайтара баштады. Колунда даны жок, ачарчылыктын илебине туш
келген кишилердин бирержарымы уурулукка барарына өз колундагыдай ишенет.
Кимиси болсо да, мейли бир тууганы болсун, милицияга кармап берип, абийир алмак.
Чырым орок башталган түнү эле күткөнүндөй, ууру кармады. Ал Мамат эле. Кимдин
колуна түшкөнүш көрүп, арга болот го деп, жалдырай баштады:
— Садагаң болоюн, Чырым! Мен ууру эмесмин. Биздин ататегибиз андай жаман
жолго баскан эмес. — Ал колундагы бир десте машакты жерге урду. — Уурдаган киши
көп албайбы?! Мен атамдын жериндеги эгинден алдын ала өзүм ооз тийейин — деп
гана бир тутам машак оруп алдым.
— Сен билесиңби? — Чырым машакты жерден алып, колтугуна кысты. — Өкмөт
ар бир тоголок дан үчүн... Сага аз көрүнгөнү менен жаңы закон боюнча он жылга
кесилесиң! Түшүндүңбү?
Он жыл түрмөнү укканда Маматтын эси оой түшүп:
— Курбу элек, тузумду таттың эле, бир жолкумду кечирип кой?
— Жок. Андай закон жок.
— Бир эле жолу, кудай жалгагыр?
— Чыныханды айтчы? — Маматтын жайкалган эгинди элеңдей тиктешинен
шектенип. — Жаныңда ким бар?
Ал таканчыктады:
— Айтпайсыңбы? Өкмөттү алдагың барбы?
— Жок...— Мамат үнүн акырын чыгарып,— Бектен...
— Бая эле айтпайсыңбы? Бар, кете бер. — Ал эгинди аралай басып, узунунан
суналып жаткан өспүрүмдү көчүккө тепти. Бектен секирип туруп, кача берерде Чырым
билектен шап кармап:
— Козголбо! Бектен калчкалч этет.
— Канча алдың?
— Бир десте.
— Ал эмнеңе жетет?
— Мамат экөөбүз бадырак кууруп, каймакка салып жейли деп...
— Бар, кете бер.
Бектен тайрактаган бойдон чуркады.
Чырым эки десте машакты кармап, таң атканча эгиндин четинде кароолдоп жатты.
Башка эч ким келбеди. «Ууру кармадым» деп районду чуулдатып, чоңчоң
жыйналыштарда мисал келтирүү үчүн эки десте аздык кылат! — деп, түнү менен
ошонун айласын таппады. Таң аппак атканда бөксө кап эгинди ээринин үстүнө жая
сала, атчан келаткан Атайды көрүп, куурайдын түбүнө букту. Ал өрөөндүн этегиндеги
айылдардан келаткан эле. «Эми иш башка — деди ал, Атай узаганда атына минип. —
Кайдан алып келгени баары бир. Айтор жаңы эгин болуу керек. Ууру канчалык ири
болсо, кармаган кишинин абийири ошончолук жогорулайт».
Чоң шашкеде Мамат менен Атайдын үйүнө экиден төрт милиция жана бир топ айыл
активдери кирип келишти.
Милиция каптагы эгинди ачып, анын быйылкы түшүмдөн экенин көргөндөн кийин
Атайга:
— Бул кайдан?
— Күркүрөө жактан алып келдим. Таңында гана үйгө келип түшкөмүтн.
— Муну да Күркүрөөдөнбү? — Милиция машакты көрсөттү.
— Аныңды билбейм.
— Сен да билбейсиңби? — Милиңия Бектенге бурулду.
Өспүрүмдүн көзү чанагынан чыгып, калтырап турган эле. Милиционер, Чырым, Атай
үчөөн алмаксалмак тиктеп, бышактап ыйлап ийди.
Бир балаа бар экенин Атай дароо түшүндү.
Огонбаев Атайдын үйүнөн үч бут жаңы буудай, бир десте мащак табылганы жөнүндө
акт жазылып, милиционер, Чырым, Атай үчөөсү кол коюгату.
Маматтын үйүндөгүлөр да акт жазышты. Чырымдын айтуусу менен, Мамат «машакты
Атай экөөбүз уурдаганбыз» — деп түшүнүк берди.
Иш сотко өттү. Райондун жетекчилеринин кийлигишүүсү менен гана Атайды
каматышкан жок.
Мунун баары жалган экенин далилдөө үчүн Атай районго келди. Эгинди Күркүрөөдөн
алып келгенин аныктоо үчүн ошол тараптагы эки кишинин адресин берди. «Маматтын
сөзү калп. Ал эгин уурдаган түнү мен Кең-Арал колхозуна конгомун. Мени Мамат
менен беттештиргиле» — деп сунуш кылды.
Районго Маматты чакыртышты. Ал белгисиз тарапка качып, бирөөгө кат жаздырып,
бармагын басып таштап кетиптир.
«Атай ууру деген себебим — ал өзү барбастан, иниси Бектен экөөбүзгө тапшырып
кеткен. Мен Атайдын тилине кирип, уят болгонум үчүн, элдин бетин карай албай
качтым. Ушу сөзүмдүн ырастыгы үчүн бармагымды басам».
Маматтын качып кетиши жана ушу каты болбосо, Атай актала турган жагына чыкты.
Эми иш ырбады. Атай акталса да, Бектен түрмөгө кесилери бышык.
Илмийген арык Бектендин көзү ого бетер алайып, жүрөгүнө оокат барбай, азыртадан
шалдайып калды. Анысы аз келгенсип, Султаналы менен Тууганбайдан бир сыйрадан
таяк жеди.
— Бу сөлдөйгөн немеңер түрмөгө жете электе жүрөгү чыгып өлөт го — Атай анын
үлдүрөгөнүнөн чоочуп.
— Өлбөсө, доңуз копсун!
Бектен ичпей, жебей, нес болгон эмедей жалдырап отуруп калды.
Атай ойлонуп турду да, атасы менен Субанга акыл салды.
— Бу байкушту чыркыратып кармап бергенибиз уят. Балага да убал.
— Анан эмне кылабыз? — Султаналы мурутун жанып. — Алып калсаң андан бетер
жакшы!
— Уурулукту мен мойнума алайын! — деди Атай. Эки абышка селт этишти:
— Оозуңду ачпа! Бектен...
— Бектен али бала, момун, жүүнү бош, түрмөгө барса кайрылып келбеси шексиз.
Андан көрө мага батаңарды бергиле, мен качайын. Ууру качты — дейт да, ишти
токтотушат. Ага чейин Мамат да табылып, мен жогору жакка арызданып, чындыкты
ачабыз.
Абышкалар оюнан кырынан кетип атышып, акыры ушу акылга токтолушту.
— Ой, тобо! — Султаналы жакасын карманды. — Кудай түбүн оңдой көр. Баламын
иши илгерилебей, кетенчиктегенден кетенчиктөөдө... Кетмен-Төбөгө кач. Сенин агаң
Эшмамбет да илгери башына кыйынчылык түшкөндө Кетмен-Төбөгө качып кутулган.
Олуясы тирүү Шамшыкал атага бар!
Кетмен-Төбөдө Атайдын бет тутуп барары Садыр досу. Былтыр ал бир жума конуп
жатып, карагер жоргону каалап алып, Атай менен дос болуп кеткен.
Алыс жерде көпкө байырдап каламбы деп, аялы менен кызын ала кетмей болду. Бул
ойго баары макул. Шайымга көк бээни тскушту. Атайга ат таба алышпай, кушчудагы
бөлөсүнүкүнө чейин мииип баруу үчүн Субандын тору бээсин мингизишти. Бир сыйра
төшөнчү, эки сыйра кийим, жолдук оокат, аттын жеминен башка буюм алышкан жок.
— Кандай каргашалуу күнгө келдик! — Коштошордо Султаналы жашыды. —
Бектен, эгерде эки болбо! Кесириң агаңа тийди... Кош, балдарым! — Султаналы
жаратканга жалынып, уулуна чын жүрөгүндөгүсүн чыгарды.— Вашына келген
бактысын тебелеп, атанын тилин албаган баланып акыры ушундай болмок... Мындай
кордукту кормок элек, көрдүк. Ушуну билип, шордуу балам, далай насыят айттым.
Болбодуң. Ырчы менен комузчу өмүрүндө жарыганып көргөн эмесмиы. Сен Эшмамбет
агаңдын изине түштүң! Наспбиң ушудур. Мындан ары бактыңа келгенин көрөрсүң.
Шордуу балам, менин кыйыгыма да калгандай болдуң эле. Мындан ары сени менен
жол талаышайм, жаман антпайм. Өз тизгиниң өзүңдө болсун. Кудай жолуңду оңдосуы.
Ак батамды бердим. Көңүлүң агарып кетсин!.. Оомииин!»
Субан ээгпн кемшеңдетип, козүн жеңи менен аарчы ды. Аялдар шолоктошуп
ыйлашты...
Түн караңгы. «Үнүңөрдү акырын чыгаргыла» — дейт Султаналы үңүлдөгөн аялдарга.
Кырсыктуу иштин кесепетинен бөлүнүүгө аргасыз болушкан кишилер көңүлдүн муңун
чыгаруу үчүн эркин коштошо албай үндөрү буулугуп, көпкө солкулдашып турушту.
— Мамыр, башта жолду! — деди Атай тиштенип. Кушчуларга чейин жеткирүүтө
макул болгон Мамыр
топтон бөлүндү.
— Кор!
— Жолуңар шыдыр болсун! Кудайым, аман-эсен жүз көрүштүрсүн!
Атай айылдан узай түшкөндөн кийин туулган жери, алпештеп өстүргөн эли менен
өзүнчө коштошуу үчүн тору бээнин башын тартып, артына бурула карады.
Караңгычылыкка чүмкөлгөн өрөөн тунжурап, эч нерсе көрүнбөйт, жада калса,
чалкайган КеңКол менен ак карлуу БешТаш да андан далдаланган. Алыстан күтшкүңк
үргөн иттердин дабышы гана кошкош дегендей угулат.
Эх, комузчу! Түн жамынып, эли менен жеринен качып бараткан кишиге эл, жери кош
айтышчуу беле!!! Сен кимден качып, каякка баратасың? Жүрөгүн мыкчыган оор сөзим,
аны ызалантып, кыйнап, көңүлүтг караңгылатты. Ал же бастырбай, же айлына кайрыла
албай токтой калды.
— Эмнеге кылчактайсың? Жолдон калдык! Аялынын дабышы чыкканда Атай
бээсин теминип
жолго түштү.
Алар түн жарымы оогон көзде кушчудагы бөлөсүнүн үйүнө жетишти. Бул жерге
кайрылуудагы максат — Мамыр айлына кайтып, ашуунун белине чейин бөлөсү
жеткирип коймок.
Бөлөсү Биялы анын жөнүн угуп, чырак жарык кылбай, кийимин шаша кийинип: «Таң
ата электе Чычкандан өткөрүп коеюн» — деп шашылып жатканда аялы Акшайымга эки
көмөч сунду:
— Тамакка карабадыңар... Куржунга салып коюцуз, жолдо кереги тиет.
Атай ат минип, төшөнчүнү Биялы артынып алды.
Түн ачык. Жаңыдан гана көтөрүлгөн ай бүлбүлдөгөн нурун чачып, айлана тааныла
баштады. Кушчунун жерин туулган жериндей жакшы билген Атай эки жагын абайлап
баратты. Мына алар ҮчКошойдун суусун кечип өтүшүп, кызыл борчуктун урчугун
айланышты. Ушул жолдун тарлыгы, имерилиштин опуртмалуулугу сөзилди —
алдынан чыккан киши, жөөлөшүп, же тосуп жүр¬гөндөр болсо түз эле тизгинден
алчудай. Мындан ары Чьпканды өрдөмөйүнчө бөксө жол жок. Ар кайсы жерде
карайган тал, дарактуу үйлөр. Бирок кыбыраган жан жок. Иттер да кызык уйкуда.
Акыркы кооптуу жер: Чычкандын оозу. Ушул жерде кыймыл көбүрөөк болчу эле. Таң
супа салганда андан да өтө беришти. Иттин үргөнү, короздун кыйкырганы жана
намазга азан чакырган сопунун үнү артта калды.
Алар Чычканды өрдөй бергенде таң аппак атты. Башында кара көрпө тебетейи бар,
шырымал боз чапанды куру менен бек курчанган элпек бөлөсүнүн баамдуу көз
карашын, бетиндеги майдамайда чаарын, чекесинин бир жагындагы кичинекей
тырыгынан бери шүйшүнүү менен караган Атай өзүнчө ойго чумуп келатты. Бөлөсү
жаш болсо да, бетиндеги белгилер анып өмүр тарыхынын татаалдыгын элестеткенсийт.
«Мен Жантакпай таятамдыкына келгенде, экөөбүз далай көзигишер элек. Мен чертмек
үчүн, бөлөм ошол айылдын уюн кайтарган кичинекей инисин көрүү үчүн койнуна
нанын ката келер эле. Таятамдыкынан жымкырып алган оокатыбызды экөөбүз тең
курсагы чермейген уйчуман балага алып барар злек. Бактыбызга Совет чыкты. Эки
жетим бөлөм оңолду. Улуусу азыр колхозчу, иниси Фрунзеде окууда. А, мен ушундай
балаага туш келдим.
«Ушу бечаралар каргашага учурабай жакшы жүргөй эле» — деп тиленет Атай. Ким
билет? Балким, булардын жүрөгүндө да муң бардыр. Далайга чейин көрүшпөй турган
болгондон кийин ат үстүндө баратып, бөлөсү менен кенен сырдашкысы келди.
— Турмушуңар кандай?
— Жакшы.
— Деги чатакматагыңар жокпу?
— Эмненин чатагы?! — Бөлөсү күлдү. — Чатактын көбү активдерден чыгат. Мен
алар менен кызмат талашпасам, эрегишпесем, менде эмне акылары бар? Менин
талашарым эле жумуш. Биздин айылда жумуш талашкан киши эч качан чатакка
калбасын билесиз го.
Атай күлүп жиберди:
— Аның ырас.
КөкКашатта да ушундай. Кишилер жумуш талашмак түгүгл, бригадир аптмайынча
үйдөн козголушпайт. Албетте элдин жалкоолугунан эмес. Мурда биригип, эмгек кылып
көрбөгөн жана жаңы коомдун тартибине кальпг ала элек немелер, эски адаттын
туткунунан арыла албай жүрүшкөн эле. Атай бул жоопко алымсыпбады:
— Уурулукмуурулук, жалаадап амансыңарбы?
— Илгери ачка өлгөнү жүргөндө уурулук кылбадым, эми жин тийиптирби?
Аны жооп эми каниеттепдирди. «Экөө тең өз жолун тапкан экен. Ургаида Бектен
экоөбүздү уруптур»,— деп койду Атай өзүнчө.
Алар ашуунун түбүнө келгенде аттан түшүшүп, бир аз эс алып отурушту. Өздөрү
кургак нандан жеп, суу ичишти, кичинекей Саадага шишедеги сүттөн жуткурушту. Көк
бээге жем беришти.
— Убакытты өткөрбөйлү! Силер аттангыла. Мен бээни жөө жетелейин, ашууга
чыкканча кыйналбаса, мындан аркы жолдо тың болот,— деп жаш жигит озунуп туруп,
үч аттын ооздугун салып, ээрлерин оңдоп токуду.
Ой жер кара болгону менен ашууну кар басып, жол билинбей калыптыр.
Акшайым кызды өңөрдү. Атай чоң атты минип, алдыга түшүп, кар кечип, жол ачып
баратты. Ашуу бекилбептир. Салт аттуу кишиге эч нерсе эмес, төшөнчү артылган бээни
минип аша турган болушса, кыйынчылыкка сөзсүтз учурамак экен.
Ашуунун белине чыкканда аркыраган суук шамал беттен сокту. Аттар түз жүрө албай
башын утуру бир жагына ыктатышып, жолдон бурулуп кетишет.
Как эткен карга, кук эткен кузгун жок, ач бел — куу жол деген ушул. Туш-тушу баш
айланткан бийик бет, жылаңач аска, жарданышкан кырка тоолор. Шамалга
ыргалышкан арча менен кайыңдан башка жыгач да көрүнбөйт.
Бөлүтнүшөр жер ушул. Алар белдин үстүндөгү борчук таштын түбүнө түшүшүп, ат
которутпту.
— Кош, Атаке! Жолуңар шыдыр болсун! Аман-эсен көрүшөлүк!
— Кош, бактылуу бол! Тилегиңе жет... Ыраазымын... Иниңе менден салам айтып,
кат жаз. Балким, ишимди изденип Фрунзеге барып калсам жолугам.
Жигит качкындар менен кучакташып, атына минди да, бир сөз айтчудай токтой калды
эле, ызылдаган бороон дем алдырбай көзүнөн жашын чуурутту.
— Кош! — Бөлөсүт андан башка сөз айтууга буямасы келбей үнү буулугуп, артына
кылчайбай жүрүп кетти.
Мына, жакын кишилеринин акыркысынын да карааиы бөлүтнүп баратты. Атайдын
жүрөгү тызылдай баштады. Бет алды: ызгарлуу тоо, терең капчыгай. Жанындай көргөн
жер алыстады. КеңКсл тоолорунун чокусу сууга
чөгүп бараткан досунун төбөсүнө окшоп аянычтуу көрүнөт. Таштын түбүндө жалдырап
отурган Атай ичигинин оң жаккы жеңин чечинип, комузун сууруп алыл, үңүлдөп
соккон бороонго үнүн кошту:
Ашуусу бийик бел калды, Айтылуу Талас жер калды, Алышып ойноп бирге өскөн
Алтындай курбум тең калды.
Күңгөйү бийик бел калды, Күрдөөлдүү Талас эл калды. Күрөшүп ойноп бирге өскөн
Күмүштөй курбум тең калды.
Кайран Талас жеримди Ашып келе жатамын. Катын, балам ээрчитип Качып келө
жатамын. Калган дүйнө, жыйган мал Чачып келе жатамын.
Карды кечип, суу жутуп, Кайрат кетти, дарман жок. Кайран Талас жеримди Кайрылып
көрсөм арман жок.
Кыштын күнү тоо ашып, Кылт этерге дарман жок. Кымбаттуу Талас жеримди
Кылчайып көрсөм арман жок.
Атайдын муңдуу обону, катуулап соккон шамалдын ызына кошулуп, асказоо уңулдап,
тоо ичи кереметтүү күүгө айланып күңгүрөнө баштады. Суукка чыдабай калчылдаган
кызын ичикке орогон Шайым:
— Ырдай элегиң таштын түбү калды беле? Солкулдабай тур эми ордуңан... Кызым
кайыгып кетти...
Алар атка минишип, артын кылчайып карап турушту да, «кош» дешип, ашуудан
эңкейишти.
КЕТМЕН-ТӨБӨ ЖЕРИНДЕ
Тоо артынан тоо... Касаба мөңгү менен ызгаардуу бороон ашууда калды. Улам
арылаган сайын тоо ичи ылымта тартып, саргайгап бийик беттүү кууш өрөөн
башталды.
Шайым көк бээге минип, кызын өңөрүп, Атай бешмантчан болуп, колуна таяк кармап,
жөө басып алган. Булардан башка кыбыраган караан көрүнбөйт. Учкан куш, сайраган
чымчык жок, тоо ичи көңүлсүз. Чанда гана тарптын үстүнө жыйылышкан жору менен
кузгун көзигет. Ар кайсы жерде чачылып, тытылып жаткан эски кийимдер, малдын
тарпы, көмүлбөй калган кишилердин өлүктөрү... Эңишти көздөй оргуштап аккан чоң
өзөндүн шары тоону жаңыртып, кулакмээни жейт. Беттердеги калың бадал шамалга
ыргалып, арсайган аскалар жолоочулар үңүлүшөт.
Тоо арасында туулуп өсүшсө да, бейтааныш жана үрөйлүү жолдо баратышкан
жолоочулар алдан бир нерсе чыга калчудай этияттуу. Ашуу ашканда кыйналбаган көк
бээнин жүрүшү тың, бирок жөө басып көнбөгөн Атай эңкейиште тизесине күч келип,
муундары шалкылдап, таякка күч келтире баштаган. Өрөөнгө түшкөндөн кийин: «Сен
атка мин, мен жөө басайын» — деди Шайым. Атай башын чайкады да, бээни куйруктан
алып, аяңдап баса берди.
Бул азаптуу жолду кимдер баспаган дейсиң. Атай ошону ойлоп, кайраттанып келаткан.
Бир көзде Эшмамбет Копо ажынын каарынан коркуп, бир эчкинин этин көтөрүп алып
Кетмен-Төбөнү көздөй качкан жолу ушул. Ал заман башка... болсо да, Атай
Эшмамбеттин изине түштү.
Эл байкерчиликте, каарына алган бай жок, же уурулук кылбай, же ушак сүйлөбөй,
бөөдө жалаага жыгылган Атайдын жүрүшү да башкача. Ал эмне үчүн качып
келатканын көп ойлобойт, айтор качканын жана шашканын гана жакшы билет.
Атайды го жалаага жыккан Мамат дейлик. «Огонбай уулу Атай экөөбүздүн машак
уурдаганыбыз чын, аныбыз үчүн бармагымды басам» — деп ал тергөө органдарына
сурак берип качып жөнөсө: «Сага жакшылык кылып, сыр айтайын: сени камаганы
жатышат, качпасаң болбойт» — деп, Чырым бир жагынан эмне үчүн демиктирди? Бул
суроолор ашуунун аркы багытында да анын көңүлүнөн кеткен жок.
Атай Маматты караниеттүүлүгү үчүн жек көрүп, Чырымга ичи жылып баратты. Эгер
Мамат Кетмен-Төбөдөн көзигишип калса, ит терисин башына каптамак.
Мындай чиеленишкен ой кимдин башына келбеген дейсиң. Иштин түйүнүн чече албай,
алданып, азгырылып, далайлар тентиреген, кор болгон жана кан төгүшүүгө чейин
барышкан.
Өзү уурулукка берилип, Атайды карбаластатып, Кетмен-Төбөгө чычая качкан Мамат,
ошонун баарын уюш
турган Чырым экенин билер бекен, же билбес бекен? Аны билсе Атай Маматты жек
көрүп, Чырымга пейли чечилбейт эле го.
Алардын башы маң болгону менен, Чырым самаганына жетти. Мамат качкан түнү
Уулжанды аялдыкка ала качып алыт жаны тынды. Манат байбиче небереси колунда
калганына гана ыраазы болуп, уулунун алыс жолдон аман-эсен кайрылып келишин
тилеп калды. Чырымдын ичи таза эместигин байбиче башынан сөзчү, бирок Мамат
укпай койгон. Ал турсун, жаш мырза качаар алдында Чырым менен Уулжандын айткан
сөздөрүн да түшүнбөй койбодубу.
«Кошкула, аманчылык болсо, жазында келем» — деген ал кичинекей баштыктагы
талканды койнуна катып жатып.
«Байкуштун көзү ачык кетти» — деп аялы үшкүргөн, Чырым ыржайып күлгөн. Муну
көргөндө Манат байбиченин тула бою дүркүрөп, өксүп-өксүп ыйлаган.
Чырым Уулжанга үйлөнүп тынды, бирок ызычуунун ичинде калды. «Бирөөгө ор казсаң
өзүң түшөсүң» — дегендей сыры билинип калып, Райымбек менен Султаналы аны ура
берерге алып, эл маскара кылды.
Анын билиниши мындан башталат. Чырым Уулжанга үйлөнгөнүн уккандан кийин
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Атай - 18
  • Büleklär
  • Атай - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3988
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2335
    27.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 4007
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2310
    29.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 4007
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2169
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 4040
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2261
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3933
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2230
    28.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3945
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2172
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 4017
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2331
    30.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 4025
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2330
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3903
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2184
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3925
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2231
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3901
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2142
    30.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3803
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2123
    28.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3820
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2144
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3859
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2264
    28.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3978
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2233
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2311
    27.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 17
    Süzlärneñ gomumi sanı 3985
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2360
    28.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 18
    Süzlärneñ gomumi sanı 3950
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2190
    29.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 19
    Süzlärneñ gomumi sanı 4029
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2314
    29.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 20
    Süzlärneñ gomumi sanı 3939
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2204
    28.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 21
    Süzlärneñ gomumi sanı 3850
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    30.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 22
    Süzlärneñ gomumi sanı 3844
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 23
    Süzlärneñ gomumi sanı 3912
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2163
    30.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 24
    Süzlärneñ gomumi sanı 4047
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2003
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 25
    Süzlärneñ gomumi sanı 4012
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2062
    30.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 26
    Süzlärneñ gomumi sanı 4091
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2166
    30.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 27
    Süzlärneñ gomumi sanı 4051
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2255
    27.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 28
    Süzlärneñ gomumi sanı 3917
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2110
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 29
    Süzlärneñ gomumi sanı 4012
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2185
    31.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 30
    Süzlärneñ gomumi sanı 4010
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2112
    30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 31
    Süzlärneñ gomumi sanı 3933
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2191
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 32
    Süzlärneñ gomumi sanı 3956
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2208
    29.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 33
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2204
    29.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 34
    Süzlärneñ gomumi sanı 2899
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1600
    32.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.