Latin

Атай - 04

Süzlärneñ gomumi sanı 4040
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2261
31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
49.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
«Комузумдан күү кетти, колумдан шайман кетти» — деп даттануудан намыс кылып,
Жантакпай айлын көздөй качкан...
Генерал-губернатордун жана Сыр-Дарыя областынын билермандарынын көзүнчө
абийири төгүлгөн Кызылбаш эми комузчусун кантип жазалаар экен — деп күтүп
турушат.
Кызылбаш Ташкенттен кайтып келгенден кийин Жантакпайды жигити аркылуу
айдатып алат. Ал тоң моюн комузчуну кантип жазалаганын жана экөөнүн ортосунда
эмне сөз болгонун эч ким көрбөйт, укпайт...
Бирок ошондон кийин Жантакпай эл аралап, комуз чертмек мындай турсун, кишинин
көзүнчө аны колуна кармабай турган болот. Анан элден биротоло бөлүнүп, тоо ичине
жалгыз үй жашап калат...
Өмүрү кайгы менен өткөн абышка мына ушул азаптуу окуяларды көз алдына
элестетип, анан балага акыркы мудалуу оюн айтты.
— Тил алсаң, комузду ташта! Тил албасаң, мендей болосуң!
Ал үчүн мындан оор, мындан коркунучтуу сөз жок эле.
— Таята! — Атай аны укканда коркмок түгүл, кубанды. — Сиздей эле болсом,
башканын кереги жок.
Абышка өкүнүчтүү башын чайкады:
— Кудай кылса, кубарыңдын акысы барбы? Балким жазмышта ушундайдыр...
***
Чоң Саздагы даңкайган ак өргөөлөр Тыныбек байдыкы. Анын айланасында чакан
жайлоо үйлөр.
Жакада чөп чабылып бүтүп, ар кайсы жерде сербейген аштык эгиндер да жыйналган.
Ошону үчүн элдин көпчүлүгү мал күздөтүү үчүн жакага түшүшкөн.
Чоң Саздын көрүнүшү баягы жаз мөзгилиндегидей эмес. Талаа мейкини саргайып,
тээтиги токой тарап гана көк жашыл. Жайлоонун салкынына көнгөн мал талаага
токтобой суу жээгин, токойду көздөй качышат.
Айылдын ортосундагы дөбөдө Тыныбек, Тоймат бий баш болгон беш-алты киши. Алар
айланасына көз чаптырып коюшуп, алдыдагы батнүскө үймөлөнгөн жүгөрүнүн
дүмбүлүн чайнап отурушат. Мүмкүн дүмбүлгө кызыккандан сөзгө чололору тийбей
жаткандыр.
Тыныбектин жакшы көргөн оокаттарынын бири — жүгөрүнүн дүмбүлү, жүгөрү дүмбүл
болгондо жайлоого байласа да токтобойт. Жайкысын болсо, ичкени кымыз. Жайында
жакага байласа да токтобойт. Жыл мөзгилинин башка убактарын анча барктабайт.
Ынак кымыз, козунун эти жана жүгөрүнүн дүмбүлү — Тыныбектин каалаганы жана
ыракаты. Канына кан, демине дем жана өмүрүнө өмүр кошуп, жаңын жашарта
тургандар да ушул.
Ырас, Тыныбек өмүр жөнүндө терең ойлогон да учуру бар. Адам туулат, өлөт. Аздыркөптүр өмүрдө жакшылап жашап кетүү керек. Ал үчүн байлык жана бийлик зарыл.
Байлык деген — мал, байлык деген — сулуу жар. Малдын молу, аялдын көбү жакшы.
Бир ат жана бир катын менен тиричилик бүтпөсүн, жашоо кызыксыз болорун Тыныбек
капкачан түшүнгөн.
Мындай ой башына түшө электе анын бир гана аялы бар эле. Манат анда отузга жаңы
гана чыккан. Бир аял менен марыбасын түшүнөр менен Бурулчаны алат. Бара-бара
үчүнчү аялдын зарылдыгын сөзген. Ошентип Айсалкынга үйлөнгөн. Ошондо Тыныбек
алтымышка караган эле.
«Өх, чиркин! — деген бай тагдырына ыраазы болуп,— аялдан бактым эми
ачылбадыбы! Улам төшөк жаңырта берсең акыры бир күнү каалаганыңа жетет
экенсиң!»
Тыныбек мурунку аялдарынын ар бирине жаңы үйлөнгөн сайын кудайга жана өзүнүн
тагдырына ыраазылыгын билдирчү эле. Бирок кийинки ыраазылыгы мурункусунун
баарын басып кетти. Балким Айсалкын салкын тарта баштаганда дагы бир жолу төшөк
жаңыртса, мындан бетер ыраазы болмоктур.
Жүгөрүнүн дүмбүлүнө, токолуна жана өз тагдырына ыраазы болуп жүргөн байдын
жаагы карышып калгансып, оозундагы жүгөрүсү ууртунда томпоюп, те алыс жакты
тиктеди да калды. Байга эмне болду дегенсип, отургандар да жүгөрүнү кепшегенди
токтотушуп, ошол тарапка көз чаптырышты.
Күн ылдыйлап, эл кечки тиричиликке баш койгон учур эле. :
Тиги, Көк-Жашаттын түбүндө жалгыз теректин жанында үч боз үй көзгө түштү. Булар
Султаналы менен Тууганбайдыкы, үчүнчүсү Субандыкы.
Дөңдө отургандардын көз жоосун алган т кашаттын үстү жагында өгүзгө төрт кап эгин
артып келаткан дыйкан. Анын соңунан сылай жүк артылган дагы бир өгүз көрүндү.
Булар Султаналы менен Тууганбай.
Дөңдө отурган кишилер жүгөрүнүн даамдуу дүмбүлүнө тойгончо эгин ташыгандар
кырманта үч жолу барып келишти.
Таңгала тургандай эле жорук. Бул жердегилердин эч кимяси мынчалык көп аштык алчу
эмес. Султаналы эки-үч жылдан бери дыйканчылыктын кынуусун тгапкан мет нен
быйылкыдай мол түшүмгө эч качан ээ болбогон. Бу да болсо, орус тамырынан алган
соконун шарапаты.
Жүк ташыган өгүздөр боз үйдүн жанына келгенде Субан абышка катынкалачтарга
кошулуп, каптагы эгиндерди түшүрүшүп жана ташышып жүрөт. Аялдарданкалышпай
тюлтура капты темтеңдебей көтөргөнүнө караганда али күүлү, демдүү.
Бир өгүздүн жүгү бүт бойдон Субандын үйүнө түшүрүлдү. Бул отургандардын
арасында мынчалык бекер эгинге ээ болуучулар жок. Көп болсо, шыралгага же
тартууга бир кап, ашып кетсе, эки кап аштык алышат.
Тыныбек колундагы жаш сотону кармап отуруп калды.
— Субан? — Өзүнүн карыган малайын ал өлдү, өлбөсө да, киши катарынан чыкты деп
ойлогон. Анын дале тирүү жүргөнүнө, баш маанек таап, кадимкидей жащай
баштаганына таң калды.
Жибек жал үйүрү менен жоголгондон кийин Тыныбек бийлерге арыз жазып, Субанды
соттоткон. Бийлер Субанды жана уулун байга адал кызмат кылбай, касиеттүү айгырын
баштап, бир үйүр мал жоготкону үчүн колдогу бээсин, уюн, анча-мынча жандыктарын
бүт байга кесип беришкен. Субандын болгон малынын баары биригип, Жибек жалдын
туягына арзыбай турганын эсептешип, Субан менен Абдыракман өмүр бою байга
акысыз иштеп берсин деген бүтүм чыгарышкан. Субан ошондо гана байдын акысынан
кутулмак.
Абдыракмандын өлүмүнөн кийин байдын планы да өзгөрөт. Карылыгы жетип жана
акылынан ажыроого баш койгон абышка мындан ары керек эмес. Ошондуктан, аны
«эми өзүң билгендей жаша» деп, эркине коюп, өзү жайлоого көчүп кеткен. Күйө турган
жакын тууганы жана жанын сактар дүйнөсү жок Субан эски журтта калган иттей болуп
күнү бүтмөк.
Тыныбек бай жайлоодон келгенден кийин Субан өтмөк түгүл, кадимкидей жашай
баштаганына эмне үчүндүр кыжырланды...
Эгинди ташып бүтүщкөндөн кийин Султаналы менен Тууганбай өгүздөрдү суусун үчүн
байлап коюшуп, өздөрү жалгыз теректин түбүнө эс алуута отурушту.
Субан болсо, Атайды ээрчитип, кашаттын кырына чыкты.
Атай комуз чертет. Субан тыңшайт. Калгандары күүгө көңүлкош.
Мына ушуну көргөндө Тыныбек ого бетер ачуулан¬ды. Байдын шагын сындырып,
анын өлүм ортосундагы жалчысын өз колуна алып алган Султаналыга ачууланды.
— Шашпа! Сага көрсөтөрмүн! — Ачуусуна чыдабай тишин кычыратып,
ызырынды.
Анын кимге ызырынганын жана эмне үчүн ызырынганын отургандар айттырбай
түшүнүштү...
***
Күн батты. Дөңдө отурушкан Тыныбектин тобу тарады. Ал эми кашаттын кырындагы
абышка менен бала отура беришти.
Султаналынын тынчы кете баштады. Намасдигер менен намасшамдын ортосунда бир
нерсе иштөө, ал түгүл, комуз чертүүгө да болбойт. Муну эл бейубак дешет. Бейубакта
жатуу да жарабайт.
Субан абышка аны билсе да, комузду токтоткон жок. Ал турсун, намасын унутуп,
намасдигерди каза кылды.
— Субаке! — Акырында Султаналы кыйкырууга аргасыз болду. — Жарыктык!
Намасты унуттуңузбу? Атай, болду, бейубакта чертпе!..
Султаналынын өкүмдүү дабышы гана абышка менен баланы ордунан козгоду.
Султаналы абышкага боору ооруп жана сыйлагандыгы үчүн гана көпкө чейин
унчукпай, араң чыдаган. Анткени — Субандын күйүтүн басып, көңүлүн алагды кылган
— комуз, Атай. Ансыз тура албайт. Абдыракмандын күүлөрүн он кайталап, күнүтүнү
чертсе да, жадабай отура берет. Балким көз алдына жалгызын элестетип, күү
дүйнөсүндө көңүлү балкып, уулу менен беттешип, сүйлөшкөнсүп сергий түшсө керек.
Атай жайында таятасыныкына кеткенде Субан эсинен танып, катуу ооруп жаткан эле.
Үч күн дегенде, денесинин ысыгы тарап, көзүн ачты. Тилге келер менен Атайды
сураган. Бала үйгө кайтып келгенче ал да баш көтөрүп калган. Ошондон бери баладан
ажырабайт.
Бечаранын сообуна калып, эрмек болгону үчүн Султаналы баласынын комузчулугун
жактырат. Бирок күүдөн башканы ойлобой, куу жыгачты өнөкөткө айландырып
баратканын жактырбайт.
«Ырчылык менен комузчулуктан жарыган кишини көргөнүм жок» деп ойлойт
Султаналы. — Андан көрө дүйнө тапкан жакшы. Колдон келсе, элди бийлөө керек.
Бала комузга биротоло ыктай электе аны пайдалуу ишке үйрөтүү керек». Бир топтон
бери ушул ойдо жүргөн Сул¬таналы абышка менен уулунун жоругун көргөндөн кийин
максатты кечиктирбей ишке ашыруунун зарылдыгын түшүндү.
Ымырт жабылып, эл орунга отурду. Султаналы болсо, боз үйдүн жанында колун
артына алып, жалгыз өзү ары-бери басып жүрдү...
Эртеси Султаналы баласын окутуу үчүн Таластын баш жагындагы молдого алып
жөнөмөк болду. Анын оюна эч ким каршы чыкпады. Субан унчукпай тим болду.
Капысынан башталган ?корукка түшүнө албай Атай гана суроо берди:
— Ата, эмне окуу?
— Эмне окуу болмок эле. Мусулманча оку. Молдо болосуң.
— Апий, ооруган катындарга дем салып, тумар жасай турган молдо болбойм.
Султаналы күлүп:
— Анан кандай молдо болмокчусуң?
— Абжалбек менен Кожокулдай.
Алар мусулманча да, орусча да окуп, кызмат иштеген кишилер эле.
Атасы башын ийкеп:
— Алардай болуш үчүн эң мурун кыргызча оку. Анан барып, сени учителге берем.
Бул ойго Атай макул болду.
— Мен да барып, кандай молдо экенин көрөйүн, деп Субан да ээрчип алды.
Атай окуу дегең кандай болорун жана алдыда эмнелер болорун кайдан билсин.
Атасынын сөзүнөн баш тарта албаганы үчүн гана баратты. «Комузумду ала барайын»
деген суроосу канааттандырылган жок. Бала ошого гана кыңырылды. :
ЖОЛ АЧУУ
Элүү чакты кой айдашкан үч жолоочу чоң жолдун чаңың буруксутуп жайбаракат
баратышат. Куйругу кучак соолуктар атка жеткизбей даңкакташат, Жолоочулар узун
чапан кийишип, сыртынан жоолук курчанышкан, алдында салынган куржундары жана
артынчактары бар, экөөнүн башында селде, бири калпак кийген. Булар Наманган
тарабына жөнөп баратышкан соодагерлер эле. Алар атлес, көлөш, маасы жана башка
буюмдарды элетке жаз¬га маал алып келип сатышып, кайсы бирлерин насыя
калтырышып, соодадан түшкөн малды ушинтип күзүндө жыйнап кетише турган.
Соодагерлердин алдында бастырып келаткан карала атчан, мурду коңкогой кара киши
арт жактагы эшек минген кызыл чийкил балага теңеле бастырып, тегерек чоң көздөрүн
күлүңдөтүп эркелете карады:
— Ээ, Атайжан, мына буюрса айлыңа келдиң! Жоонун колуна түшкөнсүп, түнү менен
уктабай чыктың эле.
Берки эки соодагер малдын эки жак четинде, жетелеген аттардын улам тартынганынан
улам кыргыздын малынын баарын сөгүп келатышып, башчысы менен баланын
сөздөрүн уккулары келбегендей терс карашты.
Ооба, айлына келгенин бала да капкачан эле көрүп сүйүнүүдө.
Жоонун колуна түшкөнсүп түнү менен тынчы кеткени да ырас. Соодагерлерге ишенсе
да, ишенбесе да болот, анткени, аларга алдангандар көп. Андай ташбоорлор жомокто да
көздешет. Кайсы бирөөлөрү ушу балага окшоп адашып жүргөндөрдү алтын алдыруу
үчүн асканын бооруна таштап, же башка кишиге кул катары сатып жиберишчү экен.
Алардын жомоктогу уккандарынан улам чоочуган. Ага кошумча соодагерлердин
бангчысынын сөзү да суук угулду. Кечээ токойдогу чоң суунун жээгинен көзиккенде
анын аты-жөнүн билгенден кийин: «Султаналы бурадарыма сени өз колум менен
тапшырам» — деген. Түндө Чат-Базардагы кербен сарайга келгенде бир кыргыз
абышкага Наманганга барабыз деп жооп берген. Эмнеси болсо да коңкогой мурун
кашын үрпөйтүп, шектүү карайт. Бала анчалык корккон жок. Башка соодагерлер
ырайымдуу: аны ылдам эшекке мингизишти, тамак менен жемишти аяшкан жок.
Эгерде алардын ою бузук болсо, Намангандан деле качып келем деп ойлоду.
Жүрөжүрө айлынын чети көрүнгөндө гана соодагерлердин алдабаганына анык ишенди.
Тигине, Көк-Кашат, арыктын жээгиндеги жалгыз терөк, бийик короо, боз үй...
Түндүктөн түтүн булайт, балким, апасы чай кайнатын жаткан чыгар.
Сагынган айлы баланын көзүнө бөтөнчө татынакай көрүндү. Оң жакта торпок минип
жарышчу Тыныбектин сазы, көгүчкөндүү ак жар, сол жагы Калба жайлоосу. Апасы
жол карап жүргөндүр, ээ?
Айыл эч нерсе менен иши жоктой. Көксөп келаткан баланы күткөн киши байкалбайт.
Үйдүн жанында жалгыз отуруп алып, өлгөн баласы жөнүндө ойлончу Субан да
көрүнбөйт. Аккыздын жол тоскону кана? Издегеңдери жашырынган сайын аларды ого
бетер көргүсү келет.
Атай өз айлынан бөлүнгөндөн берки эки ай ал үчүн эки жылдан да узак көрүнүп,
мындан ары апасынан, Субан чоң атасынан жана комузунан эч качан ажырабайм деп
ойлоп келатты. Атасы жөнүндө ойлогону жок.
Жүрөгү элжиреп үйгө кирген баланы ата-энеси салкын тосуп алышты. Анын
сагынганың билбей, эмне үчүндүр тааныбай калгансып тиктеп калышты. Султаналы
Короз Молдого окшоп акшыя карады.
Бетине муздак суу чачылгандай денеси дүр дей түшкөн Атайдын оозунан «апа», «апа»
деген гана дабыщ чыкты. Аккыздын жүрөгү түтпөй ордунан тура калды:
— Эрбейген кагылайыным! Кайдан адашып жүрөсүң? Бул убакта соодагерлер да
аттарын байлаштырып,
үйгө кирип, салам айтышты.
— Вассалом алөйкум!
— Валейкумаассалом!
Үй ээси алар менен туруп көрүшүп, меймандарды төргө өткөздү.
— Ээ, Султаке! — Коңкогой мурун өзбек Атайды көрсөтүп,— уулуңузду биз алып
келдик—деди сүйүнчүлөгөндөй.
— Бекер алып келипсиз. — Үй ээси анын сөзүнө кубанган жок.
Султаналы эмне үчүн антип айтканын меймандар түшүнүшпөдү. Бирок унчукпай;
калышты.
Ата-эне баланын окуудан качып келгенин дароо эле билишти.
Султаналынын үмүтү чоң эле. Уулу эң мурун мусулманча окуудан көзүн ачса, башка
жакка көнсө, анан орустан окуп, ортон колдон киши болмок. Орустан окуп, тилмеч же
болуш болуп, падыша өкмөтүнөн чен алгандар да бар эмеспи. Атаның ысык үмүтү
сууду.
Коңшулаш кыргыз аңлына токтобогон бала орустардын арасына байласа турабы.
Султаналынын капасы ушунда эле.
Туюк жеме жайдары балага да оор учурады. Ал апасынын тизесине жөлөнүп жатып,
Ата-энесине эмне үчүн жаман көрүнгөнүн ойлоду.
Үйгө киргенде бабырашып, жөн-жайды сурашкан соодагерлер да күтүлбөгөн
жымжырттыктан кийин сүйкүмсүз конок болдукпу дешкенсип, насаа болушуп,
көңүлдөрүн насыбай менен гана алаксыта башташты.
Атам менин сагынганымды билген жокпу? Атай өз алдынча башын катырат. — Короз
молдону да билбейби? Комузду сагынганымдычы!..»
Комуз оюна түшкөндө бала башын көтөрүп:
— Апа, комузумду алып бериңизчи!
Султаналы аялын акшыя карады. Мунусу жактырбаганы эле. Аккыз козголуп барып
кайра отурду.
— Коомузумду дейм, апа!
Аккыз эмне кыларын билбей бир аз карбаластап, анан меймандардын көзүнчө
кажылдашпайлы дегенсип, ордунан туруп, чоң сандыктагы комузду сууруп чыкты.
Үңүрөйүшүп суз отурушкан кишилердин арасынан качып, бала жарык дүйнөгө чыкты
да, көптөн бери көрө элек терегийин түбүнө барып, сагынган комузун кучактап,
кулагын толгой баштады.
Комуз менен баланын ортосунда туугандык тамырдын түбү тереңде: учурунда
Оогонбай маркум да чертчү. Абдыракман байкеси да чертчү, таятасы Жантакпайдып
мындан башка кесиби да, эрмеги да, кубанычы да жок, анын караңганы, карманганы
комуз. Атайдын чөйрөсү ушундай болгондугуна жараша тагдыр аны жерден боорун
көтөргөндө эле комуздан өмүрүндө ажырабай турган бир окуяга туш кылды.
Атай аз жерден бутунан ажырап кала жаздайт. Балдар менен тоодо ойноп жүргөндө,
үстү жагында турган Чырымдын кулаткан ташы анын шыйрагын талкалап кеткен...
Жыл маалын төшөктө өткөрүү оюнкараак бала үчүн жеңилби? Бир буту шыйрагынан
талкаланган Атай эмне кордук көрбөдү. Айылдагы, билермандар аны козголбой турган
кылып керегеге жаткыра таңып коюшуп, табып издешти. Табыптан даба болбоду,
молдо менен дубаналар бөзе качышты, акырында аны арабага салып, Ак-Чийдеги
доктурга алып барышты. Аз күндүн ичинде Атайдын буттары карайып, шишип,
жыттана баштады. Ак-Чийдин догдуру кесүүдөн башка айла калбаганын түшүндүрүп,
төзирээк Олуя-Атанын чоң догдуруна жөнөттү, ылдамдабаса шишик бүткүл денеге
жайылып, бала чукулунан мертинмек. Бутунун сыздап ооруганы, уйкусу качып, тынчы
кетип, оору менен алышуудан башка нерсе оюна келбей, кылдыраган арабада ачык
асманды тиктеп чайпалып баратканы Атайдын өмүр бою эсинде калды.
Ак-Дөбөгө жеткенде алар тыныгуу үчүн арабаны токтотушту. Аттарды чөпкө коюп,
өздөрү чайханага киришти... Жол жээгиндеги арабанын үстүндө Атай гана калган.
Аттын дүбүртүн угуп, бала мойнун жол жакка бу¬рат. Кулундуу тору бээ минген
бакжакай ак сакал адам өтүп баратып, арабадагы таңылып, онтолоп жаткан баланы
байкап, кайрыла калат.
— О, мурдуңду урайын! Эмне үчүн жатасың?—Анын төгөрөк чоң көздөрү
таңылган бутка барып урунат.
— Бутум сынып...
— Сейи каякка алып баратышат?
— Олуя-Атанын догдуруна.
— Жакшы, баргыла.—Аксакал киши бээсин теминип жолго түштү да, эмне
үчүндүр кайра артына бурулду.
Чайханадан бир чайнек чай, нан ала чыккан Султаналы карыяны көрүп салам айтып,
жөн сурашып калат.
— Бузурман табып деген мен болом.—Жолоочунун ким экендигин билгенде
Султаналы анын үстүнө үйрүлүп, чайханага ээрчитип кирет:
— Олуя-Атага аргам жок баратамын. Бутун төз кеспесе, кабылдайт дейт...
Кантейин! Сиздин атыңызды укчу элек... Эгер баламдын бутун кестирбей
айыктырсаңыз сураганыңызды берем...
— Өзүм да баланы көрүп, жалдыратып таштап кете албай кайрылдым. Менин
жумушум көп... Баланын өмүрү үчүн тобокел... Дарылайм. Балаң жазында бутун
шилтөөгө жарап калат. Бирок ачык айтайын: бир тогуз.
— Куп болот! — Султаналы башын ийип, колун сунду. Табып экөө убаданы
бүтүрүшүп, чай ичип отурганда ал колундагы малдар эсине түштү. Жылкы, уй, өгүзү
болуп — жети карасы бар. «Калганып туугандарыман сурап алып толуктап бериц, жер
сыйпалап отуруп калсам да, баламын мажес болбой, аңанэсен айыгып кеткенине
ыраазы элем. О, кудай өзүң жардам бере көр?»
Араба кайра артына кайрылып, бакжакай аксакал жол баштап жөнөгөндө баланын
жүрөгүндө кандайдыр бир жылуу сөзим пайда болот. Султаналынын да кабагы ачылып,
кейиштүү сөзү түгөнөт. Атай тору бээге ээрчиген тору кашка кулунду, жол боюндагы
сазда чөп чаап жүрүшкөн элди байкайт...
Өз үйүнө келгенден кийин табып эң мурун жыгачтан кеп жасайт, баланын бутун жыпар
мончок кайнатылган суу менен жууп тазалайт, терисин тепчип чыгып турган майда
сөөктөрдү терип таштайт. Атай анын баржагай колунун эптүүлүгүн карап жата берет.
Бузурмандын башында ак топу, ак көйнөгүнүн сыртынан кийген кара чыптамасы
болбосо, сакал, чачынаң тартып, иреңине чейин аппак көрүнөт. Ал «кармагыла»
дегенде кишилер Атайды козголтпоо үчүн колтуктан, жоон сандан алы¬шып, тизесин
чеңгелдеп былкылдатпай кармап турушту. Табып талкаланган шыйрагын сууруп алып
кайрадан жасай тургансып, аткый кармап, оркойгон сөөктөрдү ордуна кое баштаганда
бала бир бакырып алды... Бир оокумдан кийин ал буту жыгач кепке таңылып жатканын
гана бир билди.
Бузурман бир айча баланын жанынан кеткен жок. Күн, түнү дарылоо менен... Бир ай
дегенде табып, өз тиричилигине киришип, аны бир маал гана көрө турган болду. Ңул
учурда Атайдын бутунун сыздаганы басылып, уйкусу тынчыган. Ата-энеси биринен
сала бири үзгүлтүксүз каттап турушат. Оорусунун басылышы менен комузду, оюнду
эстеп зериге баштады.
«Чертмек?» — деп какшап болбогондон кийин Бузурман айылдагылардын биринин
комузун алдырды.
Атай чалкалап жатып, Абдыракмандан үйрөнгөн күүлөрүн чертет. Бузурман тыңшайт.
— Башка күүң барбы?
— Жок.— Бала билгенин кайталай берет. Бузурман бир күнү айылдагы белгилүү
комузчулар
дын тыңырагын конокко чакыртып, аны үч күнгө чейин меймандады. Үч күнгө чейин
анын колунан комузу түшкөн жок. Таңылып жаткан Атай анын бир-эки күүсүн
үйрөнүп калды.
Мейманды эртең менен аттандырган Бузурман түш ченде сарайынын жанында шакшак
жасап жатып, «Куу, куу турумтай» деген күүнү угат.
«Ой, жанагы мейманым баланын көңүлүн кыйбай кайра келгенби?» — деп керкисин
таштап үйгө кирсе, Атай чамгаракты тиктеп, чертип жатат.
— О, мурдуңду урайын! Атай токтой калды.
— Чертегой. Бул абдан жакшы күү.
Атай кайрадан чертти. «Куу, куу турумтайды» Бузурман өтө жакшы көрөр эле. Анын
артынан башкаларын чертип отуруп далай убакыт өттү.
Абышка менея Атайдый ортосунда достук башталды.
Атай табыптын үйүндө бир жыл бою жатты. Аны оорудан алып калган Бузурман болсо,
жалгыздык менен зеригүүдөн сактаган комузу. Комуз эрмек гана болбостон, ага
азаптуу күндө арка болгон ынак досуна айланды жана ага башка досторду да таап
берди.
Бузурман кайра бүткөн сөөктөр бекемдеп жана бүт кубатыта кирсин үчүн жажы деген
куурайды кайнатып, бутун ошонун суусу менен жуудура турган болду.
Жыл маалында Султаналы убада боюнча өзүндөгү малдарын бүт жана туугандарынын
чогулткандарын кошуп, табыпка бир тогузду айдатып чыгарды.
Тырышчаак Султаналы аз жылдардын ичинде кайра мал курап алды. Киши ушундай
болуу керек деп ойлоп, уулун да өз жолуна салууга аракетин үрөөдө. Бирок баласы ага9
түшүнбөйт, баланын оюндагыны Султаналы түшүнбөйт.
Атай жаш болсо да атасына макул болуп, айтканын иштеп, окууга да барып көрдү.
Канчалык дилин койсо да окуудан эч нерсе чыкпады, комузунан ажырабай турганын
барган сайын ачык түшүнүүдө*
Көзүн ача элек кызыл эт көзинде комуз менен ушунчалык ынак болуп, тилеги ошого
оогон баланы башка кесипке бурууга болобу?
Мына, Абдыракман байкеси керөз калтырган өрүк комузун толкундана кармап, ичин
бук кылган күүлөрдү айдата баштады...
Комуздун сагынычтуу дабышын угуп, аркы үйдөн өңкөндөп чуркап чыккан Субан бала
менен уңулдап ыйлап көрүштү. Абышканын ыйына чыдабай Аккыз да үйдөн чыкты.
— Черт, балам! Садагаң болоюнум,— Абышка кемшиңдеп жашын сүртүндү.
Атай билектерин түрүнүп, черте баштады. Аккыз менен Субан түгүл, үйдөгүлөр да
күүгө кулак түрүштү.
Бала жаңы күү чертип жаткан. «Сары барпы» ушул экенин Субан гана түшүндү.
Баланын окуудан арттырганы ушул. Бул чоң олжо эмеспи. Билген киши Атайдын
мээнети текке кетпегендиги үчүн кубанмак жана ага алкыш айтмак.
— Короз молдодон окубай эле, Оторбайдан окуган турбайбы,— деди Субан
Аккызга,— Башында эле ошо кишиге жибербей... Эгер эчкини Оторбай алса, дагы
канча күүлөрдү үйрөтөт эле.
Аккыз күүнү жана Субандын сөзүн уккандан кийин балага ичи жылыды. Аны бекер
жемелешкенин түшүндүрүү үчүн Субан үйгө сүйлөй кирди:
— «Сары барпыны» үйрөнүп келиптир. Ажап болуптур! — Көңүлү эмнеге
жибигенин билбей турган Султаналы күү жөнүндө укканда кабагы түктүйө түштү:
— «Сары барпысы» менен жерге кирсин! Чымчыктар толуп жатпайбы. Анын
эмнесине кубанасыз? Акыл айтып акмакты эсине келтирет десе, кайра менден сүйүнчү
сураганы жүрүшөт. Үйдөгү меймандар менин кейпимди көрүшүп, бизди сүйбөй
отурабы — деп комсонушпасын үчүн Султаналы аларга иштин жөнүн баяндады.
— Ушу балам тирүү калып, киши болор бекен, деп канчалык мээнет кылдым, тилек
тилеп, зар ыйладым. Колумдагы жыйган дүнүйөмдү ушул үчүн зарып кылып, башымды
ташка койгулап жүрүп, кайрадан мал күтө баштадым. Аны балам билбесе, же башкалар
билбесе, күйөт экенсиң да... Карагылачы, ага бирөө кой кайтарткансып окуудан качат.
Чертмегин сагынган имиш!..
— Бала балалык кылгандыр, капаланбаңыз, Султаналы аке,— алиги коңкогой киши
кудая шүгүр бизге капа эмес экен деп, көңүлү куунак болуп, ага кеңешин айтты.—
Балаңыз эстүү, бышык, жаман киши болбойт. Эсине киргенде тентектигин өзү эле
таштайт...
Султаналы меймандар менен кобурашып отура берди.
Комузун дыңгыратып, арыкты бойлой бет алды басып кеткен Атай эл орунга отурганда
үйүнө келди. Анын каякка жоголгонун билбей отурушкан Ата-энеси курсагы ачып,
үлдүрөгөң баланын кебетесин байкашса да, ага сөз көрсөтүү үчүн үн чыгарышкан жок.
Меймандар аңгемени уланта беришти. Атай комузун керегеге боосунан илди да,
очоктун жанына келип отуруп, отту ичкерте баштады.
Соодагер башчысы Наманганды мактай берди: — Эч мындай чырайлык жер жок! Коон,
жүзүм, шабдалы, өрүк, анар... Неме гана жок? Балдардын баары окушат. Биздин
молдолордой катта билимдүүлөр Таласта гана эмес, Олуя-Атада да жок.
— Анда окуган баланын арманы жоктур да,— деди Султаналы аны сүрөп.
— Эч...
Жемиш жөнүндө угуп, кулагын салып калган Атай сөз молдого оогондон кийин отту
көсөпкөсөп алып, тетири карап отуруп алды.
Соодагер башчысы чын пейли мененби, же Султаналынын көңүлүн улагысы
келгендиктенби, айтор, «балаңды мага кошуп бер, Наманганда окутайын» — деп кеп
салган эле. Кептин четин укканда эле Атай кандайча таасирленгенин сөзген Султаналы
окуу жөнүндөгү аңгемени уланткан жок. Бирок минтип арачолодо коюуга да болбойт,
аны мусулман молдосуна, же орустун молдосуна бермейинче атасынын жаны жай
тапмак эмес...
Иши кылып, алыс жердеги окууга берүү керек. Жакын жерден дагы качары ыктымал.
Жакын жердеги окуудан качкан себеби мындай:
Боз үйдүн сол жак капшытында 5—6 бала чөк түшүп, колдорундагы бир барак кагазда
жазылган тамгаларды жаттап отурушат.
Алип... бэ... тэ... се...
Ар ким өз бетинче күбүрөгөндүктөн үйдүн ичи чуу, эмне айткандарын өздөрү да угуша
албай, башкалардын дабышын басуу үчүн ого бетер катуу унчугушат.
Бир гана Короз молдонун окуучулары эмес, башка молдолордо окугандар да чуу
жагынан бири-биринен калышпайт. Ошону үчүн шариятта мындай деп айтылат:
кыяматтын алдында жалган оюн-тамаша менен Таджы Махал чыгып, элди алдап,
тозокту көздөй ээрчитип баратканда, тегирменчи тегирмендин жаңырыгы менен,
окуган балдар өздөрүнүн чуусу менен сыйкырдуу тамашаны угушпай, аман-эсен кала
беришет имиш.
Молдо ак селдечен болуп, төрдүн башында чөк түшүп куран окуп отурат, жанында
узун чыбык. Оң жаккы капшытта молдонун жаш аялы сайма саюу менен алек.
Балдар окуу менен, молдо жана аялы өз иштери менен...
Чуу күчөдү. Мындай чууга шарият өзү жол берсе, молдо каршы болмок беле, биротоло
мээлерине тамгаланып калсын дегенсип укмаксан болуп, өзү да куранды кыңылдап
окуйт. Чоң китепти барактаарда гана көзүнүн алды менен жаш катынын тиктейт.
Үйлөнгөнүнө жарым эле жыл... Багына жараша аялы кыңк этип ашык үн чыгарбай
турган ыймандуу жана колу жөндөм чыкты. Келгенден бери күйөөсүнө сайма бет
аарчы жана чачыктуу ычкыр өрүп берди. Эми дагы бир нерсени сайып отурат. Молдо
бул эмне деп майда нерсеге кийлигишүүдөн намыс кылып унчукпайт.
Аны билүүнүн кызыгы да жок. Жаш аялынын сурмалуу көзү менен өз көзү чагылыша
түшкөндө сулуунун ийменип ылдый караганына молдо жетине албай кубанат. Кантсин,
отуздан эңкейгенде гана аялга жетти. Анын үстүнө аялын жакшы көрүүгө шарият да
жол берет.
— Кудайга шүгүр! — деп молдо жакасын кармайт.— Кокус шарият аялыңды жакшы
көрбө десе, айлам канча эле!
Короз кудайга кул болгондуктан жана аялын жакшы көрүүгө шарият жол бергендиктен,
акыр аягына чейин ислам дини үчүн жан аябай кызмат кылууга даяр.
Окуу күнүгө ушундайча башталат. Жакшы жери ага
балдар да, молдо да көңүл бурбайт, ар кайсысы өз иши менен.
Жаңырыкка баштары зыңылдаган балдар куру кыйкырыктан жадашып, алдыртан бирибири менен нукумай ойной баштады. Тултук бет кызыл бала зериккенден оозун чоң
ачып, молдону байкады да, сөөмөйүнүн учу менен Атайды капталга бир сайды. Атай
«бэ» арибин аңта албай «бөө» — деп, жанында отурган Абдыракман деген кочкор
мурун баланы бөйрөк талаштыра бир койду. Молдо менен аялынын көз карашын
байкап, кудуңдап отурган Абдыракман чочуп бакырып ийди. Аның бакырыгына балдар
дуу күлүштү.
Короз молдо китебин жерге коюп, колуна узун чыбыкты алып, балдарга сурдана
карады:
Эшекче бакырган ким?
Абдыракман чын эле эшекче бакырган. Күлкүсүн араң тыйын турган Атайдын
кытыгылуу жерин молдо чукуп алгансып, ал кыткылыктап, оозун алакандары менен
басып калды. Бирок көзгө чалынбай койгон жок, «Ушунуң ашык болуп калды» —
дегенсип, капшыттагы келин да Атайга башын чайкады. Ачмыйган молдонун көзү
чарасынан чыгып, узун чыбыкты шилтеп калганда Атайдын чокусу тыз дей түштү,
Абдыракман да куйкасын сыйпалап калды жанаша отургандыктан чыбык Атайдан
артыла барып Абдыракманга тийген эле). Эгерде чокусу сыздап, өз жаңы менен алек
болбосо, Атай Абдыракманга кешик арттырып бергендиги үчүн аябай күлөт эле. Азыр
ыйлагысы келип, экөө тең жашылданып араң эле чыдап отурушат.
Молдонун ачуусу тараган жок, жутуп. жиберүүчүдөй балдарды акшыя тиктеп турду:
мунусу дагы кандай жаза кылайын деп ойлонгону. Ушул жерде мурду коңкогой боз
бала Эшенкул акылдуулук кылбаган болсо, иш мындан; да кайгылуу болуп бүтөр эле.
Ал «Алип —бэ»,— деп созолоно баштады. Калгандары карап турсунбу, Эшенкулду
жапырт сүрөп кетишти. Балдар ыйбаа кылышып, кайрадаң окууга киришкендиктен,
молдо бир аздан кийин: «иншаалла»,— деп, чыбыгын таштап, колуна китебин алды...
Окуу адатынча кызып келгенде алды жакта үнүн мудалап чыгарып кыйкырып окуп
жаткан Эшенкулду «жарайсың, бизди куткарып калдың дегенсип, Абдыракман далыга
бир чапты. Ыракматты биринчи мен айтышым керек эле, али да кеч эмес дегенсип,
Атай да Эшенгулду шилинин түбүнө шак эткизе бир чапты. Балдардын ичи кайнап, ким
эмне кылганын келин байкады. Бирок молдо чак эткен дабыштан башкасын биле албай,
балдарды алая караганда, алар дагы бирди көрөбүз го дегенсип, баштарын жерге салып
мелтирешти. Дагы болсО, Эшенкул акылын тапты. «Алип — бэ...» деп созолоно берди.
Беркилер аны ээрчитишти. Ошентип, Эшенкул аларды дагы бир таяктан куткарды.
Бирок бу жолу эч ким ага «ыракматын» билдирүүгө батынбады.
Атай үчүн түшүнүксүз тамгаларды жаттап кыйкыруудан көрө балдар менен
нукушуунун өзү кызык. Алар үйлөрүнө тарагандан кийин, Атай жалгыз калат. Ойнор
баласы жок, тиги үйлөрдөгү эки-үч кыз ага өлсө да кошулушпайт. Эгерде койчу бала
үйдөгү тиричилик менен жүрсө жалгыздыгы билинбейт, аны менен кошо кыймылдап,
бири-бирине эрмек болуп, экөө да жыргашат. Ал кой кайтарып кеткен күнү Атайды
кайгы басат, зеригет, Ата-энеси, Мамат, Субан жана Бектен эсине түшөт. Окууну
таштап качкысы келет, бирок аралыктын алыстыгы, жолду бөгөгөн, калың токой, чоң
суулар аны эч жакка жылдырар эмес. Кишенделген аттай болуп, үйүнө жетпесин
сөзгенде эч кимге көрүнбөй көз жашын төгүп ыйлайт...
Балдар менен таанышкандан кийин зериккени аздап тарады. Бирок, жүрөгүн өйкөгөн
бир нерсе али да кетпеди. Бул комуздун кайгысы эле. Комуздан ажыроо ага Абыш
байкесинен айрылган учурундай оор туюлат. Жантакпай таятасынын «чертмекчи
болосуң» деген сөзүн эстегенде окуу кулагына кирбей калат, мында келгенине
кайгырат.
Барган сайын сабакта ойноп отуруунун да кызыгы тароодо. Ал эч болбосо, Оторбай
молдону көргүсү келип, Абдыракмандан кеңеш сурады. Башкалардан көрө Абдыракман
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Атай - 05
  • Büleklär
  • Атай - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3988
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2335
    27.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 4007
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2310
    29.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 4007
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2169
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 4040
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2261
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3933
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2230
    28.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3945
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2172
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 4017
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2331
    30.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 4025
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2330
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3903
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2184
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3925
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2231
    28.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3901
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2142
    30.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3803
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2123
    28.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3820
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2144
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3859
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2264
    28.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3978
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2233
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2311
    27.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 17
    Süzlärneñ gomumi sanı 3985
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2360
    28.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 18
    Süzlärneñ gomumi sanı 3950
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2190
    29.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 19
    Süzlärneñ gomumi sanı 4029
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2314
    29.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 20
    Süzlärneñ gomumi sanı 3939
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2204
    28.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 21
    Süzlärneñ gomumi sanı 3850
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    30.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 22
    Süzlärneñ gomumi sanı 3844
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 23
    Süzlärneñ gomumi sanı 3912
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2163
    30.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 24
    Süzlärneñ gomumi sanı 4047
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2003
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 25
    Süzlärneñ gomumi sanı 4012
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2062
    30.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 26
    Süzlärneñ gomumi sanı 4091
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2166
    30.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 27
    Süzlärneñ gomumi sanı 4051
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2255
    27.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 28
    Süzlärneñ gomumi sanı 3917
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2110
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 29
    Süzlärneñ gomumi sanı 4012
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2185
    31.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 30
    Süzlärneñ gomumi sanı 4010
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2112
    30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 31
    Süzlärneñ gomumi sanı 3933
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2191
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 32
    Süzlärneñ gomumi sanı 3956
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2208
    29.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 33
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2204
    29.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Атай - 34
    Süzlärneñ gomumi sanı 2899
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1600
    32.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.