Latin

Шумдуктуу Идальго Дон Кихот Ламанчский - 09

Total number of words is 4131
Total number of unique words is 1814
34.8 of words are in the 2000 most common words
46.4 of words are in the 5000 most common words
51.7 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
кыса кучактап туруп, королевага тааныштыруу үчүн ээрчитип жөнөйт. Биздин рыцарь
королеванын жанында турган королдун кызын көрөт, дүйнө жүзүндөгү ушул күнгө чейин
белгилүү өлкөлөрдөн чыккан сулуулардын баарынан тең ашкан сулуу жана кулк-мүнөзү
келишкен болушу керек. Ал кыз рыцарга, рыцарь болсо ага карап коёт, ошентип экөө бирибирине аябай ашык болушат. Алар аябай чочулашат, бири-бирине сүйүүнүн сырын кандайча
кылып айтып жеткирүүнү билишпейт. Андан кийин рыцарды ак сарайдын ичиндеги бир сонун
жасалган бөлмөгө алып барышып, соотторун чечип анын үстүнө кара кочкул түстөгү
жылтылдаган чапанды жабышат. Эгер өзүнүн соотторун кийип, курал-жарагын алып турганда
көзгө жакшы көрүнсө, бул чапанды жамынганда андан да жакшы көрүнөт. Кеч киргенде
рыцарь, король, королева жана анын кызы менен бирге тамакка барып олтурат, рыцарь жана
королдун кызы элге билгизбей бири-биринен көздөрүн айырбай карай беришет, сөз менен
айтып жеткире албай тургандардын баарын алардын көз караштары айтып коёт. Баары тең
столдон өйдө тура берген кезде күтпөгөн жерден залга сын-сыпаты жаман бир эргежээл кирип
келет, анын артынан эки дөөнү эрчитип дагы бир сулуу аял кирип келет; ал аял, байыркы өткөн
заманда бир акылман ойлоп чыгарган сыноону сунуш кылат, жеңип чыкканыңар дүйнө
жүзүндөгү эң мыкта рыцарь деп эсептелет дейт.
Король өзүнүн ак сарайындагы рыцарлардын бардыгын сындан өтүп таалай алууга буйрат,
бирок алардын бардыгы тең жеңилип калат. Бир гана биздин рыцарь королдун кызын
кубандырып, бул сыноодо баарьш жеңип чыгып атак алат, королдун кызы өзүн бактылуу деп
санап, мындай даңктуу баатырды сүйүп калат. Тагдырдын эрки боюнча нак ошол кезде күчү
өзүнөн кем эмес башка бир падышага кандуу согуш жарыялайт. Ошондуктан биздин рыцарь
бир нече күндөн кийин өзүнүн колундагы курал-жарагы менен кызмат кылууга руксат сурайт.
Король буга дилгир болуп руксат берет, анын ырайымдуулук кылгандыгы үчүн королдун колун
өбөт. Королдун кызы жатуучу бөлмөнүн терезеси бактын тор тозмосу жагында эле, мына ошол
жерден биздин рыцарь ошол эле түнү аны менен коштошот. Ишенимдүү кызматчы аялды
тургузуп коюп, мына ушул тор тозмо аркылуу алар мурда эле бир эмес, бир канча жолу
сүйлөшкөн болчу. Рыцарь демин ичине алып, күрсүнүп коёт, королдун кызы эси ооп жыгылып
кетет, кызматчы аял чочулап, анын эсин жыюуга шашкалактап аракет кылат. Таң атып кетип,
бирер-жарым адам көрүп коюшу мүмкүн деп чочулайт. Акыры королдун кызы эсин жыйып,
терезенин торунан өзүнүн кебездей аппак эки колун рыцарга сунат, рыцарь анын колдорун
өпкүлөп, жыттагылап, көз жашы менен жууйт. Алар бири-бирине кандайча кытгып кабардашып
туруу үчүн шартташып коюшат. Королдун кызы рыцардан мүмкүн катары тезирээк келгин деп
өтүнөт, ал буга макул деп шарт кылып, дагы кайтадан колун өбө баштайт, рыцарь королдун
кызы менен өмүрү менен айрылып жаткансып ажырашат.
Андан кийин рыцарь өзүнүн бөлмөсүнө барып, төшөгүнө кулай кетет, бирок кайгы басып,
такыр чырм эте албай коёт. Жерге жарык кирери менен эле төшөгүнөн туруп, король жана
королева менен коштошот да, душманга каршы аттанат. Ал душманга каршы көпкө чейин
салгылашат, ар бир урушта жеңишке ээ боло берет. Королдун душмандарын жеңет, сан жеткис
шаарларды каратып адат, ошентип акыры аягында королдун кызы менен шерттешип койгон
жеринен кездешет жана кылган кызматым үчүн сыйлык кылып кызыңды бер деп сурамакчы
болот, мына ушуга кыз экөө өздөрүнчө макулдашып алышат. Анын ким экенин билбегенден
кийин король ага макул болбой коёт. Бирок ошого карабастан рыцарь королдун кызына
үйлөнөт, король кийинчерээк муну өзүмдүн бакты-таалайым үчүн улуу иш деп эсептейт,
анткени биздин рыцарды ал күч-кубаттуу бир королдун уулу экен деп билет. Анан кийин
король өлүп калат, анын тагы кызына өтөт, ошентип биздин рыцарь король болуп калат. Эми
өзүнүн ат кошчусуна жана өзүн мынчалык жогорку абалга жетишине жардам бергендердин
баарын жыргатат. Ат кошчусуна, жана өзүнүи ашык-жары менен сүйлөшүп жүргөндө ортого
түшүп жеңе болгон кызматкер кызды алып берет, ал күч-кубаттуу герцогдун кызы болуп чыгат.
— Ыймандай чынымды айтсам, мага нак ушул керек болчу!— деп кыйкырып жиберди
Санчо.
— Баары тең сиз айткандай боло турганына мен ишенем. Кайгы муңдун рыцары деп бекер
жеринен айтылган эмес да.
— Бул жөнүндө шек кылбасаң да болот Санчо,— деп жооп берди дон Кихот,— анткени
менен сага айтып бергендей жортуулдап жүрүүчү рыцарлар королдун же императордун тагына
олтурушкан жана олтурушат. Эми бизге, согуш жүргүзүп жаткан королдун христиан же дини
буруу экенин жана анын сулуу кызынын бар, жогун билүү иши гана калды.
Бирок, бул жөнүндө ойлоо үчүн дагы убактыбыз болот, анткени сага айткандай ак
сарайдын короосуна кирүүдөн мурда биз укмуштуу окуялар жагынан атак алышыбыз керек.
Мага дагы башка кыйынчылыктар туш келиши керек. Өзүмдүн эрдик иштерим менен дүйнө
жүзүндө өлбөс-өчпөс атакка ээ болоюн, сулуу кызы бар жана кан төгүлгөн согушту жүргүзүп
жаткан король да табылды деп коёлу. Бирок мен канткенде королдун уруусунун тукумунан же
жок дегенде императордун үч ата өткөн иниси боло алам? Анткени король адегенде менин
тегимдин мыктылыгына ишенбей туруп, кызын мага бергиси келбей коёт, мына ушул үчүн кан
төгүлгөн согуштарда жана каармандык менен жекеме-жеке салгылашууда көрсөткөн эрдигим
үчүн алууга акылуу болгон сыйлыгымдан айрыламбы деп корком. Чынын айтканда мен илгерки
дворяндык уруудан чыккам, ээлеген жерим жана мүлкүм бар, жана мага сөз тийгизгендиги үчүн
беш жүз суэльдо33 талап кыла алам, ошондуктан менин көрсөткөн эрдик иштеримди жазмак
болгон акылман тегимди толук изилдеп, мени байыркы королдун тегинен чыккан тукум экен
деп белгилеши мүмкүн. Андай болбосо, королдун макулдугун сурабай эле тилекке жетүүгө
болот. Анткени королдун кызы мени абдан сүйөт, ал атасы ыраазылык бербегенине карабастан
мени сүйөт, таксырым деп билет. Ошондо мен аны кишиге көрсөтпөй жашырып алыс жакка
алып кетем, анан анын ата-энесинин ачуусун убакыт же ажал басат. Мен король болгондо мен
сени графтын даражасына жеткирем.
— Эгер андай болсо,— деп жооп берди Санчо,— өзүбүздү кудайга тапшырып берип,
тагдыр туура жол менен алып бара турган болсо ошого ишенип гана тура беришибиз калган
тура.
— А сен граф болгондон кийин,— деп сөзүн улантты дон Кихот, рыцарь да болгонуң, эл
эмне десе ошо десин, бирок алар сени сеньор деп чакырышат.
— Сиз эмне мени капитул деген атты алып жүрө албайт деп ойлойсузбу?—деп сурады
Санчо.
— Сен капитул эмес, титул деп айтмакчысыңго?—деп оңоп айтты дон Кихот.
—Мейли, ошондой эле боло берсин,— деди Санчо Панса.— Баркымы кетирбейм деп
ойлойм. Мен бир жол бир коомго күзөтчү болуп кызмат кылгам, ошондо күзөтчүнүн кийми
мага абдан жарашып калгандыктан: сенин сырткы түрүңө караганда судья болууга да жарайсың
дешкен. Эгер алтын менен бермет карматып тиккен герцогдун чапанын кийсем кандай болуп
калат элем, ыя? Анда бүткүл округдан мени көрүүгө элдин чубап келээрине ишенем.
— Ооба сенин көрүнүшүң салабаттуу,—деди дон Кихот,— бирок сен сакалынды улам-улам
алып турушуң керек. Сакалың өтө коюу, бапсагай жана таралбай жүрүп кирип калган, эгер сен
устара менен жок дегенде күн алыс кырып жүрсөң, бута атым жерден эле сенин ким экениңи ар
ким көрүп билмек.
— Иш аны менен токтоп калбайт, — деп жооп берди Санчо,— чач тарачты жалдап алып,
айлык төлөп жаныман чыгарбай алып жүрсөм болгону. Кереги тийгенде гранданын артынан
калбай ээрчип жүргөн аткошчу сыяктуу, артыман калбай жүрүүгө буйрам.
— Грандалардын артынан аткошчулардын калбай ээрчип жүргөнүн кайдан билесиң?
— Урматтуу таксыр,—деп жооп берди Санчо,—мындан бир нече жыл мурда, мен бир ай
борбордо болгом. Мына ошондо бир сеньорду көчөдөн көрүп калып жүрдүм. Аны өтө чоң
байбача деп айтышканы менен, жапалдаш бойлуу өтө кичине адам болчу. Ал дайым сейилдикке
чыкчу, ал кайсы жакка бурулса, ошол жакты көздөй ээрчий бурулуп, артында сүйрөлгөн
куйругунан бетер бир атчан неме кошо жүрчү. Бул адам эмне үчүн тиги кичинекей сеньор
менен катарлаш бастырбайт, дайыма ээрчип жүрөт деп сурагам. Артында ээрчип жүргөнү анын
ат кошчусу, кайда барса да ат кошчусун кошо ээрчите жүргөн грандалардын ошондой адаты
бар деп жооп беришти. Бул сөздөр менин эсимде, эч качан унутпайм.
— Туура айтасың, — деди дон Кихот,—сен чач тарачты ошондой кылып ала жүрсөң болот.
Анткени салттын баары бир заматта эле, дайым ушундай болсун деп белгилене койгон эмес,
ошондуктан чач тарач артыңан ээрчип жүргөн биринчи граф болушуңа толук мүмкүнчүлүк бар
экен.
— Чач тарач жөнүндө өзүм кам көрөм,—деди Санчо,— а сиз, урматтуу таксыр, өзүңүз
король болуп, мени граф кылуу жөнүндө кам көрүнүз.
— Чочулабай эле кой, баары тең өз жайында болот,—деп жооп берди дон Кихот,— бирок
биздин рыцарь жалт карап алып, алды жактан бир нерсе көрдү. Ал жөнүндө мындан кийинки
главада баяндалат.
17-ГЛАВА. Мында зордук-зомбулук менен сүргүнгө айдалып бараткан
бир топ байкушту дон Кихоттун туткундан куткарып, аларга эркиндик
бергендиги жөнүндө баяндалат
Дон Кихот жөө-жалан, келаткан он эки чамалуу кишини көрө калды. Алардын баары тең
теспенин жибине тизилген мончоктой болуп упузун чынжырга тизилип коюлуптур, буттарына
кишен салынган экен. Колдорунда мылтыгы бар эки атчан киши, найза жана канжары бар эки
жөө киши аларды айдап келатыптыр.
— Король алардын эркинен ажыратып, сүргүнгө айдалып бараткан эрксиздер,—деди
Санчо.
— Эрксиздер дегениң кандай?— деп сурады дон Кихот. — Король да зордук-зомбулук
кылчу беле?
— Мен андай деген жерим жок,— деп жооп берди Санчо,— булар өздөрүнүн кылган
кылмыштары үчүн сүргүнгө34 айдалып барып, королго эрксиз кызмат кылууга өкүм
кылынгандар — деп гана айтайын дегем.
— Бир сөз менен айтканда,— деп дон Кихот Санчонун сөзүнө макул болгон жок, — булар
зордук-зомбулукка баш ийип, сүргүнгө эркскзден баратышкан эмелер болушу керек го?
— Дал ошондой,— деп жооп берди Санчо.
— Анда,— деп сөзүн улантты таксыры,— бул зордук-зомбулукка каршы чыгуу жана
байкуштарга жардам берүү менин милдетим.
— Урматтуу таксыр,— деп Санчо, анын айтканына каршы болду,— король да, судда
зордук-зомбулук кылбайт, кылган кылмыштары үчүн гана элди жазалайт.
Ушул кезде чынжырга тизилип сүргүнгө айдалып бараткандар жакындап калышты бул
байкуштардын эмне үчүн чынжырга тизилип, буттарына кишен салынып коюлганын
ырайымдуулук кылып түшүндүрүп айтып бериңиздер,— деп дон Кихот өтө сылык сүйлөп,
аларды айдап бараткандарга кайрылды. Атчан конвойдун бири буга мындай деп жооп берди:
булар королдун эркиндеги кишилер, алар азыр сүргүнгө айдалып баратат, менин сизге айтайын
дегеним ушул деди.
— Бирок ошондой болсо да,— деп жооп берди дон Кихот,— булардын баштарына түшкөн
кырсыктарынын себептери жөнүндө ар биринен ар башка бирден-бирден сурагым келет.
Өзүнүн бул өтүнчүнө ал аябай сыпайыкерчилик кылгандыктан экинчи атчан конвой:
— Бул шүмшүктөр жөнүндө толук жазылып чыгарылган өкүмдү биз алып баратабыз, бирок
токтоп турууга жана кагаздарды алып берүүгө, аларды таксыр сиздин окуп бүткөнүңүзчө күтүп
тургандай убагыбыз жок. Андан көрө сеньор, булардын ар кимисинин жанына бастырып барып
өздөрүнөн эле сураганыңыз жакшы. Эгер алардын көңүлү келсе, сизге баарын тең айтып
беришет, алар айтып берүүгө макул болушат, анткени бул алдамчылар үчүн жаман иш кылуу
же болбосо өздөрү жөнүндө баяндап берүүдөн башка эч кандай эрмек калган жок.
— Сүйлөшүүгө уруксат алгандан кийин дон Кихот алардын жанына бастырып келип,
биринчи эле бирөөнөн — жыйырма төрт чамасындагы жигиттен: — Эмне үчүн сени кырсык
басты?— деп сурады. Ал болсо, мунун баарына ашыктык айыптуу деп жооп берди.
— Ашыктык айыптуу дегениң кандай?— деп кыйкырып жиберди дон Кихот.— Эгер
ашыктык үчүн сүргүнгө айдай бере турган болсо, анда мен эчак эле сүргүндө болуп кайыктын
калагын эшпейт белем.
— Урматтуу таксыр, сиз кадимки ашыктык жөнүндө экен деп түшүнбөңүз, — деп жооп
берди ал жигит. — Менин ашыктыгым бөтөнчө болгон: мен ичинде ич кийми бар корзинканы
абдан жакшы көрчү элем, аны мен көкүрөгүмө бекем кыса кучактап алган болчумун, эгер
адилет сот аны күч менен менден тартып албаса, күнү бүгүнкүгө чейин андан айрылбас элем.
Мына ушул ашыктыгым үчүн шапалак менен жонума жүз жолу чаап туруп, анын үстүнө үч
жылга сүргүнгө айдап жиберди.
Дон Кихот сүргүнгө айдалып бараткан экинчи кишиге ошондой эле суроо менен кайрылды,
бирок анын ындыны өчүп бир сөз айтпастан баса берди. Ал үчүн жанында бараткан киши жооп
берди:
— Сеньор, ал булбулдай сайроочу, башкача айтканда ырчы, музыкант болчу, мына ошол
үчүн айдалып баратат.
— Койчу?— деп дон Кихот дагы кайталап сурады,— Ырчыларды, музыканттарды кантип
эле сүргүнгө айдап жиберсин?
— Ооба, сеньор,— деп жооп берди сүргүнгө бараткан эме,— тревога убагында ырдоодон
жаман нерсе жок.
— Мен андай деп ойлогон жок элем,— деди дон Кихот. — Шайыр кишиге шапалак тийбейт
деген бар эмеспи.
— Бирок мында иш башкача болду, бир жолу ырдап, өмүр бою ыйга калып олтурат,— деди
сүргүнгө бараткан киши.
— Эчтеке түшүнбөй койдум,— деди дон Кихот.
Бул жерден атчан конвойдун бири сөзгө кийлигише калып, мындай деди:
— Сеньор таксыр, мына бул шүмшүктөргө сүйлөгөндө тревоганынубагында ыр ырдоо,
уруп-соккондо күнөөнү моюнга алуу менен барабар. Бул күнөкөрдү кыйнагандан кийин ал
өзүнүн кылган кылмышын моюнуна алды. Ал мал уурусу болгон. Аны алты жылга сүргүнгө
өкүм кылды, анын үстүнө шапалак менен жонго эки жүз жолу чабышты. Эми ал өкүнүп, өзүнүн
боштугу үчүн уялып өлүп жатат, а калган митаамдар болсо, кыйноого чыдап, акырына чейин
айыбын моюнуна албай коюуга кудурети жетпегендиги үчүн аны жек көрүп, кысымга алып,
кордоп жатышат. Анткени, алар жок деген сөздө канча арип болсо, чын деген сөздө да ошончо
арип бар, кылмышкердин бир артыкчылыгы өз өмүрү жана өлүмү күбөлөрдүн жана
далилдердин кесепетинен эмес, өздөрүнүн тилинен болот дешет. Менимче алар туура айтып
жатышатко дейм.
— Мен да ошондой деген ойдомун,— деп жооп берди дон Кихот.
Анан ал үчүнчү бирөөнүн жанына келип тиги экөөнө берген ошол эле суроосун ага да
берди. Ал эч уялбастан тез эле мындай деп жооп берди:
— Мен ондукта таба албай, сеньорлор үчүн беш жылга сүргүнгө айдалып баратам.
— Сизди балээден куткарып калуу үчүн жыйырма дукат берейин,— деп дон Кихот
кыйкырып жиберди.
— Өтө кечигип калдыңыз сеньор,— деп жооп берди сүргүнгө айдалып бараткан адам,—
мен, азыр деңиздин ортосунда кораблдин ичинде калган бай көпөскө окшоп калдым. Ал
көпөстүн акчасы аябай көп болот, бирок сатып алууга нан жок болгондуктан ачкадан өлөт.
Урматтуу таксыр азыр сиз берип жаткан жыйырма дукат эгер мурда менде болсо соттун
көмөкөйүн майлап, жактоочуну ичирип коюп, кабаанак итке окшоп чынжырга байланып чаң
баскан жол менен минтип сандалбастан, азыр боштондукта көңүл ачып жүрөт элем го.
Андан кийин дон Кихот сүргүнгө айдалып бараткандардын баарын тең биринен сала бирин
сураштырды да, ар биринен кандай кылмыш үчүн сүргүнгө дуушар болгондугу жөнүндөгү
айткандарын толук укту. Биздин рыцардын суроо берип эң акыркы кайрылганы бир жак көзү
бир аз кылыр, отузга келип калган, келбеттүү, сулуу жигит эле. Сүргүнгө айдалып бараткан
башкаларга караганда ал чынжыр менен башкача чырмалган экен. Узун чынжыр анын башынан
аягына чейин оролгон, темирден жасалган эки моюнтурук анын мойнуна салынган, анын бири
жалпы чынжырга байлап салынган, «досуңа көз бол» деген экинчи моюнтуругу курун көздөй
ылдый түшүп турат. Ал колундагы кишенге кошуп бекитилип коюлган. Мына ушинтип
кылмышкер колу менен да, башы менен да кыймылдай алмак эмес. Эмне үчүн бул кишиге
кишен менен чынжыр үйүп салынган деп сурады дон Кихот. Айдап бараткандардын бири
мындай деп жооп берди:
—Анткени анын жалгыз өзүнүн кылган кылмышы бир тең, калгандарыныкы бир тең, кала
берсе ашып да түшөт, ошону менен бирге өтө шамдагай эме, буту-колунда кишен турса да
качып кетпегей эле деп чочулайбыз. Бул — атактуу Хинес де Пасамонте, башкача айтканда,
Хинесильо де Парапилья экенин айтсак, ушунусу эле жетиштүү болор дейм.
— Этиет кылып сүйлөңүз, сеньор комиссар,— деди сүргүнгө айдалып бараткан киши,— ар
түрдүү атка кондурганыңызды коюңуз. Менин атым Хинесильо эмес эле Хинес, сиз айткандай
мен Парапилья эмес, Пасамонто тукумунанмын. Андан көрө сиз өзүңүздүн тукумуңуз жөнүндө
ойлосоңуз — киши кызыга турган көп жаңылык ачаар элеңиз...
— Тилиңди тарта сүйлө, сеньор каракчы, болбосо үнүңдү басууга мажбур кылам,— деп
жооп берди комиссар.
— Менин атым Хинесильо де Парапильябы же ал эмеспи, айтор кези келгенде элдин баары
тең билээр.
— Сенин мындай деген атың жок беле митаам? — деп сурады конвой.
— Бар, — деп жооп берди Хинес, — бирок мындай деп атоого уруксат бербейм. Сеньор,—
деп ал дон Кихотко кайрылды,— эгер сиз бизге бирдеме бергиңиз келип турса, анда тезирээк
бериңиз да, өзүңүздүн жолуңуздан калбай кете бериңиз. Бөлөк-бөтөндүн иши жөнүндө такып
сураштыра бергениңиз өтүп кетти, эгер мен жөнүндө билгиңиз келсе, мына мындай: мен Хинес
де Пасамонтемин, мына ушул колум менен өзүмдүн тарыхымды жазгам.
— Ал чынын айтып жатат,— деп ырастады комиссар,— ал чын эле өзүнүн өмүрү жөнүндө
китеп жазган, жазганда да андан артык кылып жазууга мүмкүн эмес, бирок ал китеп түрмөдө
кала берген, китеп үчүн аманат кылып эки жүз реал алган.
— Бирок эки жүз дукатты кайта төлөсөм да,—деди Хинес, баары бир ал китепти кайта
сатып алам.
— Эмне, ал китеп ошончолук эле жакшы беле? — деп сурады дон Кихот
— Жакшы болгондо да,— деп жооп берди Хинес,— Торместик Ласарильодон жана ушул
сыяктуу жазылган жана келечекте жазыла турган35 китептердин баарынан тең мыкты. Таксыр,
сизге айтып коёюн, анда жазылгандын баары тең чын, анын ичиндеги окуяларынын баары тең,
кызык, көңүл ачат, ошондуктан ойдон чыгарып жазган китептердин эч бири ага тең келбейт.
— Ал китебиңиздин аты кандай? — деп сурады дон Кихот.
— Хинес де Пасамонтенин өмүрү,— деп жооп берди ал.
— Ал китеп жазылып бүттү беле? — деп дон Кихот дагы сурады.
— Мен али тирүү болгондуктан ал китеп кантип бүтмөк эле,— деп жооп берди Хинес,—
туулган күнүмдөн баштап азыркы сүргүнгө айдалып баратканга чейинки турмушумда болгон
окуялардын бардыгы тең китепке жазылган.
— Сүргүнгө сиз биринчи жолу айдалып баратасызбы?—деп сурады дон Кихот.
— Кудай менен королго кызмат кылып мен сүргүндө төрт жолу болгом, ошондуктан
кургатылган нан менен шапалактын даамын таткам, жакшы билем,— деп жооп берди Хинес.—
Бирок мен дагы ошол жакка айдалып баратканыма анчалык деле кайгырганым жок, анткени ал
жерде мен китепти шашпай жазып бүтөм. Испаниянын сүргүндө иштеп жүргөндөрүнүн бош
убактысы көп, эмне кылаарын билишпейт.
— А сен акмак эмес окшойсуң,— деди дон Кихот.
— Бактылуу да эмесмин,— деп кошумчалады Хинес,— анткени кырсык, бир нерсе билген
кишилердин артынан калбай ээрчип жүрөт.
— Андай эмес, кырсык шүмшүктөрдүн артынан ээрчип жүрөт,— деп комиссар анын сөзүн
бөлө сүйлөдү.
— Тилиңизди тарта сүйлөңүз деп мен сизден сурадым эле го сеньор комиссар,— деди
Хинес.— Сизге биз сыяктуу байкуштарды мазактоо эмес, король дайындаган жерге бизди
жеткирүү милдети тапшырылган. Ошондуктан үнүңүздү басыңыз, биз жолдон калбай арылап
кете берели, анткени алды жакта биздин тагдырыбыздын кандай болорун ким билсин, балким
силер өзүңөр сүргүнгө барып каларсыңар!
Комиссар Пасамонттун тайманбай одоно жооп бергендиги үчүн шапалак менен чабайын
деп керилгенде дон Кихот экөөнүн ортосуна тура калды да кылмышкерлерге тийбегин деп
өтүндү.
— Эгер колу-буту бекем байланган кишинин тили анча-мынча агытылып кетсе эмне
болмок эле? — деди дон Кихог. Анан сүргүнгө бзраткандарга кайрылып мындай деди:
— Кымбаттуу туугандар, силердин айтканыңардан мен муну даана түшүндүм: Законго
ылайык сот тарабынан жазалансаңар да, алдыңарда кезиге турган турмуш силерге анчалык
үлпөттүү эмес, бирок силерди сүргүнгө зордоп айдап бараткан көрүнөт. Ошону менен катар
силерди натуура соттогондугу көрүнүп турат; бириңерди кыйноо убагында чыдай
албагандык,экинчиңерди акчанын жоктугу, үчүнчүңөрдү — болуша турган кишинин жоктугу,
төртүнчүңөрдү — соттун чечиминин адилеттүү эместиги сойгон. Ким билсин, балким
силердики чындыр, бирок муну силер сотто далилдей албаган көрүнөсүңөр. Бирок,
адилеттүүлүк өкүм сүрүшү керек. Алда таала мени улуу жеңиштерге жетүү үчүн, жортуулдап
жүрүүчү рыцарлардын коомуна кошулууга жана баарынан тең ажырап муңгүрөп калгандарды,
эзилген байкуштарды коргоп калуу үчүн убада берүүгө буюрганын силер азыр көрөсүңөр.
Бирок ишти тынчтык менен жайгаштырууга мүмкүн болгон жерде күч жумшоонун кереги жок
экенин билем, ошондуктан силердин колуңардан чынжырды чечип, бутуңардан кишендерди
тынчтык менен чыгарып жиберсеңер кандай болот деп мен адегенде сеньор конвойлордон жана
комиссардан сурайм. Алда таала жана табийгат эркин жашоо үчүн жараткан пенделерди кул
кылып алууну ырайымсыздык деп эсептейм. Анын үстүнө сеньор күзөтчүлөр,— деп
кошумчалап сүйлөдү дон Кихот,— силердин алдыңарда турган бул байкуштар күнөөлүү
адамдар эмес. Ошондуктан ар бири өздөрүнүн кылган күшөөлөрү үчүн өздөрү жооп беришсин:
асманда кудай бар, ошондуктан ал кылмыш кылган адамды жазалап, жакшылык кылганды
сыйлайт, ал эми ажалдуу пенде башка адамдарга желдет болууга жарабайт. Эгер буларды
бошотсоңор, мен силерге алкыш айтаар элем. Бирок, силер менин талабымды жакшылык менен
орундатпай турган болсоңор, анда мен найза-кылычтын жардамы менен күч көрсөтүп, койгон
талабымды орундатууга мажбур кылам!
— Бул эмне деген келжирек тамаша!—деп кыйкырды комиссар.— Ар кайсынын башын
айтып сандырактаганын көрдүңөрбү! Мамлекеттик кылмышкерлерди бошотуп жиберүүгө
биздин акыбыз барбы, анан бизге ушундай деген буйрукту берүүгө сиздин акыңыз барбы?
Жакшылык менен өз жолуңузга түшүңүз урматтуу таксыр, башыңыздагы чылапчынды ондоп
кийиңиз, итке темирдин эмне кереги бар экен, сеньор!
Ачуусуна чыдай албай өзүнүн эмне болгонун билбей дон Кихот чап эле комиссарга кол
салды, ал буга даярдана да албай калды, найзанын урганына туруштук бере албай ээрден жерге
кулап түштү. Күтүлбөгөн жерден кол салуу адегенде берки конвойлорду дал кылып салды.
Бирок алар ошол замат эле эстерин жыйып, найза-кылычтарын алып баары тең биригип дон
Кихотко жабылышты. Эгер, бошоп чыгуу мүмкүнчүлүгү келгенин көргөндөн кийин сүргүнгө
бараткандар өздөрүнүн бүткүл күчүн жыйып туруп чынжырды үзүп кетпесе, балким биздин
рыцардын абалы абдан начар болот эле. Баары тең чайды-куйду, будуң-чаң түшүп калды:
конвойлор же сүргүнгө айдалып бараткандарга катылууну, же кол салып жаткан дон Кихоттон
коргонууну билбей шашып калышты. Ошентип жаткан кезде Санчо Хинес де Пасамонттун
кишенин чечип жиберүүгө жардам берди. Кишенин чечип, чынжырдан бошонуп чыккан Хинес
жыгылып жаткан конвойдун мылтыгын жулуп алып, конвойлорду шыкаалап атмак болду.
Бирок ал ата алган жок, анткени бир да бирөө калбай калыптыр, алардын баары тең
Пасамонттун мылтыгынан жана берки сүргүнчүлөрдүн ыргыткан ташынан коркуп качып
кетишти. Конвойлордун качып кеткенин көргөндөн кийин Санчо дароо эсин жыйып, кайта өтө
чочулады. Балким конвойлор болгон бул окуяны Санта Эрмандадга жеткирсе, ал чуу көтөрүп
дароо эле сүргүнгө бараткандарды жана аларды бошотксндорду кууйт деп ойлоду. Ал өзүнүн
оюн дон Кихотко айтып кеңешти да, мүмкүн кадары бул жерден чыгып, тетиги көрүнүп турган
капчыгайга кирип кетели деп ынандыра баштады.
— Чочулабай эле кой,— деп жооп берди дон Кихот,— азыр эмне кылуу керек экенин өзүм
билем.
Анан биздин рыцарь жаткан комиссарды талап алып туш-тушка качып жаткан сүргүнгө
айдалып бараткандардын баарын чогултуп алды. Анын буйругун күтүп, алар тегеректеп
калышты, анан дон Кихот мындай деди:
— Жакшы адамдар жакшылык кылган адамдарга дайыма алкыш айтат, анткени алкыш
айтпай койсо, ал чоң күнөө болот. Сеньорлор, мен силерди ажааттан алып калганымы азыр эле
өзүңөр көрдүңөр. Эмесе мындай, менин силерге кылган ждкшылыгым үчүн, силерден бир гана
нерсе талап кылам: мен куткарган чынжырды моюнуңарга салып алып дароо эле Тобосо деген
шаарды көздөй жөнөгүлө. Анда сеньора Дульсинея Тобосскаянын алдына барып көрүнөсүңөр
да, Кайгы-Мундун рыцары дубай салам айтып жиберди дегиле, анан өзүңөрдүн бошонуп
чыкканыңар үчүн мага милдеттүү болгон менин эрдик иштерим жөнүндө ага бирин калтырбай
толук баяндап бергиле. Мына ушуну орундаткандан кийин өзүңөрдүн каалаган жагыңарга кете
берсеңер болот.
Сүргүнгө айдалып бараткандардын баарынын атынан Хинес де Пасамонте жооп берди:
— Бизди куткарып калган сеньор, сиздин улуу урматыңыздын буйругун биз эч орундата
албайбыз, анткени тобубуз менен жол жүрүүгө болбойт. Санта Эрмандад бизди таап албас үчүн
кайта ар кимибиз ар тарапка чилдей тарап, жашырынып калышыбыз керек, анткени ал биздин
артыбыздан кууйт. Андан көрө, урматтуу таксыр, айдай сулуу Дульсинеяга баргандан көрө
өзүңүз айткан дубаны канча жолу оку десеңиз ошончо жолу окууга буюрсаңыз болот. Сиздин
урматыңыз үчүн биз чын дилибиз менен кудайга сыйынабыз. Бирок чынжырды моюнубузга
салып сүйрөгөн бойдон аны Тобоссого алып барып берүүгө макул болобуз деп ойлоо, чынында,
шашке боло элек мезгилди түн деп ойлогон менен бирдей, анан ал жөнүндө бизден өтүнүч
кылуу — кара жыгачтан алмурут издегенге тете.
— Сага айтып коёюн, дон митаам, дон Хинесилбо де Парапилья же сенин атың ким эле, ал
жакка өзүң жөнөйсүң да, чынжырды жалгыз сүйрөп барасың, — деп дон Кихоттун ачуусу
келип кыйкырып жиберди.
Пасамонте анын тилдеген сөздөрүн угуп, дон Кихоттун эселек экендигин билгенден кийин
көзүн кысып жолдошгоруна белги берди. Баары тең ошол замат эле четкерээк оолак боло
беришип, ташты мөндүрдөй жаадырышып дон Кихотту ургулашты, ал таштардан калканчын
бетине кармап калкаланып калууга үлгүргөн жок. Санчо өзүнүн эшегинин далдаасына
жашынып калды, ошентип ал өзүн таштан сактады. Анын кожоюну бир топко чейин ургулаган
таштан жакшы эле коргонуп жатты, бирок акыры бир топ таш анын көкүрөгүнө жана ийинине
келип тийгенден кийин, жалп этип аттан кулап түштү. Ал жерге жыгылар замат эле сүргүнгө
айдалып бараткандардын бири чуркап барып, анын башындагы чылапчынды жулуп алып, аны
менен биздин рыцарды аркага үч, төрт чаап жиберди. Андан кийин сүргүнгө айдалып
бараткандар бечара рыцардын соотторунун үстүнөн жаба кийип жүргөн камзолун сыйрып
алышты, байпагын да чечмек болушту эле, бирок анын темир кончу тоскоолдук кылды. Алар
Санчонун чепкенин да чечип алып, ич көйнөкчөн гана калтырды. Акыры алар согуштук олжону
өз ара бөлүп алышып, тоону бет алып житип кетишти.
Салгылашкан жерде эшек менен Росинант, Санчо менен дон Кихот гана калды. Эшек кезкезде эки кулагын шалпаңдатып коюп, башын жерге салып тура берди, анткени таштар дагы
эле мөндүрдөй жаап жатат деп ойлосо керек, анткени таштын зуулдагы, анын кулагынан али
кеткен жок болчу. Росинант өзүнүн кожоюнунун жанында жерде жатты, анткени кайырды
чайыр кылган сүргүнгө бараткандардын ташы ага да жакшы тийген болчу. Чепкенинен
айрылган Санчо, Санта Эрмандад жөнүндө ойлоп калтырап-титиреп тура берди. Ал эми дон
Кихот болсо, жакшылыкка жамандык кылып кеткен кишилер жөнүндө терең ойго чөмүлүп капа
болуп олтурду.
18-ГЛАВА. Мында Санчонун сур эшегин Хинес де Пасамонтенин
кантип уурдап кеткендиги жөнүндө баяндалат
Адилеттүүлүктү орнотуу үчүн эрдик көрсөткөнү өзүнүн башына тийгендигин көрүп, дон
Кихот ат кошчусуна мындай деди:
— Абийири жок адамдарга жакшылык кылуу, деңизге куйган сууга тете деп мен көп элө
уккан элем, Санчо. Ошол сөздүн чындыгына мына эми ишендим. Адилеттүү соттун ишине
кийлигишпе деген сенин кеңешиңе макул болбогондугума өкүнөм. Эгер мен сенин айткан
сөздөрүң» ишенгенимде, бул балээге туш келбейт элек. Бирок өткөн ишке өкүнбө, чыдайлы,
анан мындан кийин акыл-эстүү бололу.
— Урматтуу таксыр, сиз акыл-эстүү болгуча, мен түрк болууга улгүрөр бекенмин, — деп
жооп берди Санчо.—Эгер менин тилими алып, кеңешиме дароо макул болгондо, биз мына бул
балээге туш келбейт элек дейсиз. Эмесе азыр менин айтканы жаткан сөзүмө кулак салсаңыз,
эми мындан да жаман балээден кутулабыз. Сиздин рыцардык атагыңыздын баары тең Санта
Эрмандадга каршы туруштук бере албайт. Анткени жортуулдап жүрүүчү рыцарлардын
баарынын тең ага сокур тыйынчалык да баасы жок. Санта Эрмандаддын солдаттарынын аткан
огу кулагымды чуулдатып жибергенсип жатат.
— Сен энеден туулган күндөн тартып эле, коёндой коркоксуң Санчо, — деп дон Кихот
анын сөзүн бөлдү. — Бирок сен мени тоң моюн адам деп айыптаба, анткени эми сенин тилинди
алып Санта Эрмандад менен кездешпөө үчүн бул жерден кетем. Бирок, сен мени Эрмандадга
каршы чыгуудан коркуп качып кетти деп ушак кылып эч кимге айтпаймын деп ант беришин
керек. Эсиңде болсун, сен жалынып-жалбаргандыктан гана көңүлүңү кыя албай ушундай
кылып жатам. Ошентип мен чын эле адамдын үрөйүн учура турган коркунучтан баш тарткан
сыяктанып, уятты таштап коюп ушактап жана кимдир бирөөлөргө айтып коёт деген ой менен,
мен бул жерге жалгыз калып, сен өтө жүрөк задда болуп айтып жаткан олуя боордошторду гана
эмес, Маккавеевдин36 жети бир тууганына, Кастор менен Поллукска37 жана жер жүзүндөгү
бардык бир туугандарга жана боордошторго каршы турууга даярмын.
— Сеньор, — деп жооп берди Санчо, — кетип калуу качты дегенге жатпайт, ал эми күчүбүз
жетпеген коркунучту күтүп туруу — барып турган акылсыздык болот. Эртеңки иш үчүн өзүңдү
бүгүн сакта, баарын тең бир эле күнү кумарга сайып жибербе дейт орундуу акыл. Мейли мен
адепсиз, кыштактык эле болоюн, бирок баары бир акмак эмесмин, маселени акылдуу эле чечем.
Ошондуктан менин айткан кеңешиме макул болгондугуңуз үчүн кайгырбаңыз, эгер
кудуретиңиз жетсе Росинантка миниңиз, жетпесе мен жөлөп-таяп миңгизип коёюн, анан мени
ээрчий бастырыңыз, анткени азыр колго караганда буттун кереги чоң экени мага билинип
турат.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Шумдуктуу Идальго Дон Кихот Ламанчский - 10