Latin

Шумдуктуу Идальго Дон Кихот Ламанчский - 05

Total number of words is 4183
Total number of unique words is 1896
32.2 of words are in the 2000 most common words
44.8 of words are in the 5000 most common words
50.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
орундатуу үчүн, мээси ачыган чал, маркиз Мантуанскийден үлгү алып, чечинбей уктап, ай
талаага конуп, жана миңдеген-сандаган балээлерге дуушар келип жүрө бермекчибизби?
Урматтуу таксыр ойлоп көрүңүзчү: анткени бул жолдор менен курал-жаракчан рыцарлар эмес,
ушул эле арадагы кыштактардан качыр айдоочулар жана тынч жаткан адамдар жүрүшөт. Ал
кедей-кембагалдар туулганы көрмөк гана турсун, ал жөнүндө угушкан да эместир.
— Жаңылышасың,— деп жооп берди дон Кихот.— Бир-эки саат өтпөй эле биз жолдон,
куралданган адамдарды кезиктиребиз, андай куралданган адамдар Анжелика үчүн
Альбрактыны24 туш-тараптан камакка алган армияда да анчалык болгон эмес.
— Мейли эмесе, сиздин айтканыңыздай эле болсун,—деп жооп берди Санчо.-—Ишибиздин
оңолушуна жана мен үчүн өтө кымбат болгон аралды жеңип алууга кудай таала жардам бере
көр, а мен ошол аралда жай-баракат жатып өлөрмүн.
— Санчо, ал жөнүндө чочулабай эле кой деп айтпадым беле: арал болбой калса, Данияга же
Собрадис сыяктуу бир королевство табылат, ал сага сөөмөйгө кийген оймоктой жарашыктуу
келет. Сен аны алганда утушта болосуң: чынында королевство бул, буркандап-шаркандап
жаткан деңиздер менен курчалган жаман арал эмес, ага курак жерди басып эле жетип барууга
болот. Бирок, ал жөнүндө кези келгенде сүйлөшөбүз, а эми сенин баштыгыңан шам-шум эте
турган бир деме табылабы, карап көрчү. Тамак жеп кубаттанып алгандан кийин биз дароо эле,
сепил издеп таап алып, ал жерге конобуз да мен жана сага айткан бальзам дарысын даярдайм,
анткени кудай акы кулагым чыдатпай ооруп жатат.
— Баштыгымда бар болгону бир пияз, бир үзүм сыр, анан нандын каткан кыртышы бар,—
деди Санчо.—Бирок мунун баары тең сиздей эр жүрөк рыцардын жей турган тамагы эмес.
— Сенин бул жөнүндө түшүнүгүң аз!—деп үнүн көтөрүңкү чыгарды дон Кихот.—
Жортуулдап жүрүүчү рыцарлар ай бою тамак ичпей жүрө беришет, эрдиги мына ушунда,
ушуну билип койгун Санчо. Тамак ичкен кезде да алар тамак тандашпайт, колуна эмне тийсе,
ошону жей беришет. Эгерде мендей сен да романдарды көп окуп чыккан болсоң, барып турган
атак-даңктуу рыцарлар тамакты өзүнүн урматы үчүн жасалган тойлордо гана жегенин, ал эми
башка убактарда. болсо гүлдүн жытын гана жыттап коюп жүрө бергенин билер элең. Албетте,
алар башка бир даамдуу тамак менен кубаттанып жүргөн деп ойлош керек. Анткени рыцарлар
деле башкалардай киши, ошондуктан алар да тамаксыз күн көрө алышпайт. Өмүрүнүн
көпчүлүгүн токойлордун ичинде жана чөл-талаада өткөргөндүктөн, сен азыр мага бергиң келип
жаткан тамактай болгон кыштактын жөнөкөй эле тамагын жеп ыраазы болуп жүрүшкөндүр.
Ошондуктан досум, Санчо, мени кубандырган нерсеге сен кайгырбагын, анткени мен улуу жол
көрсөтүүчүлөрүмдүн жолун жолдобосом анда оозума даамдуу эч нерсе келбейт. Кирдепчаңдап, күнөөгө баткан ай ааламды жаңыртууну ойлоп жүргөн адамдын тамак жөнүндө кам
көрүп жүрүшү жарашабы! Жортуулдап жүрүүчү рыцарлардын ыйык адаттарын бузууга
зордобо.
— Кечирип коюңуз урматтуу таксыр,—деп жооп кайтарды Санчо.— Анткени мен окуй да,
жаза да албайм. Ошондуктан рыцарлардын эрежесин билбегендик таң каларлык иш эмес.
Мындан кийин сиз үчүн ар түрдүү жемиш кагын, өзүм үчүн даамдуу, анын үстүнө майлуу
тамактарды баштыкка салып ала жүрөйүн.
— Жортуулдап жүрүүчү рыцарлар жемиш кагынан башканы жебейт деп, айтып жаткан
жерим жок, Санчо—деп дон Кихот анын айтканына каршы болду. — Алар жемиш кагын,
талаанын ар түрдүү чөптөрүн жеп оокат кылуучу деп гана айтмакчы болгом. Мен ал чөптөрдү
жакшы билем, ошондуктан аларды издеп таап ала алам.
— Мына бул өтө пайдалуу илим,—деди Санчо,—Бир кезде анын бизге кереги тийип
каларын жүрөгүм сезип турат.
10-ГЛАВА. Мында Янгуэс жылкычылары менен кездешкенде дон
Кихоттун балээге учурагандыгы жөнүндө баяндалат
Мына ошентип, сүйлөшүп келатып дон Кихот менен Санчо өздөрүнүн аргымактарынан
түшүштү да, азык-түлүк алган баштыгынын оозун ачып туруп, ынтымактуу түрдө жай олтуруп
алышып, анын ичинен чыккандарды даражаларына карабастан жей башташты.
Бул кезде Росинант менен эшек калың чөпкө кирип, эркин оттоп жатышкан болчу. Санчо
Росинанттын жооштугуна ишенип, аны тушабай коё берген эле.
Бирок тагдырбы, башкача айтканда, шайтан болуп кеттиби, айтор биздин досторубуз дагы
бир балээге учурады. Ушул жердеги шалбада Янгуэстик жылкычылар жылкыларын кайтарып
жүргөн экен. Жалгыз жүрүп жылкыны сагынып калган Росинант, жылкыны көрүп аларды
көздөй таскактап жөнөдү. Бирок Янгуэстик суйкайган сонун бээлер, Росинантка кулактарын
чунаңдатып жаман тосуп алды. Алар ал байкушту тиштегилеп, тепкилеп жатышты. Көз ачыпжумгуча басмайылы үзүлүп, ээри жерге кулап түштү. Уу-чууну угуп жылкычылар чуркап келип
калышты. Жылкынын үйрүндө бөтөн бир аттын жүргөнүн көрүп, чоң союл менен сабап
киришти, ошентип бечара Росинанттын эсин оодарып баарын тең жабыла сабашканда ал жерге
кулап жыгылды.
— Досум Санчо,—деди дон Кихот,—булар рыцарь эмес эле, адамгерчилиги жок, кейпи
качкан адам кейпиндеги эмелерден экени дароо эле көрүнүп турат. Демек, мен алардан
Росинант үчүн өч алам, сен коркпой жардам бере аласың.
— Алар жыйырмадан ашык киши, биз болсок бир жарым дебей эле коёюн, эки эле
кишибиз, ошондуктан кайдан жүрүп өч алмак элек?—деди Санчо.
— Жалгыз өзүм жүзүнө татыйм,—деди дон Кихот.Ошентип ал мындан башка бир ооз сөз
сүйлөбөстөн, өзүнүн кылычын кынынан сууруп алып, янгуэстерге кол салды. Өзүнүн
таксырынын эрдигине ээликкен Санчо Панса да анын артынан урушка түштү. Биринчи эле
уруш менен дон Кихот жылкычылардын бирин жарадар кылды. Янгуэстик жылкычылар
адегенде эмне кыларын билбей шашып калышты, бирок кол салуучулар бар болгону эки гана
киши экенин көргөндөн кийин, көңүлдөрү көтөрүлүп союлдарын колго алышты. Экөөнү курчап
алышып, алар эң сонун шамдагайлык жана эптүүлүк менен дабырттатып катуу токмоктой
башташты. Күчү тең келбеген уруш көпкө созулган жок, бир нече минутадан кийин Санчо
жерге кулады, ал эми бул кармашууда өзүнүн бүткүл чеберчилигн жана эрдиги жакшы жардам
бере албаган дон Кихот Росинанттын бутуна барып-жыгылды. Кыжыры кайнаган
дыйкандардын колундагы союл коркунучтуу союл эмеспи. Эки жоонун экөө тең кыймылсыз
селейип жатып калганын көргөндөн кийин жылкычылар чоочун эмелерди өлтүрүп койдук деп
ойлошту. Киши өлтүрүп койгонубуз үчүн жоопко тартылып калып жүрбөйлү деп коркушуп,
янгуэстиктер абдан шашылып-үшүлүп аз аттарына жүктөрүн артып алышып, укмуштуу окуяны
издеп жүрген экөөнү селейип жерде жаткан бойдон тим коюшуп, жол тартышты.
Санчо биринчи болуп көзүн ачты. Ары-бери карап өзүнүн таксыры жанында эле жатканын
көрдү. Анда ал жалооруп, басыңкы кыңылдаган үн менен:
— Сеньор дон Кихот! А сеньор дон Кихот!—деп чакырды.
— Эмне дейсиң тууганым Санчо?—деп онтоп жооп берди дон Кихот.
— Урматтуу таксыр!—деп жооп берди Санчо Панса,—Ферта Бласенин бальзам дарысынан
бир-эки жуткуруп коёр бекен дедим эле. Рыцардын кылычынан болгон жаратты кандайча
айыктырса, дыйкандардын союлунан болгон жаратты да балким нак ошондой эле айыктырууга
жардам берип жүрбөсүн.
— А-ай!—деп үнүн көтөрүңкү чыгарды дон Кихот.—Эгер ал дары азыр биздин колубузда
болсо, анда башканын кереги жок эле. Жортуулдап жүрүүчү рыцарлардын атынан Санчо Панса
сага ант берем, эгер тагдырга таамай келсе эле болду, мен ал дарыны эки күн өтпөй эле табам.
— Биздин этибиз көгөргөнү кеткенден кийин, урматтуу таксыр сиз эмне кылаар экенсиз? —
деп сурады Санчо Панса.
— Менин этимдин көгөргөнү жөнүндө,—деп жооп берди көк ала койдой союлган дон
Кихот,— мен эч нерседей албайм. Ушул окуялардын баарына тең өзүм гана айыптуумун, мына
ушуга кыйналып жатам. Рыцарь деп атак албаган адамдарга каршы кылыч сууруп алып, кол
салышым керек эмес эле. Мына ошондуктан рыцарлардын закондорун бузгандыгым үчүн
салгылашууда кудай мени адилеттүүлүк менен жазалады. Санчо Панса менин сага айтканы
жаткан сөздөрүмө жакшылап кулак салып эстеп ал, анткени анын экөөбүзгө тең пайдасы бар,
жек көрүмчү кул-кутандардын бизге кол салганы келе жатканын көрөрүң менен, аларга каршы
мага кылыч суурутпай эле, тезинен колуңдан келгенче алардын сазайын колуна бер. Эгер кулкутандарга жардам берүүгө рыцарлар келсе, анда мен сени коргоп, аларга тийиштүү сокку
берүү колумдан келет. Менин колумдун күчтүү экенин миңдеген-сандаган мисалдарда көрүп,
ишендиң го.
Эр жүрөк бискайлыкты жеңгенден кийин бечара сеньор мына ушинтип көтөрүлүп калган
болчу. Бирок Санчо Пансанын ою, таксырынан башкача эле, ошондуктан унчукпай тим болуп
калбастан төмөнкүчө жооп берди:
— Сеньор, мен жоош, момун кишимин, тынччылыкты сүйөм, ошондуктан ар кандай ызага
чыдайм, анткени менин аялым, балдарым бар, аларды багуум жана адам кылып чоңойтуум
керек. Мына ошондуктан урматтуу таксыр, сиздин руксатыңыз боюнча жөн адамга да, рыцарга
да эч убакта кол көтөрүп, кылыч чаппайм. Тарткан жапамды жана мындан ары карай дагы тарта
турган жапамдын бардыгы үчүн мен алдын ала эле кечирип коём. Мага жапа чектирген мейли
атактуу же карапайым адам, кедей же бай болсун, идальгобу же дыйканбы мага баары бир, мен
эч кимге тийбейм.
Бул сөздөрдү уккандан кийин дон Кихот сүйлөп калды:
— Эгер менин кабыргаларым катуу оорубай турсачы. Анда мен сенин каталашып
жатканыңын себебин толук түшүндүрүп айтып берер элем, Санчо. Сөзүмө кулак сал, күнөкөр.
Көз алдыңа элестет, ушул күнгө чейин тескери согуп келе жаткан тагдырдын жели бир кезде
өзгөрүп, тилегибиз кабыл болуп жел кайыгыбыздын артынан согуп олтуруп, мен сага берем деп
убада кылган аралдын гаванына айдап келди деп коёлу. Сен, өзүңдүн жаңы милдетиңди аткара
албайсың го деп корком. Анткени тарткан жапаң үчүн өч алып, өзүңдүн беделиңди коргоого
жана өзүңдүн укугуң үчүн эр жүрөктүк менен күрөшкүң келбей олтурбайбы. Ошону менен
бирге жеңип алган өлкөлөрдүн эли бийлик кылган жаңы кишиге өздөрүнүн ыктыяры менен
багынып беришпейт, ошондой болгондуктан аларды бийлөө үчүн эрдик жана бекем кармоо
керек.
— Таксыр сиз айтып жаткан эрдигиңиз менен туруктуулугуңузду азыр эле өздөштүрүп
алгым келет, анткени өтө кыйналып жатам,— деди Санчо Панса.— Азыр мен акыл-насаатка
караганда дары-дармекке көбүрөөк муктаж болуп жатам деп кембагалдын атынан ант берем.
Сеньор эптеп өйдө туруп көрүңүзчү, келиңиз Росинантты да жөлөмөлөп өйдө тургузууга
жардам берели, бирок ага Росинант татыктуу эмес, анткени биздин ушундай балээге
учурашыбызга Росинант айыптуу. Мындай тентектикти Росинанттан мен эч күткөн эмес
болчумун, мага окшогон эле акылэстүү, жоош эме деп дайыма эле ойлоп жүргөмүн. Өзүңдүн
эле жакын адамыңдын ички сырын билүү оңой бекен деген сөз туура. Сиз жортуулдап жүрүүчү
алиги байкуш рыцарды кылычыңыз менен уруп жыккандан кийин дароо эле аркабызга таяк
мөндүрдөй дабырттап тиет деп ким ойлоптур.
— Санчо, сенин аркаң —деди дон Кихот,— мындайга көнүп калган эмеспи, ал эми менин
аркам болсо эч ким эч убакта сөөмөйү менен чертип көрбөгөн арка эле. Эгер мен өзүмдүн эмне
жатканымды өзүм билбесем! Эгер көп рыцарлардын үлүшүнө ушуга окшогон жабырчылыктар
туш келе бере тургандыгына ишенбесем, анда мен ызалыгыма чыдабай мүрт кетер элем.
Бул сөзгө ат кошчу жооп берди:
—Сеньор, жортуулдап жүрүүчү рыцарларга мындай жабырчылыкты тартуу сөзсүз болсо,
анда сиз ырайымдуулук кылып мага мына муну айтып бериңизчи: ушуга окшогон балээ биздин
үстүбүзгө дайым эле жамгырдай жаай береби же алардын да тийиштүү мөөнөтү барбы? Мына
ушундай укмуштуу окуялардын дагы экөөнөн артыкка чыдай албайбызго деп корком!
— Билип койгун досум Санчо,—деди дон Кихот,—Жортуулдап жүрүүчү рыцарлардын
өмүрү коркунучка жана жаман окуяга жык толгон, ошондой болсо да алардын ар бир королдун,
кала берсе императордун тажысын согушуп жүрүп жеңип алуудан үмүтүн үзүшпөйт. Эгер
менин бир капталым мынчалык оорубаса алардын ичинен кээ бирөөлөрү королдун тактысына
эрдик менен кантип жеткендигин сага айтып берет элем. Бирок ушундан кийин да алардын
кыйын абалга учурап, жапа чеккен учурлары болгон. Жортуулдап жүрүүчү рыдарлардын
тагдырынын өйдө-ылдый боло беришине эр жүрөк Амадис Галльский үлгү боло алат, ал бир
жолу өзүнүн тиш кайрашкан душманы, сыйкырчы Аркалайдын колуна түшүп калат. Аркалай
аны өзүнүн сепилинин ичиндеги устунга таңып коюп, атынын жүгөнү менен эки жүздөн ашуун
чабат. Ошондуктан ооруган жерди айтып онтоо мага туура келбейт, анткени ал даңктуу жана
кең пейил адамдардын тарткан жабырчылыгы меникине караганда алда канча ашык келет.
Ошону менен бирге кокусунан туш келип калган курал менен болгон жарат маскара
болгондукка жатпайт. Бул жагынан жекеме-жеке салгылашуу жөнүндөгү эрежеде ачык-айкын
нускалары бар, анда мындай деп айтылат: «Эгер бир өтүкчү колунда кармап турган калып
менен экинчисин уруп жиберсе, ал калып жыгачтан жасалганы менен да, аны союл менен
сабады деп эсептөөгө болбойт». Бул салгылашууда бир балээге учурап калганыбыз менен
биздин атыбыз өчтү деп ойлобо, анткени ал адамдар жөнөкөй эле союл менен кармашпадыбы.
Менин оюмча алардын эч биринин колунда кылыч да, найза да, канжар да жок болсо керек эле.
— Колдоруна алардын эмне кармап алып салгылашканын карап көрүүгө чолом тийген
жок,— деп жооп берди Санчо.— Мен артыма бурулуп карай элегимде эле, алар мени өздөрүнүн
союлдары менен сабап киришкенде көзүм караңгылап, эки бутум тейтеңдеп жылбай калды.
Анын үстүнө союлдун соккусу менин атымды өчүрүү үчүн зыян келтирдиби же келтирген
жокпу, ал жөнүндө ойлоого көңүлүм да келбейт. Союлдун соккулары кабыргаларыма матып,
өлгөнчө оюмдан чыкпас болду.
— Билип койгун тууганым Санчо,— деди дон Кихот,—унутулбас кайгы болбойт. Эт
ооруганы менен өлүмдөн колдойт.
— Мезгилди гана оңойлотуп, өлүмдөн алып калгандан башка, жарык дүйнөдө кыйынчылык
бар болду бекен? Эгерде биздин башыбызга түшкөн караан түнгө жөн май жардам бере алса,
анда кайгыбыз бир аз басыла түшөр эле. Оорукананын дарыларынын бардыгы тең азыр бизге
жардам бере албайт го,— деди Санчо.
— Санчо досум, муңайба! Менден үлгү албайсыңбы,— деди дон Кихот.— Андан көрө
Росинанттын ал-жайы кандай болду экен, ошону көрөлүчү. Ал байкуш таякты бизден аз жеген
жок.
— Жортуулдап жүрүүчү ат болуп алгандан кийин,— деди Санчо,— ага таң калаарлык
эчтеке жок. Менин эшегимдин таяктан оңой кутулганына таңым бар, биз терибизди тескери
сыйрытып кете жаздасак да, ал бир тал түгүнөн айрылган жок.
Башка жамандык түшкөндө андан кутулуп чыгуу үчүн тагдыр дайыма бир жылчык
калтырат,— деди дон Кихот. — Мен бул сөздү бир себеп менен айтып жатам, сенин малың бул
жолу менин Росинантымдын милдетин аткарып, жараттарымдын камын көрө турган бир
сепилге чейин көтөрүп баратко дейм. Рыцарь үчүн минтип жүрүүнү мен деги эле кемсингендик
деп ойлобойм. Күлкүнүн шайыр мүнөздүү кудайын багып алган атасы жана тарбыячысы
кайрымдуу карыя Силен эң сонун эшекке25 минип алып Стовратный деген шаарга кирип
баргандыгын мен романдардын биринен окугандыгым эсимде.
— Ооба, таксыр, ал эшекке минип алып кирип барганго,— деп күңкүлдөдү Санчо,— бирок,
эшектин үстүнө-минип алып какайып олтуруу менен, ичине акыр-чикир салып артып койгон
капка окшоп арта салынып жатып алуунун чоң айырмасы барго дейм.
Буга дон Кихот төмөндөгүдөй жооп берди:
— Согушта алган жаратыбыз ар качан даңкыбызды чыгарат, досум
Санчо, андан көрө мени эшектин үстүнө жакшылап туруп арта салгьш. Мына ушул элсизжайсыз туңгуюк жерде түнөп калбас үчүн шашылышыбыз керек.
— Жортуулдап жүрүүчү рыдарлар ай талаада түнөгөндү жакшы көрөт деген сөздү, сиздин
өзүңүздөн уктум элего таксыр,— деди Санчо.
— Жортуулдап жүрүүчү рыцарлар башкача кылып жайлаша албай калганда же бирөөгө
ашык болуп калган учурларда мындай нерселер боло берет,— деп жооп берди дон Кихот,—
Мээ кайнаткан ысыкка, суукка жана ар кандай жаан-чачынга чыдап эки жыл бою аркайган
асканын боорунда тура бергени чындык, бирок ал жөнүндө анын ашык жары эч нерсе билген
эмес. Атактуу Амадис Галльский ашык-жары өзүнө жылуу ырай көрсөтпөгөндүктөн сегиз жыл
бою ээн талаа, эрме чөлгө кирип кеткен. Ал жерде Амадис Галльский көзүнүн жашын көлдөй
төгүп, өзүнүн сүйгөн ашык-жарынан кечирим сурап, кудайга сыйынып жана аттигиниң ай деп
тиштенип жүргөн. Ошол сегиз жыл бою ал бир жолу да үстү жабык үйдө түнөгөн эмес, ысык
тамак ичпеген, кийимдерин алмаштырбай жүрө берген. Башка мисалдарды да келтирүүгө
болот. Келжиреген сөзүбүздү токтотолу, Санчо. Эшек да бир балакет боло элегинде батыраак
кыймылдай көр.
— Бул жолу шайтан бизди азгырбас бекен?— деди Санчо.
Ошентип, жыйырма-отуз жолу ахылап, охулап, элүү, алтымыш жолу күрсүнүп жана
ушундай күнгө туш кылгандарды сексен-токсон жолу каргап-шилеп жатып, араң дегенде өйдө
турду. Бүрүшүп-чүрүшүп, аксаңдап, жана темтеңдеп отуруп эшектин жанына басып барып,
ээрин токуду. Кожоюнунун балээге учурап калганын сезип тургансыган эшектин да адам боор
ооруй турган түрү бар эле. Санчо, анын үстүнө дон Кихотту мингизип, Росинантты анын
артына байлап коюп, эшекти тизгиндеп алып кара жолду көздөй илкип-калкып бет алды.
Тагдырдын аларга боору ооруп кетти: Санчо бир миль жол баса электе эле бир
мейманкананы көрдү, дон Кихот ошол зама тэле аны сепил деп билди. Санчо бекер эле аны
мейманкана деп ынандырды. Ал сепил деп дон Кихот көшөрүп отуруп алды. Алардын талашы
мейманкананын дарбазанын алдына келгенге чейин созулду. Санчо кайда келгенин сурабай эле,
өзүнүн киреси менен короонун ичине кирди.
11-ГЛАВА. Мында рыцарь сепил деп ойлогон мейманканада дон Кихот
менен ишенимдүү ат кошчусунун эмне болгондугу жөнүндө баяндалат
Мейманкананын кожоюну эшектин үстүндө туурасынан арта салынып жаткан дон Кихотту
көрүп, бул бечарага эмне болду?— деп Санчодон сурады. Аскадан кулап кетип, бир капталынан
жарадар болду,— деп жооп берди Санчо. Муну уккандан кийин бала кезинен тартып боорукер
жана кайрымдуу кожоюндун аялы дон Кихотко жардам берүүгө шашкалактады, ошентип
өзүнүн жапжаш жана сүйкүмдүү кызына жаңы келген мейманды күт деди. Ал, жакжайган, узун
бойлуу, кыйшык көз жана желкеси түптүз келген Мариторнес деген үй кызматчы аял экөө
биздин рыцарга качырларды айдап жүрүүчү Аревалолук бай адам түнөө үчүн мурда орун алып
койгон үйдүн чатырына орун салып коюшту. Бул төшөк бири узун, бири кыска орундуктардын
үстүнө эптеп-септеп коюлган үч-төрт тактайдан курулган; тактайлардын үстүнө эскилиги
жеткен төшөк төшөлдү, анын ичиндеги жүнү кирип, таш сыяктуу капкатуу болуп катып калган
экен; качырдын терисине окшоп катып калган эки шейшеп, жана тытылып жыртылган бир
жууркан бул каргыш тийген ложаны көркүнө чыгарып тургансыйт.
Дон Кихотту мына ушул төшөккө жаткырышып, кожоюндун аялы, кызы экөө, анын
жараттарына май-дарыны жаба башташты. Бул май дарыны жаап жаткан кезде, бечара
идальгонун денесинин көк-ала болбогон жери жок экенин кожоюндун аялы байкап калып, бул
көгөрүп калган жерлер аскадан кулаганда этиңиз ооруп көгөрбөй эле, чоң союлдун тагына
окшойтко деди.
— Чоң союл дейсизби?—деди Санчо.— Жок, андай эмес. Асканын аркайып турган
таштары көп экен, ошентип андагы ар бир таштын изи калыптыр.
Өзүнүн сөзүнө дагы кошумчалады:
— Ырайымдуулук кылып, май дарыңыздан бир аз калтырыңызчы, байбиче. Анын бирержарым кишиге пайдасы тиер, менин өзүмдүн да бел курчоом сыздап ооруп турат.
— Демек, сиз да кулагансызго?— деп сурады кожоюндун аялы.
— Мен кулаган жокмун,— деп жооп кайтарды Санчо Панса,— бирок, менин таксырым
кулаган кезде аябай коркуп кеттим, таяк менен үстү-үстүнө дабырттатып сабаган сыяктуу
денем сыздап ооруп чыкты.
— Андай боло берет,— деди кожоюндун кызы.— Мен түшүмдө бийик мунаранын үстүнөн
кулап бараткан учурларым көп эле болот, бирок кулабайм. Ал эми ойгонуп кетсем, чын эле
кулап түшкөн кишидей болуп, тула боюм жанчылып калгандай сезем.
— Иш мына ошондо сеньора,—деди Санчо,— түшүмдө эмес эле, өңүмдө таксырым нак дон
Кихот сыяктуу мен да көк ала койдой союлуп олтурам.
— Бул сеньордун аты ким?—деп сурады кызматчы аял Мариторнес.
— Дон Кихот Ламанчский,—деп жооп берди Санчо Панса.— Ал дүйнө жүзүндө болгон өтө
даңктуу жана күч-кубаттуу, жортуулдап жүрүүчү рыцарлардын бири.
— Жортуулдап жүрүүчү рыцарь дегениң кимдер?— деп ал аял дагы кайталап сурады.
— Аңкоолугун кара!—деп үнүн көтөрө сүйлөдү Санчо Панса.— Жортуулдап жүрүүчү
рыцарлар жөнүндө чын эле эч нерсе уккан жок белеңиз? Эмесе билип коюңуз карындаш,
жортуулдап жүрүүчү рыцарь дүйнө жүзүндө өтө атактуу жан болуп эсептелет. Бүгүн ал чала
өлүк болуп таяк жегени менен, эртең карасаң, анын император болуп калганын көрөсүң.
Бүгүн ал тишинин кирин соргон кембагал болгону менен, өзүнүн ат кошчусу тандап бирин
ала турган үч-төрт королевствого ээ болот .
— Кантип андай болот?— деп сурады кожоюндун аялы.
— Эгер сиздин таксырыңыз анчалык эле мыкты болсо, жок дегенде бир гравствону ээлеп
албай эмне кылып жүрөсүңөр.
— Ал бат эле боло коё турган иш эмес,— деп жооп берди Санчо,— Укмуштуу окуяларды
издеп чыкканыбызга бар болгону бир эле ай болду, ушул күнгө чейин биз көңүлгө жагарлык
бир да татыктуу окуяга кездеше элекпиз. Кээде татыктуу окуяны издеп баратып, таптакыр
башкага жолуккан күндөр да болот. Бирок, силерге айтып коёюн, эгер менин таксырым дон
Кихот өзүнүн жаратынан, мындайча айтканда көк-аласынан айыгып кетсе, мен да тирүү калсам,
Испаниянын эң мыкты княжестволорунун бири менин колума, энчиме тиет.
Дон Кихот бул аңгемеге көңүл коюп угуп жатты. Жаткан төшөгүнөн араңдан-зорго
чыканактап өйдө боло калып, кожоюндун аялын колдон алып, төмөнкүдөй деди:
— Мага ишенип коюңуз, татынакай сеньора, өзүңүздүн сепилиңизде мага окшогон улуу
кишини баш калкалаткандыгыңыз үчүн бактылуумун деп эсептей бериңиз. Мен өзүм жөнүндө
сизге баяндап айтып бергим келбейт, анткени мактануу өзүн-өзү кордоо дегенге жатат. Менин
ким экеними ат кошчум баяндап айтып берет. Бир гана айтарым: мага кылган кызматыңыз
кылымдар бою эсимден кетпей калат, ал үчүн өмүр бою мен сизге ракмат айтам. Эгер махаббат
кайышпаган катаал сулүүнүн сыйкырдуу көз карашына баш ийдирип, мойнума кылтак салбаган
болсо, (анын атын шыбырап айтпасам кыйкырып айта албайм) анда мына бул турган сулуу
татынакай кыздын көздөрү менин эркимдин кожоюну болуп алар эле.
Жортуулдап жүрүүчү рыцардын сөзүн, кожоюндун аялы, анын кызы, жана кичи пейил
Мариторнес өздөрү уялып угуп олтурушту, эгер ал грек тилинде сүйлөсө да дал эле ушундай
чала-була түшүнмөк болчу. Анткени менен рыцарь бизге өтө сыпайы сөз менен алкыш айтып
жатат—дешип өздөрүнчө жоромолдошту, бирок ага эмне деп жооп берүүнү билишпей,
көздөрүн алайтып чоң ачып карап тура беришти. Чыны ал тигилерге бөтөнчө бир жан болуп
көрүндү. Жакшы жатып, жайлуу уктаңыз, деген сөздөрдү айтышып, кожоюндун аялы кызы
экөө чыгып кетти, ал эми кызматчы аял Мариторнес болсо өзүнүн таксыры сыяктуу эле жардам
күткөн Санчо менен алек болуп жатты. Бул ишти бүтүрүп коюп Мариторнес да төмөн түшүп
кетти, ошентип биздин жолчуларыбыз өздөрү эле калышты.
Дон Кихоттун начар жана капкатуу төшөгү чатырдын кире беришиндеги биринчи эле.
Санчо анын жанынан орун алган, ал эми качыр айдоочунун төшөгү болсо бир аз нары жакта
болчу. Өзүнүн качырларын көрүп жана аларга түн ичинде жете тургандай кылып чөп салып
коюп, качыр айдоочу чатырга чыгып барып төшөгүнө жатып, дароо эле уктады. Санчо да аны
туурап уктагысы келди, бирок тула-бою сыздап ооругандыктан уктай алган жок.
Дон Кихот да Санчодон кем кыйналган жок, эч максатсыз эле караңгыда көзүн коёнчо
бакырайтып ачып жата берди. Көп узабай эле үйдүн ичи жымжырт болду, кире бериш жердеги
илинип турган лампадан башка чырактын бардыгы тең өчүрүлүп коюлган.
Бул жымжырт болгон тунжураган тынчтык жана да укмуштуу окуяларга жык толгон
жанындай көрүп сүйгөн романдары ойлоого боло турган пикирлердин эң бир маңыздуусун,
абдан кызытып жана жаман пикирлерди биздин идальгонун эсине салып, көз алдына элестетти.
Мен эң сонун сепилге туш келген экемин, кожоюндун кызы менин сырткы көрүнүшүмдүн
сымбаттуулугуна ашык болуп, түндө келүүгө убада берди деп көз алдына элестетти. Ал, мына
ушул сандырак ойду туура, чын деп ойлоп алып, өзүнүн ашык жарынын азгырылбай эсен-соо
калышын ойлоп, тынчы кете баштады. Бирок королева Джиневранын26 өзү келип сүйүп калдым
десе да, өзүнүн айымы Дульсинея Тобосскаяга кыянаттык кылбоого катуу убада кылды.
Үйдүн чатырынан бир нерсенин кереги тийгендиги Мариторнестин шору болду. Уктап
жаткандарды ойготуп жибербейин деген ой менен Мариторнес добушун чыгарбай акырын
басып жогору чыкты. Бирок ал босогону аттай элегинде эле, дон Кихот анын дабышын угуп
кроваттын үстүкө отура калып, Мариторнестин жакын келишин күтүп турду. Көзгө сайса
көрүнгүс караңгыда өтүп бараткан астуриңкалык аял, чыны менен анын кроватына чалынып
жыгылып кала жаздады, ошол мезгилде биздин ак көңүл таксыр анын колунан шап кармай
калды. Коркуп кеткен Мариторнес ары-бери жулкулап колун жулуп алууга аракет кылды,
бирок дон Кихот өзүнүн кроватынын бир четине олтургузуп туруп, назик сөз менен шыбыштап
мындай деди:
— О, укмуштай сулуу жана атактуу сеньора сиздин ченде жок сулуулугуңуздун мага
көрсөткөн бир гана жакшылыгы үчүн татыктуу жооп бергим келет! Бирок тагдырда жазылып
башка бир болжолсуз сулууга ашык болуп калганмын. Бүткүл ой-пикиримдин кожоюну, ченде
жок сулуу Дульсинея Тобосскаяга кыянаттык кылбай түбөлүк ошондук болууга ант берген
болучумун. Эгер мына ушулар болбосо, анда мен өзүмдүн сизге абдан ыраазы болгон
жүрөгүмдү сиз эмне десеңиз ошол жакка бурар элем.
Бирок эмне кылаарын билбей шашкалактаган Мариторнес дон Кихоттун айткандарына
кулак салбастан, колунан жулунуп чыгууга аракет кылып жатты. Мариторнести өтө жактырып
калган качыр айдоочуну бул каңыр-күңүрт ойготуп жиберди. Ичи тарып, күнүлөп ошого чыдай
албай ал акырын төшөгүнөн тура калып дабышын билгизбей дон Кихоттун төшөгүнүн жанына
басып келди. Ал бул жерден, жулкунуп чыгууга аракет кылып жаткан Мариторнестин
билегинен бекем кармап алып, ага шыбыштап бир нерсе айтып жатканын жакшылап көрүп
алды. Жини кайнап кыжыры келген качыр айдоочу ойлонуп турбай эле керилип туруп,
чечендик кылып жаткан рыцарды тишке бир койду эле, оозуна кан толо түштү. Бул аздык
кылат деп ойлоп качыр айдоочу неме дон Кихоттун төшүнө чыгып алып, эки буту менен
тебелей баштады. Дон Кихоттун кроваты эки кишини көтөрө албай күү этип жерге кулап кетти.
Кожоюн эмне болгон ызы-чуу деп чочулап, колуна шам алып үйдүн чатырын көздөй шашылды.
Аны көргөндөн кийин Мариторнес ого бетер коркуп кетти да, качууга баш коюп, тынч уктап
жаткан Санчонун төшөгүнө чалынып, анын үстүнө барып жыгылды. Санчо уйкусуроо менен
албарсты муунтуп жаткан экен деп ойлоп, аны муштуму менен койгулап жиберди. Мариторнес
муштум тийип ооруган жерлерин унутуп коюп, өзү да аны муштагылап кирди, ошентип
экөөнүн ортосунда катуу мушташ башталды. Муну көргөндөн кийин качыр айдоочу адам
Мариторнеске жардамга келди, ал эми ушул кезде чуркап жетип келген кожоюн болсо, туш
келгенин койгулай баштады. Бул балекет окуя басылаар кезде шам-чырак таптакыр өчүп
калгандыктан катуу муштум туш келди ар кимге тийип жатты.
Ошол эле короодо Толедолук Санта Эрмандаддын солдаты конуп жаткан эле. Мурда
мындай болуп көрбөгөн мушташтын ызы-чуусун угуп калып, ал өзүнүн темир таягын колуна
алып, үйдүн үстүнө чыгып келип:
— Адилеттүү сот үчүн токтогула, сабыр кылгыла! Алда-таала жана Санта Эрмандад үчүн
токтогула! Мен ушундай деп буйрам!—деп кыйкырды.
Өзүнүн жерге кулап калган төшөгүнүн үстүндө эсинен танып солоюп жаткан дон Кихотко
биринчи болуп туш келди. Дон Кихотту сакалддн алып, солдат: «Соттун адилеттигине жарамга
кел» деп кыйкырды. Бирок, кармап алган кишиси селейип, кыймылсыз жатканын көрүп, аны
өлүп калган экен деп ойлоп:
— Дарбазаны жапкыла! Мында бир кишини өлтүрүп коюптур! Эчкимди эшикке
чыгарбагыла!—деп катуу кыйкырды.
Бул кыйкырык баарынын тең эсин чыгарды, ошентип уруш бир заматта эле басылып калды.
Кожоюн өзүнүн бөлмөсүн көздөй шашып үшүп жөнөдү, качыр айдоочу өзүнүн төшөгүн көздөй,
кызматчы аял болсо өзүнүн кичинекей бөлмөсүн көздөй жөнөдү. Азап тарткан дон Кихот менен
Санчо гана кыймылдай алышпай ошол жаткан орундарында кала беришти. Мына ошондо гана
солдат дон Кихоттун сакалын коё берип, кылмыштуу кишилерди кармап алып, камакка алуу
үчүн чырак издеп жөнөдү. Бирок, ал көпкө чейин эчтеке таба албай койду, анткени кире бериш
жердеги лампаны кожоюн атайы өчүрүп койгон болучу. Солдат очокко барып ал жерде көп
кыйынчылык көрүп жатып акыры шам чыракты күйгүздү.
12-ГЛАВА. Мында өз шору үчүн сепил деп ойлогон мейманканада эр
жүрөк дон Кихот менен анын ишенимдүү ат кошчусу экөөнүн мындан ары
карай баштарынан өткөргөн сан жеткис кыйынчылыктары жөнүндө
баяндалат
Ошол кезде дон Кихот эсин жыйып жана жалооруган үн менен ат кошчусуна:
— Санчо, достум, уктап жатасыңбы? - Уктап жатасыңбы, достум Санчо?— деп кыйкырды.
— Кайсы ырысыма уктамак элем,— деп үн чыгарды Санчо, капаланып-кайгырып жана
жини келип, — ушул түнү шайтандын бардыгы үстүмө чыгып алып, көңүл ачып ойногонсуду.
— Аныңа мең толук ишенем,—деп жооп берди дон Кихот,—анткени же мен эчтеке
түшүнбөйм же бул сепилдин сыйкырдуу бир балекет ээси бар. Муну билип кой... баса, менин
азыр сага айта турганымдын баарын тең мен тирүү кезимде да, жана мен өлгөндөн кийин да эч
бир кишиге айтпай сыр катарында ичимде сактайм деп сен мага адегенде шерт кылышың керек.
— Ичимде сактоого шерт кылам,— деди Санчо.
— Муну менин айтып жаткан себебим,— деди дон Кихот,— кимдир бирөөнүн абийирин
төгүүгө тилим барбай жатат!
— Кудайга жаныңызды берген күнгө чейин,— деп жооп берди Санчо,— бул жөнүндө жан
кишиге айтпайм, ал үчүн сизге ант берем, жана мунун баарын таң эртең эле ар кимге айтуу
үчүн кудай жардам бере көр!..
— Мага тезирээк өлүм тилегидей мен сага жаман мамиле кылып жатамбы, Санчо?— деп
сурады дон Кихот.
— Иш такыр анда эмес,— деп жооп берди Санчо,—ички сырды көпкө сактоого чыдай
албайм, анткени бир жагынан өзүмдү оор сезем, экинчи жагынан жаман көрөм.
— Жакшы болот,— деди дон Кихот,— сенин мени жакшы көрө турганыңа жана ак
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Шумдуктуу Идальго Дон Кихот Ламанчский - 06