Latin

Шумдуктуу Идальго Дон Кихот Ламанчский - 04

Total number of words is 4152
Total number of unique words is 1866
34.0 of words are in the 2000 most common words
46.4 of words are in the 5000 most common words
52.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
нерсеге дүйнө жүзүнүн эч муктаждыгы жок деп айтып калчу. Алдамчылык, шермендечилик,
куулук-шумдук жана калп айтуу чындык менен акыйкатка аралаша албай турган бактылуу
замана жөнүндө; кара ниеттүүлүк, калыс эместик, судьялардын зордук-зомбулугу, адам
баласын эзбей турган замана жөнүндө; бардык жерде тынчтык менен бейпилчилдик өкүм
сүргөн жана бактылуу адам жаратылыштын эң сонун сыйлыгына рахаттанып, жай баракат
өмүр сүргөн мына ушул эң сонун замана жөнүндө дон Кихоттун көңүлү көтөрүлүп сүйлөп
калчу. Элди ушундай эң сонун заманага жеткирүү менин энчиме туш келген деп ойлоп туюк
эле ишенип келген. Поп кээде анын айткандарына каршы болуп, кээде ооба сеники туура дей
берчү, анткени мындай айла кылмайынча байкуш идальгого анын ой-пикирлеринин
жарамсыздыгын далилдейм деп ойлоого да болбойт болучу.
Ошондой болсо да дон Кихот өзүнүн эселек планына абдан берилип, ошол бойдон кала
берди. Өзүнүн үйүндөгүлөргө айтпай, алардан жашырып, ак көңүл, бирок маңыроорок (эгер
өзүнүн жыйган-тергени адам жарытпай турган кишини ак көңүл деп айта турган болсо), бир
дыйканды ат кошчу18 бол деп үгүттөп жүрдү. Дон Кихот жанын таштап жиберип ынандырып,
аны байлыкка, атак-даңкка жеткирем, — деп сөз байлады. Чынын айтканда, өзүнүн эрдиги
менен жеңип ала турган эң биринчи эле аралды түбөлүк бийлөө үчүн сага сыйлык кылып берем
деп убада берген. Анын айткан сөздарүнө, караганда бул иш, өтө тез аранын ичинде болчудай
көрүндү. Башын айлантып салгандыктан акыры Санчо Панса, (дыйканды нак ушундай деп, атай
турган),— анын айткандарынын баары-жогуна тең ынанып, өзүнүн аялын, бала-бакырасын
таштап коюп дон Кихотко кызматка кирди.
Анан кийин дон Кихот акча табууга киришти: бирин сатып, экинчисин карызга карматып
коюп, мына ушундай жол менен бир топ көп акча жыйнап алды. Андан тышкары өзүнүн
досторунун биринен тегерек калканчты убактысынча,— деп сурап алды жана кыйрап калган
туулганы ондоду. Бул камылгасынын баарын тең бүткөндөн кийин, баланча күнү, баланча
саатта сапар тартайын деген оюм бар деп өзүнүн ат кошчусу Санчого кабар кылды да, өзүңдүн
курал-жарагың тууралу кам көргүн деп сунуш кылды. Дон Кихот жолдо алып жүрүүчү
куржунду унутуп таштап кете көрбө деп Санчого катуу эскертти. Санчо унутпайм,— деп убада
берди да, мен жөө жүрүүгө анча көнгөн эмес элем, ошондуктан эшегимди мине чыгайын деди.
Санчонун бул айтканы дон Кихотту бир аз ойлонтту. Жортуулдап жүрүүчү рыцарлардын
кимисинин ат кошчүсү эшек минип жүргөндүгүн эстөөгө аракет кылды, бирок эстей албады.
Адепсиз бир рыцарь менен биринчи эле жолу кездешкенде анын атын тартып алып, эшектен
түзүгүрөөк жаныбарды өзүмдүн ат кошчума берем деген ой менен дон Кихот Санчонун
айтканына макул болду.
Ошентип, камылганын баары тең даяр болгондон кийин, бир күнү түн ичинде эч кимге
айтпай, баарынан жашырын экөө кыштактан чыгып, жол тартышты. Санчо өзүнүн аялы жана
бала-чакасы менен, а дон Кихот болсо кызматчы аял жана жээни менен коштошкон жок. Алар
түн бою, тыным албай жүрүп олтурушту, таң агарып, жерге жарык тийген кезде караса алар
кыштактан аябай алыс узап кетишкен экен, эми артыбыздан куугунчулар болот деп коркушкан
да жок.
Эң сонун ойго чөмүлгөн Санчо Панса сүйүнүп, ээринин үстүндө кекирейип олтуруп
келатат. Дон Кихот женип алып берем деген аралдын тез эле губернатору болсом экен деп
ойлоп коёт. Дон Кихот кокусунан өзүнүн биринчи жолу жолго чыкканында эле тандап алган
Монтел түздүгүн басып өтө турган жолго бурулду. Азыр бул жол менен жүрүү өтө жакшы эле,
анткени күн али эрте, жана күндүн нуру сапар тарткандардын көзүн уялткан жок. Бул жерде
Санчо Панса өзүнүн таксырына мындай деп айтып калды:
— Урматтуу сеньор жортуулдап жүрүүчү рыцарь, арал тууралу берген убадаңызды
унутпаңыз. Ал арал канчалык чоң болсо да, аны башкарууга күчүм келет.
Буга дон Кихот мындай деп жооп берди:
— Досум Санчо Панса, унутпай эстеп койгун, илгерки заманда жортуулдап жүрүүчү
рыцарлар өздөрүнүн ат кошчуларын жеңип алган аралдарын, же королевстволорун бийлөөгө
дайындоо жортуулдап жүрүүчү рыцарлардын көнүмүш адети болуп калган, ошондуктан мен да
алардан үлгү алууга бел байладым. Анысы аз келгенсип, илгерки өткөн заманда жортуулдап
жүрүүчү рыцарлар көп жыл оор кызмат кылгандан кийин гана өзүнүн ат кошчусуңа бир
провинцияны сыйлык кылып берип коюучу экен. Ат кошчулары убада менен берем деген
сыйлыкты күтүп жүрүп картайып да кете турган. Эгер экөөбүз тең тирүү кала турган болсок,
анда жакын күндөрдүн ичинде бир эмес, бир канча королевствону жеңип алышым керек. Мына
ошондо ошол замат эле мен сага ошолордун ичинен эң жакшынакайын берем. Муну бекер
айтып жатат деп ойлобо, жортуулдап жүруүчү рыцарлардын башына нелер келип, нелер
кетпейт, түшүнө кирбей турган укмуштуу окуяларга дуушар болот. Мына ошондуктан, мен сага
берген убадамдан ашык нерселерди сыйлык кылып берем.
— Эгер мен,— деди Санчо,— король болсом, анда менин аялым Тереса Панса жок дегенде
королева, балдарым эрке-талтаң болобу?
— Анда эч кандай шек жок,— деп жооп берди дон Кихот.
— А менин шегим бар,— деди Санчо Панса,— анткени тажысы менен такыр жер жүзүнө
мөндүрдөй жаап турса да, анын бирде бирөө Тереса Пансага чак келбес эле деп ойлойм. Андан
кандай королева чыкмак эле, сеньорум! Эки тыйынчалык баасы жок туруп, кандайча королева
болмок эле. Жараткан алданын жардамы болсо гана, ага графство жарашаар эле дейм.
— Бул жагынан жаратканга сыйын Санчо,— деди дон Кихот,— ага кайсынысы көбүрөөк
жарашса, ошону берет, ал эми өзүң болсоң өзүңдү чүнчүтүп жибербе, губернатордуктан
төмөнкүгө макул болбо.
— Андай деген оюмда жок сеньор,— деп жооп берди Санчо,— менин таксырымдын
күч-кубаттуулугун жана асыл адам экенин билем. Сиз балким ырайымдуулук кылып мага
ылайыктуусун жана өзүмө жарашыктуусун сыйлык кылып бересизго дейм.
7-ГЛАВА. Мында эр жүрөк дон Кихоттун жел тегирмендер менен
болгон мурда кулак угуп, көз көрбөгөн укмуштуу окуялары жөнүндө
баяндалат
Бироокумда алар мейкин талаада турган отуз-кырк чамалуу жел тегирменди көрүп
калышты. Бул тегирмендерди алыстан көрөр замат эле дон Кихот өзүнүн ат кошчусуна:
— Кайрымдуу алда таала, муну биздин ишибиздин ондолушу үчүн жиберип олтурат! Тигил
жакка карачы досум Санчо! Тетиги мейкин түз жерге дөөлөр жайылып алышкан тура. Азыр мен
аларга каршы согушка кирем да, алардын бирин койбой кырам. Алардын колунда сан жеткис
казына бар; аларды жеңгенден кийин биз байып калабыз. Бул адилеттүү согуш, анткени тиги
желмогуздарды жер менен жексен кылып жер жүзүнөн жоюп жиберүү жараткандын өзүнө да
жага турган иш — деди.
— Сиз кайсыларды дөө деп жатасыз? — деп сурады Санчо Панса.
— Тигине, тиги көз алдында көрүнүп турбайбы? — деп жооп берди дон Кихот.—
Көрбөйсүңбү, колдору арбайып-дарбайып турбайбы? Кээ бирөөлөрдүн колдорунун узундугу
эки милге жете берип турбайбы.
— Мага ишенип коюңуз, урматтуу таксыр, тиги тургандар дөө эмес эле, жел тегирмендер.
Ал эми сиз айткандай тиги арбайып тургандары кол эмес эле, ташты кыймылга келтире турган
тегирмендин канаттары.
— Рыцарлардын укмуштуу окуялары жагынан тажрыйбаңын жоктугу дароо эле көрүнүп
турат,— деди дон Кихот.— Тиги тургандар дөөлөр! Эгер коркуп турсаң, тигиндейирээк барып
кудайга жалынып тура бер, а мен өзүм жалгыз болсом да алардын көптүгүнө карабай аларга
каршы айыгышкан согушка кире берем.
Ушул сөздөрдү айтуу менен дон Кихот шпорлорун Росинанттын эки капталына кадап алып,
өзүнүн ат кошчусунун өкүрүп-бакырып айткан сөздөрүнө кулак салбай алга карай чаап жөнөдү.
— Качпагыла, жек көрүмчү шүмшүктөр! — деп кыйкырды ал.— Силер көпсүңөр, бирок
силерге жалгыз гана рыцарь каршы чыгын олтурат!
Нак ошол убакта шамал согуп, тегирмендин калдайган канаттарын айлантып кетти. Мына
муну көргөндөн кийин дон Кихот үнүн дагы катуу чыгарып кыйкырды:
— Мейли колуңар гигант Бриарейдикинен19 да чоң боло берсин, баары бир сазайыңарды
колуңарга берем!
Ошентип жанын өзүнүн айымы Дульсинея Тобосскаясына тапшырып туруп, дон Кихот
тегирмендердин өзүнө жакын турганын качырып барып, күчүнүн бардыгынча анын канатына
найзасын матырып алды.
Бирок ушул кезде, шамалдын катуу эпкини тегирмендин канатын катуу айландырып
жиберди. Найзасы сынды, ал эми рыцарь болсо, ат-маты менен алыс учуп кетти.
Бул окуяны көргөндөн кийин Санчо өзүнүн таксырына жардам берүү үчүн чапкылап жөнөдү.
Тегирмендин канатынын катуу соккусуна эси ооп, кыймылдоого чамасы келбей дон Кихот
жаны чыккан адамча селейип жатып калыптыр.
— Мына көрдүңүзбү таксыр!—деп кыйкырып жиберди Санчо.— Буларды дөө эмес, жел
тегирмен деп айтпай койдум беле. Өз баштары тегирмен болуп жүргөндөр гана мына буларды
көрбөй калышы мүмкүн.
— Үнүңдү бас Санчо досум,—деп жооп берди дон Кихот.—Рыцарлардын иши жагынан сен
эчтеке түшүнбөйсүң. Менин китенканамды бүтүндөй карактап кеткен сыйкырчы Фрестондун
өзүнүн жаңыдан кылган иши экенине ишенем. Менин атак-даңкымды чыгарбас үчүн дөөлөрдү
тегирменге айландырып жиберип олтурат. Анын мага кылган кастыгы өтө зор... Бирок,
чочулабай эле кой! Эртеби, кечпи мен анын сазайын колуна берем.
— Ар кандай иш болушу мүмкүн,— деп анын сөзүн жөнөттү Санчо Панса. Анан жерден
өйдө туруп, Росинантка минүүгө дон Дихотко жардам берди, анткени бул сыйкырдуу дөөлөргө
каршы салгылашууда анын эки алдыңкы буту чыгып кете жаздаптыр.
Биздин рыцарь менен өзүнүн ишенимдүү ат кошчусу экөө бул укмуштуу окуя жөнүндө
маектешип, андан ары бастырып кетишти.
— Баарынан да,— деди дон Кихот,— найзаман ажыраганыма ичим күйөт. Бирок,
Испаниянын бир рыдары, аты-жөнүн айтканда Диэго Перес де Варгас мына ошол жөнүндөгү
аңгемени эске түшүрүп, көңүл бурам; салгылашуу убагында бул рыцардын найзасы сынып
калат; бирок ал эмендин жоон бутагын сындырып союл кылып алат, мына ошол союл менен
көп эрдикти көрсөтүп, эң көп маврларды кыйраткандыктан, ал чоң союл—Варгас—деп аталып
кетиптир. Ошентип, мен да Варгастын жолуна түшөм да, жолдон кезиккен биринчи эле
эмендин жоон бутагын сындырып алам. Ошол бутак менен мен эн маанилүү иштерди иштеп,
эрдикти көрсөтөм, вденин ошол иштеримди көрүп тургандыгың үчүн сен бактылуусуң!
— Баары тең алда тааланын эрки менен болот,— деп жооп берди Санчо,— мен сиздин
айткандарыңыздын баарына тең ишенем. Бирок, ээрге бекемирээк олтурунузчу, урматтуу
таксыр, болбосо сиз такыр эле ооп баратасыз, кебетеси жана жыгылганыңызда этиңиз ооруп
калган көрүнөт.
— Ооба мунуң чындык,—деди дон Кихот,— ооруган жеримди айтпай келатканымдын
себеби бар, жортуулдап жүрүүчү рыцарлар жараты гана эмес, ичек-карды аңтарылып түшүп
калган күндө да ооруган жерин айтып онтоого акысы жок.
— Эгер андай болсо, ага каршы айтар сөзүм жок,— деп жооп берди Санчо.—Ал эми мен
болсом андай эмесмин, рыцарлардын эрежеси жортуулдап жүрүүчү рыцарлардын ат
кошчуларына да ооруган жерин айтып бакырууга тыюу салбай турган болсо, анда мен бир
жеримди чийип эле кетсе болду, өкүрүп-бакырып жиберем.
Дон Кихот Санчонун ак көңүлдүгүнө күлүп, анан: Ат кошчулар ооруган жерин айтып
онтобосун деген эрежени рыцарлардын романдарынан кезиктирген жокмун,— деди. Мына
ошондуктан Санчо кудурети жеткенче өкүрүп-бакырса да, ооруган жерин айтып онтолосо да
болот.
Ошол кезде Санчо күндүн көзүнө карап туруп, бир аз шам-шум этип алсак жаман болбос
эле деди.
Мен ачка болгон жокмун, эгер тамак жегиң келсе, анда уялбай эле жей бер,— деди дон
Кихот.
Таксыры руксат бергенден кийин, Санчо эшегинин үстүнө жайланып отуруп алып,
куржунунан тамак-ашын алып жей баштады. Ал тамагын чайнап туруп, жуткан сайын анын
артынан чаначтан вино куюп алып кылкылдатып жутуп жиберип жатты, кандай гана
мейманкананын кожоюну көрсө да буга суктанаар эле. Санчо илкип, калкып бастырып,
винодон улам ичип коюп, өтө коркунучтуу болсо да, укмуштуу окуяларды издөө азап эмес,
өзүнчө эле бир жыргал турбайбы — деп ой жүгүртүп келатты.
Ошол убакта каш карайып, жер бети караңгы болду, ошентип биздин жолоочуларыбыз
жолдон мындай бурулуп, түнөмөкчү болушту. Дон Кихот жакын турган жыгачтын жоон
бутагын сындырып алып, анын учуна сынган найзанын темирин кийгизип бекитип койду.
Өзүнүн сүйгөн романдарынын даңктуу геройлорун туурап дон Кихот түн бою кирпик көзүн
какпай, өзүнүн асылкеч айымы Дульсинея жөнүндө ой жүгүртмөкчү болду.
Ал эми Санчо болсо, тамакты тоё жеп алып, таң атканча тырп этпей уктады. Эгер аны дон
Кихот ойготпосо, анда ал бетине тийген күндүн нурунан да, жаңы күндү кубаныч менен
куттуктап жаткан сан жеткис канаттуу куштардын сайраганынан да ойгонбойт болучу. Ал
ыргып тура калып адегенде эле чаначка асылды, андагы винонун бир топ азайып калганын
көрүп, өтө кайгырды. Мунун ордун жакында толтура албаймго деп коркту.
Бирок дон Кихот эртең мененки тамактан да ичкен жок, анткени биз жогоруда айткандай
таттуу кыялга тоюп жүрө берген.
Алар андан ары бастырып олтурушуп, Пуэтро Лаписе капчыгайын көздөй бет алышты,
ошентип саат үчтө ага жетип барышты.
— Тууганым Санчо, мына ушул жерде,— деди дон Кихот,— бизди мындан мурда болуп
көрбөгөн укмуштуу бир окуя күтүп турат. Бирок муну унутпа: менин башыма кандай гана
коркунуч келбесин, сен мени коргойм деп кылычынды кынынан сууруп алба. Кайдан-жайдан
кошулган, сенделип жүргөн кишилер өзүнүн таксырына жабылып кол салган кезде гана ат
кошчунун жардам этишине руксат берилет. Бирок, алар рыцарь болсо, анда рыцарлардын
закону боюнча, азырынча өзүң рыцарь деген атакты албагандан кийин аларга каршы согушка
кирүүгө катуу тыюу салынат.
— Сеньор ага кадырыңыз жан болсун,— деп жооп берди Санчо,— мен сиздин
буйругуңузду эки кылбайм; мен туулгандан жоош болуп жаралыптырмын, ошондуктан
мушташка эч убакта биринчи болуп кирбейм. Бирок чынын айтып коёюн, эгер өз башымды
сактоого туура келсе, анда мен рыцарлардын эч бир законуна карабайм, алымын келишинче
мага катылган кишилердин катыгын берем.
— Ал сенин ишиң,— деди дон Кихот.— Мен сени эскертип коёюн дедим эле. Мен
рыцарлар менен кармашканымда эч убакта кийлигишүүчү болбо. Өзүңдүн ачууңду басып,
эрдигиңди көрсөтпөй жөн тур.
— Бул жагынан кадырыңыз жан болсун таксыр. Жекшемби күндү майрамдоо биздин
мойнубуздагы парыз сыяктуу эле, сиздин буйругуңузду да нак ошондой орундайм.
8-ГЛАВА. Мында баатыр бискайлык менен эр жүрөк Ламанчский
экөөнүн ортосунда болгон даңктуу уруш жөнүндө баяндалат
Экөө бул аңгемени айтып, маектешип келаткан кезде жолдон бенедиктиндик20 эки сопу
көрүндү. Алар чоң качырларды минип алышкан экен, алыстан көргөн киши качырларды төө
деп ойлой турган. Мээ кайнаткан ысыктын жана чаңдын айынан чатырларды жайып
төбөлөрүнө калдайтып кармап алып, жолго чыкканда тартынуучу көз айнектерин тартынып
алышыптыр. Сопулардын артынан, төрт же беш салт атчан жана качыр айдоочу эки жөө киши
курчап алган эки ат чегилген чүмбөттөлгөн араба бараткан экен. (Кийин чүмбөттөлгөн
арабанын ичиндеги киши, Севильядагы эрине бараткан аял болуп чыкты). Сопуларды көрөр
замат эле дон Кихот өзүнүн ат кошчусуна мындай деп кыйкырды:
— Тууганым Санчо, биз эң сонун укмуштуу окуяга туш келгени жатабыз. Тетиги кара
кийинип алышкан атчандар, падышанын кызын уурдап келаткан карасанатай сыйкырчылар
экендигинде шек жок, бирок ал кызды кайда алып барарын бир кудай өзү билет. Бирок, кандай
гана болбосун мен алардын арам ойлорун бузуп, ташын талкан кылышым керек.
— Байкаңыз таксыр, бир балээге туш келип, чаташып калып жүрбөңүз,— деп жооп берди
Санчо Панса. —Тиги кара кийинип алышкан атчан адамдар тим өзүнчө жүргөн бенедиктинин
сопулары. Ал эми чүмбөттөлгөн арабада бараткандар жолоочу болушу керек. Сабыр кылыңыз
сеньор! Эмне кылып жатканыңызды жакшылап ойлоп көрүңүзчү!
— Рыцарлардын укмуштуу окуялары жагынан эчтеке түшүнбөй турганыңды мен сага
айтпадым беле, Санчо. Бирок, сен мени алдай албайсың!
Ушул сөздөрдү айтуу менен дон Кихот алга карай чаап жөнөдү, айткан сөздөрү сопуларга
угула турган жерге келгенде Росинанттын оозун тартып, анан ачуулу үн менен төмөнкүдөй деп
кыйкырып жиберди:
— Эй, тозок отуна күйгөн карасанатайлар, мына бул силер уурдап келаткан падышанын
кызын токтоосуз бошоткула, эгер андай болбосо, анда менин колумдан каза табууга
даярдангыла, анткени силердин кылык-жоругуңарга мына ушул татыктуу жаза болуп
эсептелет!
Дон Кихоттун киши коркорлук түрүн көрүп жана сандырактап айткан сөздөрүн угуп
сопулар качырларынын тизгинин тартып, токтоп калышты. Аң-таң болуп карап калышты да,
анан мындай дешти:
— Сеньор рыцарь, биз сиз ойлогон тозоктун отуна күйгөн карасанатайлар эмеспиз, биз
касиеттүү Бенедикти коомунун сопуларыбыз. Биз өз ишибиз менен саякаттап жүргөн
жолоочубуз. Ал эми бул чүмбөттөлгөн арабанын ичинде ким баратканын жана кимди алып
бараткандыгын биз билбейбиз.
— Жок, силер мени такыр алдай албайсыңар! Калпычылар мен силерди билем,— деп
кыйкырды дон Кихот.
Ошентти да алардан жооп күтпөстөн Росинанттын эки капталына шпорун кадап туруп,
найзасын сунуп каарын төгүп, сопулардын бирин качырып сала берди, эгер ал өзүнөн өзү жерге
кулап түшпөсө, анда аны дон Кихот ээрден жыга сайып катуу жарадар кылат эле, же өлтүрүп
коёт болучу.
Сопунун жерде жатканын көрүп Санчо эшегинен секирип түшүп анын жанына чуркап
барып, чапанын чечип ала баштады. Сопуларды узатып бараткан эки кызматкер ачууланып
келип Санчого жабышты. Рыцарлардын закондору боюнча таксырым жеңип берген олжону
алууга акылуумун деп Санчо аларга бекер эле кыйкырды. Анткени сопулардын кызматкерлери
рыцарлардын закондорун кайдан билсин. Дон Кихот алар жакты карабай. саякаттап бараткан
аял менен сүйлөшүп калганын көргөндөн кийин кызматкерлер Санчону жерге жыгып алышып,
аны өлөрчө кылып сабап салышты. Ошол кезде өлөрчө коркуп калган сопу ордунан туруп,
качырын минген бойдон алыс барып күтүп турган жолдошун көздөй чапкылап жөнөдү. Анан
Бенедиктик эки адам бул укмуштуу окуянын эмне болуп бүтөрүн күтпөстөн, келмелерин
келтирип чокунуп туруп, артынан жин-перинин өзү кууп келаткансып алды-артына карабай
качып жөнөштү.
Ощол кезде дон Кихот чүмбөттөлгөн арабадагы аялга төмөнкүдөй сөз сүйлөп кайрылды:
— Урматтуу сулуу,— деп баштады ал,— эми сиздйн колу-жолуңуз бош, кайда барсаңыз өз
эркиңиз, анткени сизди уурдап бараткандардын арамза иштери менин күч-кубаттуу колумдан
катуу сокку алды, ташыталкан болду. Бирок, сизди туткундан куткарып калган кишинин атыжөнүн билип калышыңыз керек. Мен дон Кихот Ламанчскиймин, ченде жок, укмуштуу сулуу
Дульсинея Тобосскаяга жанымды курман кылып, жортуулдап жүргөн рыцармын. Кылган
кызматымдын акысы үчүн, сизден бир гана нерсени өтүнөм: Тобосону көздөй жөнөңүз да,
менин асылкечимдин алдына барып, мага эркиндик берген дон Кихот болду деңиз.
Бискайда21 туулган, чүмбөттөлгөн арабаны узатып бараткан ат багуучулардын бири, дон
Кихоттун кайра артка кайрылып Тобосого баргыла деп талап кылып жатканын уккандан кийин,
анын жанына бастырып келди да найзасын шап кармап туруп, Испаниянын тилинде булдурады:
Жогол, рыцарь көзгө көрүнбөй, жогол! Арабаны токтотпой коё бер, болбосо, башыңды
жулуп албасам мен бискайлык болбой эле калайын,— деп кыйкырды.
Дон Кихот анын айтканына эң жакшы түшүндү да, аябай кекирейип туруп:
— Эй, шордуу неме! Эгер сен кызматкер эмес, рыцарь болсоң, анда мен сенин жаныңды
көзүңө көрсөтөт элем,— деди.
Бирок аябай жинденген бискайлык мындай деп кыйкырды:
Мен эмне рыцарь эмес бекемин! Кудай акы сен калп айтып жатасың! Найзаны таштап,
кылычыңды ал. Мен—бискайлыкмын, деңиздин да, жердин да идальгосумун. Рыцарь же
рыцарь эмес экеними азыр көзүңө көрсөтөм.
Бул каардуу сөздөргө дон Кихоттун жини келип, каарданды.
— О, менин жүрөгүмдүн падышасы, сулуулардын гүлү Дульсинея сен үчүн, сенин
жыргалың үчүн айыгышкан урушка түшкөнү жаткан рыцарыңа жардам бер.
Ошентип туруп ал найзасын жерге ыргытып жиберип, кылычын кынынан сууруп алып,
буркан-шаркан түшүп бискайлык адамды көздөй умтулду. Бирок бискайлык адам мындан
корккон жок. Көз ачып жумгуча ал жанында турган арабадан бир жаздыкты ала коюп калканч
сыяктуу бетин калкалап, душмандын келишин күтүп ордунан жылбай тура берди.
Ошоердегилер дым дебей бул адам корко турган салгылашууну карап турушту. Чүмбөттөлгөн
арабадагы аял жана анын кызматчы аялдары, өз кишилерине жардам тилешип, бүткүл
олуяларды чакырып, келме келтирип, кудайга сыйына башташты.
Жини кайнаган бискайлык биринчи болуп кол салды. Ал өзүнүн жоосуна өтө каарданып
жана күчүнүн бардыгынча сокку урду, эгер колундагы кылычы бир жагына майтарылып
кетпесе, ал жекеме-жеке ырайымсыз урушта гана эмес, биздин рыцардын мындан ары карай
болчу жоруктарына да балта чапкан болот эле. Жаңы эрдик иштерди көрсөтсүн дегенсип
тагдырдын жазганындай болуп, анын жоосунун колундагы кылыч туура тийбей дон Кихоттун
бир жак ийнине жанып тийди. Бирок дон Кихоттун туулгасы кыйрап, кулагынын учу кесилип
кетти, соотунун сол капталы үзүлүп, калдыр-шалдыр этип барып жерге туштү.
Дон Кихоттун каарын кандай калем сүрөттөп жазаар эле? Жыгылбай, үзөнгүсүн кере
теминип олтуруп алып, кутургандай жинденип барып бискайлыкты баштан ары уруп калды,
анын мурдунан да, оозунан да, кулагынан да кан кетти, эгер ал качырдын жалынан кармап
өбөктөп жатып калбаса ээрден кулап жерге түшөт болчу. Тизгинин коё берди, буттары
үзөнгүдөн чыкты; качыр үрккөн бойдон ай талааны аралап мөңкүп жүрүп олтуруп, акыры
өзүнүн кожоюнун жерге кулатты.
Бискайлык жерге кулап түшкөндөн кийин дон Кихот атынан ыргып түшүп, жүгүргөн
бойдон душмандын жанына барды да, кылычын анын көзүнө көрсөтүп, жанындын тирүү
кезинде багынып бергин деп кыйкырды. Бирок бискайлык эсинен танып калгандыктан оозун
ачып бир ооз да сөз айта албады; каарданган дон Кихот аны аябайт эле, ошондуктан ал өтө
жаман абалга дуушар болот болчу. Бирок, бул байкуштун бактысына жекеме-жеке салгылашуу
кандай болоор экен деп карап турган арабанын ичинде олтурган аял арабадан секирип түшүп
келип, кызматкеринин жанын соогалап биздин рыцарга жалына кетти.
— О, айдай сулуу айым, мен дайыма сиздин кызматыңызга даярмын, —деп өтө кекирейип
жана татыктуулук менен жооп берди дон Кихот,—мен сиздин талабыңызды чын дилим менен
орундайм, бирок мында сиздин алдыңызга бир шарт коём: мына бул жаткан рыцарь Тобосо
селосуна барып, менин атымдан ченде жок сулуу Дульсинеянын тизесине жүгүнөм деп
убадасын берсин, ал эми Дульсинея буга өзү эмне кылам десе өзү билет,—деди.
Эси чыгып коркуп, капаланып калган аял дон Кихоттун эмне жөнүндө өтүнүп жатканына
жакшылап түшүнбөй туруп эле, жана Дульсинеянын ким экенин сурап билбей туруп эле, менин
кызматкерим рыцардын буйругун сөзсүз орундайт,—деп убада берди.
— Мен сиздин убадаңызга ишенем, ошондуктан ал абдан катуу жазага ылайык болсо да,
сиз үчүн кылган күнөөсүн кечейин,—деди дон Кихот.
9-ГЛАВА. Мында дон Кихот менен Санчо Пансанын ортосунда болгон
кызык аңгеме жөнүндө баяндалат
Сопулардын кызматкерлеринен аябай катуу таяк жеген Санчо Панса ошол кезде эптепсептеп жатып өйдө болду да, дон Кихоттун жекеме-жеке чыгып салгылашып жатканына өтө
көңүл коюп тикирейип карап турду. Ал биздин рыцардын жеңишин жана өзүнүн таксырынын
берген убадасы боюнча өзүм губернатор боло турган аралдардын бирин жеңип алуу үчүн кудай
ага жардам бере көр,—деп жалынып-жалбарып тиледи. Салгылашуунун аяктагандыгын жана
Росинантка таксырынын мингени жатканын көрүп, алдына келип тизелеп олтура калып колун
өөп жиберип, мындай деди:
—Дон Кихот таксырым, сиз мына бул айыгышкан катуу согушта женип алган аралга мени
губернатор кылып дайындап коюу сиздин улуу урматыңызга ылайык келет. Ал арал канчалык
чоң болсо да, дүйнө жүзүндөгү губернаторлордун кайсынысынан болсо да кем башкарбайм,
аны өзүм сезип турам.
Буга дон Кихот:
—Тууганым Санчо, эсиңде болсун, жолдун бурулуштарында мындай окуялар жортуулдап
жүрүүчү рыцарларга көп кездешет: сенин башынды жарып, кулагынды кесип ыргытып
жибериши мүмкүн, бирок алар сага андан башка эч нерсе кыла алышпайт. Бир аз чыдасаң
мындан сонун, мындан маанилүү окуялар да болот, мына ошондо мен сени губернатор гана
турсун, андан да чоң орунга коём,—деп жооп берди.
Санчо чоң рахмат айтып, дон Кихоттун колун жана соотунун этегин дагы бир жолу өөп
туруп, Росинантка колтуктап мингизип койду; анан өзүнүн эшегине минип алып, аны ээрчий
бастырды. Дон Кихот коштошууда чүмбөттөлгөн арабада олтурган аялга бир ооз да сөз
айтпастан алга карай таскактатып жөнөдү. Санчо күчүнүн бардыгынча эшегин камчыланып
анын артынан чапкылады, бирок Росинантка жетпей койду. Санчо бат эле артта калды. Артта
калып бараткандан кийин токтоп турсун үчүн өзүнүн таксырына кыйкыра баштады. Санчонун
бул кыйкырыгын уккандан кийин дон Кихот Росинанттын тизгинин тартты. Ага катарлаша
түшкөндө Санчо мындай деди:
— Эмнеси болсо да бир чиркөөгө кирип жашырынып калсак жакшы болоор деп ой кылам
таксыр; анткени азыр эле сиз менен салгылашкан кишиңиз оор жарадар болду, андыктан бул
окуя жөнүндө Санта Эрмандадга22 жеткирип коюшу да мүмкүн. Анда бизди түрмөгө камап
коёт, ошентип биз түрмөдөн кутулуп чыкканыбызча аябай кыйналып калабыз.
— Үнүңдү бас,—деди дон Кихот. —Жортуулдап жүргөн рыцарды жекеме-жеке урушта
жоосун өлтүрүп койгондугу үчүн түрмөгө камаганын уккан эмесмин.
— Өлтүрүп койгондук жөнүндө мен эчтеке билбейм,—деп жооп берди Санчо,—өзүм да
бала болуп башыма жүн чыккандан бери мындай ишти кылып көргөн эмесмин, бирок кара
жолдордо урушту кимдин баштаганын билүүгө Санта Эрмандаддын өтө кызыга турганын мен
жакшы билем.
— Чоочулабай эле кой досум,—деди дон Кихот,—кандай түрмө болсо да мен сени бошотуп
алам. Бирок сен мага чыныңды айтчы: жарык дүйнөдө менден эр жүрөк рыцарды деги бир кезде
көрдүң беле? Кайсы рыцарь болбосун бирөөгө кол салаарда тайманбастыгын, коргонгон кезде
кара көктүк кылып жана сокку тиерде шамдагайлык менен буйт берип кеткенин романдардан
окудуң беле?
— Аныгын айтсам,—деп жооп берди Санчо,—өмүрүмдө эч бир роман окуган эмесмин,
анткени окуганды да, жазганды да билбейм. Мен өзүмдүн өмүрүмдө сизден артык баатыр
таксырга кызмат кылган эмесмин, буга мен башымды сайып коём. Бирок, сиздин көрсөткөн бул
эрдигиңиз үчүн, жанагы мен айткан окчунураак жерде адебиңизди колуңузга алып жүрбөсөңүз
болгону. Ошондой болсо да сиз өзүңүз жөнүндө кам көрүшүңүз керек: анткени сиздин
кулагыңыздан кан катуу агып жатат, а менин баштыгымда байлай турган чүпүрөк жана сүйкөй
турган бир аз ак май бар.
— Мен Фьерабрастын кереметтүү бальзамынын (дарысынын) бир чынысын жасап алууну
билем, ар кандай жаратты айыктырууга анын бир гана тамчысы жетиштүү болот, ошондуктан
анын көп болушунун кереги жок—деп жооп берди дон Кихот.
— Ал бальзам дегениңиз кандай эме!—деп сурады Санчо Панса.
— Ал бальзамдын жасалышын өтө жакшы билем,—деп жооп берди дон Кихот,— сабыр
кыла тур, биринчи эле кыштакка барганыбызда ал дарыны жасап туруп, сага берем. Эгерде бир
кезде согушта күчтүү жоо чыгып мени экиге тең бөлүп жара чаап салса, (жортуулдап жүрүүчү
рыцарлар мындайга туш келе берет) сен анда жерге кулап түшкөн жарым денемди акырын
көтөрүп алып туруп, ээрдин үстүндөгү экинчи жарым денеме данекерле, анан байкагын
бардыгы орду-орду менен келсин. Мына ошондон кийин мага бул бальзамдан эки-үч кылк
эттирип жуткузуп койсоң мен куландан соо болуп тура келем.
— Андай болсо,—деди Санчо,—мага губернаторлуктун кереги жок. Жан-дилим менен
берилип, сиңирген эмгегим үчүн, таксыр ушул укмуштуу дарыңыздын жасоо жолун үйрөтүп
коюңуз,— деп мен сизден бир гана мына ушуну сурайм. Ар качан жана кайсы жерде болсо да,
сиздин бальзамыңыздын бир ичимин эки реалдан, а балким андан да кымбат баага сатууга боло
тургандыгына эч шек кылбайм. Мына ушул эле өзүмдүн өмүрүмдү жакшы жана жай баракат
өткөрүүгө жетишет. Ал дарыны жасоо кымбат болобу, ушуну айтыңызчы?
— Үч реалга үч асумбра даярдоого23 болот,—деп жооп берди дон Кихот.
— Андай болсо эмне карап турасыз таксыр!—деп кыйкырды Санчо.— Эмне үчүн аны
өзүңүз жасабайсыз, эмне үчүн мени үйрөтүп койбойсуз?
— Үнүңдү бас, досум,— деп жооп берди дон Кихот,— мен бул гана эмес, мындан башка
нерселердин да сырларын ачып берем жана эң сонун нерселерди үстүңө үйүп салам. Ал эми
менин кулагымдын ооруганын басалы, анткени менин оюмдагыдай болбой катуу ооруп баратат.
Санчо баштыгынан жара таңа турган чүпүрөк жана сүйкөй турган дары алып чыкты. Бирок
дон Кихот туулгасын алгандан кийин, анын тамтыгы чыкканын көрүп, аз жерден эстен танып
кете жаздады. Колун кылычынын үстүнө коюп жана асманга акырая карап туруп, төмөнкүдөй
деди:
— Өзүнүн жээни Балдуиндин өлүмү үчүн өч алууга шерт кылган күндөн тартып улуу
маркиз Мантуанский кандай турмушту башынан өткөргөн болсо, бүгүнкү күндөн баштап мен
да нак ошондой турмушту башымдан өткөрүүгө жарык дүйнөнү жаратканга жана төрт
периштеге ант берем; Мени ушунчалык маскаралаган кишиден өч алганча ак дастаркондон нан
жебеске, үйдүн ичинде жатып уктабаска, үстүмдөгү соотумду чечпөөго жана үйүмө кайта
кайтып барбоого ант берем.
Дон Кихоттун бул сөздөрүн угуп туруп, Санчо сөз сүйлөдү:
— Сиз эмне деп жатасыз урматтуу таксыр дон Кихот! Эгер сиздин жеңген рыцарыңыз
сиздин буйругуңузду орундатып, сизден салам айтып Дульсинея Тобосскаяны көздөй
кетпедиби, демек сиздин алдыңызда ал өзүнүн күнөөсүн актады, жана ал башка кылмыш
кылмайынча жаңы жаза тартууга акысы жок.
— Сен туура айтасың,—деп жооп кайтарды дон Кихот.—Мен да ал рыцардан өч алгым
келбейт. Бирок, мына ушундай эң сонун туулганы күч менен зордук кылып башка бир
рыцардан тартып алмайынча берген антымдан кайтпайм. Ошентип, менин сөздөрүмдү желге
сүйлөнүп жаткан сөз деп, ойлобогун Санчо. Анткени мен улуу адамдардын ишинен үлгү алып
айтып жатам: Мамбриндин туулгасы да нак ушундай болгон, бирок ал үчүн Сакрипант катуу
жаза тартты.
— Урматтуу таксыр ушул шертиңиздин баарын коюңузчу, аларыңыз куруп кетсин!—деп
үнүн бийик чыгарды Санчо.—Сиздин берген антыңыздын баары тең саламаттыгыңызга зыян
келтирип жана ар-намысты жоготот. Эгер биз туулгасы бар кишини көпкө чейин кезиктире
албасак, анда кантебиз? Анда сиз эмне кыласыз? Сиз өзүңүздүн берген антыңызды сөзсүз
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Шумдуктуу Идальго Дон Кихот Ламанчский - 05