Latin

Шумдуктуу Идальго Дон Кихот Ламанчский - 01

Total number of words is 3820
Total number of unique words is 1852
27.2 of words are in the 2000 most common words
39.3 of words are in the 5000 most common words
44.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
МАЗМУНУ
1-ГЛАВА. Мында дон Кихот Ламанчскийдин ким болгондугу жөнүндө баяндалат
2-ГЛАВА. Мында өзүнүн ээлеп турган жеринен дон Кихоттун биринчи жолу сапар
чеккендиги жөнүндө баяндалат
3-ГЛАВА. Мында дон Кихоттун кантип рыцарь болуп жарыялангандыгы жөнүндө
баяндалат
4-ГЛАВА. Мында мейманканадан чыгып кеткенден кийин биздин ыцардын башынан
өткөн окуялар жөнүндө баяндалат
5-ГЛАВА. Биздин рыцардын үйүнө кайта келгендиги жөнүндө баяндалат
6-ГЛАВА. Мында биздин кайрымдуу рыцарыбыз дон Кихот Ламанчскийдин үйүнөн
экинчи жолу сапар тарткандыгы жөнүндө баяндалат
7-ГЛАВА. Мында эр жүрөк дон Кихоттун жел тегирмендер менен болгон мурда кулак
угуп, көз көрбөгөн укмуштуу окуялары жөнүндө баяндалат
8-ГЛАВА. Мында баатыр бискайлык менен эр жүрөк Ламанчский экөөнүн ортосунда
болгон даңктуу уруш жөнүндө баяндалат
9-ГЛАВА. Мында дон Кихот менен Санчо Пансанын ортосунда болгон кызык аңгеме
жөнүндө баяндалат
10-ГЛАВА. Мында Янгуэс жылкычылары менен кездешкенде дон Кихоттун балээге
учурагандыгы жөнүндө баяндалат
11-ГЛАВА. Мында рыцарь сепил деп ойлогон мейманканада дон Кихот менен
ишенимдүү ат кошчусунун эмне болгондугу жөнүндө баяндалат
12-ГЛАВА. Мында өз шору үчүн сепил деп ойлогон мейманканада эр жүрөк дон Кихот
менен анын ишенимдүү ат кошчусу экөөнүн мындан ары карай баштарынан өткөргөн сан
жеткис кыйынчылыктары жөнүндө баяндалат
13-ГЛАВА. Мында бир короо кой менен дон Кихоттун кантип салгылашкандыгы
жөнүндө баяндалат
14-ГЛАВА. Мында Санчо Панса менен анын таксырынын ортосундагы кыл-эстүү аңгеме
жөнүндө жана өлүк дене менен болгон андан кийинки укмуштуу окуя жөнүндө баяндалат
15-ГЛАВА. Мында эр жүрөк рыцарь дон Кихот Ламанчскийдин кулак угуп, көз көрбөгөн
эрдиги жөнүндө баяндалат
16-ГЛАВА. Мында укмуштуу улуу окуя жөнүндө, Мамбриндин кымбат баалуу туулгасын
жеңип алгандыгы жөнүндө жана рыцарь менен ат кошчу экөөнүн ортосунда болгон аңгеме
жөнүндө баяндалат
17-ГЛАВА. Мында зордук-зомбулук менен сүргүнгө айдалып бараткан бир топ байкушту
дон Кихоттун туткундан куткарып, аларга эркиндик бергендиги жөнүндө баяндалат
18-ГЛАВА. Мында Санчонун сур эшегин Хинес де Пасамонтенин кантип уурдап
кеткендиги жөнүндө баяндалат
19-ГЛАВА. Мында Капалуу Сулууну туурап дон Кихоттун өзүн-өзү жазалагандыгы
жөнүндө жана Дульсинея Тобосскаяга элчи жибергендиги жөнүндө баяндалат
20-ГЛАВА. Мында дон Кихоттун Сиерра Морена капчыгайындагы көрсөткөн эрдиги
жана Санчо Пансанын эмне болгондугу баяндалат
21-ГЛАВА. Мында өзүнө-өзү тилеп алган азап-тозоктон дон Кихоттун кандайча жол
менен кутулгандыгы баяндалат
22-ГЛАВА. Мында суйкайган сулуу Доротеянын акылдуулугу жөнүндө жана Санчо
Пансанын эшегинин кантип табылгандыгы жөнүндө баяндалат
23-ГЛАВА. Мында рыцарь өзүнүн ат кошчусу менен аңгемелешкендиги жөнүндө жана
Андрес деген балага кезиккендиктери жөнүндө баяндалат
24-ГЛАВА. Мында дон Кихот кызыл винонун чаначына каршы кантип салгылашкандыгы
жөнүндө баяндалат
25-ГЛАВА. Мында согуш иши жана илим жөнүндө дон Кихоттун адам кызыгарлык
сүйлөгөн сөзү жөнүндө баяндалат
26-ГЛАВА. Мында мейманканада болгон кулак угуп, көз көрбөгөн окуя жөнүндө
баяндалат
27-ГЛАВА. Мында мейманканада кулак угуп, көз көрбөгөн окуялар жөнүндөгү аңгеме
уланат
28-ГЛАВА. Мында дон Кихот Ламанчский болуп көрбөгөн жол менен кандайча
сыйкырлангандыгы жөнүндө баяндалат
29-ГЛАВА. Мында Санчо Панса менен анын таксыры дон Кихот экөөнүн ортосунда
болгон акылдуу аңгеме жөнүндө жана дон Кихот менен чиркөө кызматчысы экөөнүн
ортосундагы акылга сыя турган талаш жөнүндө баяндалат
30-ГЛАВА. Мында койчу менен жолуккандык жөнүндө, аза күтүп бараткан чиркөөнүн
адамдары менен болгон окуя жөнүндө жана дон Кихоттун үйүнө кайта кайтып келгендиги
жөнүндө баяндалат
31-ГЛАВА. Мында рыцарь ооруп калган кезде поп, чач тарач жана дон Кихот үчөөнүн
ортосунда эмне болгондугу жөнүндө баяндалат
32-ГЛАВА. Мында дон Кихоттун жээни менен кызматкер аялы экөөнүн Санчо Панса
менен чатакташкандыгы жөнүндө баяндалат
33-ГЛАВА. Мында дон Кихот, Санчо Панса жана баккалавр Самсон Карраско үчөөнүн
ортосунда болгон аңгеме жөнүндө баяндалат
34-ГЛАВА. Мында Санчо Панса менен анын аялы Тереса Панса экөөнүн ортосунда
болгон кызык аңгеме жөнүндө баяндалат
35-ГЛАВА. Мында ушул тарыхтын ичиндеги эң маанилүү главалардын бири —дон
Кихот, анын жээни жана кызматкер аялы үчөөнүн ортосунда болгон аңгеме жөнүндө баяндалат
З6-ГЛАВА. Мында дон Кихот менен Санчо Панса экөөнүн ортосунда эмне болгондугу
жөнүндө жана башка таң каларлык окуялар жөнүндө баяндалат
37-ГЛАВА. Мында Санчо айла-амал менен асылкеч Дульсинеяны кандайча кылып
сыйкырлагандыгы жөнүндө баяндалат
38-ГЛАВА. Мында дон Кихоттун эр жүрөк рыцарь менен кездешкендиги жөнүндө жана
ат кошчу эки жигиттин өз ара ыракаттанып аңгемелешкендиги жөнүндө баяндалат
39-ГЛАВА. Мында белгисиз рыцарь менен анын ат кошчу жйгити экөөнун ким экендиги
аныкталат
40-ГЛ АВ А. Мында арстандар менен кездешкенде дон Кихоттун кулак угуп, көз көрбөгөн
эрдик көрсөткөндүгү жөнүндө баяндалат
41-ГЛАВА. Мында ламанчанын нак чордонунан орун алган монтесинос үңкүрүндө
болгон зор окуя жөнүндө баяндалат
42-ГЛАВА. Мында куурчак театры жөнүндөгү кызык окуя жөнүндө жана алдын-ала
айтып берүүчү маймылдын көзгө көрүнөрлүк көзү ачыктык кылгандыгы жөнүндө баяндалат
43-ГЛАВА. Мында жоголгон эшекти эки достун кантип издеп жүргөндүгү жөнүндө
баяндалат
44-ГЛАВА. Мында сыйкырланган кайык менен болгон даңктуу окуя жөнүндө баяндалат
45-ГЛАВА. Мында дон Кихоттун айдай сулуу аңчы аял менен кездешкендиги жөнүндө
баяндалат
46-ГЛАВА. Мында дон Кихотту жана анын ат кошчусун герцогдун сепилинде кандайча
кабыл алгандыгы жөнүндө баяндалат
47-ГЛАВА. Мында Дульсинея Тобосскаяны кайтадан калыбына келтирүү жолу кантип
табылгандыгы жөнүндө баяндалат
48-ГЛАВА. Мында Долорида деген кыздын же графиня Трифальдинин кулак угуп, көз
көрбөгөн укмуштуу окуясы жөнүндө, ошондой эле өзүнүн аялы Тереса Пансага Санчонун
жазган каты жөнүндө баяндалат
49-ГЛАВА. Мында Санчо Панса аралды башкарууга жөнөрдүн алдында дон Кихоттун ага
айткан акыл-насааты жөнүндө баяндалат
50-ГЛАВА. Мында Санчонун губернатордук такгыга олтургандыгы жана аралды
кандайча башкаргандыгы жөнүндө баяндалат
51-ГЛАВА. Мында герцогинянын кызматчы жигити Санчо Пансанын аялы Тереса
Пансага кат алып баргандыгы жөнүндө баяндалат
52-ГЛАВА. Мында Баратария аралын Санчонун андан ары башкаргандыгы жөнүндө жана
анын губернаторлугунун кайгылуу болуп аяктагандыгы жөнүндө баяндалат
53-ГЛАВА. Мында Санчо Панса өзүнүн таксырына кантип жолуккандыгы жөнүндө жана
герцогдун сепилинен экөөнүн кантип кеткендиги жөнүндө баяндалат
54-ГЛАВА. Мында Дон Кихоттун Барселонага бараткан жолундагы башынан өткөргөн
окуялары жөнүндө баяндалат
55-ГЛАВА. Мында дон Кихоттун Ай Нуру деген рыцарь менен кездешкендиги жөнүндө
жана андан кийин эмне болгондугу жөнүндө баяндалат
56-ГЛАВА. Мында дон Кихот менен Санчо Пансанын өздөрүнүн кыштагын көздөй кетип
бараткан жолдо болгон окуя жөнүндө баяндалат
57-ГЛАВА. Мында өзүнүн туулуп-өскөн жерине дон Кихоттун кантип келгендиги
жөнүндө, жана да ооругандыгы, мурас кагазы жана өлүмү жөнүндө баяндалат

 
ЭСКЕРТҮҮЛӨР
Түзгөн Б. М. Энгельгардт
1 Идальго — жери аз дворянин. Маврларга каршы катуу күрөштүн доорунда (XI—XVI
кылымдарда) майда дворяндар Испаниянын турмушунда көрүнүктүү ролду ойногон. Негизинен
Испанияны чет элдиктерден бошотуу үчүн алардан өз ыктыяры менен солдаттар алынган,
ошонун натыйжасында, бул дворяндар жеңип алган жерлерге бекем орношуп алышкан. Бирок
XV жана XVI кылымдарда, королдун бийлиги күчөгөн кезде, дворяндардын бул тобу бара-бара
королдун армиясынын карапайым кызматчыларына шаардык төрөлөргө жана королдун ак
сарайларындагы майда-чүйдө кызматкерлерге айланып кетишкен. XV кылымдын акырында
башталган чарбанын капиталисттик формаларын көздөй бурулушу жана биринчи зарыл болгон
нерселерге баанын тыным албай өсүшү майда дворяндарды бара-бара толук жакырданууга
алып келди. Сервантестин убагында өзүнүн акыркы алакандай жеринен айрылган жакырланган
идальго Испаниянын турмушун мүнөздөгөн адам болгон.
2 Амадис Галльский — бөтөнчө XVI кылымда Испанияда атагы чыккан рыцардык
романдын герою. Бул романдын мааниси башынан аягына чейин эле фантазия. Англиянын
принцессасы Элизена уул тууйт. Уулун никесиз тууп койгондугуна уялып, баласын деңизге
алпарып ыргытып жиберет. Белгисиз бир рыцарь баланы аман сактап калат да, аны
Шотландияга алып кетет. Амадис чоңойгондон кийин король Лизуартанын кызы ченде жок
сулуу Ориананага ашык болот. Амадис орианаданы өзүнө ашык кылыш үчүн Европаны
кыдырып жортуулдайт, сырдуу, сыйкырдуу өлкөлөргө туш келет, дөөлөргө, сыйкырчыларга
жана көз байлоочуларга каршы салгылашат жана башка миң-сандагая эрдик иштерди иштейт.
Роман Амадистин жеңиши менен аяктайт, өзүнүн ашыгы, айдай сулуу Орианасына үйлөнөт.
Романдын геройлорунун баары тең ойдон чыгарылган; башынан аягына чейин эле окуянын
кайсы өлкөдө болуп жатканын түшүнүү кыйын; анын үстүнө ал окуялардын кайсы кылымда
болгонун билүү андан бетер кыйын. Бирок романдын автору тарыхый чындык жөнүндө ойлоп
да койгон эмес. Анын башкы максаты— романдагы рыцарды баатыр, айкөл, кичипейил ошону
менен катар чебер, күч-кубаттуу жана каардуу кылып көрсөтүү болгон.
3 «Англиянын Пальмерини» деген романы —«Амадис Галльскийди» туурап
жазган романдардын ичинен эң мыктысы. Пальмерин англиянын королу дон Дуэртенин
(Эдуарддын) уулу. Ашыра сыпайы кавалердин идеалы болгон өзүнүн бир тууганы Флориан
менен бирге ашык болгон айымы үчүн сан жеткис эрдикти кылат, Делиант деген күч-кубаттуу
сыйкырчыны жеңет, сыйкырдуу аралга жана башка дагы ушу сыяктууларга туш келет.
Пальмериндин «Амадис Галльскийден» айырмасы мындай, романдагы окуялардын көбү
англиянын хроникасынан жана байыркы тарыхый окуялардан алынган.
4 Сид Кампеадор («Сид»—арабча «сеид»деген сөз; таксыр, бийлөөчү дегенди
билдирет; кампеадор испанча — баатыр, жоокер деген сөз) XI кылымдын экинчи жарымында
жашаган Испаниянын легендарлуу баатыры. Анын өзүнүн анык аты Рюи Диас Бивар. Сид эң
сонун полководец болгон, жана Кастилиянын, Леондун, Арагондун королдорунун аскерлеринде
көпкө чейин кызмат кылып, алардын өз ара кан төгүлгөн согуштарына катышкан адам. Сид
бөтөнчө маврларга каршы согушта Валенсияны тартып алып, атак-даңкы чыккан. Сиддин атын
атаган эң көп жомоктор чыккан, ал жомоктор сан жеткис романс жана поэма болуп биздин
күнгө чейин жетти.
5 Ронсеваль капчыгайындагы салгылашуу. Карл Великий Испаниянын чоң казатынан
кайтып келаткан кезде (778-жылы) анын армиясынын алды Ронсеваль капчыгайында
душмандын аскерине кез келет да, баары тең кырылып калат. Бул согушта Карлдын эң жакын
кол башчыларынын бири—Хруадланд (Ролан) курман болот. Бул окуя Испаниянын эпосу —
«Роланд жөнүндө ыр» деген атактуу чыгармада ырдалат. Бернард де Карпио—Испаниянын
орто кылымдагы эпосунун герою.
6 Буцефал — Македониянын падышасы жана байыркы замандын даңкы таш жарган
полководеци Александр Великийдин (биздин доорубузга чейинки 356-жана 323-жылдарда) аты.
Буцефал согуштун ызы-чуусунан үркчү эмес, ал калың душмандын ичине кирип барып, ачуулу,
күч-кубаттуулугу жана чыдамкайлыгы жагынан көзгө көрүнгөн; ал ат кан төгүлгөн бир жолку
согушта өлөт, мына ошол убакка чейин ал өзүнүн ээсине көп жыл бою адал эмгек кылат.
Александр өзүнүн атынын өлүгүн шаан-шөкөт менен көмдүрөт да, анын мүрзөсүнүн
айланасына бүтүндөй бир шаар салдырып, ал шаарга Буцефалдын атын коёт.
7 Сиддин Бабьеги — сан жеткис көп романстарда ырдалып, атагы чыгып жүргөн
баатыр Сиддин аты. Сиддин аты Буцефал сыяктуу эле абдан күлүк, күчтүү жана чыдамкай
болгон, ал өзүнүн ээсин маврларга каршы согушта бир эмес, бир нече жолу аман алып калган.
8 Феб — байыркы гректердин күнүнүн, жарык дүйнөнүн кудайы.
9 Паладин. Карл Великийдин (VIII кылымдын аягы X кылымдын башы) ак сарайында
өзү менен бирге жашап турган атактуу жанжөкөрлөрүн (латынча дворец—рашит деп аталат)
жана императорду казаттарга узатып чыккандарды адегенде паладин аташчу. Кийинчерээк ар
бир эле атактуу жана эр жүрөк рыцарды паладин деп атай турган болушту.
10 Рыцарь болуп жарыялануу. Рыцарь болуп жарыялакуунун чыныгы ырым-жырымын
Сервантес кызык кылып мыскылдаган. Рыцарчылык гүлдөп турган доордо (XI—XII
кылымдарда) бул ырымжырым шаан-шөкөт менен салтанаттуу өткөрүлүп турган. Рыцарлыкка
жарыялана турган ар бир адам, рыцарь болуп жарыялануунун алдында чиркөөдө түн бою
өзүнүн курал-жарагын күзөтүп чыгууга милдеттүү болгон. Эртеси жерге жарык киргенде бул
курал-жарактын максатын айтып түшүндүрө турган. Жаңы рыцарь ал курал-жарактын жанында
туруп, рыцарчылыктын закондорун жана эрежелерин бузбай сактайм деп салтанаттуу түрдө ант
бере турган. Анан кийин жоокерлик иште атакдаңкы чыккан жана көптү көргөн бир рыцарь
кылычты колуна алып, рыцарь болуп жарыялануучу адамды сол жак далыга үч чаап туруп:
«Сени рыцарь кылып жарыялайм» деп сөз сүйлөй турган. Ушуну менен ырым-жырым аяктаган.
Рыцарь болуп жарыяланган адамдын белине кылычын байлап, өтүгүнө алтын шпорлорду тагып
туруп, анан ырым-жырымга катышкандардын бардыгы тең жаңы рыцардын урматына арналган
тойду көздөй жөнөчү экен.
11 реал (геа1 1е рlаtа, 68 мраведис) төрт куартого татый турган жыйырма тыйынга жакын
баасы бар акча.
12 Маркиз Монтуанский жана анын иниси рыцарь Болдуин жөнүндөгү эски романс
Испанияда абдан зор ийгиликке ээ болгон.
13 Лиценциат — окумуштуу даража, бул даража университетте сабак берүүгө укук
берген.
14 «Урганда»— сыйкырчы, дон Кихоттун жакшы көрүп окуган рыцарь жөнүндөгү
«Эспландиан» романынын башкы адамдарынын бири.
15 Архиепископ Турпин — VIII кылымдын акырындагы реймдик архиепископ.
Көп убактыга чейин «Карл Великийдин өмүрү жөнүндөгү («Турпиндин хроникасы») атактуу
хрониканы ошол түзгөн деп жабыштырып келишкен. Ал хроникада Карл Великий менен анын
иниси Роланддын Испанияда көрсөткөн эрдик иштери менен баштарынан өткөн окуялары
жөнүндө тарыхый чындыкка такыр жанашпай турган аңгемелер бар эле. «Турпиндин
хроникасы», Карл Великий менен анын танапташтары жөнүндөгү рыцардык романдардын
көпчүлүгүнө негиз болгон.
16 Онэкипэр—Карл Великийдин танапташтары болгон—он эки укмуштуу баатырды
ушундай деп аташкан. Алардын ичинен эң атактуусу: Роланд, Оливье, Рейнальд
Монтальбанский болгон. Бул рыцарлардын дүйнөдө болуп көрбөй турган эрдик иштери жана
баштарынан өткөргөн окуялары «Турпиндин хроникасында» жазылган.
17 Рольдан — Роланддын ысмын эл ушинтип өздөрүнчө атап алышкан.
18 Аткошчу—Ат кошчу деген наам кемсинтип айткандыкка жатпайт. Ал рыцардын
кызматчысы эмес, жоокер жардамчысы. Эски жана оокаттуу дворяндардан чыккан жаштар
өзүнүн көрсөткөн эрдик иштери менен атак-даңкы чыккан рыцарга өздөрү каалап ат кошчу
болуп киришкен. Мындай рыцарга ат кошчу болуп кызмат кылуу согуштук жакшы мектеп
болуп эсептелген. Ошону менен бирге рыцардын жардамы менен таасирдүү адамдар менен
таанышууга жана королдун ак сарайында кызмат иштеп көтөрүлөм деп үмүт кылууга мүмкүн
эле. Бирок, негизги иш— рыцардык наамды алуунун туура жолу эле. Ат кошчулар айлык алган
эмес. Бирок, рыцарь өзүнүн согушта түшүрүп алган олжосунун белгилүү бир бөлүгүн берип
жана да сыйлыктарды тартуу кылып турган. Беделдүү бир кызматка жеткенден кийин рыцарь
өзүнүн ат кошчусун унутуп койбостон, мүмкүн болушунча жакшы кызматка орноштуруп
келгең. Рыцардык катуу эрежелердин негизинде алганда, дыйкандын карапайым кызы
Альдонса Лоренсо айдай сулуу айым болууга кандайча келишпесе, Санчо да нак ошондой эле
ат кошчуну ролуна жарабай турган адам эле.
19 Бриарей — байыркы гректердин динге ишеними боюнча деңиздердин кудайы
Посейдондун жана аял кудай Фетиданын уулу; ал опсуз күчтүү, оозунан алоолонуп жалын
чыккан, жүз колу бар дөө болот.
20 Бенедиктинчи — VI кылымда негизделген Бенедикт коомунун монахы. Бул
коомдун байлыгы мол жана таасири күчтүү болгон.
21 Бискайчы — баск.
22 Санта Эрмандад (сөзмө-сөз алганда—касиеттүү туугандаштык) шаарларда жана
селолордо жашаган калктын эркин союзу адегенде ушинтип аталган, феодалдардын жана
алардын жан-жөкөрлөрүнүн ээнбаштыгынан өздөрүн жана мал-мүлкүн сактап калуу ал союздун
максаты болчу. XIV кылымда бүткүл Испанияга ушундай союз жайылган; жалпы бир максатты
көздөгөн союзга биригип алышып, күч-кубаттуу уюмду түзүшкөн. Феодалдар Санта
Эрмандадды кыйратууга бир нече жолу аракет кылып көрүшкөн, феодалдардын жогорку
катмарларынын таасирин чектеп коюуга өзү умтулган королдук бийлик касиеттүү
туугандаштыкка катуу жардам көрсөткөн. Официалдуу түрдө таанылгандан кийин Санта
Эрмандад эркин союздан акырындап административдүү мекемеге айланып, ар кандай
кылмышкерлерге каршы күрөшүүчү күзөтчү корпус катарында болгон. Сервантестин убагында
Санта Эрмандаддын бийлиги аябай төмөндөп калат. Инквизиция ага да колун салууга үлгүрүп,
анын мүчөлөрүн өзүнүн керт башынын максаты үчүн көп пайдаланган.
23 Асумбра—эки метрден ашуун келген суюктук өлчөмү.
24 Альбракиникамалоо — Италиянын акыны Маттео Боярдонун (1434—1494)
«Ашык болгон Роланд» деген поэмасынан үзүндү.
25 Силен — байыркы гректердин динге ишеними боюнча виночулуктун кудайы
Вачханын (Дионистин) тарбыячысы, ал винону жана оюн-күлкү тамашалуу майрамдарды
жакшы көргөн. Силенди, эшек минип мас болуп жүргөн түрдө сүрөттөшкөн. Мас болгон
куудулдарды жана маскарапоздорду ээрчитип алып, грециянын Фива деген шаарына анын
салтанаттуу түрдө кирип баргандыгы жөнүндөгү аңгемени Кайра Гүлдөө доорунда эл абдан
жакшы билген. Дон Кихот Грециядагы жети капкалуу Фива шаарын, Египеттеги жүз капкалуу
Фива шаары менен чаташтырат да, мына ушу аңгемеге ишара кылат.
26 Джиневра — Орто кылымдардагы көп жомоктордун жана романдардын башкы
герою, Англиянын Артур деген легендарлуу королунун аялы.
27 Дон Кихот санап чыккан баатырларынын аттарынын, жана да. ар түрдүү уруулар
менен жерлердин аттарынын кээ бирлерйн рыцарлар жөнүндө жазылган романдардан, кээ
бирлерин өзүнүн доорундагы тарыхый жана географиялык чыгармалардан алган.
28 Англиянын легендарлуу королу Артурдун өзүнүн сепилинде той
кок майдачыл адамдарды ыгы келген сайын шылдындай берген, аларда Сервантести жек
көрүп, ун шерситеттин диплому жок адам адабият жөнүндө кантип кеп кылат ден кекирейип,
көкүрөктөрүн өргө айдап жооп беришкен.
73 Монтесинос, Дурандарте — испаниянын легендарлуу рыцарлары, алар Карл
Великийдин Испанияга жасаган казатына катышкан имиш. Жүрөгүн кесип алды деген окуяны
Сервантес эски романстан үлгү алып жазган.
74 Мерлин — байыркы британиялык жомоктордун герою, күн мурда баарын биле турган
даанышман жана сыйкырчы болгон. Рыцарлар жөнүндөгү романдарда ал өтө күчтүү сыйкырчы
катарында көрсөтүлөт.
75 Гвадиана — Жогорку Гвадина дарыясы агып баратып, бир нече жолу жерге кирип
кетет, дарыя ушинтип жерге кирип кетиши эң көп жомокту чыгарды, Сервантес дон Кихоттун
үңкүрдө болгондугу жөнүндөгү аңгемесинде ушу жомохтон бир аз пайдаланган.
76 Герцог Альба (1508—1582) полководец жана Испаниянын королу Филипп II нин
гшенимдүү кишиси. Нидерландия провинцияларындагы көтөрүлүштөрдү басууда жана
Португалияны басып алууда өзүнүн жырткычтык катаалдыгы менен даңкы чыккан. Анын аты
элди коркутуп, жүрөгүнүн сары суусун алып койгон.
Куурчак театр Испанияда ушул күнгө чейин өөрчүп келатат; XIX кылымдын
70-жылдарында эле Севильедеги, Валенсиядагы жана башка шаарлардагы ал театрдын
сахналарында «Гайферос менен Мелисендранын адам кызыга турган тарыхы» көрсөтүлгөн, эл
ал оюндарды кубанып көрүп турушкан. Бул тарых көп романстарда ырдалган. Романстарда
Гайферосту Карл Великийдин жээни, атактуу Роланддын иниси, ал эми Мелисендра болсо —
императордун өз кызы деп айтылат, Мелисендра күйөөгө тийгенден кийин тез эле маврлар ала
качып, Испанияга алып кетип калат. Гаферос бир катар укмуштуу окуяларды баштан
өткөргөндөн кийин гана акыры аны туткундан бошотуп чыга алат.
78 Рехидор—селолук же шаардык башкарманын мүчөсү.
79 Птоломей — биздин заманыбыздын II кылымында жашаган Грециянын атактуу
астроному, математиги жана географы. Ордунан козголбос жерди ай-ааламдын борбору деген
анын космогоникалык системасы Коперник менен Галилейдин гениалдуу эмгектери жарыкка
чыкканга чейин элдин арасында зор ийгиликке ээ болуп келген.
80 Кава. Испаниянын эски жомокторунун биринде, VIII кылымда арабдар Испанияны
жеңип алгандыгы жөнүндө төмөнкүдөй айтылат. Күч-кубаттуу граф Юлиандын Кава аттуу
айдай сулуу кызы болгон экен. Юлиан өзүнүн кызын абдан жакшы көрүп, көзүнүн карегиндей
коргоочу зкен. Бирок, байкуш атасынын толук ишенимине кирип алган король Родриго
Каванын абийирин кетирип коёт. Ошондо Родригодон өч алуу үчүн граф Юлиан арабдарды
Испанияга чакырат. Родриго аларга каршы чыгат, бирок ташы-талкан болот да, өзү согушта
курман болот. Кызы үчүн өч алып Юлиан ыраазы болгон чыгар. Бирок. арабдар Испанияда кала
беришет да, акырындап бүт жарым аралды каратып алышат. Ошентип Елена менен Каваны
бири-бирине салыштырып келип дон Кихот мындай дегиси келет: Еленаны уурдап ала
качкандыгы үчүн Троя каза болсо, Каванын абийирин кетиргендик үчүн арабдар Испанияны
басып алды.
81 Ашкананын сурамчы-тилемчилери — феодалдык сепилдин ашканаларына үйүр алып,
калган-каткандарды жеп жана кызматкерлер менен жан-жөкөрлөрдүн анча-мынчалап бергенин
алып оокат кылып жүргөн селсаяктар, митаамдар, кайырчылар.
82 Вамба (672—680) Гот династиясынан чыккан Испаниянын королу. Жомокто анын
теги дыйкан деп айтылат.
83 Элисей талаасы — байыркылардын динге ишениши боюнча — баатырлардын тиги
дүйнөгө барганда өмүр сүрө турган жери.
84 Эспландиан — Бул роман «Амадис Галльскийдин» түздөнтүз уландысы болуп эсептелет.
Эспландиан Амадис менен Ориананын уулу. Рыцарь болуп жарыялангандан кийин Эспландиан
укмуштуу окуяларды издеп сапар чегет. Анын эрдик иштеринин башкы майданы Чыгыш болот:
буйерде ал түрктөр, саранциандар менен салгылашат да, аларды бөлөк-бөлөк жеңип чыгат,
шаарларды жеңип алат, кара мүртөз сыйкырчыларды кыйратат, ошентип олтуруп акырында
Константинополдун императору болуп калат.
85 Сословиялык эски калдыктар дворяндарга кол өнөрчүлүгүн кылууга тыюу салган.
Канаттуу куштарды камай турган торлорду жана тиш чукуурларды жасоо гана дворяниндин
баркын кетирбей, кемсинтпей турган иш болгон.
86 Алыгвасил — коомдук тынчтыкты жана тартипти сактоочу полициялык
надзиратель.
87 Беллерофонт — Грециянын жомокторунун геройлорунун бири, коринф падышасы
Главканын уулу. Беллерофонт бир тууганын кокустан өлтүрүп алып Коринфти таштап кетүүгө
аргасыз болот. Ал Аргостогу Претос падышасын көздөй жөнөйт. Падыша аны абдан жакшы
кабыл алат, бирок падышанын аялы, Стенобея, Беллерофонт мени азгыргысы келет, деп
күйөөсүнө даттанган. Ошондо Претос мейманынан өзү өч алгысы келбей, бир тууганы, Иобатей
падышага жиберген. Иобатейге бергин деп колуна кат берет. Жашыруун тамгалар менен
жазылган катында Претос, Беллерофонтту өлтүргүн деп сураган. Булкатты алгандан кийин
Иобатей, Беллерофонлу коркунучтуу, катаал Химерой менен согушууга буйруган, анткени бул
согушта Беллерофонтту өлөт деп ойлогон. Бирок, Пегас деген сыйкырдуу ат апкелип берген
Афина деген аял кудайдын жардамы менен Беллерофонт катаал Химеройду жеңип чыгат.
Андан кийин Беллерофонт дагы эң көп эрдик иштерди иштеген, буга ыраазы болгон Иобатей,
аны менен жарашып гана тим болбостон, өзүнүн кызын ага аялдыкка берген.
88 Күндүнкудайы Гелиос — байыркы грециялык жомоктордо мындай деп
айтылат,— өзүнүн уулу Фаэтондун өтүнүчү боюнча күн арабасын башкарууну берген. Бирок
баралына келе элек, тажрыйбасыз жаш бала жолдон адашып кетип, аз жерден ай-ааламды
өрттөп жибере жаздаган. Ай ааламды өрттөн сактап калгысы келип, кудайлардын үстүнөн
караган Зевс эр жүрөк бечара баланы чагылгандын күчү менен уруп жыгат да Гелиос Күндүн
нурун мурдагы туура жолуна салат.
89 Койчулардын жомокторунда жылдыздар, асмандагы периштелер кайтарып жүргөн
короо-короо эчки же кой деп айтылчу.
90 Биринчи тамак — жемиш. Сервантестин доорунда түшкү тамакта жемиштерден баштап
жеш керек деп мыкты врачтар сунуш кылышкан.
91 Гиппократ (460—364 б. э. ч.) —байыркы замандын эң улуу врачы, «медицинанын
атасы» аны нак ушундай деп аташкан. Кайра Гүлдөө доорунда Гиппократ аябай беделдүү
болгон, ошондуктан докторлор ага таянып иштегенди абдан жакшы көрө турган. Биерде
доктор, Санчону тим эле акмак кылып жатат: Гиппократ чилдин эти жөнүндө эч айткан эмес.
92 Олья Подрида — Испания элинин улуттук тамагы: май сызгырып, эт туурап жана
башкаларды салып демдеп бышырган жемиш.
93 Маврларды куугунтуктоо. Филипп II нин (1556—1598) жана анын ордун баскан Филипп
III нүн (1598—1621) кезинде маврларды Испаниядан кууп чыгуу иши аяктаган. Бул
куугунтуктоо өкмөт тарабынан кандай болсо, дин тарабынан да дал эле ошондой, мурда кулак
угуп көз көрбөгөн ырайымсыздык менен өттү. Ламанчадан маврларды зордук-зомбулук менен
эвакуациялоо 1609—1610-жылдарда, башкача айтканда, Сервантес өзүнүн «дон Кихотун»
жазып жаткан кезде жүргүзүлгөн. Африкага көчүп барган маврлар бир катар майда
мамлекеттерди түзүшкөн, аларды кийин Франция, Италия жана Европалык мамлекеттер басып
алышып колонияга айландырышкан.
94 Роке Гинарт — чын эле Сервантестин заманында ушундай каракчы болгон, ал
өзүнүн адепсиздиги менен адамдарды карактоо жана тайманбай кол салуу жагынан бүткүл
Испанияга даңкы чыккан.
95 Менин Троя мушуерде болду — Трояны гректердин кыйраткандыгы
жөнүндөгү жомоктун таасири астында айтылып калган санат сөз жана ал мен ушуерден
биротоло жеңилдим деген маанини берет.
1-ГЛАВА. Мында дон Кихот Ламанчскийдин ким болгондугу жөнүндө
баяндалат
Ламанча провинциясындагы кичинекей бир кыштакта дон Кехана деген идальго1 турган
экен. Ал башка дворяндар сыяктуу эле өзүнүн ата-тегинин мыкты болгондугуна сыймыктанып,
илгертен бери жаткан калканчты жана ата-бабасынан мурас болуп калган найзаны кол
тийгизбей сактап, бир арык чобур ат менен тайганды бага турган. Кирешесинин төрттөн үчү
уйдун эти менен жашылчадан жасалган, кечинде ичүүчү сорпого жана винигретке сарп
кылынуучу, сууга кайнаткан бир табак буурчакка ыраазы болуп, жума күндөрү эт жечү эмес,
бирок жекшемби күндөрүндө көгүчкөндүн майга кууруган этин тоё жеп алып, ошонун эсесин
чыгаруучу. Дон Кехана майрам күндөрүндө үстүнө жука ноотудан тигилген бешмант, баркут
шым жана бутуна сактыян туфлисин кийчү, ал эми мындай жай күндөрдө болсо колго соккон
бодуракай ноотудан тигилген күрмө-шымды кийип жүрчү. Үйүндө жашы кырктан ашып калган
үй кызматчы аял (экономка), жыйырмага чыга элек кыз—жээни жана картайып калган
кызматкер чалы бар болчу. Идальгонун өзү да элүүгө чамалап барып калган, тырышкан
терисинен башка эч нерсеси жок, арбактай арык катып калган куу сүлдөрүнө карабастан, ал өтө
чыдамдуу болучу. Өзүнүн бош убактысынын баарын тең (дон Кехана күнү-түнү менен бош
болчу) рыцарлар жөнүндө жазылган романдарды окууга жумшоочу. Ошол романдарга чын
ыкласын коюп, кумар тутуп окуй турган болду. Китеп окууга жан дили менен берилип, аң
уулоону да, чарбычылыгына көз салууну да таштап салды. Рыцарлар жөнүндө жазылган
китептерге кумар болгондуктан, аларды сатып алуу үчүн айдоо жеринин бир бөлүгүн ойлонбой
туруп сатып да жиберген.
Биздин идальгого романдардагы ашыктык жөнүндөгү ыксыз жазылган каттар жана жекемежеке беттешүүгө чакырган салтанаттуу чакырыктар бөтөнчө жагуучу эле. Алардын ичинен
мына мындай деген сүйлөмдөр учурай турган: «Менин укугума калганда сиздин кылган
адилетсиздигиңиз менин акыйкатымы аябай укуксуз кылгандыктан, мен сиздин акыйкатыңызга
даттанууга укугум бар деп эсептейм...» дагы: «...Алда таала өзүнүн жылдыздарынын нурун
чачып, сиздин азиз жаныңызга кубат берет жана сиздин атак-даңкыңызга ылайыктуу болгон
касиеттердин бардыгын тең сизге ылайык көрөт...» Байкуш идальгонун башы айланып, адам
түшүнгүс, чаташкан бул сүйлөмдөрдүн маанисин түшүнүү үчүн аракет кылып түн бою
телмирип отура берген учурлары да болучу. Жакшы көргөн романдарынын ичинен улам
кездеше бере турган дагы башка ылайыксыз жерлери аны улам жаман абалга калтырып жатты.
Маселен, атактуу рыцарь Бельянис башкаларды жарадар кылып жана өзү да көп жолу оор
жарадар болгон дегенге ал оңой менен ынанчу эмес; ал рыцарды дарылаган врачтар канчалык
билгич, канчалык чебер болгону менен да, анын өңүндөгү жана бүткөн боюндагы жараттар
тырык болуп бүтүп, анын көркүн бузуп койгондой сезилчү. Бирок ал романда, Бельянис
уруштарга тырыкбырыгы жок, супсулуу жаш жигит болуп эле чыгат деп айтылат.
Бирок, дон Кеханага романдардагы сан жеткис укмуштуу окуяларды жана эр жүрөк
баатырлардын көрсөткөн эрдик иштерин сүрөттөп жазгандарды, өзүн-өзү сезбей калганга чейин
берилип окууга бардыгы тең тоскоолдук боло албады. Ал рыцарлардын андан ары карай болгон
тагдырларынын эмне болгонун билүүгө абдан ынтызар болгон, ошондуктан автор китебинин
акыркы бетинде бүтпөгөн окуяларды мындан кийинки томдо улантам деп убадасын бере турган
болсо, анда ал абдан кубанып, ыраазы болуп калуучу. Англиянын Пальмерини менен Амадис
Галльский2 экөөнүн кайсынысы эрдик кылат деп биздин идальго өзүнүн досу, поп менен көп
талашуучу. Дон Кехана Амадисти жактаса, поп Пальмеринди3 жактоочу, ал эми жергиликтүү
чач алгыч чебер уста Николас болсо, кылыксынган Амадистен чыдамкайлыгы жана
жүрөктүүлүгү жагынан, ал эми Пальмеринден каармандыгы жана шамдагайлыгы жагынан
ашып түшкөн рыдарь Фебке булардын бир да бирөө тең келе албайт дей турган.
Бара-бара окууга абдан кызыгып берилгендиктен ак көңүл идальго таң ирең-барандан, иңир
киргенге чейин, иңирден таң атканга чейин окуп олтура берүүчү. Ал өз ишинин баарын тең
жыйыштырып салды, уйкудан безди, көп учурда иче турган тамагын да унутуп коюучу болду.
Рыцарлар жөнүндө жазылган китептерден окуган ар түрдүү жарамсыз тарыхтар анын башына
жык толгондуктан, ал түшү эмес өңүндө эле: кандуу согуштарды, рыцарлардын жекеме-жеке
беттешкендиктерин, сүйүү аркылуу болгон жолугушууларды, кыз ала качууларды, кара жолтой
олуяларды жана кайрымдуу сыйкырчыларды айтып дөөрүй берүүчү. Ал акырындап отуруп
чындык менен калпты ажырата албай калды, ошондуктан дүйнө жүзүндө бул окуялардан
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Шумдуктуу Идальго Дон Кихот Ламанчский - 02