Latin

Шумдуктуу Идальго Дон Кихот Ламанчский - 11

Total number of words is 4287
Total number of unique words is 1812
33.3 of words are in the 2000 most common words
45.9 of words are in the 5000 most common words
52.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
ушул катты берүүчү, менин ат кошчум Санчо Пансага бергин. Мен бул жерде андан алган
үчөөнүн ордуна үч кодикти бергин деп сага буйруп жатам. Үч кодикти берип жана андан
алгандыгы тууралу тил кат алгандан кийин экөөбүздүн ортобуздагы эсеп-кысабыбыз бүттү
деп эсептелет. Сиерра Моренанын капчыгайынын ичинде ушул жылы жыйырма экинчи
августта жазылды.
— Эң сонун, — деди Санчо. — Урматтуу таксыр эми кол коюңуз.
— Кол коюунун кереги жок, — деп жооп берди дон Кихот, — мен ийри-буйру кылып эле
жаза салганым жетишет, ал өзү койгон колго барабар келет, үчөөнө гана эмес, үч жүз кодикке
жетишет.
— Урматтуу таксыр сизге ишенем, — деп жооп берди Санчо, — болуптур эмесе, мен барып
Росинантка ээр токуюн, а сиз менин жолум болсун үчүн бата берүүгө даярданыңыз. Мен азыр
эле жолго чыгам, урматтуу таксыр сиз азыр жасай турган эселектик ишиңизди көргүм келбейг.
Мен ансыз эле сиздин ашык-жарыңызды таң калтыра турган укмуштарды апыртып айтып
берем.
— Жок, Санчо, сен менин эселектик иштеримдин жок дегенде бирер-жарымын көрүп
кетүүгө тийишсиң. Ошентсең гана баарын тең өз көзүм менен көрдүм деп карганып-шиленип,
апыртып айта турган аңгемеңдин баарын көркөмдөй аласың. Бирок өзүң ойлоп апыртып айта
тургандарыңын баарынан тең менин эселектик менен иштей турган иштерим ашып түшөт, ага
сен ишенип кой!
— Урматтуу таксыр, кудай, арбак үчүн эселек иштерими көр деп мени кыйнабаңызчы.
Сизге боорум оруп, сөзсүз өкүрүп-бакырып ыйлап жиберем, ансыз деле сур эшегими жоктоп
ыйлай берип башым шишип кетти, эми мен ыйды кайтадан баштоого кудуретим жетпейт. Эгер
сиз, урматтуу таксыр кандай гана болбосун өзүңүздүн эселектик иштериңиздин бирержарымын көрсөткүңүз келип турса, анда оюңузга келгенин тезирээк жасай коюңуз. Эгер менин
оюма койсоңуз, анын бирөөнүн да мага кереги жок. Биз алтын убакытты бекер кетирип
жатабыз — деп мен сизге жана эле айтпадым беле. Мен канчалык тезирээк кетсем, сиз күтүп
жана ага акылуу болуп жаткан кабарды ошончолук тез алып келем. Дульсинея муну жакшылап
билип койсун: эгер ал сиздин жазган катыңызга ылакыйтуу жооп бербей койсо, анда мен алда
тааланын атынан ант берем, — мен аны урсам да, сабасам да буга көндүрөм. Кечириңиз
урматтуу таксыр, сизге окшогон жортуулдап жүрүүчү атактуу рыцардын ушундай бирөө үчүн
жинди болуп кетиши адам чыдарлык ишпи... Жок, ал мени барып айтууга мажбур кылбай эле
койсун, эгер мен бир нерселерди айтсам ал экөөбүзгө тең жакшы болбойт. Менин ага
чебердигим бар. Ал мени жакшы тааныбайт, эгер тааный турган болсо, ал менин туулган
күнүмдө орозо кармайт эле.
— Чынын айтканда, Санчо сен да мен сыяктуу эле жинди болгонсуң, —деди дон Кихот.
— Жок, андай эмес—деп жооп берди Санчо,—таксыр мен таптакыр сизге окшогон
кеңкелес эмесмин, бирок кан кызуулук жагынан сизден ашыптүшөм. Макул, бул сөздү коёлу.
Урматтуу таксыр, сиз мен кайтып келгенче кандай оокат кыласыз, андан көрө ошону
айтыңызчы? Койчулардан тамак сурап жейсизби же алардан күч менен тартып алмакчысызбы?
— Ал жөнүндө камырабай эле кой — деп жооп берди дон Кихот,— менин алдымда эң
даамдуу тамак турса да, мен ага карабай бул шалбаадагы чөп-чардан, тиги дарактардын
жемиштеринен башканы жебес элем. Эч тамак ичпей жана өзүмдү ар түрдүү жаман нерселерге
дуушар кылсам, ошондо гана мен иштей турган зор иштердин мааниси чыгат.
Буга Санчо мындай деп жооп берди:
— Таксыр, менин эмнеден чочулаганымды билесизби? Бул жерлер эң эле түнт, ошондуктан
кайта кете турган жолду таппайм го дейм.
— Сен жолдун боюндагыларды жакшылап белгилеп ал, — деди дон Кихот, — а мен бул
жерден алыс кетпөөгө аракет кылам. Адашып калбоо үчүн жана бастырып кеткен изинден
ажырап калбас үчүн, тиги айланаңда толуп турган бутактардан көбүрөөк кесип ал да, түз жерге
чыкмайынча жолду карата бирден таштай бер, мына ошол белги менен өтө эле чатыш жолдо
түптүз Тезеяга чыккандай кайта келгенде мени таап аласың.
— Макул, мен нак ошондой кылам, — деп жооп берди Санчо Панса.
Санчо жалбырактуу бир нече бутакты жулуп алды, андан кийин дон Кихот жолуң болсун
деп ага бата берди, ошентип акырында экөө көздөрүнүн жашын көлдөй төгүп ажырашты. Санчо
Росинантка минди да, дон Кихоттун өзүңдү кандай көрсөң атты да ошондой кылып жакшылап
көз салып бак деген буйругун алып, мейкин жаткан талааны көздөй жол тартты. Бирок, жүз
кадам бастырып кете элек жатып Санчо кайта келип мындай деди:
— Сиз туура айтасыз таксыр, жок дегенде эселектик иштериңиздин бирер-жарымын көрүп
кетишим керек экен, антпесем мен көрбөгөндөрүмү көрдүм деп айтып каргансам, күнөөгө
батам го. Сиздин ушул жерде жалгыз калып жаткандыгыңыз барып турган эселектик экенин
билем.
— Санчо, мен эмне жөнүндө айтып, кулагыңа кумдай куйдум эле, — деди дон Кихот. —
Бир аз токтой тур, мен сага бир демелерди көрсөткөнчө сен «Жараткан жалга» деген дубаны да
окуп үлгүрө албай каласың.
Шашып-үшүп тыш кийимдерин чечип, көйнөкчөн болуп биздин рынарь көпкө ойлонбой
туруп эле эки секирди, анан бир эки жолу оңкобашы атып кетти: Санчого мына ушул эле
жетиштүү болчу, ал өзүнүн таксырынын мындан кийинки эселектик иштерин көргүсү келбей
Росинанттын башын бура тартып, шашылып жолго чыкты.
20-ГЛАВА. Мында дон Кихоттун Сиерра Морена капчыгайындагы
көрсөткөн эрдиги жана Санчо Пансанын эмне болгондугу баяндалат
Жалгыз калгандан кийин дон Кихот оңкобашы атып, ары-бери секиргенин коюп, асканын
кылда чокусуна чыгып барды да, терең ойго чөмүлдү. Ал ойго азыр эле эмес, мындан мурда бир
нече жолу чөмүлгөн болчу: Анда — кимди туураш керек, каардуу Роландыбы же асан кайгы
Амадисти — туурасамбы? деген ойдо эле.
— Роланддын каарман рыцарь экендиги эл-журттун баарына тең белгилүү — деди ал өзүнө
өзү: бирок, анын касиетинин баарын мындай коё туруп, анын кантип жана эмне үчүн акылынан
ажырагандыгын карап көрөлү. Анын ашык-жары Анджелика андан жаш мавр Медосту артык
сүйүп кеткендигин билер замат эле жинди болуп кеткен. Эгер менде андай нерсе такыр
болбогондон кийин, мен анын кенкелестигин кантип туурайм? Антмек түгүл менин Дульсинея
Тобосскаям ак көңүлдүү, адилеттүү кыз жана ал эч убакта убададан танып кете элегине мен ант
бере алам. Эгер буга шектенип каарман Роландга окшоп акылыман ажырай баштасам, анда мен
аны катуу кайгыга салган болоор элем. Ошону менен бирге Амадис Гальский акылынан ажырай
электе, эч бир эрдигин көрсөтө электе эле ашыктык отуна жануу жагынан бүткүл дүйнөгө атагы
чыккан болчу. Анын тарыхында мындай деп айтылат,— Ориона деген сеньора өзүм руксат
бермейинче менин көзүмө көрүнчү болбосун деп буйрук берген кезде, элден-журттан безип
жүргөн бирөөнү ээрчитип алып Пенья Побреге деген жерге кетип калат да, жанын кудайга
тапшырып берип, анын кайгы-муңун алда таала угуп ырайым эткенче ыйлап ботодой боздой
берген. Эгер мунун бардыгы тең чындык болсо (албетте, чындыгында шек жок) анда эмне үчүн
мен дырдай жыпжылаңач болуп алып, мага эч кандай зыян келтирбеген дарактарды эмне үчүн
сындырып жатам? Мен эңсеп, суусаган кезимде суусунумду кандыра турган бул будактын
мөлтүрөгөн тунук суусун эмне үчүн ылайлап жатам? Ошентип, Амадистин түбөлүк даңкы
жашасын, дон Кихот Ламанчский ошонун жолун жолдосун. Чыны менен Дульсинеям мени эч
убакта жек көргөн эмес, жана баш тарткан да эмес, бирок мен андан айрылып жалгыз
олтурганым — деле жетишпейби? Ошентип эми тезирээк ишке киришейин! Жараткан алда!
Амадистин даңктуу иштеринин баарын тең тезирээк менин эсиме сал! Бул даңктуу рыцарды
туурап, кайсынысынан баштайм, ошону мага үйрөт. Өзүнүн жанын кудайга тапшырып коюп
дуба кылып сыйынууну жакшы көрчү, мына ушунусу эсимде. Демек, дуба кылууга тезирээк
киришейин. Бирок теспени кайдан табам?
Бирок, ал бат эле чечти: өзүнүн көйнөгүнүн этегинен далдайтып жулуп алып, аны он бир
жеринен түйдү. Ал түйүндөрдүн бйри башкаларынан чоң түйүлдү, ошентип теспе даяр болду.
Мына ушул теспенин жардамы менен ал, Сиерра Морена тоосунда жалгыз калган кезинде
миллиондогон дубаны окуп чыкты. Тобо кылдырып жубата турган элден-журттан безип жүргөн
сопунун жанында болбогондугу гана аны кайгыртты. Иштей турган иш жок болгондуктан дуба
окуп, кудайга жалынып-жалбаруу менен гана күн өткөрүүгө туура келди. Калган убакта ал
шалбааны аралап кыдырып жүрдү жана өзүнүн кайгы-муңу жөнүндө зардуу ырларды ойлоп
чыгаруу менен же Дульсинеянын даңкы үчүн обонго салып ыр ырдап өткөрүп жатты. Ал
ырларды дарактардын кабыгына жана кумдун үстүнө жазып жүрдү. Анын ырларынын ичинен
бирөө гана сакталып калыптыр:
Көз жиберсем чар тарап,
Ыргалат шибер бак-дарак.
Арманым айтам баарыңа
Кулагың салгын маа карап.
Кубатым кетип алсырап,
Дульсинейден алыстап,
Ботодой боздоп дон Кихот
Айласыз турат жалдырап.
Каргаша түйшүк каптаган,
Жолуктум буга мен кайдан,
Көзүмдүн жашы көл болуп
Ал селдей агып батпаган.
Дульсинейден алыстап
Жүрөгүм согуп бек каккан
Шордуу болдуң дон Кихот
Канткенде айла табалам.
Жортуулдап жүрүп таппадым,
Кайдасың сулуу аппагым?
Муң азапка бөлөнүп,
Кайгыга терең батамын.
Айланам аска капчыгай
Тумчугуп жалгыз жатамын.
Ботодой боздойт дон Кихот,
Өттү го сулуу азабың.
Көрсөң боло Дульсиней,
Көзүмдүн жашын акканын.
Ал өзүнүн убактысын төмөнкүдөй өткөрдү: дуба кылып сыйынды, ыр чыгарды, онтоду,
улуп-уңшуду жана айланадагы токойлордун арасындагы арбак-сарбактарга жана ошондой эле
булактардын кудайына да, жалооруп чыккан жаңырыкка да кайрылды, ботодой боздогон
үнүмдү угуп, ага жооп берип жардамдаш болгула да көңүлүмдү тынчыткыла деп жалынып
жалбарды. Ал тамак боло турган чөптөрдү издеп таап жеп жүрдү, ал чөптөр анын бирден-бир
оокаты болду. Эгер Санчо үч күндөн кийин эмес, үч жумадан кийин келсе, анда ал КайгыМуңдун рыцарын өзүнүн тууган энеси тааныбай калгандай жаачыдай апарык болуп калган
кезинде тапмак эле.
Ал эми ыр ырдап, ак уруу менен алек болуп жаткан биздин рыцарды тим коюп, өзүнүн
рыцарынын тапшырмасын орундатуу үчүн жолго чыккан Санчо Пансанын эмне болгондугу
жөнүндө баяндап берели. Сиерра Морена капчыгайынан чыгып, кара жолго туш келгенден
кийин, Санчо, Тобосого бара турган жолду издеп жүрүп, күтүлбөгөн жерден бир мейманканага
туш келди, ал жерде жакын эле арада жуурканга салынып алып асманды көздөй ыргытылган
болчу. Чаңкай түш маалы эле. Санчо айтор бир ысык тамак ичип кубаттанып алсам деп ойлоп,
дарбазаны көздөй бастырып баратты да, бирок бул мейманканада алиги күнкүсү эсине түшө
калып, ыргылжың болуп токтой калды. Асманды көздөй ыргып жатканы көз алдына дапдаана
элестеп жатты. Ыргылжың болуп, эмне кылсам деп ойлоп турган кезинде, дарбазадан эки киши
чыгып келди, алар Санчону дароо эле таанышты. Алардын бири жолоочуга кайрылып:
— Сеньор лиценциат айтыңызчы, Санчо болуп жүрбөңүз? Анткени, укмуштуу окуяларды
издеп биздин идальго менен бирге сапар тарткан болчу деп дон Кехандын кызматкер аялы
айткан эле.
— Нак ошонун өзү,— деп жооп берди лиценциат,— анан анын мингени идальгонун аты.
Алар Санчону дароо эле тааный коюшту, анткени алар дон Кихоттун китептерин жазалаган
поп менен чач тарач болчу. Санчо Панса менен Росинантты тааныгандан кийин, дон Кихот
жөнүндө сурамжылап билүү үчүн алар ошол замат эле анын жанына басып келишги. Поп,
Санчо Пансага мындай деп кайрылды:
— Достум Санчо Панса, сенин таксырың кайда?
Таксыры кайда жана кандай абалда калгандыгын Санчо алардан жашыргысы келди,
ошондуктан мындай жооп берди: менин таксырым эң зор иштер менен колу бошобой жатат,
бирок ал кандай иш экенин көзүмү чукусаңар да айта албайм,—деди.
— Ой Санчо Панса,— деди чач тарач,— эгер сиз анын кайда экенин бизге айткыңыз
келбесе, анда аны өлтүрүп коюп, тоноп алган экен деп, ойлойбуз, анын үстүнө сиз идальгонун
атын минип алыпсыз. Бул чобур аттын кожоюнун бизге таап бериңиз, болбосо оң таппай
каласыз.
— Сиздер мени бекер эле коркутуп жатасыздар,— деп Санчо жай баракат жооп берди.—
Мен бирөөнү өлтүрүп коюп, аны тоноп алчу адам эмесмин, бешенесине жазылып, ажалы
жетип, күнү бүткөндөр же жаңы кудайга керек болгондор өлө берсин. Менин таксырым тоо
арасында калды, ал жерде өзүнөн-өзү азап тартып ракаттанып жатат.
Санчо ошол замат эле дон Кихот менен өзүнүн кандай окуяларга учурагандыгын жана
таксырынын азыр кайсы жерде калганын токтобой жана дем албай айтып берди. Сөзүнүн
акырында Санчо: Лоренсо Корчуэлонун кызы Дульсинея Тобосская деген сулууга кат алып
баратканын, дон Кихот ал сулууну өлө сүйүп калганын айтты. Санчо Пансанын айткан
сөздөрүнө поп менен чач тарач айран-таң болуп калышты. Алар дон Кихоттун кеңкелестигин
жана рыцардык фонтазиясын мурда эле билишчү, бирок ошондой болсо да анын азыркы кылган
иштери жөнүндө укканда айласыздан айран-таң болушту. Алар Санчо Пансадан дон Кихоттун
Дульсинеяга жазган катын көрсөткүн деп сурашты. Ал кат жазуу дептерчесинин ичинде жана
аны мага жолдо баратып биринчи эле токтогон жерде бөлөк бир барак кагазга бирөөгө
көчүртүп ал деген болчу деп жооп берди Санчо.— Эгер катты көрсөтө турган болсоң, анда мен
сулуулап көчүрүп берейин Санчо деп жооп берди поп. Санчо Панса жазуу дептерчесин алып
чыгуу үчүн колун койнуна салды, бирок тапкан жок, анткени катты Санчого берүүнү унутуп
коюп дон Кихоттун өзүндө кала берген болчу, ал бул тууралу ага эстетүү Санчонун оюна да
келген эмес.
Мындай болгондон кийин Санчонун каны-сөлү качып кубарып кетти, чөнтөктөрүнүн
баарын тең аңтарып-теңтере баштады. Жазуу дептерчеси жок болгондон кийин Санчо эмне
кылаарын билбей, шашып калды. Айла куруп, өтө кайраттанып эки колу менен өзүн-өзү
сакалдан алып, бир топ кылын жулуп алды, андан кийин өзүн-өзү жаакка беш-алты чаап
жиберди.
Муну көргөндөн кийин поп менен чач тарач айран-таң калышты да:— эмне үчүн өзүңдүөзүң азапка салып жатасыз, эмне болуп кетти,— деп сурашты.
— Эмне болуп кетти дейсиңерби? — деп жооп берди Санчо.— Болгондо да оң таппай
калды, анткени ар биринин бир сепилдик баасы бар үч кодикти бир заматта жоготуп олтурам.
— Сиз эмне деп жатасыз?— Сиз кандайча болуп дароо эле үч эшектен айрылып калдыңыз?
— деп сурап калды чач тарач.
— Мен жазуу дептерчесин жоготуп жибердим,— деди Санчо,— анын ичинде Дульсинеяга
жазылган каттан башка, менин таксырымдын өзүнүн жээнине жазып берген каты да бар болчу.
Ошол кат боюнча анын жээни мага үч кодик бериши керек эле.
Санчо ошол замат эле өзүнүн сур эшегинин жоголуп кеткендиги жөнүндө айтып берди.
Поп анын көңүлүн көтөрүп, кой күйкөлөнбө, таксырың табылгандан кийин мен аны көндүрөм,
ал айтканынан кайтпайт, бирок бул жолу айрым бир барак кагазга тил кат жазып берет. Жазуу
дептерчесине жазылган тил каттын закон боюнча эч кандай күчү жок.
Мына ушул сөз айтылгандан кийин Санчо тынчып калды.
Дульсинеяга жазылган катка анчалык кайгырган жерим жок — деди ал.— Анткени мен
анда жазылган сөздүн баарын тең жат билем, көчүрүп жазчу кишиге жатка айтып берүүгө
жарайм.
— Андай болсо, бизгө эле айтып бериңиз, биз аны жазалы — деп өтүндү чач тарач.
Санчо Панса желкесин тырмап, асманды бир, жерди бир карап койду да, бир манчасынан
тырмагынын жармысын тиштеп ыргытып жиберип, эмне деп айтаар экен деп чыдамсыздык
менен күтүп тургандарды бир топ кыйнап туруп, анан кыйкырып сүйлөдү:
— Мени шайтан бассын лиценциат! Ал каргыш тийгир катты азыр эле жатка билип турдум
эле, бирок атайлап кылгансып дароо эле унутуп койдум. Бирок ал каттын: «Улуу даражалуу
жана ичи кең сулуу» деп башталганын билем.
— Жок, сиз чаташтырып жатасыз Санчо,— деп чач тарач буга макул болгон жок.— Анын
«ичи кең» деп жазышы мүмкүн эмес. Катта «Ээлөөчү» же «бийлөөчү» деген сөз болушу керек.
— Нак ошол сиз айткандай,— деп макул болду Санчо.— Андан ары дагы эсимде калганы
бул: «Самсаалаган жана уйку кеткен, урматтуу сулуу сиздин колуңуздан өбөм, катаал жана
белгисиз сулуу» деген сөздөр бар болчу, анан дагы ал сулуунун ден соолугун тилеп, оорусыркоо тийбесин деп да жазылган, мунун баары тең эң сонун жазылган. Каттын акырында:
«Өлөөр-өлгөнчө сиздин курбуңуз Кайгы-Мундун рыцары» деп кол коюлган болчу.
Поп менен чач тарач боору катып жыгылганча күлүштү да, унутпай жаттап алганын карачы
деп макташып, анан ал сөздөрдү жаттап, жазып алуу үчүн дагы эки жолу кайталап айткын деп
сурашты.
Санчо сандырактап оозуна келген сөздөрдү айтуу менен дагы бир нече жолу кайталады.
Анан өзүнүн таксырынын иштеген иштеринин бардыгын толук айтып берди. Бирок өзүн ушул
мейманканада жуурканга салып алып асманды көздөй ыргытканын уялып айткан жок. Сөзүнүн
акырында ал мындай деп билдирди: эгер Дульсинея Тобосская ага жакшы жооп бере турган
болсо, таксырым дагы жаңыдан укмуштуу окуяларды издеп жолго чыгат, анан император же
жок дегенде король болот, (экөө мына ушундай деп макулдашып сүйлөшүп алышкан) дон
Кихоттун эрдиги мекен колунун күчүнө караганда бул иш оңой эле орундалат. Ал эми бул иш
ордунан чыгып калса таксырым мени (ал сизге чейин Санчо тул калат, анткени ансыз мүмкүн
эмес да) жер үстүндөгү бай мурасы бар жана жерди көп ээлеген бир императрицага үйлөндүрөт
деди. Тегерегин суу курчап жаткан аралга, же кичинекей аралчага караганда бул алда канча
өйдө эмеспи. Мунун бардыгын Санчо эч таң калбай жана акмактарча кыймыл этпей туруп
айтканда, аны угуп тургандар дагы айрантаң калышты да анан: мына бу байкуш, дон Кихоттун
дөөрүгөнүн жугузуп алып, акылынан ажырагандан кийин, анда мунун таксыры кандай абалда
болмок эле? деп ойлоп калышты. Санчонун жакшы үмүтүнөн көңүлүн айнытпас үчүн жана
эрмек болушуп ооздоруна келгендерин оттоо менен анын көңүлүн эргитип поп менен чач тарач
дон Кихоттун ден соолугу үчүн дуба кылып сыйынып кудайдан суран, деп Санчого кеңеш
беришти. Анан дагы мындай деп кошумчалады: сенин таксырың епископ же андан да жогорку
даражалуу атакка жетүү жөнүндө айтпаганда да келечекте император болом деген ою оңойолтоң эле иш жүзүнө ашат.
Буга Санчо мындай деп жооп кайтарды:
— Сеньорлор, эгер тагдыр ишти башка жакка буруп жиберип, менин таксырым император
болгусу келбей, епископ болгусу келсе, анда жортуулдап жүрүүчү епископтор өздөрүнүн ат
кошчуларына эмне берет деп мен сиздерден сурар элем?
— Алар, адатта өздөрүнүн ат кошчуларына чиркөөнүн бир кирешелүү жерин берүүчү эле,
башкача айтканда поп кылып коюучу — деп Жооп берди поп.
— Бирок ал үчүн — деп Санчо өзүнүн макул эместигин айтты, ат кошчу бойдон болушу
керек го, ошону менен бирге жок дегенде динчилер дуба кылып сыйынган кезде кызмат кыла
билиши керек го, эгер андай болсо мен байкуштун шору! Анткени менин аялым бар! Анын
үстүнө Алиппээнин а деген арибин билбейм, ошондуктан чиркөөнүн кызматын кантип
үйрөнмөк элем. Менин таксырымдын башына жортуулдап жүрүүчү рыцарлардын адаты
боюнча император болбой, епископ болом деген ой келсе, анда мен эмне кылам?
— Кайгырбай эле коюңуз досум Санчо,—деди чач тарач,— сенин таксырыңан епископ
болбой эле, император бол деп биз өтүнүп сурайбыз. Ага императордун тажысы, епископтун
селдесине караганда көбүрөөк жарашат, анткени илимге караганда аскерлик кызмат жакын
эмеспи.
— Мага да ошондой көрүндү,— деп жооп берди Санчо,— бирок менин таксырым, бардык
ишке жөндөмдүү экенин мен сиздерге айтып коёюн. А мен мындай деген ойго келдим: ал өзү да
эрдигин көрсөтүп, мени да олжого тундура турган жолго түшүрө көр деп мен кудайдан тилейм.
— Сиз акылдуу иш кылып жатасыз — деди поп,— ошол ишти иштөө менен сиз кайрымдуу
христианин экениңизди билдиресиз. Ал эми сиздин айтканыңызга караганда пайдасыз азапты
тартып жаткан сиздин таксырыңызды тезирээк куткаруу үчүн чара көрүшүбүз керек. Муну
кандайча кылуу керек экендигин, жүрүңүз мейманканага кирип ойлонолу. Ошону менен бирге
кечкирип калды, эчак эле шам-шум этип алышыбыз керек.
Буга Санчо мындай деп жооп берди: —сиздер кире бериңиздер, мен ушул дарбазанын
алдында күтүп турам. Мейманканага кирбеген себебим бар, аны сиздерге кийин айтып берем.
Мен шам-шум эткидей ысык бир аз бир деме ала чыгыңыздар, баса Росинант үчүн сулу ала
келиңиздер—деп сурады. Поп менен чач тарач мейманканага кирип кетишип, бир нече
минутадан кийин тамак алып келип беришти да, анын тагдырына зор кол кабыш кылган
шордуу идальгону үйгө алып келүүгө кантип көндүрөбүз деп өздөрүнчө акылдашып жатышты.
Акыры поп, дон Кихоттун көөнүнө жага турган жана өздөрүнүн ойлогон оюна туура келе
турган бир ишти ойлоду: Мен жортуулдап жүрүүчү принцесса болуп кийинейин, а сен менин ат
кошчум бол. Мына ошентип алып тоо арасында жаткан дон Кихотту көздөй жөнөйлү — деди.
Кордук көрүп, азап чеккен жана бардыгынан ажыраган кыз дон Кихоттон жардам сурамак
болот. Ал кыз дон Кихоттон: ырайымсыз сыйкырчыдан кегимди алып бер, ал үчүн мен кайсы
жакка ээрчитсем, ошол жакты көздөй жүр деп жалынмакчы болот. Ошону менен бирге бул
өтүнүчтү орундатмайынча бетиндеги парданы албоого, берген суроолорго жооп бербөөгө андан
руксат сурай турган болду. Дон Кихот мына ушул алдоого көнөт, ошентип аны өзүнүн элине,
жерине алып келе алабыз, деп ишенди поп жана ал үйүнө баргандан кийин анын болуп
көрбөгөн кеңкелестигине каршы бир дары табылып калаар деп ойлоду.
21-ГЛАВА. Мында өзүнө-өзү тилеп алган азап-тозоктон дон Кихоттун
кандайча жол менен кутулгандыгы баяндалат
Чач тарачка поптун планы жагып калды, ошондуктан алар ошол замат эле ишке
киришишти. Мейманкананын ээсинин аялынан юбка, башты байлай турган жоолук сурап
алышты да, алардын ордуна поптун жаңы чепкенин калтырды. Чач тарач күрөң буканын
куйругунан узун сакал жасап алды. Бул куйрук мейманкананын керегисинде илинип турчу,
кожоюн анын ичине өзүнүн тарагын салып койчу адаты бар эле. Эмне үчүн мындайча жасанып
алдыңар деп сурады кожоюндун аялы. Поп ага дон Кихоттун эселектиги жөнүндө, укмуштуу
окуяларды издеп үйдөн чыгып анын кезип кеткендиги жөнүндө баяндап берди.
— Азыр шордуу идальго,— деп ал өзүнүн аңгемесин аяктады,— сиздердин мейманкага
жакын эле жердеги аска тоодо сандалып жүрөт. Биз аны алдап ал жактан алып чыгып, үйгө
алып баралы деп ойлодук, ал үчүн биздин бирибиз аял болуп кийинип алалы дедик.
Кожоюн, аялы экөө бальзам дарысын даярдаган алиги жиндинин нак өзү экенин биле
коюшту. Алар өздөрүнүн мейманканасында болгон окуя жөнүндө толук айтып беришти, анан
ал рыцардын ат кошчусун жуурканга салып алып асманга ыргыткандары тууралуу да айтып
беришти. Санчонун мейманкананын ичине кашайып эле кирбей, жашырып айтпай койгон
сырын поп менен чач тарач эми билип алышты. Алардын ойлогон оюна макул болуп,
кожоюндун аялы попту абдан сонун кылып жасап кийиндирди: кендиги алакандай келген кара
баркут узатасынан тилке-тйлке кылып үстүнө бастыра тигилген нооту юбканы жана ак жибек
боосу бар жашыл баркут кофтасын кийгизди. Аялдардын башына салынчу жоолугунун ордуна
поп өзүнүн түндө кийчү малакайын кийип туруп, мандайына узун кара чүпүрөк тартып
байлады, дагы бири менен бетин жана сакалын жаап көргөзбөй калгандай кылып пардага
окшогон бирдеме жасап алды. Башына чондугу кол чатырдай болгон калпак кийип алды да,
плащга оронуп туруп качырга аялдарча минди. Күрөң өгүздүн куйругунан жасалган сакалы бел
курчоосуна чейин жеткен чач тарач экинчи качырга минди. Андан кийин баары менен, ошону
менен бирге иштериңиздин ийгиликтүү болушун тилеп теспе тартып, дуба кыламын деп
убадасын берген Мариторнес менен да коштошушту. Балким алда таала анын тилегин кабыл
кылып, өтө кыйын жана христиандык акыйкаттуу иште алардын иши илгери болуп калаар.
Бирок, мейманканадан чыга элек жатып эле поп, кой мындай жасанып алып чыкканым
жарабайт деген ойго келди, анткени диний адамга абдан жакшы ниет менен болгон күндө да
аялча кийинүүгө болбойт деди. Бул жөнүндө ал чач тарачка айтты да, экөөбүз алмашып
кийинелик деп суранды, анткени баарынан тең ажыраган кыздын ролун чач тарач, анын ат
кошчусунун ролун поп аткарса дурус болот, эгер ушундай болсо поп өзү баркын кетирбейт.
Ушул жөнүндө алар сүйлөшүп турган кезде алардын жанына Санчо бастырып келип калды да,
алардын жасанып алганын көрүп боору катканча күлдү. Бул күлкү ого бетер поптун жинине
тийди, ошондуктан ролдорубузду алмашалык деп чач тарачты дагы катуу кыстай баштады.
Акыры ал буга макул болду, бирок дон Кихот жашынып жүргөн капчыгайга барганда гана
алмашып кийинем деди. Андан кийин поп чач тарачка, сен өзүңдү кандайча алып жүрүшүң
керек жана сени ээрчиш үчүн дон Кихоттун сезимин кандайча кылып ойготуу керек экендигин
айтып үйрөтө баштады.
Акырында бул сөздөр Санчону эриктирип жиберди, эмесе мен мурда бара берейин да дон
Кихотту издеп табайын деп сунуш кылды. Митаам Санчо: сиздин жазган катыңызды
Дульсинеяга алып барып бердим, ал менден өзүнүн рыцарына салам-дубасын жиберет, ошону
менен бирге дароо калбай мага келсин деди деп өзүнүн таксырын алдамакчы болот,
— Дон Кихотту ал жерден алдап чыгаруу үчүн балким ушул эле жетишээр. Андай болсо
кымбаттуу таксырлар сиздер кыйналбай эле коюңуздар — деп кошумчалады Санчо.
Бул ой биздин досторубузга өтө жагып калды, ошондуктан алар эч ыргылжың болбой эле
Санчонун сунушуна макул болушту. Алар Санчо менен мындай деп убада кылышты: биз бир аз
кечирээк барабыз да, капчыгайдын ичинде сен белги салып кеткен жерге чейин жетебиз дешти,
Бул кезге чейин Санчо дон Кихотту издеп таап алып, аны менен сүйлөшүп поп менен чебер
Николастын жолунан тосуп чыкмакчы болду. Санчо аларга кайсы жол менен баруу керек
экендигин толуктап айтып берди да чаап жөнөдү, ал эми биздин достор болсо бош убакта
планды дагы бир жолу кеңешип талкуулап алалы деп мейманканага кайтып келишти.
Мындайча айтканда поптун кийим алмаштырып кийгени мейманканадагылардын көңүлүн
бурду. Жолоочулардын ичинде жол жүрүп баратып токтогон бир өтө сулуу, жаш аял
күтүлбөгөн жерден туш келип калды. Кожоюндун аялы ал сулууга поптун планы жөнүндө
өзүнүн билгенин айтып берди, ал сулуу бул окуяга өтө кызыккандыктан поптун планын
толугураак уккусу келди.
Биздин досторубуз шордуу идальгонун тарыхын ал сулууга дилгир болуп айтып беришти.
Анын тарыхын айтып жаткан кезде биздин рыцарды ак ниеттүү, кең пейил жана эр жүрөк адам
дешип аябай мактап салышты. Саякаттап жүргөн Доротея деген жаш аял бул аңгемени угуу
менен көңүлү элжиреп кетти. Ал өзү да рыцарлардын романдарын жакшы көрүүчү жана
Амадис менен Роланддын эрдик иштерине суктанчу. Ошондуктан ал аял шордуу дон Кихоттун
тарыхына эт жүрөгү элжиреп кетти да, биздин досторубуздун жашпы ишине жардам бермекчи
болду.
Күлүмсүрөп попко кайрылып туруп,—ыза көргөн кыздын ролун сизден жакшыраак аткара
турганыма ишенем деп кошумчалап койду. Ошону менен бирге жортуулда жүргөн рыцардан
жардам сураган кыздын кандайча сүйлөшүү керек экенин да билем.
— Сизди бизге жардам берсин деп тагдыр өзү жиберип жатат,— деп жооп берди сүйүнүп
кеткен поп.— Биздин сизге айта турган алкышыбызды айтууга сөз жетпейт. Эми тезирээк ишке
киришүүбүз керек.
— Мен кийинип азыр даяр болом деп Доротея кожоюндун аялынын бөлмөсүнө кирип
кетти. Бир аздан кийин ал кымбат кездемеден тигилген сонун көйнөк кийип, жашыл кездемеден
тигилген жука чепкен жамынып, моюнуна шуру тагынып, колуна билерик салынып биздин
саякатчылардын жанына келди. Поп менен чач тарач анын сулуу сымбатына жана жасанып
кийинип алганына аябай кубанып кетишти да, бир минутка кечикпей жолугушамын деп Санчо
Панса менен убадалашып койгон жерди көздөй жөнөмөк болушту.
Эртеси алар убада кылып белгилешкен жерге келип жетишти да, Санчону күтүү менен аска
таш жана дарактарды аралап агып өткөн булагы бар аяңда олтурушту. Алар Санчону өтө көпкө
күтүп калышты. Санчонун кармалып калгандыгына поп менен чач тарачтын чый-пыйы чыгып
тынчы кетип, өздөрүнчө ой жоруп жатышты. Акыры алар катуу сүйлөгөн добушту угуп, ал
Санчонун үнү экенин биле койду. Поп аны тосуп чыкты. Дон Кихот кайда деп анын чочулап
сураган суроосуна, Санчо мындай деп жооп берди: таксырымды таптым, бирок, жыпжылаңач
болуп бир гана көйнөгүнөн башкасынын баарын чечинип салыптыр, алсырап өңү саргайып
кетиптир, ачкалыктан өлө турган болуптур, ошондо да өзүнүн Дульсинеясынын атын айтып
ичинен дем алып коёт деди.
— Сеньор рыцарь мени көргөндө абдан кубанып кетти,— деп, сөзүн улантты Санчо,—
бирок, бул жерлерди дароо таштап, Тобосого келсин деп Дульсинея буйрук берди деп айтсам,
ал мага: анын урматы үчүн эрдик иштерди көрсөтмөйүнчө анын көзүнө көрүнө албайм деп
жооп берди.— Эгер ушинте берсе,— деп сөзүн улантты Санчо Панса,— анда менин таксырым
эч качан император боло албай турган коркунуч тууп жатат, анда жогорку даражалуу атак алуу,
байып калуу жөнүндөгү менин үмүтүм үзүлөт. Ошондуктан бул ээн талаадан аны алып чыгуу
үчүн кандай гана болбосун бир чара колдонуш керек.
Кандай да болбосун бул ишти орундатабыз деп поп Санчонун көңүлүн жайлоого шашылды.
Поп менен Санчо Панса мына ушинтип сүйлөшүп олтурушуп, чач тарач менен Доротея
калган жерге жетип келип калышты. Доротеянын укмуштай сулуулугуна жана сонун
кийимдерине дал болуп калган Санчо поптон мына бул сулуу ким деген эле, анан ал мындай
ээн жерде эмне издеп жүрөт деп сурады.
— Тууганым Санчо,— деп жооп берди поп,— бул суйкайган сулуу Микомикон деген улуу
королевствосунун королунун кызы, запкы көрсөткөн каардуу дөөдөн куткарып калуу үчүн ал
сиздин таксырыңызды издеп жүрөт. Дон Кихот деген кайрымдуу рыцарь бар деген, кабарды
угуп, ал Гвинеядан ушул жерге чейин издеп келип олтурат.
— Бали, буга мен түшүнөм! Бул жакшы иш,—деп кыйкырып жиберди Санчо Панса,—
урматтуу таксыр, эгер менин таксырым сиз айтып жаткан карасанатай дөөнү өлтүрүп, ыза
кылгандык үчүн өч алып берип, каардуу немени жеңсе андан да жакшы болот. Бир сөз менен
айтканда эгер ал сыйкырчы болбосо, биринчи эле салгылашууда жеңип чыгат, анткени менин
таксырым сыйкырчыларга үстөмдүк кыла албайт. Урматтуу таксыр, сеньор лиденниат сизден
бир гана нерсе жөнүндө өтүнүп сурайм, аным бул: менин таксырым епископ болууга ой кылабы
деп мен өтө чочулайм, ошондуктан урматтуу таксыр сиз аны мына бул принцессага тезирээк
эле үйлөн деп акыл айтыңыз. Мына ошондо гана аны эч ким епископ даражасына жеткире
албайт, ошентип ал бир падышачылыкты оңой-олтоң эле жеңип алат, анан менин тилегимдин
баары тең иш жүзүнө ашат. Мен кабыргам менен кеңешип жакшылап ойлоп койдум, эгер менин
таксырым епископ болуп алса, анда мени кайгы-муң басты дей бер, анткени мен чиркөөгө
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Шумдуктуу Идальго Дон Кихот Ламанчский - 12