Latin

Шумдуктуу Идальго Дон Кихот Ламанчский - 03

Total number of words is 4162
Total number of unique words is 1863
35.3 of words are in the 2000 most common words
47.3 of words are in the 5000 most common words
54.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
максатын түшүнүп койгон сыяктуу таскактап жөнөгөндө, анын туяктары жерге тиер-тийбес
болуп бараткандай сезилди.
Биздин рыцарь көп узай элегинде эле, калың токойдун ичинен кимдир бирөөнүн жаны ачып
онтогон үнү угулду. Дон Кихот Росинанттын тизгинин тартып, анан мындай деп кыйкырды:
— Ырайымдуулук кылып, мойнумдагы рыцардык милдетимди актоого жана өзүмдүн
адилет иштеримдин жемишин татуу үчүн мүмкүнчүлүктү мага ушунчалык тез бергендигиңиз
үчүн жараткан сага ыракмат! Бул онтоп жаткан неме бир байкуш чыгар, ага менин болушуп,
жардам беришим керек го.
Ошентип, айтып коюп, Росинанттын тизгинин силкип алды да, ошол онтоп үн чыгып
жаткан жакты көздөй шашыла бастырды. Токойдун ичине кире берери менен эле москоолунан
келген дыйкан, жашы он беш чамасындагы баланы бел курчоосуна чейин жылаңачтап, даракка
таңып коюп, жоон кур менен аны аябай сабап жатканын көрдү. Бала ары-бери жулкунуп жана
ачуу үн менен кыйкырып жаткан экен, дыйкан болсо шашпай жай баракат гана:
— Көзүңдү чоң ачып жүр, эми болсо тилиңди тарт —деп, кекетип коёт.
Бала болсо:
— Эми мындан кийин мындай кылбайм, сеньор,— эми мындай кылбас үчүн сизге ант
берем! Мындан ары койду көз ирмебей кайтарууга убада берем,— деп жооп берип жатты.
Болуп жаткан окуяны көрүп дон Кихот каарданып кыйкырып калды;
— Татыксыз рыцарь, коргонууга күчү келе албагандарга кол салганың уят эмеспи. Сиздин
бул кылган ишиңиздин адамгерчилиги жок экендигин мен азыр көзүңүзгө көрсөтөм.
Куралдарды асынып алган жана найзасын кесе сунуп, көз алдына такап турган атчан кишини
көргөндө, алиги дыйкан ажалым жеткен экен деп ойлоду да, мукактанган үн менен:
— Сеньор рыцарь, бул бала менин койчум. Бул абдан жалкоо жана абдан аңкоо эме, мына
ушундайлыгынан кудайдын куттуу күнү бирден коюм жоголуп жатат. Мына ушунусу үчүн мен
аны жазалап жатам, ал болсо, эмгек акы төлөбөө үчүн ич күйдүлүк менен сабап жатат,— дейт.
— Мына ушул найза менен азыр эле сенин денеңди теше саям! деп баарыбызга жарык
берип турган күнгө ант беремин! Кыңк-мыңк дебей байкушту чечип коё бергин да, анын
акысынын баарын тең толугу менен төлөп бергин, болбосо, бар эмеспи — бир уруп сенин
жаныңды сууруп алам да, ушу турган жериңде эле мерт кылам! Азыр эле мунун колу-бутун
чечкин!
Корккон дыйкан үн жок, сөз жок баланын колу-бутун чечип жиберди. Дон Кихот баладан
кожоюнуң сага канча карыз эле,— деп сурады. Бала, ай сайын жети реалдан11 деп эсептегенде,
тогуз ай үчүн төлөй элек, — деп жооп берди. Дон Кихот санаса алтымыш үч реал болуп чыкты.
Дон Кихот дыйканга:— Эгер жан керек болсо токтоосуз түрдө акысын төлөп бергин, же өлүмгө
даярдан, — деп буюрду. Үрөйү учкан дыйкан жооп катарында күңкүлдөп:— балага мурда
берген үч чарыктын акысын жана ал ооруган кезде эки реалга эки жолу кан алдыргам мына
ушуну бул өлчөмдөгү акчадан алып таштаңыз деди.
— Макул, ошондой эле дейли,— деди дон Кихот.— Бирок, сиз эч себепсиз аны чыңыртып
сабоо менен чарыктын да жана кандын да эсесин чыгардыңыз, анткени эгер сиз сатып берген
булгаары чарыкты ал айрып койгон күндө да, сиз анын өзүнүн терисин айра сабап
койбодуңузбу, эгерде ал ооруган кезде чач тарач андан кан алган болсо, а сиз ал сопсоо турган
кезде эле канын агызып жатпайсызбы. Демек, бул жагынан экөөңүздөрдүн тең бирибириңиздерде акыңыздар жок.
— Сиздин айтканыңызга макулмун, сеньор рыцарь! Бирок жанымда акча жок эле, ошо жери
жаман болуп жатат. Мейли эмесе, Андрес мени ээрчип кыштакка жүрсүн, мен ага акчасынын
бирин калтырбай төлөп берейин!
— Эмне, мени муну менен бирге бар деп турасызбы?— деп, бала кыйкырып жиберди.—
Жок, эч бара албайм, сеньор! Барууга оюм да жок. Сизден бөлүнүп бул экөөбүз калаар замат
эле, менин теримди тескери сыйрып жиберет.
— Бул андай кылбайт,— деди дон Кихот.— Менин буга буйрук кылганым гана жетишет, ал
буйругумду аткарат. Мейли ал рыцарь эмеспи, ошондуктан рыцардык кайсы коомго таандык
болсо, ошого ант берсин. Ошенткенде гана мен аны коё беремин жана ал кыңк этпей сенин
акыңды төлөп берет, мен ага кепил боломун.
—Урматтуу сеньор, эмне деп жатканыңызды ойлоп көрүңүзчү,— деди бала.— Менин
кожоюнум такыр рыцарь эмес жана рыцардык эч бир коомго жазылган да эмес. Чынында бул
— Кинтанар кыштагынан чыккан бай — Хуан Альдудо.
— Ал эч нерсе эмес — деп, жооп берди дон Кихот, — Альдудо да рыцарь боло алат. Ар
бирибиз өзүбүздүн адилет ишибиздин адамыбыз.
— Кылган кызмат үчүн акы төлөбөй, баш тартып жаткандан кийин, менин кожоюнумдун
кайсы адилет иши болмок эле?—деди бала.
— Мен акы төлөөдөн баш тартканым жок балам Андрес,— деди дыйкан.—Мени ээрчип
жүргүн. Бир тыйын калтырбай акынды төлөйм, ал түгүл жаңы акча менен төлөп берем,—деп
бүткүл дүйнө жүзүндөгү болгон рыцардык бардык коомдорго ант кылам.
—Жаңы акча менен эмес, эски менен эле төлөөгө уруксат этем,— деди дон Кихот.—
Акысын кадимки эле реал менен төлөп берсеңиз эле жетишет. Байкаңыз, өзүңүздүн берген
антыңызды орундатыңыз, эгер орундата албасаңыз, сиз катуу өч алууга дуушар болосуз: сиз
жердин түбүнө түшүп кетсеңиз да, баары бир мен таап алам. Эгерде сизге муну буйруп жаткан
кишинин ким экендигин билгиңиз келсе, билип коюңуз: мен — кимде-ким бирөөнү ызалантса
жана адилетсиздик иш кылса, ошолордон өч алуучу, даңктуу дон Кихот Ламанчскиймин.
Бул сөздөрдү айтуу менен шпорлорун Росинанттын эки капталын кадап теминип койду да,
чапкан бойдон жөнөп кетти. Рыцарь токойго кирип, көздөн кайым болгуча дыйкан карап турду
да, анан Андреске кайрылып, мындай деди:
— Бери жакын кел балам, ыза кылгандык үчүн өч алып берүүчү жанагы сеньордун
буйругун орундатып мен сага өзүмдүн карызымды төлөп бергим келип турат.
— Чын айтам, — деп жооп берди Андрес, эгер бул кайрымдуу рыцардын буйругун
орундатсаңыз, анда сиз абдан жакшы иш кылган болосуз; эрдик кылып акыйкаттуу чечкендиги
үчүн, ага кудай миң жылдык өмүр берсин.
— Мен сени абдан жакшы көрөм,— деди дыйкан,— сенин акыңды дагы көбөйтүү үчүн, мен
азыр карызымды да көбөйткүм келет.
Ошентип, аны колдон алды да, кайтадан эмен дарагына таңып коюп, чала жан болгончо
сабады.
— Кана эмесе сеньор Андрес, азыр өзүңүзгө болушкан кишиңизди издеп таап алыңыз,—
деди дыйкан. Мен сизди чала-була эле ызаланткан окшоймун. Ошондуктан териңизди тирүүлөй
эле сыйрыгым келип турат.
Мындан кийин дыйкан таңылган жеринен баланы чечип жиберди да, өзүнүн коргоп
калуучу адамын издеп таап, кеңешин алгын деп коё берди. Андрес көз жашын көлдөй төгүп,
рыцарды издеп табууга убада берип, рыцарга ийне-жибине чейин бирин калтырбай баарын
айтып бермекчи болуп, токойдун ичинен илкий-калкый басып жөнөдү. Ал эми кожоюн болсо
анын артынан күлүмсүрөп карап турду.
Дон Кихоттун болушкандыгы мына ушуга дуушар кылды.
Бирок дон Кихотко, ал өзүнүн рыцардык ишине эң сонун жол салгандай көрүндү. Бул
окуянын болгондугуна толук канааттанып коюп, ал төмөнкүдөй сөздөрдү күбүрөп айтып, жайбаракат өзүнүн жолун уланта берди:
— О, эң сонун Дульсинея Тобосская, чындыгында сен ушул кезде жер жүзүндө жашаган
бардык аялдардын ичинен өзүңдү бактылуу деп санасаң болот, о, сулуулардын ичинен чыккан
сулуу! Дон Кихот Ламанчский сыяктуу абдан каарман жана даңктуу рыцардын тагдырын
чечип, аны кул катарында бийлөө сага белек кылып берилген. Анын кечээ эле рыцарь болуп
жарыялангандыгын бүткүл дүйнө жүзү билет, ал эми бүгүн болсо бир баланы ыза кылып, ага
адилетсиздик иш кылгандык үчүн балага өч алып бердим. Ал, жаш баланы сабап жаткан уятсыз
кара санатайдын колунан шапалагын жулуп алдым.
Ал бат эле эки жолдун айрылышына келип жетти. Жортуулдап жүрүүчү рыцарлардын тогуз
жолдун тоомуна токтоп, кайсы жол менен баруу керек экендиги жөнүндө ойлонушкандыгы
ошол замат анын эсине түшө калды. Аларды туурап ал дагы каякка барарын билбеген
сыяктанып, бир аз турду да кырдаалды жакшылап ойлоп, акырында Росинанттын тизгинин коё
берип, эркине койду. Росинант болсо дароо эле ат сарайга баруучу жолго түштү. Ошентип дон
Кихот өзүнүн кыштагын көздөй бет алды. Эки миль жол жүргөндөн кийин дон Кихот бир жоон
топ атчан кишилерди көрдү. Алар кийин аныкталганга караганда жибек сатып келүү үчүн
Мурсияга бара жатышкан Толедолук соодагерлер болуп чыкты. Алар алтоо эле, кол
чатырчаларына саялап төбөлөрүнө кармап алып, төрт атчан кызматкер жана качырларды жөө
айдап жүрүүчү үч кишинин узатуусу менен кетип бара жатышкан экен. Дон Кихот аларды
жакшылап карай элегинде эле, өзүн жаңы окуя күтүп тургандай көрдү. Ошондуктан ал ээрге
баса олтуруп, кекирейген жана каарданган түр менен үзөнгүлөрүн чирене теминип, найзасын
колуна бекем кармап, көкүрөгүн калканч менен калкалап, жолдун ортосуна токтоду да,
соодагерлерди жортуулдап жүргөн рыцарлар деп ойлоп, алардын жакындап келишин күтүп
турду. Жакындап келген кезде ал үнүн көтөрүңкү чыгарып жана текебердик менен:
— Эгер силер, бул жарык дүйнөдө ченде жок Дульсинея Тобосскаядан башка сулуу аял жок
деп эсептебесеңер, анда бир да бириңер мындан ары алга карай бир кадам жыла албайсыңар—
деди.
Мындай сөздөрдү угаар замат соодагерлер токтоп калышты. Бул чоочун кишинин тантырап
сүйлөгөн сөздөрүнө жана укмуштуу кийимдерине караганда анын жинди экендигин дароо биле
коюшту. Анын мындай кадала кылган талабы соодагерлерге кызык көрүнгөндүктөн, алардын
ичинен бир тамашакөйү жана куудулу мындай деп жооп берди:
— Сеньор рыцарь, сиз айтып жаткан ченде жок сулуунун ким экендигин биз билбейбиз.
Аны бизге көрсөтүңүз, эгер ал чынында эле сиз айткандай сулуу болуп чыкса, анда биз сиздин
талабыңызды, жан-дилибиз менен орундатабыз.
— Ал кызды көзүңөр менен көргөндөн кийин гана менин айткан сөздөрүмдүн адилеттүү
экендигин билүүнү мага эч кандай кажаты жок!— деди дон Кихот.— Аны көрбөй туруп эле бул
чындыкты таанууну жана жактоону мен силерден талап кылам, антпесеңер мен силерди
салгылашка чакырам. Рыцардык закон талап кылгандай кезек менен чыгасыңарбы, же болбосо
баарыңар чогулуп бирге чыгасыңарбы? Өзүмдүн сөзүмдүн талашсыз чындыгына ишенип,
силерди татыктуу түрдө тосуп алам.
— Сеньор рыцарь,— деп жооп берди соодагер,— биз кулак угуп, көз менен көрбөгөн
кишини, ошол сиз айткандай деп эсептей турган болсок, анда күнөөгө батып жүрбөйлү деп
коркобуз. Ошондуктан, ал сулуунун жок дегенде бир сүрөтүн көрсөтүп коюңуз деп бул
сеньорлордун — менин жолдошторумун атынан сизден көптөн-көп өтүнөм. Сиздин
сулууңуздун бир көзү кыйшык болсо да анын сүрөтүн карап көрүп, сизге жаккандай болсун
үчүн баары бир биз аны периштеңиз деп билебиз, ошентип ошондо гана, урматтуу таксыр,
өзүңүз каалаган жоопту алып канааттанып, жаныңыз жай алып калат.
Дон Кихот каарданып кыйкырды:
— Сиз менин айткан асылкечимдин ченсиз сулуулугуна шек келтиргендигиңиз үчүн катуу
жооп бересиз!
Ошентип, бул сөздөрдү айтып, найзасын кесе кармап алып, кутургандай, каарданган бойдон
кайым айтышып турган соодагерди качырып сала берди. Анын бактысына жараша эгер
Росинант ташка мүдүрүлүп кетпесе, анда тайманбаган соодагер өтө жаман болот эле. Росинант
жыгылып, Дон Кихот аттан алыс ыргып кетти. Ал өйдө турууга бир топ аракет кылды, бирок
ага найза, калканч, өтүктүн шпорлору туулга жана эски оор соот, курал-жарак тоскоолдук
кылды. Турам деп курулай аракет кылып жатып, ал сөзүн мындай деп уланта берди:
— Качпагыла, коркоктор, шүмшүктөр, токтогула, жыгылып калганыма мен, күнөөлүү
эмесмин, атым күнөөлүү!
Качырларды айдоочулардын бири мурда жооштугунан мыктылыгын көрсөтө албай
жүргөнбү, айтор бул маскаралаган сөздөргө чыдай албады да, ага жооп кылып рыцардын
сазайын колуна бермек болду. Ал дон Кихоттун жанына чуркап келди да, анын найзасын
колунан жулуп алып, чыт-бытын чыгарып сындырып жиберип, бир сыныгы менен биздин
рыцарды токмоктоп кирди. Анын соот курал-жарактарына карабастан рыцарды тегирменге
салынган эгиндей жанчып салды. Соодагерлер канчалык койгун деп кыйкырса да болбостон,
качырды айдоочу неме рыцарды ура берди. Ал, найзацын сыныктарын улам биринен сала
бирин алып, жерде сулап жаткан рыцарды жонго койгулап, токмоктоп сындырып жатты.
Таяктын үстү-үстүнө тийип жатканына карабастан ал үнүн баскан жок, кайта асманды, жерди
жана каракчылар деп ойлогондорунун баарын тең коркутуп, сөздөрүн уланта берди.
Качыр айдоочу акыры өзү чарчады, анан байкуш рыцарды урбай, өз жайына койду;
соодагерлер жөнөп кетишти. Таяк жеп, көк ала койдой союлган байкуш рыцарь жөнүндөгү сөз,
соодагерлердин андан аркы жол жомогу болду. Ал эми дон Кихот болсо өзүнүн жоолорунун
алыстап кеткендигин көрүп, өйдө турууга кайрадан аракет кылды. Бирок качыр айдоочу аны
чала жан кылып сабап таштагандыктан байкуш идальго беш манчаларын да кыймылдата алган
жок. Ошондой болсо да ал мындан коркуп кабагым-кашым деп койбоду; саякатта жүрүүчү
рыцарлардын үлүшүнө мындай кыйынчылыктардын туш келе бере тургандыгын жана бул
кокустук атынын гана күнөөсүнөн болгондугу үчүн өзүнүн даңкы маскараланбастыгын билген.
5-ГЛАВА. Биздин рыцардын үйүнө кайта келгендиги жөнүндө
баяндалат
Чын эле кыймылдоого дарманы келбестигине көзү жеткенден кийин, биздин рыцарь өзү
окуган романдарынын ушуга окшош бир окуясын эстеп, адетинче өзүн-өзү сооротмок болду.
Анын эселектик менен онлогон оюна как эткен карга, кук эткен кузгун жок, аркайган аска
тоолордун арасына эмне болсоң ошол бол деп таштап салынган жарадар Болдуин ошол замат
эсине түшүп, көз алдына элестеди. Ошол рыцардын жалооруп, зарлап айткан сөздөрү дон
Кихоттун мына ушул кайгы баскан жаман абалына окшош сыяктанды. Ошентип, биздин
идальго жалооруган терең сезим менен өзүнүн көз алдында элестеп көрүнүп турган жаркынын
жалынып-жалбарып чакыра баштады.
— деп чакырды, бирок:
Ортоктош болуп кайгыма,
Жаркыным келчи жаныма
Боороруп туруп, өзүмө
Кулак салчы зарыма12
Мантуанский чын агам,
Кантип жалгыз мен калам.
— деген сөздөрдү айтууга үлгүрө электе эле, тагдыр ага жардамдаш болуп, колуна сала
бергенсиди. Дон Кихот турган кыштактын дал өзүндө жашаган бир дыйкан дал ошол кезде
жолдон өтүп бараткан экен. Дыйкан тегирменден келатыптыр, жерде суналып жаткан кишини
көрө коюп, анын жанына басып келди да сага эмне болуп кетти, эмне үчүн мынчалык жаның
ачып, жалооруп онтоп жатасың?—деп сурады.
Дон Кихот мандайында турган адамды агам маркиз Мантуанский деп ойлосо керек, анткени
— анын суроосуна эч жооп бербестен романсты кайталап айта берди, анда рыцарь Болдуиндин
башына түшкөн азабы жөнүндө айтылчу эле.
Дыйкан буларды укканда абдан айран-таң калды... Ал шашыпүшүп, найзанын сыныктары
менен ургулаганда кабырылып калган калканчты үстүнөн алып таштады да, анын алдында
жаткан дон Кихот экенин тааныды.
— Сеньор Кехана, сизди ким мынчалык ийлеп салган?—деп, кыйкырды ал.
Боорукер дыйкан, жарадар болуп жүрбөсүн деп ойлоп, анын төшүн жана аркасын
калкалоочу соотторун чечип жиберди. Бирок жарадар болгон жери да жок, жана аккан кан да
көрүнбөйт. Жарадар жери жок болгондон кийин, дыйкан дон Кихотту жерден өйдө көтөрүп
алды да, бул бечарага эшектин үстү тынчыраак болот го деп ойлоп, араңдан зорго дегенде
өзүнүн эшегине мингизди. Шордуу идальгону тынчыраак кылып мингизип койду да, анан
рыцардын сооту менен курал-жарактарын алып, аларды Росинанттын канжыгасына байлап
туруп, ат менен эшекти тизгинден алып, жетелеп, үн катпастан кыштакты көздөй бет алды. Дон
Кихот да терең ойго батып, дыйканга окшоп унчуккан жок. Качыр айдоочу эме аны аябай
жанчкан экен, ошодуктан ал ээрдин үстүндө араң эле келатты. Анда-санда катуу улутунуп
үшкүрүп коёт, үшкүрүгү таш жарчудай сезилет. Чоочулап келаткан дыйкан эмнеңиз ооруйт деп
дагы кайталап сурады. Дон Кихот буга чейин Болдуин жөнүндөгү окуяны унутуп койду; эми
анын оюна Антекеранын башкаруучусу Родриго де Нарваэс, мавр Абиндарраэсти колго
түшүрүп алып, аны өзүнүн сепилинин ичине камап койгондугу туурасындагы жаңы тарыхты
эстеди. Мына ошондуктан колго түшкөн Абиндарраэс Родриго де Нарваэске кандай деп жооп
берген болсо, дон Кихот да дал ошондой сөздөр менен дыйкандын берген суроосуна жооп
берди:
— Билип коюңуз, ырайымдуу Родриго де Нарваэс,— деп рыцарь өзүнүн сөзүн ушундай деп
аяктады,— мен азыр эле сизге айтып олтурган айдай сулуу Харифа, эми болсо анын ордун
Дульсинея Тобосская басты, ошонун урматына даңктуу, эрдик иштерди иштедим, иштеп жатам
жана мындан ары да иштей бермекчимин, мындай эрдикти мурда бүткүл дүйнө жүзүндө эч ким
көргөн эмес, көрбөйт жана эч убакта көрө да албайт.
Дыйкан анын айткан сөздөрүнө мындай деп жооп берди:
— Урматтуу сеньор, менин сөзүмө кулак салып түшүнүп коюңуз, мен такыр Родриго де
Нарваэс эмесмин, сиздин бир айылдашыңыз Педро Алонсомун; а сиз рыцарь Болдуин же
Абиндарраэс эмес эле, урматтуу идальго, сеньор Кеханасыз.
— Ким экеними өзүм билем — деди дон Кихот,— бүткүл рыцарлардын көрсөткөн эрдиги
менин эрдик менен иштеген иштериме тең келбей турганын өзүм билем.
Мына ушундай сөздөрдү сүйлөшүп олтурушуп, алар кечке маал кыштакка кирип барышты.
Көк ала койдой союлган байкуш дон Кихотту эшектин үстүнөн бирер жарым киши көрүп
койбосун деген ой менен дыйкан күүгүмдүн киришин күтүп кыштакты курчаган кашаанын
жанына келип токтоду. Күүгүм киргенден кийин кыштакка кирип барып, дон Кихоттун үйүн
көздөй жөнөдү. Үйдүн ичинен катуу сүйлөшкөн шаң-шуң үндөр чыгып жатты, биздин
идальгонун ажырагыс эки досу поп менен чач тарач үйдөгүлөр менен аңгемелешип олтурган
экен. Экономка үнүн бийик чыгарып, төмөнкүдөй деди:
— Кана менин таксырым туурасында сиз эмне дейсиз? Ырайымдуу сеньор лиценциат13
Перо Перес (попту ушундай деп атай турган). Өзүнүн, калканчы менен чобурунун, найзасы
менеи соотторунун жоголуп кеткенине мына эки күн болду! Мен бир бактысыз аялмын! Аны,
рыцарлардын каргыш тийген романдары жинди кылды деп ойлойм. Өзү менен сүйлөшүп
олтуруп, үй-жайынан безип, укмуштуу окуяларды издеп сапар тартам деп бир эмес, бир нече
жолу шерт кылгандыгын түшүнөм. Бүт Ламанчадагы өтө акыл-эстүү адамдын түбүнө жеткен
ошол китептердин бардыгына каргыш тийсин.
Кыз — жээни да дал эле ушундай деди:
— Чебер уста Николас, (чач тарачты ушундай деп аташчу),—менин таякемдин бул каргыш
тийген романдарды эки күн бою күн-түнү менен кирпигин какпай окуган убактысы көп эле
болчу, ошону билесизби? Окуй берип абдан кызып кеткенде колундагы китепти таштап
жиберип, кылычын ала коюп, үйдүн дубалдарын чапкылай турган. Суй жыгылып чарчагандан
кийин бою мунарадай келген төрт дөөнү өлтүрдүм,— деп кыйкырчу. Өтө катуу чарчагандыктан
тер шорголоп агуучу, муну ал согушуп жаткан кезде болгон жарадан агып жаткан кан деп
ойлоочу. Анан бир карапа толтура муздак суу ичип алып, аны досум, улуу сыйкырчы Эскифа
алып келген өтө кымбат ичимдик деп айтчу эле. Бирок, мунун бардыгына мен өзүм
күнөөлүүмүн. Мен таякемдин мындай кеңкелес абалга туш келгендиги жөнүндө силерге
эртерээк айтпагандыгым үчүн мага кечирилбес күнөө. Эгер ошондой деп айткан болсом, анда
силер жол бербейт элеңерго. Анын башын айлантып жинди кылган китептерди өрттөп
жиберсем болмок экен.
— Мен сиздин айткандарыңызга толук макулмун, биздин байкуш досубузду акылынан
ажыратпоо үчүн биз бул китептерди эртең эле өрттөп жиберебиз,— деди поп.
Дон Кихот жанындагы жолдошу экөө бул айтылган сөздөрдүн баарын тең угушту.
Кошунасынын кандай абалга дуушар болгондугу дыйканга эми түшүнүктүү болду. Ошондуктан
ал:
— Эшикти ачыңыз кызым!— деп катуу кыйкырып жиберди,— Оор жарадар болгон сеньор
Балдуин Маркиз Манутанский келди, ал өзү сеньор мавр Абиндарраэс болуп эсептелет, аны
Антекераны бийлөөчү эр жүрөк Родриго де Нарваэс ээрчитип келип олтурат.
Баары тең чыккан үндү көздөй чуркап чыгышты. Эркектер өздөрүнүн досун, аялдар болсо
өздөрүнүн кожоюнун жаңа таякесин таанышып, кучактоого жүткүнүштү. Бирок, алы келбей
алсырап калган дон Кихот эшектен түшө албай жатып сөз айтты:
— Сабыр кылгыла! Оор жарадар болгонума астымдагы атым күнөлүү. Мени көтөрүп
төшөгүмө алып баргыла, анан эгер мүмкүн болсо, жарамды таңып, мени айыктыруу үчүн
акылман сыйкырчы Ургандуну14 чакырып келгиле.
— Көрдүңүздөрбү, бул эмне деген бактысыздык!— деп кыйкырып калды экономка.—
Жүрөгүм туура сезген экен. Жакшы убакта келдиңиз урматтуу таксыр, биз сизди сыйкырчысыз
эле өзүбүз айыктырып алабыз. Ырайымдуу таксыр сизди ушундай абалга дуушар кылган
рыцарлар туурасындагы китептерге миң мертебе наалат.
Андан кийин дон Кихотту төшөгүнө көтөрүп барып, жаратын таңалы деп ой кылышты эле,
бирок эч кандай жара таба алышпады. Жалгыз өзүм он дөөгө каршы кызуу салгылашып жаткан
кезимде Росинант мүдүрүлүп кетип ат-матым менен күү деп барып жыгылып, этим ооруп
калды деп түшүндүрдү ал. Анын айткан сөздөрүнө караганда жер жүзүндө ал дөөлөрдөн ашкан
кыянатчы, кутурган эмелер жер жүзүндө жоктой көрүнөт.
Поп анын сөзүн бөлүп:—Де-де-де, демек, биздин жерге дөөлөр да келип калдыбы? Эртең
күн тийгенче алардын өзү эмес, изи да калбайт— деп, ант берем.
Мына ушинтүү менен алар дон Кихоттон укмуштуу окуялар жөнүндө сураштыра
башташты, бирок алар менен дон Кихот эчтекени сүйлөшкүсү келбей койду. Тамак бергиле,
анан тынч өз жайыма койгула деп суранды, анткени дон Кихоттун карды ачып, уйкусу келген
болучу. Анын айткандары орундалды, ал эми поп болсо дыйкандан дон Кихотту кай жерден
жана кантип таап алдың деп толук баштан аяк сурады.
Дыйкаң көргөн-билгендеринин бирин калтырбай толук айтып берди, идальгонун
сандырактап айткан сөздөрүнүн кай бир жерлерин кайталап да берди.
Бул сөздөрдү уккандан кийин дон Кихоттун китептерин жок кылуу жөнүндөгү поптун оюн
ого бетер чындады. Эртеси эртең менен ал досу чач тарачтын үйүнө кирди, ошентип, экөө тең
биздин идальгонун үйүн көздөй бет алышты.
Дон Кихот али уктап жаткан экен. Бардык балааны чыгарып жаткан китептер жаткан
бөлмөнүн ачкычын поп дон Кихоттун жээнинен сурап алды. Экономка бардыгын тең ушул
бөлмөнү көздөй ээрчитип жөнөдү. Ал бөлмөнүн ичиндеги текчелерде жүзгө жакын калың китеп
жана эң сонун мукабалуу толуп жаткан кичине китептер жыйылып турган экен. Попту бир аз
токтой туруңуз деди да, кызматкер аял бөлмөдөн чуркап чыгып барып, анан тез эле ыйык суу
куюлган чоң чыныны алып жетип келди.
— Поп аке, мына муну алыңыз да адегенде бөлмөнүн ичине чачыңыз, антпесе бул
китептерде жазылган сыйкырчылардын бирер-жарымы келип калып, биздин бүткүл жиншайтанды жер менен жексен кылганы жатканыбызды көрүп, өзүбүздү бир балакет кылып кетип
жүрбөсүн, оозумурдубузду кыйшайтып адам сыягынан чыгарып коюп жүрбөсүн деди.
Поп аңкоо аялдын чочулап айткан сөздөрүнө жооп берүүнүн ордуна күлүп гана койду,
ошентип чач тарачтан китептерди биринен сала бирин мага алып бере бер деди. Ал болсо,
өрттөөгө болбой турган жазыксыз китептерди тандап алгысы келди.
— Жок, жок,— деп кыйкырды жээни,— бул китептердин бирин да актоого болбойт, биздин
балээге дуушар болушубузга булардын баары тең күнөөлүү. Андан көрө баарын тең терезеден
короонун ичине ыргытып чыгарып туруп, өрттөп жибергенибиз жакшы.
Кызматчы аял да анын сөзүн жөнөттү. Бирок, поп алардын келжиреп айткан сөздөрүнө
таптакыр көңүл бурган жок, кур дегенде китептердин аттарына көз жүгүртүп чыкмакчы болду.
Чебер уста Николас ага бир калың китеп алып берди. Ал Амадис Галльскийдин төрт бөлүмдүү
тарыхы болуп чыкты.
— Бул болсо рыцарлар жөнүндө чыгарылган Испаниядагы биринчи китеп, калгандарынын
бардыгы мына ушундан башталат,— деп, укканмын. Ошондуктан биз аны эч аябай туруп
өрттөөгө тийишпиз, дейм.
— Жок, сеньор!—деп чач тарач буга макул болбоду.— Жазылган романдардын баарынын
эң мыктысы деп уккам, ошондуктан мунун күнөөсүн кечип, өрттөбөй алып калалы.
— Айтты, айтпады сеники чын, биз аны көңүлгө алып туруп, убактысынча өрттөбөй
туралы,— деп жооп берди поп.— Кана эмесе, эми анын жанындагы китепти көрөлүчү.
— Амадис Галльскийдин өз баласы Эспландиаядын кылган эрдиги, — деди чач тарач.
— Чынын айтканда,— деп күңкүлдөдү поп,— атасынын сиңирген эмгеги баласын ажалдан
алып кала албайт. Сеньора экономка мына бул китепти алыңыз да, терезени ачып туруп,
короону көздөй ыргытып жибериңиз. Өртүбүздүн биринчи от тамызгысы болсун.
Кызматчы аял анын бул тапшырмасын өтө ыраазы болуу менен аткарды.
— Андан кийинкиси эмне экен!—деди поп.
— Андан кийинки китеп,— деп сөзүн улантты чач тарач,— Амадис Греческий экен, бул
текчедеги китептердин бардыгы тең Амадистин уруусу жөнүндө болсо керек,— деп ойлойм.
— Мейли, тим кой анын бардыгы тең короону көздөй бара беришсин,— деп жооп берди
поп..
— Мен да ошондой деген пикирдемин,— деди чач тарач.
— Мен да,— деп дон Кихоттун жээни алардын сөзүн кубаттады.
— Эгер андай болсо, ал китептердин бирин калтырбай отко жагуу керек,— деди кызматчы
аял.
Ошентип, калың, жукасына карабай томдордун бардыгы тең терезеден ыргыды.
Рыцарлар жөнүндө жазылган романдарды жайгаштырып бүткөндөн кийин поп ар түрдүү
ырлардын жана поэмалардын жыйнактары турган текчеге бет алды. Биринчи жыйнакты колуна
жаңыдан алаар замат эле төмөн жактан дон Кихоттун айкырган үнү угулду:
— Бери келгиле, бери келгиле эр жүрөк рыцарлар!—деп кыйкырды ал.—Силердин
кубаттуу колуңардын күчүн көрсөтө турган мезгил келип жетти! Падышанын сарайында
кызмат кылган рыцарлар турнирдеги жеңишти биздики дегилери келишти.
Мына ушул айкырыкты угуп чочуган биздин достор китептерди ташгап жиберишип,
ызычуу чыгып жаткан жакты көздөй чуркашты.
Уктоочу бөлмөгө чуркап кирип баргандан кийин алар, төшөгүнөн туруп кылычын колуна
кармап, өзүнүн оюндагы душмандарынын башын алып, быш эткизе жара сайып жаткан дон
Кихотту көрүштү. Анын каарын төгүп, шып-шуп этип кыймылдап жатканына караганда өзүн
ооруп, алсырап жатам деп эч сезбесе керек.
Поп менен чач тарач экөө анын жанына чуркап барышып, күч менен араң дегенде
төшөгүнө жаткырышты. Бир аз тынч алгандан кийин дон Кихот попко мындай деп кайрылды:
— Сеньор архиепископ Турпин15 чынын айтканда биздин жортуулдап жүргөн рыцарлардын
жеңип алган жеңиштерибизге падыша сарайында кызмат кылган рыцарлардын ээ болушуна
жол берген он эки пэрдин16 бул кылыгы өтө маскарачылык. Жок, мындай маскарачылыкка мен
эч чыдай албайм.
— Сабыр этиңиз, ырайымдуу сеньор,— деди поп,— кудай берейин десе, баарын тең белен
кылат, бүгүн ажырап калсак аларды эртең эки эсе кылып алабыз. Ошондуктан сиз өзүңүздүн
ден соолугуңуз жөнүндө кам көрүңүз. Сиз жарадар болбосоңуз да, өтө катуу чарчап калган
болушуңуз керек, мага ошондой сезилет.
— Жок, мен жарадар эмесмин,— деп жооп берди дон Кихот,—бирок чыны, аябай
жанчылып калыпмын. Кара ниет жана көрө албас дон Рольдан17 мени эмендин сөңгөгү менен
сабады, анткени рыцарлардын эрдик көрсөтүүчү иштеринде жалгыз мен гана анын тең
тайлашуучусу экенимди ал абдан жакшы түшүнөт. Мына ушул жаткан жеримден турсам болду.
Мен анын сазайын колуна берем. Мага азырынча тамак алып келип бергилечи, анткени мен
азыр адегенде күч жыйнап, кубат алышым керек. Ал эми өчүмдү кийинчерээк эле ала алам.
Алар дон Кихоттун айтканындай кылып, тамак алып келип беришти. Дон Кихот тамагын
ичип туруп, дагы кайтадан уйкунун кучагына кирди.
Ошол эле түнү кызматкер аял үйдөгү китептердин бардыгын калтырбай өрттөп жиберди,
поп күнөөсүн кечирип аяп калтырып койгон китептер да өрттөндү. Эртеси күнү китепкананын
эшигин кирпич менен бүтөн, жыпжылмакай кылып сылап, билгизбей койду. Бир сыйкырчы
келип бүткүл китептерди, бөлмөнү, андагы текчелерди жана мебелдерди карактап алып кетти,
деп айтууга макулдашып коюшкан. Бул ишти ушундайча бүтүрүп коюшуп, бардыгы тең.
идальгонун айыгышын чыдамсыздык менен күтүп жатышты. Эки күндөн кийин дон Кихот
абдан сакайып, төшөгүнөн турду. Ал, эң оболу өзүнүн китептерин көрүү үчүн жөнөдү. Өзүнүн
китепканасына кирүүчү эшикти таппай койгондо, анын айран-таң калганын көрсөңөр болор эле.
Ал үйдүн ичинде сандырактап көпкө басып жүрдү, бардык бөлмөлөрдү аңтарып-теңтерди,
бүтөлгөн эшикке кайтакайта келе берип, колу менен сыйпалап көрдү. Бирок эшикти таба албан,
элеңдеп жан-жагына каранды. Акыры чарчагандан кийин:
— Китепкананын эшиги кайда?— деп кызматкер аялдан сурады.
— Бул суроого берилүүчү жоопту поптон үйрөнүп, эчак эле жаттап алган кызматкер аял:
— Китепканага кирүүчү эшик дейсизби? Сизге эмне болду урматтуу таксыр!
Китепкананын, китептердин жок болгонуна көп болду. Анын баарын шайтан өзү алып кетип
калган,— деп үнүн көтөрө чыгарып койду.
Жээни да сөзгө кийлигише кетти:
— Сиз үйдө жокто, бир жолу түн ичинде сыйкырчы учуп келген. Минип келген канаттуу
жылаандан ыргып түшүп, ал токтолбой түз эле китепканага кирди, китепкананын ичине кирип
барып эмне кылганын билбейм, бирок, бир аз убакыт өткөндөн кийин бөлмөнүн төбөсүнөн
асманды көздөй шарт учуп жөнөдү, ал эми бүт үйдүн ичи түтүнгө толуп кетти. Анын эмне
жорук кылганын көрөлү деп барсак, бөлмө да, китептер да жок экен. Ошол жаалдуу абышка
учуп кеткенден кийин, менин атым — Муньятон деген гана катуу кыйкырыгын уктук, мына
ушул гана сөздү биз экөөбүз унутпай эстеп калдык.
— Муньятон эмес, Фрестон,— деп сөздү бөлдү дон Кихот.
— Анын атынын Фрестон же Фритон экенин бир кудай өзү билбесе, биз кайдан билели,
бирок ысмынын акыры тон деген менен бүткөнү гана эсимде,— деди кызматкер аял.
Нак ошонун өзү,— деди дон Кихот,— ал акылман сыйкырчы — менин каардуу душманым.
Ал мени жек көрөт, анткени ал ырайым кылып жүргөн рыцарга каршы бир кезде согушка
чыгып, аны жеңе турганымды өзүнүн сыйкырдуу китептеринин жардамы менен билип алган.
Мына ошондуктан ал мага ар кандай жол менен каргашалык көрсөтүүгө тырышат.
I
6-ГЛАВА. Мында биздин кайрымдуу рыцарыбыз дон Кихот
Ламанчскийдин үйүнөн экинчи жолу сапар тарткандыгы жөнүндө баяндалат
Мындан кийин дон Кихот эки жума бою эки жакка чыкпай үйүндө олтурду. Болуп көрбөгөн
укмуштуу окуяларга дон Кихоттун ынтаасы бир аз сууй баштадыго дешип өз ичтеринен ойлоп,
кызматкер аял менен, жээни кубанып жүрүштү. Дон Кихот өзүнүн достору — поп менен чач
тарачка кээде сөздөн улам сөз келип калганда: кой үстүнө торгой жумурткалай турган алтын
заманын жер бетине орнотууга милдеттүү болгон жортуулдап жүрүүчү рыцарлардан башка
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Шумдуктуу Идальго Дон Кихот Ламанчский - 04