Latin

Шумдуктуу Идальго Дон Кихот Ламанчский - 10

Total number of words is 4230
Total number of unique words is 1914
33.7 of words are in the 2000 most common words
45.6 of words are in the 5000 most common words
51.3 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Дон Кихот бир да сөз айтпастан атына минип алып, тетиги эле жерде көрүнүп турган
Сиерра Морена капчыгайын көздөй эшегин айдап жөнөгөн Санчонун артынан ээрчий
бастырды. Санчо тоодон ашып, Висага же Альмодовара дель Кампого жете барып, анда Санчо
Эрмандад издеп таба албай турган аскаларга бир нече күн жашырынып жатсак деп ой кылган.
Кең пейил Санчо коркпой улам тоого чыга берди, сүргүнгө бараткан ач көздөрдүн колуна
тийбей кокустан аман калган тамак-ашты өзүнүн сур эшегине жүктөп алып бараткан болчу.
Кечке маал алар Сиерра Моренанын төрүнө чыгып барып, түнөө үчүн ээн капчыгайдын
ичиндеги бир эмен дарагынын түбүнө токтошту.
Тамак-аш түгөнгөнчө ушул жерде болобуз деп ойлоду Санчо. Бирок дон Кихоттун эрдиги
менен эселектигинин аркасында чынжырдан бошотулган ашынган митаам жана ууру Хинес де
Пасамонте сүргүнгө айдалып бараткандардын баарынын баш кесери эле, ал тагдырга жазылган
эрк боюнча Санта Эрмандад кууп кармап алат деп коркуп, ал да тоо таянып, жерге караңгы
түшө электе эле дон Кихот менен Санчо Панса жашынган капчыгайдын ичине ал да эчак эле
кирип барып жашынып калган болчу. Колунан жакшылык келбеген кара мүртөстөрдү оңой
олжо тапсам экен деген эңсөөчүлүк, аларды дайыма жаңы кылмышка түртөт. Эгер Хинес,
биздин жолоочуларыбызды байкап калып, дагы алардын бирдемесин уурдап алып, олжо
кылсам деп ой кылганына таң калбай эле койгула. Кайырды-чайыр кылган шүмшүк, Санчонун
сур эшегин уурдамакчы болот. (Росинант анын көзүнө эчтекеге жарабай турган чобур болуп
көрүнөт, ошондукдан ал ага көңүл бурбайт). Ошентип биздин жолоочуларыбыз уктаган кезде
Хинес, жашырынган бойдон алардын жаткан жерине келип эшекти жетелеп алып кетет. Таң
атканча Пасамонте алыс узап кетет, ошондуктан аны издеп табууга эч мүмкүнчүлүк жок эле.
Күн чыкты, бүт жер бетин кубандырды, бирок бир гана Санчо Панса кайгыда болду,
анткени сур эшеги жанында жок болчу. Эшегинин жоголгонун билгенден кийин Санчо катуу
өкүрүп-бакыра баштады, бул добушка дон Кихот ойгонуп кетти. Төмөндөгүдөй деп жалооруп,
кошуп ыйлап жаткан үндү угат:
— О, өз үйүмдө туулуп, өз колумда өскөн эт жүрөгүм менен бирдей көргөн уулум,
балдарымдын кубанчы, кошуналардын күйүнчүсү, аялымдын жыргалы, менин ишимдеги
жардамчым! Сенсиз менин күнүм эми эмне болот, анткени сен ар күнү жыйырма алты
мараведис тапчу элең, ал акча тамак-ашыма сарп кылынчу чыгымдын жарымына татуучу эле.
Иштин жайы эмнеде экенин билгенден кийин дон Кихот өзүмдүн короомон үч кодик
берейин, ыйлаба, кайгырба деп Санчону сооротууга аракет кылды. Дон Кихоттун бул убадасы
жардам берди. Санчо өкүрүп-бакырбай сооронуп калды, көзүнүн жашын сүртүп,
кайрымдуулугу үчүн дон Кихотко алкыш айтты.
Тоого чыга баштагандан тартып эле дон Кихот кубана баштады, ага бул жерлер өтө
укмуштуу окуялар үчүн жаралгандай болуп көрүндү. Ал жарык дүйнөдөгүнүн бардыгын тең
унутуп коюп, өзүнүн ушул оюна мас болду. Эми коркунуч жок деп сезгенден кийин Санчо,
монахтардын тамак-ашынан калган даамдуу ар түрдүү нерселер менен курсагын толтурсам экен
деп гана тамагынын камын ойлоп калды. Түнөгөн капчыгайдан чыгып, биздин рыцарь арылап
жөнөдү, а Санчо болсо, таксырынын артынан жөө ээрчип алды. Ал эшегинен калган жүктүш
баарын тең көтөрүп алып баратты, тамак-аш салынган мешоктун ичинен улам-улам үзүп алып
оозуна салып жеп баратты. Даамын татып калгандыктан, ал башка укмуштуу окуя жөнүндө
ойлоп да койгон жок.
Санчо кокустан башын өйдө көтөрүп, өзүнүн таксырынын токтой калып, жерде жаткан бир
буюмду найзасынын учу менен илип алууга аракет кылып жатканын көрө койду. Ал жакындап
келди да жерде жаткан булгаары баштыкты дон Кихот найзасынын учу менен сайып өйдө
көтөрүп алганы жатканын көрдү. Баштыктын жарым-жартылайы чирип кетиптир, бирок
ошондой болсо да абдан оор экен, анткени Санчо аны көгөрүү үчүн өзүнүн таксырына жардам
берип жатып ынтыгып кетти. Дон Кихот өзүнүн ат кошчусуна анын ичинде эмне бар экенин
көрчү деп буйруду. Бул буйрукту Санчо өтө шамдагайлык менен орундатты. Баштык ичке
чынжыр менен байланып коюлган экен, бирок Санчо кыйналбай-кысталбай эле чынжырды
чечип, оозуп ачты. Баштыктын ичинде голландиялык жупжука кездемеден тигилген төрт
көйнөк жана сылаңкороздонтуп тигилген бир топ ич кийим бар экен, ал эми жоолукка алтын
дилдеден көп эле оролуп коюлган экен.
Буларды көргөндөн кийин:
— Мына ушунчалык бакты-таалайлуу окуяга туш келтирген алда таала сага ыракмат!
Ушундай табылга көп эле болсочу! — деп Санчо кыйкырып жиберди.
Андан кийин Санчо баштыктын ичин аңтарып-теңтерип жатып мукабасы сонун бир
дептерче таап алды.
Дон Кихот Санчого ал дептерчени бери бергин, акчаны өзүң ал деп буюрду, муну менен ал
Санчону аябай кубандырды. Санчо Панса ыраазылык сезими менен өзүнүн таксырынын колун
өөп жиберди да, баштыктын ичиндеги кийим-кечектерди алып чыгып, өзүнүн тамак-аш салып
жүргөн мешогуна салып алды.
Биздин жолоочуларыбыз дагы жаңы укмуштуу окуяларды издеп андан ары жол тартышты.
19-ГЛАВА. Мында Капалуу Сулууну туурап дон Кихоттун өзүн-өзү
жазалагандыгы жөнүндө жана Дульсинея Тобосскаяга элчи жибергендиги
жөнүндө баяндалат
Дон Кихот ээн жаткан капчыгайды аралап, уламдан-улам тоонун төрүн көздөй кете берди.
Ишенимдүү Санчо өзүнүн таксырынын артынан ээрчип, тилимди кайрап алсам экен деп эңсеп
жүрө берди да, биринчи болуп таксырым сөз баштаса экен деп чыдамсыздык менен күтүп
жатты, анткени ооз ачпагын жана урматтап жүргүн деген таксырынып буйругун бузгусу келген
жок. Акыры чыдабай кетти да:
— Сеньор дон Кихот, мага батаңызды бериңиз, урматтуу таксыр мени жакшылык менен
коё бериңиз—мен үйүмө аялыма, балдарыма баргым келет. Анткени жок дегенде алар менен
өзүмдүн каалашымча сүйлешүп, ар нерсени талкуулай алам, а сиз болсоңуз мени жортуулдап
журүүгө жана оозумда сөзүм толуп турса да, мына ушундай ээн талаа эрме чөлдө күн-түн дебей
оозунду басып жүр дейсиз, мындан көрө мени тирүүлөй бойдон жерге көмүп салсаңызчы. Ат
кошчунун үмүтү жаман экен: бүт өмүр бою издегениң укмуштуу окуя, таяк жеген да ошо,
жуурканга салып алып асманга ыргытышат, таш менен уруп, муштум менен мушташат, мына
булар аз келгенсип, оозунду да ача албайт экенсиң, дудук эмеден бетер жүрөгүңдө оргуштапкайнап турган оюңду да айтууга болбойт экен.
— Сенин оюңду түшүнүп жатам Санчо, — деп жооп берди дон Кихот, — сенин тилиңе
салган кулпуну алып салса дегени турасыңго. Болуптур эмесе, алып салдым, оюңа эмне келсе,
ошону сүйлөй бер. Бирок, эсинде болсун биз тоодо жүргөн кезде гана оюңа эмне келсе ошону
келжиреп сүйлөй берүүгө сага буйрук берем. Ал эми эл жашаган жерлерге туш келген кезде
мен сенин тилиңе кулпуну дагы кайта салып коём, анан мен биринчи болуп сөз баштамайынча
сен үнүңдү чыгарбайсың.
— Мунуңузга да ыракмат, урматтуу таксыр. Эмесе сизге бир суроо берүүгө уруксат этип
коюңуз: эмне үчүн биз улам эле арылап тоонун төрүнө чыгып баратабыз, тоону мынчалык
аралабай эле Санта Эрмандаддан сопсонун жашырынууга болот эле го?
— Билип койгун Санчо, —деп жооп берди дон Кихот, — мына бул жапайы жана ээн жаткан
эрме-чөл кылымдар бою менин ысмымды айтып, атагымды чыгара турган эрдикти көрсөтүүгө
ниеттентет жана ал эрдигим эң атактуу рыцарлардын качандыр бир кезде көрсөткөн эрдигинин
баарын тең басып өтөт.
— Көрсөтө турган эрдигиңиз коркунучтуу эмеспи?—деп сурады Санчо Панса.
— Жок, — деп жооп берди Кайгы Муңдун рыцары. — Ким билсин, балким мен оор азап
чегип калармын. Баары тең сенин кайратыңа жараша болот.
— Менин кайратыма жарашабы? — деп кыйкырып жиберди Санчо.
— Ооба, — деп сөзүн улантты дон Кихот. — Сени мен бир тапшырма менен жибергим
келет, эгер аны сен тез жана жеңиштүү орундатып келсең, анда менин сыноом көпкө созулбайт,
анан мен жөнүндөгү даңк бүт дүйнө жүзүнө тарайт. Бирок, мен анын дайнын айтпай коюп сени
кыйнагым келбейт. Түз эле ишке өтөлү. Өзүнүн өнөрү менен атак алууну каалаган ар бир
художник өздөрү эң улуу деп эсептеген чеберлердин чыгармаларынан үлгү ала тургандыгы
Санчо сага албетте белгилүү. Ар бир акыл-эстүү адам ал эрежени өзүнүн өмүрүндө колдонуу
керек. Кимде-ким акылдуулук жана чыдамдуулук менен атак алгысы келсе, ал адам Улуссти 38
туурашы керек, аны Гомер акылдуулук менен чыдамкайдыкты шыктандыруучу катарында
сүрөттөгөн. Виргилий өзүнүн улуу Энеясында30 ызааттуу уулдун жана акылман жол башчынын
үлгүсүн көрсөткөн. Албетте эки акын экөө тең өздөрүнүн чыгармаларынын каармандарын иш
жүзүндө кандай болсо ошондой кылып көрсөтпөстөн, адам баласы үчүн үлгү болуп кызмат
кылууга тийиш болгондой кылып сүрөттөшкөн. Эмнеси болсо да, жортуулдап жүрүүчү рыцарь
ошол каармандарды туураш үчүн бирөөнү тандап алууга милдеттүү экендигине сен
талашпайсың го. Мен үчүн Амадис Галльский бирден бир жана ченде жок баатыр болуп
эсептелет. Бирок атактуу рыцарлардын атактуусу ушул Галльский, өзүнүн рыцардык эрдигин—
акылмандуулукту, эрдикти жана сеньора Ориана макул болбой койгон учурда да ашыктыкка
туруктуулук менен берилгенин баарынан айкын кылып көрсөткөн. Ал Пенья— Побре деген
аскага чыгып кетет, өзүнүн ысмын таштап Бельтенеброс * деген ысымды коюп алып, күнөөсүн
моюнуна алып, кудайга жалынын-жалбарып жата берген. Ошентип мен да андан үлгү алууга
бел байлап, чымырканып чыктым, анткени анын эрдик кылган башка иштерине караганда,
маселен: дөөнүн ажыдаардын башын кесип алганга, армияларды качырууга, флотилиянын
тымтыракайын чыгарууга жана сыйкырчыларды кыйратууга караганда мунусу мен үчүн оңой.
Ушу ойлогон ишимди ордунан чыгаруу үчүн бул аскалары аркайып жаткан ээн элсиз журтсуз
жерден артыгы табылбайт, ошондуктан мен өзүмдүн эрдигими бүгүн эле баштагым келип
турат.
— Урматтуу таксыр мына бул ээн элсиз-журтсуз жерде, сиз деги эмне кылмаксыз? — деп
сурады Санчо, өзүнүн таксырынын узак сүйлөгөн сөзүнөн эчтеке түшүнбөй.
— Эмне кылаарымды мен сага айтпадымбы,— деп жооп берди дон Кихот, — Амадис
Галльскийден үлгү алып, ал эмне кылса, мен да ошондой кылып, айлам түгөнүп, үмүтүм
үзүлгөн эмедей жана ашык-жарымдын таш боордугунан акыл-эстен ажыраган адамдай болгум
келет. Ошону менен катар неистовый40 деп аталган баатыр дон Роландды да туурайм. Ашкан
сулуу Анджелика убададан тайгандыгын билгенден кийин кайгы басып, Роланд жинди болуп
кеткен. Ал дарактарды тамыры менен кошо жулуп алып, булактардын акактай тунук сууларын
ылайлаган, койчуларды өлтүрүп, алардын кепелерин кыйратып жана өрттөп жиберген, атагын
чыгара турган дагы башка миңдеген акылсыз иштерди кылган. Чынын айтканда мен
Роланддын, Орланддын же Ротоланддын (ал мына ушул үч ысым менен белгилүү болгон)
акылсыздык менен кылган иштеринин баарын тең эле туурайын деген жокмун. Балким, киши
өлтүрбөй жана үй-жайды өрттөбөгөн бир гана Амадисти туурап ошого канааттанып калармын.
Бирок, Амадис капа болуп кайгыруу жана көз жашын көлдөй төгүп ыйлоо жагынан аябай атак
алган, мындай атакка ага чейинки жана андан кийинки рыцарлардын бир да бирөө жете алган
эмес.
— Сеньор, — деди Санчо, — сиз жогоруда айткан рыцарлар мындай иштерди бир себеп
менен иштеген чыгаар деп ойлойм. Бирок, урматтуу таксыр менин билишимче сиздин жинди
болгудай эч себебиңиз жок. Же сизге бир аял макул болбой койдубу, же Дульсинея Тобосская
убадасынан тандыбы?
— Сен кулак салчы достум Санчо,— деп жооп берди дон Кихот, — жинди болуу үчүн
*
Белтенеброс — кайгылуу сулуу.
себеп табууга эч кандай кыйналып-кысталуу керек эмес, бирок эч себеп жок туруп акылдан
ажырап калуу башка иш. Эгер менин ашык-жарым эч себепсиз эле менин акылдан
ажырагандыгымы билсе, өтө кайраттанууга жана каарданууга себеп көрсөтсө эле балакеттин
баары менин колуман келе турганын түшүнөөр эле. Мен кат жазып колуңа берип, өзүмдүн
ашык-жарым Дульсинеяга жиберем, жана андан жооп алмайынча эселектик кыла берем. Эгер
ал өзүнүн жиберген жообунда менин чын берилгендигиме тиешелүү көңүл бура турган болсо,
анда мен акылыма келем, кайгырбайм, эгер андай болбосо мен чын эле жинди болом да эч
нерсени сезбей калам. Ошентип менин азап чегип, сындан өтүп жүрүшүм, ушуну менен бүтөт.
Эгер сен мага андан кубанычтуу кабар алып келсең, анда акыл-эсиме келем, ал эми кайгылуу
кабар алып келсең, анда мен акылдан ажырап эч нерсе сезбей калам. Санчо, мага Мамбриндин
туулгасын сактап калган сен эмессиңби, же калппы! ошону айтчы? Анткени мен бошоткон
алиги жакшылыкка жамандык кылган сүргүнгө бараткан бир шүмшүк туулганын ташын-талкан
кылганы жатканда, сен аны жерден ала койбодуңбу, мен аны байкап калдым. Түшүнүктүү,
анын колунан келген жок, анткени сыйкырдуу туулганы талкалоо — оңой иш эмес.
Буга Санчо мындай деп жооп берди:
— Кудай бар, сеньор Кайгы Муңдун рыцары, кээде сиз бир болбогон сөздөрдү сүйлөйсүз,
аны тыңшап туруп чыдай албай жарылып кете жаздайм. Рыцарлар жөнүндөгү, падышалыкты
же мамлекетти жеңип алуу жөнүндөгү, мага бир аралды тартуу кылып берүү жана ырайым
кылуу, урматтоо жөнүндөгү сиздин айткан сөздөрүңүздүн баары тең тим эле бир болбогон эме
го деген ой туулат. Урматтуу таксыр, чач алганда тосо турган чылапчынды Мамбриндин
туулгасы дегениңизди бирөө укса, чын эле сизди мээсинен айнып калган экен деп ойлойт. Ал
чылапчын менин баштыгымдын ичинде жатат, ал кабырылып ишке жарабай калган,. ошондой
болсо да аны таштабай мен баштыкка салып койгом. Эгер алданын амыры мени үйүмө, аялыма,
балдарыма туш келтирсе, анын кабырылган жерлерин түзөтүп туруп, чач алганда тосо турган
чылапчын кылып алам.
— Алданын атынан ант берүүгө эми мага да уруксат эт, Санчо, — деди дон Кихот. —
Кудай урсун сен сыяктуу маңыроо ат кошчу жарык дүйнөдө али боло элек. Сен мага кызмат
кылгандан бери жортуулдап жүрүүчү рыцарлардын колу тийген буюмдардын баары тең
кубулуп, нак өзүндөй эмес башкача болуп көрүнгөнүнө ишенбей эмне кылып жүрөсүң? Мунун
себеби: бизге жамандык кылуу үчүн буюмдардын бардыгын тең сыйкырдап алмаштырып коюп
жаткан бир топ сыйкырчылар кетпей, дайыма бизди курчап жүрөт. Эгер чач алганда алдыга
тосо турган чылапчын деп жатканың эмне үчүн мага Мамбриндин кадимки туулгасынын нак
өзү болуп жатканына түшүнөсүң, мына ушул эсинде болсун. Мага жакшылык кылчу сыйкырчы
өзүнүн акылмандуулугу менен Мамбриндин нак өзүнүн туулгасын башкаларга чылапчын
кылып көрсөтүп койду, эгер андай болбой анык өзүндөй болуп көрүнсө, менден тартып алуу
үчүн баары тең артыман калбай аңдымак болчу, анткени бул өтө кымбат нерсе. Бирок, сен
сыяктуу кишилер муну чач алганда тосо турган чылапчын деп билишет да, ошентип аны
менден тартып алалы деп ойлошпойт. Эсиңдеби, жакшылыкка жамандык кылган сүргүнгө
айдалып бараткан эме адегенде аны сындырмакчы болуп, анан жерге ыргытып жиберип аны
алгысы да келген жок. Эгер ал мунун сырын билсе, анда мындан ажырабайт болчу. Достум аны
баштыгыңда эле сактай тур, анткени азыр анын мага кереги жок. Азыр үстүмдөгү сооттордун
бардыгын тең чечип, курал-жарактарымды бир жерге жыйып коём да, үмүт үзүлгөндүктүн
белгиси катарында энеден туума жылаңач болом.
Ушинтип сүйлөшүп олтурушуп алар бийик тоонун этегине барып жетишти, суу шылдырап
ылдый көздөй агып, карап туруп суктана турган шалбааны тең жарып өтүп жатат. Бул жерде
көлөкөсү көйкөлгөн кооз дарактар, көк-жашыл чөптөр өсүп, кызыл-ала гүлдөр жайнап жатат.
Мына ушул шалбааны Кайгы Муңдун рыцары өзүнүн азабын тарта турган жерим болот деди
да, атын токтотуп туруп мындай деп кыйкырды:
Башыма туш келбеген кырсыктарды жоктоп ыйлоочу жерим мына ушул болот. Көз жашым
көл болуп булак сууга кошулуп ага турган, жараланган жүрөктүн кайгы-муңун баяндай турган,
онтогон үнүмдөн тоодогу дарактардын жалбырактары тыным албай желбиреп турган жел мына
ушул болот. Менин өмүрүмө жарык берүүчү күнүмсүң! О, Дульсинея Тобосская, сен чолпон
жылдызымсың, мага бакты-таалай бересиң, кудай сенин тилегиңи кабыл кылсын! Сенден
ажырагандан кийин мен кандай абалга туш келдим, карачы, менин убадага бек болуп, сага чын
берилгениме тийиштүү баа бер. А силер обочо өскөн дарактар, эми менин жападан-жалгыз
терең кайгыда калгандагы жолдошумсуңар, менин бул жерде калышым силерге оорчулук
келтирбей турган болсо жалбырагыңарды акырын желбиретип шуулдатып койгула. А сен,
менин ат кошчум, жакшылыкты, жамандыкты бирдей көтөрүп жүргөн ишенимдүү жолдошум,
менин азыр эмне кылганымдын баарьгн тең унутпай эстеп ал да, ал жөнүндө кудайдан
жалынып-жалбарып тилеп жана кайгы-капа тартышыма бирден-бир айыптуу болгон ашык
жарыма айта бар.
Ушуну айтуу менен ал Росинанттан ыргып жерге түшүп, анын ээрин алып, сооруга
чапкылап туруп мындай деди:
— О, жаныбарым кылган эрдигиң менен даңкың канчалык таш жарса, ошончолук кырсыкка
учураган жаныбарым, өзү эркиндиктен ажырап жаткан кожоюнуң сага эркиндик берет, каякка
баргың келсе, ошол жакка кете бер. Эркиндик алууга сенин акың бар.
А Санчо болсо муну көргөндөн кийин, төмөнкүдөй деп кыйкырды:
— Менин эшегимди уурдап кеткен кишини шайтан бассын. Мен да өзүмдүн досумдун
соорусун чапкылап, оозума келген сөздөрдү айтып мактайт элем. Чынын айтсам, эгер ал азыр
ушул жерде болсо, мен аны эркин коё берүүгө такыр макул болбойт элем, анткени мен эч кимге
ашык болбойм жана ашыктыктын отуна жанбайм. Бирок, чынын айтканда Кайгы Муңдун
рыцары, сеньор эгер сиз чын эле тапшырма берип мени жиберип коюп, анан акылдан ажырап
жинди болгону жатсаңыз, ошондо да Росинантты кайтадан токуш керекко. Ал менин жоголгон
эшегимдин ордуна аяк улоо болот. Ага минсем мен бат барып келем. Эгер жөө бара турган
болсом, анда сиздин Дульсинеяңызга качан жетип барып, качан кайта келеримди билбейм,
анткени жашырбай чынын айтканда мен өтө жай жүрөм.
— Болуптур эмесе,— деп жооп берди дон Кихот,— сенин оюң жаман змес, жарайт— сен
ойлогондой болсун, Росинантты мин. Сен бул жерден үч күндөн кийин кетесиң, анткени менин
эмне иштегеними көрүп, сүйлөгөн сөздөрүмү угуп алып, анын баарын тең Дульсинеяга айтып
барышың керек.
— Сиз эмне кыласыз? — деп билгиси келип кызыгып сурады Санчо Панса.
— Адегенде үстүмдөгү кийимдеримди тытам,— деп жооп берди дон Кихот,— куралжарактарымды ар кайсы жакка ыргытам, башымды ташка койгулайм... айтоор сени таң калтыра
турган иштерди иштейм...
— Алда таала үчүн,— деди Санчо,— аска-ташка башыңызды байкап койгулай көрүңүз.
Анткени байкабай коюп алсаңыз дароо эле сиз да жана сиздин укмуштуу иштериңиздин баары
тең тиги дүйнөгө кетип калышы мүмкүн. Ошондуктан менин сизге берер кеңешим бул: эгер бул
иште башты аскага койгулоо зарыл керек болуп, ансыз такыр жарабай тургандан кийин
урматтуу таксыр башыңызды сууга же кебездей жумшак болгон буюмдарга койгуласаңыз
болбойбу. Ал эми калгандары жөнүндө болсо, мага ишенип коюңуз, урматтуу таксыр алмаздан
курч асканын уурчугуна башын койгулады деп сиздин ашык жарыңыз Дульсинеяга айта барам.
— Жакшы ниетиңе көп ыракмат досум, Санчо,— деп жооп берди дон Кихот,— мен сени
эскертип коёюн, эгер сага айткандардын баарын тең ошол айткандай кылып, көз боёбой
орундатышым керек. Рыдарлардын закону өмүрүн сактап калуу үчүн болсо да калп айтууга
тыюу салат. Мына ошондуктан эч кандай анткорлонбостон туруп, баш менен асканы катуу
сүзүш керек. Ошондуктан жаратка сүйкөп айыктыруу үчүн сен мага бир аз дары калтырып кет,
кырсык болуп бальзам дарысын жоготуп койгонубузга ичим күйөт.
— Эшекти жоготуу, башка түшкөн балакет болду, урматтуу таксыр,— деп жооп берди
Санчо,— аны менен кошо тамак-аш, кийим-кечек салынган мешоктон да, жаратка сүйкөй
турган дары менен бинттен да айрылдык. Ал эми каргыш тийгир бальзам жөнүндө сеньор
эстебей эле коюңузчу — деп сизден жалынып-жалбарып өтүнөм. Ал дарыны кулагым угаар
замат эле иче-кардым аңтарылып кетет. Сизден дагы бир сурарым бул: сиздин белгилеген үч
күндүк мөөңөтүңүз бүттү деп коюңуз, сиздин эселектик менен кылган иштериңиздин баарын
тең көрдү деп ойлоңуз, эми сиз жөнүндө ашык-жарыңызга ар кандай укмуштарды апыртып айта
алам. Ошондуктан катыңызды жазып, мени тезирээк жөнөтүңүз, анткени таксыр сизди бул
күнөөдөн арылтчу жерден алып кетирүү үчүн үйгө эртерээк жетип барып келгим келет.
— Сен бул жайды, күнөөнү арылтчу жер деп турасыңбы Санчо? — деп кыйкырып жиберди
дон Кихот, — андай дебей тозок деп атасаң дурус болот эле.
— Жок, андай эмес, — деп жооп берди Санчо,—кимде ким тозокко түшсө, андан кайта
чыга албайт. Эгер Росинанттын капталына шпорду кадай турган эки бутум шал болуп калбаса
эле сизди бул жерден куткарып кетүүгө ишенем. Мен Тобоссого жетип барарым менен эле
сиздин ашык-жарыңыз Дульсинеянын алдына жүгүнөм, анан ошол эле замат урматтуу таксыр
сиздин акмакчылык, эселектик менен кылган жана мындан ары карай да андай иштерди
улантып жатканыңыздын баарын апыртып айтып берем, ал мурда таштан катуу болсо, муну
уккандан кийин камырдан жумшак болот. Анан анын берген балдай таттуу жообун алып, мен
кайта канат жасап учуп келем да, сырткы түрүнө караганда тозокко окшогон күнөөнү арылтчу
бул жерден урматтуу таксыр сизди алып кетем. Анткени бул жерден кетүүгө сиз дагы эле үмүт
кыласыз, ал эми тозокко түшүп калган күнөкөрлөрдө мындай үмүт болбойт, — деп мен сизге
айтпадым беле. Урматтуу таксыр, буга сизди каршы болбойт деп ойлойм.
— Абдан туура, — деп жооп берди Кайгы Мундун рыцары. — Бирок катты биз кантип
жазабыз?
— Урматтуу таксыр, мага берем деп убада кылган үч кодикти бер деп үйүңүздөгү
кызматкер аялга буйруп жазыңыз, унутуп калбаңыз.
— Санааркабай эле кой, унутпайм,— деп жооп берди дон Кихот, —бирок катты эмнеге
жазам? Кагазыбыз да жок. Байыркылардан үлгү алып дарактардын жалбырактарына же мом
кагаздарына жазып жүрбөйлү, бирок бул жерден кагаз сыяктуу эле момду табуу кыйын. Баса
мындай деген жакшы оюм бар: бизде тоо арасынан таап алган жазуу дептерчеси бар эмеспи,
андан жок дегенде эки-үч барак ак кагаз табылып калаар. А сен туш келген биринчи селодон
бир мугалимди же пономарды (чиркөө кызматкери) таап алууга аракет кыл да жакшы кагазга
сулуулап туруп көчүртүп жаздыр. Байкагын кадимки песирлерге бербегин, алар калем учту
кагаздан албай булгап жазышат, ошондуктан алардын жазуусун шайтан да окуй албайт.
— Анда колуңуз коюлбай калбайбы, аны кандай кылабыз? — деп сурады Санчо.
— Амадис өзүнүн жазган каттарына такыр кол коюучу эмес, — деп жооп берди дон Кихот.
— Аныңыз туура — деди Санчо, — бирок сиздин колуңуз коюлган тил кат болушу керек,
эгер аны көчүрүп жаздырсам койгон колу аныкы эмес, жасалып коюлган кол дешпейби, анда
мен кадиксиз талаада калбадымбы.
— Тил катка өзүм кол коём, аны менин жээним көрөр замат эле, кыңк дебестен менин
буйругумду орундатат. Ал эми ашык жарга жазылган катка: «өлөр-өлгөнчө сенин курбуң
Кайгы-Муңдун рыцары» деп кол койдуруп кой. Коюлган кол өзүмкү эмес болсо боло берсин,
андан эчтеке болбойт, анткени менин эсимен чыгып кетпесе Дульсинед окуй да, жаза да албайт,
ал өмүрүндө менин жазган катымды да, жазган жазуумду да көргөн эмес. Биз анда-санда гана
бири-бирибизге тиктеп карап калчубуз. Чынын айтсам, мен аны көзүмдүн карегинен артык
көрүп сүйөм. Ошентип сүйгөн он эки жылдын ичинде мен аны ашып кетсе төрт эле жолу
көргөм. Менин тиктеп карап калганымы, анын байкабай калышы да мүмкүн, анткени атасы
Лоренсо Корчуэло, энеси Альдонса Ногалее ушундай катаал мүнөздүү болууга тарбыялаган.
— Ээ, ошондойбу, — деп кыйкырып жиберди Санчо. — Демек, сеньора Дульсинея
Тобосская бөлөк-бөтөн эмес эле, Лоренсо Корчуэло менен Альдонса Лоренсонун кызы
турбайбы.
— Ооба, — деп жооп берди дон Кихот, — ал бүткүл дүйнөгө падыша болууга ылайыктуу.
— Ооба, мен аны абдан жакшы билем, — деп кыйкырып жиберди Санчо, — куп келишкен,
сымбаттуу кыз. Кудай урсун! Күчтүүлүгү жана кайраттуулугу жагынан кыштактагы
жигиттердин бир да бирөөнө жол бербейт. Ал кандай гана рыцарь болбосун, жортуулдап
жүрүүчү же жаңыдан эле ага даярданып жатканы болсун бардыгын тең бөктөрүнүп кетет. Калп
айтсам мен ушул турган жеримде мүрткетейин, анын күчү күч! Анан үнүчү! Бир жолу ал
биздин коңгуроо илинип турган жерге чыгып барып, талаада иштеп жүргөн атасынын
батрактарын чакырган экен, алар иштеп жаткан жерге чейин жарым миля келет эле, ошондой
болсо да, коңгуроонун жанында турушкансып батрактар анын үнүн даана угушкан. Баарынан
да ал такыр кылыктанбайт, элдин бары менен күлүп-ойноп, шылдыңдашып жүрө берет, көңүл
ачышат. Сеньор, Кайгы Муңдун рыцары, сиз ал үчүн эчен түрдүү эселектик иштерди иштөөгө
милдеттүүсүз, урматтуу таксырдын муунуп калууга да толук себеби .бар экен деп эми мен айта
алам. Кийин шайтан өзү сизди тозокко алып кетсе да, муну билгендердин баары тең сизди
туура кылган экен дешээр. Мен аны көрбөгөнүмө көп болду, ошондуктан бир карап көрүп
алсам деп дегдеп жолго чыгууга шашып жатам. Анын өңү өзгөрүп калышы керек: анткени ал
кыз дайым эле талаада, таза абада, мээ кайнаткан ысыкта жүрөт, мына ушундан адамдын өңү
өзгөрүп кетет. Сеньор дон Кихот, еиздин урматыңыз үчүн гана бир чындыкты айткым келет:
бүгүнкү күнгө чейин абдан аябай адашып жүргөн экемин, анткени урматтуу таксыр сиз ашык
болуп калган Дульсинеяңыз кандайдыр бир каныша же болбосо сиз жиберген кымбат
белектерге татыктуу болгон өз алдынча бир чоюлган эмеби деп мен аябай катуу ишенип
жүргөм. Чынында сиз бискайлыкты, сүргүнгө айдалып бараткандарды Дульсинеяга жибердиңиз
жана дагы бир тобун жиберсеңиз керек, анткени урматтуу таксыр мен сизге ат кошчу болуп
кызматка кире элегимде балким сиз бир топ жеңишке ээ болсоңуз керек. Жеңилип калгандарды
сеньор Альдонсе Лоренсого, жок, менин айтайын дегеним ченде жок сулуу Дульсинея.
Тобосскаяга жиберип жаткан көрүнөсүз жана мындан ары да жибересиз, ал жибергендериңиз
анын тизесине жыгылат дейли, андан кандай пайда болду, жакшылап ойлоңузчу? Алар,
Дульсинея зыгырды тытып же кырманда эгин бастырып жаткан убакта барып калышы мүмкүн
эмеспи. Мындай ишти иштеп жатканын көргөндөн кийин алардын ачуусу келиши мүмкүн, ал
эми сиздин аманатыңыз балким адамдын күлкүсүн келтирип ыза кылса да ажеп эмес.
— Мен сага канча жолу айтам, — деди дон Кихот, — сен оозуңа келгенди оттой берип
адамды жадатып жиберме келжирексиң, ошондуктан сен бир нёрсени талашууга өзүңдүн чолок
акылың менен бекер киришесиң. Бирок сенин канчалык акмак экениңи, а менин канчалык
акылдуу экеними сага түшүнүктүү болсун үчүн айтып өтөйүн, романдарда сүрөттөп жазылгаң
жана ырдалып жүргөн графиналар, принцессалар жана ааламда жок ашкан сулуулардын
бардыгы тең чынында жок нерсе. Кимдир бирөөлөр жөнүндө ыр жазуу үчүн акындар аларды
өздөрү ойлоп чыгарышат, алар бирине бири ашык болгон же болбосо ашык болууга татыктуу
адамдар экен деп билсин дешет. Альдонсо Сорренсону ааламда жок сулуу, акылдуу кыз, жарык
дүйнөдө андан жогору даражалуу принцесса жок деп көз алдыма элестетсем мага ким
тоскоолдук кылат? Ашыктык отун жандыра турган эки нерсе бар, Санчо сен аны билип кой:
биринчиси, барып турган сулуулук, экинчиси атактуулук, Дульсинеяда бул эки касиеттин экөө
тең бар. Сулуулук жагынан ага ааламда эч ким жетпейт, жана ал сыяктуу атакка ээ болгондор
аз. Кыскасы, мен чындыкты айтып жатам деп ойлойм, анткени ал менин көз алдыма абдан
ашкан сулуу жана жагымдуу асылкеч болуп элестейт, ага Елена да, Лукреция да жана байыркы
замандагы даңкы чыккан аялдардын бардыгы тең келе албайт. Эл эмне десе ошо дей берсин.
Эгер наадандар сөккөнү менен акылмандар мени макташат.
— Сиздин айтканыңыз туптуура урматтуу таксыр, — деп жооп берди Санчо, — сиз
акылмансыз, а мен эшекмин, буга макулмун... Ай, ай!.. «Эшек» деген бул балекет баскан сөз
кайдан оозуман чыгып кетти эле. Асылып муунуп калган кишинин үйүндө жиптин эми кереги
жок деп жип жөнүндө эч ким кеп кылбайт эмеспи. Өзүмдүн сур эшегими мен унутпайт окшойм.
Кана урматтуу таксыр, катыңызды жазып, мени тезирээк коё бериңиз, болбосо убакыт өтүп
жатат.
Дон Кихот жазуу дептерчесин алып, анан мындай оолак боло берип, ойлонуп кат жаза
баштады. Катты жазып бүткөндөн кийин Санчону чакырып алып, мындай деди:
— Дульсинеяга жазган катыма көңүл коюп кулак салып угуп тур да, аны жаттап алууга
аракет кыл. Анткени жолдо баратканда жоголуп кетиши мүмкүн. Тагдырым мага каргаша,
ошондуктан баарына тең сак болуш керек.
Буга Санчо мындай жооп берди:
— Урматтуу таксыр, сиз катты бир, эки же үч жолу көчүрүп жазып туруп, анан мага
бериңиз, а мен аны жоготпой алып барып берем. Бирок, ал катты жаттап алуу менин колуман
келбейт, абдан унутчаакмын кээде өзүмдүн атымды да унутуп калам. Деги эмнеси болсо да аны
окуп бериңизчи, абдан жакшы жазылган болсо керек.
— Эмесе мен эмне деп жазган экемин угуп тур, — деди дон Кихот.
Дон Кихоттун Дульсинея Тобосскаяга жазган каты.
Жогорку даражалуу, өкүмчүл сеньорам!
Сенден ажырап сары оору болуп саргарып, жүрөгүн терең уу баскан рыцарь, ден
соолуктан өзү ажырап калса да балдан таттуу Дульсинея Тобосская сенин саламаттыгыңы
тилейт. Эгер сенин айдай жүзүң мени карагысы келбесе, эгер сенин адамгерчилик касиетиң
мага каршы болсо, эгерде сен ого бетер оюек көрүп мени өлүмгө түртсөң, анда мен бул
кайгыны көтөрө албайм, анткени ал өтө оор, ошону менен бирге аябай узакка созулчу кайгы.
Мейримсиз сулуу, ашык-жарым, сүйгөн душманым, мени кандай абалга учуратканың жөнүндө
кайрымдуу ат кошчум Санчо толук айтып бсрет. Эгерде ырайым кылып мага окардам кылсаң
анда мен сеникимин, эгер андай болбосо, эмне оюңа келсе, ошону кыла бер: турмуштан кечүү
менен мен сенин катаалдыгың менен өзүмдүн ашыктыгыма тоюп ыраазы болом — деп
ишенем.
Өлөөр-өлгөнчө сенин курбуң
Кайгы Муңдун рыцары.
Бул катты угуп туруп:
— Атамдын өмүрү менен ант берем, — деп кыйкырып жиберди Санчо, — мындай
маанилүү катты мен өмүрүмдө эч уккан эмесмин. Урматтуу таксыр, ушуну сиз өзүңүз ойлоп
таап жазуу менен таң калтырасыз жана «Кайгы Муңдун рыцары» деп койгон колуңуз да куп
жарашып турат. Урматтуу таксыр, сиз шайтандын өзү экенсиз, чын айта билбегениңиз жок
экен!
— Жортуулдап жүрүүчү рыцарь, баарын тең билиш керек деп жооп берди дон Кихот.
— Кана эмесе, урматтуу таксыр, — деп сөзүн улантты Санчо, — азыр каттын артына үч
кодик жөнүндө жазып туруп, анан көргөн киши сиздин жазууңузду тааныгандай болсун үчүт
дапдаана кылып кол коюңуз.
— Макул, жарайт, — деп дон Кихот мындай деп жазып окуп бере салды:
Урматтуу жээним, мен кетээрде багып тур деп калтырып кеткен беш кодиктин үчөөнү
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Шумдуктуу Идальго Дон Кихот Ламанчский - 11