Latin

Шумдуктуу Идальго Дон Кихот Ламанчский - 08

Total number of words is 4242
Total number of unique words is 1849
35.5 of words are in the 2000 most common words
49.3 of words are in the 5000 most common words
55.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
— Эгер сен ар бир сөзүндү эки жолу кайталап айта бере турган болсоң,— деп анын сөзүн
бөлдү дон Кихот,— анда сен эки күндө да бүтпөйсүң. Айта турган болсоң акылдуу адамдай
кыскача жана маңыздуу кылып айт, болбосо үнүндү бас.
— Мен бул жомокту биздин кыштакта кандай айтышса мен нак ошондой кылып айтып
жатам,— деп жооп берди Санчо.— Башкача кылып айта албайм, анын үстүнө эски адатты
бузгум да келбейт. Урматтуу таксыр, сиз муну менден талап кылбаңыз.
— Билгениңдей айта берчи,— деди дон Кихот,— сенин жомогуңду уксун деп тагдырга
жазып койгондон кийин, мен чыдайм.
— Эмесе мындай, кымбаттуу сеньор,— деп сөзүн улантты Санчо,— мен сизге айткандай
ошол эчки кайтарчу Торральба деген койчу кызга ашык болуп калыптыр. Ал кыз узун бойлуу,
толмоч, бой сунбаган бир аз эркек сымал болгон экен, анткени ага мурут чыккан, ал ушул азыр
да менин көз алдымда элестеп турат.
— Сен эмне аны билчү белең? — деп сурады дон Кихот.
— Мен аны билчү эмесмин,— деп жооп берди Санчо,— бирок бул жомокту мага айтып
берген киши мунун бардыгы тең болгон окуя жанаанык чындык деп ынандырып айткан болчу,
эгер мен кимдир бирөөгө аны айта турган болсом, мунун бардыгын өз көзүм менен көргөмүн
деп тайманбай айтууга ант берем. Ошентип убакьгг үстү-үстүнө өтө берет, шайтандын бирөөгө
жамандык издеп кирпик көзүн какпай жүргөнүн өзүңүз билесиз, ошол шайтан эчки багуучунун
койчу кызга болгон ашыктыгын барып турган жамандыкка жана жек көрүүчүлүккө
айландырып жиберет. Койчу, кызды аябай жек көрүп калат да, эч убакта аны көзүм көрбөсө
экен жана өзү гана эмес, кыштакты таштап жыты жетпегендей бир жайга кетип калууга бекем
бел байлайт. Койчу өзүнүн эчкилерин чогултуп алып, аларды Эстрамадуранын талааларын
аралатып айдап, Португалиянын королёвствосун көздөй бет алат. Муну билип калгандан кийин
Торалльба анын артынан изин кууп жөнөйт, жылаңайлак, колуна аса-муса таяк алып, баштыгын
ийнине асынып көп жерди басат, ал баштыгынын ичинде күзгүнүн сыныгы, тарактын бир
бөлүгү, жана ичинде сүйкөй турган дары салган челеги болгон деп айтышат. Анын
баштыгынын ичинде эмне болсо, ошол болсун, анын бизге кажаты жок, анткени аны эми биз
текшере албайбыз. Мунусун гана айтам, Торалльба койчуну кууп жеткеиче, ал койчу өзүнүн
эчкилерин айдап жүрүп олтуруп Гвадиане дарыясына туш келет, нак ошол кезде дарыянын
суусу ташкындап күкүк болуп жаткаи кез экен, ошентип суу атырылып жээгинен аша коюп
жатат, дарыянын ал койчу туш келген жеринде кайык да, сал да жок болгондуктан, анын өзүн
жана эчкилерин суудан өткөрүп коюуга эч ким көрүнбөйт. Койчу өтө катуу чочулайт, анткени
Торалльба артынан кууп жетип келип, жалынып-жалбарып мойнуна асылып, көз жашын көлдөй
төгүп ыйлап-сыктап олтуруп койдура турганын билген. Ал алаңдап жан-жагына каранды,
акыры тырмактай бир кайыкка түшүп алган кайыкчыны көрө калды, бул кайыкка бир киши
менен бир эчки гана бата турган. Бирок башка кылар айла калбай калгандыктан алиги
балыкчыны чакырып алып, балыкчы менен макулдашты, ал койчунун өзүн жана үч жүз
эчкисин суудан өткөрүп коймок болду. Балыкчы кайыгына түшүп бир эчкини суудан өткөрдү,
анан дагы кайтып келип экинчисин өткөрдү, анан дагы кайтып келип үчүнчүсүн өткөрөт...
Суунун наркы өйүзүнө койчунун канча эчкисин өткөргөндүгүн, урматтуу таксыр, жакшылап
санап туруңуз, анткени сиз жок эле дегенде бир эчкиден жаңылып калсаңыз, андан ары айта
албай калам, окуям ошол жерге келип бүтөт да калат. Ушуну эстеп коюңуз. А эми андан ары
уга бериңиз. Суунун наркы өйүзү баткак жана тайгак экен, ошондуктан ар бир эчкини
өткөрүүгө көп убакыт кетип жатты. Иши кылып балыкчы дагы бир эчки өткөрдү, анан дагы
бирди, анан дагы бирөөнү өткөрдү.
— Эчкинин баарын тең өткөрдү деп, бир эле айтпайсыңбы,— дең дон Кихот анын сөзүн
бөлдү,— бир өйүздөн экинчи өйүзгө жүрө бергениң эми жетишет, эгер минтип олтурсаң сен
бир жылга чейин эчкилерди тиги өйүзгө ташын чыгара албайсың.
— Балыкчы наркы өйүзгө канча эчкини ташып чыкты деп ойлойсун? -деп сурады Санчо.
— Шайтан билсинби?—деп жооп берди дон Кихот.
— Ташып жеткирген эчкилерди жакшылап санап туруңуз дебедим беле, бирок сиз
жаңылып калыптырсыз го. Эми мен мындан нары жагын улантып айта албайм.
— Бул эмне деген калпычылык!— деп ачууланды дон Кихот. — Канча эчкини суунун тиги
өйүзүнө ташып чыгарганын так билүү сенин окуяң үчүн чын эле мааниси барбы, эгер эсептен
жаңылып калсаң чын эле жомогуңду улантып айта албай каласыңбы?
—Жок, сеньор таксыр, айта албайм,—деп жооп берди Санчо,— анткени урматтуу таксыр
мен сизден суунун наркы өйүзүнө канча эчки чыгарылды деп сурасам, сиз билбейм деп
койдуңуз, ошентип жомоктун дагы калганынын баары тең эсимден чыгып кетти, кудай акы
жомоктун калганы өтө кызык болучу.
— Демек, сенин окуяң ушуну менен бүттүбү?— деп сурады дон Кихот.
—Ооба, менин ыраматылык энем сыяктуу эле бул да бүттү,— деп жооп берди Санчо.
— Сага чынын айтып коёюн,— деп сөзүн улантты дон Кихот,— сен мага бир кезде эл
ойлоп чыгарган, болуп көрбөгөн жомоктордун бирин баяндап айтып бердиң. Ушинтип
башталып, ушундайча чорт үзүлгөн жомокторду өмүрүндө эч ким эч убакта уккан эмес, уга да
албаган. Мен сенин кыйдылыгыңан мындан башканы күткөн да эмесмин. Мына бул тыным
албай уруп турган түрсүлдөк сенин акыл-эсиңди тандырып жиберген чыгар.
— Баары тең болушу мүмкүн,—деп жооп берди Санчо.—Менин жомогумдун бүткөнүн
билем, анткени кимдир бирөө аркы өйүзгө ташып чыгарылган эчкилердин эсебинен жаңылар
замат эле жомок дайыма бүтүп калат.
— Мейли бүтсө бүтө берсин, жолу болсун,— деди дон Кихот,— ал эми Росинант ордунан
жылаар бекен, карап көрөлүчү.
Ал дагы теминип жатты, бирок Росинант ордунан жыла албай тепкилеп тура берди,
анткени арткы эки буту бекем тушалып коюлган. Дон Кихот өзүнүн аткошчусунун калжыңын
угуу үчүн чыдоого жана убакытты өткөрүүгө аргасыз болду. Анын бактысына таңдын атышына
жакын калган болчу.
Таң атып жерге жарык кире баштаган кезде Санчо жашырынып барып Росинанттын бутун
чечип койду. Буту бошоп эркин боло калганын сезип Росинант кубангандай башын чулгуп
алды. Росинаттын козголгонун көрүп дон Кихот менин мыкты атым зор эрдикти көрсөтүүгө
аттан деп жатат, бул болсо жакшылыктын жышаанасы деп эсептеди. Сырдуу түрсүлдөк али
басылган жок, ошондуктан мунун эмне экенин дон Кихот мурдагыдай эле түшүнө алган жок.
Ошондуктан биздин рыцарь убакытты өткөрбөй Санчо менен экинчи жолу коштошуп, ашып
кетсе үч күн күт деп өзүнүн мурдагы оюн кайталады. Эгер ал үч күндөн кийин келбесе, анда
бул өтө коркунучтуу окуяда дон Кихот жаратканга жанын берип, каза тапканын билдирмек.
Анан менин атымдан Дульсинея сулууга салам дубамды айтып коёрсуң деп дагы кайталады дон
Кихот. Сөзүнүн акырында: кылган эмгегиң үчүн сыйлык кылып берем деген убадам жөнүндө
чочулабай эле кой, деди өзүнүн чын берилген ат кошчусуна.
— Мен өлүп калган күндө да сен баары бир аны аласың, анткени мен үйүмө мурас жазып
калтырып кеткем, ошол мурас боюнча кызмат кылган убагыңын баарына толук акыңы аласың.
Эгер ушунчалык коркунучтардын ичинен алда таала мени эч зыянга учуратпай аман алып
калса, анда сага берем деп убада кылган аралды Санчо колуңдагыдай көр деп рыцарь сөзүн
бүттү.
Өзүнүн кайрымдуу таксырынын жалооруп сүйлөгөн сөзүн угуп, Санчо дагы ыйлап
жиберди да кандай гана болбосун өтө коркунучтуу окуя да сиздин жаныңызда болууга
даярмын, бирок сиз ушундай коркунучка туш келбей койсоңуз абдан жакшы болбос беле деди.
Өзүнүн ат кошчусунун чын берилгендигине дон Кихот өтө ыраазы болду, бирок жалыныпжалбырганыңа кулак салбайт, Росинантты теминип күрсүлдөк чыгып жана суу күрүлдөпшарылдап жаткан жакты көздөй чаап жөнөдү. Санчо азап-тозокту бирге көргөн мыкты эшегин
жетелеп алып, анын артынан ээрчиди. Алар каштан дарактары өскөн кичинекей токойдон өтүп,
бийик асканын этегиндеги шалбаага туш келишти, ошол жерде чоң шаркыратма бар экен. Ушул
аскарлардын астында жаман жер кепелер туруптур. Эсти чыгарып жаткан алиги түрсүлдөктөр
мына ушул жер кепелерден чыгып жаткандыгы биздин жолоочуларга эми түшүнүктүү болду.
Росинант шаркыратманын күрүлдөп-шарылдап жаткан үнүн угуп үркүп кетти, бирок дон Кихот
атынын оозун буруп, алиги жер кепелерди көздөй тайманбай бет алды да, өзүнүн айымына бул
коркунучтуу иште колдой көр деп жалынып-жалбарып кайрылды. Санчо өзүнүн кожоюнунун
артынан калбай ээрчий берди. Эсин аябай чыгарган бул кандай шумдук экенин Росинанттын
далдасына жашынып карап көрөм деп аз жерден моюнун чыгарып ала жаздады. Алар жай
бастырып асканын уурчугунан айланып өтөөр замат эле, түн бою эсти чыгарып, коркуткан
жаман жоруктуу түрсүлдөктүн кайдан чыгып жатканы маалим болду, аларга: (китеп окуучу
ачууланба жана таарынба) нооту баса турган алты балка көрүндү, түндө чыккан түрсүлдөк ушу
балкалардын алмак-салмак соккон үндөрү экен.
Муну көргөндөн кийин дон Кихот селдейип туруп калды. Санчо таксырына караса ал,
катуу уялып башын жерге салып калган экен, ал эми дон Кихот да өзүнүн ат кошчусуна
көзүнүн кырын салып карап, күлкүгө чыдай албай жарылып кетчүдөй болуп Санчонун эки
ууртунун көөп кеткенин көрдү. Өзүнүн өтө иренжип калганына карабастан дон Кихот чыдай
албай күлүп жиберди. Санчо да кожоюнун ээрчип күлдү, анан каткырыкка айланды. Акыры дон
Кихот ачуулана баштады, бирок нак ошол кезде Санчо өзүнүн кожоюнунун түндө айткан
сөздөрүн туурап күтүлбөгөн жерден сүйлөй баштады:
— Достум Санчо, алтын кылымды кайтадан жаратсын деп мени ушу темир доордо жаратып
койгондугун сен билип коюшуң керек. Мен — коркунучка туш келчү, улуу иштерди иштөөчү
жана каармандык менен эрдикти көрсөтчү адаммын... Адамдын эсин чыгарган бул
түрсүлдөктөрдү биринчи жолу укканда дон Кихоттун сүйлөгөн сөзүнүн баарын Санчо улам
бирден айтып олтуруп бүт бойдон кайталап айтты. Санчонун шылдыңдап жатканын сезгенден
кийин дон Кихоттун кыжыры кайнады, ал өзүнүн найзасын өйдө көтөрүп керилип туруп
бечараны аркага эки чаап жиберди. Эгер анын бул эки чапканы Санчонун аркасына тийбей
башына тие турган болсо, анда дон Кихот ага акы төлөйм деп убара болбосо деле болот эле.
Кожоюну тамашалабай чындап жатканын сезгенден кийин, жана дагы чаап жибербесе экен деп
коркуп Санчо үнүн басандатып:
— Урматтуу таксыр, ачууланбаңыз,— кудай бар, мен тим эле тамаша кылдым эле деп
жоошутчу сөздөрүн айтты.
— Бирок, мен шылдындагым келбейт!— деп дон Кихот үнүн көтөрүңкү чыгарды. — Эгер
биздин алдыбызда нооту баса турган балка эмес, коркунучтуу бир окуя чыкса, анда иштин
акырына чейин чыгууга менин эрдигим жетпейт эле деп ойлойсуңбу, ыя, тамашакөй мырза?
Мен рыцарь болуп туруп, ар түрдүү түрсүлдөктөрдүн биринен бирин ажырата билүүгө жана
нооту жасоочу балка экенин же башка нерсе экенин билүүгө милдеттүүмүнбү? Чынын айтсам
мен өмүрүмдө мындайды эч көргөн эмесмин, ал эми сен антурган эркек сөрөй ушундай
тегирмендердин жана нооту басуучу балкалардын арасында туулуп өспөдүңбү? Өзүңдүн
таксырынды шылдывдаганча тиги алты балканы каардуу алты дөөгө айландырып жибер да,
аларды мага чабуулга өткөр. Мен кылыч менен бир чапканда алар кулап кетпесе, мына ошондо
мени шылдыңда, каалаганыңча күлө бер.
— Сиздики дурус сеньор,— деди Санчо,— тамашалайм деп ашыра чаап кеткениме өкүнөм.
Андан көрө эми жарашалы. Алдыда турган укмуштуу окуялардын баарында тең, бүгүнкүдөй
аман-эсен чыгыңыз. Бирок муну моюнуңузга алыңыз таксыр: нооту баса турган балкадан
ушунчалык дирилдеп коркконубуз күлкү эмеспи, жок, сиз корккон жоксуз — мен корктум,
анткени урматтуу таксыр сиз коркконду билбейсиз. Эгер мына ушул окуя жөнүндө
кыштагыбызга барганда айта турган болсок, анда ким болсо да күлүп отуруп боору катар эле.
— Биздин башыбыздан өткөн нерсеге адамдын күлкүсү келбейт деп жаткан жерим жок,—
деп жооп берди дон Кихот,— бирок ал жөнүндө кишиге айтуунун кереги жок. Мындай
иштерди жакшылап талдап түшүпүү үчүн элдин баары тең эле бирдей акылдуу эмес.
— Деги эмнеси болсо да,— деп жооп берди Санчо,— урматтуу таксыр сиз найзаны жакшы
шилтейт экенсиз: сиз мени башка урмак болдуңуз эле, бирок кудай бир сактап калды, анын
үстүнө шамдагайлык кылып мындай боло бергендигимен аркама тийбедиби. Болуптур эмесе,
кимдеким өзүнүн жакшы көргөн кишисин катуу урат деген макал бекер жеринен айтылган
эмес. Атактуу сеньорлор өздөрүнүн кызматкерлерин тилдеп коюшат да, ошол замат эле сыйлык
кылып жаңы шым беришет. Бирок сабап койгондон кийин жортуулдап жүргөн рыцарлар
өздөрүнүн кызматкерлерине кандай сыйлык берерин билбейм. Өздөрүнүн кызматкерлерин
сабап койгондон кийин аларга бир аралды же королевствону сыйлык кылып берип жүрбөсүн?
— Эмне экен, тагдыр сенин айткан сөздөрүңү бүт бойдон чындыкка айландырып жибериши
мүмкүн,— деди дон Кихот. — Бир, эки чаап койгондугум үчүн кечирип кой.
Анткени сен кичинекей эмессиң жана кишинин аябай ачуусу келгенде эмне кылаарын
билбей калаарын жакшы билесиң. Келечекте бул сага эскертүү болот, мени менен сүйлөшкөн
кезде сактан ашык сөздү айтуучу болбо, анткени мен рыцарлар жөнүндөгү сан жеткис көп
романдарды окуп-чыктым, бирок ат кошчусу өзүнүн таксыры менен, сага окшоп көп
сүйлөшкөнүн ал романдардын бир да бирөөнөн кезиктирген жокмун. Чынын айтканда бул иште
экөөбүз тең күнөөлүбүз, сенин күнөң мени жакшылап ызааттабагандыгында, ал эми менин
айыбым болсо сенден тийиштүү ызаат кылууну талап кылбагандыгымда. Маселен, Амадис
Галльскийдин ат кошчунун Гандалин Сухопутный аралынын графы болсо да, эгер тарыхка
ишене турган болсок, өзүнүн таксыры менен баш киймин колуна алып, түрктөрдүн салты
боюнча жүгүнүп туруп сүйлөшчү экен. Мен Амадистей талапты катуу коё албайм, бирок Санчо
сен таксыр менен кызматчынын, сеньор менен малайдын, рыцарь менен ат кошчунун
айырмасын дайыма биле жүрүшүң керек. Мына ошентип бүгүнкү күндөн баштап бири-бирибиз
менен өтө эле жөнөкөй мамиле кыла берүүнү коёлу, жана ар түрдүү акмакчылыгыбызды
таштайлы, эгер сен бирдеме деп ачуумду келтире турган болсоң, анда тамсилде айтылчу
карапага окшоп өзүң эле зыян тартып каласың. Ал эми мен убада кылган сага берилчү
сыйлыктар өз убагында болот. Эгер болбой калса баары бир сенин акың эч кайда кетпейт, ал
жөнүндө мен бир эмес, бир нече жолу айттым эле го.
— Бул айтканыңыздын баары тең жакшы, урматтуу таксыр,— деди Санчо.— Мен бир
нерсени билгим келет. Сыйлыкты берүү үчүн убакыттын болбой калышы мүмкүн го, анда мен
бир гана кызмат акы менен ыраазы болушум керек го дейм. Урматтуу таксыр, илгери
жортуулдап жүрүүчү рыцарлардын ат кошчусу кандай кызмат аткаруучу эле, жана алар ай
сайын жалданчу беле же күн сайын жалданчу беле? — Сиз мага мына ушуларды айтып
бериңизчи.
— Менин оюмча,— деп жооп берди дон Кихот,— акы албастан, рыцарлардын берген
сыйлыктарына гана ыраазы болуп кала берүүчү. Мен үйгө калтырган өзүмдүн осуятымда сенин
акын жөнүндө айтып кетишимдин себеби бар, анткени биздин бул кырсык чалган убагыбызда
рыцарлардын тагдырынын кандай болушун билбейм. Болбогон бир майда-чуйда иштер үчүн
тиги дүйнөдө жаным кыйналбагандай болсо экен дейм. Анткени бул дүйнөдө укмуштуу
окуяларды издеп жүрүүдөн башка коркунучтуу эч нерсе жок экенин Санчо сен билип коюшуң
керек.
— Бул барып турган чындык!— деп жооп берди Санчо. — Нооту басчу балкалардын
түрсүлдөгү эле, урматтуу таксыр, сизге окшогон атактуу, жортуулдап жүрүүчү рыцарлардын
жүрөгүн опколжутуп жибермек беле. Бирок, мен мындан кийин урматтуу таксыр сизди
тамашалап ооз ачпайм, жана таксырым, сеньорум катары сизди ызаат кылып жүрөм, буга сиз
толук ишенип койсоңуз болот.
— Жаман болбойсуң, алкыш аласың,— деп жооп берди дон Кихот,— анткени ата-энеңден
кийин өзүңдүн таксырына көбүрөөк ызаат кыл.
16-ГЛАВА. Мында укмуштуу улуу окуя жөнүндө, Мамбриндин кымбат
баалуу туулгасын жеңип алгандыгы жөнүндө жана рыцарь менен ат кошчу
экөөнүн ортосунда болгон аңгеме жөнүндө баяндалат
Нак ошол кезде жамгыр тамчылап жаап келди. Алиги нооту басып жаткан жаман тамга
корголоп отура турса Санчо жок дебес эле. Бирок ат кошчусунун шылдыңынан кийин дон
Кихот бул жерди аябай жек көрүп калгандыктан аякка такыр баргысы келген жок. Ошентип
алар оң жакка бурулуп кетишти, анан бат эле кечээ кечинде келе жаткан жолуна түшүштү.
Жарым миль жол жүрө электе эле, дон Кихот бери келаткан атчан бир кишини көрдү, анын баш
кийми бир укмуш көрүнүп, алтындай жарк-журк этет.
— Санчо, менин оюмча,— деди дон Кихот,— ар бир макалда чындык бар, анткени ал
айтылгандардын бардыгы, илимдердин негизи болгон тажрыйбадан алынган. Бир эшик
жабылып, бир эшик ачылды деген макал өтө адилеттүү айтылган. Муну айтып жаткан себебим
бар: анткени тагдыр кечээ күнү өзүбүз издеген укмуштуу окуянын эшигин биздин көз
алдыбызда жаап коюп, нооту басчу балканын түрсүлдөгөн үнүнөн коркууга мажбур кылды, а
бүгүн болсо башка бир укмуштуу окуяга кирип бара турган каалганы чоң ачып койду. Бирок,
бул балким жооптуу иш болсо керек! Карап көрчү, эгер мен жаңылбасам, башында
Мамбриндин туулгасы бар бир атчан киши келатат, эмнеси болсо да мына ушул туулганы
колума түшүрүп алам деп ант бергеними өзүң билесиңго;
— Кудай үчүн этиет болуңуз урматтуу таксыр,— деп жооп берди Санчо,— байкаңыз
сеньор, нооту басчулар менен болгон окуядай болуп жүрбөсүн.
— Сени шайтан бассын,— деп кыйкырып жиберди дон Кихот, — туулга менен нооту
басчуларды окшоштурууга болмок беле?
— Аны кайдан билейин,— деп жооп берди Санчо,— бирок, урматтуу таксыр, эгер мага
мурдагыдай эле сиз менен ээн-эркин сүйлөшө берүүгө руксат бере турган болсоңуз, анда
балким сиздин жаңылып жатканыңызды ынандыра турган далилдерди келтирип айтып берер
элем.
— Мен эмнеден жаңылып жатам, сен коён жүрөк коркоксуң, чыккынчысың?— деп дон
Кихот кыйкырып жиберди.— Айтчы, астында көк алааты бар, башына алтын туулга кийген
салт атчан адамдын бизди көздөй келатканын көрбөй турасыңбы?
— Мен эшекке минип келаткан бир кишини көрүп жана байкап турам,— деп жооп берди
Санчо,— анын эшеги меникиндей эле сур эшек, ал эми башындагысы болсо жаркылдаган бир
деме.
— Бирок, нак ошонун өзү Мамбриндин туулгасы деген болот,— деди дон Кихот,—
тигиндей оолак бар да, экөөбүздү жалгыз коюп карап тургун. Мен ушул белгисиз рыцарь менен
жекеме-жеке салгылашып өзүмдүн кылычым менен аны согуп туруп, көптөн бери тилеп жүргөн
туулганы андан тартып алганымды көрөсүң.
— Тигиндей оолак барып туруу кыйын эмес, бирок, урматтуу таксыр этиет боло көрүңүз,—
деди Санчо. — Нооту баса турган балкалардын окуясы сыяктуу дагы бир окуяга туш келип
калып жүрбөңүз, байкаңыз.
— Тууган, ал балкалар жөнүндө айта берип менин эсиме салбагын деп мен сага жүз жолу
айттымго,— деп дон Кихот сөзүн бөлдү,— эгер койбой турган болсоң, мен сенин жаныңды
сууруп алам, анте албасам эле, жерге кирип кетейин.
— Шамалга учкан камгактай оозунан бурк этип чыккан өзүнүн берген антын чын эле иш
жүзүнө ашырып жибербегендей эле деп коркуп кетип Санчо унчукпай калды.
Бирок, башына жаркылдаган туулга кийген табышмактуу жалгыз атчан кишинин ким
экенин китеп окуучуларга түшүндүрө кетүү керек. Биздин рыцарь, ат кошчу экөө жүрүп
келаткан чоң жолго жакын эле жерде эки село боло турган. Кичирээк селосунда аптека да, чач
тарач да жок экен, ошондуктан экинчи селонун чач тарачы эки селону тең тейлей турган нак
ушул убакта кичирээк селодо турган бир киши кан алдырып, экинчиси сакал-мурутун алдырмак
болуп калат. Ошентип ал экөө чач тарачты чакырышат, чач тарач жез чылапчынды алып,
алардын селосун көздөй жолго чыгат. Бирок, тагдырга туш келип жолдо келе жатканда жамгыр
жаайт. Чач тарач өзүнүн жаңы калпагын аяп, жалтыраганча тазаланган чылапчынды башына
кийип алат. Санчонун айтканындай мингени сур эшек экен, ал эми дон Кихотко болсо, ошол
замат эле ал чач тарач алтын туулга кийген рыцарь, астындагысы аргымак болуп көрүндү,
анткени анын көзүнө көрүнгөндүн бардыгы тең өзүнүн эселектик ою боюнча башкача болуп
көрүндү.
Чач тарач биздин рыцарга жакындай бергенде, дон Кихот ага найзасын кесе сунуп,
Росинанттын кудурети жеткенче чаап жөнөдү. Чаап баратып мындай деп кыйкырды:
— Шордуу байкуш колуңан келишинче аракет кыл, коргон, же болбосо согушпай туруп эле
чыны мага ылайыктуу нерсени бергин!
Ойдо жок, күтпөгөн жерден бир балакеттин кол салып келатканын көрүп, чач тарач
эшегинен жерге кулап түштү, башындагы чылапчыны оолак ыргып кетти. Жерге чала-була
тийип чач тарач кайта эликтей ыргып тура келди да, чымын-куюн болуп качып жөнөдү, ушул
кезде муну шамал да кууп жете албас эле. Чылапчын жолдун боюнда калганын көргөндөн
кийин дон Кихот ал байкушту кууган да жок.
— Бул жеңишке менин оңой эле жетишкеними көрдүңбү, Санчо,— деди дон Кихот,—
Менин дини буруу душманым аңчыдан качкан кундуздай акылдуу иш кылды, анткени кундуз
аңчылардын эмне үчүн кууп келатканын билип, өз куйругун өзү тиши менен кырка тиштеп үзүп
таштап кетип калат.
Дон Кихот туулганы алып бер деп Санчого буюрду, ал туулганы колуна алып:
— Чылапчын экен, кудай бар жакшынакай экен! Баасы кеминде эле сегиз реал болот,—
деди.
Санчо чылапчынды өзүнүн таксырына алып берди, ал дароо эле башына кийип, маңдай
жагын издеп тегерете айландыра берди. Маңдайын таба албай мындай деди:
— Бул туулганы кийген дини буруу неменин башы казандай чоң болсо керек, бирок
анысынан да мунун маңдайы менен желкесинин жоктугу жаман экен.
Чач алганда алдыга тосо турган бул чылапчынды дон Кихот туулга деп атап жатканын
укканда Санчо аз жерден кыйкырып жибере жаздады, бирок таксырынын буга ачуусу келе
тургандыгын эстеп, күлкүсүн тыйды.
— Санчо эмнеге күлүп жатасың? — деп сурады дон Кихот.
— Муну кийген дини буру эменин башы эмне болгон баш деп ойлоп күлүп жатам,— деп
жооп берди Санчо. — Анткени бул туулга чач алганда алдыга тосо турган чылапчынга коёндой
окшош экен.
— Менин оюмду билесиңби Санчо? Балким, бул сыйкырдуу туулга бардык касиетине жете
баа бере албаган эменин колунда жүрсө керек. Туулганын накта алтындан жасалганын
көргөндөн кийин мандайын жана артын сындырып алган көрүнөт, ал эми калган төбөсүнөн сен
ойлогондой чач алганда алдыга коюучу чылапчындай кылып жасап алгансып көрүнүп жатат.
Эмне болмок эле, баары бир да. Мунун кандай туулга экенин өзүм да жакшы билип турам,
бирок аны кандай түргө айландырып жибергендиги мага баары бир. Устаканасы бар биринчи
эле селого кез келгенибизде, биз муну кайтадан туулга кылып ондойбуз, мына ошондо
усталардын кудайы согуштун кудайына жасап берген туулгадан да артык болот. Бирок,
азырынча мен муну ушул бойдон кийип жүрө берем, анткени кур баштын өзүнөн көрө, бул
өйдө го. Анын үстүнө бул мени жамгырдай жаадыра урган таштан сактап кала алат.
— Албетте,— деп жооп берди Санчо,— эгер кездешкен жоолоруңуз, алиги эки армия
кагылышкан жерде урматтуу таксыр сиздин тишиңизди кыйратып, мен ичип алып, кардым
эшилип түшүп кала жаздаган каргыш тийгир бальзам деген дары салынган челектин ташын
талкан кылганда салмоорго таш салып алып ургандай урбаса сактап калат.
— Эчтеке эмес, Санчо ал бальзамды дагы жасап алууга болот,— деп жооп берди дон Кихот.
— Ал дарынын кандайча жасаларын мен жатка билеримди өзүң билесиң.
— Ооба, мен да билем,— деди келжирек Санчо.— Бирок, эгер өмүрүмдө ал дарыны жасап
же ичип көрсөм эле ушул жерден мүрт кетейин. Мен эч убакта бирөөнү жаралуу кылбоого жана
өзүм да жарадар болбоого аракеттенем, ошондуктан ал дарынын мага кереги жок деп ойлойм.
Өзүм эч ким менен урушпайм, ал эми мени менен кимде-ким урушууну кааласа анда мен алдыартыма карабай качып кетем. Чырын айтканда, мени жуурканга салып алып асманды көздөй
ыргытчу учур бир эмес, бир нече жолу болушу мүмкүн, бирок мындай балээден кайда качып
кутулмак элең. Эгер андай балээге учурай турган болсом, башымды моюнума катып
кыржыйтып, демимди ичиме алып, көздү жумуп тагдырдын жазганын көрөм деп жата берүү
керек.
— Сен жаман христианинсиң,— деп жооп берди буга дон Кихот,— анткени сен алиги
сыйкырдуу сепилде, же сенин оюңча мейманканада көргөн ызаңды унутпайсың. Билип кой, кең
пейил, айкөл адамдар жарамсыз немелерге такыр көңүл бурбайт. Сен ошондон кийин аксап
калдыңбы? Же кабыргаңды сындырып, башыңды жарды беле? Эмне үчүн сен ал тамашаны
унутпайсың? Чынында ал тамаша эле болучу. Эгер мен башкача деп ойлой турган болсом, анда
мен кайтып келип сен үчүн өч алып берер элем. Еленаны32 уурдап ала качып кеткенде
гректердин өзүнүн колунан келбеген балекеттин баарын жасайт элем. Асманды карап жана оор
күрсүнүп коюп,— ирети келгенде айта кетүү керек деп кошумчалады биздин рыцарь, өзүнүн
айткан сөзүндө,— эгер Елена биздин убагыбызда болсо, же ааламда жок Дульсинея Тобосская
Троинин убагында жашаса, анда атактуу гречанка өзунун сулуулугу жагынан анчалык атка
коно албайт эле.
Дон Кихоттун бул сөзүнө Санчо мындай деди:
— Болуптур эмесе! Биз чындап өч ала албагандан кийин, мейли ал тамаша болуп кала
берсин. Бирок, анын кандай тамаша болгонун жакшы билем, эсимен эч качан чыкпасын да
билем, аны менин аркам да унутпайт. Болду эми муну коёлук. Андан көрө, урматтуу таксыр,
тиги менин эшегиме коёндой окшош сур атты эмне кылабыз, ошону айтыңызчы. Кожоюну аны
эмне болсод, ошо бол деп бул жерге таштап качып кетип калбадыбы. Бул сакалым менен
кантип калп айтайын, бул сур эме жаман мал эмес! Анын бизге кереги тийип калып жүрбөсүн
— ала кетелиби?
— Жеңилгендерди талап алуу,— деп жооп берди дон Кихот,— менин эрежемде жок, анын
үстүнө жоонун атын тартып алып, өзүн жөө айдап жиберүүгө рыцарлардын салты тыюу салат.
Эгер жеңип чыккан рыцарь согуш убагында өзүнүн атынан айрылып калганда гана согуштук
олжо катарында жеңилгендин атын алууга руксат этилет. Мына ошондуктан, Санчо, бул атка
же эшекке тийбе, жөн кой (муну эшек болсун деп эле самап калдың болуптур, ошондой эле
болсун), анткени биз алыстап кеткенден кийин ээси кайта келип алып кетерине ишенем.
— Муну мен кошо ала кетмекчимин,— деди Санчо, же жок дегенде өзүмдүкүнө
айырбаштап алсамбы деген оюм кудайга белгилүү, анткени менин эшегим мындан алда кайда
жаман. Бир эшекти экинчи эшекке айырбаштоого уруксат бербегенден кийин рыцардын закону
өтө катуу экен. Үстүндөгү ээр-токумун алмашып алууга болобу, ошону айтыңызчы?
— Бул жөнүндө мен толук биле албайм,— деп жооп берди дон Кихот,— шектүү окуя,
ошондуктан муну аныктап билип алуу керек. Өз эшегиң үчүн ээр-токумга муктаж болсоң, анда
алмашууга уруксат этемин.
— Аябай муктаж болдум,— деп жооп берди Санчо,— анткени бул ээр-токум өзүмө керек
болсо, анда мен анчалык муктаж болбойт элем. Өзүнүн таксырынын уруксаты боюнча, Санчо
ошол замат эле ээр-токумун алмаштырып алды да, өзүнүн эшегин аябай кооздоду, анысы адам
карап тургудай болуп көйкөлүп калды.
Укмуштуу окуяларды издеп, жортуулдап жүргөндөр андан кийин, обочо турган бакдарактын ичине келип токтоп, өлгөн адамды көргө коюу үчүн алып бараткан убакта Санчо
киренин ичинен алган тамактын калгандарын жеп, жакын жердеги булактан суу ичишти. Бир аз
дем алгандан кийин, жолду өзүң тап дегенсип Росинанттын эркине коюп илгери карай жөнөй
беришти, сур эшек да андан бир кадам, артта калбай ээрчип жүрө берди. Жүрүп олтуруп алар
акыры бир чоң жолго туш келишти, ал жол кайда алып барарын билишпей, жолубуз болот
деген үмүт менен жүрө беришти. Ошол кезде Санчо өзүнүн таксырына:
— Урматтуу таксыр, сиз менен бир аз сүйлөшүүгө руксат бересизби? Унчукпай жүр деп
мага катуу тыюу салганыңыздан бери, жок эле дегенде төрт суроо менин курсагымда жата
берип көгөрүп кетти, а эми бешинчи суроо болсо тилимдин эле учунда турат, ошондуктан ал
суроо да көгөрүп кетпесе экен дейм,— деди.
— Айта бер, бирок кыскача сүйлө,— деп жооп берди дон Кихот,— анткени көп сөз дайыма
маңыз болот.
— Сеньор, менин сизге айтайын дегеним,— деп баштады Санчо,— биздин минтип
жортуулдап жүрүшүбүздөн пайда жок экендиги жөнүндө бир нече күндөн бери ойлоп келатам.
Урматтуу таксыр, сиз укмуштуу окуяларды тогуз жолдун тоомунан жана жеңишиңиз менен
эрдигиңизди эч ким көрбөй, билбей турган ээн талаа-эрме чөлдөн издейсиз. Урматтуу таксыр,
эгер сиз башкача деп ойлобосоңуз, бир императорго же башка улуу падышага кызматка кетсек
жакшыраак болор эле деп ойлойм. Мына ошондо урматтуу таксыр сиз өзүңүздүн эрдигиңизди
жана акылдуулугуңузду көрсөтө алар элеңиз. Ал падыша болсо албетте кызматыбызга жараша
экөөбүздү тең сыйлап турар эле. Ошону менен бирге балким анын сарайынан ак ниеттүү
тарыхчы да табылып калышы мүмкүн, ал тарыхчы, урматтуу таксыр, сиздин иштериңиздин
баарын дайыма эсте каларлык кылып жазаар эле. Мен өзүмдүн ишим жөнүндө айткан жерим
жок, анткени ал сиздикиндей эмес, башкача өлчөм менен өлчөнөт эмеспи. Мен сизге айтып
коёюн, эгер ат кошчулардын кылган эрдик иштери тарыхка жазыла турган салт болсо, анда
менин иштерим да калбайт деп сизди ынандырайын.
— Сенин пикириң жаман эмес, Санчо,—деп жооп берди дон Кихот.— Бирок, андай
ардактуу кызматка кирүүдөн мурда рыцарь, сыноо иретинде укмуштуу окуяларды издеп
төгөрөктүн төрт бурчун жортуулдап жүрүшү керек. Ал биринчиден бүткүл дүйнөлүк атакты
алышы керек, өзүнүн аты бүткүл эл оозунда айтылышына жетишүү тийиш. Мына ошондо гана
ал атактуу бир падышага барат, биринчи болуп көргөн балдар эле анын келгендиги жөнүндө
бардыкка жар салат, ошол замат эле анын айланасына эл топурап үйүлүп алып: мына Күндүн
рыцары, же күчтүү жана өтө коркунучтуу Брокабрун деген дөөнү жеңген жылаандык рыцары—
деп ураалап кыйкырышат! Сыйкырчылардын кол алдында тогуз жүз жыл бою азап чегип онтоп
жаткан Персиянын Улуу мамелюгун куткарып чыккан рыцарь ушул дешет! Мына ошондо
элдин ураалап кыйкырып жатканын угуп король өзүнүн ак сарайынын терезесинен карап, анан
биздин рыцарды көрөт, дароо эле кийген соотторунан же калканчындагы белгисинен тайный
коюп: «Эй, менин сарайымдагы рыцарлар, даңктуу баатырды, жана бүткүл рыцарлардын
көркүн чыгарган гүлдү тосуп алууга чыккыла!» дейт. Анын берген буйругуна баш ийип,
алардын баары тең короого чыгышат, өзү болсо баскычтын орто ченине чейин келип мейманды
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Шумдуктуу Идальго Дон Кихот Ламанчский - 09