Latin

Шумдуктуу Идальго Дон Кихот Ламанчский - 12

Total number of words is 4189
Total number of unique words is 1772
33.9 of words are in the 2000 most common words
45.1 of words are in the 5000 most common words
50.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
жараксыз кишимин. Мен аялым, балдарым бар үй-бүлөлүү киши эмесминби. Албетте аялым
менен ажырашууга болот, бирок ал үчүн көп, узак убара болуш керек. Мына ошондуктан эгер
менин таксырым ушул суйкайган сулууга — тезирээк үйлөнүп жиберсе жакшы болор эле, анын
атын билбейм, ошондуктан башка деп атын атабай эле коёюн.
— Анын аты,— деп жооп берди поп,— королевствонун наамында принцесса Микомикон
дейт.
— Түшүндүм,— деди Санчо.— Өздөрүнүн туулган жерлеринин наамы боюнча атап жүргөн
адамдарды көп көрдүм, маселен: Педро де Алькала, Хуан де Убеда, Диэго де Вальядолид: ал
эми Гвинеяда болсо, королевалар өздөрүнүн атын королевстволорунун наамында атап ала
турган салт болсо керек го.
— Балким ошондой болсо керек,— деди поп. Ал эми сиздин таксырыңыздын үйлөнүшү
жөнүндө, колуман келген күчүмдү аябайм, ушул принцессага үйлөн деп ынандырам.
Санчо поптун берген убадасына толук канааттанып калды, ал поп болсо, анын ак
көңүлдүүлүгүнө, ошону менен бирге өзүнүн таксырынын эселектигин абдан бат жугузуп
алгандыгына айран-таң калбай койгон жок. Мына оглол убакта Доротея поптун качырына
минди, ал эми чач тарач болсо өгүздүн куйругунан жасалган сакалды ээгине байлап алды. Анан
алар Санчодон дон Кихотту көздөй алып баргын, бирок, поп менен чебер уста Николас экөөнө
жолуккандыгы жөнүндө рыцарга айтпагын дешип катуу тыюу салышты.
Санчо унчукпайын деп убада берди, андан кийин Доротея узатуучуларды ээрчитип алып
жолго чыкты. Алар бир милдин төрттөн үч бөлүгүнчө жол жүрө электе эле кийимдерин
кийинип, бирок курал-жарактарын колуна ала элек биздин рыцарды көрүп калышты. Анын
таксыры нак ушул экенин Доротея Санчо Пансадан угуп билгенден кийин өзүнүн минген
качырын темине бастырып, тайманбастан дон Кихотту көздөй бет алды. Сакалы белине жеткен
чач тарач анын артынан калбай ээрчип алды. Алар дон Кихоттун жанына жакындап барганда ат
кошчусу өзүнүн качырынан ыргып жерге түшө калып, анан Доротеяны аттан түшүрүү үчүн
жанына басып барды. Бирок, Доротея качырдын үстүнөн өзү жерге шамдагай ыргып түштү да,
дон Кихоттун тизесинө жыгыла кетти. Бул эмнеси деп айран-таң калган рыцарь аны өйдө
кылууга аракет кылды, бирок ал өйдө болбой ошол бойдон эле дон Кихотко төмөнкү сөздөрдү
айтып кайрылды:
— Эр жүрөк, күч-кубаттуу рыцарь сиз кайрымдуулук жана кичипейилдик кылып, өзүңүздү
ардак, даңкка жеткирип, ал эми мен сыяктуу жабыр тарткан байкуш кызга көмөктөшүп жардам
берем деп мени кубандырмайынча мен чөгө түшкөн бойдон олтура берем. Эгерде сиздин
жоокерлик эрдигиңиз, өзүңүздүн өлбөс-өчпөс даңкыңыздан кем калышпай турган болсо, сиздин
атактуу атыңызды угуп алда кайдагы алыскы жайдан келген, жабыр тартып, жапа чеккен
кишиге жардам берүүгө милдеттүүсүз.
— Суйкайган сулуу! — деди дон Кихот, — сизди өйдө тургузууга мага руксат бериңиз,
болбосо, мен сизге бир ооз да жооп бербейм жана айткан сөзүңүздү укпайм.
— Жок, андай эмес сеньор, — деп жооп берди жалган принцесса,— жардам берем деп
убадаңызды бермейинче мен тизелеген бойдон тура берем.
— Эгерде бул менин королума, менин ата мекениме менин эт жүрөгүм менен эркимдин
ачкычы болуп алган адамга зыян келтирбей турган болсо, сизге жардам берип, коргоп калууга
даярмын деп рыцардык сөзүмдү айтып убада кылам, суйкайган сулуу.
— Андан сизге эч кандай зыян келбейт, — деп ант берем—деп жооп берди Доротея.
Бул убакта Санчо өзүнүн таксырынын жанына жетип барып, анын кулагына шыбырады:
— Урматтуу таксыр, жардам берип коргоп калам деп кыйналбай эле ага убада бере
бериңиз, анткени анын бардыгы тең бышкан жумуртканы жеп жибергендей да иш эмес, бар
болгону бир гана дөөнү өлтүрүү керек экен, ал эми бул жөнүндө өтүнүп сурап жаткан кыз
болсо, Эфиопиядагы Микомикон деген улуу королевствонун Микомикон аттуу принцессасы.
— Анын ким экени мага баары бир, анткени өзүмдүн ар-намысым менен рыцарлар
коомунун закону эмнени буюрса, мен кимге болбосун, баарына тең жардам берүүгө даярмын.
Ошентип сүйлөп Доротеяга кайрылып, дагы мындай деп кошумчалап койду:
—Өйдө туруңуз суйкайган сулуу, мен сиздин тилегиңизди кабыл кылууга убада берем.
— Андай болсо, айкөл рыцарь,— деди өйдө болуп жатып жалган прицесса, — урматтуу
таксыр алыс жердеги мекенимди көздөй мени ээрчитип дароо жөнөөңүздү сурайм. Мындан
башка дагы, кудайдын да, адамдын да законуна карабастан менин королевствомду басып алган
чыккынчы жоодон өчүмдү алып бермейинче эч бир окуяга кийлигишпейм деп убада беришиңиз
керек.
— Бул убаданы да берем — деди дон Кихот салтанаттуу түрдө. — Мына азыртан баштап
өзүңүздүн кайгы-капаңызды жазып, кубат алып, үмүттөн ажырабаңыз, анткени алда таала
менен менин кылычымдын жардамы аркасында жакын аранын ичинде эле сиз байыркы жана
улуу королевствоңуздун тагында олтуруп калгандыгыңызды гана ибир билип каласыз. Аны
сизден тартып алууга батынып кол салган чыккынчыларды балээ бассын! Ошентип эми ишке
киришели, анткени кечигүү— коркунуч туудурат дешет эмеспи!
Доротея дон Кихоттун колун өпмөкчу болду эле, бирок ал адептүү жигит болгондуктан
анын мындай кылышына жол берген жок. Ал өтө сыпайкерчилик менен башын ийип,
Доротеяны өйдө көтөрүп тургузду да, колун өөп жиберди. Анан Росинанттын басмайылын
тартып, курал жарагымды алып кел деп Санчого буйруду. Согуштук олжодон бетер Санчо
дарактардын бутактарында илинип турган курал-жарактарды чыгарып алды да, бир заматтын
ичинде өзүнүн таксырын куралдантып койду. Мына ошондо биздин рыцарь мындай деп
салтанаттуу сөз сүйлөдү:
— Ушинтип эми алда таала үчүн бул бечара принцессага жардам берип коргоп калууга
аттанабыз.
Бирок да чач тарач күлүп жибербесем экен деп бүт күчүн жумшап аракет кылып, бир колу
менен сакалын кармап алигече тизелеп олтура берди. Дон Кихоттун жолго чыгууга шашып
жатканын көргөндөн кийин гана ал өйдө болуп дон Кихот экөөлөп жалган принцессаны
качырга мингизип коюшту. Анан биздин рыцарыбыз өзүнүн Росинантына ыргып минди, чач
тарач да өзүнүн качырына минди. Бир гана Санчо жөө басууга туура келди.
Мына ушундай учурда ал өзүнүн сур эшегин эрксизден эсине түшүрдү. Бирок ал өзүнүн
ишеничтүү жолдошу жөнүндө көп кайгырган жок. Менин таксырым жакын күндөрдүн ичинде
Микомикондун королу болот, ошондо мени бир провинцияга башкарчу кылып дайындайт деген
ойго мас болуп келе берди. Бул падышачылык негрлер турган жайда боло тургандыгына
кайгырды, анткени келечектеги кол астындагылардын бардыгы тең кара адамдар болот экен деп
жүрөгү өйүдү. Бирок, ал төмөнкүдөй пикирди айтуу менен өзүн өзү сооротту: менин
карамагымдагылардын баары тең негр болсо эмне балээ болмок эле? Эң болбогондо, мен
аларды кораблге салып Испанияга алып келем. Бул жерде мен аларды сатып жиберем, алар
үчүн мага накта акча төлөшөт, мына ошентип мен өзүмө бир ардактуу наам коюп алып, эч бир
муктаждык көрбөй өмүр өткөрөм. Мындай колго келип турган учурду коё бербөө үчүн
машыккам, ийкемдүүмүн. Анткени отуз-кырк миң негрди сатуу опоңой эле иш. Кудай урсун,
кичине-чоң дебей көз ачып-жумгуча эле сатып өткөрүп жиберем. Алардын териси көөдөн кара
болсо да, мейли көз ачып жумгуча ак, сары акчага айландырып жиберем. Ачык ооз акмагыңыз
мен эмес! Санчо ушундай сонун ойго мас болуп, жөө саякатка чыгуунун оңойсуз экенин унутуп
койду.
Дон Кихоттун жана өзүнүн ат кошчусу менен, Санчо Пансанын жолго чыккандыгын көрүп,
бадалдардын арасында багып турган поп, менин да буларга кошулууга убагым жетти го деп
ойлоду.
Ал бадалдардын арасынан чыга калды да, бул эмне деген киши болду экен дегенсип дон
Кихотту баштан аяк карай баштады. Андан кийин ал, эки кучагын жайып биздин идальгону
көздөй умтулду.
Мен сизди башыңа бак конуп турган саатта кезиктирдим, — деп кыйкырып жиберди ал, —
о рыцарлардын күзгүсү, кайрымдуу менин жердешим, айкөл дон Кихот Ламанчский, мүңкүрөп
калгандардын тиреги жана аларды калкалап калчу канаты, жортуулдап жүрүүчү рыцарлардын
даңкы!
Ушундай сөздөрдү айтуу менен ал, дон Кихоттун сол бутун көкүрөгүнө кысты. Анын
айткан сөздөрүнө жана кылык-жоругуна айран-таң калган дон Кихот аны тиктеп карап калды
да, акыры ким экенин тааныды. Бул кездешүүгө таң калган дон Кихот аттан түшмөкчү болду
эле, бирок поп түшүрбөй кармап калды. Андай болгондон кийин дон Кихот мындай деди:
— Аттан түшүүгө уруксат этиңизчи сеньор лиценциат, сиз сыяктуу урматтуу адам жөө
келатканда, менин атка минип алышым ылайыктуу эмес.
— Сиздин мындай кылганыңызга мен макул эмесмин,—деп жооп берди поп, — урматтуу
таксыр сиз аттан түшпөңүз. Ушул атактуу атыңызга минип жүрүп, өзүңүздүн эң сонун эрдик
иштериңизди көрсөттүңүз. Мен дин кызматкери болууга татыктуу эмесмин, ошондуктан
урматтуу таксыр, эгер сиздин жолдошторуңуз өзүнүн качырына учкаштырып алса, ошого
ыраазы болом. Ошонун өзү эле даңкы таш жарган мавр Мусаракенин Петас деген атына же
кунанына минип бараткан рыцардай болуп көрүнөт.
— Мен ал жөнүндө ойлогон жок элем сеньор лиценциат деп жооп берди дон Кихот,—
бирок бул суйкайган сулуу мени сүйгөндүктөн өзүнүн ат кошчусуна, качырыңа мингизип, өзүң
учкашып ал деп буйрук берерине мен ишенем.
— Менин буйрук беришимдин кажети жок деп ойлойм,—деди принцесса,— анткени менин
ат кошчу кишим өтө сылык ошондуктан дин кызматчысын жөө коюп өзү атка минип албас.
— Абдан туура — деп жооп берди чач тарач.
Ошентип ал качырынан түшүп, попту миниңиз деп сунуш кылды, ал көпкө зарыктырбай
эле качырга минип алды. Балээ болуп жалданып алынган өтө жаман качыр экен, ошондуктан
чач тарач учкашайын деп үзөнгүгө бутун салаары менен эле күчүнүн бардыгынча мөңкүй
баштады. Качырдын туягы Николас чебер устанын көкүрөгүнө же башына тийбегени жакшы
болду, болбосо чач тарач бул айла-амал менен ойлогон иштин ойронун чыгарышы мүмкүн эле.
Бирок, ал аябай коркуп кетип, качырдын жанынан ары көздөй кетип, жерге кулап түштү, катуу
солк эте түшүп жасалма сакалы түшүп калды. Бечара эмне кыларын билбей жашып калды, эки
колу менен бетин жаап тишимди кыйратып кетти деп өкүрүп-бакыра баштады.
Ошол кезде дон Кихот жолдун боюнда жаткан сакалды көрүп, аябай айран-таң калды да,
анан мындай деп кыйкырды:
— Кудай бар, бул бир ажайып! Качыр, анын сакалын бычак менен кесип алгандай жулуп
алыптыр!
Калпы чыгып кала турганын көргөндөн кийин поп, качырдан секирип жерге түштү да чач
тарач сакал кылып байлап алган өгүздүн куйругун жерден тез ала коюп, эки колу менен бетин
басып алигиче жерде жаткан чебер уста Николасты көздөй умтулду. Ал чач тарачтын башын
көкүрөгүнө кысып, оозун кыбыратып бир демелерди айтып окумуш болуп сакалды кайтадан
анын ээгине жабыштырып койду. Ал, жанындагыларга: мен бөтөнчө бир дуба окудум, азыр
сакал өсүп чыгат — деди. Мына ушинтип туруп поп мындай боло берди, ал ат кошчу болсо,
эсен-соо бойдон, эч жарадар болбостон эле мурдагысындай сакалы бапсыйып тура келди. Дон
Кихот буга өтө айран-таң калды, жана ирети келип калган жерде бул дубаны үйрөтүңүз деп
өтүндү, анткени башка бир жабырчылык башка келгенде пайдасы тийиши мүмкүн деди. Эгер
кишинин сакалы жулунса, анын жаагы же ээги жаралуу болуп калышы керек. Бирок ошондой
болсо да принцессанын ат кошчусунун жаратынын баары тең дароо эле айыгып калды. Демек,
бул дубаңыз сакалды гана өстүрбөстөн, жараны да айыктырат деп ойлоого болот — деди дон
Кихот.
— Туптуура,— деп жооп берди поп,—бул дарыны сизге үйрөтүүгө кубанам. Жортуулда
жүргөн рыцарь үчүн ал дубанын өтө пайдасы тийип калышы мүмкүн. Качырга адегенде поп
минсин, андан кийин эки милче жакын калган мейманканага жеткенче үчөө алоолошуп кезек
менен минүүгө макулдашып алышты. Ушинтип иш жайгаштырылгандан кийин баары тең дон
Кихот өзүнүн Росинантына, принцесса менен поп качырга минип, чач тарач менен Санчо Панса
жөө-жалаң болуп жолго чыгышты. Бир аз жол жүргөндөн кийин дон Кихот Доротеяга:
— Улуу даражалуу сеньора, мени өзүңүз каалаган жакты көздөй ээрчитип бара бериңиз —
деди.
Бирок, Доротея жооп бергенче лиценциат сүйлөп жиберди:
— Урматтуу сулуу бизди кайда алып барасыз? — Микомикон королевствосуна ээрчитип
барасыз го? Ушундайбы?
Кандай деп жооп берүү керек экенин Доротея ошол замат эле түшүнө койду:
— Ооба, сеньор мен ошол королевствону көздөй жол тартам.
— Эгер андай болсо, — деп сөзүн улантты поп, — анда менин кыштагымды басып өтөлү,
андан ары Картахенаны көздөй жөнөйсүздөр, анда баргандан кийин жолуңар ачылып, жел
болуп турса кемеге түшүп кете аласыңар. Эгер деңизде толкун болбосо, силер тогуз эле
жылдын ичинде Меотия көлүнө жетип барасыздар да, ал жерден улуу урматтуу принцесса анын
королевствосуна чейин жүз эле күндүк жол калат.
— Урматтуу таксыр сиз адашып жатасыз—деди.Доротея,— аба ырайы өтө жаман болуп
турганына карабастан өзүмдүн мекенимен Испанияга чейин эки эле жыл керек болду. Ошондой
болсо да мен аман-эсен келип жеттим, өзүмдүн каалаган кишимди—сеньор дон Кихот
Ламапчскийди көрдүм. Испаниянын жерине туш келерим менен эле ал жөнүндөгү даңктуу
кабар мага келип жетти, ошондуктан мен, айкөл, эр жүрөк рыцарды издеп таап алып, өзүмдүн
адилеттүү ишимди анын жеңилбес күчкубаттуу колуна тапшырайын деген ойго келдим.
— Мени ушунчалык мактаганыңыз эле жетишет,— деп дон Кихот анын сөзүн бөлдү,—
анткени мен жагынып ар кандай кошомат кылуучулукка каршымын. Суйкайган сулуум, сиздин
мактап айткан сөздөрүңүз чын ниет менен айтылып жатканына мен шектенбейм, бирок ошондо
да мен ал сөздөрдү укканда уялып жатам. Мен кандай гана эр болбоюн бары бир сизге кызмат
кылып берүүгө, сиз үчүн өзүмдүн өмүрүмдү курман кылууга даяр экенимди сизге айтып коёюн.
Бирок ал үчүн өзүнүн убагы келип жетет, ал эми сеньор лиценциат, жаныңызга
кызматкериңизди ээрчитпей өзүңүз жалгыз бул жерге кандайча туш келип калдыңыз, ошону
айтыңызчы, мунун баары мени таң калтырат.
— Мен сизге кыскача гана жооп берем,— деп баштады поп.— Урматтуу таксыр, дон Кихот
муну билип коюңуз, мен өзүмдүн достум чач тарач, чебер уста Николас экөөбүз Севильяга
бараткан элек, анда барып, мындан бир топ жыл мурда Америкага көчүп кеткен бир туушканым
жиберген акчаны алмак элем. Акча болгондо да канча дейсиз! Алтын баасында 60000 пезо41—
бул арзыбаган нерсе эмес. Ошентип биз кечээ ушул жол менен өтүп баратканыбызда төрт
каракчы бизге кол салып, таптакыр тоноп кетти. Бирок бул окуяда таң каларлык бир нерсе бар,
ушул өрөөндө жашаган адамдардын айтканына караганда алар ушул жакын эле жерден
бошотулуп жиберген сүргүнгө айдалып бараткан каракчылар дешет. Алардын укканына
караганда, комиссарлардып жана кайтарып бараткандардын каршылык көрсөткөнүнө
карабастан баш кесер эр жүрөк бир адам бошотуп жибериптир дешет. Ал бошотуп жиберген
адам эселек эме, же ошол каракчыларга окшогон арсыз, уятсыз адам болсо керек. Урматтуу
таксыр сиз ойлоп көрүңүзчү, ал адам карышкырды койго, түлкүнү тоокко, же чымынды балга
коё бергендей иш кылган тура. Балким ал адилет сотту маскаралоону жана өзүнүн закондуу
таксыры королго каршы чыгууну ойлосо керек, анткени ал анын туура законун бузган. Ал
галераларды (кайыктарды) матроссуз калтырып, көп жылдан бери дем алып жаткан Санта
Эрмандаддын тынчын алайын десе керек. Кыскасын айтканда анын жаны менен бирге тулку
денеси да куруп кетет.
Санчонун поп менен чач тарачка өзүнүн таксырынын сүргүнгө бараткандар менен болгон
даңктуу окуясы жөнүндө айтып койгондугун белгилеп кетүү керек. Мына ошондуктан поп
тоноп кетти деген окуяны ойлоп таап, анан ал дон Кихотко кандайча таасир эте турганын
көрмөкчү болгон. Поптун ар бир сөзү сайын дон Кихоттун өңү өзгөрүп турду, бирок ал
компанияны мен бошотком деп айтып моюнуна ала алган жок.
— Бизди тоноп кеткен каракчылар мына ушулар—деп поп сөзүн аяктады,— буларды
жашырып-жаап өздөрүнүн тийиштүү жазаларын тарттырбай бошотуп жиберген адамдын
күнөөсүн кайрымдуу кудай өзүң кечире көр.
22-ГЛАВА. Мында суйкайган сулуу Доротеянын акылдуулугу жөнүндө
жана Санчо Пансанын эшегинин кантип табылгандыгы жөнүндө баяндалат.
Поп сөзүн айтып бүтө электе эле Санчо кепти оозунан жулуп алып:
— Сеньор лиценциат, ал эрдикти менин таксырым көрсөткөн болчу, кудай урсун—деп
кыйкырып жиберди. Андай ишке киришүүдөн мурда аныгын жакшылап ойлоп ал деп мен
карандай какшап үгүттөгөн болчумун. Эмне мунум жалган беле сеньор? Кылган зор
кылмыштары үчүн сүргүнгө айдалып бараткан кылмышкерлерди бошотуп жиберүү оор күнөө
болот деп сизге айтпадым беле?
— Акмак,— деди дон Кихот,— жортуулдап жүргөн рыцарлар, жолунан кезиккен азап чегип
бараткан мусапырлардын күнөлүү, күнөлүү эмес экенин текшерип олтурбайт. Биз
шордуулардын кылган кылмышын коюп, алардын чеккен азабына гана көңүл бурабыз.
Теспедей жана жипке тизилген мончоктой болуп, чынжырга тизилип байланып азап чегип
бараткан адамдарга туш келдим да, мен өзүмдүн ар-намысымдын айтканындай кылдым.
Калганын алда таала өзү чечсин. Ал эми менин ишимди акмакчылык деп ойлогондор,
рыцарлардын иши жөнүндө эч кабары жок адамдар. Менин күч-кубаттуу колумда кылыч
барында мен муну кимге болсо да далилдейм. Бирок, мен муну касиеттүү динге өзүм баш ие
турган урматтуу сеньор лиценциат жөнүндө айтканым жок.
Ушуну айтуу менен ал, үзөнгүсүн чирене теминип, чач алганда алдыга тосуучу
чылапчындын ордуна башына чочойтуп кийип алган туулгасын мандайын көздөй жылдырып
койду, анткени Мамбриндин атактуу туулгасын сүргүнгө айдалып бараткандар толук иштен
чыгарып салган болчу, ошондуктан оңдоп алуу үчүн анын ээринин кашында илинип келе
жаткан болчу.
Дон Кихоттун аябай ачууланып келатканын көрүп, дагы бир балакет кылып жибербесе экен
деп чочулап сөзгө чебер, айлакер Доротея ызаланган рыцардын көңүлүн көтөрүүгө аракет
кылды:
— Сеньор, мага берген антыңызды эстеп коюңузчу. Менин өчүмдү алып бербей туруп, эч
бир окуяга кийлигишпейм деп убада бергенсиз. Ачууңузду басыңыз. Менин сөзүмө ишенип
коюңуз: эгер сеньор лиценциат, сүргүнгө айдалып бараткандарды сиздин жеңилбес колуңуздун
күчү менен бошотулганын билген болсо, анда ал сизге каршы жарабаган бир сөз айтмак түгүл,
өзүнүн тилин үч кайта тиштеп унчукпай калат эле.
— Кудай урсун бул чындык, эгер билсем ал сөздү айткандан көрө, мурутумду
жулмакмын,— деп поп анын сөзүн жөндөп кетти.
— Мен оозумду ачпайын суйкайган сулуу, кайнап келген жинимди басайын,—деди дон
Кихот. Өзүмдүн берген убадамды аткармайынча мен азыртан баштап жопжоош момун,
тынчтыкты сүйгөн адам болоюн. Бирок менин жакшы ниетим үчүн сиздин тарткан кайгыкапаңыз кайсы, жана сизди жабыр тарттыргандардан адилеттүүлүк менен катуу өч алып бере
тургандарымдын ким экенин эгер сизге оордук келбесе мага айтып берүүңүздү сурайм.
— Эгер менин көргөн азабым жана башыма түшкөн балээ сизди эриктирбей турган болсо,
мен сизге дилгир болуп айтып берейин—деди Доротея.
— Эрикпейм, суйкайгаң сулуум,—деп жооп берди дон Кихот.
Мына буга Доротея:
— Эгер андай болсо, анда сеньорлор менин кебиме кулак салгыла—деди.
Мына бул сөздөрдү айтаар замат акыл-эстүү Доротея кандай окуяны айтаар экен дешип,
аны билем деп поп менен чач тарач анын жанына жетип келишти. Санчо да алардын артынан
ээрчиди. Анын көргөн азабын толук билүү үчүн Санчо ынтызар болду, анткени ал да дон Кихот
сыяктуу Доротеянын айткан аңгемеси баштан-аяк чындык деп ойлогон. Доротея болсо, ээрге
оңдонуп отуруп алып, мына мындай деп сөз баштады:
— Сиздер, сеньорлор билип коюңуздар менин атым...
Ушул жерге келгенде ал мукактанып калды, анткени поптун койгон атын унутуп койгон
эле. Иштин жайы эмнеде экенин поп дароо биле койду да жардам берүүгө шашылды.
— Улуу даражалуу принцесса,—деди ал,—өзүңүздүн башыңыздан өткөн азаптозокторуңузду эстеп, бир аз кысылып калдыңыз. Андай кыйынчылыктар кимдин башына туш
келсе, ал унутчаак болуп калат. Азап-тозокко туш келгенде адамдар өздөрүнүн ысмын да
унутуп калышат, сиз азыр нак ошондой болуп жатасыз. Сиздин атыңыз принцесса Микомикон
экенин жана Микомикон деген улуу королевствонун закондуу мураскору экениңизди унутуп
калган сыяктанасыз. Бирок, улуу даражалуу принцесса мен эсиңизге салгандан кийин өзүңүз—
эми бизге айта турганыңыздын баарын тең эч кыйналбай-кысталбай эле эстей аласыз деп
ишенем.
— Абдан туура—деп жооп берди кыз,—мындан ары карай сиздин жардамыңыздын кереги
жок жана өзүмдүн чын тарыхымды жаңылбай айтып берем деп өзүм-өзүмө ишенем. Менин
атамды, королду Тинаркио Мудрый деп аташат, анткени ал магия (көзү ачык) деп аталган
илимди өтө мыкты билген адам эле. Менин энем, королева Харамилья—атамдан мурда
дүйнөдөн кайта тургандыгын, ал эми энем өлгөндөн кийин көп узубай эле атамдын да тиги
дүйнөгө кете тургандыгын, ошентип мен томолой жетим болуп өсө турганымы илими аян
кылып, алдын ала айткан экен. Бул болочокку жаман жоруктуу кабардан да, менин алардан
кийин калгандагы тагдырыма атам өтө катуу кайгырды. Биздин мамлекетибиздин жанында
жаткан бир чоң аралда Пандафиландо Свирепоглазый деген дөө падыша болуп турганын менин
атам биле турган. Көз карашы бөтөнчө бир мээримсиз каардуу көрүнүү үчүн ал эки көзүн
окшуйтуп кароочу экен, мына ошол үчүн аны Свирепоглазый деп аташчу. Менин томолой
жетим калгандыгым туурасындагы кабар дөөгө жеткенде, ал ошол замат эле көп аскер алып
биздин королевствого кол салып, аны жеңип аларын менин атам өзүнүн жашыруун сырдуу
илиминин жардамы менен билген. Эгер мен ошол дөөгө күйөөгө тийсем гана мына ушул
балээден жана бүлүнүп-жарылуудан аман-эсен кутулмак экемин. Бирок, мен ал өзүмдүн теңим
болбогон дөөгө таптакыр турмушка чыкпасыма албетте атам күмөндөр болгон эмес. Бул иште
ал таптакыр каталашкан эмес. Ушул албарсты шумдук менен никелешемби деген ой гана
бүткөн боюмдун дүркүрөтүп жибергендиги өзүнөн-өзү түшүнүктүү. Анан атам мага мындай
деп эскертти: Пандафиландо королевствого кол салганда каршылык көрсөтөм деп ойлоп да
койбо—деди. Бул дөөнүн шайтандай болгон күчүнө эч бир аскер каршылык көрсөтө албайт.
«Биздин кол астыбыздагы ак ниеттүү жана чын берилген элибизди кырдырбай аман сактап кала
турган бирден бир гана курал ал мында: өз эркиң менен королевствону таштап, Испаниядан
жардам издеп жөнөшүң керек» деген. Мен, Испанияга барганда бүткүл жер жүзүнө атагы
жайылган жортуулдап жүргөн рыцарды таап алышым керек эле. Ошол дон Асот же дон Кихот
деген рыцарь менин коргоп жана куткарып калуучум болот эле.
— Балким, атыңыз: дон Кихот деп же башкача айтканда Кайгы Муңдун рыцары деп
жүрбөсүн деди Санчо кепти ооздон жулуп алып.
— Нак ошондой,—деп жооп берди Доротея.—Ал дагы мындай деген болчу, ал рыцардын
бою узун, арык чырай, оң ийнинин ылдыйраак жеринде кара меңи бар деген болчу.
Бул сөздөрдү уккандан кийин дон Кихот өзүнүн ат кошчусуна мындай деди:
— Тууганым Санчо бери келип, чечинүүгө жардам берчи, анткени, акылман королдун
алдын ала айтып кеткен рыцары мен экеними же башка экенин билгим келет.
— Чечинүүнүн эмне кереги бар урматтуу таксыр?— деп сурады Доротея.
— Сиздин атаңыз айткан меңдин бар же жок экенин көргүм келет— деп жооп берди дон
Кихот.
— Ал үчүн чечинүүнүн кереги эмне,—деди Санчо,—анткени сиздин дал ортоңузда дал
ушундай бир мең бар экенин билем: ал эрдиктин белгиси.
— Ошол эле жетишет—деди Доротея.—Мендин ийниңизде же аркаңызда болушунун эч
кандай мааниси жок.—Маани меңдин бар болгонунда, мең кай жерде болсо, ошол жерде боло
берсин, анткени адамдын денесинин бардыгы бирдей эмеспи. Менин кайрымдуу атамдын
алдын ала туура айткандыгына шек жок, мен да сеньор дон Кихотко кайрылуу менен
каталашпаптырмын, анткени атамдын айтып кеткени сиз экенсиз. Бүткүл Испанияда сиздин
даңкыңыз бекеринен таралбаптыр. Осунага келип жете элегимде эле сиздин эрдиңиз жөнүндө
кулагым чалды, ошол замат эле менин коргоп жана сактап калуучум ошол экен деп жүрөгүм
сезип туйлады.
— Менин сеньорам, урматтуу сулуу, Осунага кантип түшмөк элеңиз, анткени ал кеме
токтой турган жер эмес да?—деп сурап калды дон Кихот.
Доротея жооп бергенче болбой поп сөзгө аралашып калды:
— Сеньора принцесса, таксыр сиз жөнүндө биринчи жолу кабар уккан жер Осуна эле деп
айтмакчы болсо керек, бирок түшкөн жери Малага болчу.
— Ооба, мен да нак ошону айтайын дедим эле — деп аныктады Доротея.
— Андай болсо, баары тең түшүнүктүү—деди поп.—Эмесе сөзүңүздү уланта бериңиз улуу
даражалуу принцесса.
— Акыры тагдыр мага боор ооруду, мен сеньор дон Кихотту таптым, мындан башка кошуп
айтаарым жок,—деди Доротея. Өзүнүн мейримдүүлүгүн карматып жана айкөлдүгү менен мага
жардам берүүгө макул болду. Ал мага, Пандафиландо Свирепоглазый деген дөөгө каршы
аттанам деп убадасын берди, ал шумдуктуу бир дөөнү жеңерине жана законсуз түрдө менден
тартып алгандарын мага кайтарып берерине шек кылбайм. Мунун баары тең жазымыш боюнча
иштелиши керек, анткени менин кайрымдуу атам Тинакрио Мудрый айтып кеткен болчу.
Андан тышкары атамдын грек жана халдей тилдеринде жазылган китебинде мындай деп
жазылган: эгерде, күн мурда айтылган болочоктун ичиндеги рыцарь дөөнүн башын кесип алып,
мага үйлөнгүсү келсе анда мен дароо эле, ыйкы-тыйкы болбостон анын закондуу жубайы болуп
калышым керек, ошону менен бирге королевствону башкаруу ишин да анын колуна беришим
керек.
— Достум Санчо, сен буга эмне демексиң?—деп дон Кихот кыйкырып жиберди.—Эмне
жөнүндө сөз болуп жатканын сен угуп жатасыңбы? Мына ушуну мен сага айткан жок белем?
Биз билбей турган королевство мына, жана биз үйлөнө турган королдун кызы мынакей.
— Кудай урсун, мунуңуз чындык!—деди Санчо.—Сеньор Пандафилондонун моюнун
толгоп жулуп албоо жана принцессага үйлөнбөө барып турган акмактык болоор эле.
Ушул сөздү айтуу менен Санчо, кубангандан эки жолу арбаң-сарбаң этип секирип койду да,
анан Доротея минип келаткан качырды тизгинден алып токтотуп туруп, королева катарында
колуңузду өптүрүп коюңуз деп жалынып-жалбарып сурап, тизелеп отура кетти. Дон Кихоттун
мына ушул эселектигин жана кызматкеринин ак көңүлдүүлүгүн көргөндө кимдин күлкүсү
келбей тим эле чыдап тура алсын. Доротея ага колун сунду да, жараткан кудай өзүмдүн
королевствомду бийлөөгө дагы кайтадан руксат этсе, анда мен сени жогорку даражалуу төрө
кылам деп убада берди. Анын мындай сөздөрдү айтып убада бергенине Санчо улам-улам
алкыш айтты, жанындагы кишилер дагы күлүп калышты.
— Сеньорлор, менин тарыхым ушундай,—деп сөзүн уланта берди Доротея.—Айта турган
дагы бир аз гана кебим калды. Биз кемелер токтой турган жерге жакындап калган кезибизде
катуу шамал болду. Биздин кемебиз сууга чөгүп кетти, ошентип менин сапар чегип келаткан
жолдошторум буркан-шаркан түшкөн деңиздин толкунуна батып курман болушту. Алардын
ичинен мен жана менин ат кошчум мына бул сакалдуу киши экөөбүз аман калдык. Экөөбүз
кандайдыр эбептенсебеп менен бир тактайга жармашып жээкке чыктык. Айтор, менин бүткүл
турмушумдун бир укмуш жана терең сырдуу экенин өзүңүздөр көрүп турасыздар го. Ушуну
менен мен өзүмдүн аңгемемди бүтөм. Эгер мен бул ишке байланышы жок ашыкча сөз айтсам
кечирип коюңуздар. Оор кырсыкка учураган адам оюндагысын унутуп калат деп сеньор
лиценциат эми эле айтпадыбы, менин бүткүл өмүрүм ушул күнгө чейин кайгы-капага чулганып
келатат.
— О улуу даражалуу жана эр жүрөк принцесса,—деди салтанаттуу түрдө дон Кихот,—мен
башыман өткөрө турган сын канчалык зор жана укмуштуу болсо да, өзүмдүн берген убадамды
акырына чейин орундатам деп ант берем. Мен каардуу душман менен кармашуу үчүн сизди
ээрчитип жердин түбүнө чейин болсо да бара берем, ошентип кудайдын жардамы менен анын
тажаал башын менин кылычым бир шилтөө менен алып түшөт. Мен анын ташын талкан кылып
жеңип туруп, өзүңүздүн мамлекетиңиздин бийлигин колуңузга алып бергенден кийин, эркиңиз
менен өзүңүз каалагандай иш кылууга эрктүүсүз, анткени менин жүрөгүмдү жаралантып,
эркимен ажыраткан жана акыл-эсимен айрыган бирөө бар... Болду эми... Үйлөнүү жөнүндө ой
кылууга да болбой турганын айтып коёюн.
Дон Кихоттун айткан бул сөздөрү Санчого жакпай калды. Ошондуктан ал чыдай албай
мындай деп кыйкырып жиберди:
— Кудай урсун сеньор дон Кихот сиз акылыңыздан адашып калыпсыз. Мындай атактуу
принцессага үйлөнүү жөнүндө сөз жүрүп жатса, ыйкы-тыйкы болууга мүмкүнбү? Эмне, ар бир
кадам сайын эле тагдыр ушинтип жолду болтура берет деп турасызбы? Өзүнөн-өзү колуңузга
келип түшүп турган королевствону коё бербеңиз, ал эми король болгондон кийин мени бир
маркиз же колунда жогорку бийлиги бар даражалуу адам кылып дайындап коюңуз. Үйлөнүңүз,
азыр эле үйлөнүңүз. Шайтан баскыр десе! Сеньора Дульсинеяны ушул принцессадан сулуу деп
турасызбы? Албетте андай эмес! Ал, ушул принцессанын бучкагына да жарабай тургандыгына
ант берем.
Мындай кордоп айтылган сөздөрдү уккандан кийин дон Кихот дароо каарын төгүп
кыжырдана түштү да, найзасын өйдө көтөрүп, эч сөз кеп жок эле келтирип туруп Санчону эки
чаап калды, ал тайрак деп барып жыгылды. Эгер Доротея биздин рыдардан өзүнүн ат
кошчусунун жанын соогалабаса ошол замат жанын сууруп алат эле.
— Уяты жок десе,—деп кыйкырды биздин рыцарь,—сенин акмакчылыгыңы мен дайым эле
кечире бермек белем ия? Андай деп ойлобогун кара ниет шүмшүк, анткени сен одонолук менен
ааламда жок сулуу Дульсинеяга тил тийгизгенден кийин, шүмшүксүң! Ал жөнүндө ойлогон ой
гана мага күч-кубат берип, эр жүрөк кылаарын билесиңби акмак, бекерчи, кыштактык эме?
Кана митаам жылаандай уунду чачып сүйлөчү, сенин оюңча бул королевствону ким жеңди,
дөөнүн башын ким кыя чапты, анын үстүнө сени ким маркиз кылып дайындады, анткени мунун
бардыгын мен орундалган нерсе деп эсептейм, ойдогунун баары ишке ашат? Эрдик иштерди
көрсөтүү үчүн менин куралым болуп, колума күчкубат берген Дульсинеянын эрдиги эмеспи?
Ал менин оюмда жоого каршы мени менен бирге салгылашат, мени да жеңип чыгат, а мен
ошонун аркасы менен күн көрүп жүрөм, бүткүл өмүрүм жана турмушум ошону менен. О,
ырайымы жок кара ниет шүмшүк, мён сени таштанды элдин арасынан алып чыгып, атактуу
адамдардын арасына коштум! Айткан ушак сөздөрүң үчүн өзүңдүн жалгоочуңа жооп бересиң!
Катуу сокку тийип кулагы тунуп калса да, Санчо дон Кихоттун айткан сөздөрүнүн баарын
тең укту. Ал жерден ыргып өйдө тура калып Доротеянын качырынын далдасына жашынды да,
ал жерден өзүнүн таксырына мындай деп каршы сүйлөдү:
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Шумдуктуу Идальго Дон Кихот Ламанчский - 13