Latin

Шумдуктуу Идальго Дон Кихот Ламанчский - 06

Total number of words is 4172
Total number of unique words is 1894
34.8 of words are in the 2000 most common words
47.4 of words are in the 5000 most common words
53.7 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
көңүлдүгүңө ишенемин. Билип кой, бүгүнкү түнү, мактана ала турган укмуштуу окуялардын
бирине туш келдим. Кыскасын айтканда бул сепилдин ээсинин бүткүл дүйнө жүзүндө андай
сулуу жок, адам суктанаарлык кызы, азыр эле мага келди. Анын жасанып кийинген кийимин же
акылынын өткүрлүгүн же анын мындан башка сонун тамашаларын сага кандайча сүрөттөп
айтып берсем болоор экен? Бирок, чын жүрөктөн берилген жаркыным, Дульсинея Тобосскаяга
аларды айтууга руксат этпейт. Бир гана окуяны айтам: же менин бактылуу экеними
жараткандын өзү көрө албады, же бул сепилдин сыйкырдуу бир балээси бар. Анткени мен ага
маанилүү сөздөрдү айтып сүйлөшүп жаткан кезимде, бир укмуштуу дөөнүн көзгө көрүнбөгөн
колу келип жаагыма бир тийди, ал аябай катуу муштагандыктан оозум азыр да канга толуп
турат. Андан кийин ал мени аябай сабап салды, кече күнкү жылкычылардын союлунан
кийинкиге караганда абалым азыр алда канча жаман болуп турат. Ушул сулуу кызды кайтарып
багымдап жүргөн бир мавр бар, анан ал сулуу мен үчүн жаралган эмес экен деген ойго келдим.
— Ооба, албетте, ал сулуу мен үчүн да жаралбаптыр,—деп жооп берди Санчо,— анткени,
төрт жүздөң ашуун мавр менин жонумда ойноп жүрүштү, ошондуктан кечеги союлдардын
токмогу буга караганда беттен сылап өткөндөй гана назик нерсе. Бирок, айтыңызчы сеньор бул
окуяны кандай укмуш деп атайсыз? Анткени биз аз жерден гана тирүү калдык, бирок андан бир
тыйынчалык да пайда көргөн жокпуз. Таксыр сиз жок дегенде ченде жок бир сулуунун кощун
кармап калыпсыз, ал эми менин энчиме болсо таяктан башка эчтеке тийген жок. Менин багым
жок! Энем мени азапка тууган окшойт! Чыны мен кыдырып жүргөн рыцарь эмесмин, бирок
эмнегедир ыргыткан таштын баары тең менин башыма тиет!
— Койчу, сени да токмоктоп коюштубу?— деп сурады дон Кихот.
— Ананчы, калп айтсам ата-энеме каргыш тийсин,— мен ошо таяк жегеним жөнүндө айтып
жатам,— деп жооп берди Санчо.
— Кайгырбагын достум — деди дон Кихот,— мен азыр кымбат баалуу бальзам дарысын
даярдайм, ал дароо эле бизди ажалдан алып калат.
Ушул кезде, эптеп жүрүп шам-чырак жагып алган солдат өлгөн кишинин өңүнө карап
көрүү үчүн кирип келди. Чак-челекей, будуң-чаңдын убагында ал шашып кийимин кийинбей
калыптыр, эми азыр ал шам-чырактын бүлбүлдөгөн жарыгында ак ич көйнөкчөн, башына ак
жоолук ороп алгансып коркунучтуу көрүндү.
— Сеньор, бизди биротоло жок кылуу үчүн кайтып келген алиги сыйкырдуу балакет мавр
нак ушу болуп жүрбөсүн?
— Жок, бул ал эмес,— деп жооп берди дон Кихот,— анткени сыйкырдуу эмени көз менен
көрүүгө болбойт.
— Эгер көз менен көрүүгө болбосо, балким сезүүгө болоор. Ал жөнүндө менин сыздап
ооруп жаткан эки капталым айтып бере алат,— деп жооп берди Санчо.
— Ооба, меники да,— деди дон Кихот,— бирок, андай болгону менен биз көрүп турган
адамды сыйкырдуу мавр деп ойлобойм.
Экөөнүн аңгемелешип жатканын көрүп алиги солдат абдан таң калды. Ал дон Кихоттун
жанына басып келип:
— Кана, ал-абалыңыз кандай?—деп сурады.
— Эгер сиздин ордуңузда болсом, мен сылыгыраак болот элем. Же силер жакта жортуулдап
жүрүүчү рыцарлар менен ушундай деп сүйлөшө береби, адепсиз неме?— деди дон Кихот.
Мындай жоопту уккандан кийин алиги солдаттын жини келе түштү да, колунда кармап
турган ичинде толо майы бар шам-чырак менен дон Кихотту баштан ары коюп калды, бул
жерден башын жарып кете жаздады. Бөлмөнүн ичин көзгө сайса көрүнгүс караңгы басты,
солдат болсо эшикке атып чыкты.
— Сеньор, мунун сыйкырдуу мавр экендигинде шек жок,— деди Санчо.— Ал балким
өзүнүн кенчин бирөө үчүн сактап, а бизге муштумун жана шам-чырактарды жумшап жаткан
болушу керек.
— Кыязы сенин айтканың чын болуш керек Санчо, — деп жооп берди дон Кихот,—мындай
сыйкырчы менен салгылашам деп аракеттенүүнүн кереги да жок. Ачуулануу жана даттануу да
пайда бербейт. Анткени ал көзгө көрүнбөй элес-булас болуп жүргөн өзүнчө бир күч,
ошондуктан биз андан өч ала албайбыз. Бирок бул жөнүндө кийин сүйлөшөөрбүз. А эми Санчо
өйдө тургун да, бул чептии комендантын чакырып келгин. Андан бир аз май, вино, туз жана
бальзам дарысын даярдашым үчүн розмарин алууга аракет кыл. Чынын айтсам мага абдан
керек болуп жатат, анткени алиги элес-булас болгон эме уруп жарган жаратымдан кан катуу
агып жатат.
Бүткөн бою ооруп сыздагандыктан Санчо онтолоп жатып өйдө туруп, кожоюнду көздөй
жөнөдү. Жолдон солдатка беттешип калып, ага төмөнкүдөй деди:
— Сеньор, сиз ким болсоңуз да бизге чоң жакшылык кылып: бир аз розмарин, май, туз
жана вино бериңиз. Биз булардан ушул короодогу бир сыйкырчы маврдын колунан оор жарадар
болуп өзүнүн төшөгүндө жаткан жортуулдап жүрүүчү эң мыкты рыцарлардын бири үчүн дары
даярдайбыз.
Бул сөздөрдү уккандан кийин, алиги солдат муну жинди экен деп билди. Ал эшикти ачып
жиберип, кожоюнду чакырды да, ага бечара Санчонун талабын айтты.
Кожоюн Санчого керек болгондун баарын тең берди, ал мунун баарын дон Кихотко алып
барып берди.
Дон Кихот ошол замат эле бул дары-дармекти алып, жакшылап туруп аралаштырып, анан
Мариторнес алып келип берген күлтүккө салып кайнатты, ошентип бальзам дарысы даяр болду.
Андан кийин бул аралашманы которуштуруп куюу үчүн моюндуу бир айнек идиш сурады,
бирок бул үйдө айнек идиш болбогондуктан олиф майы куюлган калай челекке ыраазы болду.
Мындан кийин ал калай челекти астына коюп алып, «Жараткан жалга» деп сыйынып жана
башка көп дубаларды сексен жолу окуду, ар бир сөздү айткан сайын ар түрдүү ырым-жырымды
кошуп жатты. Санчо Панса, кожоюн жана солдат дон Кихоттун дары жасаганын дым этпей
карап турушту. Дубасын окуп бүткөндөн кийин биздин рыцарь касиеттүү дарынын күчүн
токтоосуз түрдө байкап көрмөк болуп, күлтүктүн түбүндө калгандын бир бөлүгүн дароо эле
жутуп жиберди. Дарыны жутаар замат эле кайта окшуп куса баштады. Окшуп тырышыпбырышып кыйналып, көл-шал терге түштү, жылуулап жаап, ошол бойдон тийбей тынч коюу
жагын суранды. Үч саат уйкудан кийин дон Кихоттун ооруган жерлери басылып, денеси сергек
жана көңүлү көтөрүңкү болуп ойгонду. Ал өзүн таптаза айыктым деп эсептеди, жана
Фьерабрастын бальзам дарысынын өзүн даярдаган экенмин деп биротоло ынанды, мына
ошондуктан бул дары-дармек турганда эч бир кагылышуу, салгылашуу, кызыл чеке болуу ага
коркунучтуу эмес болуп сезилди.
Таксырынын айыгып кеткендиги Санчо Пансага чыныгы укмуш көрүндү, ошентип ал ошол
замат эле дон Кихоттон сыйкырдуу дарыңыздан бериңиз деп сурады. Дон Кихот ме деп
күлтүктү колуна кармата салды. Дарынын касиеттүүлүгүнө ишенген Санчо күлтүктү эки
колдоп көтөрүп туруп ичиндегисин жутуп жиберди, анын бул жутканы өзүнүн
таксырыныкынан бир аз кемирээк эле. Ошондой болсо да Санчонун карды өзүнүн таксыры
сыяктуу сезген жок. Бечара дароо окшуп кускан жок, ичи аябай катуу ооругандыктан алкашалка муздак тер басты, ошондуктан эми күнүм бүткөн экен деп ойлоду.
Ичи катуу ооруп, бөкчөйүп олтура кадып, касиеттүү дарыны да, жана жасап берген каргыш
тийген кишини да каргай баштады. Тигинин кыйналып жатканын көрүп дон Кихот мындай
деди:
— Санчо, сенин мындай кыйналып жаткан себебиң чын рыцарь эместигинен болуп жатат,
анткени бул касиеттүү дары рыцарларга гана пайда беретко деп ойлойм.
— Эгер улуу урматтуу сиз муну билген болсоңуз,— деп үнүн көтөрүңкү чыгарды Санчо,—
тукумуңуз курут болсун десе!—анда эмне үчүн мурда айтып койгон жоксуз?
Ушул кезде дары өзүнүн таасирин көрсөттү. Алка-шалка муздактерге түшүп Санчо катуу
ооруп калтырап-титиреп бүк түштү, өзү гана эмес, муну көрүп тургандардын бардыгы тең анын
күнү бүткөн экен деп ойлошту. Санчонун азап тартып, кыйналып-кысталышы эки саатка жакын
созулду, анын мууну абдан бошогондуктан, араң-зорго басып турду.
Бирок ага карабастан дон Кихот токтоосуз түрдө укмуштуу окуяларды издөө үчүн сапар
тартмакчы болду, анткени иш кылбай бош отуруп өткөргөн ар бир саат мүңгүрөп, муктаж
болуп олтурган мусапырларды сактоо жана коргоо үчүн өтүп жаткан убакыттай көрүндү. Ал өз
колу менен Росинанттын ээрин токуп, өзүнүн ат кошчусунун эшегине жүгүн артып, анан
киймин кийип, Санчону эшекке миңгизди.
Мейманканада жашагандардын бардыгы дон Кихоттун жөнөп кетишин көрүү үчүн чогулуп
карап турушту. Бул жерде кожоюндун кызы да болду, биздин рыцарь андан эки көзүн айырбай
тиктеп карай берди. Кезкезде демин ичине алып, оор күрсүнүп коюп жатты. Жыйналып карап
тургандар, бүткөн боюнун ооругандыгына чыдай албай онтоп жатат ко деп ойлошту, бирок
андай дебеген менен да, кечээ кечинде анын тулку боюндагы көкаласын жана тактарын
көргөндөрдүн баары тең ошондой ойлошту.
Дон Кихот коштошуу үчүн кожоюндун жанына бастырып келип, салтанаттуу түрдө
төмөнкүдөй деди:
— Сиз өзүңүздүн сепилиңизде мени жакшы кабыл алып, зор сый көрсөттүңүз, сеньор,
ошондуктан мен сизге өлөөр өлгөнчө ыраазымын деп эсептейм. Эгер сизди ыза кылган
бетпакты жазалап туруп, анан сиздин карызыңыздан кутулсам ээ! Анткени муну билип коюңуз
— начарларга жардам берип, эзилгендерге болушуу жана шумдарды жазалоо менин милдетим.
Сиздин адилеттүү оюңуздун баары тең ошол замат эле толук орундалат,— деп рыцардын
атынан ант берем.
Дон Кихоттун бул сөзүнө кожоюн ошондой эле татыктуулук менен жооп берди:
— Сеньор рыцарь, менин көргөн ызам үчүн таксыр сиздин өч алып берүүңүздүн мага эч
кереги жок, анткени кокустан бирөө мени ызаланта турган болсо, андан өч алуу өзүмдүн эле
колуман келет. Улуу урматтуу таксыр, сиз менин мейманканамда конгондугуңуз үчүн, тамак
жана эки төшөк үчүн, жана да силердин эки жаныбарыңар жеген саман жана тоют үчүн акысын
төлөп кетиңиз — деп мен сизден өтүнөм.
— Демек, бул мейманкана турбайбы?—деп сурады дон Кихот.
— Ооба, болгондо да даңкы чыккан мейманкана,— деп жооп берди кожоюн.
— Ушул кезге чейин мен жаңылган экенмин,— деди дон Кихот,— анткени чынын айтканда
мен муну сепил деп ойлогом. Бирок бул сепил эмес, мейманкана болгондуктан мени акы
төлөөдөн куткарыңыз — деп гана айтам. Анткени мен жортуулдап жүрүүчү рыцарлардын
законун буза албайм, алардын эрежеси боюнча өздөрү конуп кеткен мейманканаларына алар эч
качан акы төлөшпөгөнүн, мен жакшы билем. Байыркы адат боюнча рыцарларды кайсы гана
жерде болбосун эң жакшы кабыл алууга милдеттүү; бул болсо алардын тарткан оор
жабырчылыктары үчүн болгон адилеттүу сыйлык болуп эсептелет, анткени, алар өзгөрүлүп
турган тагдырдын бардык өйдө-ылдыйына дуушар болуу менен укмуштуу окуяларды күндөп,
түндөн издешет, ачкалыкка чыдайт, эңсеп суусашат, ысыкка күйүп, суукка тоңушат.
— Бул жагынан менин түшүнүгүм аз,— деди кожоюн.— Рыцардык ар түрдүү эрежелерде
жана закондордо менин эч кандай ишим жок, ошондуктан тийиштүү акыны төлөп кетиңиз.
— Сиз орой, анын үстүнө наадан эме экенсиз!—-деп кыйкырды дон Кихот. Ошентип айтып
Росинантты теминген бойдон дарбазадан чыгып, чаап жөнөдү, бирок ат кошчусу артынан келе
жатабы же жокпу, ал жөнүндө ойлогон да жок. Мейманы акы төлөбөй кетип калгандан кийин
кожоюн өзүнүн эсебин Санчо Пансага көрсөтүп кайрылды. Бирок Санчо төлөөдөн так кесе баш
тартты.
— Кыдырып жүрүүчү рыцардын ат кошчусу, өзүнүн таксырынын уставына баш ийүүгө
милдеттүү,— деди Санчо.
Кожоюндун чын ачуусу келди, эгер Санчо тиешелүү акыны төлөбөсөң, анда өзүм
билгендей кылып сазайыңды колуңа берем деп коркутту. Бирок Санчо буга өлтүрсөң да
төлөбөйм деп жооп берди. Ал жортуулдап жүрүүчү рыцарлардын эң сонун жана байыркы
адатын бузууга эч макул болбойт. Болбосо, ушунчалык адилеттүү законду бузгандыгы үчүн
башка ат кошчулардын каргышына калат.
Багы жок Санчонун шоруна, нооту жасай турган Сеговиялык төрт киши, Кордовадан
келген үч соодагер, жана Севильенин Ярмаркасыңан келген дагы эки митаам мейманканада
конуп жаткан экен. Алардын бардыгы тең шайыр, тамашакөй азамат жигиттер эл. Алар
Санчонун айткан сөзүн угуп турушуп, өздөрүнчө анын сазайын бермекчи болушту. Багы жок ат
кошчуну алар көз ачып-жумгуча болбой тегеректеп алышып, эшектин үстүнөн сүйрөп
түшүрүштү. Алардын бири чуркап барып кожоюндун жуурканын алып келе койду. Алиги
жигиттер бечараны ушул жуурканга салып туруп, селкилдетишип, асманга ыргытышты.
Шордуунун үнү аябай ачуу чыккандыктан кетип бараткан таксырынын кулагына шак дей
түштү. Адегенде дон Кихот бир укмуштуу окуяга туш келген экемин деп ойлоду, бирок өзүнүн
ат кошчусунун үнү экенин дароо биле койду.
Ал атынын башын кайра буруп, мейманкананы көздөй чапты. Жакындап бастырып келип
дон Кихот өзүнүн ат кошчусун тигилердин мазактап жатканын көрдү. Санчо асманды көздөй
атып кетип жатты, эгер аябай ачуусу келбесе балким дон Кихоттун өзү да каткырып күлөр эле.
Дон Кихот бечарага жардам берүүгө умтулду, бирок дарбаза жаап коюлган экен. Мындай
болгондуктан ал дубалдан ашып секирип түшмөкчү болду, бирок аттын үстүнөн секирип өйдө
чыгууга алы келбеди.
Ошондуктан ал дубалдын нары жагында туруп алып, жазалап жаткандарга наалат айтууну
жана жаман сөздөр менен тилдөөнү мөндүрдөй жаадыруудан башка эч нерсе колунан келген
жок.
Бирок тамашакөй жигиттер буга эч кандай көңүл бурушкан жок да, өздөрүнүн
мазактоолорун уланта беришти, ал эми асмандап учуп жаткан Санчо болсо ачуу үн менен
кыйкырып жатты. Акыры алар өздөрү чарчагандыктан, тамашасын токтотушту. Эшегин алып
келип Санчону мингизип туруп, чапанын аркасына жаап, кайда барсаң анда бар деп коё
беришти. Боорукер Мариторнес анын аябай азап тартканын көрүп туруп, бир кружка суу
берсем ашыктык кылбас деп ойлоду. Санчо кружканы алып суусун ичейин деп эриндерине
алып баргаң кезде, өзүнүн таксырынын катуу кыйкырган үнүн угуп токтоп калды:
— Уулум, Санчо алдагы сууну ичпе! Эгер өлгүң келбесе алдагы сууну ичпе, уулум! Бери
кара, касиеттүү дары бар, муну ичээриң менен айыгасың.
Бирок, Санчо өзүнүн таксырына кабагын бүркөп карап алды да, жооп катарында мындай
деп кыйкырды:
— Сиздин улуу урматтуулугуңуз менин рыцарь эмес экеними унутуп калганго? Ал жиншайтан ойноп жүргөн ичимдигиңизди өзүңүзгө сактаңыз! А мени өз жайыма тынч коюңуз!
Акыркы сөздү кружкага мурдун салып жиберип айтты. Бирок бир жутуп алгандан кийин
анын жөн эле суу экенин байкап, ал өңү-башын бырыштырып туруп Мариторнестен шарап
алып келип бериңиз деп сурады. Мариторнес шараптын акчасын өз жанынан төлөп туруп, анын
тилегин орундатты. Шарапты ичкенден кийин Санчо эшегин катуу теминип коюп, бүткөнбоюнун ооруганы болбосо, конгон акысы үчүн бир тыйын да төлөбөй айтканынан
кайтпаганына ыраазы болуп дарбазаны чоң ачып, короодон бастырып чыкты.
Чыны мейманкананын кожоюну анын баштыгын алып калган, бирок Санчо шашкалактап
жүрүп аны байкабай калды.
13-ГЛАВА. Мында бир короо кой менен дон Кихоттун кантип
салгылашкандыгы жөнүндө баяндалат
Азап чегип, кыйноо тартып, чала жан болгон Санчо өзүнүн таксырынын жанына бастырып
келген кезде дон Кихот бечарага төмөнкүдөй сөз айтты:
— Билесиңби, кайрымдуу Санчо, мен эми бул сепилдин, же сен айткан мейманкананын
сыйкыр чалганына биротоло ишендим. Сени аябай убара кылган карасанатайлар кадимки
адамдардан эмес эле, тиги дүйнөдөн келген элестер, күчтүү сыйкырчылар. Алар мени да арбап
коюшту, ошентип мен ээрге кадалган бойдон, ордуман жылбай туруп калдым. Эгер мен
дубалдан ашып түшсөм анда бар эмеспи, рыцарь болуп жарыялан багандарга каршы урушууга
тыюу салынган рыцардын законун бузуп туруп, сенин кегиңди алып берер элем.
— Эгер мен жанагы балакет дарыны ичип, шайым ообаганда,— деди Санчо,— алардын
сазайын өзүм эле берет элем. Бирок колу, бутуң кыймылдабагандан кийин эмне кылмак элен.
Мени маскаралаган шүмшүктөрдү элес же сыйкырчы деп сиз бекер ойлойсуз. Алар биз сыяктуу
эле эт менен сөөгү бар адамдар. Алардын ар биринин өзүнүн ысмы бар, бири-бирин атынан
айтып чакырышып жатканын угуп калдым: Бирөөнүн аты Петро Мартинес, экинчисиники
Тенорио Эрнандес, а мейманкананын кожоюнунуку Хуан Паломеке-Левша экен. Демек, сеньор,
аттан түшүп, дубалдан аша секирип келе албагандыгыңыз сыйкырчылыктын кесепетинен эмес.
Өлөрчө таяк жеген адам кайдан жүрүп дубалдан секирип түшмөк эле! Бирок мен сизге айтып
коёюн урматтуу таксыр: ушундай укмуштуу окуяны издөөнүн баары тең бизди бир балакетке
алып келбей койбойт, балакетке алып келгенде да, жакында биз он бутубузду сол бутубуздан
айрып тааный албай калабыз. Бирок мен акмактын сөзүн эрен көрбөңүз. Бирок, биз ушундай
эсен-соо кезибизде үйүбүзгө кайтсак, анда биз жакшы жана акылдуу иш кылган болор элек.
Эгин оруп-жыюу мезгили келип калды; жарык дүйнөнү кыдырып, жортуулдап жүрүп, чокту
кечип, жалынды аралап жүрүүнүн ордуна чарбачылыгыбызды кылуу мезгили кызуу жетип
келди.
— Бечара Санчо! Рыцарлардын иши жөнүндө абдан аз билесиң ээ! Үнүңдү басып, сабыр
кыл! Рыцарлардын эрдигине өзүнүн башын байлап коюу кандай жакшы экенин сен өз көзүң
менен көрө турган күн келет. Душманды жеңип алуудан башка кубанычтуу нерсе барбы, сен
мага ошону айтчы? Жарык дүйнөдө андан артык нерсе жок деп чыныңды айтып, моюнуңа
алгын.
— Ошондой болгон күндө да,— деп жооп берди Санчо,— мен эчтеке түшүнбөйм. Бир гана
нерсени билем: сиз рыцарь болгон күндөн тартып, башкача айтканда сиз сеньор рыцарь
болгону, анткени мен сиздин ат кошчуңузмун, бискайлыктан башка бир да жеңишке жеткен
жокпуз, бирок ошол салгылашуунун өзүндө да сиз кулагыңыздын жарымысынан айрылып,
туулгаңыздын жарымысын эше чаптырып жибергенсиз. Ошол күндөн тартып тишибизди
күбүткөндөн башка эчтеке көрө элекпиз. Анысы аз келгенсип менин шорума жанагы каргыш
тийген жуурканга салып алып асманды көздөй ыргытуу туш келди... Анын үстүнө сиз шылдың
кылган кишиче: жуурканга салып алып асманды көздөй ыргыткандар кадимки эле киши эмес,
кандайдыр бир сыйкырдуу элестер дейсиз. Сиздин айтып, далилдегениңизге караганда өч алуу
улуу иш экенин байкап көрүүгө да болбойт имиш.
— Бир аз сабыр кыл, Санчо,— деп жооп берди дон Кихот.— Укмуштуу касиети бар кылыч
табам деп ишенем, кимде-ким ал кылычтын ээси болсо, анда эч бир сыйкырчыга баш ийбейт.
Балким бакты ачылып Амадистин кылычын тагдыр менин колума берет, ал дүйнө жүзүндөгү эң
сонун кылычтардын бири, анткени анын мизи устарадай курч жана ага каршы келе турган
бекем же сыйкырдуу курал-жарактар такыр жок.
— Корком,— деп күңкүлдөдү Санчо,— урматтуу таксыр эгер сиз мындай кылычты таап
алсаңыз да, ал рыцарларга гана жарайт, ал эми ат кошчу болсо мурдагыдай эле өзүнүн тулку
боюн тосуп берип жүрө берет да.
— Коркпой эле кой Санчо,—деди Дон Кихот,—жакында алда таала да сен жактык болот.
Ушинтип маектешип олтуруп алга карап акырын бастырып бара беришти, бир оокумда дон
Кихот жолдон чыккан коюу чаңды көрүп калды. Аны көрөрү менен ал Санчого бурулуп карап,
кубанып кыйкырып жиберди:
— Тагдыр мени улуу жеништерди жеңип алсын деп жибергенин көрө турган күнүң келди,
Санчо. Мына, акыры укмуштуу окуяга туш келдик, мында менин колдорумун бүт күчкубатынын кереги тиет. Мен укмуштуу жорук көрсөтөм, ал укум-тукумга акыл-насаат үйрөтө
турган «атакдаңк» деген китепке жазылат. Санчо, алды жактагы тумандай каптаган чаңды
көрдүнбү? Ал чаң, биз жакка келаткан эң көп аскерди көрсөтпөй каптап турат.
— Эгер андай болсо,— деди Санчо,— анда бир эмес эки топко бөлүнгөн аскер, анткени
экинчи жагынан да ошондой эле туман келатат.
Дон Кихот жалт карап алып, Санчонун айтканы чын болгондон кийин, өтө кубанып кетти.
Анын делебеси козголуп оюна рыцарлар жөнүндөгү романдарда айтылуучу салгылашуулар,
сыйкырчылыктар, укмуштуу окуялар, жеңиштер, ашык болуп эстен тануулар жана жекеме-жеке
беттешүүлөр биринен сала бири көз алдына элестеп турду. Ошондуктан тиги көрүнгөн чоң
жоолашкан эки армия бири-бирине каршы келатышкандыгында эч кандай шек болушу керек
эмес. Чындыгында бир жайыттан экинчи жайытка айдап бараткан эки чоң короо кой жолду
чаңдатып бараткан экен. Бирок, дон Кихот тигил көрүнгөн чаңдар эки чоң армия деп айтып
туруп алгандыктан, Санчо айласы жок ишенип, мындай деп сурады:
— Сеньор, эгер алар бири-бирине каршы жоолашкан аскерлер болсо, аны биз эмне
кылабыз?
— Эмне кылабыз дейт тура?— деп кыйкырды дон Кихот.— Биздин ишибиз эзилгендерге
жана начарларга жардам берүү. Жардамды көбүрөөк талап кылып жаткан жагына көмөк
берүүгө милдеттүүбүз. Билип кой Санчо, бизге каршы келаткан армияга Трапобан деген эң чоң
аралды бийлеп жаткан улуу император Алифанфорон жолбашчылык кылып келатат, ал эми арт
жагындагы аскерлерди, анын душманы, гараманттардын королу Пентаполин баш болуп алып
келатат.
— Бул эки сеньор эмне себептен согушат?— деп сурады Санчо.
— Алифанфарон,— деп жооп берди дон Кихот.— Пентаполиндин христиан дининдеги
адам суктанарлык кызына ашык болуп калган, Алифанфарондун дини буруу, ошондуктан
кыздын атасы, жалган пайгамбар Мукамбеттиктен кечип, биздин динибизге кирмейинче дини
буруу королго кызын бергиси келбейт, мына ошондуктан согушуп жатат.
— Пентаполиндики туура болбосо менин сакалым өрттөнсүн,— деш кыйкырды Санчо!—
Мен чын дилим менен ага жардам берем.
— Мына ушуну менен сен өз милдетиңен кутуласың,— деди дон Кихот,—— анткени
мындай салгылашууларга катышууга рыцарь болуу такыр керек эмес.
— Аны мен түшүнүп турам,— деп жооп берди Санчо.— Кийин кайта таап алуу үчүн
эшегимди кайда катышты билбей жатам, балээ мына ушунда болуп жатат? Менин оюмча эшек
менен согушка кирүү ылайыксыз сезилет.
— Сенин айтканың туптуура деди,— дон Кихот.— Сен аны кайда барса, анда барсын деп
коё бер, бирок кийин кайта табылабы, жокпу деп ойлобой эле кой. Жоону жеңгенден кийин биз
миңдеген-сандаган атка ээ болобуз, ошондуктан, сенин эшегиң түгүл менин Росинантымын
башына каран түн түшкөнү турат, анткени аны мыктыраак атка алмашып жиберишим мүмкүн.
Азырынча биз согушка кире элегибизде сен менин сөзүмө көңүл коюп угуп тур: тиги эки
армиянын башкы рыцарларын санап айтып берем. Бирок, алар сага даана көрүнсүн үчүн тиги
дөңгө чыгалы, ал жерден келаткан эки аскер тең дапдаана көрүнөт.
Ошондой кылышты, бирок ал дөңсөөдөн да даана көрүнгөн жок. Коюу чаң эки короо койду
басып көргөзбөй койду, бирок бул дон Кихотту иренжиткен жок. Биздин рыцарыбыз өзүнүн
оюнда бири-бирине каршы эки армия деп ойлой берди. Ал колун алга карай сунуп, ишенген түр
менен:
— Карачы Санчо, тетиги алтындай жаркылдаган соот кийгени рыцарь: анын калканчынын
бетинде башына тажы кийип, кыздын эки бутунун алдында жаткан арстандын сүрөтү бар. Ал,
Луэнте де Платаны бийлөөчү эр жүрөк Лауркалько деген ошол. Анын жанында алтындай
жаркылдаган курал-жаракчан турган жоокер — Киросинин улуу герцогу, каардуу
Микоколембо. Анын оң жагында турган үч Аравияны бийлөөчү, кадимки дөө, эч нерседен
коркпой турган Брандарбарбаран де Боличе, анын кийип турган сооту жыландын терисинен
жасалган, ал эми колунда кармап турганы калканч эмес храмдын каалгасы, ал каалганы өлүп
баратканда душмандан өч алган Самсон бузуп салган болучу. Эми сен тиги жакка карасаң, ага
каршы келаткан аскерлердин башында Жаңы Бискайды бийлөөчү, эч качан жеңилбей, дайыма
жеңип жүрүүчү Тимонель Каркахонскийди көрөсүң. Анын кийгени алтын менен күмүштүн
буусуна карматылган көгүлтүр соот, колундагы алтын мышыктын сүрөтү жана «Мяу» деген
жазуусу бар калкан. Бул болсо анын айымы — Альфеньикен Альгарбский деген гердогдун
кызы, ченде жок сулуу Муилинанын атын; кыскартып жаздырып алган дешет. Анын жанында
тулпар минип, ак кардай соот кийип, жазуусу жок ак калканды кармап турган эме жаш рыцарь.
Ал жаңыдан эле рыдарь деген атка конгон француз Пьер Папин, сеньор Утрикский! Тетиги
нарыраак жакта асманга окшош көпкөк соот кийип алып, күлүк чаар кулан атын темир шпор
менен теминип коюп келаткан Нербиянын кудурети зор герцогу Эспартафилардо дель Боске,
анын калканчынын бетинде кастилияча: «Менин тагдырыма көз сал» деген жазуу бар.
Ошентип дон Кихот шыктанып кетти, улам барган сайын ал өзүнүн оюндагы эки армиянын
толуп жаткан рыцарларын санап чыкты, алардын ар биринин бөтөнчө белгилерин, сын-сыпатын
айтып өттү.
— Биздин алдыбызда келаткан аскерлер,— деп дем албастан сөзүн уланта берди ал,— ар
түрдүү уруулардан чогултулган. Даңкы таш жарган Ксанфанын таттуу суусун ичүүчү элдер
бар; алардан кийин Массилиянын чет-жакасынан келген тоодо жашаган адамдар келатышат; ал
эми артындагылар болсо, бактылуу. Аравияда таптаза алтын кумду ээлеп тургандар. Булар
болсо эң сонун Термодонттун коңур-салкын жээктеринде жашаган элдер. Андан кийин
өздөрүнүн айткан сөздөрүнө өздөрү ишенбеген нумидийликтер келатышат, алардын
артындагылар жаа атуу жагынан даңкы чыккан персиялыктар; жүгүрүп баратып салгылаша
турган мидяндар жана парфяндар; көчүрүп жүрүүчү чатырлары бар арабдар; терилеринин агы
сыяктуу эле өздөрүнүн ырайымсыздыгы жагынан да абдан белгилүү болгон скифтер; эриндери
тешик эфиоптор жана да аттарын эстеп айтууга алым жетпей калган толуп жаткан башка көп эл
бар. Экинчи армиянын кылда алдында, жээктерине олив дарактары толо өскөн Бетистин
акактай тунук суусуна өздөрүнүн суусундарын кандырган уруулар; алардын артында суусу
ашкын-ташкын болгон алтын топурактуу Тахонун суусуна бети-колун жууп, сергип келаткан
уруулар, алардан ары жээгинде укмуштуу Хенилянын асыл жеринде жашагандар келатышат.
Тигине Хересанын эң сонун шалбааларында кайгы-капасыз жашаган элдер. Карап: көрчү:
эгиндин алтын машагына бөлөнгөн бай ламанчтар; тиги арт жагында келаткандар Гвадиананын
ийри-буйру суусунун боюндагы кең шалбааларда өздөрүнүн үйүр-үйүр болгон малдарын багып
жүргөн байыркы готтордун укум-тукумдары, эң артындагылары токойлуу Пиренейдин жана
башын ак кар, көк муз басып турган Апениндин суугунан калтыраптитиреп коркуп кетүүчү эл
келатат. Кыскасын айтканда Санчо сен, дүйнө жүзүндө жашаган бардык урууларды жана бүт
элди көрүп турасың 27.
Дон Кихоттун айтпаган өлкөсү, санап чыкпаган эли калган жокко!
Дон Кихот айткан элдин көбү өзү окуган романдарда гана жык толгон. Санчо бир ооз
сүйлөөгө батына албай, өзүнүн таксырынын сүйлөгөнүн көңүл коюп угуп олтурду. Дон Кихот
атын атап жаткан рыцарларды жана дөөлөрдү көрүү үмүтү менен кез-кезде гана башын буруп
карап коюп жатты. Бирок, көккө көтөрүлүп чыккан чандан башка эч нерсе көрө албады. Акыры
Санчо чыдай албай кыйкырып жиберди:
— Сеньор, ушу сиз айтып жаткан рыцарлар менен дөөлөр кайда житип кеткен? Жок
дегенде мен алардын бирин да көрө албай койдум. Же өткөн түнү бизге кол салган элестерге
окшоп сыйкыр чалып калган эмелерби?
— Сен эмне деп жатасың?— деп кыйкырды доң Кихот,— аттардын бышкырганын,
барабандардын даңгыраганын жана сурнайлардын үнүн укпай турасыңбы?
— Койлордун маараганынан башка эч нерсе уккан жокмун,— деп жооп берди Санчо.
Чыны менен эле эки короо кой жакын келип калган эле.
— Сени курчап алган коркунуч,— деди дон Кихот,— көзүң менен көрүп, кулагың менен
угууга такыр тоскоолдук кылып жатат. Биздин сезимибиз өзүнүн сезгичтигин жоготуп
жиберип, бардыгы тең тескери көрүнүп, тескери сезилет, коркуунун белгиси ушундай болот.
Эгер сен коркуп турсаң, анда чет жакка чыгып тур, анда, өзүм жалгыз кол салайын. Мага
ишенип кой, мен кимге жардам берсем, ошол жакка жеңишти жалгыз өзүм алып берем.
Ушундай сөздөрдү айтуу менен ал шпорун Росинанттын капталына матырып, анан
найзасын кесе кармап алды да, турган дөңдөн ылдый көздөй чымын-куюн болуп чаап жөнөдү.
— Таксырым, сеньор дон Кихот, коюңуз, кайта артка тартыңыз!—деп кыйкыра баштады
Санчо.—Сиз короо-короо койлорго чабуул жасап жатасыз деп алда тааланын атынан шерт
кылам! Кайта кайтыңыз! Атамдын атынан жалынып-жалбарам! Бул эмне деген эси жоктук!
Мага ишенип коюңуз, бул жерде дөөлөр да, рыцарлар да, соот да, колго кармоочу калканч да,
асмандын көгөргөн түрү да, ал шайтандардын бири да жок! Мунун кылып жатканын
карагылачы, менин күнөөм оор!
Бирок дон Кихотту эч ким, эч нерсе токтото алмак эмес: чымын-куюн болуп чаап баратып,
үнүн катуу чыгарып:
— Ак ниет Пентаполиндин ишенимдүү коргоочулары кайраттангыла! Мени ээрчип, алга
карай жүргүлө! Мен силердин душманыңар бетпак Алифанфарондон кегиңерди алып берем!
Ал ушундай деп кыйкырган бойдон бир короо койдун арасына кирип барып, катуу
кыжырланып тиш кычыраткан душмандан бетер туш келген койду найзасы менен сайгылай
берди. Койчулар өкүрүп-бакырып аны токтотуу үчүн бекер эле убара болушту. Дон Кихот
басылып калган жок, найзасын оңго-солго шилтеп койлорду сайгылай берди. Айткан сөз анын
кулагына кирбегенден кийин койчулар салмоорлоруна муштумдай таштарды салып дон
Кихотту ура башташты. Дон Кихот болсо калың койдун арасында:
— Опосуз Алифанфарон сен кайда жүрөсүң? Согушууга бери чык! Мен сени менен жекемежеке салгылашууга даяр турган рыцармын жана Пентаполина Гармантскийге одоно түрдө кол
салгандыгың үчүн мен сенин сазайыңды колуңа берем.
Ошол кезде муштумдай болгон бир таш келип анын капталына тийип, аз жерден
кабыргаларын кыйратып кете жаздады.
Дон Кихот капталы катуу ооругандыктан, өлгөн экенмин же өлөрчө жарадар болгон
турбаймынбы деп ойлоду да, өзүнүн касиеттүү дарысын ойлой калып, алиги калай челекти
колуна алып, ичиндеги дарысынан ичейин деп ойлоп оозуна алып барды. Бирок дарыны бирэки жута элегинде эле экинчи таш келип калай челекке тийип аны жерге уруп түшүрүп, ээгин
былчыйта коюп кетти. Эгер биринчи таш тийгенде бечара рыцардын көңүлү караңгылай
түшкөн болсо, экинчи таш тийгенде эстен танып жерге кулап түштү. Анын жанына чуркап
келген койчулар өлүп калган экен деп билишти. Алар шашып-ушуп койлорун чогултуп, найза
тийип жарадар болгон жети койду көтөрүп алышып, тезирээк өздөрүнүн бараткан жолуна
түшүштү.
А Санчо болсо алиги дөңсөөдө туруп өзүнүн таксырынын кылган ишин көрүп өзүнүн
чачын өзү жулуп, эселек идальго менен тагдырлаш болгондогу ошол күнгө, ошол саатка
каргыш айтып жатты.
Койчулар өздөрүнүн короо койлорун айдап алыстап кетип калгандан кийин, Санчо
дөңсөөдөн ылдый түшүп жерде серейип кыймылсыз жаткан дон Кихоттун жанына чуркап
келди.
— Кана, мен калп айтыптырмынбы, сеньор дон Кихот? — деп кыйкырды Санчо.—
Беттешип баратканың армия эмес эле, короо-короо болгон койлор деп кыйкырбадым беле.
— Достум Санчо,— деп үнүн басыңкы чыгарып жооп берди дон Кихот,— ишенип кой,
муну кылган дайыма менин артыман калбай ээрчип жүргөн кара ниет, сыйкырчы
душманымдын арамза ою! Бул согушта жеңишке ээ болуп, даңк алаарыма ичи күйүп, жоонун
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Шумдуктуу Идальго Дон Кихот Ламанчский - 07