Latin

Шумдуктуу Идальго Дон Кихот Ламанчский - 02

Total number of words is 4179
Total number of unique words is 1889
34.5 of words are in the 2000 most common words
46.9 of words are in the 5000 most common words
52.7 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
татыктуу эчтеке жоктой көрүндү. Түрдүү романдардын каармандарын өзүнүн мыкты достору
жана тааныштары сыяктуу эсептеп, ошолор жөнүндө жанын таштап жиберип түшүндүрүп
жүрдү.
Сид Руи Диас4 эр жүрөк рыцарь болгон дегеңге макул болчу, бирок кылычты бир шилтөө
менен эки чоң дөөнү экиге как жара чапкан Жалындуу Кылычтын рыцарына жетмек кайда деп
кошумчалап коюучу. Ронсеваль капчыгайынын ичинде жеңилбес Роланды5 жеңип чыккан
Бернард де Карпиону андан бир канча жогору баалоочу. Өзүнүн сыпайкерчилиги жана
кичипейилдиги жагынан башка алптардан артык турган Морганте деген дөө жөнүндө анын ою
өтө жогору эле. Бирок ал, Мукамбеттин алтындан жасалган жасалма кудайын уурдап кеткен
жана жолдогу сан жеткис укмуштуу окуялардын баатыры, атактуу Рейнальдо
Монтальбанскийди баарынан ашыра мактоочу.
Уйку көрбөй, дайыма китептен көзүн айырбай үйдө олтура берүү акыры бечара идальгонун
башын айлантып жиберди. Ошентип, ошол кезде дүйнө жүзүндөгү эч бир эселектин эсине
келбей турган укмуштуу бир ой анын башына келе түштү. Ошентип биздин идальгобуз
жортуулдап жүрүүчү рыцарлардын катарына кошулууга милдеттүүмүн деген пикирге келди.
Жеке өзүнүн керт башынын даңкы үчүн, туулуп-өскөн өлкөсүнүн даңкы үчүн дон Кехана
колуна курал-жарак алып, атка минип, төгөрөктүн төрт бурчунан укмуштуу окуяларды издеп
сапар тартууга, алсыздарды коргоп, кара санатайларды жазалоого, адилеттүүлүктү калыбына
келтирүүтө тийишмин деди. Алдыда турган улуу жеңиштерге мас болуп, ошого ыраазы болгон
идальго өзүнүн оюн иш жүзүнө ашырууга шашты. Ишти ал, эчактан бери дат болуп, чаң
басып үйдүн төбөсүндө жаткан ата-бабасынан калган соот-шаймандарын тазалоодон баштады.
Аларды жыйыштырып-териштирип караса туулганын жалаң эле төбөсү калган экен, ал ага
катуу кайгырды. Бул ишти аткаруу үчүн өзүнүн билген бүт өнөрүн жумшаш керек болду. Ал
картондон кесип бет калкагыч менен кулакчын жасап, аларды туулганын төбөсүнө жапшырды.
Ошентип, ал акыры кадимки туулгага окшогон бирдемени жасады. Андан кийин ал согушта
бул туулга туруштук бере алабы же жокпу деп ойлоп, ошону текшерип көргүсү келди. Ал
кылычын кынынан сууруп алып, ары-бери булгап, туулганы эки чаап жиберди. Биринчи эле
чапканда туулганын бырын-чырыны чыгып кетти, ошентип анын кыйналып-кысталып жатып
кылган эмгеги бекер кетти. Иштин мындай натыйжа менен аяктаганына идальго аябай
кайгырды. Ал дагы кайтадан ишке киришти, бирок эми ал бекем болсун үчүн картондун алдына
калай койду. Анын эми алдын ала көргөн чарасы өзүнө ишеничтүү болуп сезилди, ошондуктяи
өзүнүн туулгасын экинчн жолу сынап көрүүнүн кереги жок деп эсептеди. Кылдаттык менен
жасалган, маңдайында калканчы бар кадимки туулга экенине оңой эле ишенди.
Анан дон Кехана сарайга барып өзүнүн атын көз жүгүртүп жакшылап карап чыкты. Аты
ылаңдаган, картаң чобур болучу. Чынын айтканда, ал ат суу ташуудан башка ишке жарабай
турган эле. Бирок андай болгонуна карабастан биздин идальгобуздун көңүлүнө өзүнүн аты
жагып калды, ошондуктан буга Александр Великийдин6 күчтүү Буцефалы да, Сиддин7 Бабьек
деген күлүгү да чак келе албайт деп эстеди. Өзүнүн күжүрмөн атына шаңдуу жана уккулуктуу
сонун ат коём деп төрт күнү ойлонду, анткени—ал аттын кожоюну караңгы кыштактагы өзүнүн
жупуну турмушунан кечип, жортуулдап жүрүүчү рыцардын катарына өткөндөн кийин анын
минген. атынын мурдагы ысмы да өзгөрүш керек, жаңыча шаңдуу, кулакка угумдуу ысым
коюлушу керек деп эсептеди. Атына ар түрдүү ысымдарды ойлоп таап, аларды бир-бирине
салыштырып, талкуулап жана салмактап көрүп, өзү көпкө чейин кыйналды. Ошентип олтуруп,
акыры ал Росинант деген ысымга токтолду. Бул ысым анын кулагына шаңдуу жана жагымдуу
угулду. Андан тышкары бул ысым ал аттын мурда кандай абалда болгонун баяндай турган эле,
анткени — дон Кихот аны Чосin (чобур) жана artes (мурдагы) деп эки сөздөн курган, демек бул
экөө бириккенде: «мурдагы чобур» дегенди түшүндүрөт.
Өзүнүн атына мына ушундай ылайыктуу ысым койгондон кийин, эми өзүмө да ылайыктуу
ысым ойлоп табышым керек деп ойлоду. Ошентип, өзүнө ылайыктуу ысым издөөгө бир жума
убакыт жумшады, акыры эң сонун ой туулду: өзүнүн жупуну Кехана деген ысмын, андан
угумдуураак дон Кихот деп өзгөртүп койду.
Бирок ошентип туруп биздин идальгонун башына дагы бир ой келди, анткени—өз ата
мекенинин даңкы өзүнүн ысмы менен бирге чыгып турсун үчүн эр жүрөк Амадис өзүнүн
ысмын жөн эле Амадис деп тим койбостон, Амадис Галльский деп атап алган. Дон Кихот
ошентип, бул эр жүрөк рыцардан үлгү алып, мындан кийин өзүн дон Кихот Ламанчский деп
атамак болду. Эми баары тең өз жайында болду: анын ким экени жана кайдан экени дароо
белгилүү болуп турат, ошондуктан анын жеңиштеринин даңкы менен бирге туулуп-өскөн
мекенинин да даңкы чыкмакчы.
Ошентип, курал-жарак тазаланып, бет калкалоосу менен туулга жаңыдан ондолуп, чобур ат
жаңы ысымга ээ болгондон кийин өзүнүн ысымын да өзгөрттү, эми өзүнүн оюндагыдай болгон
бир ашык-жарды издеп табуу гана иш калган, анткени ашык-жары жок жортуулдап жүрүүчү
рыцарь, жалбырагы жана жемиши жок куурап калган жыгачка барабар экендиги белгилүү. Дон
Кихот өзүнө-өзү мындай кеп айтты: эгерде тагдыр жазып дөө менен беттеше турган болсом
(жортуулдап жүргөн рыцарлар мындай окуяга көп эле учурайт), биринчи эле салгылашууда аны
жерге көтөрүп уруп, жан соога сурата турган болсом, анда рыцарлардын закону боюнча мен ал
дөөнү өзүмдүн асылкечимди көздөй жиберишим керек.
Ал дөө мага акимдик кылган ашык жарыма барып, тизесине жыгылып башын ийип туруп:
«Мен Малиндрани аралынын падышасы—Каракульямбро деген дөөмүн. Жекеме-жеке
беттешүүдө татыктуу рыдарь дон Кихот Ламанчский мени женди. Ал мени улуу урматтуу
сиздин алдыңызга барып жүгүнүүгө буйруду, эми сиз мени эмне кылсаңыз ошо кылыңыз,
өзүңүздүн эркиңиз»— дейт. «О!— деп кыйкырып жиберди идальго,— мен өзүмө сөзсүз ашыкжар табышым керек, анткени—жалгыз гана ошол рыцардын эр жүрөктүгүнө баа берип, сыйлай
алмакчы. Бирок аны кайдан табууга болот?» Ошентип, дон Кихот кабагын салып, ойго батты.
Бироокумда кубанычтуу бир пикир анын көңүлүн чайыттай ачып жиберди. Ал коңшулаш
селодо турган Альдонса Лоренсо деген татынакай бир дыйкан кызды эстеди. Биздин рыцарь ага
өзүнүн асылкеч ашык-жарынын ысмын коймок болот. Ал кыздын өзүнүн атына уйкаш ат коюу,
ошону менен бирге бир принцессанын же атактуу сеньоранын ысмындай болсун деп ойлоп, ага
Дульсинея Тобосская деп ат койду, анткени—ал Тобоссодо туулган. Бул ысым айкын-ачык,
кулакка угумдуу сезилди жана ал үчүн эрдик иштерди иштеп атак-даңкка жеткирүүгө толук
ылайыктуу болуп сезилди.
2-ГЛАВА. Мында өзүнүн ээлеп турган жеринен дон Кихоттун биринчи
жолу сапар чеккендиги жөнүндө баяндалат
Дон Кихот, мына ушул камылгасынын баары тең бүткөндөн кийин ишти көпкө созбой
рыцардык укмуштуу окуяларды издеп, өзүнүн үйүн таштап сапар тартмакчы болду. Ар кандай
себеп менен бул иште кечеңдей берүү — адамзаттын алдында улуу күнөө кылгандай болуп
сезилди: кордук көргөн нечен бир адам өч алып берсе деп күтүшөт, бардык малмүлкүнөн
ажырап мүңгүрөгөн эчен адам коргоп калса деп күтүп турушат, эзилген нечен байкуштар
эркиндикке чыгарса деп, көксөп жатышат! Ошентип, жай айларынын күндөрүнүн биринде
жерге жарык кире электе эле төшөгүнөн ыргып туруп, соотторун жашыл боо менен үстүнө
катуу тарта байлап, башына жаман туулгасын кийип, анан Росинантка каргып минди.
Калканчты алып, найзасың колуна кармап, мал короосунун арткы эшигинен эч кимдин көзүнө
көрүнбөй чыгып, талааны аралап бастырды да, ушунчалык даңктуу ишке киришүүгө деги
акыры мүмкүнчүлүк алганына аябай кубанды. Бирок жолго жете элегинде эле оюна бир
коркунучтуу пикир кылт этип түшө калып, аз жерден үйүнө кайта келип кала жаздады. Али
рыцарь болуп жарыялана элеги дон Кихоттун оюна түштү. Ошондуктан рыцарлардын закону
боюнча ал бир да рыцарга каршы чыга алмак эмес жана аларга каршы согушууга да акысы жок
болучу. Рыцарь болуп жарыяланган күндө да ал рыцардык иште али жаңы экендиги элге дароо
белгилүү болсун үчүн, адегенде ак соот кийип, калканчына белги тартууга укугу жок болгон.
Эмне кылаарын биле албай дон Кихот ойлонуп көпкө туруп калды, бирок токтоосуз түрдө
сапар тартуу жөнүндөгү дегдеп-самап жүргөндүгү анын шектүү оюн жеңип чыкты. Жолдон
учураган биринчи эле рыцардан мени рыцардык атакка кондур деп өтүнмөк болду. Анткени,
биздин идальгобузду ушундай жаман абалга жеткирген рыцарлар жөнүндөгү романдарынын
баатырларынын көбү мына ушундай кылган болучу. Ал эми ак сооттор жөнүндө болсо мындай
болду: өзүнүн эски соотторун ак чычкандан да аппак кылып жаркыратып тазалоого сөз берди.
Өзүнчө мына ушундай чечимге келгенден кийин ал, жоошуп калды да, атынын оозун бош коё
берип жолун улантты. Анын оюнча жортуулдап жүрүүчү рыцарлар мына ушинтип гана жол
жүрүүгө тийиш болгон.
Росинант илкий-калкый басып келе берди, ошондуктан биздин идальгобуз терең ойдун
көлүнө чөмүлүшү мүмкүн болучу.
— Менин көрсөткөн эрдик иштеримдин келечектеги тарыхчысы, менин биринчи жолку
сапар тартканымды сүрөттөп жазууга киришкенде, ал өзүнүн жомоктуу аңгемесин балким:
«Күндүн кудайы Феб8 жаңыдан эле өзүнүн алтын нурларын жер бетине чача баштаган кезде,
кичинекей чааралакей чымчыктар таңдын атышын өздөрүнүн назик үндөрү менен нечен түрдүү
обонго салып куттуктап, жаңыдан эле сайрай баштаган кезде атактуу рыцарь дон Кихот
Ламанчский өзүнүн шаңдуу аты Росинантка минип алып, байыркы Монтьель түздүгүн аралап
сапарга чыкты деп жазаар» деди дон Кихот өзүнө өзү.
Андан кийин ал дагы мындай деп кошумчалады:
— Менин эрдик кылган даңктуу иштерим акыры жазылып сүрөтүм тартылып жана
мрамордон мага эстеликтер орнотулган кездеги доор жыргал доор болот. О, акылман
сыйкырчы, менин тарыхымды жазуучу киши, сен ким болсоң ошо болгун, бирок менин жакшы
атым Росинантты унутуп калбасыңды өтүнөм.
Анан ал өзүнүн ашык болгон асылкечин да эстей калды:
— О, принцесса Дульсинея, менин жүрөгүмдү ээлеп алган сулуу! Ченде жок сулуулугумду
көрбө, көз алдыма келбе деп таш жүрөктүк менен мени кууп жиберип, мени түпсүз терең
кайгыга салдыңыз. Ашыктык үчүн кандай гана азап-тозокту болсо да аны көрүүгө даяр турган,
сиз эмне бол десеңиз ошол болгон рыцарды унутпай эле эстей жүрүңүз сеньорам.
Мына ушинтип, муңун-зарын айтып, кылданып бир топ убакытты өткөрдү. Дон Кихот
чаңдуу жол менен жай баракат илкип-калкып бастырып келе берди. Бечаранын башында калган
анча-мынча мээсин эритип жиберчүдөй болуп күн өйдө бийик көтөрүлүп, сызгыра баштады.
Жакшыраак бир нерсе кезиктире албай ушинтип илкий-калкый бастырып кечкечейин жүрүп
олтурду. Жолдон эчтеке жолукпаганына ал абдан кайгырды, анткени мүмкүн болушунча
укмуштуу бир окуяга тезирээк туш келсе, өзүнүн кубаттуу колунун күчүн сынап көрмөкчү эле.
Кечке маал өзү да, чобуру да чарчап-чаалыкты, ачкадан өлө турган болушту. Өзөк жалгап, дем
алгыдай бир сепил же койчунун үйү көрүнөөр бекен деген үмүт менен алактап жан-жагына
карана баштады. Анын үмүтү ордунан чыкты; ал жолго жакын эле жерде турган мейманкананы
көрүп калды. Биздин рыцарь Росинанттын капталына шпорун кадай теминип коюп, нак ошол
жерге каш карайып бараткан кезде жетип келди. Укмуштуу окуяларды издеп жүргөн биздин
рыцарга, айланадагылардын баары тең өзүнүн чын түрүндөй болуп көрүнбөй, өтө берилип
сүйүп калган рыцарлар жөнүндөгү романдарда сүрөттөлүп жазылгандай болуп көз алдына
элестеп турганын унутпай айта кетели. Ошондуктан мейманкананы көргөндөн кийин ошол
замат эле бул сепил экен деп билди, анын төрт мунарасы бар, төбөсү жаркыраган күмүштөн
жабылыптыр, көтөрүп-түшүрмө көпүрөсү, тегерете казылган терең аңы бар экен, деп ойлоду.
Ал көз алдына элестеткен сепилге жакындап келип, дарбазага бир нече кадам калганда
Росинанттын тизгинин тартты, мунаралардын аркайып турган тиштеринин арасынан бир
эргежээл чыга калып, рыцардын келгендигин билдирип сурнай тартып жиберет деп күттү. Нак
ошол мезгилде чочко кайтаруучу бирөө өзүнүн чочколорун чогултуу үчүн чоорун тартып
жиберди, бирок дон Кихот эргежээл менин келгенимди билдирди деп эсептеди.
Дон Кихот найзасы менен мейманкананын дарбазасын түкүлдөттү, аны угуп сепилдин
кожоюну—жоонунан келген, бирок сырткы түрүнө караганда момун адам чыга келди. Атам
заманындагы соотторду кийип, курал-жарактарды асынып алган укмуш көрүнгөн атчан кишиге
карап алып, кожоюн аз жерден бырс этип күлүп жибере жаздады. Бирок, дон Кихоттун
жоокерлик соотторунун айбаттуу көрүнүшү аны урматтоого мажбур кылды жана ал өтө сылык
сүйлөп мындай деди:
— Урматтуу рыцарь, эгер мында конууга ниеттенсеңиз, биздин мейманканабыздан жайлуу
төшөктөн башка каалаганыңыздын баары тең табылат, анткени — мында бир да бош кровать
жок.
Сепилдин коменданты урматтап сүйлөшүп жатканын угуп дон Кихот ага жооп берди:
— Сеньор Кастельян, сиздин мага сунуш кылганыңыздын баарына тең ыраазымын,
анткени—мындай дейт эмеспи:
Жасанганым — соот кийүү,
Дем алганым—кызуу майдан.
— Демек, урматтуу таксыр сиздин төшөгүңүз таштын үстү, уйкуңуз көз ирмебей күн-түнү
бирдей жүрүү экен да? Эгер андай болсо, атыңыздан түшүңүз, меникинен сизге зарыл керек
болгондордун баарын тең таап аласыз жана бир түн эмес, бир жыл бою уктабасаңыз да эрк
өзүңүздө, ага кадырыңыз жан болсун.
Ушул сөздөрдү айтуу менен кожоюн анын үзөнгүсүн кармады, ошентип, дон Кихот араңдан
зорго, кыйналып-кысталып жатып аттан түштү, анткени — күн бою такыр тамак ичпей шайы
ооп калган болучу.
Анан ал кожоюндан Росинантка бөлөкчө кам көрүңүз деп өтүнүп, төрт аяктуулардын
ичиндеги эң мыктысы деп кошумчалап койду. Кожоюн, Росинантка көз чаптырып карап дон
Кихот айткандай абдан жакшы дей турган эч нерсеси жок экендигин көрдү, бирок өзүнүн огон
угуза айтуудан жасканды да, атты тизгинден алып сарайды көздөй жетелеп кетти. Ошол убакта
дон Кихот үстүндөгү соотторун чечүүгө киришти. Бул алы келбей жаткан кыйын жана татаал
ишке жанына келип калган эки кызматкер аял жардам берип жиберди. Дон Кихоттун аларды
сепилди ээлеп турган атактуу аялдар экен деп билгендиги өзүнөн өзү эле түшүнүктүү. Баары
биригип аракет кылып жатышып кийип турган соотторун чечип жиберишти, бирок туулгасы
мойнуна байланып коюлган жашыл боо катуу байланып чиеленип калгандыктан чечүүгө
мүмкүнчүлүк болбоду. Аны бычак менен гана кесүүгө керек болуп калды. Түн бою туулга
менен азап жесем жейин, бирок бычак менен кесүүгө болбойт деп макул болбой койду. Алиги
аялдар үстүнөн соотторун сыйрып чечип жаткан кезде өзүнүн келечектеги эрдик иштери
жөнүндө, даңктуу аты Росинанты жөнүндө, ушу жагымдуу аялдарга чексиз ыраазы болгондугу
жөнүндө дон Кихот салтанаттуу түрдө сөз сүйлөп, анан өзү ойлоп чыгарган сандырактаган
ырын көркөмдөп айта баштады:
Кадырды мындай аялдар,
Эч бир рыцарга кылбаган.
Дон Кихотту урматтап
Өзүм эмес жеке эле.
Кызмат кылган жактаган,
Күлүгүмдү да таптаган.
Росинантты айтып жатам — анткени, менин атымдын ысмы ушундай, жароокер
айымдар, ал эми менин аты-жөнүм болсо, дон Кихот Ламанчский. Чынын айтсам, эрдик
кылган улуу иштеримди бүткүл жер жүзүнө жайып, даңкымды чыгармайынча ысмымды
айтпайын дедим эле.
Бирок, айымдар силерден жашырып айтпай койсом сиздерди урматтабагандык болор эле.
Менин сиздерге жан-дилим менен берилип кызмат кылууга умтулгандыгымды мына бул күчкубаттуу колдорум көп кечикпей эле иш жүзүндө көрсөтөт.
Анын мындай деп сүйлөгөн сөздөрүнө кандай жооп берүүнү билишпей кызматчы аялдар
уялып, унчукпай тим болушту.
Ошол кезде ат сарайдан кайта келип калган кожоюн дон Кихоттон: — тамак ичип
жүрбөңүз, — деп, сурады.
— Мен бир аз, шам-шум этип алсамбы дедим эле — деп, жооп берди идальго,— анткени,
күч-кубатымды чындап алуум керек.
Атайылап кылгансып дал ошол күнү күнгө жума экен, ошондуктан бул мейманканада
туздалган балыктан башка эчтеке табылган жок.
Кожоюи дон Кихотко сууга бышырылган балык жана рыцардын өзүнүн соотторуна окшоп
карайып калган жана көгөрүп кеткен бир үзүм нан алып келип берди. Дон Кихоттун тамакты
кыйналып кысталып жеп жатканын көрүп күлбөй коюу кыйын эле, анткени анын акмактай
болуп кийип алган туулгасы кашыкты оозуна жеткирбей жатты. Тамакты өз колу менен оозуна
жеткире албагандыктан, башка бирөөлөр оозуна салып турушу керек болду. Эгер кожоюн
камыш түтүк алып келбесе тамактан кийин вино ичирүүгө такыр мүмкүн эмес болчу.
Камыштын бир учун дон Кихоттун оозуна такап, экинчи учунан вино куюп жатты. Дон Кихот
туулганын боосунун чиеленип байланып калган жерин бычак менен кестирбес үчүн бул
кыйынчылыктын баарына чыдады. Ошол кезде мейманканага кокустан кирип калган бир
дыйкан камыштан жасалган чоорун тартып жиберди. Эң сонун бир сепилге туш келип калган
экенмин деп, туздуу балыкты—жаңы балыктай көргөнүнө, кара нанды ак нан деп билгенине,
мейманкананын ээсин сепилдин кожоюну экен деп дон Кихоттун ишенишине ушул музыка эле
жетиштүү болучу. Мына ошондуктан ал өзүнүн биринчи сапарына шаттанды. Бир гана нерсе —
алигиче рыцарь болуп жарыяланбагандыгы дон Кихоттун жүрөгүн өйүттү, анткени, аны жалган
рыцарь деп ар убакта айтууга мүмкүн эле.
3-ГЛАВА. Мында дон Кихоттун кантип рыцарь болуп
жарыялангандыгы жөнүндө баяндалат
Дон Кихот ушундай түрлүү ойго чөмүлүп, башы айланып, астындагы адам жарыбай турган
кечки тамагын ичип бүтүрүүгө шашылды. Ал столдун жанындагы отурган ордунан өйдө туруп,
кожоюнду четкерээк чакырып чыгып, ат сарайын көздөй ээрчитип барды да, анан анын алдына
тизелеп олтура калып, төмөнкүдөй деп жалынып-жалбарды:
— Ө, эр жүрөк рыдарь, сиз ырайымдуулук кылып менин тилегимди орундатууга өзүңүздүн
убадаңызды бериңиз, болбосо өйдө турбайм. Сиз үчүн жана бүткүл адамзаттын жыргалчылыгы
үчүн кызмат кыла турган ишти сизден тилеп, өтүнүп олтурам.
Меймандын тизелеп олтурганын көрүп жана мындай сандырактап сүйлөгөн сөзүн угуп,
кожоюн адегенде эмне кылаарын жана эмне деп жооп берерин билбей шашкалактап, оозун
ачып дон Кихотту тиктеп туруп калды. Эсин жыйгандан кийин ал, дон Кихотту өйдө туруңуз
деп өтүндү, бирок акыры кожоюн сенин тилегиңди кабыл кылам деп убада бергенче, ал өйдө
тургусу келген жок.
— Сеньор, сиз аябай асыл адамсыз, ошондуктан менин тилегимди кабыл кылуудан баш
тартпайт деп ишенген элем — деди дон Кихот.— Эртең таң агарар менен мени рыцарь деп
жарыялаңыз, мен муну сизден кудай-арбак үчүн суранам. Бүгүн түн бою көз ирмебей куралжарагымды күзөтүп, сиздин сепилиңиздин ичиндеги кичинекей чиркөөдө турам, ал эми эртең
таң агараар замат сиз мени рыцарь деп жарыялоонун10 ырым-жырымын кылыңыз. Мына
ошентип, акыры мен жортуулдап жүрүүчү рыцардын бүткүл укугун колго алып, укмуштуу
окуяларды издеп жолго чыгам. Менин курал-жарагым жер жүзүнө чындык менен
адилеттүүлүктү орнотуу үчүн кызмат кылат. Анткени даңкы бүткүл дүйнө жүзүнө тарай турган
мен сыяктуу улуу рыцарлардын алган багыты мына ушундай.
Дон Кихоттун келесоолугуна мурда эле шек кылып турган кожоюн эми ага биротоло
ишенди, ошентип жакшылап көңүл ачып эрмек кылуу үчүн келжиретмекчи болду. Мына
ошондуктан ал дон Кихотко мындай деп жооп берди: Сиздин тилеген тилегиңиз жана
өтүнүчүңүз толугу менен орундуу иш, сыймыктуу түрүңүзгө жана мунөзүңүзгө караганда асыл
рыцарь болууга тийишсиз жана мындай деген ой сиздин наамыңызга толук ылайык келет.
«Мен өзүм да — деп кошумчалады кожоюн,— жаш кезимде бул ардактуу кесипти кылгам.
Укмуштуу окуяларды издеп, бүт Испанияны кыдыргам, Севильеде, Гренадеде, Кордоводо,
Толедодо жана башка шаарларда болгом: мен ар түрдүү чекилик иштерди кылдым, чатак
чыгарып урушуп жүргөн күндөрүм да болду, ошентип, Испаниянын бүт сотторуна түшүп,
түрмөлөрүнө камалып даңкым чыккан. Бирок улгайып калган кезимде тынчып калдым. Ушул
сепилдин ичинде тынч жашап турам, жана кандай гана болсо да наамына жана байлыгына
карабастан кыдырып жүрүүчү рыдарлардын баарын тең кабыл алып жатам. Мен аларды абдан
жакшы көргөндүгүмөн гана ушундай кылып жатам, бирок менин жакшы мамиле кылганым
үчүн өздөрүнүн байлыгынан мага бөлүп берсин деген шартты коём». Андан кийин куралжарагын күзөтүп түнката турган кичинекей чиркөө сепилдин ичинде жок,— деди кожоюн. —
Кокустан зарыл болуп калган учурда рыцарь болуп жарыялануунун алдында кайсы жерде болсо
да түнкатууга рыцарлардын закону уруксат эте тургандыгын билем. Ошондуктан, дон Кихот,
сепилдин ичинде эле курал-жарагыңы күзөтсөң болот, ал эми эртең жараткан кудай руксат
берсе ал бардык ырымжырымды колдонуу менен сени рыцарь кылып жарыялайм, рыцарь
болгондо да дүйнө жүзүндө мурда болуп көрбөгөн рыцарь болосуң—деди.
Сөзүнүн акырыңда кожоюн дон Кихоттун жанында акчасы бар жогун билип алды. Дон
Кихот болсо, жанымда бир тыйыным да жок, анткени— кыдырып жүрүүчү рыцарлар акча алып
жүрүү керек экении окуган романдардын бир да бирөөнөн кезиктирген эмесмин деп жооп
берди. Дон Кихот сен жаңылышып жатасың деп кожоюн ага каршы болду. Өзүнөн өзү
түшүнүктүү болгондуктан ал жөнүндө романдарда жазылбайт. Ишенимдүү адамдардын
айтканына караганда, жортуулдап жүрүүчү рыцарлар кереги тийип калат деп намиянына
толтура акча ала жүрүшү керек, ал гана түгүл көйнөк-көнчөк жана жаратка сүйкөй турган дары
май салынган челек ала жүрүүгө милдеттүу экени мага белгилүү. Укмуштуу дарыны эргежээл
же бир кыздан берип жиберип, жарадар болгон сайын кең пейил сыйкырчы жардам берет деп
дайыма эле ага ишенүүгө болбойт эмеспи. Бирөөнү коюп, адегенде өзүнө ишениши керек —
деди да, анан кожоюн дон Кихотко мындай деп кеңеш берди: акчасыз жана зарыл кереги тийип
кала турган кийим-кечек, тамак-аштарды албай сапар тартыш керек эмес. Кыдырып жүргөндө
мына мунун баарынын тең кереги тийип кала турганы рыцардын өзүнө белгилүү болот.
Дон Кихот анын айткан акылын толук орундатууга убада берди да, рыцарь болуп
жарыялануунун алдындагы түндө мейманкананын короосунда курал-жарагын күзөтүп чыгууга
ошол замат эле даярдана баштады. Ал өзүнүн курал-жарагынын баарын чогултуп туруп,
уйларды сугаруучу аштоого салып койду; анан бир колуна калканчты, экинчи колуна найзасын
кармап аштоону айланып кекейип ары-бери баса баштады. Ал ушинтип сейилдикке чыккан
кезде түн кирип калган кез эле.
Кожоюн мейманканага кайтып келди да, рыцарь болуп жарыяланууну күтүп, өзүнүн куралжарактарын күзөтүп уктабай турган эселек идальго жөнүндө мейманканадагыларга айтып
берди. Мейманканадагылар мээсинен айныган мындай эселектин кызыгына батуу үчүн эшикке
чуркап чыгышты. Дон Кихот токтой калып, найзасына сүйөнүп көпкө чейин көзүн айрыбай
өзүнүн курал-жарактарын тиктеп карап калып жатты. Ай жапжарык тийип турган болучу,
ошондуктан рыцарь болуп жарыяланууну күтүп турган биздин идальгонун эмне кылып
жаткандыгы алыстан эле көрүнүп турду.
Анын шоруна, мейманканада конуп жаткан качыр айдоочулардын бирөө өзүнүн
качырларын сугармакчы болбосо, балким иштин баары тең өз жайында жана жымжырт болор
эле. Эчтекеден шек албай ал жайбаракат эле кудукту көздөй жөнөдү. Анын басып келаткан
дабышын угуп дон Кихот мындай деп кыйкырды:
— Сен ким болсоң да кыянатчы рыцарсың, дүйнө жүзүндөгү жортуулдап жүрүүчү
рыцарлардын эң эр жүрөктүүсү болгон менин курал-жарактарыма колунду созбой тарт, эмне
кылып жатканыңы адегенде ойлоп көр! Жакындап колуңу тийгизбе, болбосо өзүндүн
кыянатчылык ишиң үчүн жапа тартып каласың.
Качыр айдоочу мунун сөзүн угуп да койгон жок. Аштоонун жанына басып барып, ал
ичинде жаткан курал-жарактардын боосунан алып туруп алыс ыргытып жиберди. Муну
көргөндөн кийин дон Кихот башын чалкалатып эки көзүн алайтып асманга карап туруп, анан
ою менен өзүнүн ашык-жары Дульсинеяга кайрылып төмөнкүдөй деди:
— Бир өзүңө кул болгон мени мына минтип биринчи жолу кордоп олтурат, андан өч алууга
жардам эт жаным, бул биринчи жолку сыноодо урматтуулугуңузду көрсөтүп, жөлөк бол.
Мына ушул сөздөрдү айтып туруп, колундагы калканчын мындай койду, анан найзасы
менен кош колдоп туруп күчүнүн бардыгынча качыр айдоочуну чаап жиберди, ал эс-учунан
танып солдоюп барып жатып калды. Дон Кихот болсо курал-жарактарын жерден көтөрүп алып,
кайтадан аштоонун ичине салып койду да, эч нерсе көрбөгөн, билбеген кишидей дагы ары-бери
баса баштады. Бир аздан кийин качыр айдоочунун экинчиси чыкты. Өзүнүн жолдошунун жапа
тартып калганын билбей, алда балакеттүү соотторду ыргытып жибермекчи болду. Бирок, дон
Кихот анын аракетин да ишке ашырбай салды. Дон Кихот ооз ачпай, керилип туруп найзасы
менен бечараны баштан ары бир салганда ал да жерге кулап түштү. Бул ызы-чууну уккандан
кийин мейманканадагылардын бардыгы тең, кожоюн баш болуп чуркап келишти. Бул чогулгаң
элди көргөндөн кийин дон Кихот калканчын кармап, кылычын жалаңдатып кынынан сууруп
алып, сыймыктанып мындай деп кыйкырды:
— О, сулуулардын сулуусу, менин жанымдын жөлөгү, жүрөгүмдүн каны! Катуу
салгылашууга кирип бараткан, сага кул болгон рыцарга көңүл бура турган убагың келди.
Сыйынып жаткан сыяктуу болуп угулган анын бул айткан сөздөрү биздин идальгого аябай
кайрат берди, бүт дүйнө жүзүндөгү качыр айдоочулардын баары тең келип кол салса да өзүн
артка чегинбөөчүдөң сезди. Жарадар болгондордун жолдошторунун ачуусу келип, алыстан
туруп таш менен ургулай башташты, бирок жамгырдай жааган таштарга чыдап ордунан
жылбай тура берди. Ал калканч менен гана калкаланды, бирок өзүнүн сооттору салынып
жаткан аштоодон бир кадам да жылган жок. Короонун ичи ызы-чууга айланды. Качыр
айдоочулар өкүрүп-бакырып аны жаман сөздөр менен сөгүп жатышты. Эси чыккан кожоюн
чатагыңарды койгула деп аларга жалына баштады. А дон Кихот болсо:
— Шермендеси чыккан жаман кулдар! Мен силерди жек көрөм! Ташыңарды ыргытып,
жакын келгиле, кол салгыла! Уятсыз жана келесоолук ишиңер үчүн өзүдөрдүн энчиңерди
аласыңар,— деп үнүнүн бардыгынча кыйкырып жатты.
Дон Кихоттун ушул кыйкырып айткан сөздөрүндө эр жүрөктүүлүктүн жана
каармандуулуктун белгиси күчтүү болгондуктан кол салуучуларды аябай коркунуч басты. Алар
аздап-аздап токтоп, таш ыргытпай калышты. Анда дон Кихот жарадар болуп жаткандарды алып
кетүүгө руксат берди да, мурдагыдай эле кекирейип жана жай баракат түрдө соотторун күзөтүп
тура берди.
Бирок бул окуя кожоюндун оюндагыдай болгон жок, ошондуктан дагы кайтадан жаңы
балакет болуп кете электе мейманды дароо эле рыцарь кылып жарыяламакчы болду. Дон
Кихоттун жанына жакындап келип кожоюн мындай деди:
— Урматтуу таксыр, тигил уяты жок жаман эмелерге келген ачууңузду басыңыз.
Кыянатчылык кылгандыктары үчүн мен алардын жазасын колуна берүүгө убада кылам. Азыр
касиеттүү ырым-жырымды жасай берүүгө убакыт жеткендир дейм?
Адетте соотторду күзөтүү эки гана саатка созулуш керек, ал сиз төрт сааттан ашуун
күзөтчүлүк кылбадыңызбы. Менин сепилимдин ичинде кичинекей чиркөө жок деп сизге
айттым эле го. Бирок биз тайманбастан ансыз деле ишибизди иштей алабыз. Рыцарлыкка жарыя
кылууда кол менен желкеге бир муштоо жана кылыч менен сол ийинге бир чабуу негизги иш
болуп эсептелет. Муну ай талаада эле өткөрүүгө болот. Ошентип эми кымбат убакытты бекер
өткөрбөйлү.
Биздин рыцарь кожоюндун айткан сөздөрүнө ошол бойдон ишенди да, макулмун, моюн
сунам деп жооп берди.
— Сизден бир гана нерсе сурайм,— деп кошумчалады ал,— ырымжырымды батыраак
жасаңыз. Анткени, рыцарь болуп жарыялангандан кийин мага кимдир бирөө кол салам деп
ойлой турган болсо, анда сепилдин ичинен бир да киши калтырбай кырып салам. Сепилдин
кадырлуу ээси сизди урматтап, сиз кимге болушсаңыз ошону гана тирүү калтырам.
Кожоюн, рыцардын бул сөздөрүнөн кийин тынчы жок бул меймандан тезирээк эле
кутулсам экен деп тилек кылып калды.
Кожоюн табагаан жана шамдагай киши болгондуктан ал ошол замат эле, качыр
айдоочуларга канча арпа, канча саман бергендигин жазып жүргөн бир чоң китебин алып
жетип келди. Анан ал, кызматчы эки аялды жана күйүп бүтөйүн деп калган шамды колуна
кармап алган баланы ээрчитип алып, жакын келди да дон Кихотту тизелеп олтургун деди.
Анан китептен жакшы дуба окуп жаткансып колун өйдө көтөрүп керилип туруп, аны
моюндан ары бир койду, анан өзүнчө кайдагы-жайдагы бир нерселерди айтып күңкүлдөп
дон Кихоттун кылычын алып туруп, өз кылычы менен өзүн ийинден ары бир салды: андан
кийин ал кызматчы аялдын бирине, бул кылычты рыцардын белине байла деди, ал бат эле
ошондой кылды. Чынын айтканда, ал аял күлкүсүнө чыдай албай бырс этип жибере
жаздады, бирок анын көзүнчө рыцардын көрсөткөн эрдиги күлкүсүн тыюуга мажбур
кылды. Дон Кихоттун куруна кылычын кыстарып жатып:
— Урматтуу таксыр, сиздин рыцардык ишиңизге кудай бакты берсин,
салгылашууларда жолуңуз болсун,— деди алиги ак көңүл аял.
— Сиздин атыңыз ким?—деп сурады дон Кихот, анткени — өзүнүн кубаттуу
колунун күчү менен бир кезде душманды жеңип алып, ээ боло турган урматка-шериктеш
болуу үчүн ушунчалык улуу тилек кылып жаткан аялдын ким экенин билгиси келди. Ал аял
өтө оор басырыктуу туруп эле:— атым Толосо, Толодолук бир өтүкчүнүн кызымын, сизге
ишенимдүү жана чын кызмат кылууга дайым даярмын деп жооп берди. Дон Кихот аны
жакшы көрүп калды, ошондуктан бүгүндөн тартып өзүңдү донья Толосо деп атагын деди.
Ал буга макул деди. Анан экинчи бир аял шпорун кийгизди, дон Кихот аны менен да
кылычын куруна байлаган аял менен сүйлөшкөп сөзүн сүйлөштү. Дон Кихот андан атың
ким деп сурады, ал аял атым Молинера, Антекаралык ак ниеттүү тегирменчинин кызымын
деп жооп берди. Өзүңүздүн ысмыңызга донья деген атакты кошуп алыңыз деп өтүндү дон
Кихот. Ошону менен катар ал аялга дон Кихот сан жеткис алкыш айтты. Ал ырымжырымдын баары тең бүткөндөн кийин дон Кихот атына мингенче шашты, анткени
укмуштуу окуяларды издеп чыгууга чый-мыйы чыгып ашыгып жатты. Ал Росинатты токуп,
үстүнө секирип минип туруп, рыцарь кылып жарыялангандыгы үчүн ушунчалык укмуштай
жакшы сөздөр менен кожоюнга ыракмат айта баштады, анын айткан ыракматтарын сөз
менен айтып берүүгө эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Ал эми кожоюн болсо рыцардан
кутулганына сүйүнүп, анын айткан сөздөрүнө кыскача гана жооп берди, бирок ооз
көптүрмө сөздөрдү айткан жок. Ошентип, конгону үчүн эчтеке албастан жакшылыкыраазычылык менен коё берди.
4-ГЛАВА. Мында мейманканадан чыгып кеткенден кийин биздин
ыцардын башынан өткөн окуялар жөнүндө баяндалат
Дон Кихот мейманканадан жолго чыкканда таң агарып, жерге жарык кирип калган эле.
Жортуулга чыкканда акча, көйнөк-көнчөк жана башкаларды камдап ала жүрүү керек деген
кожоюндун айткан акылын эстеп, зарыл болгон бардык нерселерди камдап, жана ат
кошчулукка бир киши таап алгысы келди. Ошентип адегенде үйүн көздөй кайта жөнөмөкчү
болуп, ал Росинанттын башын өзүнүн кыштагын карай бурду. Росинант да өзүнүн кожоюнунун
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Шумдуктуу Идальго Дон Кихот Ламанчский - 03