Latin

Шумдуктуу Идальго Дон Кихот Ламанчский - 07

Total number of words is 4147
Total number of unique words is 1876
34.0 of words are in the 2000 most common words
47.8 of words are in the 5000 most common words
53.7 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
армиясын короо-короо койго айландырып жиберди. Мен чындыкты айтып жатам, сен ага
ишенип кой; ишенбей турсаң эшегиңе минип алып алардын артынан чап. Менден алыстай
бергенден кийин рыцарлардын өздөрүнүн мурдагы кейпине келгендигин жана койлордун
ордуна жоокерлердин пайда болгонун көрөсүң. Бирок, азыр токтой тур. Адегенде мага
жардамдаш. Оор жарадар болуп калдымбы деп корком.
Дон Кихоттун жаратын байлап берүү үчүн баштыктан жаратка сүйкөөчү май менен
чүпүрөктү алуу үчүн эшегине барды, бирок баштык жок экен. Баштыктын жок экенине
ишенгенден кийин Санчо кайгырып аз жерден жинди болуп кете жаздады. Ал эң жаман каргыш
сөздөрдү жамгырдай жаадырып, таксырымды таштап, үйүмө кайта кетем деп оозуна каргыш
алды, таксыры жеңип алып берем деген арал менен губернаторлуктан кечтим деп кыйкырды.
Ошол кезде былчыйып калган ээгин бир колу менен жөлөп дон Кихот өйдө турду. Ал
өзүнүн ишенимдүү Росинантын тизгиндеп алды, ал кожоюиунун жанынан кетпей Санчо жакты
карап турган болчу. Санчо дымын чыгарбай өзүнүн эшегинин көкүрөгүнө жөлөнүп, эки колу
менен бетин жаап турган эле. Анын катуу кайгыда экенин сезип дон Кихот мындай деди:
—Билип кой Санчо,— башкалардан өйдө болом дегендер, азапты көбүрөөк тартууга туура
келет. Бизге туш келген бороон-чапкындын бардыгы, жакында асмандын чайыттай ачылып,
ишибиздин оңолоорун билдирет. Анткени кайгы да, кубаныч да дайым эле боло бербейт, демек
кайгы тартып жабыркоо көпкө созулбагандан кийин, демек, кубаныч жакын калгандыгын
түшүнүү керек. Ошондуктан менин жабыр тартканым жөнүндө кайгырбай эле кой. Анткени сен
жабыр тартпай аман-эсен калбадыңбы.
— Аман-эсен калдың дегениң кандай?!—деп кыйкырып жиберди Санчо.—Кечээ жуурканга
салынып көктү көздөй ыргытылган адам менин атамдын баласы эмес беле? Ичиндеги
керектүүлөрү менен кошо жоголгон баштык меники эмей кимдики эле?
— Сенин баштыгың жоголдубу? — деп сурады дон Кихот.
— Ооба, кеп ошондо,— деп жооп берди Санчо.
— Демек, биз бүгүн тамак ичпей калат экенбизго, — деди дон Кихот.
— Бирок, бул шалбааларда,— деп жооп берди Санчо,— таксыр сиздин айтканыңызга
караганда жортуулдап жүрүүчү рыцарлардын тамагына жарай турган чөптөр өсүүгө тийиш.
— Чынын айтканда,— деди дон Кихот,— ошол айтылган чөптүн баарынан бир үзүм нан
менен ышталган бир эки чабак балык болсо жакшы болоор эле. Ал жөнүндө айтып баш
оорутунун кереги эмне! Ак көңүл Санчо эшегиңе минип, мени ээрчип бастыр. Боорукер кудай,
абада учуп жүргөн чымын-чиркейлерге, жердеги курт-кумурскаларга жана суудагы
көнөкбаштарга азык жиберген. Алда тааланын жараткан күнү бардыкка — арамзаларга да, ак
ниеттүүлөргө да жарык берип турат, анын жамгыры күнөлүүлөргө да, күнөсүздөргө да жаап
турат. Алда таала бизди, биздин кылган эмгегибизди унутпайт.
— Урматтуу таксыр,— деди Санчо,— жортуулдап жүрүүчү рыцарь болгончо, поп болсоң
жакшы болоор беле дейм.
— Жортуулдап жүрүүчү рыцарлар баарын тең билип, иштин баары колунан келгендей
болушу керек,— деп жооп берди дон Кихот.
— Өткөн замандарда Париждин университетинин кайсы гана докторунан сөздү кем
сүйлөбөгөн же дин үгүтүн кем жүргүзбөгөн рыцарлар болгон экен. Билип кой достум, калем үч
найзаны мокото албагандай эле, найзада калем учту эч убакта мокото албайт.
— Жакшы болот эмесе сеньор, сиздин айтканыңыздай эле болсун,— деди Санчо.— Эмесе
жүр азыр жолго чыгып, коно турган жай издейли. Алда таала бизди жок дегенде сыйкырдуу
жуурканы, элес көрүнгөн арбактары жана сыйкырдуу маврлары жок жерге туш келтирсе экен.
Алар менен дагы бир жолу кездешсем деген оюм болсо эле мени кудай урсун.
— Уулум, алда тааланын жардамын тиле да, мени өзүң каалаган жакты көздөй алып жөнө,
анткени бул жолу коно турган жерди табуу эркин өзүңүн колуңа берем. А эми колуңду бери
сунуп менин канча тишим жок экенин байкап көрчү. Мына бул оң жагын кармап көр, анткени
ушул жагым абдан катуу ооруп жатат — деди дон Кихот.
Санчо колун анын оозуна салып жиберип, сурап калды:
— Таксыр сиздин бул жерде мурда канча тишиңиз бар эле?
— Төртөө болчу — деп жооп берди дон Кихот, — акыл азууман башкасынын баары тең
соо, бепбекем болчу.
— Жаңылышып жүрбөңүз, урматтуу таксыр?—деп сурады Санчо.
— Эгер бешөө болбосо, анык төртөө болуу керек, — деп жатам — деп жооп берди дон
Кихот,— анткени өмүрүндө бир да тишимди жулдурган эмесмин жана бирөө да чиригер эмес,
суук тийип түшкөн да эмес.
— Урматтуу таксыр, а эми,— деди Санчо,— бул жаагыңыздын астында эки жарым
тишиңиз калыптыр, ал эми үстүндө болсо эчтеке жок, алакандай тептегиз болуп эч тиш
калбаптыр.
Ат кошчусунан ушундай деген кайгылуу кабарды уккандан кийин: —мына кырсык! —
деп кыйкырып жиберди дон Кихот.— Мындан көрө кылыч кармап турган оң колумду коюп
башка колумду кыя чаап салса жакшы болот эле. Анткени азуу тиши жок ооз, ташы жок
тегирмендей болот. Ар бир тиш адам баласына алмаздан да кымбат. Бирок, рыцарлыктын
катаал шертин моюнга алгандан кийин биз мындан да жаман жабыр тартып калышыбыз
мүмкүн. Достум, андан көрө эшегиңе минип сапар тарт, а мен сенин каалаган жагыңа ээрчип
бара берем.
Санчо эшегин минип алып коно турган жай табам деп ойлогон жагын көздөй чоң жол
менен жөнөдү. А дон Кихот болсо, Росинантына минип алып анын артынан ээрчип бастырды,
ал андан ылдамыраак бастыра албайт болчу, анткени анын капталы жана ээги ооруп, ээрдин
үстүндө араң эле келатты. Өзүнүн таксырынын көңүлүн ачуу үчүн, Санчо аны менен мына
мындай деген аңгемени баштады.
14-ГЛАВА. Мында Санчо Панса менен анын таксырынын ортосундагы
кыл-эстүү аңгеме жөнүндө жана өлүк дене менен болгон андан кийинки
укмуштуу окуя жөнүндө баяндалат
— Сеньор, менин оюмча,— деди Санчо,— ушу балакеттин баары тең үстү жабык үйдүн
ичинде конбоо, түн ичинде жатканда кийимди чечпөө, столдун жанына олтуруп нан жебөө
жана Маландриндин беле же Ламадриндин беле, айтор тиги каргыш тийген сыйкырчынын аты
кандай эле, ошонун туулгасын жеңип алганча дагы башка көп нерселерди иштебес үчүн
өзүңүздүн салтанаттуу түрдө берген шертиңиздин бардыгын тең орундатпай койгондугуңуздан
болду го деп ойлойм.
— Сен туура айтып жатасың Санчо,— деди дон Кихот. — Кудай урсун, шертимди таптакыр
унутуп коюпмун. Жуурканга салып алып сени эмне үчүн көктү көздөй ыргытышканын мен эми
түшүндүм. Албетте, мына буларды мага өз убагында эсиме салбагандыгың үчүн ыргытышкан
тура. Мен өзүмдүн күнөөмдү кечирип аларымды өзүң көрө жатарсың. Рыцарь өзүнүн
жеңиштери менен жууп кетире албай турган күнөө болбойт.
— Андай болсо, мен кандай күнөө кылдым, мен эч кандай ант берген эмесмин! — деп
кыйкырып жиберди Санчо.
— Сенин ант берген, бербегениң кеп эмес,—деди дон Кихот,—менин ишиме шериктеш
болгонуң гана жетишет, бирок өз эркиң мененби же эрксизденби — ал баары бир иш. Иштин
баары менин берген антымды бузуп жатканымды сен көрүп туруп, тизгинимди тартпай
койгондугуңда болуп жатат.
— Урматтуу таксыр, эгер андай болсо, өзүңүздүн берген антыңызды унутуп койгон
сыяктуу, мына бул жөнүндө да унутуп кала көрбөңүз. Болбосо, сыйкырчылар көңүлдөрүн ачуу
үчүн мени келеке кылганы, кала берсе, урматтуу таксыр, сизди да келеке кылганы келип калса
кажет эмес.
Ушинтип маектешип, биздин жолоочуларыбыз чоң жол менен ээрчий бастырып келе
беришти. Бир оокумда күн батып кетип, жерге караңгы кирди, бирок коно турган жайдын
карааны да көрүнбөдү. Биринчиден кыйналып чарчап-чаалыгып, экинчиден карындары ачып,
коно турган жай тапсак деген ой менен алар унчукпастан алга карай бастыра беришти. Бир
оокумда жылт-жулт эткен жылдыздарга окшоп алыстан жолдун боюнан бир топ от көрүндү.
Бул чыккан отторду көрөрү менен Санчо өлгөнчө коркту, дон Кихот да селдее түштү.
Бири эшектин ноктосун, экинчиси атынын тизгинин тартып, муну эмне экенин билүү үчүн
токтоп калышты. Ал чыккан от улам барган сайын даана балбылдап жанып, жакындап
келатканын байкады. Муну көргөн Санчо шамалга туруштук бере албай дирилдеген
жалбырактай болду, ал эмес дон Кихоттун өзүнүн да чачы тик турду. Өзүнүн бүткүл эрдик
касиеттерин жардамга чакырып, биздин рыцарь мындай деди:
— Санчо, бул өтө зор жана коркунучтуу окуялардын бири экендигинде шек жок,
ошондуктан өзүмдүн күч-кубатымды жана эрдигимди бүт бойдон жумшашым керек.
— Эми мен башыман айрылдым!—деп Санчо кыйкырып жиберди.— Эгер бул көрүнгөн от
дагы баягы сыйкырчы эмес болуп чыкса,— деги ошого окшош көрүнөт — жаңы тепкиге чыдоо
үчүн ашыкбаш кабырганы кайдан таап алмакчымын?
— Бул көрүнүш эмне болсо, ошол болсун,— деди дон Кихот,— сенин кийимиңдин этегин
да карматпайм. Өткөн жолу алардын сени келеке кылганынын себеби бар, анткени мен бийик
дубалдан секирип түшө албай койгом. Бирок, азыр биз, айталаада кездешебиз, ошондуктан
менде толук мүмкүнчүлүк бар.
— Эгер алар дагы сыйкырдап туруп, кечегидей кылып турган жерибизден козголтпой
таштаса, биздин айталаада экенибиздин пайдасы эмне?— деди Санчо.
— Санчо, эмнеси болсо да,— деди дон Кихот,— үрөйүңдү учурбачы. Менин эрдигимин
кандай экенин сен азыр иш жүзүндө көрөсүң.
— Кудай тааланын жардамы менен коркпой, баатыр болуп көрөйүн, — деди Санчо.
Өздөрүн көздөй жылып келаткан бул эмне болгон от экенин айрып-таануу үчүн жолдон бир аз
мындай бурула беришип, караңгыга жамынып тикирейип карап жатышты. Алар ошол замат
эле, узун чапан кийип алган өтө көп жолоочунун келатканын көрүштү, бул шумдук Санчого
катуу таасир этти. Ал коркуп калтыргандыктан безгек болгон эмедей тиши-тишине тийбей
шакылдады. Бул жашыруун сыры бар оттор абдан жакын келген кезде, көз менен көрүп, эмне
экенин айрып-таанууга мүмкүн болгон учурда Санчо ого бетер коркту, тиштери андан бетер
шакылдады. Күйгөн шамдарды кармап алышып, ак чапанчан жыйырма киши алдыда бастырып
келаткан экен, алардын артынан өлүк ташуучу чоң арабалар келатат, ал арабалардын артында
качырлардын туягына чейин жетип турган узун кара чепкенди оронгон дагы алты атчан киши
бар, (алардын илкип-калкып басканынан эле ат эмес, качыр экени дароо көрүндү). Качырга
мингендер бирдемелерди айтып күңкүлдөшүп жана жан ачыган сөздөрдү сүйлөшүп алга карай
жай бастырып баратышат. Ай талаада, анын үстүнө мынчалык кеч түндө көрүнгөн бул укмуш
көрүнүш кимдин болсо да эсин чыгармак. Алда келаткандардын көрүнүш экенине шек
кылбаган Санчонун биротоло үрөйү учуп кетти, бирок Санчо канчалык катуу корккон сайын
дон Кихот ошончолук кайраттана берди, романдарда кооздолуп жазылган укмуштуу
окуялардын бири анын көз алдына элестеди.
Өлүк ташуучу арабалар, ага дүйнөдөн кайткан же оор жарадар болгон рыцарды салып алып
келаткан аза күтүү арабасындай көрүндү, мына ошондуктан ал үчүн өч алуум керек деди дон
Кихот. Ал көп ойлоп турбастан найзасын кезеп, ээрге бекемденип олтуруп алып, боюн керип,
көөдөнүн өйдө көтөрүп, узун чапанчандар өтө турган чоң жолдун ортосуна чыкты. Алар
жакындап келип калган кезде, ал катуу кыйкырып:
— Эй! Силер ким болосуңар, токтогула! Силер кимсиңер, кайдан келатасыңар, кайда
барасыңар, арабага салып алып келатканыңар ким, тез жооп бергиле! Анткени силер
күнөкөрсүңөр же кылган күнөөңөрдүн курманысыңар. Кылган кылмышыңар үчүн жазалоого же
ыза кылганыңар үчүн өч алууга мен иштин жайы эмнеде экенин билүүм керек.
— Биз шашып баратабыз,— деди качырга мингендердин бири,— мейманканага чейин али
көп бар, ошондуктан сиз менен көпкө кежилдешип сүйлөшүп тургудай убагыбыз жок.
Ал ошентип сүйлөдү да, качырын капталга теминип коюп, бастырып өтүп кеткиси келди.
Мындай жоопко кордонгон дон Кихот, качырды тизгинден алып кыйкырып жиберди:
— Токтогула, адепсиздер, анан менин берген суроомо жооп бергиле! Андай болбосо, мен
силерди урушка чакырам.
Качыр үркүп, мөңкүп кеткенде үстүндөгү киши жерге кулап түштү.
Жанында бараткан кызматкери жаман сөздөрдү жамгырдай жаадырып дон Кихотту сөгө
баштады. Ансыз деле жини келип кутуруп турган дон Кихот, кара кийип качыр минип
тургандардын бирөөнө качырып сала берип, көз ачып-жумгуча аны жерге кулатып түшүрдү.
Анан ал өтө шамдагайлык менен башкаларын көздөй умтулду. Росинантка канат пайда
болгонсуп бирде алга, бирде артка атырылып турду. Узун чапан кийгендер абдан коркок эмелер
экен, анын үстүнө колдорунда куралдары жок болучу. Алар дон Кихотко каяша кылууга аракет
да кылбастан, туш-тушка качып жөнөштү. Кол салган эме, киши эмес шайтан сыяктуу болуп
көрүнгөн сыяктанды.
Дон Кихот өзүнүн душмандарынын баарын тең дыркыратып качырып куугандан кийин
качырдан жыгылган кишинин жанына бастырып келди. Ал киши алиге чейин кыймылдай албай
жерде жаткан болчу, анын жанында шам күйүп бүтөйүн деп калган экен. Дон Кихот ага
найзасын кезеп; — багынгын болбосо өлөсүң, деп буйрук берди.
— Багындым, багындым! — деп кыйкырды алиги жерде жаткан киши.— Урматтуу таксыр,
жан соога, мен бутумду сындырып алып, өйдө боло албай жатам. Сеньор, сизден жалыныпжалбырып суранарым, эгер сиз кайрымдуу христианин болсоңуз, мени өлтүрбөңүз. Анткени
мен дин кишисимин.
— Силерге окшогон дин кишилерин,— деп кыйкырып жиберди дон Кихот.— мындай ишке
кайсы шайтан айдап келди?
— Кайсы шайтан айдап келмек эле? Тагдыр тайкы болуп ушуга туш келтирип олтурат да,—
деп жооп берди жерде жаткан эме.
— Байкаңыз, мындан да жаман абалда калып жүрбөңүз. Андан көрө көктүк кылбай силер
эмне болгон адамсыңар жана мунуңар эмне болгон иш, ошонун баарын толук түшүндүрүп
айтып бер, — деди дон Кихот.
— Урматтуу таксыр, сиздин сурооңузга жооп берип талабыңызды орундатам,— деп жооп
берди жерде жаткан лицециат. — Эмесе, айтууга уруксат бериңиз, урматтуу таксыр, менин
атым Алонзо Лопес, Алькобендаста туулгам. Мен азыр качып кетип калган он бир сопу менен
бирге Баэст деген шаардан келаткан элем. Баэст шаарында өлгөн, бирок Сеговияда туулупөскөн бир дворяниндин денесин ошол жакка алып бараткан элек.
— Аны ким өлгүрдү? — деп сурады дон Кихот.
— Өз ажалынан өлүп, тиги дүйнөгө кетти.
— Эгер андай болсо,— деди дон Кихот,— бул киши үчүн өч алып берүүдөн кудай мени
куткарды, анткени анын өлүмүнө эч ким күнөкөр эмес экен. Улама, мен сизге өзүм жөнүндө
айтып өтөйүн,— аты-жөнүм дон Кихот, ламанчалык рыцармын, менин милдетим — укмуштуу
окуяларды издеп төгөрөктүн төрт бурчун кыдырып жортуулдап жүрүшүм керек, анда
карасанатайларды жазалап, алсыздарды коргоо жана багы жок бечараларды сооротуу менен
адилеттүү сот кылмакчымын.
— Кантип адилеттүү сот болооруңузду билбейм,— деп мыңкылдады алиги лиценциат, —
анткени сиз өлөөр-өлгөнчө айыкпас кылып бутумду сындырып салдыңьгз, жана өмүрүмдө
унутпас кылып коркутуп койдуңуз. Чынында бул окуя мен үчүн бир чоң балакет болду.
— Баары тең биз ойлогондой боло бербейт,— деп жооп берди дон Кихот.—Сеньор, кеч
түндө, аза күтүүчү кара кийимдерди кийип, колуңарга шам-чыракты кармап алып, киши
түшүнбөй турган кайдагы бир ырды күңкүлдөп ырдап саякаттап келатканыңар, балээнин
баарын баштап олтурат. Мен силерди тиги дүйнөдөн келген арбак экен деп, шумпай
демондордун согушчандары экен деп билдим да, жортуулдап жүрүүчү рыцарлык милдетимди
аткарып силерге кол салдым, албетте мында таң каларлык эчтеке жок.
— Алда таала менин маңдайыма жазып койсо керек,— деди лиценциат,— сеньор.
жортуулдап жүрүүчү рыцарь мага мынчалык кыянаттык кылдыңыз, эми жок дегенде өйдө
турууга жардам бериңиз, анткени басмайылга оролуп чыкпай калган бутумду ээрдин астынан
такыр чыгара албай койдум.
— Андай болсо эмне үчүн эмдигиче унчукпай жатасыз,— деди дон Кихот. — Санчо, Санчо,
— деп ал өзүнүн ат кошчусун чакырды.
Бирок, Санчо анын чакырыгына шашып койгон жок. Ал өзүнүн таксырынын адеп кол
салгандагы эрдигине жана шамдагайлыгына таң калып карап калды, анан анын коркунучу
басылып эсин жыйгандан кийин, астыртан басып барып жей турган тамак-аш жүктөлүп артта
келаткан качырдын жүгүн бошото баштады. Ал өзүнүн чапанын чоң баштык сыяктантып алып,
алиги гамак-ашты анын ичине шашкалактап сала берди. Мына бул ишти бүткөндөн кийин гана
өзүнүн кожоюнунун чакырыгын көздөй шашты. Экөө биригип аракет кылып жатып
лиценциатты качырдын астынан сууруп алышып, качырына мингизип колуна шамын
карматышты. Андан кийин, жолдошторунун артынан кууп жетүүгө жана жортуулдап жүрүүчү
рыцардын ыйык милдетин орундаймын деп силерди жазыксыз ызалап койгондугум үчүн
кечирим сурайм, мына ошону аларга айта бар деп сунуш кылды дон Кихбт. А Санчо буга дагы
кошумчалады:
— Эгер ал сеньорлор, абдан шамдагайлык менен өздөрүн жазалаган эр жүрөк неменин ким
экенин билгиси келишсе, анда аларга айтып коюңуз, урматтуу сеньор,— атактуу дон Кихот
Ламанчский, Кайгы Мундун рыцары.
Алиги лиценциат булар менен коштошуп, өзүнүн жолуна түшкөндөн кийин дон Кихот
Санчодон эмне үчүн сен мени Кайгы Муңдун рыцары деп айттың, мага ошону түшүндүрчү деп
сурады.
— Урматтуу таксыр, ал мындайча,— деп жооп берди Санчо,— шамдын жарыгында сиз
мага бир бечера апарык жана өңүңүз купкуу болуп көрүндүңүз, сиздин бул түрүңүздү көргөндө
боорум ооруп кетти. Сиз ушул салгылашууларда, укмуштуу окуяларда абдан кыймалыпкысталып, запкы жеп калсаңыз керек.
— Жок Санчо, — деди дон Кихот,—иштин жайы таптакыр анда эмес. Башкача айтканда
менин көрсөткөн эрдигимин баарын жазууга тийиштүү болгон акылман эме, өткөн замандагы
рыцарлар сыяктуу бир ат коюп алышымды жүйөлүү көрсө керек. Өткөн заманда рыцарлардын
бардыгы өздөрүнө: биринчиси Жалындуу Кылычтын рыцары, экинчиси — Кыздардын рыцары,
үчүнчүсү — Өлүмдүн рыцары деп ат коюп алышкан. Мына ушул коюп алган аттары менен алар
жер жүзүнө маалим болушкан. Мына ошондуктан ошол акылман мага Кайгы Муңдун рыцары
деп ат коюуга сени мажбур кылганго деп ойлойм. Бүгүндөн баштап сен койгон атка конуу үчүн,
мен аны кабыл алам. Биротоло ошол атка конуу үчүн биринчи мүмкүнчүлүк келе түшкөн кезде
эле өзүмүн калканчыма адамдын эң кайгылуу жүзүн тартууга буйрам.
— Буга убакытты кетирип жана акчаны коротуунун кереги эмне, — деди Санчо —
Башыңызды өйдө көтөрүп туулганыңызды көрсөтсөңүз эле болгону, калканчыңызда эч сүрөт
жок болсо деле, сизди дароо ар ким Кайгы Муңдун рыцары деп аташат, бул үчүн мага ишенип
коюңуз. Бул сөзүмдүн чындыгына, сеньор, ант берем. Ачкалык жана кыйраган тиштериңиз
сизди абдан көрктөндүрүп турат, ошондуктан малканчыңызга кайгылуу адамдын жүзүн
тарттырбасаңыз деле болот.
Дон Кихот жылмайып күлүп койду да, жок туура эмес деп Санчо менен талашкысы келген
жок. Кара жабылган арабанын ичинде чын эле адамдын өлүгү бар, жок экенин текшерип көрүү
керек деген ой биздин рыцардын оюна кылт этип келе түштү. Бирок Санчо буга абдан каршы
болду.
— Сеньор,— деди ал,— мурдагы окуяларга караганда бул укмуштуу окуя сиз үчүн
жакшылык менен бүттү. Бирок, сизден качып кеткен эл бир эле рыцардан качкан экенбиз деп
ойлоп, аттигиниң деп тиштенип калса ажеп эмес. Эстерин жыйып жана өздөрүнүн коркоктук
кылгандыгына уялышып алар кайта келип алышып, бизге көргүлүктү көрсөтүп жүрүшпөсүн.
Менин эшегим өз жайында, тоо жакын, ачкалык чыдатпай баратат. Ошондуктан бул жерден
тезирээк кетип калсак жакшы болбос беле? Тирүүгө гүлүстөн, өлгөнгө көрүстөн деген бар
эмеспи.
Ошентип айтып Санчо эшегин тизгинден алып, илгери көздөй жөнөду. Дон Кихот болсо, ат
кошчусунун акылын туура таап эч каршылык көрсөтпөй артынан ээрчиди. Бир нече кырдан
өткөндөн кийин алар шамал тийбес бир көк жерге туш келип, ошол жерге түнөмөкчү болушту.
Санчо эшегинен жүгүн түшүрдү. Рыцарь менен ат кошчу экөө көк чөптүн үстүнө жая отуруп
алышып, эртең мененки, түшкү анан кечки тамактын баарын тең бир жеп алышты. Чиркөөнүн
динчилери өздөрүнүн качырларына (алар өздөрүн эч унутушпайт) жүктөп келаткан муздак
тамактарды тоё жеп алышты. Бирок, бул жерде дагы бир балээ пайда болду: алардын тамагын
жибитетурган ичимдиги гана эмес, суусу да жок болуп чыкты. Мына ошондо Санчо көк
жайыктагы майда, көк чөптөрдүн өскөнүн көрүп мындай деди. Бирок анын эмне дегенин биз
эмки главадан билебиз.
15-ГЛАВА. Мында эр жүрөк рыцарь дон Кихот Ламанчскийдин кулак
угуп, көз көрбөгөн эрдиги жөнүндө баяндалат
Бул чөптүн көпкөк болуп турганына караганда, жакын арада бир агын суу болушу керек
сеньор. Жүрүнүзчү дагы бир аз нары басып көрөлү. Чынын айтканда каны катып суусагандык
ачкалыктан ары өтүп кетет экен, ошондуктан суусунубузду кандырабыз деп ишенем.
Санчонун берген кеңеши дон Кихотко жагып калды; ал Росинантты тизгинден алды, Санчо
болсо тамактан калган-каткандардын баарын эшегине жүктөдү, ошентип экөө илгери карай
жөнөштү. Түн көзгө сайса көрүнгүс караңгы эле, ошондуктан алар аны-мунуну кармалапсармалап олтуруп гана шалбааны аралап жүрө алмак болчу. Алар эки жүз кадам жүрө элегинде
эле эң бийик аскадан аркырап түшүп жаткансыган суунун күрүлдөп-шарылдаганы угулду. Бул
күрүлдөк-шарылдак аларды өтө кубандырып жиберди. Алар токтой калышып, суунун үнү
кайдан чыгып жатат болду экен деп кулак салып тыңшай калышты. Бирок, шаркыратманын
үнүнө окшобогон, таптакыр башка ар түрдүү укмуштуу үндү угушту. Бул, балка менен дөшүнү
уруп жаткансып, бир калыпта чыгып жаткан добуш эле. Бул чыккан үндөр каарын төгүп жаткан
суунун күрүлдөгөнү-шарылдаганы менен үн алышып, кимдин болсо да эсин чыгара турган
болчу. Коён жүрөк коркок болуп жаралган Санчо да эмне кылаарын билбей элең деп калды.
Түн караңгы, ээн талаа эле, дарактардын жалбырактары мелүүн желге туруштук бере албай
шуулдап жатты. Алыста шаркыратма күрүлдөп-шарылдап жатат, ушул күрүлдөк-шарылдакка
аралашып жаман жөрөлгөлүү сокку чыгып жатат, мына мунун бардыгы аргасыздан адамдын
жүрөгүн түшүрүп жатты.
Дон Кихот бул түшүнүксүз болуп турган нерсеге мындан ары чыдап тура алган жок.
Ошентип ал каарын төгүп жана чечкиндүүлүк менен ишенимдүү Росинантына секирип минип,
калканчын колуна алып, найзасын кесе сунуп туруп, төмөнкүдөй деп кыйкырды:
— Достум Санчо, алтын кылымды кайтадан жаратсын деп мени ушу темир доордо жаратып
койгондугун сен билишиң керек. Мен — коркунучка туш келүүчү, улуу иштерди иштөөчү жана
каармандык менен эрдикти көрсөтүүчү адаммын. Мен — бардык платирлерди, табланттарды,
Оливанттарды, Тиранттарды, Фебдер менен Бельянистерди жана өткөн замандагы жортуулдап
жүрүүчү согушчан атактуу рыцарлардын баарынан ашып түшүп, Круглый столдун28
рыцарларынын, Франциянын он эки перилеринин, Славанын29 тогуз эринин даңкын кайтадан
чыгарууга милдеттүү болгон адаммын. Анткени менин көрсөткөн эң көп укмуштуу эрдигимдин
алдында ал баатырлардын улуу иштеринин бардыгы тең жокко эсе болуп калат. Менин
ишенимдүү ат кошчум төмөнкүлөргө кулак салчы:
көзгө сайса көрүнгүс караңгы түндүн
тунжурап жымжырт жатканын, жалбырактардын каңырт-күңүрт үн чыгарып дирилдегени,
айлуу бийик тоодон агып түшүп жаткансыган суунун агымынын шаркырагы жана тыным албай
уруп турган түрсүлдөктөр кулактын кужурун алып жатат. Мына мунун баары биригип
Марстын30 өзүнүн жүрөгүн ойготуп каардантып жибериши мүмкүн; мындай укмуштуу
окуяларга көнбөгөндөр жөнүндө эмне деш керек! Бирок мен коркконду билбейм, каным кайнап,
жүрөгүм туйлап көөдөнүмдөн чыгып кеткиси келип турат, ошондуктан канчалык коркунучтуу
болсо да, бул укмуштуу окуяны көздөй качырып сала бергим келип турат. Эмесе кош бол.
Росинанттын басмайылын бир аз бекем тартып бер, сени кудай сактасын! Сен бул жерде мени
үч күнгө чейин күт, андан ашык турба. Эгер үч күндө кайта келбей калсам, анда кыштактагы
үйдү көздөй кете бер, анан Тобосого барып менин ченде жок сулуу Дульсинея чүрөгүмө айтып
кой: сизге кул болгон рыцарь душманга каршы салгылашууда эрдикти көрсөтүп жатып курман
болду де.
Өзүнүн таксырынын айткан сөздөрүнө кулак салып туруп, Санчонун жүүнү бошоп кетип,
ыйлап жиберип төмөнкүдөй деди:
— Сеньор, эмне үчүн мындай укмуштуу окуяларга аралашкыңыз келип турганына
түшүнбөйм. Азыр түн, бизди эч ким көрбөйт, ошондуктан биз үч күн бою суу ичпей койсок да,
жолдон чыгып бир жакка бурулуп кетип, бул балээден кутулуп кете алабыз. Бул жөнүндө эч
ким билбейт, ошондуктан коёндой коркок эмелер деп эч ким айта албайт, анын үстүнө биздин
кыштактагы попту өзүңүз билесиз, анын кимде ким балээни өзүнө өзү тилеп алса, ошол өзү
курман болот деп айткан насаат сөздөрү уламулам эсиме түшөт. Менин шорума туш келип
жуурканга салып алып асманды карай ыргытуудан сизди алда таала өзү сактап калды. Табытты
алып бараткан толуп жаткан душмандарга каршы жеңиштүү салгылашууда, алда таала мындан
да аман сактап калды. Сизге мына ушулар жетишет. Кудайдын барманы менен аман калбаса,
соо калбай турган мындай укмуштуу окуяларга аралашам деп азгырылбаңыз. Мени бир
эсиңизге алсаңыз. Билип коюңуз, сиз мени жалгыз таштап кетериңиз менен эле коркконуман
жанымды ким алам десе, мен ошого кармата салам. Таксыр сизге кызмат кылып, зыян тартпай,
пайда көрөм деген ой менен мекенимди таштап, аялымды, балдарымды таштап кеткем, бирок
ач көздүн алкы бузулат деп айтышат. Менин күткөн үмүтүмдүн баары тең текке кеткени турат.
Урматтуу таксыр, өзүңүз далай жолу убада кылган балээлүү аралды эми аламго деп нак үмүт
кылып турган убакта, мени элсиз-журтсуз ээн талаага таштап кеткен турасыз. Сеньор, кудай
үчүн менин башыма мындай азапты салбаңыз деп жалынып-жалбарып өтүнөм. Жок дегенде таң
атканча тура туруңуз. Анткени, ай талаада койчу болуп каңгырап жүргөн кезимде окупүйрөнгөн илим алдап кетпесе эле таң атарына үч саатка жетпеген убак калды. Азыр жетиген
жылдыз нак биздин төбөбүзгө келди, демек бул түн ортосу болгондугун билдирет.
— Жетигенди кайдан көрүп турасың Санчо? — деп сурады дон Кихот.— Анткени асман
бүркөлүп турат, ошондуктан бир да жылдызды көрүүгө болбойтко. 31
— Мунуңуз туура,— деди Санчо,— бирок, коркконго кош көрүнөт, коркунучтун көзү көп:
жердин астындагыны да, асмандагыны да көрөт. Дурусун айтканда таңга аз эле калды.
— Мейли кайсы убакта кааласа, таң ошондо ата берсин,— деп жооп берди Дон Кихот,—
бирок көздүн жашын көлдөй төгүп, жалынып-жалбаруу рыцарлык милдетти аткаруудан мени
алып калат деп эч ким эч качан айтпайт. Мына ошондуктан, Санчо, сен үнүңдү бас! Бул болуп
көрбөгөн жана коркунучтуу окуяга аралашууну каалаган жүрөктү мага жазып койгон алда таала
аман алып калат да, сенин кайгынды басат деп ишенем. Болду эми! Росинанттын басмайылын
тарткын да, ушул жерде мени күтүп тур, а мен өлүү же тирүү болсом да тез эле кайтып келем.
Көздүн жашы, айтылган акыл, берилген кеңеш, жалынып-жалбаруу таксырына таасир
этпегенден кийин, Санчо амал кыла баштады. Росинанттын басмайылын тартып жатып,
байкатпай туруп анын арткы эки бутун эшегинин чылбыры менен тушап койду. Эчтекеге
шектенбестен эле дон Кихот Росинанттын үстүнө секирип минди да, шпорлорун анын эки
капталына матырды. Бирок, тушалып коюлган ат ордунан жыла алган жок. Амалынын ишке
ашкандыгын көрүп Санчо Панса сөз сүйлөдү:
— Мына көрдүңүзбү, таксыр, алда таала кысканып сиздин мени таштап кетип
калышыңызды каалабайт. Сиз турган ордуңуздан жыла албай жатасыз. Росинантың канчалык
аракет кылса да туягын жерден өйдө көтөрө албай жатат. Байкуш жаныбарды кыйноого салып
жана тагдырга каршы чыгуу сизге күнөө болот!
Дон Кихот өтө ыгы жок кайраттанып. атынын эки капталына шпорун матырып темине
берди, бирок ордунан жыла албады. Чарчагандан кийин таалайга баш ийүүгө, тандын атышын
же аты жолго чыга турган абалга келген мезгилди күтмөкчү болду. Мындай кырсыкка
жашыруун күч гана учуратты деп, ага ынангандан кийин:
— Эми эмне кылуу керек, Санчо! Росинант ордунан жыла албай тургандан кийин таң жарк
этип атканча күтүш керекго. Таң тезирээк атпай жайлап жатканына ызам келип, ыйлаганы
турам,—деди.
— Мында ыйлай турган эчтеке жок,— деп жооп берди Санчо,— таксыр сиздин
көңүлүңүздү ачуу үчүн, эгер сиз Росинанттан түшүп, жортуулдап жүрүүчү рыцарлардын
адатынча көк чөптүн үстүнө жатып бир аз чырм этип ала турган болсоңуз, мен таң атканча ар
түрдүү окуялардан аңгеме айтып берем. Мурда болуп көрбөгөн, мындан ары болчу эрдик ишке
аттануу үчүн сиз көңүлүңүздү сергитип, күч жыйнап алышыңыз керек.
— Кандай! Сен мени аттан түшүп бир аз чырм этип ал дейсиңби? — деп дон Кихот
кыжырланып кыйкырып жиберди.—Сен чын эле мени, башка коркунуч тууп турган кезде уктап
жатып алчу рыцарлардан деп ойлойсуңбу? Өзүң укта, анткени сен уйку үчүн жаралгансың, же
болбосо, оюңа эмне келсе ошону иштей бер, а мен болсо өзүмдүн наамым эмнени талап кылса,
ошону кылам.
— Урматтуу сеньор ачууланбаңыз,— деп жооп берди Санчо,— мен муну жөн эле айтып
калдым. Сизге жакын барууга мага уруксат этиңиз.
Дон Кихот анын бул талабын орундатты. Уруксатты алгандан кийин Санчо эки колу менен
өзүнүн таксырынын ээрине жабышып, бир кадам алыс кетүүдөн коркуп, сол жак санына
жабышты. Анткени алыс бир жерден бир калыпта чыгып жаткан түрсүлдөк анын жүрөгүн
түшүрүп койду.
— Кана Санчо, менин көңүлүмдү ачуу үчүн убада кылган окуяны эмне үчүн баштабай
олтурасың? —деди дон Кихот.
— Мен сизге бир окуяны айтып берейин,—деп жооп берди Санчо,— эгер аны мен бүткөнчө
айта алсам, анда дүйнө жүзүндө андай окуя боло элек экенине сиз ишенесиз. Эмесе мен
баштадым, урматтуу таксыр, кулак салып тыңдап туруңуз. Ошентип болгон иш болсун. Эгер
жакшылык болсо, бардыкка бирдей болсун, эгер жамандык болсо, аны издегендин өзүнүн керт
башына келсин. Урматтуу таксыр: «Жамандык издеген кишинин өзүнүн керт башына
келсин»— деген сөздөрдү эсиңизге алыңызчы. Бул сөздөр колго чак келген шакектей болуп,
сизге таандык болуп турат. Урматтуу таксыр, жамандыкты издебей тыптынч үйдө олтура
берсеңиз жакшы болот эле го! Ар тараптан коркунуч жаап турган жакка бар деп бизди эч ким
айдабагандыктан, башка жолго түшүп алып үйгө кетсек кантет?
— Аңгемеңди уланта бер, Санчо,— деди дон Кихот,— ал эми кайсы жол менен жүрүү
жагын менин эркиме кой.
— Улантайын деди Санчо.— Ошентип Эстремадуранын бир жеринде эчки баккан адам
турчу экен, менин окуямда айтылган ал эчки багуучунун аты Лопе Руис экен, ошол Лопе Руис
Торалльба деген койчу кызга ашык болуп калат. Ошол Торалльба деген койчу кыз, малы көп
бай кишинин кызы болот, ал эми ал малы көп бай киши болсо...
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Шумдуктуу Идальго Дон Кихот Ламанчский - 08