Latin

Шумдуктуу Идальго Дон Кихот Ламанчский - 13

Total number of words is 4217
Total number of unique words is 1790
34.0 of words are in the 2000 most common words
46.9 of words are in the 5000 most common words
53.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
— Сиз ойлоп көрүңүзчү сеньор, эгер сиз бул принцессага үйлөнбөй турган болсоңуз, анда
сиз король болбой каласыз. Эгер иштин жайы ошондой болсо, анда сизден мен кандай
жакшылыкты күтмөкчүмүн? Мен мына ушуга күйүп-бышып жатам. Сиз кандай гана болбосун
түз эле асмандан түшө калган мына бул королдун кызына үйлөнүшүңүз керек. Дульсинеяңызга
мындан кийин да кайтып бара аласыз го. Ал эми сулуулук жөнүндө болсо, мен кийлигишпейм.
Чынын айтканда мага экөө тең сулуу көрүнөт. Бирок Дульсинея сулууну көрбөгөнүмө көп
болду.
— Кантип көрбөдүң?—деп дон Кихот анын сөзүн бөлө сүйлөдү,— Динсиз, арамза-митаам
сен эми эле андан мага салам-дуба алып келбедиңби!
— Мен аны аз эле көрүп калдым, азыр кандай болуп калганын жакшылап көрө албай
калдым—деп гана айтайын дегем. Канткени менен ал өтө жакшы көрүнөт.
— Бул жолу күнөөндү кечем,—деди дон Кихот,—чапканым үчүн сен да мени кечирип кой.
Кызыганда кылган ишине адам көп убакта кийин кейип калат.
— Аны билем урматтуу таксыр,—деп жооп берди Санчо.
— Мына мен өзүм да тилимдин учунда ойноктоп турган сөзүмдү айтмайынча чыдай албай
турган эмемин.
— Бирок, ошондой болсо да, деди дон Кихот,—сөзүндү ойлоп сүйлө, ашыкча бирдеме
айтып жибербес үчүн тилинди тиштесең жакшы болор эле.
— Макул болот,—деп жооп берди Санчо, кудай баарын тең көрүп турат, ошондуктан,
менин айтканым жаманбы же урматтуу таксыр сиздин кылыгыңыз жаманбы ага кудай баа
берет.
— Келжиребе, болду эми Санчо!—деп Доротея анын сөзүн бөлдү. —Барып өзүңүздүн
таксырыңыздын колун өбүңүз да, андан кечирим сураңыз, анан мындан кийин мактап же
жамандап сөз айтканда этиет болуңуз да, Тобосолук сулуу жөнүндө жаман сөз айтчу болбоңуз.
Мен аны такыр көрбөсөм да, билбесем да, ыкласым менен берилип ага кызмат кылууга
даярмын. Калгандарын бир кудайга тапшырып коюңуздар, баары тең ойдогудай бүтөт, ээлеген
жериңер болот, ошентип князча жашап каласыңар.
Санчо дон Кихоттун жанына басып барып колун сурады, ал кекирейип туруп колун сунду.
Санчо колун өптү, дон Кихот болсо, ага өзүнүн батасын берди. Андан кийин дон Кихот жүрү
мени менен алга карай деп, өзүнүн чын берилген ат кошчусуна кайрылды. Анткени биздин
рыцарь андан өтө маанилүү бир ишти сурамакчы болгон. Санчо макул болду, экөө катарлаша
бастырып, беркилерден бир аз озо бергенде эле дон Кихот мындай деди:
— Сенин барып келгендигиң жөнүндө сураштыруу үчүн ушул кезге чейин эч бир убагым
болгон жок. Бирок, азыр бизге тагдыр ыңтайлуу учурду туш келтирип турган кезде Дульсинея
жөнүндөгү кабарды угуп жыргап калайын, сен мени андан кур калтырба.
— Урматтуу таксыр оюңузга келгендин баарын тең сурай бериңиз, —деп жооп берди
Санчо.—Сизден бир гана нерсе жөнүндө сурагым келет, мындан ары карай каныңызды
кызытпаңызчы.
— Сен муну эмне үчүн айтып жатасың Санчо?—деп сурады дон Кихот.
— Эмне үчүн мени уруп койгонуңузду билбейм—деп жооп берди Санчо. —Урматтуу
таксыр, Дульсинея сулуу сиз үчүн кымбат болгондуктан гана мен аны олуядай (ага олуялыкты
ким коюптур) урматтайм.
— Сенден сурарым ушу келжиреген сөздөрүңдү койчу Санчо,—деди дон Кихот,—анткени
сенин сөздөрүң менин сезимимди козгоп, маскаралап жатат. Мен азыр эле мына ушул жөнүндө
сеңден сурадым эле, кылган кылмыш, жазасыз калбайт дегенди өзүң жакшы билесиң го.
Нак ушул кезде эшек миңген бир адам каршы келатканын көрүп калышты. Адегенде алар
аны цыган деп ойлошту, бирок эшек көрсө эле көзү кадала калчу адаты бар Санчо, чоочун
кишини тиктеп көпкө карап калды да, ошол замат эле сүргүнгө айдалып баратканда бошотулган
алиги Хинес де Пасамонте экенин, ал эми анын мингени өзүнүн сур эшеги экенин тааный
койду. Айран-таң калып жана сүйүнүп Санчо катуу кыйкырып жиберди:
— Ууру Хинесильо, кайырды-чайыр кылган айбан малымды бер, жанымды жайына кой,
тынчымды алба, эшегимди, асыл малымды бер, көзүмө көрүнбөй жогол ууру, митаам, шүмшүк!
Бирок анчалык көп богооз сөздүн кереги жок болду. Санчонун кыйкырган үнүн угаар замат
эле Хинес эшектен секирип түшүп, чымын куюн болуп качып жөнөдү да, бир заматта көздөн
кайым болду. Санчо өзүнүн сур эшегинин жанына чуркап барып, аны кучактап алып:
— Менсиз кантип күн көрдүң, жанымдай көрчү асыл малым?
Ушундай сөздөрдү айтып ал кишиден бетер эшегин эркелетип, өпкүлөп жиберди. Санчонун
эркелетип, өпкүлөп жатканына эшек кыңк этпей тура берди. Ушул кезде берки жолдоштбру
келип жетип, Санчону куттуктай башташты, дон Кихот болсо мейли баары бир үч кодикти
берем дегенден кийин берем деди. Санчо абдан бактылуу болду.
Андан кийин Санчо өзүнүн сур эшегине минди, ошентип баары тең жол тартышты. Дон
Кихот өзүнүн ат кошчусу менен мурдагыдай эле алдыда баратышты, ал эми поп менен Доротея
жана чебер уста Николас арьегард (негизги күчтүн арткы бөлүгү) болуп келатышты. Сүйлөгөн
сөздүн дон Кихотко угулбай турганына көзү жеткенден кийин поп Доротеяга мындай деди:
— Аңгемеңизди жасап айткан чеберчилигиңизге мен айран-таң калдым сеньорита. Ал
аңгемеңиз рыцарлар, тууралу жазылган романдардагы окуяларга коёндой окшош экен.
— Мен рыцарлар туурасында жазылган көп романдарды окуп чыккам, ал романдардын
маанисин жакшы билем, бирок тилекке каршы географияны начар билгендиктен шаарлардын
атын чаташтырып жиберем, ошондуктан Суна деген шаарга түшкөнбүз деп болжол менен
оозума келгенин эле айтып калдым,—деп жооп берди Доротея.
— Мен да ошондой түшүнүп,—деп жооп берди поп,—ошондуктан сыр алдырбас үчүн
кепке аралашып кетүүгө шашылдым. Бирок, бул фантазиялардын жана жалган жеринен ойлоп
айтылгандардын баары тең кеңкелестик менен жазылган китептердеги окуяларга коендой
окшош болгондуктан гана жолу болбогон идальгонун опоңой ишене койгондугу кызык эмеспи?
Иш ушуну менен бүтпөйт! Рыцарчылык жана рыцарлар жөнүндө аңгеме башталган кезде гана
ак көңүл идалгонун ойду-тоонун башын айтып келжирей баштаганы эң сонун. Ал эми башка
маселедер жөнүндө болсо акылдуулук менен терең маанилүү кылып талкуулайт, ошондуктан
сиз аны аргасыздан урматтап каласыз. Бирок, аңгемени анын өзү сүйгөн иши жөнүндө
баштаганда эле, көз алдыңызда эселек адам турганын көрөсүз.
Алар ушул сөздөрдү сүйлөшүп жаткан кезде дон Кихот Санчо Панса менен аңгемелешип
баратты.
— Достум, Панса, бул талашты таштайлы. Жаман ойлоп, кек санап калба да, мага муну
айтып берчи:
— Дульсинеяны качан жана кандай абалда көрдүң? Ал эмне кылып жатыптыр? Сен ага
эмне дедиң? Ал сага эмне деп жооп берди? Ал менин жиберген дубай-саламымды окуганда өңү
кандай боло түштү? Менин катымды сага ким көчүрүп жазып берди? Кыскасын айтканда мага
баарын тең айт, суроо-жооп катарында баяндагын, анан менин көңүлүмдү улайм деп өзүңчө
кошуп, ойлоп айтчу болбо, ал мени кубансып десең эч бирин калтырбай айтып бергин.
— Сеньор,—деп жооп берди Санчо,—эгер чынын айта турган болсом, анда сиздин
катыңызды мага эч ким көчүрүп берген жок, жана көчүрө да алмак эмес эле, анткени ал кат
мында, өзүңүздө калыптыр, сиз мага бербей унутуп калыпсыз.
— Сен туура айтасың,—деп жооп берди дон Кихот,—мен ичине кат жазган жазуу
дептерчесин сен кеткенден эки күндөн кийин таап алдым, менде экен. Буга мен абдан чочулап,
кайгырдым. Каттын жок экенин көргөндөн кийин кайта келет ко деп ойлодум эле.
— Мен да дал ошондой кылат элем,—деп жооп берди Санчо,—бирок багыма, жазган
катыңызды мага окуп берген кезиңизде мен аны бүт жаттап алгам. Ошентип мен аны
чиркөөнүн бир кызматкерине жатка айтып берип жаздырдым, катты сөзмө-сөз жазып чыкты да,
анан ал: христиан дининен чыгарылган каттарды көп эле окудум эле, бирок мындай көркөмдөп
жазылган катты өмүрүмдө көргөн да, окуган да эмесмин деди.
— Ошентип сен ал катты ушул кезге чейин жат билесиңби?—деп сурады дон Кихот.
— Жок, сеньор,—деп жооп берди Санчо.—Мен ал катты өзүмө керектүү болгонго чейин
жатка билгем. Мен аны чиркөөнүн кызматкерине жат айтып берер замат эле унутуп калдым.
Баш жагы эсимде «Тынчымды алчу...», жок, кечиридиз, «улуу даражалуу сеньора», дедим жана
акырында «көргө киргенче жалгыз өзүңө берилген Кайгы Муңдун рыцары» дедим, анан каттың
орто ченинде «жаным», «жылдызым» «Көзүмдүн чечекейи» деген сөздөрдү кошуп үч жүзгө
чейин жеткирдим.
23-ГЛАВА. Мында рыцарь өзүнүн ат кошчусу менен аңгемелешкендиги
жөнүндө жана Андрес деген балага кезиккендиктери жөнүндө баяндалат
— Мен дагы билейин дедим эле, — деди дон Кихот, Санчо Панса менен сүйлөшүп келаткан
аңгемесин улантып, — менин ашык-жарым, сулуулардын ааламда жок королевасы сеньора
Дульсинея сен барганда эмне кылып жатыптыр? Менин оюмча ал балким: мага, куштар кылып
өзүнө тартып алган рыцарга бермет тизип же бир белек даярдап саймалап тигип жаткан чыгар
дейм.
— Жок, — деп жооп берди Санчо, үйдүн артындагы короонун ичинде эгин элеп жаткан
экен.
— Мүмкүн,—деди дон Кихот,—бирок анын колу тийген эгин берметке айланып кетиши
керек. Досум сен өзүң карап көрдүңбү? Ал эгин ак бекен же кара бекен?
— Сары экен, — деп жооп берди Санчо.
— Достум Санчо, анын элеген, сары эгининен аппак нан болот, буга сен бөркүңдү баса
кийип койгун. Бирок, сөзүндү уланта бергин. Менин катымды колуна бергениңде сеньора
Дульсинея эмне кылып жатыптыр? Катты өпкүлөп жибердиби? Же мени өтө урматтоо
белгисинде башына койдубу? Кана, тезирээк айтчы!..
— Урматтуу таксыр, сиздин катыңызды ага сунган кезимде ал электеги эгинди тырышып
элей баштады. Ошондуктан ал мага: «Достум, аны тиги каптын үстүнө коюңуз. Азыр менин
колум тийбей жатат. — Ал катты бул эгинди элеп бүткөндөн кийин окуйм» — деди.
— О, акылман сеньора! — деди дон Кихот: — Жакшылап ыракаттаныш үчүн шашпай
кийин окуюн деген тура. Кана дагы уланта бер Санчо. Өзүнүн ишин бүткөнчө, ал сени менен
эмне жөнүндө аңгемелешти? Албетте, мен жөнүндө сураштырып, териштиргендир? Сен ага
эмне деп жооп бердиң? Кана тезирээк айтчы, сенден сурарым менден бир да сөз жашырба.
— Ал эч деме деп сураган жок, — деди Санчо. — Мен гана ага: сизди сүйгөндүктөн
урматтуу таксыр өзүн-өзү азапка салып, кийим-кечесин чечип салып тоо арасында сандалып
жүрөт, төшөгү жер, жаздыгы таш, таштары арсайып турган аскаларда оңкобашы атып, улупуңшуп тагдырга наалат айтып жүрөт деп баяндап бердим.
— Тагдырга наалат айтып жүрөт — деп сен өтө олдоксон айтыпсың — деп дон Кихот ошол
сөзгө нааразы болду. — Антмек түгүл Тобосская Дульсинея сыяктуу узун бойлуу жана атак-
даңктуу сеньорага ашык кылып мага бакты-таалай жиберген тагдырга өмүрүмдө ар күн сайын
алкыш айтам.
Боюнун узундугу узун, аны сиз рас айтасыз, менден бир укум бийиктик кылат — деп жооп
берди Санчо.
— Эмне, боюңарды теңештирдиңерби? сен ага кантип батындың?
— Анын эмнеси бар экен, — деп жооп берди Санчо. — Каптагы буудайды эшекке арта
салуу үчүн жардам берген кезимде мен анын катарына туруп калдым да, анын менден бийик
экенин мына ошондо байкадым.
— Чын, — деди дон Кихот, — анын улуу даражадагы касиети, боюнун узундугу менен
айкалышып турат. Ошентип, ал — деп сөзүн уланта берди, — буудайды элеп бүтүп жана катты
окугандан кийин сага эмне деди?
— Катты ал окуган да жок, анткени окуй да, жаза да албайт экен, — деп жооп кайтарды
Санчо. Башка бирөөнүн колуна түшүп кетпесин деп чочулап катты алды да айрып салды.
Урматтуу таксыр, сиздин ашык болгондугуңуз жөнүндө жана ашыктыктын айынан өзүн-өзү
азапка салып жаткандыгы жөнүндө айтып бергендигиңиз эле жетиштүү болот деди. Акырында
ал мага: таксырыңызга айтып коюңуз, мен анын колунан сүйөм, аска-тоонун арасынан тезирээк
чыгып келүү жагын өтүнүп сурайм, эселектигин коюп Тобосого тез келсин деп буюрду.
Урматтуу таксыр сизди көрүүгө абдан куштар экен. Урматтуу таксыр, сиз өзүңүздү Кайгы
Мундун рыцарымын дейт дегенимде ал аябай күлдү. Сиздин алдыңызга баш ийип, кулдук уруу
үчүн бискайлык эме келдиби деп сурадым, ал мага ооба келди, сонун жигит экен деп жооп
берди. Мен андан дагы кайталап сүргүнгө айдалып бараткандар жөнүндө сурадым, бирок
аларды Дульсинеянын көрбөгөнү жакшы болуптур.
— Кана айтчы мага, сенин алып келген сонун кабарың үчүн коштошоордо ал сага эмне
белек берди? Анткени жортуулда жүрүүчү рыцарлар менен ашык-жарларынын ортосунда
кыздардан жигитке, жигиттерден кызга жакшы кабар алып келгендиктери үчүн ат кошчуларга,
сырдаштарына же эргежээлдерге кымбат белектерди берүү байыркы замандан бери адат болуп
калган.
— Бул эң сонун адат, — деп мактады Санчо, — бирок тилекке каршы ал адатты азыр
унутуп коюшуптур. Азыр анын ордуңа бир сындырым нан менен сыр берүү адат болуп калса
керек. Мен аны менен коштошуп жаткан кезде Дульсинея дубалдьгн нары жагында туруп
ичинде сыры бар бир сындырым нанды сунду. Ал сыр койдуку экенин сизге кошумчалап айтып
коёюн.
— Ал башында өтө март эле. — деди дон Кихот. — Ошол мезгилде анын колунда кымбат
нерсе жок болгон го. Ошондуктан, ал сага эч нерсе бере алган эмес тура. Бирок сен чочулабай
эле кой досум. Сеники сенден эч кайда качпайт. Баарын өзүм жайгаштырам. Бирок, менин
эмнеге таң калып келе жатканымы билесиңби Санчо? Сен анда учуп барып, кайта учуп
келгендей сыяктанасың, чынында сен үч эле күн жол жүрдүң, ал эми Тобосого чейинки аралык
отуз милден ашуун келет. Мына ушундан жыйынтык кылам, мен үчүн кам көрүп жана
канатынын астына алып калкалап калып жүргөн акылман сыйкырчы (мындай сыйкырчы менде
бар жана болууга тийиш,ансыз мен жортуулдап жүрүүчү чыныгы рыцарь боло албайт элем)
сага билгизбрй сени ошол жакка учуруп алып барса керек. Мында т,аң калаарлык эч нерсе жок,
өзүнүн төшөгүндө уктап жаткан жортуулдап жүргөн рыцарды акылман сыйкырчының алып
кетип, бөлөк бир жерге алып барып таштап койгон, анан ойгонсо уктаган жеринен миң миль
алыс кайдагы бир жерге кандай болуп келип калганын билбей, айран-таң калган окуялар көп
эле болот. Сыйкырчынын жардамы болбосо, жортуулдан жүргөн рыцарлар башына коркунуч
түшүп калган кезде бирин-бири коргоп калбас эле, муну алар кадам сайын ушундай кылышат.
Рыцарлардын бири Армениянын тоолорунда каардуу дөө же күчтүү душманга каршы
салгылашып жаткан болот, ошентип согуш кызып ага өлүм коркунучу келип калган кезде, бир
оокумда кайдан-жайдан дебей асмандагы булут арасынан же отко күйүп-жанып турган бир
арабага түшүп алып, азыр эле Англияда турган досу, экинчи бир рыцарь жетип келет да аны
өлүмдөн куткарып калат, ошентип ал кечки тамактын убагында кайта үйүнө жетип барат. Мына
ушундай окуялар да болот. Баса, анын үйүнөн ошол согуш чыккан жерге чейинки аралык эки
же үч миң мильден кем келбейт. Мындай укмуштар, эр жүрөк рыцарлар үчүн кам көрүп жүргөн
акылман сыйкырчылардын кереметтүү күчүнүн натыйжасында гана болушу мүмкүн. Мына
ошондуктан достум Санчо, сен Тобосого өтө кыска мөөнөттө барып келгениңе мен анчалык
деле таң калбайм, балким мени каңатынын астына алып калкалап жүргөн акылман
сыйкырчыларынын бирөө сени учуруп алып барса керек, а сен аны байкабай калган көрүнөсүң.
Эми башка нерсе жөнүндө сүйлөшөлү. Андан көрө мен эмне кылайын, сен мага ошону айтчы.
Менин ашык-жарым токтоосуз келгин деп буйруп жатат, мен анын буйругун орундатууга
милдеттүүмүн. Бирок эмне десе ошого макул болуп артыңыздан ээрчип бара берем деп мына
бул принцессага убада берип койдум, рыцарлардын закону баарынан мурда берген убаданы
орундатып туруп, аңан кийин өзүң жөнүндө, өзүңдүн ашыктык сезимиң жөнүндө ойлогун дейт.
Мен өзүмдүн ашык-жарымды тезирээк эле көрсөм деп эки көзүм төрт болот, бирок арнамыстын милдети жана даңк алуу өзүм убада берип коюп аттанып келаткан зор иштерди
жеңиш менен аяктоого чакырат. Элден мурда принцессага берген убаданы орундатайын деп ой
кылдым. Микомикон королевствосуна мүмкүн болушунча тезирээк жетип барып, алиги айткан
дөө менен согушуп, анын башын кесип алам да, өзүнүн тактысын принцессага кайтарып берем,
анан бир да минута токтобостон менин сезимиме сезим кошуп жарык кылып турган ашыкжарымды көздөй сызам. Ал, менин ойлогон-оюмду макул таап, анын айтканына кулак-салбай
койгонумду кечирерине ишенем, анткени каардуу дөөнү жеңип чыгышым, анын даңкын бүт
жер жүзүнө жаят. Мына бу колумдагы кылычым менен ушул күнгө чейин жеңип келген, жеңип
жаткан жана мындан ары да жеңе турган жеңиштеримдин бардыгы менен анын мага жакшылык
тилегендиги үчүн жана менин ага чын берилгендигим үчүн болуп жатат.
— Ах, сиз эмне деп жатасыз урматтуу таксыр! — деп кыйкырып жиберди Санчо.— Сиз
чын эле ушундай бай жана атактуу колуктудан баш тарткан турасызбы, айланасы жыйырма
милден ашуун, жаратылыш байлыгы ашкан королевствону колдон чыгарып жиберген
турасызбы? Чыны, бул королевство Португалия менен Кастилия экөөнү бирге кошкондо андан
чоң дейт! Кудай акын талашпаңызчы! Өзүңүздүн жеңил ойлуу сөздөрүңүздү коюп, менин
кеңеш берип айтканымды кылыңыз: Биринчи эле поп кезиккен жерден да дароо үйлөнүңүз, эгер
поп болбосо, биздин лиценциат эле силерге жакшылап нике кыйып коёт. Менин тайманбай
айтканым үчүн кечирип коюңуз, бирок жашым келип калды, ошондуктан кеңеш бере алам.
Тезирээк үйлөнүңүз! Асмандап учуп жүргөн куштан көрө, колдогу торгой жакшы, тандаган
киши тазга жолугат, алганың ачар болсо, арачыга жалаа жайпа.
— Менин сөзүмө кулак салчы Санчо,— деди дон Кихот,— эгер мени тезирээк король кыла
коюп жана сени аябай сыйлоо үчүн гана үйлөнгүн деп акыл айта турган болсоң, анда билип кой
Санчо, мен үйлөнбөй туруп эле сенин тилегиңи кабыл кыла алам. Дөөгө каршы согушка
кирүүдөн мурда, эгер мен жеңип калсам, королевствосунун бир бөлүгүн мага берет, ошонусу
үчүн принцессанын убадасын алгам. Ошондо мен үйлөнбөй туруп эле бүтүндөй бир
провинцияны өзүмдүн карамагыма алам да, аны кимге сыйлык кылып берсем өзүм билем. Аны
сага бербегенде башка кимге бермек элем?
— Албетте, — деп жооп берди Санчо, — ошол мага бере турган областыңыз деңизге жакын
болуу жагына кам көрүңүз, анткени эгер ал область мага жакпай калса, анда өзүмдүн
вассалдарымы-негрлерими кемеге жүктөп алып, аларды Испанияга, алып барып кулдукка сатып
жиберем. Ал эми урматтуу таксыр сизге бир акыл айтууга уруксат этиңиз: сеньора Дульсинея
менен жолугушат элем деп убакытты бекер кетирүүнүн кереги жок, дөөнү өлтүрүү үчүн дароо
жөнөйлү. Бул ишти канчалык тез бүтүрсөк, бизге ошончолук жакшы, кудай бар, андан биз
абийирдүү да болобуз жана пайда да көрөбүз, деп ойлоп турам.
— Сөзүмдү дагы кайталап айтып коёюн, — деди дон Кихот, — сен мага ишенип койсоң
болот. Мен сенин тилиңи алайын да, дөөнү өлтүруп туруп, анан Дульсинея менен көрүшөйүн.
Бирок, биздин бул оюбуз тууралу эч кимге оозуңан сөз чыгарчу болбо, ушул эсиңде болсун.
Анткени Дульсинея абдан этиет жана карапайым эле, ошондуктан ал баарынын тең жашыруун
болушун каалайт, ошентип сен мага да, башка бирөөгө да ичтеги сырды айтчу болбо.
— Эгер андай болсо, — деди Санчо, — кылычыңыз менен жеңип алып, баш
ийдиргендердин баарын эмне үчүн сеньора Дульсинеяга жиберип жатасыз? Мунуңуз, сиздин
ага ашык болгондугуңуз жөнүндө бүт дүйнөгө жар салгандык эмеспи? Сизге жеңилип
калгандардын бардыгы тең, барып Дульсинеянын тизесине жүгүнүп, урматтуу таксыр сизди
жиберди деп айтып жатышса, анда сиздин, ашык болгондугуңуз кантип жашыруун кала алат?
— Олдо сен ай, аңкоолугуң жана акмактыгың бар ээ, — деп үнүн көтөрө чыгарды дон
Кихот. — Санчо, менин Дульсинеяга ашык болгондугум анын даңкын көтөрүү үчүн гана
көмөктөш экенине түшүнбөй жүрөсүңбү? Эмесе мына муну дайыма эсинен чыгарбай жүр: эч
кандай сыйлык алам деп ой кылбай, жортуулдап жүргөн рыцарга ашык болгон айымдын
энчисине, улуу абийир жана атак-даңк гана тиет.
— Поп өзүнүн насият сөзүндө айткан болчу, — деди деп жооп берди Санчо, — мындай
сүйүү менен кудайдын нак өзүн сүйүү керек, сыйлык берет экен же жазалайт экен деп коркпой
сүйүү керек, бирок мен аны бир нерсе үчүн сүйүп, ага кызмат кылар элем.
— Балээ басты бул дыйканды!— деп үнүн көтөрүңкү чыгарды дон Кихот. — Кээде акылдуу
сөз сүйлөйт, сабаттуу адамдардын эч кимисинен калышпайт.
— А мен окуй да билбейм — деди Санчо.— Токтоп, бир аз күтө тургула, анткени поп менен
принцесса жолго жакын жерде агып жаткан булактын жанына түшүп дем адалы деп жатышат
деп чебер уста Николас тигилердин артынан кыйкырып калды. Санчо ага аябай кубанып кетти.
Анткени баятан бери менин акмак кылып келе жатканымы дон Кихот билип койбосо экен деп
бычактын мизинде эле бүлкүлдөп келаткан болчу. Ошентип токтоп турган кезде арттагылар да
келип жетти, баары бирге жайлашып эс алып отуруп алышып, шам-шум эте башташты.
Алар шам-шум этип тамак жеп жаткан кезде келе жаткан бир бала көрүнүп калды. Ал бала
биздин жолоочуларды карап, бир аз токтой калды да, анан дон Кихотту көздөй чуркап барып,
тизесин кучактап чөгөлөй калды, ыйлагансып анткорлонуп, мындай деп үнүн бийик чыгарып
сүйлөдү:
— Ай менин сеньорум! Урматтуу таксыр сиз чын эле мени тааныбай калдыңызбы?
Кожоюнум эмен дарагына таңып алып, сабап жатканда, сиз келип бошотуп кеткен баланын дал
өзүмүн!
Дон Кихот ал баланы тааныды да, колуна көтөрүп ала коюп, жанындагыларга мындай сөз
айтып кыйкырды:
— Шум жана жарамсыз адамдар азап чектирген адамдардын өчүн алып берип,
адилеттүүлүк үчүн күрөшчү жортуулдап жүрүүчү рыцарлардын дүйнө жүзүнө жашоо керек
экенине сиздер эми ишенесиздер, сеньорлор. Билип коюңуздар, сеньорлор жакында эле токой
аралап кетип баратып жалооруп ыйлап, онтогон үндү угуп калдым. Милдет боюнча сезимим
козголуп, ошол жалооруп үн чыккан жакты көздөй шашылдым. Көрсө эмен дарагына таңылып
койгон бала чыңырып жаткан экен.
Ошол бала мына силердин көз алдыңарда турганына мен өтө кубанам, анткени ал менин
айткан сөздөрүмдүн чын экенин далилдейт. Ошентип бул баланы эмен дарагына таңып коюп,
бир дыйкан этинен кан чыкканча кур менен сабап жаткан экен. Мен дыйкандан, эмне үчүн бул
бечараны мынчалык катуу уруп жатасың деп сурадым. Ал дыйкан мага: бул бала менин
малайым, ошондуктан ышынчаактыгын жана ачык ооздугун койдуруу үчүн бир аз үйрөтүп
жатам деп жооп берди. Анда бала: «сеньор, мен андан акымды сурасам сабап жатат» деп
өкүрүп-бакырып ыйлады. Кожоюн болсо эмне дээрин билбей калтаарып калды. Мен аңын
айткан сөздөрүн уктум да, анын өзүн актап сүйлөгөн сөзүндө тыйынчалык чындык жок экенине
көзүм жетти. Анан баланы чечкин деп чечтирип жибердим да, баланы үйүңө ээрчитип барып
бир тыйын калтырбай акысын төлөп берейин деп дыйкан мага ант берди. Ушул айткандарым
чынбы уулум Андрес? Менин ага каарымы төгүп мамиле кылганымы жана менин буйругумду
дароо орундатуу үчүн мага кулдук уруп убада бергени албетте эсиндедир. Жооп бер! Коркпой
эле кой! Бул турган сеньорлорго болгон окуяны бүт айтып бер, жортуулчу рыцардын керек
экенин жана кандай пайдасы бар экенин билип коюшсун.
— Урматтуу таксыр, сиздин айткандарыңыздын баары тең, барып турган чындык, — деп
жооп берди бала, — бирок иштин акыры сиз ойлогондой эмес, башкача болду.
— Башкача дегениң кандай? — деди дон Кихот. — Кожоюн сенин акыңды төлөбөй
койдубу?
— Аны төлөмөк түгүл, таксыр сиз токойдон чыгып кетээр замат эле, ал мени кайтадан
эменге таңып алып, жон терим сыйрылып түшкөнчө сабады. Мени сабап жатканда урматтуу
таксыр сизди аябай мазактады, эгер менин этим оорубаса мен да каткырып күлөт элем. Анан ал
мени чала өлүк бойдон токойдун арасына таштап коюп кетип калды, араң дегенде ооруканага
жеттим, ошол кожоюнум сабап жардам кылган жерлеримди дарылап мына бүгүнкү күнгө чейин
ооруканада жаттым. Мунун бардыгына урматтуу таксыр сиз айыптуусуз. Эгер сиз өз жолуңуз
менен кете берип, башканын ишине кийлигишпеген болсоңуз, анда менин кожоюнум уруп-уруп
чарчагандан кийин, мени чечип жиберип анан акымды төлөп берет эле. А сиз өзүңүздөн өзүңүз
мага болушам деп туруп, анын кыжырын ого бетер кайнатып кеттиңиз. Анын сизге каршы
батыңа албаганы түшүнүктүү иш. Бирок, сиз кетип калгандан кийин, ал өзүнүн сизге келген
ачуусун бүт менден чыгарды, ошентип мен өмүр бою майып болуп кала жаздадым.
— Ишти туура кылбаганымы моюнума алам, — деди дон Кихот.— Ал өзүнүн карызын сага
бергенче, мен сени таштап кетип калышым керек эмес эле. Бирок, эгер ал сенин акынды
төлөбөй коюп, киттин курсагына кирип кетсе да тап алам деп ант бергеним эсиндеби Андрес?
— Аныңыз чын, — деп жооп берди Андрес, — эми андан мага не пайда?
— Андан мага пайда болоор-болбосун азыр көрө жатасың, — деп дон Кихот үнүн
көтөрүңкү чыгарды.
Ушул сөздөрдү айтуу менен ал шашып-үшүп өйдө тура калды да, Санчого жакын жерде
оттоп жүргөн Росинанттын ээрип токугун деп буюруду.
Сиз эмне кылган жатасыз деп Доротея дон Кихоттон сурап калды. Ал болсо: дыйканды
издеп таап алып туруп, тыйынына чейин калтырбай Андрестин акысын төлөп берүүгө аргасыз
кылам деп жооп берди. Анда принцесса — анын эсине муну салды: менин королевствомду
кайтарып алып бермейинче эч бир окуяга кийлигишпөө үчүн убада бербедиңиз беле деди.
Ошондуктан ачууңузду тыйып, дыйканды издөөнү коюңуз деди.
— Ооба, бул чындык,— деди дон Кихот.— Мен кайта кайтып келгенимче Андреске чыдай
турууга туура келет, бирок андан бул бала үчүн өч алмайын жана мунун акысын төлөп берүүгө
дыйканды мажбур кылмайын ыраазы болбойм, ошол үчүн дагы убада кылып ант берейин.
— Мен сиздин антыңызга ишенбейм,— деди Андрес,— анын үстүнө андан кек алып
беришиңиздин мага кереги жок. Анын баары тең эле курулай сандырак! Мен азыр Севильяга
кантип жетээр экемин деп гана ойлойм. Эгер бар болсо, мага жолго жеткидей бир аз тамак
бериңиз да, аман-эсен кала бериңиз. Кудай бере көр, сиз мага канчалык пайда келтирсеңиз
өзүңүздүн жортуулуңузда да, ошончолук пайда көрүңүз.
Санчо баштыгынан бир сындырым нан, бир тоголок сыр алып чыгып, аны балага берип,
мындай деди:
— Ме, алагой уулум Андрес, кудай сактасын.
Андрес нан менен сырды Санчонун колунан жулуп алды да, андан башка эчтеке болбосун
сезгенден кийин башын жерге салып, өзүнүн келген жолуна түшмөк болду. Коштошуу сөзүндө
ал дон Кихотко төмөнкүдөй деди:
— Сеньор, жортуулдап жүрүүчү рыцарь эгер сиз бир кезде мага дагы бир кездешип кала
турган болсоңуз, мени сабамактан кескилеп жатса да, кудай үчүн болушчу болбоңуз. Анткени
урматтуу таксыр сиздин болушканыңыздан менин абалым ого бетер начарлайт экен. Бир кезде
жер жүзүндө өмүр сүргөн жортуулдап жүргөн рыцарлардын баарына тең каргыш тийсин! —
деп айтып алды да Андрес, кууп жетип кармап алып, жазалап жүрбөгөй эле деп чымын-куюн
болуп кача жөнөдү. Дон Кихот Андрестин айткандарына абдан оңтойсуз абалда калды, ал эми
анын жолдоштору болсо, күлкүлөрүнө чыдай албай жарылып кете жаздап турушту.
24-ГЛАВА. Мында дон Кихот кызыл винонун чаначына каршы кантип
салгылашкандыгы жөнүндө баяндалат
Шам-шум этип кубаттанып алышкандан кийин биздин жолоочулар качырларын токуп
минип алышып жол тартышты да, көңүл бургудай эч кандай окуяга жолукпастан алиги
мейманканага жетип келишти, бул мейманкана Санчо Пансага өтө ыңгайсыз эле. Бирок,
ошондой болсо да беркилер менен бирге мейманканага туура келди. Кожоюн, анын аялы, кызы
жана Мариторнес дон Кихот менен Санчо Пансаны көрө коюшуп кубанычтуу кыйкырып, тосо
чыгышты. Биздин рыцарыбыз алар менен кекирейип туруп учурашты да, өткөн жолкудан
жакшыраак төшөк салып бериңиздер деп өтүндү. Эгер өткөн жолкудай эмес, андан
жакшыраак кылып акысын төлөсөңүз, княздар жата турган төшөк аласыз деп кожоюндун аялы
жооп берди. Дон Кихот макул дегендей башын ийкеп койду, алигинде конуп кеткен ошол эле
эмерек коюлчу бөлмөө жакшы төшөк салып койду. Чарчап-чаалыгып жана капа болгон
рыцарыбыз ошол замат эле төшөккө жатып, уйкунун кучагына кирди.
Поп тамак даярдап бергин деди, мейманкананын кожоюну акысын жакшылап төлөйт ко
деген үмүт менен, колундагы мыкты тамактардын баарынан тең берди. Баары тең столдун
айланасынан орун алышты, бир гана дон Кихот уктай берди, аны ойготпойлу дешти, анткени
бечара рыцарга тамактан уйку пайдалуу эле. Тамак ичип жаткан кезде, кожоюн, анын аялы
менен кызы, Мариторнес жана конуп жаткан кишилердин катышуусу менен дон Кихоттун
акылынан ажырагандыгы жөнүндө жана аны кантип издеп тапкандыктары жөнүндө аңгеме
болду. Бардыгы тең дон Кихоттун акмакчылыгы менен кызык окуялары жөнундө бири-бирине
айтып жатышты. Буга рыдарлар жөнүндө жазылган романдар айыптуу, ал романдарды
окугандан кийин дон Кихот акылынан ажырады деди поп. Кожоюн буга макул болгон жок:
— Чынын айтам, китеп окугандыктан мунун ушундай болуп кетти дегенге такыр
ишенбейм, анткени менин оюмча дуйнөдө китеп окугандан мыкты нерсе жок. Менде мындай
эки, үч роман бар, чынын айтсам аларды окуганда аябай кубанып калам, ошондуктан мен
аларга милдеттүүмүн. Жалгыз мен гана эмес, көп адам ушундай. Эгин оруу-жыюу мезгилинде
майрам убагында орокчулар чогулат, алардын ичинен сабаттуу адам дайыма табылат, ал адам
китепти алып окуй берет, а биз отуз чамалуу киши аны курчап алып, кулагыбызды түрүп коюп
угуп олтура беребиз. Мен өзүм жөнүндө муну гана айткым келет: китептин ичиндеги сөз,
айыгышкан салгылашта рыцарлар оңго да, солго да сокку уруп сого баштаган жерге чейин
жеткен кезде, ошол салгылашууларга кийлигишким келет, ошентип мындай аңгемелерди күнүтүнү отуруп угууга даярмын.
— Ооба, меи да аябай ыраазы болуп калам,— деп кошумчалады анын аялы. — Бул
романдарды окуган кезде үйдүн ичи жымжырт болуп калат. Сиз ошол романдарга берилип
кетип, мени менен урушканды да унутуп коёсуз.
— Туура чындык, — деди Мариторнес. — Мен да ушундай окуяларды, бөтөнчө апельсин
дарагынын түбүндө өздөрүнүн ишенимдүү рыцарлары менен сүйлөшүп эркелеп отурган эң
сонун сулуулар тууралу айтылган окуяларды угууну жакшы көрөм.
— А сиз эмне дейсиз? — деп поп кожоюндун кызына кайрылды.
— Чыны эмне деп айтаарымы өзүм да билбейм—деп жооп берди ал кыз.—Мен да
романдарды окутуп коюп укканды жакшы көрөм, бирок аз түшүнөм. Бирок, мага атам
суктанган салгылашуулар эмес, рыцарлар өздөрүнүн ашык-жарларын сагынып кайгырып
сүйлөгөн сөздөрү баарынан сонун жагат. Чыны мен аларга боорум ооруп ыйлап да жиберем.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Шумдуктуу Идальго Дон Кихот Ламанчский - 14