Latin

Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 29

Süzlärneñ gomumi sanı 4089
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1790
31.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
49.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Ошону менен бирге, тегеректегилердин бардыгы бул Мартин Иден деген ким
өзү, дешип аябай кызыгыша башташты. Ал өзүнүн өмүр баяны жөнүндө
басмакананын кызматкерлерине баяндама берүүдөн буйтап кетүү мүмкүн эмес
эле. Ал өзү Оклендде туулган болуучу, ошондуктан, кабарчылар аны бала
чагынан бери билишкен бир нече кишини таап алышкан эле. Мына, ошентип,
газеталардын беттеринде, анын мурда ким болгондугун, эмне кылып
жүргөндүгүн, койчу, айтор өмүр баянын ийне-жибине чейин толук баяндаган чоң
макалалар газета-журналдарда пайда боло баштады. Качандыр бир кезде өзүн
тартып кетишкен шылуун сүрөтчүлөр тарабынан чыгарылган анын сүрөттөрү да
магазиндерге таркап, сатыла баштады. Алды менен Мартин бул уу-чуу менен
аябай күрөштү, анткени — анын жүрөгүндө буржуазиялык Журнал менен
буржуазиялык коомго карата болгон жек көрүүсү али өчө элек болучу. Бирок, ал
акырында бул көрүнүш менен макул болууну чечти, анткени эгер макул болбой
койсо, көп машакаттар башына түшөрүн сезип турган эле. Ал, макала жазабыз деп
атайы алыстан келишкен кабарчыларга жооп бер- бей, баш тартып койсом уят ко
деп ойлоду. Экинчиден, эч нерсе жазбай жана окубай калгандан бери убакыт
такыр ага жылбагансып сезилип, бош убакытын кантип өткөрөрүн билбеди.
Мына ошондуктан ал өзүнө-өзү төмөндөгү кичинекей жойпулуктарды:
журналисттер менен аңгемелешүүнү, өзүнүн адабияттык жана философиялык
көз караштарын баяндоону, буржуазиялык байлардын конокко чакыруусун
кабыл алууну руксат этти. Ал күтүлбөгөн жерден, ушунчалык бөтөнчө токтоо
боло түштү. Ага эч нерсе таасир эте албады. Ал бардыгын жана баарын кечирди,
кала берсе, баягыда өзүн маскаралап макала жазып, сүрөтүн кошо чыгарган
кабарчыны да кечирди.
Мартин Лиззи менен кезек-кезек жолугушуп да туруучу жана Лиззи
Мартиндин жогорулап бара жаткандыгын өтө кейигендик менен чоочуй кабыл
алды. Анткени бул жогорулоодон ал экөөнүн ортосун бөлүп турган аралык ого
бетер тереңдемек. Ким билет, мүмкүн, Лиззи экөөнүн ортосундагы пайда болгон
ажырым, аралыкты жоюш үчүн, Мартиндин кеңешин угуп, кечки мектепке барып,
стенографиянын курсуна катышып, кымбатка түшкөндүгүнө карабастан,
кийимди мыкты тигүүчү бир аялга эң жарашыктуу көйнөк да тиктирип
алгандыр? Лиззинин ушунчалык тез ийгиликтери Мартинди мен туура иш
кылып жатамбы, же жокпу дегендей ойго да түртпөй койгон жок. Лиззинин
бардык аракети ал үчүн болуп жаткандыгын сезип турган эле. Лиззи Мартинге
жаккан, ал жогору баалаган жакшы. сапатка ээ болсом, билимге жетишкен башка
Лиззи болуп көрүнсөм деп самады Мартин болсо, ага эч кандай сыр бербестен,
агасы сыяктуу мамиле жасап, чанда гана бир көрүшүп коюп жүрө берди.
«Кечиккен сүйүү» болсо Мартиндин атагынын дүркүрөп өсүп турган
мезгилинде, китеп басмаканасы тарабынан жарыкка чыкты жана бул кара сөз
болгондуктан «Күн наалатына» караганда бир кыйла жогору ийгиликке ээ болду.
Мартиндин эки китебин тең китеп базарынан эл колго тийгизбей талап кеткен
эле. Бул сыяктуу окуя мурда таптакыр болуп көргөн эмес. Катардагы окуучулар
да, «Күн наалатына» ашкере сүйүүчүлөр да повестти кайра-кайра окуп чыгышып,
анын көркөмдүк күнүнө жана жазуучунун укмуштай чебер талантына таң
калышып жатышты. Мартин Иден мистицизмге теориялык жактан жаңы эле
сокку урган эле, ал эми, азыр болсо, ал чыныгы адабият эмне экендигин иш
жүзүндө далилдеп көрсөтүп олтурат. Мына ошентип, анын сынчылык таланты
менен жазуучулук таланты эң сонун эп келишип, айкалышып турду.
Акча болсо, ага мурдагыдай эле, суудай агып өзү келип жатты, даңкы да таш
жарды, бирок ийгилик аны кубандыра албады, ал кызыгууну туудурду. Аны азыр
болбогон эле бир окуя айран-таң калтырып жиберүүчү болду, жана ошол эле окуя
башкаларды да таң калтыра алат эле. Тагыраак айтканда, көпчүлүк ушул
окуянын өзүнө эмес, окуяга Мартиндин түшүнө албай кеткендигине таң калды...
Сот Блоунт Мартинди конокко чакырып калды, бул өз алдынча алганда эч деле
мааниге ээ болбогон майда, бирок, кандайдыр бир натыйжа менен аяктоочу
окуялар боло турган. Мартин Иден сот Блоунтту аябай шылдыңдап, оозго албай
турган сөздөр менен катуу, шыбата сөккөн болучу, бирок ошого карабастан, ал,
Мартинди үйүнө конокко чакырып жатканы кандай? Мартин бул сот менен
Морздордун үйүндө бир нече жолу жолугушкандыгын жана ал кезде ал,
Мартинди конокко чакыруу жөнүндө ойлонуп да койбогондугун эсине түшүрдү.
«Эмне үчүн мени ошондо конокко чакырган жок?» — деп Мартин өзүнөн өзү
сурады. Айтмакчы, андан бери ал такыр өзгөрүлүп койгон жок да. Ал ошол эле,
Мартин Иден болучу. Анда эмне болуп кетти? Китептеринин жарыкка
чыккандыгы себеп болуп жүрбөсүн? Бирок ал бул китептерди дал ошол кезде эле
жазбады беле? Андан бери эч нерсе жазган жок. Ал ушул жарыкка чыккан
китептеринин эң мыктыларын дал ошол сот Блоунт жалпыга белгилүү көз
карашты талашуу менен Мартинди да, Спенсерди да шылдыңдап, ал гана эмес,
маскаралаган учурда жараткан болучу. Мына ошентип, сот Блоунттун Мартинди
сыйлап чакырып олтургандыгы анын чыныгы эмгегин баалагандыктан эмес,
баягы эле Мартин болсо, азыркы шарттагы Мартин үчүн чакырып жатат.
Мартин бул чакырууну жылмаюу менен кабыл алды да, жана өзүнүн бөтөнчө
кичипейилдигине айран таң кала түштү. Бул чакырылган коноктордун арасында,
жубайлардан башка дагы, алты-жети менменсинген мырзалар олтурган жана
Мартин өзүн булардын арасында, кадимки «арстан» сыяктуу сезбей коё алган
жок. Сот Блоунт жолдошу сот Хэнуэллдин кызуу колдоосу астында Мартинден
жалаң бай адамдар гана эмес, кандайдыр бир бөтөнчөлүктөрү менен
айырмалануучу адамдар кирүүгө мүмкүн болгон «Стикс» клубунун кадырлуу
мүчөсү кылып каттап коюуну өтө өтүнүп суранды.
Мартин мындай мамилеге да таң калбай коё алган жок, бирок алардын
өтүнүчүнө макул болбоду.
Ал мурдагыдай эле, өзүнүн кол жазмаларын басмаканаларга бөлүштүрүп
таратуу менен алек болуп жатты. Басма кызматкерлери ага үстөккө-босток
мактоо жана жактыруу каттарын жиберип турушту. Булардын бардыгы тең
Мартинди ашып түшкөн стилист жана анын чыгармаларынын формасы да,
мазмууну да, эң жогорку талапка жооп берет деп эсептешти. «Түндүк
баяндамасы», анын «Сулуулуктун бешиги» деген көлөмдүү макаласын басып
чыгарып жана андан дагы ушул сыяктуу беш алты мазмундуу макаланы
жибериңиз деп, өтүнүп кайрылган, Мартин буга макул болуп, алардын өтүнүчүн
аткаруу үчүн өзүнүн болгон бардык эски материалдарын пайдаланып жазууга
жаңы эле киришкен учурда, күтүлбөгөн жерден «Бэртондун журналы» ага ар
бирине беш жүз доллардан төлөйбүз деп, беш макала жаздырып алууга
тапшырма берип калды.
Мартин жооп кайтарып, мейли, жазса жазып берейин, бирок, сиздер ар бир
макалага беш жүздөн эмес, миң доллардан төлөңүздөр деп кат жазып жиберди.
Ал өзүнүн бул кол жазмаларынын бир кезекте, өз ара ая- бай
талашып-тартышып, чатакташып жатышкан журналдар тарабынан четке
кагылып ташталгандыгын эсинен чыгара элек эле. Ал алардын кош көңүл,
бирине бири коёндой окшош жооп каттарын али унута элек болучу. Алар
ошентип, бир кезде аны шылдыңдашып маскаралашкан болушса, ал дагы азыр
келме кезек, терме тезек дегендей, аларды маскаралап, аябай шылдыңдамак
болду. «Бертондун журналы» Мартин каалагандай сумманы төлөп, анын беш
макаласын сатып алды, эл эми калган төрт макаласын Мартин башка көрүнүктүү
чоң журналдар менен сүйлөшүп, ошондой эле шарт менен аларга өткөрүп
жиберди. «Түндүк баяндамасы» болсо, өтө кедей журнал болгондуктан анын
кымбат макалаларын сатып алууга кудурети жетпей калды. Мына ошентип,
анын: «Сулуулуктун кулдары», «Кыялчылар», «Биздин «мен» дегенибиздин
чени», «Таттуу кыялдардын философиясы», «Кудай жана жырткыч», «Искусство
жана биология», «Сын жана идиштер», «Жылдыз чаңы», «Көпөстүктүн
зыяндуулугу» деген чыгармалары жарык көрдү. Мына ушул чыгармалардын
бардыгы тең көпкө чейин басылбаган уу-чууларды пайда кылды.
Басма кызматкерлери Мартинден өзү каалаган шартын сунуш кылышын
суранышып жана Мартин аларга баш тартпастан макул боло берди. Бирок анын
бул жарыкка чыгып жаткан чыгармалары азыр эмес, эчак жазылган. Ал кандай
гана болбосун жаңы ишти колго алуудан ушунчалык заарканып кача турган. Ал
ушул, кара ниет топурандылар бир кезде Бриссенденди тытып жеп жибере
жаздагандыгын көкүрөгүнөн чыгарган эмес, мына ошондуктан, ал өзүн алардын
кол булгашкандык- тарына карабастан, бул топурандыларды мурдагыдай эле
жек көрүп турду. Өзүнүн атакка ээ болушун Бриссендендин арбагын кордогондук
деп эсептеди. Ал бир аз капа боло түшүп, кабагын бүркөдү да, кайрадан
кайраттанып акчаны кадимки тезектей жыйнап алууну чечти.
Мартинге басмакана кызматкерлеринен бир нече жолу төмөндөгү
мазмундагы каттарды алды, «Мындан бир жыл мурун биздин зор өкүнүчүбүзгө
жараша, биз сиздин лирикалык ырларыңыздын циклин жарыялоодон баш
тартып койгон элек. Ал ырларыңыз ошондо эле бизге зор таасир эткен болучу,
бирок ар кандай шарттар тоскоолдук кылгандыктан, ал ырларыңызды ошол
кезде пайдалана албаганбыз. Эгерде, сиздин ошол ырларыңыз башка жерге
басылып чыкпаган болсо, дагы эле болсо, бизге салып жиберүүңүздү өтө
суранабыз, бул үчүн сиз канааттана тургандай гонорар аларыңызды да эскерте
кеткибиз келет».
Мартин бир кезде уйкашсыз ырлар менен жазган өзүнүн трагедиясын дагы
ырларына кошуп жөнөтүп жиберди. Мартин бул чыгарманы жөнөтөр алдында
дагы бир жолу окуп чыгып: анын начардыгына жана өтө эле салтанаттуулугуна
айран-таң калган эле. Бирок, ал ошого карабастан жөнөтүп жиберди, журнал да
басып чыгарабыз деп өзүн чексиз шылдыңга бөлөп алды. Окугандар өтө
кыжырданышып жана даңкы чыккан Мартин Иден кантип эле ушундай болбогон
келжирек чыгарманы жазсын деп ишенишкен жок. Бул эмне дегендик: алдообу
же болбосо, Мартин Иден Дюма-атага окшоп өзү үчүн чыгармасын башкаларга
жаздырып алганбы? — деген сөздөр чыкты. Бирок, кийин, бул чыгарма Мартин
Идендин «алгачкы калем шилтеп көрүшү» экенин жана журнал Идендин даңкына
мас болуп, басып чыгарып жибергендиги ачык белгилүү болгондон кийин, чоң
уу-дуу көтөрүлүп, редакциянын коллегиялары да алмашылып кетти. Мына
ошентип, трагедия өз- үнчө китеп болуп чыкпай калды, бирок Мартин Иден басма
кызматкерлерине боору ачыган жок, өзүнө келген аванса акчаны чөнтөгүнө
салып алды.
Жума сайын чыгаруучу бир газета Мартинге баасы кеминде үч жүз доллар
тура турган бир узун телеграмма салып жибериптир, бул телеграммада
Мартинден жыйырма очерк жазып жиберишин өтүнгөн эле. Алар ар бири миң
доллардан баалана тургандыгын да эскертишкен. Бул үчүн Мартин
басмакананын эсебинен Кошмо Штаттарды кыдырып чыгып, өзүн кызыктырган
теманы тандап алууга эрк берилгендиги көрсөтүлгөн. Телеграммада
басмакананын пландары, ойлору канчалык кеңири экендигин айгинелеген бир
топ болжолдуу темалар саналган. Ага карата коюлган бир гана шарт, бул —
Кошмо Штаттардын материалында жазуу болучу.
Мартин жооп кайтарган телеграммасында бул эл жакшы сунушту
пайдаланууга өзүнүн мүмкүнчүлүгү жок экендигине өтө өкүнгөндүгүн билдирди.
«Ай сайын чыгуучу Уорренге» басылып чыккан анын «Вики-Вики» деген
повести болуп көрбөгөндөй укмуш ийгиликке ээ болду. Жана ал өзүнчө кооз
китепче болуп басылып чыгып, он күнгө жетпей таркап кетти. Бардык сынчылар
бир добуштан, бул чыгарманы классикалык чыгарма деп эсептешти.
Бирок анын «Кубанычтын түтүнү» деген аңгемелер жыйнагы окуучулар
тарабынан саал түшүнбөгөндүк, кала берсе, бир аз салкын кабыл алынды.
Буржуазиялык коом өтө эле уят-сыйыты жок үрп-адаттарды кастарлап жана
ырым-жырымдарга чексиз кош көңүлдүүлүк менен мамиле кыла турган. Парижде
анын китебинин французча котормосу басылып чыгып, зор ийгиликке ээ болору
менен, Англия жана Америкада анын китебин жерге тийгизбей кастарлап
калышты жана Мартин «Дарнлея и К° дон өзүнүн үчүнчү китеби үчүн жыйырма
беш, төртүнчү китеби үчүн отуз процент төлөшүн талап кылды. Бул эки китепке
Мартиндин мурда ар түрдүү журналдарга чыккан бардык аңгемелери кирген
болучу. «Коңгуроонун үнү» жана барык «укмуштуу» аңгемелери биринчи томду
түздү. Экинчи томго «Укмуштуу окуялар», «Казан», «Турмуш шарабы», «Айлампа»,
«Көңүлдүү көчө» жана дагы бир нече аңгемелер болуп кирди. Мындан башка
дагы анын макалаларынын толук жыйнагы, «Деңиз ыры» жана «Сүйүү жөнүндөгү
сонеталары» кирген ырларынын тому, анын бул ырлары болсо, алды менен
«Аялдардын жардамчысы» деген журналда басылып чыгып, Мартин ал үчүн бир
этек акча алган эле.
Мартин эң акырында өзүнүн акыркы кол жазмасын редакциянын бирине
тапшырып коюп көңүлү жайлана түштү. Мына азыр, баягы эңсеген тростник
сарайы менен ак кайык өтө жакын калган эле. Мына ал эң акырында
Бриссендендин бир дагы чыныгы көркөм чыгарма журналдардын бетинен орун
ала албайт деген көз карашын четке какты. Ал алыстан эмес, өзүнүн керт
башынын мисалынан Бриссендендин өтө жаңылышкандыгын айкын-ачык
далилдеди. Ошондой болсо дагы, Мартин ичинен досунун бул айтканы туура
экендигин сезип турду. Анткени анын ийгиликтеринин эң башкы себеби — «Күн
наалаты» боло турган, ал эми, анын башка чыгармалары болсо, кокусунан эле
ийгиликке жетишип калган. Анткени ушул чыгармалардын бардыгы нечен
жылдар катары менен бардык журналдар тарабынан четке кагылып келген эле
да. Бирок, «Күн наалатынын» жарык көрүшү болуп көрбөгөндөй уу-чуу,
талашып-тартышууну пайда кылды, бул болсо анын атагынын дагы ого бетер
жогорулашына тикеден тике көмөкчү болду. Эгерде «Күн наалаты» жарык
көрбөгөн болсо, анда талашып-тартышуу дагы болмок эмес эле, мына
ошондуктан «Дарнлей жана К°» моюндарына алышып олтургандай бул китептин
ийгилиги чындыгын- да эле укмуштун өзү болду. Алар биринчи жолу бир миң
беш жүз даанадан ашык китепти басып чыгаруудан тартынышкан, анткени, алар
өтө тажрыйбалуу басма кызматкерлеринен болучу, бирок китептин ийгилиги
аларды таң калтырбай коё албады. Бул ийгилик аларга чындыгында эле
укмуштай болуп көрүндү. Алар кийин дагы бул сезимден ажырагылары
келишпестен, өздөрүнүн урматтоо менен жазган каттарында бул сырдуу жана эч
нерсе түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон ийгиликке таң калышкандыктарын
билдиришкен эле. Алар мунун сырын түшүнүүгө аракеттенишпеди. Жана
аракеттенүүнүн дагы кажаты жок эле. Ушундай болмок экен, болду. Муну ким
ойлоптур да, ким болжоптур!
Мына ушулардын бардыгын ойлонуп, Мартин өзүнүн атак-даңктуулугуна
анчалык деле чоң баа берген жок. Буржуазия анын китептерин тытып окушуп,
анын чөнтөгүн алтынга толтуруп беришсе дагы бул буржуазия (Мартин буга
бекем ишене турган) анын чыгар- маларын таптакыр түшүнүүчү эмес. Тике
айтканда анын китептерин талашып сатып алышкан жүз, миңдеген
буржуазиянын мүчөлөрү үчүн чыгарманын кооздугу жана анын мазмууну эч
кандай мааниге ээ болучу эмес. Ал кадимки тагдырдын эркеси жана кудайлардын
эркеси сыяктуу жана кудайлардын ырайымдуу мүнөзүнөн пайдаланып, жеңилбес
кайрат менен Парнаска баргандай көрүндү. Жүз-миңдеген адамдар анын
чыгармасын кадимки Бриссендендин «Туруксузуна» асылышкандай баса калуу
менен талашып, тытышып жатып окушту, бирок алар окушканы менен эч нерсе
түшүнүшкөн жок. Жана түшүнө да алышпайт эле. Бул көрүнүш Мартинге жеткен
кошоматчылык гана болуп көрүндү. Кептин баары кокустукта! Ал мурдагыдан
эле, «Туруксузду» өзүнүн Жазган бардык чыгармаларынан алда канча жогору
турат деп эсептеди. Себеби — бул чыгарма ал жаза турган чыгармалардын
бардыгынан жогору турган — кылымдар бою жашай турган улуу поэма боло
турган. Кечээ жакында эле «Туруксузду» балчыкка тебелеп- тепсешкен бул
кунарсыз топурандылардын бүгүн Мартинди кадырлап-кастарлап жатышы анын
көңүлүн иренжитип турду. Мартин жеңилденгендей жана канааттангандай
күрсүнүп алды. Ал акыркы кол жазмасын сатты, мына эми, жакынкы келечекте
жогорудагылардын бардыгы менен түбөлүккө коштошууга болот.
XLIV ГЛАВА
Мистер Морз «Метрополь» конок үйүнүн оозгу бөлмөсүнөн Мартин менен
кездешип калды. Анын бул жерге кокусунан келгендигин, же болбосо, атайылап
келгендигин Мартин көп жакшы түшүнө албады, бирок анын ою, атайылап эле,
куулук менен келсе керек дегендей сокту. Бирок ошондой болсо, болбосо дагы
мистер Морз аны үйүнө чай ичип кетүүгө чакырып олтурат, мистер Морз —
Руфтун атасы, бир кезде Мартинди үйүнө жолотпой, Руфь экөөнүн ортосундагы
никелик байланышын бузуп жиберген адам!
Бирок, Мартин ага таарынган жок. Жана экинчиден ал, эч кандай аны
табалагысы да келбеди. Кала берсе, мистер Морздун сөзүн мээримдүүлүк, бирок
сынагандай түр менен угуп турду. Ал чакырууну четке каккан жок. Ал турсун,
чакыргандыгы үчүн ага чоң рахмат да айтып жана анын үй-бүлөсүнүн
бардыгынын саламаттыгын сураштырып, айрыкча, миссис Морз менен Руфтун
саламаттыгын толук билүүгө аракет кылды. Мартин бул атты эч кандай
тоскоолдуксуз, мукактанбастан эркин айтып жана ичинен эмне үчүн жүрөгүнүн
толкунданбаганына, өзү да айран-таң боло түштү.
Ушинтип аны конокко чакыруу эсепсиз көбөйө баштады. Кала берсе, далайлар
Мартин менен, аны конокко чакыруу үчүн гана тааныша турган да болушту.
Мартин бул көрүнүшкө мурдагыдай эле, айран-таң калуу менен мамиле жасады.
Ал гана эмес, аны Бернард Хиггинботам дагы күтүлбөгөн жерден конокко
чакырып калган эле. Бул болсо, аны ого бетер айран-таң калтырбай койгон жок.
Мартин азыр баягы ачка, арыктап Жүрбөй калган учурларын эсине түшүрдү жана
эмне үчүн мени ошондо эч ким конокко чакырган жок эле? — деп өзүнө суроо
берди. А кезде ал ушундай мамилеге өтө муктаж эмес беле? Ээ, чиркинай,
атаганат десеңчи! Бул жерде эч кандай адамкерчиликке туура келбеген эски адат
болуш керек. Айта берсең, ал кезде жума бою тишинин кирин соруп, оокаты жок
ачка олтурган күндөрү болгон эле, ал эми азыр болсо, анын жанында жүз миң
ирет тамак ичүүгө жете турган акчасы бар, ошого карабастан, (экинчиден анын
табити эч нерсеге тартпай да калган) — аны конокко оңго да, солго да, биринин
артынан бири талашып чакыра башташты. Эмне үчүн? Ал экинчиден бул
убакыттын ичинде көрүнүктүү деле эч кандай эмгек сиңирип жиберген да эмес,
Ал баягы эле, Мартин Иден боло турган. Жана анын бардык чыгармалары дал
ошол мезгилде, улук Морздор аны жалкоо деп аташып, өздөрүнүн мекемесине
катчы болуп иштөөгө сунуш кылышкан кезде жазылган болучу. Айтмакчы, алар
анын бул эмгеги жөнүндө дал ошол кезде эле билише турган. Окуп бергин деп
Мартиндин берген кол жазмаларын Руфь ата-энелерине да көрсөткөн. Жана
Руфтун ата-энеси бул кол жазмаларды аябай талдап окуп чыгышкан. Мына, азыр
болсо, ошол эле чыгармалар газетага чыгып, анын атагы көтөрүлүп жана
алардын кадырдуу да коногу болууга арзып, олтурат.
Бир нерсе эң эле айкын-ачык боло турган: ал Морздорго Мартин Идендин да,
анын чыгармачылыгынын да эч кандай кереги жок болучу. Ал эми алардын
Мартинге жакындагандыктарынын себеби, бул бир гана анын ай-ааламга кеткен
атак-даңкы жана анын казынада жаткан жүз миң доллары боло турган. Бул болсо
буржуазиялык коомдо адамды баалоо, урматтоодогу адет болгон көрүнүш эле,
алардан башка мамилени күтүү да мүмкүн эмес болучу. Бирок, Мартин намыскөй
жигит эле. Мына ошондуктан ага бул сыяктуу мамиленин таптакыр кереги да
жок болучу. Ал болсо, өзүнүн керт башын, же болбосо, чыгармасын сыйлаганды
жакшы көрө турган. Анткени ал өзүм менен чыгармамдын ортосунда эч кандай
айырма жок деп түшүнүүчү. Дал ушундай бааны ага Лиззи берүүчү. Ал гана эмес,
Лиззиге анын чыгармалары анчалык деле мааниге ээ болбостон, кептин баары
Мартиндин керт башында болуп сезилүүчү. Дал мына ушундай эле бааны, ага
Джимми жана анын бардык эски компаниясы бере турган. Алар мурда да жана
азыр да, Шелл-Моунд — багындагы жекшембидеги оюн-шоок кечесинде
өздөрүнүн ага чексиз бир туугандык, достук, берилгендиктерин далилдешип
коюшпадыбы. Алар анын бардык жазгандарына кол шилтешип да коюучу. Алар
анын өзүн, Мартин Иденди, азамат жигитти, өздөрүнүн жигитин аябай жакшы
көрө жана сүйүшө турган, эгер керек болсо, ал үчүн отко да, сууга да каршы
баруудан алар кайра тартышчу эмес.
Ал эми Руфь менен болсо иш таптакыр башкача. Ал Мартиндин керт башын
сүйгөн эле, бул жагынан эч кандай талаш болууга мүмкүн эмес, бирок, ал ага
канчалык кымбат болгондугуна карабастан, буржуазиялык үрп-адат, эреже андан
дагы кымбатыраак болуп көрүндү. Руфь анын чыгармачылыгына тилектеш
болбогондугунун негизги себеби — анын чыгармалары ага эч кандай киреше
алып келип бербегендигинде турган. Ал анын «Сүйүү жөнүндөгү сонеталарына»
дал ушул көз караштын негизинде баа берген. Жана ал дагы Мартиндин бир
жерге кирип иштешин, кызматка орношуусун талап кылган. Туура, анын сөзү
менен айтканда «бир абалды ээлөө» керек эле, бирок бул экөөнүн мазмууну
бирдей эле түшүнүктөр, ал гана эмес, Мартин бул түшүнүктүн биринчисин
туурараак деп эсептөөчү. Мартин ага өзүнүн бардык чыгармаларын, жана
макалаларын болсун, «Вики-Вики», «Күн наалатын» — койчу бардыгын окуп бере
турган. Ал эми Руфь болсо, көшөрүп, анын кызматка орношун, иштешин
мурдагыдай эле талап кыла берди. О, жараткан, чоң кудай! Ал эмне, иштебей
жүрөбү?! Иштемек турсун, күн-түнү уйкусунан ажырап кара жанын карч уруп
кадимки өгүздөй тынбай, акырында ушул кызга бир татыктуу, сүйгүнчүктүү адам
болуп чыгар бекемин деп иштеп келбеди беле!
Мына ушинтип, көзгө көрүнбөгөн майда шарттар чоң жана маанилүү нерсеге
айланып кетти. Мартин өзүн сергек сезип, саламаттыгы мыкты болуп, тамакты
да жакшы жеп, эркинче уктап, эс алып жүрдү, бирок болбогон бир нерсе, ага
тынчтык бербеди. «Эчак алда качан!». Бул ой анын башын тең бөлүп жибергендей
боло түштү. Бул күнү Мартин Бернард Хиггинботам менен бетме-бет столдо
олтуруп:
«Мунун бардыгы билгиңиз келсе, алда качан, кап-качан эле жазылган болучу!
Азыр мына сиз мага берерге эч нерсе таппай, шашкалактан, сыйлап, урматтап
жатасыз, ал эми качандыр бир кезде сиз мени минтип сыйламак түгүл, ачкадан
өлтүрүп коё жаздап, үйүңүздөн кууп чыгып, иштебесең жоголгун деп көргүңүз да
келген жок эле, чынбы? А эми менин бардык чыгармаларым болсо, дал ошондо
эле жазылган. Азыр болсо, мына, сиз менден урматтаган көз караштарыңызды
албастан, менин ар бир сүйлөгөн сөзүмө бүткүл назарыңызды салып, кунтуңузду
коюп, угуп жатасыз. Мен сизди бар эмеспи, билгиңиз келсе, санда жок салпаяк деп
гана атагым келет, анткени эгерде намысыңыз болсо, ушул сөздөргө таарынып
калат элеңиз, антмек түгүл, мага бооруңуз ачыгандай, башыңызды ийкеп рахмат
айтып олтурасыз... Эмне үчүн? Себеби — мен атагы чыккан адаммын! Себеби
менин акчам көп! Ал эми менин өзүмдүн керт башымдын сизге тыйындай да
кереги жок! Уктуңузбу? Мистер! Эгерде мен ай жашыл быш- тактан жасалган
десем анда сиз баш тартпастан туруп эле буга да макул болор элеңиз, же болбосо,
жок дегенде, мага каршы чыга албас элеңиз, анткени менин кап- чыгым азыр
алтынга толтура... Айтмакчы, менин бул алтын үчүн иштеген эмгектерим мындан
алда качан мурун, баягы сиз мени бетке түкүрүп, баткакка жыгып, тебелеп салган
күндөрдө эле жазылып бүткөн болучу!» деп айтып жибере жаздады.
Бирок, Мартин бул сөздөрдү айткан жок. Ал ичинен капаланып, кыжыры
кайнап турса дагы, сыртынан сыр бербестен жылмайып күлүп турду.
Хиггинботам сүйлөй баштады. Ал Бернард Хиггинботам — бардык нерсеге өз
күчү менен жеткен жана ал үчүн чексиз сыймыктанат. Эч ким ага жардам
көрсөткөн эмес жана ал мына ошондуктан ал эч кимге милдеттүү да эмес болучу.
Ал көп бүлөлүү, кең пейил адам болуп саналат. Ал эми бул жетишерлик киреше
берип турган дүкөнчө, анын, Бернард Хиггинботамдын аракеттеринин негизинде
өркүндөп-өсүп олтурат. Ал өзүнүн дүкөнчөсүн — кадимки кээ бир эркек өзүнүн
аялын сүйгөн сыяктуу сүйө турган. Ал Мартинге ыгы жок ачык мамиле кылып
ички сырынын бардыгын айтып берди, дүкөнчөнү жабдуу жана ишти оң жолго
коюу маселелери канчалык кыйынчылыктарды туудургандыгын жана канчалык
аракеттерди талап кылгандыгы жөнүндө да, төкпөй-чачпай айтып берди.
Мындан башка дагы анын келечек үчүн кенен пландары бар экен. Көчөлөргө
жаңы үйлөр салынып, адамдардын саны көбөйө баштаган. Мына, ошондуктан,
жалгыз дүкөнчө адамдардын бардыгын канааттандыра албайт. Эгерде анын азыр
артыкбаш бөлмөсү боло турган болсо, жаңы товарлардан алып келип кирешесин
дагы көбөйтмөк эле. Бирок, ал муну сөзсүз иштейт, ал дүкөнчөнүн катарынан бир
аянтча сатып алып, дагы бир эки кабат имарат курат. Ал экинчи катарын акы
алып адам киргизет, биринчи катарын болсо дүкөндөргө айландырат. Анын кала
берсе, эшиктердин үстүнө илине турган жазуу жөнүндө сүйлөгөнүндө көздөрү
бөтөнчө жалындана түштү.
Мартин анын сөзүнө эч бир көңүл бурган жок. «Алда качан» деген сөз анын
кулагынан кетпей койду, улам кайра кайталанып турду. Бул сөз анын такыр
оюнан кетпей, аны бүтүндөй бийлеп туруп алды.
— Сен бул курулуштун баасы канча турат деп айттың? — деп ал күтпөгөн
жерден сурап жиберди.
Жездеси сөзүн токтото коюп, Мартинди көздөй тешиле карап калды. Ал,
таптакыр азыр бул курулуштун канча тургандыгы жөнүндө сөз козгогон эмес эле,
бирок бул Мартинди кызыктыра турган болсо, ал канча тура тургандыгын айтып
бере алат.
— Азыркы баа боюнча, — деди ал, — баш аягы төрт миң доллар болотко.
— Дүкөнчүнүн наамы жазылып илинип коюлуучу тунукени да кошо
кошкондобу?
— Аны мен эсептеген жокмун. Имаратты куруп алсак, анын табылышы
оңойго...
— А, жеричи?
— Жер үч миң турат.
Кеберсип турган эриндерин жалап, колдору калтырап, Бернард Хиггинботам
чек жазып жаткан Мартинди тиктеп турду. Мартин чекти жазып Хиггинботамга
сунду. Бул чек жети миң долларга жазылган эле.
— Мен... Мен сизге айына алты проценттен гана төлөй аламын... — деди
толкунданып Хиггинботам.
Мартин каткырып жиберейин деп барып, кайра, анын ордуна мындай деп
сурады:
— Алты процентиң анда канча болот?
— Азыр эсептеп көрөбүз, алты процент ээ... Алты жердеги жетиң төрт жүз
жыйырма.
— Демек, айына отуз беш доллардан турбайбы?
Хиггинботам ооба дегендей башын ийкеп койду.
— Кереги жок, эгерде сен каршы чыкпасаң, мындай кылсак кандай болот. —
Мартин бул сөздү айтып, Гертруданы көздөй көз чаптырды: — Сен өзүңө бардык
негизги капиталды кайтарып бербей эле калтыр да, бирок, чарбалык
керектөөңөргө айына отуз беш доллардан жумшап тургула. Бул акчага ашмачы
менен кир жуучу аялды жалдап алууга болот. Бир сөз менен айтканда, жети миң
доллар сеники, бирок, Гертруда мындан ары оор жумуштарды иштебейт деп сөз
бере турган болсоң. Макулсуңбу?
Мистер Хиггинботам таарына түштү. Анын аялы оор жумушту иштебесин
деген сунуш ага шылдыңдагандай сезилип, катуу тийди. Бул зор жардам балга
чайкап уу бергендей безелентти. Аялы иштебейт деген эмне жорук!
— Өзүң бил, — деди Мартин. — Анда мен бул отуз беш долларды өз колум
менен айына төлөймүн, бирок...
Ал чекти көздөй колун сунду эле, Бернард Хиггинботам аны алаканы менен
басып калып, мындай деп кыйкырып жиберди:
— Мен макулмун! Макул!
Мартин трамвайда баратып, өтө чарчаганын жана көңүлү кайт болуп
турганын сезди. Ал кур ураандуу сөздөр менен жазылган эшиктин үстүндөгү
илинип турган тунукеге көз жиберди. «Чочко, деп күңк этти, — кандай чочко!»
Журналдардын бирине анын «Төлгөчү кыз» деген ыры эң мыкты сүрөтчүлөр
тарабынан кооздолуп, басылып чыкканын Герман Шмидт көрүп айран-таң боло
түштү, анткени ал бул ырды бир кезде уятсыз ыр деп эсептеген эле. Эми болсо, ар
кимге бул ыр менин аялым жөнүндө жазылган деп жар сала баштады жана бул
каңшаар кезиттин кабарчысына жетишин да каалады. Айткандай эле, кезиттин
кабарчылары бул дуу-дуу сөздү угуп жана ага кызыгышып, сүрөтчүсү менен бир
күнү келип калса болобу? Мына, ушунун натыйжасында кезиттин жекшембилик
бир санына Мэриеидин кооздолуп тартылган сүрөтү Мартин Идендип жекече
турмушундагы ар кандай жагдайлар жана анын эне-атасы, бир туугандары
жөнүндө жазылган чоң макала, журналдын өзгөчө руксаты боюнча «Төлгөчү кыз»
бүт бойдон кайрадан басылып чыкты. Бул болсо Мэриендин кадыр-баркын
жер-сууга жайып жиберди. Бардык тегерек четтеги үй кызматындагы аялдар бул
улуу жазуучунун карындашы менен тааныш экендиктери үчүн сыймыктанышып,
ал эми тааныш эместер болсо, тезирээк таанышууга ашыгышты. Герман Шмидт
сүйүнгөнүнөн колдорун ушалап, ал гана эмес, өзүнүн устаканасына жаңы
станокту орнотууга заказ берди.
— Бул ар кандай кулактандыруу менен баяндоодон жакшыраак, туурабы, ыя?
— деди ал, — экинчиден бепбекер!
— Эми аны конокко чакырсак болот эле, — деп Мэриен сунуш кылып калды.
Мына ушинтип, Мартин конокко келип жана ушул жерде олтурушкан челектей
болгон семиз соодагер жана өзүнөн ашкан семиз аялы экөө менен өзүн өтө кичи
пейил кармап олтурууга тырышты, булар турмуштан өз ордун таап келе жаткан
Герман Шмидт өңдүү жаш жигиттерге өтө пайдалуу адамдар боло турган. Бирок
алар эгерде бул жерге белгилүү жазуучу Мартин Иден катышат деген сөздү
угушпаса, мойнунан байласаң да келишмек эмес. Мына ушул жол менен Тынч
океандык велосипед бирикмелер агентствосунун башкы башкаруучусу дагы
конокко чакырылды. Герман Шмидт анын алдында бөйпөңдөп, чарк имерилип
турду, себеби — ал анын колунан Оклендге өкүл- дүк алмак. Бир сөз менен
айтканда, Герман Шмидт Мартин Иден менен сөөк-тамыр болуп калгандыгын өз
турмуш-тиричилигине пайдаланды, бирок да ал ичинен кантип ушундайча болуп
калгандыгын таптакыр түшүнө албады. Ал көп учурларда түнкүсүн аялын
ойготуп албайын деп аста туруп, Мартин Идендин чыгар- маларын окуй турган
жана арам оюнда бул сыяктуу чыгармаларга акмак адамдар гана акча төлөшү
мүмкүн деген бүтүмгө келип токтолуучу.
Мартин кандай шарт өкүм сүрүп тургандыгын эң жакшы түшүнүп турду, ал
олтурган үстөлүнө саал чалкалай түшүп, Герман Шмидтти көзүндө огу болсо
атып жибере тургансып, бир жолу тешиле тиктеп алды да, кыялында: келтирип
туруп көк желкеге бир койгондой болду, эх, кешпири жаман акмак немец десе!
Бирок Мартинге эмнегедир анын кээ бир мүнөздөрү жага турган. Ал канчалык
кедей болгондугуна жана канчалык тезирээк байыгысы келгендигине
карабастан, Мэриендин колун оор жумуштан сергитүүнү көздөп, үйүнө бир үй
кызматкерин жалдап алган эле. Тамак ичилип бүткөндөн кийин, Мартин
велосипед компаниясынын башчысы менен бир топ аңгемелешип, мындан кийин
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 30
  • Büleklär
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 4096
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1923
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 4116
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2032
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 4219
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1994
    32.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 4242
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2001
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 4170
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1818
    31.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 4204
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1914
    30.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 4159
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1830
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 4140
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1839
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 4066
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1839
    30.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 4088
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1855
    30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 4142
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1934
    32.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 4198
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1946
    29.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 4163
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1875
    32.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    53.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 4152
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1798
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 4146
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1914
    30.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 4051
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1883
    28.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 17
    Süzlärneñ gomumi sanı 4192
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1869
    33.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 18
    Süzlärneñ gomumi sanı 4075
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1922
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 19
    Süzlärneñ gomumi sanı 4017
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1845
    29.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 20
    Süzlärneñ gomumi sanı 3984
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1903
    29.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 21
    Süzlärneñ gomumi sanı 4005
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1807
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 22
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1890
    31.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 23
    Süzlärneñ gomumi sanı 3967
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1878
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 24
    Süzlärneñ gomumi sanı 4002
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1933
    31.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 25
    Süzlärneñ gomumi sanı 3959
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1945
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 26
    Süzlärneñ gomumi sanı 4024
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1889
    32.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 27
    Süzlärneñ gomumi sanı 4161
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1991
    31.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 28
    Süzlärneñ gomumi sanı 4151
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1865
    32.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 29
    Süzlärneñ gomumi sanı 4089
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1790
    31.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 30
    Süzlärneñ gomumi sanı 4200
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1787
    32.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 31
    Süzlärneñ gomumi sanı 4188
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1938
    32.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 32
    Süzlärneñ gomumi sanı 2695
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1131
    36.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    56.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.