Latin

Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 26

Süzlärneñ gomumi sanı 4024
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1889
32.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
44.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
49.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
мен боорукерликтин эрежесинин негизинен келип чыккан нерсени айтып
жатпастан, биологиялык закондун негизинде айтып жатамын. Кулдардын
мамлекети жашап тура албайт.
— Ал эми анда Кошмо Штаттарчы? — деп, кимдир бирөө залдан кыйкырып
калды.
— Кошмо Штаттарбы? — деп каршы чыкты Мартин. — Он үч колония
өзүлөрүнүн башкаруучуларын кууп жиберип республика деп аталган баш
катыруучуну түзүштү. Кулдар өздөрүн өздөрү бийлеп калышты. Ал эми
кылычтын жардамы менен башкарылуучу бийлик такыр жоюлду. Бирок кулдар
падышасыз жашай алышкан жок, мына ошондуктан башкаруучулардын жаңы
түрү кайрат- туу, асыл жана күчтүү адамдардын ордуна, бечара жөргөмүштөр,
соодагер-сүткорлор пайда болду! Алар сиздерди кайрадан кул кылышты, бирок
алар күчтүүлөрдүн укугу боюнча бул ишти ачыктан ачык жүргүзүшпөстөн,
түрдүү куулук-амалдар менен жүргүзүштү. Алар сиздер- дин сотуңуздарды сатып
алып
сиздердин
закондоруңуздарды
бурмалап
жана
сиздердин
уул-кыздарыңыздарды кулчулуктун тикеден-тике эзүүсүнө салыштырганда да
тең келбей турган коркутуу, эзүүгө дуушар кылып олтурушат. Сиздердин эки
миллион балдарыңыздар азыр Кошмо Штаттардын өнөр жай олигархиясынын
эзүүсү астында эмгектенип жатышат. Он миллион кулдар үйсүз- жайсыз,
оокат-ашсыз жашоодо. Жок, кулдардын мамлекети жашап турушу мүмкүн эмес,
себеби бул эволюциянын законуна карама-каршы келет. Кулдардын коому
түзүлөрү менен тез эле, төмөн чөгүү жана начарлап жок болуу пайда болот.
Сиздер биологиянын законун танасыздарбы? Болуптур? Анда сиздер таянууга
ниеттенген жаңы башка закондоруңуздар кайда? Атын атаңыздарчы? Же бул иш
жүзүнө ашып калганбы? Андай болсо аны мага айтыңыздарчы?
Мартин бардык олтургандардын кулак туйдурган кол чабуулары астында, өз
ордуна келип олтурду. Олтургандардын көпчүлүгү кол көтөрүп сөз сурашып,
орундарынан ыргып тура калып жатышты. Алар биринин артынан бири
кызуулук жана шыктануу менен колдорун тез-тез шилтешип, кол чабуулардын
астында Мартиндин чабуулуна катуу сокку уруп жатышты. Бул болсо,
идеялардын чыныгы күрөшү айыгышкан салгылашуулары боло турган. Сүйлөп
чыккан бир топ чечендер жалпы темада сөз козгошсо дагы көпчүлүгү өз сөздөрүн
Мартинди көздөй буруп жатышты. Алар Мартин үчүн жаңы ойлорду козгошуп
жана биологиянын эски закондорун колдонуунун жаңыча ыктары жөнүндө
баяндап өтүштү. Сүйлөп жатып, өтө кызыгып калышкандыктан сылыктык
жөнүндө унутуп да коюшту, мына ошондуктан, бир нече жолу жыйналыштын
башчысы ордунан тура калып, аларды токтотууга мажбур болду.
Бул жыйналышта дүрбөлөңдүү окуянын артынан сая түшүп жүрүп, аябай
чарчап бүткөн бир жаш кабарчы кошо катышып олтурган экен. Анын акыл-эси
пас жана тажрыйбасы да жок неме көрүнөт. Ал бир гана газета
кызматкерлеринин кургак чечендигине маш боло турган. Анын бул
талашып-тартышууну түшүнүүгө башы да жетпеди. Бирок ал өзүн ичинен бул
топурашып, жактаганын беришпеген жумушчу табынын маңызданган
өкүлдөрүнөн алда канча жогору эсептеп отурду. Анын үстүнө ал бул дүйнөнүн
жогорку орундарын ээлешип турган күчтүүлөрдүн, улуттук саясат менен
кезиттердин тагдырын чечишкен адамдарды ашкере сыйлай турган. Кала берсе
анын өзүнүн идеялы да бар боло турган: ал биринчи даражадагы жоктон барды
жараткан кабарчы болуп чыгууну самоочу.
Мына ушинтип, ал талашып-тартышуунун негизги мазмуну эмнеде
экендигине түшүнгөн да жок. Ооба, ага муну билүүнүн кереги да жок болучу. Ал
айрым гана «төңкөрүш» сыяктуу сөздөрдү жетекчиликке алып сүйлөй турган.
Табылган бир сөөк аркылуу кыялында бүтүн бир склетти түзгөн кадимки
палеонтолог сыяктуу, бул кабарчы дагы эсинде калган «төңкөрүш» деген сөздүн
негизинде бир далай узак сөз сүйлөй ала турган. Ал бул ишке ошол эле түнү өтө
чымыркануу менен киришти, анткени Мартиндин чыгып сүйлөгөн сөздөрү аябай
чуу көтөрүп салган, мына ошондуктан кабарчы Мартинди сөзү боюнча алганда
анархист деп анын тап күрөшүнө каршы индивидуализми — бул чектен чыккан
кызыл социализмдин өзү экендигин далилдемекчи болду. Бул жаш кабарчы,
адабияттык шыктан да кур эмес эле, мына ошондуктан узун чачтуу, каардуу,
дуулашкан топурандылардын арасында кыйкырып муштумдарын көрсөтүшүп
ызырынышкан аксым адамдарды өтө көркөмдүү кылып сүрөттөп чыкты.
XXXIX ГЛАВА
Эртеси, эртең менен кофе ичип олтуруп Мартин демейдегисиндей эле газет
окуп жаткан. Ал биринчи беттен өмүрүндө биринчи жолу чоң тамгалар менен
жазылган өзүнүн атын көрүп калды. Макаланы окуп өзүнүн окленддик
социалисттердин эң көрүнүктүү жолбашчыларынын бири экендигин таң калуу
менен билди. Анын атынан жазган жаш кабарчынын жалындуу сөздөрүнө ал
баштан аяк өтө кызыгуу менен тез көз чаптырып чыгып, алды менен бул уятсыз
ойдон чыгарган сөздөргө ачуусу келип, акырында каткырып күлдү да, колундагы
газетаны четке ыргытып жиберди.
— Бул макаланы бир мас, же болбосо арам ойлуу акмак жазды, — деди ал
түштөн кийин келип, чарчагандай жалгыз отургучка жаңы эле олтурган
Бриссенденге бурулуп, Мартин болсо, демейдегисиндей өз керебетинде олтурган.
— Сизге баары бир эмеспи? — деди Бриссенден. — Сиз чын эле газет окушкан
буржуазиялык доңуздардын пикирине ишенесизби?
Мартин бир аз ойлонуп калды.
— Албетте, менин алар менен эч кандай ишим жок дечи. Бирок, мен бир гана
бул окуя Руфтун үйүндөгүлөр менен болгон мамилемди бузуп жибербегей эле деп
коркомун. Анын атасы мурда эле мени сен социалистсиң деп жүрүүчү, ал эми бул
макала болсо ага далил болот. Мейли ал кандай деп ойлосо ошондой деп ойлой
берсин, бирок, ошондой болсо да, акырында бир жаман иш болуп калышы
мүмкүн. Мен сизге бүгүн өзүмдүн жазгандарымды окуп бергим келет... Бирок
баягы эле «Кечиккен сүйүү». Жарымысына жакыны бүтүп калды.
Мартин жаңы эле окуй баштаган кезде, Мария эшикти ачып, үйдүн ичине
жакшы кийинген бир жигитти киргизип жиберди, ал токтоло калып, бөлмөнүн
ичин айландыра карап келип, керосинка менен ашкана үкөгүнө бир аз тигилип
турду да, акырында Мартинге карады.
— Отуруңуз! — деди Бриссенден.
Мартин конокко орун бергендей ордунан саал козголо берип жана суроолуу
көздөрү менен аны бакырая тиктеди.
— Мен сиздин кечеки сүйлөгөн сөзүңүздү уктум мистер Иден, — деп баштады
сөзүн жаш жигит бир аз унчукпай олтургандан кийин. — Сиздин ошол
сөздөрүңүздү газетага жарыялагым келет.
— Бриссенден каткырып жиберди.
— Тилектеш — социалистсизби? — деп, кабарчы Бриссенденге учкай көз
карашын жиберди да, тирүүнүн өлүгү өңдөнгөн бул немени кандай кылып
сүрөттөп көрсөтө тургандыгы жөнүндө ойлоно калды.
— Көрсө жанагы макаланы ушул жазган турбайбы, — деди Мартин үнүн
көтөрө сүйлөп, — жаш бала го тим эле?!
— Эмне үчүн тумшукка коюп жибербей турасың муну? — деп калды
Бриссенден. — Бирөө таза өпкөсүн берсе мен ага азыр миң доллар берет элем.
Жаш журналист өзү жөнүндө жүрүп жаткан бул тайманбаган сүйлөшүүлөрдөн
айран-таң кала түштү. Ал социалисттик митинг жөнүндөгү өзүнүн эң сонун
макаласы үчүн жаңы эле редактордун мактоосуна татыктуу болуп жана өкүм
сүрүп турган тартипке каршы уюшулган душмандарынын башчысы Мартин Иден
жөнүндө атайын чоң макала жазууга тапшырма алган эле.
— Эгерде биз сизди сүрөткө тартып алсак каршы болбос белеңиз, мистер
Иден? — деп сурап калды ал — мен өзүм менен кошо сүрөтчүнү ээрчите келдим
эле, бирок ал, үйдүн ичинен тартуу ыңгайсыз дейт. Сыртка жарыкка чыгып
берсеңиз. Сизди сүрөткө тартып алгандан кийин кеңири аңгемелешсек.
— Сүрөтчү? — Бриссенден ойлонгондой сурап калды. — Сизге эмне болду
Мартин, бол эми, тура калып, оозго коюп жиберсеңиз ар жакка!
— Мен картайып баратсам керек, — деп жооп берди Мартин. — Мунун
тумшугун кандоо керек экендигин өзүм деле жакшы түшүнүп турамын, бирок
буга менин кубатым жетишпегенсип турат. Макул урдум, бирок урган менен эмне
чыгат?
— Бил жигиттин байкуш энесинин урматы үчүн болсо да, — деди
Бриссенден макул болбой.
— Туура айтасың, бул бир чети негиздүү пикир, — деди Мартин, — бирок
чындыгында менин буга кубатым жетишпегенсип турат. Себеби — бирөөнү
төпөштөш үчүн белгилүү күч жумшоо талап кылынат эмеспи. Ошондой эле андан
эмне чыгат.
— Эч качан зарылдыгы жок, — деп тамашалуу үн менен кабарчы, анын сөзүн
коштой сүйлөп, бирок, бул учурда чочугандай эшикти көздөй алактай түшүп.
— Албетте, анын жазгандарынын бир сөзүндө да чындык жок, — деди
Мартин Бриссенденге бурулуп сөзүн улантып.
— Билесизби, ал макала жалпы мазмунда жазылган... — деп кайсактай түштү
жаш кабарчы. — Бирок, бул сиз үчүн чындыгында зор даңазалануу болуп саналат.
Буга макул болорсуз.
— Билип коюңуз, Мартин, бул сиз үчүн даңазалануу болуп саналат! — деп
салтанаттуу каткырып жиберди Бриссенден.
— Туура, туура!.. Мен буга макул болушум керек.
— Билүүгө руксат этип коюңуз, мистер Иден, сиз кайсыл жерде туулдуңуз
эле? — деп кабарчы сурап калды, анын жүзүнөн чыдамсыздык менен жооп
күткөндүк- түн белгилери ачык-айкын байкалып турду.
— Карасаңыз, колунда кагаз менен карандашы да жок, — деп Бриссенден
кыстара сүйлөп калды, — бардыгын эсине тутуп алат окшойт.
— Мен үчүн кагаз менен карандаштын кереги жок, — деди жаш кабарчы, —
өзүнүн сүрдөп тургандыгын шектентпеске аракет кылып. — Тажрыйбалуу
кабарчы эч качан жазып олтурбайт.
— Калыбы, сиз кече дагы жазган эмес чыгарсыз?
Бирок, Бриссенден эзүүгө чыдап туруучу адамдардын тобунан эмес болучу,
мына ошондуктан ал ордунан тура калып, катуу кыйкырып жиберди:
— Мартин! Эгерде сиз бул акмактын оозун талкалай койбосоңуз, мен өзүм
талкалай коёмун! Өлсөм да бир коюп өлөм.
— Сабасам жетишет го дейм! — деп сурады Мартин.
Бриссенден кадимки калыс киши сыяктуу жетишет дегендей башын ийкеп
койду.
Көз ачып жумганча кабарчынын башы Мартинди эки тизесинин ортосунда
кыпчылып турду.
— Тиштейм деп ойлобогун, — деди Мартин эскертип, — эгерде тиштесең,
татынакай тумшугуңду талкалап коюуга аргасыз болом. А бул өкүнүчтүү болуп
калат.
Анын оң колу бирде жогору көтөрүлүп, бирде төмөн түшүп жатты. Кабарчы
кыңылдап, алдастап жулунуп, сөгүнүп жиберди, бирок тиштей алган жок.
Бриссенден болсо, бул көрүнүштү кумардануу менен байкап турду. Бир ирет ал
чыдай албай кетип, бош бөтөлкөнү колуна ала коюп ызырына түштү:
— Берчи мен дагы бир салып калайын!
— Тилекке каршы менин алым кетип калды, — деди Мартин акырында, —
Колум чымырап кетти.
Ал кабарчыны желкеден алып туруп, керебетке жабыштыра түрттү.
— Билип койгун, полицияга билдиремин. Сени байлап гана кетпесеби
шашпагын! — деп кыйкырды тиги. Ызалануунун жашы анын оттой жанган бетин
жуба берди.
— Жооп берип каласыз. Сак болуңуз!
— Мына сага десе, — деди Мартин, — бул дагы эле өзүнүн тайгак жол менен
баратканын түшүнө элек тур- байбы. Өзүнүн жакыны жөнүндө эркек болуп туруп
калп айтып арамзалык, адепсиздик жана эч нерсе татыбастык кылганын бул өзү
түшүнбөйт окшойт.
— Түшүнбөсө эмнеси бар экен, түшүндүрүп койсоңуз экен деп сизге келип
олтурбайбы, — деп Бриссенден кыстара койду.
— Рас, бул менин алдыма, мени алдын ала ушактап жана шерменде кылып
туруп келип олтурат. Эми менин дүкөнчүмдүн мага карыз берерине көзүм
жетпейт. Бирок, баарынан жаманы байкуш бала бул багыт, жолу- нан өзүнөн
биринчи даражадагы кабарчы менен биринчи даражадагы шүмшүк иштелип
чыкмайынча, эч качан тая турган эмес.
— Бирок, муну туура жолго түшүрүүгө сиздин убактыңыз дагы бар, — деди
Бриссенден каршы чыгып. — Кап, ушуну мага жок дегенде бир келтирип туруп
согууга эмнеге гана бербедиңиз. Бул асыл ишке менин дагы катышкым келди эле.
— Экөөңөрдү тең түрмөгө олтургузат! — деп адашкан байкуш бышактап
ыйлады. Ай-бан-дар!
Бети эң эле калың неме экен, — деди Мартин башын чайкап, — колумдун күчү
бекерге кеттиби деп корком. Бул жаш жигитти теске келтире албайсың. Бул
сөзсүз биринчи даражадагы журналист болуп чыгат. Мында уят дегенден эч
нерсе жок көрүнөт! Бир гана ушул, буга өйдөлөөгө жардам бере турган.
Мына ушундан кийин, жаш кабарчы алды-артына карабастан, эшикти көздөй
шарт бурулуп, бөтөлкөнү дагы эле шилтеп турган Бриссендендин жанынан буйт
берип өтүп кетти.
Эртеси күнү Мартин өзү жөнүндө бир топ жаңы жана кызыктуу кабарларды
билди. «Ооба, көрсө биз коомдун душмандары болот экенбиз, — деди ал, басма
сөздүн өкүлү менен болгон аңгемеде, — бирок анархист эмеспиз! Биз —
социалисттербиз! Кабарчы ага бул эки багыттын ортосунда анчалык деле
белгилүү айырма жок экендигин белгилеп өткөндөн кийин Мартин «жок болсо,
жок болот да» дегендей ийнин куушуруп койду. Анын бети бир жагына кыйшая
түшүп, кадимки тубаса майыптуулуктун белгисин алып турган эле. Айрыкча бул
белги анын түйүндүү колдору менен кан ичердей жалтылдаган көздөрүнөн да
даана көрүнүп турду.
Мартин газеттен, күн сайын кечинде Сити-холл-багында жумушчулардын
кыска өткөрүлгөн жыйналыштарында чыгып сүйлөп, ал жердеги адамдардын
акыл-эсин ууландырып жатышкан бардык анархисттер менен үгүтчүлөрдүн
арасынан чоң кадыр-баркка ээси ушул, себеби ал жумушчулардын алдына
революциялык өтө таасирдүү сөздөр менен чыгып сүйлөөдө, — деп өзү жөнүндө
жазылганын окуду. Кабарчы анын үйүнүн ичин сүрөттөп жазып чыкты, кала
берсе, тамак бышыруучу керосинкасы менен жалгыз үстөлүн дагы калтырган жок
жана ачык боёктор менен: жүзү кадимки жыйырма жыл түрмөдө жатып жаңы эле
чыккан кишиники сыяктуу ач арбак, куу-сүрнөттөй болгон анык селсаяк
жан-жолдошун да көркөмдөп жазды.
Жаш кабарчы өтө чыйрактыкты көрсөттү. Ал Мартиндин өмүр баянын
сураштырып, сүрөтүн тартып, мистер Хиггинботамдын дүкөнчүсүнүн жана анын
эшигинин алдында турган мистер Хиггинботамдын өзүнүн дагы сүрөтүн тартып
алууга жетишти. Бул мырза болсо ардактуу жана акыл-эстүү көпөс катары өзүнүн
кайнисинин социалисттик көз караштарын бөлүштүрмөк турсун, аны менен
болгон бардык жеке байланышынан таза кол жууган адам катары баяндалып
көрсөтүлдү. Анын сөзү боюнча Мартин Иден жүргөн бир селсаяк, бир нече жолу
пайдалуу сунуштардан баш тарткан, иштегиси келбеген жалкоо болуп чыкты.
Ушинтип жүрө бере турган болсо анын акырында, сөзсүз түрмөгө түшүшү менен
иши бүтө тургандыгын баса көрсөттү. Кабарчы Герман Фон Шмидт жөнүндө да
жазып алды. Ал Мартинди «үй-бүлөнүн сасыткысы» деп атап жана ал дагы аны
менен өзүнүн байланышы жок экендигин түшүндүрдү. «Ал мени эзгиси келди, —
деди Герман Фон Шмидт кошумчалап, — бирок мен анын тузагына түшкөн
жокмун! Мен аны бул жерге экинчи жолу келгисиз кылдым. Андай бекерчиден эч
качан жакшылык күтпөгүн!»
Бул жолу Мартиндин чындап ачуусу келди. Бриссенден болсо бул окуялардын
бардыгына кадимки кызыктуу тамаша көрүп жаткандай эле мамиле кылды,
бирок Мартинди сооротууга күчү келбеди. Мартин бул окуя жөнүндө Руфка
билдирүү өтө кыйын экендигин түшүндү, анын үстүнө Руфтун атасы бардык
ушул болбогон окуяларды себеп кылып, ал экөөнүн ортосундагы никелик
макулдашууну балким бузуп жибериши да мүмкүн. Мартиндин бул кайгылуу
божомолдоолору ордунан жазбай чыкты. Эртеси күнү ага почточу Руфтан келген
катты алып келип сунду. Мартин бир кырсыктын боло тургандыгын сезе коюп,
ачылган каалганы почтальон ага катты тапшырган жерде, конвертти ачып катты
шашып окуй баштады.
Катты окуп жатып Мартин чөнтөгүнүн түбүнөн тамеки менен аны орой
турган кагазын шаша издей баштады. Мурда ал ар дайым чөнтөгүнөн тамеки
менен кагазын түшүрүүчү эмес. Ал чөнтөгүнүн түбү эчак тазаланып калгандыгын
жана чөнтөгүнөн эмне издеп жатканын өзү да билген жок.
Каттагы сөздөр токтоолук менен жазылыптыр. Каардануунун эч кандай
белгиси сезилбегени менен каттын биринчи сабынан тартып акыркы сабына
чейин таарыныч менен «өңүл калууга жык толгон. Сен менин үмүтүмдү аткара
алган жоксуң деп жазыптыр Руфь. Ал эгерде сен мени чын жүрөгүң менен сүйгөн
болсоң, анда эчак эле бул өзүңдүн зыяндуу кылык-жоруктарыңды таштайт элең
жана мени менен татыктуу турмуш куруп, өмүр сүрөт элең деп таарыныптыр. Ал
эми, — деп, айтыптыр Руфь, — атам менен апам экөөңүздөр колукту-күйөө
болобуз деп берген сөзүңөрдөн баш тартууга тийишсиздер дейт. Эмне кылабыз?
Мен алардын чечимдерин четке кага албаймын жана кагууга тийиш эмесмин.
Себеби алардын айткандары негиздүү, туура. Экөөбүздүн мамилелерибизден же
болбосо, келечекте баш кошуп өмүр сүрүшүбүздөн жыргалдуу эч нерсе чыкпайт.
Бул, биринчи кадамды жасаганыбыздан тартып эле, сокур жаңылыштык болгон!
Каттын ичинде дагы бир зекүү бар эле, бул Мартиндин сөөгүнө башка бардык
сөзгө караганда, катуураак батты. «Эгерде сиз баягыда эле, бир мекемеге кирип
иштеген болсоңуз, же болбосо, турмуштан кандайдыр бир орунду ээлөөгө
аракеттенген болсоңуз! — деп жазган Руфь. — Бирок, бул мүмкүн болбоду. Сиз
мурда бузулган баш-аламан турмушта жашап келгенсиз. Мен сизди тилдегим
келбейт. Сиз өз мүнөзүңүзгө жана мурдагы адетиңизге байланыштуу
аракеттенесиз. Мен сизге урушуп жаткан жокмун Мартин, муну билип коюңуз.
Апам менен атам чындыгында туура айтышкан экен: биз бири-бирибизге тең
келе албайт экенбиз, жана кошула электен мурун муну билгендигибизге кубануу
гана керек... Эми мындан ары мени менен көрүшөмүн деп ойлобой эле коюңуз, —
деди ал сөзүнүн акырында, — эгер биз жолугушсак биринчиден бири-бирибизди,
экинчиден апамды кайгыга салып гана алабыз. Мен ансыз деле апамды көп
капалантып кайгыга салдым, эми апамдын капасын жаза аламбы, же жаза
албаймынбы билбеймин!»
Мартин катты бир нече жолу окуп чыкты. Андан кийин ал жооп жазууга келип
олтурду. Ал социалисттик митингде уятсыз ушакчы газеттин бетин ачып,
сүйлөгөн өзүнүн сөздөрүнүн бардыгын келтирип жазды. Каттын аягында ал
өзүнүн чексиз берилип жалындаган сүйүүсү жөнүндө билдирди. «Сөзсүз жооп
бериңиз, — деп жазды ал — бир гана нерсени жазыңыз — сүйөсүзбү же жокпу?
Бул болсо эң башкысы».
Арадан бир-эки күн өттү — бирок, жооптон эч бир кабар болбоду. «Кечиккен
сүйүү» баягы эле ачылган бетинде козголбой столдо жатты, ал эми кол
жазмалардын дөбөсү болсо үзгүлтүксүз өтө берди. Мартин өмүрүндө биринчи
ирет таңды кирпик какпай аттырды. Чыдай албай Мартин Морздордукуна үч
жолу келди, бирок үч жолу тең аны киргизүүдөн малайы баш тартты. Бриссенден
ноокастап төшөктө жаткан эле, Мартин аны бир нече жолу көргөнү келип, ден
соолугун сурады, бирок өзүнүн кайгысын ага баяндап аны дагы кошо капа
кылууну туура көрбөдү.
Себеби, Мартиндин кайгысы аз эмес болучу. Кабарчынын карасанатай
кылык-жоруктарынын жыйынтыгы — Мартин күткөндөн дагы ашып кетти.
Португалдык дүкөнчү чын эле эми ага карыз бергенин токтотту, ал эми
америкалык жашылча сатуучу киши болсо, буркан-шаркан түшүп Мартинди
Ата-Мекендин чыккынчысы жана душманы деп кыйкырып, карызыңызды
төлөбөй эле коюңуз, бирок дүкөнүмө экинчи жолу башбакпаңыз деп кагазын
тытып ыргытып жиберди. Тегеректеги жашаган бардык адамдар Мартинди жек
көрүшүп, жана алардын кыжырдануусу күндөн-күнгө күчөп, арта берди. Эч ким
аны менен, чыккынчы социалист менен байланыш түзүүнү каалаган жок. Мария
байкуш болсо, Мартин үчүн күйүп-бышып, боору ачыганы менен бийликке ак
ниети менен мамиле кылып кала берди. Бир кездеги Мартинге келген кооз араба
жөнүндөгү элестери бүдөмүктөшүп, унутула баштаган коңшу-колоңдордун
балдары азыр туш-туштан Мартинге «ууру, кески», «селсаяк» дешип
кыйкырышып жатышты. Бир гана Мариянын балдары туруктуулук менен аны
коргоп, кээде ал үчүн катуу салгылашышып да калычу жана Мария өз
балдарынын чекелери томпоюп, көздөрү көгөрүп жүргөнүн көрүп сай сөөгү
сыздай түшө турган.
Бир күнү көчөдөн Мартин эжеси Гертруданы жолуктуруп, андан мурда эле, өзү
божомолдоп жүргөндөй Бернард Хиггинботамдын: менин бардык үй-бүлөмдү эл
алдында маскаралап, уят кылды деп аны жек көрүп, ага өчөшкөн кас экендигин
билди! Ошондой эле Мартин экинчи жолу босогомду аттабасын дептир.
— Бир жакка кетип калсаңчы, андан көрө Мартин, — ден сурады Гертруда. —
Бир жакка барып ал жерден бир ишке орношуп алсаң жакшы болор эле. Анан бул
окуянын аягы суугандан кийин кайра келип каласың да.
Мартин башын чайкап, эч кандай канааттандырарлык баяндама берген жок.
Ал кантип баяндама бермек? Ага өзү менен бир туугандарынын ортосунда түпсүз
ор жаткандай сезилди. Ал азыр бул ордон секирип өтө албай калды! Ницшеандык
менен социализмдин айырмасын Гертрудага түшүндүрүү күлкүнү гана келтирет!
Бул адамдарга өзүнүн кез караштары менен аракеттенерин түшүндүрүп, баяндап
берүүгө мүмкүн болучу дүйнөдө сез жок эле. Булардын бардыгынын талкуусу
биригип бир гана: бир жерден иш табышың керек дегенге келип такалуучу. Бул
болсо, алардын биринчи жана эң акыркы сөзү боло турган. Бир иш тап! Бир жерге
орнош! «Байкуш, аңкоо кулдар, — деп ойлоду Мартин Гертруданын сөзүн угуп. —
Күчтүүлөрдүн бул дүйнөнү ээлегендиктеринде таң каларлык эч нерсе жок!
Кулдарды алардын өзүлөрүнүн ойлогон кулдук ойлору жок кылып бүтүрөт.
«Кызмат», алар үчүн ар качан кастарлаган жана таасим кылып баштарын
ийишкен ыйык тумары сыяктуу боло турган». Бир нече күндөн кийин акчасы
түгөнүп костюмун дагы күрөөгө коёрун билип турса дагы Гертруданын берген
акчасын албайм дегендей Мартин башын тескери чайкап койду.
Бернардга сен эми келбей эле койгун, — деп Гертруда жалына баштады. —
Бир-эки ай өткөндөн кийин, анын ачуусу тарап калат, мына ошол кезде келмек
түгүл, андан арабакечиң болоюн эгер кабыл алсаңыз десең дагы жок дебейт. Ал
эми мага жолуккуң келсе, бирөөдөн чакыртып жиберсең болот, мен дайыма эле
үйдө боломун. Уктуңбу?
Гертруда көзүнөн жашын төгүп, артын көздөй бурулбастан, түз жолго түшүп
басып кетти. Мартин аркасынан анын чарчагандай оор кадам шилтеген
буттарына көз чаптырып, чексиз кайгыдан жүрөгү кысыла түштү. Ал эжесинин
артынан көз карашын албай турган кезде. күтүлбөгөн жерден ницшеандык
имарат түбүнөн солкулдап жана кулай баштады. Кандайдыр бир теорияны адам
өзүнүн жакындарына колдонууга караганда, кыял- дагы кулдук жөнүндө
талкуулоо жеңилирек болуп көрүндү. Ошону менен бирге эгерде күчсүздөрдүн
күчтүүлөр тарабынан эзилгендигинин мисалын изилдөөгө туура келсе, анда
Гертрудадан артык мисалды табуу өтө кыйын эле. Мартин бул наадандык көз
карашты шылдыңдап күлүп да жиберди. Эгерде боорукерликке берилсе, жана
чындык менен алгачкы эле кездешкенде өзүнүн көз караштарынан ал баш тарта
баштаган болсо, андан жакшы ницшеанчыл эмеспи; айтмакчы чындыгын
айтканда, азыркы минутада андан кулдук кулк-мүнөздүн өзү көрүнүп жаткан
жокпу ыя, жана анын эжесине карата болгон анын бул боор ачышы анын анык
кулдук сезими эмеспи? Чыныгы күчтүү адам боорукерлик менен кайгыдан ар
качан жогору турууга тийиш. Бул сезимдер эң терең түпкүрдөн төрөлүп, жана ал
күчсүздөр менен бактысыздардын эң акыркы жанталашуулары жана алардын
өлүм алдындагы эң акыркы чымыркануулары гана болуп санала турган.
ХL ГЛАВА
«Кечиккен сүйүүнүн» үстүндө иштөө алга жылган жок. Мартиндин
редакциядан кайтып келген кол жазмалары столдун астында үйүлүп жатты.
Бирок бир гана кол жазма өзүнүн саякатын али уландыра берди. Ал болсо
Бриссендендин «Туруксузу» болучу. Мартиндин велосипеди менен кара костюму
кайтадан күрөөнү көздөй жөнөдү, ал эми басуучу машинка үчүн акы төлөөнүн
мөөнөтү демейдегиден дагы узартылды. Бирок, мунун бардыгы Мартинди
кымындай дагы тынчсыздандырган жок. Ал өзүнүн бул башка түшкөн жаңы
тагдырына баш ийип, багынбаска чарасы калган жок, бирок, ошондой болсо дагы
азырынча турмуш өз агымы менен өтүп жатты. Бир нече жумадан кийин анын
эчак күткөн бир окуясы болду. Ал Руфь менен көчөдөн кездешип калды. Ал өзү
жалгыз эмес, бир тууганы — Норман менен ээрчишип келе жаткан экен, ал экөө
тең Мартинди көрүшсө дагы көрмөксөн болушуп, өтүп кете беришмек болду, бул
учурда Мартин кыжыры кайнай түшүп тике басып келип, бир сөз айтайын деди
эле, бирок Норман аны көкүрөгү менен тосуп Руфту көздөй жиберген жок.
— Эгерде сиз чатак салып, менин эжеме асыла турган болсоңуз, азыр эле
полицияны чакырамын, ал эми эжемдин сиз менен сүйлөшкүсү келбейт жана
сиздин уятсыздык менен келип тийишкендигиңиз тикеден-тике аны
шылдыңдагандыкка жатат.
— Чакыртсаң чакырта бер, — деп жооп кайтарды Мартин, — полициядан эч
ким коркпойт. Анда силердин дагы фамилияңар булганмакчы, же булганбайт деп
ойлойсуңарбы? Азыр жакшылык менен мындайырак болуп туруңуз. Мен Руфь
менен сүйлөшүүгө тийишмин.
— Мен бир тууганыңыз айткан азыркы сөздөрдү
сиздин оозуңуздан уккум келет, — деди ал Руфка тике бурулуп.
Руфтун өңү-түсү кубарып, денеси калтырай түштү да, токтоло калып,
Мартинди көздөй суроолуу көз чаптырды.
— Каттагы сизге берген менин суроомо жооп бериңиз, — деди Мартин.
Порман тынчсыздана түшүп, кандайдыр бир аракет жасамакчы болду эле,
бирок Мартиндин өткүр көз карашынан эмнегедир кайра токтоло түштү.
Руфь жооп бере албайм дегендей башын тескери чайкады.
— Сиз өз эркиңиз менен жаздыңыз беле? — деп Мартин кайталап сурады. —
Ооба, деди ал, жай гана бирок ишеничтүү, — өз эрким менен эле жазгам. Сиз мени
шерменде гана кылдыңыз, элдин жүзүн карай албай калдым. Тааныштарымдын
бардыгы мен жөнүндө сөз кылып жатышат. Менин сизге айтарым ушул. Сиз мени
бактысыз кылдыңыз, эми мен сизди көргүм да келбейт.
— Эл! Ушактар! Газеттин калпы! Булардын бардыгы чындыгында сүйүүдөн
күчтүүлүк кыла албайт!
Руфтун кубарып турган жүздөрү, күтүлбөгөн жерден кыпкызыл болуп кетти.
— Болуп өткөн окуялардын бардыгы кантип эле бүтүндөй ушак болуп
калсын? — деди Руфь, — Мартин сиз өзүңүздүн эмне деп айтып жатканыңызды
өзүңүз түшүнбөй жатасыз! Сиз мени, ким катары кабыл алып жатасыз деги?
— Сиз менен сүйлөшкүсү келбей жатканын түшүндүңүзбү эми?!— деди
Норман кыйкырып жана эжесин колтуктан алып жетелей басып.
Мартин алардын артынан тешиле тиктеп, эрксизден чөнтөгүнө колун салып,
жок тамекиси менен тамеки кагазын издеп, турган жеринде кала берди.
Түндүк Оклендге чейин бир топ аралык боло турган, бирок Мартин бул жолду
кантип басып өткөндүгүн билбей калды. Ал эсин жыйгандан кийин өз
керебетинде олтуруп алып эки жакты кадимки түшүнөн чочуган элирме тийген
кишидей алактап карап жатканын сезди. Ал столдун үстүндө жаткан «Кечиккен
сүйүүнү» көрө коюп, столду өзүнө жакын жылдырып алды да, жазууга киришти.
Ал ар дайым бир баштаган ишин аягына чейин жеткирүүгө аракеттенүүчү. Ал эми
азыр болсо, анын бет алдында али бүтпөгөн чыгармасы жаткан эле. Ал башка
жумуш иштөө үчүн чыгармасын кайра дагы жазбай таштап койду. Азыр бул
иштей турган башка иш «Кечиккен сүйүүнү» кайрадан колго алып, аягына,
чыгаруу болучу. Ал эми мындан кийин эмне иш кыларын ал билген жок. Ал бир
гана өзүнүн турмушунда чоң бурулуш башталгандыгын гана сезип турду. Ал
бүтүндөй бир жолду бүтүп, акыркы сүйлөмдү кыскартып, чекит коюуга аз калды.
Келечек аны азыр өзүнө кызыктыра албады. Ал өз убактысында ага келечек
эмнени камсыз кылып тургандыгын көрө жатар. Мына ошентип, аны азыр эч
нерсе өзүнө тарта албады. Бардык нерсеге ал кош-көңүлдүүлүк менен гана
карады!
Мартин беш күн бою такай «Кечиккен сүйүүнүн» үстүндө иштеп, эч жакка
чыккан да, эч кимди көргөн да жана оңдуу оокат да ичкен жок. Алтынчы күнү
эртең менен почточу ага «Парфеон» басмаканасынын ээсинен бир кат алып
келди. Конвертти ачып катты окуп, «Туруксуздун» кабыл алынгандыгын билди.
«Биз поэманы мистер Картрайту Брюска окуп чыгууга берген элек, — деп
жазыптыр басмаканачы, ал поэманы окуп чыгып, ал жөнүндө өзүнүн эң жакшы
пикирлерин айтты, мына ошондуктан, биз поэманы кубанычтуулук менен өз
журналыбызга басууну чечтик. Поэманы август айынын санына басууну
белгиледик. Анткени июль айынын саны терилип бүтүп калган эле. Мистер
Бриссенденге биздин терең урматтообузду жана ыраазы болгондугубузду
билдирип коюуңузду сурайбыз. Бизге анын сүрөтү менен өмүр баяны керек,
мүмкүнчүлүк болсо тезирек салып жибериңиз, эгерде биз сунуш кылган гонорар
аздык кыла турган болсо, анда уялбастан эле, өзүңүздөрдү канааттандыра турган
сумманы телеграф менен билдирип коюңуздар»...
Сунуш кылган гонорардын суммасы үч жүз доллар болгондуктан, Мартин
телеграф урууну зарыл деп таппады. Бриссендендин гана макулдугуна жетишүү
калды. Чындыгыңда эле Мартиндики туура болуп чыкты. Мына эми чыныгы
поэзия жөнүндө бир нерсе түшүнгөн редактор да табылды. Мындай гонорар
«Кылымдын поэмасы» үчүн дагы аздык кылбас эле. Мартин Бриссенденден
Картрайт Брюс сынчылардын арасынан эң көрүнүктүүсү жана эң кадырлуу
сынчы деп эсептелерин билүүчү.
Мартин үйүнөн чыгып, трамвайга олтуруп, айланадагы мелмилдеп созулуп
жаткан түрдүү көрүнүштөргө көз жиберүү менен азыр аны өзүнүн дагы, досунун
дагы ийгиликтери толкундатпай калгандыгын кайгыруу менен ойлонду. Кошмо
Штаттардын эң көрүнүктүү сынчысы поэманын татыктуулугун эң тууралык
менен жогору баалады, мына ошондуктан Мартиндин бир кездеги искусствонун
чыныгы чыгармасын эч ким баса албайт, акыры чыгууга тийиш деген
аныктамасы туура болуп чыкты. Мартиндин мурдагыдай шыгы, жалындануусу
жоголгонсуп, мына ошондуктан, ал Бриссенденге бул кубанычтуу кабарды
билдирүүгө шашпастан анын өзү менен жолугушуп, жолдоштук иретинде
сырдашууну көбүрөөк эңседи. Ал азыр гана «Кечиккен сүйүүнүн» үстүндө
иштеген беш күндүн ичинде бир жолу дагы Бриссенден жөнүндө ойлоп
койбогондугун, жана андан эч кандай кабар албагандыгын эсине түшүрдү.
Мартин өмүрүндө биринчи жолу өзүнүн көңүлүнүн ушунчалык терең
чөккөндүгүн сезип, кала берсе, бул үчүн өзүнүн досунун алдында уялып да кетти.
Бирок ал, уялууну да кандайдыр шаймансыз сезди. Ал аны бир гана «Кечик- кен
сүйүүнүн» үстүндө иштегендеги чыгармачылык кубанычтан башка эч кандай
башка кубаныч аны толкундата албады.
Ал кандайдыр бир өз эркин жоготкондой сезип турду. Трамвай өтүп бара
жаткан жанданган көчөлөр ага кандайдыр бир алыскы караан сыяктуу болуп
көрүндү жана эгерде анын кулагына чиркөөнүн коңгуроосунун түрдүүчө
кубулжуган үнү күтүлбөгөн жерден шак дей түшпөсө, ал мүмкүн бул элестерге
анчалык деле таң калбас эле.
Ал конок үйүнө кирип келери менен түз эле Бриссендендин бөлмөсүн көздөй
жөнөдү. Ал күтүлбөгөн жерден токтой-калып, таң кала түштү. Комнатанын ичи
аңгырап бош турган экен. Үйдүн ичинин бардыгы сыртка чыгарылып
ташталыптыр.
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 27
  • Büleklär
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 4096
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1923
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 4116
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2032
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 4219
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1994
    32.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 4242
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2001
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 4170
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1818
    31.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 4204
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1914
    30.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 4159
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1830
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 4140
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1839
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 4066
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1839
    30.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 4088
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1855
    30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 4142
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1934
    32.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 4198
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1946
    29.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 4163
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1875
    32.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    53.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 4152
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1798
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 4146
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1914
    30.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 4051
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1883
    28.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 17
    Süzlärneñ gomumi sanı 4192
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1869
    33.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 18
    Süzlärneñ gomumi sanı 4075
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1922
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 19
    Süzlärneñ gomumi sanı 4017
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1845
    29.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 20
    Süzlärneñ gomumi sanı 3984
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1903
    29.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 21
    Süzlärneñ gomumi sanı 4005
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1807
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 22
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1890
    31.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 23
    Süzlärneñ gomumi sanı 3967
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1878
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 24
    Süzlärneñ gomumi sanı 4002
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1933
    31.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 25
    Süzlärneñ gomumi sanı 3959
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1945
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 26
    Süzlärneñ gomumi sanı 4024
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1889
    32.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 27
    Süzlärneñ gomumi sanı 4161
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1991
    31.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 28
    Süzlärneñ gomumi sanı 4151
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1865
    32.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 29
    Süzlärneñ gomumi sanı 4089
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1790
    31.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 30
    Süzlärneñ gomumi sanı 4200
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1787
    32.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 31
    Süzlärneñ gomumi sanı 4188
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1938
    32.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 32
    Süzlärneñ gomumi sanı 2695
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1131
    36.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    56.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.