Latin

Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 01

Süzlärneñ gomumi sanı 4096
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1923
31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
43.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
51.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Америкалык белгилүү жазуучу Джек Лондондун бул чыгармасы
социалдык-психологиялык мүнөздөгү роман. Жазуучу мында капиталисттик
коомдогу карама-каршылыктарды жана адамдын кайгы-муңун чагылдырат.
I ГЛАВА
Заңгыраган чоң имаратка келишкен эки жигиттин астыңкысы француз
ачкычы менен эшикти ачып, босогодон үйгө аттай бергенде, артындагы жигит
коомайлана түшүп, шапкесин колуна олдоксон ала койду. Ал деңиз жыттанган
жупуну, одуракай кийимчен эле. Жасалгалуу кең бөлмөнүн ичинде ал бир аз
сүрдөй түштү. Кала берсе колундагы шапкесин да кайда коёрун билбей
кайсактап, акырында аны чөнтөгүнө тыкшыра салайып дегенче болбой, тиги
жолдош аны сезе коюп, ал таңыркай түшкөндөй ыкчамдык менен анын колунан
алып, босогодогу илгичке кыстара салды. Анын мындай таң каларлык кичи
пейил, элпек мамилесине кологой жигит өтө ыраазы боло түшүп: «И, түшүнүктүү
жигит көрүнөт. Сыягы, абийиримди төкпөйт окшойт», — деп ойлонду ичинен.
Ал кадамдарын кере таштап, жолдошунун артынан удаа баратты. Ага үйдүн
тактайлары кадимки эле деңиз толкунундагыдай болуп көрүнүп, бирде төмөн
чайпа- лып, бирде жогору көтөрүлгөнсүп кетти жана бул кенен бөлмө анын
теңселип басышына эмнегедир ыксыз тар сезилип, ошон үчүнбү, айтор
ал-ийиндерим менен кокустан каалгага урунуп, болбосо жеңдерим менен мештин
үстүндө жайнап турган бирдемелерди серпип кетпегей элем дегендей
бушаймандуу апкаарык ойдо баратты. Ал, бул түрдүү түркүн буюмдардын
араларынан өтө сактанып, аябай этияттык менен кылдат өтүүгө аракеттенип
баратты. Роял менен үстүндө китептер үңүлүп турган столдун ортосунан катары
менен алты киши кең-кесири өтүп кетиши мүмкүн эле, бирок ал, бул жер- ден да
өзүнүн тартынчактыгын билгизип, шыдыр өтүүдөн тартынып, демин ичине алып
акырын эптеп-септеп, кысталып жатып араңдан зорго дегенде өттү. Сөөктүү
колдорунун эпсиз бултакташынан анын өзү дагы уялып кетип, эмне кыларын
билбей башы маң боло түштү. Аңгыча тигил столдун үстүндөгү жаткан
китептерге колу тийип кетип, аларды жерге түшүрүп жиберерине көзү ачык
жеткен кезде, ал үрккөн аттай четке жалт бурула берди эле, аз жерден роялдын
жанында турган тапиреткени кулатып ала жаздады. Ал астындагы тыкан жана
ишенимдүү кадам шилтеп бараткан жолдошунун кыймылдарына көз кырын
чаптырып көрдү, ошол замат ал өмүрүндө алгачкы ирет өз басыгынын абдан эле
олдоксон экендигин жана башка адамдардын басыгына салыштырып көргөндө
аныкы таптакыр алардыкына окшошууга чендебей тургандыгы жөнүндө
өкүнүчтүү кусалык менен ой жүгүрттү. Ушул ойдон анын аябай ичи күйүп,
намысы катуу тутанып барып токтоду.
Чекесинен уяттын муздак тери чыпылдап чыга түшкөндүктөн, ал токтоло
калып, бет аарчысы менен кара сур тарткан жүздөрүн аарчыды.
— Артур дос, бир аз сабыр эте туруңузчу, — деди ал тамашага чаптырып, өз
үйүн кысылып тургандыгын шектентпеске тырышып, — адегендеги элеки
сиздин бул өтө жылуу мамилеңиз мага саал ыңгайсызыраак сезилип турат.
Эсимди жыйып алууга азыраак мүмкүнчүлүк берсеңиз дейм. Келбей эле коёюн
десем өзүңүз болбодуңуз, экинчиден сиздин үйдөгүлөрүңүз мени көрүүгө
анчалык деле куштар эмес чыгар.
— Болбогон кеп! — деди көңүл жубатып, — биздин үйдөгүлөрдөн сиз
чочуркабай эле коюңуз. Биз деле жөнөкөй эле адамдардан болобуз... Эх-ээ!
Тетигил эмне- ой? Мага кат келип калса керек!
Артур конокту оюн жыйып алууга эркин коюп, өзү столдун жанына келип
катты ачып окуй баштады. Конок да буга түшүнүп, ичинен ыраазы болуп
жымыңдай түштү. Ал табыйгатынан эле өтө сергек жана сезгич жигит боло
турган, ошондуктан. өзүнүн жанакы сырткы апкаарыгандыгына карабастан ал
өзүн тыкан кармап, жаңы шартка улам барган сайын тезирээк көнүгүп баратты.
Ал тер чыга түшкөн маңдайын бет аарчысы менен сүртүп алды да, көздөрүндө
капканга түшүп калуудан катуу чочулап турган жырткыч айбандын
көздөрүндөгүдөй коркунучтар али да болсо жанып турганы менен, үйдүн ичине
эми мурдагыга караганда кадимкидей токтоо да, сабырдуу да көз жүгүртүп
чыкты. Ал чоочун үйгө келип калгандыгына өзгөчө бушайманданып, кандайдыр
бир кокустук болуп кете тургансып шектүү опкоолжуп, эмне кылар айласын
таппай кетти. Анын минтип сүрдөп, апкаарып турушу анын кадам шилтешинен
жана ыксыз жандоолорунан гана эмес, бардык башка кылык жоруктарынан дагы
айкын- ачык, дапдаана байкалып турду. Ал жогоруда айтылгандай адамдан
бөтөнчө сезгич жана жеткен намыскөй жигит боло турган. Ошондуктан окуп
жаткан катынын үстүнөн ашыра караган Артурдун арамза көз карашы ага
кадимки канжар менен ургандай тийди. Ал көптү көрүп, көптү сезип жана
баарыдан да тартипке үйрөнүп калгандыктан Артурдун бул көз карашын
байкамаксан болуп тим болду. Ошондой болсо да канжардын бул соккусу анын
жигиттик абийирин жаралады. Өзүнүн бул жерге эмнеге гана келип калганын
түшүнө албай ирээнжип, ошондуктан эриндерин кесе тиштенип, ичинен өзүнө
өзү аябай нааразы болуп олтурду. Бирок ал кайра ойлоно түшүп, эми мынча
келгенден кийин эмнеси болсо да акырына чейин чыдап көрөйүн деп чечти.
Заматтын ортосунда кайрадан анын өңү-түсү бузула түшүп, эки көзүнөн от
чагылгансып кетти. Ал өзүн курчап турган бул көрүнүштөргө мурдагыдан
ишеничтүүлүк, ынтызарын койгондук менен карап чыгып, көргөндөрүнүн
бардыгын эсине бекем тутуп калууга аракеттенди. Ал үйдүн ичине тигиле көз
чаптырып, ийне жибине чейин эч нерсесин калтырбай карап чыкты. Кооз,
көркөмдүү жана сонун бул буюмдарга өтө кызыгып, берилип кеткендиктен, анын
көздөрүндөгү жанагы жек көрүүнүн оту эми акырындык менен барып жагымдуу
нурданууга айланды. Кооздукка ал кумардануу менен бериле турган, бул жерде
болсо, андай кооздуктар жетишерлик эле.
Анын көзү дубалдын боорунда илинип турган майлуу боёктор менен
тартылган кооз сүрөткө чалдыга түштү. Суудан көтөрүлүп турган борчук
таштарга күчтүү толкун келип урунуп, чагылгандуу булуттар асманды бүтүн ,
каптап алган, батып бара жаткан күндүн кызгылт нурларына алтындай болуп
жаркырап, күчтүү толкундардын үстүндө оодарылып кете тургансып кыйшая
түшкөн кичинекей кайыкчанын палубасынын бардык жери көрүнүп турат. Бул
аябагандай сулуу көрүнүш эле, ал эми сулуулук болсо аны чексиз өзүнө тартып,
азгырып кетүүчү. Ал өзүнүн жанагы теңселген басышын унутуп коюп, илинип
турган ошол сүрөткө такай жакындап келди. Эми ага бул сүрөт эч кандай деле
кооздугу жок, одуракай сүртүлгөн бир боёк болуп көрүндү. Андан кийин ал саал
артын көздөй кетенчиктеди. Ошол замат сүрөт кайра мурдагысынан беш бетер
бөтөнчө сулуу жана көркөмдүү болуп чыга келди. «Сыйкырдуу сүрөт», — деди ал
артын көздөй бурула берип, жакшынакай таасир калтырып жаткан жаңы
көрүнүштөрдүн ичинен ушунчалык сулуулуктун бүткүл касиетинин болбогон
бир сыйкырдуулук үчүн жоготулушуна кыжыры да келип кетти. Анын живопись
жөнүндө эч бир түшүнүгү болгон эмес. Буга чейин ал жакын менен алыстан
бип-бирдей, теп-тегиз болуп даана көрүнүүчү жалаң гана хромолитографияларды
көрүп жүргөн. Чындыгында ал магазиндердин текчелеринен боёк менен
тартылган кооз сүрөттөрдү да көргөн эле, бирок аларды жакшылап байкап
кароого сыртындагы айнектери дайыма тоскоолдук жасоочу.
Ал катты окуп жаткан досун көздөй көз чаптыра бергенде, столдун үстүндө
жаткан китептерди байкап калды. Анын көздөрү куду эле ачка киши тамакты
көргөндөгүдөй болуп жандана түштү. Анан мурдагысындай эле теңселе басып,
столго жакын келди да, толкундануу менен анын үстүндөгү жаткан китептерди
ирети менен карай баштады. Ал китептердин авторлоруна жана аттарына көз
жиберип, тексттен алардын кээ бир сөздөрүн окуп жана бул китептерди көздөрү
менен да, колдору менен да эркелетип чыккандай болду. Аңгыча болбой, бул
китептердин арасынан ал өзү жакында эле окуган бир китебин жолуктурду.
Бирок, ушул жалгыз китептен бөлөгүнүн бардыгы ага алардын авторлору
сыяктуу эле, чоочун китептер болучу. Ал колуна тийген Суинберндин томун
жүздөрү нурдана түшүп, өзүнүн кайда тургандыгын унутуп окуй баштады.
Китептин окуп жаткан бетине сөөмөйүн коюп, эки жолу жаап, анын авторуна көз
чуркатып чыкты. Суинберн! Ал бул атты эч качан унутпайт... Бул Суинберндин
калыбы, кооздук менен сулуулукту даана көрө билген көздөрү курч киши
көрүнөт. Бирок ал ким болду экен? Же ал көп акындар сыяктуу эле мындан жүз
жыл мурда көз жумду бекен? Же болбосо дагы эле тирүү болуп, жазып жатат
болду бекен? Ал китептин биринчи, башкы барагын ачты. Ооба, ал бир гана бул
эмес, дагы бир топ китептерди жазган экен. Макул эмесе, ал эртең эртең менен
эле калк китепкана- сына барат да, андан Суинберндин чыгармаларынын
кайсынысын гана болбосун, бирин таап алып окуйт.
Ал китепке берилип кетип, бөлмөгө бир жаш селкинин кирип келгендигин
байкабай да калды. Анын оюн Артурдун добушу бөлүп жиберди:
— Руфь! Бул мистер Иден!
Мартиндин колундагы китеби эрксизден жабыла түшүп, мурда угуп көрбөгөн
бул сөздөн бүткөн бою дүркүрөп, артына бурулуп карай албай калды. Бул
өзгөрүлүү бөлмөгө кирип келген жаш селкинин таасиринен болбостон, анын бир
тууганынын азыркы айткан сөзүнөн эле. Ушундан улам анын булчуңдуу чың
денесин дүүлүккөн сезим бийлеп алды. Сырткы жагымсыз нерселердин
кичинекей эле таасири анын ойлорун жана сезимдерин кадимки чагылган
тийгендей алоолонтуп жиберүүчү. Ал өтө сезгич жана боорукер жигит болгондуктан, анын кызуу кыялданып кетүүчү адаты жакшы менен жаманды даана
ажырата билүүчү. Ошондуктан «Мистер Иден» деген сөз анын бүткөн боюн
дүркүрөтүп жиберди. Себеп дегенде, өмүрүндө аны эч ким «мистер Иден» деп
атаган эмес эле, атаса дагы «Иден» же «Мартин Иден» деп гана, же болбосо жөн
эле — «Мартин» деп коюшчу. Демек, бул бир нерсени түшүндүрүү керек» деп —
ойлоду ал. Анын ойлору баш аламан болуп чаташа сокту. Көз алдынан кадимки
жипке тизилгендей өмүрүнүн ар түрдүү картиналары чексиз чубап өтүп жатты;
кочегаркалар, трюмдар, доктор, пристандар, түрмөлөр жана аракканадагыдан,
ооруканалар жана ыплас үйлөр — мына ушулардын бардыгы анын бирөөлөр
менен мамиле кылуудагы көнүп калган көнүмүштөрүнүн тизмектеринин
катарына тизилди.
Ал артына кайрылып кызды көрдү. Ушул замат, ал көз алдынан жанагы көп
элестердин кайда кеткендигин билбей калды. Бул кыз кол тийгизбестей назик,
ак жуумал, ойноктогон көгүлтүр бакыраң көз, коюу алтын чачтуу, көргөн
адамдын көңүлү суктангандай эң эле татынакай кыз эле. Мартин анын кийген
кийимдерин жакшылап да байкаган жок, бирок анын өзү кандай сонун болсо, ага
анын кийиминин жарашыгы дагы дал ошондой сонун болуп көрүнгөнсүдү. Ал
кыялында бул кызды ичке сабактагы алтын түстүү сары гүлгө салыштырып
көрдү. Жок, бул салыштыруу да туура эмес эле. Ал адамдын кызы эмес эле бир
перизаттын кызы. Анын сулуулугундай сулуулук... Чындыгында жер жүзүндө
болууга мүмкүн эмес. Же чындыгында эле коомдун башка, жогорку катмарында
бул сыяктуу кыздар көп деп китептерде баяндалгандар туурабы? О, эгерде ушул
кызды Суинберн ырга кошуп жазса кандай сонун болор эле? А, мүмкүн тиги
столдо жаткан китептеги Изольданы сүрөттөп жазган учурда дал ушул кызга
окшогон башка бир кызды көз алдына элестеткен чыгар? Мына ушул
сезимдердин, ойлордун жана көрүнүштөрдүн бардыгы көз ирмемдей гана кыска
убакытка созулду... Сырткы окуялар өзүнүн ирети менен токтолбостон өтүп
жатты. Руфь ага колун сунуп, экөө кадимки эркектерче бекем кол алышкан
учурда анын жылдыздай жанган көздөрү көзүнө кадалып турганын байкады.
Башка аялдар Мартиндин колун минтип бекем кысып учурашчу эмес эле. Алар
кээде гана салкын кол алышып учурашуучу. Ушул учурда ага ар түрдүү аялдар
менен өзүнүн кантип таанышкандыгы жөнүндөгү элестери кадимки күңүрт
картина сыяктуу болуп көрүнүп, аны өз кучагына эрксизден тартып кетти. Бирок,
ал мунун бардыгын тез эле четке кагып, маңдайындагы Руфту суктануу менен
карап турду. Ал мындай сулуу кызды өмүрүндө эч качан көргөн эмес. Ал мурда
билген аялдары менен бир заматтын ичинде Руфту салыштырып көрдү. Айрыма
— асман менен жердей болуп чыкты. Ал ушул кыяматтай болуп сезилген бир
секунданын ичинде Руфь ортосунда турган сүрөттүк галереянын борборуна өзүн
коюп алып, тегерегиндеги бардык аялдарга сын көз караштарын жиберип, ар
бирине баа берип жана аларды Руфка дагы бир жолу салыштырып чыккандай
болду. Ал фабрикаларда иштөөчү аялдардын чийдей арык колдорун, ооруган
кишиникиндей куп-куу жүздөрүн жана шаардын четиндеги шайыр кыздарды
көрдү; жана ал чоң бастырмалардан -саанчы, мал кайтаруучу аялдарды; Эски
Мексиканы мекен кылган кара тору келген, өнөкөттө сигара тартышчу аялдарды
көз алдына алып келди. Андан кийин жыгач тамандуу кепичтерин кийинишип
тыпылдай басышкан, куурчакка окшогон япондук аялдар; жүздөрүнө бузулуунун
белгилери кире баштаган чап жаактуу Евразиянын аялдары; анын артынан
бүткөн бойлорун гүлдөр менен кооздоп алышкан Улуу океандын аралдарынын
кара түстүү семиз аялдары чыга келди, жана эң акырында мунун бардыгын сүрүп
чыгарып, анын көз алдына качкан-бозгон, долу, — Уайтчэпелдин
тротуарларында көрүнгөн эркектер менен жүрүшүп аялдарга араң эле окшоп
калышкан бокочодой кир, мээлери ууланган, этегинен бузулган, кеме токтоочу
жерлерде күн сайын суучулдардын жолун тосуп, аларды бакмалап кайтарып
турушкан — бул порттордун таштандысы, адамзат казанынын чий көбүгү болгон
аялдардын топурандылары жанагындай жипке тизилгендей болуп, биринин
артынан бири чубап өттү.
— Отуруңуз, Мистер Иден, — деди кыз. — Бизге Ар- тур айткан нерселерден
кийин менин сиз менен өтө таанышкым келди. Сиздин аныңыз чоң эрдик болгон
экен.
Ал жок дегендей башын тескери чайкады да, мунун бардыгы болбогон нерсе,
эгерде өзүнүн ордунда башка бирөө болгон болсо, ал деле дал ошентмек, — деп
колдурады. Руфь анын сунган колунан жаңы эле айыгып келе жаткан бир
жаратты байкап калды, экинчи колуна көз жиберди эле андан дагы ошондой эле
жаратты учуратты. Андан кийин Руфь өзүнүн сын көз караштарын анын башын
көздөй жиберип, анын жаагындагы жана маңдай чачынын түбүндөгү тырыгын
жана крахмалдаткан жакасынын далдасынан бирде көрүнө калып, бирде жок
болуп кетип турган дагы бир тырыкты байкады. Руфь анын жакасы өйкөй койгон
тотуккан мойнунан кичинекей бир кызыл тилкени көрө коюп күлүп жибере
жаздап барып араң токтоду. Ал жака тагынып жүрүүгө көнгөн эмес окшойт.
Руфтун көздөрү анын кемсел-шымынын эң эле одоно, каптай көлпөктөтүлүп
бычылышын жана ийининдеги бүгүштү, ичинен зор булчуңдары байкалып
турган жеңдериндеги бүктөлмөлөрдү белгилен өттү.
Мартин
өзүнүн
жасаган
аракетинде
эч кандай
бөтөнчөлүктүн,
кыйын-кыйынчылыктын жок экендигин кайталады да, Руфтан кечирим сурап
креслону көздөй басты. Ушул учурда ал, Руфтун денесин эркин кармап сымбаттуу келип диванга олтурушун көрүп, эрксизден суктана түшүп, бирок өзүнүн
мүчөсүнүн көрүкүп турган одонолугун көзүнө элестетип кайра ого бетер катуу
уялып кетти. Мунун бардыгы ал үчүн чоң жаңылык болду. Ал кологой жигитпи
же болбосо, шамдагайбы, мындай суроону өзүнө эч качан мурун берген эмес. Дал
ушинтип, ал эч качан өзүнө-өзү сын берген эмес. Ал дагы эле колдорун кайда
катарын билбей, этияттык менен келип креслонун четине олтурду. Канчалык
чеберденсе дагы, колдору ага тоскоолдук кылып туруп алды, анан калса,
Артурдун дагы сыртка чыгып кеткенин карачы. Мартин Иден өтө капа боло
түштү. Эми Мартин бөлмөнүн ичин- де аппак болгон аял кейпин кийген пери
менен жалгыз өзү калып, сүрдөгөндүгүнөн өзүн-өзү таптакыр жоготуп жибере
жаздады. Тегеректе вино сатуучу дүкөнчө да, же болбосо пивого чуркатып
жибере турган балдар-салдар да жок эле. Себеби — бул шараптардын жардамы
менен аңгемелешүүгө өтүүгө кандайдыр бир ыңгайлуу болучу.
— Сиздин мойнуңуздун тырыгы бар экен да мистер Иден, бул эмнеден болду
эле? — деди кыз, — мүмкүн бул кандайдыр бир зор окуядан келип чыккандыр?!
— Мексикалык бир жигит мени бычак менен уруп калды, мисс, — деди жооп
берип, тили менен эрдин жалап, тамагын жасап, — ал экөөбүз катуу мушташып
калдык. Мен анын колунан бычагын жулуп алганымда, ал менин мурдумду
тиштеп ала жаздады.
Ал, бул сөздөрдү жөн гана, толкунданбастан туруп түшүндүрүп чыкты, ушул
замат анын көз алдына Салина-Круңтагы караңгы, жылдыздуу үп түндүн
жагымсыз сүрөттөрү; жээктин ак тилкелери, кант жүктөлгөн кемелердин оттору;
мас болгон суучулдардын бакылдаган үндөрү, топураган жүк ташуучулар,
өң-түстөн кетип, туталанган мексикалык жигиттин жылдыздын жарыгында,
кадимки жырткыч айбандыкындай жанган кара көздөрү, мойнуна кадала түшкөн
бычактын муздактыгы; түтөктөгөн кан, дүрбөлөңдөгөн адамдардын чуру-чуу, гүрү-гүү дабыштары, өзүнүн мексикалык жигит менен кумда кармашып, тоголонуп
бара жатканы жана кандайдыр бир алыстан угулган гитардын мукамдуу үндөрү
да тартыла түштү. Мына ушундай элестөөлөрдөн кийин, ал күтүлбөгөн жерден
ушулардын бардыгын комнатадагы илинип турган сүрөттү тарткан адам
келиштирип тарта алар беле же жок беле? — деген ойго кетти. Аппак жээк,
жылдыздар, жүк ташуучу кемелердин оттору — сүрөттө
жакшы чыкмак; ал эми булардын ортосуна кумдун үстүндө күрөшүп
жаткандарды тегеректеп турушкан адамдарды, жылдыздын нурунда
жаркыратып болот бычак- ты да кошо тартын койсо, эн сонун болмок!
Бирок ал өз аңгемесинде бул жөнүндө ооз ачкан да жок.
— Ооба, ал менин мурдумду тиштеп алгысы келди, — деди ал.
— О! — деп кыз таң кала түштү, анын үнүнөн, жүздөрүнөн катуу
уялгандыктын белгисин байкоого мүмкүн эле. Мартин эмнегедир өзү дагы уялып
кетти, ошондуктан анын күнгө күйгөн жаактары кадимки кызыл боёк
сүйкөлгөндөй боло түштү. Бул уялуунун боёгу түбүнө от жагылган казандын
жанында бир сааттан ашык олтурган адамдын бетиндей болуп кызара түшкөн
эле. Бычак салышуу жөнүндөгү жагымсыз окуяны бир дагы ак сөөк аял уккусу
келбес. Китептерде анын чөйрөсүнө кошулуучу адамдар бул сыяктуу окуялар
жөнүндө эч качан сүйлөшчү эмес, мүмкүн алар ал жөнүндө калыбы билишпесе да
керек.
Мартин Руфка карата жаңы эле ооз ачканда мукактана түшсө, Руфь анын
жаагындагы тырыгы жөнүндө дагы сурап калса болобу. Мартин Руфтун
мынчалык өтө эле кызыгып сурап калгандыгынан анын өзү жөнүндөгү окуяларга
көңүл койгондугун байкады, ага толук жооп берип, андан кийин аңгеменин
темасын эптеп Руфтун өзүнө жакыныраак маселелерге көчүрүүгө аракеттенди.
— Мунун себеби, — деп баштады ал, жаагын сыйпалап, — бир күнү түн
Ичинде аябаган чоң толкун келип мачтанын төмөнкү парусун бардык
шаймандары менен жулуп кетти. Зым аркан кадимки жылаандай ийрилип
мачтаны айланып жатты. Вахтадагылардын бардыгы аны кармоого умтулушту.
Мен болсом токтолуп турбастан секирип кармадым да, арканды тез эле өз
казыгына байлап бекиттим, ушул учурда жаагыма тыз дей түштү эле.
— О! — деп, Руфь боору ачыгандай таң кала түштү жана ал үчүн «гроттор»,
«тросттор» деген сөздөр тим эле, аны менен бирөө грек тилинде сүйлөшүп
жаткандай түшүнүксүз болучу.
— Бул... Свайнберн, — деди ал жанагы планын орундатууга аракеттенип, жана
бул сөздүн айтылышынан одоно ката кетирип.
— Ким?
— Свайнберн, — деди Мартин кайталап, — акын.
— Суинберн, — деди Руфь аны түзөтүп.
— Ооба, дал өзү, — деди ал, кайра дагы кызара түшүп, — эчак өлгөн бекен?
— Өлгөн деп укканым жок, — Руфь ага таң кала тик- теп, — ал киши менен
каерден тааныштыңыз эле?
— Жо-ок, мен ал кишинин караанын да көргөн эмес- мин. Сиздин
келериңиздин астында тетиги столдун үстүндөгү жаткан китептерден мен анын
кээ бир ырларын гана окудум. Анын ырлары сизге жагабы?
Мартиндин кызыккан ар бир суроолору жөнүндө ал жеңил жана эркин сүйлөп
жатты. Мартин болсо өзүн эркин сезип, креслого дагы тереңирээк ныгырылып
олтурду жана кресло анын алдынан жылып кетип, жерге шалак дей түшө
тургандай сезип, анын туткасынан бекем кармап олтурду. Ал Руфтун жүрөгүнө
жакын теманы тапканына өтө кубанып жана анын татынакай башына
ушунчалык көп билимдин батканына таңыркоо менен көңүлүн коюп жүрөктү
элжиреткен назик денесине кыялдануу менен тиктеп, кумарланып олтурду. Ал
уккан сөздөрүн жакшылап түшүнүүгө аракеттенип жатты. Бирок Руфтун оозунан
чыккан түшүнүксүз сөздөр аны айран-таң калтырып жиберди, себеби Руфтун ой
жүгүртүүлөрү ал үчүн чындыгында таптакыр түшүнүксүз жана жат болуп
сезилди. Ошенткени менен бул окуя анын оюн ыкчам иштетүүгө түрткү болду.
Мына акылдын кени, — деп ойлоду ал, — мына жаркыраган жана укмуштуу
сулуулук! Ал ушундай сулуулуктун бул дүйнөдө бар экендигине эч качан шек
санаган эмес эле. Ал айланасындагынын бардыгын унутуп, жалындаган көз
караштарын Руфтан көпкө чейин албай турду. Ушул минутада ал, бул турмушта
эмне учун жашап. эмне-үчүн умтулуп, эмне учун күрөшүп жана эмне үчүн өлүү
керек экендигин түшүндү. Эми китептердеги айтылгандар туура болуп чыкты.
Турмушта бул сыяктуу аялдар бар экен. Мынакей анын бири. Руфь анын кыялына
канат бергендей сезилип, анын көз алдына жаркыраган зор картиналар пайда
боло түштү. Бул картиналардын ичинде, романтикалык сырдуу образдар, ак куба
келген ушул алтын түстүү аял үчүн көрсөтүлө турган сүйүүнүн жана
баатырдыктын эрдиктеринин элестери катылып жаткан эле. Сыйкырдуу закым
аркылуу карагандай, мына ушул делебени козгогон, бирок көпкө созулбаган
көрүнүш аркылуу ал өзүнө искусство жана адабият жөнүндө билгичтик менен
баяндап берип жаткан ушул жалындуу аялды карап турду. Ал өзүнүн бардык
ички кубаттуу дүйнөсүнүн мазмуну өткүр көз караштарынан чачырап, жайнап
тургандыгын жана Руфка телмире тиктегенин сезбестен, аны бериле тыңшап
жана карап олтура берди. Эркектер жана турмуш жөнүндө көп билбеген Руфь
Мартиндин бул жалындуу көз карашын аялдык сезим менен байкай коюп,
күтүлбөгөн жерден сактана түштү. Ушул убакка чейин бир дагы эркек аны
ушунчалык берилген көз караш менен тиктеген эмес эле жана бул көз караш аны
өтө апкаарытып жибергендей сезилди.» Ал мукактанып барып кайра унчукпай
калды. Ал оюнан адаша түшкөндөй болду. Мартинден ал чочуп да жана ошол
учурда анын минтип тиктеп турушу эмнегедир жагымдуу сезилип да турду.
Руфтун алган тарбиясы бул сыяктуу коркунучтукка жана сырдуу, алдамчы
жагымдуулуктун күчүнө каршы сактанууга үйрөткөн; бирок табигый сезим аны
эмнегедир толкутуп, өзүнүн чыккан тегин, коомдогу ордун унуткарып жана бул
башка дүйнөнүн коногуна карай катуу умтулууну, жарадар колдуу, мойну
кызарган кологой жигитке — өзүн курчап турган орой турмушту беш колундай
билген жигитке чексиз берилүүнү талап кылып туруп алды. Ал өзүнүн
назиктигинен өзү да уялып кеткенсиди: буга анын биринчиден ургаачылык
касиети, экинчиден аялдын укмуштуудай таң каларлык табийгаты жөнүндө
жаңыдан гана ой жүргүзө баштагандыгы себепкер болду.
— Мен эмне деп айттым эле... Мен эмне дедим эле? — деди Руфь сөзүн бөлө,
таң кала түшүп, кайра көңүлдүү жарк этип.
— Сиз айтпадыңызбы, ошол Суинберн деген улуу акын болбой
калгандыгынын себеби... Ооба... Сиз дал ушул сөзгө келип токтогонсуз, мисс...
Мартин бул сөздү айтып, кадимки ачкалыктан башы айланган киши сыяктуу
эмне экенин билбей, башы эңгир-деңгир боло түштү. Руфтун күлкүсүнөн анын
бүткөн бою чымырап кетти. Чиркин, үнүнүн тазалыгын карачы, кадимки
күмүштүн дабышындай, — деп ойлоду ал, — кадимки күмүш коңгуроо тим эле...
Жана ал кыялында көз ачып жумгандын ичинде өзүн кандайдыр бир алыскы
өлкөгө алып баргансып, гүлдөп турган алчанын
түбүндө олтуруп алып, чылымдан соруп коюп, буттарына камыш сандал
кийишкен кудайга сыйынуучуларды чокунууга чакырып, жер-сууну жаңыртып
жаткан бут- кананын коңгуроолорунун үндөрүн угуп жаткан сыяктуу сезди.
— Ооба, ооба... Сизге рахмат. — Суинберндин улуу акын болбой калышынын
себеби — анын кээ бирде одонолук жагы бар. Анын кээ бир ырларын кишинин
окугусу да келбейт. Чыныгы акындын ырларынын ар бир сабы терең ойго бай
келип, адамды өзүнө өтө тартып, аны эң сонун, эң жогорку нерселерге чакырып
турат эмеспи. Улуу акындын бир сабын дагы жараксыз деп ыргытып жиберүүгө
мүмкүн эмес. Бул болсо дүйнө үчүн зор жо- готууга барабар болор эле.
— Мага болсо эмнегедир мына бул окуган жерим жаккансыды, — деди ал
чечкинсиз. Бирок анын сөз айткандай ушунчалык келжирек, кур кыйкырык акын
экендиги менин башыма келген да эмес эле. Мүмкүн анын мындай келжиректиги
башка чыгармаларына да таасирин тийгизген чыгар.
— Жанагы сиз окуган китебинде анын башка чыгармаларына эч кандай зыян
келтирбестен туруп, чийип таштай турган бир топ саптары бар, — деди Руфь
үнүн бекем жана ишенимдүү чыгарып.
— Мен аларын окуганым жок, — деди ал, — бирок мен окуган ырлары
кандайдыр эң эле сонун көрүнгөнсүдү. Кандайдыр бир нур, күндүн же
прожектордун нуру келип тийип жүрөгүмдү жылытып тургансыды. Мага
ушундай сезилди мисс, бирок мен чындыгында ыр жөнүндө эч нерсе билбеймин.
Ошол замат ал өзүнүн кекечтенгендигин ойлонуп кайгылана түшүп, бир аз
унчукпай калды. Азыр эле окуган ырларынан ал боорукерликти жана турмуштун
зор экендигин сезген эле, бирок анын бардыгын толук түшүндүрүп берүүгө анын
сөздөрү жетишкен жок. Ал өзүнө өзү караңгы түндө чоочун жабдуулардын
арасында адашып жүргөн башка бирөөнүн кемесиндеги суучул сыяктуу болуп
көрүндү. Карап тур сени, — деди ал чечкиндүү, — демек кандай гана болбосун бул
түшүнүксүз нерселер мага түшүнүктүү болууга тийиш. Ал эч качан өзүнүн
каалаган нерсесине жетпей койгон эмес, мына азыр ал, Руфга өзүнүн сезимдери
менен ойлорун туура түшүндүрүп айта алгыдай болууга тийишмин деп өтө бекем
чечти. Руфь болсо асманынын баарын караңгылатып салды.
— Мына, мисалы Лонгфелло...— деди Руфь.
— Ооба, ооба. Мен окугам аны, — деди Мартин жандуу, Руфтун сөзүн бөлүп,
өзүнүн адабият жөнүндөгү азыраак болсо дагы билимин, тезирээк көрсөтүүгө
ашыгып. Ал өзүн тап-такыр эле эч нерсе билбеген наадан эмес экендигин Руфга
далилдегиси келди.
— Мен «Турмуш ырларын», «Эксцельсиорду» окудум... Окугандарым ушулар
гана болсо керек.
Руфь күлүп, жакшы эле окуптурсуз дегендей башын ылдам ийкеп жиберди,
бирок Мартин анын бул күлкүсүнөн кечиримдүүлүктү, капалуу кечиримдүүлүктү
сезип калды. Ал өзүнүн арзыбаган билгендери менен мактанам деп бекер уят
болуп калды. Калыбы, Лонгфелло деген акын сан жетпеген китептерди жазса
керек.
— Кечирип коюңуз, мени мисс, мен келжиректигим менен сиздин
башыңызды айландырып жибердим окшойт, — чынымды айтсам, мен мындай
нерселер жөнүндө аз билем. Буга менин башым жетпейт... Бирок — буга
башымды жете тургандай кылам. Мен айтканымды жасай алам.
Анын акыркы сөздөрү кекеткендей угулду. Үнү титиреп, көздөрү оттой
жанып, уурттары кыймылдай түштү. Руфка анын жаак сөөктөрү чыга түшкөндөй
көрүндү. Жүздөрү сурданып, кабагы бүркөлүп кетти. Ошону менен бирге андан
тарап турган кайраттуулуктун зор толкуну Руфту өзүнө тартып жана
багындырып да турган эле.
Мен ишенемин, сиз буга... буга башыңызды жеткире аласыз, — деди ал күлүп,
үмүттөнгөндүгүн билдире, — себеби сиздин эркиңиз ушунчалык күчтүү!
Руфтун көз карашы бир паска толуп турган Мартиндин жоон, буканыкындай
күчтүү, күнгө күйгөн шилисине тигилди. Мартин бул учурда аябай уялып жана
апкаарып олтурса дагы, Руфь ага эмнегедир катуу берилип кетти. Эгерде Руфь
анын ушул жоон мойнунан кучактай турган болсо, анын бардык күч-кубаты
өзүнө өтүп кете тургансып кетти. Бул оюнан ал уялып кетти. Күтүлбөгөн жерден
ал өзүнүн кандайдыр бир кемчилигин билдирип койгонсуду. Ушул убакка чейин
Руфка күчтүү адамдар олдоксон, орой жана маданиятсыз сыяктуу болуп сезилип
келген эле. Анын самаган жигити мындай эмес, назик жана сулуу, болууга тийиш
эле. Бирок, эмнегедир таң каларлык сезим ушул замат анын жаш жүрөгүн
бүтүндөй бийлеп алды. Ал эмне үчүн анын ушул күнгө күйгөн мойнунан
ушунчалык кучактагысы келгендигин тап-такыр түшүнө албады. Анткени менен
бардыгы жөпжөнөкөй болучу. Ал табийгатынан күчсүз, назик жаралгандыктан
анын денеси, жаш акылы албетте өтө күчтүүлүктү самачу. Ал муну мойнуна
алгысы келбеди, бирок анын бир билгени, — туура сүйлөй албаган сөздөрү
кулагына жагымсыз угулса да, бир дагы эркек тана аны ушул күнгө чейин өзүнө
азыркыдай күчтүү тартып алалган эмес.
Ооба, чынымды айтсам менин саламаттыгым буканы- кындай таза! — деди ал,
— эгер керек болсо, дат баскан темирди да сиңире алам. Бирок, мен агы|) бир
нерсени сиңире албагансып турам. Кайсыл десеңиз, сиз айткан нерселердин
көпчүлүгүн сиңире ала тургандай эмесмин... Көрдүңүзбү, мени эч ким, эч качан
сиз билгендей сонун нерселерге үйрөткөн эмес. Мен китеп окуганды, ыр
жазганды абдан жакшы көрөмүн, убакыт табылары менен эле дароо китеп окууга
киришем. Бирок, окуган китеп- терим жөнүндө мен эч качан сиз сыяктуу терең ой
жүгүртө албаймын. Сиз ушуну билип коюңуз. Мага ошондуктан китептер
жөнүндө туура пикир айтуу кыйын. Ишенсеңиз бул иште өзүмдү бөтөн деңизде
картасыз, компассыз калган суучулдай сезип турамын. Бирок, мен бир нерсени
түшүнгүм келет. Мүмкүн сиз кичи пейилдик кылып мага бир жардам берерсиз?
Сиз кантип мынчалык көптү билип алдыңыз?
— Мен мунун бардыгын мектептен окуп үйрөнгөм, — деп жооп берди Руфь.
— Кичине кезимде мен дагы мектептен окуган элем, — деди Мартин Руфтун
жообуна ынанбай.
— Мунуңуз чын, мен болсом орто мектепти бүтүрүп, андан кийин
университетке лекцияларга барып турчумун...
— Сиз университетте окугансызбы? — деди ал кай- талай сурап, өзүнүн таң
кала түшкөндүгүн жашырбастан. Ушул учурда ал экөөнүн ортосундагы айырма
асман менен жердей боло түштү.
— Азыр дагы университетте окуймун. Мен англис филологиясы боюнча
атайын курс угуп жатам. Мартин «филология» деген эмне экендигин түшүнө
албай, өзүнүн караңгылыгын дагы бир жолу далилдеп мындай деп сурады:
— Эгерде мен университетке киргим келсе, дагы канча окушум керек?
Руфь анын бул билимге умтулгандыгын кубаттагысы келди.
— Сиздин мурда канча окугандыгыңызга жараша болот. Сиз орто мектепте
такыр окуган жоксузбу? Ал- бетте, албетте, окуган жоксуз, билем... Бирок,
башталгыч мектепти бүтүрдүңүз беле?
— Башталгыч мектепти бүтүрөрүмө эки гана жыл калганда, аны окубай
таштап кеткем, — деп, жооп берди ал. Бирок, окуп жүргөнүмдө мен дайыма
жакшы окуп, ар качан баалуу сыйлыктар менен сыйланчумун.
Ушул замат ал мактанып жибергендиги үчүн ичинен өзүнө өзү кыжыры
келип, креслонун туткасына колдору карышканынан манжалары сыздай түштү.
Аңгыча бол- бой, үйгө кандайдыр бир аял кирип келди. Руфь ордунан тура калып,
анын алдынан утурлады. Алар кучакташып, өбүшүп көрүштү да, ошол
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 02
  • Büleklär
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 4096
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1923
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 4116
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2032
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 4219
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1994
    32.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 4242
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2001
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 4170
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1818
    31.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 4204
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1914
    30.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 4159
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1830
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 4140
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1839
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 4066
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1839
    30.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 4088
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1855
    30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 4142
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1934
    32.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 4198
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1946
    29.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 4163
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1875
    32.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    53.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 4152
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1798
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 4146
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1914
    30.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 4051
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1883
    28.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 17
    Süzlärneñ gomumi sanı 4192
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1869
    33.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 18
    Süzlärneñ gomumi sanı 4075
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1922
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 19
    Süzlärneñ gomumi sanı 4017
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1845
    29.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 20
    Süzlärneñ gomumi sanı 3984
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1903
    29.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 21
    Süzlärneñ gomumi sanı 4005
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1807
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 22
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1890
    31.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 23
    Süzlärneñ gomumi sanı 3967
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1878
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 24
    Süzlärneñ gomumi sanı 4002
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1933
    31.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 25
    Süzlärneñ gomumi sanı 3959
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1945
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 26
    Süzlärneñ gomumi sanı 4024
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1889
    32.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 27
    Süzlärneñ gomumi sanı 4161
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1991
    31.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 28
    Süzlärneñ gomumi sanı 4151
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1865
    32.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 29
    Süzlärneñ gomumi sanı 4089
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1790
    31.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 30
    Süzlärneñ gomumi sanı 4200
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1787
    32.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 31
    Süzlärneñ gomumi sanı 4188
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1938
    32.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 32
    Süzlärneñ gomumi sanı 2695
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1131
    36.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    56.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.