Latin

Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 13

Süzlärneñ gomumi sanı 4163
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1875
32.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
45.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
53.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
шоола тий- гендей нурданып, кооз көрүнүштөр көз алдынан катарлашып чубап
өткөнсүп жатты. Дүйнөдөгү эң сонун жана таңкаларлык нерселер азыр ага
жанашкансып, кайрадан бардык нерсени түшүнгөндөй, бардык нерсе колунан
келе тургандай сезип турду. Ал мунун бардыгын Джого баяндап бергиси келди.
Бирок Джонун өзүнүн жадатма жумуштан кантип кутулам жана өзүм качан бул
буулуу чоң киржуугучкананын ээси боломун деген кыялданган максаты бар эле.
— Мына, ушундай Март, эми мен өз балдарымды эч качан мындай ишке
иштетпеймин, ишенип кой. Кандай гана кыйынчылык болбосун. Экинчиден
кечки саат алтыдан кийин кир жуугучкананын бардыгында бир жан да калбасын.
Уктуңбу? Иш өз убактысында бүтүш үчүн мындан ары машина дагы жана
адамдар да көп болот. Мен сени болсо өзүмдүн жардамчым кылып
алам. Менин оюм мындай ичкиликти таштап акча чогултуп, анан эки жылдан
кийин...
Бирок, Мартин уккусу келбесе да, өзүнүн оюн жанындагы кыштактык балага
баяндап берип жаткан Джого тоскоолдук кылган жок. Ал оюн акырына чейин
айтып бүтүргөнчө, кыштактык баланы аракканага жаңы эле келишкен
жергиликтүү эки фермер чакырып калды. Мартин падышалык марттык менен
аракканадагылардын бардыгын — бир канча жалданма кедейди, бакчанын
жардамчысы менен конок үйүнүн ат баккычын, жанагы кыштактык жигитти,
аракканага кадимки көлөкө сыяктуу илээшип келип, элдин эң четинде томсоруп
турган дагы бир кайырчыны кошо сыйлады.
XVIII ГЛАВА
Джо дүйшөмбү күнү эртең менен ачуулануу менен кир кийимдердин бир
таңгагын машинага ыргытты.
— Ошондуктан айтып жатамын...— деп баштады ал.
— Сен койчу! — деп Мартин ага бакырды.
— Кечирип кой, Джо, — деди Мартин, экөө тамак- танууга олтурганда.
Джонун көздөрүнөн жаш тегерене түштү.
— Болуптур байкеси, — деп жооп берди ал, — өзүбүз азаптуу турмушта
жашасак, анан кээде кыжырланып кетпей эмне болуптурбуз. Бирок, мен сени
башынан бери эле, эмнегедир бөтөнчө жакшы көрөмүн. Кудай урсун. Мына
ошондуктан кээде өзүм саал уялып да кетүүчүмүн. Менин эмнегедир өзүмдөн
өзүм сага жакындагым келип кетти.
Мартин анын колун бекем кысып койду.
— Майда-чуйдалардын бардыгын унутуп салалычы, — деп сунуш кылды Джо,
— жүр, көңүл ачып басып келебиз. Мен эч качан көңүл ачып эки жакка чыкчу
эмесмин, бирок бул абдан көңүлдүү болуш керек. Ойлоп көрчү! Киши эч нерсе
кылбай көңүл ачып, серүүндөп жүрсө кандай сонун! Мен бир жолу келте менен
ооруп, ооруканада жатып калдым, азыр ошол күндөрүмдү эстесем кубана
түшөмүн. Ал үчүн азыр мен кайра оорууга да даярмын.
Жумалар өтүп жатты. Мейманканада- коноктор өтө көп болуп, мына
ошондуктан, жуулуучу. ич кийимдердин саны барган сайын арта берди. Алар
чындыгында эле эрдикти көрсөтүшүп, электрдин жарыгында түн ортосуна чейин
жана тамак ичүү убактысын да кыскартышып, эртең мененки тамакка чейин
ишин башташты. Мартин убакыт жетишпегендиктен муздак сууга жуунганын
койду. Джо болсо, убакыттарды чебер пайдаланып жана бир мүнөтүн да бошко
кетирбей, аларды кадимки зыкым адам алтын акчасын эсептегендей эсептеп,
аяңданып чарчабастан, кадимки Мартин Иден деп аталган жандуу машина менен
дайыма бирдикте байланышып иштеди.
Мартин чанда гана ойлонуучу болду. Анын акыл-эс оюнун уясынын эшиги
бекем жабылып, терезеси тепчилип, өзү болсо, бул уянын эшик алдындагы
сакчысынын карааны гана болуп көрүндү. Ооба, ал караан кана болуп калган эле.
Джо туура айтат. Анын экөө тең бүтпөс эмгектин караандары болуучу. А, мүмкүн
мунун бардыгы түш болуп жүрбөсүн? Мартин кээде ысык үтүк менен буусун
чыгара кардай аппак көйнөктөрдү үтүктөп жатып, ушунун бардыгы чындыгында
эле түш экендигине өзүн терең ынандырат. Мүмкүн тез аранын ичинде, а мүмкүн,
миң жылдан кийин кайра жаралып, өзүнүн кичинекей бөлмөсүндө сыя төгүлгөн
столдо олтуруп, жакында токтотуп койгон аңгемесин кайрадан баштаар? Мүмкүн,
ал дагы түш болуп чыгар, анан ал вахтаны алмаштырыш үчүн уйкудан ойгонуп,
керебетинен ыргып туруп палубага көтөрүлүп, жылдыздар себилген тропикалык
асмандын алдында штурвалга турат, ысык өлкөнүн түнкү салкын жели анын
күнгө күйгөн беттеринен, колдорунан жумшак гана сылап өтмөк.
Ишемби дагы келип, саат үчтө жумуш аяктады.
— Барып, бир стакандан пиво ичсекпи же? — деди Джо, добушун кош көңүл
чыгарып, анткени — аларды азыр толук майрамдык сезим бийлеп турган эле.
Бирок Мартин эсине эми гана келгендей болду. Ал велосипедин тартипке
келтирип, дөңгөлөгүн майлап, рулун текшерип жана өткөргүчүн тазалады.
Мартин араккананын жанынан, жетимиш миль аралыкты басып өтүүгө туура
келе турган жол менен велосипеддин рулуна бекем бүгүлүп, алдындагы чаңы
буруксуган жолдон көзүн айрыбай, велосипеддин тепкичин бир калыпта
кыймылга келтирип, катуу зуулдап өтүп бара жатканда, Джо ошол жерде
олтурган эле. Ал кечинде Оклендге түнөп, эртеси — жекшемби күнү кайра келип,
дүйшөмбү күнү чарчагандай, бирок дагы бул жолу мас болбогондугуна сүйүнүп,
көңүлдүү ишке киришти.
Арадан беш жума өтүп, анын артынан алтынчысы узады, ал эми Мартин болсо,
кадимки машина сыяктуу жашап жана иштей берди, бирок бир гана анын
жүрөгүнүн тереңинде, ар бир жуманын акырында аны велосипед менен бир жүз
кырк миль аралыкты кесип өтүүгө мажбурлаган кандайдыр бир жалындануунун
кичинекей учкуну сакталып турган эле. Бирок, бул эс алуу эмес болучу. Бул
кадимки машиналардын тынбаган күч менен иштеши боло турган: мына
ошондук- тан, акырында Мартиндин жүрөгүндөгү анын өткөн турмушунан
калган жалындануусунун акыркы учкуну дагы өчкөндөй болду. Жетинчи
жуманын аягында, ал эч кандай баш тартпастан Джо менен бирге ээрчип
кыштакка келди да, «турмуштун даамын татып» бул жерде дүйшөмбүгө чейин
жүрдү.
Бирок ал кийинки ишемби күнү пайда болгон шалдаюуну, ого бетер күчтүү
чаалыккандыктан пайда болгон экинчи шалдаюу менен сүрүп чыгарып, дагы
жетимиш милди басып өттү. Ал үчүнчү айдын аягында гана Джо менен бирге
үчүнчү жолу кыштакка келди. Ал жакында эле унуткан турмушу менен кайрадан
жашай баштады, ал жашай баштап, өзүнүн көп ичкендиктен эмес, ушунчалык оор
жумуштан айбанга канчалык окшоп калгандыгын күтүлбөгөн жерден чагылган
жарк дегендей дапдаана көрүп турду. Мастык оор жумуштун себеби эмес, анын
натыйжасы болуучу. бул оор жумуштун артынан кадимки түн күндүн артынан
кандай ээрчиген болсо, дал ошондой эле закон ченемдүүлүк менен ээрчип жүрдү.
Жонунда оор жүгү бар өгүз болуп туруп, эч качан жаркыраган бийиктикке жете
албайсың; шарап аны бул ойго ишендиргендей жана ал бул ой менен аргасыздан
толук макул болду. Шарап ага улуу акылмандыкты көрсөтүп, маанилүү
чындыкты ачып бергенсиди.
Мартин кагаз менен калем издеп, чогулгандардын бардыгын сыйлаш үчүн
шарап алдырды. Алар бака-шака түшүп, Мартиндин саламаттыгы үчүн деп
көтөрүшүп жаткан учурда, ал бийик столго эңкейип бир нерселерди кагазга
түшүрүп жатты.
— Джо, телеграмма, — деди ал, — окуп көрсөң.
Джо болсо оозунан виносу бурулдап, жылжыйып кулду да, аны окуй баштады.
Бирок, окуп жатып ал күтүлбөгөн жерден эсине келе түшкөнсүдү. Ал Мартинди
көздөй кекетүү менен карады да, көздөрүнө жаш кылгыра түштү.
— Сен мени чын эле таштайсыңбы, Март? — деп ал капалануу менен сурап
калды.
Мартин ооба дегендей башын ийкеди да, кандайдыр бир баланы чакырып,
телеграфка барып кел деп, акча берип, чуркатып жиберди.
— Токто! — деди Джо тили булдуруктай түшүп, — менин бир нерсе айткым
келип турат.
Ал жыгылып кетчүдөй болуп барып, кайра бийик столдун четинен-кармай
калды, Мартин да бул минутада ага жыгылууга мүмкүндүк бербей, белинен
кучак- тап жана ал эс алганча жөлөп турду.
— Жаз, эки кызматчы тең кетет деп, — деди күтүлбөгөн жерден Джо. —
Жазгын.
— Бирок, сен эмнеге кетесиң? — деп сурады Мартин.
— Сен эмне үчүн кетесиң, мен дагы ошон үчүн кетемин.
— Мен сүзүүгө жөнөймүн, ал эми сен бара албайсың да.
— Туура деп жооп берди Джо, — бирок мен кайырчы боломун, Болгондо да,
анык кайырчынын дал өзү боломун.
Мартин бир минутча аны сынагандай карап турду да, анан акырын мындай
деди:
— Кудай акы, туура айтасың! Жүктүү өгүз болгондон көрөкчө, кайырчы болуп
тентип кеткен жакшы. Жок дегенде, анча-мынча болсо да жашайсың. Анткени,
сен ушул күнгө чейин, бир дагы жолу чыныгы жашоону көргөн жоксуң.
— Көргөм, — деди Джо аны түзөтүп. — Мен бир жолу ооруканада
жатканымдачы.
— Мартин телеграмманын сөздөрүн өзгөрткүчө, Джо мындай деди:
— Мен ооруканада жатканымда, таптакыр ичким келген эмес. Укмуш ээ,
чындыгында? Ал эми жума бою кадимки качырдай болуп кыйналып иштейсиң,
анан ичпей коёсуңбу? Ашпозчулардын аракты суудай ичише тургандыгын
бардыгы билишет... жана наабайчылар да алардан кем калышпайт, чындыгында...
Кантесиң, жумуш ушундай. Токто! Телеграмманын жарымысын мен төлөймүн.
— Эч иерсе эмес, эсептешебиз, — деди Мартин.
— Ай, бардыгыңар бери келгиле, сыйлаймын! — деди Джо бийик столго
акчасын чачып кыйкырып.
Дүйшөмбү күнү эртең менен Джонун тынчы кетип, сар-санаага малынды. Ал
бул мүнөттө өзүнүн башынын ооругандыгына да жана иштеген ишине да көңүл
бурбады. Ал терезеден көзүн албай, сырттагы күн нуруна, жашыл
бак-дарактардын салкын көлөкөлөрүнө таң калуу менен карап, бир топко чейин
олтурду.
— Карачы, — деди ал, кубана түшүп. — Мунун бардыгы меники эмеспи. Бул
эркиндик да! Эгер кааласам, мен бул көк-жашыл бак-дарактын көлөкөсүндө миң
жылга чейин уктасам дагы өзүм билемин. Жүргүн, Март. Бардыгына көздү жуумп
салуу керек. Мага десе, калганын баарын кудай шыпырып кетсин! Эмнеге
токтолобуз! Менин бет алдымда бекерпостуктун өлкөсү жатат, мен дал ошол
өлкөнү көздөй белет аламын, бирок ал жактан эч качан кайрылып келбеймин.
Бир нече мүнөт өткөндөн кийин Джо кир жуугуч машинаны кир кийимдер
менен толтуруп жатып, конок үйүнүн ээсинин белги салып койгон кир көйнөгүн
жолуктуруп калды. Жаңыдан пайда болгон эркиндикке сыймыктана түшүп, ал
колундагы көйнөктү жерге бир чаап, буту менен таптап тебелеп кирди.
— Мен, бул сенин көйнөгүң эмес эле, башың болуп калса деп каалар элем,
семиз каман! — деди кыйкырып ал. — Ме сага! Ал! Ме! Ме сага! Кана мени бирөө
азыр токтотуп көрсүнчү, эр болсо. Шейшемби күнү кечинде, эки жаңы кызматчы
келип, Мартин менен Джо жуманын акырына чейин аларды бардык эреже
тартип- терге үйрөтүү менен алек болушту.
Джо өзү эч нерсе кылбастан туруп гана насаат берип жатты.
— Иш бүттү! — деди ал. — Эми мен колумдун учун дагы кыбыратып
койбоймун. Мейли мени бул үчүн мөөнөтүнөн мурун азыр айдап чыксын, баары
бир колумдун учун кыбыратпаймын. Мен иштеп бүттүм. Жүк ташуучу вагондорго
түшүп, көк-жашыл бак-дарактардын көлөкөсүндө уктаймын. Ай, силер!
Ишмерчилер! Аябай аракеттенгиле! Териңерди агызгыла! Шайтан алгырлар,
териңерди төгө бергиле! Ал эми! Силер дагы дал мага окшоп, топуракка
аралашып чирип, өлүүбү, тирүүбү кандай жашагандыгыңар баары бир эмеспи?
Ия? Кана кудай акы эле сырыңарды айта койгулачы, баары бир эмеспи,
чындыгында, ия?
Алар ишемби күнү мекеме менен эсептешип, экөө жолдун айрылышына чейин
бирге келишти.
— Албетте, сен эми мага кошулбайсың дечи, бул үчүн сени үгүттөөнүн да
кереги жок, — деди Джо, бардык үмүтүн үзгөндөй түр менен.
Мартин жок дегендей башын тескери чайкады. Ал велосипедине минүүгө
даярданды. Алар бири-биринин колдорунан кармашып коштошкону жаткан
учурда, Джо кыя албай мындай деди:
— Март, өлбөсөк акыры экөөбүз көрүшөбүз. Мен буга ишенем. Кош эми, Март,
жолуң ачылып, бактылуу бол. Бирок мен сени ишенсең ушунчалык жакшы
көрөмүн. Ушунчалык!
Ал, Мартиндин карааны бурулуштан көрүнбөй калганча, жолдун ортосунда
туруп, капалуу көз карашын андан албай, көпкө чейин узатып кала берди.
— Кайран жигит, — деди ал күңк этип, — жигиттин гүлү эле да.
Андан кийин ал, бир таман жол менен илкий-калкый кадам шилтеп, жүк
ташуучу поездди күтүшүп, эңкейиште жатышкан беш-алты сел-саяктардын сол
жагындагы кичинекей көлчүкчөнү көздөй бет алды.
XIX ГЛАВА
Руфь өзүнүн ата-энеси, бир туугандары менен бирге Оклендге кайтып
келишти. Мартин аны менен кайра- дан жолуга баштады.. Руфь окумуштуулук
наамын алгандан кийин, андан ары окушун токтотуп салды. Ал эми Мартин
болсо, оор эмгекке өзүнүн бардык күчүн кайратын зарп кылып, жазуусун унутуп
салган болучу,; Бул көрүнүш аларга тез-тез көрүшүүгө мүмкүнчүлүк берип жана
алар бири-бирине ого бетер жакындаша башташты.
Алгачкы күндөрү Мартин эч нерсе кылбастан, эс алып гана жүрдү. Ал көп
уктап, көп ойлонуп, айтор өзүн оор кырсыктан кийин акырындык менен оңоло
баштаган адам сыяктуу алып жүрдү. Жандануунун биринчи белгиси болуп, анын
акырындык менен газетке кызыга баштагандыгы болду. Андан кийин ал
кайрадан окуй баштады. Ал алды менен ырды жана майда аңгемелерди, анан
дагы бир нече күн өткөндөн кийин эчак унутулуп калган Фискти кайрадан
колуна алды. Анын буканыкындай саламаттыгы ага өткөндөгү жоготкон
турмуштук күчүн кайтарууга жардам берип жана ал кайрадан өзүнөн жалындуу,
шайыр жаштыкты сезе баштады.
Ал күчүн жыйнап, толук эс алып алгандан кийин сүзүүгө жөнөй тургандыгын
билдиргенде Руфь өтө кейий түшкөнсүдү.
— Эмне үчүн? — деп сурап калды Руфь.
— Акча керек, — деп, жооп берди ал, — мага, басма кызматкерлерине каршы,
жаңы чабуул жасашым үчүн акча керек. Акча менен чыдамдуулук — бул
күрөштөгү эң сонун курал.
— Эгерде сизге акча эле керек болсо, анда эмне үчүн кир жуугучканада эле
кала бербедиңиз?
— Себеби, кир жуугучкана мени айбанга айландырып таштады. Мындай иш
адамды эзип, ичкиликке түртөт экен.
Руфь айран-таң кала түштү.
— Сиздин айтайын дегениңиз...— деп, баштады Руфь.
Ал жашырам десе Руфтан чындыкты оңой эле жашырып коймок, бирок, анын
чындыкты айтууга үйрөнгөндүгү, ага мүмкүндүк берген жок, экинчиден жакында
эле, эч нерсеге карабастан эмне болбосун, ар качан чындыкты гана айтамын
деген өзүнө өзү берген анты кылт этип эсине да түшө калды.
— Ооба, — деп жооп берди ал, — бир нече жолу ошондой болгон.
Руфь селт этип чочуп кетип, кетенчиктей түштү.
— Менин тааныштарымдын эч кимиси мындай окуяны башынан өткөргөн
эмес.
— Калыбы алардын эч кимиси, «Кайнар Булактагы» кир жуугучканада
иштебесе керек, — деди ал, кайгылуу жылмаюу менен каршы чыгып, — Ар бир
адам иштөөгө тийиш, эмгек адамга пайдалуу, муну дин үгүтүн таратуучулар
айтып жатышат жана кудай турат ко, мен иштен эч качан жалкоолонгон эмесмин.
Бирок бардыгынын чеги бар эмеспи. Ал эми кир жуугучканада ал чек жок., Мына
ошондуктан мен сүзүүгө кайта кетүүнү чечтим. Бул менин эң акыркы жүрүшүм
болот. Кайтып келгенден кийин мен басма кызматкерин жеңип чыга аламын, мен
буга ишенем.
Руфь капалуу, бирок ыраазы болгондой унчукпай калды, ал эми Мартин болсо,
өзүнүн башынан өткөргөндөрдүн бардыгын Руфь эч качан түшүнө албай
тургандыгын сезип турду.
— Качандыр бир кезде, мен ушунун бардыгын «Эмгектин чөгүшү» же
«Жумушчу табындагы араккечтиктин психологиясы» деп, же болбосо, темасын
ушул өңдүү кылып китеп жазып калтырамын.
Эгерде биринчи жолку таанышууну эстебегенде, ал экөө бирин-бири эч качан
азыркыдай алыс сезген эмес эле. Жек көрүүнүн чети байкалып турган анын
ачык-айкын билдирүүлөрү Руфту өзүнөн ирээнжитип жиберди. Бирок, Руфту бул
авалга келтирген себепке караганда, боюнун жыйрыла түшүшү, көбүрөөк таң
калтырып жибергендей болду. Руфь азыр гана мурда экөө бири-бирине кандай
жакын болгондуктарын терең сезип жана азыр андан бетер ынак болууну каалап
кетти. Анын жүрөгүнүн тереңинде — Мартинди оңолтуу жөнүндөгү кыялдар
кайрадан пайда боло түштү. Ал өзүнүн жолунан адашкан бул жигитти айлана
чөйрөсүнөн эң болбогондо анын эркине туура келбесе да сактап калууну ойлоду
жана ага, өзүнүн көңүлүн тарткан асыл каалоолор бийлегендей сезилип,
ушулардын бардыгынын ары жагында бир гана сүйүү менен кызганыч
жашырынып жаткандай туюлду.
Кээде алар күздүн сонун күндөрү велосипед тебишип, шаардын чет жагына
чыгып кетишчү, өздөрүнүн сүйгөн дөңсөөсүнө отуруп алышып, бири-бирине
жогорку ойлорго чакыруучу поэтикалык асыл жана маанилүү чыгармалардан
окуп берише турган. Руфь ага чет элден келген мусапыр баладан «Китептердин
падышасына» айланган Эндрь Карнегинин, мистер Бэтлердин жана өзүнүн
атасынын үлгүсүнө таянуу менен кыйыр түрдө болсо да, жан аябагандык,
чыдамкайлык, эмгекчилдик сыяктуу сапаттарды сиңирүүгө умтулду.
Анын бул аракетин Мартин да жактырды. Азыр ал, Руфтун оюн жакшы
түшүнүп, эми анын ички мүнөзү мурдагыдай оозу ачылбаган алтын сандык
сыяктуу болбой калды. Алар кадимки тең ынак адамдар сыяктуу чын пикирден
аңгеме жүргүзүшүп, ой-пикирлерин алмашышты. Бирок, ортодо пайда боло
калган анча-мынча пикир келишпегендиктер Мартиндин жакшы мамилесине
таасирин тийгизе алган жок. Анын Руфка болгон сүйүүсү, мурдагыдан да ого
бетер күч алгандай боло түштү, себеби — ал Руфту мурда кандай болсо, дал
ошондой эле терең сүйдү жана кала берсе, анын аялдык назиктиги делебесин
козгоп, жаш жүрөгүн эритип жиберди. Ал Броунинг менен качып кетип, бактысы
ачылганга чейин көп жылдар бою жаркырап күлбөй, ашыктыктын дартынан
сары ооруга чалдыккан кишидей дайыма капага түшүп жүргөн Елизавета Баррет
жөнүндө да окуган. Мартин да Броунинг Елизавета Барретти бактылуу
кылгандай эле, өзүнүн сүйгөн жары Руфту бактылуу кыла тургандыгына терең
ишенди. Бул үчүн ага бир гана нерсе — Руфь да аны чексиз берилип сүйүшү керек
эле. Ал эми, калгандарынын болсо, жарасы жеңил болучу. Мартин ага өзүнүн
саламаттыгын да, күчүн да арнамак. Ал ар качандан бир качан экөөбүз бирге
кошулуп келечек өмүр сүр- сөк, деп көп ойлоно турган. Ал азыр кыялында өзү
менен Руфту эмгек менен түзүлгөн, жасалгасы жараш- кан, жаркыраган бөлмөдө
олтурушкандыгын көрдү. Ал экөө поэзия жөнүндө окушуп жана
талкуулашкандай, Руфь гүлдүү жаздыктарды чыканактап жатып, үнүн чыгарып,
китеп окуп берип жаткансыйт.
Анын көз алдынан экөөнүн келечектеги турмушу, бактылуу күндөрү элестеп
кетпей койду. Кээде Руфь аны эмес, ал Руфту чыбыктай ичке белинен кучактап,
ага китеп окуп берет. Руфь болсо башын анын ийнине жөлөйт. Кээде ал экөө
бири-бирине кыналыша жакын олтурушуп, бир эле китепти үнсүз-сөзсүз экөө тең
окушат. Руфь табийгатты бөтөнчө сүйөт, ал эми Мартиндин бай элестетүүлөрү,
аларга бөтөнчө жагымдуу окуя жүрүп жаткан көрүнүштү алмаштырып турууга
жардам бергендей болот. Бирде алар бийик жалама аска-зоолор менен курчалган
жылганын боорунда, бирде жайкалган тоо шиберинин үстүндө, же деңиз толкуну
шуулдап келип уруп кетип жаткан деңиз жээгиндеги кум дөбөнүн үстүндө
отурушуп китеп окуп жатышкандай болсо, кээде ал өзүн Руфь менен бирге майда
чачырандылары деңизге чейин ыргып келип, ал жерден
катуу шамал өзү менен кошо айдап кетип жаткан жанар тоолуу аралда, же
бийик аскадан күркүрөп кулап түшүп турган зор шаркыратмалуу ысык
өлкөлөрдө жүргөндөй сезилет. Ар качан табийгаттын ушул сулуулугунун
көрүнүшүндө баштарын китепке эңкейтишкен Мартин менен Руфь шексиз пайда
боло калышат. Ал эми табийгаттын мурдагы назик жана тумандуу көрүнүшү
азыр аларга дүйнөнүн бардык жыргалчылыгын сезүүгө жардам берүүчү
эмгектин, ийгиликтин жана материалдык камсыз болуунун картинасы менен
алмашыла түштү.
— Мен кызыма этиятыраак жүргүн деп кеңеш берер элем, — деди бир күнү
Руфтун энеси сактангандай түр менен.
— Мен сенин ким жөнүндө айтып жатканыңды билип турамын, бирок бул
мүмкүн эмес. Ал болсо...
Руфь уялып, кызарып кетти; бул болсо, турмуштун ыйык сырлары жөнүндө
биринчи жолу өз апасы менен аңгемелешкен кыздын уялуусу эле.
— Ал болсо, сенин теңиң эмес, — деп, энеси сөзүн бүтүрдү.
Руфь ооба дегендей башын ийкеди.
— Менин муну айткым келген эмес эле, бирок чындыгында ушундай. Ал өтө
орой, копол жана күчтүү... өтө күчтүү. Ал анчалык деле...
Ал катуу уялып кеткендигинен сөзүн уланта албады. Мындай нерсе жөнүндө
энеси менен пикир алмашуу ага өтө өөн учурап ыңгайсыз сезилди. Мына ушул
учурда, анын сөзүн улантып энеси:
— Ал бирок, анчалык деле арзырлык турмушта жашаган жок. Сен ушуну
айткың келди беле?
Руфь ооба дегендей дагы башын ийкеп, жүздөрү кызара түштү.
— Ооба мен дал ушуну айткым келген. Бул албетте, анын жамандыгынан эмес,
бирок ошондой болсо да, ал өзүн көп учурларда...
— Жаман алып жүрөбү?
— Ооба. Кээде мен коркуп да кетем. Кээде ал мага өзүнүн башынан өткөргөн
ээн баштыктары жөнүндө эч бир камырабастан, токтоо гана айтып турганын
уккандан коркосуң. Чындыгында бул жерде эч нерсе деле жок- той көрүнөт,
бирок мындай болууга мүмкүн эмес да. Туурабы?
Алар кучакташып олтурушту, кызым дагы бирдеме деп сүйлөсө экен деп
күткөндөй апасы унчукпай калган Руфтун колдорун сылай баштады.
— Бирок ал мага эмнегедир жагат, — деп сөзүн улантты Руфь, — менин
камкордук кылган кишим да болуп саналат. Анан андан башка жаш жигиттердин
арасында менин эч качан досторум болбогондон кийин, өтө жакын болбосо дагы,
ал мага ошондуктан дос да, камкордук кылган ишим да болуп саналат. Кээде мен
андан коркуп кеткен кезимде ал мага эркелеп мени менен ойногон кезде
ырылдап тишин шакылдатып чынжырын үзө тургансып мени көздөй жулунган
чоң бульдоктой көрүнүп кетет. Руфь кайрадан унчукпай калды, энеси анын дагы
сүйлөшүн күттү.
— Мен ага ошол... ошол бульдокко кызыккандай кызыгамын. Бирок, бир топ,
жакшы жактары да бар жана ал жакшы жактары менен бирге менин мамилеме
тоскоолдук кылуучу начар жактары да жок эмес. Мен азыр дал ошол жөнүндө
ойлонуп турамын. Ал урушчаак, тамеки тартат, ичкилик ичет, мушташат, ал өзү
мага — бул жөнүндө айтып берген, ал гана эмес, мушташууну жакшы көрө
тургандыгын да айткан. Бул чындыгында менин күнөөм болсо деп...— Анын
жаагы жап боло түштү да, анан үнүн акырын чыгарып: — самап жүргөн жигитим
эмес. Анын үстүнө ал өтө күчтүү жигит. Ал эми менин сүйгөнүм болсо, ичке
сымбаттуу, сулуу, чачтары калкара болууга тийиш. Жок ойлон- бой эле кой, мени
Мартин Иденди сүйөт экен деп, бул мен үчүн чоң бактысыздык болор эле.
— Мен ал жөнүндө айтып жаткан жокмун, — деди апасы тайсалдай түшүп, —
бирок сен ал жөнүндө ойлоду белең? Мындай адам сага бардык жагынан алганда
да туура келбейт... ал эми кокустан, ал сени сүйүп калса, анда эмне кыласың?
— Бирок ал... ал мени эчактан бери эле сүйөт! — деп Руфь кыйкырып жиберди.
— Ушуну күтүүгө мүмкүн эле, — деп эркелеткенсиди миссис Морз. — Сага
окшогон кызды да киши сүйбөй коёбу?
— Мына, Ольнэй мени жаман эле көрөт! — деп ал өтө ачуулуу кыйкырды. —
Жана мен дагы аны жек көрөмүн. Ал кээде жаныма жакын келип калса, өзүмдү
кадимки мышыктай сезип анын бетин тытып салгым келет, оюмда ал менин бул
мүнөзүмдү сезип жүрөт ко деп ойлоймун деги аны көргөндө ит атайым тутулуп,
куйкам курушуп, жиним келип кетет. Ал эми Мартинди болсо, андай көрбөймүн,
жакшы көрөмүн. Мени ушул күнгө чейин эч ким сүйгөн эмес — «ушунчалык»
сүйгөн эмес. Ал эми «ушунчалык» сүйгүнчүктүү болуу кандай сонун... Апа, эмне
айтайын деп жатканымды билесиңби? Өзүңдү чыныгы аял сыяктуу сезүү кандай
жагымдуу. Руфь жүзүн апасынын көкүрөгүнө ката коюп. — Апа, кечирип кой мен
өтө акылсызмын, бирок мен жүрөгүмдөгү сырымды жашырбай айтып жатамын.
Миссис Морз кызынын бул мүнөзүнө капалана да, кубана да түштү. Анын көз
алдында кооз искусствонун. даанышманы — Руфь азыр ага кыз болбостон — аял
болуп көрүндү. Тажрыйба өз ордунан чыкты. Руфтун мүнөзүндөгү түшүнүксүз
кемчиликтер эми толукталып, толукталганда дагы коркунучсуз жана эч бир
кыйналуусуз толукталган болучу. Бул кологой суучул жигит өзүнүн милдетин
аткарып, аны Руфь сүйбөсө дагы, ал анын аялдык сезимин жандыра алган.
— Анын колдору калтырайт, — деди Руфь, уялгандай жүзүн жашырып, — бул
өтө уят жана шылдың, бирок менин ага боорум ачыйт. Анын колдору бөтөнчө
калтырап, көздөрү оттой чачырай баштаганда мен ага кайра-кайра насаат айтып,
анын бардык кемчиликтерин көрсөттүм. Ал мени чындыгында кудайындай
көрөт, аны мен жакшы билемин. Ал алышкан колго, айтышкан антка бек жигит.
Бул болсо мени эмнегедир терең ойлонууга түрткөнсүйт. Мен өзүмө тиешелүү
болгон бир нерсем бар экендигин сезе баштап жана өзүмдү башка кыздарга...
жана башка... башка жаш аялдарга окшотуп жиберем. Мурда, албетте мен аларга
окшош эмес элем, ал үчүн сиз дагы өтө тынчсызданган элеңиз. Бирок сиз
аныңызды билдирген эмессиз, мен сезген... болчумун... жана менин Мартин Иден
айткандай «оңолгум да» келген эле.
Бул энеси менен кызынын ыйык жана кымбат минуталары болуучу,
ошондуктан алардын көздөрү кечки мунарыкта нымдалышкансып турду. Руфь —
күнөөсүз, ачык-айрым жана тажрыйбасы жок кыз эле; ал эми анын апасы болсо —
кызын чексиз сүйгөн, анын ички сырына түшүнгөн жана акыл-насаат айткан аял.
— Ал сенден төрт жаш кичүү, — деди апасы, — анын турмушта орду,
атак-даңкы жок, же бир жерде турук- туу иштебейт, маяна да албайт. Ал өтө
олдоксон жигит, аны билип кой. Эгерде ал сени сүйө турган болсо, кандагы бир
аңгеме-саңгемелерге жана жаш балалык кыялга кызыкпастан, сага үйлөнүүгө
канткенде мүмкүнчүлүк жана укук ала тургандыгы жөнүндө терең ойлонушу
керек эле. Мен түбөлүккө ал ушул бала кыял бойдон калат ко деп коркомун. Анын
эркектер сыяктуу, мисалы сенин атаң, мистер Бэтлер жана дагы биздин
чөйрөбүздүн бардык адамдары сыяктуу турмуштан өзүнүн чыныгы ордун
табууга эч качан аракети жок. Ал эми турмушта болсо, акчасыз жашоого болбойт.
Акчасыз — бакыт жок. — О, мен зор байлык жөнүндө айтып жаткан жокмун, мен
жөн эле дурусураак жан сактоого мүмкүндүк бере турган туруктуу киреше
жөнүндө айтып жатамын. Ал эч качан, өзүнүн сезими жөнүндө айткан эмес беле?
— Ооз да ачкан эмес. Ооз ачууга аракет да кылган эмес, эгер анте турган болсо,
мен сүйлөтмөк да эмесмин. Себеби мен аны таптакыр сүйбөймүн.
— Мен мунуңа ыраазымын. Мен, менин кызым, менин таза кызыкем ушуга
окшогон адамды сүйүшүн каалабас элем. Бул дүйнөдө асыл, тыкан жана таза
адамдар толуп жатпайбы. Бир аз күтө тур. Бир бактылуу күнү сен дал ошондой
бир жигитке жолугасың жана сүйүп каласың, ал дагы сени сүйүп калат. Сен аны
менен, мен сенин атаң менен кандай бактылуу болгон болсом, дал ошондой
бактылуу болосуң. Сен бул жөнүндө эч качан эсиңден чыгарбашың керек...
— Ушундайбы апа?
Миссис Морздун үнү акырын жана назик чыгып:
— Балдар жөнүндө, — деди.
— Мен, ал жөнүндө ойлогом, — Руфь чынын айтып күтүлбөгөн жерден
башына келе түшкөн орунсуз кыялдардан уялып, кайрадан кызарып кетти.
— Мистер Иден балдар үчүн гана сага күйөө боло албайт, — деди миссис Морз
терең ойлонгондой. — Алар таза кандын тукумун куушу керек, ал эми Мартин
болсо, аларга бул сапатты бере алат дейсиңби? Сенин атаң мага суучулдардын
турмушу жөнүндө айтып берген... сен... билесиңби?
Руфь бушаймандуу энесинин колдорун кысып-кысып жиберип, өзүн бийлеген
коркунучтуу жана бүдөмүк ойлор чындыгында эч кандай олуттуу мааниге ээ
болбосо дагы, апасынын пикирин түшүнүп тургандыгын сезди.
— Апа, мен сени менен кеңешпей туруп, эч нерсе кылбаймын, — деп, баштады
ал, — бирок сен менден кээде дал бүгүнкү сыяктуу өзүң сурашың керек. Бул
жөнүндө мен сага эчак эле айткым келген болучу, бирок кантип баштарымды
билген эмесмин. Мунум балким, жарабаган уялуу чыгар, бирок апа өзүң
түшүнөсүң го, мага кандай болбосун сиздин жардамыңыз керек! — деп ал апасын
колдон алып, бул жаңы жана али байкала элек экөөнүн ортосундагы теңдикти
кубанычтуу сезгендей күтүлбөгөн жерден кыйкырып жиберди. — Эгер сен бул
сөздү баштабаган болсоң, мен эч качан минтип, ойлобойт элем. Сиздин аял
экениңизди түшүнүшүм үчүн, мен дагы алды менен аял болушум керек да.
— Биз экөөбүз тең аялбыз, — деди апасы кучактап, бетинен өөп, — биз
экөөбүз тең аялбыз, — деп кайталады ал, — бөлмөдөн кучакташып чыгып бара
жатып, кайрадан пайда болгон жолдоштук, жакындык сезиминен толкундана
түшүп.
— Биздин кичинекей кызыкебиз, колукту болгусу келет экен, — деди бир саат
өткөндөн кийин миссис Морз күйөөсүнө сыймыктануу менен.
— Демек, сен ал бирөөнү сүйүп калгандыгын айткың келип жатабы? — деди
тиги аялына суроолуу көздөрү менен тигилип.
— Жок, мен ал бирөөгө сүйгүнчүк деп айткым келип жатат, — деди ал
жылмаюу менен. — Тажрыйба ордунан чыкты. Кызың антсең деле аял болуп
калыптыр.
— Анда Мартинди үйгө жолотпош керек, — деди мистер Морз оюн кескин
түрдө бүтүрүп.
Бирок анын аялы башын чайкап:
— Зарылдыгы жок. Бир нече күндөн кийин ал сүзүүгө кетет. Кайтып келгенде
да Руфь бул жерде болбойт. Клара жеңесиникине жиберип салабыз. Бир жылча ал
чыгышта жүрүп, башка элдерди, башка тур- мушту көрүп, көзү каныксын, аба
ырайын, айлана-чөйрөсүн алмаштырып көңүлү ачылсын, мунун бардыгынын
пайдасынан башка зыяны жок.
XX ГЛАВА
Жазууну каалоо сезими Мартинди кайрадан өзүнө тартып кетти. Анын
башында аңгемелер менен ырлардын идеялары биринин артынан бири төрөлүп,
ал келечекте качандыр бир кезде пайдаланыш үчүн бир сыйра гана үстүртөн
калем шилтеп коюп, таштап салды. Ошентип, жазарын жазган жок. Бул
мезгилдерди ал өзүнүн дем алышы деп эсептеп, бардык убакыттарын ал махабат
менен эс алууга жумшай турган болду. Анын турмуштук күчү кайра калыбына
келип, мына ошондуктан, Руфь аны менен жолуккан сайын анын күчү менен
саламаттыгынын зор таасиринин кучагында кала турган.
Өзүңө сак болуп жүргүн, — деди бир күнү апасы ага эркелеткендей, — Мартин
Иден менен өтө көп жолугуп жүргөн жоксуңбу?
Бирок Руфь жооп кайтаруунун ордуна жылмайып гана күлүп койду. Ал өзүнө
өзү терең ишенүүчү жана анын үстүнө бир нече күндөн кийин Мартин сүзүүгө
кетүүгө тийиш..Ал эми Мартин сүзүүдөн кайтып келген учурда, ал алыскы
чыгышка кетип калган болот. Бирок ошондой болсо да, Мартиндин саламаттыгы
менен күчтөрүндө кандайдыр бир укмуштуу сыр катылып жаткан эле.
Мартин Руфтун чыгышка барууга болжол кылгандыгы жөнүндө билген
болучу, ошондуктан шашуу керек экендигин түшүндү. Бирок ал, Руфь сыяктуу
кызга кандайча мамиле кылуу керек экендигин таптакыр түшүнбөдү. Анын
бардык мурдагы тажрыйбалары ал абалды гана оордотту. Ал өзү мамилелешип
жүргөн кыз-келиндер таптакыр башка боло турган. Алардын махабат, сыйлоо
жана калп ашык болуу жөнүндө ачык-айкын көз караштары бар болучу, ал эми
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 14
  • Büleklär
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 4096
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1923
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 4116
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2032
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 4219
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1994
    32.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 4242
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2001
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 4170
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1818
    31.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 4204
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1914
    30.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 4159
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1830
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 4140
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1839
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 4066
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1839
    30.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 4088
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1855
    30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 4142
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1934
    32.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 4198
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1946
    29.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 4163
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1875
    32.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    53.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 4152
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1798
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 4146
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1914
    30.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 4051
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1883
    28.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 17
    Süzlärneñ gomumi sanı 4192
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1869
    33.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 18
    Süzlärneñ gomumi sanı 4075
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1922
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 19
    Süzlärneñ gomumi sanı 4017
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1845
    29.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 20
    Süzlärneñ gomumi sanı 3984
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1903
    29.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 21
    Süzlärneñ gomumi sanı 4005
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1807
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 22
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1890
    31.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 23
    Süzlärneñ gomumi sanı 3967
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1878
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 24
    Süzlärneñ gomumi sanı 4002
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1933
    31.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 25
    Süzlärneñ gomumi sanı 3959
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1945
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 26
    Süzlärneñ gomumi sanı 4024
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1889
    32.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 27
    Süzlärneñ gomumi sanı 4161
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1991
    31.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 28
    Süzlärneñ gomumi sanı 4151
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1865
    32.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 29
    Süzlärneñ gomumi sanı 4089
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1790
    31.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 30
    Süzlärneñ gomumi sanı 4200
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1787
    32.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 31
    Süzlärneñ gomumi sanı 4188
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1938
    32.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 32
    Süzlärneñ gomumi sanı 2695
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1131
    36.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    56.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.