Latin

Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 11

Süzlärneñ gomumi sanı 4142
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1934
32.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
44.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
дагы далай майда-барат, жагымсыз окуяларга туш кылып барып, акырында
салтанаттуу жеңиш менен аяктайт.
Мына ушулар жана башка дагы көп окуялар жөнүндө Мартин өзүнүн
аңгемесинде сүрөттөп көрсөткөн. Руфь анын аңгемесин жалындануу менен угуп,
Jn Memoriam (лат.) — эстер, эске.
жүздөрү кызара түшүп, акырында Мартинге ал эс-учунан танып бара жаткандай
сезилди. Руфь чындыгында эле аябай толкунданып кетти, бирок бул толкундануу
анын аңгемесинин таасиринен болбостон, Мартиндин таасиринен болгон эле.
Кеп аңгемеде эмес болучу, кеп анын жаш жүрөгүн чексиз толкундатып жиберген
Мартиндин таасиринде болгон. Анын үстүнө кандайдыр бир себептен анын
аңгемеси Руфтун жүрөгүндөгү катылып жаткан терең сезимдерди козгоп
жиберүүчү сырларга жык толгон эле. Бул Мартин үчүн жүрөгүнүн зор толкунун
Руфка жеткирүүнүн бирден бир жолу болгон. Бул аңгеме Мартинди көздөй
умтулууга өзүнө көмөк бергендигин сезбеген Руфь, күтүлбөгөн жерден башка бир
коркунучтуу, жат, укмуштуу пикирден селт эте түштү. Ал нике жөнүндө ойлоно
калып жана тынчтык бербеген кесирдүү бул ой аны чочутуп да жиберди. Ушул
убакытка чейин бул ой ага жат, чоочун болгон. Бул өтө ыңгайсыз сыяктанып
көрүндү. Аны ушул убакка чейин бул сыяктуу назик сезим козгогон эмес эле, кала
берсе, ал Теннисондун ырларында баяндалган жомоктор дүйнөсүндө жашап,
акындын падышалар менен вазирлердин ортосундагы чыныгы мамилелерине
токтолуп өткөн баяндарына да козголуп койгон эмес. Турмуш аны катуу уктап
жаткан жеринен ойготту. Коркунучтун кучагында калган Руфь бардык аракеттер
менен качып, жашынууга умтулду, бирок, табыйгаттын закону аны бул чоочун
жана ырайымдуу конокко баш ийип, кол сунууга аргасыз кылды.
Мартин толкундануу менен Руфтун айта турган пикирин күттү. Ал, бул
пикирдин кандай боло тургандыгын сезип жана Руфтун: Сонун! — деген сөзүн
угуп таң кала түштү.
Руфь бир аз унчукпай туруп, анан жалындана түшкөндөй:
— Эң сонун! — деп кайталап жиберди.
Чындыгында бул аңгеме абдан көркөм жазылган болучу, бирок аңгемеде,
көркөмдүктөн да зор маанилүү нерселер бар эле. Мартин дагы эле чалкасынан
түшүп көк чөптө жатты: анын башына кайрадан шектенүүнүн кара туманы
жылып келе жаткансыды... Дагы ордунан чыкпады. Тил чоркок. Ал дүйнөнүн улуу
нерселерин көрүп турат, бирок аны дал ошондой кылып көркөмдөп берүүгө күчү
жетишпейт.
— Ал эми сиз аңгеменин...— деди ал, кокустан башка сөздү айтып жибербеске
аракеттенип токтоло калып, — сюжети жөнүндө эмне дейсиз?
— Бир аз чаташып кеткен, — деди Руфь жооп берип, менин жалпы пикирим
ушундай. Мен аңгеменин негизги багытына ой жүгүртүүгө аракеттендим, бирок
да мүмкүн болгон жок. Сиздин суу кошмоңуз арбыныраак экен. Сиз тап-такыр
башка бир окуяны киргизүү менен аракеттерди күңүрттөндүрүп жибергенсиз.
— Бирок аңгеменин негизги мазмууну кандай ?— деп тез сурап жиберди да,
кайра өзү түшүндүрүп: — Ааламдык жана дүйнөлүк идея. Бул идеяны мен бүткүл
аңгемеге сиңиргим келген эле. Бул аңгеме, бул идеянын сырткы кабыкчасы гана
болуп саналат. Мен туура жолго түшкөнүм менен маселени аткаруу мага өтө
кыйын болуп жатат. Балким, айтайын деген оюмду аңгемеде бере албай калган
чыгармын. Мүмкүн мен мындан ары үйрөнөрмүн.
Руфь анын сөзүнө көңүл бурган жок. Руфь кооз искусствонун даанышманы
болсо дагы, Мартиндин оюн түшүнө албады. Ал өзүнүн түшүнө албагандыгын
Мартиндин жеткиликтүү бере албагандыгы деп билди.
Сизде көп сөздүүлүк бар экен, — деди ал кайталап — бирок, кээ бир жериңиз
абдан жакшы.
Бул минутада, Мартин Руфка «Деңиз ырларын» окуп берсемби же бербесемби
деп ыргылжың болуп турганда, Руфтун үнү ага кандайдыр бир алыстан
угулгандай сезилди Мартин капалуу чалкасынан түшүп жатты, Руфь аны көздөй
бир көз чаптырып, анан күтүлбөгөн жерден келе калчу жана жанын жай
алдырбаган жанагы нике жөнүндөгү ойго түшүп кетти.
— Сиз атак-даңктуу адам болгуңуз келеби? — деп сурап калды Руфь.
— Ооба, туура айтасыз, — деп, жооп берди Мартин, бирок бул эң башкы нерсе
эмес. Мени азыр даңк жөнүндөгү ой эмес, ушул даңкка жетүүнүн жолу жөнүндөгү
ой бөтөнчө кызыктырат. Кала берсе, даңк мага башка нерсе үчүн керек. Мен бир
максат үчүн өтө даңктуу да болгум келет.
Ал: «сиз. үчүн» деп айтып жибере жаздап, кайра Руфь өзүнүн чыгармасын
анчалык кубаттабагандыктан, токтоп калды.
Руфь бул минутада анын келечеги жөнүндө терең ойго кетип, ошондуктан, ал
эмне жөнүндө ойлоп тургандыгы тууралу сурап да койгон жок. Чыгарма жазуу
менен атак-даңкка жетише ала тургандыгына Руфь түк ишенчү эмес. Ал муну
үстүртөн жана кунарсыз жазылган чыгармалары менен азыр эле далилдеп
олтурат. Ал жакшы сүйлөгөнү менен, адабий стиль жетишпей жаткан эле. Ал аны
Теннисон, Броунинг жана өзүнүн сүйүктүү Жазуучулары менен салыштырып
көрдү, бул салыштыруу ого бетер эп келишпей турду. Бирок, Руфь өзүнүн бул
ойлогондору жөнүндө ата эч нерсе деп айткан жок. Экинчиден Мартинге карата
анын таң каларлык кызыгуусу, аны, талапты анчалык катуу койбоско мажбур
кылды. Чындыгында Мартиндин жазуучулукка карата болгон ыңтаасы бара-бара
жоюлуп кете турган, анчалык деле чоң кемчилик бол- бой турган. Мына
ошондуктан ал өз күчүн сөзсүз турмуштун, башка бир олуттуу жактарына
жумшайт жана ийгиликке жетишет. Руфь буга ишенди. Ал ушунчалык кайраттуу
жигит, мына ошондуктан ал эмнеге болсо дагы жете алат... бирок жазганын эле
эртерээк таштаса болду.
— Мен сизден жазгандарыңыздын бардыгын мага окуп беришиңизди
каалаймын, — деди Руфь.
Мартин кубангандыгынан көзүнөн жаш да ыргып кете жаздады. Руфь анын
чыгармаларына кызыгып калгандыгы анык. Чындыгында Руфь анын
чыгармаларын тап-такыр жараксыз деген жок да. Кала берсе ал, биринчи жолу
анын чыгармаларынын кээ бир жерлери эң сонун деп таппадыбы.
— Жарайт, — деди ал, жалындана түшүп, — эми менин сизге айта турган,
көңүлдөгү чыныгы пикирим мисс Морз, мен келечекте сөзсүз мыкты жазуучу
боломун. Ишениңиз, мен өзүмдүн алыс жактан келгендигимди жакшы
түшүнөмүн жана менин алдымда али узак жолдор жатат, бирок мен эмгектенүүгө
туура келсе дагы, бул жолдорду басып өтүүгө тийишмин. — Ал Руфка
аңгемелердин таңгагын сунуп:
— Бул «Деңиз ырлары» деди.
Мен муну сизге үйүңүзгө берейин, убактыңыз болгондо окуп чыгыңыз. Бирок
анан, өз пикириңизди жашырбастан айтасыз. Мага сын ушунчалык керек! Мен
сизден, мени аябастан туруп, чындыкты айтууңузду сураймын!
— Мен эч нерсени жашырбаймын, — деди Руфь, чын көңүлдөн толук ачылып
сүйлөшүп жатканын сезип жана мындан ары да чечилип сүйлөшө аларына же
албасына толук көзү жетпей.
XV ГЛАВА
— Биринчи кармашуу болуп өттү, — деди Мартин он күн өткөндөн кийин
күзгүдөн өзүнө өзү, — бирок эми экинчи, үчүнчү, төртүнчү кармашуу жатат,
ушинтип олтуруп...
Ал сөзүн бүтпөстөн, өзүнүн аянычтуу бөлмөсүнө көз жиберди, анын кейиштүү
көз карашы бурчта чачылып жаткан узун-узун конверттерге өзүнүн кол
жазмаларына түштү. Мунун бардыгын адрестер боюнча салып жиберүүгө анын
акчасы түгөнүп, бир жуманын ичиндеги кайтарылып келген кол жазмалардан
болсо өзүнчө бир додо пайда болуп калды. Мындай кол жазмалар эртең да,
бүрсүгүнү да, анын аркы күнү да, айтор Жибергендеринин бардыгы кайра
Мартиндин өз колуна тиймейинче келе бермек. Мына, эми ал азыр кол
жазмаларын, жөнөтүүгө кудурети жетишпей олтурат. Ал толук бир айдан бери
пайдаланган машинкасынын акысын төлөгөн эмес, мунун себеби, ал жаткан үйү
менен ичкен тамагына, жана далдалчы ме- кеменин мүчөлүк акысына бар
акчасын төлөп олтуруп калган.
Ал столуна ойлуу көз жиберди. Столдун үстүндөгү жашыл сыянын тагын
көрүп, күтүлбөгөн жерден жандана түштү.
— Менин байкуш эски столум, — деди ал, далай бактылуу минуталарымды
сенде олтуруп өткөрдүм, сен менин анык чыныгы досум болдуң эле. Сен эч качан
мени көкүрөккө түртүп, эч качан ыксыз баш тартуу менен таарындырган эмессиң
жана сен иштин оордугуна эч качан даттанган да эмес элең.
Ал колдору менен көздөрүн басты. Көзүнүн жашы анын кирпиктерин нымдап
жибергендей болду. Анын көз алдына алты жашар кезиндеги өзүнөн эки жаш
улуу бир бала менен мушташа кетип, анын катуу токмогунан ыйлаганына
карабай качууга аракеттенбей, өжөрдүк менен акырына чейин кармашканы
элестей түштү. Анын көз жашына мурдунан кеткен каны аралашып, жерге
жыгылып түшкөн учурда, чуу көтөрө тегеректешип калган балдарды да көргөн
сыяктуу болду.
— Байкуш бала чак, — деди ал өзүнө өзү, — мына, сени азыр дагы токмоктоп
салышты. Токмоктогондо да ордуңдан турбастай кылып токмоктоп салышты.
Бирок, анын алгачкы салгылашууларынын элестери тарап бүтө электе, анын
артынан башка, андан кийин болуп өткөн бардык салгылашуулары көз алды- нан
чубап өттү. Жарым жыл өткөндөн кийин Май Тумшук (балдар ушундай деп аташа
турган) ага дагы бир жолу кол салды. Бирок бул жолу Мартин анын көзүн көгөртө
койду. Эсине гана келгендир! Ал бир салгылашуунун артынан экинчи
салгылашууну эси- не түшүрүп жатты. Май Тумшук дайыма үстөмдүк кылуучу.
Бирок Мартин бир да жолу качууга бет алган эмес. Ал мунусуна сыймыктануучу.
Ал жанчылгандай таяк жеп калса дагы туруктуулук менен акыр аягына чейин
салгылашуучу. Май Тумшук жүзү кара душман боло турган, ал эч качан кишини
аяп койчу эмес. Бирок, Мартин туруктуулукту көрсөтүүчү. Ал ар качан акыр
аягына чейин кармашуучу!
Андан кийин Мартин үстү оюлайын деп жыгачтары көрүнүп калган жаман
тамдар турган тар көчөгө келди. Көчөнүн аягынан бир кыштан салынган тамды
көрдү, бул тамдан «Кабарчы» деп аталган кезиттин күндүзгү санын басып жаткан
машиналардын бир калыпта чыккан жай дабыштары угулду. Мартин анда он
бирде, Май Тумшук болсо он үч жашта болучу, ал экөө тең кезит таратышчу.
Себеби, экөөсү тең басмакананын дарбазасынын алдында, анын ачылышын күтүп
келишчү. Бул учурда Май Тумшук Мартинге тийиштик Кылбай жөн турчу эмес,
экөө катуу кармаша кетип, бирок дарбазанын төрткө он беш минута калганда
ачылышы ал экөөнүн кармашын токтотуп, топ- толушуп күтүп турган балдар
кезитти көздөй чуркашчу.
— Эртең мурдуңду талкалаймын, — деди Май Тумшук, Мартин болсо, ыйлап
калтыраган үнү менен жооп кайтарып, болуптур эртең дал ушул жерде боломун
деди.
Эртеси күнү Мартин мектептен уурданып чыгып, кармашуучу жерге Май
Тумшукка караганда эки мүнөт эрте келди. Чогулуп турган балдар Мартинди
макташып жана кандай кылса ал өз душманын жеңе тургандыгына кеңеш берип
жатышты. Бирок, ошол эле балдар Май Тумшукка да, Мартинге берген эле
кеңештерди беришти. Бул кармашууга акысыз көрүүчүлөр канчалык ыраазы
болушту дейсиң! Мартин ой жүгүртүүсүнүн ушул жерине токтоло калып, ошол
кезде балдар кандай кумардан таркашкандыктарын ойлоп, аларга өзү да суктана
кетти. Катуу кармашуу басмакананын дарбазасы ачылганга чейин жарым саат
убакытка созулду. Мартин улам кайрадан өзүн күн сайын мектептен
басмакананын эшигин көздөй шашып чуркап бара жаткан жаш бала сыяктуу
элестетип жатты. Ал катуу чуркай алчу эмес. Ал дайыма мушташуудан саал
бүкүрөйүп, аксап басуучу. Анын колдору көгөрүп, эттери айрылып жана кээ бир
жаралары ириңдеп да кеткен учуру болгон. Анын буттары, колдору, белдери жапа
бүткүл денеси сыздап ооручу; башы кадимки коргошунду уютуп туруп куюп
койгондой сал- мактанып, көзүнө эч нерсе көрүнчү эмес. Мектепте ал балдар
менен алышып ойной албады, кийин окуу- сун да таштап салды. Ал үчүн кечке
дейре бир козголбой партада олтура берүү бир азап эле. Мартинге кармашуу
башталгандан бери тим эле бир кылым өткөндөй сезилди, өчөшкөндөй убакыт
тап-такыр жылбады, алдыда болсо дагы канча жаңы беттешүүлөр күтүп турган
эле. «Ушул Май Тумшукту эмне үчүн талкалап салууга болбойт?» деп ойлоду ал.
Эгерде ушинте турган болсо, бардык азаптардан, кутула түшмөк эле. Бирок, эч
качан, сыр алдырып, Май Тумшук- тун өзүнөн күчтүү экендигине карабастан, ага
багынып, моюн сунуп берүүнү каалаган жок.
Мына ушинтип, ал күн сайын жүрөгү үшүп, жанчылган денесине карабастан,
өтө туруктуулук жана чыдамдуулук менен өзүн — күтүп турган түбөлүк
душманы Май Тумшук менен беттешүүгө бет алуучу. Кала берсе, Май Тумшук
дагы бул кармашуудан жадап, шайы ооп калган эле, эгерде бир гана кезит
таратуучу балдардын, ал экөөсүн күтүп кайраштыруулары жана булардын көз
алдында намысын тарттырып шылдың болуп калууну ойлобосо, ал дагы, бул
уруштан азыр эле баш тарткысы келип турду. Ошондой болсо да бир күнү
кармашуунун бардык эрежелерин туура сактоо менен (бири-бирин белден
ылдыйтан кармабоо, жыгылганга тийбөө) жыйырма мүнөткө созулган катуу,
аяшпаган кармашуудан кийин Май Тумшук кармашты тең аякталды деп
эсептөөгө сунуш киргизди. Мартин эске түшүрүүнүн ушул кубанычынан азыр
дагы козголо түштү: бирок, деми кыстыгып оозунан ак- кан канга чакалып,
Мартин Май Тумшукка атырылып тийди да, сүйлөөгө тоскоолдук кылган
оозундагы канын түкүрүп таштап, салгылашууну тең бүтүрүүгө ал макул
эместигин жарыялап кыйкырып жиберди жана, эгерде Май Тумшуктун шайманы
кетсе, багынып беришип талап кылды. Бирок Май Тумшук багынын бергиси
келген жок, кармаш улана берди.
Чатак эртеси күнү да жана андан кийинки күндөрдө да кайрадан баштала
берди. Ар дайым мушташуу алдында Мартин өзүнүн денесинин туташып катуу
ооруганын сезүүчү, бирок, катуу кармашуу башталгандан кийин анын бул
ооруганы билинбей, көз алдынан Май Тумшуктун уркуюп чыгып турган
жаактарын жана жырткыч айбандыкындай жанган көздөрүн гана көрүп, чексиз
аяндануу менен аябай салгылашуучу. Ал өзүнүн бардык көңүлүн ушул Тумшукка
топтоп, ал үчүн андан башка дүйнөдө эч нерсе жоктой сезилип кетти. Мартин
үчүн азыр дүйнөдө ушул Тумшуктан башка, эч нерсе жоктой көрүндү жана ал эми,
же анын же өзүнүн бетин, бет эмес эле бир кан жууган кызыл этке айландырып
салмайынча кармашууну токтотпой тургандыгын билди. Мына ошондо гана
мелдешти аяктоого болот. Бирок, эч кимиси жеңбей тең чыгышка макул болуу
ага, Мартинге эч качан мүмкүн эмес болучу!
Бир күнү Мартин белгиленген убакта баягы басмакананын эшигинин алдына
келсе, Май Тумшук жок. Мына ошентип, ал келбей калды. Чогулуп турган балдар
Май Тумшуктун жеңилгени ошол дешии Мартинди кубатташты. Бирок Мартин
окуянын мындай аякталышына ыраазы болгон жок. Чатак чечилбей калды.
Кийин дал ошол күнү күтүлбөгөн жерден Май Тумшуктун атасы өлүптүр деген
кабар угулду.
Мартин кыялында бир нече жылдарды аттап өтүп, азыр өзүн театрдын
жогорку ярусунда олтурганын көрдү. Жашы он жетиде, сүзүүдөн жаңы эле
кайтып келген. Көрүүчүлөрдүн арасынан чыр чыга түштү. Кимдир бирөө,
бирөөнү түртүп жибериптир. Мартин бул окуяга кошула түшүп жана күтүлбөгөн
жерден, көздөрү кадимки оттой жанган өзүнүн эски душманы — Май Тумшукту
жолуктуруп калса болобу.
— Оюндан кийин жиниңди кагамын, — деди Мартинге анын душманы.
Мартин жарайт дегендей башын ийкеп койду. Аңгыча болбой, чатак чыккан
жерге тартипти жөнгө салуучулар келип калышты.
— Бүткөндөн кийин эшиктен жолугабыз, — деди Мартин сахна жактан көзүн
албай туруп.
Тартипке чакыруучулар аларга көз чаптырып артка кетенчиктей түштү.
— Уюштурган балдарың барбы? — деп сурады Мартин оюндун бир көрүнүшү
бүтөрү менен Май Тумшуктан.
— Албетте!
— Болуптур анда, мен дагы бирөөлөрдү табайын, — деди Мартин.
Дем алыш убактысында ал эшикке чыгып, сырттан өзүнө тааныш
жолдошторун издей баштады: ал мык заводунан тааныш үч жигитти, бир өрт
өчүргүчтү, үч суучулду жана базар аянтынын белгилүү шайкелеринен үч
азаматты жолуктурду.
Оюн бүтөрү менен бул топ экиге бөлүнүшүп көчөнүн эки капталы менен
жүрүп олтурушту. Алар көчөнүн эл жок караңгы четине чыгышып, өз ара согуш
кеңешин өткөрүштү.
— Эң ыңгайлуу жер — бул Сегизинчи көчөнүн көпүрөсү, — деди сары быштак
жигит Май Тумшуктун тобунан, мынабу ортого, электр жарыгында
мушташасыңар, биз болсок, фараондор келе жатканын карап турабыз. Эгерде
алар жолдун бир жагынан көрүнүп калышса, биз жолдун экинчи жагына жылт
беребиз.
— Болуптур. Жарайт, — деди Мартин өзүнүн жолдоштору менен кеңешип.
Сан-Антонио айрылышына салынган Сегизинчи көчөнүн көпүрөсүнүн
узундугу үч жүз метрге барабар болучу. Көпүрөнүн ортосундагы жана эки
башындагы электр чырактары күйүп турат. Мына ошондуктан бир дагы
полициялык сакчы, байкалбастан келип калышы мүмкүн эмес. Азыр Мартин бул
салгылашуу өтө турган ыңгайлуу жердин ийне-жибине чейин көз чуркатып
чыкты. Ал ар бир шайка өз жоокеринин жанын- да сурданып эки тарапта карап
турганын көрдү. Мартин менен Май Тумшук белдерине чейин чечиништи.
Белгиленген сакчылар көпүрөнүн эки башынан өздөрүнүн орундарын алышты.
Суучулдун бирөө эгерде кокустан полиция келип калса, бир жерге чуркап барып
жашына калуу ыңгайлуу болуу үчүн, колуна Мартиндин курткасын, көйнөгүн
жана шапкесин чогултуп алды. Мартин салгылашуунун талаасына чуркап чыгып
Май Тумшукту көздөй тешиле карап жана муштумун көтөрүп мындай дегени көз
алдына келе түштү:
— Сен оюнчук экен деп ойлобо! — Түшүндүңбү? Аяшпастан салгылашабыз!
Түшүндүңбү? Тайсалдамай жок. Экөөбүздүн бири-бирибизде эски карыздарыбыз
бар, азыр толук кутулушубуз керек! Түшүнүктүүбү?
Мартин Май Тумшуктун олку-солку боло түшкөнүн сезди, бирок Май Тумшук
жетишээрлик намыскөй жигит болуучу, мына ошондуктан топ балдардын
алдында бети кызарып, шылдың болгусу келбеди.
— Болуптур эмесе, чыксаң чык, — деп кыйкырды ал дагы — эмне
келжирейсиң, аяшпастан болсо, аяшпастан.
Алар бири-бирин көздөй муштумдарын түйүп, сурдануу менен, кадимки
бирин-бири майып кылууга, жара сүзүүгө качырышкан эки жаш букадай
атырылып киришти. Адамзаттын узак убакыттар жана зор кыйынчылыктар
менен жетишкен бардык сонун нерселери бир пастын ортосунда көздөн кайым
болду. Бир гана электр жарыгы прогресстин өткөн бир учурун элестетип жанып
турду. Мартин менен Май Тумшук таш кылымындагы жапайы адамдарды көз
алдыга элестетти. Алар барган сайын алгачкы коомдун тартма сазына батышып,
кадимки атомдор сыяктуу акыл-эссиз, бирин бири түбөлүккө өздөрүнө тартыша
жана четке кагыша кармашып жатышты.
— Кудай сактай көр! Биз эмне деген айбан болгонбуз ия! Эмне деген жырткыч
болгонбуз! — деп, Мартин бул кармашууну баштан аяк эсине түшүрүп, катуу
үшкүрүнүп жиберди. Ал өзүнүн элестөөсүнүн укмуштай күчтүүлүгүнөн бардык
окуяны, көз алдына, кадимки кино көрүп олтургандай дап-даана келтирди. Ал
өзүн бир эле учурда киного катышуучу жана көрүүчү катарында сезди. Көп айлар
бою окуп ээ болгон анын билими жана маданияты бул жөнүндө ойлонгондо, аны
селт эттирип да жиберди, ушул замат анын оюндагы өткөндөгү окуялары жаңы
окуяларды сүрүп чыгарып, ал кайрадан мурдагы Мартинге айланып, сүзүүдөн
жаңы эле кайтып келип, Сегизинчи көчөнүн көпүрөсүнүн ортосунда Май Тумшук
менен салгылашып жатты. Мартин жабыр тартты, кара терге түштү, бети-башы
канжалады, бирок өзүнүн муштуму да дал тие түшкөндө кубанып жатты.
Булар кээде адамга да окшобостон, кандайдыр бир бири-бирине учуп келип
тийишкен эки куюнга окшоду. Убакыттар өтүп, эки топ тең бул окуядан көздөрүн
албай, кайра кумарданышып, демдерин ичине ала, тигилише карап турушту. Алар
мындай жин ургандай кармашууну эч качан билишкен эмес. Мына ошондуктан,
алар, бул экөөнүн кармашуусунан коркуп да кетишти. Алардын көз алдында
өздөрүнөн да жини ашынган эки айбандын баласы качырышып, кармашып,
жаткан эле.
Кармашуунун биринчи жолку толкуну басылып, касташкандар эми
абайлашып сактык менен урушуп калды. Алардын эч кимиси үстөмдүк кыла
алган жок.
— Жеңише алган жоксуңар бүтсүн деген сөздү Мартиндин кулагы чалып
калды. Ал кокусунан колун ыксыз сермеп жиберген кезде, сөөгүн сыздаткан
катуу соккунун жаагына тарс этип тийгенин сезди. Муштум мынчалык катуу
тийиши мүмкүн эмес эле. Мартин кыйкырып чуу сүрөгөн үндөрдү угуп, жаагынан
ысый аккан канды сезип турду. Бирок ал сыр берген жок. Ал ошол замат, ким
менен салгылашып жаткандыгын жана андан эмнелерди күтүүгө боло
тургандыгын түшүнүп, чыйрала түштү. Ал өзүнүн душманын кылдаттык менен
байкап, анын колунан жаркырай түшкөн темирди көрүп, шамдагайлык менен
кыябын таап аны колдон алды.
— Көрсөт колуңду! — деп кыйкырып жиберди ал, — сен мени кастет менен
гана урган экенсиң го, ээ!
Эки топ тең бакырып, тилдешүү менен бир-бирин көздөй атырылышты: эми
бир аз болгондо, жалпы токмоктошуу башталып, Мартиндин кармашуудан мооку
канбай калмак эле. Ал буркан-шаркап түшүп:
— Кана, баарыңар артка! — деди күрүлдөп, — артка! Уккула дейм! Алар тарап
кетишти. Бул топ айбан болсо, Мартин алардан беш-бетер ашып түшкөн айбан
болучу, мына ошондуктан тигилер Мартиндин каарына калбаш үчүн, анын сөзүн
ошол замат угууга арга- сыз болушту:
— Бул менин ишим, эч ким тоскоолдук кылбасын. — Ай, акмак! Кастетти бери
бергин.
Май Тумшук күнөөкөрдөй бир азыраак ийменгендей болду да, жашырын
пайдаланган куралын Мартинге сунду.
— Ай, буга кастетти сен бердиңби, — саргайган жүзү кара, — деди Мартин
кастетти сууну көздөй ыргытып жиберип, — көргөм сени, эмне кыларыңды өзүң
билбей, ушул жерде темселеп жүргөнүңдү. Эгерде сен дагы бир жолу шыйпактап
көзгө көрүнө турган болсоң, сени жаткыса чабамын. Билдиңби?
Салгылашуу кайрадан башталып, ал экөөнү тегеректешип, өздөрүнүн көз
кумарларын кан менен басышкан бул айбандардын үйүрү сезденишип жана
урушту токтоткула деп ажыратканга чейин кызыл чеке болуп, суй
жыгылышкандыктарына карабастан, бул эки кас душман бири-бирине аябай
сокку ура берди. Желмогуздай болуп, адам кебетесинен кеткен Май Тумшуктун
шайманы оой түшүп, кол-буттары шалдырап, араң эле дем алып, эмне кыларын
билбей, токтоло калды, бирок Мартин карап турбастан шак эткизе муштум менен
тумшукка удаа-удаа берип алды...
Алар бир кылым убакыт кармашкандай болушту. Акырында Май Тумшук
багынып бергени калганда, Мартиндин он колу карысынан карс дей түштү.
Колунун сөөгү туурасынан сынып кетиптир. Муну бардыгы көрүштү, буга
бардыгы ишеништи. Май Тумшук эми, кадимки жолборс сыяктуу атырылып
тийди. Мартинднн жолдоштору карап турсунбу, жардамга умтулушту. Сол колу
менен соккуга жооп кайтарып жатып, өз жолдошторуна Мартин бурулуп: силер
аралашпагыла, өзүм эле жетишем деп кыйкырып жиберди да, аябай каардануу
жана ызырынуу менен жалгыз колу менен болсо да, тарсылдатып кирди. Алды
менен ал кандайдыр бир алыстан чыккан чочугандай шыбыроону сезип, андан
кийин, кимдир бирөөнүн титиреген үн менен мындай деп айткан сөзүн укту:
«Балдар, бул уруш эмес! Бул киши өлтүрүү! Буларды ажыратыш керек!».
Бирок, алардын бири дагы бул экөөнө жакындай алышкан жок, Мартнн сол
колу менен адамдын жүзүнө окшобогон кызыл кан жууган Май Тумшуктун
коркунучтуу беттерине былчылдата койгулай берди, ошондо да ал багынып
бербеске аракеттенип, кыймылдагандай болуп жатты. Мартин ага да болбой
үстөккөбосток
салгылай
берди
бирок,
улам
барган
сайын
акырындап-акырындап олтуруп аягында урууга да дарманы келбей калды, ал
өзүн кылымдар бою, жүз миңдеген жылдар бою, уруп жаткандай сезип, акырында
формасын жоготуп, канга жуулган масса көпүрөнүн тактайына кулап түшкөнгө
чейин ура берди. Мына ошондо, ал аны ичке тээп туруп, муундары калтырай,
кадимки мас кишидей колдорун абадан таяныч издегендей тарбаңдата жогору
көтөрүп, каардуу үн менен:
Дагы каалайсыңбы? Айт... Дагыбы? — деп кайта- кайта кайталап сурай
баштады.
Ал туруктуулук менен жооп беришин талап кылып, жанагы суроосун кайталан
берди, ал аңгыча өзүнүн жолдоштору аны колтукташып, сүйрөшүп, ага көйнөгүн
кийгизүүгө аракеттенишип жатканын сезди да, күтүлбөгөн жерден эсинен тана
түштү.
Столдогу будильник шыңгырап, бирок Мартин аны укпастан жүздөрүн
колдору менен баскан бойдон былк этпей олтура берди. Ал эч нерсе ойлогом да
жок. Ал өткөндөгүнүн бардыгын ушунчалык терең элестетип, көз алдына
келтиргендиктен, кадимки Сегизинчи көчөдөгү түндөгү болгон кармашуудагы
сыяктуу эс-учунан тана түштү. Бир нече минутага чейин ал эч нерсе көрүнбөгөн
караңгылыктын кучагында кала түшкөндөй болду. Андан кийин ал тириле
түшкөн өлүктөй, ордунан ыргып турду да, чекесине чачтарын силкип, көздөрүн
бакырайта ачып:
— Эмне кылсам, дагы мен сени, Май Тумшук, сулатып түшүрдүм! — деп,
кыйкырып жиберди ал. — Ушул үчүн мен туура он бир жыл убара болуп жүрдүм,
бирок, акыры багындырдым!
Анын башы айланып, буттары калтырап, мүдүрүлүп кете жаздап керебетке
келип олтурду.. Ал али өткөндөрдүн элесинин кучагында болду. Ал эч нерсе
түшүнбөй кеткендей бөлмөнүн ичине элеңдегендей көз жүгүртүп карап,
бурчтагы үйүлүп жаткан кол жазманы көргөнчө ал өзүнүн кайда тургандыгын
түшүнгөн жок. Мына, ушул кезде анын учкул ою мурдагыдан тезирээк чабыттап
дагы төрт жылдын катары сабалап өткөндөй болду, ал китептер жөнүндө жана
бул китептен ачкан дүйнө жөнүндө элестеп, өзүнүн толкунданган кыялдары жана
назик, жана жароокер, ак жуумал кызга өзүнүн терең сүйүүсү жөнүндө ойлонду. О,
эгерде ушул Мартиндин башынан өткөргөн турмуш ыпластарын жок дегенде, көз
ачып-жумганча көрсө, эгерде ушул кыз, Мартиндин азыр эле эсине
түшүргөндөрүнө да күбө болгон болсо, о, анда, анын коркунучтан жүрөгү
жарылып кетпес беле!
Ал ордунан туруп, күзгүдөн өзүн дагы бир жолу карады.
— Сен азыр, Мартин, ал ыпластан кол үзгөнсүң, — деди ал салтанаттуу түрдө
өзүнө өзү, жылдызга канат сермеп, көңүлдүү турмуш өткөрүп, жогорку тап ээ
болгон кылымдардын баалуу мурастарын жеңип алдың. Мартин кылдаттык
менен өзүнө көз жүгүртүп чыкты да анан күлүп жиберди.
— Сенде азыраак туталануу менен, асан-кайгылык калган го дейм? Эч нерсе
эмес! Бул анчалык деле маанилүү нерсе эмес. Сен качандыр бир кезде, Май
Тумшукту жеңип чыккандай эле, азыр деле сен басма кызматкерлерин дагы
жеңип чыгасың, бул үчүн сага үч эсе көп убакыт зарп кылынууга туура келсе
дагы, сен буга даяр болушуң керек! Бирок, сен, токтолуп калам деп ойлобогун!
Ага умтул. Күрөшкөндө да, акыр аягына чейин күрөшүүгө тийишсиң!
XVI ГЛАВА
Сааттын чырылдаган үнү Мартинди катуу чочутуп, ойготуп жиберди, эгерде
Мартинге караганда жүүнү саал бошураак башка бирөө болгондо, мүмкүн, бул
сыяктуу катуу чочуп ойгонуудун баш оорууга чалдыгып калышы да ыктымал эле.
Ал терең уйкусунан кадимки бүргөдөй секирип турду да, уйкуга чегерилген беш
сааттын өтүп кеткендигине өтө кубана түштү. Ал уйкуну жек көрүүчү.
Ушунчалык көп нерселерди иштөө жана ушунчалык көп нерселерди баштан
өткөрүү керек эле. Ал уйкуга тарттырган ар бир мүнөтү үчүн катуу өкүнүчтүү
боло түштү: мына ошондуктан, ал сааттын үнү басылып бүткөнчө, чылапчындагы
муздак сууга башын салып жууна баштады.
Бирок бул күндү ал, өзүнүн демейдегидей эрежеси боюнча баштабады. Өзүнүн
аякталышын күткөн жаңы жазыла баштаган аңгемеси да, кагазга түшүшүн
туруктуулук менен талап кылган анын башында аңгеменин жаңы темасы да жок
эле. Ал акыркы күндөрү өзүнүн окушун өтө кеч бүтө турган болду, мына азыр
болсо, убакыт эртең мененки тамакка жакындап калган эле. Ал Фисктен бир нече
бөлүмдөрдү окуп көрүүгө аракеттенди, бирок анын мээси чарчап, башы жакшы
иштебей калгандыктан окууну токтотуп, китепти жаап коюуга туура келди. Аны
бүгүн дагы турмуш менен жаңыча кармашуу тагдыры күтүп турган, мына
ошондуктан ал өзүнүн жазууларын бир нече убакытка токтотуп коюуну чечти. Ал
өзүнүн үйүнөн жана үй-бүлө, бала-чакасынан ажыраган адам сыяктуу эмнегедир
өтө капалуу боло түштү. Ал бурчтагы үймөк кол жазмага көз жиберди. Ооба, ал
өзүнүн эч ким, эч жерде, баш калкалоого жай бербей, көлөкө болгон бечара жана
байкуш балдарын таштап кетүүгө тийиш болду. Ал кол жазмаларына эңкейип,
аларды ирээтке келтирип, өзүнө жаккан кээ бир жерлерин кайталап окуй да
баштады. Кала берсе, ал өзүнүн «Казаң», «Укмуштуу окуя» деген чыгармаларын
үнүн чыгарып окуп жиберди. Айрыкча ал жакында эле жазып жана марканын
жоктугунан бурчка ыргытып салган «Кубаныч» деген аңгемесине өтө ыраазы
болду.
— Же, мен өзүм түшүнбөй жатсам керек, — деди ал өзүнчө күңгүрөнүп, же
балким, редакторлор түшүнбөй жатышат... Аларга мындан артык дагы эмне
керек? Кала берсе, алар анын аңгемесине караганда бир кыйла начар
аңгемелерди да басып жатышпайбы? Ооба, алар чыгарып жаткан аңгемелердин
бардыгы баштан аяк анын аңгемелерине караганда чындыгында эле өтө начар.
Түшкү тамактан кийин ал басуучу машинканы кутусуна салып, Окленге
жеткирип берди.
— Мен бир ай үчүн карызмын, — деди ал приказчикке, — азыр жумушка
кетип бара жатамын, кожоюнга айтып коюңуз, карызымдан болсо, келгенден
кийин кутулам. Бир же жарым айдан кийин келем.
Ал Сан-Францискодогу жумушка кабыл алуучу мекеменин конторун көздөй
жөнөдү.
— Кандай иш болсо да, баары бир, — деп, ал сөзүн жаңы эле баштаганда,
«жаркыраган турмушта» жашоого ынтаа коюшкан жумушчулар сыяктуу
асемденимиш болуп кийинген бир киши кирип келип анын сөзүнө тоскоол болду.
Агент түңүлдүргөндөй башын чайкады.
— Чын эле эч ким жокпу? — деди кирип келген киши кайталап. — Мага бүгүн
бир адам ушунча керек эле.
Ал Мартинди көздөй бурулуп, анын жүздөрүнө көз жиберди, Мартин да аны
көздөй тигилип, анын сулууча келген, бирок таң атканча уу-дуу менен отурган
кишидей бозоруңку жана уйпаланган жүздөрүн байкады.
— Иш издеп жүрөсүңбү? — деп сурады ал Мартинден. — Кандай иштерди
иштей аласың?
— Кандай гана кара жумуш болбосун, иштей аламын, деңиз ишин билемин,
машинка баса аламын, бирок стенографияны билбеймин, атка минүүгө да шыктуумун, — деги эмне болбосун, баарын кыла аламын.
Берки ыраазы болгондой башын ийкеп койду.
— Эгер андай болсо, абдан жакшы экен. Менин атым эмесе Даусон, Джо
Даусон, мен кир жуугучканада иштөөгө өзүмө жардамчы издеп жүрөм.
— Кир жуугуч үйгөбү? — бул мүнөттө ага аялдардын жука көйнөктөрүн
утюгка баса тургандыгы жөнүндөгү ой кызыктуу көрүнүп кетти. Жалдоочу ага
эмнегедир жакшы көрүнө түштү да, мына ошондуктан ал кошумчалап, мындай
деди: — Мен кир жууганды болсо жакшы билемин. Сүзүүдө жүрүп үйрөнгөм.
Джо Даусон бир мүнөткө ойлоно калды.
— Ой, экөөбүз калыбы, макулдаша алат окшой- буз. Кандай иш жөнүндө сөз
козголуп жатканын билгиң келеби?
Мартин келет дегендей башын ийкеп койду.
— «Кайнар булак» деген жердеги курорттук конок үйүнүн алдында
кичинекей бир кир жуугучкана бар. Ал жерге бири башчысы, бири жардамчысы
болуп иштөөгө эки киши керек. Мен башчысымын. Ар ким өз ишин аткарат,
бирок сен мага баш ийүүгө тийишсиң, Кандай дейсиң, макулсуңбу?
Мартин ойлоно түштү. Бул келечегине бирдеме берер да. Бир нече ай
иштегенден кийин анын окууга кайрадан убактысы болот. Ал катыра иштөөгө да
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 12
  • Büleklär
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 4096
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1923
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 4116
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2032
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 4219
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1994
    32.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 4242
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2001
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 4170
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1818
    31.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 4204
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1914
    30.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 4159
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1830
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 4140
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1839
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 4066
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1839
    30.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 4088
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1855
    30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 4142
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1934
    32.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 4198
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1946
    29.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 4163
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1875
    32.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    53.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 4152
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1798
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 4146
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1914
    30.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 4051
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1883
    28.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 17
    Süzlärneñ gomumi sanı 4192
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1869
    33.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 18
    Süzlärneñ gomumi sanı 4075
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1922
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 19
    Süzlärneñ gomumi sanı 4017
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1845
    29.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 20
    Süzlärneñ gomumi sanı 3984
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1903
    29.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 21
    Süzlärneñ gomumi sanı 4005
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1807
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 22
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1890
    31.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 23
    Süzlärneñ gomumi sanı 3967
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1878
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 24
    Süzlärneñ gomumi sanı 4002
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1933
    31.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 25
    Süzlärneñ gomumi sanı 3959
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1945
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 26
    Süzlärneñ gomumi sanı 4024
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1889
    32.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 27
    Süzlärneñ gomumi sanı 4161
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1991
    31.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 28
    Süzlärneñ gomumi sanı 4151
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1865
    32.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 29
    Süzlärneñ gomumi sanı 4089
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1790
    31.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 30
    Süzlärneñ gomumi sanı 4200
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1787
    32.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 31
    Süzlärneñ gomumi sanı 4188
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1938
    32.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 32
    Süzlärneñ gomumi sanı 2695
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1131
    36.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    56.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.