Latin

Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 04

Süzlärneñ gomumi sanı 4242
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2001
31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
43.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
кемсингендей согуп, мына ошондуктан ал Мартиндин колун эмнегедир катуу
кысып жибергенин өзү дагы билбей калды. Мартин анын кичинекей
алакандарынан катуу чорду байкады да, күтүлбөгөн жерден эмнегедир ага аябай
боору ачый түштү. Ал анын жалдыраган көздөрүн, жаш баланыкы сыяктуу назик
жана чыныгы аялдык инстинкт жаны гана ойгоно баштаган денесине көз
жиберди. Аңгыча болбой боору ачып кетип, анын белинен сыга кучактап туруп,
оозунан бекем соруп алды. Мартин анын кубанычтуу чыккан үнүн укту жана
колтугуна мышыктай болуп кынала түшкөнүн сезди. Кичинекей байкуш макулук!
Ушул көрүнүштөн улам Мартин эчаккы өткөндөгү бир окуясын көз алдына
келтирген эле. Ушул замат анын бүткөн бою дүр дей түшүп, дал ошол
минутадагыдай болуп азыр да ошол кызы анын колтугуна жабыша калгансыды...
Анын жүрөгү капалануудан таштай түйүлүп кетти. Бул болсо күңүрт элес эле: ал
кезде асман да бүркөлүп, майда жамгыр таш төшөлгөн ылайлуу көчөгө себелеп
турган. Аңгыча болбой, көздү уялткан жарык шоола үйдүн дубалын нурдантып,
анын көз алдындагы бардык азыркы көрүнүштөрүн жана элестерин таратып
жиберип, анын көз алдында алтын чачтан тажы кийген Руфтун ак жуумал
жүздөрү, кайрадан кадимки кол жеткис жылдыз сыяктуу болуп жана баштады.
Ал үстөлдүн үстүнөн Суинберн менен Броунингдин томун колуна алып, туруп,
эки үч жолу өөп жиберди. Эмне болсо да менин келип кетүүмдү суранбадыбы деп
ойлоду ал. Андан кийин ал өзүн кайрадан күзгүдөн каранып, үнүн бийик жана
салтанаттуу чыгарып мындай деди:
— Мартин Иден, сенин эртең менен кыла турган ишиң бул, — биринчиден акы
албай турган китепканага барасың да, жакшы адептүүлүк жөнүндө бир нерсе
таап окуйсуң. Түшүндүңбү?
Мына ушундан кийин ал газды өчүрүп, керебетине кулап түштү, дененин оор
салмагынан керебеттин темир пружиналары солкулдап, чоюлуп барып араң
токтоду.
— Ал эми, сен үчүн эң башкысы Мартин Иден, бирдеме деп артыкбаш
келжиреп жибербегин. Уктуңбу абышка! Муну тезирээк жоюуга аракеттен!
Ал өзүнө-өзү мына ушундай деп буйрук берип, анан терең уйкуга кетти. Анын
уйкусунун алптыгын жана укмуштуулугун нашаачы адамдын кыялдануусу менен
гана салыштырууга мүмкүн эле.
V ГЛАВА
Эртеси эртең менен ал уйкудан ойгоноору менен анын мурдуна кир
кийимдердин жана самындын жыты келип жатканын сезип, ушундан улам, түндө
көргөн таттуу түштөрүн да унутун койду. Анын кулагына жаңы эле тиричилик
баштаган адамдардын жаакташып, тилдешкен үндөрү угулду. Ал бөлмөсүнөн
сыртка чыгып баратып, эжесинин балдарынын кимдир бирөөнө жини келип
ачууланган үнүн жана бир нерсенин карс этип сынып кеткен дабышын угуп
калды. Баланын кокуйлап чыңырган үнүнөн анын кулагынын калдырканы жарылып кетчүдөй болду. Бул жердегинин бардыгы, кала берсе ал өзү дем алып турган
аба да ага жийиркеничтүү сезилип, көңүлүн караңгылатып, жиберди. Мунун бири
дагы Руфь жашаган үйдөгү өкүм сүргөн тынчтыкка, шайкештикке окшобойт! Ал
жерде бардыгы тең көркөмдүү адамдын ички дүйнөсүн байытып, көңүлүн бийик
көтөрүп турат; мында болсо оройлук, ач көздүк, дүнүйө- кордук бийлик кылып
турат.
— Беркелчи, Альфред, — деди ыйлап жаткан баланы көздөй унчугуп, акчалуу
чөнтөгүнө колун сала. Ал эч качан акчанын көзүнө карачу эмес, бул анын кең
пейилдик адаты эле. Ал балага бир күмүш тыйын берип, аны колуна көтөрүп
соорото баштады.
— Кана эми, буга чуркап барып набат алып жей гой. Көпкө чейин эрибей
турган катуусунан ал. Анан бир туугандарыңа да, эжелериңе да бериш.
Маргиндин эжеси кир жууп жаткан тепшисинин жанында өйдө тура калып ага
карап калды.
— Бир пенси берсең эле болбойт беле? — деди ал, — сен деги акчанын баркын
билбейсиң. Анын үстүнө балага таттууну көп жешке болбойт да.
— Эч нерсе эмес, — деди Мартин жылмая жооп кайтарып, — менин
тыйындарымдын баркы мындан кемибейт. Амансызбы эжеке, эгерде сенин
колуң бош болгондо, ишенсеңиз, тим эле кучактап туруп өөп жиберет элем.
Ал эжесин эркелетип, ага жакшы мамиле жасагысы келди, эжеси да боорукер
адам эле, ал дагы аны (муну ал билүүчү) өз алдынча өтө жакшы көрө турган.
Бирок ал жыл өткөн сайын, өзүнүн мурдагы калыбынан тайып, улам көбүрөөк
урушчаак жана ачуулуу болуп баратты. Мартин эжесинин мүнөзүнүн бул
өзгөрүүлөрүнүн себебин — оор эмгектен, көп бала-чакалуулуктан жана эринин
ыксыз тескери кыялдарынан көрдү. Ага эжеси ушул убакка чейин чириген
жашылчалардын жана жуула элек кир кийимдердин сасык жыттары менен, жана
дүкөнчөнүн жанында туруп алып санаган көп пайдалануудан жукара түшкөн жез
тыйындар менен гана тамактанып келгендей сезиле түштү.
— Үйгө кирип, андан көрө тамак ичип ал, — деди эжеси, сыртынан сүр
көрсөткөнү менен ичинен ыраазы боло түшүп. Жер жүзүн кыдырып, саякаттап
жүрүшкөн бир туугандарынын ичинен Мартин ал үчүн эң сүйкүмдүүсү эле.
— Кана, бери келчи Мени көздөй, сени бир өөп коёюн, — деди эжеси
Мартинге, күтүлбөгөн жерден бир туугандыктын сезимине элжирей түшүп.
Ал алды менен бир колунун, андан кийин экинчи колунун билектерине
чейинки жабышкан самындын көбүгүн шыпырды. Мартин анын салмактуу
денесинен кучактап, жумшак, нымданышкан эриндеринен өптү. Эжесинин
көздөрүнө жаш келе түштү. Бул көз жаш жалаң гана кубанычтуу сезимдин
таасиринен гана эмес, денесин көбүрөөк майыштырган оор жумуштун
түйшүгүнөн жана суй жыгылып, өлчөөсүз чарчоодон да пайда болгон көз жашы
эле. Ал Мартинди өзүнөн саал алыстатып, көз жашын андан жашыргысы келди
эле, бирок Мартин аны баары бир байкай салды.
— Тамак мештин үстүндө турат, — деди ал кошумчалап, Джим эмгиче
тургандыр. Мен бүгүн кир жубамын деп таң азандан тургам. Бар эми, тезирээк
барып тамагыңды ичип, үйдөн чыгып кет, биздин бүгүн жумушубуз көп. Том
болсо кетип калыптыр, эми кирени Бернард өзү тартууга тийиш.
Мартин оор капалуу ашкананы көздөй бет алды. Ушул тапта эжесинин чоктой
кызарган жүздөрү, жүдөгөн кебетеси анын көңүлүнөн кетпей туруп алды. Ал
эжемдин колу саал бошураак болгондо, мени дагы жакшылап эркелетмек беле
дегендей ойго да кетти. Оор жумушту көп иштеп, байкуштун отуз омурткасы
ооруп, кырк кабыргасы сыздап бүткөн. Аны ушунчалык мүңкүрөтүп, оор жумуш
иштеттирген Бернард Хиггинботам нагыз айбандын өзү. Ошол эле учурда
эжесинин аны жакшы көргөнүндө жана өбүшүндө эч кандай деле сонун нерсе жок
экендигин Мартин терең сезип турду.
Чындыгында анын бул өбүшү өз алдынча алып каралганда, ага бөтөнчөрөөк
болуп туюлду. Себеби көп жылдар бою эжеси аны саякатка узатар алдында гана,
же болбосо, ал үйгө кайгып келгенде анын алдынан тосуп чыккан учурда гана өбө
турган. Бул өбүштөн анын оозуна самындын көбүгүнүн даамы келип, эжесинин
эриндеринин балбырап калгандыгын сезди. Мына ошондуктан эжеси аны кадала
түшүп, кадимкидей кубантып өбө албады, жана бул өбүү аябай чарчап,
чаалыккандыктан кандай өбүү керек экендигин такыр унутуп калган аялдын
өбүүсү эле. Мартин эрксизден бир кездеги, эжесинин күйөөгө чыга элек учурун
эсине түшүрдү, анда ал кечкете иштеген оор жумушунан кийин таң атканча, кала
берсе таңдын кандай атканын сезбей бийлеп, андан кийин эч нерсе болбогондой
эле, кайра өзүнүн кир жуугучканасын көздөй шашылчу. Мартин ушул замат
кайрадан Руфь жөнүндө ойлонду жана ал анын эриндери, анын дал өзү сыяктуу
эле назик экендигин элестетти. Ал адамга көз карашын кандай жиберген болсо,
колдон кысып кандай учурашкан болсо, дал ошондой эле бекем жана чын
жүрөктөн өбүүгө тийиш деп ой жорутту. Ал кала берсе Руфтун эриндери өзүнүн
эриндерине жакындап келе жаткансыгандай сезип жана бул өтө жандуу
элестетүүлөрдөн анын кубанычы ашып-ташып, бактылуулуктан башы айлана
түштү.
Ал өзүн кадимки роза гүлүнүн таажыларынан пайда болгон сыяктуу жыты
аңкып, кереметтүү булуттардын арасында акырын, жайма-жай сүзүп жүргөндөй
сезип кетти.
Ал ашканадан сулу боткону шашпай жеп, айланага аңкоо, суз көз карашын
жиберип коюп олтурган дагы бир, ушул үйдө туруучу Джимди көрдү. Ал темир
устанын шакирти эле, бирок анын эринчээк мүнөзү, эркинин бошоңдугу жана
дагы ага кошумча акыл-эс жактан чолоктугу, келесоо чалыш көрүнүшү — жашоо
үчүн күрөштө ага чеке жылытарлык кымындай дагы ийгиликти тартуулай
албады.
— Сен эмне үчүн жебейсиң? — деди ал Мартиндин сулу боткосун көңүлсүз
аралаштырып олтурганын көрүп, — Сен кечээ дагы ичип келдиңби?
Мартин кечээ ичкеним жок дегендей башын тескери чайкады. Ал өзүн курчап
турган чөйрөнүн ушунчалык жупунулугунан басынып, ачуусу келип турду. Руфь
Морз эми ага ого бетер кол жеткистей алыс көрүнүп кетти.
— Ал эми мен болсом ичкем, — деди Джим куйкумдуу кыткылыктап, ичкенде
да ордумдан турбай калыптырмын. Эх, кандай сонун кыз дейсиң! Билл мени
үйүмө араңдан зорго жеткирип келиптир.
Мартин угуп жатам дегенсип башын ийкеп олтурду, — бул анын кимге гана
карата болбосун сүйлөшүп жаткан учурдагы көнүмүш адаты эле. Андан кийин ал
чала жылымтык кофеден бир чашка куюп, өз алдына жылдырып койду.
— Сен бүгүн «Лотоско» бийлегени барасыңбы? — деп сурады Джим. — Пиво
болот. А эгерде Темескалык бейбаштар келсе иш бүттү, чатак чыкпай койбойт. А,
мага болсо баары бир. Кызымды болсо деги ээрчитип барам. Тфу!.. Оозумдун ичи
эмне даамданып кетти, ия? Шайтандыкы десе!
Ал бети башын бырыштырып, кофе менен оозун тез- тез чайкап жиберүүгө
ашыкты.
— Сен Джулияны билесиңби?
Мартин башын тескери чайкады.
— Азыр ал мени менен жүрөт, — деп түшүндүрдү Джим. — Кыз эмес эле бир
таттуу момпосуй. Мен сени аны менен тааныштырар элем, бирок тартып
аласыңбы деп коркомун. Деги эмне үчүн кыздар сага өзүнөн өзү ушунчалык
асылышаарын, кудай урсун, тап-такыр түшүнө албайм. Кандай гана кыз болбосун
бирпастын ортосунда эле өзүңө имерип аласың да коёсуң, аныңды көргөндө
чынымды айтайын, тим эле кыжырым кайнап, ачуум келе түшөт.
— Ушу убакка чейин сенин бир кызыңды да тартып алган жокмун го? — деди
Мартин кош көңүл гана, тамактын аягын чатакка айландырып жибербеске
аракеттенип.
— Кантип? — деди туталанып берки, — а, Мэггичи?
— Бирок биздин ортобузда эч нерсе деле болгон эмес. Ошондон кийин мен
аны менен бийлегеним да жок.
— Мына, мына, дал ушул себептен, — деди кыйкырып Джим, — сен аны менен
бир гана жолу бийлеп, ага бир-эки жолу гана көзүңдүн кырын салып койгонуңдан
кийин иштин баары бүткөн. Сен мүмкүн эч нерсе деле ойлогон эместирсиң. Ал
эми кыз болсо, ошондон кийин билсең, мени көрөйүн деген көзү жок болуп
калды...
Кайра-кайра эле сен жөнүндө сурайт. Эгерде сен саал көңүлдөнгөн болсоң, анда
ал сага ошол замат эле жолугушууга макулдугун бермек.
— Бирок мен каалаган жокмун да.
— Кеп эмес. Баары бир мен андан кол үздүм, — Джим Мартинге Суктануу
менен көз чаптырды. — Сен мындай ийгиликке деги кантип жетишесиң, Мартин?
— Мен алар жөнүндө аз ойлоймун, мына ушул гана, — деди ал.
— Менимче, сен аларга теңиңе албагансып мамиле жасайсың го дейм? — деп
Джим дагы тактап сурап калды.
— Мартин бир аз ойлоно түштү.
— Болсо болор, бирок мен чындыгында алар жөнүндө эч бир ойлонбоймун.
Сен дагы ошондой түр көрсөтүп көрсөң, мүмкүн бирдеме чыгып калар.
— Ка-ап, кечээ сенин Райлиде болбой калганыңчы, — деди Джим күтүлбөгөн
жерден, анда Батыш Окленден келген «Келемиш» деп аталган бир тапан жигит
болду. Ой, мушташуу жагынан ашкан айлакер неме экен! Биз- дин балдардын
бири дагы аны көтөрүп чаба албады. Сенин жоктугуң ай! Бардыгыбыз өкүндүк!
Сен кече кай- да куюндап жүрдүң?
— Оклендде эле, — деди Мартин.
— Театрда болдуңбу?
Мартин табагын четке жылдырып коюп, эшикти көздөй бурулду.
— Ай, анда бүгүн ошентип бийлейбизби? — деди Джим Мартиндин аркасынан
кыйкырып.
— Жок, ким билет, — деди Мартин.
Ал тепкичтен түшүп, сыртка чуркап чыгып, таза абадан бир нече жолу
терең-терең дем алып жебирди. Анткени бул үйдүн абасында анын деми
кысылып, ал эми Джим менен болгон жагымсыз аңгемеден кыжыры кайнай
түшкөн эле. Аңгеменин учурунда ордунан тура калып, табактагы боткого
Джимдин башын матыра койгусу келген. Джим канчалык бирдемелерди көп
бежиреген сайын, Мартинден Руфь ошончолук алыстай баштагансыган. Ал
ушундай айбандардын арасында жашап жүрүп, качандыр бир кезде Руфка тең
боло алмакпы? Алдындагы турган ушул сыяктуу чиеленишкен оор маселелерден улам анын үмүтү үзүлүп, жумушчу табынан чыккан өзүнүн абалы жөнүндө
ойлогондо, айласы кетип, денеси
шалдырай түштү жана чөйрөсүндөгүлөрдүн бардыгы: анын үйү жана үй-бүлөсү,
слесарь Джим, — мына ушул өзү өсүп-өнгөн жана жашоосунун өзөгү болуп
калгандардын бардыгы тең аны кандайдыр бир оор жүктөй болуп жонунан
басып, ага козголууга мүмкүндүк бербегенсип турду. Турмуш ал үчүн өз
кызыкчылыгын жоготконсуду. Ушул убакка чейин ал турмушту кандай болсо
аны дал ошондой түшүнө турган. Бир гана, китеп окуган кезде болбосо, ал эч
качан өз алдынча турмуш жакшыбы же жаманбы деп ойлонуп, же суроо берип
көргөн да эмес. Бирок алар болсо, турмушта болбой турган нерселер жөнүндө
кооздолуп гана жазылган китептер эле. Ал эми, азыр болсо, ал ошол турмушта
жок нерселер дүйнөнүн чындыгында бар экендигин жана Руфь аттуу кыздын
гүлү ошол дүйнөнүн дал борборунда турарын терең туюнду. Ага жетүүм керек
деген үмүттүн убайымына өтө түшүп алып, мына ушундан баштап ал турмуштун
сары санаанын жана айласыздыктын ачуу уусун жутту.
Мартин көпкө чейин кайда барарын билбей ойлонду: Берклейдик көпчүлүк
окуу залына же Оклендик китепканага барсамбы деп туруп, акыры Оклендик
окуу залына токтолду. Айтмакчы! Бул окуу залы Руфтун эң бир жакшы көргөн
жана дайыма келип туруучу жери эмеспи, жана анын Руфту ушул жерден
жолуктуруп калышы да толук ыктымал. Анын бөлүмдөрдүн иреттери менен ным
тааныштыгы болбогон соң, француз кызына окшогон арык чырай келген бир кыз
ага маалымат берүүчү китепкана үстүндө деп, түшүнүк бергенге чейин сан
жеткис беллетристикалык китептер коюлган бийик-бийик текчелердин
арасында ал көпкө чейин өзүнчө эле буйдалып жүрө берди. Ал сол жактагы
столдо отурган кишиге кайрылуу керек экенин байкабай, экинчи бөлмөгө кирип
келди эле, бул комната философия бөлүмү болуп чыкты. Ал философиялык
китептердин бар экендигин уккан, ал тургай бул илим жөнүндө ушунчалык көп
нерселер жазылгандыгынан да эч бир шек санаган эмес. Калың-калың томдорго
жык толгон бийик шкафтар анын санаасын чөгөрүп жана ошол эле учурда аны
делөөрүтүп да жиберди. Бул жер акылды сугаруунун чыныгы булагы эле.
Математика бөлүмүнөн ал тригонометрия боюнча бир нече китептерди таап
алып, эч максатсыз эле бир нерседей болуп көрүнгөн формулаларды жана
чиймелерди көпкө чейин тигилип карап турду. Ал
англис тилиндеги бир сөздү окуп, бирок анын маанисине түшүнө алган жок. Бул
тил ага кандайдыр бир бөтөнчө башкача тил болуп көрүндү. Норман менен Артур
бул тилди билишчү. Алардын бул тилде сүйлөшкөнүн ал ук- кан. Ал экөө Руфтун
бир туугандары. Философия бөлүмүнөн Мартин бардык үмүтүнөн ажырагандай
сезим менен чыгып кетти. Китептер аны басып кала тургансып, туш-туш жактан
аны көздөй жылып келе жаткансыды. Ал адам баласынын билиминин ушунчалык
зор экендигин башынан эле билген. Анын денеси калтырай түштү: ушунун
бардыгын өздөштүрө алабы? Ал ушул замат булардын бардыгын өздөштүргөн
адамдар болгондугун жана алардын саны аз эместигин эсине түшүрдү. Ал өзүнө
өзү чечкиндүү турду: — башкалар жетиш- кен ийгиликтерге мен дагы сөзсүз
жетишемин, — деп ант берди.
Мына ушинтип ал өкүнүүдөн таң калууга өтүп, акылмандуулуктун казынасы
жыйылган текчелердин арасында адашып жүрдү. Ал жалпы бөлүмдөн Норринин
«Кыскача багытын» таап алды. Аны урматтоо менен барак- тап чыкты. Бул
китептен өзүнө ал түшүнүктүү жана жок дегенде бир нерсени, жүрөгүнө өтө
жакын бир топ нерселерди таба ала тургандай. Көрсө анын автору өзү сыяктуу
суучул экен. Андан кийин анын колуна кабында «Боудич» деген чоң жазуусу бар
китеп жана Лекки менен Маршалдын бирге жазган чыгармалары урунду. Мына
кызык десең. Ал азыр навигацияны үйрөнүүнү баштайт. Ичкиликти таштап,
чымырканып иштеп, акырында капитан болот. Ушул замат Руфь ага өтө жакын
боло түшкөнсүдү. Ал Руфка, эгер Руфь аны кааласа капитан болгондон кийин
үйлөнөт. Ал эми каалабай койсочу, анда кантмекчи эле, анын жакшынакай
таасирлеринен ал дурус, татыктуу өмүр сүрүүгө үйрөнөт, ал эми ичкиликти болсо
таштабай койбойт. Андан кийин ал кеменин ээси менен камсыздандыруучусу
жөнүндө эсине түшүрдү, бул эки кожоюн менен капитандардын башынан эле
пикирлери келише берчү эмес. Мына ошондуктан кайра көңүлү бузулуп, акыры
ушул экөө менин түбүмө жетип жүрүшпөсүн деп ойлонду Мартин. Ал бөлмөнүн
ичине дагы бир жолу карады эле, өзүн магниттей тартып алган он миңдеген
томдордон көзү талыганынан жумула түштү. Болду, деңиз сен эми кош бол! Бул
сан жеткис китептердин ичинде зор күч бар, эгерде ал улуу иштерди аткарууну
каалай турган болсо, ал аны деңизден эмес, дал ушул кургак жерден иш жүзүнө
ашырууга тийиш! Анын үстүнө, капитандарга өздөрүнүн аялдарын алыска
сүзүүгө кошо ала кетүүгө руксат берилбейт да эмеспи.
Күн чак түш мезгил. Арадан дагы бир топ убакыт өттү. Мартин тамактанууну
унутуп, ак сөөктөрдүн өз ара мамилелеринин эрежесин баяндаган китепчени
издеп, колуна урунган китептердин аттарына көз чуркатып жатты. Анын башы
азыр мансап жөнүндөгү ойдон башка дагы бир төмөндөгүдөй жөнөкөй маселе
менен катуу алек болду: эгерде сени менен бир перизат коштошуп жатып,
кайрылып келишиңди өтүнсө, анда кантип аны тезирээк орундатууга болот?
Бирок ал, жанагы керек- түү китебин тапканы менен, андан издеген жообун таба
албады. Анын ак сөөктөрдүн мамилелеринин формаларынын татаалдыгынан
жана көп түрдүүлүгүнөн башы тегеренип, алардын чөйрөсүндө кабыл алынган өз
ара чакыруу баракчалардын алмашуу тартиби жөнүндөгү насият китепчелердин
көптүгүнөн ойлору баш аламан болуп, чаташып кетти. Ал ушул замат капалуу
артка кетенчиктеп, чегине түштү. Ал издегенин таппады, бирок кичи
пейилдүүлүктүн бардык формаларын сактоону үйрөнүп чыгууга өтө көп убакыт
талап кылына тургандыгын өтө жакшы түшүндү, ал турмак ушул эрежелердин
бардыгын кадимкидей өздөштүрүп чыгуу үчүн болсо, дагы бир жолу кайрадан
жашоо керектей көрүндү.
— Кана, керектүү китебиңизди таптыңызбы? — деп андан столдо олтурган
киши сурап калды.
Ооба, сэр, сиздердин китепканаңыздар эң мыкты экен, — деп жооп кайтарды
Мартин.
Тиги ыраазы болгондой башын ийкеп койду.
— Китепканага тез-тез келип туруңуз. Сиз суучул эмессизби?
— Ооба, сэр. Дагы келип турармын.
«Менин суучул экендигимди ал кайдан билди? — деп, суроо берди ал өзүнө
өзү, тепкичтен төмөн түшүп баратып.
Ал көчөгө чыгып, олдоксон теңселип баспастан какая түшүп, кадам шилтөөгө
аракеттенди. Ал мындай түз басыгынан терең ойго чумуп кеткенче гана жазган
жок. Андан кийин болсо, кадамын демейдегисиндей шилтеп кете берди.
VI ГЛАВА
Кадимки ачкалыктын азабына окшоп тынч алдырбаган кыйналуу Мартиндин
бүт денесин бийлеп алды. Ал, назик колдору күтүлбөгөн жерден анын бүткүл
өмүрүн өз кучагына тартып алгансыган бул кызды кайра- дан көрсөм деген
каалоонун өртү менен тутанып жана кусалык менен санаага батып, самандай өңү
саргайып да кетти. Ал ага азыр эле барып, бетме-бет жолуккусу келди да, бирок
кайрадан эмнегедир айбыккансыды. Ал, бул аракетим мүмкүн өтө эле чапчаңдык
кылбасын жана ушунун өзү менен этикет деп аталган каардуу эрежелердин ыйык
тартибин бузуп албайын деп коркту. Ал өзүнүн көп убакыттарын, өз атына гана
эмес, Гертруддун, Мэриендин жана кала берсе пиво менен мыктылап туруп
сыйлагандан кийин макул болгон Джимдин да аттарына жазылган Окленд менен
Берклейдик китепканаларда олтуруп өткөрдү. Ал ушул төрт абонементке тең
китеп алып, өзүнүн кичинекей тар бөлмөсүндө таң атканча газды өчүрбөй окуп
отура берер эле. Жана бул газ үчүн мистер Хиггинботамга жумасына элүү центтен
да ашык акы төлөй турган.
Окуган китептери анын чочулоолорун гана күчөттү. Жаңы китептин ар бир
барагы ага билим багына кирүүчү жылчык сыяктуу болуп көрүндү. Бул
китептерди окуудан анын каалоолору ого бетер күч алгансыды. Анын үстүнө, ал
азыр эмнеден баштарын да билбей кетти жана албетте, ал өзүнүн даярдыгынын
жоктугуна да өкүнбөй койгон жок. Ал кала берсе, китепти колуна кармаган ар бир
адамдын билүүсү шексиз болгон эң жөнөкөй нерселерди да билбейт экен. Мартин
өзү укмуштай берилип окуган поэзия жөнүндө да, дал ушунун эле өзүн айтууга
мүмкүн эле. Суинбернден ал Руфь берген томдогу ырларын гана окубастан, анын
«Долорессин» да окуп чыгып, эң сонун түшүндү. Руфь бул чыгарманы балким
туура түшүнө албаса керек, деп ойлоду ал. Ушундай жыргалдуу турмушта жашап
жатып, кайдан түшүнө алсын? Андан кийин анын колуна Киплингдин ырлары
урунуп, ал өзүнө өтө тааныш нерселер жөнүндө баяндаган анын ырларынын
музыкалуулугуна, уйкаштыктарына, сапаттарынын сырдуу элестүүлүгүнө өтө
суктанды. Аны Киплингдин бардык ырларынан көрүнгөн турмушка болгон терең
сүйүүсү жана анын психологиялык жактан бөтөнчө чебердиги таң калтырды.
«Психология» деген сөз Мартин Идендин сөз байлыгындагы жаңы табылга
болучу. Ал өзүнө сөздүк сатып аламын деп, акчасы азайып, ошондуктан деңизге
чыгуу мөөнөтүн да тездетүүгө аргасыз болду, мындан тышкары, бул акчаларды
сөздүккө короткончо жашаган бөлмөсү үчүн төлөсө жакшы болот эле, деп
жанталашкан мистер Хиггинботамды да каардантып алды.
Күндүз ал Руфтун үйүнө жакын келмек түгүл, анын четине жолой алучу эмес,
бирок кечкисин болсо кадимки ууру адам сыяктуу болуп жашырынып
Морздордун үйүн тегеренип, анын айланасында акмалап жүрө турган жана
алардын жарык болуп турган терезелерине жашырын көз чаптырып, ушул
терезелерди курчап турган дубалдарга назиктик менен кароочу. Бир нече жолу
ал байкабай Руфтун агалары менен сүзүшүп да кала жаздаган, ал эми бир күнү,
жарык көчө менен бара жаткан мистер Морздун жүзүн таанып алуу үчүн, акмалап
көпкө чейин жүрүп олтурду жана ал ичинен, ушул кадырлуу жентельмен
күтүлбөгөн жерден өлүм коркунучуна туш келсе, анан аны бул коркунучтан мен
куткарып калсам ээ деп аябай тиледи. Дагы бир жолу Мартин кокусунан экинчи
кабаттын терезесинен Руфту көрүп калды. Анын башы, ийини жана колдору
көрүнүп турду. Колдорунун кыймылдарынан ал аны чачын таранып жатат деп
божомолдоду. Бул көрүнүш көз ачып жумганча гана созулду, бирок ошондой
болсо да, анын делебесин козгоп, жаш жүрөгүн элжиретип, кыялга мас кылып
жиберүү үчүн жетишерлик мезгил болду. Руфь ошол замат эле терезенин
пардасын түшүрүп жиберди, бирок Мартин анын бөлмөсү кайсыл экендигин
байкап, мына ошондон кийин ал анын каршысындагы тротуардын боюндагы
бактын түбүндө чылым үстүнө чылым тартып сааттарды өткөзүп тура берчү. Бир
күнү ал казынадан чыгып келе жаткан Руфтун апасын көрүп, өзү менен анын
ортосундагы айырмачылыктын асман менен жердей экендигин дагы бир жолу
өкүнүү менен сезген.
Тигил аял болсо акчасын казынада кармаган адамдардын катмарына кирүүчү.
Ал өзү болсо, ушунча жашап, өмүрүндө бир жолу дагы казынага кирген эмес эле
жана буга окшогон мекемеге эң бай жана өтө кубаттуу гана адамдар келе
тургандыгын жакшы түшүндү.
Ал өзүнөн моралдык жактан бир топ өзгөрүлүүнү сезип турду. Руфтун
тазалыгынын жана бузулбагандыгынын таасиринен ал дагы кандай гана
болбосун өзүн таза кармоону чечти. Эгерде ал ушул аял менен бир абадан дем
алууга татыктуу болгусу келсе, ал алды менен таза болууга тийиш. Ал тишин
тазалап жана магазиндин терезесинен тырмак тазалагыч кичинекей щеткачаны
көргөнчө жана анын пайдаланышын билгенге чейин, колун ашкана щеткасы
менен кызарта кырып, жышып, жууп жүрдү. Дүкөнчү анын тырмактарына көз
жиберип, ага тырмак тазалагычты сунуш кылды, мына ошентип, анын тазалык
буюмдарынын саны дагы бир буюмга көбөйдү. Ал китепканадан адамдын жеке
тазалыгы жөнүндөгү китепти алып, андан күн сайын эртең менен муздак сууга
сөзсүз жуунуп туруу керек экендигин окуду. Бул болсо Джимдин суктануусун
туудуруп, ал эми мистер Хиггинботамдын болсо өтө ыңгайсыздана түшүшүн
пайда кылды жана ал бул сыяктуу укмуштуу сонун көрүнүштү колдомок түгүл,
кайра Мартинден суу үчүн бөтөнчө акы алуу жөнүндөгү маселени алдына коё
баштады. Мартин үчүн алга өсүүнүн экинчи кадамы болуп, шымынын фасону
жөнүндөгү анын кам көргөндүгү эсептелди. Бул маселеге кызыга баштап, Мартин
каптай көлбөктөгөн жумушчулардын дамбалдары менен жогорку таптын
адамдары кийишкен бычактын мизиндей кырдуу шымдын ортосундагы
айырманы бат эле байкады. Мунун сыры эмнеде экендигине түшүнгөн соң,
Мартин эжесинин ашканасына үтүк менен кийим үтүктөй турган тактайды издеп
кирди; бирок анын биринчи аракети ордунан чыкпай, ал шымын күйгүзүп . алып,
кайра жаңы шым сатып алууга аргасыз болду. Бул сүзүүгө аттануу мөөнөтүн ого
бетер тездетүүгө алып келди.
Бирок сырткы өзгөрүлүшү менен гана бардыгы бүтүп калган жок. Ал
тамекини али таштабаганы менен, ичкиликти тап-такыр коюп койду. Ал ушул
күнгө чейин мастыкты эркектер үчүн барып турган сонун иш катары эсептөөчү
жана кала берсе ал мен ичкиликке бекеммин, бөтөлкөлөш жолдошторум мас
болушуп, столдун алдында кулап калган учурда да, мен мас болбостон иче
беремин деп өтө сыймыктана турган. Сан-францискодо анын мурдагы сүзүүлөрү
боюнча жолдоштору болучу, жолуккан сайын ал аларды мурдагыдай эле марттык
менен вино алып берип сыйлоочу, өзүнө болсо, бир кружка гана пиво же жеңил
эльден 1 азыраак гана алып, жолдошторунун бардык тамаша сөздөрүнө
таарынбай, кайра ал сөздөрдү кең пейилдүүлүк менен көтөрүп уга турган. Ал
жолдошторунун ичип олтуруп, акырындык менен мас болушуп, ооздоруна эмне
келсе, ошону оттошо баштагандыгын кызыгуу менен байкап жана өзүнүн бул
абалга али жетпегендигине кубанчу. Алардын ар биринин өзүнчө кайгысы,
капасы боло турган, вино болсо аларга бул кайгы капаларын унуттурууга жана
аларды таттуу кыялдардын жана элестердин өлкөсүнө алып келип салууга
жардам берүүчү. Бирок Мартинге азыр ичкиликтин эч кандай деле кереги жок. Ал
арак менен вино ичкенден да күчтүүрөөк мастык абалында болуучу — себеби ал
өзүн жаңы жаркыраган турмушту көздөй үндөгөн Руфка, мурда сезип көрбөгөн
сансыз каалоолорду козгогон китептерге мас болучу. Мурдагыга караганда
саламаттыкты толугураак сезип жана жарык дүйнөдө жашоо кубанычы анын
бүткүл денесин чымыратып жиберди, ал мына ушуларга, жана акырында өзүнүн
жеке тазалыгы жөнүндөгү ойлорго мас эле.
Бир күнү Мартин Руфту көрөмбү деген күңүрт ой менен театрды көздөй
жөнөдү жана чындыгында эле ал театрдын экинчи ярусунун балконунда отуруп
Руфту байкап калды. Ал Артурдун жана кандайдыр бир чоочун, көз айнекчен,
чачын тикчийтип кыска алдырган бир жигиттин узатуусунда партер менен өтүп
бара жатты. Ошол замат бул көрүнүш Мартиндин жүрөгүндө аябай тынчсыздануу
жана кызгануу сезимин туудурду. Руфь биринчи катарга келип отурду, Мартин
оюн бүткөнчө аралыктын таасиринен Руфтун келишимдүү ийиндери менен
алтындай сары чачтарынан башка эч нерсесин даана көрө албады. Ал бир-эки
жолу бурулуп, эки жагына көз жиберди жана ал өзүнөн бир нече орунга
алысыраак отурган эки кызды байкады, кыздар ага жылмайышып, көз
ойнотушту. Ал мындай учурда дайыма кичи пейилдик менен тааныша турган
жана бул сыяктуу көңүл бурууну жоопсуз калтыруу анын мүнөзүндө жок эле.
Эгерде саал мурдараак болгондо, ал буларга сөзсүз жооп кайтарып, жылмайып
күлөт эле да, андан ары мамилесин тереңдетип жибермек. Бирок азыр бардыгы
башкача болуп өзгөрүлүп кетти. Ооба, ал чындыгында тигилерди көздөй карап,
бир жолу жылмаюу менен жооп кайтарып коюп, ошол замат кайра бурулду да,
Эль — арпанын угутунан жасалган тунук жана коюу келген англиялыктардын күчтүү пивосу.
экинчи ирет алар жакты көздөй карабаска аракеттенди. Ошондой болсо да,
убактылуу бул кыздар жөнүндө унутуп койгон Мартин андан кийин бир эмес, бир
нече жолу күтүлбөгөн жерден тигилердин жагымдуу жылмаюусуна көздөрү
чагылыша түштү. Адамдын бир күндүн ичинде эле өзгөрүлүп кетиши өтө кыйын,
анын үстүнө ал табийгатынан эле жумшак, кичи пейил, сылык болучу, мына
ошондуктан ал тигил кыздарга жооп кайтарып эрксизден жылмайып жиберди
жана бул жылмаюу жөнөкөй гана жолдоштук иретиндеги жылмаюу эле. Мунун
бардыгы ага дүйнө сыяктуу эле эң эски болуп көрүндү. Тигилер болсо аялдык
кылыктарын жасап тийиштик кылып жаткандыгын түшүндү. Бирок ал үчүн азыр
бардыгы башкача болуп көрүндү. Тигил алды жактагы биринчи катарда,
Мартиндин өзүнүн табына тиешелүү бул эки кызга тап-такыр окшобогон
дүйнөдөгү ал үчүн бирден бир сүйүктүү кызы Руфь олтурган эле. Ал тигилерге
боору ачыгандан башка эч кандай жылуу мамиле жасай албады. Мартин ичинен:
— эх, чиркин, ушул эки кыз эч болбогондо Руфтун периштедей сулуулугунун
учкундарынчалык чырайлуу болушса болмок экен, — деп аларды аяп кетти. Ал эч
качан, эмне үчүн бул кыздар мени менен эле тамашалашкылары келип жатышат
деп күнөөлөгүсү жана каккысы келбеди. Бирок бул көз караш аны азгыра албады:
эгерде, — деп ойлоду Мартин, — бул кыздар менин Руфту сүйөрүмдү жана анын
чөйрөсүнө жакын экенимди билишкен болсо, анда алар мени менен минтип
тамашалашып ойношкусу келбейт эле. Мартин алардын ар бир көз
караштарынан өз чөйрөсүнүн илгичтей узун ичке, колдору аны көздөй туш-туш
жактан созулуп, караңгылыкты көздөй тартып кете жаздап тургандыгын сезип
турду.
Мартин акыры көшөгө бүтөрүнө аз калганда ордунан туруп, Руфь чыкканда
жок дегенде аны бир жолу көрүп калайын деп сыртка эртелеп чыкты. Сан
жетпеген ачык ооздор дайыма театрдын кире беришинде жол беришпей
тополошуп турушуучу эле, эгерде сен шапкеңди чекеңе баса кийип, кимдир
бирөөнүн аркасында калсаң, анда сени дегеле эч ким байкабай турган. Ал элден
мурун сыртка чыгып, жөөлөшкөн адамдардын арасынан Руфту акмалай турган
орун тапкан кезде, күтүлбөгөн жерден баягы эки кыз көзүнө чалдыга түшсө
болобу? Бул кыздар анык өзүн издеп жүргөндүгүн сезип, ошол замат аялдарды
эмнегедир өзүнө тартып турган бул касиетине наалат айтып жиберди. Алды
менен алар калп эле аны байкамаксан болуп калышты, бирок бул көрүнүш
амалдануу экендигин Мартин жакшы түшүнүп турду. Алар Мартинге
жакындаганда жай басышты да, бир маалда кыздын бирөө билмексен болуп,
Мартиндин жанынан өтүп баратып ийини менен коюп кетип, аны эми гана
тааныгандай карап калды. Бул мүчөсү келишкен, кара чач, кара көз, амалкөй кыз
болучу. (Бул эки кыз Мартинге дагы бир жолу жылмайышты эле, Мартин дагы өз
ирээтинде аларга ошондой эле жооп кайтарды,
— Хелло, — деди ал.
Бул сөздү ал көнүмүш катары, ушунчалык тез кай- талап жиберди. Бирок,
анын табигый боорукердиги жана кичи пейилдүүлүгү ага мындан башка мамиле
кылууга мүмкүндүк бермек эмес. Кара көз кыз көңүлдүү жана жалбарыңкы
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 05
  • Büleklär
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 4096
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1923
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 4116
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2032
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 4219
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1994
    32.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 4242
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2001
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 4170
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1818
    31.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 4204
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1914
    30.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 4159
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1830
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 4140
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1839
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 4066
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1839
    30.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 4088
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1855
    30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 4142
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1934
    32.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 4198
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1946
    29.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 4163
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1875
    32.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    53.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 4152
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1798
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 4146
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1914
    30.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 4051
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1883
    28.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 17
    Süzlärneñ gomumi sanı 4192
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1869
    33.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 18
    Süzlärneñ gomumi sanı 4075
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1922
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 19
    Süzlärneñ gomumi sanı 4017
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1845
    29.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 20
    Süzlärneñ gomumi sanı 3984
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1903
    29.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 21
    Süzlärneñ gomumi sanı 4005
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1807
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 22
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1890
    31.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 23
    Süzlärneñ gomumi sanı 3967
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1878
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 24
    Süzlärneñ gomumi sanı 4002
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1933
    31.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 25
    Süzlärneñ gomumi sanı 3959
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1945
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 26
    Süzlärneñ gomumi sanı 4024
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1889
    32.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 27
    Süzlärneñ gomumi sanı 4161
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1991
    31.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 28
    Süzlärneñ gomumi sanı 4151
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1865
    32.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 29
    Süzlärneñ gomumi sanı 4089
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1790
    31.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 30
    Süzlärneñ gomumi sanı 4200
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1787
    32.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 31
    Süzlärneñ gomumi sanı 4188
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1938
    32.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 32
    Süzlärneñ gomumi sanı 2695
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1131
    36.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    56.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.