Latin

Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 16

Süzlärneñ gomumi sanı 4051
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1883
28.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
38.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
46.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Ал бул пикирлерин өзүнчө кагазга түшүрүп, атайын өз алдынча үйрөнүп жүрдү.
Бирок да аларды сокур кишидей ээрчип кетпеди. Ал жөн гана бул чыгармалардан
кандайдыр бир жалпы принципти издеди. Ал адабий ыкманын табыйгаты
жөнүндө жалпы корутунду чыгарууга өзүнө жардам берүүчү түрдүү
жазуучулардан кездештирген адабияттык жасалма ыкмалардан четтеп, өзүнүн
жаңы жеке ыкмаларын иштеп чыкты, ал бул ыкмаларды өз орду жана өз ыгы
менен пайдаланууга аракеттенди. Мына ушунун өзүндөй эле ал күндөлүк
сөздөрдүн арасынан — өзүн оттой жандырып, көңүлүн эркелетип же
тескерисинче келжиреген сөздөрдүн кайгылуу капасынан бөлүнүп, кадимки
жылдыздай жанып турган таамай айтылган жана көркөм сүрөттөөлөр менен
салыштырууларды чогултуп, аларды кагазга туруктуулук менен түшүрүп жүрдү.
Мартин ар качан ар кандай кубулуштун негизин айкындоочу принципти билүүнү
издөөчү. Ал дагы, кубулушту жаратуу үчүн кубулуштар кантип түзүлөрүн билүүгө
умтулуучу. Ал сулуулуктун ашкан көркөмдүгүнө гана магдырап тим болучу эмес;
өзүнүн ашкана буюмдарына бапырап жаткан жана Мариянын балдарынын
кыйкырык чууларына жык толгон тар бөлмөсүндө кадимки лабораторияда
олтурган химик сыяктуу олтуруп алып, сулуулукту тармактуу бөлүктөргө
ажыратып жана анын түзүлүшүн билүүгө изилдөө жүргүздү. Бул болсо анын
өзүнө сулуулукту жаратууга жардам бермек.
Мартин кайсы гана ишти колго албасын, аны терең көңүл буруу менен
аткарууга бет алчу. Ал эч качан тобокелге салып, кокустукка же өзүнүн
талантынын жылдызына таянып, кадимки сокур кишидей өзүнүн эмне кылып
жатканын билбегендей иштөөчү эмес. Кокустан пайда болгон ийгиликтер аны
маашыркатып, чирендирип жиберчү да эмес. Ал кубулуштун «кантип» жана
«эмне үчүн» пайда болгондугунун себебин аныктоону жакшы көрүүчү. Анын
акылы тунук, логикасы күчтүү эле, эгерде ал ыр же аңгеме жаза баштаса, алардын
акыры кандай болуп бүтөрүн көз алдына элестетип, чыгарманын бүткүл планын
эсинде тутуучу. Мунсуз анын бардык аракети кур талаага кетиши ыктымал.
Экинчи жактан ал өзүнө күтүлбөгөн жерден күчтүү таасир эткен кээ бир кокустук
сөздөргө жана сөздөрдүн жыйындысына чоң маани берчү жана бул сөздөр
бара-бара туруктуулук менен бардык сындан өтүп, чыгармасына терс таасирин
тийгизмек түгүл, кайра анын көркөмдүгүн арттыруучу. Мартин мындай
табылгага таң калуу менен башын ийип жана булар кандайдыр бир адамдан
үйрөнүү жөндөмдүүлүгүнөн тышкары улуу чыгармачылык күчтүн таасиринен
түзүлгөндүгүн туюучу жана сулуулукту изилдеп, анын негизин табууга
аракеттенип олтуруп Мартин канчалык улуу акылман болбосун, алардын
биринин дагы али изилдеп олтуруп ойлору жетпеген бийик чокулары бар
экендигине түшүндү. Ал Спенсердин чыгармаларынан деле заттын түпкү чыккан
мазмунуна адамдын акылы жете албай тургандыгын жана сулуулуктун баары
кадимки турмуш сырындай эле, түшүнүксүз нерсе экендигин, ал гана эмес, эч
качан түшүнүүгө мүмкүн болбой тургандыгын, сулуулук менен турмуш таң
калтырарлык түрдө бири-бири менен тыкыс айкалышкандыгын, ал эми адам
болсо, күн нурунун айкалышынын, жылдыздар туманынын көзгө көрүнбөгөн
түрдүү нерселердин бир кичинекей гана кыпындай бөлүкчөсү экендигин
түшүндү.
Мына ушул ойлордун таасиринен Мартин «Жылдыздар чаңы» деген темада
бир макала жазды, бул макаласында, сындын жалпы жаңылыштыгына таптакыр
каршы чыкпастан, ар түрдүү сынчылардын ыкмаларына гана каршы чыккан эле.
Бул терең ойлуу кооздук менен мыскылдуу сөздөргө толгон эң сонун макала
болуп чыкты. Ошондой болсо да, бул дагы журналдар тарабынан жараксыз деп
табылып, четке кагылып салынды. Бирок, Мартин өзүн капаландырган бул
ойлордон тез эле бошонуп, өз жолу менен кебелбей алга адымдай берди. Ал эчак
эле, эң алды чыгармасынын идеясын бардык жагынан жакшылап ондоп алып
туруп, андан кийин гана машинкага отурууга үйрөнгөн. Ушул күнгө чейин
аңгемелеринин бир дагы сабы басмадан чыкпагандыгы аны анчалык деле капага
батырган жок. Жазуу ал үчүн татаал акыл эмгегинин корутунду бөлүгү, айрым
чачкындуу ойлорду байланыштыруучу акыркы түйүнү топтолгон абалдардан
жана фактылардан жыйынтык чыгаруу болуп түшүнүлүчү. Ал макаланы жазып
бүтүрүп, жаңы идеялар жана маселелер жөнүндө ойлоого өттү. Бул болсо,
чындыгында көпчүлүккө таандык болгон мезгил-мезгили менен «өзүн өзү сөз
менен сооротуу» — адаты эле, ошентсе да бул адат — кээде адамдарга чыныгы
же ойдон чыгарылган кайгы-капаларын баштары- нан өткөрүүгө жана унутууга
ишеничтүү жардам гана бере турган.
XXIV ГЛАВА
Арадан жумалар өттү. Мартиндин эң акыркы акчасы түгөнүп, ал эми
басмаканадан болсо, чек келбеди. Көлөмдүү аңгемелери кайтарылып келип,
«кирешелүү» чыгармалары да ийгиликке ээ болгон жок. Эми баягындай түрдүү
тамактарды даярдап жей да албай калды, себеби, беш күндүк гана жей турган
жарым мешоктой күрүчү жана кургатылган абрикосу калган. Бул түгөнгөндөн
кийин ал карызданууга өтмөк болду. Мартиндин карызы үч доллар сексен беш
центке жетери менен португалдык дүкөнчү мурдагыдай азык-түлүк берип
турганын да токтотту.
— Себеби, — деди дүкөнчү, — сеники кызмат жок, кантип төлөйт?
Мартин эч нерсе деп унчуга алган жок. Себеби — дүкөнчүнүн айтаканында
калет жок эле. Жалкоолугунан иш издегиси келбей жүргөн алдуу-күчтүү
жумушчу жигитке карыз берүү мүмкүн беле?
— Тыйын тапсаң тамак болот, — деди дүкөнчү, — тыйын болбойт, тамак
болбойт. Иш ушундай...
Бул жерде эч кандай ички кастык жок экендигин далилдөө үчүн португалдык
мындай деп кошумчалады:
— Кана, ичип кой. Бир стакан. Мен сыйлайт. Мен дос, сен дос.
Мартин достуктун белгиси катары стаканды жутуп жиберди да, кечки
тамакты ичпестен төшөгүнө жыгылды.
Мартинге жашылчаларды башка дүкөндөн сатып алып турууга туура келди,
дүкөндүн ээси өзүнүн соода иштери жагынан мүнөзү бир кыйла жумшагыраак
америкалык киши экен, Мартинге беш долларга чейин гана карыз берип, андан
кийин карызга берүүсүн ал дагы токтотуп койду. Мартин мына ушундан кийин
токоч саткычтан эки доллар, касапчыдан төрт доллар карыз алды. Мартин өзүнүн
бардык карыздарын эсептеп олтуруп, алардын суммасы он төрт доллар, сексен
беш пенске жеткендигин билди. Эми жазгыч машинка үчүн дагы акы төлөө
мөөнөтү жетип келди, бирок Мартин үстүнө сегиз доллар карыз болуп,
машинканы дагы эки ай пайдаланууну чечти. Бул мезгилдин ичинде анын алган
карыз акчалары да түгөнүп бүтөт. Анын дүкөндөн алган эн акыркы азык-түлүгү
бир кап картошка болду, ошондуктан ал бир жума бою жалаң гана картошка
менен гана тамактанып чыкты. Ал кезек-кезек Морздордукуна келип, тамак ичип,
өзүнүн күч-кубатын чыңап жүрдү, бирок ал өзүнүн уялчаактыгынан столдун
үстүндөгү жайнап турган түрдүү тамактардан кысынып-кымтынып жатып
жакшылыктуу да алып жей алган жок. Кээде ал уятын таштап эжесиникине
барып да тамактана турган, бул жерден ал Морздукуна караганда көбүрөөк ичип,
курсагын аябай тойгузуп алчу. Ал күндөн-күнгө өжөрдүк менен иштегенин
койбосо, почточу ага күндөн-күнгө баш тартылган кол жазмаларын алып келип
бергенин койбоду. Эми анын марка үчүн акчасы да түгөндү, мына ошондуктан
кайтарылган кол жазмалар дөбөдөй болуп үйүлүп, столдун астына батпай кетти.
Кээде анын эки күн катары менен наар татпай ачка калган күндөрү да болду. Ал
Морздун үйүнө мурдагыдай бара албай да калды, анткени Руфь эки жумага
айылчылап, Сан-Рафаэльге кеткен эле, ал эми эжесиникине болсо, кайта-кайта
бара берүүдөн аябай уялды. Анын үстүнө өчөшкөнсүп, почточу бир эмес,
кайтарылган беш кол жазма. сын алып келип берди. Мына ушундан кийин
Мартин карысына пальтосун илип, Оклендди көздөй жөнөдү, бир нече убакыт
өткөндөн кийин, ал пальтосуз, бирок чоң төгүндө беш доллары менен үйүнө
кайтты. Ал дүкөнчүнүн ар бирине бирден доллар төлөп, мына ушинтип, кайрадан
анын ашканасында кофе кайнап, пыяз менен куурулган эт жана чоң карапа
толтура кургатылган өрүк пайда болду. Ал тамактангандан кийин, столго
олтуруп жазууга киришти. Түн ортосу болду дегенде ал «Сүткордуктун күчү»
деген жаңы чоң макаланы жазып бүтүрдү. Ал муну жазып бүтүрүп, столдун
алдына ыргытып таштады, себеби — марка алууга беш доллардан бир тыйын да
калган эмес эле.
Мартин алды менен саатын жана бир нече күн өткөндөн кийин велосипедин
сатты. Азык-түлүк үчүн чегерилген акчасынан калганына ал марка сатып алып
кайрадан өзүнүн кол жазмаларын бардык редакцияларга салып жиберди. Анын
«кирешелүү» чыгармалары Мартиндин үмүттөрүн таш каптырды. Аларды эч ким
сатып албады. Ал өзүнүн бул чыгармаларын күндөлүк жана жума сайын чыгуучу
журнал-газетадагы басылган аңгемелерге салыштырып көрүп, дагы эле өзүнүн
чыгармалары алардан күнчүлүк өйдө жазылгандыгын белгилеп өттү. Бирок, дагы
ал чыгармаларынын бир сабын да сата албады. Ал «күндөлүк» деп аталган
нерсени жазууга умтулуп, бир нече макала жазды да, ушундай макалаларды
газетага басып чыгаруучу бир бирикмеге жөнөтүп жиберди, бирок ал макаласын
«бирикме макалаларды өзүнүн кызматкерлеринин гана күчү менен уюштурат»
деген жооп жазылган кат менен кошо кайра алды.
Жаштар журналынын бирөөнөн ал бир нече майда аңгемелерди жана
тамаша-мыскылдарды учуратып калды. Мына, акча иштеп табуунун дагы бир
жолу! Бирок, бул жерде дагы аны кырсыктар күтүп турган эле, мурдагыдай эле
ага бардык жиберген аңгемелери жараксыз деп табылып, кайтарылып келип
жатты. Акырында Мартин редакциялардын кызматкерлери көбүрөөк пайда
табыш үчүн өздөрүнүн гана материалдарын басып чыгарарын толук түшүндү.
Жума сайын чыгуучу мыскыл жана тамаша журналы дагы анын какшык
тамашаларын жана ырларын кайтарып жиберди, чоң журналдарга жиберген
анын ыр менен жазылган фельетондору да орун таба албады. Эми анын газета
үчүн жазган гана фельетону калды. Мартин дагы эле болсо, өзүнүн жазгандарын
журналдарга чыккан сандырак аңгемелерге караганда алда-канча мыкты
жазылган деп эсептеп, дагы бир жаңы эки адабий уюмдун адресине бир нече
аңгемелерин жиберди. Бирок жазган жыйырма аңгемесинин бирөө дагы жарык
көрбөгөндөн кийин, ал жазганын токтотту. Ал буга карабастан күнүнө ондогон
аңгемелерди жана фельетондорду окуп чыгып, бирок алардын бири дагы өзүнүн
бул жанр боюнча жазган чыгармалары менен ат салыша албай тургандыгын
түшүнүп, кусага чөктү. Ал азыр өзүнүн чыгармаларын дагы кандайдыр бир
олуттуу сындай жана аны жакшылап мурдагыдай талдай албай да калды.
Адамкерчилиги жок «басмакана машинасы» өз ишин уланта берди. Мартин
өзүнүн кол жазмалары салынган кагаз таңгакчага маркаларды жабыштырып
почта сандыкчасына салып таштады. Эки-үч жума өткөндөн кийин кат ташыгыч
эшиктин коңгуроосун шыңгыратып, ага кайра кайтарылган кол жазмаларын
дагы сунду. Калыбы, чындыгында эле, бул көрсөтүлгөн адрестер боюнча бир
дагы жандуу адамдар болбосо керек. Болсо бир гана жакшы майланып, тазаланып
коюлган автоматтар окшойт. Толук үмүтү үзүлүү менен каңгырыгы түтөөдөн ал
редакторлордун бар же жок экендигин билбей кетти. Ушул убакка чейин
алардын биринен дагы тирүүлүктүн белгиси сезилбеди, ал эми анын
жазгандарынын бардыгы эч кандай баяндамасыз, жоопсуз кайра кайтарылып
келиши Мартиндин кандайдыр, редактор — «бул бир адам эмес эле, арип
терүүчүлөрдүн, узундук өлчөгүчтөрдүн жана кезит кызматкерлеринин эрки
менен түзүлгөн жана алардын күчү менен жашап жүргөн бир жомок дөөсү» деген
ой-пикирин аныктагандай болду. Мартиндин Руфтун жанында өткөргөн
мезгилдери анын өмүрүнүн эң кымбат жана эң бактылуу минуталары экен, бирок
андай минуталар дайыма боло берүүчү эмес. Экөөнүн тең жаш жүрөктөрүнүн
тынчын алган белгисиз сезим, Руфь ага өзүнүн сүйүүсү жөнүндө ачык
билдиргенден баштап, ого бетер күч ала баштады жана Руфь ал үчүн мурдагыдай
эле кадимки кол жетпес бийик жылдыздай болуп кала берди. Убакыттар өтүп
жатты. Руфтан мага эки жыл гана убакыт бер деп сурангандыгына карабастан, эч
кандай ийгиликке жетише албады, экинчиден, Руфь анын сүйгөн ишин
колдобогондой болду. Руфь бул мамилесин ачык айтпаса дагы, кыйыр жол менен
ал түшүнө тургандай кылып билдиргенсиди. Бирок, Руфь колдобогондон башка
эч кандай тескери мамиле кылган жок, эгерде Руфтан башка саал ачуулуу бир аял
боло турган болсо аны, — кайгыга салып, мээмди кычыттың — деп, мүмкүн,
беттен алмак беле? Руфту бир гана өзү тарбиялоого бет алган адамы
тарбиялоонун жолуна түшпөгөндүгү кейиштүү кылды. Алды менен кандайдыр
бир аз ыкка тез келүүчүдөй көрүндү эле, бирок кийинчирээк эмнегедир моюн
бербей мистер Морз менен мистер Бэтлерге такыр окшошкусу келбей, ал турсун
окшошуу түшүнө да кирбей кетти.
Руфь Мартиндин мүнөздөрүнүн эң сонун сапаттарын байкаган жок, же
байкамак турсун түшүнгөн да жок. Бул өтө сезгич жана назик, жашоонун ар
кандай татаал шарттарына тез эле көнүгүп кетчү адамдын өзүнүн оюндагыдай
тарбия жолуна түшпөгөндүгүнүн себеби — ал кара мүртөздүк, тоң моюндук деп
түшүнүп тим болду. Руфь анын кыялынын чексиз эргишин сезе алган жок жана
анын эң бийик чекитке жеткендигин ал адашуу деп гана түшүндү. Анын
атасынын, апасынын, бир туугандарынын ал тургай Ольнейдин ойлору да ага
дайыма түшүнүктүү эле; мына ошондуктан Мартинге түшүнө албай, адашып
жатат деп күнөөлөдү. Жеке адамдардын чындыкты дүйнөгө түшүндүрүүгө
аракеттенген эзелки трагедиясы кайталанды.
— Сиз келечек муундар үчүн татыктуу деп эсептелген бардык нерсени
кастарлоого көнгөн окшойсуз, — деди бир күнү Мартин, Руфь менен Прапс жана
Вандеруотер жөнүндө талашып жатып. — Мен булардын кадыр-барк. туу,
ишеничтүү адамдар экендигине түшүнөм жана булардын бардыгы Кошмо
Штаттардын эң мыкты адабий сынчылары деп аталышат. Ар бир мектеп
мугалими Вандеруотерди америкалык акылман сынчы деп түшүнүшөт. Бирок,
мен аны окуп чыктым, мага ал келжиректик менен маңызсыздыктын чоң
атасындай эле көрүндү. Прапс да андан калышпайт. «Хемлок Моссес» албетте
сонун жазылган. Чындыгында бир да үтүрүн алып таштоого болбойт, ал эми
жалпы мүнөзүчү — эх кандай салтанаттуу жазылган! Мына, ошондуктан ага
башкаларга караганда көбүрөөк төлөйт эмеспи. Бирок, наадандыгымды кудай өзү
кечирсин, чындыгында эле ал эч кандай сынчы эмес. Англияда андан мыктыраак
сынчылар бар. Бардык кеп, биздин сынчылар бардыкка белгилүү адабий
ыкмалар менен койгулаштыргандыгында жана алардын сындары да бөтөнчө,
чектен тышкары шаңдуулук, жогорку сезимдүүлүк, апыртмалуу зор толкун менен
угулат. Алардын сын макалалары мага жекшемби күндөрдөгү дин үгүтүн
таратуучуларды эсиме түшүрөт. Алар бардык аракеттери менен сиздердин
англия филологиясы боюнча профессорлоруңуздарды коргоого аракет кылышат,
ал эми профессорлор бул үчүн аларды колдошот. Мына ошентип, алардын баш
сөөктөрүнүн алдында өздөрүнө таандык болгон бир дагы жаңы пикирлери жок.
Алар бардыкка маалим болгон нерселерди гана билишет, анын үстүнө алардын
өздөрү да чындыкты бурмалап, элди алдоо жагынан бардыкка маалим болушкан.
Бардык мурда аныкталган идеялар алардын сын макалаларына кадимки пивонун
бөтөлкөсүнө жабыштырылган кагаздай оңой эле желимдеше калат. Алардын
негизги милдети университеттик жаштардын ар кандай өз алдынча он
жүгүртүүлөрүн ууландырып, аларды белгилүү бир эскирген тартип боюнча ой
жүгүртүүгө мажбурлоо болуп саналат.
— Менимче, — деди Руфь каршы чыгып, жалпы кабыл алган эрежеге таянуу
менен мен, ыйык сүрөткө атырылган жырткыч сыяктуу белгилүү адамдарга
асылган сизге караганда, чындыкка жакыныраак болсом керек деп ойлоймун.
— Динчилердин өздөрү жапайы жырткычтардын ыйык сүрөттөрүн жулуп
ыргытышып салышкан, — деп күлүп жиберди Мартин, — бирок тилекке каршы
бардык башка улуттарга өздөрүнүн динин таратуучулар түрдүү кудайларга
сыйынуучу өлкөлөргө тарап кетип калышыптыр, мына ошондуктан, мистер
Вандеруотер менен мистер Прапсты оңкосунан салууга жардам берүүчү алардын
бирөө дагы жок.
— Алар менен университеттин бардык профессорлорун кошо деңизчи, — деп
кошумчалады Руфь.
Мартин колун тескери шилтеп койду.
— Жок, окумуштуулар калуулары тийиш. Алардын мээнеттери зор. Бирок,
англия филологиясы боюнча профессорлордун арасынан мээси толук эмес
мадыра баш тоту куштардын ондон тогузун университеттин босогосуна
жакындатпай кууп салса, анык сооп болор эле.
Профессорлорго карата мынчалык каардуу мамиле, Руфка анын сүйгөн
мугалимдерин маскаралагандыкка барабар болду. Руфь эмнегедир эрксизден
даражалуу, кооз кийинишкен, салмактуу үн менен сүйлөшкөн жогорку
маданиятка ээ болушкан профессорлорду бул бет алдында турган өзү эмнегедир
мурда сүйгөн, болот булчуң. дуу, беймаза, кечеги жарашыксыз көлпөктөгөн
кийимчен, кара жумуш жөнүндө баяндаган одоно суучулга салыштырып
жиберди.
Мартиндин
ачуулуу,
кала
берсе
тажалдануу
менен
талашып-тартышкандыгы Руфтун канын кайнатып, кыжырын келтирди.
Профессорлор жок дегенде көп маяна алыша турган жана алар чыныгы мырзалар
да болучу — муну моюнга албай. коюуга мүмкүн эмес эле. Ал эми Мартин болсо,
аларга салыштырганда бир пенса да иштеп таба алчу эмес, ошондой эле азыр
оңолгондон кийин да мырзага окшош деп айтуу кыйын.
Руфь Мартиндин далилдөөлөрү жөнүндө ойлонуп да койгон жок. Себеби —
мунун бардыгы баштан аяк жалган эле, анысы сырткы кээ бир
салыштырууларынан
эле
ачык-айкын
белгилүү
болуп
турбайбы.
Профессорлордун талкуулары шексиз туура болчу, себеби алар турмуштан бекер
ийгиликке жетишкен жок да, ал Мартин болсо өзүнүн чыгармаларынын бирөөнү
дагы өткөрө албагандыктан, адабият жөнүндө жаңылыш көз караштагы киши.
Анын тили менен айтканда алардыкы «чыгып» аныкы чыкпай жатат. Кечээ эле
жакында, ушул бөлмөнүн ичинде, уялганынан жүзү кызарып, коркконунан
титиреп, секичеде турган буюмдарды кулатып жибербегей элем деп апкаарып
«Свайнберн» эчак эле өлгөнбү же жокпу деп сурап жана мен «Excelsior» менен
«Турмуш ырларын» окуганмын деп дардаңдап, мактанган бул жигит — адабият
жөнүндө туура талкуулай алмакпы?
Мына ушинтип Руфь атак менен даңктын алдында өзүнүн да баш ийгендигин
өзү аныктады. Мартин анын оюн эң жакшы түшүнсө, дагы ара анчалык көңүл
бурган жок. Мартин Руфту анын Прапс менен Вандеруотер жана англия
философиясынын профессорлоруна карата мамилесине карабастан сүйүүчү,
бирок Руфтун түшүнүгү жетпей турган ой жүгүртүүнүн башка тармагы бар
экендигин жана муну Руфь эч качан табалбай тургандыгын барган сайын
тереңирээк түшүндү. Руфь болсо өзүнчө, Мартинди музыка жөнүндө эч нерсе
билбейт, ал эми анын опера жөнүндөгү талкуулары болсо, туура эмес гана түгүл,
жеткен келжиректик деп саноочу.
— Сизге жактыбы? — деп сурады бир күнү Руфь, экөө операдан кайтып келе
жатып.
Бир ай бою эптеп-септеп үнөмдөгөн акчасы менен Мартин бир күнү кечинде
Руфь менен театрга барды. Руфь өзүнө бөтөнчө таасир эткен оюн жөнүндө,
биринчи жолу сөз козгобостон, алды менен Мартиндин айтышын курулай күтө
берип жадаган соң, акырында Мартинге суроо берди:
— Мага увертюрасы өтө жакты, — деп жооп берди, — эң сонун!
— Ушундай деңизчи. Ал эми операнын өзүчү?
— Опера дагы. Кечиресиз, оркестрди айткым келип жатат. Бирок бул курулай
куудулдар бир жерде турушса, же болбосо, сахнадан тап-такыр кетип калышса,
сонун болор эле.
Руфь айран-таң кала түштү.
— Сиз Тетралани менен Барнльо жөнүндө айтып жатасызбы? — деп сурады
Руфь.
— Алар жөнүндө да... жана жалпы бардык каракчылар жөнүндө.
— Бирок булар улуу артисттер эмеспи!
— Баары бир. Алар өздөрүнүн жиндиникиндей кыймылдары менен бардык
музыканы гана бузушуп салышты.
— Сизге Барильонун үнү кантип жаккан жок? — деп чочуп кетти Руфь.
— Кала берсе, Карузодон кийинки эле ошол эмеспи.
— Жок, эмне үчүн жагат, ал эми мага Тетралани абдан сонун жакты. Менин
билишимче, анын үнүндөй үн жок.
— Бирок... Бирок... — Руфь сөз таба албай калды. — Мен эч нерсе түшүнбөй
жатам. Сиз эми эле алар музыканы бузуп жатышат дедиңиз эле, ал азыр болсо,
алардын үнүнөн таң калып олтурасыз.
— Эмне үчүн дегенде, мен алардын үнүн угуш үчүн көп акча төлөөгө да даяр
элем, бирок алардын оркестр менен ырдаганы менин тим эле жүлүнүмө
тийгенсийт. Түк жакпайт. Көрсө мен кунарсыз чындыкты сүйлөгөн адам
окшоймун. Улуу ырчылар, дайыма эле улуу артисттер боло беришпейт.
Оркестрдик музыканын кооздугу менен нурданган бул сулуу көрүнүштүн
арасында Барилью өзүнүн таң калтырган үнү менен сүйүү ариясын ырдап
Тераланини өзүнүн андан уккулуктуу үнү менен аны кайталап ырдап турса,
кандай сонун! Бул зор жыргалдануу экендигин талаша албаймын. Бирок бул
көрүнүштөрдүн бардыгы, күтүлбөгөн жерден сахнага көз чаптырып, боюнун
узундугу эки метрден саал эле кем, салмагы токсон беш килограмм келген
Тетраланини жана анын катарында турган төрт чарчы кичинекей, көкүрөктөрү
темир устаныкындай даңкайган Барильону көргөндө көз ирмемдин ичинде кайда
кеткени белгисиз тарап кетет. Жана дагы алар, жиндикананын жашоочулары
сыяктуу колдорун тарбаңдатышып, төштөн алышып, эки жакка шилтешет. Мен
бул сүйүү баянын жаш канзада менен жаш каншанын ортосундагы сүйүү баяны
деп эсептетишим керек экен да. Жок, буга каршымын. Бул жеткен акмакчылык,
чектен чыккандык. Кантип эле кимдир бирөө өзүнүн сүйүүсү жөнүндө дал
ушинтип түшүндүрсүн? Эгерде мен сизге ушинтип түшүндүргөн болсом, сиз мени
жаактан ары тартып жиберер элеңиз!
— Сиз түшүнбөй жатасыз, — деп капа боло түштү Руфь, — искусствонун ар
кандай формасы чектелген. (Анын эсине жакында эле университеттен уккан
искусствонун шарттуулугу жөнүндөгү лекциясы түштү). Мында биз живопись
жагынан эки гана ченди билебиз. Калыбы, сиз, сүрөтчү өзүнүн искусствосунун
күчү менен түзгөн кыялда гана болуучу үч ченди кабыл алсаңыз керек. Адабиятта
болсо, автор бардыгын билүүчү жана бардыгын түшүнүүчү зор акылман сыяктуу.
Ал эми сиз болсоңуз, бул авторлор өздөрүнүн каармандарынын ички сырын
баяндоого акылуу деп билесиз, чынында ал ойду каарман качан ойлогонун
жанында эч ким угуп турган жок да? Бул театрда, скульптурада, операда жана
бардык жерде эле ушундай. Кээ бир карама-каршылыктар менен келишүүгө
туура келет.
— Ооба, түшүнөмүн, — деп жооп берди Мартин, — ар кандай искусство
шарттуу. (Руфь анын туура сүйлөгөндүгүнө таң кала түштү, ал ага колуна тийген
китептердин бардыгын окуп, өз бет алдынча үйрөнчүк сыяктуу болбостон,
кадимки университеттин курсун бүтүргөндөй болуп көрүндү). Бирок
шарттуулукта дагы чындык болуш керек. Эгерде калың кагазга тартылган
бак-дарактын сүрөттөрү сахнанын эки жак капталдарында турса, биз аны токой
деп эсептейбиз. Бул да шарттуулук, бирок жетишээрлик чындык бар. Бирок биз
деңиздин сүрөтүн токой деп, түшүнбөйбүз да. Биз минтип, эч качан айта
албайбыз. Бул болсо биздин бардык сезимдерибизди зордоо болуп саналар эле.
Мына ошондуктан бардык кылыктанууларды, өң-түстү өзгөртүүлөрдү жана азыр
эле биз көргөн эки келесоонун карышып-тырышып калуулары сүйүү сезимдерин
жана мамилелерин билдирүүнүн белгилери деп кабыл алууга таптакыр мүмкүн
эмес.
— Кантип эле сиз өзүңүздү музыканы сындоо жагынан бардык сынчылардан
жогору коёсуз? — деди Руфь жактырбагандай.
— О, жок, жок. Мен жөн гана өзүмчө бир пикирде болгум келип жатат. Мен
мунун бардыгын сизге эмне үчүн айым Тетралани пилдикиндей коомай
кыймылдары менен оркестрдин бардык кооздугун бузгандыгын түшүндүрүш
үчүн айткым келип олтурат. Мүмкүн музыка боюнча көрүнүктүү сынчылардын
көз караштары туура чыгар. Бирок менин өз көз карашым бар жана мен бул көз
карашымдан жүз сынчы биригип келип, каршы чыкса да, эч качан тайбаймын.
Эмне мага жакпаса, демек ал мага жакпайт. Ал эми мага жакпаган нерсени мен
кантип өзүмдү зордоп, жагат деп айта аламын! Же мен муну башкаларга
жаккандыгы үчүн гана айтышым керекпи? Мен өз жактыруумду жалпыга
үрп-адаттуу эрежеге моюн сундургум келбейт.
— Бирок, музыка даярдыкты талап кылат, — деди каршы болуп, — ал эми
опера болсо, өзгөчө даярдыкты талап кылат. Мүмкүн...
—менин опера угууга али даярдыгым жетишпестир, — деп анын сөзүн улап
кетти Мартин.
Руфь ошондой дегендей башын ийкеп койду.
— Мүмкүн, — деп, макул болду ал, — бирок, кала берсе, мен буга
кубанычтуумун. Эгерде мени кичинемден тартып, операны угууга үйрөткөн
болсо, мен мүмкүн бүгүн бул куудулдардын кылыктанууларын көрүп олтуруп,
боор эзилүүнүн жашын төгүп, алардын үнүн, оркестрдик дабышын да сезбей
калат элем. Бирок сиздин айтканыңыз туура. Бул албетте, тарбиялануунун жолу
менен келет, ал эми мен болсом, картайып калдым. Мага ачык-даана чындык
нерсе же болбосо, таптакыр эч нерсе керек эмес. Чындыктын көлөкөсү жок куру
кыялдануу мени өзүнө тартып козгоно албайт, ал эми опера мен үчүн баштан аяк
жалган, чындыкка эч бир сыйлыгышпагандай болуп көрүндү; өзгөчө кичинекей
Берильо калтырап-титиреп мен сени сүйөмүн деп келип, дөөдөй болгон айым
Тетраланинин кучагына өзүн таштап жибергендиги жакпайт. Айтыңызчы ушул
дагы чындыкка жатабы?
Бирок, Руфь, Мартиндин көз караштары жөнүндө сын бергенде,
мурдагысындай эле, сырткы белгилерди жана өзүнүн жалпыга кабыл алынган
эрежелерге баш ийгендик негиздеринен чыгуучу. Чындыгында өзүмдүкү гана
туура, ал эми бардык маданияттуу дүйнө болсо түшүнбөйт деп күнөөлөгөндөй ал
ким өзү деги? Анын сөзү да, ою да Руфка эч кандай таасир калтыра алган жок.
Руфь жалпыга кабыл алынган кандай гана нерсе болбосун, аны так аткарууга
аябай көнүккөндүктөн, ал төңкөрүштүү ой-пикирге көңүл бурган жок; анын
үстүнө ал музыкага кичинесинен бери үйрөнүп жана анын чөйрөсүндөгү бардык
адамдар сыяктуу кичинесинен бери эле ал операны өтө сүйүүчү. Кызык, бул
Мартин Иден көчөдөгү ырчылардын дүйнөсүнөн жаңы эле келип, бүткүл дүйнөнү
таң калтырган музыка жөнүндө талкуулоого кандай акысы бар? Руфь өзүнүн
өзүмчүлдүгүнө саал шек келе түшкөндүктөн, Мартиндин катарында бара жатып,
кабагы саал бүркөлө калды. Мартиндин көз караштарын жана талкуулоолорун
анын тентектиги же болбосо акылсыз тамашасы деп гана түшүнүүгө мүмкүн эле.
Мартин Руфту үйүнүн эшигинин алдына чейин узатып келип, кучактап туруп өөп
алды, Руфь кайрадан эмне экенин билбей, сүйүүнүн делебени козгогон
таасиринен башы эигир-деңгир боло түштү. Руфь түн ортосуна чейин кирпик
какпай, кандайча себептен мен бул таң каларлык адамды сүйүп калдым жана
анын үстүнө ата-энемдин кой деген сөздөрүн да укканым жок деп ойлонуп
жатты.
Эртеси күнү Мартин Иден, кечеги операнын жана Руфь менен болгон
аңгемелешүүнүн таасиринен «Кур кыялдардын философиясы» деген темада бир
чоң макала жазды. Мына ушинтип, марка менен кооздолгон кол жазмалуу
конверт саякаттап жөнөдү, бирок байкуш «философияга» көптөгөн маркаларды
алмаштырып, дагы бир далай жолдорду басып өтүүгө туура келди.
XXV ГЛАВА
Мария Сильва өзү кедей болуп жана ошондуктан кедейлик эмне экендигин
жакшы түшүнчү. «Кедейлик» деген сөз Руфь үчүн жашоонун бир айла жок
шартын билдире турган. Кедейликти ал мындан башкача элестете алучу эмес. Ал
Мартиндин кембагал экендигин ойлонуп жана кыялында анын турмушун жаш
Авраам Линкольн же мистер Бэтлердин жана дагы — селсаяктык менен
эптеп-септеп күн өткөрүүдөн акырында ийгилик менен жыргалга жетишкен
бардык ушул сыяктуу адамдардын турмушу менен салыштырып өттү. Руфь
жакырдыктын жагымсыз көп жактарын түшүнүү менен бирге, ошол эле учурда,
ал өзүнүн чөйрөсүндөгү адамдардын көпчүлүгүндөй эле, жакырдыктан, эгерде
жакырдыкта жашаган адам жок дегенде бир нерсеге шыктуу боло турган болсо,
атак-даңкка жана чоң ишке жетүүнүн чыныгы түрткү болуучу себебин көрүп
турган эле. Мына ошондуктан Руфь Мартиндин пальтосу менен саатын сатып
жибергендигин билип, бирок, анчалык кайгырган жок. Кайта ал, эми Мартин
акылга кирип өзүнүн жазганын токтотот деп кубанды.
Мартиндин арык жаактары бери чыгып турган жүздөрү, Руфту бул ачка болуп
жүрсө керек деген ойго түрткөн жок. Ал Мартиндин пайда болгон жалпы
өзгөрүүнү сезип, кубанып кетти, анткени — Мартиндин сырткы түрү өзгөрүп,
арыктап, акыл киргендей, Руфту мурда өзүнө тартып да жана четтетип да
жиберген жырткыч айбандыкындай күчтүү саламаттыгын эми жоготконсуп
койгон эле. Руфь кээде Мартиндин акын же окумуштуунукуна окшоп кеткен көз
караштарына толкундана түшүчү, айтмакчы, Мартиндин бир кезде окумуштуу же
акын болгусу келсе, Руфтун да аны ошондой авалда көргүсү келген. Бирок, Мария
Сильва үчүн болсо анын жалындаган көз карашы, шимилип бараткан жаактары
таптакыр башка нерсе жөнүндө айтып жаткан эле жана мына ушул белгилери
боюнча ал Мартиндин жыргалдуу жакка өзгөрүлүп бара жаткандыгын сезди. Күн
бүркөлүп, жаан жаап турган кез эле; ал Мартиндин үйдөн пальтосун кийип
чыгып, кайра пальтосуз келгендигин көргөн. Мына ушундан кийин бир топ
убакытка Мартиндин жаагы саал толгонсуп, көздөрүндөгү ачкалыктын оту
өчкөндөй болду. Мария анын саатынын жана велосипединин жок болуп кеткенин
дагы байкады, бул болсо анын бир топ убакытка чейин турмушун жандандырып,
денесине жаңы күч-кубатты кошту.
Мындан башка дагы Мария анын кандай иштегендигин жана бир түндө
чыракка канча керосин майды түгөтө тургандыгын так билүүчү.
Иш! Мария Мартиндин иши эмнегедир башкача иш экендигин жана ал өтө
берилгендик менен тырышып иштей тургандыгын түшүндү. Экинчиден аны
Мартиндин канчалык аз оокат ичсе ошончолук, күчтүү тырышып, иштей
тургандыгы да таң калтырды. Кээде ал Мартиндин ачка болуп калган
күндөрүндө, сен мындай кылып бышыра албайсың, жеп көр деген тамашалуу
шылтоо менен өз балдарынан жаңы бышырган нанынан берип жибере турган.
Кээде ал Мартинге өз балдарынан эптеп-септеп арттырып, бир жайпак табак
ысык кесме берип жиберип жатып, өз денесинин бутагы, канынын данеги болгон
чийедей балдарынан ушул тамакты тартып берүүгө акым барбы деген
бүшүркөгөн ойдо кыйналып кетчү. Мартин буга чын жүрөгүнөн ыраазы болуп
жана тажрыйбасынан билгендей эгерде дүйнөдө чыныгы боорукерлик бар болсо,
анда ал кедейлердин гана жүрөгүндө боло тургандыгын толук түшүндү.
Бир күнү ичээр оокатынын акыркысы менен балдарын тамактандырып
жатып, Мария ашканага суу алайын. деп кирип келген Мартинди акыркы он беш
центине сатып алган беш литрге жакын арзан виносу менен аябай сыйлады.
Мартин анын, ал Мартиндин саламаттыгы үчүн көтөрүп жиберишти. Андан
кийин Мария анын баштаган ишинин ийгилиги үчүн, Мартин болсо, Джемс Грант
тезирээк келип, кир кийимдерин жуудурган акысын ылдам төлөшү үчүн көтөрүп
жиберди. Джемс Грант болсо, жыгач устанын жардамчысы эле, бирок ал кир
кийимдерин жуудургандыгы үчүн акысын өз убактысында төлөбөй, Марияга үч
доллар карыз болуп калган.
Мария да, Мартин да жаңы ачытылган кычкыл винодон ачкарын
ичишкендиктен баштары бир пастын ичинде эле эңгирей түштү. Ал экөө тең
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 17
  • Büleklär
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 4096
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1923
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 4116
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2032
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 4219
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1994
    32.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 4242
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2001
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 4170
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1818
    31.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 4204
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1914
    30.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 4159
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1830
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 4140
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1839
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 4066
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1839
    30.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 4088
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1855
    30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 4142
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1934
    32.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 4198
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1946
    29.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 4163
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1875
    32.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    53.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 4152
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1798
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 4146
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1914
    30.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 4051
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1883
    28.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 17
    Süzlärneñ gomumi sanı 4192
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1869
    33.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 18
    Süzlärneñ gomumi sanı 4075
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1922
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 19
    Süzlärneñ gomumi sanı 4017
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1845
    29.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 20
    Süzlärneñ gomumi sanı 3984
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1903
    29.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 21
    Süzlärneñ gomumi sanı 4005
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1807
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 22
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1890
    31.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 23
    Süzlärneñ gomumi sanı 3967
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1878
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 24
    Süzlärneñ gomumi sanı 4002
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1933
    31.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 25
    Süzlärneñ gomumi sanı 3959
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1945
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 26
    Süzlärneñ gomumi sanı 4024
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1889
    32.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 27
    Süzlärneñ gomumi sanı 4161
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1991
    31.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 28
    Süzlärneñ gomumi sanı 4151
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1865
    32.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 29
    Süzlärneñ gomumi sanı 4089
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1790
    31.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 30
    Süzlärneñ gomumi sanı 4200
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1787
    32.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 31
    Süzlärneñ gomumi sanı 4188
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1938
    32.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 32
    Süzlärneñ gomumi sanı 2695
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1131
    36.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    56.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.