Latin

Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 17

Süzlärneñ gomumi sanı 4192
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1869
33.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
45.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
50.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
бири-бирине окшошпогон айырмачылыгына карабастан, кембагал жана бойдок
эле, ал эми бири-бирине сыр бербеген бул кембагалдык болсо, аларды аябай
жакындаштырып жибергендей болду. Мария өзү он бирге чыкканча жашаган
Азордук аралдарында Мартиндин болгондугун билип өтө кубанып кетти. Анын
Гавайдык аралдарда да болгондугун угуп, ал андан бетер кубанычка чөмүлдү.
Себеби — Мария бул аралдарга кийинчерээк көчүп барган эле. Бул да эч нерсе
эмес, Мартин ага өзүнүн Мауйи аралында болгондугун баяндаганда Мариянын
кубанычы башынан ашып түшкөндөй болду. Дал ушул аралда Мария күйөөгө
чыккан. Мария өз күйөөсү менен Кагулуиде биринчи жолу таанышкан, ал эми
Кагулуиде Мартин эки жолу болгон. Эх, кант жүктөлгөн кемелер кантип эле
Мариянын эсинен чыгып кетсин! Демек Мартин ушул жерлерде сүзгөн турбайбы?
Кең дүйнө кандай тарсың! А, Вайлукудачы? Мартин ал жерде да болуптур. Ал
плантациянын башкы бакмалчысын билет бекен? Билбегендечи, ал кала берсе
анын саламаттыгы үчүн бир стакан винону тартып жиберген.
Алар баштан өткөндөрүн эстерине түшүрүшүп, экинчиден винонун
таасиринен, ачкалыктарын унутуп коюшту. Бирок Мартиндин келечеги анчалык
деле кайгылуу эмес эле. Эртеби, кечпи акыры ал ийгиликке жетишип, даңкка
бөлөнөт. Ага мунун карааны алыс эместей көрүндү. Ал эми дагы бир аз
чымыркануу менен аракет кылса, көздөгөнүнө жетет. Ал азыр өзүнүн бет
маңдайында турган бечара аялдын жүдөгөн кебетесинен көздөрүн албай, анын
өгүнчүрөөк өзүнө жиберген нанын, кесмесин эсине түшүрүп, бул аялга улуу
рахмат айткысы келип жана чексиз боору ачып, аяп кетти.
— Мария — деди кыйкыра бир кезде, — сиз эмне каалар элеңиз?
Мария таң калгандай Мартинди карап калды.
— Кана, ушул мүнөттө сиз эмнени каалар элеңиз.
— Жети жуп тапичке — балдар үчүн.
— Жакында колуңузга тиет, мен сизге алып берем, — деди ал жана Мария
кубанычтуу башын ийкеп койду. — Дагы, мындай бир чоңураак нерседен?
Мариянын көздөрүнөн жагымдуу кубанычтын белгилери жана түштү. Мартин
көптөн бери эч ким тамашалап сүйлөшпөгөн бул аял менен тамашалашып
олтурду.
— Шашпастан, ойлонуңуз, — деди ал эскертүү менен, тиги сүйлөөгө
аракеттенип, оозун ачып келе жатканда.
— Жакшы, — деди ал мен ойлонду, Маага өзүмдүкү үй керек, — акы жок
жашайт. Жэты доллар бир айга мен төлөбөш керек.
— Мен сизге жети доллар беремин, — деди ал, — жакында. Бирок сиздин эң
чоң каалооңуз эмне? Көз алдыңызга мындайча элестетип көрүңүзчү, мисалы мен
кудаймын — бардыгын аткаруу колумдан келет. Кана эмесе, айтыңыз угуп
турайын.
Мария бир аз унчукпай калды.
— Сиздики ээс чыкпайт?
— Жок, жок, — деп күлдү Мартин, — менин ээсим чыкпайт. Айта бериңиз?
— Чоң нерсе, эх чоң нерсе, — деп эскертти Мария.
— Ооба, ооба. Айта бериңиз эми.
— Жаксы, — деп кадимки сурагысы келип, бирок суроодон корккон жаш
баладай улутунуп, терең үшкүрүнүп жиберди. — Мэн фэрма — жаксы фэрма
каалайт. Көп уй, көп жайыт, көп чөп керек. Ушу, Сан-Лиан жанында. Ал,
Сан-Лианда меники бир тууган жашайт. Окленга мен сут сатады. Көп тыйын
болоду. Джо менен Ник уй кайтармайт. Алар жаксы мектеп барат. Мыкты
инженер болот, жол курат. Мен жаксы фэрма каалайт.
Мария токтоло түшүп, жалындаган көздөрү менен Мартинге тигилди.
— Сиздин фермаңыз болот — деп, тез жооп берди Мартин.
Ал рахмат дегендей башын ийкеп жана бул ишендирген нерселердин бирин
дагы ал эч качан аткара албасын түшүнсө дагы, бул жоомарт жигиттин
саламаттыгы үчүн стаканды көтөрүп жиберди. Бирок, ал Мартиндин жакшы
ниетине терең ыраазы болуп жана анын ишендиргендерин кадимки белек
катарында баалады.
— Туура айтасың, туура айтасың Мария, — деди Мартин. — Ник менен Джо уй
бакпашы керек. Бардык балдарыңыз жылуу жана таза кийинишип, мектепке
барышат. Ал болсо, эң сонун ферма болот: сиздин өзүңүздүн үйүңүз, атканаңыз,
кепеңиз, уйканаңыз болот. Сиздин өзүңүздүн тоогуңуз чочколоруңуз чарбаңыз,
жемиш багыңыз, бир сөз менен айтканда, эмне керек болсо, ошонун бардыгы
болот, кала берсе сиздин бир эмес, эки кызматчыны катары менен жумшоого да
каражатыңыз жетишет. Ал эми сиз болсоңуз эч нерсе кылбайсыз. Сиз
балдарыңызды гана тарбиялайсыз. Эгерде бир жакшы киши туш келсе, күйөөгө
да чыгып аласыз. Ал болсо, чарба тиричилигин жүргүзөт, ал эми сиз болсоңуз эс
алып гана жата бересиз.
Мартин мына ошентип, кыялында өзүнүн келечек жыргалынан кең
пейилдүүлүк менен бул аялга бөлүштүрдү да, ордунан туруп өзүнүн сыйга
кийүүчү жападан жалгыз бир костюмун күрөөгө коюуга кетти. Муну иштөө
чындыгында ага өтө оор болду, себеби — костюмсуз ал Руфь менен жолугушуу
мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калмак. Мындан башка анын бир дагы түзүк костюму
жок эле. Ал эми суучулдук жамаачыланган курткасы менен наабайчыныкына
касапчыныкына жана эжесиникине барса го эч нерсе эмес, бирок ушул түрү
менен Морздордукуна барамын деген ой, анын башына да келген жок.
Жүрөгүндө турмуштан көңүлү суугандай кайгы менен Мартин эмгектене
баштады. Улам барган сайын ал өзүн күчтүү ынандырып, экинчи жолу
салгылашуумда жеңилишке дуушар болдум, эми чындыгында эле, кара жумушка
кайра барбасам, башка арга түгөндү деп ойлоду. Эгерде ал ушинткен болсо, анда
ага бардыгы: дүкөнчүлөр, эжеси, Руфь жана кала берсе Мария дагы ыраазы
болушмак. Ал жатакана — үчүн Марияга эки жарым доллар, ал эми дүкөнгө
жазгыч машинка үчүн болсо, эки айлык акчасын төлөй элек эле, мына
ошондуктан дүкөндүн ээси акысын төлөп бергин же болбосо, машинкамды
жеткирип бер деп, катуу талап кыла баштады. Кармашууну дагы бир ыңгайлуу
учурга каптырып, көңүлү чөккөндөй башын шылкыйтып, Мартин темир жолдук
кат ташыгыч болууга сыноодон өтмөк болду. Бактыга жараша сындан биринчи
болуп өттү, бирок качан бош орун болору белгисиз. Мына ушул көңүл калуунун
эң кыйын багытын өзгөртүп жибергенсиди. Мүмкүн анын кандайдыр бир
бурамысы ыргып кеттиби, же ал бул жолу жөн эле, начар майланып калдыбы,
айтор бир күнү эртең менен почточу кичинекей конвертти Мартинге алып келип
сунду. Мартин конверттин бурчунан «Трансконтиненталдык айына бир жолу
чыгуучу» журналынын штампын көрдү. Анын жүрөгү туйлап барып, кайра
токтоло калгансы- ды, бүткүл денеси калтырай түштү, тизелери эмнегедир
бүгүлгөнсүп кетти. Ал катты ачпастан, акырын өзүнүн керебетине келип олтурду
да, чексиз кубанычтан адамдын жүрөгү жарылып кетиши да мүмкүн деп
сактангансыды.
Албетте, бул кубанычтуу кабар боло турган. Себеби — мындай кичинекей
конвертке кол жазма батмак эмес. Мартин бул «Трансконтиненталдык айына бир
жолу чыгуучу» журналга: беш миң сөздөн турган «Коңгуроонун үнү» деген өтө
коркунучтуу жазылган аңгемесин жибергендигин эсине түшүрдү. Ал эми, кээ бир
көрүнүктүү журналдар акчасын кол жазма жактырылып алынар менен төлөйт
деше турган, мына ошондуктан, конверттин ичиндеги чек болуш керек, эгерде ар
бир сөзгө эки центтен болгондо — миң сөзгө жыйырма доллар болуш керек —
демек, каттын ичиндеги чек жүз доллардык чек болуш керек! Жүз доллардык !
Конвертти айрып; бирок ичин ачпай, Мартин кыялында өзүнүн бардык
карыздарын тез эсептей баштады. Таттуу азык түлүктөр сатуучу дүкөнчүгө — 3
доллар 85 ңент, касапчыга 4 доллар, наабайчы менен жашылча сатуучуга 5
доллар бардыгы 14 доллар 85 цент болду. Ал эми жатакана үчүн 2,50, бир айына
алдын ала бергенде дагы — 2,50; машинканын айлык акысы — 8, ага дагы бир
айлыгын алдын ала төлөгөндө — 4, бардыгы — 31,85. Мындан башка дагы
саатын тапшырган магазинге, саатын кайра сатып алуу үчүн — 5,50, пальтосу
үчүн 5,50, велосипеди үчүн — 7,75, костюму үчүн 5,50 (бирок 50 проценттиктен
кандай айырмасы бар?) Бардык жыйынтыгы — 56,10. Бул сандар анын көз
алдына абага чоң алтын тамгалар менен жазып койгондой жана түштү! Калган
кырк үчү доллар 90 цент ага зор байлыктай сезилип, ал жатакана жана машинка
үчүн бир ай алдын ала төлөмөк болду.
Мына ушул учурда Мартин конвертти ачып карап көрдү. Конверттин ичинде
алакандай баракка машинкага басылган каттан башка балээ да жок экен.
Ал өз көзүнө өзү ишенбей, конвертти дагы бир жолу аңтарып көрдү. Жарыкка
салып да карады. Таш балээ да жок. Мына ошентип, ал катты окуй баштады, ал
редактордун мактоо сөздөрүнө көз жүгүртүү менен каттын ток этер жерин,
башкача айтканда эмне үчүн чек жибербегендигин билгиси келди. Ал каттан бул
издегенин таба албады, бирок күтүлбөгөн жерден ага кадимки чагылгандын огу
тийгендей каттын саптарын окуп жатып чочуп кетти. Кат колунан жерге түшүп
кетти. Көздөрү караңгылай түшүп, керебетке кулап түштү да, одеял менен башын
чүмкөп жатып калды.
«Коңгуроонун үнүнө» беш эле доллар. Беш миң сөзгө беш гана доллар! Ар бир
сөзүнө эки центтен коюнун ордуна, он сөзгө бир центтен гана коюптур! Дагы
редактор уялбай чек аңгемебиз басылып чыгаары менен токтоосуз салынып
жиберилет деп көңүлүн көтөрүмүш болуп жазыптыр! Демек кеминде ар бир сөзгө
эки центтен төлөйт жана тонарар кол жазма жаратылып, өткөрүлүп алынары
менен төлөнөт деп айтылгандын бардыгы жалган экен да. Мунун бардыгы
жалган болучу жана ал болбогон жерден кайырмакка илинип калган эле. Эгерде
ал, муну мурун билген болсо, анда убара болуп жазбайт эле. Ал андан көрө бир
жерге иштемек, Руфь үчүн иштемек. Ал жаза баштагандан бери канча убакыт
өткөргөндүгүн ойлонуп, өтө кайгыга түшүп кетти. Мунун бардыгы тең акырында
биригип келип, он сөзгө бир центтен төлөнмөк экен да! Ал эми газетада айтылган
гонорарларды журналисттердин кыялында гана жашаган улуу жазуучулар алса
керек. Анын башкалардан уккан жазуучулук — бакыт деген сөз куру кыял болуп
чыкты: ал муну көзү менен көрүп, көңүлү менен ишенди. «Трансконтиненталдык
айына бир жолу чыгуучу» журналдын бир саны — жыйырма беш цент турат жана
анын мукабасынын көркөмдүк менен кооздолушу бул журналдын жогорку
даражадагы журналдардын катарына кирерин баяндайт. Бул эски ардактуу
журнал Мартин төрөлө электен мурун эле басылып чыга баштаган. Анын
мукабасына бүткүл дүйнөгө белгилүү бир жазуучунун бул журналдын ардактуу
милдети жөнүндө айткан сөзү ар дайым жазылып коюла турган, ал эми ушул
журналдын бетинен бул алп жазуучу өзүнүн чыгармачылык алгачкы жолун
баштаган. Мына ушул жогорку деңгээлдеги көркөм жана жеткен
адамгерчиликтүү деген журнал беш миң сөзгө беш доллар төлөйт! Ушул замат
Мартин бир улуу жазуучунун жакында чет жерде, коркунучтуу ачкачылыкта каза
тапкандыгын эсине түшүрүп бул эч кандай таң каларлык нерсе эмес экендигин
түшүндү.
Ооба, ал көрсө, терең жаңылышкан экен. Газеттер аны жазуучулук гонорар
жөнүндө таптакыр алдаптыр, эми ал болсо, бул үчүн толук эки жылынан
ажырады! Азыр болсо иш башкача. Мындан ары беш миң сөз турмак, беш сап да
жазбайт! Ал эми Руфь эмне десе жана башкалар эмне десе ошону иштейт — ал
кызматка орношот. Бул акыркы ой анын эсине Джону жумушсуздуктун
өлкөсүнүн жолдорунда кайыр сурап тентиреп жүргөн Джону элестетти. Мартин
ага суктангандай терең үшкүрүп койду. Күн сайын он тогуз сааттан иштөө анын
көкөйүнө көк чайдай тийгендей болду. Бирок Джо болсо, эч кимди сүйгөн эмес,
мына ошондуктан, ал жер жүзүн кыдырып, селсаяктанып жүрүүгө укугу бар
болучу. Мартиндин болсо, ал үчүн күрөшүп иштей турган, алдына койгон
белгилүү максаты бар эле. Ал эртең эртең менен тең баштап эле, эрте туруп алып
кызмат издейт жана ошол эле күнү Руфка жолугуп, жашоо шартын өзгөрткөнү
жаткандыгы жөнүндө, эгерде кабыл алса, анын атасынын мекемесине да иштөөгө
даяр экендигин билдирет.
Беш миң сөзгө беш доллар, он сөзгө бир цент — искусствонун базардык баасы!
Бул цифранын ичиндеги жашырынып жаткан акыйкатсыздык, алдамчылык,
абийир- сиздик менен жүзүкаралык ага тынчтык бербей, жанына катуу батып
кетти. Жумулган көздөрүнүн ары жагында дүкөнчүгө карызы — башка бир цифра
— 3,85 жана баштады. Мартиндин сөөктөрү какшап чыйрыктыра баштады.
Айрыкча бели түшүп бараткансыды. Башы, төбөсү, көк желкеси, кала берсе
мээсинин өзү жан коёрго жер тапкыспай сыздатып ооруй баштады; ал эми
чекесинин түшө калып ооруганын айтпагын. Көз алдында болсо, жанагы эле
жанды кашайткан ырайымсыз — 3,85 кайрадан жанып туруп алды. Мартин бул
өчөшкөн каар- Дуу көрүнүштөн кутулуу үчүн көзүн ачып жиберди, бирок, күндүн
жарык нурунан көзү чыдаттырбай катуу ооруп, ошондуктан ал, көздөрүн ошол
замат кайрадан жуумп жиберүүгө аргасыз болду, ал эми 3,85 цифрасы болсо
кайрадан жаны күч менен дүрт этип жана баштады.
Беш мин сөзгө беш доллар, он сөзгө бир цент! — бул ой анын мээсин оюп жеп
бараткандай сезилип, ал бул ойдон кадимки 3,85 санынан кутула албагандай эле,
кутула алган жок. Акырында бул сандар эмнегедир өзгөрүлө баштап, Мартин аны
терең көңүл коюу менен байкагансыды. Сан акырында 2 ге келип токтоду. А, ал
эми эстеди, бул наабайчыга карызы эмес беле! Кийинки сан 2,50 болучу. Бул сан
аны кадимки анын өмүрү же өлүмү жөнүндө маселе чечилип жаткан сыяктуу
ушунчалык өзүнө кызыктыра баштады. Кимдир бирөөгө ал эки жарым доллар
карыз эле, бирок кимге? Ага бул маселени кандай гана болбосун сөзсүз чечүү
керек эле, ал мына ошондуктан, буга жооп табуу үчүн ары да, бери да толгонуп
ойлонду. Ойлонуп таба албай, арадан жүз жылдар өткөндөй болду, көрсө, бул
акчаны Марияга карыз экен. Мартин бул маселени чечкендигине аябай сергий
түшүп, бир аз эс алууну чечти. Бирок, ою таш капкандай боло түштү. 2,50 саны
жоголо түшүп, анын ордуна 8 жана баштады. Ал кимге 8 доллар карыз эле? Ал
кайрадан мээсин чарчатып ойлоно баштады.
Бул ой жүгүртүү канчага созулгандыгын өзү да сезбей калды, (ага чексиз көп
убакытка созулгансып көрүндү), күтүлбөгөн жерден, эшик тыкылдап, Мариянын:
Мартин ооруу эмессиңби? — деген сөзүн укканда гана эсине келе түштү. Мартин
каргылданган, чоочун үн менен: жок, жөн гана бир аз көзүм илинип кетиптир деп
жооп кайтарып койду. Аны комнатанын ичиндеги караңгычылык таң калтырып
жиберди. Кат түшкү саат экиде келген эле, азыр болсо мына кеч да кирип
калыптыр. Калыбы ооруп калса керек.
Азыр анын көз алдына кайрадан 8-саны пайда болуп, ал кайрадан катуу
ойлоно баштады. Калыбы, ал азыр саал куураак болуп калды окшойт. Айтмакчы,
болбогон ойлорду ойлонуп, бекер башты катыруунун эмне кереги бар. Бул тим
эле акмачкылык! Эс-акылдын зор дөңгөлөгүн тобокелге салып туруп, иштин оң
жагын көздөй буруу керек жана ал бурду — дөңгөлөк укмуштай ылдамдык менен
тегеренип, аны өзүнүн айлануу жолуна тартып түшүрүп, чексиз караңгы
түпкүрдү көздөй алып жөнөдү.
Мартин өзүнүн киржуугучканада кийим таптоочу темир дөңгөлөктүн алдына
жеңдеринин учу крахмалдуу көйнөктөрдү төшөп алып таптап жаткандыгын
көрүп эч кандай тан калган жок. Бирок, ал бул крахмалдуу көйнөктөрдүн
жеңинде эмнегедир бир сандар жазылып жүргөндүгүн байкап калды. Калыбы,
бул кийимдерге салынган жаңы белги көрүнөт — деп ойлоду ал, бул белгиге көз
жүгүртүп карады: көйнөктөрдүн жеңинде 3,85 деген сан турат. Ал бул сан таттуу
азык түлүк дүкөнчүсүнүн эсеби экендигин түшүнүп, аны кир таптагыч зор
темирдин алдынан өткөрүү керек деп ойлоду. Анын башына мындай бир каардуу
ойлор келе баштады. Ал бардык бул эсептерди жулуп ыргытып жиберет да, анын
бирине да төлөбөйт. Айтылдыбы — демек, аткарылды! Мына ал ыксыз бүктөлгөн
бул көйнөктөрдү балчыктын үстүнө көтөрүп урду. Кир көйнөктөрдүн үймөгү,
дөбөдөй болуп көбөйө берди, ар бир эсеп, ар бир сан эки, он эселенип акырында
миңге жетти, бирок бул эсептердин арасынан бир гана Мариянын эки жарым
доллары көбөйгөн жок. Бул болсо акчамды төлөгүн деп Мариянын кысымга албай тургандыгын түшүндүрүп турган эле, мына ошондук- тан Мартин Мариянын
гана эсебин төлөй тургандыгын чечти. Мына ушундай деп чечип, ал үймөктөрдүн
арасы- нан Мариянын эсебин издей баштады, ары издеп, бери издеп, акырында
тапканча, эшиктен конок үйүнүн ээси — семиз голландык киши кирип келди.
Анын беттеринин түгү чыга түшүп, үнүнүн бардыгынча бакырып, мындай деди:
«Көйнөктөрдүн акысын мен сенин айлыгыңдан чегерип аламын». Кир
кийимдердин үймөгү өзүнчө бир тоого айланып, Мартин буларды төлөш үчүн
кеминде бир миң жыл иштеш керек экендигин түшүндү.
Эми конок үйүнүн ээсин өлтүрүүдөн, киржуугучкананы өрттөп жиберүүдөн
башка эч арга калган жок. Бирок семиз голландык аны жакасынан алып туруп,
жерге көтөрүп урду. Ал аны үтүктөр турган столдон темир мешке, темир мештен
кир таптагыч темир дөңгөлөккө жана андан кир жуугуч жана кир сыккыч
машиналарга алып ыргытты. Мартин муштум тийген сайын кулап түшүп
тиштери шакылдап, башы зыңылдап жатты, ал голландыктын бул күчүнө
суктангандай да боло түштү.
Андан кийин ал өзүнүн кир топтоочу дөңгөлөктүн жанында туруп
калгандыгын байкады, бул жолу ал жуулган жана тапталган көйнөктөрдү кабыл
алып жаткан эле, экинчи жагынан айына бир жолу чыгуучу журналдын басма
кызматкери — бул көйнөктөрдү катарлаштырып, биринин үстүнө бирин ирээти
менен жыйып жаткан эле. Ар бир көйнөк Мартиндин көзүнө чекке айланып, бул
чектерге чочулагандай кызыгуу менен карап турду, бирок бул актай чектер
болучу. Ал кир таптагыч дөңгөлөктүн жанында миң жыл бою туруп, чектерди
бирден чубап чыгып жана кокустан өзүнүн атына толтурулган бир дагы чекти
көз жаздымында жибербес үчүн өтө тыкандык менен көз жүгүртүп карап жатты.
Акырында самаганындай бир чек чыгып келди. Мартиндин колдору калтырай
түшүп, жарыкты көздөй келип чекти окуй баштады. Беш долларга
толтурулуптур. Басма кызматкери «ха-ха-ха» — деп күлүп, кир таптоочу
дөңгөлөктүн арт жагына жашына калгандай болду. «Болуптур мен сени азыр
өлтүрөмүн», деди Мартий. Ал балта издеп коңшу бөлмөгө кирип келип, бул
жерден кол жазмаларды крахмалдап жаткан Джону көрдү. Мартин кол жазманы
сактап калуу үчүн Джону балта менен бир койду, бирок балта көтөрүлгөн бойдон
абада илинип калды. Мартин бөлөмдөн сыртка чуркап чыгып, кир таптагыч
дөңгөлөккө жетип келди, бул жерде кар аралашкан борошо ышкырып жаткан
экен. Жок, бул кар эмес болучу, бул ар бири миң сомдон кем эмес сансыз
чектердин куюну болучу: ал аны чогултуп ар бир жүз кагазын бир таңгактан
кылып, ирээтке келтирип, ар бир таңгакты өзүнчө лента менен таңып жатты.
Аңгыча болбой Мартиндин көз алдынан Джо көрүнө түштү. Джо босогого
туруп алып үтүктү, көйнөктү, кол жазманы эбелектей ыргытып ойноп, цирк
көрсөтүп жаткан эле. Кээде ал таңгакталган чектерден да илип ала коюп, тамдын
төбөсүн көздөй ыргытат, чектер тамдын төбөсүн оюп чыгып, асман
мейкиндигине кирип жок болот. Мартин Джону көздөй жулунду, бирок ал
Мартиндин колундагы балтасын жулуп алып, тамдын төбөсүн көздөй ыргытты.
Балтанын артынан Мартиндин өзүн кошо ыргытып жиберди. Мартин тамдын
төбөсүнөн сызып чыгып, абада учуп жүргөн бир нече кол жазмаларды кучактап
алып, жерге кулап түштү. Бирок аны кайрадан көккө ыргытып жиберди, ал
ушундан кийин жерге түшпөстөн асман мейкиндигинде чексиз айланып, сызып
жүрдү. Алыстан кандайдыр бир баланын: «Бийле Вилли мени менен, дагы бир
жолу бийле!» — деген үнү чыккандай болду.
Балта чектерден, крахмалдуу көйнөктөрдөн жана кол жазмалардан түзүлгөн
Саманчынын жолунда сороюп учуп жүрдү. Мартин аны шак колуна ала коюп,
жерге түшөрү менен Джону жайлоону чечти. Бирок Мартин жерге кайтып келген
жок. Саат түнкү экиде, Мария үйдүн тосмосунун ары жагынан онтоп жаткан
Мартиндин үнүн угуп, бөлмөсүнө кирип келди, анын денесин ысык үтүктөр
менен айландыра курчап жылытып, ал эми сезгенген көздөрүн болсо нымдуу
сүлгү менен жаап койду.

XXVI ГЛАВА
Эртеси күнү Мартин Иден иш издеп, мекемелерди кыдырган жок. Ал чексиз
ойго чөмүлүп кеткендиктен, убакыт түш болуп калгандыгын да сезбеди. Көзүн
ачып үйдүн ичине көз жиберсе, Сильванын сегиз жашар Мэри деген кызы анын
жанында кайтарып отурган экен, Мартин саал козголуп башын өйдө көтөрөрү
менен ал кыйкырган бойдон энесин көздөй чуркап кетти. Ашканада тамак
бышырып жаткан Мария тамак-ашын таштай коюп жетип келди. Ал чор
алакандарын Мартиндин оттой жанган чекесине коюп, тамырларын кармап
көрдү:
— Оокат жейт? — деп сурады ал.
Мартин башын тескери чайкады. Азыр анын тамакка табы чаппай жана ушул
замат бир кездеги ач болгондугун эстеп таң кала түштү.
— Ооруп жатам, Мария, — деди ал алсыраган үн менен. — Этим ысып турабы?
Эмне оору экенин, өзүм да билбейм.
— Сасык тумоо, — деп жооп берди Мария, бир эки күндө өзү эле жакшы болуп
калат. Азыр тамак ичпей эле кой. Эртең ич.
Мартин кыңкыстап жатып калууну эч качан сүйүүчү эмес, мына ошондуктан
ал Мария кызы менен эшикке кеткенде ордунан туруп кийинүүгө аракеттенди.
Көздөрү ачтырбай катуу ачышып, ооруду. Ал бардык күчү менен аракеттенип
керебеттен туруп, столго келип олтурду, бирок ал башын көтөрө албай столго
эңкейе калды. Ал көпкө чейин башын көтөргөн жок. Жарым сааттан кийин ал,
эптеп-септеп кайра керебетине жылып келди да, чалкасынан түшүп, былк
этпестен жатты, өзүнүн бул оорулуу абалынын себебин түшүнүүгө аракеттенди.
Мария бир нече жолу бөлмөгө кирип келип, анын чекесиндеги муздак чүпүрөктү
алмаштырды. Мариянын тынчын албас үчүн, мурдагыдай ага тамаша да сүйлөгөн
жок. Анын бул кичи пейил мамилесине ыраазы болуп, Мартин мындай деди:
— Мария, сиздин сонун фермаңыз болот, акча көп болот.
Анын эсине кечээки өткөн күн түштү. Ага «Трансконтиненталдык ай сайын
чыгуучу журналдан» кат алгандан бери бир кылым убакыт өткөндөй сезилип, ал
өзүнүн жаңылыштыгын жана адашкандыгын түшүнгөндөн бери, жазуучулук
ишинен баш тартып, аны менен биротоло коштошуп, чыныгы турмуш китебинин
барактарын ача баштады. Ал өз оорусунан өзү күнөөлүү, анткени ал өзүнүн
саламаттыгын ачкалык жана кайгы менен өтө начарлатып жиберген. Кала берсе,
анын денеси өзүнө кирип кеткен микробдор менен күрөшүүгө эми кубаты да
келбей калган. Мына азыр анын ырп этерге каруусу жок, төшөктө жатат.
Өмүрүмдөн ажырап, бир китепкана толтура китеп жазганымдан мага не
пайда? — деп сурады ал өзүнөн өзү. Жок, бул менин ишим эмес. Ээ, адабиятың
менен аңга түшкүрдүкү! Менин колумдан келе турган иш маяна жеп мекеме
кагаздарын эсепке алуу жана Руфь менен кичинекей бир үй таап өмүр сүрүү...
Мартин эки күндөн кийин гана оозуна наар алып, бир стакан чай, эки
сындырым нан менен бир жумуртка жеди. Ал келген каттарды алып келип
көрсөтүүнү суранды, бирок көзү дагы эле ачышып, ооругандыктан ага окуу өтө
кыйын болду.
— Мария, мага бу каттарды окуп бериңизчи, — деди ал. — Тиги чоң-чоң
конверттерди ачпай эле, столдун астына ыргытып коюңуз.
— Мен билмейди, — деп жооп берди Мария. — Тереза биледи, ал мектеп
барат.
Тогуз жашар Тереза Сильва — конвертти ачып, катты окуй баштады.
Мартиндин бир ою бир жерден эптеп иш табуу жөнүндө болсо, бир ою жазгыч
машинка үчүн эки айлык акыны токтоосуз төлөңүз деген Тереза окуп жаткан
катта болду. Күтүлбөгөн жерден анын кулагына төмөндөгүдөй сөздөр шак дей
түштү:
— «Эгерде сиз, сунуш кылынган кыскартуу менен өзгөртүүгө макулдугуңузду
берсеңиз, — деп, Тереза муунга бөлүп окуду, — анда сиздин аңгемеңизге кырк
доллар коёр элек деп ойлойбуз...»
— Кайдай, бул кайсыл журналдан? — деп кыйкырып жиберди, Мартин. —
Бери берчи.
Ал көздөрүнүн ачышып ооругандыгын сезбестен, жалындануу менен катты
окуй баштады. Бул анын алгачкы. жазылган «күчтүү» аңгемелеринин бири —
«Айланпа» деген аңгемеси үчүн — кырк доллар сунуш кылган «Ак Чычкан» деген
журнал экен. Мартин катты дагы бир нече жолу кайталап окуп чыкты. Редактор
ага аңгемеңиздин идеясын терең ачып көрсөтө албаптырсыз, бирок идеянын өзү
жаңы, мына ошондуктан айрым мүчүлүштөрүнө карабастан, аңгемеңизди
журналга пайдаланууну чечтик деп ачык-айкын жазыптыр. Эгерде ал
аңгемесинин үчтөн бир бөлүгүн кыскартууга уруксат берсе, кырк доллардык чек
токтоосуз келмек.
Мартин колуна калем сапты алып, редакторго аңгеменин үчтөн бирин гана
эмес, төрттөн үч бөлүгүн кыскартууга да макул экендигин билдирип жана бир
гана өтүнүчүм, чекти мүмкүн катары тезирээк салып жибериңиз деп суранып
жазды.
Тереза катты почто сандыкчасына салып келиш үчүн чуркап кетти, Мартин
кубангандыгынан жаздыкка жүдөмөсүнөн түшүп терең ойго чөмүлдү. Жок, бул
калп болууга мүмкүн эмес. «Ак Чычкан» кол жазманы жактырары менен төлөйт
турбайбы. «Айланпа» үч миң сөздөн турган аңгеме эле. Эгерде үчтөн бир бөлүгүн
алып таштаса, эки миң сөзү калат. Мына ошондо, ар бир сөзүнө — эки центтен
туура келет экен. Кол жазмаларды жактырары менен ар бир сөзүнө эки центтен
акы төлөйт деп, газеттердин айтканы туура турбайбы! Ал болсо «Ак Чычканды»
үчүнчү катардагы журнал сөрөй деп эсептеген эле. Көрсө анын журналдар
жөнүндө эч кандай түшүнүгү жок болсо керек! Ал «Трансконтиненталдык айына
бир жолу чыгуучу» журналды биринчи даражадагы журнал экен деп эсептеген
эле, бирок ал он сөзгө бир гана цент төлөйт экен! Ал мурда «Ак Чычканга» кош
көңүл мамиле кылуучу, көрсө бул журнал гонорарды башкаларга караганда
жыйырма эсе кымбат төлөп, кала берсе, акчасын аңгеме басылып чыкканга чейин
эле салып жиберет турбайбы!
Ал баш көтөрүп, оорусунан жакшы болсо, эми иш издеймин деп убара болбойт.
Анын башында «Айланпадай» аңгемелердин жүзү бар, эгерде алардын ар бирин
кырк доллардан эсептегенде ал башка ар кандай кызматта иштегенден көбүрөөк
иштеп тапмак. Ушинтип ал, жеңилдим деген мүнөттө жеңип чыкты. Анын
көздөгөн максаты ордунан чыкты. Эми ага жол ачык. Эми ал акырындык менен
башка журналдарды да жеңип чыгат. Киреше табуу үчүн эми майда-чуйдаларды
жазууну таш- тап салууга да болот — себеби баары бир ал ага бир доллардык да
пайда келтире алмак эмес. Ал мына эми чыныгы иштин үстүндө иштейт. Ооба
чыныгы! Ал бүткүл күчүн жумшап жүрөгүндөгү бардык баалуу нерселерди —
баяндап көрсөтөт! Мартин азыр Руфь жанымда болуп, кубанычымды кошо
бөлүштүрсө кандай жакшы болор эле деп самады. Аңгыча болбой чачылып
жаткан каттардын арасынан ал Руфтан келген бир катты учуратып калды. Руфь
аны жолдоштук ирээтинде жемелеп, эмне үчүн көптөн бери көрүнбөй, келбей
кеттиң деп жазыптыр. Мартин катты толкундануу менен кайра-кайра кайталап,
окуп чыкты. Анын саптарына ар бир тамгасына, жалынданган көздөрүн жиберип,
каттын акырында Руфтун койгон колун өөп жиберди.
Ал Руфка, жалгыз костюмумду күрөөгө коюп, мына ошондуктан бара алган
жокмун деп, кат жазып жиберди. Мындан башка дагы ачык эле айтып, катында
өзүнүн ооруп жана азыр кадимкидей жакшы болуп калгандыгын көрсөтүп, ары
болсо эки жумадан кийин, бери болсо, андан да эртерээк (бул убакыттын ичинде
чек Нью-Йорктон сөзсүз келип калыш керек) костюмун алып, ошол замат сөзсүз
барарын кошумчалады.
— Бирок Руфь эки жума күткүсү келген жок. Себеби — анын сүйгөнү ооруп жатат.
Руфь эртеси эле күнү Артурду ээрчитип, эки дөңгөлөктүү жеңил араба менен
Мартинди көздөй жөнөдү. Алардын мындай салтанаттуу жасалга менен келиши
Сильванын балдарын зор толкундатып, коңшуларды таң калтырып жиберди.
Бирок бир гана Мария буга кубанган жок, кубанмак турсун кайра кыжыры
кайнады. Мария күтүлбөгөн бул чоочун конокторду, алдынан тосуп чуркап
чыккан балдарынын кулактарынан чоюп, катуу ызырынды жана өзүнүн шалаакы
кебетеси үчүн тилин чайнай сүйлөп кечирим сурамыш болуп койду. Колдоруна
жабышкан самындын көбүктөрүнөн, белдемчи кылып алдына тартынган эски
чүпөрөгүнөн улам, келген меймандар анын кир жууп жаткандыгын түшүнүштү.
Бул, келиштирип асемдүү кийинишкен жаш жигит менен жаш кыздын андан бул
жерде Мартин Иден деген жигит турабы деп сурашы аны ушунчалык таң
калтырып жибергендиктен, ал конокторду ички үйгө киргиле деп айтууну да
эсинен чыгарып жиберди. Алар Мартин жаткан үйгө кирдин буусунан аябай
ысыган ашкана аркылуу өтүп келишти. Мария уялганынан эшикти же жабарын,
же ачарын билбей туруп калды, бул учурда Мартин жаткан бөлмөгө буунун
туманы толуп, самындуу суу менен кир кийимдердин жыты жыттана түштү.
Руфь эң алды этияттык менен оңго, андан кийин солго, андан кийин, кайрадан
оң жакка бурулуп, стол менен Мартиндин керебетинин ортосундагы кууш арыкча
менен илгерилей басты. Артур этияттабастан чалынып, ашкананын бурчундагы
карапа менен казан көмөчкө келип бир тийди. Бирок, Артур бөлмөдө көпкө
турган жок. Руфь бөлмөдөгү жалгыз столго келип олтурду, Артур болсо өзүнүн
милдетин аткарылды деп эсептеп, сырткы үйдүн секичесине чыгып кетти. Бул
жерде аны таң калыша тиктеген Сильванын балдары курчап алды. Тегеректеги
балдардын бардыгы чогулушуп, жеңил арабаны тегеректешип, кандайдыр бир
коркунучтуу окуянын аяк. талышын күтүшкөндөй карап турушту. Бул тарапка
мындай араба бирөөлөр үйлөнгөндө же бирөөлөр кокус өлгөндө гана келе турган:
ал эми азыр болсо эч ким үйлөнгөн да, эч ким дүйнөдөн кайткан да жок. Демек,
азыр бул жыртык алачыктарда жашаган адамдардын оюнда жок бир укмуш окуя
болууга тийиш эле.
Бул күндөрү Мартин Руфту көрбөй кусадар боло түшкөн. Анын жалындап
сүйгөн жүрөгү башкаларга караганда ушунчалык боор ачуу менен сүйүүнү талап
кылып, бирок тез эле Руфтун боорун ачытып, анын каалоолору менен
түшүнүгүнө жооп бере албай турган, мүнөзү тайкы — жөн гана өзүнүн табигый
назиктигине негизделген сезим экендигине толук түшүндү. Мартин Руфтун
назик колдорунан бекем кыса кармап, сүйлөп жатты. Руфь да колун тартып
албай, анын сөзүн тыңшап арыктаган жүздөрүнө көз жиберип, боору ачый түштү.
Руфтун көздөрүнөн жашы мөлтүлдөп, ичинен бул байкуш кандай бактысыз жана
алсыз деп ойлонду.
Бирок ал Мартиндин «Трансконтиненталдык» айына бир жолу чыгуучу
журналдан алган катына кандай капа жолго чыгып алууга гана мүмкүндүк
бериңизчи. Мына ошондо түтүн ар тараптан буркурайт.
Анын бул сөзү мурдагы тема жөнүндө Руфтун эсине салды.
— Сиз азыр да түтүндү өтө көп буркуратасыз, — деди ал...— Кеп, тамекинин
сапатында эмес. Сиз тамеки тартсаңыз да, тартпасаңыз да, тамеки тартуунун өзү
жакшы адат эмес. Сиз кадим эле басып жүрүүчү түтүн түтүгү, же жандуу жанар
тоо сыяктуусуз. Бул эң жаман!
Руфь Мартинге жакындады, ал эми Мартин Руфтун жаркыраган көгүлтүр
көздөрүнө жана назик жүздөрүнө суктануу менен карап, кайрадан өзүнүн ага
татыктуу эместигин сезди.
— Мен сиздин тамеки чегүүнү ташташыңызды каалаймын, — ал акырын
шыбырады, — мен үчүн таштап коюңуз.
— Жарайт, — деди Мартин кубанычтуу кыйкырып. — Таштаймын! Мен
сиздин каалаганыңыздын бардыгын аткарам, жаным Руфь!
— Руфь кубана түштү. Ал Мартиндин ыкка элпек көнгөндүгүнөн пайдаланып,
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 18
  • Büleklär
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 4096
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1923
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 4116
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2032
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 4219
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1994
    32.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 4242
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2001
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 4170
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1818
    31.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 4204
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1914
    30.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 4159
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1830
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 4140
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1839
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 4066
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1839
    30.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 4088
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1855
    30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 4142
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1934
    32.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 4198
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1946
    29.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 4163
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1875
    32.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    53.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 4152
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1798
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 4146
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1914
    30.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 4051
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1883
    28.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 17
    Süzlärneñ gomumi sanı 4192
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1869
    33.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 18
    Süzlärneñ gomumi sanı 4075
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1922
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 19
    Süzlärneñ gomumi sanı 4017
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1845
    29.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 20
    Süzlärneñ gomumi sanı 3984
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1903
    29.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 21
    Süzlärneñ gomumi sanı 4005
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1807
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 22
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1890
    31.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 23
    Süzlärneñ gomumi sanı 3967
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1878
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 24
    Süzlärneñ gomumi sanı 4002
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1933
    31.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 25
    Süzlärneñ gomumi sanı 3959
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1945
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 26
    Süzlärneñ gomumi sanı 4024
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1889
    32.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 27
    Süzlärneñ gomumi sanı 4161
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1991
    31.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 28
    Süzlärneñ gomumi sanı 4151
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1865
    32.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 29
    Süzlärneñ gomumi sanı 4089
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1790
    31.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 30
    Süzlärneñ gomumi sanı 4200
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1787
    32.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 31
    Süzlärneñ gomumi sanı 4188
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1938
    32.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мартин Иден - Жоробек Султаналиев - 32
    Süzlärneñ gomumi sanı 2695
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1131
    36.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    56.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.